Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Поэзия / Адабий мурас / "Манас" эпосу, кичи эпос
© Юнусалиев Б.М., 1958
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2011-жылдын 27-августу

Болот Мураталиевич ЮНУСАЛИЕВ

Манас (аягы)

Биринчи бөлүк

II китеп

Эпосту жалпысынан редакциялаган проф. Б.М.Юнусалиев

Манас. Биринчи бөлүк. II китеп. – Фрунзе: Кыргызмамбас. – 1958. – 320 б. китебинен алынды

Кыскартылып бириктирилген вариант
Жалпы редакциялган – проф. Б.М.Юнусалиев

Кыргыз ССР
Илимдер Академиясынын тил жана адабият институту

-------------------------------------------------------------------------------------------------------------

Книга оцифрована Национальной библиотекой Кыргызской Республики совместно с электронной библиотекой “Новая литература Кыргызстана”.

Особая благодарность крупнейшему издательству Кыргызстана “Бийиктик” за поддержку проекта.

Бишкек, ул. Жусупа Абдрахманова, 170-А, издательство “Бийиктик”.
Тел. +996 (312) 62-02-11, 62-02-13, 66-17-25

 

МА3МУНУ

КӨКӨТӨЙДҮН АШЫ
АШКА ДАЯРДЫК
Бокмурундун аш берүүгө камынышы
Кабар берүү
Элдин ашка келиши
Нескаранын Мааникерди сурап чатак салышы
Таласка кетти чабарман
Ашка камынуу
Манас баатырдын Көкөтөйдүн ашына келиши
АШТЫН ШААН-ШӨКӨТТӨРҮ
Ат чабыш
Жамбы атыш
Кошой дөө менен Жолой дөөнүн күрөшү
Түктүү таман Түкүбай менен чыканактай эр Агыштын күрөшү
ЧАТАКТЫН ЫРБАШЫ
Манас менен Коңурбайдын сайышы
Коңурбайдын кол салышы
ЧОҢ КАЗАТ
Чубак менен Алмамбеттин чатагы
Тал-Чокуда
Чалгында
Алмамбеттин туулган жери
Сыр тартуу
БААТЫРЛАРДЫН СОГУШУ
Уруштун башталышы
Коңурбай менен Манастын алгачкы беттешүүсү
Жалгыз көздүү Мадыкан
Коңурбайдын айласы
Алгачкы ийгиликтер
Коңурбайдын Манасты алдап жарадар кылганы
СОҢКУ КАРМАШУУЛАР
Соңку согуш
Баатырлардын өлүмү
Таластан Тайбуурулдун келиши. Манастын акыркы кайраты
Манас баатырдын дүйнөдөн кайтышы
Комментарийлер

 

КӨКӨТӨЙДҮН АШЫ

 

АШКА ДАЯРДЫК

Ташкендин бери жагында, Чыйырчыктын тоосунда турган кыргыздардын ичинде Көкөтөй деген белгилүү карыя болгон.

Манас Алтайдан кол менен келип, ата-бабасынын жери — Ала-Тоону ээлеп алган калмак, маңгул, кара кытайлардан аны бошото баштаганда, Көкөтөй өз кошуну менен Манасты тосуп чыгып, жоону жеңүүгө көп көмөк көрсөтөт.

Көкөтөй бул кызматы аркылуу кыргыздарга белгилүү болот. Манас баш болгон кыргыз баатырлары ошол үчүн Көкөтөй карыяны дайым сыйлап калышат.

Ошол Көкөтөй карыялыгы жетип, дүйнөдөн кайтканда, уулу Бокмурун төгөрөктүн төрт бурчунан эл жыйнап, аш берүүгө камынат.

 

БОКМУРУНДУН АШ БЕРҮҮГӨ КАМЫНЫШЫ

Жанадилдин Көкөтөй
Узагыраак карыптыр,
Жетимиш бешке келгенче
Бала көрбөй калыптыр.
Жетимиш жигит кошчу алып,
Кулан атып, бөкөн кууп,
Салбырынга* барыптыр.
Саякат кылып жүргөндө
Кайыпчынын белинен,
Кайнаган ысык чөлүнөн
Бокмурун деген баланы
Талаадан таап алыптыр.
Баласынын башына
Баргектеп* үкү тагыптыр;
Жети катын баланы
Жетелеп жүрүп багыптыр.
Бирөө кастык кылат деп,
Тушунда кароол турчу экен;
Ар күнү аман түнөсө,
Алты эркеч, төрт улак
Садага чаап койчу экен.
Антип-минтип чоңоюп,
Абаңдын иши оңолуп,
Көкөтөйдүн Бокмурун
Он экиге келгенде
Күйүп турган чок чыгып,
Тентектиги чиркиндин
Ай-ааламда жок чыгып,
Урунарга тоо таппай,
Урушарга жоо таппай
Соодагерди сабатты,
Кербенчини каматты.
Жылкынын кысыр тайын жеп,
Эчкинин тоңгон майын жеп,
Эсирди бейм Бокмурун!
Көрдүңөрбү шоктугун!

Азууларын аркайтып,
Астыңкы эрдин шалпайтып,
Өркөчтөрүн каркайтып,
Атандарды комдотуп,
Жабууларын оңдотуп,
Аркан менен тарттырып,
Кызыталак дүнүйөнү,
Асемдетип арттырып,
Ат бороюн сыдырып*,
Дүнүйө жүзүн чалчу экен;
Зөөкүр болуп Бокмурун
Кыз издетип калчу экен.
Эчен элди көрүптүр
Көкөтөйдүн Бокмурун,
Мааникерди мингенде,
Төгөрөктүн төрт бурчун
Төрт айлана кыдырып,
Катын издеп жүргөндө
Кан Көкөтөй өлүптүр.

Көкөтөй өлүп жатканда
Бокмуруну келиптир.
Кайран атам өлдү деп,
Кайгыланып бакырып,
Калайыктын баарысын
Кара ашына чакырып,
Сай тулпарды байлатып,
Сандаган кожо, эшенди
Доорон алса, келсин деп,
Зордук менен айдатып,
Ботолорун боздотуп,
Көкөтөйгө кара аш деп,
Бозкаймалды* сойдуруп,
Кулунун жетим таштатып,
Бээлерди кырып койдуруп,
Алптын баарын айдатып,
Атасынын сөөгүн,
Алтымыш алпка карматып,
Дооронго токсон сур байлап,
Баарысын миңден кур* байлап,
Конгуроосун тактырып,
Калы килем жаптырып,
Балбандарды бактырып,
Календер*, мискин*, думана
Бириң мындан калба деп,
Калайыкты чакырып,
Жаназасын окутуп,
Жан атам минип жүрөт деп,
Өңчөй кылдай кара атты
Бурак атка* токутуп,
Атасынын кара ашка
Көкөтөйдүн Бокмурун
Кылыкты минтип баштаган,
Кызматына чыдабай
Кең Ташкендин кыргызы
Кырылып кете таштаган.

Көкөтөйдүн Бокмурун
Уламадан улаган,
Билгичтерден сураган;
Билгендерден кеп угуп,
Суптан* кепин кылдырсаң,
Сонун болот деп угуп,
Желбегей торко* кийгизип,
Желмаянды мингизип,
Супка салып оротуп,
Көкөтөйдүн сан дүйнө
Мына минтип короткон.
Замзам* суу менен жуудуруп,
Баш-аягын ырымдап,
Сарпайы* менен буудуруп,
Тулун* туура тарттырып,
Көкөтөйдүн жоктоосун
Күлайымга айттырып,
Бар дүйнөнүн баарысын
Белендетип сандатып,
Жуугандарга берүүгө
Бадана* чепкен камдаткан.
Казына оозу ачылып,
Көкөтөйдүн сан дүйнө
Кара ашына чачылып,
Мүрзөсү бөлөк казылып,
Кетмен чабар балбандан,
Чот чабуучу дардаңдан
Койбой баарын чалдырып,
Көр казуучу балбанды
Дардаңдардан алдырып;
Жайкамасын жай казып,
Жайы менен кең казып,
Телегейин тең казып,
Текшилеп баарын чоң казып,
Казынагын ойдуруп,
Баш-аягын чойдуруп,
Жарык болуп турсун деп,
Көөхар менен жакуттан
Аяк менен башына
Жарык кылып койдурган.
Карт Көкөтөй өлдү деп,
Калайыкка билгизип,
Катынына Көкөңдүн
Калдайтып кара кийгизип,
Көкөтөйдүн Бокмурун
Көзү ачылбай ыйлаган,
Күйүтүн асты тыйбаган.

«Көз жоголгон тушу — деп,
Менин атам Көкөтөй
Көр үстүндө калайык,
Көрүшкөнүң ушу» — деп,
«Атакем менин өткөн соң,
Ашты кандай беремин?
Атты кандай чабамын? —
Кепти ортого саламын;
Алптын, дөөнүн баарысын
Кеңешке алып каламын!».
Калмак, кыргыз дебестен
Карартып жыйып алыптыр.
Жакыптын жалгыз Манаска
(Көпкөндүгүн мындан бил)
Кабар бербей калыптыр.
Көкөтөйдүн кара ашка
Манас келбей топурап,
Салбай калган топурак.

Аккуласы минилип,
Аголпогун кийинип,
Акболотун чалынып,
Арыстан Манас кабылан
Бокмурун чаап алам деп,
Ак жолборстой чамынып,
Айкырып атка мингенде,
Акылман Бакай көк жалың
Арага түшө калыптыр.
«Барып чаап алгыдай,
Көкөтөйдүн Бокмурун,
Сыдырмак Ала-Тоо эмес,
Салмакташар жоо эмес.
Жетимди чапкан болобу?
Жеткилең иши оңобу?
Балага барып катылып,
Уятка ишиң чатылып,
Ошондо ишиң оңобу?».
Асыл Бакай кабылан
Арага түшүп калыптыр,
Айкөл төрө Манасын
Антип тыйып алыптыр.

Кан Көкөтөй өлгөндө,
Калк чогулуп көмгөндө,
Калайыктын баары бар;
Ошолордун ичинде
Баатыр Кошой дагы бар.
Чаба турган тулпардын
Кыл куйругун шүйдүрүп,
Көкүлдөрүн аземдеп,
Көк шайы менен түйдүрүп,
Кындырдай белин жаратып,
Өөдө-төмөн чубатып,
Көкөтөйдүн көр байге*
Көргөн жанды кубантып,
Азууларын аркайтып,
Ат күлүгү ээлигип,
Муруттарын калкайтып,
Алп-эрени жээлигип,
Каптап салып топурак,
Карт Көкөтөй өлдү деп,
Калайык журт топурап,
Баатыры бар, алпы бар,
Бирөө миңге татыган
Баатырлары жалпы бар.
Ак сакалын жайкаган,
Акылдын түбүн байкаган,
Ороюн көргөн чочуган,
Олуяттан окуган
Ойрон Кошой дагы бар.
Билбегенди билгизген,
Билимдүүнүн баары бар.

