Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз
© А.Токтогулов, 1988. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2010-жылдын 27-апрели

Айылчы ТОКТОГУЛОВ

Акжуумал келин

«Мезгил ызасы» аңгемелер жыйнагынан алымган аңгеме

Токтогулов Айылчы. Мезгил ызасы (Кадыр кыбачы жана башка белгилүү инсандар жөнүндө баян): (Роман жана аңгемелер). – Б.: «Айат», 2007. – 180 б. китебинен алынды

УДК 82/821
    ББК 84 Ки 7-4
    Т 51
    ISBN 9967-433-08-6
    Т 4702300100-07  

Нускасы 300 экз.

 

Көз ачырбай жааган жамгыр таң эртең менен басылды. Күрөңжайлоодон кылтыйып чыккан күндүн жебеси аткулактын жалбырактарына типтик сайылып, самсаалап турган тунук тамчы көк жашыл түскө боёло «мөлт» этип жерге тоголонуп түшөт. Жайлоонун кызыгы ушунданбы, аткулак, элик балтыркандарды кошо жапырып, жылкылар төмөн карай агылып, желеге келе көчкүнүн этегиндей имерилип токтоп калат. 

– О, байбиче? – Соорун алыстан эле үн салды.

Сыртта кара көрпө тебетей кийген кызыл бет, дайыма ышталган чаначтын жыты жыттанган, жашы небак элүүлөрдөн өтүп калган жылкычы боз үйдү жандай келип үн салды.

Ак жубардай балтыры жылаңач, коңултак кепич кийген келин боз үйдөн сыртка баш бакты. Ал чалын жактыра бербегендей кекээр үн менен:

– Өзүң деле түшө калсаң эмне, бир жериң короп кетеби? –деп, артына кыңырайып турган долонодон жасалган керешкени өчү бардай ичкери кийире «тарс» эттире жаап алды. Чыйрыгып түрүлбөй турган эшик жабуу керешкенин артынан «шалп» эте жабылып, үйдүн ичин такыр көрсөтпөй салды.

– Мына сага, акжуумал келин? – жылкычы сезимине бүлүк түшүп, күңгүрөнүп алды.

Чыйрыгып түрүлбөй турган эшик жабуу керешкенин артынан «шалп» эте жабылып, үйдүн ичин такыр көрсөтпөй калды.

Соорун башкаларды туурап, азан чакырып коюлган аты Айжаркын унутулуп, өзү да Акжуумал келин деп атаганга көнүп кеткен. Ал атынан чапчаң түшө калып, кечинде сыртта жаанга кала берген чыйрыгып калган ноктолорду алды да, жабагыларды биринин артынан бирин байлай баштады. Желеде чыйрыга түшкөн кулундар туйлап, бээлер имериле чет жакта кулагын жапырып, аркы терки айбат көрсөткөн айгырдын дүбүртү угулат.

Кулундарды желеге тизип, ансыз да ачууга кирген Соорун атилес жууркандын ичинде уйкуга «балык» болуп сүзүп кеткен аялына ачуусу келе:

– Айжаркын! – деп, болгон үнү менен бакырды.

Торго түшкөн эликтей бүлкүлдөп, Айжаркын кайра оодарылып жатканда, жылкычынын чындап жаны кашайды.

— Жаш катын албай жайрап кал, – дедиби, атилес жууркандын этегин аткый кармап өйдө серпти. Аялдын апаппак денеси жумурткадай көрүнүп, аял затынын өзүнө тиешелүү жыты эркекти өрөпкүтүп жиберди.

Акжуумал күйөөсүнүн ачуусу мындай чукул экендигине түшүнбөй бир эсе денесинде билинер-билинбес калтырак пайда болсо, бир аздан соң чындап ачуусу келе түктөйө түштү.

– Жаш катының менен жерге кир, бир туяктын айы деп албадымбы, Акжуумал бешинчиси. Босого аттагандарымдын бирөөсү да согончогу канабады го, кудайга кайсы арманымды айтайын. Эми Акжуумалдын этегинен айтып, баланын барылдаган үнүн уксам арманым болбос эле. Мындай ойду дамамат ойлонот, Соорун.

Акжуумалдын оюн ким билиптир, өзү да түлкүдөй мант берип, ар кимдин көзүнө карап, деги койчу өзү да сымаптай кылтылдап жылмаңдаган эме.

