Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз
© Карагулова Б., 2010. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2010-жылдын 19-июлу

Бурулкан КАРАГУЛОВА

“Күндөй бала күн астында күлүп жат”

«Жамгыр» жыйнагынан алынган аңгеме. Чыгарма окурмандардын кеңири чөйрөсүнө арналат.

 

Сапар үйдүн эң кичүүсү болчу. Эң кичүүсү болсо да эрке болбой, мүнөзү кичинесинен эле токтоо болуп чоңойду. Үйүндөгүлөр Сапар дебей “Сапань”, “Сапанья” деп эркелетишкендиктен мен дагы Сапань дечүмүн. Университетти жакшы окуп бүтүп, “Кыргыз Руху” гезитине жаңы эле кабарчы болуп орношкон. Бою узун, өңү кара тору, көздөрүнөн жылдыз чачырап турчу. Мындай сулуу балдарды “каранын сулуусу” дейт элде.  

Эркиндик бульварын көркүнө чыгарып заңкайып келатыптыр. Учурашып калдык. Кайда баратасың десем, квартира издеп жүрөм дейт. Мен темир жол вокзалынан бир квартира берилерин таанышыман эрте менен уктум эле, ошого алпарайын десем, “сиз билип кое бериң, так болсо чалып коесуз” деди. Мен ишиме кирип сумкамы коюп эле кайра вокзалга учтум. Квартира бериле элек экен. “Мен азыр квартирант алып келем, эч кимге бердиртпе” дедим ошол жерде өтүкчү болуп иштеген кошунасына. Макул болду. Ишке келип эле Сапарга чалдым, келе кал деп. Көңүлдөнбөй койду.

— Эже, бүгүн чогуу иштеген Турусбек аке иштен чыгып бир квартираны көрсөтөм деген эле. Макул деп койгом, барып көрүп келейин – деди.

— Аны көрүп келип убара болгуча даяр квартирага кире бербейсиңби, от жакпайсың, суу ташыбайсың — деп нараазы болуп калсам, “улуу кишиге айтып койдум эле, сизге эртең келейин” деп туруп алды.

— Анда өзүң бил – дедим да телефонду коюп койдум.

Бирок Сапар эртеси келген жок, келбес жайга аттанып кетиптир. Бул биринчиден кырсык, экинчиден “сактансаң сактайм” дейт экен кудай да. Эрте менен күтсөм жок. Түшкө жакын башкы редактордун кабылдамасына телефон чалып Султанды сурасам секретарь кыз “жакында бошобойт эже, эки-үч күндөн кийин чаласыз го” дейт.

— Алыс кетти беле?

— Жок. Биздин бир кызматкерди түндө бирөө өлтүрүп кетиптир, ошо менен чуркап жүрөт— деди секретарь.

— Кудай сакта, кайсы кызматкерди?

— Сапарды.

— А-а?— трубка колуман ыргып кетти. Секретардын “эже, эже” деген үнү жерде жаңырып жатты. Эки колум менен башымы мыжып, столго чалп этип кулап түштүм. Тамара эже (Токомбаева) келип, “кайрат кылбайсыңбы, ушундай кантип болсун, кырсык да” деп көңүл улады. Менин көзүмдөгү жаш жамгырдай шатырап, төшүмө кулады. Бар күчүмү жыйып колума сумкамы алдым.

— Кайда – деди эже — алдагы кебетең менен редакцияга жетпейсиң сен, кое турчу— дегиче чыгып кеттим.

Эч ишенбей келатам. О кудай, түшүм болуп калсын, ойготуп жибер мени, ал баланын он гүлүнүн бири ачыла элек, жашасын, узак-узак жашасын. Редакцияга жеткенде эсиме келдим. Азыр Сапань алдыман чыга калчудай сезилди. Дароо кучактап өпкүлөп, өмүрүң узун болот экен деп айта тургандай болуп келатам. Кабылдамада секретарь тура калып кучактап калды.

