Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз
© Карагулова Б., 2010. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2010-жылдын 19-июлу

Бурулкан КАРАГУЛОВА

“Дейди-селсаяк”

«Жамгыр» жыйнагынан алынган аңгеме. Чыгарма окурмандардын кеңири чөйрөсүнө арналат.

 

Биз көпкө чейин жолугуп жүрдүк. Ээрчишип келип, ээрчишип кетебиз. Ошондой күндөрдүн биринде Нургазынын өзүнөн уккандарым төмөнкүлөр болду. Анын ушул сырын укпаганымда баары башкача болмок, эч качан кол кармашып турмуштун узак-узак жолдорун чогуу басмак эмеспиз...

 

— Кемпир апам, мамам үчөөбүз чогуу жашачубуз. Ага чейин мени эки кемпир апам бакчу. Улуу кемпир апам биринчи классымда каза болуп калган. «Картаң апаң өлүп калды, жүр» деп мени мектептен жетелеп алып келишкен. Мен боздоп атып ыйлагам. «Эми мен ким менен жатам» деп шолоктогом. Уктаганда апамын буттарын кучактап уктачумун. Ал апам мени түндө алып жатканы менен күндүзү жаш кемпир апам бакчу. Жаш кемпир апам картаң кемпир апамын жогун билгизбей, мени-майлап сүттөп, агымы ак, кызылымы кызыл кылып бакканына бат эле көнүшүп, койнуна жатып уктоочу болдум.

Мамам жол кырсыгына учурап, колу ооруп жүрчү. Бир жолу комуз сатып берип, «чертип үйрөн» деди. Мен көчөгө туруп алып комузду калдыратып, мектепке бараткан кыздарды, сууга бараткан эжелерди, кемпир-чалдар өтүп баратса аларды айтып саймедиречүмүн. «Мен сени чоң окууга окутам» дечү байкуш мамам. Кийимдин түрүн кийгизчү. Экөө аябай эркелетишип, мени эркин өстүрүштү.

Бир күнү ойноп жүрсөм Болот тайкем: «Нургазы жүр, сенин атаң келди» деп ээрчитип келди. Ага чейин эки үйдүн эркеси болуп жүрүп, менин башка атам бар экенин билген эмесмин. Ата деген кандай болот экен, көрөйүнчү деп чуркап жөнөдүм. Баламын да, болбосо «кайсы атам» деп сурасам болмок, же «барбайм» деп ошондо качсам болбойт беле. Үйгө келсем костюм-шым, шляпа кийген, папка көтөргөн чочун киши туруптур. «Ушул сенин атаң болот» дешти. Атамы биринчи жолу көрдүм. Ал мага шортик, көйнөк, шапка, конфет, шоколад алып келиптир. Мамамын алименттен баш тартуусун сурап келгенин кийин мен чоңойгондо айтып беришкен. Партияга өтүп атыптыр. Алимент төлөгөнү билинип калса, партияга кабыл албайт имиш. Мамам аябай сулуу, өтө жоош болчу. Сураган отказын жазып берип, жолго салыптыр. Ал киши мени шаардагы № 5ке окутам деп катуу убада берип кетти.

 

Биз сүйүнүп калдык. Себеби мамам мени № 5ке окутсам дегенде эки көзү төрт эле. «Эми уулум сен шаардан билим алып, жакшы окуйсуң. Мен сени чоң окууга өткөрөм. Атагың ааламды жара турган адам болосуң. Бар күчүмдү сага арнайм» дечү кайран мамам. Мамамын кээ бир боор ооруткан абалдарын эстесем азыр тим эле өксүп жатып ыйлагым келет. «Мен да иштейм, шаардын чок ортосунан үй сатып берем» дечү. Атам жөнүндө эч нерсе айтчу эмес. «Интернатка күндө барып турам, сен үйдү сагынбай, андан көрө бүт күчүңү окууга жумша кулунум» деген сөздөрү өмүр бою кулагымда жаңырып турат.

Мамам шаарга иштеп кетип эле кабарсыз болуп калды. Айылда жашагандардын көпчүлүгү шаарга барып-келип иштешчү. Кечки автобус келерде жол тосуп, кичине балдар топтолуп калчубуз. Автобус келатканда ураалап сүйүнчүбүз. Балдар бардыгы ата-энесин, эжесин, байкесин тосуп алып, ээрчишип кетип калышчу. Мен чоң жолдо жалгыз калчумун, мамам келбей калды. Кээ бир энелер боору ооруп, көңүлүмү көтөрүп, момпосуй берип коюшчу. Караан келатса да күтчүмүн. Келген сайын жаңы көйнөк, шым, ручка, дептер апкелип берип жүргөн мамамын келүүсү азая берди. Мен жүдөй түштүм.

Көрсө мамам Маевка айылына турмушка чыгып кетиптир. 80-жылдардын башында Маевка айлынан бир автобус жүргүнчүлөрү менен авария болгон, ошонун ичинде мамам да бар экен. Анын экинчи жолу авария болушу эле. Ушул аварияда ооруканада узакка жатты. Сагынганын жазсын дештиби, айтор мени тайта-тайнем мамама алпарышты. Палатасына кирерим менен «мама» деп жанына чуркап барсам, аябай таң калып мени тиктеп калды. Жайылган кучагымы түшүрүп колуна колумду койсом, колун чочугандай тартып алды. Таң калыштуу көз караш менен карап, мени тааныбай атты. Мен өзүмү ыңгайсыз сезип, ызаланып сыртка чуркап чыгып, ооруканадан качып бараттым.

 

Арадан эки ай өткөндө тайкелерим «мамаң биздикинде отурат, азыр силердикине келет» дешти. Мен кемпир апама «мени жок, бир жакка кетти деп кой» деп качып кеттим. Мамамы көргөнгө даабай койдум. Балким эркелигимдендир. Бирок, менде кандайдыр бир коркуу сезими пайда болуп туруп алган. Ал мени үйдө отуруп кечке чейин күттү. Кошуна турган алмалуу бактын ичине кирип бекинип жатып алдым. Кемпир апам «ойноп кетти» деп коюптур. Кечинде келсем «азыр эле кетти» деди.

— Мени жок деп айттыңбы? – десем,

— Ооба, сенин айтканың мен үчүн закүн да — деди кемпир апам.

Кайрадан кызык боло баштадым. Алма бакка бардым, бирок отура алчудай эмесмин. Жүрөгүм опколжуп туруп алды. Автобус токтогон акыркы аялдамага чейин келсем, эч ким көрүнбөйт. Кайра чыдабай чоң жолго чуркадым. Трассага жетип келип, элеңдеп карасам эч ким көрүнбөйт. Шалта менен чоң жолдун ортосу бир топ. Күйүгүп калыпмын. Өпкөмү басып эс алып отуруп калдым. Канча олтурдум билбейм...

