Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Поэзия
© Бөлөкбаева В., 2005. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2010-жылдын 21-майы

Венера БӨЛӨКБАЕВА

Ырлар

Китепте Венера Бөлөкбаеванын сулуулук, жаратылыш, жаратылышты коргоо, жашоо, өмүр, балалык, өмүрдүн кызыктуу көз ирмемдери, адам менен табияттын байланышы жөнүндө ырлары жана ой-толгоолору камтылган.

Бөлөкбаева В. Жүрөгүмдө. Ырлар жана ой-толгоолор. – Б.: Фиеста Бланка, 2005. – 100 б. китебинен алынды

УДК 82/821
ББК 84 Ки 7-5
Б 86
ISBN 9967-22-616-1
Б 4702300200-05

Нускасы 1000

 

Жол

(Бир караан көрүнбөгөн жол менен биринчи жолу өтүп баратканда.)

Созулган, узун жолсуң Сен,
Из таштап бүгүн баратам...

Кайрылып баары өткөндүр,
Кайрылбай бирөө кеткендир...

Көтөрүп жалгыз жаздыгын,
Чыгышка бирөө көчкөндүр...

Жөлөк бол, жалгыздар өтсө,
Көз жашы болсо аарчып кой...

Ырымды чачтым боюңа,
Ылайым, аман болгун, Жол!

19-март. 2004.

 

Балалык

(Асманда кооз чымчык учуп жүргөн. Тигил чымчыктын эки канатына эки колум окшошуп турбайбы, мен дагы колдорумду каккыласам учат болушум керек деген ой менен эч кимге көрүнбөй Абдыкайым атанын эски (ураган) үйүнүн бийик дубалын көздөй чуркадым. Тырмалап дубалдын кырына чыктым да, чымчыкты туурап колдорумду каккылап көктү карап секирдим. Эсиме келсем, мурдуман кан куюлуп, боз топуракка аралашып жерде жатыпмын.)

Көтө гана сызгым келген анда мен,
Паренделер! Силер менен жарыша.
Көк көпөлөк, жетпей калгам артыңдан,
Учуп кетип күндөн бийик алыска.
Балаңардай туюлчу эле, булуттар,
Мен ойногон тайатамдын ак сакалы.
Окшоштургам, бетиңдеги караанга Ай,
Эки чака суу көтөргөн апамды.

15-июль. 1999.

 

Ваза

(Колумдан түшүрүп, боорунан жаракка кетирип алдым, вазамдын. Акыры майдаланып, чачырап, чачылып сынып калды.)

Жазда эстейин...
Жаралансам... Анда эстейин...
Сирень гүлүн эрте эле
Сагынгандай...
Жараты бар өмүрдөн
Чаалыккандай...
Аяр кармап тутпадым,
Таарынгандай...

Жазда эстейин...
Жаралансам... Анда эстейин...

25-февраль. 2003.

 

Үй-бүлө

(Жамгырлуу таңда, тоого жакын үйдө жашаган үчөө кирип келишти.)

Гүл болуп калды айланам,
Гүл жыты кошо келгенин!
Атасы – тоодой көрүндү сүрдүү,
Апасы – назик булактай,
Баласы – кооз балаты.

Кооздукка мени бөлөшүп,
Эрмектеш болдук далайга...
Ээрчишип үчөө келишип,
Ээрчишип кайра кетишти.

17-апрель. 2002.

 

Майрам

(Куттуктоолорго жүрөгүм толкуган менен...)

Рахмат баарыңарга!
Жакшы сөз кандай белек!
Анткен менен,
Сары күз... Сары аял...
Каарданган көз караштан
Жараты айыга элек.
Бул көзүм... Билбейсиздер,
Көп санаа тагынганын,
Көбүнөн көңүл калып...
Көптөрдү сагынганын...

8-Март. 2002.

 

Үшүгөндө

(Муздак, караңгы үйгө от жаксам, бул үч жаныбар пайда боолуп калышты.)

Көпөлөк!
Чиркей!
Кыркаяк!

Ушул от
Бизди жылытты,
Өмүр да
Жылып өтүүдө.
Ушул от
Берди жарыгын,
Жарык да
Улам өчүүдө.

Бир түндө
Бирге чогулдук,
Биргебиз,
Азыр биргебиз.
А бирок,
Бирден-бирденбиз...

19-февраль. 2003.

 

Жомок

(— Сиз да кичинекейиңизде жомок укчу белеңиз? – дейт, кичинекей кыз.)

Топчу сымал, жүрөгүмө кадалган –
Жомогум көп, айтып берем өзүңө.
Сендей кезим,
Сендей бир кыз божурап,
Мени кайра жомок кылчу өзүмө.

