Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Көлөмдүү кара сөз / Даректүү жана өмүр баянды чагылдырган адабият
© Исабаева Ж., 2011. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2011-жылдын 2-июну

Жыпар ИСАБАЕВА

Алыкулду сүйгөн кыз

(даректүү повесть)

Бул чыгарма улуу акын Алыкул Осмонов менен анын калемдеши, замандашы жана акындын өмүр-тагдырынын кайсы бир күндөрүнүн каарманы болгон Жамийла Сулайманованын ынак мамилеси жана махабаты жөнүндө баяндайт.

 

Улуу акын Алыкул ОСМОНОВ менен анын калемдеши, замандашы жана акындын өмүр-тагдырынын кайсы бир күндөрүнүн каарманы болгон Жамийла СУЛАЙМАНОВАнын ынак мамилеси жана махабаты туурасындагы бул чыгарманы мен ушунчалык ырахаттануу, канагат менен жаздым. Ар бир жолу үстөлүмө өбөктөп отуруп, алардын мамилеси, жашоо-турмушунун кайсы бир үзүмүнө сереп салып, алар сезгенди сезүү, алар укканды угуп, алардын көргөнүн көрүү, алар менен камыр-жумур болуп аралашып кетүүнүн өзү эле мага улуу шыбага эле!

Бир кезде, тээ секелек кезимде Алыкул изилдөөчү Памирбек Казыбаев түзгөн «Алыкулга гүлдесте» деген китептен Жамийла аттуу кыздын акынга жазган сүйүү катын окуп, ошол кыздын бактысына суктанып, анын өзүн эле эмес, сүрөтүн көрүүгө да ушунчалык куштарландым эле... Акындын ырларына таасирленип, балалык бае дилим менен мен дагы ага арнап ыр жазгым келген:

Махабатым, о алыскы акыным,
    Чынга дагы, жалганга да жакыным!
    Сага деген арзуум менин армандуу,
    Жүрөгүмдө ырдап турат акырын!..

Бул жашоого эрте келип, кетипсиң...
    Шашмалыгың! А балким же мен кечиктим?!
    Биздин ырлар... Уруксат бер устатым,
    Жетелешип, бирге ырдашып кетишсин?..

Деги эле Алыкулга арнап ыр жазбаган, ага кайрылбаган поэзиянын талапкери бар бекен? Колуна адеп калем кармаган ар бир калемгердин чыйыр жолунун башаты сөзсүз Алыкулду сүйүү, ага арнап ыр жазуудан башталат.

Демек, бул чыгарманы жазуу бактысынын мага туш болушу – мен үчүн чоң сыймык болду.

Автор

 

***

Ошол ирмемдер көз алдымда турат: Ташкентте окуп жүргөнүмдө Алыкулдун мурдагы жубайы, карылыктын катаал чегине арылап өтө эле зирек инсан Зейнеп Сооронбаевна Талибова эжеге бат-бат кезигишип турдум. Он-он беш күн каттабай калсам, деканат, ректоратка чейин телефон чалып, тополоң түшүрүп жиберер эле. Сыягы, улуу акын атын эстеткен кыргыз бөбөгү менен сырдашканды ушунча сагынып, эңсөөчү окшобойбу...

Зейнеп эже жалгыз шакектүү (!) сол колун кармалап, эмнегедир жер карап отуруп көп сүйлөп берээр эле. Кээде бала сыяктуу мүнөзүн жашырбай каткырса, кээде мөмөсүн күбүгөн дарактай далайга тунжурайт. Капырай десең, 16 жашында Алыкул акынга ак колун карматкан ажарлуу сары кыз ушул балпайган байбичеге кандайча айланып кетти деп, кыял-сырларын улам жаңы кырынан ачкан сайын ишенип-ишенбей, таңыркайм. Кыргыздын алп акынына туура 20 жашында Жыпар аттуу кызды төрөп берип, кийин өзбек жарынан да үч уул, бир кыз тапкан мен баарлашкан ак байбиче эмес беле?!.

Жыпар... Нуркура кыргыз дилинен жаралган бул атты Алыкул да, Зейнеп эже да жанындай жакшы көрүшчү экен. Өзүнүн «Менин ыймандай сырым» («Моя исповедь») деген орусча эскермесинде кайран армандуу эже он беш күн гана өмүр сүргөн наристе кызынын баянын канчалык жүрөк оорутуу менен сүрөттөп жазганы эч качан эсимден кетпейт.

Мына эми, арбак аяны дегендей, ошол Жыпар деген угумдуу ысымдуу карындашыбыз – таланттуу акын жана журналист Жыпар Исабаеванын калеминен колуңуздардагы: перзенттин доошундай сүйкүмдүү, арзуунун илебиндей эң кымбат бир иликтөө китеп жаралып отурат! Ачык эле айтып коёлу: Жыпардын улуу акын менен жакын мамиледе болуп, анын талантына бүткүл дити менен таазим эткен Жамийла Сулайманова эже менен көзмө-көз кездешип, кагазга түшүргөн зирек мазмундуу чыгармасы Алыкулианага кошулган чоң салым болуп саналат.

«Өмүр алда, эртеңкиге тобокел», – деп улуу акын өзү айткандай, жакшы үмүт менен жашаган биздин күндөрдө Жыпар сыяктуу чыныгы күйөрмандар татына китеп жаратып турганда, кыргыз поэзиясынын наркы бөксөрбөйт, Алыкул акындын аты өчпөйт жана жашоонун алды жагы ар айым жарык боло берет!!!

Сүйдүм сени, көзүм түшүп көркүңө,
    Бир күндө эмес, бирге жүргөн көп күндө.
    Мындай иштен унут калган жанымды,
    Салдың кайра махабаттын өртүнө.
    Эгер шоолам, мени аясаң азыраак,
    Сүйбө мени, мага бетиң өптүрбө.

(АЛЫКУЛ, Кой-Сары, 21.12. 1945-ж.)

 

***

Сүйүүнү көктөм дешет, жайы-кышы көңүлдө гүлдөп турган... Сүйүүнү өксүк дешет, өмүр бою өчпөстөн жүрөгүңдө ыр болуп сүйлөп турган... Сүйүүнү азап дешет, кайгыга ороп кабыргаңды кайыштырган!.. Сүйүүнү бакыт дешет бар азаптан айыктырган!..

Айтышат: «Сүйүү ааламды сактап турат!». Ал ырас, атургай улуу тоолор дагы кылымдардын ырын ырдап, жайы-кышы тымызын: «Сүйүү! Сүйүү!» – деп какшап турат...

Демек, «Сүйүү эскирет!» «Сүйүү жок!» – деген жалган! Сүйүү бар, мына минтип улуу арманга айланып, жүрөктөрдө эскирбей жашап калган...

 

***

Чиркин десеңчи! Сүйүүнүн кереметин карабайсыңбы! Жамийла апа (Сулайманова – Ж.И.) Алыкулдун ысымын атаган сайын кош каректе каканактаган ысык жашы «мөлт» деп кулап, ал ансайын сексендеги эненин добушу кудум ошол алгачкы арзууга кезиккен сезимтал кездегидей «дир– дир» этип, тулкусун саал майда калтырак басып, али да ажарлуу, ак жуумал жүзү тамылжый, жашара түшүп атпадыбы!

Өзү да аны мойнуна алып:

– Өткөн аптада «Ардагерлер» пансионатында болдум. Мага курдаш чал-кемпирдин баары эле дүлөй, сокур болуп, алды алжый баштагансыйт капырай! Баарынын улуусу да, сулуусу да, ырчы-бийчиси да мен болуп, кара сөз түрүндөгү ырларды да жазып келбедимби. А көрсө, мени улгаюудан сүйүү сактап жүрүптүр. Болбосо, мен деле курдаштардан калышпай картайып калмак экенмин, – дейт тамашалап.

– Апа, Ошол жаңы чыгармаңыздан окуп берсеңиз? – дедим «сексендеги апа эмне жазды экен?» – деп чындап эле кызыгуум артып.

– Кайсы бирин окусам экен? – деген апа көз айнегин кийди да, өзү да алдын ала «бырс» этип, башты чулгуй күлүп алып, буларды окуду:

«...Бечара ардагерлер ичээрге тамак издеп,
    Карылар жатаканасына –
    Бозоргон ботко алууга барабыз.
    Кооз, эки кабат имаратка ар айда
    Жетимиштен ашык кары барабыз.
    Анчалык деле алыс эмес,
    Бирибизге-бирибиздин,
    Акыбал жактан арабыз.
    Үйүндө балдары ишсиз,
    Кудай аарылар,
    Өздөрү да арсаңдап тишсиз!..
    Көздөрүндө – айнек,
    Белдеринде – байнек.
    Кулактарында – аппарат,
    Колдорунда – балдак,
    Кыскасы – кырк жамак!
    Сүйлөшсөң үнү катуу,
    Тамагы кирилдейт,
    Эмне деп, эмне ойлогону билинбейт,
    Дем алышы – кышылдайт!
    Олда карылыгың түшкүр, ай!

Табагын көтөрүп ашканага барат,
    Бутунда – кепич,
    Аны да тескери кийип алат!
    Ашканада анан – «тарак-шарак!»
    Жагымсыз кыймыл.
    Бирок укса да, укпаса да акшаңдап
    күлүп калат!
    Олда, карылыгың түшкүр, ай!

Жаткан керебетине келип кулайт,
    Кулак жарып, коңуругу куркурайт.
    Соксоюп төшөгүндө отуруп алып:
    «Мен чын эле тирүүмүнбү?!» – деп,
    Бетин чымчып, чеке-башын чапкылайт!
    Олда, карылыгың түшкүр, ай!

Баарынан да киймек тишин,
    Өз үйүнүн ачкычын баштыгына салып алып,
    Издей берет, издей берет!..
    Кайгырып, наалып, ким көрүнгөндөн көрүп
    тиктей берет!
    Кайгырып, наалып,
    Азыр айтканын азыр унутат!..
    Олда, карылыгың түшкүр, ай!

Ушуну окуп, Жамийла апа кагазын жыйнады.

– Мында комедия да, трагедия да бар экен! – дедим бул чыгарманын каармандарын чын дилимден аяп...

– Анан эмне, – деди апа, – А бирок менде арман жок, балам. Анткени менин жандүйнөмдө, жүрөгүмдө мага дем, кубат берип, жаштык кезге ар убак саякатка алпарып келип турган керемет сыйкыр бар. Кимдир бирөө карт теректин түбүнө жылдырып суу агызып, жашоо берип турган сымак, ошол сезим менин өмүрүмө башкача бир ырахат берип, улантып келатпайбы...

Ансайын ападагы ошол өткөн жаштык, алгачкы арзуу, улуу сезимге суктанып:

– Алыкул ата менен кантип таанышып, кантип сүйдүңүз эле? – дейм. Анда апанын айтып турганы...

 

***

Анда согуш маалы, 1945-жыл болчу. Атам Сулайман Ысык-Көлдүн айтылуу Тамга айылынын башкармасы болгондуктан, бала чагым барчылык менен өсүп, балким ошон үчүнбү, аябай ачык-айрым, тырсылдаган тың, тилимден да, колумдан да келген, мандалин менен ооз комузда ойноп, ырдап-бийлеп, эл оозуна кирген кыз элем. Бир күнү анан ОблОНОдон (Областтык элге билим берүү бөлүмү. Ж.И.) чакырып, инспектор кылып кызматка коюп калышты. Калемсап менен да коюн-колтук алышып, ыр китептерди башыма жазданып жатып жүргөн кез. Атүгүл «Ысык-Көл правдасы» гезитине ырларым, макалаларым үзбөй чыга баштаган.

Дем алыш күнү болчу. Бир өзбектин үйүндө квартирада турат элем. Адатымча китеп окуп, мандалин чертип ырдап аткам. Аңгыча эле кожейкенин дөбөтү арсылдап үрүп, чынжырын сүйрөп эле ары-бери жүгүрүп калды. Анда кожойкем жоош аял эле:

– Ийе, Жамийла-хан, сизге киши келди го, чыгып койсоңуз? – дейт кыңылдап. Сурасам Абдрахман Сабитов аттуу, областтык гезитте иштеген кабарчы экен.

– Дем алыш күнү эмне жумушу бар экен? Кирсинчи! – дедим жактыра бербей чыңкылдап. Короого кирип-кирбей жатып эле Сабит:

– Жамийлаш! Кандай, жакшыбы? Батыраак кийинип чыга калбасаң... – деп эле анталаңдайт.

– Анчалык эмне болду?! Деги тынччылыкпы? – десем:

– Сенин гезитке чыккан ырыңды окуп, таанышканы бир акын жигит келиптир, – дейт.

– Ии-ий! Мунун деги эле ортомчу боло калганын көр! Кудага түшүп, ак төөнүн көкүлүнө кебез байлай келдиңби? – дедим демейдегидей какшык менен кергиштеп сүйлөп.

– Ушинте эле бересиң, Жамийлаш! Деги сенден кеп да качып кутулбайт. Адегенде ошол жигиттин ким экенин уксаң боло?! – деген жигиттин дагы бирдеме деп, кайра жолума салбаса экен дегендей, мусаапырга окшоп, мени жалдырай тиктеген кебетесин көрүп, бышкырып күлдүм да:

– Ким экен, ал? Сени анчалык алдастаткан? – десем:

– Алыкул! – дейт. Ушул ысым менин дене боюмду бир «дирт» эттирип, заматтын ортосунда өңүм да өзгөрүлүп, күлкүм токтоп:

– Ким дейсиң? – дедим кайра да сурап.

– Алыкул Осмонов! – Абдрахман да баса айтты.

– Тамашаңды койсоңчу! Кантип эле?!. Кадимки Алыкул... Өзүбү? – деп жоош унчугуп, анткен менен ичимдеги уйгу-туйгу түшүп, эмнегедир жүрөгүм дикилдеп, денем от менен жалын болуп, кулагым чуулдап, көздөрүм чыбырчыктай түштү.

Ошол! – деди жигит дагы жанданып. – Чыгасыңбы?!

– Азыр...

Чуркап үйгө кирдим да, башыма аппак береткамды кыйгачтата кийип, бутума тыкылдаган шиш такамды салып, каруума кичинекей кара сумкамды иле коюп, кайра бат эле чыктым. Абдрахман экөөбүз короонун сыртына чыксак, аппак көйнөк, кара шым кийип, чачын сыйда тараган, оң колуна гезитти түрмөктөй кармап, сол колу менен даракка сүйөнгөн Алыкул туруптур. Эмнегедир денемди майда калтырак басып, эзели эч кимден сүрдөнбөгөн жаным ошол акындан сүрдөп, кантип жакын келгенимди өзүм да билбейм. Анткени, ошол кезде эле акынды бүтүндөй калайык-калк таанып, анын ырларын кастарлап окуп, зоболосу көтөрүлүп калган кез болчу. Айрыкча мендей ыр жазгысы келип, ышкысы арткандарга ал кудай сыяктуу эле. Ал дагы эч сөз айтпай эле, эс-мас кишиче менден көздөрүн албай, кыймылдап да койбой жанагы абалында катып калды. Көрсө, мени ал ошол саам өзүнүн сүйгөн кызы Айдайга окшотуп аткан экен. Аны кийин айтты. А мен ага ошондо эле башымды жогото арзып, бүткүл жүрөгүмдү , өмүрүмдү арнап, эң алгачкы да, акыреттик да арзуума арбалып, жолугуп аткан кезим тура.

