Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Көлөмдүү кара сөз
© Байжиев М., 2005. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2012-жылдын 27-сентябры

Мар Ташимович БАЙДЖИЕВ

Чыйыр

Кыргыз прозаиги жана драматургу Мар Байжиевдин аңгемелери жана повесттери замандаштарыбыздын рухий дүйнөсүн чагылдырат. Чыгармаларында калемгер нравалык баалуулуктарды, чындыкты жана гуманизмди көркөм сөзү менен бекемдейт.

Байжиев Мар. Аңгемелер жана повесттер. – Б.: 2005 китебинен алынды

 

Үргүлөгөн чоң айылдын үстүнө балпалактап каар жаап жатты. Кокту жактан келген кызыл түлкү барпайган куйругун сүйрөп, короолорду шимшип, аба жыттап, дабыш тыңшады. Жымжырт. Айыл терең уйкуда. Кез-кез гана чочугансып четки көчөдөн «каңк-каңк» күчүк үрөт.

Түлкү айылды жойлоп отуруп чоң короого келди. Бирок, мында көп жүрүүгө болбоду: ак селдечен бак-дарак, мамылар, жада калса оркоюп тизилип жаткан таштар да адам жыттанат. Ал эми заңгыраган чоң үйдүн ичинде билинер-билинбес от үлпүлдөгөнсүйт. Түлкү үч аяктап бир аз турду да, терезеден адамдын көлөкөсү көрүнгөндө жылт этип жок болду.

Абылкасым мешке кол күрөк менен таш көмүр салып коюп, экинчи бөлмөгө кирди. Мында абдан жылуу экен, бирок, дагы бир аз көмүр салбаса эртең менен чурулдап окуучу балдар келгенче муздап кетет. Ошондуктан ал дагы бир-эки жараңкы салды да, мештин оозун жаппай орундукка олтура кетти. Карагай отундар бачырап заматта тутанып, алоолонуп, адамдын сейрек сакалынын, башындагы чоң тумагын көлөксүп тамга эрбеңдетти. Абылкасым тумагын чечип, эмгек чору баскан алаканы менен кашкайган башып сылап, кызыл баштычкадан тамекисин, бүктөлгөн «Пионер газетасын» алып, шашпай чылымын ороду. Тамекинин ачуу даамы, балбылдаган от, сыртта жумшак жаап жаткан кар, дүлөй тунжуроо аны магдыратып, көңүлүн жылыткансыды. Баштан өткөн окуялардын элестери топурап, мештеги жалындардай сербеңдеп бийлеп, көз алдына тартыла берди. Ооба, азыр бул бөлмөдө өтө тынч, карарган парталар, жалтырата сүртүлгөн кара такта мелтиреп эч нерсе менен иши жоктой. Бирок, эртең менен бул жерге чурулдашып балдар келет, заматта чаң-тополоң чыгып, парталар тарсылдап, эши
к улам чыйкылдап ачылып, чуру-чууга толот. Экинчи сабактан кийин класс муздай баштайт, ошондо Абылкасым көмүр салган чакасын шалдыратып жылуулук кудурети кетип бара жаткан мештин отун кайра тутандырат. Анан:

– Абыке, карачы, Муктажбекти, сыя челегимдин түбүн мык менен тешип салды, – деп бирөө айтса, экинчиси:

– Ики, сен өзүң жыртып салбадыңбы, менин китебимди, – деп чурулдайт.

– А, шайтандар, эмне үчүн антесиңер? Бири-бириңерге кас болбой жүрбөйсүңөрбү? Аны кийин, сабак бүткөндө оңдойлу, – дейт Абылкасым.

– Макул, Абыке…

Абылкасымды, анын улгайган жашына карабастан, айылдагы улуу-кичүүнүн бардыгы Абыке дейт. Буга өзү да көнүп калган.

Абылкасымдын бул айылга келгенине отуз жылдан көп болду. Өз атасы ким экенин, кайсы элден, кайсы жерден келгени белгисиз. Бирок, уруу сураша келгенде ушул айылды айтат. Анткени, он үч жашынан тартып ушунда чоңоюп өстү.

Четки көчөдөгү там үйдө Зыяда чоң эне жашап турчу. Ал киши турмушунда сегиз бала көрүп, сегизи тең бойго жетпей чарчап калыптыр. Абышкасы көз жумуп, ары карып кеткенде, Зыяда кемпир жалгыз калды. Бир уй, эки эчкисине өзүнүн алы жетпей калдыбы, же жалгыздык жанына баттыбы, иши кылып күндөрдүн биринде коңшусунун атын минип калаага кетти. Эки күндөн кийин 12-13 жашар бала учкаштырып келди. Баланын аты Абылкасым экен.

– Бу кайсы бала болуп кетти, кудагый? – деп сурады коңшусу.

– Э-э, айланайын, кайсы бала болсо да эми өзүмдүн балам болду. Ишенген кудайым куру койбойт деген ушул эмеспи. Бул да жалгыз мусаапыр экен, учкаштырып алдым, – деп жашылданды Зыяда кемпир.

Анын үйүндө балбыраган көйнөк, шым,өтүк кийген өспүрүм бала пайда болгонуна айылдаштар таң калган да жок. Анткени, ал жылдары Абылкасымга окшогон жетимдер көп эле. Кээси шаарга барып иштеп, окуп кетүүчү, кээси детдомго барып, андан качып, ар кайсы айылдарга ыраак-жакын туугандарынын колдорунда өз жолун таап кетмейин жүрө беришчү.

– Кагылайын, өңү серт болгону менен боорукер, элпек неме, жумшасаң кыңк дебей аткарат. Карыганда ушуну берген кудайыма миң тообо. Күнүм бүтүп, көзүм жумулуп кетсе короо-жай ээн калып, үйүмдүн төбөсү түшпөс, кырсыктан оолак болсок, эки-үч жылдан кийин эле келинчек алып берем, – муну айткан Зыяда кемпир сөөмөйү менен чеке терин алып, мамили чайдан баса куюп, шоркурата ууртачу.

– Ай, байкушум ай, жакшы адамды кудай таалам бир жеринен кемитпей койбойт көрүнөт го, бечарамдын колу айыгаар бекен? – дечү үшкүрүп.

– Колу эмне болуптур, таптатынакай болуп ордунда турат го?

Анда Зыяда кемпир чынысын жерге коюп, өтө жашырын нерсе айтып жаткансып шыбырачу:

– Колу оорулуу, байкушумдун. Оң колу шалдырап турат, кичинекей кезинде дарт болгонбу, же бирөө урганбы байкуш жетимди, билбейм, оң жак муундарында бир мандем бар, – Зыяда кемпир короодо музоо байлап жүргөн Аблкасымды көрсөтчү.

– А-а, байкуш де… айыгып кетер, бала эмеспи. Баягы Моңколойдун кенжеси деле бечел калып баспайт-баспайт деп жүрүп, эми дардайган жигит болбодубу. Кудай айыктырам десе…

– Кокуй, келе жатат, кулагына угузбагыла. Э, уулум! Келе кой, музоону байласаң, отуруп ысык чай ичип ал, үшүп да кетиптирсиң кагылайын, жыңайлак жүрбөй, атаңдан калган өтүктү кийип албайсыңбы. Кел, боорсокту чылап ичкен жакшы болот, мына май,о, алдыңа кетейин, сүрт мурдуңду. Мен өлүп калганда ыйлайсыңбы?

– Ыйлайм, – дейт Абылкасым.

– О кагылып кетейин сенден, жей кой. Жаңкы токол эчкибиз кысыр калыптыр быйыл, базар күнү алпарып сатып, уулума жаңы кемсел алып берейинчи, кыздар суктанып ыйлап жиберсин… Ала кой, тартынба, боорсоктон ал, деле тартынба, мунун бардыгы сеники. Жегиң келсе жегин, келбесе коюп анан же… Мектепке алып барайын, окуйсуңбу?

Абылкасым башын ийкеди:

– О кагылайын, ошент. Акылы бар. О жараткан. Ушул жаман уулумдун окумуштуу болуп, бир кулак суу башкарганын өз көзүм менен көрсөм, арманым жок эле бул дүйнөдө. Жаратканым, көрөр күнүм болор бекен ошону!..

– Кудай тиричилик берсе, көрөсүң, байбиче, көрбөй эмне! Өлбөгөн жанга бакты берет кудай, – дечү коңшусу чыныдагы чайын тегерете чайпалтып. – Мен деле байыман ажырап калганда, бөк түшүп ыйлагам. Чөбүрөгөн төрт балам менен кайда барам, кантип багам. Булар адам болгончо качан дечү элем. Эми мына, кудайга шүгүр, ага-тууган менен эл болдук, минтип балдарымдын ыракатын көрүп неберелеримди жыттап отурам, келе, кудагый, алдагы кантыңан бирди, жаңкы жаман кызым утуру карайт, чөнтөгүмө салып коеюн, келерим менен оодарат, тентегим…

– А-а, каран-кү-үн, мен андайга жетсем, бейишке жетпейт белем. Жетпейм го-о ага, жетпейм го, – деп боздоп калуучу Зыяда кемпир.

– Алда жарыктык киши ай, ошо да кеппи!

– Балам, тойдуңбу? – деп сурайт Зияда кемпир.

Абылкасым башын ийкейт.

– Анда очокко от жакчы, берекем, көйнөк-көнчөгүңдү чайкап жая салайын. Эртең окуу башталат дейт. Маалымдар менен сүйлөшүп койдум бүгүн.

Абылкасым тышка чыгып, очоктун алдына чөгөлөй калып, күлгө көөмп койгон тезекти тутандырып үйлөп, жалын аралашкан көк түтүн чыгарды.

Мектептин директору Абылкасымды жетелеп киргенде, экинчи класста сабак кызуу жүрүп жаткан экен. «Балдар, Абылкасым силер менен окуйт, жакшылап таанышып, жардам бергиле», – деди директор. Балдар дуу күлүп жиберишти. Мугалим да ээгин кармап жылмайды, анткени, Абылкасымдын бою солдоюп мындагы сегиз-тогуз жашар балдар эмес, мугалимден да чоң көрүндү. Сүрдөгөн Абылкасым жанындагы биринчи партага олтура калды.

– Мага такта көрүнбөй калды, – деп чыйылдады артындагы кыз.

Дагы күлкү.

– Арткы партага олтур, садагасы, боюң узун турбайбы, ар бир партага үчтөн эмес, экиден олтурат, – деди мугалим.

Балдар дагы күлүштү.

Абылкасым кичинекей партадан эптеп чыгып, аксаңдап артка басканда, негедир эч ким күлгөн жок.

Директор чыгып кетти.

Мугалим канча тырышса да, калган сабак чар-жайыт өттү, анткени, балдардын көңүлү эсеп чыгарууда эмес жаңы келген балада болду. Алар арткы партада унчукпай отурган Абылкасымга кылчактай беришти.

«Ө-өй, ой ушундай чоң бала да экинчи класста окуйбу?» – деп бири ойлосо, экинчиси: «Ө-өй, байке, аксак экен ээ?» – деп таңдангансыйт.

Бир-эки жумадан кийин балдар Абылкасымга көнүп калышты окшойт кээси ага уч, боек, карандаш берип, анын алып келген каймакка көөлөнгөн талканын, май токочун жеп, сүйлөшүп калышты. Муну байкаган мугалим баланы тактага чакырды:

– Абылкасым, алдагы борду алып жаз: «Күз келди, үтүр, эгин орулуп бүттү».

Абылкасым борду кармап тура берди.

– Балдар, баарыңар жазгыла, тактадан ката тапсаңар чурулдабай, кол көтөргүлө, жаз, Абылкасым: «Күз келди, үтүр,эгин орулуп бүттү»..

Абылкасым тура берди.

– Мен жазайымбы, агай?

– Тынч, Абылкасым өзү жазат. «Кү-үз келди, үтүр…»

Абылкасым былк этпеди. Балдар күлө башташты…

– Борду оң колуңа алып жаз! «Кү-үз…»

– Жазалбайм, – деди Абылкасым.

Балдар күлдү.

– Сологойсуңбу?

– Жазалбайм.

Балдар күлдү.

– Эмне үчүн жазалбайсың?

– Колум көтөрүлбөйт… оорулуу

– Эмне үчүн?

– Билбейм.

Балдар унчукпай калышты.

– Анда сол колуң менен жаз… аның сообу?

– Жазалбайм.

– Неге?

– Кат билбейм! – Абылкасым жер карады.

Балдар дуу күлүп жиберишти.

– Кат билбесең, экинчи классты кантип окуйсуң?

Абылкасым унчуккан жок.

– Ой, байке, чоң бала кат билбейби? – деди топчу мурун кыз.

Балдар күлүштү.

– Макул, барып олтур, – деди мугалим.

Абылкасым классты аралай аксаңдаганда, чурулдап жаткан балдар жым унчукпай калышты.

– Жаңы баланы биринчи класска отургузсак кантет? Кат билбейт экен, балдарга шылдың болду, – деди мугалим директорго кирип.

– Жашы да чоң, бою да чоң неме экен, Зыяда кемпирдин асыранды баласы дейт, өзү ээрчитип келиптир мектепке, окутуш керек, өзүнчө бир аз иштеп көр, сабактан кийин, балким өздөштүрүп кетер, – деди директор.

– Оң колу шал көрүнөт, сол колу менен жаздыра берейинби.

– Айла канча.

– Аны көрүп, класстагы сологойлор да сол колубуз менен жазабыз десечи!

– Колго чап андайларды!

Мугалим Абылкасымды сабактан кийин калтырып, өзүнчө окутуп, алфавитти үйрөттү, эптеп тартаңдатып жазганды өздөштүрдү, бирок, эсепке келгенде бала абдан кыйналды. Мугалим канчалык чыдамкайлык менен түшүндүрсө да эмгеги текке кеткендей.

– Агай, жөн эле коелубу, – деди бир күнү Абылкасым.

– Бул эсепти сегиз жашар балдар семичке чаккандай тарсылдатат.

– Билбейм, агай, башым ооруп кетет экен.

Мугалим баланын түрүн көрүп, ал чынын айтып жатканына ишенди.

– Анда азырынча жөн эле коелу, кичине эс алып туруп чыгарып көр.

– Макул, агай.

Кайсы бир күнү танапис маалында класста чатак чыгып кетти.

Абылкасым чоң өтүгү менен байкабай бир баланын бутун басып алыптыр, тиги чыңырып ачуусу менен Абылкасымды эки-үч жолу муштап жиберип, өзү коркуп кетти. Муну байкаган тентек артынан түшүп алды. Чоң бала кичине баладан качканы кызык көрүндү окшойт, тигиге дагы бир-экөө кошулуп, Абылкасымды суу чүпүрөк, галош менен уруп, класстын тополоңун тоз кылышты. Кудай жалгап коңгуроо болуп, балдар тарап кетишти. Ызаланган Абылкасым арткы партага барып боюн таштады да ыйлады.

– О-ой, байке, ыйлап жатат.

– Чоң бала да ыйлайбы.

– Ой! Алы жок экен, ай.

– Кичинекей Кыдыкбектен таяк жеп калды.

Класска мугалим кирип сабак башталды.

Бул окуядан кийин, Абылкасымдын сырын билип алган тентектер аны көз көрүнө кордоп, дептерин, калем сабын, токочун тартып алуу өзүнчө бир эрмек болуп калды. Айрыкча, көчөдө чоң балдардын, кыздардын көзүнчө аны уруп моокумун кандырышат. Өзүң кичинекей болуп туруп чоң баланы уруп койсоң, өзүнчө бир түшүнүксүз ыракат аласың да.