Аял жайбаракат төшөгүнөн туруп, каадасынча жай кийине баштады.

– Өй, катын! Бул эмнең? Тиги жакта бээлер саалбай жатса, үрдүн кызындай үлпүлдөйсүң да?

Соорун ачуусу келе ордунан тура калды.

– Кетем, – деди аял.

– Каякка?

– Тиги аялдарчилеп биргаттын алдында иштейм.

– Бу соо катын эмес, жылкы эмне болот?!

– Ошо, көңүлүңө жаккан соо катынды таап ал. Бүгүндөн баштап биргатка чыгам. – Аял дагы да күйөөсүн акшырая карады.

– А, атаңын көнүачай, ушунуңдан эки эрден... бу оюн ичинен калтырып, жаны кашая эмне кылар айласын таппай, колдорун кайчылаштыра өз манжаларын өзү укалай берди.

– Жылкыны тапшыр. Эмне, жылкы бакпаган кишинин оокаты өтпөй калыптырбы? Андай эле жылкыны жакшы көрсөң, биргатка атчы болуп ал.

Таң заардан айдап келген бээлериң деле бир, аттар деле бир.

– Э, тилиңе тибиртке чык, э! – Соорун толгонуп кетти.

Ал дендароо болуп көпкө турду.

– Э, эми эмне кыл дейсиң? Бригаттан эле жыргап кетебизби, я? Соорун айласы түгөнгөндөй күрсүндү.

Аял башын өйдө көтөрө: – Экөөбүз тең бригатка кетебиз. Жылкыларыңды өткөрөсүң. Андай эле жүрөгүң түшүп жатса бермеге өзүм деле барып келем. Ал жагынан коркпой эле кой.

Жылкычы амалы түгөнгөндөй жерди карап, кыжаалат боло берди. Тээ бала кезинен бери аралашып келаткан Камбар Атанын тукумунан ажыраарын эстегенде бүткөн бою дүрүлдөп, катуу күрсүнүп алды.

– Эр тартса өргө, катын тартса көргө. Бир туяктын зарынан сени алдым, жаш катын эмеспи, төрөп берер деп алдым. Сен да... Маңдайдагы жазуум ушубу? Мейли, мунусуна да көнөйүн. Төрөп эле берсе болду мага. Атасынын көрү, барылдап ыйлаган баланын үнүн угуп анан өлсөм арманым болбос эле.

Соорун каңырыгы түтөп, бу оюн аялына билдирбеди.

– Мейлиң бермеңе барсаң барып кел, – Ал жылкысын тапшырам, – деп жатат де?! – Ал бош унчукту. Акжуумал келин чын элеби? дегендей чалын кылыя карады.

Зорго турган келин шашып аттанды. Ал бат эле тиги көрүнгөн белести ашып, көздөн кайым болуп кеткендей сезилди Соорунга.

Бээлердин алды ийий баштаганына кыжаалат болгон жылкычы чакасын алып, желеге барыды да бир баштан саай баштады.

Үч үйүр жылкы деген оңойбу, айтканга оңой болгону менен кыйын болсоң өзүң жалгыз саап көр?! Машине болсоң да жетише албассың.

Эң акыркысы деп кер бээни саап жатканда, Акжуумал ашкан кайкыдан үч атчандын карааны көрүндү. Жылкычы таң калгандай эле ого көпкө карап турду.

Эң алдыда келаткан өзүнүн Акжуумалы. Артынан каракер атка өзүң бил дегендей, тизгинин бош коюп ойго батып келаткан берме Болуш. Келинге жанаша бастырууга ашыгып, улам-улам теминген бригадир Түнтөй.

Соорундун чындап айласы кете, кер бээнин кулунун бош коюп көпкө аңкайып карап калды. Тиги шыпылдаган Түнтөй биргат бермеден өтө бастырып, аялга бирдемелерди бежиреп келатат. Болгону, сөздөрү даана угулбай, добушу чыгып, анда-санда аттардын бышкырыгы коштоп кетет.

– Ушу жасаганы туура. – Бу сөздү Түнтөй үйгө жакындай бергенде айтты. – Мен сени бовур кылып алам. Менин айтканыма ишене бер. Ал эми чалың жылкычы эмеспи, жылкынын сырын жакшы билет, касилкенин аттарын кайтартып коём. Аттарды эмне тиги ойдон келип деле карап турса болот. Ар кимдин көр тирлиги бар дегендей.

