Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз
© Карагулова Б., 2010. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2010-жылдын 24-июлу

Бурулкан КАРАГУЛОВА

Айсулуу

«Жамгыр» жыйнагынан алынган аңгеме. Чыгарма окурмандардын кеңири чөйрөсүнө арналат.

 

Төрт жашымдагы башымдан өткөн окуялар ушул убакка чейин өмүрүмү коштоп, унутулбай келатат. Апам эмнегедир эле көп ыйлап жүрчү. Көрсө азап тартып, турмуштан аксап, көп кыйынчылыктарды тартып жүргөн экен. Апам кейисе да, ыйласа да күрп тоок жөжөсүн басып жаткандай мени бооруна бекем кысып, шуу-шуу жыттагылап, өпкүлөп алчу. Кейисе карап коюп, күлсө жыргап коюп жанынан карыш чыкпайт элем. Ал ишке кеткенде кошунаныкына же курбусунукуна калтырчу, кээде ала кетчү.

Бир күнү апам ишке кеткенде Айжан тайжем келип мени алдап, Ысык-Көлгө, өзүнүн ата-энесиникине алып кетип калды. Апама "Көлгө алып кеттим, бир жумада келебиз" деп кат жазып коюптур. Айжан таежем мени айылга таштап коюп, эки күндөн кийин шаарга кетип калды. "Кызым кана?" деп сураган апама "ал айылда жыргап жүрөт, кетебиз десем болбой койду, кам санабай эле иштеп жүрө бериңиз, өзүм барганда ала келем" дептир. Айжандын атасы Токон тайкем апамдын бир тууган агасы болот. Аялы Сайракан тажеңем бозого тоюп алып үйдө эч ким жок калганда мени сабап, ура берчү. Бетимди "тултук" деп чойчу. Тамак бербей ачка койчу. Курсагым ачканда жалынып, кошомат кылып нан сурачумун.

— Онго чейин сана, анан жейсиң — дечү кумсарып. Мен онго чейин санамак түгүл бирди билчү эмесмин. Апамын мени окутканга убактысы болчу эмес. Адегенде үйрөтүп коюп, анан урса да мейли эле го.

— Эгер онго чейин санабасаң өлтүрөм — деп эртеси кайра теңселип баштачу. Анын балдарынан:

— Онго чейин кантип санайт? — деп сурасам, шылдыңдап күлүшчү.

— Онго чейин минтип санайт — деп тажеңем жаңы суурулган плитага мени чыңыртып отургузуп салды. Жамбашым спиралга тийгенде териси жабышып түшүп калып үйдүн ичи кечке чейин каңырсып эт жыттанып турган. Ошондогу чучуктай чыңырган үнүм кудайга жетип турду болуш керек. Ботодой боздоп ыйлайм апалап. Отуруп, тура албай жөрмөлөп калгам. Жаратыма дары сүйкөмөк түгүл, шылдыңдап күлүшчү. "Мышыкка оюн, чычканга өлүм" болгон. Онтогонуман үйдүн ичи томсоруп, кайгырып тургандай сезилчү. Себеби мага болушар эч ким жок эле.

— Жатпа, тур өйдө, энеңе эркелегин, уктуңбу? — деп ызырынчу семиз тажеңем. Белимен ылдый жылаңач жүрчүмүн. Сыйрылып, күйүп калган жерим жара болуп чымындар жеп талачу. Акырындап жаранын орду катып, карттана баштады. Бирок отура алчу эмесмин.

— Эгер дагы онго чейин санай албасаң, боткого салам, — деп опурулду тажеңем жасап жаткан бозонун ысык боткосун чөмүч менен чапкылап, — Кана сана? Сана деп атам. Эй дүлөй каракчы, санайсыңбы же жокпу?