Мурда жолдун жээги жыш тигилген жүзүм болчу. Жүзүмдүн арасынан бирөө келаткандай туюлду. Тура калып карасам мамам экен. Ал да мени көрүп сүйүнүп кадамын тездетти. Кандай кылып көрүшөрүмү ойлонгонумча жүзүмдүн ичинен чыга келди. Таяк таянып чолоңдоп келатканын көрүп дагы коркуп кеттим. Көрүшөм деген оюм заматта жоголуп, кайрадан артка көздөй качтым. Анымы күтпөгөн мамам кыйкырып жиберди «токто» деп. Бир топ узап барып артымы карасам, кол булгалап чолоңдоп чуркап келатат. Мен жеткирбей кетип калдым. Ошондо таягын көрүп кызык болуп кеткем. Баламын да, азыр ошол таягы менен сабаса мейли эле…

***

Убада боюнча 6-класска көчкөнүмдө атам шаарга алып кетти. № 5де берки балдары окугандыктан, мени № 4кө берди. Интернаттын директоруна атам каратып туруп, мени «картаң кемпирдин баласы, энеси багалбай калды» деп айтты. Мен унчуккан жокмун. Кичине болсом да, көңүлүм ооруп, жүрөгүм ачышып калды.

 

Тоо-ташта ээн-эркин жүрүп, клеткага түшүп калган жырткычтай болдум. Ишемби күндөрү кээде атамкына барып турчумун. Мени эч ким бооруна тарткан жок. Атам жактырбай, үйдөгү иш бөлмөсүнө кирип кеткен бойдон мен кеткиче чыкчу эмес. Атамкына барганым күн өткөн сайын азая баштады. Шалтадан эч ким келип мени алып кеткен жок. Өзүм да жеталбай калдым. Биринчиден автобуска төлөгөнгө тыйыным жок болчу, экинчиден агай-эжейлер жөнөтчү эмес. «Ай дээр агам жок, кой дээр кожом жок» өзүмү-өзүм билип калдым.

Балдар менен чыгып буфет, ашканалардан булочка уурдайбыз. Кээде милицияга түшөбүз. Интернатта шоктук жагынан досторум Калыгул, Никулин, мен үчөөбүз таанымал элек. Мен Оке деген атка конгом. Бир нерсе жоголсо эле келип, биздин чөнтөгүбүздү аңтарып киришчү. Үчөөбүз бир күнү жакшы окуган Байыр деген баланын чемоданын аңтарып акчасын уурдап алдык, 8 сому бар экен. Кайра өзүндөй кылып жаап салдык. Эки-үч күндөн кийин футбол ойноп атсам, Байыр чакырат.

— Оке, бери келсең — деп. Алаксып ойной бердим. Дагы чакырды, барсам:

— Оке, акчамы бергиле — дейт.

— Кайсы акча?— дедим Чын эле унтуп калыптырмын.

— Үчөөң чемоданыман акчамы уурдап алган турбайсыңарбы — деди.

— Жөн турчу, сенин 8 сомуңу уурдап алып эмне кылмак элек? — деп ийиптирмин.

— Уурдабасаңар 8 сом экенин кайдан билесиң? – деди. Мен колго ушинтип түшүп калгам.

Жылдар өтө берди. Класстан класска эптеп-септеп көчүп аттым. Шалтага чейин жөө барып, анда санда каттап калдым. Барган сайын ыйлап, айланып-тегеренип, жалдырап тосуп алган картаң апамын мүнөзү өзгөрө баштады. Көрсө Сагын эжекем (кызы) мени бандит, ууру, жолотпо, үйүңө киргизбе деп коюптур. Акыркы кездерде «качан кетесиң?» деп кетиргенче шашчу. Мамамы да такыр келбейт деп айтышты.

Тайне, тайтам, тайкелерим, картаң апам, мамамдар менен билинбей эле алыстап, кол үзүшүп бараттым.

***

Сегизди бүткөндө атам келип, мени профтехке өткөрүп кетти. Бул турмушка да көнө баштадым. Балдар мени «поэт» деп чакырышчу. Армиядан келген байке бир жылдыкта окучу. Мени жакшы көрчү. «Бирөө тийишсе эле мага айт» дечү. Агасы болом деп чогулуштарыма катышып берчү. Мен 16га чыкканда ал байке «атаң шаарда тургандан кийин кантип туулган күнүңү белгилеп бербесин. Баргын да айт, досторум менен келем де. Эң жакын эки-үч досуңду алып барып «день рожденияңды өткөрүп кел» деп үйрөтүп, үйгө жиберди. Өгөй энем командировкага кетиптир. Атам араң көндү. «3 баладан артык келбесин» деп катуу эскертти. Сүйүнгөнүмү айтпа. Училищага учуп жетип сүйүнчүлөп, 3 досуму саат алтыга барып калгыла деп адрес таштап келдим. Атам картөшкө аарчытып, «эми кууру» деди. Эптеп эзилтип атып куурудум. Ушул жетет, жеп алып, кетип калгыла деди.

Үч досум да келип калды. Жөн келишпей бирге окуган үч кызды эрчите келишиптир. Атамын итатайы тутулуп, бөлмөсүнө кирип кетти. Биз тар кухняда отуруп картөшкө жедик, алар мага белек беришти. Радиодон жеңил музыка берилип калганда бир досум «кел вальска түшөбүз» деди. Үчөөбүз туруп үч кызды бийге тарттык. Өмүрү вальска түшүп көрбөгөн жаным, кыздын белинен кучактаганга жетине албай мадырайа түштүм.

Ошол тушта эшик шарт ачылып, атам сурданып кирип, «беркел» деди калчылдап. Баргандан корктум, бирок кыздардан уялганыман бардым. «Эмне көтүң туруп калдыбы?» деди да «чуу» эткизе жаакка бир салды. «Жогол, азыр жоголгула, сени экинчи бул үйдөн көрбөйүн селсаяк» деди. Ошондогу кыздардан уялганым ай, жети өмүрүм жерге кирген. Ыйлайын деп кыздардан уялып, ызам ичиме батпай бук болгом. Атам мага эмне үчүн ушунчалык өчүккөн билбейм. Төрөлүп калганым үчүн күнөөлүү эмес элем да. Атам ай, атам...

