Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз
© Сарманбетов А.И., 2010. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2010-жылдын 9-сентябры

Айдарбек Имангазиевич САРМАНБЕТОВ

Чыңгызхан. Жазылбай калган каргыш

(Повесттен үзүндү)

Аты эле айтып тургандай бул чыгарма дүйнөнү дүрбөлөңгө салган жаангердин, анын урпактарынын доору менен татаал тагдырын баяндайт. Анда автор жаңы, так табылгалары менен өзгөчө маанайда, өзүнө мүнөздүү татаал дүйнөтааным көз карашта сөз козгойт.

(Демөөрчүлөр чыкса автор чыгарманы жарыялоого даярлап койгон)

 

— Уу, наалаты сага, Темучин! – деп, күйүттөн өзөгү түтөгөн аялдын ачуу чаңырыгынан Чыңгызхан алкынган акбозатынын чылбырын тарта аярлай калды. Аны дүрбөй коштой чаап, каңырсыган кан жытынан делөөрүп алышкан нойон, жансакчылары да дүргүй токтошту. Күмөнсүп келген жеңишти ойдо жок ит уруш салган тапкычтыгы менен жаңы эле өзүнө оодарып, эзелки касы болуп келген меркиттер качып, эми аларды биротоло баш көтөргүс кыла тукум курут кылмакка артынан сая түшүп баратканын да саалга эсинен чыгарып койгонсуду.

— Бу, байкуш балдарымда эмне айып?! Же колуна курал алып сага каршы чыгышпаса, эмнеге аларды жаштайында жайрадың?! Балдарыңдын арманын тартып кал, мендей кан кусуп! Эзели тукумуң жарыбасын! Уу, карышкырдай улуп калгыр! Боюнда бар келинимди аябай... Сен дагы, сенин балдарың дагы аялдан армандап калгыла! Наалат сага, Темучин! Каргыш!!!— Карыган дарактай териси сөөгүнө катып калган кемпир, каржайган денесин көтөрө албай кайгысынан бүк түшүп, жер тыта заркакшап жатты.

Теңирден маңдайына жаангердик ырыскысы жазылып ага өзүнүн өткүр жүрөгү, акылмандыгы да шыпаа болгон жеңишчилдигинен Жеңгизхан аталып, атагына дөөгүрсүп турган каган ошол саам өз энесинин зарлуу үнүн капыстан уккандай жүрөксүп, каргыш айтылып жаткан тарапты элтейе карап калды. Ачуу азага буюгуп, жашоодон кече жаздап, бирде көкүрөгүн курч кылыч тең жара чапкан кыл мурут уулун, бир туруп турнадай суналган мойнуна жебе кадалган курсагы төмпөйгөн кош бойлуу келинин алмак-салмак кучактап жин ургандай боздоп, буурул чачы шамалга сапырылган кемпирди көрүп Чыңгызхан нес боло түштү. Чөк түшүп, келининин курсагын кучактай зар какшап жаткан кемпир бир саамда чочулай башын көтөрө калды да, элтеңдей эки жагын каранып, жанында кан жошолоп жаткан баласынын белинен бир карыш канжарды шап сууруп ала койду. Бу неси, жандан аша кечип кеткениби, кургурдун?! Же акылынан айныдыбы? Карбаластаган кемпир келиндин курсагын шашыла кескилеп жиберди эле, кызарган кан сызыла берди! Али жаны чыгалек курган келиндин жарылган курсагына кемпир карбаластай колдорун сойлотуп каканактай cуу толгон жатынды сууруп чыкты да этегине салып канжар менен аны жарып жиберди, жатын cуу жайыла берди. Андан колу-буту тарбаңдаган кызыл эт наристени алып чыгып бети-башын шашыла аарчып, оозу-мурдунан үйлөп жиберер замат обого:

— Баа!— деп барылдаган бала ыйы жаңырды. Кырчылдашып, биринин жанын бири кылычтап, кан салгылаш салып жаткан гөрпенделердин ал үндү эшиткендери саалга дымый түштү. Далайдын чымын жанын чыркыраткан апаат-согуш саатында дүйнөгө жаңы адам келип жаткан! Улуу чындык-тирүүлүк дагы да өкүмдөндү!

