Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз
© Карагулова Б., 2010. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2010-жылдын 24-июлу

Бурулкан КАРАГУЛОВА

Кайнатам экөөбүз жашачубуз

«Жамгыр» жыйнагынан алынган аңгеме. Чыгарма окурмандардын кеңири чөйрөсүнө арналат.

 

— Мен деле силерге окшоп жаш болгом. Чүйгүндүү Чүйдүн чырайлуу кызы болгонум менен түштүккө турмушка чыккам. Мугалим агайды жакшы көрүп калып, «ала качып кетейин» десе эле макул болуп качып кеткем. Каякка ала качарын сурап албаптырмын. Жердин чегин Кара-Балтадан, бир жагын Кеминден бүтөт экен деп жүрүптүрмүн.

Мен баргандан бир айдан кийин кайын энем капыстан катуу ооруп, каза болуп калды. Күйөм, кайын атам үчөөбүз жашап калдык. Кайын энемдин кырк ашын бергендин эртеси жанагы алаамат башталды. Күйөм мугалим болгондуктан согушка биринчи чакырыкта эле кетти. Ыйлап-ыйлап узатып кала бердим. Ал болсо түндө эле ыйлап алган. Эки сөзүнүн бири эле «эми сен кантесиң» болду. «Жылуу жайыңдан бекер козгопмун, эми мынча болду, чыда жаным, күт мени, мен сөзсүз аман-эсен келем» — деди. Анткен сайын сай сөөгүм сыздайт. Акыл-насаатын айтты, атама жакшы кара деди. Ошондо кайнатам элүүдө болчу. Азыр ойлосом жаш эле экен. Мага аябай эле картаң көрүнчү.

Ошентип бир үйдө төрт дубалды кучактап кайын атам экөөбүз жашап калдык. Эки көзүм төрт болуп почточунун жолун аңдыйм. Үшкүрүнөм, ыйлайм. Оозума салган ырыскыны жулдуруп алгандай болуп жашап жүрдүм. Адам болгондон кийин баарына көнөт экенсиң. Күйөмөн адегенде тез-тез кат келип атты. Учеба дегенде машыгып, согушка даярданып атабыз деп жазчу. Акыркы каты согушка аттандык деп келди. Күз келди, кыш келди, бирок күйөмөн кат келбеди.

Кайнатам көп ойлончу болду. Кара сакалын сылап, жерди карап көпкө чейин тунжурап отурчу. Менин «ата ичиңиз, жеңиз, кириңиз, жатыңыз» деген сөздөрүм да азайды.

Күйөмөн кат келип атканда атама баласынын катын мен окуп берип. ал баласы жөнүндө бежиреп айтып берип сүйлөшүп дегендей, ортодо тунжуроо жок эле. Такыр эле сөз түгөнүп калган күнү мурунку каттарын кайра окутчу. Ортодо тынчтык катуу өкүм сүргөндөн кийин бири-бирибизди ыңгайсыз сезе баштадык. Мурда ким биринчи жатса ошонубуз уктап кетип, кийинкибиз беймарал кирип жата берет элек. Үйүбүз бир эле бөлмө болчу. Жаткандан кийин көпкө түйшөлүп, уктай албай үшкүрүк көбөйдү. Анан ары карап, бери карап оодарылмай. Үшүп кетип жамынганыбызды, ысып кетип ачынганыбызды сезишип жата беребиз. Мен дымымды чыгарбай ыйлап алам.

Күндө эле ушул көрүнүш кайталанат. Мен күйөмдү сагынсам, атам баласын сагынат. Бир күнү атам сакалын кыскартып алыптыр. Күндүз элес алган деле эмесмин. Түндө жатканда эле бир арам ой мээме кылт этип түшүп кетти. «Атам менин койнума киргени жатабы» деп чочуп алдым. Кирмек түгүл оодарылбай уктады ал түнү. Эртеси түнү «атам эгер менин койнума кирсе эмне болот болду экен» деп ойлодум.