«Абам Кошой, карыя!
Сарпайым* бар, мүлкүм бар,
Мүлкүмдү чачып көрөмүн,
Калмак менен кыргыздын
Ортосун жара кономун.
Атамдын ашын беремин,
Атам жыйган сан малдын
Минтип күчүн көрөмүн.
Адырда жылкым алты сан
Айдап саям байгеге,
Сан жетпеген каран төө,
Санабай саям байгеге.
Асыл атам, көк жалым
Өлгөнүндө көр байге,
Калайыкка даңк кылып,
Азыр саям чоң байге.
Бул ашымдын ичинде
Багалектен алышат,
Балбандар күрөш салышат.
Шаар базарын ачамын,
Атакемдин сан дүйнө
Топуратып чачамын.
Калмак менен кыргыздын
Алпынын баарын жыямын,
Ойдогумду кыламын.
Толуп жаткан сан дүйнө
Атама чачам баарысын;
Калыстыкка коёмун
Катаган Кошой карысын.
Көкөтөйдүн көп дүйнө
Көптүк кылбай, аз болсо,
Көп былжырап ортодо
Көрүнөө тууган кас болсо,
Төрт түлүгүн бөлөмүн,
Кордук менен чоңдукту
Койбой сала беремин.
Калайыктын баарысын
Дүңүм менен басамын,
Жалгыз букам калгыча,
Көп дүйнөмдү чачамын.
Эт жебеген эл да көп,
Аш бермек түгүл эт билбей,
Делдейип жүргөн пенде көп.
Чабуулдан жаман ой кылам,
Чачылып журтум кетсе да,
Көкөтөйгө той кылам.
Атакемдин ашы үчүн
Түтүнгө асый саламын,
Түк койбой жыйып аламын».
«Аба Кошой, кебимди ук!
Кой ичинде козголбос,
Ыйык койгон серке бар,
Атадан калган жалгыздын
Не кылам десе эрки бар.
Сандыргалуу бою бар,
Кара башыл кишини
Байгеге саяр ою бар».

Ошондо безге сайган эмедей,
Ыргып кеткен эр Кошой:
«Балам, аш берген киши айыпкер,
Аш берген киши күнөкөр.
Эңкейиште бас болот,
Биздин кыргыз аз болот.
Кара кытай, манжуу журт
Биздин журтка кас болот.
Кара кытай жыйнаган
Каканчынын* калкы бар,
Кабыла калса, кыргыздын
Канын ичер салты бар.
Кыйшыгы бар эли бар,
Кьңырыгын түзөтөр
Тозоку Жолой бөрү бар.
Кара кытай, көп манжуу,—
Кайнап жаткан калкы бар.
Ошолордун мыктысы
Кан Коңурбай баатыр бар.
Ашта баштап казатты,
Бир салбасын азапты.
Болумдуусу — Бороончу,
А да Каканга кирип кайрылган,
Токшукердин Бозкертик, —
Ошол үчөө бир тууган.
Кабылан Манас баатырга
Катылам деп булар да
Канчасынан айрылган.
Туз болгон кара кытайдын
Түгөнбөгөн кеги бар.
Көкөтөйдүн ашында
Калмак, манжуу чакырсаң,
Биз менен кармаша кетер жери бар.
Кечээ Алтайга Жакып куулуп,
Арыстан Манас шериңиз
Алтайда өскөн туулуп.
Ырас, сенсин ага тең тууган,
Кара көк жал Манасты
Кара нээт Жакыптан
Кара чаар шер тууган.
Каарданса кармаган,
Кармаганын чайнаган,
Кара кытай, манжуудан
Кармашар жоосу калбаган.
Көкөтөйгө аш берсең,
Чалгынчы жибер Таласка,
Кабар айткын, кулунум,
Кара көк жал Манаска!
Ээ, Бокмурун, ойлоп тур,
Бел байлаган бел ошол;
Көкөтөйгө аш берсең,
Медер болчу өзүңө —
Белиңе таңуу эр ошол!
Манаска кабар бербесең,
Кытай, калмак, манжуулар
Төрүңө кудук казбасын,
Төбөдөн анык баспасын,
Төрт түлүгүң чачпасын.
Душмандын күнү туубасын,
Ашка барган адамды
Түк койбой баарын кырбасын?!
Түктүү таман Тукубай —
Түгөнгөн калмак балбаны
Түбүң түшкөн бурутка
Түгөнүшүп кетсек деп,
Эр Коңурбай, Түкүбай, —
Булардын ичинде жүрөт арманы.
Капталынан Бөрүкөз —
Калмактын мыкты балбаны,
Артык сынчы Нескара
Аңдып жүрөт биздерди
Бир калайман салганы.
Ачуу шайтан, акыл дос,
Ой, Бокмурун, кулунум,
Акылыңа акыл кош!
Айыгышкан манжууну
Аш берем деп жыйбагын,
Айтылуу Манас келбесе,
Бөлөк журтту кырбагын!
Ай, Бокмурун, кулунум,
Барлыгыңа салбагын,
Барып берип калмакка
Тукум курут кылбагын!
Малга көпкөн баласың,
Бу тилимди албасан,
Баары журтту чакырып,
Балакетке саласың.
Кара кытай, көп манжуу,
Аш билүүчү неме эмес,
Ошолорго тең болуп,
Аралашар сен эмес!
Кабар угуп, калк жыйып.
Кан Коңурбай жетпесин.
Кабылан Манас болбосо,
Калың кара журтуңду
Дене кул* кылып кетпесин!»
Кошой мындай дегенде,
Ыргып кеткен Бокмурун
Булкунгандан силкинип
(Карачы, акылынын жоктугун):
«Кошой аба, кебимди ук!
Көкөтөйдүн көп дүйнө
Кулпусун эми ачамын,
Калайыктын баарына
Эмесин койбой чачамын.
Калайыктын баарына
Жетип кабар салууга
Ат Мааникер күлүк бар.
Келген элди тойгузар
Толуп жаткан мүлүк бар.
Калкка кабар саламын,
Кайран башым барында,
Жетик жыйып аламын.
Бүгүн кылдым көр байге*,
Эртең кылам чоң байге*,
Аба Кошой, акылман,
Акыл чыгат эмеспи,
Сен өңдөнгөн баатырдан.
Атамдын ашын берем деп,
Айланайын абаке,
Мен кайда барып катылам?
Манжуу, кыргыз ортосу
Жер очогун ойдурам,
Ашка келген адамды
Аппак майга тойдурам.
Атакемдин ашына
Күрүчтү күздүк айдатам.
Төгөрөктүн төрт бурчун
Төрт айланта жыйбасам,
Төрөлүгүм билгизип,
Мындай кызык кылбасам,
Бокмурун болбой өлөмүн,
Тирүү басып жүргүчө
Туубай туна чөгөмүн!
Кежириме тийгенди
Чаап алып мерт кылам.
Атакемдин ашына
Ала-Тоодой эт кылам,
Ала-Көлдөй чык кылам.
Курдан* санды сойдурам,
Курчаган жанды туйдурам;
Байлыгымды көрүнтөм,
Алтынды таштай бөлүнтөм.
Жердин жүзүн чаң кылам,
Көкөтөйдүн ашы деп,
Калайыкка дан кылам.
Аба Кошой, акылман,
Акыл сурап турамын.
Берен атам өлгөн соң,
Бери бакпас дүйнөнү
Биротоло көргөн соң,
Айыл кандай конуучу,
Айлабыз кандай болуучу?
Кошой аба, акыл тап, —
Ашын кандай беребиз?
Атын кандай чабабыз?
Аба Кошой, карыя, —
Азыркы адам уулунан
Артык тууган олуя!
Чын акылың сурачу
Чыныгы жетим мен элем,
Байлоого түшкөн баатырдын
Багын ачкан сен элең.
Айчыгы алтын көк тууну
Алып бергин эр Кошой,
Арыстан атам ашына
Барып бергин эр Кошой.
Кадимки Манас кабылан
Бучкагына теңебей,
А да бир заңгырап жаткан олуяң
Манасыңа барбаймын,
Ага кеңеш салбаймын.
Өзүңүздөн башканын
Өлсөм да тилин албаймын.
Түгөнбөгөн дүйнөм бар,
Көөдөндө далай арман бар.
Отун алып берерге
Толгон илек* балбан бар.
Кара калмак, манжууга
Союшун инек уй кылам,
Топондогон калмакты
Тоң эт берип буй кылам.
Толуп жаткан эл келет,—
Толкуп жаткан сел келет.
Калың жыйын кашы деп,
Кан Көкөтөй ашы деп,
Жерге сыйбай топурап,
Каптап кетип жүрбөсүн
Чатак салып кочурап.
Кең эсебин ала көр,
Айланайын абаке,
Кеңири жерди таба көр!
Жагууга отун мол болсо,
Казан кайнап келгенде,
Жер көрүнбөс буу болсо,
Калайык суусап кетпеске,
Миңден булак суу болсо,
Аш берүүчү жерибиз
Өзөндүү тайпаң жер болсо,
Өлкөсү жайык кең болсо,
Кеңдигине жараша
Журтка салам тамаша.
Балбандар чыга калышса,
Багалектен алышса,
Көрүнгөн жерин үзүшсө,
Көк букадай сүзүшсө,
Баатырлар чыгып сайышса,
Бакандары майышса,
Журт чогулуп келгенде,
Тегеректеп көргөндө,
Телегейи тең болсо,
Чаң чыкпаган кең болсо!
Карт Кошойду баш кылсак,
Көкөтөйгө аш кылсак,
Көп тилегим ушу» — деп,
Бокмурун айтып басылды.

Абаң Кошой карыя —
Түйдөктөшкөн түмөн сөз
Түйүнүн чечкен олуя.
Аксакалы жаркылдап,
Бала каздай баркылдап,
Күүлөнүп сөзүн тың айтып,
Жалганы жок чын айтып:
«Алай конуп, аш берсек,
Коросон* оттук чактырсак,
Отту улуу жактырсак,
Алты күлүк ат менен
Алакандай кат менен
Кайнап жаткан көпчүлүк
Койбой баарын чакырсак.
Кабар түшүп, эл келсе,
Көкөтөйдүн ашы деп,
Журт кыжылдап тербелсе,
Аш бышырып бере албай,
Алайдан отун караса,
Кызматчынын баарысын
Милдеттүү конок* сабаса, —
Бул эмне болучу?
Тил билбеген эл келер,
Көптүгүнөн кара жер
Араң түтүп тербелер.
Милдет кылып келген жан
Тойдургун деп чалкалар,
Кызматчынын баарысы
Тезек терип аркалар».

