Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2010-жылдын 19-июлу
“Бактысыз” бакыт
«Жамгыр» жыйнагынан алынган аңгеме. Чыгарма окурмандардын кеңири чөйрөсүнө арналат.
Мен түрмөгө келдим. Ным жыттанган камеранын ичи. Адегенде адам өлтүргөн Айтыкул менен сүйлөшүп көрөйүн дегем. Бирок негедир ал киши менен сүйлөшкөндөн чочуркап, өзүн “бактысыз Бакытмын” деп тааныштырган көздөрү ботодой жайнаган баланы сөзгө тарттым:
— Бул окуя борбордо эле болуп өткөн, эже. Шаарга биринчи жолу келишим болчу. Көчөдөн эле таанышкан бала менен жакын дос болуп кеттим. Ал досумун досуна тез-тез барып жүрүп, алардын шайкасына кирип кеттик. Кантип кирип кеткеними өзүм да билбей калдым.
Үйлөргө уурулукка киребиз, адам тонойбуз, кээде өлтүрүп коюшат, машиналарды айдап качышат. Банданын шефи арык, кичине болгону менен күчтүү болчу. Ал менин сөөк-саактуу көлөмүмү көргөндө эле сүйүнгөн. Бара-бара иштин татаал жерин мага бөлүштүрө баштады. Ушундай ыплас иштерине көңүлүм чыдабай, иренжий бердим.
Бир түнү «крупный кража» жасадык. Кражадан чыгып шефтин үйүнө келип уктап калгам. Эртең менен уурдалган буюмдарыбызды бөлүштүрүп алып, квартирама келатсам чак түштө эле милиция кармап алды. Мени эле күтүп турушкансып экөө алдыман чыга калып:
— Документиңди көрсөт – дешти.
— Эмне дейсиз, документимби? – демиш болдум.
— Түндө кража болуптур, сендей жаш балдар түрктөрдүн үйүн уурдашыптыр. Ошолорду издеп жүрөбүз.
— А-а – деп билмексен болдум, дал үстүмөн түшүштү, себеби биз киргенбиз да ал үйгө. Колумда чоң сумка, ичинде видеомагнитофон, кол саат, илме саат, жаңы туфлилер аялдыкы, эркектики. Магнитофон кассеталары менен жана алтын шакек, сөйкөлөр бар болчу. Сыр бербемиш болуп:
— Документтерим үйдө эле да – деп сумкамы жерге койгондо бирөөсү ары басып барып дагы бирөөнүн документин текшерип калды.
— Үйүң кайда?
— Тигине, — деп ачык турган эшикти көрсөтүп койдум.
— Жүр, чогуу барабыз.
— Жо-о, өзүм эле алып келе коем, сумкамы карап туруң а? – дедим.
— Жөнө, тез кел – деди аңкоо милиционер.
Мен ачык турган чочун үйдүн дарбазасынан кирип, кийинки башка көчөнү караган эшигинен «зып» койдум. Эки жагымы карасам эч ким көрүнбөйт, спутниктин ылдамдыгындай эле учтум окшойт. Бул окуя «рабочий городоктун» «Люкс» деген аялдамасында болгон.
Аңкоо милиционер ошол жердеги опорный пунктта иштейт окшойт, званиеси сержант болсо керек эле. Кайра сумкамы издеп барган жокмун, милиционер аябай таң калды болуш керек. Ичим ачышкан жок, кайра кутулуп чыкканыма сүйүндүм. Люкска жакын жерде квартирада турчумун, ал жакка да барбай койдум.
Мен бул шайкадан кантип чыгып кетерими билбей башым катты. Бул жакка киргенден кийин тирүү чыкмай жок, же түрмөгө түшөсүң, же өздөрү колдуу болосуң. Аларга милицияга түшкөнүмү, мени издеп жүрүшкөнүн, айылга кетип калышым керектигин айтып кобурадым. Кээ бир иштерине катышпай, өзүмү оолак кармаганымы байкап калышты.
Ошол акыркы түн болчу. Операцияга баратабыз деп алпаратышкан, көрсө иш башкача экен. Алардын мага кол сала турганын баягы досумун досу шыбырап койду. Ыгын таап, токтогон жерде качмай болдум эле кармап калышты. Чоң мушташ башталды, алар бешөө, мен жалгыз. Тапур-тупур, барча-барч, башың кана, көзүң кана демей жок, кимиси туш келгени чоң муштум менен согуп же өзөртө тээп атышат. Мен моюн берген жокмун, экөөнүн эсин оодара жыктым, бирөөнү сулата тептим. Мушташканды да өздөрү үйрөтүшкөн. Эптеп кутулуп чыгып качсам, кууп жөнөштү.
Алардын бирөөсүнөн эле чочулап тургам, себеби ал менден күчтүүрөөк болчу, ошол гана мени катуурак муштап аткан. Оңдой берди болуп, ал машинага чуркады, машинасына жеткиче мен бир топ узап кеттим. Бурулуштан кайрылганда бир үйдүн короосуна секирип түштүм. Артыман келатышкандар топурап өтүп кетишти. Мен бурчтагы короонун чети менен өтүп, артка чегинип үчүнчү үйдүн жыгач кепесине кирип кеттим. Алар да көп узабай токтоп калышты. «Алыс узаган жок, ушул эле арада» деп жанагы короого киришкендей болду. Иттер ажылдап, алардын шайын кетирди. Үйдүн ээси орус экен бакырып-сөгүнүп чыкты эле аны коркутуп-үркүтүп үйүн тинтип чыгышты окшойт.
