Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз
© Карагулова Б., 2010. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2010-жылдын 19-июлу

Бурулкан КАРАГУЛОВА

“Эч качан күйөөгө чыкпайм”

«Жамгыр» жыйнагынан алынган аңгеме. Чыгарма окурмандардын кеңири чөйрөсүнө арналат.

 

Жокчулуктун айынан мектепте окубай калдым. Атам эрте өтүп кеткен дүйнөдөн. Оруулу апамы үйгө жаткырып, бир бөбөгүмү үйгө калтырып, улуурагын ээрчитип көчөмө-көчө базардын аралыгын айланып-тегеренип, чуркап майда-чүйдө сатып күн көрүп жүрчүбүз. Тапканыбыз наныбыздан ашчу эмес. Апама дары сатып алалбай оорусу күчөп кетти. 

Ошондой күндөрдүн бир күнүндө базарда бир ачуу караан пайда болду. Ал көлөкө мен кайда бассам астыман чыгат. Хандалат деген эже чаңкылдаган үнү менен мени чакырып калды, барсам:

— Москвага барып иштейсиңби?— деп сурады.

— Кантип?— деп таң калдым.

— Ушинтип эле. Азыр бир аке келет, өзү Москвадан келген, сага жардам кылат элем деп атат, азыр жолугуп сүйлөшүп көр— деди.

Жанагы көлөкөнү чакырып, тааныштырды. Аябай тил эмизди, сендей балдарым бар деди. Кечинде келип апама айтсам “Кайдагыны айтасың, койсоңчу”, деп чочулады.

Апам экөөбүз эртеси тиги киши чыкырган жерге барып кезиктик. Заматта апамын бышын тегеретип койду, ай сайын 15 миң сомдон ашык акча салып турат деди. Апам анын сөзүнө муюганы менен “аке, балам азыр кичине да, мектепти бүтө элек” деп кайра-кайра айтып атты. Паспортту мен алперем деп убада берип, чындап эле паспортко төлөгөнгө пул берди. Мындай акча көрбөгөн жаныбыз, ээрип кеттик.

Паспорт алганга жашым жетелек болчу, бирок акча эмнени гана кылбайт...

Ошентип атаман улуу, кырктагы киши мени самолет менен алып келди. Дунганга окшош аялдын үйүнүн тар бөлмөсүндө жалгыз турчу экен. Ага орусча бирдеке деп эле сүйлөп аткан, ал аял мени таң калып карай берди, суроо берсе жер карайм, эч нерсе түшүнбөйм, тиги жан талашып жооп берет. Эртеси шаарды көрсөтүп, Черкисский деген арзан базардан бир сыйра жеңил кийим сатып берди. Кечинде жатарда төшөгүбүздү тийиштирип салып койду.

— Эмнеге анттиңиз?— десем,

— Хозяйкага сени аялым деп койдум, антпесем сени түндө чыгарып салат — деди.

— Коюңчу, эмнеге антесиз, мен небереңиз менен тең болуп турбаймбы. Ишке орноштуруп, мени башка үйгө киргизип коюң эртең?— десем,

— Эртең боло берсинчи — деп, алып келген арак, пиволорун жерге жайып коюп, ич деп кыйнай баштады.

— Жок ичпейм аке, мага булар эрте...

— Жок ичесиң, мен сени көргөндөн бери жүрөгүм туйлап, акыры алып келип тындым — деди уялбай.

Мен ыйлап жибердим. Аке, мени Бишкеке салып ийиң, бул жер жаккан жок, апама кетем деп төшөктү кучактап алып ыйладым. Ал бир топ кызып калды. Менин көзүмчө эле чечинип, анан барып светти өчүрдү. Мен бурчка качтым. Ал куурчакты көтөргөндөй эле көтөрүп төшөкө жыкты. Азыр кыйкырам десем, оозуму балтайган колу менен басып:

— Эй бечера, азыр талаада каласың, өлтүрүп кетишет, айтканга көн, жат, мен сени жебейм — деп көйнөгүмү сыйрып салды.

Анын алдында мен ажыдаардын оозундагы көпөлөк болуп, оп эткенде тишинин арасында кызыл жаян болуп жатып калдым. Он гүлүмүн жарым гүлү бүрдө й электе, атаман чоң кишинин астында соолуп калдым. Үч күн чала эс болуп жаттым. Төртүнчү күнү бирөөнүн ишканасына апарды да, аларга таштап, 15 миң рубль төлөп беришет деп кетти. Мен эмне жумуш кылам десем түшүнүшпөйт, колум менен жаңсап жууй берейинби деп полду көрсөтсөм, бирдеке деп шылдыңдап күлүшөт. Бир комнатага отургузуп коюшту. Түштө бирөөсү тамак алып келди, кичине жеемиш болдум, жүрөккө баспай койду. Жебейсиңби деди, мен токмун деп курсагымы сылап белги бердим. Анан банан апкелди, бананды аябай жакшы көрчүмүн, тартынбай бирөөсүн жеп салдым. Эми эртең кел дешти.