Профтехти бүткөндө 18ге чыктым. Армияга чакырылып, эртең кетем деген күнү атама барып айттым. Ал күнү атамкына түнөп калдым. Эртең менен таң атпай туруп үйдөн чыгып баратсам атам «кел олтур, бир мүнөт молчание» деди орусча. Берки балдары болуп чогуу бир мүнөт «молчание» кылдык. Босогого жеткенимде «жакшы бар» деп үйүндө калып калды. Бир тыйын акчам жок эле, атам мага 5 сом да карматып койгон жок.

Военкоматка келсем бардыгынын ата-энеси, бир туугандары узатып, кээ бирлери ыйлап жүрүшөт. Ушундай таттуу узатып атышат. Узатат деген ушундай турбайбы дедим ичимде. Мен болсо жалгызмын. Эч ким узаткан жок. Ушу күндөн баштап жалгыздыкка үйрөндүм. Качан эле үйрөнгөм дечи, бирок мурда жанымда өзүм кырдуу балдар болуп, алар менен оюнга алаксып жүрүп мынчалык жалгыздыкты сезген эмес экемин. «Поездге түшкүлө» деген команда болгондо гана энесинин, атасынын кучагынан бошонушту.

Поезд жаңы жылып баратканда «Нурга-зы» деген кыйкырык чыкты. Айнектен мага орун тийчүдөй эмес. Мени ким издемек эле деген ой менен өзүм деле айнекке жутунган жокмун. Үн поездден калбай ээрчип келатат. «Нур-га-зы». Тайтамын үнүн тааныдым. Балдарды түртүп жиберип айнектен башымы чыгардым. Тайта, тайнеми эч нерсе дечү эмес элем. Эмне дээрими билбей «ата-а» деп кыйкырып жибердим. Тайтам ат чаап келатыптыр. Айнектин тушуна жете келип:

— Ме кулунум, ал, жолдон тамак ич, муну болсо барганда кий, Орусия суук болот. Жакшы барып кел. Мамаң жакшы болуп калды, кыздуу болгон, аты Толгонай. Картаң энең, тайнең салам айтышты. Угуп жатасыңбы? Нур-га-зы-ы, дилгирем салып жибер жеткенде, кат жаз, солдаттан келгенде түз эле үйгө кел, кулунум, айланайын ай … – тайтамын үнү тээ алыста, алыста-а калып калды. Аты да өжөр экен, поезд менен тең жарышкан. Тайтамын карааны үзүлгүчө кол булгап кете бердим.

Колумдагы кагазды карасам 25 рубль экен. Анан жылуу өтүк. Өтүктү кучактап алып, шолоктоп ыйладым. Ыйлабайын десем да көзүмдүн жашы токтобой койду. 11 жыл өткөргөн Шалтадагы балалыгым көзүмө көрүнүп туруп алды. Айыл, суу, жол, чаң, чүкө, балдар, кыздар, мамам, кемпир апам, тайкелерим, тайне-тайтам, айылдагы кемпирлер, чалдар, бардыгы көзүмөн жаш болуп куюлуп чыгып атты.

Армияда жүргөндө бардыгына кат жаздым, бирок жооп жазышкан жок. Службамы жакшы, ойдогудай өткөрүп бүтүп поезд менен үйлөрүбүзгө кайттык. Жанымдагы балдар өз мекенине жеткендерине жетине албай сүйүнүп бири-бирин куттуктап, кучактап атышты. Менчи…Баары тескерисинче. Кайда жана кимдикине барам деген көйгөй турду алдымда. Армияда жок дегенде уктай турган жерим бар эле, төшөгүм бар эле, тамак ччү элем, көнүп калгам элем. Эми кантем?... Бешенемде не жазуу бар экенине көзүм жетпей келаттым.

Кулакты чарчаткан поезд өзү да чарчап, күшүлдөп таң супа салганда борборго жетти. Мен атамын үйүнө чейин жөө келдим. Бирок кире албадым. Кайра жөө Ош базарына келдим. Шалтанын автобусуна чыксам айылдаштарым отурушуптур. Мени көрүп таң калышты:

— Аскерден келгендер такси менен барат үйүнө. Жүр таксиге түшүп баралы, сүйүнчүлөйбүз — дешти. Болбой койдум. Мен үчүн бирөөлөрдүн сүйүнчү беришерине деле көзүм жеткен жок. Картаң апам, тайтамдар болуп бир короодо турчубуз. Мени көрүшүп, армиядан эмес, шаардан эле келаткандай кабыл алышты. Тайтам каза болуп калыптыр.

Мен чоңойгон жапыз там менин боюм менен эле тең болуп калгандай сезилди. Бул үй илгери ушул айылда биринчи салынган экен. Чоң тайтам бай болгон. Жанагы эки кемпирдин каза болгону чоң байбичеси, картаң апам токолу эле. Жатарда каалганын илгичин илип кой дегенде, илгичке боюм араң жетчү. Үйүмү эң чоң, айылдагы үйлөрдүн эң мыктысы деп сезчүмүн. Байдын үйү болгондуктан заңгыраган ак сарай болуп көрүнчү мага. Үйдүн чоңдугунан түндө жатарда картаң апам илгичти илип, анан айры менен түртүп, менин сабак даярдаган столуму сүйөп койчу. Коркконунан ушинтсе керек. Тайтамын үйүндө да түнөп калчумун, бирок алар эшикти кулпташчу эмес, ачык эле турчу. Сабак даярдаган столум да чоң көрүнчү, аябай кичикий экен азыр көрсөм. Тыпыйган кичине сарайыбыз бар эле. Ичинде чөп-чар, отун, көмүр турчу. Тайтамын тоогу келип жумуртка тууп койчу. Мен жумуртканы койнума бекитип, үйгө апкелчүмүн. Картаң апам эшикти бекитип, кууруп берчү. Тамак жасабай калган күнү мен тайтамкынан тоюп келчүмүн. Картаң апам эмне жасашыптыр деп сурачу. Мен айтсам мага деле ала келбейсиңби дечү. Бербесе кантип алып келем дечүмүн. Сурабайсыңбы апама бер деп дечү эле байкуш апам. Аябай сагынган экемин үйүмү, ушунун баары көз алдыман чууруп атканда:

— Качан кетесиң? – деп сурады картаң апам баягысындай эле. Сагын эжекем менин балалык уурулугуму айта берип кемпирдин жүрөгүнүн үшүн алып койсо керек. Кечке жуук чыгып кеттим жапыс тамыман. Ошол акыркы көрүшүм болчу...

Атамкына келип звонокту бассам өгөй энем ачты эшикти. «Нургазы пришел, выходи» деди атамын атын чакырып. Атам бөлмөсүнөн чоң турсачан чыгып, «а, келдиңби?» деди колун сунуп. Пропискага туруп, атамын шымын кичирейтип кийип бир жумача туруп калдым үйдө. Атамын кабагы ачылбай, чогу отуруп тамак жебей, өз бөлмөсүнөн чыкпай калды. Үйдө мен артыкбаш экеними сезип, эптеп бир ишке орноштум да, досторумкуна, тааныштарымкына түнөп жүрдүм.

