Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз
© Карагулова Б., 2010. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2010-жылдын 19-июлу

Бурулкан КАРАГУЛОВА

Бомж

«Жамгыр» жыйнагынан алынган аңгеме. Чыгарма окурмандардын кеңири чөйрөсүнө арналат.

 

Ош базарындагы "пьянный аллеяга" келсем, баягы "шахматтын президентимин" деген бомж карып калыптыр. Жүдөп, арыктай түшүптүр. Азыркыда соо экен. Башын эки колу менен бекем мыжыгып кармап алып үңүлүп шахмат ойноп отурат.

— Мен Чүйдүн Кемининенмин – деп айтып берген “шахматист” — мектепте шахмат кружогун ачып балдарды үйрөтчүмүн. Шахматтык турда дайыма биринчиликти алып, районумдун намысына жарачумун. Мактоону көтөрө албай койдум. Айлыгыман сырткары тапкан акчаларды бүт ичтим. "Ичпе" деп урушкан аялымы тепкилей баштадым. Тууган-уруктарым, кайындарым келип акыл айтып, ичпе деп суранышты.

— Ичпе дегениңердей мен эмне артынан кууп кетиптирминби? Бүгүн ичсем, эртең токтотом. Кичине ичип койсом эле көрө албай баарың тең аарыдай жабыласыңар да? — деп аларды жаман көрдүм. Анан уруштум, сөктүм. Чогулуп келишип аялымы, балдарымы алып кетип калышты.

Мен ичип кетсем деле мектептегилер сыйлашчу. Шахматты менчелик эч ким ойной алчу эмес. Бир эмес бир нече жолу эскертүү беришти. Үйүмө жетпей мектепте жатып калчу болдум. Мектепте жатып жүргөнүмү билген директор "кой, эми, болбой калды, сыйлаган менче болор, бар эми, жөнө" деди. Ошентип мектептен куулдум. Айылды түрө кыдырып иччү болдум. Тааныштар менден арак алып берип кутулушчу. Арак алып бербесе ашата сөгүп, айласын алты жерден кетирчүмүн.

Ушундайымы сезип калдым да, "кой, шаарга барайын, ичпей, үй-бүлө курайын, ишке орношоюн да тынч жашайын" дедим. Бул жерде эч кимди тааныбасам, ким менен ичмек элем, токтотуп коем деп ойлоптурмун. Ичпей коймок белем, ичкичтердин кени Ош базарда экен. Досторум море. Ош базарга кызматка келгендей болуп келебиз. Бул базарды жаза берсең роман болот. Көрдүңбү, сен да бомждорду жазарыңда мага келесиң. Демек, мен да жөнөкөй адам эмес бекенмин? Аял алам десем мына бу айланамда жаткан аялдар жан деп тиет. Ош базары жок болсо каякка барат элек. Ичи кенен, сырты кенен, катынга бай, алкашка бай, жашасын Ош базары.

Бул шахматтын "президентинин" минтип айтып бергенине көп болду. Мындан алты, жети жыл мурда "үйлөрү жок болсо, булар кайда барып жан сактап, каякка барып баш калкалашат" деген ой менен барып, жазып келгем. Бомждорду жазууда тажрыйбамын жоктугунан шахматист кайра менден интервью алып, кайда жашаганыман бери сураган. Мен "Туңгуч" тарапта жашаганымы, корообуздун кенендигин, 2 сарай бар экендигине чейин айтып салыптырмын. Кийин көп өтпөй эле дарбазадан кире бериштеги сарайдын ичинде көп өзгөрүүлөр болуп калып атты. Бир күнү чөптөр үйүлүп калыптыр. Күйөмөн сурасам киргизген эмесмин деди. Бирде куурайлар же дөңгөлөк, ящик пайда болуп калат, айтор бир ай бою сарайдын ичиндеги окуяга таң калып, арбак келип жүрөбү деп койдум. Күйөмү барып карап кел десем, тынч эле экен, эч ким жок деп бир топтон кийин келет. Анын көзүнө көрүнбөй атса керек деп өзүм түндө 2де туруп, жалгыз бардым. Мен жетелекте эле коңуруктун үнү угулду. Ким келип укташы мүмкүн эле деп аябай таң калдым. Коңурук аралаш сүйлөнүп, анан орусча сөгүнүп атты. Ичкери кирдим, коркпой жанына келдим. Жыты тим эле буруксуйт. Туңгучта жүргөн алкаштар турбайбы деп ойлоп, ала келген кагазымы күкүрт жагып күйгүзүп, отту жакындатып карасам, бетинин баарын сакал баскан аюудай күрсүйгөн неме экен. Ал жарыктан чоочуп ойгонуп кетип, "аа" деп бакырса, коркуп кетип мен да "аа" деп үнүмүн болушунча кыйкырып эшикке качсам, ал да качып, экөөбүз сүзүшүп, эшик талашып калдык. Эшикке батпай бир маалда ошо бакырышкан бойдон чапчышып калдык. Мен күйөмү уксун деп үнүмүн болушунча чыңырсам, ал да үнүнүн болушунча айкырды. Жулмалашкан бойдон, сүйрөшүп эшикке чыксак, "эй, эй" деп чуркап келген жылаңач кишини көрүп, ал чалкасынан кетти.

