Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Поэзия / Улуттук жазуучулар Союзу сунуштайт
© Урбаевдин А., 2011. Бардык укуктар корголгон
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2012-жылдын 24-июлу

Абдирашит УРБАЕВ

Оттук

А.Урбаевдин «Оттук» ырлар жыйнагына киргизилген ырлардан.

 

Биздин өмүр командировка сыяктуу

Биздин өмүр командировка сыяктуу,
Бир мезгилде сөзсүз бүтөт мөөнөтү.
Кээ бирөөнүн текке кетип мээнети,
Ишин бүтпөй кайра кетет уяттуу.

Биздин жашоо командировка өңдөнөт,
Бирөөбүз аз, бирөөбүз көп жүрөбүз.
Бирөөбүз аз, бирөөбүз көп күлөбүз.
Бирок, бир күн сөзсүз өчөт эки көз.

Мен өмүрдү командировкага окшотом,
Көп жүрөт да бирөө иштейт азыраак,
Аз жүрөт да бирөө эрте тайгылат,
Мен өмүрдү командировкага окшотом…

 

Майрам. Парад. Таланттар

Баратат капитандар, лейтенанттар,
Баратат сан миң адам эчен катар.
Салтанат куруп жатса бүткүл калаа,
Калдыңар силер кайда, эй таланттар?!

Неге сен чоң комузчу көрүнбөйсүн,
Неге сен, төкмө акын дос төгүлбөйсүң?
Шаңданып шайыр жаштар адатыңча,
Шаттыктын толкунуна төгүлбөйсүң.

Силерсиз майрам мага майрам болбой,
Майрамдык маанайыма көңүл толбой.
Таңшыган таланттуулар, силерди эстеп,
Баратам ойго чөгүп көчө бойлой.

Силерсиз дүйнө жымжырт, ээсиз калат,
Жамандык жакшылыкты эпсиз талайт.
Ошондо бабалардын сөзүн эстейм,
Ааламды сактай алат жалгыз талант.

 

Ата-Журт

Ата-Журт, сен жөнүндө ойго батсам,
Көздөрүм ирмелбестен ойгоо жатам.
Мен сага бала болбой ата өндөнөм,
Сен мага баламдайсың ойноп жаткан.

Укпастан өмүрүндө тоңдоосун кеп,
Убайсыз балдар менен ойносун деп.
Бержактан карап турам ичим түтпөй,
Бирөөлөр сени ыйлатып койбосун деп.

Булактын сууларына сңирттирип,
Боюңа кир жугузбай кириндирип.
Тоюнтуп өзүм ачка калсам дагы,
Жүргүм бар сага ыйгарып биринчилик.

Ишенбейм бирөө сени жамандаса,
Мен үчүн качан болсо балам таза.
Yстүңө үйрүлгүң бар, Ата-Журтум,
Душмандын кылычы эгер жалаңдаса.

 

Боз торгоюм

Таншыган таң заарында боз торгоюм,
Таарынып тагдырыңа боздобогун.
Качанкы кайгыларым эске салып,
Карттанган жараатымды козгобогун.

Бейчеки безеленип ырдабагын,
Бешимде безгек кылып кыйнабагын.
Бир кезде биз жоготкон сүйүүнү эңсеп,
Бекерге жашың төгүп кыйналбагын.

Качкан куш кайра колго конмок беле,
Консо да баштагыдай болмок беле.
Махабат бир жоготсон табылбас нур,
Бөксөргөн аруу сезим толмок беле.

Боздобо, боз торгоюм, боздобогун,
Боорумду эзип кетти боздогонуң.
Качанкы кайгыларым эске салып,
Карттанган жараатымды козгобогун.

 

Уйпаланган гүлдесте

Көөдөнүндө сүйүү сезим өрт болуп,
Көчөлөргө толгон айдай көрк болуп,
Жигит келет гүл көтөрүп кызына,
Бир көрсөм деп эки көзү төрт болуп.

