Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз
© А.Токтогулов, 1988. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2010-жылдын 27-апрели

Айылчы ТОКТОГУЛОВ

Жайсаң комузчу

«Мезгил ызасы» аңгемелер жыйнагынан алымган аңгеме

Токтогулов Айылчы. Мезгил ызасы (Кадыр кыбачы жана башка белгилүү инсандар жөнүндө баян): (Роман жана аңгемелер). – Б.: «Айат», 2007. – 180 б. китебинен алынды

УДК 82/821
    ББК 84 Ки 7-4
    Т 51
    ISBN 9967-433-08-6
    Т 4702300100-07  

Нускасы 300 экз.

 

Жайсаң комузчу өзүнүн шакирти Каражигит менен эл аралап күү чертишип, айылдан айылга аласасы бардай шашып келет. Азыр да кеч калбайлы, дегендей алдындагы карагерин үстөгө-босток камчыланып, туу белди эңкейишти. Тээ алыстан көл көрүндү мелтиреп... Жай толугунда айлана уландын оюн удургутуп, алда кайда, алыска алакачат.. Аттын боюн жаба берген балтыркандарды жапырып, бел эңкейе берген бу эки атчандын бастырганы ыкчам. Экөө тең кубанычтуу. Күн чыгышты беттеп жүрүшкөндүктөн жүздөрүнө жаңы чыгып келаткан күндүн нуру ойноп, көздөрүн уялта тике тийет. Аттардын таноолору бырылдап, тердик алды булоолоп, сааркы шүүдүрүмдү буу асманга көтөрүлүп, алтын нурга көгүш жашыл болуп чагылышат. Тике тийген алтын тариздүү жебелер жети кубулуп, көлгө типтик сайылып комузчуларды өзүнө тартат. Жылгадан агып түшкөн суулары шимирип жаткан, көлгө жел жүргөн сайын нурлар сынып, жээктеги узун шырыктай камыштардын көлөкөсүнө жашынып көрүнбөй калат. Жайсаң комузчу көлдү көрүп эргип да алды. Анын делебесин козгогон ээн жаткан көл, тиги апай беттен чыккан эликтин «Бау, бау» бакырыгы болду. Шакирти устаты менен анчалык иши болбогондой теребел шоокумун ичинен белгисиз күүнүн кайрыктарына кайрып кыңылдап келет. Каражигит демекчи анын аты – Таабалды. Өңүнө карап, асан чакырып коюлган аты унутулуп, Каражигит атыгып кеткен. Жайсаң комузчу элүүлөрдү чамалап калса да жаш жигиттей илбериңки. Көздөрү ойноктоп жандуу. Ал комуз чертип жатып, атайын күү укканы келген келин-кыздарды көргөн сайын жоготконун издегендей болгон ажары менен телмире тиктеп, бетме-бет олтурган ургаачы затынын көздөрүн тайгылтып, жамалына кан дүргүтөт. Балким өмүрүн жалаң күүгө багыштап, үй-тиричилиги менен иши жок, сүйүүсүн күүлөрүнө берип, бойдок жашап келаткандыктан көздөрү оттуу болсо керек.

– Ээй, Каражигит, эңиштеп келе жаткан алдыңкы атчан атынын тизгинин кежейте тартып шакиртине суроолуу карады. Камчысын шилтеп көл үстүн көрсөтө жаңсады.

– Тээтиги ак кууну көрдүңбү?

– Көрдүм.

Алыстан аппак жумурткадай көрүнөт жарыктык. Мелтейе тиктеп калган Жайсаң дагы да камчысын жаңсай көрсөтүп ошол эле калыбында:

– Ошол аккууну карай бастыр? Табияттын бул сулуулугуна жооп бербесек биздин комузчулугубуз кайсы? – Жайсаң бул сулуулукка мас, бул көрккө таң болгондой шакиртине дагы да сүйүнүчтүү үн катты.