Келерки жылы Тажикстанга кеттим. Окууга тапшырып өттүм. 2-курста акчадан кыйналдым. Заводдо ит багып иштедим. Советтер Союзу урап, завод жабылып калды. Жашоо оорлой баштады. Аргам жок атама кат жаздым 100 сом сурап. Атамын иши илгерилеп, ити чөп жеп, ташы өйдө кулап турган кези болчу. Бирок акча салгандан баш тартты. Окууму таштап келе бердим. Ош базарынан таанышыма жолуксам «энең өлүп калды» деди. Үч энем болгондуктан «кайсынысы?» деп сурадым. «Мамаң» деди. Жаман болуп кеттим. Бирок көзүмөн жаш чыккан жок. Эмне үчүндүр бардык туугандарыма балалык кыялымда, сезимимин түпкүрүндө кек калгандай туюлат. Көкүрөгүмдө өчпөс тактын изи тургандай сезилет. Алимент төлөгөндөн коркуп, атам мени алып келип, же окуунун өтөлүнөн чыгарбай, же жашоону үйрөтпөй туруп наристе кезимде жылуу ордуман козгоп, талаага алып келип таштап салганын кантем?! Колуна папка кармап, башына шляпа кийип барган эле «чоочун кишиге» мени кармата салган тайларымды не дейм?! Тишимди тишке басып атама келип:

— Мамам каза болуп калыптыр, жүрүңүз барып келели — дедим.

— Мен деген энең менен сенин алты айыңда ажырашкам. Кантип бармак элем? Керекпи эне, сен бар, — деп эшигин жаап алды.

Ошол жерден Шалтага чейин жөө мүрзөгө бардым. Шаардан ала келген гүлдү коюп, куран окудум. Кайгырып канча отурганымы билбейм.

***

Окубагандан кийин эптеп иш таап иштеш керек болду. Бөкөнбаев-Белинский көчөсүнүн кесилишиндеги камокко спирт сатып ишке орноштум. Акчаны уучтап таптым. Логвиненко-Бөкөнбаев көчөсүндө жайгашкан бир үйдү сатып алмай болуп калдым эле, биртике акча жетпей калды. Мейли деди үй ээси, бөлүп-бөлүп төлөй бер. Анткен жокмун, бирок, менден акча карызга сурагандар көбөйүп кетти.

Ошол күндөрдүн биринде Айнура деген эски таанышым учурап калды. Ал арманын айтып сыздады. Кыздарда бир эле арман болот эмеспи, жигитим таштап кетти деген. Анын да жигити таштап кетиптир.

— Таштап кетсе эмне экен, жигиттен көп неме жок, башкасын таап аласың деп көңүлүн жубатсам да болбой боздойт. Сен эмнени билесиң дейт.

— Билбесем айт да анан. Мен барып сүйлөшүп көрөм, ким ал өзү деги — дедим кыйынсынып.

— Мен анын ким экенин билгеним менен ал кайсы жерлик экенин же каякта экенин билбейм, билсем сени убара кылбай эле өзүм издеп тапмакмын. Алданып калдым бир көргөн балага, сен ошону түшүнөсүңбү.

— Андай боло берет да, эми андан сонунун таап аласың тигиңи унутуп каласың — дедим.

— Такыр кепке түшүнбөгөн макоо экенсиң, менин боюма бүтүп калды деп атам.

Мен селт этип кеттим. Аны аяганыман сүйлөргө сөз таппай калдым. Ошол жигитти а дүйнөдөн таап келип бер десе да жок дебейт элем. Кантип көңүл жубатарымы билбей туруп калдым.

— Сенин жардамың керек мага — деди. Мен баарына даярмын дедим. Кандай жардам деп да сураган жокмун.

— Сен эркектик кылып, мени мамамын алдына алпар. Курсагым төрт айлык болойун деп калды, байкап калса өлтүрөт мени. Биз экөөбүз төрт айдан бери жашап жүрөбүз дейбиз. Анан сен кетип каласың — деди. Эч нерсе ойлонбой туруп макул дедим. Мунун ою эле эптеп апасына бетин ачып алуу болчу. А башкалары эмне дешсе ошо дешсин болчу.

Менин акчама Ош базарынан белек-бечкек кылып Айнуранын апасыныкына такси менен баратабыз. Мен аны чоң азаптан куткарып жатканыма өзүмчө эле курсантмын. Апасы экөөбүздү көрсө сүйүнөт болуш керек деп култуңдап келатам. Үйүнө кирерибиз менен «ай тигиниң ким?» деди апасы ачууланып.

— Мама, азыр түшүндүрүп берем, таанышып койгула бул Нургазы.

— Кайсы Нургазы?— деп жулунду апасы.

— Ну, мама, азыр айтып берем деп атпайымбы, кое турсаң. Адегенде Нурик алып келген даамдан ооз тий, анан таанышып дегендей, сүйлөшөбүз.

— Эмнени сүйлөшмөк элем, алып кетчи алдагыңы көзүмө көрсөтпөй.

— Мама, биз үйлөнгөнү атабыз.

— Жинди болбочу? – энесинин көзү мага чачылып кетти акшырайганда.

— Ошондой болуп калды, мама, айтпай жүрө берсек иш чатагына айланып кетчүдөй…

Энесине эмне деди билбейм, аркы бөлмөгө кирип кетишип, иши кылып ынандырып келгендей болду. Энесинин тиштери кырчылдап мени аз-аз жерден жеп жиберейин деп, баарын токтотуп эми сөзгө өттү.

— Та-ак, эми эмне дейсиң, той качан жана каерде өтөт— деди. Мен тилими жутуп алгандай Айнураны тиктедим. Менин ордума ал жооп берди. Ата тегими сурады. Айттым. Астыма качан түшөт деди. Мен дагы тигини тиктедим. Атамын адресин сурады.Үйдүн номерин, телефонду жазып алды.

— Эртең кечке чейин күтөм, келбесеңер ташыңарды талкан кылам, бар кете бер — деди.

Айнура узатып чыкканда айттым, өтө татаалдашып кетти го, атама барып чатак кылбайбы деп.

— Коркпой эле гой, мен турам го. Анын үстүнө сен жигиттик сөз бердиң да, эми аягына чыгып бер — деди.

— Мен го чыгып берем, бирок атамы кийлигиштирип кереги жок — деп узап кеттим.