– И, кайран Кыдык! Сок! Чоң атасын тарткан тура, ителгидей кууп алыптыр өзүнөн чоң баланы. А-а, бечара, аркы борпоң турбайбы, далдайган менен. И, калба, артынан. О, ха-ха! О-о ха-ха!

Ошентип, аксак Абылкасым балдардан бөлүнө берди. Сабакка кыска жол менен келет, танаписте тышка чыгып балдар менен ойнобой, класста отура берет, сабактан кийин түптүз үйүнө барат, жолунда балдар жүрсө кокту менен кетет.

Бирок, мугалимдин эмгеги текке кеткен жок. Абылкасым тамгалардын баарын таанып, окуп, жазып, экинчи эмес, үчүнчү класстын көлөмүндөгү маселе-мисалдарды чыгарып калган болучу. Ким билет, ошо бойдон окуй берсе, бара-бара бир топ ийгиликтерге жетер беле. Бирок, андай болбоду. Бир окуя жаңыдан өсүп келе жаткан морт балдырканды чалгы менен чапкандай кылды.

Класста Асипа аттуу кыз бар эле. Ал чоң бүлөнүн ээн-эркин өскөн кызы. Тушоо кескенде эркек балдар менен тең жарышып, чүкө ойногондо, үч тапанды кадимкидей тырсылдатчу. Окуусу да жакшы. Мектепке дайыма кызыл шайы көйнөк, жашыл баркыт бешмант кийип келет. Бешмантынын эки жагында тумар сыяктуу эки акак кадалуу, топчулары «мекелейдин» күмүш тыйындарынан жасалган. Мындай кооз бешмант эч кимде жок болучу. Ошондуктан Асипа анысын үстүнөн түшүрчү эмес. Бирок, бир күнү (ысып кеткенби) жашыл бешмантын чечип коюп, короого физкультура сабагына кетиптир. Кыдыкбек класска киргенде физкультура сабагында дайыма дежурный болуп калчу Абылкасым күнөстүү короодо ойногон балдарды терезеден карап, өзүнчө күлүп жаткан экен. Кыдыкбек суу чүпүрөк менен аны уруп жиберип, жашынып калайын деп керилгенде, көзүнө Асипанын жашыл бешманты урунду, анын күмүш топчуларына эбак көз артып жүргөн тентек чөгөлөй калып,эмгектеп бешмантка жетти. Тыйын топчулардын бирин тартса үзүлбөдү, чарык жип менен зымпыйта кадалган экен. Жайкы короодогу оюндун к
ызыгына баткан Абылкасым эч нерседен шеги жок терезени карап күлө берди. Кыдыкбек топчуларды үзө албай бир топ кыйналды, айласы кеткенде жиптерин тиши менен кырчып, экөөнү койнуна салды, үчүнчүсүнө кол сунганда коңгуроо кагылып, өзүнүн партасына эмгектеп барды да, «күк-үк» деп коюп суу чүпүрөктү ыргытты.

– Көрүп койдум, сен Кыдыкбексиң, – деди Абылкасым.

Кыдыкбек күлүп ордунан турду. Класска балдар кирип келишти.

Кужулдашып, оюн жөнүндө сүйлөшүп, кийим-китептерин жыйнаштырып, үйлөрүнө камынышты.

– Энекээ, топчуларым жок, – Асипа жашыл бешмантын бооруна кысып ыйлап жиберди.

– Ким алды?

– Билбейм, чечкенде бар болучу, кыйып кетиптир.

– Ким?

– Билбейм. Класста Абылкасым калган.

– Абылкасым, ким алды?

– Көргөн жокмун, агай.

– Балким бирөө тамаша кылгандыр. Балдар, бергиле, – деди мугалим.

Жымжырт.

– Топчулр табылмайын эч ким үйгө кетпейт, – деди мугалим.

Балдар кужулдашты.

– Бергиле, алсаңар.

– Апасы урушат.

– Баарынан издейбиз.

Эки бала Абылкасымдын чөнтөктөрүн тинте башташты.

– Токтогула, балдар, – деди мугалим. Бирок, так ошол учурда такта жакка күмүш топчу тоголонуп барды.

Ал кайдан түшкөнүн эч ким билбей калды.

– Экинчиси кана? – деди мугалим.

Балдар Абылкасымга тигилишти.

– Билбейм, – деди Абылкасым.

– Бул кайдан түштү?

– Билбейм.

– Класста жалгыз калган болчу, агай, физкультурада дайыма класста калат.

– Экинчиси кайда экенин билбейсиңби, Абылкасым?

– Билбейм, агай.

– Асипа, алдагы топчуңду ала тур, экинчиси табылат, ыйлаба… Балдар, үйүңөргө кете бергиле. Сен кала тур, Абылкасым.

Балдар чурулдап мектептен чыгышты.

Кыдыкбек каадасынча балдар менен чүкө ойнобой, түз эле үйүнө кетти, ээндеп барып, оозундагы күмүш топчуну чыгарды, тыйындын артында эки баштуу бүркүт бар экен.

– Абылкасым, топчуларды сен алдың беле? – деп сурады мугалим жумшак үн менен.

– Жок, агай.

– Анан ким алды?

– Билбейм, агай.

– Класста сен жалгыз калган турбайсыңбы?

Бала унчуккан жок.

– Дежур болуп калган соң, кайтарыш керек да.

Абылкасым унчуккан жок.

– Уят эмеспи балдардын баарынан улуусуң, анан ушундай кылуу жарабайт да… Экинчиси кана?

Абылкасым дулдуюп тура берди.

– Топчуну эмне кыласың? Эртең биздикине келчи, ошондой тыйындан бешти берейин.

Абылкасым жашын сүрттү.

– Балким бирөө менен бөлүп алгандырсың?

Абылкасым жеңи менен жашын сүртүп, класстан чыгып кетти.

Ал мектептен чыгып бакты аралай басканда, артынан балдар жете келишти.

– Келе, топчумду? Ууру десе! Келе! Түштүктөгү таэжем тигип берген. Атама айтам бербесең? – Асипа анын этегине тырмышты.

– Жок, менде топчуң, – деди Абылкасым.

– Келе! Сен катып алган турбайсыңбы, шүмшүк!

– Келе! Сенин топчуларыңды да жулам! – кыз бултуңдап жакадан тартканда Абылкасым мүдүрүлүп жыгылып, бешмантынын эки топчусу ыргып кетти.

– Жаша-а, Асипа! – деп кыйкырды балдар.

Жеңиштин кумарына бата түшкөн кызга сүрөө жага бербей калды бейм, баланын шапкесин жулуп алып, бир-эки жолу чаап жиберди.

– Келе топчумду ууру десе! Келе топчумду? Түштүктөгү таэжем тигип берген! Келе?

– Сок! Сок! Шапкенин кыры менен сок! Кыры менен! Жарайсың. Асипа! Өзүнөн чоң баланы сабап жатат!

Кыз шапкенин кыры менен тарсылдатты. Абылкасым эптеп оруданан турду да, шапкесин жулуп алды, аны жапшыра муштайын деди. Бирок, негедир колу барбады, ал тургай долуланган кыз беттен аткыйын дегенде жалтанып чегинди, тиги артынан калбады. Оюна койсо чачын жулуп, бетин тырмап сала турган. Абылкасым аны жыга түрттү. Кыз: «Тизем-ий, тизем!» – деп чыңырганда Абылкасым аксаңдап качты.

– Өля, – а, кыздан качты! Өля, – а, өля-а, качанак деп кыйкырды балдар.

– Э, кокуй каран күн!, Эмне балакет болуп кетти? – Зыяда кемпир чакасын таштап, баланы кучактады.

– Энеке!Эне! Эне! – Абылкасым шолоктоп ыйлап, башын кемпирдин койнуна катты.

– Энеке!.. Эне! – бала ыйлай берди. Ким билет кайсы энесин айтып жатканын, Зыяда кемпирдиби, же өз энесин эстедиби, айтор башка сөз айтпай ыйлай берди.

– Айтчы, каралдым? Ким капа кылды, сени? Жетим деп айттыбы бирөө? Төкөр деп кордодубу? Айтчы, колуна өлүп берейин!

– Карыбайдын Асипасы уруп койду… – деди сонуркап артынан келген бала.

– Э, кокуй, ал эмне үчүн урат? И-ий, бетим! Башынын баары шишик! Жин тийиптирби ал кызга? Эмне менен урган? И-ий, айланайын баары тытык! Ал кандай бейбаш мыкаачы неме эле! Жүрчү, Карыбайдын колуна өлүп берейин! – кемпир Абылкасымды дегдеңдетип колунан жетеледи.

– Э, айланайын Батма, бул эмнеси? Кызыңды тыйып койбойсуңбу? Карачы, баламдын башын шишитип сабаптыр таш менен. Ушул мажирөө байкушту тим койсо не болот? Ушинтип да урабы? Экөөбүз тең бир мусаапырбыз жалгыз бой кемпир экемин, карып-арып көр алдында тапкан эрмегиме кыянаттык кылбай койсо не болот? Мындан башка эмнем калды, бул дүйнөдө? Э, кагылайындар, алты саны аман неме болсо да бир жөн, тырмактайынан запкы тартып дартка чалдыккан немени кордоп нетет! Мунуңар мусулманчылыкка жатпас, кагылайындар!

– Өзүнөн көрсүн, мулуйган жетимиңер, колдон келсе ыштанын чечип алып кызылдай сабайт элем. Асипанын эки топчусун кыйып алып, өзүн уруп коюптур, тизеси айрылып келди. Ошол далдайган немеңерди чүкөдөй кыз кантип урсун! Таптырыңыз, дагы бир күмүш топчусун түштүктөгү таэжеси тагып берген болчу. Капкаяктагы селсаякты багасыңар жоктон тапкансып!.. Колун чагыш керек уурулук кылган шүмшүктүн!

Бул сөздөрдү укканда, кемпир баласын аксаңдатып үйүн көздөй басты.

– Кудай гана тапсын эсебиңерди! Кудайдан башка эмнебиз бар сен экөөбүздүн? Ишенген тообуз жалгыз кудай эмеспи. Карыган энеңдин алы барбы, булар менен кармашууга. Кудай өзү жазаласын тажаалдарды?

Аксаңдап бара жаткан Абылкасым жашын сүртүп, ызаланып, энесине боору ооруп артына кылчактады, кемпир колунан тартты:

– Кой, кагылайын, жөн кой, мейли. Жөн кой, кудай өзү билет. Күнөөлүү күнөөсүн тартат, ак ниетти актап чыгат. Деле кийлигишпе.

Абылкасым дагы бир-эки жолу артын карады да энесин ээрчип аксаңдай берди.

– Анын топчусун эмне кылат элең? Үйдө топчу толуп жатпайбы.

Бул окуядан кийин бала эки-үч күн элге көрүнбөй үйдө олтурду.

Төртүнчү күнү эртең менен кемпир китеп баштыгына алма, боорсокторду салып коюптур ал «мектепке бар» дегени болсо керек.

Абылкасым жуунуп портфелин көтөрүп үйдөн чыкты. Бирок, мектепке жакындаган сайын жүрөгүн кум өйкөгөнсүдү, сабакка бара жаткан классташтарын көргөндө ал жерге мындан ары аяк баспасын толук түшүндү. Ал коктуга бурулуп, эски мүрзөнүн тушунан өтүп, саз жакка жол тартты. Көрүстөндө ураган чоң күмбөз бар эле. Кайсы кылымда, жана кимге коюлганы белгисиз, күмбөздүн так ортосунан карарган жарака кеткен, качан жарылганы белгисиз. Аны жүзгө чыккан чалдар да, жаңыдан басып келе жаткан бөбөктөр да ушундай бойдон билишет. Жарылган күмбөз турмуштун өзүндөй жер үстүнөн түбөлүккө орун алгандай. Жарака карарып тээ ырактан көрүнөт. Абылкасым бул жерден нечен жолу өтсө да, ага көңүл бурган эместир, бирок азыр негедир ал жарака башкача, түрү суук болуп көрүндү.

Абылкасым ээн сазга барып, түш оогончо суунун жээгинде асманды карап жатты. Канчалык башка ой ойлоого тырышса да, көз алдына эски күмбөздүн жаракасы тартыла берди, жүрөгүндө да так ошондой жарака пайда болгонсуйт… «Эмне үчүн кордошот мени? Алымдын жоктугунанбы? Бирок, бая күнү Асипа эмес, башка бирөө болсо, башын толгоп ыргытып жибербейт белем. Бир жери ооруп калат дебедимби. Ооба мен аядым аны. Ал кыз да! Назик. Кичинекей. Анан… татынакай. Мен аны кыздардын бардыгынан жакшы дечү элем. Бирок, аны ким билсин… Билбегени жакшы… Эч кимдин билбегени жакшы. Асипа да билбесин.. эч качан. Анын топчусун мен кантип алайын. Колум барабы?

Бирок, мага эч ким ишенген жок. Мугалим агай да ишенген жок. Энем ишенген жок. Эч ким ишенген жок. Эмне үчүн ишенген жок? Эмне үчүн?» Абылкасымдын көзү жумулуп үргүлөп кетти. Канча жатканын билбейт. Түш эбак ооп кетиптир. Бала туруп муздак сууга жуунуп, кокту менен үйгө келди. Зыяда кемпир эч нерседен шеги жок.

– О, айланайыным, ырас келбедиңби, үкөктөгү куурдактан жеп, белимди кичине тебелеп кой!

Абылкасым үкөктөгү куурдакты жеп, кемпирдин белин тебеледи.

– О, алдыңа кетейин, ошол дал ортомду, күн бүркөлгөнгө какшап жатпайбы, коркпо, секет, катуу-катуу бас, кагылайын, бүгүн кандай баа алдың?

Абылкасым унчуккан жок.

Эртеси эртең менен Зыяда кемпир баласын ойготту:

– Тура кой, берекем, күн шашке болуп калды, сабагыңа кечигесиң.

Абылкасым үйдөн чыгып, мектепке кирбей, сазга барып, китептерин башына жазданып, агын сууну, удургуган булуттарды карап жатты. Көзүнө баягы эле эски күмбөздүн жаракасы тартыла берди.

***

Арадан үч-төрт күн өттү. Абылкасым мектепке барбай жүрө берди. Кемпирдин эч нерседен шеги жок. Күнүгө эртең менен өпкө-жүрөгүн чаап баланы ойготот.

– О, жанымды чабайын! Бара кой, окуп адам болбосоң, кантесиң! Же ден соолугуң элдикиндей эмес. Алты саның аман болсо, керилип кетмен чаап, трактыр айдап оокат кылбайт белең. Окуудан башка эмнең бар сенин!

«Ооба, энеке, барайын», деп айтууга умтулганда эле көз алдына эски күмбөздүн жаракасы келе түшөт. Бала унчукпай калат. Бирок, минтип жүрө берүү да болбойт. Эртедир-кечтир мектепке барбай жүргөнү билинет, бечара кемпирдин көңүлү сууп калышы мүмкүн.

– Энеке, мен бир нерсе айтайын, таарынбайсыңбы? – деди бала.

– Айта кой, айт… сага качан тарынчу элем, шыбагам, – кемпир жоолугун түрүп, ала кийизге отура калды. Бирок, так ошол учурда эшик ачылып, үйгө мугалим агай кирип келди.

– Саламатсызбы, апа. Бу уулуңуз сабакка эмне келбей жүрөт?

– Ыя? – деп чочуду кемпир.

Абылкасым эмне кыларын билбей, колундагы портфелин артына катты.

– Бир жумадан бери келбейт. Балдар сазда жүргөнүн көрүшүптүр, – деди мугалим.

Зыяда кемпир бир баласын, бир мугалимди карап, үн жок, сөз жок отура берди.

