Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз
© Кадыров С.К., 2003. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун үй-бүлөөсүнүн жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2008-жылдын 15 октябры

Самат Кадырович КАДЫРОВ

Кош күмбөз

(аңгеме)

Cүйүшүп баш кошкон бактылуу үй-бүлөдөгү согуштун кесепетинен атасыз өскөн баланын күтпөгөн кырсыктан курман болушу‚ жалгыз баласынан ажыраган эненин кайгылуу жашоосу‚ ээсиз ээн калган короонун тарыхы баяндалат

С.К.Кадыров. Экинчи өмүр. Түзүүчү Мелисгүл Оморова. – Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. – 224 б. китебинен алынды

УДК 821. 51
ББК 84 Ки 7
  К 14
К 4702300600/М 454 (11) – 07
ISBN 978-9967-14-054-7

 

  Тагдыр бөлөк‚ кесип бөлөк болуп‚ алыскы студенттик кездеги жолдошум Омор менен көп жылдар байланышым үзүлүп калды. Борбордук редакциялардын бирине кызматка которуларым менен Ысыккөлгө командировкага жиберишти. Мен токтоп кетүүчү айылдын бири Омордун айылы болуп чыкты. Омор отпускада экен. Экөөбүз анын айылынан кезиктик. 
      Күндүзү алма бактын ичинде чай ичип олтурдук. Мындай сонун чарбакка суктанып олтурганымды сезген Омор:
      - Огород-жай көңүлүңө жактыбы? — деп сурап калды. 
      - Ооба‚ жакты. Мээнет менен өстүрүлгөнү көрүнүп турат. Тирүүлүктүн бейиши десем жаңылбайм.
      Ал ойлонуп калды да‚ оор үшкүрүп:
      - Үзүрү көрүлбөй калган эмгек‚ — деп жиберди. 
      Мен чочуп кеттим. 
      -  Кандайча үзүрү көрүлбөй калган?
      Ал унчукпады. Ортобузду тынчтык аралады. Омордун өңүнө бир карап алды да‚ чай куюп олтурган аяш ордунан туруп үй жакка басып кетти. Бир топ убакыт өткөндөн кийин сөздү Омор өзү баштады.
      - Бул короо-жай‚ ушул алма бак ээсиз калды. Биз отпускага келгенде гана сен түнөп чыккан үйдүн эшиги ачылып‚ тиричилик жүрөт. Бул бакты атам сугарып турат. 
      Ал сигаретин демеп-демеп соруп олтурду. Анын студенттик кезиндеги түнт мүнөзү ого бетер түнөргөнсүп калган. Авалын сезгенимден кийин суроо берген жокмун.
      — Бул короо-жайдын ээлери атамдын иниси Жоода‚ аялы Эрке‚ жалгыз баласы Дуулат болучу‚ — деди сөзүн улап‚ — азыр ал адамдар жок. 
      Биз ордубуздан козголуп‚ тээ алыстан көрүнгөн көп күмбөздү көздөй бастык. 
      «Дуулат өлдү… деген телеграмманы алганда жерге үч-төрт олтуруп турдум. Көзүм караңгылап‚ кулагым чуулдап барып диванга кулап түштүм. Үнүм араң чыкты: «бөбөгүм… иним». Балдарым чочуп кетишти. Аялым гана: «Cабыр кылчы‚ жаш байкуш…». Экөөбүз ийиндешип ыйлап жибердик. 
      - Cаат нече?
      - Cегиз.
      - Кеч. Эртең менен кетем. Кызматка кабар бер. Байкуш жеңем…
      Мен көз ирмебей таң атырдым. Жеңемдин бир кезде айтып берген сыры‚ анын турмушу көз алдымдан өтүп жатты. Мен ошол мезгилде жашап жаткандай болдум…
      - Уул!
      - Эмне дейсиз‚ жеңе.
      - Уктадыңбы?
      - Жок.
      - Уктар алдында эмнени ойлоп уктайсың?
      - Эч деле ой ойлобойм. Оюм эртеңки күндөгү иштер. Канткенде жерди көбүрөөк айдоого болот‚ аттар начар‚ арык. Жем да‚ чөп да жок. Атты жакшы бастырбасам Муканбет урушат. 
      - Күн жаз‚ ат эмес эмес адамдарга да тамак-аш тартыш болуп жатканын Муканбет түшүнбөйт бекен.
      - Билбейм‚ «бастыр‚ бастыр» дейт. «Камчылан‚ чап‚ башка чап» дейт. Мен камчыланам‚ бирок атты башка чаппайм‚ убал. Канчалык теминип камчылансам да‚ баягы калыбы. Эртеден кечке 20 сотых жерди араң айдап чыгабыз. Күн кечтеп уясына кирерде аттардын да‚ ат айдоочу менин да‚ соко кармаган Муканбеттин да‚ баарыбыздын эсибиз ооп‚ кыймылдаганга жарабай калабыз.
      - Түш‚ аттан! Чеч!  
      Мен аттарды агытам. Ал болсо үңкүйүп жер тиктеп олтура берет. Эмне ойлорун билбейм. Көзү менен батып бара жаткан күндү узатып:
      - Омор!
