Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз
© Карагулова Б., 2010. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2010-жылдын 19-июлу

Бурулкан КАРАГУЛОВА

Баласын издеп боздогон эне

«Жамгыр» жыйнагынан алынган аңгеме. Чыгарма окурмандардын кеңири чөйрөсүнө арналат.

 

Москвадагы кыргыз гезиттин редактору менен Кыргыз Элчилигинде жолугушмакпыз. Элчилик “Добрынинский” метросуна жакын жерде жайгашкан. Биз кафеге кирип жаңы эле гезит тууралуу сүйлөшүп баштаганыбызда бир келин келип учурашып калды. Ал мени издеп жүрүптүр. Ал-жай сураштык, бирок келгендеги себебин айтпай отуруп калды.

— Жөн жай эле издеп жүрдүң беле? – дедим акыры чыдабай.

— Жок эже, жөн жай эмес. Сырттан сүйлөшсөк жакшы болот эле...

— Мен бошобой атам. Ушул жерден эле айта бер, — дедим. Бирок көнбөдү. Же кетип калбай көгөрүп, мелтиреп жер тиктеп отура берди. Мунусуна таң калган редактор: “Мен чыгып турам, сүйлөшө бериңиздер”, — деп чыгып кетти.

— Эмне сөз? – деп тиги аялга жакындадым.

— Менин атым Санам ...

— Жакшы атың бар экен.

— Жакшы болбой өлсүн, — буркурап ыйлап кирди.

Москвага келгенден бери мени издеп келип таанышкандар көп эле болгон, бирок эч ким минтип буркурап ыйлап жиберген эмес эле.

— Сиз Бишкекте жүргөндө бир бала жөнүндө жазыптырсыз го?

— Көп эле бала жөнүндө жаздым эле, кайсыны айтып аттың экен? – Мен бир аз чочулай түштүм, эмне балаа болуп кетти деп.

— Эстесеңиз төрөт үйүндөгү, өз энемин аты жөнүн билип бергиле деген ...

— Ооба, ооба, билем, тааныйсыңбы ошол баланы?

— Жок.

— Анан кандай тиешеси бар?

— Ошол менин балам.

— Ок... – мен ордумда катып калдым. Чайканам убак унчугушпай отура бердик. Сүйлөйүн десем сөзүм да какшып калгансыйт. Тиги болсо эңкейип отурган бойдон эки колун тизесинин үстүнө кайчылаштырып коюп буркурап атты, бирок үн чыгарган жок, болгону көзүнөн аккан жашы кафенин полуна тамчылай берип, бир кечмелик болойун деп калды. Ал баланы төрөгөн аялды көрөм деп жүз уктасам түшүмө кирген эмес. Анын бою бийик болчу, бул аялдыкы пас экен. Демек баланы багып алган үй-бүлө колунда бардар болуп жакшы баккан, балким жаңылышып атам ...

— Эже, эмне унчукпайсыз, бирдеке дебейсизби? – деп башын көтөрдү. Чын эле унчукпай отура бериптирмин, сооротуп же жооткотуп койбоптурмун.

— Эмне дейм? – дедим суу астынан суурулуп чыга калгандай оор дем алып.

— Мага баламды таап бериңиз, мен сизге асмандан Айды аперем деп айта албайм, бирок каалаганыңызды кылам, алтынга чүмкөп салам. Отуңуз менен кирип, күлүңүз менен чыгам.

— Коё тур. Биринчиден мага эчтекеңин кереги жок. Экинчиден мен ал баланы тааныбайм. Биз капысынан жолугуп калганбыз. Гезитке жазсам эле анын энеси табылып калчудай сезген. Бирок сезими алдабаптыр. А бирок жаңылыштык болуп жүрбөсүн, анын көздөрү ботонукундай, бою узун болчу. Анын үстүнө андан бери канча убак өттү...

— Мен Бишкекке барганда сизди таппай койдум. Сиз иштеген редакцияга барсам “иштебей калган, адресин билбейбиз” дешти. Макалаңыз жөнүндө сурасам, “биз билбейт экенбиз, өзүнүн жазганына өзү гана жооп берет” деп коюшту. Айылга барып келерим менен Москвадан “срочно кел, болбосо ордуңа башка киши алабыз” деп чалып калды. Мен учуп кеттим. Былтыры күзүндө отпуска алып кайра Бишкекке барып сизди издеп чыктым. Редакцияларга барсам сизди көбү таанып, бирок адресиңизди билишпейт экен. Китеп, гезит саткан жерлерге бардым, эжени билебиз, басмалардан изде деди. Басмаларга барсам өзүнүн китеби чыккан басмага бар деп адрес беришти.