Айтор ызы-чуу эле болуп атты. Мен кирген кепенин ээси «милицию надо вызывать» деп аткан. Тигилер машинесин бипилдетип, үнүнүн барынча кыйкырышат: «Баха, оюн бүттү, чык, сынаганбыз сени, болду эми достошобуз» деп. Менде жан жок. Булар милициялар келгенде тынчып калышты. Хозяин кепенин эшигин таңкылдатып атты, мен дем чыгарбай бурчка тыгылып отурам. Кеткенге болбойт, алар сөзсүз аңдышат. Таң агарып баратканда чыгып кетейин деп эшикти түртсөм артынан бир нерсе сүйөп ачылбай тургандай кылып салыптыр. Эгер күчкө салып ачсам хозяин ойгонот да ызы-чуу башталат. Эмне кыларымы билбей башым катып отуруп, уктап калыпмын.
Каздын каркылдаганынан ойгонуп кетсем таң атмак түгүл кеч кирейин деп калган экен. Эшик ошол бойдон жабылуу турат. Түн кирип тынчып калганда эшикти күчкө салып түртүп чыктым да кайра өзүндөй кылып устун жөлөп койдум. Дубалга чыксам сыртта тынчтык мемиреп туруптур, секирип жолго түштүм. Ал жол каякка алпарса ошол жакка кете бердим.
Жолдун аягы үч кесилишке алып келип такады. Сол жагы шаарга алпарат, оң жагында эч бир таанышым жок, маңдайымдагы жол микрорайонго кетет. Ошол микрорайондо жакшы тааныган жердеш эжем жашайт. Ал өтө боорукер, жапакеч, сулуу эже эле. Эшигин тыкылдатсам ачты да мени көрүп чочуп кетти:
— Ким менен келдиң, эмне болду,тынччылыкпы? – деп толгон-токой суроолорду берип ийди.— Кебетең кантет, каяктан келатасың, эмнеге түндөп?
Кийимимдин баары кара көө болуп калганын эми көрдүм. Көрсө мен жаткан кепе көмүркана турбайбы. Бетим да көгала болуп калыптыр. Жуунуп, тазаланып, которунуп алып, чай ичип, тамак жеп отуруп, эжеге бүт баарын, болгонун болгондой баштан-аяк айтып бердим. Ал аябай кейип атып укту. Үйүндө жүрүп калдым. Мени эч кимге айтпай жашырып жүрдү.
«Нысапсызга кашык салса беш ууртайт» болуп мен эжеге ашык болуп калдым. Ал ишке кетип, кечинде келгиче тызылдап күтө берем, келер маалда көчөнү карап турам. Карааны көрүнгөндө жүрөгүм лакылдай баштайт. Кайдан келдим эле деп кыжырым келет. Кетип да калалбайм. Эжеге жипсиз байландым да калдым. Күндүз огород иштерин жасайм. Сарайга фундамент куюп бүтүп, ылайдан бакса кирпич ура баштадым. Үйдө мени менен эженин бойго жеткен кызы калат. Жардам берет, тамак жасайт. Ардемелерди айтат, күлдүрөт, тамашалайт, тийишет. А менин көңүлүм анын энесинде. Кызы менен сүйлөшүп атсам да оюмда энесин ойлонуп турам. Биринчи жолу сүйүү эмне экенин сездим окшойт.
Эжени өпкөнүмү, кучактап жатканымы элестете берем. Ой басып, басмырт болуп баратам. Жүрөгүмө тамак баспайт. Көөдөнүмдө эле бир сезим тыгылып чыкпай калды.
— Ооруп калган жоксуңбу? – деп эже үйрүлүп түшөт. Ансайын алдыма тамак коюп өнтөлөйт. Сарайды тургузуп, үстүнө устундарын коюп бүтүп атсам эже жумуштан келип мага бир нерсе дегендей болду. Мен нес болуп эле эжени карап тура берипмин.
— Эй Бакыт – дегенде уйкудан чочугансып карап калсам – эмне болду сага? — дейт.
— А, эч нерсе деле – деп ишимди уланта бердим. Ошо күнү кудай жалгап кызы курбусунун туулган күнүнө түнөгөнү кеткен эле. Кечинде тамак ичип сыртка чыккандан кийин кирбей отура бердим. Өзүмчө эле ичимден кудуңдап атам.
— Бакы, кирип жат – деди эже. Кирген жокмун. Дагы айтты, болбодум. Акыры эже ночнушкасынын үстүнөн халатын жамынып чыгып жаныма келди. Узун чачын жазып алган. Периштенин өзү тим эле. Өзүм кырдуу же кичүү мындай сулуу көргөн эмесмин. Жүрөгүм элжиреп кетти. Көрбөйүн деп көзүмдү эки колум менен жаап алдым. «Бир азаптан качып, экинчи азапка тутулдумбу?» дейм ичимден. Эже эңкейип эки колуму жумшак кармап бетимди ачты. Түнкү көйнөгүнүн ачык көкүрөгүнөн эки аппак мамагын даана көрдүм. «Чү» дегенде эле мамагынын көрүнгөнүн карасаң. Колум менен мыжыгылагым келип кетти.
— Бакыт, эмне эле болуп атасың? – деди.
— Эч нерсе – дедим.
— Сарайды жалгыз салып кыйналып калдың окшойт…
— Жок, жок, антип такыр ойлобоң, ал жасап жүргөн эле ишим.
— Жүр үйгө, эс ал, укта.
— Мен кетсем окшойт эже.
— Кайда?
— Кайда болсо деле.
— Тигилер кекенип калышыптыр, өлтүрүп салышат да.
— Сиз кире бериңизчи, эже.