Сабитжан биздин минтип тиктешип калганыбыздан саал ыңгайсыз абалда калып, ары-бери карап кайсалактай калып, анан саатын карады:

– Менин ишим бар эле...

Ал кетти. Анда деле түнт акын эч бир козголбойт. Жайына койсом, кыйлага чейин эле ошентип тура берчүдөй. Менин ачык-айрым, шайдооттугум бу жолу да ыңгайсыз кырдаалдан жол таап кетти:

– Мындан көп алыс эмес жерде парк бар, агай. А балким ошол тарапка барарбыз? – дедим секин жол көрсөтүп. Ошондо гана акын ордунан козголду.

Такаларым таш жолдо «тык-тык, тык-тык!» этип, аппак көйнөгүмдү булактатып алдыда келатам. Соңумда акын. Аны ушул ирмемде кылчайып карабаганым менен, менин тырсылдаган шайдоот, чапчаң баскан-турганымды, эликтей элирген элпектигимди, тоо булагындай таза, баёо кыял-жоругумду... баарын-баарын таразалап, кунт коё сынай карап, байкап келатканын туюп, ансайын жүрөгүм алып-учуп, ой-чабытым удургуп, акынга жаккым келип, ого бетер буралып басып... Олда, курган жаштык ай! Ашыктыкка арбалып, арзуунун аселине түшкөн бечера жүрөк! Антейин десем, эми ойлосом менин бул өмүрдөн тапкан бактым, улуу арманым да, табылгам да ошол болуптур! Ырас, Алыкулду сүйүп, Алыкул деп өлүп-талып жүрүп, ал өлгөн соң акыры турмуш курдум. Балдарды күттүм... Кырк-элүүнүн ортосунда ажал менен арбашып, ары кетип, бери келип төрөп атып да Алыкулдан тууп аткансып, анын арбагына сыйынып, аны эстеп, уулума анын урматына Тариэл деп ат коюп атпаймынбы!..

Эмне деп аттым эле, кызым?

...Ооба, ошол күн менин эсимден эч кеткис болуп, кандай болсо дал өзүндөй көкүрөгүмдө катылып калган. Жада калса, акындын кирпигинин ар бир жолку ирмелиши, дем алганы да күнү бүгүнкүдөй болуп жадымымда жатталуу.

Ээрчишип паркка келдик да, отургучка отурдук. Анткен менен анда деле ачылып ачык сүйлөшө албай, «сиз, биз» дешип, анда-санда ооз учубуздан унчугушуп, а бирок ушул убактын өтүп кетпей, токтой турушун тилеп, ушунун өзү эле бизге бакыт, ырахат сыяктуу сезгенбиз.

Бир убакта парк ичинде оркестр ойноп кирди. Тим эле ыргактары чимирилип, жандүйнөңдү ансайын тыбырчылатып, жүрөгүңдү туйлатат. Мүнөзү шок, анын үстүнө демейде так секирип бийлеп жүргөн ойноок жаным акыры чыдап тура албай, отургучтан ыргып туруп:

– Алыкул агай, сизди бийге чакырам? – дептирмин.

Акын мени бир карап алып, көздөрүн ала качып кетти да, бирок аста гана:

– Мен бийлегендерден эмесмин, – деп койбоспу.

Шагым сынып, ыңгайсыздана түштүм. А бирок, эмне үчүндүр таарына албай койдум. Унчукпай кайра отуруп калдым. Кийин ойлосом, «шырп» эткен толкун үнүн жүрөгү аркылуу алып өткөн өтө сезгич, сезимтал акынга керемет музыка менен эликтей түйүлгөн эрке кыздын аруу махабаты кантип таасир этпесин? Эткенде да кандай!.. А бирок, ал анда жедеп көңүлүнө көк таштай тийип, көпчүлүктөн оолактаткан баягы көк жөтөлүнөн корккон тура! Сыбызгыган шок музыка, чимирилген шок кыздын кучагында күйүгүп, кокус жөтөлүм кармап калабы деген тура.

Андай болсо, ашык болгон аруу кыз эмне деген ойдо калат деп менден чочугандыр. Өзү жөнүндөгү мендеги керемет сезимдерди кокус оору менен өчүрүп койбоюн дегендир. Же сыпайы, маданияттуу жан жуктуруп койбоюн деп мени аягандыр?

Мүмкүн. А бирок, анын баардыгына тең кайыл болуп, аны билгенден кийин деле жалгыз гана Алыкул деп азапка батып, Алыкул деп бактылуу болуп, Алыкул деп чачыма ак кирээрин а кезде ал дагы, мен дагы анда ойлогон эместирбиз.

Бир убакта акын саатын карап койду. Көрсө, түштөнөөр убагы болгон экен.

– Бир жерге барып, өзөк жалгап алсак бекен?.. – деди.

– Мейли, – дедим мен да акырын макулдугумду билдирип. Ал ордунан турду да, «адегенде сиз басыңыз» дегендей колу менен ишарат кыла мага ашкана тарапка жол көрсөтүп, өзү кетенчиктей туруп калды. Тырсылдап алдыга түштүм.

Анда ачарчылык маалы эмес беле. Ашканада деле жарытылуу тамак жок. Алыкул официант орус кызга биринчи, экинчисин, андан сырткары бир стакан вино заказ кылды. Орусча абдан жакшы, уккулуктуу сүйлөйт экен. Анысы мага ансайын жагып, ичим ысып, ого бетер жакшы көрүп, суктанып да, сыймыктанып кеттим.

– Тамагыңыз таттуу болсун, – деди кызылча аралаш кызыл борщ менен таруудан жасалган ботко, эки сындырым кара бөлкө ортого коюлган соң.

– Рахмат. Сиздин да тамагыңыз таттуу болсун, – дедим. Унчугушпай тамак ичтик. Анткен менен акындын ар бир кыймылын байкап, өзүмдүн да эки бетим оттой ысып, жүрөгүм туйлап, а бирок сыр алдырбай тамагымды ичтим.

Ал өтө аз сүйлөйт экен. Адамды да тике карабай, бир эле көз кырын салып өткөнү болбосо, жер да карабай, анын көз учкундары тээ алыс-алыстарга, закымдарга төгүлүп, ошол белгисиз жактарга сиңип кетип аткан сыяктанды.

Тамагынын артынан жанагы бир стакан винону ичти. Анын вино экенин деле убагында болжобопмун. Кийин билдим. Ошондон кийин гана абалкыдан азыраак ачылып, жүзү нурдана түштү.

Анын эриндери али да эсимде. Эч кимдикине окшобогон, жалбырактай жука эмес, бир башкача бөрсөйүп мөлтүрөгөн, сулуу эриндер болчу.

Шымынын чөнтөгүнөн узун, кылдыраган кызыл чоң акча алып чыгып, официанткага сунду эле, орус кыз:

– Ой, ушундай чоң акчабы?.. – деп алып ары жакка кирип кетип, майдалап кайра чыкты.

Экөөбүз ээрчишип алып кайра эле жанагы жерибизге, паркка келдик.

– Кимдикинде туруп атасыз, акын агай? – дедим

– Кой-Сарыда. Курорттомун... – деди ал.

Катарлашып, бак ичинде келаттык. Ай суйкайып асманда акырын жылат. Анда-санда жымыңдап жылдыз чыга баштаган. Караколдун ошондогу кереметтүү кечин мен эч убакта, эч качан унута албасмын. Же менин тентек жаштыгым, махабатка мастыгым акынды эргиттиби, же шараптын күчү бекен, айтор, Алыкулдун үнү азыраак дирилдеп, колумду кармаган колдорун майда калтырак басып... бат-бат дем алып энтиккени, жүрөгүнүн түрсүлү улам күчөп, бир оокумда мени бооруна кыса, өзүнө имере тартты... Кереметтүү ушул улуу сезимге мен дагы адегенде мас болуп, акындын эркине эрким баш ийип көздөрүм тунара түштү. Эс-мас боло акындын кучагында калып, бир башкача магдырай түштүм да, ылдам эле кайра:

– Ары болуңузчу! – деп акынды өзүмдөн түртүп, кучагынан суурулуп чыктым. Кыз намысыма келе, ызаланып кеттим:

– И-и! Акын болсоңуз эле эмне экен?! – деп силкинип, уйпалана түшкөн саамайларымды оңдоп, жерге түшкөн береткамды ала койдум. Туфлийим чечилип эки жерде калыптыр. Аларды кийип, этек-жеңимди кагып, сумкамды каруума иле койдум да тыкылдай басып кетип бараттым. Сыртымдан анчалык катуу кеткеним менен, ичимден өзүм да кызыктай абалда калып, түтпөй, бирок аргасыз ал жерден алыстап бараттым. Антсе да узап баратып, улам кылчайып акын тарапка көз кыйыгымды салам. Эгерде акын артымдан жетип, кайра да бир өзүнө имере тартса, а балким анда...

Акындын ошондогу элеси азыр да менин жүрөгүмдү бырчалап, сай-сөөгүмдү сыздатат десең, арман!!!

Шагы сына, шалдая түштү. Мага кайра сөз да айтпай, мен жакты карабай да... курун кармаган боюнча ыйлагысы келген балага окшоп, тээ ай жакты тиктеген тейден боз ала болуп туруп калды...

Ансайын мен дагы ыйлап, жол бою үйгө көз жашыма жуунуп келдим! Өзүмдүн туура кылганымды да, жаңылганымды анда айрып биле албай, тек гана акындын жанагы томсоруңку элеси көз алдымдан кетпей, алгачкы ирет арзуунун да, армандын да азабын бирдей татып, акынга арзып, акынды аяп... алапайымды таппай калдым!

Эки-үч күн араң чыдадым. Кайрылып кайра дагы көрүүнү эңсеп, эси– дартымдын баары эле акын болуп, жүрөгүм элеп-желеп кагып, ээленди да калды.

Эртеси эле капталында «Почта» деген жазуусу бар, колхоздун жүк тарткан чоң машинесине түшүп, Караколдон Тамганы көздөй жөнөп кеттим.

Атам там боорундагы телефон аркылуу Покровка райкому менен мал санактын ал-абалы тууралуу сүйлөшүп атыптыр. Мени адегенде байкаган жок. Трубканы илгенден кийин көрүп:

– Ии, келдиңби? Кандай иштер? Баягыл эле үйдөсүңбү? – деп ал-жайымды сурады.

– Жакшы, атаке, – деп анан, – Ата, күрөң жоргоңузду берип туруңузчу, – дедим. Атам мени бир жалт карап алды:

– Кайда барасың?

– Кой-Сары курортун бир көрүп келейин дедим эле.

Атам азга ойлоно калды да:

– Болуптур. Бирок сак бол. Жоргонун сырын билесиң, үркөнчөөк, азоо чалыш эмеспи, – деди.

Сүйүнүп кеттим. Илгиртпей эле:

– Билем, ата! Эч кабатыр болбоңуз! – дедим кубанычымды ката албай. Атам мага ишенчү. Бу саам дагы ишенди. Айтканынан кайтпаган эркектей шар, эрке кыял, анын үстүнө эл кызматында жүргөн кызынын сөзүн эки кылгысы келген эместир.

Жүрөгүм жарылып кетүүчүдөй алып-учуп, сагынычым, эңсөөм, махабатым мени алдастатып, ашыгып, жоргонун көкүлү менен көкүрөгүнө күмүш жабдыктарын тагып, өзүмдүн да баалуу сөйкө, шакектеримди салынып, үлпүлдөгөн үкү тебетейимди, бүйүрмө этек көйнөгүмдү, моюнга такчу жаркылдаган күмүш жасалгамды кийдим дагы, мандалин менен ооз комузумду жаныма алып, Кой-Сарыны көздөй шартылдап жөнөп кеттим. Кой-Сарынын курортуна келип эле, Алыкул агай жайгашкан жатакананы издеп таптым. Менин ошондогу кыялкечтигимди да, өрттүгүмдү да карабайсыңбы, капырай! Же сүйүүнүн күчү мага ошончолук дем берди бекен? Мүмкүн. Айтор, жоргомдун башын түп-түз эле акындын терезесин көздөй тарттым да, терезенин түбүндө ооз комузумду кайрып, сыбызгытып күүгө салдым!.. Ары-бери өткөндөр мени аңырайып эле таң калып карашат. Алдымдагы мингеним алчактаган, жасалгасы жарашкан азоо болсо, үстүндөгү күмүш шакек-билеригин жаркылдатып, сөйкөсүн желбиреткен, ак буладай жибек көйнөгүн делбиреткен мен болсом, кантип карашпасын?

Аңгыча акын чогуу эс алган Рахматуллин деген жолдошу менен шашып чыга калды. Мени келет деп, үч уктаса түшүнө да кирген эместир.

– Амансызбы, акын агай?

Деген менен жүзүм кызарып, сүрдөп кеттим. Ыйбаа кылып ылдый карадым. Акын өзү да кантээрин билбей буйдалып, кайсалактай түштү. Колунда кагаз, китеби бар экен. Ооз учунан амандашып, ал-жай сураган болду да, жолдошунан бөлүнүп экөөбүз көл тарапка келаттык.

Мен атымдан түшүп, чылбырдан алып жетелеп алдым. Тим эле бутум жер баспай, көөдөнүм көөп, өзүмчө эле өрөпкүп алгам. Кээде өзүмө таң калып коём. Мындай мүнөз, кыял Алыкулга кезиккиче менде болгон да эмес. Атургай бизди кезиктирген журналист Сабитов Абдрахман баш болгон канча бир жигиттердин сунган колун албай, жаныма жакын жуутпай, жуутмак түгүл кепке-сөзгө жыгып, айлаларын алты кетирген кыз элем. Тамаша-чындан мени «чечен кыз» дешип, жаза тайып оозубуздан жаңылып, кагуу жеп калбайлы деп этияттап турушар эле. Эми минтип, атайын ат арытып акындын артынан өзүм келип отурам.

Көл жээгине келдик. Акын сүйгөн касиеттүү Ысык-Көл! Көл үстүндө ак куу менен ак чардактар кайкып учуп, үн алышып салтанат курат. Майда толкундар жыбырап, тээ алда кайдан ашыгып, жээкти көздөй жүгүрүп келет да, келгендерге эркелейт...

Анчалык алыс эмес жердеги жаш терекке атымды байлап, камчымды сүйрөй кармап Алыкулдун соңунан келсем, ал көл жээгиндеги отургучтардын биринде көлдү тиктеп отуруптур. Мен эле эмес, бул жашоонун бардык майда-бараты бүт эсинен чыгып кеткен сыяктуу, өзү менен өзү... же көл мененби, күңгүрөнүп сүйлөшүп,көк мейкиндин учу-кыйыры жок закымдарына карек талытып, тунжурай түшүптүр. Өзү ырында:

Ысык-Көл – Кыргыз көлү кылкылдаган,
    Кыз-келин кылаасында шыңкылдаган.
    Кылымдар колдон түшкөн маржан болуп,
    Көрүнбөй тереңинде жылтылдаган.