* * *

Жомоктоймун...
Дүйнөм жомок дагы эле,
Дагы эле жомокторду угамын.
Жомок сымал...
Жаралгансыйм жашоого,
Жомок болуп...
Анан бир күн узаймын...

13-август. 1999.

 

Бешик

(Бешиктердин баардыгы кооз, наристелердей сүйкүмдүү көрүнөт.)

Оо, Бешик!
Аруу Бешик!
Үмүтүм үйүп-үйүп,
Учам бийик...

Тилегим көптөн бери –
Эки кат болуп калсам...
Жүрөгүм жумшап-жумшап,
Бала тапсам...
Бала баксам...

3-октябрь. 2004.

 

Айжанат

(— Кумурсканын үйүнүн ичи кандай болду экен ээ? – Айжанаттын мага берген суроосунан.)

Жанымдан – Таттуум менин!
Балалыгың...
Балдай сурооңдон!
Чын эле...
Үйүнүн ичи кандай кумурсканын?
Жооп таба албай туруп калдым...
Менин дагы сага суроом бар:
Наристелер – Периштелер!
Наристелер баардыгын билет дешет...
Кудайдын үйү кайда?

4-июнь. 2000.

 

Деңиз

(Ыр жазып олтурсам, көздөрүн шурудай кылып мышыгым – Миа мени карап туруптур.)

Не бирин айтып берейин?!
Уксаң ук, туйсаң туюп кал...
Кылкылдап батып бараткан,
Күндү ээрчип алыс кетипмин.
Ал жакта талаа, чөл экен,
Ташкыны күчтүү суу болдум.
Суу болуп агып далайга,
Деңизге барып кошулдум...

Не бирин айтып берейин!?
Сезсең сез,
Билсең билип кал...
Кыялым, кыял –
Деңизде калкып,
Жашоом, бир жашоом –
Деңизде калды...

7-сентябрь. 2004.

 

Жаз

(Назгүлдүн көңүлүн барып ача албадым. Эми жаз мезгили ачса экен деп ойлонуп олтурам.)

Акын-жүрөк,
Жүдөдүң бекен турмуштан?
Турмуштан эмес,
Жүдөсөң керек,
Ыр жазбай...

Көңүлүң жашарткан,
Жаз кайра жакындоодо.
Таланттардын мейманы –
Жаз мезгили.
Ысыган абаны ээрчитип,
Учуруп көпөлөгүн,
Жер жарып чыккан чөптөрү менен,
Жаз баратат, сага
Жаз баратат!

15-февраль. 2005.

 

Тоос

(Убакыт болсо дайыма барып көрүп турганды каалайм. Тоос кушун ажайып бир жаралып калганы үчүн жаратылыштын күчүнө дагы бир жолу таң калам.)

Сулуулукту
сунган экен табигат,
Көлдүн, көктүн
өңүн кошуп өзүңө.
Күн желеси
күлүп сени айланып,
Күлкүсүнөн саймалаптыр денеңди.

* * *

Бириндетип
төбөңдөгү таажыңды,
Тал-тал болгон
канаттарың жайылтып,
Ааламдагы болгон түскө оронуп,
Карап мени, турганыңа кубандым...

4-март. 2004.

 

Камыштар

(Мемиреп кандай тосуп алышса, ошондой узатышты.)

Издеп жүрүп,
Таптым көлдүн ичинен,
Сагыныпмын, мен силерди,
Камыштар!

Көл күзгүгө күнү-түнү каранып,
Айдын, Күндүн нурларына,
Чачтарыңар тарапсыңар.
Шуудураган
Ырыңарды гана аяп,
Камыштарым!
Жүрөгүмдү канаттыңар...

16-август. 2004.

 

Досум

(Бир кайгысы үчүн миңдеген кубанычтары көзүнө көрүнбөй турган досумду үйгө чакырганда.)

Батышка батып кеткен,
Бир күндүн баркын баалап –
Күүгүмдү жактырчу элең.
Күүгүмдө жөнө үйүңдөн,
Ай тийип калаар акырын.

* * *

Жуунтуп тереземди,
Жасантып койгон жамгыр.
Жабылбай, улам жабылбай,
Каалгам да өзү ачылып,
Калдыркан көпөлөктөй,
Калдактап учкандаймын.
Күтүүдөбүз.

* * *

Түн экөөң бирге келипсиң,
Досум, ай!
Сезимталсың!
Өзүңдөй, түндү кошо,
Капалуу сезип алып,
Унутуп өз кайгыңды,
Түн-кайгы болуп алып.

* * *

Досум, ай,
Аярлай сылап түн чачын,
Батырып кучагыңа бүт денесин,
Таманына төшөп бооруңду,
Ээриген жүрөгүңдү жашка айлантып,
Көтөртүп көздөрүңө
Түн кайгысын:
“Түндү да эч ким сүйбөйт ээ,
Түн дагы мендей керексиз...” –
дейсиң.

