Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Философия жана илим, Илим
© Сыдыкова К.С., 2007. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2010-жылдын 22-июлу

Кален Султангазиевна СЫДЫКОВА

Кыргыз тарыхы

(б. з. ч. жана б. з.)

Кошумча окуу китеп

Бул китепте байыркы кыргыздардын тарыхый жолу, Оң, Сол, Ичкиликке бөлүнгөн толгон учуру, ээлеген жерлери, жашоо шарттары, каада-салттары жана башка элдерге тийгизген орчундуу таасирлери жөнүндө айтылат. «Кыргыз тарыхында» элибиздин хунн атка конуп кытайлар менен далай чабышкандары, «скиф» деген ат менен дүңгүрөгөн байыркы кырым кыргыздарынын, «шумер» аталып өз ата-журтунан оогон Месейилдик илгерки уруулар, биздин заманга чейинки доорлордо Америкага тентип тербиген түптүү калк «индеецтер», IV-V кылымдарда Европаны чаап дүйнөлүк тарыхта Оң (гунн) деп даңазаланган эзелки кыргыздар, калмак (ойрот) моңгол, цин манжур менен ата журт үчүн салгылашкан жана Кокон хандыгы, Орус падышачылыгы тушундагы кыргыздар жөнүндө тарыхый маалыматтарга, далилдерге таянып, тарыхчылардын, илгерки изилдөөчү-окумуштуулардын эмгектеринин, кыргыз санжырасынын, «Манас» эпосунун, айрым жеке пикирлердин негизинде сөз болот. Кыргыз көчмөн империясы жөнүндөгү бул китеп калайык калкка, жалпы жаштарга, тарыхка кызыккандарга сунушталат.

Сыдыкова Кален. Кыргыз тарыхы: Илимий тарыхый эмгек. 3-басылышы. – Б.: Бийиктик, 2007. – 800 б. китебинен алынды

УДК 94 (47)
    ББК 63. 3 (2 Ки)
    С 95
    ISBN 978-9967-13-257-3
    С 0503020911-07

Кыргыз Республикасынын билим жана маданият министрлиги бекиткен

Үчүнчү басылышы

 

«Кыргыз тарыхынын» үчүнчү басылышына демөөрчүлүк кылган кызым Айзадага ыраазымын. «Кыргызды өзүң аркылуу тааныдым. Эмгегиңди чыгарайын, эсен бол », – дегениңе сөөгүм агарды.

Кален

2-басылышы 2003-жылы чыккан.

 

МАЗМУНУ

Кыргыз тарыхы
    I бөлүм. Кыргыздар Күн Чыгышта 
    II бөлүм. Сактар Евроазияда 
    III бөлүм. Эренге, Тереңге кеткендер
    IV бөлүм. Каракыргыз борбор Азияда

 

Теңирим өзү колдосун!

Кыргыз залкарлары Чоюн Өмүралыга, Орозбек Айтымбетке жана ак сүтүнө, нускалуу таалим-тарбиясына таазим этип апам Эркинбай кызы Разияга арналат

Кален

«Менин күнүм өлбөсүнө түңүлбөйт,
    Толкун урса, тайызына сүрүлбөйт.
    Тирүүлүктө жоктугуна жол бербей,
    Жер түбүндө чирисе да бир гүлдөйт...»

Алыкул Осмонов


ДҮЙНӨЛҮК БУЛАКТАРДАН, «КАРА КЫРГЫЗДАН»

КОНСПЕКТ

 

----------------------------------------------------------------------------

 

КЫРГЫЗ ТАРЫХЫ


I бөлүм. Кыргыздар Күн Чыгышта


Тарых кыргыздан башталат...

Жер каймактаганда тиричилик кылган, жашаган эң көөнө, эң байыркы эл — Кыргыз. Кыргыз Ата, Кыргыз Эне тукуму көп катмар цивилизацияны башынан өткөрдү жана ага ортоктош болду. Тарыхчылар айткан биздин заманга чейин жана биздин заман кыр гыздын кийинки көргөн цивилизациясы. Кыргыз эли төртүнчү расада жашап жаткан эл. Эзелки кыргыз эч бир дин жарала электе жашагандыктан көкүрөк көөнүндө Теңирдин өзүнө сыйынган. Күчкө, күүгө толгон кезинде жарым планетанын элин кырып, жоюп каргышка калган. Даңкы, даңазасы далайга кеткен.

Кыргыз каада-салттын эрежесинде гана жашаган, анысын жазмага түшүрбөй эле оозеки айтып, аткарып келген касиеттүү эл. Кыргыздын башкы мыйзамы, оозеки конститутциясы – Каада Салт. Эл көпчүлүк убакта теңирчилик менен каада-салтты, үрп-адатты; каада-салт менен кийин чыккан мусулманчылыкты аралаштырып, ажырымын оңдуу билбей келатышат. Нугу, топтому боюнча каада-салт кырк тарамга бөлүнөт. Кыргыз Ата, Кыргыз Эне жаралган, жасаган кыргыз эң оболку эл катары бүт тилдердин, диндердин, каада-салттардын, стилдердин, маданияттын башаты, өзөгү, ээси. Кара кыргыздан кийин жаралган элдер кийин күчкө толгон, өнүккөн учурунда өз башаты болгон кыргыздын жаралуу тарыхын жоюп, жок кылышкан, жазылганын өрттөшкөн, маданиятын, оозеки адабиятын өзгөртүп, ташка чеккен тамгасын жоюп, бурмалап өздөрүнө энчилеп менчиктешкен, сиңирген.

Кыргыздардан кийин, өтө кеч жаралган семмит, славян, индоевропа элдеринин (еврей, араб, грек ж.б.) мифтик башаты Адам Ата, Обо эне. Бул Ата, Эненин жаралышы да түбү кыргыздардын мифологиясынан чыккан. Диний ыйык китеп саналган «Веда», «Инжил», «Авеста», «Куран», «Тоорат», «Забур» ж. б. кыргыздардын уламыш аңыздарынан, адабиятынан, тарыхынан аты заты өзгөртүлүп алынган, жаратылып жасалган китептер. Булар ошол учурда каада салттары иштелип чыга элек, жарым жапайы, түркөй элдерди Кудай жолуна алып баруу үчүн иштелип чыккан, адамдар түзгөн жоболор, түшүнүктөр. Иудаизм, индуизм, зороастризм, буддизм, христиан, ислам, кришна ж.б. диндер түрдүү элдерге баскынчылык, алдап-соо¬лоо, азгыруу жолдору менен кирген.

Теңирден дүйнөдө эки ыйык китеп жаралган: бири оозеки «Манас» дастаны, экинчиси -жазма улуу «И-цзин» китеби. «И-цзин» бүт дүйнөгө «Книга Перемен» деген ат менен белгилүү. Дүйнөлүк Улуу Китеп. Манастын купуя китеби! «Ай менен Күндүн бир өзү», Теңирден уюп түшкөн Телегейи тегиз Манас – «И-цзин». Бул китеп кытай сиңирген кыргыздарга түшкөн. Теңирден уюп, куюлган Купуя Манас бул китептин өзөгүн түзөт. Материалдуу-идеялуу бүкүлү, бүтүмү Дүйнө-Теңди уютуп турган Манас касиет. Табышмактуу Дүйнөлүк Тоо-Манас Тоо. Манастын Аты Затына баткан, Затында Аты баткан, Ичи да бир, Сырты да бир, айтөгөрөктөлүп Тең уюган, касиеттин касиети, Теңирдин Нуру, Теңирдин Сыры. Өзүндө Өзү... Теңирдин Куту Манас. Дүйнөлүк Шам-Күндүн аты эски шумер (кыргыз) тилинде «Ман» деп окулат. Теңир илими Эки Түгөйдүн (теңдин) түбөлүк бири-бирине түгөйлөшүп баруусунан Бир теңге биригип өтүшү. Мында Биримдик башкы аныктооч маанини түзөт, а карама каршылык утурумдук деп эсептелет.