— Эже, сиздин тууганыңыз экенин билбей калдым...— деп келатканда Султандын кабинетине кайрылдым – кызматкерлердин баары ичинде сүйлөшүп атышат— дегиче кирип кеттим. Султан тура калды. Мен аны көздөй уңулдап, көзүмүн жашын он талаа кылып келатсам ал да үн чыгарып кучактап калды. Кучакташып көпкө чейин ыйладым. Эч нерсе сурай албай койдум. Өздөрү кыскача айтып берип атышты. Азыр чогуусу менен моргко барарын айтышты. Кечээ эле Сапандын тирүү жүргөнүн көрүп жүрүп, бүгүн сулап жатканын көргүм келген жок. Мен ыйлап бүтүп-бүтпөй чыгып баратсам, “Сапар бул эженин кимиси болот эле” деп сурап калышты.

Сөөктү айылга алып кетишти. Келишери менен бир санды Сапарга арнап чыгарышты. Карбалас аке эскерүү жазсаң апкелип бер, чыгаралы деди. Мен минтип ыр жаздым:

Жеңе дебей эже дечүң, өз элең,
    Бүт турпатың жылдыз окшош көз элең.
    Алп денеңи жомоктогу баатырдай,
    Сүрөттөсө түгөнбөгөн сөз элең.

Сен баладан башкача элең жароокер,
    Уяң элең күлгөндө да жаркырап.
    Ажал үйгө ажал айдап не бардың,
    Арман тиштеп учуп кеткен каркырам.

Жап-жаш элең, жакшына элең садага,
    Ажал деген тойбойт экен адамга.
    Күндөй бала Күн астында күлүп жат,
    Күмүш күлкүң сээп кеттиң ааламга.

Уктап кеттиң уурдап алып түсүңдү,
    Алгыр көзүң түбөлүккө сүзүлдү.
    Айдай бала Ай астында аман жат,
    Алтын парда жаап турсун жүзүңдү.

***

Сапардын бир тууган агасы Бакыт:

— Квартирада чогуу жашачубуз. Келинчеги менен өзүнчө жашайлы деп квартира издеп калышты. Кечинде иштен келип эле аялын тур, кийин, Турусбек акенин квартирасына барабыз деп калды. Барып көрүп келели, кайра келип калабыз деп ээрчитип кеткен. Ошол күнү гонарар алып, иштегилерине майлап бериптир эле. Себеби редакцияга орношкондогу биринчи гонорары болчу. Жанында дагы 800 сому калыптыр. Такси кармап Турусбек акени салып алып микрорайонго кетишкен— деген.

Бирок, андай болбоптур. Тескерисинче Турусбектин жанын койбой “аялыңыз келгиче сиздикинде туруп туралы” деп сураныптыр. Ал “эки-үч күндөн кийин аялым келет, анан кайда барасың?” дептир. “Аялыңыз келгиче квартира таап алабыз, өзү деле 2-3 күнгө эле керек” деп акидей асылып туруп алыптыр. Анын үстүнө чогуу иштеген Жаркын эже да “кызык экенчиң эй, алып кете бербейсиңби, аялы экөө талаада калыптыр, суукка тоңуп өлүп калса мен жооп бересиңби?” дейт. “Эмне үчүн силер өзүңөр алып кетпейсиңер, кызык экенсиңер, мен эмне милдеттенмесин алдым беле, агасынын үйүндө турабыз деп атпады беле, мен азыр 4-микрорайонго барып хозяин менен макулдашышым керек, эгер ал макул болсо гана алып кете алам, өтө албуут татар, эки күндө бир уруксатсыз үйдү ачып кирип келип турат” десе Турусбек Сапан “аке мен такси кармайм, сиз хозяиниңизге кирип чыккыча биз таксиде күтүп отуруп турабыз” деп акидей асылат. Тобо, шайтандын мойнуна минип алганын курган бала билбеди да. Анын үстүнө Турусбек да жоош момун, бирөөнүн көңүлүн калтыра албаган, жок дебеген жигит. Көңүлүн оорутпай “жабышып эле калдың, барсаң бар, бирок татар отказ кылса таарынба, өзүмүн үйүм болбогондон кийин бул сурооңу турган жеринде эле чече албайм” деп коллективинин көзүнчө баарына угузуп айтып, шапкесин кийип сыртка кошо чыгат.

