Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз
© Карагулова Б., 2010. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2010-жылдын 19-июлу

Бурулкан КАРАГУЛОВА

Алмашып кеткен бала

«Жамгыр» жыйнагынан алынган аңгеме. Чыгарма окурмандардын кеңири чөйрөсүнө арналат.

 

Мен Москвага келгенде жазып-тайып төрөп алдым. Сүйлөшкөн жигитим Өзбекстандан эле. Чогуу жашап жүрүп силер жазгандай роман болуп кеткен. Менин курсагым билинип калганда, тиги тайсалдап кача баштады. Мен Москванын доктурларына барып алдырып бергиле десем кеч болуп калды дешти. Айлам түгөнгөндөн түгөндү. Жигитими издеп таптым. Өзүң да хаммасин килган дейт. Эмнеге десем, түз жүргөн жеримен квартираңа алып бардың, койнуңа тарттың, жок деген жоксуң, өзүң жатып бердиң дейт. Урушуп, мушташып кеттим. Чачын жулуп, бетин тытсам да кебелбейт. Эшек сарт деп ыйласам, ит кыргыз дейт. Ичимдеги балаңы төрөп туруп өлтүрөм десем, майлиңиз дейт.

Бөлөк метродо жашаган эжеме барып, ачык айтып ыйладым. Урат деп коркком, урмак түгүл менден беш бетер өпкөлөп ыйлап, мени аяды. Ээрчитип алып кыргыз гинекологго алпарса ал мөөнөтү өтүп кетиптир, 5миң доллар төлөгүлө, аборт кылып берем дейт. Эжем акмак эле акмак деп урушуп кетти. Ошол долларга аман-эсен төрөтүп алып баласына жумшабайымбы, сага бергиче, уятсыз деп чыгып кетти.

Мен уул төрөдүм. Атын Бахтияр койдум. Балам аппак болуп, бирок чачы жок болуп төрөлдү. Түрдүү витамин берип атып 5 айга караганда эрбейип бирин-сирин чач өсө баштады. Анан сартыма телефон чалдым.Уулуңду көрөсүңбү десем, давай деди. Бөлөк бир метродон жолукмак болуп макулдаштык. Болгон эң кооз деген кийимдерин кийгизип алып бардым. Ал баламды аябай тиктеди. Мен аны ичинен сүйүнүп, жетине албай атса керек десем, ал дароо кескин түрдө бул бала меники эмес деп салды. Эй сарт, эшек анан асмандан түштүбү, аман-эсен чоңойтсом, балам акыр түбү сени өлтүрөт десем, дагы жаңжал салганы чакырттыңбы, меники эмес, эч жери окшошпойт, сен да карасың, мен да карамын – дейт.

— Балким сенин ата-энеңе окшошуп калгандыр, же инилериңе...

— Бизде бул балага окшош эч ким жок, мунуң өзбек да, кыргыз да эмес.

— Көп дөгүрсүбө, мен сенден башка эч ким менен болгон эмесмин.

— Эгер башка менен болдуң десем да бунуң өзбек же кыргыз эмес.

— Мен сени сотко берем, элчилигиңе барып арыз жазам.

— Билгениңди кыл. Бирок эл аралык жаңжал чыгарардан мурун балаңды ДНКдан текшертип көр.

— Сен ошого көнөсүңбү чычалабай— десем,

— Көнөм – деди.

Антип-минтип ДНКдан өткөргүчө балам бирден ашып калды. Анализдеринин жыйынтыгын ала турган күнү эжеми ээрчитип келдим. Тиги да келди. Ал күн бизге аза күнү болду. Себеби бала аныкы да, меники да болбой чыкты. Мен далдырап эсимен бир кетип, бир келип атсам, тиги каткырып күлүп:

— Айттым го, бул бала орус, оруска окшоп турбайбы — деп шалкылдайт. Кантип үйгө жеткеними билбейм. Таксиден түшүп эжем баламы көтөрүп, мени жулкулдатып сүйрөп келип, лифтиге түшүрүшүп аткан таксист “сабыр кыл, сабыр кыл, балаңды ая, балаң үчүн жаша, күйөөнү эмне кыласың” деп атканда өзүмө келип, балама жуткундум. Эжем бербей койду.

— Көтөрө албайсың, андан көрө карман, белиңи бекем буу, эртең сен төрөгөн төрөт үйүнө барып териштиребиз.

— Эмнени?

— Бул бала кандайча сага келип калганын, анан өзүңүн балаңы издейбиз – дейт бейкапар.

— Тигиге окшоп сен да айбан болбочу эже. Өзүмүн эле балам, мейли еврей болсун, эч кимге алмашпайм — деп чыңырган бойдон баламы колунан жулуп алдым. Эжем мени аяп, 19-кабатка жеткиче ыйлап келди. Азыр 2ден ашты, чындап эле башкача болуп баратат. Бул балама жүрөгүмү берип салгам да. Эмне болсо ошо болсун, өз балама да алмашпайм.

Ушинтип айтканым менен кээде эки анжы болуп, өзүмчө бук болом, жаман жанчылам. Өлүп тапкан баламы өрдөк чукуп өлтүрдү” дечү беле? Баламы эмизип отуруп, аны тиктеген бойдон катып калат экем. Эжем бир нече жолу түртүп эскертти. Эжем экөөбүз мурда аябай урушчу элек, азыр мени аяп унчукпайт. Кыргызстанга барбаганыма 3 жыл болду, апамдар төрөгөнүмү угушкан, аябай шорлоп ыйлаптыр, эми элдин бетин кантип карайм деп. Ал эми баламын алмашып кеткенин угуша элек.

Балам менин көз ачып көргөнүм, ооз ачып өпкөнүм болуп атпайбы. Эч кимге алмашпайм. Өзүм төрөгөн баланы алмашып кеткен аял кайра алмашабыз деп келсе бербейм, бирок өзүм төрөгөн баланы берсе алып алам. Ага көнбөсө жер кезип кетем — деди Аккыз сөзүнүн аягына чейин көзүнүн жашын көлдөтүп атып.

 

Китептин бүт жаздыруу

 

© Карагулова Б., 2010. Бардык укуктар корголгон
    Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

 


Количество просмотров: 2077