– Ооруп калдыбы дегем. Сумкесин көтөрүп жүрөт дейт.

«Балам, бул эмне кылганың» дегендей Зыяда кемпир Абылкасымды карады.

Тиги башын жерге салып тура берди.

– Чейрек бүтүп калды, өтпөй калышы мүмкүн, жибериңиз мектепке, апа! – мугалим саатын карап чыгып кетти.

– Энеке, барбайм! – деди Абылкасым.

– Эмне үчүн барбайсың?

– Барбайм, энеке!

– Карыган энеңди ушинтип капа кыласыңбы?

– Кечир, энеке…

Мугалим агай эртеси да келди, бирок, бала барбай койду. Бүт класстын пионерлери келишти, анда да Абылкасым мектепке барбады.

– Э, мейли, өзү билсин барбаса, көңүлү абдан ооруп калган го! Кудай аман койсо, эс-акыл киргенде, тиричиликке аралашып, өз оокатын кылып кетер, – деди Зыяда кемпир.

Арадан жылдар өттү, Зыяда кемпирдин күнү бүтүп, керээзин айтып көз жумду. Абылкасым жалгыз калган соң, тиричиликке кошулуп айылдагы менчик уйларды кайтарып жүрдү. Эртеден кечке сазда, эч ким менен иши жок, эч кимдин аны менен иши жок. Курбалдаштарына эс кирип, чоңоюп, баягыдай кордогонун коюшту, ал эми кийинки өскөн балдарга Абылкасым улуу чөйрөнүн өкүлүндөй сезилсе керек, анын менен иши жок. Кыздардын бир тобу күйөөгө чыгып, үй-бүлөөлүү болушту, бара-бара чогуу окуган балдардын бир тобу да үйлөндү. Асипа турмушка чыгып башка айылга кетти. Абылкасымдын колу айыкпай далдыраган бойдон калды, оң буту өз калыбына келген жок, басканда сол бутунун изи туура түшсө, оң бутунун изи майрык.

Анан Ата Мекендик согуш башталды.

Айылдагы белдүү жигиттер майданга кетишти, Абылкасымды окуткан мугалим да кетти. Кийинчирээк кээ бири жарадар болуп кайтса, кээсинин ордуна алакандай кагаз келип жатты.

Согуш уланган сайын элдин абалы начарлай берди.

Айылдагы эки жүз менчик уйдан он чактысы эле калды. Аларды ээлери эптеп арык жээгине оттотуп, кодура чыккан арпа, сулу оруп берет. Андай болгон соң Абылкасымды жаңы кызматка которушту. Ал колуна мылтык алып, колхоздун кампасын кайтарды. Эч ким менен иши да жок, чатагы да жок, тынч. Күндүз уктайт, түнкүсүн кампа кайтарат.

***

Ошондо Абылкасым кароолчу болуп беш жыл эле иштеген, бирок, алигиче түнкүсүн уктай албайт. Мына азыр да түн жарым болгонуна карабастан, ээн мектепте жалгыз отурат. Тунжурап, мештин отуна күңүрт жарык болгон бош бөлмөгө ыраактан короздун кыйкырыгы угулду. Түн ортосу болдубу же баягы жойлогон түлкү кимдир бирөөнүн тоок кепесине кирип, чочуган корозду кукулуктаттыбы, айтор, бир аздан кийин иттердин үргөнү да угулду.

Абылкасым тартып бүткөн чылымын мешке ыргытып, көмүр салып, оозун жапты. Эми класстын ичи капкараңгы болду, бир гана мештин чоюн каалгасындагы узата кеткен жаракадан оттун балбылдаганы көрүнөт. Жарака… Бул жарака эмнени элестетет? Баса, баягы чоң күмбөздүн жаракасы да ушундай эмес беле. Күмбөздүн кызыл топурагын шамал учуруп, жаан жууду бирок, ал дагы эле турат, урабайт. Ал жарака карарып түрү суук болучу, бул болсо кыпкызыл, мындан зор үмүттүн шооласы сыяктуу оттун жалыны алоолонуп дагы бир чечкиндүү окуяны элестеткенсийт.

***

Асипанын кайсы элге барып, кимге турмушка чыкканын Абылкасым билчү эмес. 43-44– жылдары айылда кара келте тарап, бир топ адамды алып кетти. Асипанын эне-атасы экөө тең райондук ооруканадан каза болушту. Ошондо бир келип кеткен. Анан бир-эки жолу инисиникине келип жүрдү. Көтөргөн эркек баласы бар болчу. Абылкасым келин менен сүйлөшүп жай сурашмак түгүл, анын караанын көргөндө мылтыгын колтугуна катып, чоң ичигин кымтыланып, кампанын артына качкан. Бирок тагдыр бул эки адамды акыры жолушутурбай койбоду. Унутулгус жолугушуу…

Согуш бүткөн. Бирок кыйын мезгилдин кааты али кете элек. Кыштын кыраан чилдеси. Абылкасым колдойгон чоң өтүкчөн, чоң ичигине мурдун катып, каадасынча кампа алдында болучу. Түн караңгы. Айыл терең уйкуда. Борошолоп кар жаап турат. Суук. Тунжуроо.

Көчөнүн башында ит каңкылдагандай болду. Ага улам бирөө кошулуп иттердин үнү берилей берди. Кароолчу мылтыгын колуна алып тыңшады. Эч ким жок сыяктуу. Бирок иттердин үргөнү жакындай берди. Анан көчөнүн ортосу менен келе жаткан жалгыз караан көрүндү.

– Ойт! Ким бул? – Абылкасым бери чыкты.

– Менмин, аке! – деди аялдын үнү.

– Мен деген ким?

– Асипамын.

– Асипа?

Кароолчу бир топко дейре унчукпай калды: ооба, ошол, ошонун үнү.

– Быякта эмне кылып жүрөсүң, борошодо? – деп күпүлдөмүш болду Абылкасым.

– Машине кыядан чыга албай койду, балам үшүп кеткенинен жөө баса бердим эле, караңгы кирип адашып калдык. Ала туруңузчу муну, колу-буту муз болуп кетти, – деп келин көтөргөн баласын бере койду.

Абылкасым унчукпай баланы алып жылуу койнуна катып, ичигин кымтылады. Баланын эрди эрдине тийбей, калчылдап кетиптир. Дагы бир аз унчукпай турушту, караңгыда Абылкасым келинге картайган чал болуп көрүнсө, чоң жоолукка оронгон Асипа бөкчөйгөн кемпирдей көрүнөт.

– Түн жарымда да жол жүрөбү? – деди кароолчу.

– Э-э, кагылайын аке, айла жоктун иши да… – келин жоолугун оңдоп байланды. – Биздин үйдө киши бар болду бекен?..

– Иниң кечээ районго кеткен.

Жылый баштаган бала кийиз жыттанган ичикке башын катып, мемиреп уктап калды.

– Көчөнүн башына чабаданымды таштап келдим эле, – деди аял.

– Дагы адашасың, чогуу баралы.

– Кампаңыз ээн калбайбы?..

– Кудай алат дейсиңби? Мындай борошодо уурулар да башын койнуна катып жаткандыр.

Келин алдыга чыгып чемоданын калтырган жакка басты.

– Сизди да бир топ убара кылдым окшойт, аке, – деди Асипа.

– Баса бер, баса бер.

Келин сүйлөп кете берди.

– Ичинде эч нерсе деле жок… Баламдын кийим-кечеси, колум үшүп кеткенинен таштап койдум. Иним үйдө болсо жиберейин дегем. Ал жок турбайбы, коңшунукуна конорбуз.

Абылкасым унчукпай баса берди.

– Алдагы жетимдин сообу тиер сизге. Байкушум… атасы муну көрбөй, согуштан жок болду, бул атасын көргөн жок. Не болсо да ага-туугандардын арасында бололу дедик. Кайнатам эски киши. Кайсы бир дөөпөрөс инисине алып беребиз деп кыйнашты мени, жадаганда, баламды көтөрүп алып кете бердим. Күүгүмдө чыктык эле, түн кирип кетпедиби. Кол көтөрсөк, деле машине токтобойт. Ушу жерге койгондой болдум эле чабаданды. Бирөө алып кеттиби. И-и мына!.. кар басып калган турбайбы, – келин чемоданын алып бери басканда Абылкасым бетин көрсөтпөй алдыга түштү.

– Моңколой акемдикине баралы, иттери да ажаан болчу эле… – деди Асипа.

– Эки ити тең картайып баш көтөрбөй калган. Мен жеткирем.

– Уулум экөөбүздүн сообубуз тиер сизге. Экөөбүз тең жетимбиз. Жалгыз инимен башка эч кимибиз калбады.

Моңколойдун үйүн көздөй басышты. Чоң кийиз өтүкчөн Абылкасымдын аксаганы көп билинбесе керек. Бирок бир аздан кийин токтолбой сүйлөп, артынан келе жаткан келин шек алгансып, унчукпай калды да короого жеткенче үн каткан жок. Борошо уруп, аяк алдында кар кычырайт.

«Эмне үчүн унчукпайт? Же таанып калдыбы мени?» – Абылкасым акырын артына кылчайды, келин башын жерге салып, анын изин басып келе жатыптыр. «Далай запкы жеген экен да бечара! Той-тополоңу болуп узаткандан бир аздан кийин эле согуш башталбадыбы. Баласы төрөлө электе жолдошу майданга кетип, келбей калган экен да… Турмуш деген заматта бактылууну бактысыз кылып, бактысызга бакыт берип коет экен да, мүшкүл!» Ар бири өз ойлорун ойлогон эки адам унчукпай кете беришти. Моңколойдун үйүнө да жетишти. Шилиси кубарып карыган эки ит кор-кор үрүп бир топко дейре кыйкырып жаткан аялдын үнүн угузбады. Дарбазанын темир илгичтери шалдыраганда Абылкасым баланы энесине берди да, артын карабай кампасын көздөй аксаңдады. «Тааныдыбы тааныган жокпу. Тааныбаса, эмне үчүн мен алдыга басканда унчукпай калды? Ыракмат деп да айткан жок, баланы алганда башын көтөргөн да жок, эмне үчүн?»

Бирок, тааныптыр. Муну Абылкасым кийин билди. Анткени, бир топко дейре Асипа кампанын жанынан өтпөй жүрдү. Күндөрдүн биринде баласынан бир көмөч нан, бир аяк бозо берип жибериптир.

– Кимдин баласысың? – деди кароолчу

– Апамдын, – деди бала.

– Апаңдын аты ким?

– Апа.

– Өзүңдүн атың ким?

– Нурлан.

– Муну эмне кылсын дейт апаң?

– Билбейм, кампа кайтарган байкеңе алып бар, – деди апам.

– Чоң ыракмат деп айт, апаңа.

– Эмне деп?

– Чо-оң ыракмат, бактылуу бол.

– Мылтыгыңды аттырасыңбы? – деди бала кайрылып.

– Кийин чоңойгондо, азыр аталбайсың.

– Анда өзүң атчы. Тетиги сагызганды.

– Кой, ал саа эмне кылды?

– Баягыда чоң атам өрүк кургатып койсо, илип кетиптир. Аталбайсыңбы?

– Аталам.

– Бая күнү Сапаркул таякем Моңколой атамдын иттерин атып салды…

– Эмне үчүн атып салды?

– Үрө албай калды дейт.

– Сапаркул таякең кыйын турбайбы.

Кампаны көздөй келе жаткан Сапаркул көрүндү.

– Бара кой, бар, апаңа ыракмат де, – Абылкасым балага бошогон чыныны жана эки бош жез берип узатууга шашты, Сапаркул көрүп калса, оюна шек кетиши мүмкүн. Анткени кампачы Сапаркул Асипанын бир тууган иниси.

– И-и, эргул, бозо шимирип ыракаттанган экенсиң го, – деди Сапаркул.

– Анча-мынча болуп кетти… – Абылкасым мурутун сүрттү.

– Сен бүгүн кампаны кайтарбай койсоң деле болот. Текшерүүчү келиптир, таң атканча кампадагы данды текшерип өлчөйбүз, барып уйкуңду кандыра бер, – деди Сапаркул.

– Баары бир түн ичинде уктай албайм, балким керегим тийип калар.

– Жок-жок, бара бер. Өзүбүз эле бүтүрөбүз, – Сапаркул кампаны ачты.

– Азыр кетейимби?

– Өз оокатыңды кыла бер. Азыр текшерүүчүлөр келет, башкарманыкында тамак ичип жатышат, – Сапаркул капманын ичине кирип лампа жакты.

Кароолчу ичигин, мылтыгын көтөрүп, үйүн көздөй аксаңдады.

Жатып уктайын десе, уйкусу келбейт, эски чокоюн тамандады, түн жарымында шамын өчүрүп төшөккө жатты, бирок, күндүз уктап көнүп калган кароолчунун көзү илинбеди, ар кандай элестер көз алдына келе берди: «Жалынып-жалбарган картаң Зыяда, жумшак жылмайган мугалим агай, анан күмүш топчулуу жашыл бешмант, өрүлгөн чачтары сербеңдеген кичинекей Асипа. Тебеленип жерде жаткан боз шапке. Анан… анан эски күмбөздүн узата кеткен карарган жаракасы. Булуттар… булуттар… Удургуп бири-бирине аралашкан ак булуттар… Ак булуттар, кара булуттар… ак булуттар… Кар. Жер үстүн баскан кар, асмандан самсаалап түшүп жаткан кар. Жол ортосунда сербейген жалгыз караан… Асипа… Аял болгон Асипа… Эне болгон Асипа… Жесир калган Асипа… Анын төрөлө электе жетим калган баласы… Ал эмне үчүн алиге күйөөгө чыкпайт? Абдан сулуу, оокатка бышык, жүзү жарык эмеспи? Өз теңинин көбү согуштан жок болду, кичүүгө тийбейт, улууга барбайт. Азыр кыз-келиндер көп. Эркектер аз». Уктай албаган Абылкасым эшикке чыкты. Ай жарык, кайсы бир жерде ат кошкуруп иттер үрөт.
Анан кандайдыр түшүнүксүз тынчсыздануу пайда болду. «Бул эмнеден? Балким Сапаркулдар кампаны текшерип бүтүп ээн таштай албай жаткандыр, неси болсо да бир барып келейин» деди да, кампаны көздөй басты.

Сапаркул менен «текшерүүчү» күндүн суугуна карабастан, тондорун чечип салып ооздорун бууган мешокту колдошуп, талталаңдап, жалгыз ат кошкон чанага салып жатышыптыр. Абылкасым жакын келип: «Иш илгери болсун», – деди. Сапаркул чочугандай башын көтөрүп туруп калды, «текшерүүчү» мешоктун бурчун түшүрүп жиберди.

– Айтпадым беле, керегим тиет деп, чырак эмне өчүп калдыбы? – кароолчу кампага кирип ширеңке чакты.

– Чакпа! – Сапаркул мешокту таштап бери басты. Чекеси чыпылдап тердеп кетиптир.

– Чакпай эмне! Уурулук кылып жаттык беле? – Абылкасым колун күйгүзүп жиберген ширеңкени ыргытып, жаңысын чакты.

– Чакпа дебедимби? – Сапаркул секирип жетип кароолчуну кекиртектеди, ширеңкесин жулуп алып, өзүн түртүп жиберди. Тиги шалак этип буудайдын үстүнө жыгылды.

«Бул эмнең?» дегиче кампачы менен «текшерүүчү» колдорун уйпалап жиберчүдөй арбайтып, кароолчуга жакындай беришти. Айдын жарыгына экөөнүн көздөрүнөн муздак от балбылдагансыйт.