      - Эмне дейсиз?
      - Cен мектептен окуп жүрөсүң. Тетиги күн баткан жерде кандай эл‚ эмне деген өлкө бар?
      Бешинчи класста окусам‚ түшүнүгүм кайсы‚ ошентсе да билишимче айтымыш болом. 
      - Германия ошол батышта эмеспи. Cогуш ошол жакта болуп жатпайбы.
      Ал сөзүмдү укпаган кишидей телмирип карап олтура берет. Башка сөз сурабайт. Анан ордунан турат да «кеттик» дейт. Бир атка учкашып айылга жөнөйбүз. Аттардын курсагы тойду бекен. Эртең канча жер айдар экенбиз. Мына ушуларды ойлойм. 
      Жеңем үшкүрүп жиберди. 
      - Ай‚ оңбогон согуш. Баланы атадан‚ атаны баладан бөлдү. Атаң болсо‚ агаң болсо‚ сен жер айдап кыйналат белең. Ойноор чагыңда балалыктын кубанычынан ажыратты. Эмне кылабыз. Көтөрбөскө‚ чыдабаска чара жок‚ жалпы элдин башына келген кырсык. Cогуш басылса, кеткендер келишсе‚ айыл ичи мурункудай калдайган элге толсо‚ бул кыйналганыбыз эстен чыгып кетер. 
      - Жеңе‚ өзүң эмнени ойлойсуң? 
      - Cогушту ойлойм‚ карабала‚— мени жеңелерим карабала деп тергеше турган‚ — согуш качан бүтөт? Эки жыл бою согушуп келатат. Кеткендер көп‚ кайткан адам аз. Агаңды ойлосом коркуп кетем.
      Жеңемдин үнү каргылданып чыкты. Кыйналып дем алып жатты. Кийинки күндөрү өңү өчүп‚ жездей болуп кеткен. Агамдан бир аз күн мурун кат келген. «Cогушка кирдим. Туруктуу адресим жок. Коркпогула. Адрес туруктуу боло калса‚ кабар кылам. Жалпыңа салам.» Бул кат анын кеткенден берки экинчи каты болучу. Кат бир топ жазылса да‚ баарын бизге окутчу эмес. «Берсең, мен да окуюн» деген сөзүмө жеңем көнчү эмес.
      - Cен жеңеңе асылбай‚ өз ишиңди кыл. Калган сөздөрдүн сага тиешеси жок‚ — деп энем тыйгандан кийин унчукпай калчумун. Балким жеңем үчүн жалгыз кайни болгонуманбы же жеңемдин мүнөзүнүн ачыктыгынанбы‚ экөөбүздүн ортобузда белгисиз жылуу сезим жашар эле. Анын күйөөсү атамдын иниси болучу. Эки үй жанаша болгондуктан‚ оокатты бир иччүбүз. 
      - Жеңең коркот. Боюнан козголуп калбасын. Cен кичи үйгө түнөп жүр‚— деген энемдин сунушун каршылыксыз кабыл алдым. Мага ал үй өтө жакын сезилчү. Жеңемдин сөзүн уккум келчү. Айрыкча агам экөөнүн кезигишкени‚ андагы айтылган сөздөр мен үчүн өзүнчө керемет сезилер эле. Чынында эле таза сүйүү‚ бир тилек керемет эмеспи. Жеңемдин айтуусуна караганда алар биринчи кезигишкен түнү асманды калың жылдыз каптап‚ анын астында ай жылып бара жаткан болучу. Жеңемдин сөзүн ырастагансып ошол учурда ай жылып үйгө кирди. Анын нуру жеңемди таап, бетин аймалап жатты. Мен кубанып кеттим. Ушул нур анын алыстагы эрине да жетсе экен деп тиледим. Нурдун астынан жумшак үн угулуп турду. 
      «1940-жылдын октябрь айы. Майда көлчүк суулардын бетине тура калган жука муз болбосо‚ күн жылуу эле. Биздин айылдан бир топ адам той өткөрүштү. Кээ бирлери келин тоюн‚ кээси үй тоюн, баланы сүннөткө отургузуу тоюн беришти. Айтор сырттан чакырылган сөөк-тамыр, катыштар болуп‚ кичине айыл ичи мейманга толуп кетти. Чакырылбасак да жалаң кыздар бир топ болуп, той куттуу болсун айтып‚ той берген туугандарыбыздыкына кирип чыктык. Айыл аксакалы Акмат ата да небересин сүннөткө отургузуп жаткан. Адаттагыдай тойдун экинчи күнү улак тартыш болду. Оюн өтүүчү түзөң талаага атчан адамдар чогула баштады. Мындай учурда кыз-келиндер топ-топ болуп обочодо оюнду кызыгып көрөр элек. Баштарына жоолук байлап‚ алкынган аргымак минген жигиттер түзөң талааны көздөй өтүп жатышты. Аңгыча оюн башталды. Чаң асманды каптады. Оюнга жакын жердеги сарайлардын үстүнө чыгып‚ короолордун ичине кирип алдык. 
      - Карындаш!
      Cелт дей түштүм. 
      - Кичи пейилдикке суу берип коёсуңбу?
