Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз
© А.Токтогулов, 1988. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2010-жылдын 27-апрели

Айылчы ТОКТОГУЛОВ

Алымдын дөбөсү

«Мезгил ызасы» аңгемелер жыйнагынан алымган аңгеме

Токтогулов Айылчы. Мезгил ызасы (Кадыр кыбачы жана башка белгилүү инсандар жөнүндө баян): (Роман жана аңгемелер). – Б.: «Айат», 2007. – 180 б. китебинен алынды

УДК 82/821
    ББК 84 Ки 7-4
    Т 51
    ISBN 9967-433-08-6
    Т 4702300100-07  

Нускасы 300 экз.

 

Мен бала кезден мурда эле аты жок ошол бир түп чынар терек болор эле. Теректин сол тарабындагы жепирейген боз там көзгө сүйкүмдүү көрүнчү. Кийинчерээк жаңы көчө пайда болуп, үйдүн ээси ошондо там салып, орун которуп кеткенден кийин эски дубал түртүлүп, теректин айланасы айдоо аянты болуп калды. Дайыма жаз алды менен ак жүздүү, чокчо сакалы бар, берендин тумшугундай тумшуктуу карыя ошол теректин жанына бирин-экин малын айдап, кемпири экөө көчүп келе турган. Ал жерге көчүп барганда Алым жалгыз түп чынардын түбүнө суу буруп, арыгын жаңыртып чаап коёр эле. Быйыл да ошенти.

...Күтүүсүздөн пайда боло калган атчандын караанын тээ алыстан көрдү чал: Караан Алымга тез эле жете келди.

– Атсалоом алейкум, карыя?

– Валейкума атсалам, кел балам. Келчү эмес элең, келип калыпсың? – Чал тигини көпкө бүшкүркөй карады.

– Үйгө кир. – Чал бригадирдин атын чылбырынан алып тиги чынар теректин бутагына байлады.

– Аксакал, биз сизге келдик, Башкарманын буйругу менен. Береги сиз турган жерди түрттүрүп, теректи кыйып дөңсөөнү тегиздеп, айдоо аянтын кеңейтмек болдук. Тигинде бульдезор да...

– Арыта келаткан бульдезорго кол жаңсай көрсөттү бригадир. Карыянын өңү кубара түшүп, эч нерсе оюна келбей дендароо тартты.

Бригадир этегинде чалга үмүттүү карады. Карыя үн дебеди.

Эмне теректи түрттүрбөй койсо болбойт бекен?

– Жок аксакал, айттым го, башкарма келиниңиздин буйругу.

Алым карыя тек гана шырдак үстүндө жөрмөлөп бараткан эл көчөрдү алаканына сала үнсүз турду.

– Келин ошенттиби, бригадир балам? Чын айтып жатасыңбы? — ындыны өчкөндөй мелтейе бригадирди карады.

Жаңыдан жалбырак байлап, шамалдын огуна да сеңселген чынар леп-леп этип, күнгө чагылышкан жалбырактары карыяны суктандыра берди. Анын көз алдынан тээ өткөн бир окуялар зуулдайт, бир кездеги жалгыз туягыма деп тиккен топ теректен ушу жалгыз чынар калганы, эми анын да жашоосу бүтөөрүн эстегенде шилекейине чакап, ээгин кымтылап алды. Алым жүрөгү мыкчылып, эски унут болгон кесели козголуп, өңү карачүйкүл тартып, эриндери көгөрүп баратты. Чалынын согуштан калган жүрөк оорусу бар экенин билген кемпири дарысын ала чуркады.

– Ичпейм, алып бар ары!

Чал кемпирин кагып, көзүн жумуп ойго тунгандай жантыгынан кыйшая, билинер-билинбес ыктытып алды да эсинен танды. Көптө барып эсине келди чал. Көз карашы кооптуу, алсыз эле. Денеси салмактанып буттары барыгып чыкты. Ошол кечте күн батып баратканда терек кыйылып, бир чакырымча алыстыктагы чоң жолдун этегине сүйрөтүлүп ташталды. Ошондо Алымдын күч-кубаты терек менен кеткендей көмкөрөсүнөн жыгылды. Күүгүм талаш чалды жаңы көчөгө алып барышты. Алым тил оозсуз, сулк жатты. Жетинчи күнү дегенде көзүн ачып, маңдайында отурган уулу Садыкты суук көзү менен карады.

