Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз
© Исабаева Ж., 2008. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2011-жылдын 9-июну

Жыпар ИСАБАЕВА

Алгачкы махабатым

(аңгеме)

Бул аңгемеде автор табият менен адам баласынын ортосундагы ынтымак-ымаланы даңазалайт.

Жыпар Исабаева. Жыландын сүйүүсү: Повесть жана аңгемелер. – Б.: 2008 китебинен алынды

 

Мен анда он беш, он алтыдагы боз бала элем.

Күндөрдүн биринде менден алты-жети жаш улуу Кабылбек аттуу агалаш агам айылды дүрбөлөңгө салып, коңшу кыштактан кыз ала качып келди. Жаңы жеңем тээ далайга чейин ыйлап, отурбай ызы-чуу салып, а бирок бечараны ар кимиси ары булкуп, бери булкуп, кээ бири:

– Ботом, бу кандай бетпак кыз, тастаңдаган?! – десе, дагы бири:

– Уяты жок! Тартипсиз! – деп тилдеп, айрымдары:

– Кой, антпе кагылайын! “Кыз жыргар жерине ыйлап келет!” Биз деле ушинтип келип эле, мынакей, өсүп-өнүп отурабыз! Ошенте гой, берекем! – деп ымала санаган болуп, атүгүл агамдын аракка алагүү болуп тоюп алган достору да келиндин каруусунан мыжыга кармап:

– Эми эмне эле болуп атасың?! – деп кекетип-мокотуп жатып акыры отургузушту.

Буга чейин мындай нерсеге анчалык деле маани бербей, кыз ала качууну жөн салды эле, мыйзам ченемдүү көрүнүш катары билчүмүн. Бул жолу болсо, элдеги салтка айланып калган ушул адатка ичимден каршы болуп, жаңы жеңемди аяп турдум...

Анткен менен жеңемдин тынчып, унчукпай отуруп калганы мени да кубантты. Жеңелүү болуш жаманбы?! Үйгө кирип-чыгып, жеңеме көз кырымды салам. Анткен менен эки-үч күнгө чейин жүзүн эч көрө албай койдум. Үчүнчү күнү гана жеңемди көшөгөдөн чыгарышты. Ушунчалык сулуу, үлбүрөгөн назик жан экен! Жада калса мени дагы тик багып карай албай, жер тиктейт. Карап тура берсең апакай жүзүнүн албырып, кызарып кеткеничи?!

Мен жеңеме суктанып, көзүмдү ала албай карай берчү болдум. Менин бул жоругумду Кабылбек байкем да байкаса керек, акыркы убактарда мага мамилеси бузулуп, жаман көрө баштады. Демейде эки үй бир үй-бүлөдөй болуп эле аралашып жүрсөк, эми үйүнө барганымда жактыра бербей:

– Эмне болду?! Эмнеге келдиң?! – деп кетиргиче шашат.

– Жөн эле! Эмне, келсе болбойбу?! – дейм. Үйлөнгүчө мени үйүмдөн жетелеп келип, койнуна алып жатып, бир эле күн көрбөй калса сагынып калчу агамдын минтип, тез арада эле өзгөрүлүп, тоңдоосун тартып кеткенине таң калып да, таарынып да жүрдүм.

– Тетиги Кабылбегиң жинге тийди! – деп апама келип арызданам.

– Эмне болду, ботом? – апам да таң кала карайт.

– Аял алса эле ушинтип калыш керек экен да! “Эмне келдиң? Кет үйүңө” деп!.. Барбай койсом кутуламбы?!

– Жаңы баш кошкон эмелер кенен-кесири басып-тургусу, ойноп-күлгүсү келет да, балам! Ысыгы тарагыча ошентишээр, андан кийин агаң кайда бармак эле!

Ошондон кийин таарынып, көпкө чейин үйүнө барбай койдум.

Күндөр өтө берди. Анткен менен менин эси-дартымдын баары эле Кабылбек байкемдин үйү жакта боло берчү. Чындап келсе байкемдин өзүн дагы сагындым!

