Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз
© Карагулова Б., 2010. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2010-жылдын 24-июлу

Бурулкан КАРАГУЛОВА

Убалым жездеме жетсин

«Жамгыр» жыйнагынан алынган аңгеме. Чыгарма окурмандардын кеңири чөйрөсүнө арналат.

 

Мейиз менин журналист экеними билгенден кийин башынан өткөн каргашалуу окуяны жашырып айткан эмес. Бир күнү эле куду вулкандай «тарс» жарылды да, төмөнкү окуяны төгүп салды. Сүйлөй да берди, ыйлай да берди...

…Биз 10-класста жүргөндө пахтага апкетти. Пахтага барыш майрам эле. Желибиз чыкканча оюнга тоймой. Анча-мынча жактырган балдар менен кучакташып, пахтанын арасына бекинип, өбүшүп алабыз. Үйдө балээниби? Бир күнү оюн койдук, шаардыктар дискотека дешет экен го? Местный балдар да катышып калышты. Ошолордун арасында солдат формасын кийген, узун бойлуу, кара тору бала көзүмө сонун көрүндү. Мен эле эмес, берки кыздар да ошол баланы тооруп калышты. Эптеп амалын таап, аны менен бийледим. Белимен кармап, жай музыкага чайпалып атты. «Сен мага жагасың, оюн бүткүчө мени менен болчу» деди. Көктөн тилегеним жерден табылып, «макул» дедим. Ал тургай кыздарга эрдемсип карап койдум. өзбек бийин да катырып бийледик. Оюн бүткөндө «мен сени сүйүп калдым» деди. Башта мындай сөздү укпаганга эмне дээрими билбей калдым. Эртеси пахта аянтынан жолугушмай болуп, макулдаштык да, тарап кеттик.

Бир көргөн немени өлөрчө сагынып аттым. Кеч киришин зарыгып күттүм. Жеңил кирген сүйүү, жеңил чыгарын билбепмин. Күткөн убакта жолуктук. Сүйлөштүк. өбүштүк «Мен сени алам» деди. «Мектепти бүткүчө күтөсүзбү?» десем, күтөм деди. Эч ким менен мындай темада сүйлөшүп көрбөгөн жаным алам десе эле алат турбайбы деп ойлопмун. Маккам кучактап отурду. Дагы өбө баштады, кантип жөөкө жатып калганыбызды да сезбей калыпмын. Турайын деп аракет кылсам, тамагымды бөкүлдөтүп өбө баштады. Улам эле эрип кетем. «Коюң, уят, ушунчасы жетет, туруң эми» дедим. Алтыным, антпечи, экөөбүз эми бир адамбыз да, түшүнсөң эрди-катынбыз, сени башка бирөө алып кетишин каалабайм. Сени мага гана буйруган. Бүгүндөн баштап менин ак никелүү аялым болосуң, эртең апамдар үйүңө барып, сага сөйкө салып келишет. Апама сен жөнүндө айтсам ошентип айткан. Экөөбүз жолуккан сайын кошулуп турабыз, окууну бүтөрүң менен киргизип алам үйгө, — деди да этегими түрдү. Шамал түрө элек көйнөгүм ошентип түрүлдү. Кыз доорум кантип жандан суурулуп чыгып баратканын да байкабай калдым. Кыйкырган жокмун. Ыйлаган жокмун. Болгону аял болуш ушунча батпы деп аламды карадым. Кан жыттанып кетти. Ал бет аарчысын берип атып: «Этек кириң келип атты беле?» — деди. «Жок» дедим. Экөөбүз эки жакты карап отуруп калдык. Эми мекиренип өппөй калды. Мен эмне болуп кеткенине акылым жетпеди.

— Бир убак болуп калды, сени издешпейби? – деди.

— Издешет.

— Жүр анда, жеткизип коеюн.

«О, бая эзилишип атып такташпай калыппыз. Кап! — деп ичим ачышып кетти. Кайсы бетим менен барам, кыздардын бетин кайсы бетим менен карайм, үйүнө эле алып кетпейби?» -деп таза бушайман чектим. Эртең келмей болду. Эптеп кыздарга аралаштым. Эртеси келген жок. Биздин үйгө кетсе керек деп, өзүмү соороттум. Эки күн… беш күн… келген жок. Таң калдым. Бул эмнеси? Анан ыйлаганга өттүм. Ыйлап жүрүп,— нормамы толтура албай аттым.

