Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Көлөмдүү кара сөз / Балдар адабияты
© Качкыналы Сыдыгалиев, 2009. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2011-жылдын 27-марты

Качкыналы СЫДЫГАЛИЕВ

Чика

(Жомок-повесть)

Жазуучунун балдар үчүн жазылган бул жыйнагында Чика аттуу баланын жоруктары баяндалган.

К. Сыдыгалиев. Чика: жомок-повесть. – Б.: 2009 китебинен алынды.

 

МАЗМУНУ

Чикан жана анын достору 
    Чиканын окуусу 
    Чиканын апасынын өлүмү
    Чика өгөй энелүү болду
    Атасынын керээзи
    Чиканын маймыл болушу
    Чиканын көргөн азабы
    Балдар маймылды издеп чыгышты
    Чика Айдар менен кездешти
    Айдар Чиканын атынан досторуна кат жазды
    Анаш, Салман, Сыйна Сиканын катын алышты
    Чиканын Цирктагы турмушу
    Чика менен Рекеттин урушу
    Чика колго түштү
    Чиканы издешти
    Чиканын акыркы оюну
    Чика каракчылардын колуна түштү
    Чика каракчылардын үңкүрүнө барды
    Каракчылардын үңкүрү
    Чиканын качышы
    Чика токойдо жашап калды
    Чиканын мергенчиге жолугушу
    Чика мергенчини бир өлүмдөн куткарды
    Чика мергенчини экинчи өлүмдөн куткарды
    Чика Токмергендин үйүнө келип кыздары менен таанышты
    Чика Гүлжамалга үйлөндү
    Чика кайрадан адам болду
    Мерген сырын айтты
    Чика Аблай хандын шаарына келди
    Чика каракчылардын үңкүрүнө кайра келди
    Чика Аблай хандын шаарынан досторун тапты
    Чика кембагалдар үчүн кам көрдү
    Каракчылар үңкүргө бирөө келгенин билип калды
    Өгөй энеси өзү издеп келгенин Чика билген жок
    Аблай хандын айлына көчме цирк келди
    Чиканын өгөй энеси Айдар менен таанышты
    Айдар Чиканыкында конок болду
    Гүлжамал ооруп табып кемпирге көрүндү
    Чиканын өмүрү коркунучта калды
    Чиканын өгөй энеси өз жазасын алды
    Аблай хандын шаарына соода кылган чоң кербен келди
    Шаардын эли каракчыларды жазалап Чиканы хан көтөрүштү

 

ЧИКА ЖАНА АНЫН ДОСТОРУ

Илгери-илгери бир кедей болуптур. Анын Чыныбек деген жалгыз уулу бар экен. Ата-энеси "Чика"деп эркелетип жүрүп Чика аталып кетиптир. Кошуналары да, бирге ойногон балдар да Чика деп чакырышчу экен. Чиканын атасы ар күнү токойдон отун алып, аны эшекке жүктөп базарга апарып сатчу экен. Отундан түшкөн акчага тамак аш алып күн көрүшчү. Атасы отунга кеткенде Чика оорукчал апасынын жанынан чыкпай колдон келген жардамын көрсөтүүчү. Күндөрдүн биринде төшөктө жаткан апасы Чиканы эркелетип сыр сурап калды:

 — Уулум, досуң барбы?

 — Бар, — деди Чика апасынын мээримдүү көзүнө тигилип, — бир эмес үчөө.

 — Алар кимдер? Атын айтчы, балким таанырмын.

 — Бирөө Анаш, бирөө Салман, бирөө Сыйна.

 — Анаш менен Салманды тааныйм, ал эми Сыйна деген кайсы бала?

Чика каткырып күлдү.

 — Сыйна бала эмес, кыз.

 — Аны мен көрдүм беле?

 — Көргөнсүз, апа. Анда— санда келе калат.

Апасы көзүн жуумп кечеки кызды элестетип жиберди.

 — Эстедим, — деди апасы уулун кучактап бетинен өөп, — көзү бакыракай, мурду кетирекей кыз эмес беле?

 — Ооба, ооба ошол кыз.

 — Ал кийин чоңойгондо сулуу кыз болот. Силер Сыйнаны ыйлатпай, тарынтпай ынтымакта болгула. Дос доско күйөт. Силер да бири бириңерге күйүмдүү болуп, бири бириңерди сыйлай да, коргой да билишиңер керек. Аңгыча Анаш, Салман, Сыйна кирип келип:

 — Саламатсызбы, апа, ден соолугуңуз жакшы болуп калдыбы? — деп учурашып калышты. Чиканын апасы уулунун досторун көрүп абдан убанды. Учурашкан колдорунан өөп:

 — Келгиле айланайындар, жогору өткүлө, — деди төрдөн орун көрсөтүп. Балдар чабалакейдей тизилип узунунан салынган көлдөлөңгө отургандан кийин жаздыгынын астына катып койгон нанын алып балдарга бөлүп берди. Сураштырса Анаш да, Салман да ата-энеси жок тоголок жетим экен. Туугандарынын улагасында жашап эптеп өлбөстүн күнүн көрүп келатышыптыр. Сыйнанын атасы жок, өзүнө окшогон оорукчал энеси бар экен. Чиканын апасы балдарга узак өмүр, чың ден соолук, көөнөргүз бакты каалап бата берди.

 

ЧИКАНЫН ОКУУСУ

    Чика сегизден өтүп калды. Апасынын айынан айылга эмес үйдөн да ыкпайт. Суу апкелип, тамак жазап, үй шыпырып айланчыктап апасынын жанында жүрөт. Апасы жатып алып уулунун тагдыры жөнүндө көп ойлонот. Бир сапар "Чиканы окутсак кантет?" деп эрине кеңеш салды.

 — Окутсак жакшы болор эле, — деп күңгүрөндү Чиканын атасы, — бирок сен кантесиң? Ал жок болсо ысык чай иче албай кыйналасың, мына ошонусу кыйын.

 — Эптеп чыдаармын, — деди Чиканын апасы чыйралып, -окусун. Окубаса балаң өзүңө окшоп караңгы болуп калат. Жок дегенде кол өнөрчүлүккө үйрөтүп кой. Кийин кор болбосун. Атасы макул болуп Чиканы эртеси шаарга алып жөнөдү. Өзүнө тааныш жыгач устага алып келип шакирттике берди. Жыгач уста ачык айрым киши экен, бакылдап:

 — Болуптур, — деди Чиканы сынай тиктеп, — бирок менин койгон талабым бар, ага макул болсо гана балаңды алам, болбосо албайм.

 — Ал эмне талап?

 — Балаң биринчиден үйгө барам деп суранбасын, Экинчиден жалкоолук кылбасын. Үйгө барам деп кайра— кайра суранып жанымды кыйнаса, жалкоолук кылса ошол замат кууп чыгам. Мына ушул талапты аткарарын балаңдын оозунан уккум келет.

 — Мен макулмун, — деди Чика иргилбей, — сиз эмнени буюрсаңыз мен ошону аткарууга даярмын. Үйгө өзүңүз урусат бермейинче барбайм.

 — Кардың ачса качып кетпейсиңби?

 — Качпайм.

 — Келе колуңду, анда! — Чика колун сунду. Уста барпайган чоң колу менен кыса кармап силкилдетти:

 — Макулдаштык. Бүгүндөн баштап ишке киришесиң.

Атасы Чика менен коштошуп жатып:

 — Балам, "Иштегениң бирөө үчүн, үйрөңгөнүң өзүң үчүн" деген кыргызда жакшы сөз бар. Ушуну эсиңден чыгарба, — деди.

 Чика устанын үйүндө калды. Устатынын айтканын кунт коюп угуп, көрсөткөнүнө назарын салып иштей берди. Таң атканда туруп, кеч киргенде жатчу болду. Барган сайын колу жатыгып кашык, сузгу, чөйчөк жазаганга жарап калды. Жыл айланбай анын жазаган идиштери базарга сатыла баштады.

 

ЧИКАНЫН АПАСЫНЫН ӨЛҮМҮ

    Чиканын атасы базарга отун сатканы келгенде күндө болбосо да жумасына бир же эки жолу уулуна келип кетчү. Акыркы жумада такыр келбей калды. Чика атасынын келбей калганына капа болуп, оорулу энесин ойлоп устаканада отурса устаты кирип келди. Өңү негедир өзгөрүп шашкан түрү бар. Чиканын жүрөгү бир нерсе сезгендей туйлап чыкты. Устат басып келип Чиканын башынан сылап:

 — Балам, атаң сени үйгө тез келсин деп айттырып жибериптир, чагымда апаң катуу ооруп жатса керек. Үйүңө барып кел, — деди дирилдеген үн менен.

Чика бир жылдын ичинде үйүн бир гана жолу көргөн. Устаты "үйүңө барып кел" дегенде кубанып кетти. Мойнуна илген алжапкычын чечип мыкка илип коюп жөнөй бергенде устаты сурады:

 — Сен үйдү таба аласыңбы?

 — Табам, — деди Чика шашкалактап, — табам. Атам менен отун жүктөшүп бир нече жолу келгем. Сөзсүз табам.

 — Жалгыз коркпойсуңбу?

 — Коркпойм, ата.

 — Коркпосоң мына үч теңге, ушул акчага келишинче кант, чай сатып алып үйүңө апар. Канча керек болсо ошончо күн жүр үйүңдө, качан атаң уруксат бергенде келгин, — деп узатып койду.

Чика базардан сатып алган кант, чайын баштыкка салып, аркасына арчындап көтөрүп чуркап жөнөдү. Күн бешим ченде үйүнө келсе сыртта беш-алты кишилер туруптур. Алардын арасында Анаш да, Салман да бар экен. Сыйна ар жакта тамдын бурчунда жөлөнүп жалгыз турат. Алар эмнегедир Чиканын алдынан суз тозуп чыгышты. Өңдөрү өзгөргөн, көздөрү жашылданган. Жамандык оюна келбеген Чика сурады: «Ой, силерге эмне болгон? — деди Чика таңданып, -же бирөөлөр менен мушташтыңарбы?» Балдар жооп айтканча Сыйна бетин басып шолоктоп ыйлап жиберди. Ошондо гана "апаңдан айрылдың, апаң өлүп калды" деп Анаш бышактады. Эч нерседен кабары жок, үйүнөн апамды көрөм деп кубанып келаткан Чиканын баштыгы колунан түштү. Ай дээрге алы келбей ботодой боздоду. Анаш менен Салман Чиканы кучактап кошо ыйлашты. Ар жакта тургандардын арасынан аксакал киши басып келип:

 — Кайрат кыл, балам. Ый менен энеңди тирилтип алалбайсың, андан көрөкчө атаңа жардам бер, — деди.

 Достор ыйын токтотуп ишке киришти. Эл өкүрүп келатканда Анаш, Салман, Чика боз үйдүн түбүндө, өлүктүн тушунда өкүрүп турушту. Сыйна ыйлап келген элдин колуна суу куюп бетин чайытты. Колдо жоктугунан энесинин кара ашына байдан карыстап бир улак апкелип союшуп энесин жерге жашырышты. Чикага бул күн бактысыз күндүн бири болду.

 

ЧИКА ӨГӨЙ ЭНЕЛҮҮ БОЛДУ

   Чика апасынан ажырап кала берди. Атасы жашоонун камын ойлоп көнгөн ишине киришти. Бир жыл тынбай отун сатып карыстарынан араң кутулуп, аялынын ашын өткөздү. Уулу экөө капарсыз жашап турганда ата атасынын жакындары чогулуп келип:

 — Үйдүн куту аял, аял болбосо үйдө береке жок. Уулуң экөөңөр кир жууп, тамак жазап жүргөнүңөр жарабайт. Үйлөнүшүң керек, — деп кысмака алышты. Атасы айласыз макулдугун берди. Мурда сүйлөшүп жүрүшкөнбү же кийин тапканбы, айтор, ошол эле жумада эки эрден чыккан аялга үйлөндүрүп коюшту. Ээрчитип жүргөн Чикага жашташ Кундуз деген кызы бар экен. Келгенде эле анын эркеси, кем акыл экендиги билинди. Ойносо оюнду көтөрө албаган, сыйласа сыйды көтөрө албаган, чоңоюп калса да энесинин этегинен чыкпаган чыр неме экен. Энеси да эби жок ачкөз, албуут болуп ыкты. Кызына болушуп Чиканы күнүгө какшатып урчу болду. Анысы ас келгенсип үйүнө Чиканын досторун да жолотпой койду. Бир күнү наш, Салман, Сыйна келсе "сен буларды чакырып келдиң" деп алардын көзүнчө Чиканын мурдун канжалата сабап, балдарды да ургулап кууп чыкты. Мына ушундан кийин алар да үйгө киргенден коркуп калышты. Эртеси балдар келип короонун артында жашынып ойноп отурушса Кундуз көрө коюп дароо апасына айтып барды. Ал адатынча айкырып таш менен ургулап балдарды кууп чыкты. Чиканын өзүн да чыгарбай камап койду. Чика балдар менен ойноодон калды. Эртеден кечке иш. Суу ташып, үй шыпырып, короо тазап, отун даярдайт. Бир жакка басып кетпесин деп кызын кароолчу кылып кайтартып койчу адат тапты. Атасы капа болбосун деп Чика атасына көргөндөрүнүн бирин да айтпайт. Атасы аны ансызда сезип жүргөн. Өзү да кыйналып бүттү. Уулун өгөй энесинин таягынан куткарууну ойлоп:"Чика шаарга барып окуусун улантсын"деп аялына кеңеш салса аялы асманайдан түшүп макул болбой койду. "Балаңды окууга жиберсең сен да кошо кет" деп жаңжал салды. Чика күнүмдүк оокат менен жашап жүргөндө атасынын отун ташыган эшеги өлүп калды. Эми атасы отунду жөө көтөрүп сатып жону жооруп, кийми тытылды. Тапкан акчасы чай менен нанга араң жетчү болду. Чика да колунун келишинче жардамдашып жүрдү. Бир сапар шаарга барганда устатына кайрылып болгон ахвалын шашпай түшүндүрдү. Ал угуп:

 — Балам, дагы эки жыл өнөр үйрөнсөң жакшы болот эле, мен жазай албаганды жазамаксың. Сенин колуң өтө жөндөмдүү. Мен сага айткан акылым отун ташып сатканды кой, бир жылдын ичинде үйрөнгөн өнөрүңдү пайдалан. Билгениңди жазап сат. Айтты-айтты дээрсиң сенин тапкан акчаң атаңкынан ашып түшөт. Атаңа узанып, усталыгың менен жардам бербесең ал силерди багам деп жүрүп зоругуп өлүп калат. Тилимди ал балам. Окуу деген эмгек, сен канчалык ынтаа коюп эмгектенсең тез эле атагы чыккан уста болуп кетесиң, — деп акылын айтып баягы өзү колдонуп жүргөн керки-чотун, кашык оё турган бычактарын белек кылып берди. Чика үйүнө келип кашык, сузгу, чөйчөк, отургуч жазап аны атасы аркылуу саткызып турмуштары аз да болсо оңоло баштады.

 

АТАСЫНЫН КЕРЭЭЗИ

Чика идиш-аяк жазап, атасы отуну менен кошуп уулунун буюм-теримдерин сатып турду. Барган сайын тапкан акчалары ичкен, жегенинен артып аздап чогула баштады. Бир күнү атасы базардан келип:

 — Балам, иш жакшы, эми жарым жыл ушиндай иштесек эшек сатыып алабыз, — деди.

 — Сиз эшек алсаңыз мен ага араба жазап берем, — деп Чика кубанды. Атасы уулунун кубанычын коштоп:

 — О, анда көп отун апарып тез эле байыйт экенбиз. Акчабыз арбын болсо ат сатып алып жер айдап буудай себебиз. Курсак ток болот. Кийим бүтүн болот, — деп уулун кучактап бетинен өптү. Ата менен бала үмүт менен тынбай иштеп жатышты, бирок кырсык болуп, атасын карагай базып капысынан каза болду. Чика кайгырып нечен күн, нечен түн ордунан турбай, тамак да ичкен жок. Акча азайып, тамак тартыш боло бааштаганда өгөй энеси Чиканын жанына келип:

 — Эй куу жетим, — деди чаңырып, — бул эмне деген жатыш? Атаң менен кошо өлөйүн дедиңби? Тур, солдоюп жата бербей! -

 — Алым жок, — деди Чика кыңкыстап, -тура албайм. Атамдын кыркы өткөндөн кийин турам.