Жылаңач киши күйөм экен. Катуу ызы-чуудан ойгонуп кетсе эле мен жок экем. Болду-болбоду кыйкырган ушул жинди болуш керек деп трусачан чуркап келиптир. Менде тил жок. Калтырап атам. Колуму кармап, кучактай калып:

— Эмне келдиң жети түндө? — дейт. Мен сүйлөй албай жерде сулап жатканды көрсөтүп:

— Аюу — дедим.

— Жөн кой аны, эптеп оокатын кылып жүргөн бечераны. Ал баягы сен өзүң жазган шахматист, андай болгондон кийин адрести бербей койбойт белең? — десе оозум ачылып калыптыр.

— Байке, туруңуз, бул мен эле коркпоңуз.

— Нурбексиңби?

— Ооба, мен туруңуз, кирип жата бериңиз.

— Нурбек, мага азыр эле от көтөргөн шайтан келди. Мени алып кетем деп келиптир, мен кетпейм деп кыйкырсам сүйрөбөдүбү. Жүр, атаң, апаң жаткан жерге алпарам дейт, мен болбой койдум. Туура кылыптырмынбы?

— Ооба, туура кылыптырсыз, эми эч ким келалбайт, мен сизди кайтарып турам, уктай бериңиз. Бир нерсе болсо мага айтып коюңуз — деп аны жаткызып чыкты.

— Сен эмне билет белең, ушул бомж түнөп жүргөнүн, эмне айткан жок элең?— деп Нурбекти аябай урушкам.

***

Мен бомждун жанына келсем шексинип карап калды, себеби кимдир бирөө таштандыга бир пакет нан таштап кетиптир. Мен аны кармап тургам.

— Сиз өмүр баяныңызды айтып берсеңиз ушу нанды бүт берем, анан жүз грамм алып берем – десем, О, сизди кудай жалгасын кызым, кудай унутпаптыр бизди, айтса айтып берем:

— Мени да бир кезде жалжал көз кыздар сүйөм деп артыман ээрчиген. Кыздар менен көп жүрдүм. Аялым билип калып уруша берчү. Бир жолу катуу сабап салдым. Ал иштеген жериме көгала болуп ыйлап арызданып келди. Мен коммунист болчумун. Катуу эскертүү беришти. Аялымды жек көрө баштадым. Айлыгымды бүт ичип салып, үйгө алпарбай койсом, дагы арызданып келди. Мени партиядан чыгарып, жумуштан айдап салышты. Аялым балдарды алып кетип калды. Үч комнат үйүбүздү 2х1ге алмаштырып мени бөлүп салышты. Катуу ичип кетип запойго өттүм. Запойдон "белая горячкага" айландым. Эңги-деңги болуп өзүмүн атымы таппай жүргөндө бир ишканада бухалтер болуп иштеген Света-сучка тийем деп келиптир. Күндө тамак алып келип берип, кетип калат. Кел, жаталы десем, после регистрации деп алдап койчу. Мен ишенип каттодон өтүп ЗАГС алдык. Рыжая-сучка дагы деле жатпай кетип калат.