Кандай сүрөттөө, кандай элес, атаганат! Канча бир кылымдар жатат, Ысык-көлдүн тереңинде! Канча заман, канча тагдыр, сүйүүлөргө күбө болгон касиеттүү жер бермети! Андан ары деле ушуну, а бирок башка сүрөт менен көз алдыңа тартып атпайбы минтип:

Ысык-Көл – кыргыз көлү шарпылдаган,
    Көркүнө көктөн башка тартынбаган.
    Замандар кербенчидей чубап өтүп,
    Чарчаса саясында салкындаган!..

– деп жазганым менен, кылкылдаган Ысык-Көлдү кылаалап, жээгиндеги кылактаган не бир сулуу кыз-келиндерге өзү бир да көз кырын салып койбой, алардын шыңкылдаган күлкүлөрүн тек гана кулагына сиңирип, көкүрөгүнө көчүрүп, анан кайра аны ырга айлантып отурат ов, чиркин акын!

А мен болсом ошого кумар, сүйүүгө масмын. Көздөрүм жалжылдап, кайра-кайра акынды куштарлана карайм. Кайра-кайра элжиреп, арзыйм... А бирок кыялдарга батып, ойго терең чөмүлүп кеткен акын мени карачудай эмес.

Асман көпкөк. Көл да көк. Көкө-Теңирдин бири-бирине арзып, бирин-бири үнсүз тиктеген эки улуу мейкиндиги мелмилдешип, бирине-бири үзүлө карап суктанып, сулуулугунан көз тайгылып турганын айт!

Көл бетиндеги тармал толкундар гана энтелеңдешип, акынды көздөй эркелеп, эңсеп чуркашат да, кайра кайтып тереңдикке чумкушат.

Күндүн нуру көл бетине акак чачып, ал ансайын көл көрктөнүп, көздүн жоосун алып, жылт-жулт этип жыбырайт да, сезимтал акындын ыр– дүйнөсүн кытыгылайт. Акын ошого куштар. Ошого мас. Кээде чытып кабагын, кээде ууртунан жымыйып, балага окшоп күлмүң этет, карагын! А мен тойбой улам-улам жалжылдай тиктейм, ашыгымдын күнгө жуунган жамалын!

Так ошол Ысык-Көл телмире тиктеп ойго баткан, көлдөй терең, көлдөй тунук керемет ырларды жазган асыл акындын жандилине бир эле тамчы болуп, менин да баткым келет. Ысык-Көлдөй, канаттуу ырдай кыялын таппасам да, торгойдой жүрөгүнө толукшуп сүйүү каткан, түшүндө да акынды көрүп, ак таңдарда акын деп көзүн ачкан, Айдай кыздай жүрөгүнө жаккым келет!..

Сыртымдан билгизбегеним менен жандүйнөмдө алдастап, алапайымды таппай, акындын жанындамын...

Ортону жымжырттык уялап, бизди бири-бирибизге үнсүз-сөзсүз арбап, жипсиз байлаган кандайдыр бир улуу сезимдерге чырмалышып, антсе да ачык-айрым жүргөн жаным чыдамым жетпей, акыры ооз комузумду алдым дагы күүгө салдым. Күү – «Арман күү» деп аталчу. Тээ көчмөнчүлүк маалында көчүп баратып, аты мүдүрүлүп, бешиктеги баласын сууга агызып ийген армандуу эненин армандуу күүсү.

Алыкул мени бир кылчая карап алды. Далайга чейин унчукпай ооз комузга кулак түрдү да, эмнени ойлогонун билбейм, бир убакта ууртунан болор-болбос күлүмсүрөп койду. Күү бүткөн соң төш чөнтөгүнө колун салып, кичинекей бир сүрөттү алып чыгып көрсөттү.

– Ай-ий, агай! Бул аябай сулуу кыз экен го! Аты ким? – деп сүрөткө үңүлө караганымда, акындын көздөрү күлүңдөп, өзү да сүйкүмдүү боло түшүп:

– Атыбы? Аты – Айдай, – деди. Сүрөттөгү кыздын сүйкүмүнө суктанганым менен, саал ичим тызылдап, белгисиз сулуудан акынды аста кызганып кеттим. А бирок Алыкул агайдын жүрөгүндө ушул кызга болгон сүйүү эле эмес, арман да бар экенин туйдум.

– Агай, тагдырыңар бир болгон жокпу? – дедим этият үн катып. Акын оор улутунуп алып:

– Жок, Жамийлаш! – деди. – Анын өмүрү өтө кыска экен. Сиздин «Арман күүңүз» айткандай өтө сүйкүм, асыл жандардын өмүрү да чектелүү болот белем... Ошол армандуу махабаттын арты менен бир чоң дастан котордум. Ушул китепке менин Айдай кызга арналган махабатым кошулуп, ал гана эмес айрым бир саптарында Айдайдын аты да калды. Мисалы:

Махабат бирде уудай, бирде балдай,
    Махабат бирде учкул жагалмайдай.
    Махабат – булуттардын арасына,
    Кылт этип кирип кеткен кайгылуу АЙДАЙ!

Ортону саамга тынчтык, жымжырттык уялап, акын а кезде балким, Айдай сулууну ойлоп аткан болсо, мен акындын өзүн ойлоп, аяп, атургай ыйлагым да келип, өзүмдү араң-араң кармап отурдум. Анымды сезгич акын байкай койгон сыяктуу, бат эле кайра кепти улап кетти:

– Ии, баса, баягы экөөбүз кездешкенден кийин жүрөгүмө эки махабат бирдей дем-күч берип, котормону ушунчалык тез аранын ичинде кантип бүтүргөнүмдү өзүм да билбей калдым. Мынакей, сүйүүнүн керемети! – деп чындап эле кубана сүйлөп, көл жээгиндеги жер үйлөрдү жаңсай айтты:

– Тээтигил үйлөрдүн биринде Курман деген аксакал жашайт. Өгүнү келип эле ошол кишинин кер жоргосун сурап минип, мобу көрүнгөн Аксуу тоосун айланып келдим. Аябай серүүндөп, көңүлүмдү ачтым. Атургай сен жөнүндө да ыр саптары келди...

Мен заматта жарк этип, акынды жалжылдай карап күлүп ийдим:

– Айтсаңыз? Ал кандай ыр?

– Албы? Азыр айтам, – деди да ошол ырын окуду. Бул ыр саптарын кийин китебине бир аз өзгөртүп, түзөтүп жазыптыр. А бирок, ошол кезде кандай окуса, так ошондой боюнча мен жадымымда жаттап калгамын. Анда Алыкулдун кереметтүү коңур добушун көлдүн шоокуму коштоп, кооздоп турган:

– Ай, Жамийлаш, Жамийла!
    Күрмөм менен камчым калса айлыңда,
    Алып бербей катып кой,
    Мен калп таштайм аларды...
    Баарыдан да түбөлүккө жаныңда,
    Өзүм кошо калсам кана, айлыңда!..

Көөдөнүмдү дүкүлдөтө ургулап, айра тээп чыгуучудай жүрөгүм туйлайт. «Дагы! Дагы окуса экен!» – дейм каалоомдо. Анымды билгендей акын дагы ыр окуйт:

– Рас, Айдайдын айдай элесин,
    Сен азыраак бересиң.
    Кечигип бирок жолуктум,
    Ким тосот саат жебесин?!..

– Рахмат, агай! – дедим чындап эле жетине албай. – Ырларыңызды жазбай эле жаттап алдым.

Ошондон кийин Алыкул бөлмөсүнө барып китеп, кагаздарын таштап келди. Ал келгиче мен жээкте байланган көк кайыктын чынжырын бошотуп, даярдап койдум.

Алыкул мени колумдан кармап, кайыктын баш жагына отургузду да, өзү кайыкты айдады. Мен ооз комузумду черттим. Көл шоокуму менен куштардын үнү күүнү коштоп, ага кошул-ташыл махабаттын кудурети бүткөн бойду балкытып, көлдө сүзүп бараттык.

Алыкулдун Ысык-Көлү! Кереметиңден кагылайыным ай!

Ысык-Көл кээде тынч да, кээде толкун,
    Толкуса толкунуна тең ортокмун.
    Турмушта канча курдаш күтсөм дагы,
    Бир сырдуу мындай курдаш күткөн жокмун!

Ысык-Көл кээде тынч да, кээде толкун,
    Жарга уруп жаркылдаткан жаштык отун,
    Турмушта канча курдаш күтсөм дагы,
    Бир кыял мындай курдаш күткөн жокмун...

– деп Алыкул жандай сүйгөн жаркын көлүм!

Ошондо да кыз кыялы, арзуусунан көлдүн касиети канчалык жакын сымак, көлдү суктана тиктеп, кайыкты айдап баратты акын. Эки өрүм узун чачым көл үстүндө жайылып, алда кайда чубалып жүрөт. Акын бир убакта ошону карап, ойго батып кеткен экен. Аңгыча эле бутумдун алды шылдырап, кайыкка суу толо баштаса болобу!

Аны деле байкабайт акын. Акыры түтпөй кетип:

– Агай! Мени сууга чөктүрөйүн деп атасызбы?! – деп ийсем оюнан «селт» деп чочуп, алдастап шашып калды.

Кайыктын тумшугун жээкти көздөй имерип, канчалык калдалактап, карбаластап кара терге түшүп кетсе дагы жол арбыбай, кайыктын калактары сууга бирде тийсе, бирде тийбей... Ансайын менин боорум эзилип, күлкүмдү тыя албай кыткылыктайм, шок жаным.

Жээкке чыккандан кийин өзү да мага кошулуп, экөөбүз тең бир жыргап күлүп атабыз, күлүп атабыз. Мен акындын катуу каткырып күлгөнүн ошондо гана бир көрдүм. Болбосо, суз гана ууртунан күлүмсүрөп коюучу.

Ошол учурунан пайдаланып, мен да ыгын таап ыр сурап, эркелете да, эркелей да элжиреп карадым:

– Агай?..

– ?..

– Ыр окуп бериңизчи?

Эки бетим дуулдап, от менен жалын болуп ысып-күйүп, акындын көздөрү көздөрүмө чагылыша түшкөндө ийменип жер карадым. Сөзгө сараң акын узакка унчукпай, тунжурай түшүп анан:

Сүйдүм сени, көзүм түшүп көркүңө,
    Бир күндө эмес, бирге жүргөн көп күндө.
    Мындай иштен унут калган жанымды,
    Салдың кайра махабаттын өртүнө.
    Эгер шоолам, мени аясаң азыраак,
    Сүйбө мени, мага бетиң өптүрбө.

Сүйдүм сени, сүйүү эрки бар чакта,
    Азга жетпей, көптөн куру калсак да.
    Алда качан унут калган нерсени,
    Алек кылып, алсыратып чарчатпа!
    Эгер күнүм, мени аясаң азыраак,
    жакындатпа, жаш колуңду карматпа!

Түшүн эркем, мааниси бар булардын,
    неге сенден сүйбөгүн деп сурандым?
    Эгер сүйсөң: көргө башым кирсе да,
    Кол алдыңда кулдук уруп турармын.
    Ошондуктан сүйбө дедим жалынып,
    Сүйүп калсаң кимге менин убалым?..

Көөдөнүмдү жүрөгүм дүкүлдөтө ургулап, ичимден: «Эмнеге, агай? Эмнеге?!» – деп энтиге, ызаланып да, анын ушунчалык табышмактуу, тоң кыялына таң калып да, ыйлагым келип жер тиктедим. Ушул саам да: «Эмнеге эле минтем?! Эмнеге басырынам? Аркамдан калбай арзып, антсе да мага жетпей арманы аттын башындай далай жигиттер жүрсө!..» – деп ойлодум. Бирок ал ойлорум заматта эле каякадыр житип, сиңип кеткенсип, өзүнөн-өзү жок болуп, табылбай кетти. Анткени, алардын бири да, миңи да мени өзүнө Алыкулча арзытпайт! Алыкулча бири дагы алдастатып, акылымдан адаштырбайт! Түн уйкумдан ойготуп, жүрөгүмдү делөөрүтүп, сагындырып, жалындатып жалынтпайт!

Сүйүүнүн күчүн кара! Эзели эч кимди теңине албас текебер, эликтей элтеңдеген эрке кыз минтип, заматтын ортосунда жоошуп, токтоло түштү.

Мени Алыкул кээде аяр, аяй карап алчу. Бир эле карап, көз кырын салып өткөн ирмеминен мен ушундай бир жылуулук туюп, ансайын ошол караш мени өзүнө имерип, жипсиз чырмап алчу. Бир күнү менин сыдырым жел аймалап, делбиреген саамайымдан аста сылап, жакамды түздөп, бүчүлүгүмдү кармалаган болду да... бат эле кайра мени унуткан сыяктуу өзү менен өзү болуп, ары бурулуп кетти.

Ушул түнү түк уктабадым. Акын агайымдын ар бир кылык-жоругу, ар бир сөзү, ар бир көз карашы көз алдыма тартылып, кээде ууртумдан күлмүңдөп, жүрөгүм кубанып, кээде ыйлап, ызаланып, түшүмө көл, акын кирип, эртең менен да акындын элеси менен көзүмдү ачтым. Атургай колумдан калемсап да түшпөй калды. «Койчу, Алыкулча жаза албаган соң, калем кармап кантем?!» – деп кээде кагаз, калемден боюмду, оюмду ала качканым менен, а бирок болбой эле ага ансайын тартылып, жалгыз муңдаш, сырдашым ошол экөө болуп, жүрөктөгү бугумду, сүйүүмдү ошого төкчүмүн.

Алыкулдун Айдайга болгон сүйүүсүнүн күчү, керемети мени ого бетер жалындатып, мени кошо сүйгүзүп, күйгүзүп, махабаттын улуулугуна ынандырып таштады да, «Акындын сүйүүсү» аттуу мына мындай саптары бар эң алгачкы поэмамды жаздым:

Душманын жайлап, заманым жайнап,
    Жоокерлер элге кайткан кез.
    Айланам жаркып, Ысык-Көл чалкып,
    Ар качан эсте бир элес.

Гүлкайырлар атыр желге термелип,
    Көгүш асман, көгүш көлгө дем берип!
    Кой-Сарынын хрусталдай тунугу ай,
    Көздү арбап, акактары иргелип...

Аркы-терки басып жүрөт меймандар,
    Сайма топу беш көкүлдүү кыздар бар.
    Менин көзүм бир адамга кадалып,
    Менин оюм түйшүктөнөт саналып.

Ак көйнөктүн кайрып алган жакасын,
    Кара өтүктүн кычыратып такасын.
    Гальфе шымдын чөнтөгүнө кол салып,
    Алып чыгат курч ырлардын канчасын.

Жанындагы бир адамга кайрылып,
    – Рахматуллин, – деп сүйкүмдүү кеп салат.
    – Мен кичине лира издеп келейин,
    Сизге таңдан жолугамын деп калат.

Башын ийкеп басып кетти ал агай,
    Бажырайып акын агай көөнү жай.
    Көзүн сүзүп, ойлуу басып баратат,
    Көңүлүндө татаал ойлор, ар кандай.