Алайда артык отун жок,
Анысын ойлоп отурду,
Атактуу жердин баарысын
Абаң Кошой которду.
«Атактуу жериң Сары-Арка,
Мунун жайын айтайын,
Томуктай болгон тоосу жок,
Токум батар коосу жок,
Буурусун чийген чийин жок,
Суур казган ийин жок,
Карга учалбай карыккан,
Как ортого келгенде
Канаты чарчап талыккан
Сары-Аркаң суусуз чөл экен,
Жылаңач жаткан жер экен.
Суусамырга барышсак,
Өйүз-бүйүз жери тар, —
Найзанын башы чабышар,
Адамдын башы кагышар,
Калайык батпай турушар,
Кабагы жаман тырышар.
Мен көргөмүн далай жер,
Ат бороюн сыдырып,
Ай-ааламдын баарысын
Айланып жүрүп кыдырып.
Аты угулат Каркыра,
Артыкча башка ошо жер,
Аңыз кылат биздин эл.
Мүдүрүлөр аңгек жок,
Суур жеген кемер жок,
Каркыранын түзүндө
Нелер бар да, нелер жок!
Сай-сайынан шаркырап,
Миңден булак куюлган,
Үкүрчүнүн оюна,
Үч-Капкактын боюна,
Кемегени казчуу жер,
Керилген өзөн — Кеген суу,
Кең бойлоп атты чапчуу жер,
Кең тамаша салчуу жер.
Бокмурун, тилимди алсаң көчөлү,
Каркырага жетели».

Карыядан эми угуп,
Көкөтөйдүн Бокмурун
Бейлегичтен* кеп угуп,
Беренелүү* Каркыра —
Бек жакшы жайлоо деп угуп,
Оттогон малы семиз деп,
«Аш берер жерим Каркыра
Телегейи тегиз деп,
Көкөтөйдүн Бокмурун
Ташкендеги кыргыздын
Жаккан отун өчүрттү,
Жан-жабылта көчүрттү.
Аземдеген боз үйдүн
Кереге, уугун бүктөтүп,
Кызыл нарга жүктөтүп,
Кыя тартпай үй чечип,
Кыбыратпай суу кечип,
Кызыл нардын куйругун
Кыя тартып өрдүрдү,
Калайыктын баарына
Аземдигин көрдүрдү.
Көкөтөйдүн көп дүйнө
Сан атанга арттырып,
Сандыргалап баарысын
Сарпайыдан жаптырып,
Кылтылдаган кыздарга
Кызыл чапан кийгизип,
Кызыл чапан этегин
Кыйгачтап жерге тийгизип,
Көкөтөйдүн Бокмурун
Көчүп калды Ташкенден
Өз өкүмүн билгизип.
Келинге кете* кийгизип,
Келте тондун этегин,
Керилтип жерге тийгизип,
Айчыгы алтын көк тууну
Асмандатып аштатып,
Бокмурун көчтү жөнөттү
Каркырага баштатып.

Алган жары Күлайым
Калдайтып кара кийгизип,
Кан Көкөтөй зыйнатын*
Калайыкка билгизип,
Атанга жүгүн арттырып,
Алтымыштай катынга
Тегиз кошок айттырып,
Мал айдап балдар, абышка
Жүрүп келет чабуулдап.
Көч алдында Күлайым,
Алтымыш катын кошчусу
Тегиз ыйлап аңылдап,
Жебилгеси* жер чийип,
Жеке* сан үнү баш жарып,
Жер жайната көчүрүп,
Кулун, тайын ширгелеп*,
Бээ байлата көчүрүп,
Ботонун баары буркурап,
Кулундун баары чуркурап,
Көкөтөйдүн Бокмурун
Олуя-Ата, Таласты
Катар басып алганы.
Томуктай болгон тоосу жок,
Токум батар коосу жок,
Көчтүн баары жер жайнап,
Кең өзөнгө салганы.
Көч алдында кызыл нар
Коколору кенектей,
Азууларын каркайтып,
Алдыңкы ээрдин шалпайтып,
Маң-маң, маң— маң, маң басып,
Чуудаларын чаң басып,
Төө чубады бир канча,
Курсактары жер чийип,
Бээ чубады бир канча,
Жердин үстүн сыдырып,
Серүүн бойлоп кыдырып,
Шаа мүйүзүн каркайтып,
Курсактарын чалкайтып,
Уй чубады бир канча...

Козу-Башы, Копого
Кой семирип ошого,
Көч алдында келгендер
Кеген бойлоп кетиптир;
Кең Каркыра түзүнө
Бокмурун барып жетиптир.
Баш-аягын тордотуп,
Көкөтөйдүн чоң ордо
Каркыранын талаага
Барып тигип орнотуп,
Көкөтөй атам тою деп,
Каркыранын бою деп,
Жердин үстүн чаң кылып,
Калайыкка даң кылып,
Бар дүйнөсүн шайлатып,
Көкөтөйдүн көп жигит
Токтотпой отун камдатып,
Калдай* менен дос болуп,
Туз кайнатып алды эми.
Чоң Каркыра боюна
Толуп эли конду эми.
Үкүрчүнүн күдүргө
Уюн айдап бактырды.
Айгыр жалдын астына
Чоң кермени тарттырды.
Үч-Капкактын боюна
Көкөтөйдүн кемеге,
Кемегени каздырды.
Кеңирсиген күдүргө
Келип жылкы жайдырды,
Ал жылкынын ар жагын
Баатырларга чалдырды.
Абаң Кошой карыга
Айчыгы алтын асаба
Асмандатып аштатып,
Бар жарагын жайлатып,
Алтын жаак айбалта
Билегине байлатып,
Калайыктьг башташты.

Кабагы бийик, өңү саз,
Эңечер бойлуу, кең далы
Урумкандын Көкбөрү,
Эл алдында ал келген.
Андан кийин сурасаң,
Чайиңги* деген тон кийген,
Чалкуйрук деген ат минген,
Түпөгү жок найза алган,
Жалаң кылыч байланган,
Тогуз уулдун кенжеси,
Элемандын эркеси,
Бир кудайдын пендеси
Эр Төштүк жете келиптир.
Анын жер алдына түшкөнү
Жети жыл болгон чагы экен,
Жер үстүнө чыкканы
Жети күнчө бар экен.

Бокмурун эми кеп айтат
Кеп айтканда деп айтат:
«Кошой, Төштүк алпым бар,
Арманым жок кудайга,
Аш башкарар калкым бар.
Акыл салдым калкыма,
Аба Кошой, Баймырза,
Ушу турган жалпыңа.
Кеңеш айтар кебим бар,
Коросон оттук чактырам.
Кара кытай, манжууну,
Кайнаган калмак урууну
Калтырбастан чакырам.
Кызыл жагаал* манжуунун
Кыл эмеси калбасын,
Кара жагаал калмактын
Калкынан бирөө калбасын!
Төгөрөктүн төрт бурчтан
Түгөлү менен келсин дейм,
Келбей калса кокустан,
Көкөтөйдүн көк туусун
Үй үстүнөн көрсүн дейм!
Бул ашыма келсин де,
Үлпөтүмдү көрсүн де.
Тең көрбөсө өзүмдү,
Тескери алса сөзүмдү,
Кармап түшөм кара туу,
Калкына салам улуу чуу!
Кабар уккан кан келсин,
Жети кылым жер жүзү,
Жер жайнаган сан келсин!».

Бокмурун мындай деген соң,
Баймырза туруп кеп айтат:
«Төрт айланта чакыртып,
Төрөлүктү кылбагын,
Баары-жогун чакырып,
Балалык кылып турбагын.
Кара кытай, манжуунун
Калкын билем ал журттун.
Каканчынын калкы бар,
Каңгайдын журту чогулса,
Кан төгүүчү салты бар.
Кыялы бузук Жолой бар
Кыйын өчтүү Коңурбай,—
Биз менен кыйышар жоолор далай бар.
Уй түгүндөй көп кытай
Убараны салбасын,
Тоюп алып ашына
Тозок салып жүрбөсүн
Топчудай болгон башына?
Аш берген киши айыпкер,
Аш берген киши күнөкөр.
Эңкейишиң бас болсо,
Өөдө чыккан көп болсо,
Калмактын журту көп болсо,
Таянганың темирдей,
Көкөтөйдүн жаман уулу Бокмурун
Калкындагы көп дүйнө
Аш берем деп калмакка
Талатып ийди дедирбей,
Көпкөндүк болот мунуңуз,
Көт кысып, журтту жыйыңыз.
Азканакай кыргызды
Аш берем деп сабатып,
Кара кытай, манжууга
Кызыл уук кылып талатып,
Калкыңа бүлүк салбагын!
Кырдаалсыз ишти кылбагын!
Баатыр Манас Таласта,
Манасы жок баштайм деп,
Акылыңдан адашпа!
Он экиде Бокмурун
Обуңду таап иш кылгын.
Оён Манас куп десе,
Ошондо иним күч кылгын!».
Баймырза мындай дегенде,
Бокмурун туруп муну айтат:
«Какшанба эми, Баймырза, какбаш,
Конушуң — татаал сай, Мырза, какбаш,
Минериң — жалгыз тай, Мырза, какбаш,
Ичкениң — кара чай, Мырза, какбаш!
Өзүңдүн башың өзүң бил, какбаш,
Көтүңдү кысып, жолго кир, какбаш,
Жолотпоймун ашыма, какбаш!
Жоон кылбайм башыма, какбаш!
Жоо көрүндүң ашыма, какбаш!
Карарып турба кашыма, какбаш!
Көп көргөн болуп көнбөчү, какбаш!
Көбүрөөк караан болбочу, какбаш!»
Деди ошентип Бокмурун
Баскан жерин тебелеп,
Баймырзаны жемелеп,
Жер токмоктоп чаңдатты,
Ат Мааникер күлүктү
Жылкы ичинен айдатты.