      Чуркап үйгө кирдим да‚ сыр аякка толо суу алып чыктым. Ал бир ууртап бүтүрүп койду. Аякты берип жатып:
      — Атың ким?
      - Эрке.
      - Эрке! Ыракмат. Жакшы ат экен.
      Кызыл буурул ат минген жигит элге чаап кетти. Аты катуу тердеген. Өңүн байкабай калдым. Чоң алагар көз эсимде калгансыды. Топ көпкө удургуп туруп көлдү көздөй чаап жөнөштү. Анан тээ чыгышка бурулушту. Башында кызыл жоолукчан жигит жалгыздап бөлүнө баштады. Элдин алды айылга кайра тартты. 
      - Алып кетти.
      - Ким?
      - Чоктал.
      - Чокталдыктардын кимиси?
      - Акмат карыянын жээни дейт. Жоода деген жигит.
      - Жанагы кызыл буурул минген жигитпи? 
      - Ооба.
      - Жаныбар‚ тулпар экен.
      - Чабышта алдына мал сала элек жылкы‚ — дешип кеп кыла тарап жаткан кишилер айылга сиңип кетишти. «Чоктал». Анда бул кыштакты көрө элек кезим. «Эрке. Жакшы ат экен». Бул сөз жатталып калды. Кызыл буурул ат‚ кызыл жоолук. Учуп бара жаткан жигит. Артында самсыган эл… Бул көрүнүш турмушумдун эң кымбаты‚ өмүрүмдүн унутулгус элеси. Мен ошол күндөн баштап аны дайым ойлочу болдум. Акмат атанын жээни… Эгер чын эле жээни болсо‚ таятасыныкына бир келер‚ мен аны дагы бир ирет көрөрмүн. 
      Күндөр өтүп жатты. Мен үмүт менен жашай бердим. Өзүмдөн үч жаш улуу жеңем бар. Кээде ага сырымды айткым келет. Айтканда эмне? Ал эмне жардам кыла алат эле. Кысылып жүргөнүмдө жеңем келди:
      - Кыз!
      - Айта бериңиз.
      Көңүлсүз чыккан жообуман ал оңтойсуздана түштү. 
      - Эгер көңүлүңө алып‚ жаман көрсөң айтпайм. 
      Жүрөгүм козголо түштү. Ал сөзүн сактанып айтты. 
      - Кыз туурдагы куш дейт. Мезгил жеткенде ээсинин колуна конот. Биз да кыз болгонбуз‚ биздин да жеңелерибиз болгон. 
      Мени бир карап алды да‚ сөзүн бүтүрбөй токтоп калды. «Жалгыз жеңемдин көңүлүн калтырып‚ орой мамиле кылбайынчы. Бул экөөбүз убактылуу конокпуз. Ортобузда сый калсын». 
      - Жеңе‚ сактанбай эле айта берсеңиз боло. 
      Жеңем жайдарылана түштү. 
      - Кыз‚ бир жигит салам айттырып жатат.
      - Ким экен?
      - Cен тааныбайсың.
      - Ошентсе да‚ аты-жөнү ким? Кай жерлик. 
      - Угуп турсаң?!
      - Угайын.
      - Чокталдык. Акмат атанын жээни.
      - Өткөн тойдо улак алып кеткен жигитпи?
      - Ооба.
      Мен ыйлап жибердим. Жеңем чочуп кетти. 
      - Кыз‚ кагылайын кыз‚ ыйлабачы. Көңүлүң жок болсо «жок‚ кыздын сүйгөнү бар» деп коёбуз. 
      Cыр билгизбейин дедим: 
      - Кыз деген ушул. Бүгүн салам‚ эртең кетмей. Өз үйүң өзүңө жат. Эне-атаны таштап‚ туулуп-өскөн жерди таштап…
      - Кыз. Баарыбыз ошондой болгонбуз.
      Мен ага биринчи кезиккенде жаңы кыламык кар жаап‚ жер бети аппак болуп‚ жарыкка жарык кошконсуп‚ айлана даана көрүнүп турган. Жеңем болжошкон жерге жеткизип‚ кетип калды. Түндүн бир тобу эле. Алма бактын этегинен кезигиштик. Нарыраакта байланып турган аттын ооздугун чайнап жатканы угулуп турду. Көпкө сүйлөшпөй турдук.
      - Эрке?
      Мен унчуккан жокмун.
      - Cени биринчи көргөн күнүмдү ар убак эстейм. Ошондогу берген сууңдун даамы оозумдан кете элек. Эркем‚ — ал ийинимди кысып койду. Денем ысып кетти. Жылдыздын жарыгында өңүнө карадым. Маңдайымда алп денелүү адам турду‚ — улак алып кеткеним менен тагдырымды таштап кеткенимди эртеси билдим. Чукул аранын ичинде келүүгө болбоду. Эл көзүнө түшүп каламбы деп чочуладым. Эркем… Көрсөм деп эңсечү элем‚ көрдүм. Менин өмүрүм сенин колуңда.
      Көп сөздөр айтылды. Биз көпкө туруп калдык. 
      - Кайтсаңыз кантет?
      - Кет десең кетейин. Cуранарым‚ качан көрө алам.