* * *

Түн болбосо:
Кантип бизди
Карайт эле жылдыздар?
Көрөт белек
Асмандагы айды биз?
Кыялдан өткөн кызык
Түштөрдөн айрылмакпыз.
Биз сүйгөн таң жок болмок,
Жактырган күүгүмүңдүн
Кооздугун издемексиң сен каяктан?

* * *

Өз кайгысын унутуп,
Түн-кайгы болуп алган,
Досум, ай!
Сезимталсың!
Түн-кайгы досум!
Түн-кайгым!

16-апрель. 2004.

 

Сүйүү

(Ал жигиттин элин, жерин кошо сүйөм.)

Асман бирдей – баарыбызга.
Колду сунса кармалчудай
Сен жашаган жерде гана башкадай...

Тынч уйкуга элиң киргенде,
Түйшүгүңдү түнгө карматып,
Мен суктанган асманыңды карап кой!..
Тамгалардай жазылгансып булуттар
Уланышып, уланышып баратса.
Жүрөгүмдүн сага жазган ырлары...

* * *

Мекениң да Мекенимден алыста...
Өз элим деп соккон менен жүрөгүм,
Башка элдин келининдей жүрөмүн...

2-апрель. 2004.

 

Таш

(Ушул таш, мага карап сүйлөп тургансыйт.)

Кыймылсыз жаткан
Катуу бир ташсың дебечи.
Пахтадай жумшак
Көңүлүм бардыр ичимде.
Дебечи, дебе
Өзгөрбөйт дайым келбети,
Күлмүңдөп күлүп,
Соолуктап ыйлайм кээ бирде.

Көздүүмүн сендей,
Асманды карайм суктанып.
Ырдаймын сендей,
Кубанып, кээде муңканып.

10-ноябрь. 1997.

 

Жөргөмүшкө

(Күндө бири-бирибизди караша берип чарчадык эле. Бүгүн жанына сары жөргөмүш кошулуп калыптыр.)

Желелерин желбиреткен,
Жөргөмүш,
Унут баарын.
Жашым төгүп,
Жарык күйгүзбөй
Жатып алган түндөрүмдү.
Күндөрүмдү – келбей койгон,
Көпкө сени жалгыз калтырып.

Майрам бүгүн экөөбүздө:
Сага — түгөй кошулуптур,
Мен жолуктум – жүрөктөшкө.
Майрамдайлы! Сүйүү күнүн!

27-декабрь. 2003.

 

Кезек

(— Таңдын атмагы бир тозок болсо, кайра кечтин кирмеги дагы бир тозок болуп калды. – деген карыяга.)

Бир сулуунун жыттагыча алкымын,
Көз ирмээмде таң аткандыр
Бир кезде...

Да бир сулуу эркелесе элжиреп,
Сөз айтканча кеч киргендир
Бир кезде...

30-октябрь. 2002.

 

Саатым

(Чырылдап, чыркырап мени ойготтуң.)

Агарган таңда ушундай,
Дайыма жалгыз ойгоном
Саатым!
Бир жарык жанат
Караңгы түндө,
Бир караан жашайт –
Жүрөктө...

5-февраль. 2002.

 

Терек

(Жаш терек кыйылып отко жагылды.)

Жылтылдап жалбырактарың,
Булутка жакын
Сен элең...

Жемишин жеген
Жешинче...
Бул жерге жакын
Мен элем...

8-сентябрь. 2001.

 

Оору

(Ашказан тушун мыкчый кармаган ак чачтуу жаш жигитти көрдүм. Оору жаман.)

Жаштыгы качкан,
Ай – ай-ай!..
Көктөмгө -— Аяз эч болбойт!

Чөп дагы жыгылбасын.
Жыйрылткан денебизди
Жылан да оорубасын!

Алдыга баспай,
Артыма кайтпай,
Аңтарылып кеттим,
Кеттим...

29-октябрь. 2004.

 

Түш

(Түндөгү түшүмдө: аппак тоолор, ал тоолордун түбүндө чалкыган чо-оң көл, көл астынан көрүнбөгөн бир аялдын ыйлаган, абдан сыздап ыйлаган үнү чыгат. Ойгонуп алып: -— Менин Гүкү энем болуш керек, — дедим ичимден.)

Дал ошол,
Ошол энем...
Нымдалбай согончогу,
Төрөбөй балкып бала,
Узаган бизден алыс,
Уюган жер астына.

Мээримин кошуп алып
Жетелеп жүргөн далай,
Колумда изи калган
Бырышкан колдорунун.
Дал ошол...
Ошол энем...

Сулуу тоо,
Суу жамынып, түпкүрүнөн...
Сыздаган үн угулат
Сөздөрү жок...