Көк шибердин көлөкөлүү жагына,
    Көгүш көлдүн шарпылдаган шарына.
    Аралашып, отургучка отуруп,
    Көз жиберет айланага-баарына.

Анан колун төш чөнтөккө жиберип,
    Кичинекей бир сүрөттү имерип.
    Карай берет, карай берет мелтиреп,
    Калемине сыйкырчыдай ой келип:

«Махабат – бирде уудай, бирде балдай,
    Махабат – бирде учкул жагалмайдай.
    Махабат, ала көөдөн кээ бирөөнө,
    Кор болуп, ар бирөөнө алдангандай.

...Мен үчүн булуттардын арасына,
    Кылт этип кирип кеткен кайгылуу Айдай»...

Мына ошол Айдай кыздын сүрөтү,
    Бекем кысып жүрөгүнө сүрөттү:
    «О, асылым! Сүйлөшөлү, жаркыным»,-
    Күңгүрөнөт элжиретип жүрөктү...

Кап-кара каш, чыбыкчадай ийилип,
    Кундуз чачы эки ийнинде ийилип.
    Бото көзү, татынакай эрини,
    Кымкап топу кыйшайыңкы кийилип.

Аппак сулуу, сүйлөп ийер баштанып,
    Мөлтүр көзү, өткүн сындуу жаштанып.
    Кереметин, касиетин карачы?!
    Улуу акындын ич дүйнөсүн аңтарып!

***

– «Оо Айдайым! Эсиңдеби баягы:
    Бийик адыр, Кайырманын аягы.
    Сен экөөбүз суу жээгинде гүл терип,
    Андан ары карагатка барганды.

Кол кармашып, каткырышып баратып,
    Тикенекке балтырыңды канатып...
    Мен каныңды мөлтүр сууга жуугузбай,
    Сыя кылып, ушул ырды жаратып...

Оо, ашыгым! Ошондогу күлкүң ай!
    Ободогу жылдызга учар үнүң ай!
    Жалбыз кечип жайнап турган гүлүм ай,
    Жакут болуп көздү уялткан күнүм ай!

Ич эзилткен илебиң ай, кебиң ай,
    Кыздан башка, нурдан бүткөн перим ай.
    Көңүлүмдүн, көл сыяктуу толкуну,
    Бул дүйнөдө, табылбаган теңим ай!

И, баягы, кепке тойбой сырдашып,
    Кетиптирбиз алда качан кырды ашып.
    Аңгыча эле, мөндүр... нөшөр аралаш,
    Келбедикпи... Айлыбызга түн катып.

Мына ошондо экөөбүз тең сыркоолоп,
    Улуу максат, зор тилекке каргыш ооп!..
    Айым сенден, түбөлүккө айрылып,
    Күч кеселден мен да минтип онтолоп...

Сулуу издеп, сендей таба албасмын,
    Мен сүйүүгө сеникиндей канбасмын.
    Көлгө келем, көлгө келем сагынып,
    Көл экөөңдү алмаштыра албасмын!»

***

Жалгыз өзүм бир кайыкты алдым да,
    Жандай сүзүп, маңдайыңда термелдим.
    Алаксытып, кыялынан акынды,
    Кыя тиктеп, кичи пейил кол бердим.

– «Отуруңуз, акын агай», – дедим мен,
    Карашы суз... Жандай басып бирге тең,
    Көк кайыктын төр жагына келди да,
    Тиктеп турду ойлуу терең көз менен...

Ажарланып келсе дагы көп ак куу...
    Ачылбаган ала булут сыяктуу.
    Акын агай сөзгө сараң, бир сырдуу,
    Бир мүнөздүү, чайпалбаган бир жактуу...

– Агай, сизден бир ооз ыр суранам?..
    – Сулуу кыздар суранганга кубанам!.. –
    дедиңиз да окудуңуз мындай ыр:

«Топчуңду кармап көргөнүм,
    Жүрөгүң кандай дегеним.
    Чачыңды сылап көргөнүм,
    Акылың канча дегеним,
    Ушул ыр сага бергеним!»

Кыпкызыл жүзүм манаттай,
    Кыйналып кеттим заматта.
    Мен дагы гүлдөй кыз элем,
    Топ бозойго карматпай...

Эх, чиркин!.. деп кыялымда түнөрдүм,
    Андан бери далайын кечтик күндөрдүн.

Кийин Алыкул да Ысык-Көлүнө бир канча ирет кайтып келип, мени издеткен экен. А бирок, мен анда эчак туурумдан учуп кеткемин. Ошол агайым кеткен алгачкы күндөрдөн тартып эле менин тагдырымда татаал дагы, өтө оор окуя, жагдайлар жаралып, мен өмүр бою өчпөгөн өксүккө кабылдым. Турмуштун көп кыйынчылыгын тартып, согулуп-кагылдым. А бирок, антсе да ак жаркын агайымды сагынып, кыялымда ал тарапка дарыядай агылып, алыс-алысты умсуна тиктеп, анткен менен жете албай кош карегим талыгып... Агайымдын ар бир кыймыл-аракетин, көзүн, сөзүн эстеп, эстеген менен жете албай дегдеп, сары оору болуп, анткен менен так ошол көкүрөгүмө каткан махабатым кайра мени канча азаптан дарылап, жашоого бел байлатты.

Кандай болгон күндө дагы, бул өмүрдөгү менин бир катуу өксүгүм ушул... Мен ошондо Алыкулга ак сүйүүм менен кошо аруулугумду, актыгымды кошо арнасам болмок экен дейм, атаганат! Баягы-баягы, бак ичинде агайымдын шагын сындырып, томсортуп кете бергенимди эстесем!.. Ансыз да кыз абийиримди бир эле күндө, бир эле көргөн ким бирөөгө тебелетип, тепсетип салдым!.. Кантейин, кызым! Эстесем эми да армандан ичим эзилет!..

Бул мындайча болгон.

1946-жылдын жаз айы болчу. Бир күнү эле кошуна үйдө жашаган Сахипжамал деген курбум энтелеңдеп кирип келди. Көздөрү ойноктоп, кубанганынан жүзү албырат. Бир орунга тынч отура албай ойдолоктоп, ойсолоктойт.

Ичине каткан, батпай аткан бир укмуш сыры бар экенин туюп-билип, антсе да ачыгын билгенге чын ыкылас менен ынтызарланып мен:

– Ай, сага анчалык эмне болгон?! – дейм.

– Жамийлаш! Бүгүн кечинде мен күйөөгө тийем! – дейт ал.

– Күйөөгө?!

– Ооба!

– Тентигеби?

– Анан кимге болмок эле?!

Тим эле бир укмуш, жыргалга кетип аткандай кубанып, тегеренип бийлеп, кыңылдап ырдап, анан:

– А сен мени узатып барасың! – дейт. – Барасыңбы, Жамыке?!

– Кайда?

– Талды-Сууга да! Билсең керек, атасы колунда бар, айылдын бай кишиси эмеспи. Тамаша карыячы?! Барам деп койсоң, Жамыке?!

– Болуптур, – дедим курбумдун жакшылыгынан баш тарта албай. – Узатса узатайын.

– Апам менен сиңдим билбесин, – деди ал,-Алар билсе каршы болушу мүмкүн.

Кетип баратып, бир нерсени унутуп калгандай кайра да бир кылчайып:

– И, баса, Жамийлаш! Тентинин жаңы эле аскерден келген Жекшен деген досу бар экен, – дедим аны анчалык деле этибар албай. Экөө эки ат менен, экөөбүзгө эки ат жетелеп келишет, – деди.

– Жакшы болуптур.

Ошентип, кечинде болжогон жерден кезигишип, төрт ат минген төртөөбүз Талды-Суунун көл жээгиндеги бир кыштагы тарапка шатыра-шатман бет алдык. Турмуш курууга бел байлап, бири-бирине көңүлдөрү төп түшкөн эки жаш! Алардын сүйүүсүнө, анты-шертине күбө болуп, турмуштун улуу жолуна узатып, коштоп келаткан – биз, Жекшен деген жигит экөөбүз! Анткени менен кыялымда алысты ойлоп, Алыкул агайымдын элеси менен эрмектешип, элжиреп ичим ысып, андан башка эч ким, эч бир нерсе көзүмө көрүнүп, көңүлүмө уюбай, жашоодо Алыкулдан башка бардык ырахаттын баарын танып, баардыгына кайыл боло сыртымды салып, мага алдыртан көз кыйыгын салган, аскер кийимчен береги жигитке текебер тартып, теңсингим келбей келаттым. Атургай Сахипжамалды аяй да, таң кала да кылыя карап коём.

Тентинин үйүндөгүлөр даяр экен. Сахипжамалга ак жоолук салып, ырым-жырымын кылып көшөгө тартышты.

Көрсө, Жекшендин да ою бузулуп, мен тарапка көңүлү ооп калган экен. Аны кайдан билейин. Качан гана колдон-буттан алышып, башыма зордоп ак бөртмө жоолук салып, көшөгө тартканда гана адашып келип азапка өзүм малынып, ак туйгундай алдастап, тозоктуу торго чалынып, армандан өзөгүм өрттөнүп, артыма кайта албай эки көзүм төрт болуп, өкүттө калганымды бир билбедимби, арман күн!

Жамийла апа саамга тунжурай түштү. Андан аркысын айтпай коёбу деп, ичимден уйгу-туйгу түшүп кеттим. А бирок, батынып үн ката албай, мен дагы демимди ичиме катып, жымылдаган жымырттыкка тунуп отурдум.

Апа ыйлап атыптыр. Ээгине байлай салынган бир байлам ак жоолугунун учу менен мөлтүлдөп төгүлгөн көз жашын аарчыды.

– Апа, ыйлабаңызчы... – дедим акырын. Аны деле уктубу, укпадыбы... Бир оокумда оор улутунуп алып:

– Кечир мени, Алыкул?! Кечир? Ыйлабайын дебедим беле? – деп өзү менен өзү сүйлөшүп аткандай күбүрөндү да:

– Мен куруюн, кызым. Эсиме алда нелер түшүп атпайбы, – деди. Мен дагы ошол учурдан пайдаланып:

– Апа, андан аркысын айтсаңыз, Алыкулга кийин кантип кезиктиңиз? – дедим.

Жамийла апа кеп учугун андан ары минтип улады:

– Ошентип, курбум экөөбүз бир айылга келин болуп калдык. Экөөбүз келген эки үй чоң көчөнүн эки жээгинде, коңшу турчу. Мага караганда, бирок Сахипжамалдын жашоосу алда канча жакшы болчу. Өзү айткандай, Талды-Суудагы оокаттуу деп саналган, бардар үй-бүлөнүн бүлөсү болду. Күйөөсү Тамашаев Тенти да атасынын жолун жолдоп, билимдүү, белдүү кызматкер болду деп уккам. Кийин да өткөн-кеткенден сурамжылап жүрдүм. Айылдын башкармасы болуп жүрүп, сексен жашында көзү өтүптүр дешти. Курбум Сахипжамал тогуз бала төрөп, тогузу тең азыр орун-очок алышып, жакшы кызматтарда иштейт дешет.

– А... сиздин күйөөңүзчү?

– Ал мен кеткенден кийин өтө кыйын абалда калган экен, шордуум. Канчалык мен бой салбай, таптакыр жуурулуша албай сирпилдеп атсам деле ага кайыл болуп, жандили менен жакшы көрөрүн айтчу. Кай бир кезде аячумун. А бирок, канчалык өзүмдү-өзүм алдап, өзүмдү-өзүм кыйнаганым менен, мен Алыкулума болгон ак сүйүүмдөн тана албадым!

Жекшендин атасынын улуу байбичеси, кичи аялы болуп эки зайыбы бар эле. Алардан төрөлгөн кызыл чиедей балдар Жекшен менен он эки. Мына ошол көп бүлөлүү үй-бүлөнүн бар түйшүгү босогону кандай аттасам, так ошондой менин мойнума түштү. Анын үстүнө айылдагы элдин калың катмары а кезде өтө жарды жашачу. Согуштан кийинки кыйын мезгил эле да. Мага тарткан кырк курак эски көшөгө эми дагы эсимде, көз алдымда турат. Башыма салган жоолук дагы эң эле эски, бөртмө жоолук болчу. Бирок мени чүнчүткөн ал деле эмес, жүрөгүмдөгү башкага болгон арзуу, башкага болгон эңсөө, сагыныч болчу! Өзүң деле ойлочу, мен Алыкулга аны кантип теңейм? Канткенде аны алмаштырам?! Алыкулдай жүз жылда гана бир туулчу улуу адамга болгон улуу махабатымды кантип мен башкага арнайм?! Анте албадым!

Күндө эки-үч маал күйпүл-ала болуп, эшиктеги кемегеге от жагып, чоң кара казанга жарма жасайм. Кээде ушул кара казан менен бир чака суу бата турган чоң сары самоор дагы чоң үй-бүлөнүн жумуруна жук болбой калат. А мени болсо андай кезде ойлогон киши жок. Үйдө он эки калай табак болор эле. Качан мен аларды калдыратып алып чыга баштаганымда күйөөм жардамга туруп келүүчү да, кыдырата сунуп чыкчу. Казандын түбүндө мага эки-үч ууртам калса калып, калбаса өздөрүнө өп-чап жетет. Күнүгө ушундай. Абдан жүдөп, чүнчүп кеттим. Көздөрүм киртийип ары кирип, жаагым шимирилип, бир жагынан турмуштан кыйналсам, бир жагынан санаа басып, соолуй түштүм. Эгерде эле, жанымдагы адамым Жекшен эмес, Алыкул агайым болсо, бар түйшүктүн баарына тең кайыл эмес белем дейм!

Агайым, менин! Бейкапар жүргөн кезимде, дүрбөлөң салып сезимге, анан дагы... бурула карап кылчайып, телмире тиктей калганың сүрөт сымак, эч качан өчпөй жашап калды эсимде! Кагылайын агайым ай! Мени мынчалык арбаган, жашоонун азап-тозогун тартып, азайып бүтөөрүмдө кайра түшүмө кирип алдаган, кандай гана кадыры артык, касиеттүү жан элең?!

Абалкыңдай кайра да бир жолугуп, тунжурабай сырыңды айтып ачылсаң, Айдай кыздын ордуна Айдайым бол деп чакырсаң, томогомду үзүп толукшуп, тотукуш болуп тууруңа учуп барат элем!.. А бирок жок, кабарың! Бийик-бийик учууну самап, сиздей жарык жылдыз боло албасам да, тек гана сизге суктанып, сиздин жаныңызда жансам деп, а бирок капастан учуп чыга албай, күйпүл-ала көп аялдын бириндей көңүлүм кирдеп, көл кылаасында байланып көпкө жүрүп калбадымбы!

