Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз
© Карагулова Б., 2010. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2010-жылдын 19-июлу

Бурулкан КАРАГУЛОВА

Жүрөгүм сизден жараланган, ата

«Жамгыр» жыйнагынан алынган аңгеме. Чыгарма окурмандардын кеңири чөйрөсүнө арналат.

 

Ата, сиз бизди таштап кеткенде биз аябай эле кичине элек. Бөбөгүм бирден жаңы эле ашкан. Кичине болсом да баары эсимде калган. Бакчага барып мени өпкүлөп, башымы сылап, конфет берчүсүз. Көзүмөн, мурдуман, оозуман өпчүсүз. Жеп аткан конфетими алып, оозуңузга салып соруп-соруп, кайра менин оозума салчусуз. Күндүз бакчадан жолукканга кечинде үйдөн издей берет элем. Сагынып ыйлай берсем апам “атаң жок балам, ал такыр келбейт, алыска-алыска командировкага кеткен, сен эстүү, чоң кыз болуп чоңойсоң келет” деди. Мен “ал алыста эмес, ал мага күндө конфет алып келет” деп ыйладым. “Түш көрсөң керек, балам” дейт апам кейип. “Жок, түш эмес, бакчада баары көрөт атам келгенде” деп өксүйм. Сиз бакчанын жанындагы мектепте иштейт элеңиз.

Эртеси апам мени бакчага алып келатып мектептин короосунан сизге жолугуп “кызың аталап ыйлап атат, же чогуу жаша же балага көрүнбө, унутуп калсын” деди. Сиз адатыңызча секирип уруша баштадыңыз: “Кыйраткан кыздарды тууп койгонсуп, көрүнбө деп коет. Ушубу тууган кыздарың рахит кылып, буттары ийри, баштары чоң, кимге окшошуп калганы да белгисиз”. Уруш күчөп кетти. Апам бакчанын башчысына ыйлап кирип, мени кыргыз бакчага котортуп алды. Анда шаар боюнча бир эле кыргыз бакча бар болчу. Кыргызыңы койчу деп сиз бизди орусча сүйлөгөнгө үйрөтүптүрсүз. Кыргызча түшүнбөй аябай кыйналдым. Ошондо мен болгону беш гана жашта элем. Баары бир сизди сагына бердим, апама көргөзбөй ыйлай бердим. Бир нерсе эле жетишпей туруп алчу.

Кыргызча сүйлөй албай кыйналып жүргөн күндүн биринде бакчадан качып чыгып кеттим. Сиз иштеген мектеп мага жакын эле сезилчү, табам го деп ойлогом, бирок адашып кеттим. Кайра бакчамы да таап бара албай койдум. Чоң жолдун четине туруп алып бакырып ыйлап атсам, кыргыздар келди эмне болду, кимдин кызысың деп, мен кыргызча эч нерсе деп айта албай койдум. Ошо тушта бир картаң орус кемпир келип орусча сурап калды эле кучактап, бакырып ыйлап айтып берсем, бакчаңын номери канча дейт, билбейм десем, апаң кайда иштечи эле деди. Мен “билбейм, бирок китеп чыгарган жерде иштейт” десем, (ал кезде басмакана да бирөө эле болчу) “о, анда жүр, өтө деле алыс эмес, мен жеткирем” деп жетелеп апам иштеген жерди таап апкелсе, апам иш ордунда жок экен, түшкү тамактанууга кетти дешти коңшу бөлмөдөгүлөр. Ал орус кемпир мени аларга таштап койбостон, кайра ээрчитип, Киев, Шопоков көчөсүндөгү арзан тамак саткан ашканага алып келди. Апам байкуш тамакты жаңы эле алып отурган экен. Мени көргөндө аз жерден эси ооп жыгылып кала жаздаган.

Сиз менен ошо боюнча бөбөгүм 1-класска барганда көрүштүк. Мен сизди унутуп калгам. Апама кайра-кайра телефон чалып сурана бергениңизден бизди аябай жасантып, барпыратып ак бантик тагып сизге алып келди. Бөбөгүм экөөбүздүн окшоштугубуздан айрый албай башыңыз айланып турду. Кайра-кайра балчылдатып өбө берсеңиз, бөбөгүм “апа бул ким эле?” деди угузуп. Ал сөзгө намыстанып койбостон “мен атаңмын” дедиңиз. “Менин башка дагы атам барбы?” деп бөбөгүм апамын этегине жашырынды да, “менин атам айылда да, ал укса ыйлайт, сен эмне бул кишини мени атаң деп атасың, бул киши же эжемин атасыбы?” деп мени көрсөттү. Сиңдим алты жарымга чыга электе мектепке барган. Бул сүйлөмдөр сизге анча жага бербеди. “Ал чал тайтаңар болот” деген сөздү кечке кайталай бердиңиз.

Ош базардан жолуккандыктан жакын жердеги ашканага киргизип, 2 порция лагман алып ичкиле деп кыйнадыңыз. Ичели десек лагман эски экен, жыттанып атты, анын үстүнө апам тамак ичпей отурса. “Пулга келген тамакты ичиш керек” деп байсай бердиңиз эле, бөбөгүм жарымын жеп алды. Сыртка чыкканда апаман бөлүп алып, киоскиден 50 тыйындык эки сагыз сатып бердиңиз. Мен силерге “Адидас”, свети күйө турган ботас, көйнөк-шым сатып келип берем” деп айттыңыз. Эки сагызга алданып биз үйгө келдик. Колубузга бир тыйын акча карматкан жоксуз. Бөбөгүм түнү менен кусуп чыкты.