Үйгө келсем хозяйка бирдекелерди айтты, мен түшүнбөйм дедим. Кудай жалгап тиги киши келген жок. Эрте менен кайра кечеги ишканага бардым. Банан берген киши мени айланып эле курсагымы тойгузуп жүрөт, мен дагы пол жууйун деп белги берсем, сиди, сиди дейт. Сиди кылсам жаныма отуруп өпкүлөйт. Нет, нет десем, орусча дагы чулдурайт. Кечке отуруп чарчадым. Эми эмне кылам деп башым катат. Жанагы киши кирип 500 сомду көрсөтүп эски сумкамын оозун ачып, ичине салып койду. Эмнеге деп колумду жаңсасам кучактап кирди. Аябай апаладым. Өлүп алсам апамын шору, кандай кылар айла таппай дүйнөдөн өчүп турдум. “Ылайым эркектин баары кырылып калса экен” деп тиледим.

Эртеси көзүм шишип, сүйрөлүп араң келдим. Башка эмне кылам, кайда барам? Кимге жалдырайм, же үйүм жакын болсочу, чуркап качып кеткенге. Кирсем үч бөлмөнү көрсөтүп, жууй бер деди. Үчөө бирден ит талагандай талашат. Эмне кыларымы билбей, башым катып бүттү. Арадан төрт жарым ай өткөндө ичим шишип, бүлкүлдөй берди. Тиги шүмшүктөр анда-санда 200 сомдон берип койгону эле болбосо айлык берген эмес. Бешинчи ай дегенде 15миң рубль беришти.

Иштен кеч чыгып үйгө келатсам, “эй кыз токто” дешти орусча, мен укпамыш болуп баса берсем, 4-5ө мени көздөй чуркады. Мен болгон күчүм менен качтым, үй жакка эмес, эл көп метро жакка. Элге жеткенде тепкичтен тайып жыгылып, эсим ооп калыптыр. Көзүмү ачсам эл жарданып карап турат.

Бир эже кыргызча сүйлөдү эле, “эже-е” деп кучактап бакырып ыйладым. Себеби буга чейин бир да кыргыз көргөн эмесмин. Ал-жайымы кыскача айтсам үйгө чейин узатып келип, телефон номерин, үйүнүн адресин айтып, “эртең төшөнчүлөрүңү алып сөзсүз кел” деди.

Мен дунгандын үйүндө таңдын атышын чыдамсыздык менен күтүп жатам, бирок ичимин бураганы басылбай койду. Кадимкидей толгоо тарттым. Апамын толгоо тартып, бөбөктөрүмү төрөгөнүн көргөм. Таң агарып келатканда болбой калдым. Канчалык кармансам болбой эле бирдеке ыргып чыгып кетти. Коркуп титиреп, кантер айламы таппай аттым. Хозяйкага айтыштан корктум. Матрасым шатала болуп бүтүп калды. Козголуп туруп жанагы түшкөн немени карасам, кадимки эле балага окшош.

Эркек экен, бүрүшүп калыптыр.”Ушуну көрмөксүң шордуу” деп пакетке салдым, оозун аябай байладым да мусор чакага салып, матрацты көтөрүп эч ким ойгоно электе чыгып, бир топ алыс турган таштандыга таштап, кайра келдим. Эшикти култабай эле чыккам, дунган кемпир сезбептир. Үйгө кирип суу ичип өзүмө келип саатты карасам төрт экен. Кийимими, бир одеял, шейшепти сумкага салдым да дунгандын үйүнөн чыгып кеттим. Метрого жөө, теңселип, башым айланып араң жеттим. Москвага жаңы келгенде эле тиги кара жолтой менен метрого бир жолу эле түшкөм. Кантип түшөрүмү билбей турсам, бир кыргыз эже шыпылдап кетип баратат. Эже десем, эмне болду деди, мен адрести көрсөтүп, метрого кантип түшөм дедим.

— Мен да ошол метрого барам, жеткирип коем, жүр,— деп ээрчитип алды. Метродон да, метродон чыкканда да кыргыздарды көп көрдүм. Кечеги эжени оңой эле таптым.

— И, келдиңби — деди сүйүнүп.

Кирип эле уктадым, эртеси апама акча салып келдим. Телефон чалсам тирүүсүңбү деп өксүп-өксүп ыйлады. Бир жума жаткандан кийин тиги эжем мени бир эмес эки ишке орноштуруп койду. Көрсө бул кыргыз эже Москванын ички органында иштейт экен. Менден башка да кыргыз квартиранттары бар.

Азыр ишим жакшы жүрүшүп кетти, акчам да бар, бирок ... Убакыт деген билинбейт экен, арадан бир жыл өтүп кетти. 16дан жаңы эле өттүм. Ал эми паспортум боюнча 18ден аштым. Жаштайыман жүрөгүмдө так калды. Болгондо да өмүрү айыккыс.

Апама телефон чалган сайын эки бөбөгүм эжелеп телефонду талашышат, менин сүйлөшкүм келбейт. Эркек аттууну ушунчалык жек көрүп калдым. Колуман келсе эки бөбөгүмү кошуп туруп баарын өрттөп салгым келет. Эркек аттууну өмүр бою жек көрүп өтөм, эч качан күйөөгө чыкпайм.

Мен ушу чычкандай жаш кызды аяп, ойго батып келатып метромо кантип жеткеними билбей калдым, ал тургай үйүмө кетчү светофорлордон да кантип өткөнүмү билбейм. Көзүмөн жаш чыккан жок, бирок жүрөгүм менен ыйлап келаттым.

 

Китептин бүт жаздыруу

 

© Карагулова Б., 2010. Бардык укуктар корголгон
    Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

 


Количество просмотров: 2392