Жаман ишке кириптер болуп алганымы сезип, чийки май жеп алгансып, кечке көңүлүм суз,ыңтайсыз абалда жүрдүм. Телефонду, адрести айтып жибергениме өкүндүм. Айтпасам деле ал жулкунган аял оңой эле таап келет болчу. Бетими ач деди эле, ачып койдум, эми энесине ыгы келгенде айтып түшүндүрөр деп ишиме мурункудай эле келип кетип иштеп жүргөм. Бир жумача өткөндө Айнура келди, менин мамам сенин атаңын үйүндө отурат, атаң сени чакыртып жиберди деп. Иш өлгөн экен деп ойлодум. Барбай койсом деле болмок, бирок Айнураны аядым. Анча болду эми барып, энесинин көзүнчө мойнума алса алып, бетин ачып коеюн, андан эмне болмок эле дедим. Жетер жеткиче Айнура колдоруму кармалап, же колтуктай коюп, айтор жалынган көз караш менен баарын билдирип келатты, ал мойнуна албай койбосо экен деп корккону эле.

Кирип келсем, атам бул эмне шермендечилик деди. Ким булар, тааныйсыңбы? Мен Айнураны тиктедим. Айнура карегин көлгө чөктүрүп алгансып мени тиктеди. Менин бир гана сөзүм азыр анын тагдырын чечмек. Жок десем кареги чулп этип көлгө чөгүп кетмек.

— Ооба — дедим. Дегиче болбой беймаалы энеси азыр милиция чакыртам, таш жарган атагыңы ташка чабам, эл караган бетиңи көр каратам деп жулкунуп кирди. Атам эптеп жатып ал аялды көндүрдү. Ал аял менен алышып атып атам мени чапканга үлгүрбөй калды. Өгөй энем үчөө эптеп тилге келишти. Иши кылса эмне кылып кетирди билбейм, тажаал аялды кетиришип, Айнураны алып калышты. Ал экөөбүз ушул үйдө жашап калмак болдук. Ызы-чуу басылып, кеч кирип, баары бөлмөлөрүнө кирип жатып калышты. Биз Айнура экөөбүз кухняда тиктешип отурабыз.

— Эми эмне кыласың? — дедим.

— Жашайм сени менен — деди.

— Кантип, андай болушу такыр мүмкүн эмес…сен... — андан аркы сөзүмү эптештирип айта албай койдум тоого такалгансып.

Күндөр өтө берди. Мен атамкына Айнураны көрүш үчүн же мындан ары анын тагдыры эмне болорлугун ойлоп, келип коюп жүрдүм. Өгөй энем бизге боору ачыдыбы же баласы үйлөнгөндөр ушинтип бөлүш керек үчүнбү, айтор үйүнүн ичинен кичине орун бөлүп, төшөк салып берди.

— Сен жата бер, мен кухняда эле отура берем — дедим ага.

— Жок андай болбойт, үй сеники, сен жатышың керек, мен кухняда эле отура берем — дейт ал мага. Ошентип атып экөөбүз тең жатмай болдук.

— Эми эмне кылабыз, мындан ары жагы эмне болот? — дедим. Себеби бир болбогон иш үчүн күндө атамын жемесин угуп кетип жүрүп кыйналып кеттим. Бизди бардыгы жашап атышат деп ойлоп жүрүшөт, эрди-катын деп эсептешет.

— Сен сыр бербей эле кой эми, мен сага өзүңө окшош уул төрөп берем. Экөөбүз жашай берели. Атаңкында жүрүш кыйын болуп атат мага, үйгө барсам мамам киргизбейт. Менин эми сенден башка эч кимим жок. Жакшы жашайлы, квартира тап, чыгып кетели — десе эреркеп кетип жанына жатып алдым.

Келген тааныштардын баарынан квартира билген жериңер барбы деп сураштыра бердим. Канча адамдык деп сурашканга мен, аялым экөөбүз деп теңирейем. Апей эмне аялың бар беле — дегендерге, ооба, боюнда да бар, жакында уул төрөйт деп мурдуму барбайтам. Квартира да таптым. Матрац, төшөнчү сатып алып, Айнураны киргизип койдум. Мурда иштен кийин Ош базарынын бир жеринде жатып калчу болсом, азыр үйгө жанталашып, тамак-аш алып, керектүү буюмдарды сатып алып квартирага барам. Досторума аялымы жууп, кээде майрамдап коем.

Айнура чын эле уул төрөдү. Мен жууп эле жатып калдым. Баланы менин фамилияма жаздырбай койду. Себебин сурасам, «бала сеники эмес да, бирөөнүн баласын эмне кыласың?» деди. Анын баласына өз атадан артык боор тартып бараттым. Баланы жууп, майрамдап кеч келчү болдум. Сенин балаң эмес дегенде да ыза болуп ичип келчүмүн. Сен көп ичип кеттиң, экинчи келбей эле кой дей баштады. Мен келбей койсом сен кыйналасың, жашабай койсок болот эле эми тынч жашай берели дедим.

— Жок, Нургазы, убада боюнча сен менин бетими эле ачып коймоксуң, ачтың болду, эми кете бер. Мен жигитиме таарынып ушуну жасагам. Ал балалуу болгонун укса, бир күнү кирип келет, мен аны ар секундда күтөм. Сен жигиттик кылдың, эми аягына чейин эрдик кылып кетип кал. Мен сенин жакшылыгыңы өмүрү унутпайм — деди.

Бул сөздөрү кулагымын артынан кетти, себеби аялдын кыялын, мүнөзүн түшүнүш үчүн аны менен кырк жыл чогуу жашаш керек. Жөн деле жини келгенде айтып салышы мүмкүн эле. Бирок андай болгон жок. Ажылдаак энеси мен иштеген жерге чейин келип айкырып чыр салчу болду, кызыма барчу болсоң өлөсүң деп. Үйүнө көчүрүп кетти. Барсам такыр киргизбей коюшту. Мен болбой эле анда-санда бара бердим, алар болбой эле кууй беришти. Ичип да бардым, соо да бардым, баары бир жолотушкан жок. Алардын жасаган иштери мага ушу күнгө чейин табышмак, эмне себептен мени антип көргө түртүштү, билбейм.