Менде жан жок, колуму боорума коюп көзүм алайып, жалдырап мени аяса экен деп жалооруп карайм. Бир маалда чөмүчүн боткодон сууруп алып киндигиме басып жиберди. Чыңырганым ай, ошондогу болгон үнүм менен апалап аңылдаганымда алтыным апам бир селт этип алып жүрөгүн басып отуруп калбады бекен? Ал азаптан бул азап өтүп кетти. Үйдүн төрт бурчу гана оор үшкүрүп албаса, мени аяган пенде жок. Киндигимдин ооруганын канчалык какылыктап айтсам да эч ким элестете албайт. Жата да албайм, отура да албайм, уктай да албайм. Ооруйт. Ыйлайм, онтойм, кыйналам, боздойм, өксүйм, сыздайм. Көзүмдөн салаа-салаа кан акты. Ошондо мен 4 гана жашта болчумун. 4 жаштагы наристелердин эсинде эч нерсе калбайт болуш керек, себеби алар мен көргөн кордукту көрүшкөн жок да. Тайкемдин алты баласына эрмек табылып, мазактап, шылдыңдап жыргап калышты. Алардын эң кичүүсү Нурила эжем мектептин акыркы классында окучу. Мен бир капталым менен жылып калдым. Курсагымдын ачкасынан жерден бок болсо да терип жегим келет. Курсагым ачты деп ыйлайм, эч ким көңүл бурбайт. Коки аттуу ити бар эле. Мен сыртка жылып чыгып, эптеп жерден чириген алма терип жейин деп аракет кылсам, Коки келип мени жыттагылайт. "Ач иттин аркасын сук ит жалайт" дегендей артымдагы, ичимдеги күйүк эт жыттанып атат да. Тайкемин балдарына табылбай эле калды.

— Коки, Коки ме, ме, күчү-күчү — дешип нан ыргытышат. Ал нанды Коки экөөбүз талашып жейбиз. Ит иттигин кылып, колуман жулуп кетет, мен ыйлайм. Кокинин тили болсо ушуну адам баласы аягыдай кылып айтып бермек. Чайга отурушканда тажеңем:

— Алдагы кандекти столдун астына киргизип салгылачы, жүрөктү айлантпай — дечү. Мени түртүшүп столдун астына киргизип салышып:

— Коки, ме! Ме, Коки! Ал Коки, же Коки — дешип тиштеген нанынын калдыгын мага ыргытышчу. Мен аябай ачка болгондугуман алып жечүмүн. Тамакты эски, кир табактын түбүнө кичине куюп, кашыгы жок беришчү. Эптеп жечүмүн. Шылдыңдашып буттары менен тээп отурушчу.

Күндөрүм ушинтип өтө берди. Мен ушу жашоого да көнө баштадым. Бара-бара акырындык менен апамы унутуп бараттым…

Күн салкындап калган. Кийимим жука, үшүйм. Түндө жатканда да чыйрыгам. Бейшеп ушаткым келет. Караңгыда эшикке чыккандан корком. Бирөөсүнө "мени сыртка чыгарып келгилечи" дештен корком. Анткенде эле кутулбаган куяга кабылам. Табарсыгымды бекем кармап түнү менен чымырканып чыдап кармап отуруп таң супа салганда көзүм илинип кетиптир.

— Шерменде, журтта калгыр, туткуч, өлүп калгыр тур, сийгек, жижиң — деп тажеңем бетке чапканда ойгонуп кеттим. Ал жулкулдатып сыртка сүйрөдү. Таң агара элек экен. Арыктагы сууга жеткенде:

— Жуу көтүңү, жашабагыр жан багар кара шакы, жуу деп атам, бол, өлөсүң, жуу шерменде — деп денемдин баарын чымчып салды. Мен буркурап, боздоп атып таштай муздак сууга жан жеримди жуудум.

— Эми башыңды сал арыкка, журтта калгыр — деди. Мен коркконуман көгөрүп, үн чыгарбай калдым. Канчалык чымчып, үзүп алса да кыйкырган жокмун. Денем бышып калыптыр.

— Башыңды арыкка саласыңбы же мен ылайга матырып ушул жерден өлтүрүп көмүп салайынбы ыя? — деп желкемден жулкуп, ныгырып басып, башымды арыктагы сууга тыгып салды. Мен тумчугуп, какалып-чакалып, жөтөлүп окшуп баштадым да, бакырып ыйлап кирдим. Ыйымдан Күн да селт этип кетип, то¬онун үстүнөн сорок этип башын чыгарып, мен боздоп аткан жерге жарыгын төктү. Айыл да оор үшкүрүп уйкусунан чочуп ойгонду. Үнүмдү уккан Токон тайкем үйдөн чуркап чыгып, мени жулкулдатып аткан тажаал, ажаан катынын көрүп тык токтоп, шарт артка бурулуп, үйдү көздөй "жылт" койду.

