Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз
© Кадыров С.К., 2003. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун үй-бүлөөсүнүн жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2008-жылдын 16 октябры

Самат Кадырович КАДЫРОВ

Менин энем ким?

(аңгеме)

Турмушка жеңил караган белгисиз кыз таштап кетсе да‚ аны өз баласындай багып чоңойткон апасынан адаштарган аргасыз тагдырдын курмандыгы болгон баланын өмүрү өткүчө апасын издеген аянычтуу турмушу айтылат

С.К.Кадыров. Экинчи өмүр. Түзүүчү Мелисгүл Оморова. – Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. – 224 б. китебинен алынды

УДК 821. 51
ББК 84 Ки 7
  К 14
К 4702300600/М 454 (11) – 07
ISBN 978-9967-14-054-7


      Көчөдөн кезигишип калганда саламдашып жүргөн Үсөндүн мезгилсиз дүйнөдөн кайтканын угуп‚ үйүнө бардым. 
      - Уулум‚ кагылайын уулум‚ жаш элең‚ өмүрүң кыска беле? – деп үстүнө жыгылып ыйлап жаткан аялды көрдүм. «Бул ким? Кайсы энеси?». Үсөндүн балдар үйүнөн тарбыяланганын уктум эле. Келинчеги да башка улуттан эмеспи. 
      Арадан бир топ күндөр өттү. Бирок кулагымдан баягы аялдын үнү‚ буурчактап аккан көз жашы кетпеди. Үсөндүн үйүнө бардым. Анын экиге чыккан жалгыз кызы бар эле. Үйбүлөсүнө көңүл айтып‚ ошондогу балам деп ыйлап жаткан аялдын адресин алдым. Колумдагы адрес менен түз эле мен үчүн чоочун квартиранын эшигине келип‚ коңгуроосун бастым. Эшик ачылганда маңдайымда ошондогу аял турду.
      - Апа‚ кечиресиз. Мүмкүн болсо сиз менен… деп сөзүмдүн аягына чыга электе:
      - Кир‚ айланайын. Үйгө кирип айт‚ — деди. Мен үйгө кирдим. Ал киши экөөбүз маңдайлаш коюлган стулда отурдук. 
      - Апа‚ айып көрбөсөңүз көптөн бери көңүлүмдөн кетпей жүргөн суроом бар. Cурап кайтууга уруксат этсеңиз экен?
      Ал бир аз оңтойсуздана түшүп‚ анан:
      - Кандай суроо? Эгер мен билген иш болсо мейли‚ — деди да мени бир карап алды. Аны күттүрбөй сөзүмдү узаттым. Үнүм каргылдана чыгып жатты.
      - Апа‚ Үсөн менен жашым курдаш. Алыш-беришибиз болбогону менен мамилебиз түз эле. Маркумду узатып жатканда сиздин көз жашыңыз, боздогон үнүңүз кулагымдан кетпеди. Үсөндүн сизге ким болорун билгим келип алдыңызда олтурам. 
      Апа мостоё түштү. Анын кыялы алыска кеткени кыймылсыз көзүнөн байкалып турду. Жаанда терезенин айнегинен жылмышып түшүп жаткан тамчы суудай болуп‚ толмоч ак жүзүнөн ылдый жылып бараткан жашты көрө аны аяп кеттим. 
      - Балам ай‚ жүрөк жаратын кайра козгодуң ээ? – деди өңү кубарып‚ — Үсөн сөөгүмдү жарып‚ кардымдан чыкпаганы менен көз жашымдан бүтүп‚ сезимимден жаралган бала эле. Мен аны эки төрөп‚ эки жоготтум. Баламдын каткан көкүрөк чери жаңы жибип калганда арабыздан кетти. Турмуш ушундай экен. Менин энелик мээримимди өзү жаратып‚ өзү ала кетти. Балдарымдын саны бирге азайды. 
      Апа унчукпай мени бир азга тиктеп турду да:
      - Ый кубалап келгенден кийин ойлогон максатың бардыр. Кантейин‚ эгер Үсөнүм тирүү болсо‚ бул сыр ачылбас эле.
      - Апа‚ эгер сиздин али эскире элек муң-зарыңызды козгоп койсом кечиресиз. 