Ал жердегилер сизди сурасам чочуп кетишти “тынччылыкпы” дешип. Ал Москвага кетиш керек эле, чалып көрчү деп телефон номериңизди берди. Чалсам ал номер өчүрүлгөн дейт. Биз үйүн билбейбиз, бирок жаңы конушта жашайт— дешти эле конушту кыдырып, үйүңүздү таптым. Апаңыз чыгып Москвага кетти кече деди. Сизди Бишкектен табыш оңой экен, Москвадан күзөтпөгөн метром калган жок.

— Иши кылып таптыңбы?

— Ооба – деди. Экөөбүз кичине күлүмүш болуп койдук.

— Сен менин суроомо жооп берген жоксуң? Ал бала кандайча сенин балаң болушу керек?

— Ишенбей турасыз. Мен айылдан окууну бүтүп, шаарга университетке тапшырып өткөм. 5 жыл бою бир бала менен сүйлөшүп жүрдүм. Акыркы курска көчкөндө ортобузда роман болуп кетти. Курсагым билинип калды. Жигитим мага “баланын кереги жок, сен эмне үчүн сактанбайсың, эгер төрөсөң мен албайм сени” деп туруп алды.

Доктурга барсам балаң кыймылдап калыптыр, абортко болбойт деди. Мен жалдырап ыйладым. Доктур кайра түшүндүрө баштады: – ме, бычакты ал, — деди колума карматып – азыр тетиги кичине баланы алып келем – деп терезеден өтүп бараткан баланы көрсөттү – сен анын адегенде бутун, анан колун, башын тирүүлөй кесесиң, андан кийин денесин төрткө бөлүп бир тешиктен бата тургандай кылып кескилеп сууруп чыгасың?

— Эмнеге? – деп коркуп кеттим.

— Көрдүңбү, коркосуң, кесе албайсың, өлтүрө албайсың, а мени болсо өлтүр деп кыйнап атасың. Балаң ичиңде эле жатканы болбосо, кадимки бала да, дем алып, сен аркылуу азыктанып чоңойуп, жарыкка чыкканга даярданып атат. Ал наристени өлтүрүп бер деп мени кылмышка түртүп атасың.

Мен эңги-деңги болуп, эмне кыларымы билбей калдым. Бир курбума барсам, ал эжесинин үйүнө алпарды. Жакшы, түшүнүктүү, боорукер эжеси бар экен. Биз түшүндүрүп айттык. Ал, “анда ата-энең менен сүйлөшүп көрөйүн” деди эле “жо-ок” деп кыйкырып жибердим. Акыры жигитим менен сүйлөшүп, көндүрмөк болду.

Көндүргөнү барса, ал “бала менден эмес” деп так секирип кетиптир. Жок дегенде үйлөндүк деп бетин ачып кой, биздикинде жашай берсин төрөгүчө десе “сиз мага жалаа жапканыңыз үчүн сотко берем” деп коркутуптур. Ушунча жакшы сүйлөшүп, сен-мен дебей жүрүп эле эмнеге өзгөрүлүп калганына таң калдым. Нары-бери сүйрөшүп жүрүп акыры ошол аяш эжемкинде туруп калдым, үч айдан кийин төрөт үйдөн балканактай бала төрөдүм.

Баланы эмиз деп алып келгенде эмизбейм дедим. Эмнеге?—  деп чаңкылдады сестра. “Мага кереги жок” – дедим эриндерим диркиреп. “Анда отказ жаз азыр, мага баланын кереги жок, мен деген сойкумун деп жаз” деп мени сүйрөп коридорго алып чыкты. Ручка, кагазды ыргытып берип, басып кетти. Мен минтип жаздым: “студент болчумун, жигитим алдап кетти, үйлөнбөй койду, төрөп койгонумду ата-энем укса өлтүрүп салат, ошол үчүн наристемен убактылуу баш тартам”. Кагазды столдун үстүнө коюп, өзүм балдар жаткан бөлмөгө акырын өтүп барып, жалгыз калган баламды колума алып жыттадым.

Мен өпкөн сайын эмчек издеп оозун чормойтуп, тамшана берди. Жүрөгүм ачышып кетти. Полго отура калып, эмчегимди ачып оозуна салдым. Эмчегиме сүт толуп, оорутуп, чыдатпай аткан. Чопулдатып соро баштады. Аябай ачка экен, кагылайыным. Ээрип кеттим. Баламды жетелеп баратканымды эстедим. Атам барбы?  — десе, атаң учкуч болчу, баатырларча курман болуп калган дейм. Баламды жаркылдатып жетелеп барсам ата-энем айласы жок кечиришет дедим. Ага чейин аяш эжемкинде жашай берем, окуму бүтөм, иштейм – деп кыялга чөмүп кеттим. Кайра-кайра жыттайм, жытыңан кагылайынымды, таштабайм, кудайдын жазганын көрөм да – деп оюмдун аягына чыга электе эшик шарак этип ачылып жанагы жинди кыял сестра кирип келди.