Уятты жыйыштырып коюп, аны издеп жөнөдүм. Жашаган көчөсүн сурамжылап таптым. Үч бала тамеки чегип, бир үйдүн алдында гитара чертип отурушуптур.

— Биз пахтага жаңы келгенде менден китеп алып кетти эле, эми биз жөнөп жатабыз, китебими ала кетейин деген элем – дедим.

— Ал аскерге кетти. Отпускага келген. Мынобу бала бир тууган укасы, — деди. Башка балта чапкандай кайра тарттым. «Алдамчы, жүзүкара, пас, жексур, ылайым аскерден кайтпай кал» деп каргап да, ыйлап да келаттым. Аскердик мөөнөтүм бүтө элек деп айткан жок эле. Алдап кеткен турбайбы, шерменде! Эми кантчүмүн? Эми эптеп мектепти бүтүп, окуйм деп шарга качыш керек деп ойлоп жүрдүм. Шаардыктар төшөк текшеришпейт, шаар тарапка эптеп күйөөгө тийиш керек деп жүрбөйүмбү келесоо жаным, дагы кайсы кырсык күтүп турганын билбей.

Этек кирим келбей калды. Курсагым бөрсөйүп баратат, эч ким байкай элек. Бир күнү төркү үйгө кирип, курсагымды күзгүдөн карадым, трико кийип алгам. Артыман да карайм, алдыман да карайм. Ичими тартам, кайра чыгарам. «Жок, бул соо курсак эмес ,эмнеге бөрсөйөт? Эмне үчүн этек кирим келбейт? Бир эле жолу тигинткенге кантип ушинтсин?» Жүрөгүм «шуу» дей түштү, «чын эле боюмда барбы, кудай сакта, о кудай, баарына макулмун, өлтүрсөң да, бирок боюма кыла көрбө!» Түшүнүп, түшүнө албай санаага батып турсам, бирөөнүн оор дем алганы угулду. Карасам каргаша болуп, жездем карап турат. Коркуп кеттим, кантип кирип келди? Дымын чыгарбай менин кыймыл-аракетими көрүп-багып туруптур. Демек, сезип жүргөн, байкоо салып жүргөн экен да куу тайган, эми өлдүм дедим. Бул жезде сөрөйүм апамдарга да, эже-акаларыма да жакпайт. Дайыма чырдын үстүндө. Коңшу-колоңдун да көрөйүн деген көзү жок. Эжемин башы келтектен арылбайт.

Каргаша жездем дагы чыр чыгарат. Эжем адатынча сүйлөнөт.

— Эй, сен койчу, тилиңи кыскартып, сиңдиңин тыягын тыйып алчы— дейт жездем.

Эртеси күндөгүдөй эле мектепке жөнөөр алдында эжем келди, кабагы салынкы. Кирип келатып эле ичими карады.

— Мектепке барбайсың, чечин – деди.

Коркконуман өңүм бузулуп кеткенин көрүп, эжем саал жибий түштү. Семейный разборка башталды. Апам, эки эжем, таежем төртөө, ортодо мен шордуу. Тепкилеп өлтүрүшөт деп ойлодум «Жер жарыл, жер жарыл мен түшүп кетейин!» деп тиледим. Суракка ала баштады. Ыйлагандан башка эмне дейм? «Ошо Баланы айт ,сотко беребиз, айтпасаң өзүңү сүйрөп барып, мектепке чогулушка салдырабыз». «Жатып өлгүчө, атып өл» деген чечимге келип, чыйрала түштүм да:

— Пахтада жүргөндө үч кыз болуп кечинде келатсак, бандит балдар аңдып жатышкан экен, кармап алып үчөөбүздү тең зордоп салышты. Мугалимге айтып же сотке берели десек бирөөсүн да тааныбай калдык. Анын үстүнө элге да шерменде болот элек. Ошон үчүн үчөөбүз шерттешкенбиз, эч кимге оозубуздан чыгарбайбыз деп. Эми мен силерди да, берки кыздарды да жер каратпайм, бүгүн өзүмү өзүм жок кылам, кудай мага он алты жашты гана берген турбайбы, менин өлүмүмө эч ким күнөөлү эмес деп тил кат жазып кетем. Силер мындан ары жамандык көрбөй тынч, аман болсоңор болду, жамандыктын бары мени менен кетсин, -деп боздоп ыйласам, кысмакка алып аткан төртөө тең кошулуп ыйлап киришти.