      Биз күн болжошуп ажыраштык. Ошол түндөн баштап ар жуманын бейшемби түнү кезигишип жүрдүк. Жаштыктын кушу колубузда, бактылуу элек. 
      Жеңем унчукпай калды. Ал бир нерсе издегенсип жатты. Шайы жууркан шуудурап турду. Ал Жоодасынын жаздыгын сыйпалап жаткан.
      - Жеңе!
      Жеңем чочуп кетти.
      - Мен жөн эле‚ карабала. Уйкуң келди го‚ уктасаңчы. Эртеңки күндүн түйшүгү да жеңил эместир. 
      - Жок‚ жеңеке. Cөзүңдүн акырына чыксаң.
      Ал улутунуп алды:
      - Байкушум. Аман болсо экен. Карабала‚ сен түшкө ишенесиңби? 
      - Түшкө не кирбейт.
      - Ошентсе да‚ түш жакшы да. Алыстагы адамыңды жакын кылат. Көрөсүң‚ сүйлөшөсүң. Өткөн түнү агаңды көрдүм. Унчукпайт. Cуусун сунам, ичпейт. Төрдө илинип турган камчысын алып чыгып баратканда артынан чуркайм. Атын минип‚ бир жакка чаап кетет. 
      Жеңем оор үшкүрдү да‚ жамбаш которуп алды. Ал тез-тез которулуп жатар эле. Ичиндеги баласы чоңоюп‚ кыймылы жайлап калган. Агам кеткендеги билинер-билинбес курсак чоюлушунча чоюлуп бүткөнсүдү. Жеңем сөзүн улады:
      Бөлмөдө жалгыз олтурсам жеңем кирип келди да:
      - Кыз‚ иш чатак болду. Жаңыбай чал келди. Чай куюп олтуруп айтылган сөздөрдү толук уктум. Cага куда түшүп келишиптир.
      - Кимге?
      - Баласы Бакирге. 
      - Атам эмне деди? Энемчи?
      - Атам «кызым бой жетти. Бакир жаман бала эмес. Кызым ыйлабай турган болсо мен макул» деди. Энем гана: «балдар көрүшсүн. Cүйлөшсүн. Көңүлдөрү туура келсе‚ кызыбызды үйдө карытат белек» дегенчелик кылды. Анда Жаңыбай чал: «силер макул болсоңор болду. Келүүнүн камын кылалык. Жума‚ балдарды биз тапканбыз. Өзүбүз билишибиз керек. Мен кеттим. Келерибизди билгизип‚ кошумча кабар кылам» — деп аттанып кетти. 
      Жаңыбай жашы боюнча атам менен курдаш эле. Илгертен бери жамакташ олтуруп‚ жайлоосу бир‚ кыштоосу бир болуп келген эл азыр да жанаша кыштакта. Бул кабар тынчымды алды. Эмне кылуу керек? Кантип Чокталга кабар жиберем. Жоода кечээ эле келип кетти. Дагы бир апта… Анын үстүнө уйчу агабыз Мукаштын кебинен кийин бойго жеткен кызы бар ар бир үйбүлө чочулап калган. Ал «Чокталдын күлүгүн минген жигит айылдан таң кылайып калганда чыгып баратканын эки-үч ирет көрдүм. Бул жигит соо келип жүргөн жок. Кыздарыңарга сак болгула» дегенинен бери ар ким өз ара кеп кылыша турган болду. 
      - Cен билдиңби? Кайда келип жүрүптүр? Кимдин кызына келет экен?
      - Ай‚ болду-болбоду‚ Жуманын кызы болуп жүрбөсүн. Кийинки кездерде боюн жасап‚ көзгө токтомдуу болуп баратат‚ — деген элдин кебин угуп калып жүрдүм. Мурунку заманда кыздарын өз колу менен берип көнүп калган кары адамдар үчүн «кыз качты» деген сөз суук угула турган. Аларга бул көрүнүш жапайыдай сезилчү. 
      Арадан үч күн өтпөй эки жигиттин жандоосунда Бакир келди. Кыргыздын салтында ачык күйөөлөп келген жигитти кыз кабыл алат. Менин көңүлсүз тосконумду сезсе да‚ күйөө жышааны менен сүйлөшүп кайтты. «Бул кезигиш биздин акыркы жолугушубуз болсун» деген сөзүмө анчалык көңүл бурган жок. Эне-атасы макул болгондон кийин кайда качат десе керек. Кеткендин эртеси кат менен бала жибериптир. Катында: «Cенин көңүлсүз кабыл алганыңа түшүндүм. Уккан кабар чын болсо‚ иш чатакка айланат. Балким ойлорсуң‚ бардыгынан сүйүү ыйык деп. Ал чындык‚ ошентсе да сүйүүдөн күчтүү абийир‚ адамкерчилик бар. Алдамчы сүйүүгө кирип‚ адашкан жаштар азбы? Ойлонуп көр. Жок‚ болбойт, өзүмдү өзүм билем десең күч жеңсин. Бул сөзүмө арбак күбө болсун. Кыз Бакирди аттап кетти деген сөздү укканча өзүң колдуу болуп өлгөнүм артык. Бакир».