6-февраль. 2001.

 

Узатуу

(Курдашым жактырбаган жигит жөнөөрдө.)

Боз туман басып баратат.
Сыдырым соккон жел менен,
Жакшы бар жигит, жакшы бар!
Зарыгып үйүңдө күткөн,
Жарыңа жакшы жетип ал.

22-ноябрь. 2000.

 

Жооп

(Баткен жеринде жүргөндө, мен көзүнө сулуу көрүнүп кеткен Афина сиңдиме.)

Кооз жердин
Деминендир...
Желпип өпкөн жүзүмдү
Желинендир.
Уйку бербей
Түнү бою уйпалап,
Ууртумдан сылагандыр булуту...
Көлдөй терең
Бир жигитин сүйгөнгө,
Же, кайгымдын
Унутулуп турушу...

20-сентябрь.1998.

 

Кетээрде

(Бороон-чапкынга, түнгө карабай жалгыздыктан качып үйдөн чыгып баратам.)

Терезем ачык,
Үй чачык.
Үшкүрүк үйдө,
Мен – жолго...

Таарындым...
Тартылдым...
Кейидим...
Кемидим...
Кеттим мен досторго...

Эртең кеч келээрмин!..
Ачылып, жазылып,
Өзүңдү үйүм сагынып...

17-июль. 2003.

 

Ак

(Даражасы, даңкы бийиктердин кызматына караганда кийим-кече, чач-кирпигинен бери ундун кыпындары каптаган, жонуна ун көтөрүп (ташып) иштеген бир жигиттин кызматын жогору баалап калдым.)

Ундай ак болбосом да...
Бүт алам дилин кошуп,
Жаныңда жуурулуп калдым,
Ундай – Аппак...

Ак... Ак... Ак... Ак...
Ыйыктын баары – Аппак.
Тазалар дагы – Аппак.

Экөөбүздү:
Ак-Босого тосуп алып,
Ак-Сүтүн берген Эне,
Ак-Жоолук салса мага.
Жайылса – Ак-Дасторкон,
Ак-Нанга толуп үстү,
Ак-Пейил жандар келип,
Ак-Тилек айтып жатса.
Ак-Сакал Ата баштап,
Ак-Бата берсе бизге.
Ак-Сүйүү бекем болуп,
Ак-Нике ажырабай,
Төрөлүп наристелер
Бөлөсөк – Ак-Бешикке!..

Ак... Ак... Ак... Ак...
Айланып барам – Акка...

23-апрель. 2002.

 

Кейүү

(Көңүлү менен ден-соолугунун бирдей ооруп келгенин байкабай капа кылып алдым.)

Абага үйлөп салбай бир ызаасын,
Улутунду, узакка улунду.
Ойлору токтолбостон чачырады
Чаң басты сезимдерин.
Жылмайып караганым жактырбады.
Кыска жолду тандады коштошоордо.
Муздак түндө жөнөдү,
Муздап жүрөк...
Чоң калаанын эң кичине үйүнөн.

9-декабрь. 2003.

 

Вино

(Бүгүн эрмегим – вино.)

Ичтим вино...
Шагым сынган бирөөдөн...
Көңүл ачык...
Көтөрүлдү винодон...

23-январь. 1999.

 

???????

(Өзүмчө олтуруп, өзүмө толтура суроо бердим. Бирөөнө да так, туура жооп бере албадым.)

Ким мага чертип берди эле?
Муңдуу бир күүнүн кайрыгын.

Ай, жаркып тийип турсаң да,
Сагынтат неге жарыгың?

Кайда агат жашыл дарыя?
Түшүмдөн дайым кетпеген.

Жүрөгүң канча жаракка?!
Жан курбум, сага жетпедим.

Ажайып кайсыл жер экен?
Мекени бардай Мезгилдин.

Сөздөрү турат сөөгүмдө!
Мен аны кантип кечирдим?

Эмнеге желге эркелеп?
Жаш жигит, сага ийбедим...

Жер бетин таштап, көз жумсам
Элеси калат кимдердин?..

7-январь. 2000.

 

Күтүү

(Бүгүн бирөөнү эле күткөнсүйм.)

Мынча эмне,
жасалгалайм дасторкон?
Көйнөгүмдүн
кийип алгам жаңысын.
Күндөгүдөй
күйүт салып башыма,
Конок болбо,
күтүү, өзүң жапжалгыз.

17-март. 2004.

 

Ийнелик

(Бир буту менен бир канаты сынган ийнелик уча албай жатат.)

Ип-ичке Ийнелик досум,
Ийилип бир аз жатып тур.
Канатың кайра бүтөлөт,
Буттарың дагы түзөлөт!
Түн болуп турат айланаң,
Жарык да болуп көрүнөөр...