– Эмне? Мен эмне кылдым силерге? Эмне? – Абылкасым сыртты көздөй кетенчиктеди.

– Эмне аңдыйсың? Мени, мунжу? – деп жыландай ышылдады Сапаркул.

– Эмнеге аңдыйм сени, эмне деп аңдыйм? Кампачысың, ачкычы сенде, өзүң жооптуусуң баарына, – деп калтырады кароолчу.

Абылкасымдын эч нерседен шеги жок экенин түшүнө койгон Сапаркул «текшерүүчүгө» токто дегендей белги берди. Ал колундагы лом темирди буудайга таштады.

– Тамаша, тамаша, түшүнбөйт турбайсыңбы тамашаны. Отурчу момундай гапырышалы. Кел отур! – деди Сапаркул. Абылкасым эшикти көздөй жылды, кампачы жолун тороду. – Отурсаң момундай, кайда барасың? Чана менен жеткирип коебуз, отур, сөз бар! – «текшерүүчү» экөөлөп беркини ийнинен басып буудайдын үстүнө отургузушту.

– Кел мындай, дос. Кампачы менмин. Эмне кылсам өзүм билем, так. – Сапаркул бир аз ойлонуп калды. – Үйүңдө даның көппү?

– Бар, анча-мынча, – деди Абылкасым

– Бар болгондо?

– Күзүндө эмгек күнгө алган арпам турат, кыштан эптеп чыгам, – деди кароолчу.

– Ал го тамагыңа жетээр, алдагы жаман фрицтин кители төрт жылдан бери үстүңөн түшпөйт, тер сасып да кеткендир, мынабу мешоктогу буудайды алгын, так? Сатып-нетип үстүңө бирдеме алып кий. Уят. Өзүң али жигитсиң. Чыкчыйып жүрчү кезиң. Так. Давай, чанага салып жеткирип беребиз…

– Жок! жок! Кереги жок. Эч нерсенин кереги жок. Өзүмдүн тапканым өзүмө жетет, баккан балам, карыган кемпир-чалым жок. Эптеп кыштан чыксам болду.

– О кокуй күн, бала турбайсыңбы! Өзүмкү өзүмө жетет дейт тура. Сеники, макул, жетсин. Башкалардыкы жетпейт да. Согуш башталганы тоюнуп токоч чайнай элекпиз. Так. Элдин акыбалы али начар. Ач, жылаңач. Өзүң деле көрүп жүрөсүң. Бул согуштун каргышы. Так. Кечээ актиптер өз ара кеңештик. Ичиңде болсун, оозуңан чыгарба. Демек, бул айылда жат киши жок, баарыбыз бир тууганбыз, сен деле бир туугандай болуп калдың. Кампада анча-мынча катталбай ашып калган буудай бар экен, аны өз ара бөлүшөлү дедик. Күндүз алсак, өткөн-кеткендер болот, ополдомочун келип калышы мүмкүн төмөнкү айылда жүрөт дейт. Элдин бардыгы алчусун алды, так, сен эле калдың. Өзүң биздин кызматкер болгон соң, сразум эле үйүңө түшүрүп берели дегенбиз. Мына текшерүүчү деле айтсын, бул деле өз киши, так, түшүндүңбү? Сапаркул «текшерүүчүгө» көзүн ымдады.

– Түшүндүм, бирок мага буудайдын кереги жок, башка бирөөгө бергиле… Моңколойго бергиле, балдары көп… – деди Абылкасым.

– Эмне үчүн албайсың? Аки-чүкүдөн коркуп турасыңбы? Эл менен эл болуш керек. Бул элдин мүлкү, так. Ошон үчүн колхоз дейт бизди. Демек, ушунун бардыгы өзүбүздүкү деген сөз.

– Жок, мен албай эле коеюн.

– Албай койсоң сени чыккынчы дейбиз, элден чыгып каласың, дос. Түшүндүңбү?

Абылкасым кыйылып унчуккан жок.

– Бир нерсе болуп калса, сенден көрмөк беле, мен жооптуумун да. Ачкыч болсо менде, бир гана сураганым, кокус чын эле аки-чүкү болуп калса, танбай, бир мүшөктөн буудай бергени ырас болчу десеңер болду. Мына кагазга деле кол коюп бер. – Сапаркул ары жактан алакандай бырыш кагаз алып келип: «Абылкасым бир центнер буудай», – деп жазды.

– Давай, эми колуңду кой, корксоң мына мен да, текшерүүчү да кол коебуз.

Абылкасым бир аз ойлонуп турду.

– Давай, дос, коркпо. Колуңду койгун да, буудайыңды ала бер. Жигит киши да сендей коркок болобу. Мына менин колум, – деп шаштырды «текшерүүчү».

Абылкасым сыя карандашты тилине тийгизип тартаңдаган тамгалар менен атын жазды.

– Мына эми спискеге кошулдуң. Албасаң да алды болосуң, тана албайсың, так. Түшүндүңбү? – деди Сапаркул.

Абылкасым а-бу дегиче тиги экөө мешокту көтөрүп чанага салышты, анда он чакты буулган мешок бар экен.

– Азыр Моңколойдукуна дагы бир мешок беребиз балдары көп эмеспи… – деди «текшерүүчү».

– Давай, чык. Кампаны бекитем! – деди Сапаркул.

Абылкасым кампадан чыкты. Сапаркул кулпу салды.

– Привет!

Чана дыр коюп жүрүп кетти. Абылкасым аксаңдап үйүнө келсе, дарбазанын түбүндө жанагы оозу буулган таар сумбал жатыптыр. Аны эмне кыларын билбей далайга дейре бир үйгө кирип, бир эшикке чыгып жүрдү. Таң сүрө баштады.

«Болор иш болду. Бүткүл айыл актиптери менен кеңешип ушундай чечимге келсе, мында эч кандай законсуздук жок эмеспи. Баса, «колхоз» деген сөз – «мунун баары өзүбүздүкү» деген сөз эмеспи. Списке менен бериптир, мен кагазга кол койдум. Демек, закондуу. Мүшөктө бир центнердей буудай бар. Сатса бир топ акча болот. Асипанын уулуна кийим алып бербейминби. Сүйүнүп калсын байкуш жетим. Киши-караан өтсө, мүшөктү көрүп жаман ойлошу мүмкүн», – деп Абылкасым буудайды үйүнө сүйрөп кирди.

Эртеңки күн кадимкидей эле башталды. Саат сегизде каадасынча Сапаркул келип кампаны ачты, түндө эч кандай окуя болбогондой. Тегирменди же базарды көздөй баскан деле адам жок. Бүткүл айыл сыр билгизбей тымпыят.

– Эй, балакай, бери кел, – деди кароолчу кампанын жанынан өтүп бара жаткан балага.

– Асипа эмне кылып жатат?

– Эчтеке… – деди бала.

– Өзүң кайда баратасың?

– Киндик энемдикине, кесмелик ун сурап кел деди.

– Анан эмне батиңкечен кар кечип жүрөсүң?

– Өтүгүм жок. Эшикке чыкпа, жөтөлөсүң деп урушат мени апам.

– Э-э, эмесе бара кой.

Бала чуркап кетти. Абылкасым тыяк-быякты карап алды да, чырпык сындырып, баланын чыйырга түшкөн изин өлчөп алып, өтүкчү Митьканын үйүн көздөй жол тартты.

– Митка, мага өтүк ултарбайсыңбы? – деди ага келип.

– Давай! Кандай размер?

– Өзүмө эмес, балага. Таманы спиртованный болсун. Кончу хром эмес чочконун терисинен… далайга дейре жыртылбасын, – Абылкасым өтүкчүгө колундагы чыбыкты берди.

– Төрт бут буудай! – деди Митька чыбыкты калыпка өлчөп көрүп.

– Макул. Толки батыраак ултар, акысын дароо берем. Баланын буту үшүп, эшикке чыгалбай калды.

– Өзүңдүн балаңбы? – деп сурады өтүкчү.

– Ооба. Э-э, жок… инимдики.

– Хоп. Мейли. Эмки жумада даяр болот, – деп Митька алакан чабышты.

Ырас эле бир жумадан кийин Митька өтүкчү эшек кошкон чанасы менен келип калды. Колунда чүпүрөккө оролгон татынакай өтүк..

– Муну только бийлегенде кийиш керек, – деди өтүкчү.

Абылкасым өтүктү алып жылмайды: таманы таш-таман, кончу калың, жалтырак.

– Давай, дагы жарым бут магарыч! – деди Митька тигинин кубанычын көрүп. – Аялыма самогон кайнаттырабыз, ичебиз…

– А, мейли! – алакан чабышты.

Митька буудайын мүшөккө салып, түз эле тегирменди көздөй жөнөдү.

Абылкасым далайга дейре өтүктү кармалап отурду, анан столго коюп жамбаштап карап жатты. Тар болуп калбасын деп бир нече жолу чыбыкка өлчөп көрдү. Кең болсо болот, тар болбос. Баланы азыр эле чакырып келип кийгизип жиберейин деди, бирок, жакында жаңы жыл болору эсине түшө калды. «Баса, жаңы жыл болгон күнү бербейминби»». Абылкасым өтүктү сүлгүгө ороп, сандыкка катты. Анан көчөдөн Асипанын баласын көргөн сайын, өтүктү алып кармалачу болду. «Түгөнгөн Митька, мынабу жерин жакшы тикпей калыптыр». Кончунун бир-эки жерин өзү тикти. Жаңы жыл майрамы жакындай берди.

Күндөрдүн биринде «республикадан текшерүүчүлөр келиптир, колхоздун ишин текшерет экен» деген кабар угулду. Экинчи күнү «кампаны текшерсе эки тонна үрөндүк буудай жоголуп жатыптыр» деген сөз тарады.

Ошол эле күнү кечинде Абылкасымдыкына колхоздун активдери эки чоочун адам жана Сапаркул кирип келишти.

– Кана дос. Үйүңдү бир көрсөтчү, ар кандай эле сөз болуп жатат, текшерели, – деди башкарма. Келгендердин бири столго отуруп протокол түзө баштады.

– Жакында өтүкчү Митькага төрт жарым бут буудайга өтүк ултартты дейт, чынбы?

– Чын, – деди Абылкасым.

– Та-ак, көрсөтүңүзчү өтүктү?

Абылкасым сандыктагы өтүктү алып чыкканда, беркилер бири-бирин карашты.

– Та-ак. Бул баланын өтүгү го, муну эмне кылмаксың?

– Керек кылайын дегем…

– Сатайын дедиңиз беле?

– Жок. Биякта бир жээндердин баласы бар эле… Ошого алгам.

– Жаныңды жебе, Абылкасым, сенде кайдагы жээн? Коколой баш эмес белең? – деди Сапаркул.

Бул сөз Абылкасымга кулакка чапкандай угулду.

– Биз өзүбүз сүйлөшөбүз, жолдош Сапаркул…

– Та-ак. Өтүктү кандай буудайга алдыңыз эле?

– Үйдөгү буудайга.

– Ошол буудайдан дагы барбы?

– Бар.

Абылкасым орону ачып мешоктун түбүндө калган буудайды алып чыкканда,беркилер бири-бирин карашты.

– Анализге алдырыңыз, анализдесин! Так ошол буудайдын өзү! – деп чебеленди Сапаркул.

– Дагы барбы, ушундай буудайдан? – деди текшерүүчү.

– Жок… Калганы арпа.

– Башка орооңуз жокпу?

– Жок.

Бирок келгендер үй-ичин, короону, сарайды тинтип чыгышты.

– Кайсы группадагы инвалидсиз?

– Экинчи группа.

– Муна бул кагазга кол коюңуз, гражданин Абылкасым.

– Биз бул буудайды анализдейбиз. Эсиңизде болсун! Айылдан эч жакка чыгууга укугуңуз жок. Кызматка да барбайсыз. Тартипке көн¬бөсөңүз, башка чара колдонобуз, тоест каматабыз. Калган сөздү сот алдында айтып бересиз.

Абылкасым кагазга кол койду, келгендер мешокто калган буудайды жана баланын өтүгүн алып чыгып кетишти.

Адегенде Абылкасым эмне болуп кеткенин өзү да көп түшүнгөн жок көрүнөт, бирок эшикке чыкканда өзүнүн акыбалы мээсине толук жетти. Короого эл толуп кетиптир, алар эмне жөнүндө кужулдашып жаткандары билинбейт. Кароолчу үйдөн чыкканда жымжырт болуп калышты, ал эмне айтарын билбей туруп калды. Элдин түрү башкача Абылкасымды азыр эле асмандан түшө калгандай тиктешет. Кээси таң калса, кээсинин көздөрүндө – жек көрүү. Алдында далдайып Моңколой аке турат: былтыр Абылкасымга үйүңдүн үстүн жаап ал деп эки устун берген. Азыр анын түрү каардуу. Оюна койсо үйдү бузуп, устундарын сууруп кетчүдөй. Жанында Бүбүш жеңе, ар күнү Абылкасымдын уйун саап берчү. Тигине – Жумадил – былтыр эч бир акысыз сарайын салышып берген. Ал да башын жерге салып дулдуят. Жада калса, кээде суу алып келип жүргөн, кичинекей Жакен да колуна таш кармап алыптыр. Унчугушпайт.

«Кагылайындар, менде айып жок, мен алдандым, мени акмак кылышты» – деп айтууга камданган Абылкасым бир кадам алдыга басты. Бирок тамагы кургап, деми кыстыгып кетип, үн чыгара албады. Шилекейин жутту да, бешмантынын топчусун эч бир шартсыз улам бир чечип, кайра топчулай берди. Эл унчукпайт. Абылкасым аксаңдап үйгө кирип кетти.

– Шүмшүк! – деп кыйкырды кимдир бирөө.

Эл кужулдашты.

– Коколой башы жүрүп, мүлктү эмне кылат, ботом?

– Бирөө менен шериктешти да, бул жалгыз эмес!

– Өлүгүңдү көрөйүн, кыйраңдаган, мен да муну аяп жүрбөйүмбү. Жүзү кара турбайбы, шүмшүктүн.

– Үрөндүк данга кантип колу барды, ыя?

– Э-э бечара! Бу да согуштун каары. Же болбосо ушундайга барчу бала беле бул байкуш!

– Бизди ачка кырылсын деген го, шүмшүк!.

– Абылкасымдан көрүп жатыптыр дегенде, ишенбей койгом. Адам баласына ишенүүгө болбойт экен го!

– Зыяда байбиченин арбагы урсун!

– Элдин ак эмгеги урсун!

– Бети бир чымырап, кечирим сурап койбойт!

– Кара бет турбайбы!

– Байкуш кемпир учкаштырып келгенде эле билгем шүмшүк экенин.

Мунун бардыгын угуп турган Абылкасым эшикке чуркап чыкты:

– Кагылайындар, эмне үчүн мени…

– Кудай алсын сени!

– Токтосоңор, эмне дээр экен!

– Мен акмак болдум, билсеңер!!! – деп кыйкырды Абылкасым.

– Билебиз аныңды!

– Жок! Мен… Кагаз жазгам!

– Кайдагы кагазды айтып жатат?

– Жүрөгү түшүп алжып жатпайбы!

– Бас! Жаагыңды! Ууру!

Беш-алты тоголок кар, муз каалганы даңкылдатты, зың этип терезе ыргып кетти. Абылкасым үйгө кире качып, каалганы бекитүүгө мажбур болду.

Чогулган эл далайга дейре каргап-шилеп короодо, көчөдө жүрдү. Бир кезде:

– Болбодубу эми! Баргыла, тарагыла! Эртең тергөөчү өзү текшерет, толук далилдейт, жекече жазалоого акыбыз жок, – деп башкарма күпүлдөгөндөй болду. Зың этип дагы эки айнек ыргып кетти. Үйгө аркырап суук кирип келди. Бара-бара кожур-кожур басылып, тымтырс болуп калды.