 

КАБАР БЕРҮҮ

Көкөтөйдүн Мааникер ―
Тулпардан артык күлүгү,
Калайыкты дүрбөткөн ―
Бокмурундун бүлүгү.
Ай жаныбар Мааникер —
Жылкыдан чыккан көйкашка,
Сыны малдан бир башка.
Учкан куш менен жарышкан,
Казы алуучу боор эт
Кайра тартып зымпыйып,
Сөөгүнө жабышкан.
Айгай укса шашпаган,
Айдын караңгысында
Бир изин жаза баспаган;
Чуу укканда бөлүнгөн,
Баскан буттуу дебесе,
Канаты бардай көрүнгөн;
Чылбыры тутам калбаса,
Чындаган жоого алдырбас,
Курган кырсык чалбаса,
Кыпкызыл өрткө чалдырбас;
Омуроо сынып өтпөсө,
Ок жаңылып кетпесе,
Миңгенин жоого алдырбас;
Жетик күлүк Мааникер
Желгенине жел жетпес
Басканына мал жетпес;
Тизгинин жыя тартпаса,
Учкан куштай закымдап,
Кырк күнчүлүк жолдордо
Булут өңдүү калкылдап,
Кырк күнчүлүк чөл болсо,
Кылт этип суу ичпеген,
Чуркаган сайын узарган,
Кайыптай көзү кызарган,
Көкөтөйдүн Мааникер —
Кара байыр казанат,
Калбыр өпкө, жез канат,
Тайгылбаган бийиктен,
Такыр эле кем эмес
Ташка баскан кийиктен.

Көкөтөйдүн Бокмурун
Жаш Айдарга кеп айтат,
Кеп айтканда деп айтат:
«Эл чакырам деп барып,
Ээ, жайма көкүл Жаш Айдар,
Ээн чөлгө кезигип,
Ээлигип өзүң өтпөгүн.
Узун кармап тизгинин
Үстүнөн учуп кетпегин.
Алты күлүк ат алгын,
Алакандай кат алгын.
Ат бороюн сыдыргын,
Ай-ааламдын баарысын
Кабар берип кыдыргын.
Эл маанисин айтайын,
Эй, Жаш Айдар, бери кел!

Мобу тоңкойгон тоонун көтүнөн,
Күн караган четинен,
Сайылган төмөн бетинен,
Көөнө Турпан быягы,
Кең Барбардын тыягы,
Лоп дарыя боюнда
Кумга төөсү төлдөгөн,
Өнөгүн* жанга бербеген,
Кызыл камчы, көк найза,
Кыргыздын белек теңи бар,
Атактуу Нойгут эли бар.
Касиеттүү кары бар,
Лоп дайраны жердеген
Карача деген дагы бар.
Бул ашыма келсин де,
Бул кызыкты көрсүн де,
Бул ашыма келбесе,
Бул кызыкты көрбөсө, —
Көкөтөйдүн айчыгы алтын көк тууну
Үй үстүнөн көрсүн де!
Кыздарынын чачтарын
Беш көкүлдөп өрсүн де!

Андан ары тартканда,
Күн батышка кайтканда,
Аты Котон шаары бар,
Котондогу Жүгөрү —
Чон балбаны дагы бар.
Суусунда кудай каары бар,
Суусун ичип бошобо,
Котондогу Жүгөрү
Кабар айткын ошого.
Көкөтөйдүн ашына
Алып келип чабууга
Күлүк атын байласын,
Келип күрөш салууга
Балбандарын камдасын
Атакемдин ашына.
Жүгөрүгө салам айт!
Бул ашыма келсин де,
Бул кызматты көрсүн де!
Бул ашыма келбесе
Бул кызматты көрбөсө, —
Көкөтөйдүн сан колун
Үй үстүнөн көрсүн де!
Бокмурунга олжо деп,
Кыздарынын чачтарын
Беш көкүлдөп өрсүн де!
Чатак кылбай, чыр кылбай,
Бачымыраак келсин де!

Сол кол жакы бетинде,
Түгөнгөн көлдүн четинде,
Адыр-күдүр урчукта,
Аңырайган тумшукта
Атактуу Жаркен жери бар;
Ал Жаркенди жердеген
Жортуулчу балбан эри бар.
Калкы менен жыйылып,
Кан Жортуулчу келсин де.
Таштабасын чалдарын,
Кадимкидей чомуна
Миңгизе келсин балдарын.
Ысык чөлдү жакалап,
Ырас келсин ашыма
Тулпарларын такалап.
Бул ашыма келсин де,
Бул кызматты көрсүн де,
Бул ашыма келбесе,
Бул кызыкты көрбөсө, —
Элин чаап курутам,
Эшегин сайга улутам!
Келбей калса, кезегин
Маминтип берем эсебин!

Андан ары жол жүрсөң,
Ат аябай мол жүрсөң.
Кен Үркөнчтүн шаарына,
Кең Оогандын айлына,
Акун кандай канына,
Ошо, көрүнгөн журттун баарына,
Көкөтөйдүн Бокмурун
Үч Каркыра конду де,
Көкөтөйдүн көп дүйнө
Жер жүзүнө толду де.
Көкөтөйдүн чоң ашы,
Берер кези болду де.
Акун канга салам айт,
Бул ашыма келсин де,
Бул ашыма келбесе,
Айгайлаган атышты,
Айыкпаган тартышты
Үй үстүнөн көрсүн де!
Сулуу кызын суктантпай,
Олжо кылып берсин де.
Ары жүрбөй бери тарт,
Так ошо жерден кайта кайт.
Кызыл желек, көк найза,
Кыргыздан бирөө калбасын.
Ала колдоп кетти деп,
Артымдан күбүр кылбасын.

Андан туура тартканда,
Чамбыл-Бел деген бел келет,
Чамбыл-Белди жердеген
Жанаалы, Карач эр келет.
Белендини жайлаган,
Белендинин белине
Алар тулпарларын байлаган.
Көкөтөйдүн ашы де,
Көп жыйындын кашы де.
Батакей Кошой олуя
Ошол аштын башы де.
Темир өсөк эренди,
Тепселип турган беренди
Бул ашыма келсин де,
Бул кызыкты көрсүн де.
Бул ашыма келбесе,
Дегениме көнбөсө —
Эл өөдөгө тартканда
Ат кара тил* болгондо,
Төбөсүнөн басамын,
Төрт түлүгүн чачамын!
Кыйратамын жандарын,
Чуулатамын балдарын!
Үч Каркыра боюна
Көкөтөй айлы конду де,
Калмак, кыргыз болгону
Карчалар* чагы болду де.
Казандай болгон баш кетет,
Кашкайган эчен таз кетет.
Бу да байге алышат,
Өпкө менен салышат,
Жыланач катын төө чечет.
Бул кызыкты көрбөсө,
Көзү ачык болуп журт кетет.

Урумкандын Көкбөрү
Бул ашыма келсин де,
Бул ашыма келбесе,
Боз алалуу көк тууну
Үй үстүнөн көрсүн де!
Бозоргон чөлдү басканда,
Кокондогу Козубек,
Маргалаңдын Малабек,
Анжыяндын айры сакал Сынжыбек,
Алты шаардын Алабек,
Самарканда Санжыбек, —
Ушуларга салам айт;
Бирөө калбай келсин де,
Бул кызыкты көрсүн де,
Бул ашыма келбесе, —
Тирүү калбай өлсүн де,
Көкөтөйдүн көк туусун
Үй үстүнөн көрсүн де!
Кара көз кыздын баарысын
Бизге олжо кылып берсин де!

Андан ары жүргөндө,
Атактуу Букар шаары бар.
Ал Букарды сураган
Темиркан аттуу каны бар,
Төгөрөк бышкан наны бар,
Төрт булуң келген тамы бар.
Көк кепичин тепейткен,
Аргымагын кекейткен,
Темирканга салам бер.
Көкөтөйдүн ашы де,
Көп жыйындын кашы де,
Калк атасы эр Кошой,
Аш башкарган башы де.
Бул кызыкты көрүүгө,
Үйгө калбай карысы,
Көчө келсин баарысы.
Кепке кулак салбаса,
Бул тилимди албаса,
Жаңжалды сонун көрсүн де,
Жалпы баары өлсүн де!
Ачуум келсе кокустан,
Ушу турган Букарды
Төбөсүнөн басамын,
Төрт түлүгүн чачамын!
Соройтуп соём ээсин,
Зордуктап соём бээсин,
Жакын келсе баарынан,
Жайната муштап мээсин,
Чыгарамын Букардын
Капкайдагы кээсин!

Букардын тыяк бетинде
Жети-Өзөн деген жери бар,
Жети-Өзөндү жердеген
Жедигер деген эли бар;
Ал жедигер ичинде,
Багыш деген эри бар.
Тулпар атын байласын,
Азаматы калбасын.
Найзаларын ыкчыйтып,
Аргымагын мыкчыйтып,
Көкөтөйдүн ашына —
Көп жыйындын кашына
Көк жал Багыш келсин де.
Бул ашыма келбесе,
Бул кызыкты көрбөсө,
Тим эле ачам уйкусун,
Тийип алам жылкысын!

Андан мындай кайтканда,
Кара чөлдө камыш бар,
Ордо кыз менен ойногон,
Кыздуу үйдө — кыякчы,
Кымыздуу үйдө — аякчы
Кыз накыштуу Агыш бар.
Балбандыгы бир канча,
Баатыр тууган көйкашка.
Астында жээрде тулпары
Жеңдей болуп жараган,
Оролмонун ак ийиндүү бүркүтүн
Балдагы жок кондуруп,
Карышкыр, түлкү караган
Чыканактай эр Агыш,
Бүткөн бою тарамыш,
Белгилүү кыйын бел эле,
Кара калмак беттесе,
Бели тиер эр эле.
Көкөтөйдүн Бокмурун
Үч Каркыра конду де.
Ала-Тоодой эт кылып,
Ала-Көлдөй чык кылып,
Аш берер кези болду де.
Бул ашыма келсин де,
Бул кызыкты көрсүн де.
Катын жандуу киши эле,
Бийлебесе кокустан,
Көкөтөйдүн көк туусун
Үй үстүнөн көрсүн де.
Ордо кыздын баарысын,
Олжого бизге берсин де.