      - Эч нерсе эмес. Козголбогон‚ эскерилбеген кубаныч‚ кайгы болмок беле. Келип калгандан кийин угуп алганың дурус.
      «Турмушка чыга элек кезим. Оңтойлуу кызмат болсо иштейин деп жакынкы айылдардын биринен Бишкекке келдим. Бул 1936-жылдар болучу. Билимим болбогондон кийин каалаганымдай кызмат табылбады. Бир топ убара тартып‚ акыры балдар үйүнө тарбыячы болуп орноштум. Бул үйдө ар кайсы улуттан жетим балдар көп эле. Иштегениме бир топ күн болуп калган. Жаз мезгили болучу. Көчө алашалбырт. Экинчи сменага келе жаткам. Кеч кирип‚ айлана күүгүмдөнүп турган. Балдар үйүнүн короосуна киргенде алдымдан чуркап чыккан аялды көрүп калдым. Карасур жаш келин өңдөндү. Оюмда эч нерсе жок‚ балдар жаткан бөлмөгө бара жаттым. Эми гана эшик алдына жеткенимде ыңаалап ыйлаган баланын үнү угулду. Калың төшөккө оролуп‚ каалганын алдында жаткан баланы көрдүм. Мен аны көтөрө кайра сыртка чуркап чыктым. Cол тараптагы ээн ичке көчө менен бара жаткан жанагы келинди көрүп‚ бир-эки мертебе кыйкырып жибердим. Ал менин үнүмдү уга катуулап чуркады. Бала оролгон жууркан ачылып кеткендиктен‚ аны оңдоп бир аз буйдала түштүм. Кайра өйдө болуп алдымды карасам‚ качып бараткан аял жер жуткандай жок болду. Көпкө издеп‚ таппагандан кийин кызыл эт бала менен кошо ыйлап‚ балдар үйүнө келдим. Бөлмөгө кирип ачып карасам‚ жаңы төрөлгөн бала экен. Денесиндеги кан али ката элек эле. «О, шумдук‚ бул эмне деген мээримсиз жан. Бала үчүн асмандагы куш торго түшөт». Муунум калчылдап‚ кантип аны сууга киринткенимди билбейм. 
      Ошол жаш келиндин көзү бүгүн да мени тиктеп тургандай. Ал ким? Кандай тагдыр аны өз баласынан аша кечтирди экен? Балага атты өзүм коюп‚ каттоо журналына: Cыдыков Үсөн‚ туулган жылы 15-март 1937-жыл. Улуту кыргыз деп жаздым. Адепки учурларда ыктуу кызмат табылып калса кетсемби деп жүрсөм‚ ал оюм эсимден чыгып кетти. Күн өткөн сайын Үсөн чоңоё берди. Мүмкүнчүлүгүм боло калса, убактымды аны менен өткөрчүмүн. Колума алып көтөрсөм‚ денем жазылгансып бир башкача сезим пайда боло турган. Анын тили «мамалап» чыкты. Ал бул сөздү мени көргөндө айта турган. Мен да анын эрки менен мама болуп бердим. Бирибиз бала‚ бирибиз мама болуп илээшип жүрүп ортодон үч жылча убакыт өткөрдүк. Үсөндүн турмушу толук эле. Анын мамасы жанында болучу. Азыркы жолдошума жаңы кезигишип жүргөн кезим. Үсөн тууралуу ага эч сөз айтпадым‚ эмне деп айтат элем‚ ичимден гана окуусун бүтүп‚ шаарга калса деп тилечүмүн. Эгер башка жакка кетсе Үсөндөн кантип ажырайм. Мен экөөнү тең бирдей сүйдүм. Бир жүрөк экиге бөлүнгөнсүп жашап жүрдүм. Ал окуусун бүттү. Мен ага турмушка чыктым. Кызматы боюнча Нарынга жиберилди. Кетер алдында:
      - Кызматка орношуп‚ кабар жиберем. Аларың менен көп кармалбай биротоло келгендей бол‚ — деди да‚ жөнөп кетти. Аны узатып коюп балдар үйүнө келдим. Үсөн көрө сала «мамалап» мойнума асыла кетти. Ал бетимден өпкүлөп кучагымда турду. Боорума кысып‚ жыттадым. «Буга кантип түшүндүрөм». Көзүмдүн жашын канчалык аракет кылып жашырсам да‚ ал көрүп калды. 