— Сен эмне мени ойнотуп атасың? — десем, анда эртең келип жатайын деп коет. Күндө бир шылтоону айтып кетип калчу. Же кызым жалгыз, же энем жалгыз, айтор бир нерселерди ойлоп тапчу, эриң өлгүр сучка. Убакыттын кантип өткөнүн билбей калыптырмын, үйлөнгөнүбүзгө алты ай болуптур, бирок бир да жолу түнөгөн жок. Анан эле тамак-аштын түрүн колбаса, сыр, жумуртка, сало алып келди, мен биротоло келдим деп. Ойда менин сүйүнгөнүм ай. Кичине баладай бийлеп ийдим го алаканында. 1 бөтөлкө ала келиптир, мага ичирди. Өзү ичпей койду, ооруп атам деп. Кел эми жаталы десем, улам эле алдайт, азыр, азыр сүйлөсөң эми, сен жакшы сүйлөйт экенсиң деп. А менин болсо тилим күрмөөгө келбей бараткан. Акыл-эсимин барында бир басып көрөйүн десем жатпайт. Уйку-соонун ортосунда отурсам, чыгып кеткен, дагы бир бөтөлкө алып келиптир. Кел ичели эми, мен да ичем дейт. Ичип атканымы бир билем, уктап калыптырмын.

Бирөөлөр эле ойготот, эч ойгоно албайм. Бир маалда сабап киришти, багы жок менттер экен. Же соолуга алсамчы. Катын өлтүргөн андай болбойт мындай болот деп тепкилеп сыртка чыгарышты. Эмне болуп атасыңар дедим.

— Бул аялды тааныйсыңбы?-дешти.

— Булбу? Менин аялым.

— Аялыңы өлтүргөнгө аракет жасаганыңы билесиңби?

— Менби? Светка — десем, аным ыйлап атат.

— Ооба аракет жасады, аз болгондо өлүп калат элем, дагы жакшы ойгонуп кеттим. Болбосо өлүп жатмакмын азыр.

— Мен эмне кылдым Светка?

— Кылып алып туруп карачы билмексен болуп атканын, камап салбасаңар бул мага жашоо бербейт. Бул экинчи аракети…

— Мурда да ушинтип үйдү думбалап, газды ачып койду беле?

— Ооба. Анан этаждан секиресиң деп кыйнаган.

— Светка эмне деп атасың?..

— Былжыраба.

— Түш астыга-деп менттер колу-бутуму кайрып айдап жөнөштү.

— Жалган айтат, ал бүгүн эле биринчи жолу түнөгөн үйгө — деп чыңырсам да эч ким укпай койду.

Кандай азаптарды көрдүм бир сучканын амалынан. Психбольницага да жаттым, ал жерден психический здоров деп диагноз койгондон кийин түрмөгө жөнөтүштү. Түрмөдөн чыгып үйгө келсем, бөлөктөр жашап атыптыр, үйүмү сатып качып кетиптир сучка. Жөн эле үйүң мага керек десе берип коймокмун. Ошентип бомж болуп көчөдө калдым. Ал аялды азыр көрсөм деле тааныбайм, кудай бар болсо жазаласын.

***

Москва көчөсүндөгү ящиктин сыртынан бери төгүлгөн таштандыны бир киши ушундай жан дили менен чукулап аңтарып атты. Мени көзгө илбей дүйнөсү бейкапар. Мен анын тагдырын сурадым, акысына 5 сом берем дедим.

— Журналистсиң го э, капырлар, жаман калксыңар. Оңой эле капканга илип аласыңар.

— Бул жерден эмне издеп атасыз?

— Бул жерден атамын башын издеп атат дейсиңби, эптеп күн өткөрүп атам да. Базарга жакын болгондуктан тамак-аш көп ташталат. Курсагым кудая шүгүр, тоет. Анан жүз граммга эптеп тыйын кылам. Кийимдерин, идиш-аяктарын ыргытышат. Майда-чүйдө тыйынга сатам.Тубикмин.

— Учетто турасызбы?

— Мени ким учетко алмак эле? Менин кимге керегим бар? Эч ким менен өбүшпөсөм кимге жукмак эле? Темир жол вокзалындагы летний кафеден эл чала жеп, таштап кеткен тамакты жечүмүн, азыр аны да ыраа көрүшпөй куушат. Бала таап алганымы айттымбы, сага?

— Жок, кандай бала?