Эл тарады.

Абылкасым үйдүн ортосунда делдейип отура берди. Алдында ачылган көрдөй болуп оро жатты, там түбүндө кулаган жүк, жабылбай калган сандык, терезеден кирген аяз уңулдап, чүпүрөк-сыпыракты калтыратат. Абылкасым аны туйбагансыйт.

«Э, кудай, ушундай да шумдук болобу! Адам баласы мынчалык мыкаачы болбосо не болот? Мен буларга не жамандык кылдым? Макул. Жалгыз экемин, колумдун күчү жок, тилим чоркок, үнүм пас экен, күйөрүм, канатым жок экен. Ошон үчүн да кордойбу? Ушунчалык да өгөйлөйбү адамды? Буудайды алган өзүлөрү, ал эми кысталганда мени түртө салышкан экен да! Ушинтип да бозала кылабы адамды, – Абылкасымдын беттеринен жаш агып, мурутунун учуна тоңо берди. – Энеке, сен тирүү болсоң, мындай акыбалга калбайт элем го, «баламда күнөө жок!» деп кыйкырат элең го, кагылайын энеке! Кудайым кара ниетти каралап, ак жүрөктү актап чыгат дечү элең. Кана ошол кудайың?» Көз алдына баягы эски күмбөздүн карарган жаракасы тартылды. Сынык терезеден улуган шамал ошол жаракадан чыгып жаткансыйт. Кудай жок экен бул дүйнөдө. Акыйкат жок экен го бул дүйнөдө. Баса, мен киммин? Мен кимге керекмин? Кимим бар менин? Асипабы? Ал жомок! Жесир калды, баласы жетим өсүп келе жатат. Бирок, мен үчүн ал асмандагы жылдыздай! Көрөрүн көрөсүң, шооласы да жалгыз сага тийгенсийт, бирок, жетпейсиң… Алыс. Ортобузда муздак аалам, өмүрүң жеткис жол жатат. Элге берилген бакыттан мага жетпей калган экен да. Кана? Эми эмне айла калды? Анан бир нерсени эстегендей башын көтөрдү. «Ооба, ооба! Сарайда! Ошол жерде жана илинип турган… Илинип турган…»

Абылкасым каалганы жаппай эшикке чыкты. Сарайда илинип турган чылбырды алды да, үйдүн жанында бутактарын картаң эненин колдорундай мээримдүү жайган чоң кара бактын жанына келди:

«Ооба, ушул бутактын бирине. Так ушул бутактын бирине. Элдин бардыгы көрсүн… бардыгы…» Абылкасым үйдү көздөй аксаңдады: «Бир-эки ооз кат жазыш керек го… Кимге жазсам? Элгеби? Башкармагабы, Сапаркулгабы, же… Асипагабы?» Абылкасым үлпүлдөтүп чырак жагып, бир барак кагаз, сыя карандаш тапты да, калтылдаган колу менен «Асипа» деп жазды.

«Асипа! Мен шүмшүк эмесмин. Илгери сенин күмүш топчуларыңды да мен алган эмесмин. Кудай алдында, өлүм алдында айтарым ушул. Мен алдандым. Мени жаман жорукка түртүштү. Жаманатты кылышты. Өз намысымды, абийиримди коргоого дарманым жок, алар көп, мен жалгызмын. Болду. Чарчадым. Эмдиги жылы ушул күнү жыт чыгарып, куран окутуп койсоң, эки дүйнөдө тең ыраазымын сага. Балаңа жакшы тилек менен жаңы жылга белек алып койдум эле, бирок тагдыр ушундай экен, ал ишке ашпай калды.Түбөлүккө кош. Бактылуу бол». Абылкасым жазып бүтүп, алакандай кагазды далайга дейре карап отурду. Анан негедир жаңы жылдык белек жөнүндө жазганын өчүрүп салды да, катты кайра көчүрө баштады. Эшик такылдады. Абылкасым чочуп кетти.

– Ким бу?

– Ач, Абыке, мен!

– Мен деген ким?

– Ч-ш-ш, бакырба!

– Ким бу?

– Сапаркулмун.

– Менин жанымды алганы келдиңби?

– Бакырба! Сөз бар!

«Текшерүүчүлөрдүн көзүнчө ошондой кылууга туура келди, аны кечир» – деп келгендер үмүттөнгөн Абылкасым лампанын билигин чоңойтуп, эшик ачып, жүктүн бурчуна барып үңкүйүп отуруп алды.

– Закускелегендей пияз-мыязың барбы? – Сапаркул койнунан бөтөлкө сууруп чыкты.

Абылкасым ордунан жылган жок. Түнкү мейман өзү барып үкөктөн бир сындырым нан, эки чыны алып столго койду.

– Кел, жүздөшүп кекиртекти бир аз жылыталы!

Абылкасым унчукпай отура берди. Сапаркулдун келишинде бир шек бар сыяктуу.

– Сенин ден соолугуң үчүн, – кампачы аракты тынбай тартып жиберчүдөй, чыныны ээгине такады, бирок тиги ичпеген соң, кайра столго койду. – Азыр ичпесең, кийин ичерсиң, – Сапаркул чыныдагы арактарды кайра бутылкага куйду.

– Обу жок дулдуйбай, кеп ук, төкөр. Иш мындай: буудайды үчөөбүз алганбыз десең, бул групповой уурулукка жатат. Так. Мунун күнөөсү, оор. Аз дегенде он жылдан кучактап калабыз. Так. Жалгыз болчумун десең, эки-үч жылдан ашпайт. Бул – бир деп тур. Экинчиси, мен камалсам, сен эзелде кутула албайсың. Так. Демек, менин ишеничтүү досторум бар, колумда бар, берчүгө берип, сүйлөшчү менен сүйлөшүп, сени куткарам. Кесип жиберсе да, көп жатпайсың. Бошотом. Так. Түшүн¬дүңбү?

– Кол койгон кагазым кана? – деди Абылкасым.

– А-а чунак. Байкең аны эбак жок кылган.

Абылкасым үн каткан жок.

– Кел, эми жүздөшө коелу? – Сапаркул чыныларга арак куйду. Абылкасым кабак алдынан жүктүн бурчун карады, бирок ал жерде мылтыгы жок эле, текшерүүчүлөр алып кеткен.

– Сен инвалидсиң, кеспей коюшу да мүмкүн, демек, сенин группаң экинчи, аскерге да жараган эмессиң. Так. Түшүндүңбү?

Абылкасым үкөк жакты карады: ал жерде чоң бычак бар эле, бирок азыр көрүнбөйт. Кайда болду экен?

– Сенин эсиң бар. Мунун бардыгын жакшылап таразага тартып көр. Так. Кел эми көтөрүп жиберели. Айла табылар, – Сапаркул чыныны сунду. – Кел эми тескери карабай.

Абылкасым бурчта турган чоң бакандан көзүн албай отура берди.

– Анан дагы бир нерсе эсиңде болсун, буудай сеникинен табылды, менден грамм чыккан жок. Мени да алды десең эч ким ишенбейт, танып кетем. Буга не дейсиң? Кел эми колум талып кетти ичип кой, муну? – Сапаркул чыныны жерге койду.

– Жого-ол?! – Абылкасым учуп жетип баканды алды.

– Жин тийдиби сага, жин тийдиби сага? – Сапаркул жалтактап колун көтөрүп эшикти көздөй жылды.

– Жого-ол! Жого-ол! Жого-ол!

Абылкасымдын көздөрү чанагынан чыгып, үнү кысылды.

– Жинди го! Жинди го! Кеңешкени келбедимби, мен сага. Киши деп келбедимби, мен сага.

– Жого-ол! – Абылкасым союлду көтөрдү, ал даңк деп үйдүн төбөсүнө тийди. Лампа үлпүлдөй түштү.

– Акырын, акырын, кетем. Кетем мына, мына! – Сапаркул эптеп эшике чыкты да, жок болду.

Абылкасым каң дедире каалганы уруп калды. Бакан эки бөлүнүп кетти. Абылкасым жылан өлтүрүп жаткансып, босогону сабай берди.

– Жого-ол! Шүмшүк! Жогол, шүмшүк!

Бакан төрт бөлүндү, шыпыргыдай жанчылды.

Абылкасымдын алы кетип жерге жыгылды.

– О, акыйкат! Кайдасың сен? Кай жерде жүрөсүң? Бар белең бул дүйнөдө? Же көмүлүп калдыңбы, көргө? – Абылкасым жашын тыйып токтоно албай, көкүрөгү титиреп, жүрөгү мыкчылып жатты.

Канча убакыт өткөнү белгисиз, башын көтөрсө, таң сүрүп калыптыр. Сынган терезеден аяз аркырайт. Чырак эбак өчүптүр. Буту-колу таштай муздак. Койнунда Асипага жазган кат. Столдо ичилбей калган арак.

Абылкасым эптеп от тамызды, бирок сууп калган меш тартпай, көк түтүн бырыксып анын жашын шорголотту, үйлөп жатып араң тутандырды. Үшүп, камтууга келбей калган колдорун мешке кактады, бирок өзү жылый турган эмес, кайыгып кетиптир. Ал сынган терезени жууркан менен калап коюп, чыныдагы аракты тынбай тартып жиберди.

Муздак арак ачкарын өзөгүнө жалындай тийди. Бир аздан кийин көкүрөгү жылып, бүткөн боюн жумшарткансып магдыратты. Абылкасым дагы жарым чыныдай куюп ичти. Эмкиси жанагындан ачуураак жана жылуурактай сезилди. Башы бир аз кеңгирей баштады.

«Баса, бул аракты Сапаркул шүмшүк алып келбедиби. Демек, менден корккон экен да! Талталаңдап качпадыбы!» Абылкасым өзүнөн өзү кыткылыктап күлдү. «Демек мен сөлдүрөгөн макулук эмесмин да, кылам дегенди кылып коем, анын тагдыры менин колумда, эмне кылам десем өзүм билем да!»

Абылкасым дагы бир аз арак ичти. Кызыгандан кызып, денеси жылып, каны суюла берди. Колу койнундагы катка урунду. «Хе! Муну мен неге жаздым? Тапкан экемин кат жазган кишини. Шүмшүктүн эжеси да шүмшүк турбайбы. Балким ошол эжеси үйрөткөндүр». Абылкасымга жала жап, анын колунан эчтеке келбейт,бала кезде далай сабаганмын», – деп айткандыр. Уурдаган буудайды да экөөлөп катты да, анткорду карасаң ой! Так ошол буудай уурдаган күнү баласын унга жибериптир эмес беле? Ошону кантип сезбедим мен. Дөөпөрөсмүн да… Баягыда топчусун мага жала жапканда эле белгилүү болбоду беле. Адамдын акыл-мүнөзү өлөр-өлгөнчө өзгөрбөйт турбайбы. Ошонун себебинен минтип салпайып жүрбөйүмбү? Тапкан экемин жылдызды! Тапакн экемин чыракты! Хе! Тапкан экемин өлүм алдында терең сырдуу кат жазуучу адамды!. Баса, мен муунуп өлүп жинди болуптурмунбу? Токтогула, мен ким экенимди билерсиңер, окшошкон шүмшүктөр! Баласына гана убал. Анда эмне айып? Мейли, андай болсо ал баланы өзүм деле багып алам. Бирок тиги экөөнү жок кылам!» Абылкасым катты майдалап тытып, мешке ыргытты. Кагаз алоолонуп күйүп, кагырап араң турган жараңкаларды бычыратты. «Өчүмдү алам силерден, маскара кылдыңбы мени? Шашпагыла, өлбөгөн жерде калышам! Соттон кутула албасмын, күнөөм бар, бирок, сени да соо койбойм, Сапаркул! Мойнуңа алдыра албасам, өзүм соттойм, сени!» Абылкасым жүктүн астында чаң басып жаткан эски «чып этме» мылтыкты алды, затворун дат басып калыптыр. Бул эски мылтыктын кароолу сынып, он чакты жылдан бери ок атылган эмес, ошондуктан текшерүүчүлөр албай кеткен окшойт. Сандыктын түбүн тинтип араң бир ок тапты, жакын жерден атса, ушул эле түбүнө жетет.

Ал мештин оозун тарс жаап, тумагын кийип, бел курун бекем тартынып, бардыгын азыр эле талкалап жиберчүдөй үйдөн чыкты.

Эртеңки үрөң-бараңда жалгыз караан аксаңдап, кызык уйкуда жаткан айылды аралап келе жатты. Таңкы аяз беттен чымчып, ичигинин жакасына кыроо кондурду, бирок, кызуу Абылкасым аны сезбегендей, оозунан ысык демин көк түтүндөй буркуратып, койнун топчуланбай жагжайтып, Шодокондун канаты сынган бүркүтүндөй шодоңдоп келе берди: «Мени жок кылгысы бар ой! Ата-бабаңды… Мен намыс үчүн, акыйкат үчүн чокко да кирем,өлүмгө да барам. Ата-бабаңды!.. Күчүм аз, тилим чоркок болсо да чындык үчүн курман болом». Турмушунда көргөн кыянаттын бардыгын, жада калса ден соолугунун начарлыгы, жетимдиги, жалгыздыгы, окубай калганы – иши кылып жер үстүндөгү жамандыктын бардыгына Сапаркул менен анын эжеси себепкер болгондой сезилди.

Ачуунун күчү менен келген Абылкасым дарбазаны шалак эттире тээп салып, короого кирди, алдынан кара ит чыгып каңкылдамыш болду, курсакка тепки жегенде каңшылап үй артына качты. Абылкасым эшикти муштагылады. Дабыш угулбаган соң ийни менен түрттү, илгичи шарт ыргып кетти.

– Сапаркул шүмшүк! Чык бери, адам болсоң!

– И, мунжу, ажал издеп келдиңби? – Оң бөлмөдөн колуна камчы алып Сапаркул чыкты, бирок мылтыкты көрүп, кайра качты.

– Чыккын бери, шүмшүк! Өзүм соттойм сени!

– Эмне болуп кетти, кудай! – Сол бөлмөдөн ич көйнөгүн балбалактатып Асипа чуркап чыкты. – Сага жин тийдиби, Абылкасым?

– Ооба, жин тийди мага? Көрсөтөм мен силерге шүмшүктү! Чык де, иниңди бери!

Ички үйдөн баласы чуркап чыгып, энесин кучактап бакырып ыйлап жиберди.

– Коку-уй! Кызылдай мас турбайбы! Баламын жүрөгү түшөт!

Асипа мылтыкка асылды. Бала бакыра берди.

– Жөн койчу, жөн кой, эже. Көрөйүн мен атканын, – деди Сапаркул.

– Чыккын бери, шүмшүк! Өпкөңдү тешем!

Абылкасым оң бөлмөнү көздөй жулунду. Сапаркул аны түртүп жиберип, сыртка чыга качты, кароолчу артынан умтулду.

– Кокуй, өлтүрдү! Өлтүрдү! – Аял анын бутуна асылып жыгылды. – Кагылайын, кагылып кетейин, Абыке, мага берип кой, бир ачууңду! Эмне болуп кетти, айтчы мага. Айтып койчу мага кагылайын Абылкасым! Айтчы деги!

Абылкасым маңдайында ким жалынып-жалбарып турганын азыр гана байкагандай, бир аз соолуга калып, алаканы менен бетин шыбады.

– Сабыр кыл, Абыке, сабыр кыл! Баламын жүрөгү түшөт. Ал зөөкүргө теңелип нетесиң, сен улуу турбайсыңбы андан. – Асипа анын буттарын кучактап жалына берди, баласы ыйлай берди, Абылкасым мылтыгын жерге койду.