Менин шорума жараша атам дагы ал кезде «жеп койду, ичип койду» деген тоголок каттын капшабы менен кесилип кетти. Жалгыз кызынын минтип шорго малынганын байкуш атам сезип, билген чыгаар. Анткен менен айласы канча?! Өз энем Алымкан да үчөөбүздү төрөгөндөн кийин өмүрдөн бат эле өтүп кетип, мен өгөй эненин колунда калдым. Ал киши, ыраматылык, өтө каардуу, заардуу киши боло турган. Менин жанагинтип тири карак болгонум да бир чети ошондон улам окшобойбу. Ал эми менин түгөйүм (эгиз болчубуз) Камийланы башка бирөөлөр багып кетип, жашоо-шарты начар үй-бүлөгө туш болгон үчүнбү, кургак учук менен ооруп он үчүндө жайрап калды. Менден кийинки инимди да бирөөлөргө беришиптир. Өгөй апабыз Нуркандан бирок сиңдилүү болгом. Аны кийин өз колум менен Керим Жакшылыков деген артист жигитке күйөөгө берип, алардын уулу Талгар Жакшылыков азыр искусствонун таланттуу өкүлү эмеспи.

Ошентип, бир күнү демейдегидей эле кара казанга тамак жасап, түтүнгө какап-чакап отурсам, колума гезиттин бир кичинекей айрындысы урунуп калды. Ала коюп эле карасам, жап-жакшынакай бир келиндин сүрөтү менен жаш таланттарга кайрылуу жүрөт: «Эгерде ыр жазууга өнөрүң болсо, ушул дарекке кайрыл»... деп тексттин аягына өзүнүн үй номурун, көчөсүн жазып, этегине «Нуркамал Жетикашаева» деп коюптур.

Көктөн тилегеним жерден табылып, түнөргөн күнүм бир аз ачылып, үмүтүм «жылт» дей түштү. Болгон күйүт, арманымды ырга айлантып эжеге кат жаздым да, так ошол дарек боюнча жөнөтүп ийип, кайра жообу келеби, келсе кандай кабар угар экемин деп жол карап күтүп калдым. Кудай жалгап, бир күнү таң эрте эле кат көтөрүп почточу келатат! Катты окуп, сүйүнгөнүмдү анан сураба! Күйөөсү согуштан өлүп, жесир калган Бүкөш деген аялдыкын көздөй чуркадым. Кубанганымдан шашкалактап, какап-чакап атып катты окуп бердим. Жалгыз мени түшүнгөн, сырымды угуп, муң-кайгымды бөлүшкөн бирден-бир ишеничим ушул болчу.

– Мен эми чыдап күтө албайм. Бүгүн түндөн калтырбай эптеп качырып ийсеңиз?! – деп аябай сурансам, макул болду. Жолума жол азык камдап, түнүчүндө Түптүн мүрзөсүнө чейин узатып келип, кайра тартты эле, айланайын. Жөө-жалаңдап, ээн талаада эрбең-сербеңдеп, элеңдеп коркуп, антсе да өжөрлөнүп, түнү менен жүрүп отурдум.

Эми ойлосом эсим чыгат. Ит-кушка жем болуп, ээн талаа, эрме чөлдө сөөгүм сөпөт болобу деп деле ойлобопмун. Жедеп чарчап, эки аягым жылбай калганда гана ар кайсыл чийдин түбүнө, таштардын коңулуна томурайып кулап калам да, анда-санда көзүмдү илинтип, улам-улам бөксөрүп, түбүнө түшүп бараткан кара түйүнчөктөн чымчылап оозума талкан салам. Күндүн ысыгы төбөмдөн өтөт. Эки бетим күнгө күйүп, тызылдап ачышат. Эриндерим кеберсийт. А бирок мен ага деле кайылмын. Мени эртеңки күндүн үмүтү, жакшылыгы алга жетелейт. Башкача айтканда сүйүүнүн күчү, касиети колдогон экен, мени. Чарчап-чаалыкканымда, алдан тайып, көздөрүм тунарганда Алыкулумдун адеп жолуккандагы ак көйнөкчөн кезин эстейм. Бак ичинде белимден имере тартып, моюнумдан жумшак жыттап өпкөнүн... Анан, күрөң жоргону күмүш менен жабдып алып, алчактата минип артынан издеп барганым... Көк кайыкта мен олтуруп, ал айдап, акындын бир башкача жалт карап алганы... Ушунун баары, баары көз алдымда жакут менен күмүштөй жарк-журт эте чагылышып, жаныма дем-кубат берип, мелмилдеген мейкиндикте кандайдыр бир максаттарга умтулуп, сүйүүм менен бактымды издеп капастан качып бараттым!

Көп жүрдүмбү, аз жүрдүмбү ким билсин, айтор кайсы бир күнү жолумдан эки-үч жепирейген жер там кезикти. Иңир түшкөн маал болчу. Четки бир үйгө кирип барсам чүтүрөйгөн кара кемпир бала-бакырасы менен отуруптур. Келиниби, мен курактуу дагы бир жаш зайып жүрөт.

– Үйүңүзгө бир эле күн түнөтүп койсоңуз, апакебай?! Таң эрте кайра жолго чыгам, – дедим босогодо. Ал кезде жолоочуну «Кудайы конок» деп ким болбосун түнөтө берүүчү.

– Түнөй гой! Жаман үйдүн бир булуңун эмнеге аяйын?! А бирок тамак-аштан жардыбыз, балам! – деп көк сүткө бир кенедей талкан көөлөп, кымыран чайын берди.

– Рахмат, апа, – дедим ошого эле жетине албай. Кемпир да, келини да, кызыл чиедей балдары да анткен менен мени таңгала да, бүшүркөй карашат. Катын кишинин кайырчынын кейпин кийип, жөө жалаңдап минтип жолдо жүргөнү чыны менен эле аларга өөн учурагандыр? Мүмкүн.

Жат-жатка келгенде жаш келин мени бир башкача кылыя тиктеп, эмнегедир мыскылдуу күлмүң этти да, алдыма жаман кара тердикти жая салып коюп эшикке чыгып кетти.

Көрсө, оңбогурдун билгени бар экен! Таңды таң атканча кирпик көзүн ирмебей анан чамынып чыкпадымбы. Жанагы тердиктин бети кантала менен бүргөнүн ордосу окшойт. Улам бир жерим «тыз», улам бир жерим «тыз!..» этет. Эки колумдун чама-чаркы чак келбей, тытынып отуруп таңды атырдым. Эртең менен баары эле мени чоочуркай карашат. Эшикке чыгып алып, кичинекей таш күзгүмө карансам, эми бир укмуш айланайын! Бир да бир соо жерим жок. Эки бетим кызыл-жаян эле кан! Тулку-боюм андан бетер! Ачыгып калган кантала, бүргөгө оңой олжо болупмун көрсө!

Он беш күн, он беш түн дегенде ошентип Фрунзеге жеттим. Август айынын жыйырма экиси экен. Чөнтөгүмө каткан баягы дарек боюнча Нуркамал эжемди издеп келаттым. Кечки шамдары жанган, жакшынакай кооз калаа! Мен издеген үй – айтылуу Сталин көчөсү – 15. Эки кабат, касиеттүү имарат. Антип айткан себебим, ал үйдө ошо кезде кыргыз адабияты, маданиятынын жалаң залкарлары, өнөрпоз, артисттери жашачу.

Күүгүм талаш так ошол үйдүн кире беришине араң жетип, андан ары жылууга дарманым келбей, эси оогон эмече шалдайып, эңги– деңги болуп эле колу-бутумду сунуп ийип, талпайып отуруп калыпмын. Бир убакта колуна кызыл өрүк комузун көтөрүп, белине белдемчи тартынып, кемсел кийген бир аял өтүп баратып:

– Э, сиңдим, өзүң жаш эле экенсиң. Ушундай чаңда кантип отурасың? Уят эмеспи! Каяктан келдиң? – деди.

– Көлдөн... – деп кымырылып, жыйналган болдум. Аял менин үстү-башымды бир сыдыра карап алып:

– Кимди издеп жүрөсүң?! – деди. Мыскал Өмүрканова деген атактуу ырчы ушул экенин кийин тааныдым. Аны адегенде билди дейсиңби! Антсе да колумдагы комузунан, ыраңынан анын да тегин аял эмес экенин боолгоп аттым.

– Нуркамал эжени издеп келдим, – дедим.

– Апей, ботом! – Комуз көтөргөн аял мага каш кага, таң кала карады:

– Нуркамал баятан бери эле жаныңдан өтүп атпайбы?!

– Мен аны тааныбайм да. Бирок, сүрөтүнө окшобойт... – деп чөнтөгүмдөгү гезиттин айрындысын алып чыксам:

– Ботом, жүрү! Көрсөтөйүн, – деп колумдан тартып тургузуп, ичкери жетеледи. Өйдө көтөрүлүп, бет маңдайдагы көк эшиктин коңгуроосун басты. Эшик ачылып, үйдөн ушунчалык сулуу, чачы сыйда түйүлүп, кулагындагы күмүш сөйкөсү желбиреп, гүлдүү жашыл халаты шуудураган Нуркамал эже көздөрүн ботонукундай жайнатып чыга келди. Ушунчалык мээримдүү, назик аялзаты экен. Тоо гүлүндөй жыпар жыты ого бетер аны ажарына чыгарып, магниттүү көз карашы жүрөгүмдү жылытты.

– Эжеке, сизге кат жазбадым беле. – Мен Жамийламын... – дедим үнүм каргылданып. Нуркамал эже:

– Жамийла?! – деп күлмүң эте:

– Кел, келе гой, – деди да, менин калтырак баскан колумдан кармап, өзүнө тартты.

– Аябай чарчап, кыйналып келгенсиң го, – деди кебетеме кабатырланып. Ушунчалык таза, жакшынакай жасалгаланган үйгө кирип, өзүмдүн кебетемден саал жийиркенип да, уялып да кымырыла түштүм.

– Сабира! – деди аңгыча Нуркамал эже анымды байкай койгон сымак ким бирөөнө кайрылып. Аркы үйдөн бойго жетип калган кыз чыга калды.

– Ваннаны тез жага койчу, садага!

– Азыр, жеңе!

Көп узабай эле жанагы кыз кайра кедип:

– Ванна даяр, – деди. Нуркамал эже мени ваннага коштой келип:

– Шашпай, жакшылап жуунуп ал, – деп анан:

– Жамийлаш, бирок үстүңдөгү бул киймиңди кайра кийбей эле койсоң, – деди акырын, аста сүйлөп.

– Макул, эже. Бирок... – деп ыңгайсыздана түшсөм, оюмду окуй койгон эжекем:

– Мен башка кийим берем, – деди күлүмсүрөп.

 

***

Ар бир жолу Жамийла апага барып, өткөн-кеткен күндөрүнүн, акынга болгон алгачкы да, акыреттик да махабатынын ачуу-таттуу учурларына күбө болуп, угуп, сурап келем да, чыпчыргасын коротпой кагазыма чиймелейм.

Эмнегедир, чыныгы турмуштан алынган, таза махабатка жуурулушкан бул окуяларды көркөмдөп жазуу – мага ушунчалык ырахаттуу, жагымдуу дагы. Ар бир жолу үстөлүмө өбөктөп отуруп атып, кандайдыр бир жыргалга бараткандай, каяккадыр шашыла да берем. Көңүлүм көтөрүлүп, көөдөнүм көөп, өрөпкүй түшөм. Улуу акындын руху жанымда, жүрөгүмдө турган сымак, сүрдөөдөн кээде жүрөгүм дүкүлдөйт... Бет маңдайымда илинген акындын сүрөтүнө сыйынам.

Анда-санда, кагаздан баш көтөрө бергенимде маңдайымда отурган Бактыгүл Чотурова эжеме көздөрүм урунуша түшөт. Көпчүлүк убакта ал ыр жазып аткан болот. Тулкусун мында таштап коюп, жандүйнөсүндө кандайдыр бир алыс-алыс, башка жактарда, таптакыр бөлөк дүйнөдө учуп жүргөндөй калкып, термелип ойго батат. Тээ бир убакта гана «жарк» этип бир жадырай түшөт. Бала төрөп алгандай, же дүнүйө таап алгандай кудуңдап, кубанычын кайсыл жакка, кантип сыйдырарын билбей минтип турганы – демек бир жакшы ыр жазып алганынын белгиси. А бирок, ага чейин эле канча бир азап, канча жол бар? Кээде өзүмчө: «Алыкул өңдүү акындар ырды кантип жазышты экен? Алар дагы кээде-кээде жымылдаган жымжырттыкты, жалгыздыкты жактырып, эргүүнүн эч нерсеге алмаштыргыс ажайып мүнөттөрүн бирөөлөрдөн кызганышты бекен...» дейм.

Аңгычакты эшик кагылат... А бирок андайда деле Бактыгүл эжемде кейип-кепчип, беймаза болуу деген жок. Тескерисинче, эшиктен келген ар бир кишини атайын күтүп, сагынып отурган адамча жылуу, жумшак тосуп алып, ким-кимисинин көңүлүн оорутпай угуп отура берет, отура берет... А бирок акындын эки көзү менен эси– дарты калемсаптан өтүп атканын алар туймак беле. Кээде эшикти ичинен кулпулап алмайды үйрөнгөнбүз. Андайда биздин сары телефон жаналекетке түшүп кетет. Ал «чар-р» эткен сайын мелмилдеген жымжырттыктын өзү дагы «селт» этип, ой-чабыттар чакчалекей боло түшөт.

Бул ирээт да трубканы Бактыгүл эжем көтөрүп:

– Ооба, «Кыргыз Туусу» сизди угуп атат. Жакшы, жакшы... – деп анан, – Аа... Азыр мен Жыпарга берейинчи, – деп трубканы мага кармата койду.

– Алло, жакшысыңбы, балам?

«Балам» дегени менен үнү жаш эле адамдыкындай коңур, салабаттуу, салмактуу сүйлөгөн адам ал-акыбал сурады.

– Рахмат, жакшы...

– Мен жанагы «Алыкулду сүйгөн кыз» деген макаланы үзбөй окуп аткан, деги эле «Кыргыз Туусунун» ардагер окурманымын, – деп анан бир аз чегинүү жасай:

– Бу жанагы... Жамийла деген байбиче өзү аманбы? Көзү барбы, айланайын? – деди.

– Бар эмей, ата. Ошол кишинин өзүнүн оозунан угуп жазып атабыз.

– Анда эмесе, Сахипжамалды күйөөгө кантип узатканы жөнүндө жана ал кызга өмүрлүк жолдош болгон Тенти жөнүндө Жамийла айтып атпайбы: «Тамашаев Тенти элге кадыр-баркы бар адам болчу. Айылдын башкармасы болуп жүрүп, сексен жашында көзү өтүптүр»... деп?

– Ооба.

– Эмесе, так ошол Тамашаев Тенти деген мен болом, кызым!

– ?! – эмне дээримди билбей саамга буйдала калдым эле, кепти ата өзү улап кетти:

– Байкуш Жамийла! Акыры аман-эсен турбайбы...

Ата андан аркысын айта албай, солуктап ыйлап аткан сыяктанды.

– Алло, ата? – дедим күнөөлүү эмедей акырын үн катып.

– Баятан бери өткөн-кеткенди, балдарымдын энесин эстеп, ыйлап атабыз, балам. Оюңа алба, – деди ата каргылданган, ый аралаш үнү менен.

– Ата, шаарда турасызбы? – дедим сооротууга башкачараак жол таба албай.

– Ооруканага жатып чыктым. Үч-төрт күндө Көлгө кайтам.

– Сизге жолуксам болобу, ата?