— Ошо вокзалдын остановкасы бар го? Ошо жерде теңселип отургам, башым ооруп. Анан бир киши чоң сумка көтөрүп келип жерге койгон. Бир аздан кийин тиги киши көрүнбөй калды. Келеби десем келбейт. Чоң сумкасын көтөрүп алып качып жөнөдүм. Анча деле оор эмес болгондон кийин ичи толтура акча го, эми маарыйм го деп бактын түбүнө келип ачсам эле баланын өлүгү экен. Төбө чачым тик турбадыбы. Ошондо өмүрүмдө биринчи жолу корктум го. Жылаңач бала чүпүрөккө чала оролуптур. Муну көрсө атайын таштап кеткен экен. Бычак менен жер казып ошо бактын түбүнө көмүп, куран окуп койдум балага.

Башта бир нерселерди уурдап качып кетет элем, туберкулез болгондон бери чуркай албайм.

— Сизди доктурга жаткырып дарылатайын, жаңы кийим берейин, ушуга макулсузбу?

— Макул болгонум менен көнө албайм. Мен азыр эркин кушмун да. Силер деген капастагы кушсуңар. Өкмөткө иштешиңер керек, бала багышыңар керек, күндө тамак жасамай, күндөлүк расписание менен жүрөсүңөр. Мен тойгом андай жашоодон. Эркинмин, эркин болгум келет. Көмкөрүлгөн казаным көмкөрүлгөн бойдон кала берсин. Мен кимдир бирөөлөр үчүн же балдарым үчүн эбак өлгөн адаммын. Алардын жаратын козгоп, көңүлүн оорутуп, жыртылган тешиктен жылт этип көрүнбөй эле коёюн. Жанаракта 5 сом берем дедиң эле ошону эле унутпай берип кетсең болду.

— Меңиз, 10 сом берейин.

***

Оштун "Манас" кичирайонунан, Текстилдин айланасындагы таштандылар дүйнөсүн эки сүйүшкөн жаш кыдырат. Жондорунда чаар ала сумка. Эркек 55терде, аял 35ге чыга элек. Таштанды менен тамактанса деле аялдын жүзү нурлуу, кызылы кызыл, агы ак, өтө чырайлуу. Экөө кол кармашып жетелешип алышат, эч ажырашпайт.

 

Кишинин аты Вахаб, улуту өзбек. Бул киши бир мекеменин башчысы болуп иштечү. Астында машина, кармаганы акча, көзү чырак, сөзү булак кезинде бир кыргыз кызды сүйүп калат. Кыз да жактырып калат. Адегенде жөн эле сүйлөшүп жүрүшөт. Эл да анча назар салбайт. Нурпери атына заты жарашкан, жигитти жалт деп караткан, он гүлүнүн бири ачыла элек кыздын гүлү, сулуудан пери. Өзбек чарк айланган көпөлөктөй Нурперини айланат да калат. Бутунан башына чейин алтынга бөлөйт. Кийбегенди кийгизип атса, сүйбөгөндөй сүйгүзүп атса, атасындай экенине карабай кыз баарына кайыл болот. Экөө кошулуп алат. Барбаган жерге барышат, жатпаган жерге жатышат. Ата-энеси ичирбегенди ичирип, кийбегенди кийгизет. Айылга аңыз жүрөт, үйүнө ушак жетет. Бирин ата-энеси сабаса, биринин аялы чыр салат. Тытышат, сабашат, сөгүшөт, тебишет. Акыры аялы жогору жакка барып күйөөсүнүн кыял-жоругун арызданат. Жогору жак өзбекти кызматтан шыпырып түшөт. Кызматсыз жүрсө деле кызды машинасына салып, кабинасына отургузуп, Ошту айлантып, эркелетип ойнотуп келет. "Сен мендиксиң" десе "мен сендикмин" дейт. Экөөнү ажыратканга эч кимдин алы келбейт. Өзбектин катыны кайра чыр чыгарат. Кыздын үйүнө барып жаңжал салат.

— Кызым жаш да, башын айлантып аткан күйөңөн көр. Кызым экинчи Вахаб менен басканын көрсөм өлтүрүп салам. Нурпери, келип Вахабдын аялынан кечирим сура" дейт атасы.

— Эмне үчүн сурайм. Мен аны сүйөм — дейт кызы.

Кызын өлөсөл кылып сабайт атасы. Вахабдын аялы тууган-уругун топтоп, машинасын алып калып, өзүн үйүнөн кууп чыгат. Колуна бир тыйын пул албай, үстүндөгү костюму менен эле үйүнөн биротоло чыгып кетет. Жашырынып кызга келет. Кыздын көгала болгон денесин көрүп кучактап ыйлайт.