— Эч качан кирбейм, бас үйдөн сүйлөшөбүз – деп булкуп колуман жетелеп, үйгө киргизди. Төшөктүн четине отургузуп, колун чекеме басып:
— Ооруп калган жоксуңбу? – деди.
— Ооруп калдым. Болгондо да… Эже, мен ит болдум…
— Бери кара – деп ээгимди өйдө көтөрүп, айт, эмне болду? – эже чекемден өөп, анан бетин бетиме тийгизди эле, шап этип эки колуму белине артып, тизесине башымды коюп ыйлап кирдим.
— Ой, айтып ыйлачы, апаңды сагындыңбы?
Өксүп атып акыры айттым: “Мен сизди сүйүп калдым, эже”.
Эже каткырып күлүп жиберди:
— Ошол элеби? Андайлар боло берет, ошого да ушунча болосуңбу? Ыйлаба, тур эртең эле унутуп каласың.
— Унуткуча өлүп калам.
— Кой, антчү эмес. Башка нерсеге алаксы, китеп оку. Муздак сууга жуун, башка нерселерди көп ойлон – дегенде башымды төшүнө коюп чачымы сылап аткан, көкүрөгүнөн шуу-шуу жыттап алсам – кой, тура гой, жат – деди.
Бурамаларым бошоп кетип, калдайган колум менен куурчактай эжеми кучактап өпкүлөп, төшөктүн үстүнө куладым. Эже түртүп келатып жөн жатып калды. Мени менен кошо сүрүлгөн ич көйнөгүн ылдый тартып балтырына чейин жап койдум да бетинен, мойнунан, көзүнөн өбө бердим. Көкүрөгүнө чейин сылап, өөп келип эки көзүм балтырынан өтүп атты. Бир маалда калчылдай баштадым. Оозун өпкөнгө да батынбай койдум. Эже мени аядыбы же өзү да менин абалыма келдиби:
— Аял менен болдуң беле? – деп сурады.
— Ики – деп баш чайкадым.
Эки колу менен бетимди жумшак кармап оозун оозума тийгизип, эрини менен бүлкүлдөтүп соро баштады. Андан кийинкисин айта албайм, өлүп-өлүп барып тирилдим го.
— Болор иш болду, эч кимге оозуңан чыгарба, жолуңду ачып койдум, эми экинчи жолу мындай кайталабасын – деди да, өктөм айтып туруп кетти.
Балээни кайталанбайбы! Бир убакка чейин өзүмө келалбай жаттым, түшүмдөгүгө окшоп атты. Өзүмө келип, жуунуп жатып алып, дагы кайра башынан ойлоном. Кантип жатканымы, кантип түшүп кеткенин, канааттанып баратып «апа» деп бакырып ийгеними… Эже да өзүн кармай албай онтоп ийгенин. Онтоп… а демек ал деле канааттанды да. Дагы кирейин койнуна, бирок, кантип. Түн ооп баратат, тез эле таң атып кетет, эми кантсем. Бир жерим да зыңкыйып алып эсимди эки кылып атты. Бар күчүмү жыйып эженин бөлмөсүнө кирдим. Ал созулуп уктап жатат. Төшөгүнүн четине чөгөлөп отуруп колуму төшүнө койсом, ойгонуп кетип, уйкусырамыш болуп колуму кармап, ары оодарылып жатып алды. Ошону эле күтүп тургансып дароо сойлоп төшөгүнө кирип кетсем, колуму бөйрөгүнө коюп алды. Мен артында жаткан бойдон желкесинен, далысынан өөп кирдим. Эже акырын оодарылганы атканда шап этип оодара салып оозунан соруп калдым. Эми тартынбай ич көйнөгүн үстүнөн чечип ыргытып, ак мамасын оозума салдым. О бая тартынып кармай албай аткан аппак балтырына чейин өптүм. Киндигинин жака белин сыйпаладым. Эже, акырын онтоп, жамбашын кичине көтөрүп койду. Демек, баштай бериш керек. Парашютуму шыпырып салып, лакылдатып кирдим. Ал ансайын онтойт. Ал онтогон сайын кармана албай калам.
Тынч болуп калдык. Мен биринчи сүйлөгөндөн тартынам. Азыр светти жагып ийсе уялганыман качып кетмекмин. Үстүнөн акырын турдум да сыртка чыгып кеттим. Ал жуунуп бүткөндөн кийин гана кирдим. Төшөгүнө жетип:
— Эже, мен жалгыз коркуп атам, жаныңызга жатып алайынчы – дедим.
— Чынбы, анда кел – деп төшөгүн ачып койду.
Жылаңач жатыптыр. Мен тез-тез чечинип жата калгыча кайра жамынып алды. Төшөктү үстүнөн сыйрып салдым эрдик кылгансып.
— Койчу эй, жапчы – дегенде, мына жаптым – деп үстүнө жууркан болуп жабылып жатып калдым. Жанагыдан узагыраак өбүшүүлөр болду. Узагыраак кучакташуу, узагыраак онтоо, бардыгы узагыраак болду. Кыз кучактап жаткандай эле болдум. Азыр беш кызга алмашпайт элем эжеми. «Тур, таң атайын деп калды» дегенде ойгонсом, үстүндө жаткан бойдон үргүлөп кетиптирмин.
— Бар эми, жуунуп алып укта, эртең эс ал.
— Чогуу жаталычы?
— Макул.
Мен келгиче ич көйнөгүн кийип алыптыр.
— Жат, уктадык – деди да ары карап жатып алды. Мен жамбашын кучактап жатсам уйкум качып кетти. «Жөн» дегенине болбой ич көйнөгүн түрүп салып жамбашына жабыштым.