Тайкемдин кыздары, балдары түшкө чейин укташат. Менин киргениме тыюу салынган. Үшүп, титиреп коюп, бакта жерге түшкөн алмаларды терип жеп жан сактайм. Ошондо алманы аябай жакшы көрчү белем же ачка үчүнбү айтор алмадан аябай көзүм өтчү. Үйдөгү үзүлгөн кызыл апорт алмадан жазып-тайып жеп койсом оозумду жырышат. Ошон үчүн бактын арасынан жерде жаткан чириген алмаларды да бекитип жейм. Алар туруп, чайга отурганда мусапыр болуп кирип барам.

— Ии Коки келдиңби? Курсагың тойгон жокпу, чанач, кана, үч бүктөлүп столдун астына кире калчы, бол — деп жаткыза коюп, столдун астына киргизип, кичинекей чыныга каткан нанды туурап — ме, же, Коки тойдуңбу — деп шылдыңдашат. Жеп салсам. — Коки, дагы эле тое элек турбайбы — дешип каткырышат. Столду сүздүртө беришип башым, көзүм көрүнбөй калган. Башыман шишик, денемен көгала кетчү эмес. Менин жашоом сөзсүз ушундай болуш керек экен деп билчүмүн. Мен апамды таптакыр унутуп калдым.

— Бу сийгек, сийип коет — дешип мени сырттагы тапчанга жаман, эски, кир төшөккө жалгыз жаткырып коюшчу.

Көнүшүп бараткан кунарсыз күндөрүмдүн бир күнүндө куурчактай болгон, сулуу, аппак, таза кийинген бир чочун аял айтпай-дебей кирип келди.

— Ой кел, апей бул эмнең, келатам дебей эле келип калганың? — деп тажеңем тура калды.

— Качан эле келет элем, бошобой аттым. Айсулуунун эртең туулган күнү да, бешке чыгат. Жетип келейин деп жанталашып келдим, аябай сагындым.

— Аның аябай бейбаш, эртели-кеч эшикте ойнойт, үйгө кир десек кирбейт, тамак же десек жебейт — деп, онтоп коюп сулк жаткан мени карап — чынбы ыя Аку, апаң менен учураша гой, тура гой — десе мен эмне кыларымы билбей калдым. Себеби тажеңемин оозунан да жакшы сөз чыкканын биринчи жолу угушум эле.

— Эмне деп атасыз? Ушу Айсулуубу? Койгулачы? О кудай айланайын, баламы эмне минтип тулуп кылып салышкан? Кел, Аку — деп ал колдорун жайганда мен нес болуп карап тургам. Ушул боорукер аял мени алып кетсе го деп ойлоп аттым. Ал мени бооруна бекем кысып, кучактап ыйлап кирди:

— Кел жаным, коркпо мен апаңмын, апаң кара жерге кирсин, сага келбей жүргөн. Кебетеңи эмне кылып салышкан. Ушунча да арыктатасыңарбы? Бул тамак жеген эмес ко мында келгени. Жашабагыр Айжан алып кетип калыптыр, мага бир ооз айтпай, кызымды ала келбейсиңби десем, ал кетпейм деп ыйлап атат деп барат эшек, алдамчы, жексур. Кан ичкичтер, менин канымы соруп бүтүп эми кызымы соргон турбайсыңарбы. Кудай бар силерге. Болпойгон кызымын кабыргалары көрүнүп калгыча эзипсиңер да. Мынча көгала кылгыдай бул наристе силерге эмнеден жазды эле? — деп боздоп атканда бүт бардыгы акырындан туруп сыртка чыгып кетишти. Апамын ыйы, какшаган муңу асманга угулуп турду.

— О кокуй ай, кебетең эмне болгон каралдым, көтөнүңөн айланайын, мынчалык эмнеге күйгөнсүң, ичиңен кагылайын, ичиңи эмне кылышкан? Тегеренейин кулунум, балакетиңи алайыным ай, эртең болгону бешке гана чыгасың. Эмне сүйлөбөйсүң, апа деп эле койчу, үнүңөн кагылайын чырагым. Наристемин кусуру урсун жеңе, кудайга койдум сени…— апам ыйлап да атты, мени киринтип, кийинтип да атты. Апам апкелген жаңы кийимдер чоң келип калды. Мен мурда толук болчумун.