Бир күнү сабактан келатып, эмнегедир алардын үйүнө жеткенде кадамым тушалып, кылчактап калдым. “Кантип кирем?” – деп кайсактап турсам, Кудай жалгап жеңем суудан келатыптыр. Мени көрө коюп эле жаш баладай кубанып, жарк этип күлүп жиберди:

– И-ий, ырас болбодубу, эрке бала! Суумду көтөрүшүп койчу! – деп. Абалкыга караганда азыраак ачылып, жаңы үйүнө көнө түшкөндөй көрүндү.

– Биздикине эмне келбей калдың? – деди анан, – Кечке жалгыз отуруп, аябай зеригип кетчү болдум. Бат-баттан келип турчу, жарайбы?

“Макул” дегендей башымды ийкеп койдум. Ошондон кийин сабактан тарап эле алардыкына кайрылам. Байкем ал убакта иште болгондуктан коркпой-үркпөй кирем. Жеңем болсо мени көрүп, адатынча сүйүнүп кетет да, назик күлө багып дастарконун жаят. Кадыресе чоң кишидей болуп, бар кыймылынан көзүмдү албай карап отурам.

– Окууларың кандай? – дейт ал мени карабай, акырын унчугуп.

– Жакшы эле! – дейм. Бирок, кийинки күндөрү жеңем караган сайын эми өзүм да сүрдөп, эки бетим ысып-күйүп, дуулдап кетчү адат таптым. Жеңем да анымды сезип алгандай, эми менден абалкысындай айбыкпай, сүрдөбөй калды. Кетээримде босогого чейин узатып келет да:

– Жакшы бар, ээ? Келип турсаң? – деп чын дилинен айтып, атүгүл эркелете чачымды уйпалап, уйгу-туйгу чачып коёт. Келатканда суулап жатып араң эпке келтирген чачым андайда үрпөйүп эле калат. “Мени кичинекей баладай көрөт окшойт!” – деп анысына ичимден арданып кетем.

 

***

“Тез эле эр жетип, тез эле мен да аял алсам...” – деп самачу болдум эми. Жада калса болочок жарымды элестетип, кыял менен жеңемдей бирөөнү издеп, убаралана берем. Бирок өчөшкөнсүп классымдагы, мектептеги, атүгүл айылдагы кыздардын бири да ага окшобойт!

Ошентип, улам убакыт өткөн сайын менин дагы балалыгым алыста калып баратты. Мөнөзүм абалкыдан кыйла эле өзгөрүлүп, токтоо тартып кеттим. Анымды өзүм да байкап, ансайын өзүмчө компоюп, чоң кишилерди туурап басып, олуттуу сүйлөгөнгө аракет кылып, жеңеме көрүнгүм келет.

Мени таң калтырган дагы бир кызыгы, эмнегедир акыркы убактарда мен кайра агамдын өзүнөн Айдана жеңемди кызганчу болуп алдым. А балким ал дагы жеңемди менчилеп аяп, барктап күтүп алса, балким антмек эместирмин?!. Мүмкүн! Кээде көп ыйлагандан жеңемдин көздөрү кызарып, шишип, атургай көздөрү, бети көгала болуп калчу болду. Менин жүрөгүм сыздап, аяй карап калганымда жеңем:

– Жөн эле... Жыгылып кеттим! – деп жүзүн ала качып кетчү. Байкеме жиним келээр эле! Эки муштумум түйүлүп, ушул азыр агамды басып жыгылып, ургум келип кетчү!

Көрсө, мен ошондо эң алгачкы, аруу махабатыма кезигиптирмин! Ким билиптир, аны! Билсе бир Кабылбек байкем билгендир? А балким ыраматылык жеңем билгендир? Өзүм билчү эмесмин! Баарын кеч, далайда барып түшүнүп жатпаймынбы!

 

***

Убакыт билинбей өтүп жатты. Жеңем ай-күнүнө жетип, ансайын ажарына чыга түштү. Боюнда бар аялдын ушунчалык сулуу болорун ошондо көргөм.

Жай мезгили эле. Ушул мезгилди али күнчө жакшы көрөм. Айрыкча айылдын түнкү кереметин айт! Сыдырым, таза жел саамайдан сылап, таттуу кыялдар көңүлдү делөөрөтүп, сезимим кытыгыланат. Айрыкча чөп жыйнаган бастырманын башына чыгып алып, жымыңдаган жылдыздарды, айды тиктеп кыялга батуу мен үчүн жыргалдын жыргалы боло турган. Анын үстүнө бул жерден мага эч ким жолтоо да болбойт. “Аны алып келе калчы, муну алып келе калчы”, – деп апам да жумшабайт.