***

Таксини чоң кабат үйдүн алдына токтотуп, Турусбек күтүп тургула деп, кожоюнунун үйүнө кирип кетет. Эшикти көпкө такылдатып араң ойготот кожоюнун. Уйкусыраган татар араң туруп келип тааныгандан кийин жактырбагандай эшикти ачат. Эч нерсе сурабай эле “кир, өт” деп кухняны көздөй басып кетет. Анын көңүлү жок экенин көрүп Турусбек дароо эле сөз баштай албай буйдалып калат. Сөздү алыстан баштап атып, анан араң зорго “иним келди эле айылдан, аялым келгиче аялы экөө 3-4 төрт күн туруп турсун деп сизден руксат сурап келдим эле, уйкуңузду да бузуп койдум, кечирип коюңуз”дейт. Ныксырап жатып макул болот. Бир чыныдан чай ичишип коштошот. Сыртка чыкса такси да, Сапан да жок экен. 10 мүнөтчө күтөт да биздин үйгө кетип калса керек деп үйүн көздөй 5-микрорайонго жөө кетип калат. Үйүнө да келбептир, телефон чалар деп жатып алат.

Ал күн 11-февраль, аябай суук эле. Кайсы под”ездге кирип кеткенин да байкабай калышыптыр. Келин кош бойлуу болчу, үшүп чыдабай калат. Сапан таксиден чыгып барып, камоктон данаалап тамеки сатып алат. Өзү мурда чекпегендиктен жанында тамеки да, күкүрт да жок болчу. Камоктон алган күкүртүн күйгүзүп, тамекисин жандырып атса бир орус бала “күйгүзүп алайынчы” деп тамекисин күйгүзүп калат.

— Ушул райондо жашайсыңбы? – дейт орус.

— Жок.

— Коноксуңбу?

— Жок.

— Жок дегенди эле билесиңби?

— Жок. Эмне десем, квартира издеп келип калганбыз.

— Квартирабы? Ой анда жарасы жеңил эле экен. Канча кишисиң?

— Аялым экөөбүз эле.

— Таксиңди кетир анда, менин квартирамы көрүп кел, мага квартирант керек болчу. Эгер силер тынч жашасаңар анда көпкө чейин турасыңар, төлөмөрү да анча кымбат эмес. Жүр, жүргүлө – деп жакын эле жердеги квартирасына ээрчитип келди. Төртүнчү кабатта экен.

— Мынакей, каалагандай жашайсыңар, мага акчасын өз убагында эле берсеңер болду. Анда-санда эле келем, келген сайын балконго жатып алам. Апамдардын үйү бар, ал жакка кээде барып турам.

— Жакшы экен, бирок аялым экөөбүз кеңешип көрөлү— дейт Сапар. Ошол тушта тиги орус кухняга чыгып, стол үстүнө нан, туздалган капуста салат коет.

— Чечтиңерби? Жүргүлө даам ооз тийгиле, бойдоктун үйүндө жей турган эч нерсе деле болбойт эмеспи. Жарты чекушкам бар, экөөбүз бөлүшүп жутуп коелу— деп эки рюмкага куят.— Ке, силер үчүн, силердин ден-соолугуңар үчүн алып жиберели, дайыма жолуңарда жашыл жарык жанып турсун— деп жутуп ийет. Кухнясындагы бычактын түрүн көрүп келин “бул орус эмне касапчыбы?” деп таң калат.

