Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз
© Карагулова Б., 2010. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2010-жылдын 19-июлу

Бурулкан КАРАГУЛОВА

“Эр алдырган – жан алдырган”

«Жамгыр» жыйнагынан алынган аңгеме. Чыгарма окурмандардын кеңири чөйрөсүнө арналат.

 

Урмат Апсаматова, Кыргызстандык, Россиянын гражданы:

— Менин Москвага келгениме 7 жыл болду. Өзүмүн 5 балам бар. Үч квартира кармайм. Жалаң кыргыздар жашайт. 60 адам жашаса 60 көйгөйү болот. Квартирант болуп келип эле үч айдан кийин курсактары дөмпөйүп чыккандар бар. Ушу кезде 3 наристени, экөөнү энесин кошуп багып жатам. Үч жарым айлык кызды Айжан деген кыз төрөп, таштап кеткен. Ал Ошто жүргөндө боюна бүтүп калыптыр, ичине пояс тагынып, Москвага төрөп кетиш үчүн атайын келген экен. Аба-ырайы жакпай калып шишип кетти эле, доктурлар “кесерово” жолу менен операция жасап баласын алышты.

“Боюма индустан бүткөн” деп айтты уялбай. Колуна алмак түгүл, тиктеп да койбойт. Балаңы ала кетпейсиңби десем, алып эмне кылам, бүтпөдүбү дейт. Ачык эле таштап салды. Боюн оңоп-түзөп, тыңып алып, Кыргызстанга кетип калды. Барып эле сүйлөшүп жүргөн жигитине күйөөгө тийиптир. Ал күйөөсү нормалдуу болсо, ичиңдеги эмне тырык деп сурайт да акыры. “Кыңыр иш кырк жылда билинет” деген чын болсо, акыры “эл оозунда элек жок” болуп угулат, бети ачылат, абийри төгүлөт. Эри таштап кеткенге чейин барат. Кесерово ийгиликтүү болсо, экиден ашык төрөбөйт, ал эми операция ийгиликсиз кесилсе башка төрөбөйт, кайра эле ушул төрөп таштап кеткен кызын издөөгө туура келет. А мен бул кызды бир жаш аялга “оформить” этип өткөзүп бергени жатам. Мыйзам боюнча баласы бөлөк энеге кеткенден кийин анын дареги, ким экендиги айтылбайт.

Экинчи балага 1 ай 15 күн болду. Энеси Феруза төрөт үйүнө таштап чыгарда, араң көндүрүп таштатпай алдырып келгем. Бирок эмизбей койгон. Экинчисинде бир орус аялга берип салды эле, он эки күндөн кийин кайра өзүнө кайтартып бердим. Бир эмес эки жолу баладан баш тарткан аялга ишенсе болобу? “Жигитим Азат менен никеге турганбыз, үйүн да билем” дей бергенинен, темселеп подмосковьеге чейин машина жалдап алып барып келгенимчи?

Биз барган үйдөн бир келин жадырап-жайнап тосуп алды. Көрсө бир тууган эжесинин эң жакын досу экен. “Балалуу болдуңбу?” деп баласына үйрүлүп түшүп атканда, мен “Азат кайда?” деп сурасам, келин чочуп кетти, “эмне болду?” деп. Экөөнү элдештирип кетейин деп баласын алып, издеп келгендеги максатымы айтсам тиги келин оозун ачып, эси ооп, “шок” болуп отуруп калды.

Көрсө Азат деген жигит бул аяш эжесинин күйөөсү экен. Демек жакын аяш жездесинен төрөгөн. “Эр алдырган – жан алдырган” деп бекеринен айтылбаган да. Келиндин аты Айчүрөк экен, өзү да Айчүрөктөй болгон акылман, жүрөгүнө тоо баткан, сыр билги келин экен:

— Үйгө ат тезегин кургатпай тез-тез келип атса, балдарымы сагынып келип жүрсө керек деп ойлочумун. Акча, кийим берип, тамак-аш салып берип жөнөтчүмүн. Көрсө иш башкача турбайбы? Мейли эми “жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт”, бала Азаттыкы экени чын болсо багып алам, таштап кеткиле, балдарыман өйдө кылса кылам, асти кем кылбайм – деди Айчүрөк эриндерин дирилдетип.

Феруза ага көнгүсү жок, анын оюнда Азатты тартып алгысы келген. Ал эми өзүнүн бир тууган эжеси акчалуу жерде иштейт, сиңдисинин төрөгөнүн да билет. Төрт айдан бери бир литр сүт апергенге жарабаганынан жек көрүп жүрчүмүн, көрсө окуянын чоо-жайын толук билет экен. Анын үстүнө сиңдисинин айынан көздөй досунан ажырап атса.

Үчүнчү бала 2 ай 10 күндүк сапсары, көзү көк орустан төрөдү. Баланы таштаттырбай энеси менен чогуу багып аткам, бир күнү эрте менен турсам эле энеси жок, качып кетиптир. Ошо бойдон дайынсыз, кайда качканын да билбейм.

Беш жыл мурда да ушундай окуя болгон. Баласын таштаттырбай, энеси менен атасын көндүрүп, баланын тамагына жардам берип, квартира акыларын төлөп берип атып баштарын коштургам. Азыр ракмат айтып, ыраазы болгондорун жашырышпайт. Баласы 5ке чыкты, мени тайне деп келип-кетип, катташып турушат.

Менин максатым эле балдарды өз энелери менен калтыруу, аталарын таап берүү. Дагы бир тилегеним Кыргызстанда жашаган ата-энелер көздөрүн ачышса, жашы жеткен жана жете элек кыздарын жөнөтүшпөсө. Ата-энелери кыздарына телефон чалганда, акыбалыңар кандай, дениңер сообу дештин ордуна, “ало-о” дегенде эле пулуң тийдиби деп сурашат. Акчаны кайдан, кантип табарын ойлоп да коюшпайт. Биздин коңшу республикалардын элдери күйөөгө тийе элек кыздарын Москвага акча таап кел деп жөнөтүшпөйт. Акча жана күнүмдүк тамак үчүн жаш кыздар-балдарын жөнөтүп жиберишип же кабар алышпай, алар кандай жол менен кантип байлык чогултуп атканын териштирбей, көп жылдардан бери өлкөсүнө барбай койсо деле ай сайын салган 1 же 2 миң рублине ток болуп бейкапар жүрө берген энелерге таңым бар!

 

Китептин бүт жаздыруу

 

© Карагулова Б., 2010. Бардык укуктар корголгон
    Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

 


Количество просмотров: 1754