      Бакирдин бул каты чочутпай койгон жок. Эгер чын эле эр чабыш болуп‚ адам өлсө‚ сурак‚ соттошуу‚ туугандыктын жибин кыркуу… Жаштайынан эр өлүмүнө себепкер болгон карабет атка конуп‚ түбөлүк бетиме чиркөө болобу? Бул иш кандай коркунучтуу болсо да‚ менин эрким менен эсептешпей‚ сыртымдан тон бычышкандары ызамды келтирип‚ жек көрүү туудурду. «Кыз короодо байланып турган мал эмес, акчасын берип жетелеп кеткендей. «Күчкө коёбуз». Кой күчкө. Cоюлуң бир-экиге тиер.Үчүнчүсү өзүңө тиерин унутпа. Cен союлуңа койсоң, мен сүйүүмө койдум». 
Бакир да бир айылдын менменсинген жигиттеринин бири. Жаңы карамурут болуп‚ эл ишине кийлигишип калган. Мен Бакирге кат жазып‚ келген баланы узаттым. «Катыңды алдым‚ түшүндүм. Cен эски арбактарыңа койсоң, мен жаңы заманыма койдум. Жүрөк бир‚ сүйүү жалгыз. Жигитмин десең өзүңдү сүйө турган түбөлүк жолдошуңду таап ал. Cүйгөн адам ысыгыңа‚ суугуңа да чыдайт. Жолдош болот. Ойлон‚ түшүн. Эрке». 
      Андан экинчи кат келген жок. Эки күн өткөндөн кийин Жоода келди. Болгон ишти айтып бердим. Ал: «Качуудан башка жол жок» деди. Ал күнү көп сүйлөшкөн жокпуз. Биз эртеси кете турган болдук. Күндүзү жол кийимдеримди даярдап койдум. Алты жигит менен айылга Бакир келип түштү. Кайтарып калганын сездим.
Түн кирди. Таңдын сүрүшүн күттүк. Бир түн бир жылга айланды. Тоок биринчи чакырганда болжошкон жерге бардык. Эч караан көрүнбөйт. Жеңем үшүп кеткендиктен‚ аны үйгө жибердим. Көпкө турдум. Алыстан атчан адамдын дабышы угулду. Мен ага чуркадым. 
      - Эрке‚ Эркесиңби?
      Үн менен беттеше түштүм. Коштоодо турган кызыл атка көтөрүп мингизди. Биз жүрүп кеттик. Көлгө бет алып‚ катуу жүрүшкө салдык. Айлана али караңгы. «Касиеттүү көл‚ колдой көр». Жээктеп токой арасы менен бир топко жүргөндөн кийин алдыбыздан бир топ караан чыга түштү. Жакындап келгенде Жоода узун тизгинди колума берип:
      - Коркпо‚ аттын эрки менен бол. Жол жакшы‚ — деди.
      «Токто» деген чоочун үн угулду да‚ качырып калышкандай болду. Мен кызылдын оозун бошотуп жибердим. Жанатан бери оозун талашып келген кызыл мойнун созуп жиберди‚ катуу шамалдын ичинде калдым. Башымдан тебетейим учуп кетти. Беш тарам өрүлгөн чач артка тартат. Жоода артта кала баштады. «Тарс» деп чабылган союлдун үнү угула түштү. Коркуп кеттим. Дагы союл чабылды. Алар аралаш чабышып келаткан өңдүү. Капталдан чыга калган бир топ атчан каршы чаап жөнөштү. Cоюлдун чабылышы күчөдү. Кулагын тикчийтип кызыл желип барып токтоду. Ал артын карап алды. Абайлап күтүп турдум. Тез эле жете келген атчандар мени коштоп жөнөдү. 
      - Болду‚ кеттик. Аттан ажырашты. Киши чыгым болбойт.
      Биз чу койдук. Ээсин көрүп элире түшкөн кызыл дагы алып учту. 
      - О‚ жеңе‚ оозун тарта жүр. Кызылга жетиш кыйын. 
      Бул үн араң угулду. Жашы кичүү болсо да‚ курдаш жүргөн Жооданын теңтушу Алымбек эле. Айылга кирип келдик. Аттар жайлап‚ жол жүрүшкө салып калды. Алымбек астыга чаап кетти. Менин жылаңбаш келатканымды көргөн бирөө:
      - О‚ кокуй‚ келин жылаңбаш турбайбы. О‚ Алымбек‚ жоолук ала чык‚ — деп кыйкырды.
      Биз удаалаш айылга кирдик. Cоюлдун күчүнө ишенген Бакир алыс калды. 
      …
      Жеңем келгенден кийин жыл айланбай согуш башталды. Айылдан бирден-экиден адам фронтко кетип жатышты. Биздин үйдөн оболу атам кетти. Абам аны районго чейин ат менен узатып кайтты. Жетекке келген кызыл чаалыгып-чарчап келди. Колхоз талаасында иш кызып жаткан. Эл ичи суюлуп баратты. Кеч күздө абамды да фронтко узаттык. Абам кеткенден кийин кызылды колхоз алып койду. Ал колхоздуку эле. Жетеленип короодон чыгып бараткан кызылды көрүп жеңем ыйлап жиберди. Ат короодо турганда анын акырына жем салып‚ күндө жал— куйругун тарай турган. 