Сапар мурда ичип көнбөгөндөн кийин жыттап туруп калат. Тигил жалдырап атып алдырат. Дагы куят. Алышат. Оруска аз болуп калат. Ка-ап дагы бир чекушка болсо дурус болмок деп тамшанып калганын көргөн Сапар:

— Мен камокко барып бирди алып келейин, бирок бир шарт менен. Мен ичкиликке анча жокмун, ошол себептүү өзүң жалгыз ичесиң – дейт. Орус жан деп макул болот. Жанагы аракты ичкенден кийин Сапар өзүн жаман сезе баштайт, жаны жер тартып жаткысы келет, башы кеңгирейт. Алып келген бөтөлкөсүн бузуп, оруска куюп берип:

— Сен шашпай отуруп иче бер, биз кетели, эртең келебиз – дейт.

— Мага ичирип коюп эле кете бересиңби? Мен деле көп ичпейм, ушундай жакшы достор келгенде “сеп” этип койгонум эле болбосо, ичкиликке жокмун. Эми бирди алып кой да диванга аялың экөөң жатып калгыла, баары бир эртең келе турган болгондон кийин бүгүн менен эртеңдин айырмасы кайсы. Эшикте ит өлгөн суук, жылуу жатып алгыла – деп диванга төшөк салат. Кыңырылып атышып, мейли калса калып калалы дешет да аялын “акеме чалып кой, келбей калдык деп, эртең төшөнчүлөрдү апкелгени эрте менен барабыз де” дейт. Келин кайнагасына чалса, кандай үй экен деп сурайт. Келин кандай экенин, даректи кошо айтат.

— Өзүңөргө жакса эле болду, мейли түнөп кала бергиле, түн бир убак болуп калды, келбесеңер уктай берели — деп акеси жатып алат.

Келин диванга кыңкайып, жука кийими менен жатып алат. Сапар орус экөө көпкө чейин ар нерселерди сүйлөшүп отурушат. Жата турган болгондо орус эшикти кулпулап ачкычты өзү менен кошо балконго алып чыгып кетет. Биринчи арактан дагы эле оңоло албай аткан Сапар чечинип ич кийимчен душка киргени баратканда келин токтотуп:

— Мен бул орустан коркуп атам? – дейт.

— Эмнеге?

— Эшикти кулпулап, ачкычын жанына алып алды. Анан ашканада бычактары аябай көп экен, мынча бычактын эмне кереги бар?

— Кой антип ойлонбой уктай бер. Мен турбайымбы жаныңда. Бүгүн жакпаса эртең келбей коебуз. Мен жанагы арагын ичкенден бери өзүмү жаман сезип калдым. Муздак сууга жуунуп келейин, эч нерседен коркпой жата бер— деп душка кирип кетет.

Ал сууну шаркыратып ачып, эңкейип алып башын муздак сууга жууп кирет. Ошол тушта келиндин жанынан орус шуу этип ашканага өтүп кетти. Ашканадан тизилип турган бычактардын шарак деген үнү чыгат. Келин бычактын үнү экенин жаздемдебей билди, бирок жаман ойдон алыс эле. Арадан саналуу секунддар өткөндө Сапардын ачуу кыйкырыгы угулат. Келин жука көйнөкчөн жаткан жеринен чуркап душка жетсе орус эки колу менен бычакты бекем кармап алып күч менен Сапарды сайып атыптыр. Мойнунан каны шоргологон Сапар аялына:

— Ка-ач, Сагын, качып кет, бол – деп кыйкырып атты. Келиндин жүрөгү түшүп калды. Кадимкидей эле бычактап атат.

— Аа-а-а – келиндин чыңырыгы коңшуларды ойготту. Эшикти жулкулдатты, ачылбайт, балкондо жылчык жок, адам жашай тургандай кылып тосулган. Айнек, терезелери катуу жабылган. Телефонго жабышат, кайнагасына чала коеюн деп, аны да орус жулуп салыптыр.