— Өзүң да уктабай, мунуң да уктабайт экен го – деп кейип мени карап жатты. Эми энеден туума болуп, жуурканды ачып таштап эркин жана узакка чейин сүйүштүк. Ал буттарын шалак эттирип эки жакка таштап салды. Экөөбүз бүгүн биринчи түн эмес, бир нече түн сүйүшкөндөй болдук. Таң агарып кетти. Эжем катуу чарчаганга уктап калды. Мен кийинип сыртка чыгып сарайды бүтүргүчө шаштым. Кыңылдап ырдагым эле келип калыптыр. Саат 11 ченде шиферге мык кагып тарсылдатып атсам эжем ойгонуп кетип, сыртка чыкты. Өзү да сулуу эле ого бетер сулуу болуп жашарып кетиптир. Уктабай койгонума кейимиш болду. Ал тамагын даярдап бүткөндө кызы келди.
***
Мен ошентип жашап калдым кетпей. Кызына билдирбей түндө чогуу жатып алабыз. Күндөн күнгө сүйүүбүз артыла берди. Катуу сүйүп калдым. Кызы болсо дагы деле сөз ыргытып тийишип жүрдү. Анысына көңүл деле бурган эмесмин. Бир күнү:
— Эркексиңби, же эмне -дейт намысыма тийип.
— Эркекмин – дедим аны тике карап.
— Ну, докажи, андай болсо – дейт келесоо.
Карасам көздөрү тунарып калыптыр. Өлгөнү калган неме го деп, кучактап иттин башындай болгон эмчегин кармап койсом мойнума чап жабышып өбүшүп кирди. Жаңы бүткөн сарайдын ичинде болчубуз. Качып кетер деп трусасын чечимиш болсом, жатып берип атпайбы, жинди. Мындай кезде эркектер өзүбүздү башкара албай калабыз, мен да анча болду эми четине эле тийгизип коеюн десем, мени тарткылап-түрткүлөп атып сойлотуп жиберди. Эркектигими доказать этем деп эми чындап ит болбодумбу.
«Кунаажын көзүн сүзбөсө, бука мурунтугун үзбөйт» болдум. «Аңгектен качсаң дөңгөккө». Банданын колунан качпасам бул жакка да келбейт элем. Же ушул ишке барбашым керек эле. Шайтан азгырып, жолдон сүйрөп чыкпадыбы. Ал шайтанга «мен сенин энеңди сүйөм» деп кантип айтам. Анда иш чатагына айланбайбы. Апам мени бактылуу болсун деп атымы Бакыт койгондур, бирок мен бактысыз Бакыт болуп, дүйнөм аңтарылып жашагым келбей кетти. Күндөр өтө берди. Кызына ичим деле жылыган жок. Аялдык назиктик деген анда жок. Өзү суранса анда-санда күндүз энеси жокто сарайдын ичинен басып койчумун. А энесине ар түндө кирем.
Күз да билинбей кирип келди. Апама телефон чалган сайын урушат, келбейсиңби деп. Ана барам, мына барам деп алдап коюп жүрдүм. Бир күнү чалсам апам мен шаарга баратам дейт. Дагы алдадым 1-2 күндө барам деп. Түндө жатып алып эжем менен сырдаштым:
— Алтыным эжем, мен эми сизсиз жашабай калдым. Уруксат берсеңиз айылга барып апамдарга учурашып келейин. Макул болушса сизге үйлөнөм. Макул болбой коюшса баса берем, нике кыйып үйлөнүп алабыз – деп тамагынан аймалап өптүм.
— Бара гой, мен сени барба дешке акым да жок, бирок… эми мен ит болдум. Менин боюмда бар — деди кирпиктери сууланып, оор үшкүрүп.
— Чынбы? — дедим сүйүнүп, — өзүм багам — дедим кыйын болуп.
Эжем төрөмөй болду. Мен айылга кетпей дагы бир топ жүрүп калдым. Айланчыктап жанынан карыш чыкпай, аны да башка жактарга жибербей бири-бирибизге байландык да калдык. Кызына кантип айтарыбызды билбей жүрсөк, өзү сезип калгандай болду. Апасы ишке кеткенде:
— Менин боюмда бар экен, доктур айтты – дейт.
— Эмне? – деп чоочуп кеттим.
— Ооба, чын. Мамама ачык айталы…
— Жоголчу ары? Эмне деп былжырап атасың? – деп ийдим апасын айтканда эсим чыгып.
Көңүлүм айнып кетти. Бул кандай шумдук. Эмне болуп атканымы түшүнбөй калдым. «Колуң менен кылганды мойнуң менен тарт» болом го. Аборт кылганга болбойт, биринчи төрөтү. Энесиники болсо төрт айга карады, демек ага да болбойт. Таза башым катты. Кандай кылар айласын таппай калдым. Энесине жасаган мамилемди кызы кантип эле сезбеди экен? «Байлоодо турган жеримде» жибимди өзү үзбөдү беле? Өзүң ушинттиң эле деп кантип айтам? Сүйгөнүм эжемди кантем? Кечке чейин өңү бозгон чүпүрөктөй болуп жүрдүм. Түндө эжемин койнунда жатып, үйгө барып келгенге дагы жооп сурадым.
— Сөзсүз келем кайра – дедим убада кылып.
— Мен үчүн келем деп деле кыйналба, бирок, наристе аман-эсен төрөлсө бир чыгынып келип көрүп кет — дейт бечара эжем оюнда эч нерсе жок.
Таң атпай айылга жөнөп кеттим. Кызына жолуккан жокмун.