– Ой-ээй, устатым, алыстагы кушту жаныңа келтирип чертсең, минтип бой жүрбөс элең го! – Каражигит аккууну карап шыпшынып алды. – Аттиң десең, багы жокко дагы жок болуп, малы жок катын ала албайт экенсиң го. Өмүр да чакмак таштай жарк этип өчүп барат. Күү берсек алабы, кыргыз?

– Күүгө катын алыптыр деген сөздү уга элекмин, болбосо...

Каражигит аккууну дагы көпкө мелтейе тиктеди.

– Э, Карам, – Жайсаң кубанганда же кандайдыр белгисиз күүсүн чертерде ички сырын комузга бергиси келип Каражигитти Карам деп эркелетип алчу. Азыр да ошентти.

Балтыркан башын керте чайнап, аттар ээлери менен иши болбогондой көл жээктеп келет .

– Ой, Карам, бу соо канаттуу эмес. Көл үстүндө каалгышын карачы? Өзүн жоготкондой, толкун кайда айдаса ошондо термелип куркулдайт да жарыктык. Айтты дээрсиң, мунун бир сыры бардай... Болбосо аккуулар кирсиз асманга жаңы көтөрүлүп чыккан күн нуруна чайына бири-бирине жооп кылышып үн алышат деп укканмын.

– Баса устатым, аккуулар жубу менен болушат. Бирөө өлсө экинсичи наар албай жүрүп, акыркы көп узабайт дешет. Ошо чынбы?

– Ата-бабаң тегин айткан эмес да. Өзүң көрүп турбайсыңбы. Карачы, көл менен кошо термелет жарыктык. – Жайсаң дагы да үзөнгүнү чирене тээп, көчүгүн ээрден көтөрө камчысын жаңсай көрсөттү.

Аккуу чын эле эч нерсе менен иши болбогондой бет алдын мелтейе камыштарды аралай сүзүп, жээкке жакын келип бир нокотко кадалды да калды. Канаттары билинер-билинбес диртилдеп көзгө комсоо, анын бу көрүнүшү комузчунун оюна бүлүк түшүрүп, өзү менен тээ асманга алып чыккансыды.

Аппак канаттуу Жайсаңдын көзүнө жумурткадай көрүндү. Атаат! Аккууну көпкө тиктеген Жайсаң, о, чейрек кылым мурун төрөттөн көз жумган Сонунбаласын эстей кетти. Жүрөгү дүкүлдөп жүзүнө кан тээп, чыкыйы лукулдап чыкты.

«Бөрү заман заңын чылатып, итке минген кедейлик өз нугу менен өттү гө. Болбосо астымда малым, үстүмдө тонум болсо Сонунбаламды көздөн далдоо ала качат белем. Из суутуп келебиз дегенбиз, жыл айланбай тоону паанектеп айылдан ого эле окчун элек. Кишикийик болуп жүрүп Сонунумдан ажырадым. Жаңы ачылган жоогазындын гүлүндөй Сонунбалам он сегизинде төрөттөн кайтыш болду. Мына бу колум менен көмдүм наристесин койнуна катып», — комузчу жүзүн басып эчкирип жиберди. Көк буусун баса албай, кирген буура болуп зиркилдеди. Эч нерсеге түшүнбөгөн шакирт эмне болду дешке жарабады. Тек мелтейе суз тартты.

– Атаңдын көрү-үү, ошондон көп аярлабай жүрө бердим го, жаралуу кийик болуп. Мына чейрек кылым өтүптүр. Менден башка бирөө болсо элинен кабар алмак. Көп болсо, абакка айдатышып тынышат эле да, болбосо... эр ортонуна барып дагы эле бойсуң. Ким көмөт сен өлсөң. Башыңды ким жөлөйт ооруп калсаң?