 — Тапкан экенсиң шылтоону, тур, туруп иш кыл. Сен жатып алсаң бизге тамакты ким берет.

 — Туралбайм, — деди Чика алсыз үн менен, -алым жок. Көп күндөн бери суудан башка эч нерсе ичкеним жок.

 — Тургуң келбесе тишиңдин кирин соруп жата бер, сага тамак тургай суу да жок, — деп өгөй энеси булкунуп чыгып кетти. Чика жатып калды. Бирнече күн наар таткан жок. Суу да беришпеди. Күндөн күнгө төмөндөгөндөн төмөндөй берди. Кабары такыр билинбей калган соң достору жашырынып келип Сыйнаны эбин таап үйгө киргизишти. Бурча сүйлөргө алы келбей жаткан Чиканын жанына келип сурады:

 — Эмне бир жериң ооруп жатабы?

 — Эч жерим ооруган жок, — деди Чика кургап жарылган эрдин жалап.

 — Анан эмне жатасың?

 — Алым жок.

 — Тамак ичтиң беле?

 — Жок.

 — Эче күн болду?

 — Көп күн болду. Турсам башым айланат. Тырнактай да ал жок. Сыйна сыртка чыгып Чика ачка жатканын айтты. Ошол замат үчөө үч тарапка тамак издеп жөнөштү. Ар кимден сурап Сыйна бир кезе сүт, Анаш бир кочуш талкан, Салман бир үзүм нан таап келишти. Сүткө талканды чалып ичирип, нанды жегизишти. Мына ушул күндөн баштап үчөө өздөрүнө тийиштүү тамактан катып досуна жашырып берип турушту. Бир жумадан кийин Чика сыртка чыгып акырындык менен иштеп кетти. Ал мурункудай эле кашык, сузгу, аяк, чара табак жазап өгөй энесине карматты, ал базарга апарып сатып келип турду. Күндөн күнгө Чиканын усталыгы артып, анын жазаган идиштери жогорку баага сатылып турду. Кийинки жазагандары мурункудан алдаганча жакшы жазалып, ою салынып, ар түрлүү сыр менен келтирип сырдап койгонго сатып алган адамдар ага тамак куюп урунбай эле текчеге көрсөтмөгө коюп калышты. Мына ушундан баштап Чиканын багы ачылып байлар, колунда бар адамдар заказ берип кезек күтүп калышты. Ансайын ал баарлык ынтасын коюп, идиштердин улам жаңы түрүн жазап жатты, Өгөй энеси идиш-аякты кымбатка сатып байый баштады. Дүнүйө көбөйгөн сайын өгөй эненин кежирлиги да көбөйүп, пейили да бузулду. "Бул баланы колдон чыгарбайын, эптеп көндүрүп кызымды алып берип күйөө бала кылып лайын" деп ойлой берди. Бир күнү тамак ичип отурганда өгөй энеси:

 — Чика мен сага өз энең эмесмин, өгөй энеңмин. Кундуз сенин бир тууган карындашың эмес, муну билишиң керек, — деп сөздү алыстан баштап калды. Жыландай арбаган өгөй энесинин оюна түшүнбөй Чика ийнин куушуруп койду.

 — Эмне экен, — деди Чика капарсыз, — сиз атамдын аялы болгон соң өгөй болсоңуз да апасыз, кызыңыз мага карындаш болот. Өгөй эне калп эле жашыган болду.

 — Кеп ушунда, — деди жаш чыкпаган көзүн шилекейлеп сүртүп, — мен бул сөздү сени тарынтайын деп айткан жокмун, бир нерсени түшүндүрөйүн, атаңдын керээзин аткараййын деп айттым.

 — Атам эмне керээз айтты эле? — деди Чика ичкен ашын жерге коюп.

Өгөй энеси калп эле улуп-уңшуп ыйлап:

 — Атаң тирүүсүндө, кокус менин көзүм өтүп кетсе уулумду кызыңа үйлөндүрүп кой. Антпесең кедей байкуш карыганча катын алалбай бул дүйнөдөн бойдок өтөт деген. Мына ушуну түшүндүрөйүн деп, шарият боюнча сен менин кызыма үйлөнүүгө болорун билдирейин деп айтып жатам, — деп жоолугунун учу менен көз жашын сүрткөн болду. Бул сөз баланын жүрөгүнө жаанын огундай сайылды. Өгөй энесинин сөзүнө ишенген жок. Атасы тирүүсүндө, чогуу токойго барып жүргөндө: «Балам, үйлөнгөндө өңүнө көп кызыкпай, акыл эстүү кызга үйлөн. Болбосо бактың ачылбайт. " дечү. Энесин ээрчип келген өгөй кызын абдан жек көрчү. »Бул Кундуз акылсыз, муну алган эркектин шору" деп көп айтар эле. Эми өгөй энеси эби жок калп айтканына жини келип:

 — Мен айткан сөзүңүзгө ишенбейм, калп! -— деп ордунан атып туруп эшке жөнөдү. Өгөй энеси астынан тосуп жайпактады:

 — Айткан, балам, айткан. Ишен. Калп айтсам кудай урсун, — деп карганып жиберди.

 — Баарыбир ишенбейм, — деди Чика жулкунуп, -атам бул сөздү эч качан айтмак эмес.

 — Эмне үчүн?

 — Анткени кызыңыз келесоо. Акылсыз.

 — Ушундайбы?

 — Ушундай! --Чика сыртка жөнөдү.

 — Келесоолукту, акылсыздыкты сага көрсөтөм, — деди өгөй эне муштумун көрсөтүп ызырынып, -шашпа, ошол келесоо кыздын астында бийлейсиң!

 

ЧИКАНЫН МАЙМЫЛ БОЛУШУ

Чика үйдөн чыгып кеткен бойдон үч күн кайрылып келген жок. Төртүнчү күнү келсе өгөй энеси өзгөрүп калыптыр. Мурунку кылыгынын бири жок. Жакын кишисин күткөнсүп жадырап-жайнап тозууп алды.

— Капырай кайда жүрөсүң? — деди өгөй энеси мээримин чача күлүп, — кызыма үйлөнгүң келбесе үйлөнбө. Эчким сени зордобойт. Мен жөн гана атаңдын аманатын аткардым. Айтып милдетимден кутулдуум. Үйлөнбөсөң кайра жакшы, али жашсыңар. Келечегиңер алдыда. Өгөй карындашыңа үйлөнсөң эл сөз кылмак. Бул жагынан акылдуулук кылдың. Мен сага кошулам. Эми жакшы иште, акча чогултуп атаңа эстелик тургузалык, — деди. Чика атасына эстелик тургузарын укканда күндөп-түндөп иштеди. Өгөй энеси сыртынан жайпактаган менен ичинен: "Шашпа сага бирди көрсөтөм" деп кекенип жүрдү. Акча да чогула баштады, бирок өгөй энеси чогулткан акчаны сыйкырчыга берип, суу дубалатып катып койду. Бир күнү Чика тердеп— кургап иштеп отурганда өгөй энес жаркылдап кирип келди. Бираз айланчыктап туруп:

— Ии, балакет мээнетиңди алайын суусаган көрүнөсүң, суусундук ичесиңби? — деп сурады. Чаңкап турган Чика ичем деди. Ошол замат үйгө кирип дубалаткан сууну алып келип колуна карматты. Чика токтобой жутуп жиберди. Өгөй энеси күлмүңдөп, жайдарыланып устакандан чыгып кетти. Ал сырттан тешиктен карап турду. Бир чай кайнамга жетпей Чиканын маймыл болуп калганын көрүп чуркап кирип дароо даярдап койгон кайыш кур менен мойнунан байлап алып:

 — Кана ким акмак, — деди өгөй энеси Чиканы өпкөгө тээп, -акмактыкты көрсөтөм дедим эле көрсөттүмбү. Эми эч жакка кыймылдай албайсың, билдиңби?

Чика алгачкы учурда маймыл болгонун да сезген эмес. Өгөй энеси өпкөгө тепкенде кыйкырайын деди эле үнү чарылдап чыкты. Өгөй энеси үйдү жаңырта чаңырды:

 — Кунду-уз! — Кунду-у-уз, кел мында! -

Семиз кызы лакылдап чуркап келди. Апасынын колундагы маймылды көрүп кубанып кетти.

 — Апа, апча, — деп эркеледи, — сен бул маймылды кайдан алдың?

 — Токойдон кармап алдым, — деди өгөй энеси жагалданып, -эми сен ал. Бул сеники. Качырып жибербей ойноп жүр, — деп кызынын колуна карматты. Кызы кубанып жетелеп жөнөдү. Өмүрүндө бул кордукту көрбөгөн Чика тырышып, сүйрөлүп баспай койду эле өгөй энеси суу чыбыкты алып маймылды чыңыртып, кудайга үнүн жеткирип сабады.

 — Мына сага сөз укпагандыгың үчүн! — Мына сага каяша айткандыгың үчүн! — Эми өмүр бою маймыл болосуң. Эми өмүр бою кызымдан арткан тамагын ичесиң. Кешигин жейсиң. Ирегесине байланып итчесинен уктайсың. Акылыңа келип, айткан сөзүмдү аткарар болгондо гана адам кейпине келесиң, — деп айтып да, сабай да берди. Чика сөз кайтара албай, адамча кыйкыра албай, маймылча чыңырып, маймылча тишин ырсайтып айбат кылып туйлады. Сөзгө түшүнөт, бирок жооп бере албайт. Айтайын десе эле көмөкөйүнөн чарылдаган, кырылдаган үн чыгат. Таякты аябай жеп айласыз жетеке түшүп басып берди.

 

ЧИКАНЫН КӨРГӨН АЗАБЫ

Чика күтпөгөн жерден маймыл болуп Кундузга жетелетип оюнчук болуп калды. Ал колунан чыгарбай жетелеп үйдөн үй кыдырып мактанып жүрдү. Байдын уулу Топой кездешкенде сурады:

— Эй, кыз, сен бул маймылды кайдан алдың?

— Апам токойдон кармап келип берди, — деди Кундуз апасынын үйрөткөнүн айтып.

 — Бирнеме билеби мунуң?

 — Билет.

 — Эмнени билет?

 — Кишинин сөзүнө түшнөт, мен эмнени айтсам ошону аткарат.

 — Чынбы?

 — Чын, калп айтсам караңгы киргенче өлүп кетейин.

 — Анда айтчы, тиги боз үйдүн үстүнө чыгып чамгарактын жабуусун оңдоп келсин.

 — Аный, — деди Кундуз оозун чулчуйтуп, -ага жибербейм.

 — Эмне үчүн жибербейсиң?

 — Бошотсом качып кетет.

Топой санын чаап каткырып күлдү.

 — Демек маймылың сенин тилиңди албайт экен да, калп эле мактаныпсың. Түшүндүм, түшүндүм.

 — Тилимди алат, — деди Кундуз эрдин чормойтуп, — мен жөн эле жибергим келбей атат.

 — Боз үйдүн үстүнө чыкмак түгүл жанына бара албайт.

 — Баралат.

 — Мелдешесиңби?

 — Мелдешем.

 — Эмне саясың?

 — Алдакы күрмөңдөгү жылтырак топчуга мелдешебиз. Эгер маймыл барып чамгарактын жабуусун жаап келсе топчуңду кесип бересиң, жаппаса мен үйдөн топчу апкелип берем, — деди Кундуз.

 — Болуптур, — деди Топой алаканын шакылдатып, — коебер жүдөгөн маймылыңды. Кундуз маймылдын мойнундагы кайыштан булкуп:

 — Ай акмак, чык боз үйдүн үстүнө. Барып түндүктүн жабуусун оңдоп жаап кел! -— деди. Маймыл бошонуп айланчыктап туруп алды эле Кундуз "Жөнө! -" деп жамбашка бир тепти. Маймыл айласыз жамбашын сүйрөп аксап жөнөдү. Маймыл боз үйдүн үстүнө чыгып жабууну кайсы жагынан тартып жабарын билбей туруп калды эле Кундуз жерден топурак, таш алып койгулады. Чика таш, топурак тийген сайын кыйкырып, ажылдап жатып түндүктүн жабуусун жаап жерге түштү. Бул оюн балдарга жагып калды. Кундузга бири топчу берип, бири оюнчук берип, бири колуна курут карматып маймылды чуркатып, секиртип, боз үйдүн үстүнө кайра— кайра чыгарып убара кылышты. Маймыл саал эле токтоп же кетенчиктесе Кундуз тарсылдатып сабап кирет.

Маймылдын турмушу кызылдай эле тозок болду. Кечкиси андан да өттү. Күн батканда уй сарайдын бурчундакы казыкка байлап коет. Астына сыз өтүп уктабай чыгат. Кундуз жетелеп чыкмайынча ошол жерде отуруп даарат ушатып, ошол жерде отуруп тамак жейт. Жашоо күндөн күнгө атаалдап, жүнү уйпаланып жүдөп кетти. Анын кыйналганына караган Кундуз жок баягыдай эле көрүнгөн жерге жетелеп барып ойнотуп же туш келген жерге байлап коюп өзү ойноп кетет. Жалгыз байланып калганда нечен жолу иттер талап азабын колуна берген.

Чиканы жолдоштору таппай калышты. Кундуздан сураса ал оозун ачып билбейт. Кошуналары да ал кайда кеткенин угуп көрбөптүр. Акыры айлары кетип өгөй энесинен сураса:

 — Аны мен да издеп таппай жүрөм, атасы өлгөндөн кийин тентип бир жакка кеткен окшойт. Экинчи аны сурап келбегиле, — деп урушуп кууп чыкты. Балдар акылдашып, "баягы окуган жерине кетип калганго" деп ойлоп шаарга издеп барышса ал жерде да жок экен. Жыгач уста Чиканын жок болуп кеткенин угуп:

 — Кап, бекер кылган экен. Башка жакка качып кеткенче мында келгенде жакшы болбойт беле. Мен аны бала кылып алып, өнөрүмдү үйрөтпөйт белем, — деп бир аз ойлоно калды да, — балдар силер анын жакын, жакшы көргөн достору экенсиңер. Эгер Чиканы көрсөңөр "Устатың күтүп жатат" деп айтып койгула. Келсин, мен аны үйрөтүп чоң уста кылам, — деп балдарга дайындады.

Күн артынан күн өтүп жатты. Ушул арада Сыйнанын энеси каза болуп ал да туугандарынын колунда калды. Мурункудай кенен— кесире сыртка чыга албайт, үйдөгү жүктөлгөн түйшүктөн колу бошобойт. Антсе да арачолодо убакыт таап жолдошторуна жолугуп турат.

Бир сапар Анаш менен Салман ээрчишип балдардын топтолгон жерине келсе Кундуз маймылды улкунтуп-жулкунтуп бийлетип жатыптыр. Шордуу маймыл тактекедей секирип бийлеп алка-шалка терге чөмүлүптүр. Ага да карабай улам бирөө Кундузга бир нерсе кармата коюп бийлетишет. Маймыл чарчап токтоп калганда Топой басып келип Кундуздун колуна жалтыраган тыйындан үчтү карматып:

 — Жаман маймылыңды жакшылап бийлет, болбосо тыйынымды кайра алып коем, — деди.

Кундуздун колуна тыйын тийгенде маймылды кайра бийлетти. Чарчап жүрбөй баратканда мойнуна байлаган кайыш кур менен тарсылдатып шыйракка чапты. Маймыл кайыш тийген сайын "чарр-чарр" этип так секирди. Ал анткен сайын каткырып күлүп жыргашты.