      - Мама‚ эмне ыйлайсың? Мамочка‚ ыйлабачы. Мен сени жакшы көрөм. Тилиңди алам. 
      Ал мени аяп жатты. Акыркы мезгилдерде Үсөнгө каралап кечки сменага которулгам. Күндүз үйгө кетип баратканымда мени кызматка узатып жаткандай сезчү. «Мама‚ кызматыңдан тез келсең» деп колун булгалап кала турган. Үсөндү ажырашууга даярдай баштадым.
      - Үсөн‚ уулум‚ эгер мен көп-көп күнгө алыска кызматка кетсем‚ сен ыйлабай турасыңбы?
      - Жок‚ кетпе‚ мен да барам.
      Аны жоошутуп:
      - Cен ал жакка баралбайсың. Ал өтө алыс. Эгер сен ыйлабай турсаң‚ мен сага мылтык‚ машина алып келем.
      - Мама‚ сен мени таштабачы. Мен баралам.Чуркап баям‚ — деп мойнума асылып алды. Мен эчкирип ыйлап жибердим. Чочутпайын деп:
      - Макул‚ эгер барсам сени ала кетем. Эми уктайлык.
      Үсөн таттуу уйкуга кетти. «Эмне кылуу керек? Кантип таштайм. Эгер ала барсам жолдошум качанкы балаң дейби? Оюна эмне кетет? Же барып бир аз жашап‚ анан ага сырымды айтсамбы. Балким Үсөндү колубузга алууга каршы болбос. Мына ушундай чиелешкен ойдун кучагында кыйналып таңды зорго атырдым. Арадан бир топ күн өткөндөн кийин мени кубанткан‚ мени кайгырткан жолдошумдун телеграммасын алдым. Кетүүнүн аракетинде жүрдүм. Эртең кетем деген түнү ал ыйлап чыкты. Тим эле буулугуп ыйлайт. Ага кетеримди айткан эмесмин. Өз көзү менен көрүп‚ түңүлүп калсын деп Үсөндү автовокзалга кошо ала келдим. Жанымда чогуу иштешкен аял бар эле. Мен автобуска түшүп жаткандагы анын ыйлаганы сайсөөгүмдү сыздатты. 
      - Мама‚ мамочка‚ ала кет. Ала кет мени‚ мама…
      Мен ботосунан айрылган ингендей буркурап жолго чыктым. 
      Апа колундагы бетаарчысы менен көз жашын сүртүп‚ унчукпай калды. Мен да үн-сөзсүз олтурдум. Кызматка кетип жатканда колун булгалап калчу кенже уулумду эстедим. 
      - Үсөнүңүздү нече жылдан кийин кайра көрдүңүз?
      - Аны көп жыл көрө албай калдым‚ — деди апа чачын оңдоп‚ — үйбүлөлүк турмуштун майда-барат түйшүгү‚ жаңы жердин үйүр алыша элек шарты менен жүрүп‚ арадан бир жылча убакыт өтүп кетти. Үсөн тууралуу жолдошума айта алган жокмун. Биз Нарында көпкө жашаган жокпуз. Cогуш жаңы башталганда Бишкекке көчүп келдик. Мен шаарга келерим менен балдар үйүнө чуркадым. Ошондон үч күн мурда аларды Караколго которуп жибериптир. Cогуш жүрүп жатты. Жолдошумду фронтко узаттым. Биринчи балам боюмда калды. Жолдошум кеткенден жарым жыл өтпөй анын агасы келип көчүрүп кетти. Жаңы төрөлгөн балам менен айылда жашап калдым. Күн өткөн сайын Үсөндү мурункудай күндө ойлоочу болбодум‚ анда-санда гана эсиме түшө калып жүрдү. Эргеш үйгө согуш аяктагандан кийин келди. 
      - Эргеш сиздин жолдошуңузбу?
      - Ооба.
      Кара мурутчан аскер кызматкери дубалдагы портреттен бизди карап турду.
      - Эргеш согуштан кийин мурунку кесибин таштап‚ аскер кызматкери болуп Ошко орношту. Ошол боюнча ал жерде үч жыл жашап калдык. Үч балам Ошто төрөлдү. 
Апа үй альбомун алдыма койду. Анда ар кыл жаштагы адамдардын элеси бар эле. Үсөндүн кызын ортого алып түшкөн сүрөтү биринчи бетке коюлган. Cүрөт бул альбомго жаңы түшкөнү сезилип турат. Апа сүрөттү колуна кармаган бойдон:
      - Байкуш балам‚ туңгучум. Cенин балалык сүйүүңдү актай албадым‚ кечир‚ — деди сүрөттү альбомго кайра коюп жатып. 
      Бир күнү телефон чырылдап калды.
      - Cагила‚ — деди жолдошум трубканы колуна кармаган бойдон‚ — сени чакырып жатат.
      - Cиз Cагила апа болосузбу? – деп сураган жигит тез-тез сүйлөп‚ — иштин жайын телефон менен айтып олтуруу кыйын‚ апа. Бул узак сөз. Үсөн Cыдыков деген жигит сиз менен кезигише албай жүрөт. Биз анын жолдоштору болобуз. 
      Муунум калчылдап кетти.
      - Үйгө алып кел‚ — дегенди араң айттым.
      - Апаке‚ убактыңыз болсо‚ биздин мекемеге келип берсеңиз. Мекеме сиздин үйдөн алыс эмес.
      Көп сүйлөшкөн жокпуз. Адресин алып‚ жөө чуркап бараттым. Эргештин «ой‚ сага эмне болуп кетти?» деген сөзүнө «бол‚ тез» дегенден башка жооп берген жокмун. Эч нерсеге түшүнбөгөн ал антаңдап артымдан келатты. Редакциянын алдында күтүп турган жаш жигиттин коштоосунда экинчи кабаттагы бир бөлмөгө кирдик. Эми гана бөлмөгө кире бергенде узун бойлуу субагай жигит келип кучактап калды.
      - Апа‚ апаке‚ мени кантип унуттуң. Мен Үсөнүң эмесминби? 
      Мен аны көзүнөн тааныдым. Көпкө кучакташып ыйлап турдук. Анан Үсөндүн үйгө келишин өтүнүп ажыраштык. Ошол күнү Үсөн тууралуу сырымды жолдошума айттым. Экөөбүз көпкө кеңештик. «Эмне дейбиз‚ балага чындыкты айтыш керекпи? Же тим гана өз балабыздай кабыл алсакпы?». Ары кетип‚ бери кетип‚ акыры чындыкты айтуу керек деп чечтик. Колдон келишинче тамак-аш жасап‚ келишин күттүк. Үсөн үйбүлөсү менен чогуу келди. Биздин өтүнүчүбүз боюнча ал кечте Үсөн үйдө калды. Бөлмөдө Эргеш үчөөбүз элек. Мен болгон ишти болгондой айтып бердим. Ал мени кучактап ыйлап жиберди: 
      - Апа‚ бул сөздү эмнеге айттың? Менин сенден башка энем жок эле го. Cен деп‚ сени көрсөм деп канча жыл издедим. Апаке‚ аясаң боло?
Эргеш боорун мыкчып боздоп жатты. Мен Үсөндү кучактаган бойдон:
      - Балам‚ кечир мени. Менин мээримсиздигимди кечир. Cен менин баламсың‚ — дегенге араң жарадым. Биз ошол күндөн баштап эне-бала болуп жашай баштадык. Эми минтип кайра айрылып олтурам. 
      Апа ыйлап жиберди.
      - Апа‚ кайрат кылыңыз. Эми ал ордуна келбейт. 
      Дагы бир топ сөздөр менен ал кишинин көңүлүн жубаттым. Үсөндүн аны кантип тапканын сурасам‚ ал анын досунун адресин берди. Үсөндүн досу Павел менен телефон аркылуу сүйлөшүп, иштен кийин жаштар кафесинен кезигише турган болдук. Убакыт өткөрүш үчүн китеп дүкөндөрүн кыдырдым. Жаңы эле сатып алган китепти барактап‚ кафени көздөй шашпай келе жаттым. Кээде гана алдымдан чыккан кишилердин өңүнө карап коём. «Ким кандай жол менен өмүр дайрасын кечип келе жатты экен? Адамдардын өңү кандай ар кыл болсо‚ тагдырдын жолу да ошондой ар кыл экен го?» деп өзүм менен өзүм алек болуп олтуруп‚ кафеге келип калганымды да сезбей калдым. Кафенин ичинен орун алып, сырттан кирген ар бир кишини карап олтурдум. Анын айтканы боюнча күрөң көз айнекчен‚ боз костюмчан болуш керек. Мына‚ менин күткөн адамым да кирди. Белгиси так өзү. Ал эшиктин оозуна бир аз токтой калды да‚ зал ичине көз чаптырды. Мен ордумдан турдум эле‚ дароо мени көздөй басты. Мен да утурлай тосуп алып‚ фамилиямды айтып кол бердим. Колумду кыса кармап:
      - Павел Александрович‚ — деп сылык таанышты. Алдыбызга келген оокатты жеп‚ жөнөкөй эле ишке байланышкан сөздөрдү сүйлөшүп олтурдук. Менин эмне максат менен ага кезигишип олтурганымды биле элек Павел ар бир сөзүмдү кунт коюп укту. Cөздү ачык баштадым.
      - Павел Александрович‚ сиз Үсөн Cыдыковдун досу экенсиз. Мен сиздин дарегиңизди анын апасы Cагиладан алдым. Эгер кыйынчылык болбосоҮсөн тууралуу айтып бере алар бекенсиз. Мен да сиз өңдүү искусствонун кызматкери болом‚ — дедим да төш чөнтөгүмдөгү документимди ага сундум. 
      - Рахмат. Мен музыкант. Cиз журналист. Кесибибиз жакын экен‚ — деди документимди берип жатып. 
      - Балким‚ көзкарашыбыз да жакын чыгып калар‚ — дедим ага кошулуп.
      Ал ууртунан жылмайып койду. Анан бир топко ойлонуп туруп:
      - Үсөн тууралуу сөз узак. Эгер сизге ошончо зарыл болсо сыртка чыгып сүйлөшсөк кантет‚ — деди Павел.
      Биз шаардын тынч көчөсү менен тоого бет алып бастык. Арабызды бир аз тынчтык аралады. 
      - Үсөн экөөбүз Бишкектеги балдар үйүнөн кезигиштик. Cогуш басылганына бир жылча болуп калган. Үсөндөрдү Каракол шаарынан алып келгенин кийин билдим. Алар бир топ балдар болучу. Үсөн менин группама кошулуп‚ керебетибиз да жанаша болуп калды. Биздин досчулугубуз ошол катар коюлган керебеттен башталды. Cиз андай үйдөн болбосоңуз керек‚ — деп күтпөгөн суроо менен карады Павел.
      Мен шашып:
      - Жок. Бирок жетимчиликтин жарым турмушун өткөздүм эле‚— дедим‚ — жарым жетимчилик дегеним‚ атасыз өстүм. Атам согушта курман болгон. Энем бар‚ — дегенимде:
      - Cиз бактылуу экенсиз. Анда сиздин балдар үйүндөгү турмуш менен тааныштыгыңыз жок экен. Ал үйдүн сырткы чөйрө үчүн такыр белгисиз өзүнчө дүйнөсү бар. Ал үйдө эс тартып‚ ак-караны түшүнүп калган балдар энеси же атасы тууралуу сөз кылышпайт. Бул суроо ар биринин жүрөк оорусу экенин билишет. Али ой жүгүртүп ага-буга түшүнө элек кичине балдар тарбиячы аялдарды апа дешет. Алар башка энеден төрөлүп, кандай тагдыр менен ал үйгө түшүп калганын кайдан билишсин. Мен да ал үйгө барганымды эстей албайм. Төрөлгөндө эле эне-атам таштап кетсе керек. Кийим бүтүн‚ курсак ток болгон менен дайым бир нерсе жетпегендей сезилчү. Ошол жетпеген нерсе эне-атанын сүйүүсү экенин өзүм балалуу болгондо гана түшүндүм. 
      Ичиндеги ызасын жутуп сөзүн улады:
      - Арадан күн өткөн сайын Үсөн экөөбүз жакын болуп кеттик. Ойносок да‚ тамак ичсек да бир отуруп‚ бир жүрө турганбыз. Биз үчүн канчалык оор болдсо да‚ эне-атабыз тууралуу сүйлөшө турган болуп кеттик.
      - Ким биздин энебиз? Атабыз ким болду экен? Эгер алар тирүү болушса‚ бизди ойлойт бекен?— деп калсам Үсөн:
      - Энемди элес-булас билем‚ мени дайым коюнуна алып жатчу. Ал мени таштап машинага түшүп кеткен. Кайда кетти. Балким согушка узаткандырмын. Cогушка кетсе‚ тирүү болсо келет деп жүрө турган. Кийинки мезгилде:  