— Мынакей, бул жакта экен, эй акмак, сенин бул жакка киргенге кандай акың бар, отказ кылып алып кайра эмнеге алдың баланы, уурдайын деп ойлодуңбу?—  деп чыңырып , мени жон талаштыра муштап жиберди. Ушунчалык катуу чапты эле, мен жүткүнгөндө эмчегим баламын оозуна тыгыла түшүп, какалып, чакалып баштады, эсим чыгып кетти. Жинди сестра өзү да коркуп калды. Нянка ала коюп, өйдө каратып көтөрүп далысына акырын чапкылап, сылап атып эс алдырса кайра эмчек издеп башын эки жакка буруп оозун чормойтуп ыйлап кирди.

— Эже, эмизип коёюнчу – десем, омий мынагу жинди неме го өзү, ой Гуля, милицияга чалчы, баланы муунтуп атканын бардыгыңар көрдүңөр го? Мен арыз жазам, кол коёсуңар, жөн кетпей өлтүрө кетейин деген экен да көрсө— деп алкылдап кирди. Гуля деген немеси “Эмчегиңди катпайсыңбы” – дегенинен карасам, көйнөгүмүн сыртында экен, сүт агып атыптыр. Балам какаганда ийип кеткен экен. Ошентип милиция чакырам деп доолуланып атып, мени сыртка түртүп чыгарды.

Палатама барып аябай ыйладым. Гулясы кирип келип:

— Тур, жатпа, милиция чакырып койду, качып кетип кал — деди.

— Эже — деп келатсам, — бол-бол, үлгүрбөй каласың — дейт.

— Эй эже, мен болгону эмиздим, өзүмүн баламы эмнеге өлтүрмөк элем? — десем, мен түшүнөм, бирок тигил старший да, ошонун айтканы менен болот— деди.

— Эже, мен отказ кылбайм, баламы алып кетем!

— Эмне? – деп далдырап тиктеп калды.

— Ошо.

— Анда сени камап салат.

— Кызык экенсиңер, түшүндүрүп айтам да, ошол кагаз элеби кендирди кескен, апкелиңизчи тытып салайын.

— Эми кеч болуп калды, милиция келип көпкө териштирет, азыр сен кетип кал, үч күндөн кийин старший жокто кел, балаңы алып чыгып берейин.

— Чынбы, алдабайсызбы? Мойнунан шап кучактап өөп жибердим. – Сизге ишенсем болобу?

— Болот.

— Анда эки күндөн кийин кийим кылып келем балама – десем макул болду. Балага кийим деле ырастаган эмес элем да.

— Жанагы кагазды алып, тытып салың, макулбу эже. Мен сизди ыраазы кылам – дедим айбан жаным. Ошондо эле кагазды талашып алсам эмне эле, же баламы кучагыман чыгарбай койсомчу. Жаштыгым – биринчи душманым болбодубу. Ошол жинди сестра болбогондо балам суугума тоңуп, ысыгыма күйүп жанымда чогуу жүрбөйт беле. Машина алып берет элем, үйлөнтөт элем – деп оор үшкүрүп сөзүн токтотуп калды.

— Эмне үчүн эки күндөн кийин барып алып алган жоксуң? Күнөө өзүңдө болуп атпайбы? – дедим чыйпылдап.

— Кантип барбайм эже, 2 күндөн кийин аяш эжемдин баласынын одеялын, жаңы жука кийимдерди, жалаяктарды сатып алып, аяш эжеми ээрчитип бардым. Гуля бүгүн иштебейт дешти. Качан иштейт десек, билбейбиз деп мурдуларын чүйрүштү. Эжем “жүрчү эртең келели” деди. Эртеси эжем өзү кирди. Эмнеле келип атасыңар деп сүйлөнүшүптүр. Аяш эжем болгонун болгондой кылып айтып берсе, Гуля же старший келгенде келгиле дептир. Бирөө бир жумага, бирөө отпускага чыгып кеткен имиш.

Ошентип бир жума тынбай келдим, анан бир ай бардым, акыры экөөнүн качып атканына көзүм жетип аяш эжеми көндүрүп башкы дарыгерге киргиздим. Ал бөлүм башчыны чакыртат. Башкы дарыгер бул окуядан кабардар эмес болуп чыгат. Иштин аягына чыгарып кечке чейин жообун бер деп бөлүм башчыга ызырынат. Эжеми эртең келиңиз дейт. Эртеси кудай жалгасын деп кайра одеялдарымы көтөрүп алып жөнөдүк. Барсак аныбыз өзгөрүлүп калыптыр.