Бар дүйнөнү силкинте барылдаган кызыл эт небересинин ажал тапкан энесинен али ажырай элек киндигин чубалта башынан өйдө көтөргөн кемпир:

— О, Теңирим, өзүң күбөсүң, туула элек бейкүнөө неберемди томолой жетим кылган ташбоор мыкаачыны жазалай көр! Каргыш сага, Темучин! Көрүңдө жай албай улуп калгын! Уу-у!. .— деп озондоп жиберди.

Алеки заматта болуп өткөн окуядан акыл-эсине келе элек каган:

— Алжыган кемпир! Андай болбойт! — деп, тиштене ызырынып алды да аргымагына ачуу камчы басып, акыл-эсин чылк ээлеп алган улуу максатына умтулуп душмандарынын артынан сая кубуп кете берди. Аттиң, ал, айтылган каргыштын кайсыл бир мезгилде өз башына, качанкы бир укум-тукумунан кайрылып, камчыдай чабыла ачуу тиерин элес албай калды. Бекер кылган экен, ошондо…

 

Каган менен калемчи

Кеч күүгүмдө балбылдап алгач жанчу койчуман жылдыз асманда жалгызсырайт. Чоң-кичине казанбактуу тамдарга жыш калаа түнгө оогону менен али ойгоо. Шаарды бекем курдай курчаган калың сепилдин ар жүз кулачында кытай топусундай шоңшойгон чатырлуу кароолканаларында от жалындап, түн күзөтчү жоокерлер тамагын даярдап, айрымдары кечки насибине олтуруп калган кез. Айрым тамдардын алакандай терезелеринен али алсыз жарык жанып турат. Демек, элдин көбү ойгоо.

Кечки калааны, аны кучагына ала баштаган көк мунарык асмандагы бир тилим дарбыздын кабыгындай иймейип, алтындай жаркыраган айды Жувайни тар терезесинен кыйлага тиктеп, ойго тунуп турду. Ай бечара жаңырган тура. Ага кимдер умсуна тигилбеген да, алдында не деген нечен муун, аалым-акылмандар келип-кетишпеген. Канчалаган хан-жаангерлердин эрдик менен эссиздиктерине күбө болбогон. Ай алдында аламан дүйнө канча мертебе азага батып толгонуп, салтанат саатын курбаган… Эгерде ал, түн чырагынын тили болгондо не бир заман-тагдырлардын чын сыры ачылбайт беле! Өкүнүчтүүсү, айтып берээрге айдын тили жок. Аларды — өткөн да, өз да заманын Жувайнидей жазмакерлер гана дараметине жараша тамгага салып, күнү-түнү жапага батып жазып кетишет. Ал — билгенге милдет, билбеске азап, же атак алуунун жолу. Бу дүйнөдө түбөлүктүү эч нерсе жок. Баары убактылуу, жада калса ошол эле Ай, Күн, Жер дагы. Ал эми асман алды менен жер үстүндө тирүүлүк жашап турганда бир гана тарых узак. Ал, адамдарга абадай керек. Өткөн өтмүшүн билмейин алгалоо жок. Адамзатынын тирүүлүк мөөнөтү ага тике байланыштуу. Демек, анын узун учугун улап, кийинки замандарга жазып калтыруу милдет. Ооба, аны сөзсүз жазуу керек.