***
Айылга келгениме үч ай болду. Ойлоно бергенгеби, башым көп ооруйт. Эжеми эстеген сайын ичими өрт аралайт, аябай сагындым. Барайын дейм, корком. Эмне болуп атышканын билбейм. Мени издешеби десем, анткен жок. Бар күчүмдү жыйып шаарга бара берейин деп чечтим. «Баш кесмей бар, тил кесмей жок» көп болсо башымды алар. Малымдан сатып шаарга базарлык кылып жөнөйүн деп, таң атпай чыгып бир торпогуму айдап мал базарга жөнөдүм. Жолдо баратып ээн калган таш коргондо бир жылкы, бир бээ бош жүрүптүр. Эки жагымы элеңдеп карасам эч ким көрүнбөйт. Торпогума кошуп айдасам качпай эле жолго түшүштү. Базарга чейин айдап келсем эч ким кууп, же издеп келген жок. Ким сураса да арзан эле сатып ийип, чөнтөктү акчага толтуруп эжеме барарымы эстеп култуңдап сүйүнүп аттым. Бирок арзан баада да эч ким сураган жок. Торпогуму баалашып атсам, бирөө «бээ, жылкысы менен канча» деди. Мен айттым.
— Түшпөйсүзбү? – деди.
— А, түшөм, канча сурайсыз – дедим. Ошо тушта торпогуму сатып, акчасын санап чөнтөгүмө салып аткам. Алар баасын айтты.
— Хоп ака, болот – дедим.
— Ичиң оорубаса келе колду – деди.
Мен колумду сунсам, ал киши кайрып артка куушуруп калды. Жанындагы эки киши жардам берип колума кишен салышты. Көрсө алар милициялар экен. Түндө бирөө уурдап чыгып таш коргонго бекитип коюп, өзү далдоодо уктап жатыптыр.
«Кан кое бербейт» деген ушу болсо керек, жыйырмага чыгып чыкпай атып кандай гана каталарды жасагам. Бул да болсо чала мээлигимен, акылымын пастыгынан болду. Күнөөмү мойнума оңой эле коюп коюшту. Алып келип решеткага тыгышты. «Мен эжеми сүйөм, эжемин абалы мындай, кызынын абалы андай» деп кыйкырып, бакырып, жер чапчып ыйлагым келди. Бирок мени ким угат эле. Ушинтип эжеме жетпей түрмөгө түшүп калдым. Түрмөдөн көп нерсени үйрөндүм. Уялганды да унуттум. Бар дараметим менен эжеме төгүп-чачпай баяндап кат жаздым. Жооп келбегенинен кайра жаздым. Кечиримди кайра-кайра сурадым. Үчүнчү катты жазганда гана жооп алдым. Катынын аягын минтип бүтүрүптүр:
«Бакыт, «бирде жигит жөө жүрөт,бирде жигит төө минет». Камалып калдым деп чүнчүбөй, башыңды жогору көтөр. Жаш башка нелер келип, нелер кетпейт. Мындай окуя боло берет.Кат жазып тур».
Же сүйүнөрүмү билбейм же ыйларымы билбейм. Менин акмакчылыгымы алтыным эжем кечирген окшойт. Же сүйүү деген ушунчалык жумшакпы? «Уят өлүмдөн катуу» дегендей кантип бетине карайм. Өлүп эле калсамчы ушундан көрө.
Күндөр чубала берди. Кат алышып турдук. Бирок, мен эч нерсе сурай албайм. Өзү толук жазбайт. Төрөгөн, төрөбөгөнү мага табышмак эле бойдон калып баратат. Отурганыма жыл айланып, жарым жинди, жарым эс болуп жүргөнүмдө эжемен калың конверт келди. Ичинде эки наристенин сүрөтү жүрөт. «Бул сүрөттөгү менин балдарым, эстеликке сактап ал, мөөнөтүң бүтүп, келгенде көрөрсүң» деп жазыптыр. Менин балдарым дегени кандай? Эмне үчүн экөөбүздүкү дебейт? Эгиз төрөгөнбү же эмне? Бирөө кызыныкыбы? Алтын эжем сулуулугуна жараша акылдуу жан эле. Акылга салып иш жасаган окшойт. Башыма мүшкүл иш түшсө да, бир мүнөт эсимен чыгарган эмесмин. Бул жактан бошонорум менен барып үйлөнөм. Бирок кызы эмне дейт? Деги ал каякта? Ушундай ойлордон башым тарс жарылып кете жаздайт. Акылыман ажырап калбасам экен. Күндөр жакындаган сайын жүрөгүм дүкүлдөйт. Эптеп ыгын таап бир беттешип алсам калганын көрөт элем. Эжеме эле жетсем кетирген каталыгым экинчи кайталанбайт эле.
***
Мен “бактысызмын” деген Бакытка жолугуп келгенден бери ай алмашып, жылга айланып, заман өзгөрдү. Ош базардын ичине толгон базар ачылып, аттаган сайын арышыңын астында алып сатарлар калат. Алармандан сатарманы көп. Күндөгүдөй эле окшош күндөрдүн биринде уулума шым сатып алмак болуп, Ош базарга бардык. Шым саткан бала ары жагыбызга бир өтүп, бери жагыбызга эки өтүп атып шымын алдырды. Негедир эле ошо бала мага тааныштай сезилип туруп алды. Сен ким элең деп сураган жокмун. Үйгө келгенде да ошо баланын элеси көз алдыма тартыла берди. Туруп-туруп эле ошол баланы ойлоно берчү болуп калдым. Базарга барганда атайын шым саткан жерге бардым. Дагы эле эпилдеп «келиң эже, кандайынан кийесиз, тандап туруп берем, баасы ойдогудай болот» деп алдымы тороп калды. Прилавкасынын четиндеги отургучта ак жуумал, орто жаш аял отуруптур. Бир топ узап барып артымы карасам, жанагы бала отурган аялды артынан кучактап, эңкейип бетине бетин тийгизип сүйлөп атыптыр. «Апей кокуй» деп чочуп алдым, кайдан карай салдым эле, деги ким болду экен булар, тынчым кете баштады. Кийинки катарга түшүп алып кайра артка кайттым.