 — Кундуз маймылды кыйнаганыңды токтот, — деди Анаш арага түшүп кыздын колунан кармап, -антпесең зоругуп өлүп калат. Карачы көлшал тердеп тили салаңдап жүрбөй калыптыр.

 Анаштын сөзүн угуп Чика ыйлап жиберди. Аны Анаш байкаган жок, бирок Кундуз сөз укмак түгүл кайра маймылды шыйракка чапкылап секиртти. Маймыл чарчап, бутун тарта албай калды. Жан соога издеп кыздын этегине жармашты. Бирок маймылдын бул кылыгы Кундуздун ачуусун келтирип огобетер жиндендирди. Кайыш курду тоотпой калган Чиканы жакасындагы төйнөгүчтү чыгарып алып жамбашка сайгылап кудайга үнүн жеткизди. Ийненин уусуна чыдабай маймыл чарылдап бал дарды айлана качты. Ага кундуз болгон жок, кармап алып жоон санына төйнөгүчтү суңгутту эле маймыл колун тиштеп алды. Кыздын билегинен кан жая берди. Кундуз чаңырып ыйлап, маймылды таштап энесине чуркады. Энеси келсе тирүү калбасын билген маймыл качып жөнөдү. Дубалдан чатырга чыгып, андан караган чердин арасына кирип көздөн кайым болду.

 

БАЛДАР МАЙМЫЛДЫ ИЗДЕП ЧЫГЫШТЫ

Маймыл адамдын сөзүнө түшүнгөндүгү, башка маймылга салыштырганда артыкча акылдуулугу айыл арасына канчалык тез тараса, Кундуз менен энесинин маймылга кылган мыкаачылыгы андан да тез тарап, кыска элдин кыйрына, узун элдин учуна жетти. Бири маймылдын качып кеткенине бушайман болушса, көпчүлүгү "Ырас болду, ушу мыкаачыдан кордук көргөнчө качып кеткени жакшы. Эптеп күнүн көрөр" деп жатышты. Сыйна "Байкуш маймыл ачтан өлүп калбагай эле" санаа тартты. Акыры үчөө издеп чыгышты. Айылдан айыл койбой кыдырып, таппай, чарчап бактын көлөкөсүндө эс алып отурганда Сыйна сөз баштап калды.

 — Балдар, маймылдын аты жок, тапсак акылдашып туруп атын коелук, — деди.

 — Туура айтат, — деди Анашка бул такилип жагып, — сөзсүз атын коюш керек. Маймыл эмес иттин да, аттын да аты болот эмеспи.

 — Ат коетурган болсоңор атын Чика коелу, — деп Салман сунуш киргизди.

 — Ээ, мунуң жарабайт, — деп Анаш каршы чыкты, -ал ат кишинин аты, болгондо да досубузтуку.

 — Салман туура айтат, — деди Сыйна, -Чика деген ат маймылга жарашат. Ал эми биздин досубуздун аты Чика эмес Чыныбек. Ал келгенде биз аны Чика дебей өз атынан айтабыз. Өз атын айтып чакырабыыз. Анын үстүнө "Чика" деген ат биз үчүн эстелик ат болот. Бул атка баары макул болушту. Бираз эс алып кайра издеп жөнөштү. Караган черди аралап "Чика, Чика сен кайдасың" деп кыйкырып чакырышты, бирок табылбады. Чарчап, түңүлүп кайра артка тартышты. Чубашып айылга келатканда үстү чүпөрөк менен чүмкөлүп, бетине ар түрлүү сүрөт тартылган араба артынан жете келди. Муруту дүпөйгөн, чачы буурул тарткан күлүңдөгөн киши аттын божусун тартып арабаны токтоттуп:

 — Ай балдар, келип отуруп алгыла, — деди.

Чарчап келаткан балдар шапа-шупа арабага чыгып уктап жаткан үч баланы ойготпой арабакечке кынай отурушту.

 — Кана мырзалар таанышалы, — деди арабакеч калдайган мурутун жанып, -атыңарды айтып тааныштыргылачы угайын.

 — Менин атым Анаш.

 — Менин атым Салман.

 — Менин атым Сыйна, — деп балдар өздөрүн тааныштырды.

 — Жакшы экен, — деди арабакеч атка камчы көтөрүп тездетип айдап, -эми кайдан келатасыңар, кайда баратасыңар сүйлөй отургула.

 — Маймыл издеп жүрөбүз, — деди Анаш озунуп.

 — Таптыңарбы?

 — Тапкан жокбуз.

Арабакеч атын камчылап айдап койду да кайра суроо таштады:

 — Алиги "Чика, Чика" деп кыйкырган силерсиңерби?

 — Ооба, биз.

 — Чика дегениңер ким?

 — Чика деген маймылдын аты, — деди Сыйна, — сиз аны көргөн жоксузбу?

 — Көргөн жокмун, — деди арабакеч баш чайкап, — деги мага жакшылап түшүндүргүлөчү, Чика деген эмне маймыл, качантан бери качып жүрөт?

Анаш түшүндүрүп кирди. Майылды Кундуз деген кыздын апасы токойдон кармап келгенин, анын акылдуулугун, адамдын сөзүнө түшүнөрүн, аны Кундуз уруп, ийне менен жамбашка сайганын, маймыл чыдабай качып кеткенин айтып берди.

 — Айяй-айяй, — деди арабакеч капа болуп башын чайкап, — маймылды урган туура эмес. Маймыл ким, бала ким? Экөө бирдей. Экөө тең алсыз, экөө тең коргоону талап кылат.

Арабакеч бир аз унчукпай турду да:

 — Эми өзүмдү тааныштырайын, — деди, -Менин атым Айдар. Биз элге цирк ойнун көрсөтүп жүрөбүз. Акыбызга аздыр— көптүр акча чогултабыз. Ага кийим кийип, тамак ичебиз. Силер айылга барганда цирк ойну келди деп айта баргыла. Каалагандар келип көрүшсүн, — деп түшүндүрдү. Өмүрүндө циркти көрбөгөн балдар өз ара шыбыраша түшүп Салман озунуп сурады:

 — Айтыңызчы, бүгүн оюнду кайда коесуздар?

Айдар камчы менен жаңсап сол тараптагы айылды көрсөттү:

 — Тээтиги айылга токтойбуз. Бүгүн эс алып эртең элдин алдына чыгабыз.

 — Биз келсек болобу?

 — Болот, — деди Айдар Анаш менен Салманды кучактап алп денесине кысып, силерге окшогондорго көрсөтөлү деп эл кыдырып жүрөбүз. Келгиле. Сөзсүз келгиле.

Сыйна колун ушалап жер тиктеп күңк этти:

 — Биздин акчабыз жок да...

 — Коркпой келебергиле, — деди Айдар, — силерден акча албайбыз. Бекер көрөсүңөр.

 Балдар кубанып кетишти. Айылдын тушуна келгенде коштошуп түшүп калышты. Жол бою эртең циркке баруунун камын көрүп кызуу талкуулашты.

 

ЧИКА АЙДАР МЕНЕН КЕЗДЕШТИ

Айдар балдар менен коштошуп сапарын улантты. Биртоп жүргөндөн кийин айылга да жакындап калды. Ээн жерде эски мал короо бар экен. Анын жанында тунук суу агып, өстөндүн жээгинде чоң-чоң талдар өзүп бутактары салаңдап көлөкө берип туруптур. Жердин ыңгайына карап Айдар арабасын ошол жерге токтотуп балдарын ойготту.

 — Балдар, кыздар тургула, бүгүн ушул жерге өрүндөйбүз, — деди. Мындай шартка көнүп калган балдар шапа-шупа түшүп, казык уруп, таар алачыты керип тургузуп жиберишти. Таш тулга орнотуп, от жагып, казан асышты. Тамак бышканча муздак сууга жуунуп, суу чачышып чардап ойношту. Айдар атты арабадан чыгарып отко коебергени сарайдын артындагы тулаңга жетелеп жөнөдү. Сарайдын жанынан өтүп баратканда эски чатырдан бир нерсе булаң этип көрүнүп кайра жок болду. " Элдин дүбүртүнөн корккон сокур үкү экенго" деп ойлоп анчалык назар салбай өтүп кетти. Атты тушап кайра келатканда булактаган караанды дагы көзү чалып калды. Токтоп чатырдын ичи сыртын аңтара тиктеп издеди эле көзүнө эч нерсе урунган жок. Балдар даярдап койгон дасторкондун четине капарсыз тамактанып отуруп чатырдын тешигинен шыкаалап турган маймылдын башын көрө коюп:

 — Ай балдар, акырын, — деди Айдар соройгон сөөмөйүн эрдине такап, -чатырдын ичинде маймыл жүрөт. Кыйкырып чуулдасаңар коркуп качып кетет.

 — О койчу, ата, — деди кыз күлүп, — бул жакка ал кайдан келсин, маймыл жайнап кеткендей бул жер Африканын токою беле?

Кыз күлгөндө балдар да күлүп калышты. Айдар ушул жерлик балдарга жолукканын, алар качып кеткен маймылды издеп жүргөнүн айтты. Балким ошол маймыл болуп жүрбөсүн деген оюн ортого салды. Балдар да жабалактап чатырдан көз албай тиктеп калышты. Көптөн кийин чатырдын күн тийген тарабында отурган маймылды көрүшүп:

 — Тигине, тигине! -

 — Башы чыгып турат! -

 — Бизди карап отурат! -

 — Бети баланыкындай кичине экен, — деп биринен сала бири кыйкырып, сөөмөйлөрү менен көрсөтүп чуулдап жиберишти.

 — Эми силер кыйкырбай, кыймылдабай отургула. Мен барып кармоого аракет кылайын. Балким карматар, — деп бир үзүм быштакты алып Айдар туруп жөнөдү. Балдар бөгүп отуруп калышты. Тынчтыкты бузуп каңкылдап үргөн итти койундарына катып алышты. Айдар жакын барып:

 — Чика, кандай саламатсыңбы? Качып келатканда айылдагы иттер сени талаган жокбу? Кардың ачтыбы? — деп кадимки адамга сүйлөгөндөй маймылга сүйлөп учурашты. Чика өз атын укканда кубанганынан кулап кете жаздады. Бүткөн бою чымырап алка-шалка тердеп чыкты. Антсе да боюн токтотуп: "Бул менин атымды кайдан билет? Балким мени маймыл кылган сыйкырчы болуп жүрбөсүн? Алдап мени кармаган ататго?" деп ойлоп кыймылдабай отурду. Чакырып турган мурутчан киши Чиканын көзүнө кандайдыр мээримдүү көрүндү. Анын жумшак коңур үнү кулагына жагымдуу угулду. Мурутчан киши ордунан жылып жакындайын деди эле Чика жылт коюп чатырдын ичине кирип кетти. Башка тешиктен башын чыгарып караса мурутчан киши кыймылдабай ордунда туруптур. Маймылды көрөр замат:

 — Чика, досум, коркпо. Мен сага тийбейм. Быштак берем. Чоочун киши менин атымды кайдан билди деп турасың го, аны айтып берем. Сенин атыңды Анаш, Салман, Сыйна деген досторуң айтып берген. Алар сени издеп жүрүшүптүр. Таппай айылга кетишти, — деди.

Чика досторунун атын укканда мурутчан кишиге ишеними арта түштү. Ал айткан сөзгө түшүнгөнүн билдирип сыртка чыкты.

 — Жарайсың Чика, жарайың, — деди мурутчан киши маймылдын оюн билип тургансып — сен мага туура түшүнгөнүңө чоң ырахмат. Курсагың чкандыр, мен сага быштак берем. Бирок сен алыссың, жакындасам качасың, ошол себептен быштакты сага ыргытууга туура келет. Сен андан коркпо, ал таш эмес, быштак. Жерге түшүрбөй тозуп ал, — деп колундагы быштактан сындырып "Хоппа! -" деп ыргытты эле Чика лып тозуп алып оозуна салды. Даамду быштак экен. Буга окшогон туздуу быштакты жыгач устаныкында жатып окуп жүргөндө жеген. Айдар маймылга быштактын жагып калганын көрүп колундагыны чогуусу менен дубалдын кырына коюп артка чегинди.

 — Чика досум, сен коркуп атасың. Мен аны билип турам. Азыр сен эч кимге ишенбей калдың. Аның туура, бирок баарлык адам бирдей эмес. Сен аны түшүнүшүң керек. Азыр сен тамак жегиң келип турат, мен аны билем. Мен да тамак жегим келип турат, сен да аны билишиң керек. Мен барып балдар менен отуруп тамактанайын, сен коркпой ээн эркин быштакты жегин, — деп басып кетти. Чика кыймылдаган жок. Алдап кармап алабы деп коркту. Мурутчан киши барып отургандан кийин гана быштакты алып жеди. Тамакка тоюнгандан кийин мурутчан киши чатырга жакын келип:

 — Чика, мен эми өзүбүздү тааныштырайын, — деди, — менин атым Айдар деп төшүн муштуму менен дүк— дүк муштап койду, — мен циркте иштегендердин жетекчи аксакалы болом. Балдар да, кыз да, ат да, ит да мага баш ийет. Калгандары да сени менен таанышкысы келип араң турушат. Азыр мен алар менен тааныштырам деп:

 — Ороз кел, — деп чакырды. Анысы узун бойлуу тартайган неме экен. Ал келип жанына токтогондо:

 — Бул Ороз деген мырза, — деп тааныштырды, — бул сахнага чыкканда короз болуп ойнойт, элдик ырды жакшы ырдайт.

Ороз колун артына алып, төшүн алдыга чыгарып "ку-ук, ку-ук" деп ары бери басып маймылга башын ийкеп койду. Маймыл баланын жүзүнөн адамга жамандык кылбаган түрүн байкады. Мындан кийин "Керээз! -" деп чакырды эле бою кыска, мытрайган бала жетип келди.

 — Бул Керээз деген жигит, маскарапоз болуп ойнойт. Керээз сахнага чыкканда эл күлүп өлүп калат. Өзү да, сөзү да куудул. Көрсөң сен да күлөсүң, — деди эле Керээз эрдин түйрүп, жаагын чулчуйтуп, көзүн кайчылаштырып кыйшайтып жиберди эле Чика күлүп жиберди. Ал күлгөндө тиши ырсайып чар-чар этип үн чыкты. Андан кийин "Айгүл" деп чакырды эле орто бойлуу, чачы тармал, тиштери тегиз, көзү бакыракай акжуумал кыз келип Айдардын жанына турду.

 — Бул Айгүл, — деп тааныштырды, — бул менин кызым. Бийлейт, ырдайт. Үнү аргендин үнүндөй кооз, уккулуктуу.

Айгүл бир аз чимирилип бийледи да Чикага карап жүгүнүп койду. Айгүлдүн жүзүнөн күлкү төгүлүп Сыйнаны элестетип жиберди. Эмнегедир ушул кызды жүрөгү жакшы көрүп калды. Баарын тааныштырып бүткөндөн кийин Айдар артына бурулуп эки тизесин колу менен чаап , алаканын шакылдатты эле жүнү тайкы, көзү тосток кичинекей кандек чуркап келип тизесине секирип отуруп калды. Аны кучактап көтөрүп:

 — Бул Рекс, — деди Айдар, -Рекс да циркте ойнойт. Айгүлгө кошулуп бийлейт. Эсеп чыгарат. Мунун ойногонун шашпай өз көзүң менен көрөсүң.

Чикага Рекс жакпай калды. Аны тааныштырганда мурчуюп унчуккан жок.

 — Мына биз тааныштык, — деп сөзүн улады Айдар, -ал эми сени биз жакшы билебиз. Сен Кундуздун колунда болуп азапты абдан тарткансың. Акыры чыдабай качып чыккансың. Кундуз энеси экөө сени издеп жүрүптүр. Алардан кутулуу керек. Ал үчүн бизге кошул. Бизге кошулсаң чогуу эл кыдырып оюн көрсөтөбүз. Эгерде бизге кошулгуң келбесе өзүң бил, эрк өзүңдө. Зордомой жок. Бирок Кундуздун колуна түшсөң шоруң катат. Ал сени аябайт. Мурун ийне менен сайса азыр бычак менен сайып өлтүрүп коюшу мүмкүн. Сен аны жакшы билесиң.