Сапар жан далбастап орус менен алышып атты. Бирок чоң, учтуу аш бычак желкесине сайылганда суудан башын серпип алып эмне болуп кеткенине түшүнбөй, желкесинин ооруганына чыдабай кыйкырган. Башынан, бетинен сууну сыдырып алып караса орус экинчи жолу күүлөнүп сайганы калыптыр. Колун тосо койсо бычак колуна, андан кийин төшүнө тийет. Аялына:

— Кач, ка-ач, качып кет, мени өлтүрүп атат, айнектен түшүп кет — деп кыйкырат.

Келиндин алдастап, күйөөсүнө болушуп ортого түшө калайын десе, тиги орус кадимки кинодогу киши өлтүргөндөй эле эрин сайгылап өлтүрүп атат. Бир гана ашкананын форточкасы ачылат экен. Жан деген ширин да, форточкага тырмышып чыгып, башын салып ылдый сойлоп түшөйүн десе төртүнчү кабат өтө эле бийиктик кылат экен. Жакын турган дарактын бутактары терезеге тийип турган. Бутактарды жандалбастап бекем мыжыгып эки колдоп кармап, көзүн жумуп боюн таштайт. Бутакка жармашкан келин жерге жетпей салаңдап калат, колун бошотуп ийсе күп этип түшүп, катуу тийет.

Келин кыйкырган бойдон чолоңдоп, ошол эле үйдүн биринчи кабатына кирип, жин ургандай эшиктерди чапкылап, кыйкырып жардам сурай берет. Бир картаң кемпир гана ачат эшигин. Келин орус тилин билчү эмес, колу менен жаңсап эптеп өлтүрүп атат деп түшүндүрөт. Кемпир милицияга чалат. Участкалык милиция жакын эле жерден араң дегенде 25 минуттан кийин келет. Кыштын кычыраган суугунда келин жылаңаяк, жука көйнөкчөн болгондуктан кемпир бир эски тапочка кийгизет бутуна. Милицияларга эптеп айтып бералбай, тиши тишине тийбей калчылдап, квартиранын номерин айтат. Эки милиционер төртүнчү кабатка чуркайт, бирөө балкондон секирип качып кетпесин деп сыртта калды.

Орус эшигин ачпай койду, тепкилеп сындыра турган болгондо ал дагы ашкананын форточкасынан чыгып, бутактарды кармап, оңой эле секирип түштү. Аңдып турган милиционер колун кайрып баса калды. Бирок орус алдыра турган эмес алышып кетишет. “Качкан да кудай дейт, кууган да кудай дейт” дегендей экөөнүн мушташы көпкө созулду.

Ошол кезде байкуш милиционерлерге тапанча же мылтык да берилчү эмес. Араң дегенде колун кайрып кардын үстүнө басып жыгып, берки шериктерине кыйкырат. Эшикти бузуу менен алек болуп аткан шериктери жерди көздөй чуркашат. Орусту ордунан тургузуп, колуна кишен салып, үйүн көздөй жетелешсе, жулкунуп кайра колдон чыгып кете жаздап араң кармап калышты. Эки жагынан эки милиция сүйрөп, бири артынан түртүп, төртүнчү кабатка эптеп алып чыгышат. Чөнтөгүндөгү ачкычы менен квартираны ачтырып киришсе Сапар душта канжалап сулап жатат. Келин чыңырып басып каларда милиционерлер кармап калышат да сыртка алып чыгат.

Рациядан берилген кабар жетип, дагы милиция кызматкерлери менен прокурор келип калышат. Бирөөсү келинди алпарып машинага отургузат. Келиндин кийимин кийүүсүнө руксат берилбейт. Көк муштум болуп тоңуп калганын көргөн бирөөсү үстүндөгү тонун чечип берет.