Баарынан жакшысы, жеңемдердин үйү дагы бул жерден алаканга салгандай даана көрүнөт. Көпчүлүк учурда ошол тарапты баштанып, жеңемдин кирип-чыкканына көз салам. Кечиндеси элеңдеп эшикке чыга калып, кайра киргиче шашкан жеңемден көзүмдү албай, “кайтарып” жатам. “Кокус эле ким бирөө чыга калып, жеңемди коркутсабы... шашпасын!” – дейм кыялымда. Качан гана ал үйгө кирип кеткенден кийин чалкамдан түшүп жатам дагы, асманды тиктейм.

Тигине, акырын жылып, ай баратат...

Жакшы бир табылга таап алгансып, бир убакта кубанып кеттим! Асмандагы күлүмсүрөп келатып, булуттарга жашынып калган аппак ай мага жеңем болуп көрүнүп кетти! Бардык оюм “тык” токтоп, карап калдым! Чын эле! Көрсө, ай менин жеңеме окшош турбайбы! Ура-а! Карасаң!.. Ал да кудум жеңеме окшоп, аппак бетин билинер-билинбес “сепкил” басып, жада калса муңайым карап, акырын жылып баратканы да!..

Мен ушундан кийин аты да уйкаш Айдана жеңеме тек гана Ай деген ат коюп алдым. “Менин Айым!” – деген сөз жандүйнөмдүн аялуу, терең жеринде жашачу да, кээде-кээде эч кимге угузбай, көөдөнүмдү толтура-толтура айтып-айтып алчумун.

 

***

Бир күнү сабактан келатып кирсем жеңем жок! Кайра чыгып келатсам, алдымдан утурлап чыга калган агам:

– Деледегей! Сүйүнчү, инилүү болдуң! – дебеспи!

Эмне дээримди билбей, кубанганымдан агамды тиктеп, абдаарып калдым да, бир убакта:

– Ура-а! – деп сумкамды башымдан алыс ыргытып, сүйүнгөнүмдөн көкүрөгүм жарылып кете жаздады. Жада калса анын “делдегей” дегенине да мурункудай терикпей, шашканымдан: “Атын ким койдуңар?” – дештин ордуна:

– Аты ким экен?! – деп алыпмын. Аны өзүм деле байкабайм! Агам эле, баштагы адатынча боорун тытып күлүп жатат. Кудай берип койду да, ага!

– Эмне күлөсүң?! – дедим мен эми ызаланып.

– Эй, кеңкелес! – агам чекеме чертти да, – Атын кошо төрөмөк беле?! – деди.

– Унчукпай, ичимден уялып калдым. Байкем болсо:

– Азыр экөөбүз чогуу барып келели, жарайбы? – деди, – Айтмакчы, атын өзүң койчу, ээ?

Кубанып кеттим. Бул менин турмушумдагы эң биринчи бөбөгүм жана мага карата болгон эң биринчи, жооптуу ишеним эле.

Байкем экөөбүз да ушул саам кудум баягыдай ысык-ынак сезилишип, саамга кучакташып да турдук. Бул кубаныч экөөбүздү кайрадан бириктирип, таарынычтарды таратып, көңүлдөрдү агартып жиберди!

Эки кабат төрөт үйүнүн алдына келдик. Байкем жерден майда таш издеп, ыргыткан сайын “тырс!” этип айнектерге тийип, ары жактан “кимибизге келди экен?” – дегендей бала көтөргөн келиндер карап коюп, көрүнбөй калып жатышты. Аңгыча эң четки терезеден жеңемди көрдүм! Бөбөгүмдү куурчактай кылып ороп, көтөрүп алыптыр. Анысы бети-башын бырыштырып, эриндерин чөрмөңдөтүп жатат. Жеңем болсо ага ичи элжирей, бир нерселерди кобураган болот. “Атаң менен агаң келди. Карачы, уулум!” – деп жаткандыр да. Анан бизге карап, колун булгалады.