Жин дарыгандай өзүн-өзү көкүрөккө койгулап, оо көптө барып супсуну сууй шалпайып, тиги жалгыз аккууну карады Жайсаң комузчу. Анан оор улутунуп алды. Такымына кыпчый салган комузун алды да, колдору назик кылдарга чап жабышып, комуз тилге кирди.Комуздун күүлөнүшү башкача чыгып, «баң, баң» этип, тигинин бириндеп чыккан жээрде сакалы сапырылып түктүйдү. Аккуу Сонунбала болуп көрүндү бу тапта. Буга чейин жарынын элесин азыркыдай даана элестете алган эмес комузчу. Манжалары комузга жабыша калып, инген болуп боздоп күү чыкты оболоп. Адегенде жай термелип, улам бийиктеген сайын жүрөгү мыкчылып, булак тариздүү атылып чыкты. Сонунбала менен болгон күндөрү жупташ аккуу сыңары көз алдынан чубады. Ал Аккууну дагы да карап алды.

Жанында турган шакирт, устатын аяп кетти. Тек гана күүнүн кайрыктарынан жаңылбагын дегендей Каракерди суулуктай кармап, ат үстүндө бейит болду тунжурап, күү оболоп чыкты канаттуудай. Күү бийиктеген сайын «армандуу аккуу, армандуу аккуу», деп таптак кайрый берди. Комуз боздоп Жайсаңдын көздөрү ала чакмак болуп, аккууну тиктей берди. Аккууну берилеген сайын, жаак ылдый чуркаган ачуу жаш жээрде сакалына сиңип жатты.

Жайсаң ээн жердин бөрүсүндөй улуп-уңшуп, оо көпкө барып басылды. Мурда укпаган күүнү көкүрөгүнө жат кылып алууга ашыккан Каражигит устатынан көз алган жок. Сезими дүүлүгүп, күүгө ийиккен сайын өңү бозоро, көздөрүнүн кычыктарына жаш уялады. Аны унутуп калбоонун аракетинде көз жашын ичинен сыгып, дитин күүгө берип нестейди. Тиги аккуу да күүгө арбалбагандай, улам берилеп жээкке жакын келе берди.

– Атаат, комузду чертет десем, ыйлаттың го устат?

– Каражигит чыдай албай туйлап кетти. Шакиртинин суроосун жоопсуз калтырды Жайсаң.

Кызыгың түшкүр, комуз чын эле тил бүткөндөй таптак сүйлөдү. Ушул жерине келгенде күү не бир назик, не бир наристе кыялдуу ойноок чыкты. Шакирт кубанып кетти. Арман арты кубаныч деп сүйүндү Каражигит. Күү дагы оболоп барып, кайра эң алгачкы кайрыгын кайталады. Эски нукка түшкөн суу болуп акты күү.

– Ой, эй, устатым, этеги не болуп баратат? Шаңдуу кетти эле го? – Өңү кумсара түшкөн шакирт устатына суроолуу карады.

Жээкке келип аккуу күүгө муюгандай көлдүн шарпылдаган майда толкунунда термеле берди. Күү торгой болуп көкөлөдү абага. Болгон күч менен көкөлөп барып, сүрдүккөн күлүктөй гүп дей түштү. Комуз колдон жыбышып аттын аягына кулады. Эсинен танган комузчу, комуз артынан таш болуп тоголонду. Аккуу да эсине келгендей артына имериле көл үстүндө бир топ аралыкка күүлөнө канаты менен көлдү сыдырып барып бийикке көтөрүлдү.

– Аай, устат! – Каражигит атынан кандай түшкөнүн билбей Жайсаңдын башын жөлөдү. О көптө барып эс-учун жыйды комузчу.

– Каражигит?

– Кулак сизде, устатым?

– Күү эсиңе калдыбы? Элге чертип бере аласыңбы?

– Ой-эй, сиз кандай чертсеңиз, ошондой жадымда устатым.