Ип-ичке ийнелик досум!
Кыйналдың. Кантем?
Аргам жок...
Үшкүрбө,
Эч бир үшкүрбө!

15-июль. 2004.

 

Чакыруу

(Тереземди черткилешкенинен сыртка чыксам, шамал менен мажүрүм тал экен.)

Коюу түндө сыртка чакырып,
Сагынсаңар керек мени ээ?

Жаздыгымды кучактап,
Жалгызсырап жатканымда,
Ырас эле, тереземди кактыңар.

Чачыраган бутактарың чапкылап,
Мажүрүм тал, бийиң бийлей бер.
Өзүң барып так бооруна урунган,
Ырда шамал! Тоолор жөнүндө.
Тыңшап жатып уктап калайын...

Жашоо сонун!
Түнү дагы – ар башка...

11-май. 2004.

 

Көйнөк

(— Адамдын көркү чүпөрөк, -— дегенибиз менен минтип, көйнөгүм өзү көздөрдү суктандырып туруп алды.)

Колунан чыгып бир уздун,
Көйкөлтүп кийдим эртеси.

Көктөмгө салам айттык биз.
Сырдашып чөптөрү менен,
Кечинде үйгө кайттык биз.

Мени эмес,
Сени, көйнөгүм!
Жактырып калды көп жигит...

1-март. 2004.

 

Күз

(Жазда баргам. – Күздө да кел кызым, эгер, күздө келбесең өзүм барып алып келем! – курдашымдын атасы Шүкүр аванын сөзүнөн.)

Күн күлүп,
Үйдө биз күлүп.
Күтүү менен жөнөгөм
Күздү көздөй...

* * *

Күз да болуп,
Сур булут каптап асманды.
Чак түштө -— күүгүм кирип,
Күүгүмдөнүп узап кетипсиз.

* * *

Эсимде калды:
Эки тоо.
Ортосу өзөн,
Узун жол.
Жол боюнда мен барган үй,
Жай турмушун өткөргөн.

* * *

Эсимде калды:
Үй ээси.
Жанда жок жаркын,
Меймандос.
Эсимде калды:
Бир сөзү,
Күз болгон сайын жаңырган:
“Күздө кел, кызым,
Күздө кел...”

10-ноябрь. 2004.

 

Муз

(Жүзүндө жылмаюусу жок, ал тургай жылуу сөзү менен сезими жок жигитке өкүндүм.)

Табалбай – Көңүлүмдү...
Мейманым – Чакырбаган...

Чаңдаттың – Сезимимди...
Күнөөлөп – Жактырбасам...

Муздайсың – Түбөлүктүү...
Күн эмне? – Тааныбаган...
Өкүнүчтүү...

7-декабрь. 1999.

 

Комуз

(Комуз күүлөрүн угуп олтуруп түбөлүккө жашап калгым келди.)

Үч кыл комуз!
Күү шаттанат,
Күү муңканат,
Күү ыйлайт...

Күүлөрдүн түпкүрүндө
Түбүм калган.
Байыркы бабалардын
Улуу сыры,
Сызылып каным менен
Айланууда...
Көз жашым төгүлүүдө
Бир бакыттан...
Кудайым, бул бакыттан
Эч айырба!

* * *

Ой термеп чексиздикке,
Көз тунарткан мейкиндикке
Туш болдум:
Шамалдай закымдаган
Атчан элим,
Чаап келатат...
Дүбүртү тулпарлардын,
Жоокерлери...
Жоолору...
Тоолору...
Адыр-түздөрү...
Боз үйлөрү...
Боолору...
Кындан чыккан кылычтары....
Жалтылдаган найзалары.
Оттору жалындаган...
Теңири тиреп турган...
Аталар ак калпакчан...
Апалар элечекчен...
Баталар – барктуу уулга,
Баардыгы сыйып калган
Комуздун кылдарында!..

2-май. 2003.

 

Караңгы

(Тереземди жаап ого бетер караңгылап алдым.)

Көргүм келбей жарыктыкты,
Тереземе кызыл пардо такканмын.
Кымгуут бүгүн жандүйнөмдө,
Бүгүн такыр башкамын...

1-декабрь. 2002.

 

Мен

(Орто жаштагы киши. Ал жашаган жакта жашайм. Дайыма маңдайымдан чыгат. Ким бирөөнө мени окшотобу, жолумдан чыккан сайын жылуу жүз менен тигиле, бул ким эле дегенсип карап калат.)

Чөпкө эркелеп,
Тоолор батып көзүнө,
Күндү ээрчитип, түндү такыр унутуп,
Кыялдана жаныңыздан өткөн – мен.

* * *

Көпкөк, жашыл
Дарыялар агылган,
Агымында ташкындаган бир добуш,
Түшүн эстеп жаныңыздан өткөн – мен.