— Отказды өз колу менен жазыптыр, анан бир айга чейин кармап отура берет белек, балдар үйүнө өткөрүп жебериптир – дейт жайбаракат гана.

— Бул жерде сиз башчы болсоңуз, анан ал окуя жөнүндө кабарыңыз жок эмес беле кечеги күнгө чейин. Балдар үйүнө сиздин колуңуз коюлмайынча кантип өткөрүшөт. Анда эмне сотко кайрылалыбы? Кайсы балдар үйүнө өткөрүлгөнүн тактап бериңиз— деди эжем.

— Силер эмне “кыз боозуп энесин коркутат” болуп атасыңар? Бул жерде претензияны мен коюшум керек ко? Күйөөгө тийбей боозуп калса, анан дарыгерлердин жардамы менен аман-эсен көз жарып алып, эртеси баладан баш тартса, анысы аз келгенсип баланы муунтуп өлтүргөнгө аракет жасаса ...

— Калп – деп ордуман жин ургандай атып турдум. Эжем чап жабышып мени кучактап калды. Башкы дарыгер да сестенип тура калды.

— Минтсеңиз баланын кусуру уруп кетет, жок дегенде сиз калыс болбойсузбу? Бул го күнөөнү жаштыгынан кетирип алды, ата-энесинен коркконунан баланы убактылуу гана таштап турам деп ойлогон. Мынчалыкка барбасаңыз болмок, эми кудайга койдук мындан аркы ишиңизди, бул жаш, тууп алат дагы. Бас жуткунбай – деп эжем мени сыртты көздөй түрттү.

Мен теңселип чыгып баратып доктурду карасам жалооруп карап туруптур. Кулагымын ичи заматта ызы-чуу болуп кетти, эки колум менен кулагымы басып чыңырган бойдон үстүнкү кабатты көздөй жулундум. Эжем кармаганга алы жетпей калды. Болгону “токто, токто дейм, акылыңа кел” деп кыйкырып кошо чуркады. Эки акушерка алдымы тосуп кармаганга аракеттенди эле, кутурган аттай жулкунуп бар күчүм менен түртүп жибердим. Коридордун этегинде жайгашкан балдар жаткан бөлмөгө жетиш аябай узак болду, артымда жоон топ душмандарым — медиктер тапур-тупур болуп кууп келатышат. Бөлмөдө бир да бала жок экен. Анан эле магдырап учуп бараткандай болгонуму бир билем...

Көп балдардын ичинде менин да балам туруптур, мен кол сунуп чакырсам кача берди. “Балам токто” деп кыйкырып артынан ээрчий бердим. Эми жетейин дегенде эле бирөөлөр суу бүркүп жиберет. Бул бир нече жолу кайталанды. Эмне эле мага суу бүркүшөт деп көзүмдү ачсам толтура медиктер мени тегеректеп карап турушуптур. Суу бүрккөнү нашатыр спиртин жыттатып атышыптыр. Аяш эжем бетимди сылап атат.

— Сен жашсың да, дагы төрөп аласың – деп кыйын болуп акыл айтып киришти баары тең. Ошондо олбурлуу келген орус нянка:

— Байкушту эмне эле кыйнап атасыңар , балаңды бир байга берип салдык деп ачык эле айтпайсыңарбы, качан чындыкты сүйлөп үйрөнөсүңөр кыргыздар – деп алып басып кетти.

Ошол сөз мени жүрөккө ийне сайгандай тик тургузуп ийди. Азыр көргүлүктү көрсөтөм деп муштумуму түйүп ыргып турганым менен кимисинин бетин тытып, кимисинин бетине түкүрөрүмү билбей турдум. Себеби алар көп болчу, мен жалгыз ...

***

Дагы деле аяш эжемкинде жүрдүм. Балам бирге чыкканча ай сайын туулган күнүндө төрөт үйүнө барып, эртеден кечке ары бери тегеренип, буркурап ыйлап-ыйлап күн кечирем. Андан кийин жыл сайын туулган күнүндө келчүмүн. Айылыма барбай калдым. Эси-көөнүмүн баары баламда болуп туруп алды.

Кесибим боюнча иштеген жокмун. Окуп окуунун өтөлүнөн чыкпай, төрөп — төрөгөн балама ээ болбой, болгону бул окуудан жүрөгүмө жаракат гана таап алдым. Базарда иштеп жүрдүм. Мени менен иштеген бир жигит менин мүнөзүмө түшүнбөй, таң калып жүрдү. Бир күнү капысынан ачылып кетип, сырымды төгүп салдым. Ал мени аячу болду. Аямак тургай төрөт үйүнө кошо барат, чогуу ыйлайт, досторуна Москвага кетип баратканда алаксысын деп мени до кошо ала кетти. Москвада да чогуу иштедик. Баламын төрөлгөн күнүндө Бишкекке мени менен чогуу учуп барып келет. Акыры экөөбүз үйлөндүк. Эки уул, бир кыздуу болдук, бирок “жоголгон бычактын сабы алтын” деп баламы унутуп кое албадым. Азыркыга чейин курсагынын ачып, эмчегими бапылдатып соргону көз алдымда турат.