Биргат келинге жагынуу үчүнбү же өзүнүн көнүмүш адаты ошобу, болгон күлкүсү менен каткыра маңдайкы алтын тиштерин көрсөтө, өзүнө ыраазы болгондой сандарын колдору менен мыжыгып койду. Келин тигинин куру каткырыгына жооп кылып «курсагын тойгуза» жылмайды.

Бу көрүнүштү такыр жактырбаган, жада калса кыжаалаттана алдын мелтейе тиктеп, келинди артынан сырдуу карап улам көзүн ала качып, берме Болуш суз.

– Соорунум, болбой калган экенсиң, жолукканда:

– Атам жарыктык жылкы багып өткөн, мен да жылкы багам, ата баласымын дечү элең. Айтууңда атаң Корун байдын жылкычысы болгон экен. Кийин Кеңеш өкүмөтү чыкканда Кеңештин жылкысын багыптыр. Сенин өмүрүң да жылкы менен өтүп келатты эле. Бирок азыркы кылганың жарабас, баланын оюнчугу. Ушу да кудайга жагар ишпи? Өзүң деле ойлонуп көрсөң? Кудай бербеген баланы жасап алат белең? Эмнеси болсо да, терең ойлонуп иш жасасаң болмок. Менде эмне, колумдан келсе кетирбес элем. Ортодо кор болуп каласың го? Береги жылмаңдаган эменин кылганы.

Аны деле билип турам, билбейт дейсиңби? Колумдан эмне келет?

Экөөбүздүн жашыбыз беш жашка эле айырма болбосо, бирок сен мага караганда көптү көрдүң. Согушка катышып, жеңиш менен келген жылы он тогуздагы бала эмес белең.

Анан да окуган жоксуңбу, гезиттен? Деги түшүнбөйм азыркы жаштарды. Апасы жесир калса атасынан калган мал-мүлкүн, там-ташын саттырып, – шаарга алып барып багам» – деп, пулун ичип ажатканага таштап, өзүн тиги борбордогу карылар үйүнө жеткирип жатышат. Анан артын карабай жылан көргөн эмедей, көлөкөсүн көрсөтпөй кеткенче шашат. Ой ушу да болчубу...? Андан көрө куу баш өткөн жакшы. Ошондойдон сакта, какшап ыйлап сүйлөгөн эненин көз жашын көргөн жок дейсиңби? Бирок гезитти жантыгыңан жата калып окучу эмес белең?

Билем кичинеңден бери билем сенин сырыңды. Бир оюңду туурабы же туура эмеспи «жок» деп, – коё бербеген өнөрүң бар. Мен сени жылкычы бол деп кайра артка кайтара албасмын. Береги субагай «канчык» азгырып жатат го, болбосо жылкыдан кетпес элең. А дагы барып бир туяктын азабы деп...

Болуш өзүн аңкая тиктеп турган Соорунду карап, өзүнчө эле кыжаалат болуп баратты.

Мейли, аялыңа бир жолу айтып көрөм, болбосо экөөбүздүн аргабыз канча. Анын айтканы менен болосуң да. Анын үстүнө береги жалмаңдаган эме, жашабай жатып тилинин ширинин кантесиң. Башкармага айтсам, акыбалыңды түшүндүрсөм деле болмок. Бирок жумушчу күчү жок деп тиги биргаттын эле тилин алат. Аны түшүнбөйт дейсиңби.

– Ассалому алейкум, Соорун аба?

Адегенде эле бригадир озуна салам айтып, эч кимден буйрук күтпөй эле аттан түшүп, атын элик балтырканга байлай кетти. Анан беркилер менен иши жоктой: – Бу эл жылкыга жетпей жатса, сиз колхоздун шартын түшүнүп, касилканын аттарын багып берем деп жатыптырсыз?

Мунуңуз абдан жакшы. Ылайыктуу атчы табылбай жатты эле. Курман да жаштык кылып Касилкенин аттарын дурустап көздөй албай, күн аркан бою көтөрүлгөндө араң ишке келет. Артынан жамандагандай болбоюн, ага караганда сиз тим эле, өз атыңызды карагандай карайсыз го? Эмне кыласың, сөгүп, сөгүп тим болосуң. Андайлар ырсайып, жер тиктеп жатып эле кутулуп кетет экен. Сизге ишенем, сиздейди таппай жатпайбызбы, Соорун аба? Чарбанын ишин өзүңүз жакшы билесиз.