— Мен биротоло келдим, атаңа айт үйлөнөлү, батасын берсин — дейт. Атасы экөөнү тең сабап таштайт. Кызы келтекке уугуп төшөктө жатып калат. Баары бир ыгын таап түнкүсүн жолугуп турушат. Вахабды бир да тууганы үйүнө киргизбей коет. Ал талаада калганын айтып кызга даттанат. Кыз төшөнчү уурдап чыгып жүгөрүнүн арасына алпарып берет. Төшөктүн үстүндө, жүгөрүнүн ичинде, асмандын астына таң атканча жатышат. Үйүнөн тамак ташып келип берет. Үйдө түнөбөгөнүн байкап калган ата-энеси кыздын артынан түндө аңдып чыгышса, Вахабка жетип, кучакташып, өбүшүп, атканда фонарик жагып үстүнөн чыгып жүрөктөрүн түшүрүшөт. Адатынча балта-керкесин көтөрүп өлтүрөмгө түшкөн кыздын атасын Вахаб түртүп жиберет:

— Акың жок урганга, Нурпери башта 17де болсо, азыр 25те. Өз тагдырын өзү чечет-дейт.

— Туура. Ата, апа, мени 8 жыл эздиңер. Эми уруксат бергиле экөөбүз турмуш куралы. Мен деле адаммын го, малча сабап келдиңер. Башыман жарат, көзүмөн көгала кеткен жок ата, же эрим белеңиз мени ушунча ургандай.

— Эмине деп атасыңар эшектер, экөөңү тең союп таштайм — деп жулунган атасын апасы кармап калды.

— Жөн болчу. Кызым, акылыңа кел, кыргызда эркек түгөнүп калыптырбы? Бу сарттын же үйү болбосо, же кызматы болбосо…

— Апа, муну миң кыргызга теңебейм да алмашпайм.

— Жого-ол чочко, туз арамы, сарттын көтүн жалап ээрчип жүрүп өт, үйүң өрттөнсүн, кыркка жетпе, кыркка жетсең күзгө жетпе, уяң бузулсун, тукумуң кырылсын, бала көрбөй өт, ит жебеген бокту жегиле, темселеп калгыла — атасы болгон күчү менен каргап колун тескери каратып бата берип бакырып жатты. Аялы, балдары, бир тууган инилери аны араң кармап турушту.

— Тур өйдө — деди өзбек ыйлап жаткан Нурпериге – тура гой, ушу каргыштан кийин кантип барасың, жүр кеттик.

— Ооба, жүр, чын эле кетеличи ээ? Кетеличи, алыска. Ай дагы бизди ээрчийт, жүр. Иттер дагы уулуп, бизди жоктошот. Биз эми эч качан жерге түшпөйбүз. Биз дайыма бийик, бийиктерде жүрөбүз. Жүр жаным бейишке, тынч жашоого, кулак угуп, көз көргүс жакка, ак аюуларга, түнт токойго, бийик ашууга, агын сууларга, учтуу тоолорго, таза ойлорго, жарык жүзгө, сары күзгө, ак карларга, асмандарга — кыз жөөлөп кирди. Туруп баратып кайра жыгылды, өзбек кармап калды. Эки колун сербейтип асманга жайды, чалынып түштү, өзбек кучактап калды — менби мен кетип баратам, жүр, жүрө гой, сени мен миң кыргызга алмашпайм дебедимби, миң, уктуңбу. Сен мени урбайсыңбы, урбайм дегенсиң ээ? Билем, урбайсың, бирок сен тепкен башымын жарылганы айыга элек да, денемин көгү кетелек да, анан бизди бейишке өткөрбөй койбойбу? – кыз ушинтип жөөлүп кете берди, өзбек бекем кучактап келе берди.

— Олдо кулунум ай, кечир сени арачалап кала албаган келесоо энеңди, кечир канкор атаңы. Сүтүмөн кечтим кулунум, кудай күнөөңү кечирсин, аман жүр, ааа...— энеси чалкасынан кетти.

Менин ыйлагым келди. Экөөнү көргөндөн кийин чыдабай кеттим. Артынан чуркап баргым келди. “Бар бол сүйүү” деп карап турдум. Жер чукулап бөтөлкө, баклашка таап, чаар баштыктарына салышты. Нурпери таштандынын астынан бир нерсе тапты окшойт, сууруп чыга албай атканын көрүп Вахаб ака жардамга келди. Экөө дудуктай жымжырт кыймылдап атышты. Кыймылдары менен гана бири-бирине түшүнүшкөндөй. Бири — баягы кызматта иштеген бай киши. Бири — баягы жөөлүп кетип бараткан сулуу кыз.