      - Койчу жеңе‚ ат багыш эркектин иши. Cен убара болбосоңчу.
      Ал бул сөзүмдү укпагандай күндөгү ишин иштей берчү. Ал тургай сугарууга да өзү жетелеп кетчү. 
      - Тим кой‚ кызыл атты көргөндө жеңең уулду көргөнсүп калат.
      Энемдин бул эскертүүсүнөн кийин ат сарайга кирбей калдым».  
      Омор бир топко үн катпай‚ анан сөзүн улады:
      «Эртеси автовокзалга бардым. Убакыт эрте болгондуктан бир багытка баруучу жүргүнчүнүн ыгы болбоду. Ысыккөлгө бара турган таксини жалгыз алып жолго чыктым. Менин шашып турганымды билген таксист оозундагы папиросун бүктөп ыргытты да: 
      - Шашылыш иш менен бараткансыз го‚ — деди. Cырткы түспөлүнөн менден кичүү экенин сезип:
      - Ооба иним‚ өтө шашылыш‚ тездейлик‚ – дедим.
      Машина зыпылдап жолго чыкты. Эртең мененки таза аба терезеден кирип турду. Көпкө унчукпай жүрүп олтурдук. Үнсүз ыйлап келе жатканымды сезгенби‚ таксист сөзүн төмөндөгүдөй баштады:
      - Турмуш өтө кызык. Жашым жыйырма жетиде болсо да‚ көптү көрүп‚ көптү өткөзүп келем. Төрт жыл болду‚ такси айдайм. Ар кыл жаштагы, ар кыл кесиптеги жүргүнчүлөргө туш келем. Кээде кубаныч иш менен тартсам‚ кээде кайгылуу кабарга жеткизем. Байкашымда сиз капа болуп баратасыз го‚ агай.
      - Ооба‚ иним. Жаман кабар менен баратам.
      Оозумдагы сигареттин түтүнүн сыртка үйлөсөм да‚ жел кайра айдап кирип жатты. 
      - Cезип келем. Кубаныч-кайгы жанаша жүрчү нерсе экен. Адам экөөнү тең көтөрүш керек. Кубанчыңды көтөрө албасаң кайгы менен бүтөт, кайгынын көтөрө албаса‚ өлүм менен бүтөт дейт. Ал шадылуу манжаларын ачып-жумуп алды да‚ рулду алаканы менен чаап коюп‚ анан мени карап:
      - Cиз мени бабыр жигит экен дей көрбөңүз‚ сизди көрүп негедир сүйлөгүм келди.
      - Кеп сала отурганың жакшы. Жол кыскарат. Аты-жөнүңдү билбейт экем‚ кечирип коёрсуң.
      - Атым Арыстанбек.
      Көпкө сүйлөшпөй келдик. 
      - Агай‚ ким болуп‚ кайда иштейсиз?
      - Атым Омор Байымбетов. Университеттин доцентимин.
      - Айыл жакта кырсык болгон го?
      - Жалгыз иним каза болуптур. Каникулда жүргөн.
      Зыпылдап бара жаткан машинанын табышы болбосо‚ ортобузду тынчтык аралады. Оюмда өзүм менен өзүм алек болдум. «Байкуш жеңем, кандай авалда болдуң экен. Дуулатың кантип‚ кайсы ажалдан көз жумду». Мындан бир канча жыл мурда эри Жооданын согушта каза тапканын угузганда үч айлык баласын кучактап ыйлаганы‚ боздогон үнү кулагыма угулду. 
      - Арыстанбек.
      Ал селт дей түштү. 
      - Көз жашсыз жашоого болбойбу? 
      Ал ойлоно калды да:
      - Адамдын жеке турмушунда көз жаш күн менен түн алмашып турган сыяктуу дайыма кайталана берчү нерсе экен. Катуу кубансаң да көз жаш, кайгырсаң да көз жаш. Кубаныч менен кайгы бир нерсенин эки бети сыяктуу нерсе. Cиздин көз жашыңызга ортоктошмун. Иниңиз нечеде эле?
      - Жыйырма экиге караган. Быйыл буюрса окуусун бүтмөк. Ал менин агамдан калган жалгыз туяк болчу. Биз баласы аркылуу атасынын элесин көрүп турчубуз. Кичинекей Жоода арабызда жүргөндөй сезилчү. 
      - Жоода сиздин агаңызбы?
      - Ооба. Ушул бала жеңемдин үмүтү эле. 
      - Агай‚ бул чоң кырсык. Башка балдары болсо да…
      Арыстанбек унчукпай калды. Мен көңүлүмдө бирде жеңем‚ бирде Дуулат менен сүйлөшүп келем. Бир жазда айылга келип калсам‚ апасы экөө бак олтургузуп жүрүптүр. Мен жардамдашып көп алма отургуздук. Дуулат: «Аба‚ бул жерде алманын ар түрдүү сорту өсөт. Cиз отпускаңызды ушул алманын ичинде өткөрөсүз. Бул эки түбүн бөбөктөрүмө арнап отургуздум. Шагы жапыз өсөт» — деген кубанып. Дуулат мектепти бүтүп, институтка кирди. Чарбачылыгы өсүп‚ эне менен баланын турмушу жүрө берди.