Кыскасы, мени элден көмүскө жакка алпарып, курсактагымы жок кылмай болуп чечишиптир. Катуу ооруп калды деп мектепке жөнөтпөй коюшту. Курсактагыны алдырганга кеч болуп калыптыр дешип, башка шаарга жер котортушту. Жаз келди. Мени табыштап кеткен гинеколог – орус киши: «Наристени операция жолу менен алабыз, антпесек тигил жагы разрыв болсо, кийин билинип калат, курсагындагы шрамды апендицит болгон деп коесуңар, төрөп алган соң кыздыгын бүтөп берели деп» акчаны ченебей айткан экен, апам менен эжелерим болгон малын сатып, эптеп кутулушту.

Операция болуп, балканактай уул төрөдүм. Туруп басып калганда эжемдер келишти:

— Кандай? – дешти.

— Эркек экен, — деп ийипмин.

— Кокуй шерменде, эмизе көрбө, — деди эжем. Аны төрөй электе эле кулагыма куюп коюшкан.

— Эмизген жокмун, сүт чыкпай атып, бүгүн араң чыкты.

— Баланы көрдүңбү?

— Ооба, күндө алып келишет, сүт чыкпаганынан кайра алып кетишет.

— Ошол ийри жылан түбүңө жетип атпайбы, алба колуңа, айт жанагы кишиге, алып келишпесин, мыногу жоолук менен эмчегиңе сүт чыкпай турган кылып катуу таң. өзүң оңолуп кетсең болду. Жез тумшукту тиктебе, мекиренбе, элдин бетин карашты ойло, — деп кетти эжем.

Палатада отурам. Кечинде баардыгынын баласын алып келишти. Меники жок. Жүрөгүм кысылып чыкты. Сүт чыкканда алып келбегенин карасаң? Барып баланы сурасам, бербей коюшту. Көрсө эжем гинекологко дайындап кетиптир. Эмчегим ийип чыкты. Сүт диркиреп агып атты. Балдарды чогултуп жүргөн нянка көрүп калды.

— Жүр, — деп мени ээрчитип балам жаткан жерге алып келди.

— Эмизгиң келеби?

— Келет.

— Только никому ни слова, уктуңбу, эч ким көрбөсүн, ушул жерде эмиз.

Сүйүнүп кеттим.Биринчи жолу бала эмиздим. Оозун чормойтуп, эмип атат, мусапырым, эртең чыгып кетем, бул шорду кимге калат? Ыйлагым келип кетти. Адегенде куурчак ойногонсуп жөн эле кызыкчылык үчүн эмизип көргүм келген. Көрсө боор этимен чыккан наристем турбайбы! Эмип баратып магдырап уктап кетет, мен эмчегими тартымыш болуп койсом ойгонуп кетип, кайра соро баштайт. Анан өз энесин билгендей, эч капарсыз мемиреп калат, кучактап шуу-шуу жыттадым. Койчу, кантип таштайм ушуну? Ичимен кан кетип атты. «Орус кемпирге болгон сырымы айтып, баламы көтөрүп качып кетсемби деп ойлодум.

— Эмне ыйлап атасың? – деди нянка. Мен болгонун божурап келатсам:

— Ооба, мен баарын билем, бирок, бул балаң да сатылып кетти өзбектерге, сени кошо алып кетти кылып баланы да чыгарышат эртең — деди.

Мен ого бетер ыйладым. Баламы боорума бекем кысып отурдум, магдырап уктап атат ,эч нерсе менен ниши жок, мусапырым, энеси таштап качарын кайдан сезсин? Нянка баланы ордуна жаткызып атып:

— Баланы эмиздим деп айтпа, өзүңө да, мага да тил тиет. Кумардан чыгып алсын дедим. Жүр эми палатаңа, — деди. Мен балама аттап жетип, дагы жыттагыладым. Кемпир боор оруп карап:

— Нечедесиң? – деди.

— Жакында он жети…

— Ничего, дагы төрөп аласың.

Таң атканча уктаган жокмун. Көзүмү жумсам эле баламын ыйлаган үнү угулат. Ооруп атам деп эртең чыкпай коёюн деп ойлодум. Бир күн болсо да баламын жанында болоюн. Көз ирмебей таң атырдым. Балдардын бирин-серин ыйлаган үнү угула баштады. Жетип бардым. Нянка жалаяктарды которуп жатыптыр.

— Эмизип алайынчы, — дедим.

— Сеники уктап атат.

— Сиз смен өткөрүп кетсеңиз, мага бербей коюшат.