Бир адамдын өңү тааныш болуп, бирок ким экенин эстей албай койсом, аябай кыжалат боло берчү адатым бар. Бул баланы эмне эле ушунча билгим келди, деги бул баласыз эле жашасам эмне болот, эми бир карайын да кете берейин, мээмден чийип таштайын деп алардын тушуна келгенде эңкейип карасам, тиги бала жанагы турушунда аялды эми мойнунан өпкүлөп атыптыр. Ий, өлгүр – деп шыпылдап басып баратсам, мен бараткан катардагы соода кылып аткан бала ары карап: “Бакыт, Баха артынан көз сала турчу, бир жерге барып келейин” деп кыйкырды. “Макул, бара бер” деди аял кучактап өпкүлөп аткан бала.
Бакыт дейби, кайсы Баха? Баягы Бакытпы? Койчу? Кантип? Ошолбу? Жүрөгүм опколжуп кетти. Дагы бир бурулуп карадым. Ошол! Өзү! Баягы мен жазган Бакыт турбайбы? Кудай жалгап ал мени тааныбай калган экен. Тиги баягы эже-аялы болсо керек? Экөө үйлөнсө керек? Кызы эмне болду экен? Кантип сурасам экен? Бизди эмнеге жазып жүрөсүң деп экөө мени сабаса эмне кылам?
Аялдамага кантип жеткеними билбей калдым. Ал тургай үйгө да кантип жеткеними билбейм. Түнү менен Бакыттын кийинки тагдыры тынчымды алып ооналактап, уктай албай чыктым. Таң атпай туруп базарга кайра жөнөдүм. Тиги аялы жокто сүйлөшүп көрөйүн дедим. Жөө басып барып өмүрүмдө түшпөгөн бөлөк номердеги маршрутка түштүм. Орун калбай калыптыр, туруп калсам бирөө артыма колун коюп:
— Эже, отуруң – деди. Шак карай салсам жанагы бала, аз жерден «Бакыт» деп ийе таштадым.
— Кел, сен менин алдыма отур – деп Бакытты бирөө тартып алды, карасам кечеки аял. Маршруттан секирип кете жаздадым. Мен буларды издеп баратсам, биз мына деп алдымда турушканын карабайсыңбы? Мүмкүн болушунча мойнуму тескери буруп баратам.
«Ала-Арча» базарына жеткенде экөө коштошту.
— Эрте кел – деди Бакыт.
— Соода бүтөрү менен келем – деди аял.
— Ак жол!
— Сага да!
Эми аялдын ордуна Бакыт отуруп калды.
— Кандайсың, Бакыт? – дедим күлүп.
— Жакшы эже, сиз кимсиз?
— Менби? Мен бая күнү уулума шым сатып албадым беле сенден? Келип туруң дебедиң беле?
— А-а? Бизге бир күндө жүз адам келет, алардын баарын эстей албайбыз да?
— Мен алардан башкача адаммын, эстеп калышың керек эле?
— Себеп? Кантип эстеп калышым керек эле? Мисал үчүн…
— Мисал үчүн мен сага түрмөгө баргам.
— Коюңчу? Сиз кимсиз?
— Журналист эжемин.
— Э-э? Баягы эжесизби? Тааныбай калыптырмын. Өзгөрүп кетипсиз. «Оо ондон бери канча жыл өттү. Жазам деп кетпедиңиз беле? Жазган жоксуз го?
— Жазгам, окубай калсаң керек да. Балдарың канчага чыгып калышты?
— Мектепте окушат – дегиче Ош базарга жетип келдик . – Мен түшөм ушул жерден, сиз…
— Мен да түшөм. Чогуу түштүк, ээрчишип баратабыз.
— Бакыт, дагы сүйлөшпөйлүбү жаман көрбөсөң. Эжеңи көрдүм, эми кызы кайда? Балдарың жөнүндө дагы…
— Макул, эже, бирок башка убакта, башка жерден.
— Мейли.
***
Макулдашылган убакты-сааттын келишин чыдамсыздык менен күттүм. Убада боюнча жолугушуп, бак-шактуу саябандын түбүндөгү орундукта жанаша отуруп бирибиз сыр төгүп, бирибиз угуп атабыз.
***
Сиз мага жолугуп, сүйлөшүп кеткенден кийин ушул эжеме кат жаздым. Көп өтпөй эжем свиданькага келди. Сизге сыр айтканымы, эми гезитке чыгарымы айтып сыймыктансам, аябай кейиди «андайды айтпайт да, журналисттер араң эле турушат, кошуп-ташып, көркөмдөп жиберишет. Сырыбыз элге жайылат» деп. Мөлтүрөгөн көздөрүнөн тамган нур сулуу бетине спутниктин жолундай из салып аппак алкымын көздөй сыбызгыды. Нурга боелгон кирпиктери кейиштүү ачылып-жумулуп, айдын четки сызыгындай каштары ак куунун канатындай асманга жайылбай, тек гана бүркөлгөн күндөй болуп турду. Эжеми бекем кучактап, сизге айткандарыма өкүнүп, колтугумун астына кысып, сизден калкалап турдум, жазбаса экен деп кудайдан тиледим.
