Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз
© А.Токтогулов, 1987. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2010-жылдын 27-апрели

Айылчы ТОКТОГУЛОВ

Почточу

«Мезгил ызасы» аңгемелер жыйнагынан алымган аңгеме

Токтогулов Айылчы. Мезгил ызасы (Кадыр кыбачы жана башка белгилүү инсандар жөнүндө баян): (Роман жана аңгемелер). – Б.: «Айат», 2007. – 180 б. китебинен алынды

УДК 82/821
    ББК 84 Ки 7-4
    Т 51
    ISBN 9967-433-08-6
    Т 4702300100-07  

Нускасы 300 экз.

 

Бизидн почточу бүгүн да, үйүнө мас болуп келди.

– Эй катын, сүзмөң болсо алып чык, катуу суусап келдим.

Машиненин кабинасынын каалгасын ачпай жатып, үнүнүн болушунча бакырат.

Таш төшөлбөгөн чоң жолдо келген машиненин үстүндөгү кишилер бирин-бири карап алып-күлүп жатышат.

– Асан, сен куду аселчи Ивандын балчыкка оонап алган чочкосу болуп калыпсың? Беркисинин жообу ага даяр.

– А байкуш, эчки тууй албай жатып койго арачы түшүптүр дейт. Өзүңдүн кебетеңди карачы? Куду күлгө оонаган биздин көк эшек кейиптенип... Ишенбесең мына береги таш күзгүдөн кара. Анысы тигинисине таш күзгүсүн бере салат.

Таш күзгүнү караган Асан:

– Ушу кантип мен болоюн, күзгүң соо кишинин да кебетесин бузуп көрсөтөт тура, – деп күзгүнү алыс ыргытып жиберип теңселе «буф» эте таңгакталган гезиттин үстүнө олтура кетти.

 

***

Бир жолу ушу почточу менен бирге келгем. Ысымы Осмонкул -Кайду, ал биздин айылдагы Кайдуулат уруусунан жалгыз болгондуктан, аныбыз кыркка чыкса деле жашы карысы дебей, Кайдуу деп эркелетишип коюшчу. Кээде Осмонкул десе, кээде Кайдуу деп жөн эле чакырышчу.

Ошол Осмонкул – Кайдуу күн алыстан военный машина менен (биз газ 66 маркасындагы машинени ошентип атачубуз) гезит ташып келет.

Оң жак жамбашынын үстүндө пистолеттин кабынын учу чыгып, аны сүрдүү көрсөтөт. Анын ичинде пистолети барбы же... ким билсин, айтор, анысын... Айтпадымбы ошо почточу менен окуудан келатып, райборбордон бери бирге келгем. Биздин айылга автобус каттоочу эмес. Автобузду районго барганыбыз эле көрбөсөк, а кезде көбүнчө сүрөтүн китептерден эле көрчүбүз.

Машинебиз түз жерге келгенде ооздугун коё берген аттай алып учат, анан жолду жарып өткөн арык болсо, же чоң таш дөңгөлөгүнө оро-пара келип калса тык токтой калып, ылдамдыгын которуп эшекче «мөңкүп» алат. Артыбыздан кууп келаткан машиненин коюу чаңы жөө туман каптагандай алдыбызга өтө качат. Биз дайыма ошентип жол жүрүп келебиз. Болгондо да жүз он чакырым. Бети башыбызга жабышкан чаң өзгөчө кирпигибизге жабышып ширелген чаң көз кычыгын кычыштырат. Барынан да оозубуздун айланасы чаң болуп, түкүрүнө берип бир кызык эле болуп калабыз. Көзүбүздүн кычыктары кычышканда укалай берип, машиненин үстүндөгүлөрүбүз бүт эле жашка чаңыбыз чайылып, «ыйлап» калабыз. Жок, чал-кемпирлер деле, жаңы алып бараткан келин деле, жаш бала деле ыйлабайт. Болгону бети-башыбыз атасынан таяк жеген жаш баланын бетиндей ботала-шотала болуп кычышкан көзүбүздү эле укалай беребиз. Кычышып жатса укалабаганда анан өлүп кетелиби.

Ошондогу бир окуя... Жаңы алып бараткан келиндин жүзү эсимде калыптыр. Аны айылга биринчи жолу алып баратышса керек. Көлдүк экен, жаныңа олтургузуп ал, сооп деле болот, деп почточу Кайдуга акедей асылсак да болбой койгон. – Ой, бул сомкеде акча бар, болбойт!