Атам менен мамилем төрөлгөнү келишкен эмес эле. Алар ого бетер биздин ортобузду ыдыратып сөгүп салышты. Же атам мени менен уулу катары сырдашып, ичимди өрттөгөн арманымы бөлүшсө кана, аттаганат! Айнура төрөгөн баланы бардыгы меники деп ойлоп калышты. Ал тургай өзүм да боор берип калгам. Ошол ортодон өткөн алты ай менин башымы алай-дүлөй кылып таштады. Катуу уктап калып, узакка чейин көргөн жаман түштөй болуп, ушул окуялар мээмен чыкпай, жабышып, чапталып калгандай болуп, жаман кыйнады. Көзүмү жумсам эле Айнура, баласы, энеси үчөөнүн элеси тартылат. Ансыз деле турмушум илең-салаң болуп чачылып, бир нугу жок өтүп келатты эле, эми ого бетер чачырандым. Энеси, атасы жок, өмүр бою балдар үйүндө тарбиялангандар деле чоңоюп, жашоосун тартипке келтирип алышат экен, мен тартипке келтире албай аттым. Сатып аткан спиртимен ичип, бүгүн акыркысы болот десем, эртеси бир шылтоосу табылып турчу. Жыйып-терген акчам түгөндү. Аскерден түшкөн сүрөттөрүм, ала келген чемоданым баш оту менен жок. Качан, каерде калганы белгисиз. Айнура энеси экөө биригип, макулдашып эле мени ушундай абалга түртүп салышкандай болду.

***

Бара-бара катуу ичип кеттим. Түнөгөнүм дос-тааныштын үйлөрү. Ичкиликтин айынан иштен да кол жуудум. Колумдагы чоң жука пакеттин ичин толтуруп барганымда, жадырап-жайнап тосуп алган досторум эми барсам эшиктерин ачпай койчу болушту. Же жок дедиртип коюшчу. Суук түшкөндө кечинде кайда түнөйм деп бушайман боло берчүмүн. Күндүз тентип жүрүп, кеч киргенде азап болчу. Бир жолу Ала-Тоо кинотеатрынын жанындагы арчанын түбүнө түнөдүм. Чыйрыгып жата берип, күн шашке болуп калыптыр. Арчанын астынан чыгып, колуму жайып эснеп, керилип атсам атам өтүп баратыптыр. «Өлдүм!» дедим ичимде. Сөгүп, уршуп, жүр үйгө деп жетелеп кетет го деп турсам, тескери карап, көрмөксөн болуп өтүп кетти.

Туруктуу жашай турган квартирам жок аябай кыйналып кеттим. Башкалар деле акча төлөп квартираларда жашап жүрүшпөйбү. Мен деле күлүмү бир жерге додо кылып такай жашай турган квартира таап алайын деп ойлоп кулактандыруу боюнча квартира издеп жүрсөм, 6-микрорайондон бир эже жолугуп, өзү эле сүйлөп, таанышып кирди. Мен аты жөнүмү айтып, квартира издеп жүрөм дедим. Тигил окуядан кийин чыныгы фамилиямы жан адамга айтпас болгом өзүмө бөлөк ат, бөлөк фамилия коюп алгам. Квартира издесең жүр биздикине, мага да сага окшогон жакшы балдар керек деп үйүнө ээрчитип жөнөдү. Үйүнө жеткиче арыз арманын айтып келатты. Мен ал эженин мүнөзүнө түшүнүп-түшүнө албай, сөзүнө баш ийкеп коюп келе бердим. Мага квартиранын жарым эле пулун төлө, жарымына иш кылып бересиң деди. Эженин аты Батмакан эле. Батмакан эже сиңдисин жоктоп эки күндүн биринде шолоктоп ыйлап калчу. Сиңдим тирүү болсо эмгиче кирип келмек, бирөө өлтүрүп кеткен болуш керек дечү.

Мен Ош базарынан бир күнү эртереек келсем, эже чыдамсыздык менен күтүп отурганын айтып, жүр кеттик дачага деди. Жол тосуп шашылыш түрдө дачасына келдик. Ал ичкериден кетмен, күрөк алып чыкты. Ме күрөктү, мыногу домпойгон жерди каз деп, адам бою бата тургандай ченеп берди. Мен каздым. Бир метрдей казып бүтүп чарчадым. Бир нерселерди эле сүйлөнүп огородду кыдырып жүргөн. Мага келип, эч нерсе жок бекен деди.

— Эмне болуш керек эле?— дедим.

Ал жооп бергендин ордуна, бергел, мыногу жер домпоюп турат, ушу жерде болуш керек, каз деди. Дагы казып кирдим. Бир топ казып келип, чарчаганыман отуруп калдым. Жок бекен деди дагы. Жок экен дедим, эмнени казып атканымы түшүнбөсөм деле.

— Точно мына бул жерде, ушу жерди казып көр, бол — деди. Казып кирдим, бирок күүгүм кирип кетти, анын үстүнө өлө чарчадым.

— Казбайсыңбы?— деди.

— Чарчадым дедим.

— Анда жүр эс ал, тамак же, укта. Эрте менен эрте туруп дагы казабыз. Сиңдимин сөөгүн тапмайынча кетпейм, жакын эле жерде жатат. Өлтүргөн киши алыс эмес ушу эле жерге жашырган — дейт.

— Эмне деп атасыз?— дедим — сиз баятан бери сиңдиңиздин сөөгүн издетип аттыңыз беле?

Денеме суу куюп жибергендей ичиркенип кеттим. Мен катып койгон алтынын кайсы жерге көмгөнүн таппай издеп жаткан экен деп ойлогом.

Дачасы шаардан анча деле алыс эмес болчу. Сөөк издеп атканын укканыман кийин каяктагы уйку. Сөөк издеп жер казып атканым түнү менен түшүмө кирип жөөлүп чыктым. Сиңдиси келип менин сөөгүмү эмнеге издедиң деп мени муунтчудай боло берди. Шырп эткен дабыш уксам эле кыйкырып жибергенге даяр турдум. Батмакан эже кечинде колуман күрөк, кетменди алып атып, эртең эрте туруп мына бу жерди, дагы биерди, анан биерди казасың деп колун сайып көрсөткөн. Сиңдиси дайынсыз жоголуп кеткен үчүн эже ушинтип калса керек, же мурда эле ушундайдыр, а балким сиңдиси тирүүдүр. Жөн гана айтпай дебей бир жакка кетип калгандыр. Эч нерсе ойлонгум келбейт, ойлонсом эле бир окуя болуп кетчүдөй боло берди. Таң атпай турдум да жөө-жалаңдап шаарды көздөй качып келе бердим. Кайра кайрылып Батмакан эженин үйүнө барган жокмун.