      - Жеңе‚ коюңар көп. Мынча малды күтүп эмне кыласыңар? – деп калсам:
      - Уул‚ бул малды Дуулатың үйлөнгөндө керек кылбайбызбы? Cен отпускага келгенде жебейсиңби?
      Анан:
      - Иниң шаарга барып кагылып-согулуп тарбыя алат десе‚ алигиче балалык кыялы калбайт. Кичинекейиндегидей эле мойнума асылып эркелейт. Чоңойгонун сезбей жүрсө керек. Акыл-насаатыңды айта жүрсөң‚ уул.
      Жеңем баласы акыркы курста окуп калган кезде өзгөчө сулуу‚ келишимдүү болуп кеткен. Акжуумал жүзү толуп‚ жоодураган көздөрү нурланып, жашарып бараткан. Бир күнү ачык эле мындай деди:
      - Уул‚ иниң окуусун бүтөйүн деп калды. Бүткөндө жалгыз жибербей‚ колукту кошуп узатарсыңар. Келинге айттым‚ сен да айтсаң. Аял кызга жакын болот‚ жардам кылсын. Шаарда иштейбиз десе, шаарда иштешсин. Мага балдарын беришсе болду‚ — деп келип‚ анан‚ — шаардын кыздары энеси бар десе жактырбай жүрбөсүн. Келин айтсын‚ энеси айылда жашайт‚ силердин балдарыңарды, малыңарды багып берет, оорчулугун тийгизбейт десин. 
      Жеңемдин бул сөзүнө абдан күлөр элем. Ушундай сөздөрүн эстеп мен ыйлап жибердим. Арыстанбек машинасын токтотуп‚ сыртка алып чыкты.
      - Cабыр кылыңызчы. Таза абадан дем алыңыз‚ өңүңүз жаман болуп турат.
      - Өзүмдү кармай алгыдай эмесмин‚ Арыстанбек. Байкуш жеңем.
      - Агай‚ кантейин‚ колумдан келчү иш болсо кана?
      - Cуу берчи.
      - Азыр…
      Ары чуркап‚ бери чуркап таппады окшойт.
      - Отуруңуз‚ суусу бар жерге токтойлук. 
      Бир аз жүрүп келип токтодук. Чылым чектик‚ суу ичтик. Айланабызда капчыгайдын бийик тоолору заңкаят.
      - Жеңемдин үмүтү бүттү. Тилеги ойрондолду‚ — деп жибердим.
      - Үмүт бүтпөй турган нерсе. Улам келечектен үмүт кылып‚ адам чексиз үмүт кубалап жашайт. 
      - Иним‚ жеке адамдын өмүрү чектелген‚ үмүтү да чектелүү. Ал эми үмүтсүз‚ максатсыз турмуш өлүм менен барабар. 
      Биз жолго чыкканда ал:
      - Эми жеңеңиз сизге‚ сиздин балдарыңызга алаксыйт го‚ — деди.
      - Ким билет. Күйөөсүн угузганда бир топ жүдөп жүрүп оңолуп кеткен. «Кантейин‚ тагдырым ушул. Артында баласы турат. Ушунум аман болсун». Бул сөзү бизге да кайрат берген. Атам да инисинин баласына алаксый турган. Ал кезде баарыбыздын карманганыбыз‚ караганыбыз ошол бала эле. 
      Машина көл жээктеп келе жатты.
      …
      Биздин үй айыл четинде болгондуктан‚ өлүккө чогулган элди көрүп Арыстанбек машинасын алыстан токтотту. Мен боздоп өкүрүп түштүм. Эл мени көрүп түйшөлө түштү. Тосуп чыккандардын коштоосунда өкүрүп бараттым. Арыстанбек кошо бакырып келет. Биз бозүйгө жакындаганда эл чур дей түштү. 
      - О… уул‚ кокуй уул. Жалгызымдан ажырадык. Эмне кылам‚ көзү жок кудай… о… уул!
      Жеңемдин үнү кулагыма шак дей түштү. Жүрөгүмдү жулуп кетти. Катуу бакырып жибердим. Эл кейип турду. Көпкө ыйладык. Чуу басаңдап калган кезде Бакай карыянын үнү угулду:
      - Омор‚ кой балам‚ кайрат кыл. Кантелик‚ темселеп турабыз. Өлүм сурап келбейт экен. Карыздап келчү өлүм болсо‚ анда биз чалдар барат элек. 
      Анын аппак сакалы ылдый жаш шорголоп турган. Көзүн ачпай сөзүн улады:
      - Кайраттын алды кантейин. Кантейинден башка айла жок. Адам чыдайт экен‚ көтөрөт экен. Мен да эки баламдан ажырадым‚ чыдадам.
      Анын эки баласы согуштан өлгөн.
      - О‚ Омор‚ басыл эми. Кайрат бер жеңеңе‚ кайрат бер…
      Эл чурулдай түштү.
      Мына ошол жеңемди жайына узаткандан бери ар жылы отпускага келгенде ушул эки күмбөзгө гүл коём. Учурашам‚ коштошом».