Береги жылкыларга да чөп камдаш керек го, же жалганы барбы? – Бригат жылмая сырдуу карады. – Анын үстүнө тиги Акжуумал жеңем көптүн арасында нан бышырып, эл менен кошо жеп турсаңыз... – Түнтөй арсалактай күлдү.

– Эмне, үйүндө Соорун өзү бышырат бекен? – Болуш бригитка кекээр унчукту.

Дегинкисин айтып жатам да, Болуш аке. Сиз биргат болсоңуз деле жумушчу издемекчисиз, же жалганбы? Анын үстүнө акча бекер тургансып жаштардын бардыгы эле шаарга качышат. Сиздин балаңыз деле кетип калбадыбы, же туура эмеспи?

Соорун берменин ыңгайсыз абалда калганын байкап:

– Эмки жаштар окуйм-чокуйм деп шаарга кетишип, зоотуна же фабрикесине кирип кетип жатышпайбы. – Үйгө кирип кымыз ичкиле? Калганын жайчылыкча сүйлөшөбүз.

Акжуумал эшик ачып, адегенде берме жол баштап, артынан беркилери кирип баратышты.

Жылкычы биргаттын өтө эле элпектигин жактыра бербеди. Кара күчкө:

– Оба, тиги жеңең экөөбүз сенин кол алдыңа барып иштесек деп кеңештик. Эл арасында, көч карасында турсак, – дейт жеңең? Мен да анын айтканын эп көрдүм. Жаш да өйдөлөп... там ташка карабай кеттик өзүң да көз салып турарсың, иним?.

– Об-боо, көз салбай анан, сиздей абаларыма көз салбаганда...

Атаңын көрү, болбой калган экенсиң, аялыңа бир жолу тил кайтарып көрөйүн дебедим беле? – Болуш алдындагы чыныны карап унчукпады.

Ушул күнү Соорун жылкысы менен түбөлүккө коштошту. Ал жүрөгүндө ыйлап, Камбаратанын тукумун кыя албай карап турду. Кантмек, аялы тигинтип камынып алса, анын үстүнө жылкыны өткөрүп алмакка шаштырып, жылкычысы да келип отурат. Эмне жылкымы бербейм, демекпи. Ошентсе деле болмок, бирок кеч болуп калды.

Боз үйдүн керегелери бир бөлөк, ууктары өзүнчө таңылып, танылчактары менен биргат жиберген машинага салынып калган.

Соорун түз эле бригаттын эли конгон жерге машинени айдатып барып, бовурдун палеткесинин жанына машинени тык токтотту.

Жаштайынан жайлоодо чоңойгон Соорунга биргаттын эли анча жага бербеди. Анын үстүнө аларың да эч нерсе көрбөгөнсүп бүт эле Соорунду тиктеп аңкайышат.

Ал жерде жүзү жайдары, өңү мурункудан да ачылган Акжуумал келин болду. Боз үйүн тигип жатып, ага жардам берип жаткан жаш келиндерге: – Анча эле эмнеге чалымы карайсыңар, чалымы тартып ала көрбөгүлө? Эй, жылмакайлар, тоодо жүрүп бети туурулган аялда кызганыч болбойт дейсиңер го? Силердеги кызганчаактык бизде да бар. Эмне, сыйлап алары жок беле, мына өзүм турганда байыма бирөөңөр сүйлөп көрсөңөр...

– Акжуумал келин чечекейи чеч болуп тамашалашып, кээде мурунку тааныш келиндери менен чымчылаша булт берип жаңы тигилип жаткан боз үйдү айлана басат.

Аялынын үнү шайыр чыккан сайын Соорундун көз алдынан кызганыч эмне экени өзүнүн баккан жылкыларындай чубуруп өтүп турду.

Кезегинде Соорун жака менен тоонун арасы күнүмдүк эле жол деп койчу. Ал тамына барып, – бүтүрөм, – деп келген ишин алем-залемде бүтүрүп, түн ортосу оой үйүнө жете барчу. Ал кез калды го билинбей.

Биргаттын эли менен аралаша албай Соорун көпкө кыйналды.