— Азыр балдарды алпарганда сеникин да ала барам. Кызым, сен энең менен ачык сүйлөш, минтип чайналба, ал кечирет, баламы таштабайм десең эне да, кантип жок десин.

— Биз башка райондон келгенбиз. Ушул баланы таштатыш үчүн мени ушул шаарга алып келип төрөтүшпөдүбү?

— Баланы алып кеткиң келип атабы?

— Алып кетким келип атат, — деп эчкирип ыйлап жибердим.

— Ыйлаба, андан көрө азыр балдарды эмизип бүткөндө келчи мага, сүйлөшөбүз.

Сүйүнүп, ичими ишеним аралап кетти. Чымчыктын балапанындай чыйпылдаган балапаным ай! Тигине, нянка керебетке баарын салып, улам палата сайын таратып келатат. Кээ бир энелер мага окшоп, босогодо күзөттө турушат баласын күтүп. Бизге кезек эми жетейин дегенде медсестра келип:

— Жүр, — деди.

Ийне сайат ко деп ээрчип баратсам, алдыңкы кабатка жетеледи.

— Кайда? — дедим.

— Доктур чакырып атат.

«Кара баскыр, ал эмне таң атпай суутуп койгонсуп… Баламы эмизгиче өлүп баратыптырбы, кое турса болбойт беле. Ыргылжың болуп, алдыңкы кабатка түшүп келдим. Жактырбай турганымы көрүп:

— Жүрө гой, — деп сыртка жетеледи.

— Кайда?

— Эжеңе.

Куйту жездем кечээ балага боор тартып калганымы байкап эжемин кулагына кумдай куюптур. «Эми сиңдиң баланы да ала чыгам дейт, анан элди кантип тиктейсиңер, андан көрө таң атпай алып кетип калалы» деп, гинекологду уктап жаткан жеринен ойготуп келгендеги кербези экен. Сыртка чыгарым менен машинага отургузуп, жездем от алдыра баштады.

— Кайда? — дедим дагы.

— Үйгө — деп эжем таң калып карады. Мени минтип күтүүсүздөн уурдап кетерин ойлогон эмесмин. Ичиме өрт таштап жибергендей болду.

— Токтогула! – дедим.

— И-и?

— Баламы бир көрүп алайын.

— Көрүп эмне кылат элең? — деди жездем шылдыңдуу.

— Буюмдарымы да алган жокмун, — деп шылтоолодум жандалбастап. Ичим ачышканынан ыйлагым келип атат.

— Башы-көзүңөн садага буюмдарың, — дешти.

— Эже дедим жалооруп, — токто дең жездеми, болоор иш болду да эми, уялганга деле менде бет калбады, баланы бир көрүп чыгайын, колуман келсе таштабайт элем, эми кантейин бешенем ушундай экен, токтотуң жезде, коштошуп калайын?..

Эмчегим ийип кеттиби, айтор, сүт агып кетти, эки колум менен эки эмчегими кармап калдым. Халатым шөмтүрөп эмчек тушу суу болуп калганын көрүп:

— Эмиздиң беле? – деди эжем.

— Бечара ымыркайым, ак сүтүмдөн кечтим, сен да мени кечир, убалыбыз башка бирөөлөргө жетсин! – дедим да, озоңдоп кирдим. Эжем жаакка бир салды. Мен экинчи жаагымы тостум: — Ме, чап, дагы чап, көрдүм гестапо экениңерди, таң ата электе келип туткундадыңар, бир-эки сааттан кийин балам экөөбүздү таппай калмаксыңар. Гестапо бар экенин билбей калбадыкпы, жок дегенде атыңы коюп өлсөмчү!

Эми менин бар-жогум баары бир болуп калды. Бетим ачылып калганга уялган жокмун. Сөйрүк жездем бирдеңкелерди бежиреп, эжемин кыжырына тийип келатты.

Менин кордугуман да жездемин заары өтүп турду эжеме. Башка шаарга алпарып төрөткөндү, баланы таштап качканды баарын жездем үйрөтүп, жакшы көрүнөм дегени. Апамдар иши кылып эле элге угулбаса болгону деп, келесоо күйөө баланын айтканынан чыга алышпады.