– Ошент, ошент, Абыке, андан көрөк мына мени өлтүр. Тигини тим кой, көрөр күнү, жашаар бактысы бар анын. Мен бейбак болсо бүткөм эчак, же эрден жок, же атадан жок, минтип шүмшүйүп калдык.

Бала Абылкасымдын жоошуй баштаганын көрүп, бир аз басылып калды.

– Коркпо, коркпо, каралдым, абаң. Абаң мас болуп калган турбайбы бир аз. Абаң аяй, аяй, абаң. Эчтеке кылбайт, коркпо… – Асипа баласын бооруна кысты. Бала басылып калды. – Кана, айтып берчи мага, Абылкасым, эмне болуп жүрөсүңөр, айтчы? Мен анын уялаш эжесимин го… же аның бир ооз сөз айтпайт, талашканыңар эмне? – Келин кароолчунун мылтыгын алып, колунан жетеледи, – Кирчи үйгө, түшүндүрчү мага.

Абылкасым жаш баладай жоошуп, аялды ээрчип үйгө кирди.

– Кел, келе кой. Абыке отур мындай… Айтып берчи?

Абылкасым отурду, бала ыйын басып, башын энесинин көкүрөгүнө катып бышактай берди.

– Бара кой, уулум, төшөгүңө барып жат. Мен абаң менен сүйлө¬шөйүн, коркпо берекем, бул жакшы абаң; бая күнү сага беш жез берген турбайбы, барагой, укта…

Коркуп калган бала улам кылчактап кыйылып, аркы бөлмөгө кирип кетти.

– Ачкыл ичесиңби, Абылкасым?

Тиги башын чулгуду.

– Чай коеюнбу, сергитет?

– Мен мас эмесмин, – деди Абылкасым, маңдайындагы ич көйнөк¬чөн келинге баш көтөрбөй, – мас деп ойлобо… Мен күйүтүмөн ичтим..

– Эмне үчүн ичесиң, же ден соолугуң мыкты болбосо?

Абылкасым башын көтөрүп келинди карады.

Ал жука ич күйнөкчөн, эки колун бооруна кысып турат, чачы жазылуу, көздөрү алайган… ишенимдүү… жок, мындай көздөр анткорлоно албайт, алдабайт, татынакай мээримдүү көздөр. Ага жаман айтуу эмес, шектенүүгө да дити барбады. Абылкасым башын эшик жакка бурду.

– Иниң маскара кылды мени. Элдин бетин карай албай калдым. Кечээ бардыгы келиптир. Кебимди угушпайт. Андан көрө, баарылап тепкилешсе болмок мени, – Абылкасым алаканы менен жашын сүрттү. – Мен да аларды жек көрдүм. Буудайды өзүлөрү алып коюп, жалгыз мага жалаа жапкан экен дедим.

– Сени жалгыз алыптыр, үйүнөн үрөндүк буудай, ар кандай кийим-кече чыгыптыр дебедиби?

– Өгүнү кампага барсам, Сапаркул бир чоочун жигит менен буудай алып жатыптыр. Тийбегиле десем, актиптердин буйругу боюнча элдин бардыгына таратып жатабыз, сен да ал дешти.

Иштин бардыгына эми толук түшүнгөн Асипа, оозун кармап, эч бир сөз айта албай калды. Кароолчу жашын сүртүп, сөзүн уланта берди.

– Түндө келиптир мага иниң, – деди Абылкасым саал кайраттана. – Бардыгын өз мойнуңа ал деп коркутат мени! Башка бирөө болсо, ошол жерден атып салат болчумун. Качып кутулду. – Кароолчунун үнү чыйрала берди: – Качанга дейре мени кордошот?! Унчукпасаң жаман короочу да мага бөрү болуп алат окшойт. Мен да бир адамдай бардырмын! Мага ар-намыс керек!

Келин аны таңыркагандай карады: Абылкасым, баягы эле балдардан да, кыздардан да таяк жеп сөлдүрөгөн Абылкасым эмес, башка адам, жигиттик намыс жөнүндө күпүлдөп жаткансыйт.. Келин жанатан бери эркектин маңдайында бадырайып ич көйнөкчөн турганын эми гана сезди окшойт, ары жактан көйнөгүн алып кие койду.

– Күнөөм бар, буудайды албай койсом да болмок, бирок акыйкат үчүн өлбөгөн жерде калышам. Сот алдында бардыгын айтып берем. Акыйкат үчүн жанымды курман кылам! Ба-арын талкалайм! – деп жаткан Абылкасым заматта жаагы жап басылып, унчукпай калды, Асипанын жайнаган көздөрүнөн жаш мончоктоп жатыптыр.

– О, шордуу мен! Шорум дагы каткан турбайбы! Ишенгеним, карманганым жалгыз иним эмес беле! Кайдагы балакет кампа, кайдагы балакет буудай чыга калды эле! Эми эмне кылам?

Энесинин ыйын угуп Нурлан чыкты.

– О, шодойгон жетимим, дагы шодоет турбайсыңбы!

Жетимдиктин, жалгыздыктын даамын татып калган Абылкасымдын зээни абдан кейидиби, же келиндин ыйы сай-сөөгүнө жеттиби, эмне кыларын, эмне айтарын билбей тайсалдап калды.

– О, шордуу башым, кайсы шордуу күнү төрөлдүм экен? Же жер албайт мен бейбакты.

Абылкасым жаман тумагын бир кийип, бир чечип:

– Койгула эми… койгула… – дей берди.

Тигил экөө анын сөзүн уккан да жок. Абылкасым акырын туруп, мылтыгын алып, сыртты көздөй басты, келин анын кетип калганын байкабай да калды көрүнөт.. Кызыл чокко муздак суу төгүлгөн сыяктуу, Абылкасым ачуусу кагылып сопсоо болуп калды. Келиндин ыйы кулагынан кетпей койду. Сапаркул шүмшүктүн тагдыры Асипанын жүрөгүнө мынча жакын болорун ким ойлоптур.

Кароолчу кетер менен Сапаркул эки жолдошун ээрчите үйгө кирип келди, үчөөндө тең камчы, бирөөндө мылтык.

– Жаңкы мунжу кана?

– Билбейм, кетип калды, – Асипа жашын сүрттү.

– Сага колу тийдиби, эже? – деди жигиттердин бирөө.

– Жок… тийбей калсын.

Жигиттер дабырап чыгып кетишти…

***

«Райондон тергөөчү келип, төкөр Абылкасымды (айылда дагы бир Абылкасым бар эле) сурактап жатыптыр, кампачы Сапаркул качып кетиптир» деген кабар тегеректеги айыл-апага бат эле жетти. Бир аздан кийин: «Кароолчу буудайды жалгыз уурдаганын мойнун алыптыр. Сапаркул табылыптыр. Эч кайда качпай эле, үч күнү катары менен баш көтөрбөй ичип, Майраш деген жесир келиндикинде жатыптыр» деген имиш угулду. Мунун көбү чындык болсо керек, Абылкасымдын иши сотко берилгендиги жөнүндө колхозчулардын жалпы чогулушунда башкарма өзү айтып берди.

Анын эртеси райондон милиция келди. Погондорунда эч бир чени жок, жаш жигит экен. Күнөөкөр менен милиционер айылды аралап, чоң жолду көздөй басканда, кары дебей, жаш дебей үйлөрүнөн чыгып үнсүз тигил экөөнү карап турушту. Абылкасым башын жерден албай, көчөнүн так ортосу менен кете берди. Кургак кар себелеп кеткен жалгыз аяк чыйырга бир бутунун изи түз түшсө, бир бутунун изи майрык түшөт. Бир изи түз, бири майрык… Асипанын үйүнүн тушуна жеткенде Абылкасым уурулук эмес, баатырлык кылган адамдай, башын кекирее көтөрүп, билинер-билинбес жылмайды. Бирок Асипа көрүнбөдү. Абылкасым бир аз токтоло калды.

– Шосседе машина күтүп турат, жолуңар жаман экен, өтө албай койду, – деп шаштырды милиционер.

Абылкасым артын кылчак-кылчак карап, арышын ылдамдатты. Экөө айылдан чыгышып, эски коргондун жанынан өтүштү. Баягы ураган чоң күмбөз дагы эле турат. Төбөсүнөн түбүнө дейре карарган жарака. Чокусуна чокоюп сагызган конуп алыптыр.

– Куржунуңузду мага бериңиз? – деди милиционер.

– Жок, садагасы, өзүм эле көтөрөйүн.

– Мага берип коюңуз, бутуңуз оорулуу турбайбы, ылдамыраак басалы…

Абылкасым куржунун милиционерге берди.

– Сиздин оюңузча, мени нече жылга кесет? – деп сурады Абылкасым.

– Билбейм, – милиционер куржунду ийнине салды.

– Көп болдубу милийсада иштегениңиз?

– Жок. Бир айга жете элек… Аскерден жакында эле келдим.

– А-а.

Ыраактан чоң жолдо турган машина көрүндү.

Унчукпай баса беришти.

– Сизге го? – деди милиционер артын карап.

Айыл жактан аял чуркап келе жатыптыр.

Абылкасым башын чайкады, анын артынан эч ким чуркабасы анык. Бирок, аял жакындай берип, колун булгалады. Беркилер токтоп калышты. Асипа экен. Ал жете келип, энтигип, эч бир сөз айта албай туруп калды. Милиционер бир нерсени түшүнгөндөй, акырын ары басып кетти.

– Абыл…касым… – деди Асипа энтигип, – мына… муну жолуңа гүлазык кылып кет! – Колундагы түйүнчөктү берди. Абылкасым унчукпай эрдин тиштеп тура берди, келинди маңдайынан сылап, башкача эч ким, эч качан айтпаган назик сөздөрдү айткысы келди, бирок, антүүгө колу да барбады, сөз да таппады. Тамагына бир нерсе туруп калгансып, көздөрүн жашылдантты. Ыракмат айтканды да унутуп коюптур. Милиционер акырын басып келди.

– Мында эмне бар? – деди ал түйүнчөктү кармалап көрүп.

– Тамеки. Анан бир аз каттама, – деди келин.

Милиционер түйүнчөктү куржунга салмак болду.

– Жок, иничек, муну өзүм эле көтөрүп алайын, – деп жалынып жиберди Абылкасым.

Шосседе турган машинадан көк кийимчен адам түшүп бери басты.

– Старшина келе жатат. Жүрүңүз, – деди милиционер.

– Жакшы кал, Асыш. Тентегиңди жакшы бак, – Абылкасым келиндин колун кыса кармап жылмайды

Асипа унчуккан жок.

Күнөөкөр артын карабай, милиционерди ээрчий аксаңдады: бир изи түз,бир изи майрык, бир изи түз…

Асипа эки колун бооруна алып жылбай тура берди.

– Жакыныңыз го? – деди жаш милиционер.

Абылкасым башын йикеди. Чоң жолго чыгышты.

Анда эки милиционер жана дагы бир адам бар экен.

Машина жүрүп кетти.

Асипа токой четине чыккан жалгыз ак кайыңдай болуп, айылдын бери жагында тура берди.

Машина дөңдөн ашып, ылдый түшүп, кайра түзгө чыгып калдырады. Келиндин жалгыз карааны кичиргенден кичирип, тунарып, бара-бара көзгө көрүнбөй калды…

***

Абылкасымдын соту райондон өттү. «Эл мүлкүнө кол салгандыгы үчүн сегиз жылга камалып, үй мүлкү, менчик огороду колхоздун пайдасына кетсин» деген соттун токтому ишке ашырылды. Үй эски болгондуктан аны кулатып, түздөп, колхоздун жерине кошуп, арпа айдап салышты.

Абылкасым күнөөнүн бардыгын мойнуна алган соң, айылдаштар чын эле ошондой болгон экен деп калышты. Саруулап коркуп жүргөн Сапаркулга бул өтө таң каларлык болду. «Мен камалбасам сени куткарам» дегениме ишенген экен деп калды, изин суутуш үчүн кампаны өткөрүп берип, башка айылга, башка кызматка которулуп кетти. Ал Абылкасымдын ишине киришип бошотуунун аракетин кылган да жок, анткени, өзү кармалып калышы мүмкүн эле. Бир кездерде жолдоштору менен шаракташып жорго минип, тоого чыгып, тойлордо жеңелери менен жаагын жана айтышып, куудулданып, эл күлдүргөн Сапаркул жок, башка адам болуп калгансыйт, айыбын элдин баары билип койгондой, өзүнөн-өзү четтей берди, кызматка эрте кетип, кеч келет, анын үстүнө Асипа да өтө ойлуу, капалуу болуп кетти, кээде көздөрү ыйлаган адамдыкындай шишип калат. «Эмне ыйлайт? Жаман окуядан аман кутулганыма сүйүнбөйбү? Же Абылкасым башына күч келгенде ишти кайра каратып, мени каматат деп коркуп жүрөбү? Балким капасы башкадыр: согушта курман болгон жолдошу эсине түшүп, ыйлап жүргөндүр». Мындай ойлор келгенде, Сапаркул өзүн-өзү соороткондой бир аз кайраттанат, күнөөсү анчалык деле чоң эместей сезилет.

***

Ден соолугунун начарлыгынан оор жумушка жарабаган Абылкасым казарма шыпырып, картөшкө аарчып, мончо жагып жүрдү. Бул жерге келери менен Асипага кат жаза баштаган. Арадан бир топ убакыт өттү, бирок, жазган катын почтага бере элек – өзүнүн жазганы өзүнө жакпайт. Бир каты муңдуу мылжың болсо экинчиси бир нерсеге даттанган байкуштукундай, үчүнчүсү, өтө кайраттуу, өзүнчө чоң баатырлык кылып кыйратып салгандай сезилет. Ал эми Абылкасымдын максаты «атаны байкуш айе» дедиртүү, же болбосо «кайран эр, жарайт» дедиртүү эмес болчу. Ошондуктан ар кайсы түрдө беш-алты кат жазып, конвертке салардын алдында дагы бир окуп чыгып, тытып салып, кайры жазып жүрдү. Акыры бир катты тытпай салып жиберди.

«А м а н д ы к к а т!»

Кымбаттуу улуу даражада көрүүчү Асипа! Кандай, аман-эсен, сак-саламат жүрөсүңбү? Балаңдын дени сак, оору-сыркоодон оолак, ойноп жүрөбү? Айылда кандай жаңылыктар бар? Мен болсо январдан бери бул жерде жүрөм. Азырынча жеңил кызматтамын. Турмуш жаман эмес. Ачка болбойм,үшүбөйм, ушул жакта жүрөт деген жаманаттысы болбосо,элимди, жеримди сагынгандыгым болбосо, турмуш анчалык жаман эмес. Балким менден кат күткөн эместирсиң, бирок, экөөбүз дагы көрүшөбүзбү жокпу, кудай билет! Эзелтен бери жүрөгүмдү өйүгөн жара бар. Бул балакеттүү окуядан мурда жаныңа даап басып баралбадым, жолукканда ачылып сүйлөшө албадым, Асипа! Ар бир адамдын негизги турмуштук максаты, самаган ою, жылдызы болот дейт. Кээ бирөө атак-даңкты самайт, кээси зор иш бүтүрүп, жер үстүндө из калтырсам дейт экен. Бүткүл турмушун, күчүн, акылын ошого багыштайт, ал үчүн күрөшөт, ошон үчүн жана ошондуктан жашайт экен. Ал эми мени кайсы күч жер үстүндө кармап жүрдү дейсиң? Ден соолугумду өзүң билесиң – чоң ишке жарабайт. Окуп кыйрата албадым. Бала-чакам жок, коколоймун. Мүлк-байлык жыйбадым, аны эмне кылам? Башкаларга окшоп чоң жолго чыга албадым. Жалгыз аяк чыйыр менен келе бердим. Бирок, бир нерсе мени чөктүрбөй, жүрөгүмө кубат, өзүмө кудурет берип турду. Бул сен. Эсиңдеби?