Келинди бөлүмгө алып келип суракка алганда алаңдап ар кайсы жеринен бир чалып-чолпуп айтып берет. Анын катуу коркуп калганын көргөн тергөөчү агасынын телефонун жазып алып бөлүмгө чакырмак болот.

— Алло, Бакыт барбы?

— Кимсиң?— дейт уйкусыраган үн.

— Октябрь райондук милициясынан, тергөөчү Ысманов.

Телефондун трубкасын үйдө калган Сапардын досу көтөргөн. Уйкудагы көзү умачтай ачыла түшөт.

— Аяш ака, милициядан деп атат.

Бакыт телефондун чырылдагынан ойгонуп кеткени менен балдарга чалып аткан кыздар болсо керек деп аяш үкөсүн ойготкон. Телефонго чакырганда жүрөгү жамандыкты сезип калтырап кетти. Трубканы кармаганда колуна ток тээп жибергендей болуп калчылдады.

— Сапар деген иниң барбы?— деди тергөөчү.

— Бар – деди Бакыт.

— Анда эми ал жок. Түндөгү квартира берем деген орус өлтүрүп салыптыр. Октябрь райондук милицияга срочно келип кал.

Бакыттын кулагы ызы-чуу болуп, башына кан тээп чыкты.

— Жо-ок, жалган! Жалга-ан! – трубканы күч менен дубалга бир чапты.

***

Кыш. Суук. Кар тизеге чейин. Сыртта караңгы. Кыбыр эткен жан жок. Түнкү саат үчтөн өткөн. Тү деген түкүрүк жерге түшпөйт. Аяз бетти чымчылайт. Жөө жетүүгө мүмкүн эмес. Бакыт өксүп ыйлай берип бетиндеги жаш муз болуп катып калды.

— Ака, сабыр кылың, балким жалгандыр, кантип эле Сапар бир оруска алы жетпей калсын. Сапар мүмкүн коргоном деп орусту өлтүрүп койгондур. Же түшүбүз болуп жүрбөсүн – деп аяш үкөсү жооткоткуча алыстан машина көрүндү. Жолдун ортосуна тура калып араң токтотушту. “Ал жакка баралбайм, алыс, жол тайгак” деди кыргыз шоопур. Бакыт акалап жалынды, тиги көнбөдү. Шарт буруп айдап кетти.

— Жөө чуркай берели, башка айла жок — деди үкөсү.

— Эмнеси болсо да шашылалы, мени көрсө Сапар көзүн ачып, тура калат. Отделге алып келсе демек тирүү да, өлгөн кишини алып келмек беле? Милициялар деле сүйлөп кое беришет.

— Ака, машина келатат.

Артта жай жылып машина келатыптыр. Бакыт жолдун чок ортосуна тура калып эки колун тез-тез алмаштырып булгалап атты. Орус шопур экен. Эшигин ачпай өзү отурган жактан башын чыгарды:

— Эмне, жашоодон кечтиңби?

— Абакебай, Октябрь милициясына жеткирип кой, каалаган акчаңы берем. Бир тууганымы өлтүрүп кетишиптир. Журналист болуп иштечү, интервью алам деп кетип эле жок. Отделден чалып чакырып атышат, суранам – деп Бакыт жалдырап буркурап ыйлап жиберди.

— Отур— деди картаң орус шоопур. Боору ооруп кетти. Отурганда да Бакыт ыйлай берди. Шоопур газды басса машина жолдон тайгаланып ары-бери чыгып кетет. Араң дегенде жетишти бөлүмгө. Бакыт 300 сомду кармата коюп аяш үкөсү экөө чуркады. Шопур алардын артынан кирди. Көзүнүн жашын он талаа кылып кирип келген баланы Сапардын агасы экенин милициялар дароо билишти.

Айнектин аркы бетинде сурак берчү орундукта бир орустун колуна кишен салып, столго чырмап таңып коюп, суракка алып жатышыптыр, Бакыт кел-айга карабай ошол жакка жулунду. Эки милициянын тосконго алы жетпей баратканда дагы экөө келип кучактап калды.