– Ушу жаңы келаткан келин кантип уурдасын?

– Жок, болбойт.

Чыбыктай эле эме экен, кичинекей эле жерге батып алат.

– Жок, болбойт дедим болбойт!

– Анда мейли балам, боор ооурган кемпир машиненин үстүнө өзүнүн жанынан орун берип, ойго батып баратат. Балким жаштыгын эстеп, мүмкүн орун бошотуп бербеген почточу Кайдуга ачуусу келгендир, улам жаңы келинди карап коёт. Өзү да ак саргыл жүздүү татынакай эме экен. Көздөрүнүн кычыктарын кычышкан сайын укалай берип, кызарып чыгыптыр. Бети-башы куду момпосуй соргон баланыкына окшош. Болгондо да, какырсайга конгон үйдүн баласыныкындай.

– Э, ө-өлүңачайын! – Кемпир өзүнчө эле күңкүлдөп калды,

– Жаш кезимде минтип азап жебей жөө эле кетип калчу элем. Бир жагынан почточусу:

– Албайм, милийсасы кармап алат деп коркутса, бир жагынан дөңкүлдөтүп шоопурунуку өттү!

– Өй, айланайындар, шоопурга жанагы арагыңардан бербей эле койсоңор?

– Ничево-о, бабушка,

– Кызып алган Аламан кемпирди соороткон болду.

– Кой айланайын, ничөөңү, кудай деп баскыла.

– Коркпо апакеси, ушинтип эле жетип алабыз. Капа болбосоңуз...

Аламан өзүн карап турган жаш келинди көрө, жүзүн буруп кетти. Кыраа кемпир байкап калган Аламанды:

– А өлүксүз десе, өзүң эле сонун болуп баратасың. Бу келиңден ичиңдеги «макүрү сууң» эле ашык болбосо, чыла чукуган өрдөктөй болуп калыпсың. Анан келинине бурулуп үнүн чыгара:

– Балам, үйгө барганда жүзүңдү күзгүдөн бир көрүп алчы? Машиненин үстүндөгүлөр «дуу» жарылып күлүп жиберишти. Анан тынчый калышты. Машине зуулдап барат, кишинин эсин чыгарып. Кантип кучакташпайсың, ары-бери чайкап баратса.

Билгенге ичеги карындарыбыз аралашып, өзүбүз эле билип баратабыз.

Баарынан да кызыгы тиги жаш келинди Абдиш чоң атамын кучактап алганы болду. Анын сакалы «конок» байкуштун бетине жабыша түшүп, ансыз да жүдөп келаткан келиндин кытыгысын келтирди. Машинебиз катуу келип бир «мөңкүп» алгандан кийин кайра орду-ордубузга олтура кеттик.

Ордуна жаңы эле олтуруп жаткан жаш келин сакал тийген жерин тырмап-тырмап коёт. Мен ичимен:

– А байкуш, ушундан көрө Көлдө эле кала бербейсиңби, ушу Самагандай кара тору жигит табылбадыбы деп коём ичимен. Ошончодон издеп тапканың кой оозунан чөп албаган, астындагы ашын эптеп ичкен Самаган болдубу? Тиги келинин улам карап коёт. Самаган эч нерсе менен иши жок, колуктуну энеси алып келаткансып, аракка нык тоюп, «сүкүт» чалып келет.

Самаганды да: – Куш бооң бек болсун деп, тойгузуп коюшкан беркилер. Аныбыздын шилекейи агып, улам колу менен жана берип, ооз айланасы өрдөк сүзгөн көлчүктүн жээгиндей бир кызык болуп калган.

Туздусууга келгенде машинебиз аз жерден «аңкилдеп» ала салып кете жаздады. Кудай бир сактады да ошондо. «Жылытмага» нык тойгон шоопур уктап кетип, жол менен жүрбөй какырсайда «мөңкүтүп» айдады.

– Эй, «дүңкүлдөгүбүз» эле көбөйүп кетти, эмне болуп баратат, — деп, баягы келиндин бетин тырматкан чоң атам тура калды.

– Ой, шоопур, токтот, өлтүрөсүңбү бизди?! Көзүңдү ачып айда! Токтот! — деп, кабинанын үстүн чапкылап жиберди. Машине жайлай түштү. Көрсө ишенген Кайдубуз коңурук тарта баштаптыр. Машина жайлай түштү.

– Ийи, эмне болду?