– Болот, – ата шаардагы үйүнүн телефонун берди. Андан кийин Жамийла апага телефон чалып Тенти ата менен азыр эле сүйлөшкөнүмдү айтсам:

– Койчу?! – деп чочуп кети.

– Ырас айтам, апа. Сиздин дарегиңизди бердим. Жолуксам болот эле деп атат...

Эртеси күнү белгилеген жерден кезигишип мен, Тенти ата жана көлдөн бирге келген кудасы Аскер байке, жээн небереси Надира болуп Жамийла апаныкын көздөй бет алдык...

Тенти ата узун бойлуу, арыкчырай келген, өзүнүн жаш курагына салыштырмалуу бир топ эле жаш көрүнгөн, айткан– дегени өтө орундуу, көптү көрүп, көп билген, маданияты да бир башкача жогору адам экен. Сахипжамал апанын баягы, күйөөгө кетээрдеги кубанганын эстеп алдым. Апанын ошондо кубанганы жөн экен. Жаш кезинде аябай эле сулуу жигит болсо керек, – дедим оюмда. Жол бою атадан көп нерсени сурап алууга да үлгүрдүм. Байбичеси Сахипжамал апа менен алты бала багып-өстүрүшүп, абдан ысык, ынак жашашкандарын айтты. Укум-тукумдары уланып, отуз неберелүү, алты чөбөрөлүү болгондо, жакында эле – мындан эки жыл мурун апа бул жарык дүйнөдөн кетиптир. Ал эми Жекшен ата Жамийла апа кеткенден кийин бат эле калмак кызына баш кошуп, үч балалуу болгон дейт. Өзү болсо элүүлөргө келгенде көзү өтүптүр.

– Жамийла апанын качып кеткенин качан билдиңиздер? Издедиңиздерби? – десем:

– Ал кезде күйөөдөн «кетип калуу» деген өтө сейрек кездешчү. Адегенде айыл ичи бир дүрбөй түшүп басылган. Кийин-кийин шаарда эле, аман-эсен экен деп укканбыз. Бирок акыркы жылдары дайны билинбей кетти эле... Ошол жаңы келин болуп биздин айылга келгенде эле ыр жаза коюп жүрүүчү. Ачык-айрым, шайыр келин болчу. Чыны менен эле Жекшенге такыр бой салбай, чанып жүргөнсүдү эле... – дейт Тенти ата.

Жамийла апа демейдегиден башкачараак болуп алыптыр. Үстүнө сыйга кийүүчү сыйда көйнөгүн, бутуна тумшугу узун шиш такасын кийип, башына (балким жашыраак кездеги бекен) жылтырак сым өткөрүлгөн үлбүрөк кызыл жоолук салынып, ак саргыл жүзү албырып, кубанганынан кудум жаш келиндей чырайына чыга түшкөнү мени суктантты.

«Адамдын көңүлү – гүл» деп бекеринен айтышпаса керек. Тээ качанкы эски тааныш, жаштыгынын керемет да, кейиштүү да кездеринин бир каарманы Тенти атага болгон сагынычы, күтүүсү, өткөн күндү эскерүүсү аны бир эле түндө бир топ жашка жашартып, өзгөртүп ийген сыяктуу.

Мен коңгуроону бастым. Эшикти апанын уулу ачты. «Экөө кантип кезигээр экен?» – деген суроо мени эле эмес, ошол убакыттын өзүн дагы кызыкдар кылгандай, үйдүн ичи жымжырт болуп, көз ирмемге демин ичине жутуп, тунжурай түштү. Аңгыча аркы үйдөн Жамийла апа ашыгып чыга калып:

– Ой-й!.. – деп Тенти атаны тиктеп саамга селейе түштү. Экөөнүн тең көз алдында баягы-баягы керилип кербез күткөн кер мурут жигит менен кылтылдаган кыялкеч кыздын ордуна сексендин сересине чыккан ак чач эне менен аксакал карыя турган. Мезгилдин, убакыттын «усталыгын» карабайсыңбы!..

Экөөнүн тең жүрөгүндө өрөпкүү бар эле. Бири-бирине, жаштык кезге, өткөн-кеткендерге болгон сагыныч менен кусалык алардын кош карегинде мөлтүлдөп, төгүлүп кетүүчүдөй жайнап турган. А бирок бири-бирине кучак жазууга да даай алышпай, саал чоочуркашкан сыяктуу тиктешип туруп калышты. Бир чети, жарданып карап турушкан бала-бакырадан, бизден дагы ийменишти көрүнөт.

– Байбиче, бери жакыныраак, маңдайыма отурчу. Мындай... – деп Тенти ата орун алып, баарыбыз уй мүйүз тартып отурган соң курдашын өзүнө жакыныраак чакырып тамашалады:

– Көз начарлайт турбайбы, карыганда. Кана, баягы Жамийласыңбы, башкасыңбы? Бери болчу, жакшылап карайын.

Ошол ирмемдерди сүрөтчү сүрөткө тартты.

– Ии, эми айтчы, – деди Тенти ата кайра да тамашалай:

– Сен эмне үчүн күйөөңдү таштап, баягыда качып кеттиң?!

– Качпаганда анан эмне кылам?!

– Арыз арманыңды айтып, мага эле келбейт белең!

– Апе-ей, сага бара турган болсом эмнеге качам?!

Ата да, өзү да күлүп, өткөн-кеткенден кеп сурашып, көргөн-билгендерин айтып, көпкө кобурашты. Жамийла апа ооз комуз чертип, Тариэл уулу экөөлөп өз колу менен жасаган «Бурулчанын селкинчегин» көрсөттү. Кыргыз кийимчен, селкинчек тепкен куурчак кыздын кырк өрүм узун чачына Тенти атанын небересинин чачын окшоштуруп:

– Сахипжамалга окшош экен, – деп маңдайынан сүйдү.

– Талды-Суудан кантип качып, Фрунзеге келгениңди го гезиттен окудук. Эми, андан аркысын айтчы, байбиче. Андан аркы тагдырың, көргөн күнүң кандай экен? Арзып сүйүп, алыстан издеп, атайын дегдеп келген Алыкулга анан кезиге алдыңбы, жокпу? – деди Тенти ата. Биз да кулак түрүп, ошол окуянын учугун апа бүгүн кандай улаар экен деп, дымый калдык.

 

***

Жуунуп да аттым, ыйлап да аттым. Буга чейинки тарткан кайгы-муңумду, жолдо көргөн азап-тозогумду, баарын-баарын ошол көз жаш менен чыгарып, суу менен жууп, агызып салгым келди. Ошенттим, чыны менен эле мен үчүн эми жаңы жашоо, жаңы адамдар, жаңы күндөр башталды. Жалгыз гана эскирбей, эч нерсеге, эч кимге да алмашылбай ошондон ушул убакка чейин жашап, жан дилимде, жүрөгүмдө сакталып, улуу адамга болгон алгачкы да, акыреттик махабатым, улуу сүйүүм калды.

Нуркамал эжекем өзүнүн бир сыйра кийимин баштыкка салып, мен жуунуп бүткөн кезде киргизип берди. Ошондо бутумдан башыма чейин ошол эжемдин кийимин кийгенимди мен эми дагы уялып эмес, сыймыктанып айтаар элем. Эжемдин таптаза жуулуп, татынакай үтүктөлгөн бир сыйрасын кийинип алып, аппак болуп чыга калсам, өзү кошо жарк этип күлүп, кубанып кетти. Анткени менен али камыр-жумур боло элек үй-бүлөдө саал кысынып, алар менен чогуу конок үйүндө дасторкондо отурсам, эшиктен коңгуроосу шыңгырап калды.

– Ой, Касыкем келди окшойт. Ырас болбодубу, – деп Нуркамал эжем хандын кызындай болуп, ордунан бир башкача кериле туруп барып эшикти ачты. А менин жүрөгүм «дүк-дүк». Үстүндөгү плащын чечип, колун жууп, бир далайда анан үстүбүзгө капкара чачын артын көздөй жылмалап тараган жакшынакай бир адам кирип келди да, мени көрүп таң калып да, тамашалай да:

– Экинчи Нуркамал болуп бул кыз каяктан чыга калды?! – деди мени мостоё тиктеп.

Нуркамал акырын сүйлөп:

– Касыке, бул – Жамийла деген кыз. Көлдөн келди. Акын болсом, окусам деген тилеги бар экен. Кат алышып жүрдүк эле... Өзүңдүн карындашың болот, – деди.

– Каяктагы карындаш-парындаш?! Менин эч кандай карындашым жок! – деди чындаганы, же тамашалаганы билинбей. Эки бетим ысып-күйүп, ыйлап ийчүдөй ызаланып жер тиктесем Нуркамал эжем:

– Жамыке, байкең өзү тамашакөй. Анын айткандарына капа болбо. Биз көнүп калганбыз, – деди башкача бир жакшынакай күлүмсүрөп. Эжем өзү өтө аз сүйлөчү. Анткен менен билими, маданияты, адамгерчилиги ушунчалык бийик, керемет аялзаты болучу.

Ал эми үйдүн ээси, эжем Касыке деп аткан азыркы мага ороюраак көрүнгөн тамашакөй адам, айтылуу Касымалы Жантөшов экен...

Ошол күнү Нуркамал эжем кытай жибегинен тигилген сылама узун халатын шуудурата басып, дагы бир бөлмөсүнө мени жетелеп кирди. Кирип барып эле эсим эңги– деңги болуп, буга чейин мындай укмушту көрбөгөн жаным аңкайып эле туруп калыптырмын. Китептер тим эле тирелип, тизилип турат. А береги столдун үстүндө эң жакшынакай ваза коюлуп, куштун канатынан үчөө салыныптыр. Эжекем анан ошол отургучтун бирине өзү олтуруп, бирине мени олтургузду да, жанагы куштун канатын үлбүрөй кармап, аппак дептерге шурудай тизип ыр саптарын жазып атты. Анын отурушунун өзү эле бир укмуш болчу! Айрыкча, мен алигидей куштун канатын Пушкиндин гана калемсабы деп түшүнчүмүн. Эми аны менен эжекем жомоктогу периштедей суйкая тартып, ууртунан күлүмсүрөп жазып олтурат!..

Мага да аңгыча ошол калемсабын узатты. Колдорум калч-калч этип, денем бир башкача дүркүрөй түштү.

– Жаза гой, – деди эжем. Буга чейин сыя менен шалтактатып араң жазып жүргөн жаным эжекем сунган ак кагазга чекемден тер чыпылдап отуруп мына буларды чиймеледим:

«Жеттим, жеттим!
    Жетип көңүл ачтым мен.
    Куттуу үйдөн
    Куттуу даам таттым мен!
    Ой, кубаныч! Айланамды карасам,
    Кызуу эмгек, элим шаттуу,
    жерим шаң!
    Келечекке жеңиш менен баратам!
    Нуркамалга жакшылыкты,
    Эмне менен жаратам?..
    Жамыйла».

Эжекем ырды окуп, жүзү албырып жайнай түштү да, кайра буларды жазды:

«Жамыке! Тилектешмин талабыңа,
    Кубандым, казыналуу каламыңа.
    Кайтарып кат аркылуу жаздым эле,
    Сиңдим бол? Жообум ушул саламыңа.
    Иште, иште! Иштегенден талыкпа,
    Атың калсын, үлгү болуп тарыхта.
    Иште, иште! Чын бар экен талантың,
    Талантыңды тааныт элге, аныкта!
    Нуркамал».

Ал күн бир башкача күн болду. Кечи да бир башкача батып, таңы дагы бир башкача атты. Ошондогу эч эсимден кетпей калган дагы бир нерсе – эжекемдин мага салган төшөгү. Башыма атыр жыттанган аппак мамык жаздап, үлпүлдөгөн ак шейшепти асты-үстүмө кастарлай жаап, маңдайымдан сылап, ары жак, бери жагымды ушундай бир мээрим менен кымтылап коюп, бөлмөдөн акырын жыла басып чыгып кетти. Өмүрүмдө мындайды көргөн эмесмин. Эртең мененкиге чейин бут серппей, ушундай бир жыргап уктаптырмын. Бир убакта эле коңгуроонун дабышындай назик үн угулуп, акырын «шыңгыр-шыңгыр» дейт. Көрсө, Нуркамал эжекем баятан бери мени ушинтип ойготуп, темир керебетимдин аягында, керебеттин бир ичке темирин акырын аста черткилеп туруптур. Башка аял болсо «тарс-турс!» этип келип эле, аткып ойготот эле да. Жок, эжемде андай кыял, андай мүнөз жок болчу. Ушундай бир маданияттуу, сыпаа, сылык, үлбүрөгөн назик жан эмес беле, чиркин!

– Ой, уктап калган турбаймынбы, – деп уялганымдан ыргып-секирип тура калсам:

– Чочуба, Жамыке. Акырын эле турсаң, – деп керилип-чоюлуп сүйлөп атканы...

Эжекем экөөбүз анан университетке келдик. Аппак шляпа, ак костюм, аппак перчатки кийип, эжекем колуна кичинекей ак сумкасын көтөрүп алган. Бизди Нурахим Алпиев деген декан агай күтүп атыптыр. Эжекемди көрүп эле ордунан тура калып, адегенде эжемдин, анан менин колумдан сүйүп учурашты.

– Бул кыз көлдөн келди. Абдан таланттуу, поэзияга талапкер кыз экен. Окуп, билим алса дедим эле... – деди эжем.

Ошентип студент болдум. Эжекем чуркап жүрүп үч кыз жашачу бөлмөдөн орун алып берди. Болбосо, бир бөлмөдө отуздан кыз жашап, бир керебетте экиден жатчу, ал кезде.

Сабакка адеп кирген күнү эмнегедир эле жүрөгүм элеп-желеп болуп туруп алды. Алыкул агайыма эми кат жазып, окууга өткөнүмдү билдирейин деп чечип, бирок бат эле кайра ал оюмдан баш тарттым. Дагы бир аз окуп, такшалайын дедим.

Анан эле бир күнү Нуркамал эжекеме жандүйнөмдө уйгу-туйгу түшө берчү кыялымды, акынга болгон арзуу, ашыктыгымды айтып, төгүлүп-чачылгым келди. Антпесем бугум ичиме батпай жүрөгүм туйлап, атургай кээде көздөрүм алачакмактап, алдастап кетчү адат таптым. Ошол кызыктай кыял-жоругумду эжекем да байкап аткандай, а балким, кыраакы жан эмеспи, байкап деле жүргөндүр, көздөрүбүз урунуша түшкөндө күнөөлүү эмедей кымырылып, эки бетим от менен жалын болуп жер тиктеп, же тескери карап кетер элем.

Бир күнү эжем экөөбүз сейилдеп чыгып, бак аралап келаттык.

Ал кезде мен абалкыдан аябагандай эле өзгөрүп калгам. Эжем өзү эмне кийсе, мага да ошону кийгизип, эже-сиңди эгиз козудай болуп ээрчишип жүрдүк. Экөөбүздүн тең башыбызда маңдай жагында майда торчолору бар аппак шляпа. Ошого өңдөш ак көйнөк, ак шиш така, каруубузда ак сумка. Эжекем менин эмнегедир айткым келип айта албай атканымды өзү жал-жал караган каректеримден окуп атты. А бирок озунуп да, кыстап да сурабай, созулуп менден сөз күттү.