Айнектин артында аппак жоолук салынып, башкача бир бактылуу күлүп турган жеңем демейдегиден да сулуу болуп кетиптир! Мен аны азыр жаңырган, апамдын тили менен айтканда “жаңы тууган” айга окшоттум. Ойлонуп кеткен экемин, бир убакта байкем:

– Эмне эсиң ооп калды?! Баспайсыңбы?! – деди. Чын эле эсиме келе түшүп, бу жоругум үчүн да уялып калдым. Агам жанагыдай жайдарыланбай өңү бузулуп, ачуусу келе түшүптүр. Унчукпай алдына түшүп кетип бараттым...

 

Сабактан кийин түз эле төрөт үйүнө келчү болдум. Жеңем да ошол маалда мени күтүп, терезеде туруп калат. Бир күнү оюма бир нерсе “кылт” дей түштү. Жеңеме белек алгым келди. Кечинде апамдан акча сурадым. Өмүрүмдө биринчи сурашым эле.

– Эмне кыласың? – апам таң кала сурады. Жер тиктеп, унчукпай калдым.

Ошо кезде жогорку класстын балдары кичүүлөрдөн мойнуна “салык” сала баштаган кез болчу. Апамдын оюна дароо эле ошол келиптир:

– Балдар коркутуп жатабы?! – деди.

– Жок! Мен эмне, кичинекей бала белем?! – дедим намыстанып кетип.

– Анда акчаны эмне кыласың?

Көптөн кийин гана бутумдун учу менен жер чукулап жатып:

– Эме... тиги... бир кызга белек берейин дегем... – десем, апам күлүп жиберди.

– Эмне белек аларыңды билесиңби? – деди анан.

Ойлонуп көрсөм, чын эле билбейт экем. Таңдайымды “шык!” эттирдим эле, апамдын ого бетер күлкүсү келип, бирок анысын жашырып, эки ууртуна араң катып алып:

– Макул, балам. Бирок белек жагын кеңешеличи, макулбу? – деди. Сүйүнүп кеттим. Апамды ого бетер, мурдагыдан да жакшы көрүп, кээ бир апалардай урушчаак эместигине, түшүнүктүүлүгүнө кубандым! Анан калса, менин Ай жеңем да эмнегедир апама окшошо берет...

Дүкөнгө бардым да, апам айткан духини сатып алдым. Бирок апам: “Окуучу кыз болсо керек, жакшы бир китеп кошуп кой”, – деген, анын ордуна үлпүлдөгөн аппак жоолук алдым да, төрөт үйүн көздөй ашыктым.

Белекти эшик тоскон санитаркалардын биринен берип жибергем. Өзүмчө кудуңдап, өзүмө-өзүм батпай, тим эле жер баспай, абада каалгып учуп жүргөнсүйм. Атүгүл ичимден өзүмдү күйөө катары элестетип, кыялдана компоём. Анымды бирөө-жарым сезип койчудай, өткөн-кеткенден кайра уялып кетем...

Бир убакта жеңем терезеге келди. Келди да, адатынча жылмайып күлүп, ак кагазга: “РАХМАТ” деп тамгаларын чоң-чоң бадырайта жазып туруп көрсөттү. Жеңеме кубаныч тартуулаганыма жетине албай, өзүм да кудуңдап тургам. Бир убакта карасам жеңем алаканы менен жашын сүртүп жаткандай көрүнүп кетти! Жакшылып карасам, чын эле ыйлап жатыптыр!..

 

***

Кабылбек байкемдин ата-энесинин көзү өтүп кетип, жаштайынан жесир калган апам эки үйгө баш-көз болуп калган. Эми да алардыкына бат-бат келип, кичинекей кызыл эт Уланды киринтип берип жүрдү. Жеңем да биз келген сайын жетине албай:

– Караңызчы апа, уулуңуз Азамат байкесине окшошуп келатат! – деп бөбөгүмдү дайыма эле мага окшотуп, – Азамат байкесин тартса экен, – дегенин көп угар элем.

Балким ал тек гана менин көңүлүмдү көтөрүү үчүн ошентчүдүр, же чын эле улуулук мээрим менен жакшы көрүп, чындап айткандыр? Билбейм. Улуу демекчи, жеңем менден анчалык деле көп улуу эмес, экөөбүздүн аралыгыбыз болгону эки-үч жаш болчу. Бирок жеңем Кабылбек байкем айткандай “арам да,” “жеңил ойлуу да,” “бузулган да” аял эмес, тоонун мөлтүр булагындай таза, аруу жан болчу!