***

Дагы көчөлөп калдым. Турбазада иштеген тааныш баланыкына барып, ал абалым жөнүндө түшүндүрдүм. Квартира да кеп бекен деди, кааласаң келиндердин үстүнө киргизип коем. Аялдарды үстүңө көмүп коем дос, эч кам жебе деди. Чындап эле турбазадан мага ылайык жай таап берди, ишке да киргизди. Оңуп калдым. Сат дегенин саттым, тарт дегенин тарттым, “бөрк ал десе баш алдым” дегендей ишин ойдогудай аткарып берип жүрдүм. Бирок, бир күнүбүз аялсыз өткөн жок, өзү айткандай аялдардын уясы экен. Деги жалгыз келчү эмес. Бир эжени алып келип тааныштырды. Фигурасы укмуш, мурда балерина экен. Арак ичип шарактап отуруп жатып калдык. Эртеси дагы, анын эртеси дагы. Ал эже эмнегедир кетем деп айтпайт, же мен кет деп айталбайм. Бир жумадан кийин гана кетейин эми дейт. Мени кошо жүр деди. Үйүнө алып кетиштин ар түркүн амалын кылды. Мен артыңыздан барам деп кетирип жиберип, артынан барбай койдум. Аны кетиргенден кийин деле бир эже келди, ал да кетпей калып калды. Дайыма эле кулагымын учу жара боло берчү, ошону көрүп калып, жараңы айыктырам деп жүрүп алды, же жарам айыкпайт. Биртке иштеп тапканым арактан ашпай калды.

Катуу ичип кеттимби, айтор билбейм, эмне үчүндүр көзүм көрбөй калды. Дейдип жүргөн күндөрүмүн бир күнүндө ооруканага жатып калдым. "Эми ичсең сокур болуп каласың" деди врач. Мен ичпей калдым. Адамга окшоп калган кезимде раматылык Бакытка жолуктум. Бакыт үстүмө үй берип, астыма аш коюп мени эл кылып койгондо сага жолуктум. Дейдиликтин чегине чекит койгондо Бакыт кырсыкка кабылды. Бакыттын трагедиялуу өлүмү мени кайгыга чөктүрүп салды. Бакыт мен үчүн атам да, энем да болчу. Мага эми Бакыттай адам эч качан жолукпайт...

***

Нургазыны баккан апа жакында жүздөн ашып каза болду. Былтыры күздө чай-чамасын жасап берип, көрүп кел деп жөнөткөм. «Сен кимсиң?» -деп сураптыр кемпир апа. «Нургазымын» — десе, «Менин Нургазым кичине болчу. Балдар уруп койбосун деп артынан жүрчүмүн. Колум бошобой калганда балдарга момпосуй, токоч берип, баламы урбагыла деп жалдырачумун. Сонун эле жашап атканбыз, өзүнүн төрөгөн энеси да талашчу эмес, анан эле кайдан-жайдан атасы пайда боло калып, баламы алып кетип калбадыбы. Же сен ошол Нургазысыңбы? Канчага чыктың?» — деп сурап, колун кармап алып ыйлаптыр.

— Аял алдыңбы?

— Алдым.

— Анда аялыңы жазда алып кел, бул жак суук, үшүп калат,— дептир. Жазда барсак, кемпир тың экен. Жаш кезде аябай сулуу болгону билинип турду. Көптөн бери көрбөгөн адамын тааныбай, «Сен кимсиң?» — деп сурай берет экен. Нурдун тайнесинин үйүндө отурганбыз. Кемпир апа: «Жүргүлө, Нургазы чоңойгон үйдү көрсөтөйүн» — деп бүкчүңдөп (биз эки жагынан жөлөп), жапыс кара тамга ээрчитип келди.

— Бул төшөктөр Нургазы сийип чоңойгон төшөктөр. Булар кичикийиндеги күрмө-шымдарын сөгүп, жасаган төшөктөрүм. Мына үстөлү, китеп баштыгы, чүкөсү, жазган дептери, оюнчуктары. Чоң кап алып келип салып кеткиле көзүмүн тирүүсүндө — деди.

— Бул үйдөн үшүп каласың апа, жүр чоң үйгө – деп Нур галошун кийгизип атып бутун кучактап, колдору менен сыйпалап:

— Апа бутуң муздап калыптыр, үшүп атасыңбы? – деди.

— Ооба, үшүй эле берем, быйыл кышта жылуу маазы-кепич сатып келип берчи, макулбу? – деген эле. Бирок, кемпир апа кышка жетпеди.

***

— Экинчи картаң апам тээ илгери мен колунан чыгып кеткенде эле ушундай картаң көрүнчү, көрсө анда жашыраак турбайбы. Бир дос кемпири улам эле үйгө келе берчү, кечке сүйлөшүп отурушчу. Мен апама «тигиңи кетир, азыр» дечүмүн. «Кой, антпе, келген кишини кет дебейт» деп койчу. Бир күнү угузуп айттым. «алдагы кара кемпирди кетир» деп. «Ой чечек, мен сага эмне кылдым, ыя?» деп тим болду. Мен ойноп бүтүп келсем дале отурат, курсагым ачып келсем деле отурат. Апам ал менен сүйлөшүп отура берип, мага анча көңүл бурбаганына ыза болдумбу, же апамы ашыкча жүктөн бошотойун дедимби, айтор эмне себептен экенин билбейм, тиги дос кемпиринин галошунун ичин толтуруп салдым. Кеч кире баштаганда «ой, эми кетейин, балаң да сени кызганып, чырылдап атат» — деп чыгып баратып галошун кийе койду эле буту суу болуп калды.

— Ий, чечек, бул чечектин эле колунан келди – деп галоштун суусун төгүп атып – Ой, өлүгүңү көрөйүн, сийип салган турбайбы – деди апама көрсөтүп.

Мен «ырас болду, экинчи келбейсиң» деп кампайып, короонун четинде шылдыңдап күлүп турдум. Ушул күнүм кайра кайрылып келсе, кемпир апамын колунан атам эмес таятам апкетем деп келсе кетпейт элем…

Атам адеп келгенде мамамы, мени ээрчитип, мүрзөгө алпарган. Мамам аябай ыйлаган, кичикий мүрзөнү кучактап. Кечке мүрзөдө отура берип, шаарга кете албай калган атам кайра бизди ээрчип үйгө келди. Мамам «атаң менен жат» деп, чогуу төшөк салып койду. Атам мени өпкүлөй берди. Кырылган сакалынын изи бетиме өтүп кетти. Картаң апамын тер жыттанган төшүнө көнүп калыптырмын, атамын атыр жыты жакпай калды. Уктай албай туйлай берип, атамын муздак койнунан суурулуп чыгып, кемпир апамын жылуу төшөгүнө кирип кеттим.

— Мамам эмнеге ыйлады, картаң апа? – дедим, ал мени кучактап өпкүлөп атканда.

— Билбейм, кулунум. Жөн эле ыйласа керек – деп койду.

Эртеси дагы сурадым. Улам эле эсиме түшкөн сайын сурай бердим.