«Жашыл китепте»: Кыргыздар пайгамбарга тете эл, ошон үчүн бүт дүйнө элин кыргыздар гана жакшылыкка алып барат. Ал үчүн кыргыз өзү жазалануу менен тазаланып, оңолуп үлгү болуш керек. Эзелтеден кыргыз Кудайды көкүрөгүндө универсал тааныган, аны такыбаланып жалган шаан-шөкөттөбөгөн, көп какшанып ачык айта бербеген. Ага Көкө Теңир, Теңир деген түшүнүк менен жалынышкан, тиленишкен, кечирим сурашкан. Демек, Манас -ыйык эпос жана сырдуу илим! «Жашыруун Доктринада» Е.П.Блаватская (1831-ж.туулган) катылган дүйнө сыры Манастын ачкычын өмүрү өткөнчө изилдеген. Аны каймана айткан. Манас-Чындык! Тарых! Илим! жана Айкөл Баатыр! Биз анын баатырдыгын чечмелөө менен кыргыз тарыхын айтабыз.

Дүйнө аласалып өзгөрүүдө. Ар улутта ортозаар адамдар көбөйүп өз чөйрөсүндөгү мыкты, чыгаан кишилерин жок кылууда жана элге өтө зарыл болгон балбан рухту мокотууда. Эл карайлап, жанталашып өзүнүн Улуу Духун, Лидерин, Теңирин издөөдө. Ошол Соолбос Күч, Илим -Манас, өз тарыхын билүү жана келечекте күчтөнүү. Арбагы, Ааламы улуу Манас кыргыз дүйнөсүнө түрдүү доордо түрдүүчө баатыр болуп кайтып келип — Элин, Жерин коргоду, өнүктүрдү-өстүрдү. Бир келишинде б.з.ч. III-II к. б.а. 177-176-ж. Түркстандын түндүк батышында жасаган өз жортуулунда 26 ээликти чапкан, караткан. Иранды ошондо талкалаган. Бул элде Манастын аты — Афрасиаб («алп Манас» деген аттын фарсыча транскрипциясы). Демек, Манас Ирандыктарга (б.з.ч. II к.чейин) Афрасиаб деген ат менен таа¬нылды. Фирдоусинин «Шах-намесинде» Афрасиаб Туран аскеринин эң башкы кол башчысы. Энеси саяк уруусунун кызы (К. Мусаев).

Манастын уйгурлардагы (сарттар), түркмөн-сельжуктардагы аты Огуз хан. Бул ат анын түпкү бабасы Угус кандын атынан келип чыкты. Анткени, Манас баш ийбеген тектеш ал элдерди чапканда аларга Угус кандын тукуму катары таанылган. Перс тарыхчысы Хондемир менен Хивалык Абулгазы Огус хан жөнүндө өз билгендерин жазышты. Кытайда «Шицзиде» тарыхый Маодунь кабарлары менен Огус хан кабары дал келет. Тарыхый Манастын Инди элиндеги аты Манис, тибет-таңгут элдердеги аты – Богдо (Кудай). Маңгул-манжуу элдериндеги аты – Айдахар (ажыдаар) менен Мокой (жылан). Тибеттиктер Ала Тоодогу Карлык тоосун басып алган кезде аны Богдонун (Манастын) тоосу деп атаган (Богдо-уля). Дегеле, кыргыз Манасты 22 кылымдан бери оозунан түшүрбөй айтып келатышы эмне деген зор иш, табышмак. Манаска байланышкан түшүнүктөр, жерлер Египетте, Грецияда, Кичи Азияда, Кытайда ж.б. толтура. М.: Палестина, Иордания, Израилде Манассия (Манассей) деген эл жашаган жерлер бар. Бул бекеринен, тегининен болгон эместир. «Колдо бар алтындын баркы жок» дегендей, кыргыз кыйрайып Манасты толук өздөштүрө элек. Манассыз кыргыз дүйнө таанымынын, жашоосунун, тарыхынын мааниси, табияты толук ачылбайт. Анткени, О. Айтымбет айткандай: «Манас-байыркы каракыргыз тарыхынын Энциклопедиясы!».

«Кытайдын байыркы жылнаамаларында, кыргыздар биринчи жолу мындан 23 кылым мурда болуп өткөн окуя боюнча б.з.ч. кылымдын аягында кагазга түшүрүлгөн. Бул улуу тарыхчы Сыма Чиендин калемине таандык» (Аман Саспаев. «Кыргыздар», Б.1996. 233-б.). Кийинки булактарга негизденсек бул маалымат да туура эмес болуп калды. Көрсө кыргыз кытай тарыхына 5000 жыл илгери Кытайга Кыргыз Каган (Фу Си) император болгондо түшүптүр. Биз жазма тарыхтан дагы маалымат табылып, андан да арылап 9000 жылга чамалап бардык. Бул кагазга түшкөнү!

Алгач «түрк» деген сөздү тактап алалы. Ал кайсы улут? Кимге таандык? Бул жалпы ат экен. Байкашымча бул боюнча кытайлык уйгур тарыхчысы «Уйгурлар» китебинин автору Тургун Алмастын пикири туурадай. Ал минтип жазат: «Түрк» сөзүнүн келип чыгышы жөнүндө ар кыл түшүндүрмөлөр бар. Эң негизгиси, акылга конумдуусу, дүйнөдөгү бардык тарыхчылардын нукура көпчүлүгү макул көргөн бир тыянак – «түрк» сөзүнүн мааниси-кудреттүү, күчтүү дегенди билдирет, ал эми «көк түрк» деген сөз – «илахи (Теңир) түрк» деген мааниде. Анткени, түрктөр көк асманды эң улуу Теңир жай алган орун катары түшүнүшкөн, ошон үчүн «көк» сөзүн «көк» – түс, ирең маанисинде эмес, Теңир, Кудай маанисинде колдонушкан. Демек, «Көк түрк» – «Теңир түрк» дегенди билдирет». «Түрк» деген наам байыркы кездерде, белгилүү тарыхый шартта, белгилүү жер, аймакта жашаган түрктөрдүн наамында этностук мааниге ээ болгон».

«Дагы бир аңыз бар: «Түрктөрдүн ата-бабасы Су (Сак) деген элден чыккан. Бул эл Кундардын түндүгүндө жашаган. Түрк тайпасынын бегинин аты Апабек экен. Алар 17 бир тууган болушкан...» (Т.Алмаз. «Уйгурлар» 69-70 б.). «Кан системасы жана үрп-адаттары жагынан негизинен окшош келген Кундар, Туралар, Улуу Яучилер (жоочулар), Уйсундар, Каңгылар, Сактар, түрктөрдүн чыгышындагы моңгол насилиндеги элдер менен Орто Азия жана батыш Азия¬да белгилүү даражада Ариан насилиндеги элдер менен өз ара сиңишип кетишинен Түрки тилинде сүйлөшкөн, туугандык жактан бири-бирине жакын көптөгөн Түркү элдер келип чыкты. Буларга Чыгыш Сибирь Лена дарыясынын боюнда жашаган Якуттар, Энесай дарыя¬сынын боюндагы кыргыздар, Байкал көлүнүн түштүгүндө жашаган буряттар, тувалар, Кытайдын Гансу провинциясында жашаган салалар, сары уйгурлар, Шинжиандагы уйгурлар, Батыш Түркстандагы казактар, кыргыздар, өзбектер, башкырттар, татарлар, түркмөндөр, мордвалар, чуваштар, Украинадагы ага Өгүздөр, Кавказдагы черкестер, Дагыстан аталары, азербайжандар, аварлар, Иран, Ирактагы азербайжандар жана Түркия¬дагы түрктөр кирет...» («Уйгурлар», 86-87-б). Бул «бекем», күчтүү» деген «түрк» термини биринчи жолу кытай авторлорунун эмгектеринде 542-ж. кездешет.