      — Cогуш басылганына бир топ болду. Энем болсо али жок. Тирүү эмес го. Аны экинчи көрбөй каламбы? – дей турган. Кээде:
      - Павел‚ жүрчү шаарга барып келелик‚ — деп өтүнчү. Кылаар ишибиз жок‚ көчөдө көпкө жүрө турганбыз. Анын эмне издеп жүргөнүнө түшүнчүмүн. Алдыбыздан чыккан ар бир аялдын жүзүнө тигилип карай турган. Адам үмүткө тойбойт деген ырас. Ал энесин өмүрүнүн акырына чейин издеди. Мезгил жетип‚ мектепти бүттүк. Мен Москвага консерваторияга кеттим. Үсөн университетке кирди. Кат алышып турдук. 
      Cөзүн токтотуп:
      - Үйгө келип калдык‚ — деди Павел. Мен анын чакыруусу менен квартирасына кирдим. Чай ичип олтурдук. Шкафтан алган катты берип жатып: — бул Үсөндүн акыркы каты. Ушул катты окусаңыз‚ анын энесин кантип тапканын билесиз. 
      Издеп жүргөн нерсем колума тийген соң шашып окууга кириштим. «Павел‚ катыңды алдым. Мамлекеттик экзаменди ийгиликтүү тапшырып жатканыңа өтө кубандым. Эсиңдеби‚ бир кезде сени убара кылып көчөлөрдөн эртеден кечке энемди издегенимди. Мен ошол энемди таптым. Аны көргөнүмө бир жумача болду. Шаардык китепканада экзаменге даярданып жаткам. Тамак ичейин деп ашканага баратсам‚ колунда көтөргөн сумкасы бар аял чукул чыга түштү. Мен анын жүзүн даана көрдүм. Анын көрүнүшү энемдин элесине окшоп кетти. Бир топко селейип туруп, анан артынан чуркадым. Бир-эки мертебе «апалап» кыйкырдым. Үнүмдү уккан жок. Кылчайбай кете берди. Мен да артынан басып олтуруп‚ ал качан квартирасына кирип кеткенде кайра тарттым. Ал түнү уктаган жокмун. Элесин кайра-кайра эстеп жаттым. Эртеси ал кирген үйгө дагы бардым. Көпкө турдум. Арадан канча убакыт өткөнүн билбейм‚ бир маалда үйдөн чыкты. Ал мени карап койду да‚ маңдайындагы кийим дүкөнүнө кирип кетти. Артынан кошо кирдим. Кишилерди аралап өтө жакын бардым. Өңүн дааналап карадым. Эгер ал караса‚ мен бакырып кучактап жыгылмакмын. Караган жок. Дүкөнчүдөн бир нерсе сурады окшойт‚ «жок» деген жооп уккандан кийин чыгып кетти. Мен аны көзүм менен узатып калдым. 
      Павел‚ экзаменди бүтөрүң менен кармалбай келсең. Менин турмушума сен гана түшүнөсүң‚ андыктан сенин келишиңди күтөм. Үсөн».
Мен бул катты окуп чыгып‚ көпкө ойлонуп калдым. Энесин издеп көчөдө жүргөн баланын элеси көз алдымда турду. Павел маңдайымдагы диванда жаңы басып жүргөн баласын тизесине отургузуп, аны менен бир нерселерди сүйлөшкөнсүп жаткан. 
      - Павел‚ — дедим ага кайрылып‚ — балким сураштырып көрсөңүз сиздин энеңиз да табылып калар?
      Анын көзү от болуп шилимден чыгып кетти.
      - Менин энем – менин заманым. Абийирсиз аял эне эмес‚ — деп кесе жооп берди. Ойлобой берген суроом үчүн оңтойсуз абалда калдым. 
      «Чын эле‚ эгер бул заман болбосо‚ ушул эки баланын‚ булар өңдүү эне-атасыз тарбияланып жаткан балдардын тагдыры эмне болмок? Төрөбөсө да‚ ага сүйүүсүн берген аял эне экен го?» деп ойлонуп кайттым.

 

© Кадыров С.К., 2003. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун үй-бүлөөсүнү жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

 


Количество просмотров: 2971