Санаачылдыгынанбы, же мезгилинен эртелеп акылы карый баштаганбы сакал-мурутун ак аралай баштаган Жувайни ой туткунунан чыгып, май чырактын бүлбүлдөгөн алсыз жарыгында агарган кагаздарына жай басып келди. Мына, тектеш элдер Жеңгизхан, тили буруулар Чыңгызхан атаган атактуу кагандын тушунда анын татаал тагдыр жолунан тартып улуу иштерин, дүйнөлүк жортуулун, анын улануусун улуу хандын эки жүздөн ашуун бакма балдарынын бири болгон татардын зээндүү жетими, кийин Жогорку Соттун башчысы да болгон калемчи Шиги Кутуху баштап, анын көзү өткөн соң улуу кагандын чөбөрөсү Кубулайдын буйругу менен Рашид-ад-Дин улап жазган жылнаама. Эми ал «Монголдор улуу баянын» улантып жазуу парзы Жувайниге тийип отурат. Жылнааманын мурда жазылгандарын жаңы гана бир дем менен окуп бүттү. Улуу каган тарыхынын катаал да, татаал да дүбүртү. Монгол талааларынан башталган улуу дүбүрт бүтүндөй дүйнөнү, адамзатынын акылын солкулдатып мекен, эл, эркин жашоо кымбаттыгын дагы бир мертебе эске салып кеткен экен. Бейпил жашоо бактысын улуу каган ашкере акылгөйлүгү, анан албарс кылычы аркылуу сездирген. Адамзатынын акыл-эсине ачуу камчысын чаап сабак кылган. Дүйнөгө түркүк болуп келген далайлаган эски дөөлөттөрдү кайрадан карап чыгууга, жаңыларын жаратууга себепкер болгон. Атаңгөрү, бу дүйнө дагы бир силкине, чочуп ойгонуп алган экен…

Ошол Жеңгизхан дүйнө кезгенден бери жарым кылымдай мезгил өттү. Азбы, көппү? Тепилдеп, чарчоону билбеген монгол аттарынын такасыз ачуу туягы алдында мекени аесуз тепселип, эзели кунсуз эркиндигинен ажырап, эрксиз эзилүү алдында калышкан элдер үчүн албетте узак-убайлуу, ал эми атак-жеңишине мас-маашырланган жеңүүчүлөр үчүн ачылып алган напсиси тойгус азганакай гана мезгил мерчеми. Ушундай, эки ачалуу жарым кылым ичинде эмне өзгөрдү да, эмнеси ошол эле бойдон, ордунда. Аалам-асман, Жердин огу, элүү жылда эл жаңы демекчи бири кетип, жаңысы жарала берген уламалуу тирүүчүлүк-пендекана, жарык жашоого жандими жанталашуу, байлык-бийликке тойбос сугалактык, адам затынын түйшүктүү өмүрү, анын аяр, аздыгы, арманы менен азыноолак бактысы… өзгөргөн жок. Баягы эле баштагы көртурмуш, арман… Анда эмне, улуу кагандын умтулуусу да бекер белем?..

Ушундай уңгулуу да, убайымдуу да ойлорун, Батыйдан Кубулай ханга чейинки өтмө катар татаал, арманы ат башындай аламан доорду ак кагазга кандай түшүрө алат, Жувайни? Тайсалдабай так, татаалын талдап айтуу колунан келер бекен? Бир Батыйдын арманы эле канча? Ал эми анын тун уулу Сартак менен көкүрөк күчүгү Барактыкычы?! Алардын жоокерчилик жоболоңун, чапкын-чалалыгын, өзгөлөрдү жеңгени менен өз эле кандаштарынын кастык, так талаш-кутумчулуктарынан куругандарын айтпаганда да аларды тагдырынан тайдырган пенделик махабат армандары эле не деген узак сөз?!.