* * *

Сол ийнине
Башын жөлөп жылмая,
Бир жигиттин элесине чөмүлүп,
Кыйгач тиктеп, жаныңыздан өткөн -— мен.

* * *

Жашы отузда.
Жактырганы андан көп,
Жаздай жашыл көйнөк кийип үстүнө,
Жай баракат, жаныңыздан өткөн – мен.

25-апрель. 2000.

 

Жаңырык

(Бир назик үн чыгат. Ал тарапка мен бара албайм. Үн да менден уламдан-улам алыстап бараткандай.)

Эскирген көйнөгүмдөй,
Эскирген жүрөгүмдү,
Жаңылап алам дайым.

Жаңыланбай балалык,
Жаңырык гана,
Жаңырык...

28-февраль. 2004.

 

Себет

(Кооз себетти алып жүрөм. Тайатам сатып алып, ичине толтура жүзүм алып келген экен.)

Тайатам!
Өзүңө салган жүзүмдөй,
Жүзүмдөй жумшак жан эле.
Үзүлүп мага үйрүлүп түшчү,
Жүзүмдүн ошол шагындай...

Жүзүмдү
Азыгы дейбиз Бейиштин,
Тайатам,
Жүзүмдүү жайда болсо экен!..

20-ноябрь. 2004.

 

Бешикке

(Эски бешик калып калды, ээси көчүп кетти.)

Алманын бутагына иле коём,
Булуттун сууларына жуунтамын.
Сенде калган балтыр бешик чүрпө жыты,
Сага тамган энелердин эмчек сүтү.

Бозорбоччу бош бешик,
Бозорбочу...
Ойлонуп олтурсам да,
Кубана карайм сага,
Мына кара!..

Көктөм менен
Көк бетине көтөрүлүп,
Канча канат тагынган балапандар!?!
Сенде эмес, Ак Бешик,
Арман бизде...
Өзүңдөн алыс узап бараткандар...

20-декабрь. 2003.

 

Күн

(Бир эле бөлмөлүү бул үйдүн эки терезеси бар. Бири – Күн чыккан жакта. Бири – Күн баткан жакта.)

Таң атканда,
Күн кирип
Үйүмө жашап алгандай.
Кеч киргенде,
Түн кирип
Күн үйдө уктап калгандай.

* * *

Күн толгон үйүм!
Күн толгон...
Досторум чачып кетишкен,
Күлкү, шаң жатат төрүмдө.
Күн кызы болуп алгансып,
Күн менен жашайм бул үйдө!

27-май. 2002.

 

Кескелдирик

(— Кес, куйругуңду кес! – деп, кескелдирикти бүт тарабынан тегеректеп алдык. Акыры, байкуш кескелдирик куйругун кесип таштап качып кетип араң бизден кутулган.)

Кандай жашоо кечирди экен?
Куйругу жок барып үйүнө.
Тааныбай түнөктөшү жээригендир.
Балдары чоочугандыр,
Баёо карап.

* * *

Бала кезде жасаптырбыз күнөөнү,
Кескелдирик, кейитип биз дүйнөңдү.

Бир тал чачым түшүп калса кейиген,
Кескелдирик, аяп келем сени мен.

5-январь. 2005.

 

Мергенчи

(— Кожожаштан өткөн мерген! – деп тааныштырышты. Жайдары, жакшынакай жигит экенине карабай, жактырбадым.)

Ок таккан темирдин баарына
От жаксам...

Кийими, буттары жок
Ташты да атпагыла!

Жаралган жандын баары
Жаратылыш. Жан бооруңдай.
Жаныңдай – жанын ойло.
Жан-жаныбар – жаны бар,
Жаныңдай...

24-апрель. 2002.

 

Бакыт

(— Бакыт ала кел, менде жок ошону эле алып келчи, -— деген досума.)

Карачы, Күн
Сени тиктеп турганын.
Күн астында
Жашагандын бири да,
Жүзүн нары буруп кете алышпайт.

Көзүң көргөн
Жашыл, сары, ак мезгил,
Бирге тоңуп,
Бирге ысысаң – ал бакыт.

Жүрөк берди,
Каалаганың сүйүүгө,
Ачкычтары
Колдоруңда кармалуу.

Толкундантып,
Бийге салып денеңди.
Жашайт бакыт,
Сен тыңшаган ырларда.

Жалгыз сени
Калтырбаган эч качан,
Үмүтүңчү?!
Үйүлгөн -— чоң бир бакыт.

Сырларда бар,
Учкундары бакыттын,
Досторуңчу?!
Сени менен сырдашкан.

Жакшы сөздү
Ким кубанып укпасын?
Бакытың бар
Жакшы сөзүң бар үчүн.