— Сабыр кыл, сурактын жүрүшүн сырттан карап турушуң керек. Отур мындай— деп орундук көрсөтүштү.

— Кана үкөм, үкөмү көрсөткүлө?!

— Ал моргдо. Келиниңе жолуктурабыз азыр.

— Келиниме эмес, оруска алпаргыла, тийбейм, кое бергиле, бир эле суроо берем, эмне себептен менин үкөмдү өлтүрдүң деп.

— Андай болбойт. Биз закон боюнча иштейбиз, андан көрө тынчыраак бол.

— Кантип тынч болом, үкөм өлүп жатса. Колума, бутума кишен салгыла, макулмун, мени жакын эле алпарып койгулачы, жалдыратпагылачы, силердин деле меникиндей бир тууганыңар бар да — деп жалынган Бакыттын көз жашы токтогон жок.

Артында карап турган киши алдыга өтүп Бакытты кучактап сабыр кыл деп чөнтөгүнө 300 сомун салды. Ал жанагы картаң орус шоопур болчу. Бакыт тынбай ыйлай берип, киши өлтүргүчкө жулуна берип алсырап калды. Сүйрөп келип орундукка отургузушуп, алдына келинди алып келишти. Чоң шинель, жыңайлак бутуна тапочка кийген келин, чачы жазылып сапсайып, көздөрү алаңдап бир алда болуп калыптыр. “Ака” деп Бакытка боюн таштады. Экөө өңгүрөп көпкө чейин ыйлашты. Колун кармаса тоңуп калыптыр. Шинелди жука көйнөктүн үстүнөн эле кийгизип коюшуптур. Бакыт курткасынын ичинен кийген калың жемпирин чечип келинге кийгизди. Бутундагы калың носкисин да берип, өзү жыңайлак эле өтүгүн кийип алды. Аяш үкөсүнүн шарфын чыгарып келинин мойнуна ороп койду. Келин энтигип, калчылдап болгон окуяны айтып берип атты.

— Шинель кимдики?— деди Бакыт.

— Меники— деди бир жаш милиционер.

— Үкөм, азыр бир саатта алып келип беребиз. Жүргүлө, моргго— деп келини менен аяш үкөсүн ээрчитип чыгып баратканда тергөөчү токтотуп калды.

— Ал жакка баргандан пайда жок. Өлөр бала өлдү, андан көрө тергөгө катышкыла.

— Ака, үкөмү көрүп калайын, чымындай жаны бардыр, аракет кылып көрөйүн ойготконго, балким оозуна үйлөш керектир, силер аны жасаган жоксуңар да.

— Иним, Сапардын жанын биз барганга чейин 27 минут мурун чыккан деп аныкташты тергөөчүлөр. Андан бери 3 саатка чукул убакыт өттү. Моргго тирүү кишини алпарбайт да. Андан көрө жигит бол, кайрат кыл, келиниң кош кат экен, доктурга жаткырбаса болбойт, төртүнчү кабаттан кош кат эместер да секире албайт. Тааныш, тууган уруктарга чалып айт, мына телефон.

***

Киши өлтүргүчтөн “Эмне себептен өлтүрдүң?” деп сурап атышты тергөөчүлөр.

— Билбейм, мас болчумун. Анын үстүнө нашаа кошулган аракты ичип алгам. Мен чакырган эмесмин. Өзү келген. Арак да апкелип берген. Мага көп ичирип койду.

Сапар бир рюмканы ичкенден эле өзүн жаман сезе берген, көрсө нашаа кошуп койгон турбайбы. Бирдекиде нашаа татып көрбөгөндүктөн шалдырай түшкөн. Болбосо ушундай олбурлуу неме мындай орустун бешөөнө алдырбайт болчу. Орустун үйүн тинткенде бир пакет нашаа табылган. Ал өзүнүн үйү эмес экен, квартирага алыптыр. Мурда да нашаа сатып колго түшүп, эки жолу кесилиптир.