Кытайлык уйгур автору Тургун Алмас 1989-ж. Үрүмчүдөн чыккан (841 беттен турган) «Уйгурлар» китебинде кытай булактарындагы байыркы жер-суу, уруу-тайпа, маңсап-титул аттарын кандай которгонун, кандай ыкманы пайдаланганын минтип жазат: 1. Нерсенин атын жазууда кытай тарыхчылары «шартына жараша» өздөрү ойлоп таба койгон наамын ыйгарып салышкан. М: Фергананы-Даюан, Өзгөндү-Юечың, Бактрияны-Даша, Кундарды болсо – Чүнвий, Шаңрүң, Шиенйүн, Шүнчү деп жазышкан. Сыма Чиен Огуз уруусуна — «Хужие», Бан Го болсо «жие» деген наам берген. Байыркы кытай тарыхчылары улутчулдук сезимдерге, амбицияга берилип, түндүктөгү көчмөн элге карата жапайы, түркөй, жетилбеген деген маанидеги иероглифтерди дагы колдонгон.

2. Кытайдын байыркы жылнаамаларын жазган тарыхчылар жазып жаткан нерсенин атын сурап, маанисин түшүндүргөндөн кийин аны кытай тилине которуп жазышкан. М: «Теңир Тоо» дегенди «Тян Шан» (тян-асман, теңир, шан-тоо), Көк көлдү (Кукунорду), Чиң хай (Чиң-көк, хай-деңиз) деп жазышкан.

3. Жарым жартылай которулуп жазылган наамдар. М: «Зо гу ли ваң» (Күндөрдүн маңсап аты) деген төрт иероглифти изилдегенде, биринчи жана төртүнчү иероглиф «сол», «хан, кан» дегенди билдирет. Ал эми ортодогу «гу ли» деген эки иероглифтин кытайча маанисин түшүнүү кыйын. Уйгур изилдөөчүлөрү кундар түрк тилинде сүйлөшкөндүктөн «гу ли» – «кол, колу» деген сөздүн транскрипциясы болуш керек деген божомолго келишти. Ошентип, «Зо гу ли ваң» – «Сол кол кан», «Ю гу ли ваң» – «Оң кол кан» деп которушту. Анткени, көчмөндөр өз элин миңдеген жылдардан бери «оң», «солго» бөлүп башкарышкан.

4. Кытай тарыхчылары жазып жаткан нерсени жат элдер кандай атаган болсо, аны иероглифтер менен тыбыш жагынан толук келбесе да, үндөшүрөөк кылып транскрипциялаган. М: «Уйсун» — «У сүң», «Тараз» — «Талас» «Кең суу» — «Ган су», «Арашан» — «А ла шан», «Кыргыз» — «Же жа сы», «Жи ли жы сы» ж. б. («Кыргыздар», Б.1996.236-237-б).

Ч. Өмүралиев «түрк» деген сөздү: Асман менен Жердин түркүгү деген сөздөн алынган дейт. Ошондуктан, байыркы кыргыздардын доорундагы нагыз «түрк» деген ат азыркы Түркия элинин уюткусу болгон, кийин калыптанган, анадолу түрктөрүнө эч кандай тиешеси жок. Азыркы түрк улуту — Анадолуда кийин калыптанган ар кошкон Түркия эли. Өгүзхандын кийинки тукумдары, Моголкан, анын урпактарынын бири Туран шаанын уулу Арстан алп, анын урпагы Эрторгул Мармар деңизине чейин жеткен. Эрторгулдун урпагы Осмон бий 1258-ж. династия түзгөн. Тукумдары уулу Селжүктөр дөөлөтүн негиздеген. Кийин көп аскерлер Теңир Тоого кайтышкан. Чынын айтканда, азыркы Түркиядагы түрк аталган эл байыркы кыргыздардын жортуул кылып, ошоякта калган кыргыздардан өнүп өскөндөр. Жоокерчилик заманда бийлик кылып, түрдүү себептер менен тилин чала сактаган менен башка жергиликтүү элдердин кыздарына үйлөнүп, кандары, салты аралашып калган аргындар. Эчен муун жаңырып таята журтунда өнүп,өсүп, кыял жоругу башкача болуп Кыргыз нарк-насилинен алыс калган осмон түрктөрү, селчак түрктөрү кыргыздын бир бутагы. Аларда азыр кыргыздардын жыты да калган эмес, көп кылым абдан ассимилация болуп европага, кавказ элдерине жуурулушту, сиңип калышты. Азыркы Түркия эли ар кошкон улуттук аралашма топ. М: 1072-1077-ж. Махмуд Кашкари жазган бир тилде сүйлөгөн түрктөрдүн 24 уруусунун азыр ар биринин өзүнүн калыптанган тили, өздүк аң-сезими, өздүк таанымы, тарыхы, адат-салты жана өздөрүнө таандык өзгөчөлүктөрү бар. Эски түрк тилинин негизи – байыркы кыргыз тили! Ар кайсы түрк урууларынын улут катары калыптануу мезгили эчак өткөн. Акыйкатта «түрк элдери» деген түшүнүк азыр «славян элдери», «герман элдери», «араб элдери» дегендей жалпы мазмунга ээ. Ошондуктан, бул китептеги б.з.ч. кездешкен түрк деген сөздөр азыркы түрк аталган анадолу Түркия элине кыйыр гана тиешелүү.

Удулу келгенде дагы бир нерсенин башын ачып алалы. XXI кылымдын башында дүйнөлүк кытай таануу илиминде жаңы ачылыш болду. Муну чыгыш таануу илиминдеги жаңы багыт деп атоо керек. Залкар Чоюн Өмүралынын көп жылдык аракетинен кийин Төрөн жазуу жаңы илими ачылды. Төрөн жазуу Алтаистика илимин (азыркы түрк, маңгул, манжуу, жапан тил тобуна кирген бир йероглификада бириккен элдер) жаңы деңгээлге көтөрдү, анткени, Төрөн жазуу (туранская письменность) деген жаңы илим башталды. Төрөн жазуунун бир канатында эзелки кытай, бир канатында көөңкү Шумер жаткан тилдик, тарыхый, маданий, генетикалык улуу биримдиктин башатына – Төрөн дүйнөнүн жалпылыгына алып келет. Дүйнөлүк Семитизм, Индоевропеизм идеясына жаңы концептуалдык негиз берет. Адамзат цивилизациясы Арамей, Финикий башаттан башталган деген мифтин тамырына балта чабат, чындыктын көзүн ачат.

Кытайдын өзү Улуу Ордодон, Төрөндөн бөлүнүп шактап кеткен, шаа жетпей калган Кара Кыргыздын бир өңүрү Түндүк Кытай, Күрпүлдөктүн (Хуанхы) үстү Дүйнө. Кытай йероглификасында баардыгы болуп 214 ачкыч бар. Ушул ачкычты билсек йероглифтерди окуй алабыз. Анткени, бардык йероглиф 214 ачкычтын ар кыл жөнөкөй, татаал айкалыштарынан түзүлгөн. Ч.Өмүралы йероглификаны түрк тил (кыргыз) тил өңүтүнөн өздөштүрүүнүн жаңы этабын ачты. Мында Төрөн жазуу байыркы түрк жазуусу эмес, андан кең илим өсүп чыкты.

Анткени, тарыхта биринчи жолу йероглифти бириндетип жиликтеп талдоо принцибин көргөздү, бул Кытай илимине жат нерсе. Алар негизинен иероглифтердин иштелип бүткөн акыркы калыбы менен гана иши чыгат. Ар бир йероглифтин ички курамына же алыскы эволюциясына үңүлүүнү жемишсиз жол, анткени, анын чыныгы мааниси тарых түпкүрүндө унутулуп белгисиз калган деп эсептешкен. Чынында, ар бир чийиндин, нокоттун, аавалдын алып жүргөн белгилүү бир мааниси да, мааниге канык дабышы да бар. Ал — Ордо тилде сакталган. Сөзүңүзгө аралжы. Деги эле Ч.Өмүралы так белгилегендей: Философиялык акыл ойдун дүйнөлүк жетишкендиги, орчун бийиктиги саналган диалектика илими Теңирчиликтин бийигине жеткен эмес. Андыктан дүйнө маңыздын «карама-каршылыктардын күрөш биримдигинен» көргөн. Диалектика илими акыр аягы барып «карама-каршылыкты» абсолюттуу, башкы аныктооч санап, ал эми «биримдик абалды» утурум, жалган деп эсептейт. Натыйжада өзү ортодон (Алтын Ордодон) сыртка тебилип чыгат. Диалектика: алдуусу алсызын жеген, күчтүүсү күчсүзүн басмырлаган, табигый тандалган, таптардын күрөшүндө айгышкан, бири өлмөйүн бирине күн жок идеологияны туу туткан ж.б. Ал эми Теңирчил илим дал ушунун тетирисинче дүйнө маңызын карама-каршылыктардын күрөш биримдигинен эмес, Эки Түгөйдүн (Теңдик) түбөлүк бири-бирине түгөйлөшүп баруусунан Бир Теңге (чулу!) биригип өтүшүнөн көрөт, б.а. Сүйүүдө тааныйт. Сыйда маңыздайт. Мындай шартта Биримдик башкы аныктооч мазмунду түзүп, ал эми карама-каршылык утурум, мал-маңыз, макулук деңгээлде калып кетет, Кудай-Теңирдин чыныгы мазмунунан сыртка кайып чыгат.