– Анда береги көрүнгөн камыштын арасында аккуунун жубу жатат. Ташка кыпчылып калса керек. Аккуунун ишараатынан баамдап калдым.Учуп кеткен аккуу үнүнө караганда ургаачысы. Тигини алып чыгайын. Жаным жай албай каным дүргүп, демим кыстыгып баратат. Алып чыкпасам жаным тынч албас.

– Ойбой, эмне дейсиз устат. Ушул мелтиреген түпсүз көлдөн кантип алып чыгасыз? Кайра келатып алып кетербиз. Белгилеп коёлук. Сөзүмдү жок дебе устатым? – Каражигит жалынып жиберди. Ыйга ууккан Жайсаң чарт жарылды.

– Каражигит, мен артка кайта албайм. Аккуу мени арбап алды. Анын соңунан түшөм. Эл-журтка айтып кой, Жайсаң дарыя башынан келиптир де. Сонунбаласын эстеп көз жашын көл кылып, ушу күүнү силерге таштап кетти де? Бир өтүнүчүм ошол.

Комузчу жээрде сакалын сылап, көз кычыгына толо калган жашын жанып-жанып алды.

– Ой, устатым, ой кайсы Сонунбала? Мен укпаган сырың бар беле? Неге жашырып келдиң, комузчум? Сыр чечишкен досум, күү чертишкен комузчум элең го?

Каражигит Жайсаңдын сыр жашырып келгенине түтөп кетти. Анын атын биринчи жолу атады.

– Ай, Жайсаң, ай, ооруну жашырсаң өлүм ашкере кылат кылдың го. Кантейин, кантейин эми?!

– Капаланба, качкан тосот деген. Мен тостум. Сонунбалам менин өмүрлүк жан шеригим болчу. Төрөттөн кеткен бул жалган дүйнөдөн. Жашырып келгеним үчүн айыптуумун. Айылыңарда ар кандай ушак айыңга да кабылдым: Карт бойдок атандым. Көрүп турасың. Колдо жогунан үй-жай күтө албадым. Сүйбөгөн соң өмүрүмдү тобокелге салып, бирөөнүн башын байлагандан көрө бой жүрүүнү артык көрдүм. Жан жолдошум сен, сыр айтышканым комуз болуп өмүр кечирдим.

Ушу кезге чейин жашырып келген сырын шакиртине айтып берди. Алыстап бараткан караанды карап турган Каражигит комузун кучактап онтоп алды.

Жупташып жүргөн эки караан бир тоонун эки капталынан аккан булактай эки тарапка агылды.

 

***

Эртеси эл арасында Жайсаң элине кайтыптыр, Каражигитке күү таштап кетиптир, деген сөз жел менен кошо-айылга тарады. Айыл билерманы Кутман кары Каражигитти жанына алдырды. Алдына суусундукка деп балкымыз, жээрине деп жылкынын казы, картасын койдурду. Көңүлүн алып күү черттирди.

Күүнүн сырын түшүнгөн айыл билерманы, кары Кутман Жайсаңдын артынан Каражигитти баш кылып он чакты жигитти аттандырды.

– Таппай келбегиле. Чекесинен чертип кыз тандатам. Талабын орундатып жаныма алам.

Кутман кары тигилерди өрөпкүтүп салды.

Ээликкен жигиттер бат эле көл жээгине келип калышты. Каражигит кечеги изине салып, эңиштеп, келатты. Кечеки айрылышкан жерине келгенде шакирттин тили күрмөөгө келбей «Оо, дүйнөң түшкүр өлүп калыптыр» — деп бош унчукту.

Аккуулардын жансыз денеси көлдүн майда толкунунда аста чайпалып, бирде жээкке жакындаса, кайра толкун менен серпилип алыстап кетип жатты. Булар кечээ Жайсаң көргөн аккуулар эле. Шордуу дагы да түгөйүнүн жанына келип, аза күтсө керек. Эч айла болбогондо өзүн-өзү өлүмгө кыйган сыягы. Айтор, кантип өлгөнү белгисиз. Болгону ак бариктери чачылып, жубунун жанында жансыз денеси толкун кайда айдаса ошол жакка имерилет

Койнундагы комузун алып, Каражигит күн өлгөндөй түнөрдү. Манжалар аста кыймылдап, комуз кылдары дирилдеди.