Бала кезге
Баргың келип байырлап,
Бала болгуң
Келип турат сенин ээ!
Бала болгуң келсе,
Бала болуп ал.
Бала — ишенчээк,
Бала — таза,
Бала – ал...

Жакындарың,
Жашап турган
Бул жериң,
Жаралгандан –
Кармап калган – Бакытың.

Сен издеген
Бакыт кайда?

4-ноябрь. 2000.

 

Үй

(Жеке турмушунун азабын көтөрө албай, ичимдик ичип жүргөн аялдын караңгы үйүнө.)

Кол менен жасалсаң да,
Курулган – бир дүйнөсүң.
Бир дүйнө! Кечир бизди:
“Мас аял жашайт” десек.

Кайгысы бир аялдын,
Кайгысы –
Бүт аялдын,
Бүт ааламдын!
Капкактай жаап турасың...

17-декабрь. 2004.

 

Алча

(Алчанын жанында)
Жаш алча,
Мөмөлөрүң – көздөрүңдөй,
Көздөрүңө кол салганга
Колум барбайт.

Ийилген шактарыңа окшоштурдум,
Ийилген көңүлдөрүн досторумдун.
Шамалда шагы сынып калбасын деп,
Өзүңдү тоскум келет тегеректеп.

26-май. 2000

 

Айга

(Асманда Ай тунарып, жерде мен муңайып турганда.)

Окшошупбуз,
Туңгуюкка кирипбиз.
Түн сулуу эмес, мындайда.
Түш булутка,
А мен чыгып барайын.
Таарынган жүзүбүздү
Жапсын булут...

9-октябрь. 2003.

 

Карыя

(Аялы тилдеп сүйлөнө берди.)

Колунда кыска таяк.
Чырпыктагы бубактай
Сакал, мурут, чачтары.

Чарчагансып,
Аялынан жүзүн буруп,
Аялды карайт – кошуна
Гүлдөрүнө суу куйган.

Келбети – кыш,
Көздөрү – жаз
Карыянын...

30-апрель. 2000.

 

Көңүл

(Кээде көңүл акыл-эске да баш ийбей калат экен.)

Уктабай түн ичинде чыгып кетип,
Койкоюп Ай бетинде олтурасың.
Калып калып, тоолорго барсам
Таштарынын арасына кошуласың.

Кантем эми?
Жагылган от үстүндө
Олтурасың...

19-май. 2003.

 

Жалгыз

(— Мени жалгыз калтырбагылачы, кетпегилечи? – дейт, жалгыз жашаган Мекен байке. Биз эч болбойбуз. Сыртка чыксак үчөөбүздүн тең бут кийимдерибизди бекитип коюптур.)

Жалынды болушунча,
Көзү да жалдыраган.
Айласыз...
Калтырдык...
Таарынып калды жалгыз.

Жап-жашыл жай мезгили
Өчкөндөй айланамдан.
Жер үстү караңгылап...

Жалгыздык жакшы кээде,
А бирок, дайым эмес!

9-июль. 1999.

 

Жүрөк

(Кубанычты, азапты, баарын көтөргөн жүрөгүм менен сүйлөшкүм келди.)

Кыйнап дайым,
Кичинекей жүрөгүм!
Канча муңду
Бүт өзүңө батырдым...
Чыда эми,
Согулуп тур токтобой,
Үмүт – аска,
Чокусуна жетели.
Тосот жолдон
Экөөбүздү бир арзуу.
Эң кымбатым
Ошол адам болот го...
Жабыркаткан
Бүт оорүңдан сакайтып,
Өзү сени,
Сени өзү ээлейт го...

10-февраль. 1999.

 

Жамгыр

(Байбичелик куракка келсе деле ыйлай берет. – Жамгыр жаап жатканда төрөлүпмүн. – дейт.)

Кеч күздүн жамгыры экенсиң,
Жамгыры шатыраган.
Эсинде, бир тамчыңды
Көзүнө катып алган.
Эй тамчы,
Мөлтүр тамчы,
Күтпөгөн сенден мындай.
Көздөрүн ээлеп алдың,
Мелмилдеп океандай.

14-май. 1999.

 

Ырларым

(Ырларым, бир канча жылдардан кийин силер мага, мен силеге жарашпай калаарыбызды билем.)

Мындан ары,
Мен силерге
Эгер, жарашпай калсам,
Мезгил менен
Турмуштан деп билели.

Боор ооруса
дартын чогуу көтөрдүк,
Көздүн жашын
бир алакан аарчыды.
Шаан-шөкөттө
бий бийледик айланып.
Бирге жүрдүк,
талааларда, тоолордо.
Бирге уктап,
тостук кайра таңдарды.

Өткөн өмүрүм — өттү силерге!
Калган өмүр кандайча болот?!