Бала кезде сенин күмүш топчуларың жоголгону? Аны мен алган эмесмин! Бирок мага эч ким ишенген жок. Ошондо көңүлүм абдан ооруп калса керек, сени абдан жек көрө баштадым. Өтө жаш элем. Бирок кийин, сен буюгуп адашып, үшүгөн балаң менен мага жолуккан бороондуу түндөн тартып, жүрөгүм ордунан козголгонсуп, башкача сого баштады. Буга сенин оор тагдырың себепкер болдубу же ошол бороондо, сен башыңа иш түшкөндө, башкадан эмес менден жардам сураганың мени жибиттиби, же койнума катып үйүмө жеткирген балаңдын жылуу деми көкүрөгүмө өтүп кеттиби? Билбейм. Сен экөөбүздүн ортобузда эч кандай мамиле болбосун толук түшүнчүмүн: сен татынакай жаш келинсиң, мени болсо өзүң билесиң. Бирок, көкүрөктөгү жарык үмүт бүлбүлдөп өчпөдү. Сага бир жакшылык кылып, сени чоң кыянаттан куткарып, керек болсо сен үчүн жанымды курман кылууну эңседим. Анан жанагы жаман окуя болду. Иниң Сапаркул мени күтпөгөн жерден орго түрттү, шүмшүк атка кондурду. Байкуш энемдин керээзи дайыма кулагымда болчу. «Күнөөлүү күнөөсүн тартат, ак жүрөк акталып чыгат.

Муну кудай өзү билет» дечү энем. Мен ага ишенчүмүн. Көрсө эч кандай асманда кудай жок, жерде адамдын өзү кудай экен. Акыйкат дегендин өзү кудай окшойт, ал да асмандан түшпөйт экен. Таң азандан силердин үйгө мылтык менен келгенимдин себеби да ушул болду. Бирок иш башкача болуп чыкты. Сапаркул камалса сенин көз жашың төгүлөрүн эстебептирмин. Аны кечир. Ачуулуу адам сокур деген ошол. Мен жалгыз боймун, кайда болсо күнүм өтө берет. Болор иш болду, сүйүнгөнүм – сага кылам деген жакшылыгымды алымдын жетишинче ишке ашырдым. Эми өлө берсем да арман жок.

Сен салып жиберген тамекини жана унга куурган этти алдым. Бузулбаптыр. Тамекини тартканда кечинде бүт айыл от жаккандагы кургаган шыраалжындын жыты келгенсийт. Бир ооз сөз жазбаганыңа гана өкүндүм. Бирок эмне үчүн жазбадың деп суроого эч бир укугум жок.

Саламым менен Абылкасым

Бул катты Асипа эч кимге көрсөтпөй, эмне кыларын, кандай жооп жазарын билбей жүрдү. Анын үстүнө Сапаркул тиги кызматынан да бошоп алыптыр. Кайда кеткени белгисиз. Чын эле качып кеткен окшойт. Айласы кеткен Асипа Абылкасымга кат жаза баштады.

«А м а н д ы к к а т!»

Абылкасым, саламатсыңбы? Кат жазып көрбөгөнүмө көп жыл болду. Сенден кат келгенден бери өзүмдү жек көргөндөн жек көрөм. Анткени, сенин алдыңда менин күнөөм өтө зор. Сапаркул экөөң мени чоң кайгыга батырдыңар. Эмне кыларымды билбей калдым. Сапаркулдун кайда жүргөнүн билбейм. Уяты, ар-намысы болсо, кайрылып келер, районго барып өкмөттөргө чындыкты айтып сенин сообуңа калат деп үмүттөнөм, бирок, ал караанын көрсөтпөй жүрөт. Баягы Майраш деген келинди баштан аяк кийинтип, тукаба пальто алып бериптир дейт, алган буудайын бүт ошого жумшаган окшойт. Анысы да биздикине көп келчү болду, «боюмда бар» дейт. Менин иним ушундай адам болот деп эч бир ойлогон эмесмин. Эмне кылайын, менин колуман чыгып кетти. Намысы болсо өзү бир айла табар. Райондо иштеген бир топ адамдын иши каралып, кызматтан алынышты. Кээ бир камакта жаткандардын иши кайра текшерилип, бошоп келип да жатышат. Сен өзүң да бир аракет кылып көрбөйсүңбү? Ар бир адам өзүн-өзү эл катарына кошот, өз абийир-намысың сактайт. Баягыда сен келип Сапаркулга жулунганда  сенде да адамдык, накта жигиттик касиет бар экенин сездим. Балким бул кыянаттуу окуя болбосо, сен менин көзүмө баягыдай эле байкуштай көрүнөт белең. Билбейм. Мени аяганыңа ыракмат, бирок, күнөөнүн бардыгын өз мойнуңа алганың таң каларлык. Мындайга көкүрөгү тоодой, жүрөгү наристе, көңүлү Ысык– Көлдөй тунук адам гана барат. Эсиңдеби? Окуу китебиндеги жомок. Өрдөктүн жумурткаларынын басып чыгарып, балапандары сууга түшүп сүзүп кеткенде, чыйпыйы чыккан тооктой болуп, эки ортодо мен куурадым. Эмне кылайын? Айтчы, Абыке!..» – Келин катты жазып бүтүрө албады: жүрөгүндөгүнүн бардыгын айкын жазса сыя, кагаз жете турган эмес…

Күркүрөгөн күз келип, ак төөнүн карды жарылды. Аштык чабылып бүтүп, колхозчулар эмгек күнүн алган соң, Моңколой кенже уулун үйлөндүрүп той берди. Асипа эртеден кечке тойго союлган малдын ичек-кардын артып, камыр жууруп, чызылдатып боорсок бышырып жеңесине жардам берди. Кечке жуук, эл келе баштаганда акырын жылып үйүнө кетип калды.

Уулуу экөө ысык боорсок менен чай ичип отурса, эшик чыйк ачылып үйгө иниси Сапаркул кирип келди. Үстүндө көк сукнодон погондору жок офицер китель, бутунда кычыраган хром өтүк. Өзү бир аз кызуу.

– Тойго барган жоксуңбу, эже? – деп кайдыгер сурады да, кичинекей жээнин көкөлөтө көтөрүп, бетинен чоп эттире өптү.

– Айылдын бардыгы чогулат, – деди Асипа. – Кайсы бетим менен барам?

Сапаркул эч бир сөз айта албай, өзүнүн бөлмөсүнө кирип кетти, өтүгүн чечип бурчка ыргытты да, чечинбей тактага сулк жыгылды. Бирок, ал уктай албай далайга дейре ооналактады. Бир кезде туруп эжесинин бөлмөсүн ачты. Асипа да уктабай, уулунун шымын жамап отуруптур, көздөрү шишиген, ыйлаптыр. Сапаркул жанына барып, бир топко дейре унчукпай турду. Асипа ыйын баспады.

– Ал баары бир камалат болчу… Үйүнөн буудай чыкпадыбы, – деди Сапаркул өзүн актагансып.

Асипа жашын сүрттү.

– Анчалык кесилет деп ойлогон эмесмин, тааныш прокурордон сурасам, эки жылдан ашпайт деген.

Асипа унчукпады.

– Ал буудайдын ордун эптеп коет болчумун, текшерүүчүлөр чукул келип калышпадыбы… Бир аксак үчүн өзүм барып колго түшүп берейинби? Бул ишке кийлигишсем эле, өзүм колго түшөм. Колдоочулардын көбү кызматынан алынды, кимге барам?

Асипа ийне менен колун сайып алды. Сөөмөйүнөн кан чыгып кетти.

– Мен силер деп мойнума алган жокмун, Нурлан экөөңөр жалгыз калбасын дедим. Атабыз жок, жездем болсо тигинтип жок болду… же болбосо бардык күнөөмдү мойнума алат болчумун.

– Эл журттун арасындабыз. Ачкадан өлбөйт элек го, – Асипа жерге башын салып жумушун улантты.

– Эми эмне! Ата-журту жок, кайсы бир сандалган салпаяк үчүн колго түшүп берейинби? – деп бакырды Сапаркул.

– Ал шордуунун убалы кимге? – Асипа инисин тикирее карады.

– Убалы! Силерге, эмне бир туугандын кереги жокпу?

– Кыйнабачы мени, Сапаш! Эки ортодо мен куурадым. Сен кутулуп кеткениңе сүйүнүп жүрсөң, тиги шордуу баатырдык кылдым деп өзүнө-өзү сыймыктанат. Эл эч нерсени билбейт, болгон иш алар билгендей экен деп жүрүшөт. Жалгыз мен билем бардыгын. Менин жүрөгүм таш эместир, менин жүрөгүм эненин жүрөгү, менин жүрөгүм бир туугандын жүрөгү, менин жүрөгүм аялдын жүрөгү. Элдин бетин карай албай калдым… Эшикке чыксам, бардыгы мени карап шыбырашкансыйт, биздин үйдү сөөмөйү менен көрсөткөнсүйт.

– Эмесе баргын, барып элге жай! Сотко бер, камасын мени! Силерге тентиген төкөр, бир туугандан артык экен да!

– Колдон келсе ошол жакка өзүм барат болчумун. Сени мен мындай таш боор болот экен деп ойлогон эмесмин. Сени мен мойнума көтөрүп баккам, сени мен… – Асипа жашын жутуп, сүйлөй албай калды.

Сапаркул бышылдап-күшүлдөп кончтору жалтырак өтүгүн кийди да шарт эшикке чыгып кетти.

***

Асипа инисин таң атканча күтүп жатты. Ал кайта келип чындыкты айтып, тиги күнөөсү жок шордууну куткарам, капа болбо, эже деп сурарын күттү. Өмүрүндө иниси Асипага орой мамиле кылмак тургай, сөз айткан жан эмес. Бирок, Сапаркул келген жок. Үйдөн чыгар замат башы менен күрткүгө кирип жоголуп кеткенсип, кийинки күндөрү да караандаган жок. Айласы кеткен Асипа бир күнү түн ичинде башына жоолугун салынып Майраш деген келиндикине барды. Үйү капкараңгы экен. Асипа акырын келип терезени чертти.

– Сен кимсиң ой?

Майраштын картаң кайнатасы Садыбакастын киркиреген үнү угулду.

– Майраш үйдөбү, ата?

Чал эптеп-септеп ордунан туруп, ичигин желбегей жамынып, караңгы үйдү калдыратып бир нерселерге урунуп, сыйпалап жүрүп акыры берки бөлмөнүн эшигин таап ачып, акырын, чочутуп албайын дегенсип келинин чакырды.

– Эмне болуп кетти? – Майраш туйтуң этти.

– Бери чыкчы, балам. Бирөө сени чакырып жатат, – чал кечирим сурагандай жалдырады.

– Сапаркул келдиби?

Майраш ордунан тура калды.

– Жок, балам. Сапаркулдун эжеси окшойт, – деди Садыбакас.

– Ага эмне керек экен? – деп чакылдады Майраш.

– Билбейм, садагасы. Сыртта көйнөкчөн турат.

– Көзүмө көрүнбөй жоголсун, – Майраш жуурканына башын катты.

– Кой, антпе, балам. Эмнеге келгенин кайдан билейин. Сабыр кыл. Өзүң чыгып сурачы, – деди абышка.

Майраш терезеге басып келди.

– И, эмне болуп кетти?

Асипа бир аз оңтойсуздана түштү, бирок, өзүн-өзү колго алды.

– Кечирип кой. Садагасы, сен Сапаркулдун кайда экенин билбейсиңби? – Асипа кайнатасына угузбай сурады.

– Аныңдын кайда жүргөнүн мен кайдан билем? Кезиксе бетин аткып жулуп алат болчумун! – деп чакчаңдады Майраш.

– Акырын, кокуй, тиги киши укпасын, уят! – деди Асипа.

– Укса уга берсин! Сенин иниң мени кара бет кылып баса берди. Мен кургур ал шүмшүккө ишенип, курсагымды чедирейтип айыл арасында жүрбөдүмбү! Кудайдын каргышы тийсин силерге! Кырылып өлгүлө окшошкон өлүгүңдү көрөйүндөр! Наристенин кусуру урсун силерди! – Буулугуп кайгы-таарынычы ичине батпай турган келин буркурап ыйлап жиберди.

Аркы бөлмөдөн абышканын калдайган карааны көрүндү.

– Кой, балам, сабыр кыл. Суук тиет. Ордуңа барып жатчы. Эжесинде эмне айып? Бул да бир шордуу эмеспи. Бар. Барагой. Мен өзүм сүйлөшөйүн, – деди сабырдуу кайнатасы.

– Кереги жок! Эч кимдин кереги жок мага! Баарыңар алдамчы, зулумсуңар! Бардыгыңар! Сен да ошолор менен бирсиң! Эмне үчүн мени күйөөм өлгөндө кетирбей койдуң! Эмне үчүн мени кармайсың кетирбей! Уулуң тирүү кезде бала төрөп берүүгө үлгүрбөсөм кантейин! Аның мени менен бир ай жашабай өлүп кетерин билип коюптурмунбу! Гитлердин огунан өлө турган болгон соң быякка келбей эле койбойбу! Колу-бутунан ажыраган мунжуну эмне үчүн сен экөөбүздүн көзүбүзгө көрсөттү! Сапаркулуңар мени минтип алдап талаага таштап кетти. Бүт айлыңар, укум-тукумуңар менен шүмшүксүңөр! Жибер мени! Төркүнүмө кетем! Балким кудайымдын мага айтканы бардыр. Өлгөн уулуңдун арбагы урсун силерди! Көгөрбөй, көктөбөй калгыла! – Майраш долуланып, алкынып-жулкунуп, жерге отуруп ыйлай баштады.

Кайнатасы келинди кичинекей баладай колунан жетелеп, аркы бөлмөгө алып кирип кетти.

Садыбакас карыянын жалгыз уулу үйлөнгөндүн эртеси эле согуш башталып, майданга беш-алты күндөн кийин кеткен. Бир аздан соң колу-бутунан ажырап, өз айлына келип курман болду. Жалгызынан ажыраган карыя мөлтүрөгөн жапжаш келини менен калды.

– Кагылып кетейин. Сен кетсең, мен куса болуп жүрүп өлөм. Мына бу үй-жай сеники. Короодогу кунажын музоосу менен, эки эчки, бир кой – бардыгы сеники. Эмне кылам десең өзүң бил. Турмушка чыксаң, өз колум менен өз кызымдай узатам. Балдарың мени таята десе, мага андан башка бактынын кереги жок, кара чечекейим, – деп буркурады абышка.

– Жок, ата, сиз мени көрүп, мен сизди көрүп, Жүкөнүбүздү эстей берип жашыбыз соолот. Мен төркүнүмө кетейин. Экөөбүз эки жерде жашап алаксыбасак болбойт, – деди жаш келин.

– Кара чечекейим! Кетем дегениңди угузба. Жок дегенде бир жыл чыда. Менин көрөр күнүм, ичер суум деле түгөндү окшойт. Ыраматылык байбичем күнүгө түшүмө кирип мени өзүнө чакырып жүрөт. Мени о дүйнөгө өзүң узат, бир ууч топурагыңды аяба. Анан кет, балам, – деп жалынган Садыбакас карыя.