Ушул жерден бир чегинүү жасайынчы...

Мен аялзатынын арасынан Нуркамал Жетикашкаевадай асыл, акылдуу, айкөл адамды ага чейин кезиктирген эмесмин. Андагы ушул сапаттарды кийин дагы эч кимден таап, көрө албадым. Анда айрым аялдарга таандык ичи тардык, көрө албастык, эрегишүү, ушак айтуу деген адаттар жок эле да. Антмек турсун эжекем ким бирөөнүн жакшы бир табылгасын көрсө, жакшылыгын укса ушундай бир жайнап, кубанычын жашыра албай толкунданып, жүзү нурданып кетээрин туюп, тымызын анын ошонусуна суктанып, таң берчүмүн. Мени да өссүн деди. Каякка барса да колумдан жетелеп алып, өзү менен кошо ээрчитип алар эле. Ошон үчүн тез аранын эле ичинде гезит-журналдарга ырларым байма-бай, эжемдин ырларынын катарында жанашып, жарыкка чыгып жүрдү. «Кызыл Кыргызстан», «Ала-Тоодон» алып композиторлор обон жазып, радиодон түшпөй ырдалып да калган. «Гүлдөгүн тынчтык» деген ыр радиодо отуз жылга жакын ырдалды окшойт. Обонун Аскар Тулеев жазып, Кыдырбек Чодронов аткарчу. «Мугалим эжемди» болсо өзүмдүн балдарым да мектептен ырдап чоңойду:

«Балбылдайт көзүң,
    Бал татыйт сөзүң,
    Ойлосом сылык мүнөзүң.

Билимин берген,
    Мугалим эжем,
    Көңүлдөн кетпейт элесиң...» – деп.

Автору казак композитору эле. Дагы бир ыр Ысыккөлдө кырк жылы чабан болгон аялга арналган «Тынаева Зуура» деген ыр. Обонун Асек Жумабаев жазып, өзү аткарып жүрдү.

Биз Жазуучулар Союзуна келгенде Аалыкем (А.Токомбаев – Ж.И.) да эжемди урмат менен тосуп алып, редакциялардын бөлүмдөрүнө ырларыбызды сунуш кылар эле...

Эмнени айтып аттым эле? Ии, ооба...

Апа жанагы үзүлгөн элести кайрадан көз алдынан чубатып, күлүмсүрөй термеле түштү...

– Эжеке, – дедим бир убакта эжеме жароокерлене жакыныраак ыктап:

– Эжеке, эгерде мен ким бирөөнү сүйөм десем, бүт эс-акылымды ошого арнап, жашоодо жалгыз гана ал деп жашап, ал деп гана бүт өмүрдү сүрөм десем... Сиз чекилик дебестирсиз?

Эжекем мени жалт карап алды:

– Эмнеге антмек элем, Жамыке! Сүйүүгө кабылуу күнөө эмес, бакыт эмеспи!

Унчукпай калдым. Жүрөгүм дүк– дүк. Кадамдарыбыз жайлап, мен сөз учугун андан ары кантип улаар айламды таппай, алдастап келатып анан, сумкамды ачып, чөнтөк дептеримди эжеме сундум. Эжем токтоп, дептерди күлүмсүрөй ачты да, ырларга көз жүгүртүп атып, эмнегедир колдорун майда калтырак басып, эки бети албырып, кызарып кетти. Акырын-акырын энтиге дем алып, мени «жалт» карады.

– Жамыке! – деди анан күтүүсүз дир– дир эткен, аптыккан добушу менен:

– Жамыке! Мурда эмнеге айткан эмессиң?! Менден жашырбашың керек эле?!

А бирок анын үнүндө таарыныч эмес, кубангандан эмне дээр айласын таппай, толкундануунун добушу угулуп аткан. Көздөрүнө ысык жаш каканактай түшүп, «мөлт» деп анан кулап кетти.

– Эжеке! – деп араң жүргөн жаным мен дагы анын кучагына куладым.

Жол бою жалаң ошол Алыкулга арналган ыр дептерди окуп бараттык.

Аңгычакты алдыбыздан Ракыш эже кезикти. Ал да айтылуу адабиятчы Сыяш Бектеновдун жары экен. Нуркамал эжемдин «Жанган жалын» деген ырлар жыйнагын көтөрүп алыптыр. Үчөөбүз ошол жердеги отургучтардын бирине отуруп алып, адабият темасында көпкө сүйлөштүк. Мен аларга «Алыкулдун сүйүүсү» поэмамды окуп бердим. Ошол учурда Нуркамал эжем бетаарчысы менен улам көзүн сүртүп, улам-улам улутунуп коюп отурду...

Үйгө кайтып келатканыбызда эжем:

«Москванын көчөлөрүн,
    Араладым ал күнү...
    Өкүнүчтүү мен үчүн,
    Өмүрүмдүн күлгүнү!..»

– деп ыр окуду. Ушул эле төрт сабы эсимде калыптыр. Бул ыр «Өмүркулга» деп аталган, кайтыш болуп кеткен биринчи күйөөсүнө арналыптыр.

– Жамыке! – деди анан менин тунжурай түшкөнүмдү байкап.

– Жамыке, мен сени куттуктайм! Улуу адамга арзып, ушунчалык аруу сүйүүгө кабылганың менен куттуктайм! – деп анан чын дили менен ушуну кошумчалады:

– Жамыке! Алыкулуң экөөңөрдүн тоюңарды мен өзүм өткөрүп берем! Көрөсүң го, укмуштуудай сонун той болот! Тойдун башына Аалыкем, Түкөм (Түгөлбай Сыдыкбеков – Ж.И.) баш болгон залкар таланттарды чакырабыз! Сенин себиңди өзүм камдайм!

Буларды эжекем бир башкача эргий айтты.

– Эрте го, – дедим мен сыр бербемиш болуп. – Кичине окуюн, эжеке...

Менин улуу адамга болгон ак махабатымдын дайнын угуп, ошол улуу сезимдин торгойдой жүрөгүмө тоодой күч, кубат берип, тоо кушундай томогомду үзүп, турмуштун ак, кара көбүк чачкан толкундарына бой уруп, акыры тозбой тоскоолдуктарды жеңип!.. Так ошол сүйүүдөн кайра толукшуп толкуп турганымды туюп, Нуркамал эжекем абалкысынан да бир башкача ажарланып, бирок мага бир нерсени айта албай аткан сыяктуу анда-санда акырын улутунуп, алдыртан муңайым, аяр карап, жүрөгүнө бир нерсени бекитип жүрдү...

– Эжеке, – дейм мен дагы ансайын кыстап. – Эжеке, Алыкул агай тууралуу айтып берсеңиз?

Эжекем андайда ууртунан күлүмсүрөйт да:

– Алыкул... Ал бул жарык жашоого бир башкача жаралып, бир башкача туулган улуу талант! – дейт. Анан эжекем Алиман Жангорозова, Бейшегүл Үмөталиева үчөөнүн эс алууга Кой-Сары курортуна барганын, Алыкулдун «Жолборс терисин жамынган баатырын» баш көтөрбөй ошол курортто жүрүп ыйлап да, жыргап да окуп, таланттын күчүнө таазим этип, таң калып, адамдардын арасында асылдыгы сыртынан анчалык деле байкалбай, азыраак сүйлөп, көп ойлонгон өтө түнт, анан калса карапайым, өтө эле карапайым акындын улуулугуна суктанып, так ошол учурда бир эле ирет бетме-бет жолугушуп, ойлор тунган кыраакы көздөрүнө тигилип, алысты туйган, акындык зирек көкүрөгүнө сезим-туюмун жөнөтүп, анын жандүйнөсүн бир таң калып, суктанып карап тургусу келгенин, а бирок акындын ага мүмкүнчүлүк таптырбай, жылгыздыкты жанына жолдош кылып, эч кимге кошулбай элден четтеп, ойлоруна, ырларына жуурулуштуруп, ошол чексиздикти эркелетип, ээндикти сүйүп... экинчи кайра келбес бул жашоого өлбөстүктү тургузуп... бу жарык жашоого ыр чачып жүргөнүн айтчу.

А бирок, андан кийин деле мен эжекемдин жүрөгүндөгү баягы мен туйган табышмактуу, ошончолук маанилүү дагы купуя сырдын түйүнү чечилбей, дүпүйүп дагы эле өйүп, көкүрөгүндө калып калганын туюп жүрдүм.

Бир күнү анан, ошол сырдын түйүнү минтип чечилди... Адатымча шаңкылдап күлүп, шаңыраңдап шашып кирип келсем эжекем терезеден алыс-алыс телмире тиктеп, термелип ойго батып, муңайып туруптур. Ошондо да анысын билгизбегенге аракет кылып, мага бурулуп күлүмсүрөй карады. Демимди ичиме катып, саал жоошуй түштүм. Көп учурда өзүмдөгү Нуркамал эжеме эч бир окшобогон, тарсылдаган ачык, шаңкылдак мүнөзүм үчүн уялып, кымырыла түшчүмүн. Бул жолу да ошенттим.

Эжекем унчукпай келип, мени кучагына кысты!..

– Жамыке, – деди экөөбүз жетелешип келип отурган соң.

– Жамыке... – көздөрүмө телмире тиктеди.-Сага бир кеп айтайын дедим эле...

– Эмне кеп, эжеке?! – жүрөгүм бир башкача «болк» этип, аңтарыла түшкөнсүдү. Ал кептин эмне жөнүндө экенин ачык билбесем дагы, анын Алыкулга түздөн-түз тиешеси бар экенин жүрөгүм туйчу.

Эжекем көздөрүн ала качып кетти. Ордунан туруп, кептин төркүнү ошол жакта жүргөн өңдүү, тээ каяккадыр кайра эле муңайым тиктеп, узакка унчукпай туруп калды...

Жамийла апа ушул жерге келгенде өзү да унчукпай, ошондогу Нуркамал эжеси экөөнүн жымжырттыкка тунган көз ирмеминин так өзүн мелмилдеп аккан мезгилден сурап, карызга кайрып ала койгонсуп, үйдүн ичин тунжуратып жиберди.

Шүүдүрүмдүн тамчыларындай тып-тып этип, мөлтүлдөгөн көз жаштары биринен сала бири ашыгып, этегине таамп атты...

Биз дагы демибизди ичибизге каттык...

– Жамыке, эгерде акынды акындын жүрөгү менен сүйсөң, менин бул айтканым анчалык деле эч нерсеге татыбас! А эгер... – деп эжем мени таарынтып албайын дегендей жаныма келип, колумду кармап, акырын унчукту. – Эгерде сенин жүрөгүңдө сүйүүгө туташ башка дагы даңкка кызыгуу сыяктуу ой-максаттар болсо..

– Жок, жок! Акындын улуулугуна, талантына таазим эткеним чын. А бирок...

Эжекем кепти улап кетти:

– Анда... Мен сага Алыкулдун оорусу тууралуу айтайын дегемин...

– Оорусу?! – ыргып-секирип кетипмин:

– Ал эмне, ооруп атыппы?!

– Жок, жок!

– Эжекем мени жоошута адатынча назик сүйлөдү. – Ал азыр жакшы эле... Дегинкисин айтам да...

«Дегинкисин...» Жүрөгүм мыкчылып, бырчалана түштү. Ыйлагым келди. Жер астын-үстүн болуп, көздөрүм караңгылашып, карегимди жаап каканактаган ысык жаштан эч нерсе көрүнбөй кетти. Дагы бир нерсе деп сурайын десем, алкымымды көрүнбөгөн жип менен кимдир бирөө муунта байлап салгандай үнүм чыкпай, а бирок «ошондой улуу адам кантип оорусун?» – деген бир балалык баёо сезимге алдана түшүп, чыйрала калдым.

Эжекем оор улутунуп алып:

– Бул жөнүндө сенин билбегениңди туюп, а бирок кандай сезимде калат деп, айтууга даабай жүргөмүн. Анткен менен акыры аны билишиң керек да. Азыр мен жашырып койсом, а балким кийин мага таарынат белең... – деп анан эжем менин көздөрүмө тике карап. – Эми калганын өзүң чеч. Жүрөгүң менен, сүйүүң менен сүйлөшүп, кабыргаңа кеңешкин. «Кургак учук» деген оңой менен дабасы табылбас, куураган оору экен... кантебиз? – деди.

– Дарыланбайбы? – дедим акырын унчугуп.

– Кимдин эле оорудан оңолгусу келбейт, Жамыке. А бирок...

– А мен аны баары бир сүйөм, эжеке! Баары бир! – ыйлап ийдим.

– Сиңдим, менин! Садага болоюнум! Ошент! – Эжекем мени кучактады. Эжемдин көкүрөгүнө башымды жөлөп, жагымсыз кабарга сагыныч менен махабатым кошул-ташыл болуп, араң жүргөн жаным булкулдап көпкө ыйладым. Эжекем да ыйлады, а бирок анын өзүнүн да Алыкулдукундай оорусу бар экенин анда мен каяктан билипмин?

Бир убакта эжекем менин маңдайымдан сылап:

– Сен жашсың да, Жамыке. Ден соолугуң таза, организмиң күчтүү эмеспи. А балким сага жукпайт чыгаар... – деди.

Ошондон тартып мага чиеленген көп түйүндүн сыры ачылды. Алыкул агайымдын баягы-баягы көл жээгиндеги:

«Эгер жаным, мени аясаң азыраак,

Сүйбө мени, жаш колуңду карматпа»!.. – деп эле мени өзүнө анчалык жакын жуутпай, көздөрүмө да тике карабай, каректерин ала качып, тоңдоосун тартканына таң калып, ызаланган күндөрүмдү эстедим.

О, менин агайым! Көрсө, оорунун азабын тартып, ошон үчүн элден четтеп, чүнчүп жүргөн экенсиң го?!.

Ошондон кийин гана агайымдын кез-кез күрсүлдөп жөтөлө каларын эстедим.

Түнү менен бир кызыктай түштөр кирип, ал түнү улам уйкумдан чочуп, түйшөлүп чыктым. Эмнегедир ылдам эле таң атып, ылдам эле эртеңки күндүн келишин самадым. Эми мени эч ким, эч нерсенин токтотууга кудурет, дарамети жетпечүдөй, элирип алдым. Эптеп эле таң атса, агайымды издеп таап, моюнуна колдорумду ороп, жалынып-жалбарып, керемет жытынан канбай кайра-кайра жыттагылап: «Мен сизди сүйөм, агайым! Сүйөм! Мен эми баарын билем! Эмнеге менден оолактап, көздөрүңүздү ала качып... эмнеге элден четтеп, эч кимге кошулбай жалгыздык менен көлүңүздү, ырыңызды гана эң жакын жолдош кылып, ошолорду эш тутуп... эмнеге, эмнеге менин көкүрөгүмдө буркан-шаркан түшкөн ак сүйүүмө мерездик кылганыңызды да, баарын билем! Көп нерсеге кедерги болгон, көрсө ошол кендири кесилген кесел турбайбы! Агай, так ошол ооруңуздун азабын өмүр бою өзүңүз менен бирге тартайын? Жыргал-кууралыңызды тең бөлүшөйүн. Макул десеңиз, Алыкул агай?! Суранам?!» – деп ой чөккөн каректерине тигилгим келип атты. Ошенттим. Түнү бою кыялымда да, түшүмдө да ошентип жалооруп, бирде күлүп, бирде ыйлап, чабалактап чыктым.