Чика Кундуздун атын укканда ыржыйып, колу бутун сереңдетип чарылдап жатты. Ал муну менен Айдардын сөзүнө таң калганын, Кундузду жек көргөнүн билгизди, бирок Айдар ага түшүнгөн жок. Маймылдын качпай калганынан пайдаланып жакын келип ийнин тосту:

 — Кел Чика, кел. Далыма мин. Биз сага эч качан жамандык кылбайбыз. Келсең байлап да койбойм, камап да койбойм. Өз эркиңче жүрөссүң, — деди.

Чика бирде ылдый түшүп, бирде өйдө чыгып "чар-чар" этип жатып бир маалда секирип далысына минди. Көрөйүн деп Айдар башын бурду эле маймыл кайра качып жөнөдү. Ушинтип үч жолу келип, үч жолу качты. Акыры жаңы тааныштар тийбестигин билип жоошуп отуруп калды.

 — Мына акылдуулук кылдыың. Азыр барып биз жеген тамактан сен да жейсиң. Мындан ары чогуу отуруп, чогуу тамактанабыз. Коркпо, — деп Айдар акырын басып келип дасторкондун жээгине отурду. Чика жаңы эле тамакка кол салганда ит ажылдап үрүп кирди. Андан корккон маймыл так секирип арабанын үстүнө чыгып кетти. Ит болбой такымдап барды эле Чика балдар ойногон топ менен башка бир койду. Ит артка жанталашып качканда отурганда күлүп жыргашты. Айдар акырын ордунан туруп:

 — Ээ, дос, конокту минтип кабыл алганың болбойт. Бул сапар итчилигиң кылдың. Сен жазага татыктуусуң, — деп итти кармап тордолгон жашикке салып оозун жаап койду. Анан Чиканы алып дасторконго кайра отурду. Бул сапар ит жок жай отуруп жакшы тамактанышты.

 

АЙДАР ЧИКАНЫН АТЫНАН ДОСТОРУНА КАТ ЖАЗДЫ

Күн бешимден ооп калган. Ороз атчандардын ызгытып чаап келатканын көрүп чатырга чуркап кирди.

 — Ой, Оке, сен мынчалык неге шаштың, жоо кууп келаткан жокбу? – деп тамашалады жолдоштору.

 — Эки атчан киши биз тарапка чаап келатат, — деди Ороз жол тарапка колун жаңсап көрсөтүп, -түрү жаман. Балким Чиканы издегендер болуп жүрбөсүн.

Айдар атып сыртка чыкты. Колдорунда короктогон союлдары бар эки адам чаңдатып жакын келип калыптыр. Аттарынын тердегенине, энтигип дем алганына караганда алыстан чаап келаткансыйт. Оюна Ороздун сөзү келип Рексти тордон чыгарып анын ордуна Чиканы салып, үстүн чапан менен жаап коюп:

 — Чика, чыда. Сени издегендер келатат окшойт, — деп куугунчулардын астынан утурлай басты. Чаап келаткандар тизгин тартып токтоткондо кызыган аттар туйлап бирден токтоно алышпады.

 — Жол болсун, мырзалар, — деди Айдар сылык кана, — кайда баратасыздыр?

 — Маймыл издеп жүрөбүз, — деди бирөө озунуп, — көргөн жоксуңарбы?

 — Көргөн жокбуз, — деди Айдар билмексенге салып, -ал эмне маймыл эле?

 — Ал Кундуз деген кыздын маймылы болчу, колун тиштеп жарадар кылып коюп качып кетиптир. Кыздын энеси чамынып отурат, тапкан кишиге жүз дилде берем дейт. Биз ошол маймылды издеп жүрөбүз.

 — Ошол маймыл ушул тарапка качканын көргөндөр бар экен, — деп кошумчалады экинчиси.

 — Охо, — деп койду Айдар, -жаман маймылдын башына көп акча коюптур. Бул акча сиздерди эмес мени да кызыктырып жиберди. Биз бул жерде эт бышымдан ашык убакыт ат өргүтүп эс алып жатабыз, маймыл эмес чычкан да көргөн жокбуз, — деди Айдар. Чика келгендерди жылчыктан шыкаалап карады. Келген кишилердин өңү суук, иреңдери жаман көрүнөт. Бирөөнүн үстүңкү эрди тилинип жырык болуп бүтүптүп. Куугунчулар сарайдын ичи, сыртын тинтип, жээкктеги талдарды аралап карап таппаган соң алдыңкы айылга чаап жөнөштү. Алар узап кеткенден кийин:

 — Иш чатак, — деди Айдар мурутун чыйратып капаланып, — бул жерден тезинен кетпесек болбой калды.

 — Кайда?

 — Алыс жакка. Макулдашкандай алдыңкы айылга токтоп оюн көрсөтсөк маймыл сөзсүз колго түшөт. Жүз дилдеге кызыккандар көп, бири болбосо да бири Чиканы көрүп айтып коюшат. Ошол себептен бул жерден а, алдыдагы айылдан да колдун келишинче тез алысташ керек. Антпесек болбойт. Тургула, кеттик! -— деп Айдар буйрук берди эле балдар бирпаста чатырды жыйнап, төшөктөрдү ордуна кое алышты. Айдар атты арабага кошуп маймылдын жанына келип:

 — Чика досум, сен өзүң куугунчунун айтканын уктуң. Сени кармап берген кишиге жүз дилде берет экен. Бул көп акча. Куугунчулар сени издеп алдыга чаап кетишти. Сен ушул тордон чыкпай жат. Чоочун кишинин көзүнчө үнүңдү чыгарба. Коркунуч бүткөн учурда өзүм тордон чыгарып алам, — деди. Чика макулдугун билгизип секирип— секирип чарылдап жиберди эле карап тургандар "маймыл нааразы болууп атат, айбан эмеспи" деп тескери түшүнүштү.

Айдар атка камчы басыып арабасын дырылдатып айдап жөнөдү. Биртоп жол жүрүп айылга кирип барганда жанакы куугунчулар аттарын көлшал кылып тердетип дагы астыларынан чыгышты. Айдар токтотпой айдап өтөйүн деди эле бирөө жолду тороп арабаны токтотуп:

 — Эй, арабакеч, маймыл кезиккен жокбу? — деп сурады.

 — Жок, — деди Айдар кыска жооп айтып, — кезиккен жок.

Аңгыча ит тааныбаган атчандарга үрбөй, кайра арабаны айланып каңкылдап үрүп чыкты. Айдар Рекстин дагы иттик кылып жатканын сезип куугунчуларды алаксытып сурады:

 — Эл эмне дейт, көрдүм деген киши бар бекен?

 — Кабар болсо сенден сурамак белем, — деп арабанын алдынан тоскон жигит корс этти, — андан көрөкчө айтчы эмне үчүн итиң арабаны айланып үрүп жатат? Балким маймылды кармап арабаңдын ичине катып койгон чыгарсың?

Бул сөздү укканда маймылдын жүрөгү оозуна кептеле түштү. "Өлөт деген ушул экен" деп ойлоду. Ит деле тишин ырсайтып, көзүн тостойтууп: "Маймыл ушул арабанын ичинде" дегенсип тынбай жаагын жанып үрүп жатты.

 — Ит деген ит да, — деди Айдар жай гана, -ал сиздерден коркуп, атыңыздарга тиш салгандан батына албай арабаны айланып үрүп жатат. Ит корккондо көчүгүн үйгө такап алып үрөрү жалпыга белгилүү эмеспи...

Куугунчулардын бирөө арабаны айланып карап, шектүү эч нерсе таппай:

 — Кеттик, — деди жолдошуна. Экөө минген аттарына камчы басып, даңканын артка таштап, чоң кара жолдун чаңын уюлгутуп чаап жөнөштү. Алар узап кеткенден кийин:

 — Өх! -— деди Айдар кубанып, — кудай бир сактады.

 Айдар атты дикилдетип тынбай айдап дигер ченде айылга келишти. Чатырланган үйдөн тааныш кишисин таап:"Эртең эки бала, бир кыз цирк көргөнү базарга келишет. Бирөөнүн аты Анаш, бирөөнүн аты Салман, кыздын аты Сыйна. Мына ушул балдарга аты жөнүн тактап туруп ушул катты берип кой" деп Чиканын атынан жазган катты карматып токтобой жөнөп кетишти.

 

АНАШ, САЛМАН, СЫЙНА ЧИКАНЫН КАТЫН АЛЫШТЫ

Күткөн таң да атып, күн да нурун чачты. Анаш, Салман, Сыйна макулдашкан жерден жолугушуп цирк койчу айылга учуп жөнөштү. Базарга келсе толгон эл. Бири кийерге кийим сатып жүрсө, бири ичерге тамак сатып жүрүшөт. Бири мал сатып жүрүшсө, бири чөп сатып жүрүшөт. Айтор сатуучулар а, алуучулар да базарда толтура. Үч дос эл менен түртүшүп цирктин кишилерин издеп жүрүштү. Эч жерден жолуктура алган жок. Сураштырып цирк коючу жерге келсе оюн жок жымжырт. Дарбазанын оозунда керки, чот, зынжыр сатып отурган карыя балдарды көрүп сөөмөйү менен жаңcап өзүнө акырды. Балдар чуркап барып колдорун бооруна алып салам айтышты. Балдардын тартиптүүлүгүнө, ыймандуулугуна ыраазы болгон карыя сурады:

 — Сенин атың ким?

 — Анаш, — деди четте тургандыктан биринчи болуп.

 — Сеникичи?

 — Салман.

 — Сеникичи?

 — Сыйна.

 — А, дурус экен, — деди карыя, — менин билүүмчө силер циркке келсеңер керек. Чынбы?

 — Чын, — деди баары бирдей.

 — Анда цирк болбой калды. Циркти башкарган Айдар атаңар силерден кечирим сурап ушул катты берип коюну өтүндү, — деп койнунан кат алып берди.

Балдар катты алып четке чыгышты. Чапаны жыртык кишилерге кайрылса бири да тамга тааныбайт экен. Кийми жакшы адамдар билсе да окуп бербей коюшту. Сыйна башына селде чалынып, үстүнө эски болсо да таза чапан кийген кишини көрүп чуркап астынан чыгып учурашып:

 — Ата, сиз кат окуй аласызбы? — деп сурады.

Селдечен киши кыздын аяк башына карап алып жооп айтты:

 — Окуйалам. Эмне экен?

 — Анда кат окуп бериңизчи.

 — Ал эмне кат?

 — Тааныш баладан кат.

 — Кана?

 — Мына, — деди катты кармап артында турган Анаш, — өзүбүз окуй албай, окутарга киши таппай убара болдук.

 — Мунуңар жакшы эмес, — деди селдечен киши катты алып жатып, — мен силердей кезде кат эмес казал китептерди окуучумун.

 — Биз окуй албай жүрөбүз, — деди Салман жер карап, -окуйлук десек акчабыз жок. Акчасы жок кишилерди молдолор окутпайт. Селдечен киши жылмайып суурады:

 — Окугуңар келеби?

 — Окугубуз келет, — деп Анаш баары үчүн жооп айтты.

 — Анда таанышалы, — деди селдечен киши колун сунуп, — мен Медер молдо болом. Кааласаңар бекер окутам. Бекер жаткызам, бекер тамактандырам, бекер кийиндирем, бирок силер иштейсиңер. Иштеп акча табасыңар. Ал табылган акча өзүңөргө кайра жумшалат. Өзүңөргө окшогон балдарды окутканга жумшалат. Менде билим бар, акча жок. Силер аны барганда өз көзүңөр менен көрөсүңөр. Силер билим алгыңар келсе айткан шартка көнгүлө, болбосо жообун азыр айткыла.

 — Мен макулмун, — деди Анаш.

 — Мен да макулмун, — деди Салман.

 — Мен да макулмун, — деди Сыйна.

 — Азаматсыңар, — деди Медер молдо ыраазы болуп, — силер макул болгон соң мен да макулмун. Эми катты окуйлу. Кат төмөнкүчө жазылыптыр:

"Урматтуу досум Анаш, Салман, Сыйна силер мени убараланып издеп келгениңерди уктум. Адамкерчилигиңерге, боорукерлигиңкерге, достугуңарга чоң ырахмат. Мен Айдар ата менен алыска-алыска кеттим. Силер мени издебегиле. Жакын арада кайрылып силер менен кездешерге ишенем. Кош. Досуңар Чика, — деп бармагын балчайта басып коюптур. Анын баскан колу деле кишиникине окшобойт. Бул Чиканын өзүбү же башкабы деп баштары маң болуп турганда Медер молдо:

 — Кана балдар, кеттикби, — деп шаштырып калды. Үчөө молдону ээрчип медиресени көздөй жол тартышты.

 

ЧИКАНЫН ЦИРКТЕГИ ТУРМУШУ

Чиканын турмушу кескин өзгөрдү. Мурун маймыл болуп бир катуу капага кириптер болсо, кийин Кундуздун колуна түшүп көрбөгөн азапты көрдү. Азыркы турмушу кудайга тобо кыларлык. Жаңы жолдоштору жакшы кишилер экен. Чоңунан кичинесине чейин сыйлап турушат. Тамаккада өздөрү менен чогуу отургузуп, өздөрү жеген тамактан беришет. Жаңы тааныштардын арасынан өгөйлөгөн, жек көргөнү эле Рекс. Ал Чиканы бура бастырбай ырылдап турганы турган. Антсе да ага Чика моюн бербейт. Ал үчүн жашоо күндө жаңы, кызык сезилет. Оюн башталганда сахнанын бурчуна барып элге көрүнбөй жолдошторунун ойнун көрөт. Ырын угат. Эл күлсө күлүп, кол чапса кол чаап жыргайт. Баарынан да Рекстики жанына батат. Ал сахнага кызыл көйнөк кийип, көк бантик байланып Айгүл менен чыгат. Музыка ойногондо аягына туруп Айгүл менен кошо тегеренип бийлеп, "Көрдүңбү мени?" дегенсип Чиканын тушуна кел генде тилин салаңдатып чимирик болуп айланып, бурулган сайын Чиканы жалт-жалт карап, астынан кайра— кайра өтөт. Айгүл экөө көпкө бийлешет. Анан Айгүл аны көтөрүп, бооруна кысып, кол чапкан элге үгүнүп, сахнадан бат— бат басып чыгып кетет. Бираз туруп кайра келишип жаңы оюн башташат. Бул сапар Айгүл итти күлтүкө окшогон чуңкур орунтукка отургузуп коюп:

 — Рекс айтчы, сен канча жаштасың? — деп сурады. Рекс "гав-гав-гав" деп үч жолу үрдү. Айгүл башынан сылап : "а, Рекс үч жашта экен" деп койду. Анан оң колун соройтуп көтөрүп:

 — Рекс, айтчы, колумда канча манча бар? — деп сурады. Рекс "гав-гав" деп беш жолу үрдү. Анан Айгүл эки колун көтөрүп, манчаларын тарбайтып "бул канча?" деп сурады, Рекс "гав-гав" деп он жолу үрдү. Кээде адашып калат. Бул элге ушунчалык жагып шатырата кол чабышты. Мына уушунун баары Чиканын жинин келтирет. Ал дагы Рекске окшоп ойногусу, элдин астына чыккысы келет, бирок айта албайт.

Бир күнү Айдар жонунан сылап эркелетип:

 — Чика, сен эриктиң окшойт, сен дагы Рекске окшоп өз өнөрүңдү элге көрсөтүңүш керек, — деп калды. Аны укканда Чика кубанып секирип Айдардын мойнунан кучактап бетин жалап-жуктап жиберди.