— Кой эми буркураба, сабыр кыл, муну тагдыр дейт. Эми эмне кылайын деп атасың? – дедим.

— Сиз мени менен Бишкеке барың, мен апарып келем. Тапканга жардам бериңиз?

— Бул деген кылмыш! Андай болушу такыр мүмкүн эмес. Ага эмчек сүтүн бербесе да элик сүтүн берип багып чоңойткон энеси бар да. Аны ойлош керек?

— А мени ким ойлойт эже? Ушинтип ботому издеп боздоп жүрө беремби? Мен сенин апаңмын деп айтпайт болчумун. Болгону көкүрөгүмө кысып жыттайт элем. Сыртынан карап коюп буркурап-буркурап жүрө бермекмин.

— Бирөөнүн сезимине бүлүк салаардан мурун адегенде такташ керек. Ал сага такыр окшошпойт.

— Сиз жазгансыз көздөрү ботонукундай, бою узун, көзүнө түшкөн чачын сол жакты көздөй серпип коет деп. Бүт баарын эле тиги жигитими сүрөттөп салгансыз. Бетинин сол жагында калга окшош так бар болчу, аны сиз бетинде өзүнө жарашыктуу калы бар дегенсиз.

— Анда жигитиң сулуу болгон экен да?

— Мен да сулуу болгом, эже. Ошондогу кетирген күнөөм үчүн саргайып өрт ичинде жашап жүрөм.

***

Мунун баласыбы, башканын баласыбы айтор ошо бала кадимкидей көз алдымда турду.

Мен башкы дарыгерде отургам. Ал секретарын бир кагазга жумшап ийди. Ошол тушта эшик такылдап калды.

— Да – деген менен врач аны караган жок. Салам айтып, босогодо туруп калды.

— Сага эмне керек? – деди дарыгер эми гана көрүп.

— Мен ушул төрөт үйдө төрөлгөн экем ...

— Та-ак.

— Мени ким төрөгөнүн билейин дедим эле?

— Мен кайдан билем сени ким төрөгөнүн? И тем более бизде андай сыр ачылбайт, андай вопрос менен экинчи кайрылбагын.

— Коммерческий баада төлөп берет элем?

— Сен мени эмне деп атасың ыя, менин интервью берип атканымы көрүп турасыңбы? Бар жөнө.

— Токто – дедим ал башын шылкыйтып чыгып кетерде. Ордуман турдум да сыртка кошо чыгып, эртең редакцияга кел деп адресими бердим.

***

Эрте менен көздөрүндө ишеничтин оту жанып кирип келди. Экөөбүз көпкө чейин сүйлөштүк.

— Балким булар өзүңүн эле энеңдир?

— Атам, апам өздөн артык эже, менин аларга нааразычылыгым жок. Чекеме чертишкен эмес.

— Анан эмне болуп энең башка экенин билип калдың?

— Мени кичинемде Анар деген эже бакчу. Нянкам болчу. Мен төрөлгөндө 16да эле экен. Акыркы күндөрү апамдар Анар эжем менен көп кыжылдашып жүрүштү. Бир күнү эжем келип, дагы уруш катуу чыгып кетти. Мен 3-класста окуйт элем. Мени апам бөлөк бөлмөгө киргизип салды, кулагыңы жаап отур деп.

— Силер менин гүлдөй өмүрүмө кол салдыңар. Окутуп диплом алып беребиз дегенсиңер, диплом эмес аттестатты да өзүм араң алдым. Үйлүү кылабыз дегенсиңер, канакей? Силер чыккынчысыңар, мен бардык жерге жарыялайм, ушу иттигиңерди.

— Ай көп алкылдабачы, сени эмнеден кем кылдык? Төрөсөң баары болмок, төрөбөй койбодуңбу? – деди апам.

— Сизге төрөп берем деп беш жыл өмүрүм текке кетти. А эмне үчүн күйөөмөн төрөп атам? Ойлонбойсузбу, күнөөнүн кимде экенин. Бирок ушул кылганыңар үчүн кудай алдында жооп бересиңер.