Андан ары жол жүрсөң,
Чоң Букардын ар жагы,
Чоң-Өзөндүн бери жагы
Адыр-күдүр жердеген,
Ангемеси башкача
Аябаган эр деген
Буудайык кандын Музбурчак
Найзасын канга чыктаган,
Алыша келген адамды
Кара жерге ыктаган;
Каршы алдынан кезигип,
Качырып душман жыкпаган.
Кызыктап белин буунган,
Атадан артык туулган,
Ачуусуна келгенде,
Душманга салган чуулган,
Жарагы бойдо бир кучак,
Буудайык кандын Музбурчак,
Эңишип киши жеңбеген,
Бет алып пенде келбеген,
Өнөгүн жанга бербеген,
Күрүчүн күздүк айдаган,
Күрөшкөндө душманды
Келдесин* кесип чайнаган.
Билеги жоон, таш жүрөк,
Бил мүчөлүү бадирек,
Буудайык кандын Музбурчак,
Музбурчакка салам айт.
Көкөтөйдүн санаттуу
Чоң ашына келсин де,
Төгөрөктүн төрт бурчу
Чогулган жерин көрсүн де.
Бакандар колдо карсылдап,
Майышканын көрсүн де;
Баатырлар атчан качырып,
Сайышканын көрсүн де.
Бул ашыма келсин де,
Бул кызыкты көрсүн де,
Бул ашыма келбесе,
Бул кызыкты көрбөсө, —
Чыр сонунун табышам,
Былкылдак куурай бышканча,
Мыйзамдын гүлү учканча,
Мыктап алты ай салышам.
Көкөтөйдүн кызыл куйрук кара нар
Ок-дарыны жүктөтөм,
Бул тилимди албаса,
Үй үстүнөн атышып,
Музбурчакты бүктөтөм;
Олжолоп алам уздарын,
Татытамын туздарын!

Андан бери жүргөндө,
Эки Кемин жайлаган,
Эгиз кара ат байлаган,
Кара токой мал эткен,
Кара үңкүрдү үй эткен,
Кара тилин кайраган,
Кан алдында сайраган
Эйбит таздын эр Үрбү
Жетимиш уруу тил билген
Жеткилен чечен эр эле.
Кула алы жыйып куш кылган,
Курама жыйып журт кылган,
Теликкуш жыйып куш кылган,
Тентиген жыйып журт кылган,
Жарды жүрүп байыган,
Жалгыз жүрүп көбөйгөн
Эр Үрбүгө салам бер.
Эртелеп менден кабар айт,
Бул ашыма келсин де,
Бул кызыкты көрсүн де,
Бул ашыма келбесе,
Бул кызыкты көрбөсө, —
Каарыма алсам, кокустан,
Кайрылып барып чабамын,
Эзелки жинин кагамын!

Анын бери жагында,
Текечи кан, Шыгай кан,
Эштектердин Жамгырчы, —
Үч кан эли катар бар.
Уругу кыргыз чын уулу,
Үч канга катар салам айт,
Каадалап катуу кабар айт.
Көкөтөйдүн Бокмурун
Үч Каркыра конду де,
Аш берер кези болду де.
Бул ашыма келсин де,
Бул сөзүмө көнсүн де.
Бул ашыма келбесе,
Бул сөзүмө көнбөсө, —
Көкөтөйдүн миң балбан,
Үй үстүнөн көрсүн де!

Дагы барсаң көрөрсүң
Кең-Сары-Арка өзүнүн,
Келберсип жаткан ошондо
Казактардын көсөлүн.
Таруусун таштай актаган,
Катынын кыздай мактаган,
Көк өтүктүн өкчөсү,
Кеп айттырам саламды
Айдар кандын Көкчөсү.
Сары-Арканы жердеген,
Сарала үйрүн байлаган,
Сайышып душман барбаган,
Корc этме кыял кылыгы,
Казактардын кан Көкчө,
Кан Көкчөгө салам бер,
Кадыр кылып кабар бер.
Көкөтөйдүн ашына
Калк жыйылат кыжылдап,
Кара курттай быжылдап,
Кан Көкөтөй ашына,
Калың жыйын кашына,
Тору ала желек туусуна,
Толгон калмак чуусуна
Эрен келет, шер келет,
Баары калбай тең келет.
Кайнап келет калың журт,
Көптүгүн көрсөң — кара курт;
Ушул ашка келбесең,
Бул кызыкты көрбөсөң,
Калабаны салат де,
Жылкысы эмес, казактын
Уйларын кошо алат де!

Андан нары өткөндө,
Нары таман жол жүрүп,
Каканчыга жеткенде,
Манжуу, калмак эл ошол,
Сен айтуучу эр ошол.
Кытайлардын кан Жолой,
Карыпчысын* кийсин де,
Ачбууданды минсин де,
Үч Каркыра боюна,
Кан Көкөтөй тоюна
Эли-журтун айдасын,
Өзүнүн кылсын пайдасын.
Бул Көкөтөй ашына
Элинен бирөө калбасын!
Уй түгүндөй көп кытай,
Чоң балбаны — чоң Жолой, —
Чогуусу менен айдасын!
Жети жылы жөө жүрүп,
Жетик найза майлаган,
Жетимиш эрди жайлаган
Жин жыттанган эр Жолой,
Алтымыш жылы жөө жүрүп,
Алышып найза майлаган,
Алтымыш эрди жайлаган
Кан жыттанган эр Жолой
Чоң өтүгүн кийсин де,
Чоң буудан атын минсин де!
Бул кызыкты көрсүн де.
Бул ашыма келсин де!
Бул кызыкты көрбөсө,
Бул ашыма келбесе, —
Жети асаба туу алып,
Жер майышкан кол алып,
Кутурган жинин кагамын,
Кан Жолойду чабамын;
Үч калайман саламын,
Жылкысын эмес, калмактын
Үкүрүн* тийип аламын!
Тил алса, Жолой келсин де,
Тил албас болсо, эр Жолой
Көкөтөйдүн көк туусун
Как үстүнөн көрсүн де.

Андан ары барганда,
Терс аккан суунун боюнда
Мунарык болуп бурчтанган,
Булуңгур болуп учтанган,
Кытайлар кызык ат койгон,
Таш-Көпүрөө дээр экен,
Таш-Көпүрөө жердеген
Атагы шибээ эл экен.
Шибээнин кыйын балбаны
Чоң-Ылама дээр экен.
Албан түрлүү эли бар,
Айта берсе көбү бар.
Шибээ элдин ырымы —
Жаңы катын төрөсө,
Киндигин кескен камыштан,
Уругун шибээ деп койгон,
Күүгүмгө калса кокустан,
Карышкыр талап жеп койгон,
Ыламага жетип айт,
Бул ашыма келсин де,
Көкөтөйдүн кызыгын
Көмүлгөн шибээ көрсүн де.
Бул тилимди албаса,
Бул сөзүмө көнбөсө,
Бул ашыма келбесе,
Калкын кырып талкалап,
Карышкырга ээлетем,
Калган элин кубалап,
Карайлатып жөөлөтөм.

Андан ары барганда,
Боз мунарык көлү бар,
Ошол көлдүн бетинде
Солоон деген эли бар.
Түн ичинде бекитип
Тосуп салган тамы бар.
Ал солоондун улугу
Ороккыр деген каны бар.
Солоондун түбүн сурасаң,
Сокудай сүйрү башы бар,
Аркасында жыйылган
Сокбилектей чачы бар.
Ошонун каны Ороккыр,
Ороккырга кабар айт.
Солоон журттун баатыры
Баары калбай келсин де,
Көкөтөйдүн кызык аш
Каркырадан көрсүн де.
Бул ашыма келсин де,
Бул ашыма келбесе,
Көкөтөйдүн найзакерден сан балбан
Так үстүнөн көрсүн де.
Каптап журтун кырамын,
Кара элечек кыламын.

Андан ары барганда,
Алтын тоонун кени бар,
Айта берсе кытайдын
Түгөнбөгөн эли бар.
Кармаган шаары Бакбурчун,
Кыйласын билем эл-журттун.
Талаага мунар көтөрүп,
Мунар кылган тамы бар.
Манжуу каны Нескара —
Артык баатыр дагы бар,
Чоң даңсада* каты бар.
Атагын уккан чочуган
Алкүрөңүн токуган,
Манжуулардын алтымыш бурку* илимин
Алты жыл жатка окуган,
Баатырлыгы бир башка,
Манжуудан чыккан көйкашка,
Ары сынчы, ары эр
Манжуунун каны Нескара
Бул сөзүмө көнсүн де,
Манжуу журттан түк калбай,
Көкөтөйдүн ашына
Каркырага келсин де.
Көкөтөйдүн көп кызык
Көз алдында көрсүн де.
Таш сайынган манжуунун
Тазалары келсин де!
Күрмө кийген манжуунун
Күчтүүлөрү келсин де!
Карыпчысын салынып,
Калдайган бирөө калбасын.
Бул ашыма келсин де,
Бул кызыкты көрсүн де.
Бул ашыма келбесе,
Бул кызыкты көрбөсө, —
Төбөңдөн тийген манжууну
Төбөсүнөн басамын,
Каптап кирип шаарын,
Төрт түлүгүн чачамын!

Андан ары барганда,
Атактуу шаары Каканчын,
Каканчыда канча улук,
Кайнап жаткан көп улук,
Чай алган тоонун кени бар,
Тыргоот деген эли бар.
Кайнап жаткан маңгулдун
Канча турдүү жаны бар.
Ал тыргоот калкынын
Катындан койгон каны бар.
Каарланса ал катын,
Сайышка чыкса кокустан,
Тогуз миң жандык алы бар.

Кандыгын тартып алам деп,
Канышайдан канча дөөлөр жай болгон.
Канышай катын баалаптыр,
Музкиндикти каалаптыр;
Айтсак кептин ачыгы,
Ал Музкиндиктин катыны.
Жете барып кабар айт,
Көкөтөйдүн ашына
Угар замат келсин де,
Уккан замат келбесе,
Көкөтөйдүн көк туусун
Үй үстүнөн көрсүн де.

Андан ары барганда,
Алтын казган кенинде,
Сары-Суунун жээгинде
Оркойгон күрөө* көрүнөт;
Ал күрөөгө барганда,
Ошондо болот кечили.
Кечилдин жайы мына бул:
Өгүзү карып, өзү өлгөн,
Кечилдердин адети —
Өлгөндүн малын тең бөлгөн.
Серкесин сетер* көтөргөн,
Мингени ыйык ат болгон,
Катын албай Ылама,
Ургаачы менен жат болгон.
Азоо атын токуган,
Аса байлап кудай деп,
Так ошого чокунган.
Кебез белбоо, кең өтүк,
Келберсиген көйкашка,
Кечилдин каны — Коңурбай.
Найзакерден ыктууга айт,
Жоонун айласын билген мыктыга айт!
Баатыр болсо Коңурбай,
Бул ашымдан калбасын,
Келбей коюп башына
Катуу калба салбасын».

Деп ошентип Бокмурун
Мааникерди мингизип,
Бадана тонду кийгизип,
Жаш Айдарды чаптырды,
Коросон* оттук чактырды,
Төгөрөктүн төрт бурчун
Түк койбостон чакырды.