Асман али Теңир эмес. Ал Ага алып барган Жолдун түгөнгөн жери, Бүткөн Тушу, Жолу улуунун Улуусу, Теңирге айтылаар, кайрылаар жердин Акыркы Дареги, Акыркы Данеги. Ал, Теңири, сөздүн бүткөн тушу, Эстин туткан тушу. Аңдын арты Шуулдаган, Эгемдин соңу – эрип кеткен, Эки Жагына кеңип кеткен, Кеңиген жери Кемге үйрүлгөн, теңиген жери Теңге үйрүлгөн, Тең теңделип Теңге ийрилген, Тең байыр алган – Өзүнө айланган, Өзүңдө Өзү – Тең Теңир! Кулак угуп, Көз көргөндүн Уюлунда – Бир Теңир! Чыныгы монотеизм деген ушул. Бул Ч. Өмүралынын варианты.

«И-цзин» китеби Ааламга биринчи жаралган китеп. Кытайдын эң биринчи Адамы, Атасы, Эгеси, Кытай илиминин башаты, ченемсиз «И-цзиндин» атасы делген, саналган легендарлуу кытай императору Фу Си (Фу Ху) Ч.Өмүралынын йерогилифтен талдап окуусу боюнча: Бабабыз Кыргыз Каган экен! Огуздун Кыргызы (Фу Хи) экен. «И-цзиндин» түп теги өзү кыргыз (түрк) тилинде сүйлөйт тура. Көөнө Кытай тарыхына мүлдө Кытайдын биринчи императору Фу Си б.з.ч. 2953-2838-ж. деген ысым алдында кирген, Угуздун тогузунчу муунундагы кан тукуму Кыргыз кагандын жана ал биринчи айткан Теңирден уюп куюлган Купуя Манас – «И-цзин» жайы ушундай. Төрөн Дүйнөнүн башы, аты ааламга айгине, аягы Мысырды такандап, башы Чүрчүттү чапчыган Байыркы Дүйнөнүн аша чыгааны, Түп Баба Огуз хан жатат.

1919-ж. Оренбургдан араб арибинде чыккан ага-ини Кабир Туйка, Фазыл Туйканын «Түрк тарыхы» деген китебинде: «Огуз хан Ийса пайгамбардан 3400 жыл мурда жашаган улуу каган» деген учкай маалымат бар. Кыргыз тарыхчысы Тоголок Молдо: «Кыргыз кан Огуз кандын тогузунчу муунундагы кан эле. Ошону ырым кылып, бардык байгесин тогуздан сайып, Учтан Түпкө уламалуу Салт калсын деп улуу даңазалуу той берди. Тогуздап мал сою, тогуздап мал тартуулоо ошол Кыргыз кандан баштап, адат, ырасым болуп кирди» дейт. Бул маалыматтарды салыштырганда Огуз кан менен Фу Си императордун аралыгында туптуура 447 жыл жатат. Тогуз кан өтсө арадан кандык доору болжолу 50 жыл чамасын камтыйт. Көнүмүштүн күчү кыйын, көк желкеден ныгыра басып, көздү таңып келген жат тааным түшүнүктөрүбүз «Кытай» деген атты угары менен каны менен кошо дүрт этип душмандык сезим ойноору, ишенери кыйын. Бирок, чындык андан да кыйын, ал акыры өр алат, өзүнүкүн алат. Көнүмүш ушу: тарыхчылар «Кыргыз» деген атты 2 миң жыл мурунку кытайдын «Шицзи» маалыматындагы «Гяньгун» деген сөздөн гана көрүшкөн, ошого сыймыктанып, чектелип жүрүшкөн. Ч.Өмүралынын жаңы ачылышынан кийин «Кыргыз» деген аттын (аны да азырынча табылган жазма жүзүндөгүсүн, жазылбай жашаганы белгисиз) кылымдардын түпкүрүнөн мындан туура 5000 жыл илгерки далилденгенин көрдүк. «Гянгун» деген сөз Ч.Өмүралынын чечмелөөсүндө йероглифтеги кыргызча жазуусу «катаган» деген сөз экен.

Ч. Өмүралы тарабынан йероглифтердин 214 ачкычынын бүт чечилиши зор жаңылык. Ин цивилизациясындагы жазууну эч ким буга чейин чечип, түрки тилдеринин негизинде карап салыштырган эмес. М: 1. Француз Ж. Ф. Шампольон Египет йероглифтерин чечкен. 2. Шумер, ассирий, вавилион, элам, перс тилиндеги тексттерди Крамер, Гротефенд, Роулинссон, Хинкс, Норрис, Тальбот, Опперттер чечмелеп, окушкан. Ачкан. 3. Хет клинописинен хет тилин чех Б. Грозный ачкан.Хет йероглифтерин Форер, Мериджи, Гельб, Бассерттер чечмелеген. 4. Байыркы түрк жазуусун Томсен, Радловдор окушкан. 5. Байыркы майалыктардын жазуусун Кнозоров окуган, ачылыш болгон. 6. Ин цивилизациясын, төрөн жазууну замандын залкары Ч. Өмүралы чечмелеп окуду, дешифровкалады. Бул дүйнөдөгү улуу ачылыш!

Бул чечмелөөнүн зор мааниси кандай жана ал түрк элдерине эмне берет? 1. Шаң-Индин тегин тактады. Эми талаш токтойт. Анткени, Ин цивилизациясынын ээси Турандыктар, Ордо бийлигиндеги Чайан-Бөйөн кыргыздары экени билинди. Алар 17 жолу журт которушкан. 2. Бизге зарыл Шумер – Ин проблемасы кайра жаралып бир бүтүмгө келет. Экөөнүн тил жалпылыгы Азиянын Улуу Дөбөсү – Туран өсөт. Туранга түрк дүйнөсү менен алтай тил тобундагы элдер камтылып, ага Кара Кытай тилин кошуп Шумерди чапчыйт. Хет проблемасы кайра каралат. Хет менен Ин киндиктеш экени такталат. Хет йероглифтерин клинопись жана Египет йероглифтеринен чыккан деген жарамсыз концепция кыйрайт.

3. 5000 миң жыл мурда император болгон Кыргыз Каан – Фу Си; легендарлуу Ся – XXI – XVII кк, Шан-Ин династиясы аталып Чайан, Бөйөн аталарыбыз түзгөн Ортоңку Кыргыз каганаттарынын төрт миң жылдык тарыхын ачат. Ин династиясын б.з.ч. 1766-1122-жж. Чайан хандыгы, Чайан хан тукуму, б.з.ч. 1401-1122-жж. Бөйөн хандыгы, Бөйөндөр башкарган.
Сагынбайдын вариантында: Манас өлгөндө Баяндынын талаасына коюлган делет. Ч. Өмүралы «Шаң» йероглифинин уңгусун «Чайан» деп окуду. «Манас» эпосунда: Чайан хан – Манастын түп аталары. Манастын экинчи бабасынын ысымы эпос боюнча Бөйөн хан. Саякбай залкарда:

«Баш атасы баары кан,
    Башынан Кыдыр даарыган.
    Түп атасы Түбөй кан,
    Түбүнөн Кыдыр даарыган.
    Түнөп өткөн жерине,
    Түптүү мазар орногон.
    Муну түбүнөн Теңир оңдогон.
    Түп атасы Бөйөн кан,
    Бөйөн кандан Чайан кан,

Чайан кандан Огой кан... деп Манастын бабаларын атап Шаң, Ин династиясынын башкаруучуларынын ысымын эскерет. Шаң-Ин династиясы Ортоңку Кыргыз Каганаты деп аталып, ордону Ча¬йан, Бөйөн кыргыздары бийлеген деген тыянакка келебиз. Кыскасы, Шан-Ин жазуусу таза түркү-кыргыз тилинде түзүлгөндүгү кашкайган факт! (Ч. Өмүралы. «Кут Билим». 15-август, 2003.) Эскертүү: Молдобасанда Бөйөн, Чаян Түбөй кандын балдары, Ыбрайымда Алтайдагы калмак ханы, Сагынбайда Чайан манжуу каны, Бакдөөлөттүн атасы, Шапакта кара калмак каны, Мамбетте Медияндагы Бөйөн кан. Бул чаташуулар өтө көп доордо өткөн тарыхтан улам болгондур. Саякбай менен Молдобасандын айтканы чындыкка төп.