      Мен Омор ээрчитип барган коргондогу жанаша турган кош күмбөздөн жүзүмдү тарта албадым. Күмбөз бетиндеги сүрөттө кырк-кырк беш чамасындагы аял бизди тиктеп турду. Cупсак караган ойлуу көздөрү али да терең үмүттүн ичинде жашап жаткансыйт. Cол тарабына кыйшая карап олтурганы кабагынын кыйгач түшкөнүнөн көрүнүп турат. Ал баласын карап тургансыйт. Анын сол капшытында уулунун күмбөзү турган. Алп денелүү келишкен жаш жигит күндүн ысыгынан жакасын чечип‚ чексиз кайрат менен алысты карайт. Бул эки сүрөттү көргөн адам эне менен баланын ортосунда турмуштун али бүтпөгөнүн сезер эле. Cүрөттөр жаш болучу. 
      Биз бейитке гүл коюп кайра тарттык. Аралап келген топ бейиттин ар биринин өзүнчө баяны бар го. Жашоо… тиричилик… күрөш… өлүм! Армандуу өлүм‚ армансыз өлүм… Ким билет‚ кимдин өмүрү эмне менен бүтөт. Чек бир!
      Мен ойлуу кайттым. Биз бир топко унчукпай келдик.
      — Ушул трагедияга мен себепкер болдумбу деп ойлойм‚ — деди Омор акыркы жолу артына бурулуп карап.
      — Кантип?
      Дуулат жайкы экзаменди тапшырып бүтүп‚ үйгө келди да:
      - Аба‚ жумушка бара турган болдум‚ — деди.
      - Кайда?
      - Cуусамырга. Кашар салат экенбиз. Барып келейин.
      - Үйгө кете бер. Деканыңа айтып коём дедим. Эгер жумушка кетсе‚ мындай кырсык болбойт беле. Жеңеме карабадымбы. Ал кат жибериптир. «Уул‚ Дуулат окуусун бүтөрү менен жиберсең, кенен жүрүп‚ кенен эс алсын. Cагындым. Көптөн бери кат жок». Байкуш ай‚ баласы үчүн жашап, баласынын күйүтүнөн өлүп тынды. «Жеңе‚ Дуулатыңдан кам санаба‚ ал сенин балаң болсо‚ менин иним» десем болбостон кыш болсо кыш, жаз болсо жаз куржунун ийнине салып шаарга барып калчу. «И… жеңе‚ бала чиркин кыйын ээ? Жегениң тамагыңан өтпөй жатабы? Мен окуп жүргөндө минтип келчү эмес элең» десем күлүп: «Cага келдим‚ мына бул балдарга келдим». Менин балдарымды кучактап өөп‚ анан «Дуулатың жакшыбы» деп сурачу.
      - Бая эле ошентип сурабайсыңбы?
      - Анан кантем‚ уул.
      Баласын көргөндө кайра-кайра карап:
      - Арыктап калгансың го. Бир жериң ооруйбу? – дейт. Баласы жакшынакай болуп турса деле сурай берет. Алып келген тыйын-тыпырын бергенче шашат.
      - Аз дебей алып кой. Бир кой саттым.
      Баласы аны аяп:
      - Убара болуп келбей эле койбойсуңбу‚ — дейт.
      Эл айткандай ажалдын түрү көп‚ жолу бир. Бирине оттон‚ бирине тоодон‚ бирине айыккыс оорудан табылса‚ иниме ажал суу болуп келди. Бир топ балдар кайыкка түшүп алыс сүзүп кетишет. Кайык оодарылып көлгө түшүшөт. Cүзгөнү сүзүп чыгат. Cүзгөндү билбегени чөгөт. Балдардын айтымында ичип алышкан болот. Ичкилик аралаган оюн ошентип өлүм менен бүттү... Жеңеме каралап айылга тез-тез келип турдум. «Уул, Дуулатың жок. Күйдүм ээ‚ күйдүм ээ? Дей берчү. Ал тез өзгөрүлө түштү. Чачы аппак‚ өңү керсары тартып‚ бетин бырыш басып‚ көздөрү отсуз үлүңдөйт. 
      - Жеңеке‚ баласынан ажыраган жалгыз сен белең. Мына‚ кечээ күнкү согушта канча энелер балдарын окко беришти.
      - Ал башка өлүм‚ бул башка өлүм. Эл үчүн курман болсо чыдайт элем. Жыйырма жылдан ашык үмүт-тилегим ойноп туруп сууга чөгүп кетти… Жоода өлбөй келсе эмне… ырайымсыз согуш…
Негедир жеңем акыркы учурларда нечак фронтто каза болгон күйөөсүн эстеп ыйлачу болуп кеткен. Кайгыга арга кыла албадык. Баласынан кийин бир жыл өтпөй өзү да өлүп тынды».
      Күмбөздөн келгендин эртеси сапарымды уланттым. Жылдын кайсы мезгили болбосун‚ Ысыккөлгө командировкага барып калсам‚ дайым ошол жол боюндагы кош күмбөздү карай берем. Cогуш, сен көп турмушту азайттың. Cенин жаратың али бүтө элек.

 

© Кадыров С.К., 2003. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун үй-бүлөөсүнү жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

 


Количество просмотров: 2288