Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Поэзия / Фотоальбомдор
© «Турар», 2010

"ТУРАР"

Баатырлар

8 сааттык тынымсыз чабуул

Түстүү альбом

2010-жылдык 7-апрелиндеги кандуу окуяны чагылдырган сүрөттөр жана ырлар / Запечатленные в фотографиях и стихах события 7 апреля 2010 года.

 

Өткөндөрдүн салты болбой,
Өсөөр кыргыз калкы болбойт.
Өлгөндөрдүн даңкы болбой,
Тирүүлөрдүн баркы болбойт.

Жайсаң

 

Таалай Нуркемел

2010-жылы 7-апрель элдик революциясында курман болгон кыргыздын чыгаан жаш баатырларынын жаркын элесине.

7-апрель

Канткенде жазбайм дастанды,
Кан жутуп боздоп жатканды.
Кашайып калсын калк башы,
Кайлдайган элди аткан бу.
Кан түтөп «Ак үй» алдында,
Кыйратты солгун жаштарды.

Арамдык ичке каткандар,
Ак үйдөн окту аткан бар.
Ачылган гүлдөй таңдагы,
Атылып кетти жаш балдар.
Арамдын кылган ишине,
Атылып кетти жаш балдар,
Арамдык кылган ишине,
Айтылат ушул дастандар.

Бийликке башты малгандар,
Бийиктен мээлеп калгандар.
Билемин өзүм деп элди,
Билгенин кылган айбандар.
Биригип ата, баласы,
Бийликти ээлеп алгандар.

Өзүнүн жерин саткандар,
Өзүнүн элин аткандар.
Өлүмгө кетти чыркырап,
Өрт болуп тике баскандар.
Өрт жааса дагы асмандан,
Өчүрдү чыгып жаш балдар.

Манкуртка берип бийликти,
Маңдайга окту жеген эл.
Майданда, кызыл жалында,
Манасым коргойт деген эл.
Манасың окко учту элим,
Манасың дагы төрөлөөр.

Бийликти алдың Кыргыз эл,
Балдарың чыгып ок тосуп.
Биригип Кыргыз бир болгун,
Бийикте жылдыз окшошуп.
Баатырлар чыкты жаштардан,
Балбылдап күйүп коштошуп.

Жетим калды балдары,
Жесир калды алганы.
Жеңиш үчүн жаш балдар,
Жерге жайнап кан-жаны.
Желек кармап жыгылды,
Жетели деп таңга бу.

Калкы үчүн жан күйүп,
Качырган элди башка атты.
Кайкаласа төшкө атты.
Качырбастан бутка атты.
Каргыш тийген Бакиев,
Канча элди какшатты.

Сугалактан бийликти,
Сууруп келди жаштарым.
Суусап турган элине,
Суусун берди жаштарым.
Солкулдаган өмүрдү,
Сунуп берди жаштарым.

Бул жеңишти кыргыздар,
Бийлик көтөр бөпөлөп.
Биримдикти ар дайым,
Бизге бергин эселеп.
Баатыр кыргыз жаштары,
Баркың турсун көкөлөп.

Эрдигиң баатыр эл менен,
Эл үчүн өлгөн сен деген.
Эл унутпайт эч качан,
Эзелкиден өлбөгөн.
Элдин жашайт баатыры,
Эл байлыгы сен деген.

Качпаймын деп Кыргыздан,
Качты ок атып Курманбек.
Кан жыттанып жолдору,
Кара башы курган бек.
Карайлап жай таба албай
Каңгып жолдо турган бек.

Кыргын кылып кан төгүп,
Кантип тирүү жашай жашайсың.
Калк алдында өзүңдү,
Кана ким деп атайсың?
Кайышпаган пенде жок,
Канкор мындай элде жок.

«Өзөктөн чыккан өрт жаман,
Өздөн чыккан жат жаман.»
Өрттөй жанган балдарды,
Өлумгө кыйып таштаган.
Өзүндөн башка айбан жок,
Өрт болуп сөзүм калган жок.

Калкым эми кайрат кыл,
Калыс болор кудайым.
Калың кыргыз ичинде,
Кайрат айтып турамын.
Карайлаткан көзүндү,
Канга жетсин убалың.

 

Калбүбү Сариева, акын

7-апрелде курман болгондордун элесине

Эркиндикти эңсеген шар элеңер,
Толкуп-толкуп тосмону жарып чыккан.
Тайманбай талап коюп бара жаткан,
Бийликке, элдин эркин майыштырган.

Ар бир үйдө чырактай жан элеңер,
Караңгыны качырып жанып чыгып.
Өрткө айланып кеттиңер өчүрө алгыс,
Өлкөнүн келечегин жарык кылып.

«Эркиндик» деп шаңшыган бүркүтсүнөр,
Эркиндик калды ыйык түнөгүндө.
Ар бириңдин элесиң жашап калды,
Кыргызмын дегендердин жүрөгүндө.

 

Бойтесь гнева народа

Слова – Владимир Трофимов (Бишкек)
Музыка и исполнение – Олег Стрельников (Бишкек)

Многие к власти стремятся.
Знают – где трон, там доход.
И в результате страдает
Скромный и добрый народ.

Но, при спокойствии внешнем,
Он не прощает обид,
И до момента возмездья
В нем возмущенье кипит.

Пусть на фасаде алеет
И в душах у власти всегда:
«Бойтесь народного гнева!» –
Грозные эти слова.

Власть предержащие, знайте,
Вам не прощается гнет.
Бойтесь гнева народа,
Предупреждает народ.

13 апреля 2010 года

 

 

(Көңүл буруңуздар! Бул жерде китептин бир бөлүгү жайгаштырылган)

Файлды PDF форматында толук тексти менен, китепти сүрөттөрү менен ачуу / Открыть текст с иллюстрациями в формате PDF

 


Количество просмотров: 15524