 — Макул экенсиң, түшүндүм, — деди Айдар башынан сылап, — мындан ары Айгүл менен бирге сахнага чыгасың. Ага чейин элге көрсөтөр өнөрүңдү өзүңөрчө жазап, машыгышыңар керек. Түшүндүңбү? Чика "түшүндүм" дегенсип дагы чарылдады. Мына ушундан баштап Чика үчүн жаңы түйшүк башталды. Музыка менен бийлегенди тез эле үйрөндү. Бийлеп элдин астына чыкканда сүрдөбөй жакшы аткарып кетти. Эл дуулдата кол чаап мактап жатышты. Алгачкы ийгилик Чикага дем берип жаңы ролду аткарууга жетишти. Аркандан секиргенди үйрөндү. Керээз менен Айгүл аркандын эки учунан кармап айлантып турат, Чика арканга илинбей тып-тып этип секирет. Баарынан да арканды тез-тез айлантканда ага эч чалынбай таптак түйүлүп секирип турат. Бул элди аябай таң калтырат, "Капырай, адам да мынчалык секире албайт" деп тамшанып калышат. Баарынан да Рекс мурункудай мактанбаганы жакшы болду. Эми бийлесе да көп койкоктобойт.

Айгүл бир сапар Чика сахнада ойноп бүткөндөн кийин кучактап көтөрүп жөнөдү. Ушул учурда андан кандайдыр бир жагымдуу жыт бур дей түштү. Чика ошол жытка берилип кызды бекем кучактап жыттап-жыттап алды. Кыздын сүйкүмдүү көз карашы огобетер жакшы көрүнүп кетти. Айгүл аны түшүнгөн жок, маймылга эл астында жакшы ойноп бергенге кубанып калды.

 Чика Айгүлдү мурун эле жакшы көрчү, мына ушул жыттан кийин аны көбүрөөк жакшы көрүп, тез-тез жыттагысы келди. Бирок бул жыт дайма боло бербеди. Бирде болуп, бирде болбой калат. Көп убакыт өтпөй Айдар жаңы оюн ойлоп тапты. Бул сапар Керээз менен Айгүл маңдай-тескей туруп Чиканы көкөлөтүп асманга ыргытат, Айгүл шак тозуп алат. Мурун ыргытканда Чика учуп келип кыздын колуна жармашып башын кучактап жалпайып отуруп калчу, кийин ыргытканда Айгүлдүн алаканына алаканы тиер менен аягын асмандатып көтөрүп типтик болуп туруп калат. Бул өзгөчө ийгиликке ээ кылды. Көрүүчү эл да көбөйө баштады. Акча да арбын түшүп ичкен тамактары да даамду боло баштады. Улам бир айылга барып, эл көп келсе эки-үч күн конуп, кайра— кайра көрсөтүп, аз келсе тез кетип калышат. Бир көрсөткөн айлына экинчи кайрылышпайт, улам алдыга жылып айылдан айыл кыдырып жүрө беришет. Чикага баарынан шаар жагат. Ал жерде эл көп. Тамак аш да арбын. Бир шаарга барса бир нече күн жылбай иштей беришет. Бир жылдын ичинде Чика онго жакын оюндун түрүн элге көрсөтсө, Рекс баягы эле бойдон. Бийлегенден башка, үргөндөн башка колунан эч нерсе елбейт. Антседа " Сен жаңы келгенсиң" дегенсип Чикага боюн көтөрүп, тийише берет.

 

ЧИКА МЕНЕН РЕКСТИН УРУШУ

   Чика менен Рекстин ортосундагы мамле биринчи күндөн баштап кандайдыр келишпей калды. Ага Чика сабырдуулук менен мамле кылып теңелчү эмес. Рекс кол салса коргонуп, айрым учурда бактын башына, тамдын үстүнө же арабага чыга качып кутулчу. Ал маймылды тызылдатып кууганына мактанып: "Мына бул жерде мен гана үстөмдүк кылам" дегенсип бактын түбүндө борс— борс үрүп кетпей отуруп алчу. Айдар көрүп калса Рексти чакырып алып:

 — Сен байка Рекс, минте берсең бир балээге капталасың. " Чөптү кордосо көзгө " деп эл бекер айтпайт. Чиканы кордой берсең өзүң кор болуп каласың, — дечү. Ал Айдардын сөзүн угуп "Сөзүңө түшүндүм" дегенсип куйругун шыйпактатып койчу. Ал эми Рекс маймылды кубалаганын көрсө Айгүл кечирчү эмес. Кээде сөөмөйүн көзүнө такап тилдеп, кээде торго апарып камап таштачу. Тил угуп камалгандан кийин Рекс бир аз жоошуй түшүп кайра эле кажылдап үрүп маймылдын мазасын алчу.

Айдар элүүгө такап улгайып калса да керилген зым аркандын үстүнөн басып, секирип бийлеп, арасында бир буту менен оромпай тээп бир топ аралыкты бир нече секунтта өтүп кетчү. Мына ушунда жердеги карап тургандардын төбө чачы тик туруп "Кудай сакта" деп келме айтып жиберишчү. Кол чапканды айтпа, муну укканда Айдар зымдын үстүнө кайра— кайра чыгып элдин талабын аткарчу. Бул өнөр өтө баалу болсо да балдардын эч кимиси ага кызыкчу эмес. Атүгүл Айгүл: "Ата карып баратасыз, дарга чыгып ойнобоңуз. Ойносоңуз зым арканды бийик көтөрбөңүз" дечү. Айдар ага болчу эмес, зым бийик болбосо, кишилер тебетейин колуна алып карап турбаса ыраазы болчу эмес. Циркте дарчынын өнөрүнүн маңызы ушул бийиктикте экенин эл да, Чика да түшүнчү. Айдар ушул дарга Чиканы үйрөтө баштады. Эң мурун зым арканды жерге таштап коюп анын үстүнөн Чиканы ары— бери бастырып, чуркатып, таманы зымга үйүр алганда зым арканды керип, жерден саал бийиктетип көтөрүп бастырып, кийин киндикке жеткизди. Айдар өзү зым аркан менен басканда узун таякты туурасынан кармап алып ары— бери басчу, отуруп-туруп секирчү. Эми Чикага башталганда эле таяктын ордуна жука тактайдан жазалган чоңдугу жайпак табактай желпирүүндү карматып койду. Мына ошол желпирүүндү колуна алып күндө көнүгүп жүрдү. Бир сапаркы көнүүгүдө маймылдын өзүн калтырып атка жем бергени кетти. Мына ошондо Рекс капыстан "арр! -" деп качырып сала берди. Зымдын ортосуна келип калган Чика коркуп кетип топ этип жерге кулап түштү. Рекс будаланган маймылга тиш сала турган болгондо ал тызылдап качып жөнөдү. Ит артынан такымдап кууп алды. Жанталашкан маймыл чүмкөлгөн арабага кире качты. Рекс өжөрлөнүп кошо кирди. Чика шыптыдагы жыгачты кармап асылып туруп алды эле Рекс жетпей секирип— секирип чарчаганда бурчтагы төшөктүн үстүнө жатып үргүлөп кетти. Ошол асылган калыбында Чика бир аз турду да "шашпа сага көрсөтөйүн" деп ойлоп акырын эшикти ичинен илип бекитип, жөлөнүп турган узун таякты алып итти баштан каң дедире бир салды. Рекс чочуп түйүлүп так секирди. Эмне болуп кеткенин түшүнбөй калды. Чика дагы чапты. Рекс ажылдап асылды эле Чика шыптыга чыга качты. Ошол жерде туруп алып Рексти сабай берди. Чапкан таяк бирде башына, бирде капталына, бирде жамбашына тийет. Рекс мурун арсылдап үрүп каршылык көрсөттү эле кийин ага да алы келбей, качып кутула албай, каңшылап жан соогалап бурчка тыгылды. Иттин кудайга жеткен үнүн уккан Айдар чуркап келип эшикти тартып ача албай:

 — Чика дос, Рекске тийбе. Сенин акылың бар, анын акылы жок, Рекстин итчилигин мен үчүн кечирип кой. Ач эшикти — деп жалынды. Чика итти урбай калды. Эшикти ачайын деп жерге түштү эле Рекс байкуш ажылдап үрүп асылмак түгүл жашынар жер таппай калды.

 — Ии, коркот бекенсиң, — деди Айдар кыңшылаган Рексти арабадан алып, -айттым элего тийбе деп. Эми тийишсең дагы көрөсүң...

Биринчи беттешүү ушуну менен бүттү. Рексти коебергенде Айгүлгө жашынып алып ажылдап үрүп элдин мазасын алды. Эртеси оюн коюп келгенден кийин кишилер арыктагы сууга жуунганы кетип дагы экөө ээн калышты. Рекс кечээкини эстеп тишин ырсыйтып ырылдап каба турган болуп ыкыс берди эле Чика арабанын үстүнө чыгып отуруп алып: "А, итибай мен сага азыр көрсөтөм" деп ойлонуп отуруп акыры тапты. Ал акырын түшүп, казандын капкагын ачып, сөөгү бар этти алыпкелип тордун ичине коюп, өзү сыртка чыгып тескери карап отуруп алды. Этти көргөн Рекс шашып тордун ичине кирип этти жей баштады. Чика тордун эшигин шак бекитип кечээки таяк менен башка, көзгө, капталга сайгылай баштады. Дөөгүрсүгөн Рекстин каңшылап каяша айткан үнү кулак мээни жарып жиберди. Айдар тарпылдап чуркап келатканда Чика эч нерсе билбегенсип арабанын үстүнө чыгып отуруп алды. Айдар Чиканын атайы кылганын дароо түшүндү. Рексти бошотуп жиберип:

 — Чика, айланайын, ачууңду токтот. Рекс экинчи сага тийбейт, — деп жалынды.

Ушул экинчи беттешүүдөн кийин Рекс Чиканын жанына жолобой калды.

Атүгүл тордолгон үйүнө кирип жатпай да калды. Бирок алыс отуруп алып, кулак мээни жеп үрө берет. Чика колуна чыбык алып же жөн эле ошол тарапка басса Рекс дыр коюп качып жөнөйт. Бир сапар Рекс оюн көрсөтүп бүткөндөн кийин арабанын көлөкөсүндө уктап жатыптыр. Мойнундагы күмүш чапкан кооз каргысы чечиле элек экен. Чика акырын бутунун учу менен басып, ар жактан илгич кайышты таап келип Рекстин мойнундагы каргысынан илип арабанын туура жыгачына аса байлап салды. Байкуш Рекс ажылдап үрмөк түгүл муунуп кырылдады. Аны көрүп калган Ороз чуркап келип араң дегенде чырмалган кайышты чечип итти бошотту.

Мына ушундан кийин Рекс Чикадан өлгөндөй коркуп калды. Ал түгүл сахнага чыгып бийлегенде Чиканы көрөр менен Айгүлдүн этегине жашынчу болду. Мурункудай кенен— кесире баса албай, жалгыздап жүрө албай, ал түгүл үрүп санаганда Чиканын караанын алыстан көрсөда адашып кетчү болду.

 

ЧИКА КОЛГО ТҮШТҮ

Арадан бир топ күн өттү. Жай мезгили күзгө айланды. Кечээки эле бактагы жашыл жалбырактар саргайып түшө баштады. Ушул арада Рекс менен Чика элдешип бирине бири тийбей калды. Баарынан да Рекс тентектигин койгондон бери тынчтык болуп, араба тарткан аттын да кулагы чуудан кутулуп акырга салган чөптү беймалал жеп уйкусун кандырды.

Аба ырайы өзгөрүп, күн салкындай баштаганда Айдар аттын башын шаарга бурду. План боюнча шаарга кыштап чыгууну ойлоду. Араба калың элди айланып жайма базардын четине келип токтогондо эле Чика шаарды боолголоп тааныды. Бул шаар баягы устаты жашаган шаар. Көчөсүн далай аралап, базарында атасы экөө көп жолу отун саткан. Анда адам болуп, эл менен сүйлөшүп ушул базарды эркинче аралап жүрчү. Өмүрдөгү өткөн жакшы мезгил көңүлүн чөгөрдү. Айдар Чиканын тынчсызданганын түшүнгөн жок. Бийик карагай мамыны орнотуп, зым арканды зыңкыйта тартып дар куруп таштады. Адатынча алгач Ороз чыгып, короз болуп койкоктоп элди күлдүрдү. Канатын каккылап:

Мен корозмкн, корозмун,
    Балбаны болом короздун.
    Өнөрүмдү көргүлө,
    Күрөшөлү келгиле.
    Менин сөзүм уккула,
    Балбаныңар чыккыла! -
    Ко-ок, ко-ок! -

Мени начар дебегин,
    Текөөр менен тебемин.
    Тумшугум менен чокуймун,
    Чыканак менен нукуймун.
    Менин сөзүм уккула,
    Баатырыңар чыккыла! -
    Ко-ок, ко-ок! -

Текөөрүм болот темирдей,
    Келатам эч бир жеңилбей.
    Күрөшчү болсоң жыгамын,
    Баткакка башың тыгамын.
    Менин сөзүм уккула,
    Кыйыныңар чыккыла! -
    Ко-ок, ко-ок! -

Чырдашсаңар чырдашам,
    Ырдашсаңар ырдашам.
    Бийлесеңер бийлеймин,
    Алсызга такыр тийбеймин.
    Менин сөзүм уккула,
    Ырдашсаңар чыккыла! -
    Ко-ок, ко-ок, — деп ырдап, бийлеп, секирип не бир кызыктарды көрсөттү. Башына кызыл таажы тагынып, бутуна текерлүү өтүк кийип, төшүн жаздык коюп чыгарып, куйругуна шыпыргы байлап алганга күлкүңдү келтирип өтө эле кызык көрүнөт. Анан калса басканы, "ко-ок, ко-ок" дегени, "кукереку-у" деп кыйкырганы короздун эле өзү. Ал эми эчкинин кейпин кийип мекиренип чыкканда күлүп отуруп өлүп каласың.

Мен эчкимин, эчкимин,
    Жолобогун эчкимиң.
    Жакын келсең сүзөмүн,
    Ичегиңди үзөмүн.
    Мэ-э, мэ-ээ!
— деп алдыңкы катарда тургандарды тайпайган мүйүзү менен качырып калганда балдар бакырып чуулдап, чоң кишилеп чочуп ыкшып кыйрап калышат. Улам бир ырды ырдап, улам жаңы бий бийлеп элдин кумарын кандырат.

Орозду эс алдырыш үчүн арачолодо Керээз чыгат. Анын кортойгон боюн, маскарапоз кейпин көргөндө эле эл күлө баштайт. Анын ар түрлүү оюндары көп, көпчүлүк учурда ойноп жатып, элди күлдүрүп атып дагы бир нерсени ойлоп таба койгону кызык. Чикага анын "Жинди бийи"жагат. Ороз комуз чертип киргенде эле Керээздин денеси титиреп, башы шылкылдап, көзү алактап баштайт. Ороз адегенде Керээзди биртопко бийлетип анан комузунун башын шилтеп коет. Ошол учурда маңдайына келген мамыны да, кишини да шак дегизе тээп жиберет. Анан анын комузунун башы эл тарапка шилтенет. Ал учуп барып бирөөнү чала— була тээп калат. Көпчүлүк учурда ошол тебе турган жерде Айгүл отурат. Ал калп эле корккон болуп, чаңырган бойдон дыркырап качат. Анын артынан кубалап, жетип жетпей бут шилтеп өзү талп деп кулайт. Жыгылган жеринен туруп элди аралап жөнөйт. Буттары шалактап тыяка— быяка сороктой баштаганда эл жапырылып качат, өзгөчө балдар тээп жибербесин деп ата-энесинин этегине жашынышат. Ушул учурда комуздун тепкеги ыргып комуздун колдураган үнү тып басылат. Керээз шалк жыгылат. Чалкасынан түшүп алып көзү алактап, кареги аңтарылып, көзүнүн агы көрүнүп, тили салаңдап тыбырчылайт. Ороз учуп кеткен комуздун тепкегин таап ордуна коюп, күүгө келтирип кайра чертет. Керээз кыймылдап, жыгылып туруп, мүдүрүлүп араң өзүнө келип, бир аз бийлеп токтоп калат. Чикага ушул жагат. Керээз жинди бийди бийлегенде сахнанын бурчуна барып карап турат. Ороз кайрылып сахнага чыгат. Бул сапар да эл андан жаныбарларды туурашын күтөт, бирок Ороз топту ыргытып ойноп кирет. Адегенде үч топ, андан кийин төрт топту ыргытат. Карап турсаң капырай топтор колго тийбей эле колдон колго учуп тургандай сезилет.