Бир күнү адатымча мектептен чыгып, жеңеме жолдон жолугуп калдым. Суу көтөрүп келатыптыр. Бирок бу жолу мени көрүп сүйүнгөн жок! Тескерисинче шашкалактап, бат-баттан сүйлөп, менден эптеп эле кутулгусу келгендей:

– Окуулар жакшыбы? Макул ээ, эрке бала! Улан ыйлап калды го... – деген боюнча четтей басып, шыпылдап үйүнө кирип кетип калды! Ал кирип кетээри менен эле короодон жеңемдин бир катуу чаңырып алганы, ага удаа эле чакалардын калдырттап кулаганы угулуп, мен эсимди жыйгыча дарбазанын эшигин “каңк!” эттире кайра салып, Кабылбек байкем атып чыкты! Сыягы баятан бери жеңем экөөбүздү шыкаалап, аңдып турган окшобойбу! Эмнегедир көргөн көзүмө ишенбей, эс-мас боло түштүм! Бет алдымда көкүрөгү дакдайып ачылган, көздөрү канталап, эки муштумун түйүп калчылдаган Кабылбек байкем келаткан!

Артка кетенчиктей бердим.

– Токто!!! – деди бакырып. Токтоюн десем, жеткен жеринде баса калып күм-жам кылчудай!

– Эмне кылдым?! – дедим кетенчиктеп баратып.

– Токто деп атам-м!!!

Мен эми андан жакшылык күтпөй калдым. Ал катуулаган сайын мен да катуулап отуруп, акыры артыма карабай качып жөнөдүм. Канткен менен мас эле да, жетпей калды. Бирок ошондон кийин алардын үйүнүн жанынан да өтө албай, айланып кетип жүрдүм.

Анткен менен агамдын ошол чеги жок кызганчаактыгы менен арагы барган сайын күчөп кетти. Кийин апамдын айтымына караганда байкем менден эле эмес, жеңемди коңшуларынан, атүгүл жөн эле көчөдөн өтүп бараткан ким бирөөлөрдөн деле кызгана берчү экен. Алардын үйүнөн мен эле эмес, көрсө аны билгендердин баары алыстап, тегеренип өтүп калган имиш.

 

***

Адатымча бир күнү да чөптүн башына чыгып алып, агамдын үйү тарапка көз жибердим. Баягыдай болбой, баланын шым-жалаягын жууп-жайганы тез-тез кирип чыккан жеңемди карап, ошого эле курсант болуп, таттуу кыял, жакшы ойлорго мас болуп, кыялданып жатып эле, бир убакта ичим эңшерилген сыяктуу, жүрөгүм түпөйүл болуп, ыйлагым келгендей, көңүлүм удургуй баштаганын туйдум.

Үйгө кирип:

– Апа, мобул жерим эле бир кызык болуп жатат! – деп апама көкүрөк тушумду көрсөтсөм:

– Кагылып кетейиним! Ал эмнеси?.. Бери болчу? – деп көпкө чейин колунун жылуулугун өткөрүп отурган.

– Эмнегедир эле ыйлагым келип жатат, – десем:

– Ал эмнеси? Бирөө-жарым капа кылган жок беле?! – деп бушайман боло түшүп, бир убакта анан оюна бир нерсе түшүп кеткендей, оорунун атын издеген дабагердей:

– Айтмакчы, баягы сен белек берген кыз кандай жүрөт? – деди акырын.

Ушул сөз чын эле жүрөгүмдүн так сыздап турган жерине барып бир тийгендей болду. Ого бетер ыйлагым келип, көздөрүмө ысык жаш тегеренип келип, тыпылдап таамп кетти! Апамдын да жүрөгү сызгырыла түшкөнсүдү... Мен муну анын өзгөрүлө түшкөн өңүнөн байкадым. Мага канчалык билгизбегени менен добушу да саал башкачараак чыгып:

– Сенин келечегиң али алдыда, уулум, – деди мени аягандай көкүлүмдөн жыттап, – Турмушту али таанып биле элексиң!.. Эр жетип келатасың, балам. Бардыгына даяр болуп, чыйралышың керек. Башыңа ачуу да, таттуу да күндөр келет... Өтө күйүнүп да, өтө сүйүнүп да болбойт. Болбосо, жүрөгүң түтөбү?!..