Дарексиз кеттиң кокуй күн деги,
    «Эстей жүр» деп күү черттиң.
    Унутам кантип комузчум сени.
    Кокуй кү-үн, кокуй кү-үүн!

Комуз кылдары муңкана, туш-тушка тарады.

Күү тыңшаган жигиттердин бирөө алыстан караан көрдү.

– Тээ-тетиги көрүнгөн караан ким?

– Таң. Беркиси билбегендей жооп кайтарды.

– Балким, Жайсаң комузчу болуп жүрбөсүн?

Ээсиз калган карагер тааныш аттарды көрө кишенеп жиберди. Каражигит нестейди. Чертилип жаткан комуз колунан жылмышып, аяк алдына серпилди.

– Ай, бу карагердин үнү?

Каражигиттин жүрөгү жамандыкты сезгендей булкуп-булкуп алды.

Ээсиз калган карагер тизгинин ээр кашына оролгон бойдон бир ордунда үргүлөйт.

– Оо, калайык. Жайсаң комузчу көрүнбөйт да?

Ал атты карай чапты. Ат жанына жете келген жигит иштин чоо-жайын так түшүндү.

Аккуу жеткен экен түбүнө.

Жигиттер Жайсаң комузчунун денесин тээ этекки булуңдан таап келишти.

Сууга түшкөн комузчу, ташка кыпчылып калган аккуунун денесин алып чыгып, жансыз денени көл үстүнө калкытып коё берсе керек.. Чарчагандыктан кайра артына кайта албай тумчугуп... балким тарамышы түйүлгөндүр...

Устатынын сөөгүн көрө бакырып жиберди Каражигит. Аягында көмкөрөсүнөн жаткан комузун ала, эрте жаздагы тескейдин карындай чарт жарылды. Күү көчкү болуп куюлду. Уа, башка мүшкүл иш түшүрдү го күү.

Аккууну көрүп Соонунум дедиң,
    Жалооруй карап момунум дедиң.
    Соңунан кууп ак барын издеп,
    Атаны кокуй өзүңдү жедиң...
    Өзүңдү жедиң, өзүңдү жедиң!..

Шакирттин колундагы комуз сыздап жигиттерди жашытты.

Жайсаңдын жансыз денесин каракерине тирүүсүндөй мингизип, ээк жөлөгүч менен бек тиретип атка бекем жүрсүн дешип арчындашты. Эки аккууну канжыгасына байлатып, каражигит өзү жетелеп баратты.

Карагерге арчындалган Жайсаң, шакиртинин күүсүн жүрөгүнөн сезгендей көзү жабылып, сөөк ат үстүндө термелет. Кылчайып караган шакирт атты аянычтуу тиктейт. Карагер аны түшүнгөндөй башын жерге салып, кулак түбү тердеп, лепилдей жүрүп келет. Жетекке бош жаныбар Жайсаңдын сөөгүн эң акыркы жолу көтөрүп келатканын эстегендей чөп башын кертпейт. Сөөк келет баарына кайыл, тирүүлүктүн оюнун ойноп бүтүп көз жумуп, ат келет чөп кертпей аза тутуп.

Бийиктикте канаттарын сабалап күнгө жаркылдатып, эки аккуу учуп баратты. Каражигит аларды көрө көңүлү көтөрүлө умсунуп алды. Аккуулар тирилип, устаты жанында комуз чертип келаткандай сезилди ага.

1988-жыл.

 

© А.Токтогулов, 1988. Бардык укуктар корголгон
    Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

 


Количество просмотров: 2909