— Айтчуңу айтып бүтсөң, бар эми, эшикти сыртынан жаап коюп кете бер – деп атам сөзгө аралашты эле Анар эжем чыңырып кое берди:

— Эмне-е? Мага эшикти сыртынан жаптырчу сизби? Кечээ эле аялыңыздын туубас экенин, сиздин башыңызды айлантып алганын, ошон үчүн балаңызды төрөт үйүнөн сатып алганыңызды айтып, койнумда жатып боздободуңуз беле? Башыңызды айлантып алганын же чындап мойнуңузга алганыңызбы? Балканактай бала тууп берсең катынымы талаага таштап салам дегендериңизге чейин соткама жаздырып алгам.

Эжемин ушу сөзүнөн кийин бир саам дымый түшүштү да эжемин кыйкырганы, андан кийин апамын чыңырганы кулакты жарды. Эшикти түртсөм ачылбайт. Жулкулдатып кирдим, ачылбайт. Көрсө апам кулптап коюптур. Атам Анар эжеми уруп, апам болушуп ортого түшүп келтек жеп жаткандай туюлду. Үнүмүн болушунча “ата” деп кыйкырып, эшикти тепкиледим. Дагы дымый түшүштү да, апам эшикке чуркап келип ачып эле мени кучактап, бооруна кысып калды да:

— Баргыла, эшикке чыгып тытышкыла, баламын жүрөгүн түшүрбөй – деп билмексен болуп коеюн деди эле, от алып алган Анар эжем:

— Тытышканды эми көрсөтөм силерге, ошо баланын төрөгөн энесин жетелеп келип шермендеңерди чыгарам. Жалгыз бакма балаңардан да ажыратам силерди — деп кекенген бойдон эшикти тээп чыгып кетти.

Мен ата-энеме ал күнү да, кийин да эчтеке деп суроо берген жокмун. Алар да мага эч нерсе айтышкан жок. Мен аларга айтпай Анар эжемкине сабактан кийин барып турчумун. Балдарын эркелетип, ойнотуп келе берчүмүн. Мени баса калып өпкүлөп, кээде ыйлап узатчу. Кантсе да бакма энем да. Бирок, биздин үй менен байланышпай калды.

Мектепти жакшы аяктадым. Апамдар бир эмес эки жогорку окуу жайына тапшыртышты. Экөөнөн тең өтүп кеттим, бирок бирөөсүн тандадым. Биринчи курста окуп жүргөндө сабактан эрте чыгып, машинамы жакыныраак жашаган группалашымкына токтотуп коюп, Анар эжемин үйүнө жөө бардым. Эжем дароо эле, “сабакка эмне барган жоксуң?” деди, келгениме шектүү карап. Эгер азыр башка жооп кайтарсам, дагы айталбай арманда кетмекмин, ошон үчүн дароо эле “атайы сизге келдим, баягы сөздүн аягына чыгып бериңиз?” дедим. Ушул эле суроону 9-классты бүткөндө бергем.

— Эсиңен чыгарып кой күчүгүм, кызуу кандуулук кылып алдым, ишенбе, жалган– деген анда.

Бирок мен балалык суроому берип алгам:

— Анда эмне үчүн сиз атам менен жатып алчусуз — деп. Эжемин көзү алайып, качан? — деген.

— Эже, кечирип коюңуз туура эмес сүйлөсөм, бирок мен бүт билем.

— Азыр да кичинесиң, ал эми чоңойгондо менсиз эле өзүң баарын билип аласың. Азыр менден эч нерсе сураба — деп туруп кеткен.

Бирок эжемин атам менен жатып алганын чындап эле унутуп баратам. Ошондогу урушта ачык эле айтылгандыктан, мен дароо түшүнгөм. Себеби апам жокто атам эжем жаткан бөлмөгө кирип жатчу. Мен аңдучумун. Экөөнүн кучакташып жатканын апама айтып койсом, апам мени урушкан:

— Сен жигит болосуң, жигиттер андай ушакты айтпай чоңойушу керек ...

— Бул ушак эмес, мен өз көзүм менен көрдүм – деп ыйлап жибергем.

— Болду жетишет. Мен азыр атаң менен урушсам сөзсүз ажырашып кетебиз. А сен биздин жалгыз балабыз болосуң. Сени талашабыз, соттошобуз, ушуну каалайсыңбы? – дегенде апамын көзүнө жаш толуп кеткен.

— Анда кетсин эжем – деп өңгүрөгөм.

— Болуптур кетет, сени азырынча багып турсун, мектепке барарың менен эжең айылга кетет — деген.

***

Анар эжем жүрөгүн мыжып отуруп калды. Бир топтон кийин:

— Мен силердин үй-бүлөңөрдү бузуп, чыккынчы болдум. Мындай ишке барбашым керек эле, же сен укпай коюшуң керек болчу? Атаң, апаңын бетин кантип карайм?