Кырк уруу кыргыздын эң эски,эң чоң урууларынын бири. Каткалаң да (Каткалаңдан Кыз Сайкал чыккан) катаган уруусунун ичиндеги бир уруу. Йероглифте байыркы түрк жазуусуна «Кытан» деген ат менен түшкөн, илимий ийге «кидан» деген атта алынып кеткен эски көчмөн урууларынын бири. Эгер «Гянгунга» кайрылсак анын 2200 жылдыгын салтанаттайбыз десек, анда, мүлдө кыргыздын эмес, кыргыздын бир гана уруусунун атын салтанаттайбыз. Ал эми, мүлдө кыргыздын атасы, Угуздун тогузунчу муунундагы кан тукуму Кыргыз каан, биринчи Манасчы – И-цзинчи, мындан 5000 жыл арыда жатыптыр, анын ушу убакка чейин кыргыз экенин башы ачылбай, мүлдө кытайдын биринчи императору саналып тарых түпкүрүндө катылып, табышмактуу, сырдуу жаткан.

Манастан дүйнө башталган, ал улуу илим, тарых, башат. Асман-Жердин Арасын Тирөөч кошуп, төбөсүндө Күн калкытып турган Дүйнөлүк Улуу Тоо – Манас деп аталат. Дүйнөлүк Тагдын (Тоо, Так Орто-Ордо, дүйнөнүн чордону, туусу) аты – ысымы өзү – Манас! Кыргыздын бир канаты эски шумер (сумер) тилинде Дүйнөлүк Шамдын – Күндүн маанисин «Ман» берет. Манас Тоо, Дүйнөлүк Тоо. Бүтүлүү Дүйнө – Теңди уютуп турган Манас касиет. Өзүндө өзү Теңирдин Куту Манас.

Лао-зы (Өтө) Аккан суу жөнүндө «Жер үстүндө ийкемдүү сенден жумшак эмне бар? Учуң учсуз, түбүң түпсүз, кылааң жатат кыйырсыз. Дымый берип, шарр берет, жыйрылат да зыр берет. Жети каттан желип өтөт. Буу болот да көккө айланат, суу болот да кайра агат. Түмөн өмүр жайнап чыгат, түркүн иштер кайнап чыгат. Жандуу менен жансыздын баарына тең аккан суу! Тамырына жан берип, баарына «жем» акан суу. Толуп барса анысын, соолуп барса мунусун, толук-кемин, Жер-Асман өлчөп турган аккан суу. Өңү дагы, солу жок туйлап турган аккан суу. О, аккан суу, аккан суу, «мына дал ушунуң үчүн Лао-Даң айткан турбайбы»: Асман алдында тамчыдай жумшак тартып таштай катуу көзөйт. Каяккадыр желип чыгып, каяккадыр житип жок. Дүйнө өзөгү эмне экенин мен ушундан билдим деген турбайбы» дейт. Кыргыздын улуу даанышман ырчысы Жеңижок (Өтө) минтип ырдайт:

... Кыялданып кыйшайып,
    Шоокумданып үн салып.
    Желип өттүң аккан суу.
    Аласасын адамга
    Берип өттүң аккан суу.
    Кышы жайың барабар,
    Коргошундай көлкүлдөп,
    Тунук болуп мөлтүлдөп,
    Эрип өттүң аккан суу,
– деп жалаң аккан сууну эргип жети күн ырдап кыргыздын ааламда чексиз кең дүйнө таанымын дагы бир жолу даңазалап, далилдеген. Лао-Өтө менен Жеңижок (Өтөнүн) айкаш, шайкеш келгендиги – анын теги бир болгондугунда го («Кут Билим», 15-август, 2003. №28 (10076)).

Дагы бир мисал: Лао-зы «Дао дэ цзинди» Кытай чегинен түбөлүккө, Түндүккө Хунн аймагына чыгып кетип баратып, чекте турган жесекчинин өтүнүчүн орундатып ыр жазып калтырып кеткени белгилүү. Бул Тексти жандыра албай, туура эмес которуп дүйнө эси оогон. Көрсө ал Теңирчил текст Лао-зынын өзүнүн тилинде, хунн тилинде жазып калтырыптыр. Көрсө Лао-зы кыргыз перзенти тура. Ин, Чжоу йероглифтерин Ч. Өмүралы окуп «Лао» деген кыргызча «Өтө» деп окуларын тактап берди. Демек, Лао-зынын аты «Өтө» экен. Эки жарым миң жылдан кийин бул текстти Ч.Өмүралы которбой эле, кытай йероглифти чечмелегенде минтип окулат экен:

Атың менен Затыңдын –
    Кайсынысы алыгач?
    Жеңил менен Ооруңдун -
    Кайсынысы додомол?
    Аткан менен Баткандын –
    Кайсынысы чын оору.
    Аяганың – аёосуз чачылат!
    Додо мүлк – өчкөн өлүк!
    Көңкүнү билбей – Соңку жок!
    Ченемди билген – чегинен кайырат!
    Кайыргандын – чаңы узак!

Демек, көөнө, эзелки кытай йероглифинин көбүнүн ачкычы кыргыз тилинде экен. Саяк уруусунан чыккан Лао-зынын байыркы текстиндеги айрым йероглифтер кийин бузулуп жазылган, айрымдары алмашып калган.

Дагы бир мисал, «Койгуттун кош сабы» б.а. «гундардын кош сап ыры». Бул кош сап деги кайсы тилде айтылган? Бири фин тили десе, бири Аккаддыкы (семит) деп ала качышат. Бири тунгус – моңголдуку десе, бири түрк тили дешет. Б.з. 328-жылында «цзе хуларынын» («Цзеские Хусцы») эл башы Ши Лэ менен эртеги Чжао династиясынын императору Лю Яо экөөнүн ортосунда айыгышкан согуш болот. Түбү кыпчак кулуну Лю Яо Ши Лэнин колун талкалап, андан ары Лоян шаарына бараткан жортуул жолунда уездик шаар Цзиньюнду камап туруп калат. Ши Лэ Лоянга жардамга бармак болгон менен жан жөөкөрлөрү ага каршы турат. Ошондо Ши Лэ өз ордосундагы Индостандык бутпарас кечил Фоту Дэнге кеңеш сурап кайрылган экен. Ошол тушта мунаралардан кагылган коңгуроо үнүнө бир баам сала берип Фоту Дэн анан ага колун кезей цзеликтердин тилинде мобул эки сап ырды айткан дешет: «Сючжи тилиган, пугу цзюйтудан», бардыгы он йероглиф. Ч.Өмүралы ар бир йероглифтин илик-жилигине чейин майдалап чагып атып:

Тургун, жыйыл,
    Ийилбе, какай,
    Тизе бүкпө.
    Тиреш, чөкпө!

