Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз
© Карагулова Б., 2010. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2010-жылдын 19-июлу

Бурулкан КАРАГУЛОВА

Турмуш – театр

«Жамгыр» жыйнагынан алынган аңгеме. Чыгарма окурмандардын кеңири чөйрөсүнө арналат.

 

Мен үйлөнөм дегенде апам аябай сүйүнгөн. Катуу сүйүнүп койгонбу же кудайдын буйругубу айтор мен үйлөнгөндөн кийин аялым апама такыр жакпай койду. Кордоду, урушту, какшыктады. Аялым баарына чыдады. Кээде жумуштан келсем ыйлап аткан болот. «Эмне болду?» десем «жөн эле» деп күлүп коёт. Ошентип тогуз ай, тогуз күн дегенде аялым кыз төрөдү. Төрөт үйүнөн келээри менен апам чыр чыгарды. «Боюнда келген турбайбы мунуң. Жогот кокуй, мындай касамды! Сенин башыңы айлантып тийген турбайбы» деп мага да кыйкырды. Келинчегим бечара төрөп келгенден бери эс албайт. Белине жука жоолук байлап алып, иш кылганы иш кылган. «Катуу басса таскак, акырын басса аксак» атка конду. Кичине эле ооз ачып сүйлөп же күлүп койсо балээге калат. Ушуну аяп жумуштан эрте келем. Тиричиликке кол кабыш кылып, кичине эле жардам берип койсом анда өлдүм. «Сен катынсааксың, катынсырап жумуштан эрте келесиң. Түндө койнунда жатканың аздык кылып жатабы? Жардам бербей эле кой, кыйын болуп» деп кулак мээни жеп салчу болду. 

Мен жокто «сен боозуп келгенсиң, кыз биздики эмес. Кызыңды алгын да жолуңа түш! Балама он сегизге толо элек кыз алып берем» деп сыртка чыгарып коюптур. Келсем кемегенин башында ыйлап отуруптур. Угуп алып аябай кейидим. Апам менен уруша турган болуп колунан жетелеп «жүрү үйгө» десем «урушпай эле кой, турмушта мындай боло берет. Дагы бир бала төрөгүчө коё туралы» деп аялым мойнуман кучактап өөп койду. Ушундай жароокер, акылдуу аялым апама гана жакпай койду. Кызым талпынып чоңойгон сайын өзүмө окшошуп баратты. Апама көрсөтпөй баса калып жыттайм. Мага окшоштугун байкаган апам эми «боозуп келгенсиң» дегенин айтпай калды. Кайсы бир күнү жумуштан кармалып, кеч келсем аялым дагы ыйлап атыптыр. Эмне болгонун дароо түшүндүм. Кызымын тили чыгып чулдурап сүйлөп калган. «Апа маманы уйду» деди жанына келип өпсөм. Аялымы кучактап, «олдо, кургурум ай! Сага убал болду го, эми кантсем» деп өпкүлөсөм, эрээркеп ого бетер ыйлады. Аябай боорум ачып, өзүм да кошо ыйладым.

Апам келинчегимин курсагы кичине домпойгонун байкап калып, «сен дагы боозуп калгандан соосуңбу,ыя? Эрсиреп араң турган неме окшойсуң? Келген эле күнү боюңа бүтүрсөң. Эми кызың бирге чыкпай жатып кайра дагы боозусаң бизди кууратасың го, шерменде» дептир. Өмүрү жооп кайтарбаган келинчегим «койгулачы, апа» деп ийиптир. «Эмне? Ыя де? Сага тил бүтүп калдыбы ыя? Тил бүткөн андай болбойт, мындай болот» деп токмоктоп салыптыр.

Биз түнү менен сырдашып, эмне кылышты пландаштырып чыктык. Таң атпай туруп досумун үйүнө барып, болгонун болгондой айттым. Мындан ары эмне кылыш керектиги жөнүндөгү планымы айтсам, досум каткырып күлүп кубаттады. Экөөбүз машина алып үйгө келдик. Кийим-кечелерин таңып даярданып отурган келинчегими төркүнүнө жеткирем деп машинага салып алып, досумун үйүнө алып келдик. Ал түнү мен да түнөп калдым. Эртеси ишемби болчу. Жекшемби күнү да түнөп, биринчи күнү жумуштан кийин үйүмө келсем, апам «ии, кайын-журтуң тай союп коноктоп аттыбы?» — деп какшыктады.