Эртеси иштин жүрүшүндө анын ата-энесин таап, суракка катыштырганда, “Бизге мындай баланын кереги жок, атууга кетиргиле, бизди да жадатып бүттү, наркотика сайынат, ар дайым мушташ, ызы-чуунун арасында. Тез-тез квартирасын алмаштырат. Үйгө келсе уруш чыгарат. Ошон үчүн карыганда тынч өлөлү деп үйгө жолотпойбуз. Кандай чара колдонсоңор да мейли, иши кылып көздөн комсоо алып кеткиле” дешет.

Сот процесси башталгыча Сапандын жансыз денесин жашыруу үчүн түштүктөгү туулуп-өскөн айлына, ата-энесине алып кетишти. Султан кадырын салып Жогорку Кеңешке чыгып, андагы депутаттардын жардамы менен унаа берилет. Бүт коллективи менен чогуу сөөктү алпарары алпарышат да, энесине угуза албай кыйналышат. Себеби энеси эрте менен турганда эле кокуйлап, балдарын чогултат. Сапардан кабар алгыла, балам бир нерсе болду, Бакытка чалгыла деп. Улам жүрөгүн кармалап отуруп калат. Абышкасы кайдагы жорукту баштап атасың деп сүйлөнөт. Бирок, энеси кеч киргенде үйүнө кирбей, көчөнү карап дел болуп отура берет. Балдарын чалдыңарбы деп сурап жадатат. Жедеп караңгы түшкөндө давление болуп төшөккө жыгылат.

Эне жүрөгү да алдачу беле?! Дал ошо кечте айылды өрттөгөн суук кабар жакын туугандарына жетет. Эч кимиси даап энесине угуза албайт. Эртеси сөөк жеткенде да “угуза албай атабыз” деп көчөнүн башынан тосуп алышат.

Студент кезинен бери макала жазып жүргөн Сапар бир эле айылына эмес, районуна, ал тургай республикага таанымал болуп калган. Султан Раев аркылуу Сапардын денесин жерге берүү зыйнатынын чыгымын айыл өкмөтү көтөрөт. Мал союп, ун, май, кантын дегендей.

Бирок, Сапардын кыркылыгынан кийин айыл өкмөтү кетирген чыгымын үй-бүлөсүнөн кайтарып алды. Кыргызда “Өлгөн өзүнүн эле шору” деген сөз ошондон калса керек.

“Журналистти өлтүрүп кетишти” деген тема менен бир нече газеталар Сапар жөнүндө жазып чыгышты. Экспертизанын жыйынтыгы “Денесине 19 жолу атайлап өлтүрүү үчүн бычак сайылган. Бычак желкедеги тамырды, боор, бөйрөктү жарып салган, арка-белине, ичине бир нече жолу матырылган. Канды көп жоготуунун натыйжасында каза болгон” деп жазылган. Тагдырдын тамашасын карабайсыңбы, Турусбектин татар кожоюну ошол Сапар өлтүрүлгөн үйдүн астыңкы 3-кабатында жашайт экен. Ажал ар кандай шылтоо менен айдап барганын карачы, кайран баланы. Ал канкор 17 жылга эркинен ажыратылат.

Жогорудагы мен жазган ырдан кийин “сен бир тууган жеңеси болгон турбайсыңбы?” деп сурашкандар көп болду.

Катуу чочуп калган келин ай-күнүнө жетпей уул төрөгөн. Ара төрөлгөн баласы чарчап калды.

“Баланын күйүтү күч” дегендей, энеси да көпкө узаган жок.

 

Китептин бүт жаздыруу

 

© Карагулова Б., 2010. Бардык укуктар корголгон
    Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

 


Количество просмотров: 2250