Каң! Каң!! Каң!!! Деп чечмеледи. Көрсө, Койгуттун кол башчысы табышмактуу ишаарадан өз көкүрөгүн уккан экен. Ошол кандуу жорукта кол башчы Ши Лэ 87 миң кол менен Лоян шаарынын жанында Кытай императору Лю Лонун 100 миң аскерин быт-чыт талкалап, 50 миңин кескилеп кырып, Цзингу өзөнүн өлүккө толтурган. Кечилдин бир ишаарасы кытай аскери үчүн ушунча канга турду. Ушул кош сап табышмактуу ыр эки миң жылга чукул сакадай боюнда сары алтын уютуп, жандырмагын кыргыз качан чечмелейт деп саатын күтүп жатып, акыры Ч.Өмүралы чечмеледи. Кытай дарегинде нагыз кара кыргызга тиешелүү, энчилүү, табышмактуу, ачылбай жаткан сырлар өтө арбын. Байыркы Кытай тарыхынын жарымын кара кыргыз тарыхы түзөт десек жаңылышпайбыз. Анткени, ал тарыхты кара кыргыз өзү түзгөн, башат көчмөндөрдө.

 

Манас илими тууралуу

Байыркы Египеттеги Гермонасса — Гермес болуп өзгөргөн. Байыркы убактарда Кичи Азияда Гермонасса деген шаар болгон. Гермес Канкор Манас (Кор Манас — Ак Эр Манас) дегендин өзгөргөн түрү.

Гермес – байыркы Египеттин Теңири. Үч жолу даңазалуу Гермес деп даанышман ардакталат. Гермес философиясы эң байыркы мезгилде бүт дүйнө жүзүнө тараган. Герметизмдин максаты кишинин өзүнүн жана Ааламдын терең маани-маңызын таанып билүү болгон. И.В.Морозов адамзатка олуттуу таасир тийгизген магиялык символдордун — Крестин, Свастиканын, мандаланын, дүйнөлүк тоонун — конкреттүү бир гана чыккан жери бар деген ойду айтат («Таинственным путем Гермеса», Минск, 1994). Алардын келип чыккан булагын билүү менен цивилизациянын байыркы жашырын сырларын ачууга болот деп эсептейт автор. Ал цивилизациянын башаты — Кыргыз жери, анткени, бүт дүйнөгө тараган кресттин, свастиканын, мандаланын (тегеректеги символика) башаты Кыргыз Боз үйүнүн түндүгүндө уялаган!

«Бузулбас Ыйык Өлкө» – жер киндиги – Кыргыз жери. Нечен кыяматтардан сакталып калган эл – «аз эр» – кыргыз. Кыргыздарда каада-салт эрежелери аалам мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан. Даанышмандык илимин тараткан кыргыздар жөнүндөгү илимин байыркы Египеттеги Александрия китепканасын, кытайда көптөгөн китептерди өрттөө менен жок кылган. «Манас» адамзатка улуу илим катары кайра кайтып келүүдө. Скифтердеги кайрылып келип куйругун тиштеген кабыландын каймана мааниси ушуну билдирет.

Кыргызда Манастын улуу илим экени бара-бара унутулуп жомок, тарых катары гана айтылып калган. Анын философиялык чечмелениши кыргыздардан индустарга өтүп аларда сакталып калган. 11-кылымда Абу Рейхан Бируни «Индия» (М., 1995, 164) эмгегинде байыркы Индияда адамзаттын алгачкы бабасы Ману түзгөн «Чоң Манас» жана ага карата Утпаланын түшүндүрмөсү жана Мунчала кыскача жазган «Кичи Манас» деген китептери болгондугу жөнүндө жазып калтырган. Бул маалыматтар «Манас» дастаны менен шайкеш.

«Бхагавад-Гита» ведалык илимдин маңызын түзөт. Упанишад — «ыйык илим». Ошол Упанишар — Ап ан ас — Манас деп билиш керек. Египет Манас бийлик кылган ошол белгисиз кылымдарда өзүнүн мыйзамдарын, коомдук институттарын, маданиятын, илимин веда жарала электеги Индиядан (кыргыздан) алган деп ишеничтүү айта алабыз. Кыргыз жери адамзаттын бардык улуу жашыруун сырлардын, диндердин алтын бешиги болгон. Анткени, Е.П. Блаватская: «Кайдигерлик менен «Индия» деп айтканыбызда биз ушул күндөрдөгү Индияны эсептебейбиз. Архаикалык мезгилдин Индиясын айтабыз. Ошол байыркы мезгилдерде азыр башка аталышта белгилүү болгон өлкөлөр Индия деп аталган. Жогорку, төмөнкү жана Батыш Индия белгилүү болгон, алардын акыркысы азыркы Иран. Тибет, Монголия, Улуу Татария деп аталган өлкөлөр байыркы жазуучулар тарабынан Индия катары каралган» («Разоблаченная Изида», 1 т. 465 б.). Эң байыркы мезгилде кыргыз туруктаган азыркы Борбор Азия жалпы эле Индия аталган («Аалам», №7-8. 2002.).

Манас Теңир илим катары да, Айкөл, Шер Манас катары да кыргызга кымбат. Манас атындагы жер, суу, дөбө, ашуу, шаарлар дүйнөдө өтө көптүгү анын эл оозунда көп кылым тегин айтылып келатпаганын айгинелейт. Манас көлү, Манастын Боз Дөбөсү, Манастын сайы, Манастын кароол мунарасы, Манас ашуусу, Манас суусу, Манас шаары ж.б. азыр Үрүмчүгө карайт. Чыгыш Түркстанда Манастын калаасы бар (Саңгырбай Катакеев, Казак адабияты, 1978 ж.). «Эртыштын баш жагында Манас жайлоосу бар. Бутандан алиги Кавказга (Испанияга) чейинки аралыкта Манас деген жерлер арбын. Манас кааласы Манас (Су-лай) суусунун боюнда, үч бөлүктөн турат» (П.Е. Грумм-Гржимайло «Описание путешствия в Западный Китай», М., 1948, 632-б). Манас суусу Тяньшандын түндүгүндө, ал Манас көлүнө куят. Манас калаасынан ары Кутубий дарыясы менен шаары бар. Сөң Көлдө эле Манастын атына байланыштуу: Тулпар таш, Кырк чоронун кемегеси, Аккуланын мамысы ж.б. бар.

Окумуштуулардын далили жана божомолу боюнча кыргыздын эл болуп калыптанышына байыркы жана орто кылымдагы жашаган уруулар катышкан. Кыргыздын тарыхы байыркы кыргыздар (б.з.ч.3-к-б.з.ч 5к), орто кылымдагы кыргыздар (6-14 кылым), кийинки кыргыздар (15-20 кылым) болуп үч мезгилге бөлүнөт. Байыркы кыргыздар Сибирь, Алтай, Борбордук Азия, Теңир Тоо аймактарын (б.з.ч. 3 к-б.з.ч.5 к) мекендешкен. Орто кылымдагы кыргыздарга Энесай кыргыздары (6-14 кылым), Теңир Тоо кыргыздары (9-14 кылым); Борбордук Азия кыргыздары (9-14 кылым; Манжурия, Моңголия, Алтайдагы кыргыздар), Сибир кыргызы (15-18 кылым) кирет. Кийинки кыргызга Теңир Тоо же Ала Тоодогу кыргыздар (15-20 кылым), Манжуриядагы Фу-йү уездинде жашаган кыргыздар (18-20 кылым), Ийорданиядагы кыргыздар (19-20 кылым) кирет деп болжолдошот. Окумуштуулардын өксүгү – бул жерге Шумерлер тарыхын, Индияны, Кичи Азияны чаап алган, Европаны, Египетти, Крымды багынткан, Америкага жайгашкан ж.б. кыргыздардын мезгили, тарыхы киргизилген эмес.