 

***

Бирок менин жүрөгүм алдабаптыр! Ошондон көп өтпөй эле биздин айылда, жок биздин турмушубузда, менин жүрөгүмдө эч качан айыкпаган, эстен кеткис кайгылуу окуя, эң чоң жоготуу, кырсык болду!

Түн кайсы убак экенин билбейм. Катуу уктап кеткен экемин. Бир убакта кимдир бирөө дүпүлдөп чуркап, эшикти таппай жүргөндөй биздин үйдү эки-үч ирээт айланып, анан эшик-терезени катуу-катуу койгулап жиберди.

– Бул ким, ыя?! – деп апам үрпөңдөп тура калды.

– Апа, мен бул! Ач!! – деп эшикти кайра-кайра койгулап ийди Кабылбек байкем. Биз аны үнүнөн таанып эле атып турдук.

– Деги, тынччылык болсо экен! – деп күбүрөнгөн апам калдастай түшүп, бат эле анан эшикти ачты. Бир жамандык болгонун дароо туйдум! Жүрөгүмдүн дүкүлдөгөнү күчөп, ичимде тоо солкулдап жаткандай сезилип жатты.

– Апа! Тиги!.. Тиги!.. – деп ансыз да масы тарай элек агам андан аркысын айта албай булдуруктап, турган ордунда бир чимириле түштү да, башын мыкчып отура калып, өңгүрөп ыйлап жиберди.

– Кетип калдыбы?! – деди апам. Анын үнүндө: “Ылайым ошондой эле болсо экен! Андан жаманын угуза көрбө, айланайын Кудай?!” – деген маани бар эле.

Өгүнү да мас болуп алып, жедеп өзү да чарчап суй жыгылгыча жеңемди уруптур. Качан ал уктап кеткенде жеңем баланы көтөрүп алып төркүнүнө баса бериптир! Тээ кечкурун эсине келип, катын-баласын таппай калганда гана байкем апама келип, экөө барып алып келишкен. Жеңем бечара “барбайм!” деп жакшы эле жаналакетке түшкөн көрүнөт. Энеси да: “Ичиме баткан бала сыртыма батат!” Эне сүтү оозунан кете электе ала качып алып, баламдын багын байлап!.. Кокуй жетим бала экен, мейличи эми, эптеп киши болуп кетээр десе, акмак турбайбы! Мунун кебетесин карагылачы! Денесинин бир жеринде соо жери жок! Барганы бети-башынан бир көгала кеттиби? Биз көрбөй, билбей калганыбыз канча?! ...Баргыла, айланайындар! “Башыңар баш, багалчагыңар кара таш!” Бербейм, кызымды!” – деп катуу кетиптир. Апам бечара да ансайын жалынып-жалбарып, өпкө-жүрөгүн чаап жатып, акыры болбогондо: “Ата-энеси тирүү болгондо бул акмак башкача болбойт беле?! Мен да ушундай сөздөрдү угуп, ушул жерде отурат белем? Кудайым башка салып койсо ушул тура! Андай болсо кетели, балам!” – деп чындап эле ызаланып ыйлаган экен. Агам да ботодой боздоп: “Экинчи ичпейм! Экинчи өйдө карабайм! Апа, ата, мени кечиргиле?! Мен Айданасыз жашай албайм!” – деп төрт бүгүлө кечирим сурап, кайнатасынын бутун кучактап ыйлайт. Акыры эне-балага Кудайдын боору ооруганбы:

– Жөнөт, кызыңды! – дептир куда аялына ачууланып, – “Чыккан кыз чийден тышкары!” Эрге тийдиби, ысык-суукка чыдап жашасын! Анан да кызың мындан ары үйүмө ыйлап келчү болбосун!

Апамдарга бул майдай эле жакса керек да. Жеңем бечара:

– Ата, мени ушинтип кубалайт белеңиз?! – деп атасынан мээрим күтүп, буркурап ыйлаган экен. Атасы үн катпай, мисирейип коюптур. Акыры атасынын төрүнө сыйбай турганын түшүнгөн жеңем чыгып баратып:

– Ата, мени кечириңиз, өлүгүмдү эле артып келбесеңиз, бул үйгө эми эч качан ыйлап келбейм! – деген экен.