Таң атканча кирпик какпай сүйүштүк. Балдар жөнүндө такыр унчукпайт. Мен болсо качан сөз баштап мени ур-жемеге алат деп чый-пыйым чыгат. Өзүм сурагандан корком, таң болсо эркке койбой атып баратат. Саналуу гана секунддар калды. «Убакыт бүттү, чык» деп дежурный каалганы даңкылдатып кетти. Чыкканга камынып каалганын түбүнө жеткенде «ме, балаңдын сүрөтүн калтырып кетейин, карап жүр»деди. «А кызымдын сүрөтүчү?» деп аз жерден сурап ийе жаздадым.
Эжем жөнөп кетти. Мен сүрөттү тигилип карап отурам. Мага окшош экен. Эмне үчүн кызымын сүрөтүн калтырбады деп ойго батам. Өткөндө экөөнүн сүрөтүн чогуу салды эле, азыр калтырбай кеткенине таңым бар. Эжемин жазган катын окуп, баламын сүрөтүн карап жүрүп мөөнөтүм тез эле аяктап калды.
Түрмөдөн чыгар күнү бир сыйра кийим кылып алтын эжем келди. Автобуска отуруп шаарга келдик. Түз эле үйгө алып барбай бөлөк жол менен жаңы конушка келаттык.
— Түш, жеттик – деди.
— Каякка келдик?
— Үйгө.
— Кандайча?
— Берки үйдү сатып жиберип ушул үйдү алганбыз. Кошуна-колоңдон, эл-журттан оолак бололу дегем.
Үйдүн ичи ээн, эч ким жок. Эси-дартым эле балдарымда. Бала деген кандай болорун, кантип көрүшөрүбүздү, алардын ата дегенин элестете берчүмүн. Кызы да көрүнбөйт. Ал күйөөгө тийип кетсе керек. Үйдүн ичинен мага тааныш буюмдарды издейм. Ал буюмдар жансыз болгону менен биздин сүйүүгө күбө болуп мелтиреп үн чыгарбай карап турушчу. Сүрөттөр менен үнсүз тиктешем. Түш ооп баратат. «Кызың кана, балаң кана?» деп мелтиреген тунжуроону жара салып кыйкыргым келет. Сураганга батынбайм.
— Сен отуруп тур, мен бакчага барып келейин — деди эжем саат төрттөн өткөндө.
Мен үндөбөй кала бердим жалдырап. Ойго батып отуруп көзүм илинип кетиптир. Балдардын чурулдаганынан селт этип ойгонуп кеттим.
— Сен кимсиң? – дешти экөө тең жарыша. Мен унчукпай карап калдым.
— Сен кимдин папасысың, айтпайсыңбы? – дешти кайрадан.
— Ал ата болот, учурашкыла жөн –деди апасы.
— Кимдин атасысың? – деди кыз. Чын эле мен кимдин атасымын деп ойлоном.
— Качан кетесиң? – деди уул. Мен баланы кучактап, өйдө көтөрүп өптүм. Мага окшош экен уулум.
— Мен кетпейм эми – деп боорума кыстым.
Булар менен чогуу жашап калганыма бир топ болду. Балам менин жанбиргем болуп калды. Тилинин таттуусун айтпаң. Кызды болсо эч кимге окшоштура албадым. Анын энеси күйөөсү менен чет жакта соода кылып жүрүшкөнүн уккам. Бир күнү эле алардан келатабыз деген кабар келди. Энеси жан алы калбай күтүп оокат ашын даярданып эле жатып калды. Менде жан жок. Кызынын мүнөзү копол, парасаты жок эле. Өкүрүп-бакырып чаң-тополоң салбас бекен деп чоочулап аттым.
«Корксо да кой өлөт, коркпосо да кой өлөт» болуп алар да келип калышты. Алтын эжемин кубанычы койнун жарып, күлкүсү чыгып, буту-бутуна тийбей тамак жасап жүрөт. Мен баш ийкеп учурашканым эле болбосо, өзүмү коерго жер таппай кемегеге от жагып үңүлүп очокту тиктеп телмирип отурам. Алтын эжеми атынан чакыра албай же сен деп айталбай аябай кыйналып жүргөм. Ошол очокко экөөлөп аш басып атканда, улам пиязды, сабизди, этти, күрүчтү, сүзгүчтү бер же алып кел дей берип сен деп алдым. Ал жаш күйөөм келди деп тааныштырып атса, мен аялымы «эже сиз» деп атсам такыр туура эмес болуп калмак. «Шылтоого шыноо» болуп кудай жалгап тамак жасашканымын пайдасы тийип сизден сенге өтүп алдым.
Күйөө бала эмнегедир көзүмө жылуу учурай бергенинен каяктан көрдүм эле деп сурасам, мурунку жашаган үйдө коңшулаш болчу деп койду. Ал бала мени менен тең экен. Кызыктай болуп кетим. Мени менен тең балдар жыйырмага чыгалек кыздарга үйлөнүп атышса мен кырктагы аялды сүйүп калып, артынан ээрчип жүрөм. Сүйүүгө дабаа жок экен да. Көңүлүм бир кызык болуп иренжий түштүм. Азырынча жашап турсам, балким кийин жаш кызды сүйсөм кетип калам деп өзүмдү сооротом. Анан жаш кызды кантип сүйгөнүмү, өпкөнүмү элестетип ойго чөгүп кетиптирмин.