 

Мамлекет деген түшүнүк

Мамлекет, цивилизация деген эмне? Ал кандай критерийлерге негизденет? Бул жөнүндө талаш көп. М: Г. Чайлд цивилизациянын зарыл белгилери булар дейт: Эл отурукташкан аймак, шаарлары; Ири эмгек курулуштары; Борбордоштурулган налог системасы, экономикалык байланыш, анын ичинде соода-сатыктын гүлдөшү, ар кандай өнөр адистигинин өркүндөшү, жазуунун болушу жана түрдүү илимдин (эсеп, жер ченем, астрономия, медицина ж.б.) негизинин түзүлүшү. Искусствонун өнүгүшү; Эл баштаган, башкарган артыкчылыктуу таптардын чыгышы, мамлекеттик түзүлүшкө ээлик: Бардыгы он критерий. В. Эберхадт беш башкы белги жетиштүү дейт: 1. Мамлекеттик түзүлүш. 2. Мал үйрөтүү жана аны дыйканчылыкка, унаага колдонуу. 3. Бир башкы Ордонун (архитектурага ээ калаа) айланасына уюу; 4. Жазуунун болушу жана чарбалык кат иши. 5. Металлдын колдонулушу. Бул критерийлер отурукташкан элдин мамлекет жөнүндөгү философиясы, көз карашын чагылдырган позиция. Көчмөн дүйнө алардын чен-өлчөмдөрүнө туура келбейт, себеби көчмөн мамлекеттердин атрибуттары башка. Расмий көз караштан биринчи цивилизация деп: байыркы Шумер, Египет, Хет, Мохенджо, Дара, Хараппа, Шан-Инь, Олмек, Майяны эсептешет.

Түпкүлүгү көчмөн мамлекети – рухий цивилизация. Азиядагы көчмөн дүйнөнү таанып, мамлекеттүүлүктүн критерийи деп төмөндөгүлөрдү эсептешибиз керек. 1. Көчмөн мамлекеттүүлүгүнүн отурук мамлекеттен айырмасын эске алып эзелтен мамлекеттик түзүлүшү барларды ички өзгөчөлүгүнө жараша анын ээлеген ээлигин, аймагын моюнга алуу керек. Буга байыркы хуннулардын мамлекеттик түзүлүшү классикалык үлгү болот. Ушул системадан улам – Чыгышта – сянби, төбөй, жаңжуң, түрк, уйгур, кыргыз, карахан, маңгул; Батышта – хазар, булгар каганаттарында сакталганын эске алуу оң. 2. Көчмөн мамлекеттердин мерчемдүү жерлерде, аймактарда Ордо, сепилдери, баш кошкон байтактылары болгон. Аларды шарт, кырдаалга ылайык которуп да турушкан. 3. Дыйканчылык чарбачылыктын башкы мүнөзүн аныктабаса да, ал болгон, өнүккөн. Жашоого зарыл аштык өстүрүлгөн. 4. Искусство өнүккөн. Байыркы таш сүрөттөрүнөн тартып скиф айбанат стили калыптанган. Анын соңку этабы – жалпыланган көчмөн орнаменти түзүлгөн жана булар жөн эле искусство эмес, терең дүйнө таанымдык мүнөз болгон. 5. Илимдин негизи түзүлгөн. М: Жан-жаныбарлардын сырын билүүчүлүк – саяпкерлик, мүнүшкөрлүк, аңчылык, уз-устачылык. Көчмөндөрдө элдик медицина жана жылдыз санаган эсепчилик өнүккөн. Медицина – Чоң Чыгыш, Тибет, Кытай медицинасы менен тутумдаш. Астрономия илиминин башатында көчмөндөр турган. Көчмөндөр асман агылышы, жылдыздардын жылышына карап Улуу Кыйырдын бир четинен экинчи четине көчүп жүрүшкөн. Бул отурукташкан эл үчүн эң биринчи зарылдык болгон эмес. Азия көчмөндөрүнүн ошол жылдыз таанымы байыркы Кытай астрономиясынын негизин түзөт. 6. Көчмөндөрдө металл иштетилген. 7. Жазуу түзүлгөн (Ч. Өмүраалы).

Байыркы Кытай цивилизациясынын башаты саналган Ин цивилизациясы – кыргыздын цивилизациясы экени илимде далилденди. Көрсө Улуу Кытайдын түбүн андан Улуу Кыргыз тиреп туруптур. Андагы жазуу түркү тилинде түзүлгөн. Шаң-Ин коло маданиятынын ээси. Ал б.з.ч. 2000 жылдыкты камтып (б.з.ч. XVII-XI кк) уруулардын бирикмесинен түзүлгөн күчтүү мамлекеттик түзүлүшкө ээ болгон. XIV – XI к. Ин жазуулары кеңири колдонулган. Мал чарбачылыгы катуу өнүккөн. Жылкыны кадырлашкан, дыйканчылык өрүштөгөн. Чжэнчжоу, Аньянс деген шаарлары болгон. Индиктер колону чебер иштеткен. Казан, тулга, балта, чоттон баштап искусство маанисине ээ кооз идиш, азем буюмдарды куюшкан. Кош миздүү канжар, ж.б. куралдарды жасашкан. Араба, дөңгөлөктү ойлоп табышкан. Ин мамлекетинде искусство айрыкча өнүккөн. Чоподон түрдүү буюмдар жасалган, мрамордон, асыл таштардан чегилген адамдын, айбанаттардын скультуралары жасалган. Жазуусу, календардык жыл эсептөөлөрү болгон. Сибирь, Алтай, Борбор Азия маданиятына жуурулушкан Ин цивилизациясы Түндүк Кытайдын цивилизациясы деген стеоретип талкаланды. Бул Ин цивилизациясын – байыркы семмиттерге, индевропалыктарга, кытайга энчиленген, бурмаланган бир топ көз караштар өкүм сүргөн.

Кыргыз мамлекеттүүлүгү жөнүндө сөз болгондо жогоруда айткандай отурукташкан мамлекеттин критерийин карманып кыргыз деген мамлекет болгон эмес деген советтик жана азыркы айрым тарыхчылар, шовинисттер кездешет. Эмнеге минтип кесирленет? Себеби не? Көрсө, Кыргызстандын тарых илими советтик доордо калыптаныптыр. Алардын пикири боюнча кыргыз тапсыз коомдо СССРдин курамындагы союздук республика болгондон кийин ал мамлекет эмес экен. Себеби, тапсыз коом! А марксиздик методология боюнча мамлекет болуш үчүн формация, таптык мамиле болуш керек. А түгүл 1991-ж. түзүлгөн Эрктүү, өз алдынча Кыргызстан да мамлекет эмес. Себеби, таптык коом жок эле түзүлүп калыптыр. Экинчиден, Совет доорундагы ийгиликтерди обу жок көтөрө чалуу тенденциясы өкүм сүргөндүктөн ал боюнча: «Байкуш» Кыргызстан Совет бийлигинин аркасында гана ХХ кылымда жазууга, адабиятка, искусствого, мамлекеттүүлүккө «алгач жолу ээ болушкан» деген келжирек пикир өкүм сүргөн. Үчүнчүдөн, орус шовинизминин барманы менен СССРдеги элдер «улуу ага», «кичүү инилерге» бөлүнүп, «кичүүлөр» (Кыргыз) мамлекеттик курулушту, баш кошууну бардыгын «улуулардан» үйрөнүп, ошолордун аркасы менен гана эптеп мамлекет болгон экен. Андай болсо, ушул критерий солк этпесе – Байыркы Египет, Улуу Рим империясы, Александр Македонскийдин же Чыңгыз хан (Жеңилбес хан) державасынын өткөндөгү күч-кубаты, ааламга жайылган дөөлөтү кайда? Кечээ күч алып дүңгүрөп, өсүп-өнгөн мезгилдер тарыхта көп ирет төмөндөп, бирде көтөрүлүп алмашып турат да. Кээде төмөндөө мезгилинде элдер тарыхый аренадан жок болуу, чачыроо менен аякташы толук мүмкүн. Болбосо, Байыркы Египет, Рим эмнеге азыр дүңгүрөбөйт? Жарым планетанын ташталканын чыгарып, көчмөн империя болгон монголдордун күч-кубаты бүгүнкү итке минген тагдырына төп келеби? А түгүл социализм жашаган доордо Монголия СССРдин 16-союздук Республикасы болуп, жардам алып, күнкор абалында эмес беле? Ошол эле азыркы Россия менен ХХ кылымдагы Россияны салыштырып болобу? Төртүнчүдөн, байыркы жана орто кылымдагы кыргыздар күчү, уюшкандыгы боюнча коңшу элдерден, мамлекеттерден ашса ашып, эч кем калган эмес. Алыс барбай эле. М: Кыргыздар IX кылымдагы Киев Русу жана Улуу Карлдын заманындагы франктардын империясы менен замандаш өздөрүнүн Улуу державасын түзө алышкан. А түгүл кыргыз-кыпчак Атилла Европаны өзүнө чөгөлөтпөдүбү?!