 

ЭЛДИН АШКА КЕЛИШИ

Жоорукер минген Жортуулчу
Жондон түштү жон менен,
Жайнаган далай кол менен.
Котон каны Жүгөрү,
Ал да келди котурап,
Асманга учуп топурак.
Ооган каны Акун кан,
Желектүү найза желпилдеп,
Чоң тебетей селкилдеп,
А да келди жол менен,
Жер жайнаган кол менен.
Ара жерден чаң келди,
Анысы аз келгенсип,
Индистандан да келди.
Ордолуу шайык көкжөкө*,
Орчун Кокон, Маргалаң,
Аргымагы түрсүлдөп,
Ала көөдөн, күрсүлдөк
Анжыяндын айры сакал Сынжыбек,
Түркүн-түркүн бөлүнүп,
Түрү суук көрүнүп,
Самарканда Санжыбек, —
Булар да келди жол менен,
Опурулган кол менен.
Камчыларын бек тиштеп,
Жалгыз атын күш-күштөп.
Кокон кандын Козубек,
Маргалаңдын Малабек,
Алты шаардын Алабек,
Букардын каны Темиркан,
Мындан толгон кол келди;
Төрт кандын эли аралаш,
Андан канча мол келди.
Көчүгү кучак чоң комуз,
Дутарларын тарттырып,
Алтымыштай жигитке,
Акыштарын айттырып,
Төртөө төрткө бөлүнүп,
Төрөлүк түрү көрүнүп,
Ал төртөөнүн ичинде
Ала чапан кожо бар,
Ак селдечен молдо бар.

Анын ары жак жагынан
Чаң обого бурулуп,
Найзага найза урунуп,
Найзачаны жээлигип,
Айбалтачан ээлигип,
Чамбыл-Белдин белинен,
Белендинин жээгинен
Жанаалы, Карач шер келди,
Жаалы катуу эл келди.
Анын ары жак жагынан
Темир аркан тор алып,
Көк темирдей кол алып,
Түпөгү жок найза алып,
Кууказык тулпар ат минип,
Кыл куйругун чарт түйүп,
Казаба найза калкылдап,
Аргымак аты алкылдап,
Көкбөрү келди жол менен,
Күтүрөгөн кол менен.

Анын ары жак жагынан
Доолбас кулак тундуруп,
Курчтан кылган сыр найза
Колдору туштан сундуруп,
Жай-жарагы бир кучак
Телкызылдай ат минип,
Буудайык уулу Музбурчак
Букардын ары белинен,
Бузулган Чамбыл жеринен,
Кан Көкөтөй чоң ашын
Каадалап барып көрөм деп,
Кара кытай, манжуу журт
Кармашса канын төгөм деп,
А да түштү ошондо
Каркыранын боюна,
Кан Көкөтөй тоюна.
Ашуу ашып, таш басып,
Анталаңдап бек шашып,
Лоп дайрадай жеринен,
Туурада нойгут элинен,
Боз ала желек туу алып,
Бойбойлогон чуу алып,
Тулпардан тандап ат алып,
Жаш Айдардан кат алып,
Каркыранын боюна,
Карт Көкөтөй тоюна
Карача келди жол менен,
Кыжылдаган кол менен.
Күн батыш жагын карасаң,
Эйбиткандын эр Үрбү,
Эчен түрлүү тил билген,
Куралып калган кут менен,
Бөлүнгөн бөйрөк жол менен,
Карт Көкөтөй ашына,
Калың жыйын кашына
Үрбү түштү жол менен,
Алда канча кол менен.

Анын бери жагынан
Сары арканы жердеген,
Салмактуу кыйын эр деген,
Жылкысы сонун кулача,
Маңдайы кашка тумарча,
Баарысы тулпар көйкашка,
Тулпары көйрөң түрсүлдөп,
Азаматы бир башка,
Атырылып күрсүлдөп,
Чаң төбөдө буркурап,
Айдаркандын көп казак
Көк темирден тон кийип,
Көк-ала тулпар ат минип,
Көк-ала желек булгалап,
Көкчө келди жол менен,
Көз жетпеген кол менен.

Кемеге кенен оюлуп,
Сүт бото тайлак, кысыр тай
Келгендерге союлуп,
Кудай бетиң салбай кал,
Аны-муну дегиче,
Ачып көздү жумгуча,
Журт быркырап дүрбөдү.
Найзаны колго алышты,
Ат-атына жүгүрүп,
Аманат жандан түңүлүп,
Келген элдин баарысы
Урушту ойлой калышты.
Ал түңүлгөн себеби,
Кан Кошой баштап кары бар,
Кайран Төштүк дагы бар,
Бир Манастан бөлөктүн
Ушул ашта баары бар,
Кара кытай, манжуунун
Келип калган чени бар;
Уй түгүндөй көп калмак,
Каптап калган жери бар.
Жети асаба туу келет, —
Жер жарылган чуу келет.
Бир жак чети кытайдын
Кекмендин белин жакалап,
Өөдө жагы ал колдун
Айгыр жалды бакалап,
Кумурскадан мол экен,
Кимдин колу деп турса,
Чоң Жолойдун колу экен.
Көптүгүнөн ал кытай
Калайманды баштады,
Каркырага келген эл
Качып кете таштады.
Сереңдешип токтошуп,
Бирин-бири боктошуп,
Эл көрбөгөн бөлөк эл
Эр Бокмурун жыйган деп,
Талап кетсе мейличи,
Бизге келген мейман деп,
Убаажысын* айтышып,
Убараны тартышып,
Каптап кетер кол десе,
Ашка келген эл экен,
Кыйыктанса кокустан,
Кыйратып бизди жээр экен.
Үтүрөңдөп таарынса,
Кармап кетер бекен деп,
Чынмачындын* журтуна
Талап кетер бекен деп,
Өз билгенин бул кытай,
Кылып кетер бекен деп,
Чатак кылып окустан,
Кырып кетер бекен деп,
Баш көтөргөн баатырды
Жайлап кетер бекен деп,
Алсыз чабал адамды
Байлап кетер бекен деп,
Кара кытай келгенде,
Калың журт коркту жүгүрүп,
Баары жандан түңүлүп.
Байкуш аз журт канетет,
Үрпөңдөп жерди тебелеп,
Айласы барбы, ар кими
Бокмурунду жемелеп.

Ал-аңгыча болгон жок.
Жер жарылып чуу келет, —
Жети асаба туу келет,
Жер жайнаган кол келет,
Найзанын башы жылтылдайт,
Адамдын башы кылкылдайт,
Аны көргөн кишинин
Токтобой журөк зырпылдайт.
Тоо жарылып мол келет,
Толкуган деңиз кол келет.
Тоодой Манас мында жок, —
Тозоктуу жанга зор келет.
Кытайлардын кан Жолой
Сөлөкөтү, сөөлөтү,
Атка минген келбети
Ала-Тоодой көрүнөт,
Көргөндүн көөнү бөлүнөт.
Карыпчысын* салынып,
Каман сындуу чамынып,
Көрөр болсоң Жолойду,
Кардуу тоонун төбөсү,
Кара кытай төрөсү.
Кан Жолой кирип келгенде,
Азгынакай кыргыздар
Как жарылып дыркырап,
«Келгин, мейман, келгин» — деп
Кеп айтпай баары чуркурап,
Жаадай учуп жүгүрүп,
Көкөтөйдүн балбаны
Жолойдун атын алганы.
Тоодой болгон Жолой дөө
Кампайып түшүп калганы.
Аркасынан кытайы
Уй түгүндөй уюлгуп,
Кошо түшүп турганы.
Кытайдын күчөп жаңжалы,
«Келдиңизби мейман?» — деп.
Чон Жолойдун алдына
Бокмурун басып барганы,
Кытайлардын Жолойдун
Жээр ашын камдады.
Жайнаган кытай келген соң,
Журт коркконун билген соң,
Көкөтөйдүн Бокмурун
Чоң шириге каптаган.
Көкөтөйдүн кызыл алтын жамбыдан
«Мөөсүлүңүз* ушу» — деп,
Алдына тарта салганы.
Кытайлардын кан Жолой
Карап туруп балага
Ыраазы болуп калганы.
Кан Жолойдун союшка
Көкөтөйдүн сан кара
Тобун чечип айдады.
Жүктөп келген кара арак,
Көөкөр менен бир арак,
Балакет чыккан жашынан
Көкөтөйдүн Бокмурун
Камдап койгон башынан.
Алты жага* бир көөкөр,
Суусунуна берди дейт,
Дүнүйөнү түптүгөл
Чоролорго бөлдү дейт;
Жолойдун көөнүн жай кылып,
Калың кол менен Жолойду
Төшкө таяп салды дейт.

Муну мындай таштайлы,
Нар жагынан баштайлы.
Ошондо чаң асманга бурулуп,
Каптап келген калың кол
Бир-бирине урунуп,
Артка тартып турушуп,
Ашка келген калың кол
Адам тилин түк билбейт
Шибейинче урушуп.
Найзасын алган жайланып,
(Кызык экен шибээ журт)
Кылычын кынсыз байланып,
Кылкылдап катар жүрүшүп,
Кирдүү кара жоолукту
Кежигеге түйүшүп,
Шибээче кийим кийишип,
Камыштан найза жайлашып,
Ар кимиси жанына
Муштумдай чокмор байлашьш,
Өкүрсө тили билинбейт,
Шибээсинче кайлашып*,
Кан Көкөтөй ашына,
Калың шибээ жээлигип,
Келген экен ушунда.

Шибээнин каны Ороккыр,
Коңкулбоз менен чамынып,
Көрөр болсоң ошондо,
Жабдыгына жамыньш,
Көрсө көңүл бөлүнүп,
Көрөр болсоң шибээ журт
Кумурскадай төгүлүп,
Коңкулбозун булкунтуп,
Атырылтып жулкунтуп,
Он эки бута алдында
Шибээден бөлөк бөлүнөт,
Ошондо мунун сүрөтү
Жалаңкычтай көрүнөт.
Жети асаба туу келет,
Жер жарылган чуу келет,
Баштагыдан беш-бетер
Жер майышкан кол келет.

Ошончону көргөндө,
Кыргыз журтка зор келет.
Үркөрдөй аз кайран журт
Чекеси кетип тырышып,
Башы менен урушуп,
Баскан жерин тебелеп,
Бирөөнү бирөө жемелеп:
«Эркин жаткан эл элек,
Эми талоон болдукпу?
Эстебей келип бул ашка,
Көкөтөйдүн арам сийдиги
Мындан кордук көрдүкпү!
Кумурскадай эл жыйып,
Бизге кылган бузугу,
Айтса кеби түгөнбөйт
Келген элдин кызыгы!
Шибээсин кудай урат бейм?
Аламан коюп, найза алып,
Түк койбой баарын кырат бейм!
Көпкүлөңдүн кордугун
Көргөнү келген экенбиз.
Жер жайнаган душмандан
Өлгөнү келген экенбиз.
Бет алып качар бел да жок,
Бейпайды көрүп жатканда,
Бүткүл журт минтип шашканда,
Ажыратып алууга
Белгилүү Манас шер да жок.
Таяна качар Талас жок,
Талкалашып чабышып,
Ажыратып алууга
Астыда кабылан Манас жок».