— Апей отуң кана? – деген аялымын үнүнөн селт этип кеттим. Ал мени ушунчалык болуп көрбөгөндөй көз менен карап туруптур, ичим элжиреп кетти. Уурумду карматып алгансып ыңгайсыз абалда калдым.
— Отуң өчүп калыптыр го? – деп жылмайганда колунан тартып эңкейтип бетинен өөп-өөп алдым. Ал менин «эч кандай кызга алмашпайм» деген белгим эле.
Булар беш күн түнөштү. Беш күн мага беш жылдай сезилди. Алар кеткенден кийин кичинекей кызымы бирөөгө эле окшото бердим. Уулуму катуу эркелетип, кызга көңүл деле бөлбөйт элем. Бирок ушу сапар аябай тигилдим. Мага да, апасына да, тайнесине да окшобосо, анан кимге окшош? Кимдир-бирөөнүн элесин берет, бирок кимдин? Күлгөнү, сүйлөгөнү, кабагын бүркөгөнү, бардыгы бирөөгө окшош. Акыркы күндөрү жалаң ушул ой менен эле жашап калдым.
Кеч курун балдар бакчадан келгенде уулумду өпкүлөп эркелетип, мушташып ойноп атсак кызым да ойнойм деп асыла бергенинен, бар апаң менен ойно деп түртүп койсом, ыйлап калды.
— Ал эмнең? – деп аялым кызын баса калды.
— Мен акырын эле…
— Көптөн бери байкап жүрөм, кызымы экөөңөр бөлүп жүрөсүңөр. Папасы жакшы эле алып кетем десе мамасы албайм деп койбодубу, болбосо берип жиберет элем.
«Папасы» деген сөздү биринчи уктум. Кызым чын эле папасынын копиясы турбайбы.
— Кандайча? – деп жибердим дароо эле. Бул суроонун төркүнүнө аялым маани берген жок.
— Папасынын тили кыска, кызымы кыз күнүндө боюна бүтүрүп салып, курсагы билингенде үйлөнбөдүбү? Ал чатагыбызды сен уга элексиң. Сурайбы десем ушул убакка чейин сурабайсың. Кызымын тоюн берип атканда менин да курсагым чендейип калган. Уятыман эле көчүп кеттим үйдөн. Кудай буйруп булардын соодасы да жакшы болуп, балдарды мен багып алып, анын үстүнө сен да келип калып абийирибиз жабылып калбадыбы?
Мен нес болдум да калдым. Демек кыз менден эмес экен да. Боюна болтуруп алып мени тузакка илейин десе болбой калган турбайбы? А мен келесоо аны ошондо кыз экен деп ойлободум беле? Эмнеге эле эжем мени күнөөлөп урушпайт десем иш башкача экен да? «Билбеген киши уу ичет» болуп жүрө бергеними караң. Кызды бирөөгө эле окшотуп бушайман чеккенимчи. Папасынын өзү экен да, куюп каптагандай окшош. Мен кылмыштуу болуп жер карап үндөбөй жүрбөдүмбү. Кызы сырттан келгенде да качан чаң-тополоң баштайт деп менде жүрөк калбаган эле. Кызынын боюна башкадан бүткөнүн билсем, качып кетпейт элем, түрмөгө да түшпөйт элем. Караңчы, бир дабдырдын айынан менин жашоом бырчаланып кеткенин. Мен айлыма кетип калган күнү эмес, эртеси сураптыр кызы, мени кайда деп. Апасы кеткеними айтса, качан келет деп сураптыр.
— Аманат кызым, келиши да аманат, мен да, менин курсагымдагы да аманат – дептир. Ошондон көп өтпөй кызы коңшу балага күйөөгө тийиптир.
Муну уккандан кийин кичине көңүлүм өчө түштү. Базардан соодам бүткөндөн кийин үйгө барбай көчөлөп да көрдүм. Аялдарга бардым. Жашап да, жатып да көрдүм. Бирөө да «эжемдей» боло алган жок. Ар кайсы шылтоону айтып келип да, кетип да жүрдүм. Эжем мыйыгынан жылмайып туруп, жер карап калчу.
— Бакы, сүйлөшкөн кызың болобу, же жүргөн келиниң болобу, көчөлөбөй үйгө алып кел, киргизип алайын – дейт бир күнү төшөктө жатып.
«Өлбөгөн төрт шыйрагым» калды. Мен барып жүргөн кыз-келиндердин бирөө да ушул эжемдей болуп мага мээрим төгө алган жок. Мен аларды жалын чачып сүйө алган жокмун.
— Иттигими кечир, жаным – деп төшүнө жыгылдым. Эртеси эле базардан дагы бир места сатып алып, подреал товарга толтуруп коюп, аялымы жаныма апкелип алдым. Экөөбүз смендешип садикке барчубуз. Азыр балдар мектепке барып калышты. Чогуу бир класста окушат. Биз баргыча шоктук кылбай, үй жыйнап, эшик шыпырып, сабактарын даярдап коюшат.
Аялым менен сен-мен дешип урушпайбыз. Тынч, жакшы жашайбыз. Конокторго чогуу барабыз. Эч ким аялың сенден улуу го деп айтпайт. Кайра тескерисинче анын сулуулугуна суктанышып, акылына айраң калышат. Досторум да бизге суктанышат.
— Бакыт, мен бул окуяңын аягы башкача бүтөт ко деп ойлогон элем? – дедим бир саамдан кийин.
— Мен дагы эже! Өзүм да башкача аяктайт деп күткөн элем.
— Демек сен бактылуу Бакытсың да?
— Рахмат эже.
© Карагулова Б., 2010. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Количество просмотров: 15536 |