Ал касилкенин аттарын таң куланөөк болгондо айдап келип, күндүн алтын жебеси тоолордун башына тийелекте таратып берет да:

– Ой жумушум бар эле, беде чабылбай, жүгөрү да сугарылбай соолуп кетиптир. Соорун көп шылтоолорду айтып жөнөп кетет.

Беш бөлмөлүү шифер менен жабылган тамы аны күтүп турат. Соорун тамына барганда эмне кылмак. Суу иче элек, кана сугарылбаган бедесине суу коюп, тамынын көлөкөсүнө көрпөчөсүн салып, кыйшая чыканактап эс ала кетет. Баса ушу тамына жазында эшиги ачык калып капысынан чабалекей учуп кирип келген. Аны жакшылыкка жооруган Соорун, чабалекей кирген бөлмөнүн рамкесинен бир көзүнүн айнегин чыгарып койду. Чабалекей ошол жерден кирип кыйма-чийме каттап, кийин экөө болуп уя сала башташты. Тобо, канаттуулар ушинтет анан адам да жүрөт экен да, деп таң калган.

Ошол чабалекейлер азыр да бири кирсе, бири чыгып, парендечилик түйшүгүн өткөрүп жатышты.

Ал чабалекейлерге көпкө суктана карады. – Жараткан, ушу барендечелик көрбөдүң мени. Бир перзентиңди аядың менден! Ала жибиңди аттаганым жок эле го?! Эмнеге мынча... кайра-кайра төшөк жаңыртканым эле болбосо, аным да бир туяктын айынан эмес беле, жараткан?!

Мындайда Соорундун көздөрү жашка чайыла түшөт. Анан: – Туубас катындан, улактуу эчки өйдө, – деген абасынын кеби эсине түшүп, бир ою чын десе бир ою, жок туура эмес. Өмүрлүк жарынан кантип эле улактуу эчки өйдө болсун? – деп, абасынын кебин жокко чыгарат.

Тек гана ар бир жандарга мурас керек, – деп бышыктайт оюн.

Ал жүгөрүсүн сугарып бүткөндө иңир кирип, тиги кашаттагы тушалуу турган атын алып келип, токуп минди да, мойну жар бербей биргаттын элин карай жөнөдү.

Кийинки учурда Соорун тамына көп түнөп калчу болду. Аны да өзүнчө себеби бар.

Өмүрүн жалаң жылкычы болуп өткөрүп, жайлоодо жүргөн Соорундун атчы болуп дайындалышы биргаттын элине жакпады. Анын үстүнө Акжуумалдын кылык-жоругу да өзгөрдү.

Бир күнү Соорун атайын чөп жыйынга жардам берди. Анда да алар аны шылдыңдап жатышкандай сезишип, жада калса береги жетинчи класстын балдары мурдунун чимкиригин тарта албай жатып, Соорунду карашат. Соорун өзүнөн-өзү корунуп, чүнчүп кетти. Ошондон уламбы ойго кетсе түнөп калчу адат тапты. Ал тамыңда жатып алып кенен ойлонот. Бардыгын териштирүүгө үлгүрөт.

Тээ балалык жылдары, андан бери бойго жетип Калыга үйлөнгөнү, балалуу болсом деп дегдеп күндөрдү кечиргени.

Калыны эстегенде, бейиши болгур деп, куран окуйт. Ошо Калы Соорунду балалуу кылмак. Ал шордуу төрөттөн көз жумбадыбы. Баласы да ичинде өлүп, эркек-кызы билинбей өзү менен кошо кетти. Кийинки алган аялдарын эстегиси келбейт. Алар келип кеткен мейман сыяктуу элестейт... Эки жылда, үч жылда эле кетире бербедиби. Бешенесиненби, туяксызга туубас катын туш келет болдубу...?

Анан да Түнтөй биргатты ойлойт. – Атаңа наалати, атаң менен тең элем. Жок дегенде ошону ойлобойбу, акмак болбосо. Жанагы элдин айтымы чын болсо, аталардын арбагына койдум. Анан баса десең, берки куба «канчыкта» да бар. – «Кунаажын көзүн сүзбөсө, букачар жибин үзөбү».

Айтор тамында жатып алып баарын ойлонууга үлгүрөт. Бир аз көңүлүн тынчытып алышка ал жерде шарты да бар. Дүкөнү жанында. Бирок Соорун башынан арак ичип көнбөдү. Аны «уу» деп койчу. Кымыздай болобу. Аппак болгону менен ит ашы кара буламык кылып турмушту чакчелекей түшүргөн ошо деп ойлочу.