— Жок ошол эле күнү келгем. Жолдон соттун кызына жолугуп калдым. Мурда сүйлөшүп жүрчүбүз. Үйүнө алпарып ата-энеси менен тааныштырды. Алар аябай коноктошту. Такыр кетирбей коюшту. Мен үйлөнгөнүмү жашырып койдум — дедим. Апамдын көзү алайып калды.

— Койчу, чынбы? Соттун кызы болсо алам дебейсиңби анан — деди энтигип.

— Алам дедим.

— Анда алып кел, тиги келесооң келип калбайбы?.

— Жок, апа, келбей тургандай кылдым.

— Туура кылдың, мелтирейт эле, мелтирейт. Сүйлөп атсаң да жооп бербейт. Андай тултуктун кереги жок. Бирок небереми сагынар бекем. Соттун кызы кандай неме, ошону айтчы? -деди.

— Оо, ал мындай жоош эмес, шустрый.

— Ошонусу жакшы, эртең эле алып кел.

Биз базар күнү уйду сатып, дүйшөмбү күнү үйлөнмөк болдум. Уйду апам айткан суммага досум экөөбүз барып сатып келмек болдук. Уйду жетелеп барып сатпай эле досумун кайнагасынын үйүнө байлап койдук. Ал малына кошуп бага бермей болду.

Дүйшөмбү күнү макулдашылган боюнча досумун балдызын ала качып келдик. Апамдар боорсогун, момпосуйларын «жаңы келиндин» үстүнө чачып жадырап, жайнап тосуп алышты.

— Ой, прекратите, что это такое? — деп «жаңы келин» чачыладан башын калкалады.

— Бизде ушундай айланайын! Кыргыздын салты болот чачыла деген — деп апам бөжүрөйт «соттун кызына».

— Жок, жок! Мага «кыргыз салт» не нужен, мен орусча тием. Комсомольский свадьба жасайбыз.

— Ооба, айланайын, комсомолуңду өткөрөм. Ага чейин жоолук салайын. Жүгүнүп кой, алдыңа кетейин, кел бетиңди тос.

— Мен жоолук салынбай эле отурам мамаша. Не переживайте! Биз досторубуз менен бийлейбиз. Музыку! –деп «келин» тайраңдап кошо келген күйөөсүн сүйрөп бийлеп жиберди. Апам чыгып кеткенде досум балдызына:

— Сен оюнду бузба да. Өзүңүн күйөөң азыр аяшың болот. Турдубек күйөөң экенин эсиңен чыгарбагын деп эскертип атса балдызы Гүлсина:

— Бул байкенин атын унутуп калыптырмын, -дегенде баарыбыз кыраан-каткырык салдык. Бүт баары план боюнча келатты.

Түн бир оокумда салтанат аяктап, конокторду узатып атканда Гүлсина:

— Мамаша, мен күйөөмү биздин үйгө алып кеттим. Комсомольский свадьбага чейин биздин үйдө жашайбыз! Чау! – деп машинага отурса апам чуркап барып:

— Кагылайын, кой антпе! Андай салтта болгон эмес. Келин деген биринчи түндү күйөөсүнүн үйүндө түнөш керек, — деп күйпөлөктөп калды.

— Салтты урганым жок, мамаша!

— Кой антпе, андай бейадеп болбо?!

— Сиз мага нотация окубай эле коюңуз. Менин айтканым закон. Эгер көнбөсөңүз папама чалып, милиция чакыртып сизди каматтырам, поняла? — деп эки бөйрөгүн таянып туруп калса апамын сөзү оозунан түшүп:

— Чын эле… ооба, туура айтасың. Мейли эми — деп кала берди.

Биз узап баратып аябай күлдүк. Кайра эртеси досумун үйүнөн чогулуп, ошол эле машина менен үйгө келдик.

— Во-от мамаша, билип кой. Папамдар суббота күнү ресторандан той өткөргүлө деди. Ошол жерден папамдардын алдына түшөсүңөр. Азыр тойдун акчасын бериңиз — деп «жаңы келин» апамды дикилдетти. Шашып кеткен апам:

— Акча Турдубекте — деп ийди.

— Кана? –деди мени карап. Мен:

— Машинада, -дедим.

Кеттик анда, биз кечинде келебиз мамаша, үйдү жыйнап, тамак жасап коюңуз, — деп «жаңы келин» мени колтуктап сыртка чыкты. Апама аябай боорум ооруп кетти. Мага бир нерсе айтайын деп умтулуп барып, айталбай байкуш болуп туруп калды. Ал уйдун акчасын сурайын деген.