Мамлекеттин бир критерийи – аймак, ээлик. Далил. М: Кытайдын «Тан империясынын тарыхында байыркы кыргыздардын ээлиги жөнүндө: «Хягас бул байыркы Гянгунь мамлекети. Ал Хомиден батыш тарапта жатат, Кара шаардан түндүктө, Ак тоолорго жанашат... кийинчерээк Чжичжи (КараЧоро) шаньюй Гяньгундарды каратып, ал жерде туруп калды (б.з.ч. 49-жылдан 46-жылга чейин), анын ошол тарапты Чыгыш Шаньүйдүн Ордосунан батышты карай 7000 ли, Чешыдан түндүккө карай 5000 ли алыста жайгашкан эле». «Хягас мамлекети кубаттуу, мейкиндик боюнча Тукю ээлиги (Чыгыш Түрк кагандыгы) менен теңдешет. Тукюлардын кагандары алардын аксакалдарына кыздарын беришкен. Чыгышта Гулиганга (Байкал), түштүктө Тибетке, батышта Гэлолуга (Карлык) чейин, созулуп жатат». Бул байыркы кыргыз мамлекети түндүктө Байкалдан, түштүгү Тибетке чейин, Батыш Монголиядан чыгышты карай түндүк батыш Алтайдын батышына чейин кеңири аймакты ээлеп жаткан».

«Тан династиясынын тарыхында» Кыргыздардагы мамлекеттик башкаруунун мансап тепкичтери даана көрсөтүлгөн: «Өкүмдар кыргыздарда Ажо деп аталат. Төбөлдөр алты баскычка ажыратылат: министрлер, башкы башкаруучулар, иш башкаруучулар, жетекчилер жана дагандар. Министрлерден жети, иш башкаруучулардан үч, башкаруучулардан он. Алардын бардыгы аскерге кол башчылык кылышат. Иш башкаруучулар 15 деп эсептелет: жолбашчылар жана дагандар даражага ээ эмес». Министрлер – бий, бек аталган. Сыма Цяндын «Тарых жазмаларында» кыргыз мамлекетинде «жасак төлөмдөрү тыйын чычкандын жана кымбат аң терилеринин эсебинен алынат» дейт. 632-ж. Кытай императору Тайзунун кыргыз мамлекетине өзүнүн элчисин жөнөтүшү кыргыз мамлекетинин «Элтебер» даражасындагы башчысынынын тышкы саясаты өз алдынчалыгын далилдейт. Мамлекет катары жашаган кыргыз элчилери кытай императоруна 648, 653, 675-жылдары келсе, 648-ж. Энесай кыргыз мамлекетинин башчысы Элтебер Ышбара кытай императоруна келип, сыйлуу кабыл алынган.

«Ши-цзи» (тарыхый жазмалары) эң байыркы мезгилден б.з.ч. 98-ж. чейинки тарыхты камтыйт. Ошо «Щи-цзиде» «Хундар өлкөсү» өтө жогорулагандыгын, «алар Хуньюй, Кюеше, Динлин, Гэгунь (кыргыз) жана Цайли ээликтерин багынтышкандыгын» алар Маодунь Чоң Бийге баш ийгенин жазган. «Болжолу б.з.ч. 2001-ж. хунндар түндүктө Гэгунь (кыргыз) падышалыгын өздөрүнө баш ийдиришкен». Н. А. Аристов: «Кыргыздар жана алардын өлкөсү жөнүндө эң эзелки эскерүү б.з.ч. 209-201-ж. таандык, ошол жылы хунндардын Чоң Бийи Маодунь багындырган Түндүк ээликтердин арасында динлиндер менен катарлаш Гэгунь ээлиги аталат» ж.б. Гэгу, Гэгунь, Гяньгунь, Гагяс, Хагас, Хакяньсы аталыш бир өлкө, элге таандык, – ал кыргыз ээлиги, өлкөсү, падышалыгы деп аталып б.з.ч. III к. мамлекет катары жашаган.

«Тан династиясынын тарыхы» боюнча 618-907-жж: Б.з.ч. II к. аягында Кытайдан билим алган өзү көчмөн төбөлү Вэй Люй Хундарга өзүн динлиндердин өкүмдарлыгына коюлган. Б.з.ч. 99-ж. согушта Хундарга Кытай аскер башчысы Ли Лин туткунга түшкөн. Ал хун Чоң Бийинин кызына үйлөнүп Хягас өлкөсүн ээлик катары алган. Б.з.ч. 74-ж. Ал Хягас өлкөсүндө өлөт. Сыма Цяндын «Тарых жазмасында»: «Ли Лин хундарда калып Хягасты ээликке алган, анын тукумдары Чыңгыз хандын дооруна чейин падышачылык кылышкан» деп жалган жазат (К.С.) 840-ж. уйгур мамлекетин кыйраткан, 847-ж. өлгөн кыргыз каганы ошол Ли Линдин урпагы дешет айрым тарыхчылар. Себеби, 841-ж. сүйлөшүүлөрдүн учурунда Ли уругу Тан династиясына тиешеси болгондуктан Кытайды башкарып турган династия менен тууган катары таанылган» («Барс-Бек кыргыздардын каганы» Б. 2003.Ж. Жунушалиев, 11-19-б). Бул туура эмес маалымат! Себеби, Хагастардын үстүнөн бек болгон Ли Линдин бир гана эркек баласы болуп, ал б.з.ч 1-кылымда бийлик талашуу учурунда өлтүрүлгөн. Цзя Хуй тарыхты аябай бурмалаган. Аны кезегинде Н. Я. Бичурин да (I том, 73, 357-бет) өз түшүндүрмөсүндө туура эмес чечмелеген ( О. Айтымбет. «Теңир Көл», «Адабий гезит», 2003. июнь-август, 31 (105).

Тап катары кескин айырмаланбаганы менен кыргыз уруу-урукка бөлүнүп жашаган. Анын ичинде бир ууч бай, башкаруучу чөйрө жашаган аларга кызмат кылган жарды-жалчы, кул-күң, жылкычы, койчу, дыйкан, уста б.а. эзилген тап да болгон. Көчмөн турмушундагы тап: бай жана кедей. Ал болгон! Азыр деле бар! Тап десе эле сөзсүз кийин жаралган фабрика, заводдо иштеген жумушчуну эсептешибиз өтө калпыстык болор.

Жогорудагы көрсөтүлгөн далилдерге таянуу менен көчмөн мамлекетинин мыйзам ченемдүүлүгүн, өз критерийлерин, атрибутун эске алып кыргыздардын байыркы мамлекеттүүлүгүн дүйнөлүк тарыхта таанышыбыз зарыл. Көчмөн мамлекеттин критерийи отурукташкан мамлекеттен бир аз гана айырмаланат.

Бул китеп кара кыргыздын 42 уруусунун төгүлүп чачылган ич ара чабыштары, толуп-ташып бириккен, көкөлөгөн учурун, бөлүнүп кетип ар кайсы элди чаап алып өз дөөлөттөрүн, башка элдерди, мамлекеттерди, маданиятты түзгөнүн учкай баяндайт жана каракыргыздын 9000 жылдык узак тарыхын камтыйт. Бул Кыргыз көчмөн империясы жөнүндөгү Конспектини түзүүдө, жазууда өтө көп жылдык азаптуу изденүүлөр, түйшүктөр, кыйынчылыктар болду. Теңир жылоологон сыймыктуу кыргыз тарыхын түгөл изилдеп, кагазга түшүрүү колдон келбес, кымбат иштир. Оош кыйышы менен болсо дагы колдон келгенин урпактарга иргеп калтыруу парз. «Бардык уруулар өздөрү чыгарган мифологиядан алда канча мурун жаралган» (К. Маркс, Ф. Энгельс) эмеспи.

 

(Көңүл буруңуздар! Бул жерде китептин бир бөлүгү жайгаштырылган)

PDF форматында китепти көөчүрүү

 

© Сыдыкова К.С., 2007. Бардык укуктар корголгон
    Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

 


Количество просмотров: 19994