Эртең менен сабагыма келдим да, ар ким-ар кимден акырын сурамжылап атып, Алыкул агайымдын дарегин таптым. Абалкы: «Балким мени жактырбай атпасын?»... деген бир бүдөмүк суроо менен ыза желге айланып учуп чыгып, жиги билинбей чексиздикке житип кеткен сыяктуу, кандайдыр бир ишеним менен үмүт мени арзуунун ак кемесинде калкытып, агайым тарапка агызып алып кетип баратты.

Ошол көчө, ошол үйгө ошондон кийин канча бир ирет кайра-кайра айланчыктап келип, алысыраактан акмалап карап туруп, а бирок «үйдө баатыр, жоодо жок» болуп, кыялымда канчалык керемет кептерди келиштире кынап, даярдап алганым менен, ал жерге келгенимде келмем оозумдан түшүп, жүрөгүм кабынан ыргып кетүүчүдөй ылдам-ылдам кагып, денемди майда калчылдак басып кетчү. Буттарым тушалып, жолдун аркы өйүзүндө агайымдын үйү жакты жалдырап карап, жансыз немедей бир далайга турчумун да, кайра артыма кайтчумун...

Дагы бир күнү сабактан кийин Алыкулдун үйүн карап, ары-бери басып жүрүп анан, Нуркамал эжекемдикин көздөй жөнөдүм. Эжекем экөөбүз маңдай-тескей отуруп чай ичтик.

Билбейм, Нуркамал эжекем анда Алыкул экөөбүздүн ортобуздагы сезимдердин аруу, акыреттик болушун эмнеге анчалык каалап, эмнеге чын жүрөгүнөн тымызын күйүп-бышты экен? Алыкул үчүн ошентти бекен же мен үчүнбү деп кийин-кийин өзүмө-өзүм суроо берип, бирок жалкы, жалгыз гана ушундай жооп таптым: Ал таптаза сүйүүнүн бар экенине чындап ынангысы, ишенгиси, болгондо да анын эч бир тоскоолдуктарга майышпас, канаты сынып, мизи майтарылбас, илеби өчпөс кудурет-күчүн өз көзү менен көргүсү келген белем?!.

Бир убакта эжекем ордунан туруп, дабыш чыгарбай акырын, бутунун учу менен басып төркү үйдүн эшигине жакын келип, ичкери кулак төшөдү да, ачкыч салуучу кичинекей көзөнөктөн ары жакты шыкаалап, андан кийин мен жакты бир башкача күлүмсүрөй, кубанычтуу карады:

– Жамыке, бери келсең?-акырын шыбырай, колун жаңсады. Мен дагы бутумдун учу менен басып, ичкери шыкааласам, аппак көйнөк, кып-кызыл жагоосун (анда пионерлер тагынчу эмес беле) желбиретип, уулу Кадыркул алдындагы ак кагазга алда нелерди чиймелеп кадыресе каадалуу чоң кишидей анысын кайра-кайра кайталап окуп, улам сызып өзүнчө эле убараланып отуруптур.

– Ананайыным, – деди эжекем уулуна бир башкача элжирей, – Кара жаным, менин. Карасаң, Жамыке, каадалуу адамча алектенип, ардемелерди жазып аткансыйт... Акын болор бекен, же жазуучу болобу?..

Эжемдин балага карата энелик мээрими, атурсун өмүрлүк жолдошу Касымалы агайга болгон урмат-сыйы дагы ушунчалык бийик болчу.

Касымаалы агай болсо (К.Жантөшев – Ж.И.) айткандай эле сумсайып туруп күлдүрүп сүйлөгөн ушунчалык тамашакөй адам болчу. Эсимде, бир күнү, сыягы жекшемби күнү болсо керек эле, Касыкем жөн жай эле эшикке чыгып кетип, кайдан-жайдан эле бир чара этти кызыл-жаян кылып көтөрүп кирип келсе болобу! Мен адегенде анчалык эч нерсени этибар албай, өз ишим менен алектенип атат элем. Аңгыча эле эжекем күйөөсүнө деп чебелектеп жиберди:

– Койсоңчу, Касыке? Дагы эмнени ойлоп таптың?

– Чүш-ш! – деп байкебиз анда сөөмөйүн эриндерине тийгизди да, этти ашканага киргизип коюп, билмексен болуп балконго чыкты. Аңгычакты эле аркы кошуналар ары-бери жүгүрүп, дүрбөп калышса болобу. Мен эжемди, эжем мени карады. Касыкемдин бул кезектеги дагы бир укмуш тамашасынын бири экенин билип атабыз да.

Бир убакта эле балкондон аркы балкондогу бирөөнө бакылдап атат:

– Э, Мусаке! Таң атпай бу... Аялың экөөң эмнеге эле элди дүрбөтүп, ызы-чуу болуп атасыңар, ыя?!

Көрсө, бир чарада додо болуп, жаңы эле сою– луп, жаңы эле жиликтелген тигил эт айтылуу ошол Муса Баетовдуку окшобойбу.

Ууру! Заматтын ортосунда түндүгүбүздөн ууру түшүп, эми эле сойгон койдун эти жок! – деди Мусакем күйүп-бышып.

– Э, ботом, эми эмне кылчубуз? Эл келчү убак болуп калды!.. – деп аялы Зулайка эже кыйпычыктайт.

– Касыке, көп эле адамды кыйнай бербей, эми ачыгын айтсаң боло... Деги, сенин тамашаң да башкача..– дейт Нуркамал эжекем кыңырылып. Ал бери жакта жүрүп эле кошуналарына кошулуп күйүп-бышып, чыдамы түгөнүп атат. Касыкем кебелбейт. Издеп-издеп акыры таппасына көзү жеткенде гана Муса агабыз айла сурап, биздикине келип атпайбы:

– Кудай урбадыбы! Өтө уяттуу кишилерди конокко чакырбадым беле. Эми эмне кылчумун? – деп.

– Деги, келе турган коногуң ким эле? – дейт байкем.

– Саякбай Каралаев, Алымкул Үсөнбаев... – деп Мусакем бир топ аттуу-баштуу кишилерди тизмектетип ийди. Кыйладан кийин гана:

– Эмне кылчумун, эми? «Чакырып-ургандай» болуп, уят болот турбаймынбы! Оозумду бирөө тырмагансып, кой соём деп айта да салбадым беле! Ушундай да укмуш болот экен, ээ?! – деп чебеленген Мусакеме боору ооруп, түтпөй кеттиби, же тамашасы чегине жеттиби, айтор Касыкем:

– Ошол да кеппи, Мусаке, – дейт эч нерсе билбеген кишиче мостоюп туруп эле:

– Ошого да ошончолук капа болосуңбу?! Ушундайда ажатыңды ачканга кантип эле Касыкең жарабасын?! Этиңдин саны канча эле?!

– Бир чара болчу! Жаңы эле сойгом...

Өтө таланттуу адамдарды башкача баёо, саал «апенди» чалышыраак келет» деп ким бирөөлөрдөн кулагым чалган. Бул жолу ошону өз көзүм менен көрүп, чын эле бир ынанып албадымбы, капырай! Мусакем ошондо да Касыкемден эч нерсени шекибей, көздөрүн жайнатып, бир арга болуучудай карады.

– Ой, андай болсо жарасы жеңил эле экен! Жүрү, мен сага ошонун ордуна бир чара эт берип турайын! – деди Касыкем. Мусакем тим эле энеси эркек төрөгөндөй кубанып, жаш балача жадырай түшүп атпайбы. Касыкем ашканадан баягыл чараны додолонтуп көтөрүп келип, Мусакемдин алдына койду:

Мынакей!

Өз чарасын айтылуу ырчы тааныган жок:

– Ой, Касыке! Ырас болбодубу! Рахмат! – деп жетине албай барпалактап, этти көтөрүп алып калдалактаган боюнча үйүнө кетти. Ал чыгып кеткенден кийин бир күлүп атабыз, күлүп атабыз...

Жамийла апанын бүгүнкү маеги ушуну менен соңуна чыкты.

Баятан бери биз менен кепке аралашып, апанын айткан– дегендерине кулак төшөп отурган Тенти атанын кайтаар маалы келип, эзелки тааныштар кош-беш айтышып, мен кошо үйдөн чыктым. Жолдо келатып:

– Тенти ата, сиз бул жарык жашоодо Жамийла апа Алыкулду сүйгөн өңдүү чыныгы, өлбөс-өчпөс улуу махабаттын бар экенин билчү белеңиз? Сиз дагы Сахипжамал апаны ошол алгачкы күндөгүдөй өмүрүнүн акыркы күндөрүнө чейин сүйө алдыңызбы? Же сүйүүнү турмуштун көртирлиги менен майда-бараты алсыратып таштайт бекен? – дедим көптөн бери кимден сурарымды билбей, көкүрөгүмдү өйүгөн суроону узатып.

– Жок, балам! Эгерде ким бирөөнү чындап сүйсөң, аны эч ким, эч бир нерсе алсырата албайт. Чыныгы сүйүү отко, чокко да чыдайт. Ал кечиримдүү, назик, кайра ошончо кайраттуу, туруктуу болот. Эгерде аны тута билсе... – деди.

«А бирок аны кантип тута билиш керек?..» Атанын жообунан кайра да бир суроо суурулуп чыкты. Кайсы бир китептен окуган саптар эсиме түштү: «Даңазалуу Наполеон Бонапарттын жээни, Франциянын андагы императору Наполеон-III өз өмүрүндө өтө катуу сүйүп, жөп-жөнөкөй эле бир княздын кызына үйлөнөт. Анын бул жоругуна бүтүндөй Франция айран-таң калып, күбүң-шыбыңдар көбөйөт. Ал тургай эң жакын адамдары, ага-тууган, акыл-кеңешчилери да: «Өзүңүз ушундай зобололуу адамсыз, кантип анан уялбай карапа-йым княздын кызын алдыңыз?! Бул кылганыңыз чекилик!» – дешет. Ошондо император бүтүндөй Францияга жар салып: « Мен аны болуп көрбөгөндөй сүйүп калдым. Мен аны эч кимге алмаштырбайм жана өтө сыйлайм!» деп жооп берет. Ал экөөнүн махабатынын ушунчалык ысык-ынактыгында шек жок эле. Император өзүнүн жаш, сулуу жубайы Евгения үчүн эч нерсени аябайт болчу. Атүгүл жаш сулуунун бир чекилиги болбогондо, ал келечекте бүтүндөй Францияга императрица да болуп калмак. Бирок, алоолонгон аруу махабаттын да, баардык жакшы ийгиликтердин да тилеги күндөрдүн бир күндөрүндө таш капты!..

Эмнегедир жаш жубайдын мүнөзү бара-бара болуп көрбөгөндөй өзгөрүлө баштаган. Кайдан-жайдан Евгения Тебская өтө кызганчаак, кыйкымчылдык мүнөздү тапты. Күйөөсү канча бир абройлуу адамдардын арасында олтурганда, атүгүл чет өлкөлүк өкүлдөр менен кеңешме өткөрүп атканда да эшикти «тарс!» эттире тээп кирип, адам чыдагыс орой, суук сөздөр менен күйөөсүн ашатып сөгүп, тилдеп, эл караган бетин далай жолу жер караткан.

Бара-бара Наполеон-III эптеп эле аялынын суук сөзүнөн, куру жемеси менен кызганып, кылдан кыйкым издеп шектене берүүчү тескери жосундарынан кутулуш үчүн шляпасын көзүнө түшүрүп кийүүчү да, түн ичинде өз үйүнөн өзү качып кетүүчү. Аялынын көзүнө чөп салам деп ал адегенде ойлогон эмес. Эми болсо, түн жамынып өзүн күтүүчү кайсы бир эски тааныш аялга, ойношторуна барчу болгон.

Көрсө, кызганыч менен кыйкымчылдык – бул сүйүүнү бузуп-жаруу үчүн шайтандардын ойлоп тапкан куралы дешет. Ал сүйүүнү уулантып, акыры өлтүрөт имиш»...

Чындыгында эле махабатты, болгондо дагы эң алгачкы ак сүйүүнү эскиртпей, так ошол абалкысындай аялуу, аруу бойдон өмүрүнүн акырына чейин сактап калуу... ар бир эле адамдын колунан келбес.

Жолду катар ушуларды ойлодум. – Ошол сүйүү үчүн кызматтан өспөй, жогорку партиялык кызматтардан жөнөкөй райгезиттин редактору болуп калгам, – дейт Тенти ата. «Кайнатасы илгери бай болчу»... – деп бирөө үстүмдөн тоголок кат жазса, мени чоңдор чакырып: «Ажыраш!» – дешсе болобу! «Жок! Балдарымдын энеси менен эч качан ажырашпайм!» – десем: «Анда мынакей!» – деп кызматтан алып коюшкан...

 

***

Биздин бала куракта узун элдин учуна аңыз болуп, бүтүндөй айылды айран-таң кылган эки ашыктын арзуусу... эми дагы эсимде. Анда алар ата-энелердин тыйып-кыскандарына карабай, мектепти бүтүп– бүтө электе эле «бири-бирибизсиз күнүбүз жок» деп баш кошуп алышкан. А кезде биз сексеңдеп ойногон секелек кыз, чыт курсак балдар элек. Ошол экөөнүн эч бир тоскоолдуктарга моюн сунбас, чагылгандай өктөм сүйүүлөрүнө аң-таң болуп, эң биринчи жолу сүйүү жөнүндө ойлонуп, эң бийик сезимдер көңүлүмдө уялап, кийин ушул экөө тууралуу дастан жазууну тилек кылгам. А бирок, менин жүрөгүмдөгү али жазыла элек дастанды... так ошол экөө, өздөрү эле бир күнү бырын-чырын чыгарып, айрып ыргытышкан. Анткени, арадан эки-үч жыл өтүп-өтпөй, мен сүйүүнүн туусу туткан ошол жубайлар ажырашып тынышкан. «Көрсө биз жаңылыппыз. Сүйүү деген жок! Анын бары жалган экен!» – дешкен алар. Мага алардын эч кандай ти-йешеси болбосо да, мен ошондо өтө катуу кейидим эле. Ызаланып, ыйлагым келген. Сүйүүнүн жок экенине ишенгем!..

Жок! Көрсө, алар анда экинчи жолу да жаңылып калышыптыр. Сүйүү бар. Өзүнүн улуулугу, түбөлүктүүлүгү менен ал дүйнөнү сактап турат! Буга жашоонун өзү күбө! Жамийла апанын Алыкулга болгон ак сүйүүсү күбө,кечээ эле кырчындай кездеринде биринин артынан экинчиси кошо учуп, сүйүүнүн бар экенин даңазалап, жалган жашоодон жанаша учуп кетишкен Канат менен Заринанын махабаты күбө!

 

(Көңүл буруңуздар! Бул жерде китептин бир бөлүгү жайгаштырылган)

Текст толугу менен Word форматында көчүрүлсүн

 

© Исабаева Ж., 2011. Бардык укуктар корголгон
    Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

 


Количество просмотров: 47104