— Сиз илгерки окуядан кийин дагы жолугушабыз деген ниетиңиз барбы? — деп копол суроо берип алдым.

— Алар сенин шылтооң менен качандыр бир келип калышы мүмкүн да?

— Кантип? Алар менин сиздин үйүңүзгө келип жүргөнүмү билишпейт да?

— Билишет. Жездең атаң экөө чогуу иштесе кантип билбей коет? Кээде кеч барганыңда эмне үчүн кеч келдиң, кайда жүрдүң деп сурашчу эмес, билесиңби себебин?

— Жок билбейт экем, бирок чын эле сурашчу эмес.

— Жездең чалып койчу, балдарды сагынып калыптыр, өзүм жеткизип коем дечү. Өзү жеткизип, сени киргизип коюп да чалып койчу, урушпай эле койгула, балада эмне айып деп. А атаңдар алдагыңын оозун жаап кой, бир нерселерди оттоп койбосун деп айтчу.

— Кызык экен? Мен апамдарга калпычы болуп жүрө берген турбаймбы? Эмне үчүн эскертип койгон эмессиз?

— Анын коркунучтуу эч нерсеси деле жок. Мен сенин атаңан такыр төрөбөй койгонуму билген апаң атаңын кулагынын кужурун ала берди. Туубагандан кийин эмне кармап жүрөсүң, же сүйүп калдыңбы деп. Акыры атаң өзүнүн студентин апкелип тааныштырып, үйлөн деп жалдырайт. Ал мени жактырып калып, эч нерсени ойлонбой эле алып алат. Апаңын өтүнүчү боюнча күйөөм окуусун бүткөндө мени таштап кетиши керек эле. Бирок ал окууну бүткөндө бир балалуу болуп, экинчисин төрөйүн деп калгам. Биз бири бирибизди чындап жакшы көрүп, ажырашпай турган болуп калдык. Экөөбүздүн жүрөгүбүз жуурулушуп бир жүрөккө айланып кеткен. Ал тургай силердин үйгө кандай тиешем бар экенин да айтып салгам. Күйөөмөн корккон атаң окуусун бүткөндө дароо өзүнүн кафедрасына кызматка алган. Азыр тескерисинче атаң күйөөмүн кол алдында эмгектенип калды.

Ал эми сага байланыштуу окуяны ал тургай жездең да билбейт. Менин гана кабардар болгон себебим сени төрөт үйүнөн мен алып чыккам. Сени төрөгөн аялды сенден баш тартты дешкен, көрсө студент кыз төрөптүр, анан талашып алып кетем деп төрөт үйүнө келип чыр салып жүрөт деп укканда апаңын жүрөгү түшүп калган. Ал эмес мен да аябай кайгыргам, алып кетип калса эмне кылам деп.

— Эже, сөзүңүзгө аралжы, ошол мени төрөп таштап кеткен энеми таап бере аласызбы? Мен өз атам, апамы чанганым үчүн сурап жаткан жокмун. Мен өз канымы көргүм келет. Сиз ойлобоңуз мени ошолорго кетип калат же акараат келтирет деп. Жок, антпейм. Сыртынан эле көрүп жүргүм келет. Эгерде мүңкүрөп жашап жүрсө, мен сырттан жардам гана берип туралам...

— Мен түшүнөм сага күчүгүм, ишенем дагы. Бирок кайдан табам ал аялды, болгону төрөт үйүнө гана барып сурашың керек. Сени ушундай күнгө туш кылган күнөө менде. Мен эми сен үчүн колуман келгенди бүт жасайм.

***

Түндө кеч жаткам. Себеби уйкум качып кетти. Уйкумду кошуна эрди-катындын кыйкырып, урушканы качырды. Эми уктайын десем саат төрт болуп калды, Москвада төрттө таң агарат экен, түнкү уйкуну караңгыда уктабасаң уйкуга деле окшобойт. Чакчайып шыпты тиктеп, ар нерсени ойлонуп жаттым. Көзүмү жумсам эле айылым элестейт. Анакей күйөөмүн будильниги шыңгырап атат. Ал араң ойгонуп, будильниктин жаагын басты да, мени ойгонуп кетпесин дегендей акырын туруп сыртка чыгып баратты.

Мен катуу уктап кеткен экем, телефондун үнү араң ойготту.

— Ало? Кандайсыз?

— А, да...

— Уктап атасызбы?

— Да, ооба...

— Анда уктай бериңиз, азыр мен барам, паспортуңузду берип коюңуз, билет алып келе коеюн?

— Бербедим беле паспортуму... – деп чала сүйлөп, телефонду кармаган бойдон кайра уктап калыпмын.

Каалганын кулпулары шагырап эшик ачылды, демек кызым бүгүн иштен кеч келди.