Бул шаарга биринчи келгендиктенби же жергиликтүү калк циркти жакшы көрөбү айтор эл көп келип жатты. Кызуу иштеп арадан бир жума өтүп кетти. Жекшенби күнү Чика Айдардан кийин дарга чыкты. Ал бийик дарга ойногонго көнүп калган. Зым аркан менен ары— бери басып жүрөберет. Айрым учурда калп эле жыгылган болуп, элди дуу дегизе бакыртып алып зымды кармап салаңдап туруп калмайы бар. Муну Айдар үйрөткөн эмес, өзү тапкан. Мурун жыгылып баратканда ушинтип кармоочу, кийин атайын жыгылып, анан турникке ойногондой айланып ойноп жиберчү. Бул Айдарга жагып: "Чика ос, жарайсың, ар бир чыкканда, оюндун аяк ченинде ушундай кылып элге көрсөт" деген. Ал дайыма ушул трюктү да аткарат. Бир оюнду кайра— кайра жазаса баркы кетип каларын түшүнүп, эл аз кол чаап каларын сезип, ар бир оюнда билгенин бир жолу элекөрсөтөт. Оюну элге жагып, эл көпкө кол чапса, Айдар ойно деп суранса экинчи жолу гана чыгат.

Бул сапар желпүүр калакты колуна алып, зымдын бир учунан экинчи учуна өтүп кайра жорголоп келатканда эрди тырык, көзү көк, өңү ынды кара киши элдин арасында карап туруптур. Чиканын жүрөгү шуу дей түштү. Чика аны айныбай тааныды. Баягы айылдан биринчи качып чыгып, куугунчулар келгенде Рекстин тордолгон үйүндө чапан жамынып жашынып жатканда жылчыгынан ушул кишини көргөн. Жүрөгү оозуна тыгылып, желпирүүнү колунан түшүп, кулап баратып зымды кармап калды. Узун тартайган колу менен зым арканга асылып, андан— мындан бир тийип качып өнөдү. Орноткон мамыдан бирөө кууп келаткандай шыпырылып түштү. Чиканын шашып келатканын байкаган Айдар:

 — Чика, сага эмне болду? — деди. Маймыл ага жооп кылып, тишин ырсыйтып көзүн алайтып, башын койгулап чарылдап жиберди. Айдар кайра— кайра сурап да, зордоп да Чикны дарга чыгара албай койду. Айласыз дарга өзү чыгып бир аз ойноп түштү. Эл тарап чүмкөлүү арабага келишти. Бул сапар Чика Рекстин тордолгон үйүнө кирип чыкпай койду. Тамакты да ошол жерде отуруп ичти. Айдар маймылдын эмнеден коркконуна түшүнбөй башы маң болду. Маймылды тору менен жанына жакын коюп жатты. Көп өтпөй уктап кетти. Жарым түндө аттын кошкурганы, Рекстин чайылдап үргөнү ойготуп жиберди. Караса маймыл жаткан тор жок, тор менен кошо Чика да жок. Бул иш уурунун колунан келгенин Айдар түшүндү.

 

ЧИКАНЫ ИЗДЕШТИ

Айдар ич кийимчен атып сыртка чыкты. Айдын жарыгында бир караан дубалдан секирип түшкөндөй болду. Рекс ошол тарапка арсылдап үрүп "Кетип калды" дегенсип дубалдын түбүнө үрүп туруп алды.

 — Ороз, Кеээз тургула! -— деди Айдар бутун кишендеп арабанын дөңгөлөгүнө байлап койгон атты чечип жатып. Катуу уктап жаткан балдар ойгонуп "Эмне болуп кетти?" деп сурашты эле:

 — Чиканы уурдап кетти, — деди Айдар катып койгон мылтыгын сууруп чыгып октоп жатып, -издейбиз. Жердин түбүнө кирип кетсе да табабыз. Экөөңөр мени менен жүргүлө, Айгүл арабада калсын. Айдар атты жайдак минип, Ороз менен Керээз жөө жөнөштү. Рекс жыт жыттап баарынын астына түштү. Ал караан секирип түшкөн дубалдын түбүнө келип кыңшылап жиберди.

 — Рекс жытты туура алды, ууру ушул жерден түшкөн, — деди Айдар. Ороз итти көтөрүп чыгарып, өзү анын артынан дубалдан секирип түштү. Керээз бою кыскалык кылып тырмышып, өйдө барып кайра жылмышып түшүп чыга албай койду. Ага Айдар жардамдашып жиберди эле дубалдын аржагына күп этип кулады. Ал ага карабай Ороздун артынан чымын— куюн болуп чуркап жөнөдү. Айдар айланып дарбазадан чыккыча балдар узап кетиптир. Аттын оозун коеберди эле керээли кечке байлоодо турган ат адыраңдап жөнөдү. Тез эле балдарды кууп жетти. Дале Рекс алдыда экен. Жерден башын көтөрбөй шимшилеп кетип бараттат.

Ай жарык, айлана тынч. Элдин баары уйкуда. Жада калса сөөк талашып кабышып жүргөн жолбун иттер да көрүнбөйт. Куугунчулар көчө бойлоп, дабыш чыгарбай кетип баратышты. Рекс токтоор түрү жок. Тыным албай томураңдап чуркап, өзү менен кошо арттагыларды да акактатып чуркатып баратат. Керээз жүрбөй таза артта калды. Айдар учурунда "сен уркап, секирип акроботка жазап үйрөн. Денең ийилчээк, күчтүү болот" деген, бирок убаралангысы келбей аткарган эмес. Эми ит менен Орозго жетпей ушуну ойлонуп баратат. Керээздин ыгы менен болсо алдыңкылардан таза эле артта кала турган. Айдар Керээзди учкаштырып алды. Баарлыгы жабалактап Рекстин артынан кетип баратышат. Рекс да адамдардын ишенимине түшүнүп, борсулдап үрүп койбой жанын үрөп из кууп кетип баратат. Чоң көчөдөн бурула бергенде ачык дарбазадан көк дөбөт ар этип качырып калды. Рекстин жаны чыгып Ороздун аягына кире качты. Ороз колундагы таякты жаңсап айбат көрсөттү эле өжөрлөнгөн ит болор эмес. Кол салууга ыкыс берип, Рексти талоого аракет кылып жолун тороп туруп алды. Артта келаткан Айдар эңкее калып шапалак менен жон талаштыра басып калды эле дөбөт "Каңк! -" деп короосуна кире качты. Куугун кайра уланды. Таң агарып, айлана даана көрүнүп калды. Рекс көчө бойлоп шимшип шаардан чыккан чоң жолго түштү. Бул айылга апарчу жол. Бул жол менен Айдар шаарга келген, бул жол менен бир кезде ары— бери чапкылап чоочун кишилер Чиканы издешкен. Айдар аттан түшүп, жолдун таманын отура калып тиктеп:

 — Ороз сен ит менен келебер, биз чаап астыга өтөлү. Жолдо аттын изи жок, балким ал жөө жалаңдап жүргөн ууру болушу мүмкүн. Жөө болсо узатпай кууп жетебиз, атчан болсо айла жок, ал анда алда качан узап кетти. Карматпайт, — деди.

Ороз макул болду. Айдар менен Керээз чаап жөнөштү. Карагер атты камчылап кара терге чөмүлтүп келатышат. Шаардан биртоп өткөндө токой башталды. Туштарабы караган чер, карагай, кайың экен. Бираз жүргөндөн кийин жолдо калдайган бир нерсе жатыптыр. Жакындап келип карашса Рекстин тордолгон үйү. Бош. Чика жок.

 — Чиканы алып качкан экен, эми аны табабыз, — деди Айдар. Бираз күткөндө Ороз менен Рекс жетип келишти. Рекс үйүн жыттап, аны айлана чуркап токтой калганда:

 — Рекс, алга! — Чиканы изде! -— деп Ороз үн катты эле Рекс жерден тумшугун албай издеп жөнөдү. Айдар менен Керээз кара жол менен чаап жөнөштү. Барган сайын токой суюлуп, арасы ажырап, качкан коендор, булак этип жашынган түлкүлөр көрүнүп жатты. Жолдун жээгиндеги бир түп карагайга келгенде токтоп:

 — Керээз сен түшүп карагайдын башына чыгып туштарапты кара, балким караан-параан көрүнөр, — деди.

Керээз карагайдын бийик жерине чыгып айланага көз чаптырды эле караан көрүнбөдү. Керээзди ошол ордуна кароолго калтырып өзү кайра тартты. Рекс менен Ороз токойду аралап келатыптыр. Ага Айдар да кошулду. Караган чердин чытырман жерине келгенде ат өтө албай калды Атты ошол жерге байлап коюп экөө иттин артынан чуркашты. Бир оокумда Рекс додолонуп үйүлүп жаткан чырпыктын жанына токтоп жерди тырмалап жиберди. Ороз чырпыкты ачып караса коңулда Чика жатат. Шордуунун оозун жоолук менен байлап, буту, колун жип менен чырмап салыптыр. Ороз Чиканы алып бооруна кысты. Айдар туш тарапты карап:

 — Рекс, ууруну тап! -— деп бакылдады. Рекс "менин ишим бүттү" дегенсип

Орозду айлана качып баспай койду. Айдар ага карабай уурунун артынан түштү. Ушул эле тегеректе экенине көзү жетти. Караган черди аралап баратып бирөө татырактатып ат чаап баратканын көрүп өз аты экенин тааныды. Мылтыгын сунуп:

 — Токто, атам! -— деп кыйкырды эле ууру токтогон жок. Кайра атка камчы үстүнө камчы басып учуп жөнөдү. Айдар атка тийип калабы деп чоочулап үстүндөгү кишини мээлеп "даң" дегизе атып калды. Аба жарып ышкырган ок башынан алдаканча бийик өтсө да уурунун жүрөгү түшүп аттын жалына жабышып жатып алып чапты. Атса да, кууса да жетпей калды.

 — Карма ууруну, карма, — деп кара күчкө кыйкырды. Ууру узап кетти. Токойдон чыгып баратат. Карагайдын башында отурган Керээз баарын көрдү. Ууру жакындап келип калганда эмне кыларын билбей калды. Ошол арада башына бир ой түшүп тобокелге салды. Акырын ылдыйлап түшүп жолдун үстүндөгү салаңдаган жоон бутакка жашынып туруп калды, Ууру кутулдум деген ой менен боюн түзөп, артын кылчак карап коюп жайлап калды. Карагайдын түбүнө келгенде Керээз илбирстей болуп секирип үстүнө түштү. Мойнунан сыга кучактап жерге кулады Ат жалт берип үркүп кайра тартты.

 — Акмак, колго түштүңбү, — деди Керээз кекиртектеп, -эми мен сени өлтүрөм.

Артынан мылтыктын үнү жааңырып, үстүнөн илбирске окшоп бирөө муунтуп база калганга уурунун жаны чыгып каршылык көрсөтө албай шаштысы кетти. Жулкунуп, чабал колдон суурулуп чыгып качып жөнөдү.

 — Кармагыла, тоскула, ууру силер тарапка баратат, — деп Керээз чайылдап кыйкырды эле ууру калың токойду аралап көздөн кайым болду. Артынан жете келген Айдар Керээзди кучактап:

 — Азаматсың, сен болбосоң аттан ажырайт элек. Аттан айрылсак эч жакка жылалмак эмесбиз, — деди. Ороздун койнундагы Чика суурулуп түшүп Керээздин мойнуна асылды. Рекс Чиканы жыттап жалап-жалап жиберди. Кубанычтын кучагында болгон достор атты кармап алып шаарга жөнөштү. Келсе Айгүл жол карап чыдамсыздык менен күтүп отуруптур.

 

ЧИКАНЫН АКЫРКЫ ОЙНУ

Айдар Чиканы уурунун колунан куткарып алса да көңүлү тынбады. Жамандыктын жакындап, тегеректеп калганын сезип, "баягы жарыша чаап издеген баш кезерлер же дилдеге кызыккан ачкөздөр бүгүн болбосо да эртең келип калышы мүмкүн" деп ойлоп Айдар Чиканы куткарып алыш үчүн токтобой шаардан чыгып кетишти. Атты эс алдырып жем жегизгени болбосо нечен күн, нечен түн тынбай жол жүрүп башка шаарга кетишти. Бул жерден оюн көрсөткөндөн коркушуп, эки күн тыныгып алып дагы сапарын улантышты. Бир нече күндөн кийин калың токойду аралап өтүп деңиз жээгиндеги чоң шаарга келип токтошту. Шаары кооз, дүкөнү көп экен. Эмне издесең табасың. Ал эми базар күнү элдин көптүгүн айтпа кумурскадай кыжылдайт. Эл ар тараптан чогулуп, ал түгүл кеме менен деңиздин ар жагынан келип соодасын бүтүрүп кетишет экен. Элдин көптүгү цирк көрсөткөндөргө жакшы болду. Табылга көбөйдү. Бирөөнүн үйүн бир жылга батирге алышты. Бош убактыларында дүкөн кыдырып, ашкана, чайханага кирип жыргап калышты. Бул жердин базарында деңиз аркылуу апкелип сүйлөй турган тотукушту, ар түрлүү маймылдарды сатышып отурушат. Чика маймыл болгону маймылдарды көргөн эмес. Өзүнүн тууганын ушул жерден көрдү. Аны таң калтырган нерсе маймылдардын тилин түшүнөт экен. Ага кубанып да, кайгырып да калды. Бирок алар менен аралашып сүйлөшө алган жок. Сатылуучу маймылдар тордо камалып отурушса, Чика Айгүлдүн жетегинде жүрдү. Уурунун колунан куткарып алгандан кийин Айгүл Чиканы эч качан жанынан чыгарбайт. Жатса да жанына алып жатат. Чоочун кишилерге жакын жолоттурбайт.

Айдар ушул шаарда эки айдан ашык туруп калышты. Жекшенби күнү Айдар арабасын эртең менен эрте базарга айдап барып, четине токтотуп, дарды куруп эл чогулганда оюн көрсөтө баштады. Ушул күнү Айгүл мурункудан да укмуштуудай жакшы жыттанып келди. Өзү да көңүлдүү, кыймылдаганы да, ойногону да ийкемдүү болду. Айгүлдүн жагымдуу жыты, жаркыраган паанайы маймылга таасирин тийгизбей койгон жок, ал да эргүү менен демейдегиден жакшы ойноду. Айгүл чимирилип бийлегенде кош этек кийген көйнөгү жайылып белкурчоосуна чейин көтөрүлө түшөт. Чика андан да калбайт. Анын да киндигине байланган көйнөгүнүн этеги көтөрүлүп, желпинип турат. Башындагы бантик бирде чогулуп, бирде чачылып кетет. Аркандан секирип ойнош да өзгөрүп кеткен. Мурун айланган аркандан Чика жалгыз өзү секирчү, эми Айгүл экөө секирет. Бүгүн Ороз менен Керээз арканды айлантып бирде Айгүл секирип, бирде Чика секирип алмак— салмак кирип чыгып турушту. Бир оокумда Айгүл менен Чика бир мезгилде кирип секиришти. Дүркүрөгөн кол чабуулар дүүлүккөн денени огобетер козгоп жиберди. Биригип көпкө секиришти. Чика Айгүл менен бирге элге башын ийип сахнадан чуркап чыгып кетишти. Дүркүрөгөн кол чабуулар токтобой сахнага кайра чыгып кайра киришти. Сахнанын артына барганда Айгүл кубанып Чиканы кучактап жагымдуу жыт жыттанган денесине кысты. Чика Айгулдүн чап мойнунан кучактап алкымынан жыттап-жыттап алды. Эл дагы кол чаап туруп алды. Айгүл Чиканы көтөрүп сахнага чыгып айланып бийлеп кайра тартты. Оюн кызуу жүрүп жаткан мезгилде төрт ат кошкон жазалгалуу чүмкөмө араба келип токтоду. Аны жандай чапкан он чакты курал жаракчан кишилер жүрөт. Арабанын ичинен кырк жаш чамасындагы кара сакал киши, жакшы кийинген жети— сегиз жаштагы кыз түштү. Алар элди жарып өтүп оюн коюп жаткандардын бетмаңдайына келип токтошту. Кыздын эки көзү маймылда. Маймылдын ар бир кыймылына кубанып кол чаап, карагаттай көзүн күлүңдөтүп карап турат. Чика ансайын Айгүлдүн айтканын так аткарып элди таң калтырды. Бир убакта кыз жанында колун кармап турган мурду коңкойгон кара сакал кишини жеңинен тартып:

 — Ата, ушул маймылды мага сатып берчи, — дегенин Чика угуп калды.