* * *

Ак-ала чачымды жашырып,
Башкача жоолук салына,
Кадамым жайыраак аттап,
Алдыңа барам, алдыңа...

Кооз дүйнөнү
Көзүм көрүп турганча
Кездешели...
Кечигишпейли...

17-январь. 2005.

 

Чагылган

(Апам чагылгандын үнүнөн коркот, мен болсо ичимден жактырып турам.)

Көк асмандын
Жер бетине арнаган,
Ырларындай туюлат,
Ачуусу эмес.

Эмнегедир жагат мага
Ушул үн –
Күрүлдөгөн дабышындай жигиттин.

20-март. 2000.

 

Кусалык

(Абдыгул ата, Разия апа, небереси Бегелдин үчөө -— биз үчөөбүздү тайатам, тайэнем, мени көп мейманга чакырышчу. Биз үчөөбүз кайра үчөөнү.
Убакыт көбүн унуткарды. Бирок, азыркы сыртта сампаарлап жаап жаткан кардан да сулуу болгон кыштын бир кечинде үчөөнө -— үчөөбүз ак карга оронуп барып, алар да бизди сыртта күтө берип ак кардан кийим кийгенсип тосуп алышкандары менин жүрөгүмдө жашап калган укмуштуудай сулуулуктардын бири.)

Бир-бирден небере баккан,
Ынтымак эле, эки үй.
Издешип жүрүп тапкандай...

* * *

Аксөөктөр эле керилген,
Мүнөзү жумшак – аталар,
Акырын сүйлөп сырдашып.

* * *

“Аксакал” – дешип кайрылчу,
Апалар – назик созулуп.

* * *

“Дос” деген сөздү кошпойле,
Достордон ысык болушчу.

* * *

“Сиз” дешип, жалаң “сиздешип”,
Түгөнчү эмес сыйлары.

* * *

“Небере-ширин” деп коюп,
Кайталай айта беришсе,
“Эмнебиз ширин?” – дечү элек,
Таңкалып карап аларды.

* * *

Кыш маалын сүйчү
Төртөө тең.
Кыштагы
Күүгүм-кеч маалын.

* * *

Карарган кечтер андагы,
Айланып мени калышкан
Кусалык болуп саргайган...

* * *

Кайрадан
Баскым келет издеримди,
Ортосунда
Калып калган эки үйдүн.

* * *

Кайрандарым,
Каалгып жылып кетишкен...
Бак-дарагы менен кошо
Эки үй жок...

5-февраль. 2005.

 

Жалбырактар

(Бүчүр байлаганда кубантасыңар, үзүлүп түшө баштаганда кайгыртасыңар.)

Аязга тоңуп,
Кышка калып калганча,
Же жакшыдыр
Жалбырактар, силерге
Күбүлүп күздө
Жерге түшкөнүңөр,
Муздак эле желге.

13-ноябрь. 2000.

 

Коён

(Мен жокто союлуп калыптыр.)

Төрөлдүң эле жазда,
Өмүрүң – төрт ай экен.
Тор темир үйүң эле,
Калыптыр ичи бошоп.

Чыныдагы сууң ичилбей,
Тоголонуп жатат сабизиң.

Боз коён, сенин
Казанда бышты этиң.
Баккан элем...
Кантип жейм?

* * *

Сулуулук менен ишенич –
Айланбайт тамакка.
Азапка гана азапка...

10-июль.1997.

 

Бака

(Кызык ойлорду ойлоп табабыз.)

— Биринчи ким кирсе,
Бактылуу болот! – деп,
Эшигим ачып койдум.

Секирип кирип келди,
Баканын баласы.
Бактылуу болосуң,
Бала-бака!

2-сентябрь. 2000.

 

Эне

(Таягына ээгин жөлөп, жерди карап олтура берет. Эмне жөнүндө ойлонот болду экен ал байбиче?)

Жетээрине өмүрдүн
жеттим дейби,
Бул жалгандын
бүт күнүн көрдүм дейби?
Картын сыйрып
качанкы жаратынын,
Калпыс бир ой
кадырын эзгилейби?

Кош данектей,
бир жүргөн кошоктошуп,
Жарынын элесиби,
өчүп-жанган?
Кара казан кайнаткан
көр турмушпу,
Жаштыгыбы
же небак өчүп калган?

15-май. 1994.

 

Унчукпай

(Каалоо айтканга сөз беришти. Унчукпай туруп калды.)

Ааламдагы
Ак тилектин баарысын,
Алдыңарга
Сунам деген камынып.

Унутуу эмес,
Үн чыгарбай калганы,
Жакыныраак
Жүрөгүнө баралы.

18-июль. 1999.

 

© Бөлөкбаева В., 2005. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

 


Количество просмотров: 31220