— Сен чоңойгондо айтайын деп жүрдүм эле, эми айтса айтайын. Ошо дүпүйгөн кичине мүрзөнүн астында Чыңгыз деген бир тууганың жатат. Сенден улуу болчу. Тили чыгып, буту басып калганда чарчап калган. Мамаң унута албай кыйналып жүрөт.

***

Дейдип жүргөнүмдө ушул мүрзөлөргө да келип. түнөп жүрдүм, бирок картаң апама учурашканы келчү эмесмин. Мен өзүмү такыр жок болуп сууга чөгүп кеткен кемедей сезчүмүн.

Байтиктин мүрзөсүнө да көп барып түнөдүм. Бир жолку барышымда Байтиктин күмбөзүнүн ичи өзгөрүп калыптыр, шам жагышыптыр. Эч ким жок, тынч экен. Мен күмбөзгө кирдим. Куран окуп бүтөрүм менен бирөө сүйлөдү, карасам артымда бир узун киши турат. «Жакшы кыласың куран окуп, бул жерде Байтик баатыр жатат. Ары оозунда эл басып кирип аткан жети тепкичтин астында жети баласы жатат. Жакын туугандары жатат – деп эле тааныштырып кетти. Мен күмбөздөн чыгып, ал кишини ээрчидим. «Бул жерде болсо аябай бай көпөс жатат. Ушул чуңкурга пул ыргытсаң бай болосуң. Бүгүн да булардын саны бир кишиге көбөйөт. Бул жерде паланча, тиги жерде түкүнчө жатат» — деп эле таныштыра берди. Бир маалда алды жакты карасам, табыт көтөрүп, эл чубап келатат. Мен аябай коркуп кеттим. Бул киши бүгүн да бирөө өлөт дегендей кылбадыбы, тегин киши эмес окшойт деп, артымды карабай кете бердим. Бир нерсе болсо эле чуркап качайын деп ойлоп баратам. Узап барып артымды карасам, узун кара киши жок. Ого бетер жүрөгүм түшүп калды. Алды-артымы карабай учтум. Ошондон кийин мүрзөгө түнөгөнүмү койдум. Ал дагы аябай көп нерселерди айткан…

Бозоканага барып ырларымы окуп берсем, эл чогулуп калчу, кол чабышчу. Дагы-дагы деп суранышчу. Бозо алып беришчү. Мен кызып калып, кайра-кайра окучумун. Ошондо бозо ичип отурган токтолуп калган эле киши: «Балам, талантыңы кордобой, андан көрө редакцияларга барып иштесеңчи?» — деген. Дагы бир аял: «Мыкты ырларың бар экен, кайран талант сага кор болгон» — деди. Мен ырларымы көтөрүп алып, редакцияларга салпактадым. Кээ бири жарык көрдү. Калганын аракка алмаштырып жибердим. Азыр бирөөлөрдөн ошол ырларымы көрсөм, сөзсүз тааныйм.

Бара турган жерим калбады. Стоянкада айылдаш Картаңбай байкем менен аялы Айнаш эжекем иштөөчү. Алардын ордуна стоянкага туруп берчүмүн. Алар менин курсагымы тойгузушчу. Арак ичип жүрүп, көзүм көрбөй калганда Айнаш эжекем “Ала-Тоо” жаңы конушта жашаган молдого алпарды. Ал бир кара тоок сатып кел деди. Сатып барсам, мага тоокту кучактатып отургузуп, «азыр аялым дуба окуйт» деп, аялын чакырды. Аялы келип, дуба окуп бүтөйүн деп калган кезде тоок титирей баштады. Дуба бүткөндө тоок жан берди. «Сенин жамандыгыңы бүт чыгардым, эми арак ичпейсиң, оңолосуң» деди аялы. Тоокту алыс алпарып көмүп келдим. Ошондон кийин арак иче албай калдым. Кээде болбой эле ичип койсом, бир рюмкага эле кеңгирей түшөм. Дубасынын күчүнө таң калам. Азыркыга чейин мени ичирбей алып келатат.

Кара тооктун өлүмүнөн кийин намаз окуганды үйрөндүм. Бир жолу Бакыт сатып алган комбинатта намаз окуп атсам, баягы узун кара киши маңдайыма келип туруп алды. Эмне кыларымы билбей калдым. Намазды узакка чейин окуп отуруп алдым. Аягында алакан жайып бата кылып атсам, тиги киши жок болуп кетти. Дагы бир канча күндөн кийин намаз окуп бүтүп тура калсам, жанымда куран китеп жатыптыр. Бир жолкусунда жети сом жатыптыр. Жети сомдун эртеси Бакыт кырсыкка кабылбадыбы?

Биз Нур экөөбүз Бакытты эскердик. Аябай жакшы жигит эле, эсил кайран!

Ала-Тоодогу молдого барып келдик. Нурдан угуп бир курбум кара тоок ала барган, молдоке аялынан кызганып дубаны өзү кайра-кайра окуп атып өлтүрө албай койду эле, акыры аялын чакырууга айласыз болду, аялы дубаны бир эле жолу окуп, «сүф» дегенде тоок мүрт кетти.

Нур таап алган эски куранды көзү ачык Акмаралга сатып жибердим. Нурдун окуялары түгөнбөйт, кызыгы да, кайгысы да аралаш. Нурдун интернатта чогуу окуган бандит коллегасы Никулинди (өз атын билбейм) үйгө киргизбей кууп салчумун. Себеби көп иччү. Деги соо кезин көргөн жокмун ошол баланын. Бир күнү Нурдун кийимин кийип качып кетиптир мен үйдө жокто. Ошол бойдон такыр келген жок. Көрсө катуу ичип алып, көчөдө уктап калып, тоңуп калыптыр. Ал эми берки үчүнчү досу Калыгул тез-тез келип турат. Келген сайын «бизди гезитке чыгарганыңы койгун экинчи» деп тамашалап кетет. Анткен себеби бир жолу уруулардын тагдырын гезитке жазсам, сүрөт жок болуп калды. Мен альбомдон Нур, Калыгул, Никулиндин интернаттагы кучакташып түшкөн сүрөтүн чыгарып ийгем. Булардын бала чагын ким таанымак эле деп ойлогом. Адегенде эле Калыгулдун аялы Чика таанып коюптур, андан кийин туугандары тааныптыр. «Койчу эй, аяш, ушу кылганың жакшыбы эми, элдин бетин кантип карайм» деп гезитти көтөрүп келиптир болчу.

Андан бери канча убакыт өттү дейсиң. Убакыт өтүп эле атат, өтүп эле атат…

 

Китептин бүт жаздыруу

 

© Карагулова Б., 2010. Бардык укуктар корголгон
    Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

 


Количество просмотров: 8445