Ачыла элек гүлдөй кезинен жесир калган Майраш жалынып-жалбарып, аталык мээримин төгүп турган кайнатасын жалгыз таштап кете албады.

Асипа терезенин түбүндө бир аз турду, эч ким чыкпаган соң үйүн көздөй басты. Садыбакас карыя артынан жете келди.

– Айланып кетейин кызым. Сен тиги, менин келиниме таарынбачы, кагылайын! Кечирип койчу, байкушту! Бир ачууңду мага бер! Ошол келинимен башка карманар-тутанарым жок. Мени өз атасындай багат. Жанагы сенин иниң уят кылып, сызга отургузуп кетпедиби, байкушту. Сапаркул экөө кошулуп үй-бүлө болот экен деп келген-кеткенин көр¬мөксөн болуп койчумун. Үйлүү-жайлуу, бала-чакалуу болуп айылда калышса, балдары мага таята деп келип турса, мен шордуунун төбөсү көккө жетпейт беле. – Садыбакас көзүнөн мончоктогон жашын сүрттү. Анын көгөргөн көздөрү дайыма жашылданып турат. Ал жашын тыйбай дайыма ичинен боздоп жүрөбү же өмүрүндө ыйлап көрбөгөн жанбы, аны ким билсин.

– Кечириңиз, ата! Мен сизди капа кылам деп ойлогон эмесмин, – Асипа жүрөгү чыдабай үйүнө чуркап кирип кетти.

Бул жолугушуудан кийин Асипанын санаасы санга бөлүнүп, уйкудан калды. Бир кезде өзү жаткан бешикке бөлөп, аркасына көтөрүп баккан, бир энеден туулуп, бир эмчек ээмп, бир үйдө өскөн уялаш иниси ушундай таш боор, ушундай тайыз, зөөкүр адам болот деп ойлобоптур. Жок, ал эмес, жаштыгы менен кылмышын тереңдеп түшүнбөй, анын кесепетинен чоң кыянатка учураган адамдардын тагдырын этибар албай койгондур. Ал коркконунан качып жүрөт? Бир күнү эсине келип, кайраттанып, Абылкасымды түрмөдөн, Майраш менен кайнатасын уяттан куткарат деп үмүттөндү Асипа.

Күндөр өтө берди, бирок, Сапаркул келбеди. Убакыт өткөн сайын Асипага бир тууганы жок көрүнүп, көңүлүн суутуп, ыраактай берди, ал анткен сайын кудайдын үнү жетпеген мээримсиз, катаал жерде, кылмышкердин арасында жүдөп-чүнчүп жүргөн чүкөдөй адам жүрөгүн жылытып, көңүлүнө жакындады. Өмүрүндө эч бир жамандык кылбаган таза адам, өзүнүн ар-намысын коргой албаса ушинтип кор боло береби? Акактай ак болсо дале күнөөкөрдүн күнүн көрүп күйөбү? Балким Абылкасым өзүнүн кандай айбаттуу, күчтүү адам экенин өзү билбей жүргөндүр? Акыры ал шордуу чындыкты билиш керек го! Майраштын тагдыры эсине түшкөндө Асипа бир тууганына ого бетер капа болот. Жапжаш жесирди, кайгы-кападан чөк түшүп калган чалды кантип алдады? Кантип дити барды! Көрсө Сапаркул алсыздарга, ага каршы туралбаган жетим -жесирге кыр көрсөтүп, жалдыратканга маашыр экен да! Бул жеткен жүзү каралык эмеспи!? Андай болсо эмне үчүн кара мүртөз жамандык жакшылыктын, адамкерчиликтин, ак жүрөктүүлүктүн, жада калса тунук сүйүүнүн, мээримдүүлүктүн жолун тороп, уйпалап жок кылыш керек? Мындай зулумдукка барган адам бир тууганың эмес, кудайың болсо да аны кечирүүгө болобу? Өсүп-өнүп келе жаткан жакшылыкка эч ким кол берип жөлөп-таябай, анын кендири кесилсе күнөөсүн ким тартат? Ким жооптуу болот? Муну күнү-түнү ойлоп жүргөн Асипа чакмак дептердин бир барагын чыгарып алды да анын бетине «Жолдош прокурор, менин бир тууганым Сапаркул адамкерчиликтин жолунан тайып, жаман жорукка барды», – деп бадырайта жазды.

***

Таңга жуук үйдүн жанына жалгыз ат кошкон чана менен эки адам келди.

– Мен бат эле чыгам, – деп бирөө чанадан секирди. Сапаркул экен.

Ал өзүнүн бөлмөсүн ачып, кийим-кечесин чемоданга салды. Нурландын бетинен өөп кетейин деп, берки бөлмөгө кирди. Эжеси уктап калыптыр. Сапаркул столдо жаткан арызды окуп чыгып, шарт-шарт айрып жерге таштады, бир аз шалдайып турду да айрылган арыздын бөлүктөрүн кайра чогултуп, чөнтөгүнө бурдап тыкты, – эжеси арызын кайра жазарын түшүндү көрүнөт. Сапаркул сыртка чыкты.

– Кеттик! – деди чанадагы адамга.

– Шааргабы? – деп сурады жолдошу.

– Жок Майраштыкына.

Жолдошу чу деп, чананы Майраштыкын көздөй айдады.

Аял сымалы жок, кичинекей кызга окшогон Майраш Сапаркул кирип келгенде, ордунан ыргып барып мойнуна асылды.

– Сапаш, сен келдиңби? Чын эле келдиңби? Кайда жүрдүң? Мен бейбак сени келбей калды деп… Мун куруюн… Ар кандай ойлор келип… Кечирип кой мени… Мен сени… Сапаш! Сапашым, – куса болгон Майраш ал-жаны калбай жалынып жиберди.

Сапаркул унчукпай кичинекей келинди жерден таптак көтөрүп, ууртунан өптү да жерге койду.

– Муздап кетипсиң! Азыр чай коеюн, – деди келин.

– Ичпейм! – Сапаркул тумагын чечип, табуреткага отурду.

Майраш анын муздак колдорун кармап, төшөктү көздөй тартты.

– Азыр таң атат, – деди Сапаркул ордунан жылбай.

– Атмактан атсын, – деди Майраш.

– Азыр күн чыгат, – Сапаркул ордунан жылбай отура берди.

– Качантан бери күндөн коркуп калгансың?

– Сыртта киши күтүп турат.

– Күтмөктөн күтсүн. – Майраш кичинекей колдору менен анын чапа¬нынын топчуларын чече баштады.

Сапаркул койнунан эжеси жазган арыздын айрыктарын алып чыкты.

– Бул эмне? – деди келин.

– Менин үстүмөн прокурорго жазылыптыр. Ушундай болорун билгем, – Сапаркул үшкүрүп, башын тескери бурду.

– Келе! – Майраш кагаздарды жаздыктын астына катып койду.

Сапаркулдун көзүнө тамдын боорунда илинип турган Майраштын күйөөсүнүн портрети урунду.

– Кайнатаң кайда?

– Жадатып жиберди, чунак киши. Таптакыр далдырап алжып калды. Күнүгө ыйлайт. Кетпе дейт. Балам да, кызым да, неберем да сенсиң дейт. Кече ооруканага кеткен. Жаткызып коюшкан окшойт. Теректей солдойбой келчи жаныма, – Майраш жигиттин жакасынан кармап өзүнө тартты эле, ал ордунан туруп, терезеге барды. Жолдошу чанадан түшүп, үшүгөнүнө чыдабай кардын үстүндө бийлеп, колдорун чапкылап туруптур.

Майраш таарынып, төшөгүнүн үстүнө тултуюп отуруп алды.

– Алдагы арызды окусаң. Эжем жазыптыр, – деди Сапаркул.

– Окубайм! – Келин жаздыгынын астындагы кагаздарды алып ыргытып жиберди.

– Суук тиет, – деди Сапаркул.

– Тие берсин! Көп болсо өпкөмөн сезгенип өлөрмүн!

– Кеп жалгыз сенде эмес! – Сапаркулдун жини келе түштү.

– Менде эч карызың жок, – деди Майраш

Сапаркул келинди башынан-аяк карап, кайра курсагы жапжаш кыздыкындай ичине тартылып, бой келбети мурдагыдай болуп калганын эми гана байкады.

– Ай, келесоо, эмне кылдың? – Сапаркул келиндин ийиндерин куушура кармады.

– Эчтеке! Сени мен жоголуп кет дедимби? – Майраш мисирейип, ийнин кармаган колдордон бошонду.

Сапаркул ордунан туруп чачылып жаткан кагаздарды чогултуп, чөнтөгүнө салды да тумагын баса кийип, сыртты көздөй басты. Майраш секирип барып жигитти этектен алды.

– Токто! Кетирбейм! Бүт айылга жүзү кара кылып, аларыңды алгандан кийин керегим жок экен да сага!

Сапаркул этегине жабышкан келинди түртүп жиберип, үйдөн чыгып кетти.

– Эсебиңди кудай тапсын, шүмшүк! – деп кыйкырды Майраш.

– Атаңдын башы! – деди Сапаркул

Ал чанага секирип түштү.

– Шааргабы? – деп сурады чанадагы жолдошу.

– Жок. Районго.

– Аякта эмне бар? – жолдошу олурая карады.

– Прокурор, – деди Сапаркул.

Балким, ал өз күнөөсүнөн кутула албасына көзү жеттиби, же бул эки сезим биригип кошулуп, анын терең жеринде үргүлөп жаткан накта адамдык сапатын ойготтубу – иши кылып качууга камынган Сапаркул кетпей калды.

Р а й он д у к   п р о к у р о р г о

Мен – Сапаркул Чотоев, 1950-жылдын декабрында Шамурзаев Алымбай менен бирдикте кампадан эки тоннага жакын буудай алып сатып жиберип, кароолчу Абылкасымга жалаа жаптым. Ал адегенде танып жатты, чындыктын бети ачыла жаздаганда мен өзүм барып, эл алдында бардыгын айтып берейин дегем, бирок, Абылкасым негедир күнөөнүн бардыгын өз мойнуна алып кесилип кете берди.

Мен изимди суутуш үчүн башка кызматка которулуп, өз элден башка айылга качтым. Бирок, өзүмдөн өзүм эч жакка кача албадым. Үч жылдан бери саруулап ичкеним ирим, жегеним желим болду. Бул иш ар дайым жүрөгүмдү дүпүйтүп турат, түн ичинде да түшүмдөн кетпейт. Бир аз ичип албасам түнү бою уктабай чыгам. Күнүгө иче берип, ден соолугумду бузуп алдым. Мындан ары бу бойдон жүрө албайм. Ошондуктан мени камакка алып, күнөөсүз Абылкасымды бошотууңуздарды сурайм. Менин кылмышыма Абылкасым менен Шамурзаев Алымбайдан башка Майраш Токоева да күбө боло алат. Анткени, буудайдын акчасына ага тукаба пальто, жибек көйнөк, бөртмө жоолук, жана чий така хром өтүк сатып бергем.

Сапаркул Чотоев

***

Сапаркулдун арызы боюнча иши кайра каралып, бошотууга уруксат берилген Указ колуна тиери менен Абылкасым үйдү көздөй жөнөдү. Фрунзеге жетип, андан биякка келгенче түн кирип кетти. Эски коргондун тушуна келип бир аз токтоду. Баягы жаракалуу күмбөз дагы эле турат, тегерегине жыгачтан кашаа кармап, каалгасына кулпу салып коюптур. Таң калган Абылкасым ширеңке чагып, тактайдагы жазууну окуду: «Бул эски күмбөз тарыхый эстеликтердин бири. Неченчи жылы, ким жана кимге салынганы окумуштуулар тарабынан изилденип жатат. Ичине кирүүгө уруксат жок. Мамлекет тарабынан кайтарылат». Абылкасым бир топко дейре делдейип турду. Үйүнө келсе, ал жерде эч качан адам жашабагандай, жүгөрү сеңселет. Бирок. баягы картаң кара бак дагы эле бар экен. Ал жоголуп кеткен уулун күткөн энедей мээримдүү кучагын жайгансыйт. Абылкасым аксаңдап барып картаң бакты кучактап, анын быдыр ала бырыш баскан көкүрөгүнө башын койду:

– Апа, күттүңбү мени? Эми бардыгын жаңыдан баштайм. Жакшы үй салам, ушул жерге, – деди Абылкасым.

Абылкасым Асипанын үйүнө кандайча жеткенин өзү да байкабай калды. Короосу баягы эле бойдон, бирок, дарбазасы шалайып бир жагына ооп калыптыр, бул үйдө кол арага жараган эркек болсо, оңдоп коймок. Үйдүн терезелери караңгы. Көзүңдү жумсаң кара терезелер жарык боло калгансыйт. Абылкасым жанатан бери… жок, эртеден бери… жок, көп жылдан бери, өмүр бою умтулган дарбазага жеткенде негедир апкаарып кире албай, колдору калтырап, муундары бошоп тамагына бир нерсе туруп калгансып, көздөрүн жашылдантты.

Анан ал шалайган дарбазаны оңдоп коюп, ары басып кетти. Көчөнүн аркы өйүзүндө заңгыраган чоң чатырлуу үй турат. Терезелери кулач жетпегендей чоң, «Баса, бул жерде илгери биз окуган жепирейген мектеп бар эмес беле. Аны уратып жаңысын салган экен да. Азаматтар!».

Абылкасым кайра Асипанын үйүнө келди, кийимин оңдонуп, чаңын күбүп, шапкесин тууралап кийди да, шарт-шарт басып эшик алдына келди, бир аз туруп акырын такылдатты. Үн жок. Катуураак такылдатты. Үн жок. Муштагылады.

– Бул ким?

– Мен.

Эшик ачылды. Электр жарк этти. Бала менен аял босогодо кечирим сурагандай жылмайып турган адамды көрүштү.

– Мен келип калдым… – деди Абылкасым.

***

Түнкү мектепте жалгыз ойлонуп отурган Абылкасым башын көтөрдү.

Мештеги от өчө баштаптыр. Ал кызарган чоктун үстүнө таш көмүр салып, мектепти бекитип короого чыкты. Кар балпактап жаап жаткан экен. Жолдун аркы четинде кичинекей терезеден жарык түшүп турат. Ал ошол жарыкты көздөй басты. Ал дүңкүлдөтүп өтүгүнө жуккан карды тазалап, заматта жылуу үйдөн кайып болду.

– Эмне мынча кечиктиң? – деди аялдын үнү.

– Күн суук. Эртең балдар келсе, үшүп калабы деп көбүрөөк жактым. Кенжебек кана? – деди Абылкасым кичинекей кроватты карап.

– Аталап ыйлайт, араң уктаттым. Нурландын койнуна жатып алды, – деди аял.

– Шайтан, чоңойгон сайын тентек болуп бара жатат, – ал аркы бөл¬мөгө башбакты.

Кичинекей Кенжебек жаңыдан мурут чыгып келе жаткан Нурлан байкесинин көкүрөгүнө башын коюп уктап жатыптыр. Атасы акырын эшикти жаап койду.

…Коктуну жойлопгон кызыл түлкү айылга кирди. Кар балпалактап жаай берди. Эч бир караан,эч бир дабыш жок. Айылдын четинде гана кичинекей терезе жаркырайт. Түлкү үч аяктап ал терезени далайга дейре карап турду. Кайсы бир учурда ошол жарык терезелүү ак үй, асманды көздөй кыймылсыз мемиреп тоңуп калган карларды жиреп, асманга, жылдыздарды көздөй көкөлөп сызып бараткан сыяктуу…

1966-ж.

 

Текст толугу менен Word форматында көчүрүлсүн

 

© Байжиев М., 2005

 


Количество просмотров: 1838