Көздөрүнөн айырбастан көздөрүн,
Айтат кызга сыйкыры бар сөздөрүн.
Эриксизден эрип кетмек жүрөгү,
Сүйгөн селки мындай турсун — өзгөнүн.

Мажнун кетет кайра-кайра кылчактап,
Кыялында кыз келбетин кучактап.
Сулуу болсо күтүп алып башканы,
Күндү өткөрөт, түндү өткөрөт кыйшактап.

Мажнун келет гүл көтөрүп кайрадан,
Сезимдери сеп албастан кайнаган.
Шек билгизбей тосот сулуу моймолжуп,
Тилин сунуп алда-кимдер чайнаган.

 

Ыйладың экен неге сен?

Түшүмө кирдиң бүгүн жүрөктөшүм,
Турупсуң көл боюнда күлүмсүрөп.
Албырып аппак жүзүн, күйөт көзүң,
Айтчудай жакшы кабар сүйүнчүлөп.

Жалбырттап сезимдерим жүрөк туйлап,
Жаныңа жетсем деймин учуп-күйүп.
Кусалык дилге толгон — бурайт кыйнап,
Кучакка кыссам деймин беттен сүйүп.

Бирок, сен ого бетер кыйнадың да,
Баш чайкап, терс бурулуп жапа чектиң.
Бетиңди басып алып ыйладың да,
Байкалбай көздөн кайым болуп кеттиң.

Ыйладың экен неге түшүмдө сен,
Кай жерден ката кетти, жаза бастым?
Дал болуп кала бердим түшүнбөстөн,
Неге сен ыйлап туруп муңга баттың?

 

Тиштерим жана иштерим

Барган сайын көбөйүүдө иштерим,
Ал ансайын азаюуда тиштерим.
Кээ бир күнү итим чөп жеп калат да,
Кээ бир күнү сиңбей коет ичкеним.

Барган сайын тез тунарып көздөрүм,
Көбөйүүдө насаат айткан сөздөрүм.
Өзүмдү өзүм мактап ийгим келет да да,
Бат байкаймын кемчилигин өзгөнүн.

Бул эмнеси, карылыктын алдыбы?
Байкатпастан тагдыр буттан чалдыбы?
Жарым жолго жетип-жетпей жаштыгым,
Жайдакталган аттан түшүп калдыбы?

Мейли, бирден түшө берсин тиштерим,
Мейли, сиңбей зарна кылсын ичкеним.
Сен, карылык, жакындабай кое тур,
Оо али көп бүтүрө элек иштерим.

 

Карама-каршылыктар

Тирүүлөр өлгөндөрдүн көзүн жабат,
Өлгөндөр тирүүлөрдүн көзүн ачат.
Тойгон ит тойдон кийин ээсин кабат,
Кылмышкер куткаргандын өзүн асат.

Кээ бирде чындыктан да жалган күчтүү,
Чиритет бир кумалык карын майды.
Кээ бирде балбан эмес, чалган күчтүү,
Токумдай булут тосот толгон айды.

Билектей ылайлуу суу булгайт көлдү,
Азчылык көпчүлүктү кээде жеңет.
Бир акмак бузат кээде түптүү элди,
Акылман келесоодон азап чегет.

Күн менен түн ээрчишип жүрөт дайым,
Беттешет достук сөзсүз кастык менен.
Жылуулук муздакты сүрөт дайым,
Бийиктик элдеше албайт пастык менен.

Турмуш – бул түгөнбөгөн эңиш-күрөш,
Эрөөлсүз күндөрүңө көңүл толбойт.
Кармашта керек кайнап жаныңды үрөш,
Карама-каршылыксыз жашоо болбойт.

 

Оттук

Жалындатып өмүр шамын күйгүзгөн,
Жайбаракат жашоону тез жүргүзгөн,
Эң бир таш боор турмушту да сүйгүзгөн,
Поэзия – сенин менен оттугум.