Арадан 7 жыл өткөндө биз цирктен чыгып, аптеканын жанынан өтүп баратсак алдыбыздан чыгып калдыңыз. Супсак кол алышып эле учураштыңыз. “Ушундай чоң кыз болуп калдыңарбы деп таң калдыңыз. Ошондогу анткорлугуңузду кийин билдим, көрсө “мага ушунчалык окшошуп калдыңарбы?” дегениңиз экен. “Кайда окуп атасыңар?” деп биздин дарегибизди сурап алганыңызча кап-кара, чачы үксүйгөн, дөөгө окшогон узун аял аптекадан чыгып келип эле атырылып, сизди жулмалай кетти. “Акмак, аягы суюк ит, бу катының менен соо эмессиң десем мойнуңа албай койбодуң беле?” – калган сөздөрүн кайталаганга тил барбайт, айтор мушташып кеттиңер. Көрсө ал төртүнчү аялыңыз экен.

Биз музыкалык мектепте окудук. Классика сабагында бийлеп атсам сырттан кирген агай “тебе отец пришел” деди. “Какой отец?” дептирмин таң калып.

— Ну... папа, наверное. Есть у тебя папа?— деди.

— У меня нет папы — десем, кыздар “жүр, биз чогуу барабыз, коркпо” деп жетелеп келишти. Сиз бир киши менен туруптурсуз. Кучактап, өпкүлөй бердиңиз, анан ыйладыңыз. Жаныңыздагы кишиге мени көрсөтүп:

— Менин улуу кызым, көрдүңбү окшоштугун, бою, бутунун түздүгү, фигурасы, өңү, жада калса басканы да меники— деп улам эле мени менен мактана бердиңиз. Мени төрөлгөндөн бери багып келаткандай түр көрсөттүңүз. Чоң капчыгыңызды ачып, жалаң кызыл акчанын ичинен он сомду сууруп, “ме, балмуздак алып же” дедиңиз. Ошондогу кыздардан уялганым ай! Гримерныйга кирип алып аябай ыйладым.

Арадан бир ай өткөндө “Мисс-...” конкурсунда жеңип чыктым. “Телевизордон көрдүм, аябай сулуу турбайсыңбы?” деп кызыл тувли алып келип бердиңиз. Ал тувлиңизди бир да жолу кийген жокмун. Биринчиден кичине келип калды, биринчи классымда алып берсеңиз балким киймекмин. Экинчиден кызыл кийбейм, сиз аларды кайдан билмек элеңиз.

Паспорт ала турган куракка жеткенде сизди издегеними алигиче унутпайм. Эптеп таап паспортуңузду алып келсем, ичинде бүт балдарыңыз жазылуу экен, биздин атыбыз жок, ыза болгонуму сезмек белеңиз. Паспорт столуна барып сиздин паспортту көрсөтүп, жаздырып келатсам дароо жетип келип калыпсыз мен паспортуңузду жеп алчудан бетер. Мингениңиз “Мерседесс”, колуңузда сотка (анда сотка эмне экенин деле жакшы түшүнбөйт элем), белиңизде пейджер, үстүңүздө кымбат баалуу кийимдер. Паспортко төлөгөнгө акча сурасам “энеңден сура, ал кыйратып багып атам, эч нерседен кем кылбайм дебеди беле, эми паспортко 50 сому жок бекен? Мен алимент салып атпаймбы, же албай атасыңарбы?” дейсиз.

Тилим кыска да! Жаман да, жакшы да болсо атамсыз да. Болбосо айтчу сөздү айтып алсам болот эле. Апамын денесине эмес, жүрөгүнө салган тагыңыз али өчө элек, ата. Адегенде сегиз, андан кийин он алты сом алимент салчу элеңиз, биз окуну бүтөөрдө уялганыңыздан 50 сом салып калдыңыз. Ошону да көп көрчүсүз. Апам сизге теңелип сотко берсе үй мүлкүңүздүн жарымы кетмек. Апам жаманчылыкка барган жок. Салган акчаңызды алып атканда атактуу акындын кызы Тома эжеке “албай эле койчу ушул акчаны, өзүңдү басынтпай, мен сага айына ушунун ордуна жыйырма эсе берип турайын” деп айтканын да билем. Ал эми апам менен иштеген Асел эже инвалид күйөөсүнөн 2200 сом алимент алып турчу. Анын күйөөсүнүн караманча эки көзү көрчү эмес. Бирок, көкүрөгүндө намысы бар азамат эле.

Элүү сомду деле салбай калдыңыз, себеби биз окууну бүтүп, Москвадан окуп, иштеп кеттик. Сиз менен болсо такыр көрүшпөй калдык, бирок мактанган сөздөрүңүздү туугандарыңыздан угуп калабыз, “кыздарым менин копиям, суп-сулуу, акылдуу” деген. Кийинки аялдарыңыз төрөгөн кыздарыңыз эмне үчүн сизге окшоп сулуу эмес, эмне үчүн үксөйгөн-саксайган, акылдары неге тунук эмес, ата. Төрөлгөн балдар 99% энесин тартаарын билеттирсиз. Бакча менен мектептин ортосуна туруп алып, “кыздарың рахит, өңү суук, буттары ийри, баштары чоң” деп жаман аялдарча кыйкырып апамы урушканыңызды такыр унута албай койдум.

Ата, анан да сизге айтарым апамын сулуулугу менен бир эле биз эмес, бүт Кыргызстан сыймыктанат, ушуну унутпасаңыз экен. Апамын эмгегине башымы ийип, тизе бүгүп таазим кылам.

Фамилиямды ушул убакка чейин которбой жүргөнүмө өкүнөм.

 

Китептин бүт жаздыруу

 

© Карагулова Б., 2010. Бардык укуктар корголгон
    Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

 


Количество просмотров: 2120