Оюнан жадайбы, сыналгысынын кулагын бурап жаңылык угат. Ал деле аны алаксытып кетпейт. Түн ортосу ооп барып атын отко коюп, уйкуга камына баштайт. Кайра эле жылдыз тарай электе ат чогултууга аттанып кетет.

– Соорундун аялы биргат менен соо эмес, – деген каңшаар кеп түп көтөрө айылга желдей тараган.

Ал Түнтөйдүн аялына да жетти.

Асылкан ооруканада пол жуугуч болуп иштечү. Каңшаар курсак кайнатат деп, Асылкан таламандын так түшүндө бобурга келди. Жөө келгендиктенби, тим эле аябай тердеп алыптыр.

Соорундун үйүндө төрдө кош жаздыкты, жазданып чыканактап жаткан бригад, жылан көргөн эмедей, ордунан чапчаң тура калып, чекеси нымшып аялын көрө чочуп кетти. Соорун жок болчу, аркы коктуда тигилген чатырда окуучулар ойноп, кээ бири чатырдын этегин түрүп, салкындап уктап жатышат. Андан окчунураак тигилген боз үйдө аял эркектердин, кобураган үндөрү угулат.

– Кел Асылкан төргө өт!

Босого менен бойлошуп турган Асылкан эмне дээрин билбей, нестейип тура берди. Өңү кара көк тартып, ачуусу бетине түктөйүп чыкты. Аны карап турган Акжуумалдын бети чымырады. Кайра ушул учурду күтүп жүргөндөй:

– Бригад кайним суусадым дегенинен, чай кайнатып... жогору өтсөң, Асылкан.

– Асылкан дудук болгон эмедей нестейип карап тура берди. Көптө барып эсине келдиби ачуусу келе:

– Башкармаңа айтам, эмне эле үйгө келбей калды десе, мен шордуу Кенжемдин ичи өткөнүнөн ооруканага жатканы камынып коём дагы! Бетиң жок экен, Түнтөй?! – Асылкан башка кеп айткан жок, артына бурулуп жөнөп кетти.

– Ай, жан кайним, ушуга окшогон какмардан көрө...? – Акжуумал дагы да кашын серпе Түнтөйгө чай сунуп жатып, биргаттын сөөмөйүн ысык чыныга кабаттай кармап, деги эле көпкө кыткылыктап күлдү.

Анан Түнтөйдүн көңүлүн көтөрө:

– Күнүмдүк өмүрүң болсо, түштүгүңө жорго мин, — деген. Деги эле жаман эркектерден бетер түнөрө калат экенсиң да? – Ал кош өрүм чачын соорусуна серпе ордунан тура калып, Түнтөйдү карап ажарлана күлдү.

– Атасынын көрү, көп болсо башкармага даттанып биргаттыгын алат. Жаныңда болом, жеңе?! Андан эле өтсө парт билетине асылат, ала койсун анысын да. Жанымда сен болсоң болду.

Экөөбүздүн тиги шаарга кире качпай жаныбыз жокпу. Сен фабрикага, мен болсо заводго орношуп алабыз.

– Ай-ий-эй, андай күн «мен» – деген гана эркектин колунан келет. Ушул мен жанагы какмарыңдан өйдө карай албасамбы, бетиме түкүрүп эле кой. Керек болсо өзүм иштеп сени окутканга жарабасам элеби...?!

Акжуумал кылык көрсөтө күлдү.

Жүрөгү түпөйүл , чийки май жегендей Түнтөй балдарын эстеп оңду чай иче албай, кара күчкө эле бапылдап жатты.

 

***

Ойго үч күнгө жооп алып келген Айжаркын, тамда күйөөсүнүн кир-когун жууп, не бир шумдуктуу ойлорду ойлонуп жүрдү. Ал ою ишке ашарын эстегенде дене бою дүрүлдөп, күйөөсүн аяп кетет. Бирок Түнтөйдү ойлогондо мурунку оюн кийинки ою жууп кетип, баарысына кайыл келечегине бел байлайт.

Ушу күнү көчөдөн көчө кыдырып, – аш казаным ооручу эле, уу коргошундун түбүн «ичсем басылып калчу» – деген сөзүн айтып, уу коргошунду сураштырып жүргөнүн көбү көрүп калышты.