Улам кайрап сезимимди курчуткан,
Алга сүйрөп азоолордой жулкунткан.
Чоң үмүттү жалындаткан жылчыктан,
Поэзия – сенин менин оттугум.

Мухиттин да толкунуна чөкпөгөн,
Тоодой таштар урунса да көчпөгөн.
Кыйратуучу бороондо да өчпөгөн,
Поэзия — сенсиң менин оттугум.

Бул жашоодо түгөнбөгөн кумарым,
Ыйман жаным, сыйынаарым, тумарым.
Ата журтка жапажалгыз сунаарым,
Поэзия — сенсиң менин оттугум.

 

Жайында кызгалдактар куурап калат

Кечээ мен тоого чыктым жалгызсырап,
Керсары күңгөй бетин араладым,
Ойлогом: кетээр кусам алысыраак,
Жүрөктү бирок кайра жараладым.

Куураптыр биз терүүчү кызгалдактар,
Кургаптыр сен суу алуучу Жалгыз-Булак.
Кыйылган биз баруучу топ дарактар,
Баягы чон карагай жалгыз турат.

Кайриет кереге таш ордунда экен,
Жазуулар сакталыптыр – автору сен.
Сулуулап чеккен элен ташка бир сөз:
«Ишенгин, менин сүйүүм таштан бекем!»

Жыл өтпөй: «Тагдыр экен, кечир», — дедиң,
Сөздөрүң болду мага аткан октой.
Жок, жаным, анда сени кечирбедим,
Өрттөндүм экөөбүз бир жаккан оттой.

Жок эми тоого чыкпайм куса болсом,
Өткөндөр көнүлүмдү уулап салат.
Жок эми элесинди таппайм тоодон,
Жайында кызгалдактар куурап калат.

 

Ыйлагым келет бир өксөп

(Рыспай Абдыкадыровго)

Ыйлагым келет кээде өксөп-өксөп,
Ышкымды түшүнүксүз ойлор өрттөп.
Ыйлаймын көз жашымды талаа кылып,
Ырлардын сыйкырлуусун көксөп-көксөп.

Ыйлаймын жолукканда досторума,
Ыйлаймын кең мейкинге окторула.
Жылт этип күйүп кетким келет дароо,
Жыгылып ыр-дүйнөнүн отторуна.

Ыйлаймын, ыр жаза албай калганымда,
Ышкымды төгүп-чачып алганымда.
Ыйлаймын көз жашымды көл-шал кылып,
Ырахат кала берип арманымда.

Ыйлайм да ымыркайдай тазаланам,
Ындыным өчүргөн көп санаалардан.
Ысырык салып коюп жан-дүйнөмө,
Ыр деген чоң ааламга таза барам.

Ыйлагым келет кээде өксөп-өксөп,
Ышкымды түшүнүксүз ойлор өрттөп.
Ыйлайм да санаалардан тазаланам,
Ырлардын сыйкырларын көксөп-көксөп.

 

Жалгыздык

Сырымды кимге айтамын, кимдер угат,
Жүрөктү ким жылытат турган муздап?
Жалгыздык ээлеп алып жан дүйнөмдү,
Түшүмдү түшүнүксүз түштөр бузат.

Көбөйүп көңүлдөгү кайгыларым,
Көйкөлүп көрүнгөңгө кайрыламын.
Кайрадан кайдыгерлик карайт салкын,
Качан мен жалгыздыктан арыламын.

Кээ күнү үмүт үндөп умтуламын,
Мүмкүндөй кусалыктан кутуларым.
А бирок колун сунбай бир тирүү жан,
Кайрадан жалгыздыкка тутуламын.

Сырымды кимге айтамын, кимдер угат,
Жүрөктү ким жылытат турган муздап?
Жалгыздык ээлеп алып сезимимди,
Түшүмдү түшүнүксүз түштөр бузат.

 

© Урбаевдин А., 2011

 


Количество просмотров: 2057