– Эй, атаңдын көрү баччагар!

– Алымдын кызыл гөш түйрүлгөн көздөрү демейдегиден сүрдүү көрүндү. – Жалгыз түп чынар келин экөөңөн орун талашып жатабы, же... э жаман, атаңдан калган мурас эле го. Канча айтпадым, сага. Чоң атаң бу теректи тиккенде мага арнап, «ушу теректи жакшылап өстүр, атаңдын колу тийген терек, өлүү нерсе балага мурас болбойт, сен ушу теректер менен адам катарына кошуласың», — деп канча жолу какшабады. Ошол теректер менен сенин тамыңды бүтүрбөдүк беле, же жалганбы? Атамы тирүүсүндөй көрүп жүрөйүн ушу теректи кыйбай эле коёлу деп, тиги чынарды алып калбадык беле я, жалган айтамбы, же мен...!? – Чал көпкө албууттанды. – Орокчулар саябан кылган терек эмес беле. Ок, катынына бийлиги жетпеген ар-рам! Келинге бир ооз айтып койсоң чынарды сүздүрбөйт эле го.

– Айткам, ата, бирок айдоо аянтын кеңейтүү керек деген маселе козголуп жанагы бригадирдин кылганы.

Баласынын сөзүн Алым бөлүп кетти.

Эми иш бүттү. Маа десең катыныңын нанын жасап, кирин жууп бер. Түшүндүм сени. Түшүндүм баарысын.

– Ачуусу келгендиктен жаак эттери диртилдеп, жүрөгү ак көйнөгүнүн көкрөк тушун көтөрө согуп, терге чыланып турду. Анан бир нерсе сүйлөйүн дедиби оозун ачкан бойдон эстен танды.

Врач келип укол куйганын ал сезген жок. Садык айыптуудай башын жерге салып, тээ бир учур балалыгын ойлоп кетти. Анын көз алдында окуучулук учуру, ушул чынарга селкинчек куруп, кыз-келиндердин селкинчек тээп жатканын, өзүн эркелетип бир кара тору келиндин жүз аарчы бергени заматта көздөн чууруду. Бей оппо дүйнө. Садык атасын карады. Чалдын өмүрү теректин жалбырактары соолгон сайын, улам ылдыйлап баратты. Ал акылына келе албай жөөлүп жатты: «Ата, теректи сактай албадым, эмне, кел дейсиңби? Барайынбы?..»

Терек соолуп жалбырактары бүрүшүп баратты. Чалынын жөөлүгөнүнөн кемпири чочулап, анын ичер суусу түгөнүп баратканын билсе да баласына айтуудан өмүрлүк жарынын акыркы дем алуусун тыңшап, жүрөгү сыгылып, ичинен түтөй, анысын баласына билдирбөөгө тырышты. Ушул кечте Чынар теректин кыйылып ташталганын Саадат кеч түшүндү. Ал бригадиринин тилине кирип, өз учурунда токтото албай калганына кейиди. Короо ордундай жерден анчалык деле түшүм албасына көз жетип, терек орокчуларга көлөкө болмогун кеч, өтө эле кеч баамдап калды. Ушул кечте чал үзүлдү.

Бейкүнөө кыйылган чынардын жалбырактары шөлпөйүп күнгө соолуп, бат эле тоноло түштү: Ал эми ошол чынардын күн батыш жагында калың көрүстөндө Алымдын денеси куду ушул чынар теректей өмүрү түгөнүп, эч нерседен бейкапар түбөлүккө топурак жамынып уктап жатты.

 

***

Азыр ошол терек өскөн жер айдоого айланып, кичине дөбөнүн орду да калган эмес. Бирок «Алымдын дөбөсү» деп аталып кеткен. Дөбө дей турган деле эч белгиси жок. Ырас, билинер-билинбес дөңсөө, айдоо аянтына айланып жаз, күз күрүлдөгөн комбайн, тракторллордун үнү жаңырат.

Айылдагылар баш-аягы ат чабымчалык кең талааны «Алымдын дөбөсү» дешип, ушул окуяны узун сабак кеп кылып айтып калышты.

1988-ж.

 

© А.Токтогулов, 1988. Бардык укуктар корголгон
    Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

 


Количество просмотров: 1093