Жатар убак болгондо аттарды жайытка айдап Соорун келди.

– Керимсал согуп абанын ысыгын айтпа, тим эле өрт каптап келаткандай, пай-пай! Минтип турса чөп бат эле өтүп кетет. Чаңкаганымдан каным катып баратат. Муздак бирдемең барбы?

Соорун эптеп эле төрөп берсе болду, – деп, Акжуумалдын көңүлүнө кетпесе дейт. Эмне кылат антпегенде, жашы да минтип алтымышка чаап баратат. Эми аял тандамак каякта? Жолдо жатыппы аял.

Анын бар ишеничи бирөө гана. Артымдан туяк калса, баланчанын баласы деп эл айтып, тамды ээлеп калса болду.

Акжуумал келин ашканага кирип кетип, чоң чыныга муздак чай көтөрүп келатты. Соорунду көрө колдору калтылдап, быяла чайпалып кетти. Келин бир азга ордуна тура калды.

– Ой, эмне болуп турасың? – Байкуш Соорундун ою элден уга жүргөн – аял талгак болгондо уйкусу келип ныксырап, кыялы бир аз өзгөрө түшөт имиш, – деген кепти көп уккан.

– Жөн эле, ушинтип... эски шакыйым бар?

Келиндин жүзү кан сөөлү качып, өзүнчө эле ант ичкендей кубарып чыкты.

Соорун аялынын колундагы чоң чыныны ала коюп, катуу суусап келгендиктен, шыпкап жутуп жиберди. Этегинде долдоюп калың тартып бараткан эриндерин кыбырата, чыныны Айжаркынды карай ыргытты.

Уу ичип алганын Соорун толук түшүндү. Эс-учун жогото электе бет маңдайдагы тамда жашоочу эжеси Жамалды үнүнүн баарынча «Жа-маал» деп чакырды. Анан ал кызык дүйнөгө кетип бараткандай, ичи ысып, бүткөн бою күйүп жалбырттап чыкты да, сулк жыгылды.

Ачуу кыйкырыкты уккан Жамал баласы Керимди ээрчитип, бир нерседен кооптонгондой тез келишти. Айжаркындын күндүз уу коргошун сурап жүргөнүн Жамал да уккан.

Эжеси келгенде Соорун кыймылсыз, ак көбүгү буркулдап, желини ийиген уйдун музоосунун оозундай ак көбүккө чалмалашып чалкасынан жаткан эле.

Босого менен бойлошуп турган келини менен иши жоктой, кыраа кемпир, ички бөлмөдөгү сүзмө салынган баштыктан сүзмө чеңгелдеп, ысык сууга эзип жуткуруп жиберди.

Соорунду баласынын машинесине көтөртүп салдырды да, өзү жанына олтуруп догдурга жөнөдү.

Акжуумал менен эч кимдин иши болбоду. Жылдызы жерге түшкөн келин,босого менен бойлошуп дагы эле тура берди. Машиненин добушун уга эсине келип, мурунтан камдап койгон түйүнчөктөрүн чыпта капка салып, жонуна көтөрүп бир жакка шашып баратты.

Эшиги ачык ээн калган чоң там, эч ким жашабагандай жарыгы өчтү.

Аялдамада энтендеген кош өрүм чачын арт жагына таштап, саамайы шамалга сапырылып, жонунда көтөрүнчөгү бар аял эки багытка бараткан машиналарга кол көтөрүп, эс учун билбегендей шашкалактай берди. Арыта райборборду карай багыт алып келаткан машинанын жарыгын көрө келин сүйүнүп кетти.

Акжуумал, машинанын алдына жата калчудай, бош колун көтөрүп алдыга жүткүндү. Машина жай келип токтоп, бир азга жарыгы өчүп, эркектин корулдаган жоон үнүнө кошулуп, аялдын «ала кет» — деген жалынычтуу дабышы угулду. Тарс эткен кабинанын каалгасынын дабышы угулары менен машиненин кош фары жанды да, машинага түшкөнүн бир гана иштеп үйүн карай келаткан биргат көрдү. Ал унчукпай өтө берди.

Машинанын үнү бат эле угулбай, соймоңдогон ак жарык тээ капчыгайды жара тилип, улам өйдөлөп баратты.

1988-жыл.

 

© А.Токтогулов, 1988. Бардык укуктар корголгон
    Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

 


Количество просмотров: 1903