Ал-аңгыча болбоду,
Айта-буйта дегиче,
Ачып көздү жумгуча,
Кыргыздын журту бөлүнүп,
Так ортодон жарылып,
Көрөр болсоң Ороккыр
Ортого келди камынып.
Кызмат кылган миң балбан
Атын алды жабылып.
Атын балбан алганы, —
Калк ичинде кампайып,
Ороккыр түшүп калганы.
Көтөрө алгыс көп алтын
Көкөтөйдүн Бокмурун
Тартуу кылып салганы;
Тартуусун алып Ороккыр
Ыраазы болуп калганы.
Көкөтөйдүн ашы деп,
Көрөр болсоң шибээ журт,
Көп жыйындын кашы деп,
Төшкө таяп салды дейт.

Жана кызык жана бар,
Каңгайдан чыккан көйкашка,
Бендеден түрү бир башка,
Белгилүү калча шери бар,
Кебез белбоо, кең өтүк,
Кечилдин каны Коңурбай
Ажыдаардай жүрүшү,
Алтымыш жайсаң иниси,
Кайнап жаткан калмактын
Калчадан артык кимиси.
Алдында жүрөт сан калдай,
Бул жерде калың калмактын
Белгилүүсү Коңурбай —
Найзакерден ыктуусу,
Жоонун айласын билген мыктуусу.
Коңурбай жайын сураба,
Кийген кийми башында
Шуру, отогот*, маржан таш*,
Жанында Лунтундун* каны аралаш.
Карыпчысын калдайтып,
Калмактан келет бир миң жан.
Беренжисин* салынып,
Берени келет канча жан.
Ошолордун ичинде,
Коңурбай журтка дайын кан.
Шуру таштын башына
Тоту куштун куйругун
Токсон түрдөп сайынган,
Алгара тулпар булкунтуп,
Алтындан чылбыр жулкунтуп,
Алоокенин Коңурбай —
Айлалуу тууган көй кашка,
Касаба колдо калкылдап,
Канча жабдык таш кесер,
Билегинде жаркылдап,
Жүрүшүнөн чаң чыгып,
Добушунан жан чыгып,
Адам түрүн көргүсүз,
Алоокенин калчага
Бет алып бенде келгисиз.
Алдында тулпар Алгара —
Айбандан артык жаныбар,
Каарына биз тийсек,
Алоокенин Коңурбай
Жеке кырар алы бар.
Жанындагы жайсаңдар*
Бөлөк-бөлөк бөлүнөт,
Бир жайсаңын караса,
Миң кишилик көрүнөт;
Албан түрдүү балбаны
Аркадан чубап келгени;
Коңурбайдын кошчу кылган кырк төрө
Кошо келип алганы;
Кошой, Төштүк көргөн алп
Аң-таң калып калганы.
Алоокенин Коңурбай
Балбандыгы бир канча,
Баарынан мыкты көйкашка.
Асынып алган канчасын,
Алеңгир* жаа, сыр жебе,
Айыптаса кыргызга
Салат экен аңгеме.
Коңурду көр, тоону көр;
Чабагын көрүп чоочудук,
Чабыша турган жоону көр.
Алоокенин Коңурбай
Керней-сурнай тарттырып,
Керкке* жүгүн арттырып,
Түрдүү-түрдүү балбаны,
Буйрук кылса Коңурбай,
Балбаны кокус катылса,
Адамдын чыгат далдалы.
Кытайлар дыңшоо дээр экен,
Жигит кылган ошону
Коңурбай мынча эр экен.
Калмактардын Коңурбай,
Боконо сөөк болкоюп,
Болуп калган кези экен.
Он далысы оркоюп,
Жер майышып басканда,
Толуп калган кези экен.
Коңурбай жайын сураба,
Кайраты толук, таш жүрөк,
Каарын алса кыргызга
Ушу жол салат чоң дүмөк.
Белимди бекем чалам деп,
Бел байлап чыккан камданып,
Белгилүү Манас жолукса,
Алооке кегин алам деп,
Ок өтпөс тонду кийинип,
Акыл ойлоп, кеп ойлоп,
Буруттун анткор Манасы
Ашка келет деп ойлоп,
Келген экен Коңурбай,
Аш үстүнөн басам деп,
Аш үстүндө кармашып,
Адамдын канын чачам деп.
Соргок экен Коңурбай
Бир чочконун этине
Бир жегенде тойчудай.
Жарлык алса канынан
Катылганды сойчудай.
Балбандыгы келгенден,
Ат оюнчу жөө күлүк,
Айдын карангысында
Жазбай аткан мергенден
Миңден тандап бирди алган,
Ошол өңдүү балбандан
Токсон эки миңди алган;
Анын ары жагында
Канжаркол деген балбаны,
Катылышкан душмандын
Катасыз чыгат далдалы.
Кан Коңурбай көкжалын
Кандай болот бурут деп,
Канжарколдой балбандан
Так он миңди алганы,
Камданып түшүп калганы.

Анын ары жагынан
Жаа тартуучу ыктуусу,
Жан куткарбай кармоочу,
Чалма урчуу мыктуусу,
Көкөтөйдүн ашына
Көз жетпеген кол келди.
Көкөтөйдүн ашы деп,
Көп жыйындын кашы деп,
Кан Коңурбай зор келди.
Каарына алганга
Казылуу терең ор келди.
Кан Коңурбай алдына
Көкөтөйдүн Бокмурун
Алтынын тартуу кылды эми.
Көкөтөйдүн Бокмурун
Калчаны араң тыйды эми.
Кан Коңурбай көк жалдын
Көңүлүн таап алганы,
Колдун баарын чогултуп,
Төшкө таяп салганы.

Муну мындай таштайлы,
Бер жагынан баштайлы.
Анын арка жагынан
Асман ачык, жер бүркөө,
Көктөн мунар бөлүнөт,
Көптүгү селдей төгүлөт.
Ач айкырык, куу сүрөөн, —
Абайлап байкап караса,
Нескара колу көрүнөт.
Манжуунун каны Нескара
Катылса салат балааны,
Өзү кара саат арамы.
Нескараны ошондо
Көргөн бенде чоочуган,
Каражолтой Нескара
Ажайыптан* окуган.
Билгичтиги бир канча,
Жадыгөйү* бир башка,
Бээжинден чыккан көйкашка.
Артык сынчы, билгич кул,
Ары жагы Бакбурчун,
Уланды, Кентун, Дуңшаны
Нескара көргөн мынчаны,
Эсебин билет ал элдин,
Эсерин билет бул элдин;
Зордугун билет ал элдин,
Көкөтөйдүн ашы деп,
Көрүнөө келип чогулган,
Аздыгын билет бул элдин.
Манжуулардын Нескара
Келгендердин ыктуусу.
Кара кытай, манжуунун
Айла табар мыктуусу,
Тили бардын чечени,
Тилегиң каткан Нескара —
Көп манжуунун көсөлү
Береленип, белсенип,
Бет алып келди бул ашка.
Белгилүү берен Нескара
Пери ургандай теңселип,
Кызыталак Нескара
Кыйла чатак кеби бар,
Алтайдын ары четинде
Менменсип айыл тепсейм деп,
Миң төөнүн булун Манаска
Алдырып койгон жери бар.
Көк айман* жылдыз тутулган,
Эсенкандын алдына
Көрүнөө качып кутулган.
Эсенканга барганда
Баскан жерин тамандап,
Эр Манасты жамандап:
«Тебереки Алтайдан,
Буруттан Манас чыкты деп,
Миң балбанды талкалап,
Өлтүрүп жерге тыкты деп,
Кыйшыгын азыр кылбасаң,
Манасты кармап тыйбасаң,
Көрүнөө балаа кылды деп,
Түйшүктү катуу салды» — деп,
Эсенкандын алдына
Түз кирип айткан кеби бар,
Манаска сөөк өчтү болгон жери бар.
Ачуусу келип Эсенкан,
«Сен көрүндүң эле кыйын деп,
Манаска алыщ келбесе,
Баарың чогуу кырыл!» — деп,
Нескараны алдынан
Айдап чыккан жери бар;
Уят болуп Нескара
Ата бурут сени деп,
Эр Манаста кеги бар.
Бир жетип алсам деги деп,
Көкөтөйдүн ашына
Келип чатак салууга,
Алакандай кыргызды
Такыр чаап алууга,
Жыйнап жүргөн ичине
Нескаранын деми бар.
Көлдөп жаткан сан жылкы
Көмкөрө айдап Бокмурун
Союшуна тартканы,
Каарданып бакырып,
Бокмурунду чакырып,
Нескара чатак салганы.

 

НЕСКАРАНЫН МААНИКЕРДИ СУРАП ЧАТАК САЛЫШЫ

Бокмурун келсе жүгүнүп,
Тизеси жерге бүгүлүп,
Нескара туруп кеп сүйлөйт,
Каарданып бек сүйлөйт:
«Ашыңа тоюп алармын, бурут,
Азап салып ашыңа,
Айлыңды чаап тынармын, бурут.
Тоюңа тозок салармын, бурут,
Тобуңду чаап алармын, бурут.
Кең Таластан көчөрсүң, бурут,
Керимсел тийсе өчөрсүң, бурут.
Алтындан өргөн бүчүңдү, бурут,
Ашка келбей койгонду
Барып чаап алам деп,
Сенин антаңдаткан күчүңдү, бурут,
Күүлөнө берсең күбүймүн, бурут!
Күмүрөй кылам түбүңдү, бурут!
Какканы келдим калың кол
Капкайдагы жиниңди, бурут.
Аш үстүнөн казамын
Түшүп кетер орунду, бурут!
Каардансам мен азыр
Каптатамын колумду, бурут!
Ою-тоосун түз кылам
Аш берген ушул жериңди, бурут.
Чогуу чаап аламын
Чоң ишенип жүргөнүң —
Канкор Манас эриңди, бурут!
Казанга колум маламын, бурут,
Этиңди талап аламын, бурут,
Башчыңа колум саламын, бурут,
Малыңды талап аламын, бурут.
Арышты керем, шайлап кой, бурут,
Айтканым азыр камдап кой, бурут!
Камдабас болсоң кебиңди айт, бурут,
Алыша турган жеринди айт, бурут!».