Ошо менен эртеси кечинде келдик шарактап. Апам мени кантип бөлүп алып сүйлөшөрүн билбей кыйналды. «Жаңы келиндин» көзүнчө айткандан коркту.

Акыры «Турдубек, бери келчи. Сени сыртта бирөөлөр чакырып атат го?» деп мени чакырып чыкты. Ишенип мен да атып чыгыпмын. «Кана?» десем, «бери жүр» деп сарайга киргизди.

— Ой, мунуң бир болбогон неме го кокуй. Жогот тезирээк. Үйлөнбөй атып эле мойнуңа минип алыптыр. Кийин кантет? –деди апам үнүн акырын чыгарып.

— Айтпадым беле «шустрый» деп. Беркини жоош деп жактырбасаңыз, деги кандайы жагат сизге? –деп кейимиш болуп койдум.

— Токтот баарын, азыр токтот! Кирип аялым, балдарым келип калды де…

— Келбесе делеби?

— Келет. Бүгүн түндөп барып өзүм алып келем. Астына түшөм, кечирим сурайм. Эми келиними төбөмө көтөрүп, айтканы менен болом.

— Уйдун акчасын да алып алган да.

— Мейли берип сал.

— Атасына айтып камап салсачы мени?

— Оозуңу шамал учурсун! Койду да сатып акчасын берем. Иши кылса жогот. Көзүмө көрсөтпө, мындай бейбакты.

— Койду сатсаңыз келиниңиздин алдына кантип түшөсүз. Мен атасына «кызыңды талак кылдым» деп салгам да.

— Козуну, эчкини улагы менен берем. Карыздайм. Бутуна жыгылып ыйлайм. Босогосуна жатып алам дегиче «жаңы келиндин» мени издеп кыйкырганы угулуп калды.

— Бар жөнө, азыр кетир! Мунуңу желкемдин чуңкуру көрсүн. Өзүмүн келиним эле жакшы. Келиндин баскан изинен айланып кетсин соттун кызы. Жөнө, жөнө, -деп апам мени түртүп чыгарды.

Үйгө кирип кыскача айтканга үлгүрдүм да мындан аркысын пландаштырып ийдик. Каалганы жаап көпкө чейин үнүбүздү чыгарбай отура бердик. Тынчы кеткен апам баш багып карап коюп кайра чыгып баратканда «жаңы келин»:

— Эй жезкемпир кайнене, иди сюда. Толикти эмне деп бузгансың, ыя, аялым келип калды деп атат го? — деп жулкунуп ордунан турду.

— Ооба айланайын, ажырашып кеттик деген. Кайра келип калыптыр.

— Кана көрсөт, мен аны азыр өлтүрөм! Жейм, жутам, кана? –деп дасторкондун үстүнөн бычакты алып жулунганда апам бакырып качып жөнөсө болобу. Кайра өзүмүн эсим чыгып кетти. «Жаңы келинди» ушинтип жулкундурган бойдон анын кошо келген күйөөсү экөөбүз эки колунан кайрыган болуп, сүйрөп машинага алып келип салдык. Досум «кой эле кой» деп артынан түртүп келди. Машина узап-узабай боорубузду тырмап күлдүк.

Бул окуядан бир жума өткөндөн кийин досторум менен барган болуп аялымы алып келсем, апам кызым экөөн өпкүлөп, үстүнөн суу тегеретип чачып, кастарлап тосуп алды. Кайра-кайра келининин колунан өөп кечирим сурайт. Арадан дагы бир жума өткөндө уй сатып келебиз деп барып, өзүбүздүн уйду жетелеп келсек апамдын көзү алайып, оозу ачылып калды.

— Апа, атамдар өзүңөрчө түтүн булатып, уй сатып алгыла деп берген акчага сиздин уюңузду кайра сатып келдик — деди аялым.

— Оозуңа май айланайын! Эми бул уй меники эмес сеники. Там-ташым, тапкан-ташыганым, бар мүлкүм баары сеники! Садага болоюн, мен кулуң болуп эле жүрө берейинчи.

Ошондон кийин апам келинине өйдө карап сүйлөбөйт. Небересин жонунан түшүрбөйт. Театр деле турмуштан алынат эмеспи. Ушул кыскача спектаклден кийин үйүбүз бейпил, кулак тынч, мээбиз жайында. Апам кадимкидей токтолуп, оор басып калды. «Соттун кызын» эстегиси да келбейт – деп сөзүн бүтүрдү Турдубек.

 

Китептин бүт жаздыруу

 

© Карагулова Б., 2010. Бардык укуктар корголгон
    Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

 


Количество просмотров: 2023