Бүгүн үч күн болду наар татпаганыма. Эмчегим үйлөп койгондой шишип кетти. Балам эмчек эмем деп келип, мени таппай калганын эстесем жинди болуп кетким келет. Температурам көтөрүлүп, жөөлүй баштаганымда доктур чакыртышыптыр. Доктур «абалы начар» дептир. Мен эсиме келгенде эжем:

— Роддомго барып балаңды алабыз-деди. Мен сүйүнүп кеттим. Эмчегими саап сүт жаңырттым. «Тамак жебесең, сүт чыкпай калат» деп биртке тамактандырышты. Ооруган эмчегим басыла түштү. Таң атышы тозок болду. Кыйналып атып, таң да атты. Роддомго да келдик. Эжем гинекологго киргенде, босогодо аңдып турдум.

— Иштер чатак, — деди эжем, — кызыбыздын абалы начар, жөөлүп атат, Баланы кайра алып кетпесек болбой калды.

Врач чочуп кетти:

— Эмне деп атасыңар, бала ошол эле күнү кеткен ата-энесине.

— Баягы өзбектергеби?

— Ал силердин ишиңер эмес.

— Эрдик кылып ошолордун адресин бериңизчи, бай болгур, биз түшүндүрүп айтабыз, кызыбыз болбой калды.

«Врачебная тайна» деген болот, сырды катуу сактайбыз, жок минте берчү болсоңор, «баласын төрөп таштап кеткен» деп кызыңарды сот жообуна тартабыз… — врач күпүлдөй баштаганда кулагым тунуп, көзүм караңгылап кетти. Сотко бермектен, отко берсин! Үстүнө чуркадым. Нянкага жолуктум. Колун кармап өөп-өөп жибердим:

— Айланайын энеке, уулум кайда?

— А кураган кыз, кайра келдиңби ,ошол күнү качып кеткениң чын беле?

— Жок, энеке, мени уурдап кетишти. Айтыңызчы, апакебай, балам кана? — көзүмөн жаш төүлүп атты.

Кемпир башын чайкады. Көзүндөгү жашты жеңинин учу менен сүрүп:

— Сен жашсың балам, дагы көптү төрөйсүң, ата-энеңи, эжелериңи азапка салба, болор иш болду, эми баланы сен эмес, биз да таппай калдык.

— Ж-о-о-ок! – үнүмүн барынча чыңырдым, эч нерсе укпай кулагым чылк бүтүп калды. Башым тегеренип, кускум келди, анан магдырап бараткандай болгом, калганын билбейм.

Көзүм ачсам, ооруканада жатам. Энем жанымда ыйлап отуруптур.

— Жогол! – дедим кайра баарын эстегенден кийин, — балам деп коет, бала керек бекен, кандай болот экен бала! Барыңар жоголгула, мага балам болсо болду, мен барып эмизип келем кеткиле, тигине, балам келатат, келе гой күчүгүм, ой жаным десе, мага таарынып калган турбайбы, эми сени таштап эч кайда кетпейм, келе гой, мамак берем…

Эмеле алдымда турган балам заматта жок болуп кетти.

— Кайда балам, ба-а-а-алам?! Болгон үнүм менен кыйкырып тура калып, артынан чуркадым. Албуут күч мени бекем кармап алды, мен дагы чыңырдым, жер тепкиледим, жулундум, баламы кууп жетпей калып аттым.

Ушул оору менен бир жыл оорудум.

— Уулум, кел мага, кечир мени, кайда кеттиң, ак сүтүм ыраазы, — деп жөөлүйм. Ичимдеги тигиш айрылып кетип, кайра тигип отурушуп, көрбөгөн азапты көрүптүрмүн.

Айылга келгенде он сегизге чыгып калгам. Курбу, тели-теңтуш менен кайра аралашып алаксып, баламы акырындан унута баштагам. Он тогузга чыкканымда күйөөгө беришти. Ага кыз болуп тийдим. Беш балалуу болдум. «Жоголгон бычактын сабы алтын» демекчи, бирөө да жоготкон балама окшобойт. Эбегейим эзилип сүйбөйм. Өзбектердин балдарын көп аңдыйм ушу менин балам болуп калбасын деп. Кара баскыр жездем болбосо, бары башкача кетет беле, ким билет?

Ушул убакка чейин жездеми көрөйүн деген көзүм жок. Убалым ошого жетсин! Ымыркайым быйыл онго чыкмак. Деги аман-эсен бар бекен, кимге гана бала болуп жүрөт? Эстеген сайын эмчегим сыздайт, кантейин.

 

Китептин бүт жаздыруу

 

© Карагулова Б., 2010. Бардык укуктар корголгон
    Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

 


Количество просмотров: 53315