Нескара каары төгүлүп,
Жеп ийчүүдөй көрүнүп,
Бура тартып бор* атып,
Боз жезден кылган чоор тартып,
Чоң Күрөң менен желди эми,
Коңурбай менен Жолойго
Кеңешке жетип келди эми:
«Ээй, Коңурбай, чоң Жолой,
Эселек кыргыз буруттун
Эсебин алам бул журттун.
Ашына карап турбайлы,
Алптары канча — сындайлы.
Алпынын алы жок болсо,
Ашына найза суналы,
Түк койбой баарын кыралы.
Бууданын тартып алалы,
Бул ашынын үстүнө
Бузукту мыктап салалы.
Кемегесин талайлы,
Келгендерин сабайлы,
Аш берген жерин таптайлы,
Аш бышырып отурган
Кызматчысын кыстайлы.
Кычык-суук кеп айтып,
«Кызталак бурут» — деп айтып,
Обу жок тонду кийишип,
Ороңдошуп тийишип,
Башчыларын жөөлөйлү,
Малынын баарын ээлейли.
Каяшаяк бергенин
Түк койбой баарын кыралы,
Кеп билбеген момунун
Тирүү байлап алалы,
Каканчынын журтуна
Дене кул кылып салалы!».

Каны мындай дегенде,
Караламан кара журт
Карап эми турабы,
Тек туруп кудай урабы.
Калмак, мангул балбаны
Көкөтөйдүн эт бышырган кемеге
Талап жатып калганы.
Көкөтөйдүн кызматчы
Акылынан шашышьш,
Таштап ийип казанды
Тоо таяна качышып,
Боз алалуу кызыл туу
Бойбойлогон калмактар
Болбой салып ызы-чуу,
Этти талап калышып,
Уйгу-туйгу болушуп,
Муну көргөн кыргыздар,
Акылынан танышып,
Энтелеңдеп дүрбөштү.
Алапайын табалбай,
Көкөтөйдөн Бокмурун
Эне-атасын тилдешип,
Качып, үркүп, жүгүрүп,
Кайран жандан түңүлүп.
Манжуунун каны Нескара
Чоң Күрөң менен чамынып,
Артык сынчы айлакер
Алп сыноого камынып,
Беренжи* тонун жамынып,
Кылычын кынсыз тагынып,
Көрөр болсоң Нескара
Көк камандай чамынат,
Баатыр Манас мында жок,
Айласы келсе Нескара
Кырайын деп кам урат.

Ат күлүгүн түк койбой,
Ашта жыйып алды эми,
Азууларын аркайтып,
Чубатууга салды эми.
Ашта жүргөн кыргыздын
Алпын жыйып шаштырды.
Чоң Кошойду баш кылып
Чубатууга бастырды.
Катагандын кан Кошой
Карап сынап алганы,
Каары келип турганы.
Ат-Башынын Чеч-Төбө
Эби менен жер кылган,
Эси кеткен кыргызды
Эптеп жүрүп эл кылган
Катагандын кан Кошой
Сексен бешке жетиптир,
Бар кайраттын баарысы
Боюнан качып кетиптир.
Мойну кеткен узарып,
Соолуп, көзү кызарып,
Мууну кеткен былкылдап,
Көзү нары жакта жылтылдап,
Эки кычык ириңдеп,
Бүткөн бою дирилдеп,
Карып калган жан экен.
«Буруттардын Кошою
Канча айласы бар экен?
Каардансам койбоймун,
Бул өңдөнгөн чалдардын
Сексенине тойбоймун».

Элемандын эр Төштүк
Эми түрүн көрдү эми,
Артык көзүн салды эми,
Аны сындап алды эми:
«Кайран Төштүк канетет,
Оң далысы кең экен,
Ойротту бузар эр экен.
Билеги жоон, таш жүрөк,
Балбандыгы бар экен.
Туулган эрдин сырттаны,
Өзү элдин кутманы,
Артык баатыр жан экен.
Алты жылга оңолбос,
Кырс муун болгон чагы экен.
Эти калган көк жашык,
Каны калган бир кашык.
Боконо сөөгү толгуча,
Жети жылы болгуча
Алышса канга тойбоймун,
Бул Төштүктү койбоймун».

Жоо-жарагы бир кучак
Буудайык кандын Музбурчак
Чууну көрүп турганы,
Муну кошо сындады.
«Кайран Бурчак канетсин,
Алагар көзү алайып,
Ай кулагы калдайып,
Мойну жоон киши экен.
Бүткөн боюн карасаң
Токсон эрдин күчү экен.
Туулган экен артык жан,
Сөлөкөтү, сөөлөтү,
Атка минген келбети,
Шибээнин каны Ороккыр,
Ороккырга барабар.
Балтасы башка тийчү экен
Маанисин байкап отурсам,
Баатырлардын бири экен».

Чыканактай Агышты
Аз жактырып калганы,
Өзгөсүн элес албады.
Кууказык минип чамынып,
Куп алдыда ээлигип,
Көкбөрү чыга калганы.
Аны сынап алганы:
«Телегейи тең экен,
Урумдун уулу Көкбөрү
Аябаган эр экен.
Кең көкүрөк, жайык төш,
Ары балбан, ары шер,
Сакалы сыйдаң бириндеп,
Көсөөлүгү бар экен.
Салышып жоого болгон маш,
Көсөмдүгү бар экен.
Кызыл найза Зулпукор*
Кынап берчү эр экен,
Биздин какан калкына
Кырк күнчүлүк сайышка
Чыдап берчү эр экен.
Адис болгон согушка,
Жоонун айласын тапкан эр экен.
Бул жалгыздан коркпостон,
Темир аркан торчондон,
Тегиз канжар колчондон,
Тегерете жиберип,
Теги азапка салармын.
Алтымыш аяр, миң балбан
Арыстан өзүм баш болуп,
Аңдып жүрүп бул эрди
Бир аңтара чабармын.
Кара сууда жол барбы?
Кан Коңурбай турганда,
Мага кайрар кол барбы?!
Жолу каткан бурутка
Жолоюм калба салбайбы.
Буйрук кылып жиберсем,
Түктүү таман Түкүбай
Алакандай бурутту
Баарын байлап албайбы?!».

Келберсиген Нескара
Калк аралап турганы,
Келген элдин алптарын
Такыр сынап алганы.
Кокон кандын Козубек,
Козубекти көргөндө,
«Колдоңдогон» — деп койду.
Маргалаңдын Малабек,
Малабекти көргөндө,
«Желедеги кулундай
Чодоңдогон» — деп койду.
Анжыяндын айры сакал Сынжыбек
«Эркек кара каргадай
Модоңдогон» — деп койду.
Калың кара кыргыздык
Чогуу экенин билди эми,
Кабылан Манас баатырдын
Жок экенин билди эми.
«Кайраттуу эрим кан Жолой
Кара тоонун сеңирдей,
Чын катылса Коңурбай
Чыңоолу кызыл темирдей,
Чын аш берем деп келип,
Чынмачындын* калкына,
Кыргын болду дедирбей,
Айтканыма көн, бурут!
Дегенимди бер, бурут!
Көкөтөйдүн Мааникер,
Кара байыр казанат,
Кайыпка чалыш бул бир ат,
Куйрук, жалы бөлүнөт, —
Бизге ылайык көрүнөт.
Чалгынга минсе чарчабас,
Оорукка минсе оорубас,
Канаты бар мал экен,
Канга ылайык жан экен;
Беренжини байланып,
Бээжинди беш жол айланып,
Берендер минер мал экен.
Карыпчысын байланып,
Кара тоону айланып,
Калдай минер мал экен,
Касиети бар экен.
Дегениме көн, бурут!
Мааникерди бер, бурут!
Мааникерди бербесең,
Айтканыма көнбөсөң,
Андай-мындай дебеймин,
Тарткан этиң жебеймин,
Киши-миши дебеймин,
Кишмишиңди жебеймин!
Чыккан жерим Бакбурчун,
Көкөтөйдүн Мааникер
Кулуктугун мен уктум,
Манжуу, Кытай элим бар,
Мааникерди бербесең,
Бурут, сенде кегим бар!
Алтын, күмүш артууга,
Эсенканга тартууга,
Эптүү күлүк Мааникер,
Отогот ташты* кийүүгө,
Ойдолотуп жүрүүгө,
Опсуз күлүк Мааникер,
Мааникер тулпар бар экен,
Бээжиндин кары канына
Ылайыктуу мал экен.
Күрмө кийген калмактын
Күчтүүсү минер мал экен,
Таш сайынган кытайдын
Тазасы минер мал экен.
Көкөтөйдүн ашы экен,
Көп жыйындын кашы экен,
Мааникерди бербесең,
Сынап билген сыным бар.
Сала турган чырым бар!
Ашыңа моюн бурбаймын,
Атаңдын көрү, бурут кул,
Мааникер албай тынбаймын,
Азыр талайм мүлкүңдү,
Каран кылам журтуңду.
Эми кагам жиниңди
Койбой кырам бириңди,
Тооракты чылан* жолунан,
Тоодой Жолой колунан
Тозокту кыйын салгансың
Миң балбанды кыйратып,
Миң төөдө чайым алгансың.
Мына ушундай иш кылган,
Бул кордугуң дагы бар,
Эр өлтүрүп таштаган,
Кун кордугуң дагы бар!
Бул сөзүмө көн, бурут,
Чатакташпай, чырдашпай,
Баштагы өткөн айыпка
Мааникерди бер, бурут!
Айта турган кебим бар,
Бурут, сенде кегим бар.
Калайманды салууга
Камына чыгып Бээжинден,
Бурут, сени талап алууга
Камынганым мындан бил!
Ок өтпөй турган тонум бар,
Ойронду сага салууга
Он эки түмөн колум бар,
Коңурбай аттуу зорум бар,
Кодоңдогон бурутум,
Сенден алар жообум бар!
Тикиреңдеп силкинсең,
Тим эле кармап аламын.
Кырк аркан бою зынданга
Алып барып саламын.
Атаңдын көрү, ит бурут,
Минтип кегим аламын!
Бул ашыңа турбаймын,
Мааникер албай тынбаймын.
Мен ич күптүү болуп жүргөмүн,
Чыры жок жерден чыр чыгып,
Кагышсам деп келгемин.
Чындап жиним агытып,
Салышсам деп келгемин.
Мааникердин үстүнө
Жалаң алтын артыңар,
Чатакты коюп, сен бурут,
Азыр мага тартыңар.
Айтканыма көнбөсөң,
Кыйын болот дартыңар!».

 

(Көңүл буруңуздар! Бул жерде китептин бир бөлүгү жайгаштырылган)

Текст толугу менен Word форматында көчүрүлсүн

 


Количество просмотров: 8942