Күндүз кара жанды карч уруп иштеп, жумуш менен алекпиз. Түн киргенде эле балээ болду. Сезим деген жаман нерсе экен да. Атам жатканын унутуп коюп денемди колдорум менен сыйпалайм. Эгер атам «кел, келиним, кыйналып кеттиң күйөөң жок, буттарыңы укалап, киндигиңи сыйпалап берейин» деп жаныма жатып алса эмне дейин, макул боло берсемби деп да ойлочу болдум. Күйөмүн өлүү, тирүүсүнөн дайын жок. Анын өңүн да унутуп баратам. Көкүрөктөн, сандан кармап тийишкен эркектер да калбай калды айылда.

Кээде таң атканча уктабай чыгам. Кайнатам түндө дамбалчан, кийимчен жатчу эле, эми майкачан жатчу болуп калды. Аны көрүп, анан күздө жайлоодон келаткандагы бир окуяны эстеп алып кызык болуп кеттим. Жайлоодон атам кара качыр, мен боз эшек минип түштүк. Айдаганыбыз мал. Бир маалда качыр кирген бурадай эле айкырып келип мен минип келаткан эшекке тап берип калбадыбы. Качан кайнатам учуп түшөт же качыр мени качан ыргыта тебет экен деп менде жан жок. Кайнатам уялып, «тек, жөн, ыя өлөт алгырдын малы» деп алынын жетишинче тизгинин тарта берип колу карышып калганда, ат минип келаткан малчылар качырды камчы менен башка-көзгө чапкылап токтотушкан. Ошону эстеп уктай албай, туруп барып сыртка чыгып, аябай ыйлагам. Көрсө жаш экем да.

Чүйүмө кетип калайын десем унаа жок, заман оор эле. Согуш болгондон бери туугандарым менен кабарлашпай калгам. Бул жерге байланып калганга балалуу болуп калсам жакшы болбойт беле. Күттүргөн жаз да келди, элди ээрчип жайлоого чыктык. Эмне кыларымы билбейм. Же атам дүңкүйүп унчукпайт. Эгер унчугуп «ыраазымын, өз жериңе кете бер» десе кантип кетем. Же мен кеткенден кийин күйөм келип калсачы деп ойлой берип шилидей арыктап бүттүм. «Өлдү» же «тирүү» деп алакандай эле кагаз келсе биздин турмуш баягы нугуна түшөт эле. Антпесе атам менен бир үйдө жатыш ыңгайсыз болуп баратты.

Ошентип укташа албай жүргөн күндөрдүн бир күнүндө күйөм келди аскерден. Бир буту жарадар болуп догдурда жатыптыр. Согуштун кайнаган жерине кирип кетип катты аз жазыптыр, анысы да бизге жетпептир. Көкүрөгү толо орден, медалдарды тагынып аскер киймин кийинип машина менен келип, үйдүн түбүнө түшсө, кайсы орус деп карап калыппыз. Кайнатам кыйкырып жиберип, кулунум деп барып баса калды. Эл заматта толуп калды.

Мен уялып качып жүрбөйүмбү, ууруму карматкансып. Кошуналар «апей ботом, эри келсе качканы эмнеси, бас учураш» деп сүйрөп келишти. Мен колуму сунсам, ал кучактап, өөп, ыйлап жиберди. Бул айылда ага чейин согуштан тирүү, минтип шагыратып орден тагынып келгендер болгон эмес.

Ошол атаңар тигине, эшегин откоруп жүрбөйбү? Бутунун бир аз сылтыганы эле болбосо дагы деле күүлүү…

Ушул чоң апанын тарсылдап каткырып атып айтып берген окуясы эч жадыман кетпей койду. Сексенге чыкса да серпилип койбой, чөбүрөсүнө жууркан каптап отурат. Биртке эле жөтөлүп калганы болбосо. ден соолугу кудайга шүгүр, тың.

 

Китептин бүт жаздыруу

 

© Карагулова Б., 2010. Бардык укуктар корголгон
    Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

 


Количество просмотров: 27100