 — Бул жүдөгөн маймылды эмне кылмак элең, — деди кара сакал киши кыздын башынан сылап, — маймыл базарда мындан жакшысы бар. Мына ошондон тандап сатып алабыз.

 — Башкасын албайм, — деди кыз чоюштап, -алсам ушуну алам.

 — Мунун эмнеси жакшы, — деди кара сакал киши айтканын кайталап, — карачы арыктап, жүнү түшүп өлгөн турат.

 — Бул маймыл мага жагат, — деди чоюштаган кыз айтканынан кайтпай, -тил алчак экен. Мен да тиги кызга окшоп үйгө барганда ойнотом. Бийлетем.

Бул сөздү Айгүл уктубу, уккан жокбу ким билсин Чика байкап калды. Оюна эч жамандык келбеген Чика мурункудан да ийкемдүү бийлеп, элпек болууга аракеттенди. Ороз ыргытып, Айгүл тозуп алган ролду да жакшы аткарды. Арачолодо " Менин кыйындыгым көрдүңбү?" дегенсип жанакы жакшынакай кызды карап коет. Ал оозун ачып маймылдан көзүн албайт. Эң акыры жаңы үйрөнгөн өнөрүн көрсөттү. Ал көргөнгө жеңил болгон менен Чика үчүн үйрөнгөнгө оор болду. Айгүл Чиканы маңдайына отургузуп алып сурады:

 — Атың ким, айтчы?

Маймыл тишин ырсыйтып, ууртун кулагына чейин жыйрып араң дегенде, "Ш-шика" деди эле эл күлүп калды. Айгүл кайра сурады:

 — Тактап айтчы, атың ким?

 — Ч-ч-чика, — маймылдын тили мурункудан тагыраак чыкты. Айгүл маймылдын сүйлөгөн сөзүн тактады:

 — Чи-ика! -

 — Чика, — деди маймыл Айгүлдөн кийин так айтып, -Чика, Чика, — деп айтканына кубанып секирип бийлеп да жиберди. Эл кубаттап дүркүрөтө кол чабышты. Эрке кыз "Чиканы сатып бер"деп атасына огобетер асылды да калды. Акыркы ролду аткарып Чика тартылган зым аркан менен басканда андан көзүн албай тиктеп турган эрке кызды дагы көрдү. Ал атасына эркелеп, бирдемени айтып ыйлап жатты. Айдарлар ойноп бүтүп, кийинки келген кишилерге кайра баштап коюп берүүгө даярдык көрүп жатканда кызды жетелеген киши келип Айдарды сөөмөйү менен жаңсап чыкырып заңк этти:

 — Эй циркчи, кел бери! -

Айдар адатынча шашпай жай басып келди. Кыз жетелеген кара сакал киши:

 — Сен маймылыңды мага саткын, канча болсо да төлөйм, — деди түз эле.

Сатуу оюна келбеген Айдар оюн чынына түшүнбөй көзүн алайтты.

 — Маймыл сатылбайт, — деди Айдар буйрук берген кишинин өңүнө тигилип, — муну сатып жиберсем элге эмнени көрсөтөм.

 — Көрсөтөсүң, — деди кара сакал каарлу тиктеп, — сен көрсөтө турган оюн көп. Маймыл керек болсо сатып аласың. Үйрөткөн колуңдан келет. Андан көрөкчө баасын ачык айт. Дагы кайталайм канча айтсаң ошончо төлөп берем.

 — Сатпайм, мырза, — деди Айдар айткан сөзүнөн кайтпай, — мен маймылсыз жашай албайм. Бул маймыл сөзгө түшүнөт, башкалар түшүнбөйт. Бул маймыл аткарган ролду башкалар аткарып бербейт. Ырахмат март тыгыңызга, сатпайм.

 — Сатасың, — деди кара сакал Айдарды жакадан алып, — сөзсүз сатасың, анткени сенин маймылың менин кызыма жагып калыптыр.

 — Сатпайм, — деди Айдар айткан сөзүн кайталап, — кызыңыз маймылга кызыкса башканы алып бериңиз.

 — Сатпасаң болуптур, — деди кара сакал Айдарды көмөлөтө түртүп, -өзүң бил. Бирок бул шаардан азыр чыгып кетесиң! — Уктуңбу, азыр...

 Топуракта оонап жаткан Айдарды бирөө келип жакасынан сүйрөп бутуна тургузуп, ичке бир койду. Көзү алачакмак болуп бүгүлө бергенде экинчиси келип койду. Он чакты киши тегеректеп койгулап киришти. Жыгылып калса ордунан сүйрөп тургузуп кайра жыга коюшат. Зөөкүрлөр эсинен тандырып кетип калышты. Көзүн ачса Айдар арабада жатыптыр. Балдар коркуп Айдардын эсине келүүсүн күтпөй арабага атты кошуп келген жолу менен кайра кетип баратышыптыр...

 

ЧИКА КАРАКЧЫЛАРДЫН КОЛУНА ТҮШТҮ

Айдар арабаны айдап капалуу кетип баратты. Ал үн катпаган соң башкалар да батынып сүйлөй албады. Демейде тентектик кылган Рексда алдыңкы аягын сунуп жиберип, тостойгон көзүн бек жумуп төшөктүн үстүндө термелип баратты. Туштараптагы көк тиреген карагай кайыңдар жолоочулардын кайгысына кошулгансып бутактары башын ийип салаңдап турушту. Ушул тынчтыкты бузган токойдун канаттуу куштары. Алар учуп конуп ар түркүн үн салышып жолочуларды жогортон тиктеп кала беришет. Араба алга жылган сайын ар түркүн куштар кездешип кулактын кужурун алат. Бирок алардын мукадуу үнү көңүлгө жакпайт. Биртоп жүргөндөн кийин ачык мейкинге кез келишти. Түш да болуууп калды.

 — Кана балдар, ушул жерге түшүп, атты откоруп, өзүбүз да шамшум этип алалы, — деди.

Тунжурап келаткан балдар дабырап чегирткедей секирип түшүштү. Айдар атын тушаганча балдар кубалашып ойноп көк чөптүн үстүнө оонашты. Көптөн бери тийишпеген Рекс да Чиканы кубалап, ал карагайдын башына чыга качканда "гав-гав" деп үрүп моокумун кандырды. Жүргүнчүлөр тамактанып отурганда ар жакта кой жайып жүргөн койчу келип калды. Учурашып, ал жайды сурашып Айдарды, балдарды тааныганын, бир ай мурун атайын шаарга барып ойнун көргөнүн айтып, эми кайда баратканын сурады эле Айдар кара сакал кишилерден тепки жегенин, алар шаардан кууп чыкканын айтты. Койчу Айдардын сөзүн көңүл коюп угуп:

 — А, курдаш багың бар экен, — деди кейиштүү, -өлүп калбаганыңа тобо кыл. Ал Кашымбек деген атаман. Кырк каракчынын башчысы. Жанындагы кыз анын жалгыз сүйүктүү кызы. Аны шаардын эли, жакын арадагы айыл, шаар бүт билишет. Ага эч ким теңелбейт. Алам дегенин алат. Каалаганын кылат. Элдин ушагына караганда кыздын энеси өлүп калган имиш. Аныкданыгын билген киши жок. Сурап билгенге эч ким даабайт.

 — Кайда жашайт?

 — Аны да эч ким билбейт. Бирок атамандын шаарда үйү, он бештей кызмат кылган малайлары бар. Ал ошол үйдө анда— санда түнөйт дешет.

 — Ал кайсы жол менен жүрөт?

 — Аны иликтеген киши жок, бири биринен сураштыргандан эл коркушат.

Аны бирде бул жол менен жүрсө, бирде тигил жол менен жүргөнүн көрөсүң. Көпчүлүк учурда кеме менен башка жакка барып келет. Келгенде кеме толтура кымбат баалу буюмдарды таап келет да алганын алып, калганын базарга чыгарып саткызат. Бул аймакты ошол гана бийлейт. Каяша айткан киши өлбөсө да, өлөрчө таяк жейт.

Бул сөздү укканда Ороз менен Керээздин ооздору ачылып тамак жүрөктөрүнө баспай калды. Айдар бул жерден тезинен кетүүнү ойлоп чала— була тамактангандан кийин койчу менен коштошуп жолуна түштү. Кайра калың карагайды аралап кирди. Атты камчылап, жорто желдирип шашып келатканда каплеттен он бешке жакын киши далдаадан чыгып тегеректеп калышты. Караса түрлөрү суук, башында күрөң кездеме менен кыйуулаган кара калпак, үстүндө жеңил кара күрмө, асынганы тапанча, байланганы кылыч. Өздөрү кара кийим кийгени ас келгенсип аттары да капкара аргымактар. Жаны алкымына кептелген Айдарга алдындагы киши мыскылдап сурады:

 — А, циркчи, кездешдикби?

Айдар жанакы маймылга соода кылган коңкогой мурун кара сакал кишини тааный койду. Үстүндөгү жибек, бейкасам кийимдерин кара кийимге тез эле алмаша койгонуна таң калды. Куйчунун айтканы боюнча ал Кашымбек каракчы экенин түшүнүп, "Кездештик төрөм" деп айткыча кайра кекетип сурады:

 — Арабада ким бар?

 — Менин шакиртим Ороз менен Керээз бар. Анан менин кызым Айгүл бар, таксыр, — деди Айдар кекечтенип.

 — Маймыл кайда?

 — Арабанын ичинде, таксыр.

 — Алып чык! -

Кашымбектин кар жааган кабагын, от чачкан заарду көзүн көргөндө Айдар үн катпай, каяша айтпай маймылды арабадан алып чыгып атаманга сунду. Ал маймылга кол тийгизбей ээгин кагып койду эле бир жигит илип кетти.

 — Мен сага окшогон акмакты базардын ичинен эле башыңды алмакмын, — деди Кашымбек каарданып, — бирок кызым жанымда болгон соң колум булгабадым. Эми ажалың жетти. Токойдун арасында, ээн жерде сени эчким арачалап алалбайт.

Айдар чөгөлөп каракчыга жалынып-жалбарып жиберди:

 — Айланып кетейин мырза, менин итчилигимди кечир. Кембагалдыктын айынан сизге каяша айтып койдум. Мен баарлык өлүмгө макул элем, бирок кызым жаш. Энеси өлүп ымыркайында калгам. Аны койнума катып, эл кыдырып, оюн коюп жүрүп чоңойттуум эле. Мен өлсөм анын көргөн күнү эмне болот. Ушул кызым үчүн кечир таксыр. Жан соога таксыыр...

Айдар кызын айтып жашып кеткенде Кашымбек өз кызынын тагдырын ойлоп жумшай түштү.

 — Болуптур, кызың үчүн кечтим. Бирок мени өмүр бою эстегендей болосуң. Арабаны жөө сүйрөп айлыңа кетесиң, — деп тапанчасын сууруп алып атты тарс, тарс дегизип башка атып жиберди. Ал бир чекирип кулап түштү.

 — Чыгар атты, — деди Кашымбек буйрук берип, -аттын ордуна тиги акмакты арабага кошкула, кетсин сүйрөп.

Кашымбектин буйругунан кийин эки жигит жыгылып жаткан аттын боосун бычак менен шарт-шарт кесип жиберип Айдардын мойнуна каамытты кийгизип, арабага кошуп, чыккыс кылып байлап кылычтын жалпагы менен курукка бир тартып:

 — Айда, ноо! -— деп бакырды.

 Айдар түйүлүп секирип, арабаны булкуп сүйрөп жөнөдү. Каракчылар моокуму канып, тамашага батып токойду жаңырта каткырып күлүштү. Айдар өлүмдөн кутулганына тобо кылып арабаны дыркырата сүйрөп баратты...

 

ЧИКА КАРАКЧЫЛАРДЫН ҮҢКҮРҮНӨ БАРДЫ

Айдар Чиканы арабадан алып Кашымбекке бергенде эле каракчылар колдон колго өткөрүп, акыркысы алып чапкан бойдон кеткен. Ал ошол замат токойдун четинде топ кишинин ортосунда турган кыздын колуна карматты.

 — Мына, Канышай, атаңдын белеги, — деди каракчы кызга маймылды берип жатып, — эми каалашыңча ойно.

Кыз маймылды кучактап, кубанганынан секирип бийлеп жиберди. Чика да туйлап каршылык көрсөткөн жок. Аңгыча Кашымбек келип, кызынын жаркыраган маанайын көрүп маңдайынан өөп:

 — Байка, кызым, — деди Кашымбек, — маймылыңды качырып жибербе. Колуңдан бир чыгарсаң экинчи аны кармай албайсың. Качырбас үчүн аны баштыка салып, башын чыгарып, мойнунан муунбастай кылып байлап коюш керек. Үйгө барганда чечип бөлмөгө бош кое бересиң.

Канышай каршы болгон жок. Каракчылардын бирөө атаман айткандай кылып баштыка салып кыздын колуна карматты. Чиканын "Каракчылардан качып өз жолдошторума кошулам" деген ою ордунан чыкпай калды. Канышайдын кучагында каракчылардын кажы— кужу сөзүн угуп кете берди. Эки көзү ирмелбей ар тарапка чабыттады. Жолдун кайда апарарын, кандай бурулуштар, кандай белгилер бар экенин байкап баратты. Эл да ага көңүл болгон жок, тек гана маймылдын жалтактаган көзүн карап коюшат. Каракчылар кажылдашып көпкө токойду аралап жүрүштү. Бул жол кенен, араба жүрөрлүк жол экен. Бир эт бышым жүргөндөн кийин чоң сууга кез болушту. Ошол сууну жээктеп оң тарапка бет алышты. Суунун агымына карама каршы кетип баратканын сезди. Улам жогорулаган сайын жол өр таянып ат тердеп, ээри артка сүрүлүп соорусуна жыла баштады. Бир топ жүргөндөн кийин туш тарабы тирелген аска болуп, чоң-чоң таштар кулачудай салаңдап, жол тарып, атчандар катар жүрө албай ээрчишип бастырып калышты. Көп өтпөй маңдайдан бийиктиги эки аркан бою келген чоң шаркыратмага кез болушту. Аскадан кулап ааламды жаңырткан шаркыраган суу түбүнө көз жетпеген терең өстөнгө куюп жатыптыр. Алдыда келаткан Кашымбек шаркыратманын маңдайына токтоп калганда, Канышай бастырып келип атасынын жанына токтоду. Кашымбек:

— Шаркыратма шаркырабай басыл,

Кара таш калдырабай ачыл! -— деди.

Ушул сөз айтылар менен аскадан агып жаткан суу лып токтоп, шаркыратманын артындагы алачыктай кара таш ордунан жылып, таманындагы терең өстөнгө көпүрө болуп жатып калды. Ачылган үңкүргө каракчылар жай баракат бастырып кирип кетишти. "Эми эмне болот?" деп ойлоп келатканда Кашымбек:

— Шаркыратма шаркырап ак,

Кара таш калдырабай эшикти жап, — деди эле таш ордуна келип, үңкүрдүн оозу бекилип, шаркыратманын добушу күркүөп угул калды.