— Апа, уктап атасызбы? Мен сизге канча айтам, эрте жатып жүрүңүз деп, мына билетиңиз, өзүңүз каалаган поездиңизге.

— Таң атпай паспортуму сурап сен чалдыңбы мага — десем, жок – деп чоочуп кетти.

— Көрдүңүзбү галюцинация болуп атасыз, аман-эсениңизде кетип калыңыз Кыргызстанга, мен канча айтам түнкү уйкуну бузбаңыз деп – кызым мени жемелегиче эшик шыңгырап калды.

— Апа, дүкөнчү таанышыңыз чакырып атат – деп кызым кайра кирди. Халат жамынып чыга калсам Санам туруптур.

— Уйкуңузду бузуп койдумбу, кечирип коюңуз...

— Уктап атканымы кайдан билдиң? – дедим, себеби саат он бирге караптыр эле.

— Эрте менен паспортуңузду сурап чалсам...

— А ошо сен белең? Паспортуму эмне кыласың?

— Самолетко билет алып келем. Көпкө кармалбайбыз эже, сизди кайра ала келем — деп жалдырап сүйлөдү.

— Ракмат, бирок билетти самолетко эмес, поездге алдык. Ал эми эрте менен телефон чалган сен экениңи билген эмесмин...

— Сиз менен чогуу кетейин дебедим беле, эми эмне кылам, поезд менен барсам узак жүрүп калам. Ишимен көпкө жооп бербейт — деп ыйламсырап жер тиктеп калды.

— Эч нерсе эмес, артыман деле самолёт менен барып каласың. Бирок эстеп кой, мага аябай ишенбе. Биринчиден бул барышың соо эмес экенин билип кой, сен бирөөнүн үйүнө бомба жарганы баратасың. Сенин ушул окуяңан кийин мага да сөз тийет. Анараны сотко чейин жетелешет. Сен балаңы таап алып өөп-жыттап, жыргап жашайм деп ойлоп атасың, бирок балаң кандай кабыл алат, жакшы сөзү тийеби, жаман сөзү тийеби ошону ойлонушуң керек.

— Мен баарына чыдайм, баарын көтөрөм, эже. Сизге да, Анарага да сөз тийгизбейм. Баламы таап алып эле жүр кеттик, бас деп сүйрөбөйм. Анткенге акым да жок. Бардыгын сизге акылдашып жасайм. Баламы бир жыттап алып, кайра чыгып кетиш үчүн ата-энесинин үстүнө кымкаптан чепкен жабам. Такыр жолотпосо үйүнө кирип малай болом.

— Сен антип аша чаппа. Турмуш сен ойлогондой жеңил эмес. Адегенде табыш керек, анан калганын пландаштырасың. Мени Бишкектен табаласың, үйүмү болсо билет экенсиң – деп үйгө киргиздим да, столдун үстүндө жаткан билетти колума алдым. Менин колуман Санам алып көрүп:

— Мен сизди узатам эже. Артыңыздан көп узабай эле барып калам. Күйөөмү да ээрчитип алам го— деди.

Мен эмнегедир ушул жерде баласынын бакма энеси Анара менен күйөөсүн элестеп, ушул аялга салыштырып жибердим. “Эки бакыр, бир тукур” дегендей, биринин көз жашын бири кол жоолук менен сүртүп, эриш-аркак болуп, эл алдында айыптарын чукушпай бекем кол кармашып, ынтымак менен өмүр сүрүп, көздү жумуп бийик жардан бар бараке деп секирип чоң дайранын үстүнө “күп” деп ыргып түшүп кетишип, бири чумуп кетсе бири чыгарып, тайыса колдон сүйөп, эңкейсе белден таяп, аруу таза махабаттын бар экенин даңазалап, өйдө карап ош дебей, ылдый карап төш дебей, этектерин балага толтуруп, турмуштун даңгыр жолуна түшүп алып, жашоо деген дөңгөлөктү дөңгөлөтүп, ыйман менен ырыс кешик төгүп желелешип бараткандарын элестеп турдум...

Поездде да аларды ойлонуп келаттым. Азыр поезд мени ызы-чуу окуядан арачалап келаткандай, ал эми Кыргызстанга жеткенде башаламан окуянын дүйнө жүзүнө чаң тополоң түшүрүп, бейкапар жаткан айылга бомба жарып, бүлүк салып, нараазычылык, жек көрүү, иренжүү, каргап-шилөөнүн канчалык чекте болуп өтөөрүн элестеп, элестей албай башым катып, оор үшкүрүп, жүрөк заада болуп, термелип келатам...

 

Китептин бүт жаздыруу

 

© Карагулова Б., 2010. Бардык укуктар корголгон
    Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

 


Количество просмотров: 3169