***

Бүт өмүрү түрмөдө өткөн Жумалы Кубатбеков байкенин чачтары аппак, тиштери жок, алтымыштан ашкан, араң басат, колунда тилемчилик кылган баштыгы бар. “Дордой” базарын кыдырып жүрөт.

— Камчыбектин түрмөсүндө көп жылы тозокто жаттым. Кантала бир жабылганда тамтыгыбыз калбайт эле. Камчыбек “мечит салып жатам” дегенде энеси Курманжан Датка “жок балам, сен түрмө салып жатасың” деген экен. Чын эле мечитке деп салганы кийин түрмө болуп калыптыр. Төртүнчү жолу 146-статья менен түшкөндө Брежневдин түрмөсүндө жаттым— деген.

— Киши өлтүрдүңүз беле?— деп сурадым.

— Ооба. Киши өлтүрдүм. Эки жолу кыз зордуктадым, эки жолу гопстоп менен түшүп, атууга кеткем.

— Анан кантип чыктыңыз?

— Кудайдын баласы Иса атам чыгарды Иса атама сыйынып жалынсам жардам берип атуудан алып калды, түрмөдөн тирүү чыктым.

— Кыздарды кантип зордуктадыңыз эле?

— Бир жолу Токтогулдун Толугуна баргам. Бир кыз жыртактап “аке, Сары-Камышка жеткирип коюңузчу” деди. Машинам бар, жашмын. Макул деп салып баратып көңүлүм бузулуп, перевалга жеткенде зордуктап салдым. Кармап алып кестирип жиберди. Экинчи жолу да зордуктап түштүм. Энеңди урайын аялдар, өздөрү тийишип көз сүзөт, анан тийип койсок сотко беришет. Үчүнчү жолу гопстоп менен түштүм.

— Ал эмне деген?

— Крупно уурдачумун. Байыйм деп жүрбөймбү, келесоо жаным. Чак түштө каратып туруп машинаны айдап кетчүмүн. Түрмөдөн чыгарым менен Кара-Балтадан 4 кишиси менен кошуп уурдап качкам машинаны.

— Төртөөнүн кантип сизге алы жеткен жок?

— Өпкөсүн үзө койсом эки саат ээси ооп жатып калышчу. Машинанын ачкычын алгандан кийин айдап качыш оңой болчу. Айтор, Кыргызстанда мен жатпаган түрмө калган жок. Киши өлтүрүп атууга кеткенимде да тирүү чыктым.

— Аялыңыз бар беле?

— Төрт аялым болгон. Үчөөнөн бала бар. Азыркым немка, бала жок. Түрмөдө жатсам, тамак ташып барып жүрүп мага тийип алды.

— Балдарыңыз келип турабы?

— Биринчи аялым өлүп калган. Андан төрөлгөн балдарым келип турат.

— Түрмөгө чейин кайда иштечү элеңиз?

— Жалалабадда мугалим болуп иштечүмүн. Андан Академия Наукка которулгам. Акаевдин кол алдында иштегем.

— Үйүңүз барбы?

— “Ак Босогодо” кичине кепем бар. Жардам сурап Акаевге барсам кат жазып берген акимге. Бирок барган деле жокмун. Мен дайыма крест тагынып жүрөм. Церковго барып кыргыздар үчүн сыйынам. Урушпасын бири-бири менен, тынч болсун дейм.

— Сиз кыз зордуктап түшкөндө түрмөдөгүлөр сизди зордуктап коюшкан жокпу?

— Ал үчүн күч керек да. Мага эч кимдин алы жетчү эмес. Мен чоң жаңылыш кетиргем, кандай өкүнүчтүү. Азыр Иса атамы жүрөгүм менен сүйөм. Иса атам аркылуу бейишке чыгам.

Жумалы байке ыйлап кирди. Күн суук. Аябай үшүп кеттик. А бомждор болсо арак ичип алып, үшүктү тоготушпайт окшойт.

 

Китептин бүт жаздыруу

 

© Карагулова Б., 2010. Бардык укуктар корголгон
    Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

 


Количество просмотров: 2667