 

КАРАКЧЫЛАРДЫН ҮҢКҮРҮ

Кашымбек кызына "Маймылды үйгө барганда коебер" деген сөзүн угуп, Чика жол бою "Кандай үйгө апарат болду экен?" деп ойлоп келген. Келгенде үй дегени үңкүр болуп чыкты. Бирок шаркырап аккан суу токтоп, алачыктай таш ачылып, суу аккан өстөндүн үстүнө көпүрө болуп жатып калганы Чиканы аябай таң калтырды. Мындагы күч каракчы айткан эки ооз сөздө экенин баамдады, бирок аны текшерип көрүүгө тил жоктугунан ичтен сызып тим болду. Үңкүрдүн кенендиги укмуш экен, чоң тоонун астын оюп койгон кенен талаа шекилденет. Бир бурчуна миң койду, бир бурчуна миң жылкыны камап койсо кенен баткыдай. Келген каракчылар куржундарын түшүрүп, аттарын акырдагы чөпкө байлашты. Куржундагы дүнүйөнү ортого төгүп, сорттоп бөлө башташты. Карап турсаң укмуш, куржунда алтын, күмүштөн жазалган буюмдар, ар түрлүү кийимдер, бооланган акчалар бар экен. Кашымбек ошолордун арасынан каухар бастырылып тигилген баш кийимди алып кызынын башына кийгизди эле Канышайга укмуш жарашып калды.

 — Кызым, муну сен кийип ал, — деди Кашымбек чекесинен өөп, — башыңдан түшүрбө. Кийин чоңойгондо мындан да жакшысын жазатып берем.

Канышай каухарланган баш кийимге кубанган жок, ал үчүн каухар бастырып тигилген баш кийим үкү тагылган топудай сезилбегени байкалды . Анткен менен Канышай маймылды колунан чыгарбай ойноп кубанычка батты. Чиканы укмуштай жазалгалады. Маймылдын мойнуна жаркыраган шуру тагып, алтын билерикти билегине салып, күмүш курду белине курчап, алтындалган тасмаларды ийнинен арта салып арчындап байлап койду эле кодойгон маймыл жоокерге окшоп чыга келди. Аны көргөн каракчылар ушунчалык каткырып күлдү дейсиң, тим эле жерди солкулдатты. Бул оюнду ойлоп тапканына маашырканган Канышай да каткырып жыргады. Чика да карап турган жок, ал бирде каткырып алакан чаап, бирде Канышайдын артына жашынып, улам чыга калып, кайра жашынып элди кызыктырып, күлдүрүп үңкүрдүн ичин шатыра шатман кылды. Чика кежирленбей, тартынбай тур десе туруп, ойно десе ойноп элдин ишенимине кирүүгө аракеттенди. Өзгөчө атаман менен анын кызына жагынууну эңседи. Эби келгенде качып кетүүнүн камын көрдү.

Атасы алып келген дүнүйөнү эсептеп, иреттеп жатканда Канышай Чиканы колунан жетелеп үңкүрдү кыдырып чыкты. Ар бир он кадам жерге шам коюп койгонго ичи күндүзкүдөй жарык экен. Үңкүрдүн күн чыгыш тарабы бөлмө— бөлмө болууп жазалып, ар бир бөлмөдө асыл заттар жыйналыптыр. Биринде алтын болсо. биринде күмүш, биринде кийим болсо, биринде ылгый эле курал. Айтор үңкүрдө аттын ээр токумуна чейин бар экен. Баарынан да үңкүрдөгү тазалык Чиканы таң калтырды. Буюмдар да, жем-чөптөр да өз, өз ордунда. Каракчылардын жата турган жерлери жазалгаланып коюлуптур. Атаман менен анын кызыныкы өзүнчө бөлмө экен. Ичине кирсең укмуш, чөйчөгү да, кашыгы да алтын. Бут база турган жердин баарына аю талпак төшөлгөн. Керегесинде жолборс, илбирс, башка сүлөөсүндөрдүн терилери илинип турат.

 — Мына келдик, — деди Канышай өзгөчө жазалган бөлмөгө киргенде, — бул менин бөлмөм. Оюнчуктар да меники. Кааласаң алып ойно. Экөөбүз ушул жерде ойнойбуз, ушул жерде уктайбыз, — деди кобурап.

Канышай менен Чика оюнчуктар менен ойноп жатканда орто жаш киши тамак көтөрүп кирди. Ал ага карабай:

 — Алпар тамагыңды, мен атамдын жанына отуруп иччем, — деп койду.

Тамак ташыган киши чыгып кетти. Бираздан кийин Канышай Чиканы колунан жетелеп каракчылар отурган бөлмөгө кирди. Бул бөлмө чоң экен. Улагасынан төрүнө чейин шырдак төшөлүп, кара көрпө көлдөлөңдөр каттай салынып каракчылар кыркалай отуруп эт жеп, ичкилик ичип дуулдап отурушуптур. Сүйлөгөндөрү балит, одоно экен. Канышай да алардан калышкан жок, эркекче сөккөндө эсиң оой түшөт. Бираздан кийин каракчылар даалдап ырдап киришти. Билгени комуз чертип, каалаганы бийлеп жатышты. Бир кезде Кашымбек сыңар тизелеп отуруп кызын бийге чакырып кол чапты. Калган каракчылар да атаманды туурап сыңар тизелеп отуруп кол чабышты.

 — Кана кызым, өзүң да бийлеп, маймылыңды да бийлет, — деди атасы.

Канышай биртоп манчыркап туруп тегеректеген элдин ортосуна чыгып бийледи, аны менен кошуп Чика да бийледи. Айгүл менен бийлегендей бийлебесе да Канышай экөө көпкө бийлешти. Чарчап бөлмөсүнө келишти. Күн бою аттын үстүндө жүрүп чаалыккан Канышай уктап кетти. Чика акырын сыртка чыкса каракчылар шарап куйган кумараны биринин артынан бирин бошотуп жатышыптыр. Бираздан кийин тегиз мас болуп калышты. Ошол учурда эки жигит мушташып кетишти. Аларды ажыраткан адам болгон жок. Көздөрү көгөрүп, беттери айрылды. Чарчаганча мушташып бирин бири багындыра албай койду. Экөө эси ооп эки жерде отурганда

Кашымбектин орунбасары эки чөйчөккө толтура шарап куюп өз колу менен сунуп:

 — Жарайсыңар азаматтар, силердин эр жүрөктүгүңөр үчүн, силердин таяктан тайманбаган көктүгүңөр үчүн ичели, — деди. Экөө тең тура калып шарапты кагыштырып тартып жиберишти. Бошогон чөйчөктү шарапка толтуруп экөөнүн колуна кайра карматты:

 — Эми баатырлар силердин жарашканыңар үчүн ичели, — деди. Бул сапар дагы экөө кагыштырып ичип, кучакташып өбүшүп жарашты. Чика адамдык сапаттан айрылган эки аяктуу айбандарга туш келгенин сезип кантип качуунун камын ойлоп отурган жеринде уктап кетти.

 

ЧИКАНЫН КАЧЫШЫ

Каракчылар үч күн тойлошту. Төртүнчү күнү үңкүргө Канышайды, дагы эки кишини калтырып кетип калышты. Укканга караганда атаман бир жумадан кийин келмек болуптур. Чуулдаган каракчылар кеткенден кийин үңкүрдүн ичи тымтырс болуп, жашоо кандайдыр көңүлсүз сезиле түштү. Калган киши идиш аяты жууп, ордуна коюп, аттын сарайын тазалап акыр-чикирин асканын түбүндөгү сууга агызып жиберишти. Канышай уктап калганда Чика эки каракчынын жанына келип, көлдөлөңдүн үстүнө бүрүшүп жатып алды. Экөө маймылды таназар албай, сөзүбүздү түшүнөт деп ойлобой шараптан согуп коюп бакылдашып сүйлөшүп атышат. Жашы элүүгө барып чачын ак аралап калган киши ушул үңкүрдүн тазалыгына, тартибине жооп берет экен. Ал каракчыларга жаңы кошулган жаш жигитке башынан өткөргөнүн, көргөн билгенин мактанып айтып жатты. Угуп отуруп жаныңан түңүлөсүң. Кашымбектин барбаган жери, талабаган эли калбаптыр. Кербенди ээн жерден тозуп дүнүйөсүн тартып алып, каршылык көрсөтсө кары, жашына чейин кырып ташташчу экен. Ал эми деңизден кемелерди чөгөргөнүн айтпа, уккан адамдын зээни кейийт. Эки каракчы шарапка кызып кызуу сөзгө киргенде:

 — Чика, кайдасың? Чи-ика! -— деп чаңырган Канышайдын үнү угулду.

Чика иргилбей жетип барды. Атасы таштап кетип көңүлү чөгүп турган Канышай маймылды колунан кармап алып таштай болгон муштуму менен өпкөгө берип— берип алды. Чиканын деми кыстыгып, көңүлү караңгылай түштү.

 — Сен эмне мени таштап кетесиң, — деп албуутанды Канышай. Чика эптеп колунан суурулуп качып жөнөдү. Канышай калган ачуусун эки каракчыдан чыгарды. Илинип турган камчыны алып алып экөөнү алмак— салмак сабады. Каракчылар башын алаканы менен калкоолоп далысын тозуп беришти. Чарчаган соң:

 — Атам, кайда? — деп чаңырды. Каракчылар бүжүрөп, долуланган кызды сооротууга аракет кылышты. "Атаң эртең келет" деп алдашты. Ага да болгон жок. Алтын аякка айран куюп келип сунду эле аны Канышай керилип туруп тепкенде аяк асманга учуп айраны чачырады. Берген оюнчукту албай төшөгүнө көмкөрөсүнөн кулады. Көпкө ыйлап жатты. Бир топтон кийин маймыл эсине келди окшойт сыртка чыгып:

 — Чика, Чика, сен кайдасың? — деп кыйкырды. Бурчта коркуп бүрүшүп отурган Чика эмне кыларын билбей калды. Барайын дейт таяктан коркот, барбайын дейт андан коркот. Калпыс мезгилге капталып кантип кутулардын айласын таппай көзү жалтактап турганда Канышай өзү чуркап келип эч нерсе болбогонсуп Чиканы жерден көтөрүп алып кучагына кысты.

Чика үңкүрдө бир жума туруп калды. Күн өткөн сайын Канышайдын кежирлиги күчөп далай жолу таяк жеди. Бирок Канышай мүнөзү кежир, чалпоо болгон менен ак көңүлдүү жагы бар экен. Албуутанганда бороондой каарып, буркан-шаркан түшүп, бир аздан кийин кайра эле жазылып кетет. Кектебейт. Мурун кандай мамле кылса кийин ошондой эле мамле кылат. Бирок бирөөнүн көңүлү калаарын сезбейт, ойлоп да койбойт.

Канышайдын атасы бир жума өткөрүп келди. Алардын аң улап чыкканы байкалып турат. Бир нече аю, жолборстун терисин, көптөгөн эчки, текени атып келишти. Бул сапар эки күн тойлошту. Үчүнчү күнү:

 — Жигиттер даярдангыла, — деди Кашымбек, -эс алдык, эми сапарга чыгар мезгил жетти, — деп мурунку үңкүрдө калган эки кишиге кайрылып, — силер мында каласыңар. Силер менен Канышай калат. Үңкүрдү тартипке келтирип артыбыздан келесиңер. Канышайды токойдогу жолго чейин ат менен апарасыңар. Ал жерде араба күтүп турат, маймыл экөөнү арабага отургуузуп, экөөңөр кайтарып шаардагы үйгө жеткиресиңер. Мен ошол жерде күтүп турам.

 Кашымбек буйрук берип коюп жөнөп кетти. Бир күн өткөндөн кийин үңкүрдө калгандар артынан жөнөштү. Айткандай токойдо кооз чүмкөлгөн араба күтүп туруптур. Маймыл экөө отурары менен арабакеч арабасын айдап жөнөдү. Каракчылар үңкүрдөн ала чыккан шарапты ичип, артта даалдашып бейкапар келатышат. Канышай арабада термелип уктап баратат. Ушул шарттан пайдаланып Чика арабадан акырын шыпырылып түшүп чытырман токойдун арасына кирип кетти.

 

ЧИКА ТОКОЙДО ЖАШАП КАЛДЫ

Чика каракчынын кызынан кутулганына кубанып качып жөнөдү. Качканда да карама каршы тарапка качты. Араба батышка, Чика чыгышка кетти. Кайда барып, кайда токтоорун билбей томураңдап токтобой качып баратат.

Чика маймыл болсо да адамдардын арасында жүрүп токойдун шартын билбептир, көрсө бул жерде өзүнүн закону бар экен. Жашаш үчүн алдуу, күчтүү, амалдуу болуш керек экен. Жырткычтардан да, жаратылыштын каарду кырсыгынан да өзүн коргой билиш керек экен. Аны билбеген Чика арабадан түшүп токойду аралаганда эле өзүнүн алсыздыгын сезди. Көп узабай аралга окшогон кичинекей мейкиндикке туш келди. Аралап өтө берерде кашкулакка окшогон бир жандык капысынан качырып калды. Андан— мындан бир тийип качып жөнөдү. Тааныбаган жырткычтан араң кутулуп эс учун жыйганча каптал тараптан чартылдап сынган дабыш угулду, карай салса куурайды аралап келаткан өзүнө тааныш көк жал карышкыр экен. Кызарган көзү оттой жанып база калууга даярданып комдонуп калыптыр. Дагы безип жөнөдү. Бирок артына сая түшкөн карышкыр узатар эмес, жуп жетип басып каларда карагайдын башына чыга качты. Карышкыр тишин шакылдатып карагайдын түбүндө Чиканын түшүшүн күтүп көпкө турду да тажаганда кетүүгө аргасыз болду. Чика жерге түшкөндөн коркуп бутактан бутака секирип жөнөдү. Карагай менен карагайдын ортосу алыс болсо тегеректи абайлап карап, жакын жерде коркунуч болбосо жерге түшүп чуркап экинчи карагайга чыга качат. Карагайдын башы да тынч эмес экен, бутактан чыгып көрүнөө жерге отурса асманда айланып жүргөн алп куштар илип кетчүүдөй. Ушинтип Чика токойдун законуна аргасыз баш ийип жан сактап жашоого үйрөнө баштады. Баарынан да тамак жааты кыйын болду. Эмнени жеп, эмнесин жебесин билбей кыңырылып бир күн жүрдү. Ачкачылык чындап күчүнө алганда айласыз токойдун жемиштерин терип жеп кирди. Адегенде көзүнө көрүнгөндү, колуна тийгенин жеди, кийин тандап таттуусун, даамдусун терип жеп жүрдү. Чөптүн да жагымдуусун таап жегенге үйрөнүп алды. Барар жери, кирер үйү, жолугушар кишиси жок болгон соң кеч киргенде ыңгайлуу жер таап түнөп чыгат. Күндүз тамагын таап жеп, курсагын тойгузуп, кечте коркунучсуз түнөк издейт. Эртеси кайра эле ошол турмуш, ошол аракет. Курсак тойгузмай, ыктуу жерге уктап чыкмай. Бирок Чика канчалык кыйналса да жакшылыктан үмүт үзбөй, багытын бузбай чыгышты карай жыла берди. Күндө жаңы жерде болуп, нечен түрлүү жырткычтарга, төкөрүү темирдей куштарга кез болду. Эчкимге залалы жок жаныбарлар да, канаттуулар да көп экен. Ким кас, ким дос экенин акырындап ажырата баштады.

 

(Көңүл буруңуздар! Бул жерде китептин бир бөлүгү жайгаштырылган)

Текст толугу менен Word форматында көчүрүлсүн

 

© Качкыналы Сыдыгалиев, 2009. Бардык укуктар корголгон 
    Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

 


Количество просмотров: 3040