Апам ушуну ойлоп кетти окшойт. Анткени байкемдин кебетеси бу саам таптакыр башкача эле! Бир убакта эсине бир нерсе түшүп кеткендей, ыйлаганын токтото калып, ордунан ыкчам тура, кайдадыр чымын-куюн болуп жүгүрүп кетти!

Апам экөөбүз артынан чуркадык.

Ай жарык болчу. Эмнегедир Кабылбек байкем үйүнө кирбей, дарбазасынын жанына жетип “тык” токтоду да, кайра бурулуп төмөндү көздөй салды. Бирөө-жарым кармап калчудай каякадыр аттап-буттап, көзгө илээшпей баратты! Биз нес болгон кишиче, анын карааны көрүнбөй калгыча тура бериппиз. Бир убакта анан апам эсине келгендей шашкалактап, короону көздөй жүгүрдү. Артынан мен да кирип барып!.. Кире бериште бирөө башка уруп ийген эмече эсим эңгиреп, кулагым тунуп, көргөн көзүмө ишенбей, шайым оой түшүпмүн!.. Апам Айдана жеңемди көздөй чуркады!

Жеңем! Байкуш жеңем! Терезенин түбүндөгү карт дарактын тарбайган жоон бутагында салаңдап, аппак ич көйнөгүн сыдырым жел шуудуратып, кундуздай олоң чачы тизесине чейин жайылып, асылып туруптур!.. Жерде томолонуп, киши отурган үстөл жатат!..

Апам жеңемдин эчак эле жан бергенин билген сымак кокуйлап, эмне кыларын билбегендей ары-бери жүгүрүп жүрүп, кошуналардын эшик-терезесин койгулай баштады.

Заматта чогулуп келген эл жеңемди чечип алышты! Денеси эчак муздаптыр дешти. “Тез жардам” да “кыйкырган” боюнча учуп-күйүп жетип келип, кайра кетти. Андан көп узабай укук коргоо кызматкерлери пайда болуп, иштин чоо-жайын сурап апам экөөбүзгө, дагы бир топ кишиге кол койдуруп алды.

Бир убакта эсиме Улан түштү! Үйгө чуркап кирсем, бөбөгүм бешикте бөлөнүп жатыптыр. Аттап-буттап кирип эле баланын дем алганын тыңшадым. Менин келгенимди сезгендей “солк-солк” этип бир чукуранып алды да, эмчек издеп эки жакка эриндерин чормоңдотуп алып, бат эле кайра уктап кетти. Жаздыгы, жоолугу чылпылдап, жаш менен терге чыланып кетиптир. Сыягы, эчактан бери ыйлап жатып, жедеп чарчаганда уктаса керек.

Өпкөм-өпкөмө батпай, бөбөгүмдүн бешигин кучактап алып үнүм да, жашым да чыкпай калгычакты ыйладым!..

Ошондон көп өтпөй эле жеңемдин төркүнү келип, сөөктү алып кетишти. Жерге бергиче апам экөөбүз да ошол жакта жүрдүк. Апама ошондо ушунчалык боорум ооруду. Кудаларынын алдында жер карап, айыптуу болуп отурду. Кетээрибизде да батына албай жатып, Уланды сурады.

– Алгыла! – деди кудагый чаңырып ыйлап, Улан жөнүндө уккусу да келбегендей, – Алып кеткиле!.. Желкемдин чуңкуру көрсүн силерди! Ой, Кудайым ай! Балам бир баладай бала болсочу! Он гүлүнүн бири ачылсачы, кокуй!...

Апам бечара жол бою бөбөгүмдү бирөө жула каччудай бооруна басып, көзүнөн жашын буурчактатып, үйгө чейин ыйлап келген!..

Азыр Улан он бешке карады. Жеңем айткандай, апам да аны мага окшоштура берет. Агам болсо, ошол кеткен боюнча кайра кайтып келген жок!..

А мен али күнгө чейин эле жүрөгүмдүн ханышасын издеп жүрөм...

 

(Көңүл буруңуздар! Бул жерде китептин бир бөлүгү жайгаштырылган)

Текст толугу менен Word форматында көчүрүлсүн

 

© Исабаева Ж., 2008. Бардык укуктар корголгон

 


Количество просмотров: 3801