Тобо деп таң калбаска арга канча?! Тээ, алмустактан уламалуу ушул узак заманга чейин эч бир адам пендеси жеңе албаган түптүү, элдүү да, айрымы ажырымдыгынан алсыз, кай бири карт тарыхынан талаадай кенен, мухиттей терең рухий кенч жыйнай алганы менен тамырлуу да дүр-дүйнөнүн жарымынан көбүн чаап, жүздөгөн чоң-кичине, намыс-нарктуу, баатыр-өжөр элдерди алдына амалсыз тизе бүктүрүп, пенде жарыктыктын оюна келип-келбес бийликке жетип, каалаганын бир жаңдоо менен кыңк эттирбей аткарткан төбөлдүн да арманы болот тура! Дос-душмандары Жердеги Теңири, өздөрү алгач атагандай адам аттуудан теңдешсиз Темучиндин, көзү өткөндөн кийин Жеңгисхан-Чыңгызхан аталган «жердеги кудайдын» канчалык жандалбас кылганы менен ат башындай ачуу арманы ичинде кетет деп ким ойлоптур?! Анын биринчи өкүтү– Сары деңизден тартып батыштагы Акыркы мухитке чейинки бүтүндөй дүйнөнү каратып, бир муштумдай эл, бирдиктүү мамлекет курууга жетишпей калганы. Ал үчүн албетте, узак өмүр керек эле. Жетимишке такаган адам өмүрү ага аздык кылган экен. Өмүрүнүн көбү чычкан уулап, чөп тамырын казып жеп жансактаган жакырчылыктан чыгып, анан кулдукта, акырында ата бийлигин кайрып алып, аны күн-түнү башын канжыгага байлана түптөп, Керөлөң кең талаасында чачырап, өз ара кагылышып, бийлик-байлык талашкан моңгол элин бириктирүүгө кетпедиби, арман! Эгер ошол жаштык доору касын каратууга эмес, өзүнүн кандаш элине садага чабылбаганда эңсегенине жетер белем? Аттиң, аруу максатынын туу сересине чыга албай, түбөлүк өлбөс да боло албады! Атургай көзү өткөн соң кадыресе пенде сыңары көрү да калбады... Буюрбаптыр...

Алдан тайып, о дүйнө салары акыры көзүнө көрүнгөндө жанарга издеп, атагы таш жарган кытай табыбын да алыстан алдырып, ал, “Бу дүйнөдө Кудай улук. Анын жазганын эч ким өзгөртө албайт. Мен да... Ичээр сууң түгөнөйүн деп калган экен, улуу каган. Камынгын. Каргышка калган экенсиң.” деген эле, туюк. Ошондо гана карт каган тээ, Акыркы деңизге чейинки жортуулунун башындагы меркит кемпир, анын каргышы эсинде жаңырган... “Аттиң! Аны неге кезинде жаздырбагам?!”— деп, кабыргасы кайыша бир армандап алган эле. Эгерде ал ошондо да каргыш-сырын өзү менен ала кетпей аялдарына же кашындагы кытай акылманына ачык айтканында алар аны жандырып, укум-тукумуна забын өтпөй калат беле?.. Көрсө, катуу каргыш жанбайт окшобойбу!..

Капыстан журтунун күлүн көккө сапыра чаап, таламан кылып кеткен меркиттер биринчи, акылгөй катыны Бортени олжолоп кеткенден кийин бир жылдай өтүп, кайра алардын дал өзүлөрүндөй кызыл кыргын салып куткарып алганы болбосо калган үч катынынын азабын көргөн жок. Кудайга шүгүр, так талашкан татарлардын катыгын берип, биротоло баш көтөргүс кылган соң кийин дагы эрегиштик жасашпасын деген амал кылган энеси Ожелун өзү тандап, таап берген эже-сиңди кичүү зайыптары айрыкча тың чыгышты. Акыл кошуп, өрт кечкен кезде өбөк да болуп, өмүр соңуна дейре өз болушту. Демек, каргыштын күчү кайткан, анчейин забын кыла албай, кутулупмун деп кушубак тарткан эле, ошондо Жеңгизхан. Көрсө катуу жаңылган экен... Ал кара күч аста бугуп, ажыдардай аңдып, айбат, заарын чогултуп жаткан тура!

 

---------------------------------------

(Толук тексти автордо)
    ”Жаңы Ала-Тоо” журналы, тел: +996 (312) 34-55-86, +996 (555) 40-31-24.

 

© Сарманбетов А.И., 2010. Бардык укуктар корголгон
    Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

 


Количество просмотров: 1764