Апам мени кучагынан чыгарбай бооруна кыскан бойдон таң аткыча ыйлап чыкты. Сени эмне кылып, кантип кыйнашты деп да сураган жок. Мен минтишти, антишти деп айтканга да күчүм жеткен жок. Эртең апам кетип калса мени сабашат деп корктум. Эртеси 13-октябрь менин туулган күнүмдө эрте туруп Бишкекке жөнөдүк. Автобуста апамдын алдында отуруп кандайдыр бир күчтүү жылуулукту, мээримдүүлүктү сезип, эми тажеңеге кайра барбасымы билип апама эреркеп, бир топко чейин ыйлап келдим…

Айсулуу айтып да, ыйлап да бүттү. Көпкө чейин тунжурап отуруп калдык. Бир топтон кийин мен:

— Айсулуу, киндигиң менен төтөнүңдөгү такты көрсөм болобу? — деп сурадым. Ал "ишенбей атасыз го" дегендей жалт карап алды. Өйдө туруп кофтасын көтөрдү. Киндигиндеги тактары денеси өскөн сайын өсө берип жайылып, картанын (географиялык) сүрөтүндөй болуп калыптыр. Шымын чечип бетин жаап тескери карап турду. Мен уялганына карабай трусасын шыпырып жибердим. Такты көрүп жүрөгүм түштү. Алды-артындагы плитанын сүрөтү кара күйүк так болуп, ал да тери өскөн сайын өсүп балтырына түшөйүн деп калыптыр.

Айсулуу атасыз өстү. Апасынын "Ушул кызым үчүн эле жашап келатам" деп айтып калганын көп угам. Былтыры күйөөсү каза болгонун үйүнө келип угузсак аябай кейиди. Кызы боздоп ыйлады.

— Эмне ыйлайсың, ал алкаш сени багып койду беле? – дешкендерге:

— Ал бакпаса мен багат элем да — деп өңгүрөгөн.

— Эже, мен сизге айылда бир жыл жүргөн эле окуяны айтып бердим. Апамын азабын угуп көрсөңүз. Мен бир эле окуяны айта кетейин. Тайкемин кыздары Айжан, Айнаш шаарда турушат, анда-санда келип калышат. Келгенде да соо келишпейт, сөзсүз апамы кемсинтип, акыйнек айтышып, уруп-сабап кетишет. Бир жолу алар келгенде мен секциядагы душка кирип бараткам. Жуунуп бүтөйүн деп калганымда апамын катуу чаңырган үнү угулду:

— Айсулуу, Айсулуу,а-аа-а.

Душтан кантип атып чыгып кеткеними билбейм. Дырдыйдай жылаңач чуркап келип каалганы тартсам жабык экен. Ичинен илип алып апамы экөөлөп тепкилеп атышыптыр. Бакырып ыйлап, эшикти чапкыласам коңшулар үйлөрүнөн чыгып, жылаңач мени көрүп таң калып чуркап келишти. Апам ичинде Айсулуулап, мен сыртында апалап кыйкырып ыйлап аттык. Апам эптеп бошонуп, эшикти ачып жиберип, анан жыгылды. Мен апамын үстүнө жыгылдым:

— Апама тийбегиле, апамы урбагыла, мени ургула, апамы аягыла — деп бакырып атсам кичине сестене түшүштү окшойт, соолуга калышты. Апамы кучактап тургузсам, жылаңач мени көрүп ого бетер ыйлады. Ошондо он же он бирде болсом керек эле.

Тайке-тажеңе, тайжелерим ушул убакка чейин бизди кемсинтип келатышат. Алар мусулманчылыктан баш тартып, чокунуп кетишкен. Булардын үй-бүлөсүнүн баары чокунарын бүт айыл билет, бирок эч нерсе дешпейт. Ушу ажаандарга теңелип, баркыбызды кетирбейли дешеби, эч ким унчукпайт. Бир чоң айылдын алы жетпеген тажеңеме биздин алыбыз кантип жетмек эле...

 

Китептин бүт жаздыруу

 

© Карагулова Б., 2010. Бардык укуктар корголгон
    Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

 


Количество просмотров: 2624