Көзү канталап кызарган шоопурубуз машинесин бир аз токтотуп, эки жагын каранып, дөңгөлөгүн тээп-тээп коёт.

Бир аз эс алып алалыкчы, шоопур байкеси?

– Азыр, чыдагыла суунун боюна баралы.

Аңгыча машиненин каалгасын ачып, тепкичине сол бутун койгон Осмонкул – Кайду кызарып канталап чыккан көзүн укалап эстеп, бир аз эки жагын карап, тээтиги цемент столба турбайбы, ошонун жанына барып токтотобуз. Ошону ала кетебиз.

Шоопур, Осмонкул – Кайдууга үн катты.

– И аны эмне кыласың?

– Полдун алдына коём, лага кылам.

– Ой атаңдын көрү, оой, жаман бышыксың да.

– Эй кереги тийет анын. Столба жүктөп бараткандардан түшүп калган тура. Береги жаш балдар турат го. Бир заматта машиненин үстүнө ыргыта коюшат. Я, Кайду, сарттар айткандай «жүдаа пышыксың» да.

– Шоопур почточуну жактырбагандай карап койду.

– Керек ал, керкетүү таштын оордугу жок, шоопур байкеси?

– Ансыз деле жүк оор.

– Эчтеке болбойт. Машине тартпай калган жерде береги балдар чуркап алышат.

Шоопур тамаша чаргыта:

– Бирөө сулуу чычып койсо да, токтот, ала кетебиз, бу да керек дейсиң, э?

Эл дуу күлүп жиберишти.

Кой, көп сөздү коюп айда машинеңди. Осмонкул — Кайдуу машиненин каалгасын тарс жаап алды. Машина да ордунан козголуп ошол жалпак төрт кырдуу цемент столбанын сыныгынын жанына барып токтоду.

Үстү башы бозала чаң болгон жүргүнчүлөр, биринин артынан бири түшүп жатышты. Тиги жаңы келин да кимдир бирөөнүн жардамы менен жерге түштү. Самаган каякка келдик дегендей өйдө обдула теңселип эстеп койду, анан аял алып келатканы эсине түштүбү, эки жагын каранды. Жаңы келин кайненсинин жанында отуруптур. Арыта сууну карата басып бараткан жаштарга Осмонкул – Кайдуу үнүнүн болушунча кыйкырып жатат.

Ой, берегини ыргытышып коюп анан баспайсыңарбы. Биз силерге кайра-кайра эле токтото беребизби? Сууга анан деле барат элеңер го.

Аламан ачуусу келе:

– Сенин лагаң деп чыңалып турган табарсык жарылып кетсинби?,

– Колуңар менен көтөрөсүңөр, табарсык менен көтөрмөк белеңер?!

Шоруң куруган байкеси, жанынан өтүп бараткан жаңы келинди бир карап алды да, Аламан почточуга:

– Ансыз да чыңалып бараткан табарсык күч келгенде жарылып кетпей анан эмне болчу эле? – деди.

Кайдуудан жооп күтпөй Аламан көпүрөнүн алдына заара ушатканы кирип кетти.

Сууга бир сыйра жүздөрүн жуунган жүргүнчүлөр бирөөсү жүз аарчысы менен, кээси чапанынын этеги менен аарчынып жатышат.

– Ой, болсоңор боло, берегини машинеге салып жиберели деди.

Почточу столбанын сыныгын буту менен тээп койду. Арытан басып келген Аламан:

– Акыбызды төлөйсүңбү?

– Эмне акы?!

– Берегичи, ал дагы почточучилеп столбаны буту менен тээп койду. Бирок столба козголор түрү жок.

– Муну эмне кыласыз?

– Э, үкөм, аны катын алып там курганда билесиң: ага чейин жазда бир, күздө бир айылга каттап коюп жүрө бересиң.

– И, анан, айылга келбей эле коёюнбу?

– Сени келбе деген эч ким жок. Андан көрө муну көтөрүш.

Он чакты жаш жигит столбанын сыныгын алдына таш коюп жатып, шоопурдун мантировкасы менен козгошуп, жалпы өйдө обдула, анын сыныгынын бир башын машиненин бортуна жөлөп, жарым саат дегенде араң жүктөштү.

Акысын бербейсиңби? Ушунча кишинин күчү талаада жатыптырбы? Биздин пулубузду шоопур алат. Анын жарымын да сен өөнөп аласың деп айтышып жатып, Аламан Кайдуудан бир шише арак өндүрдү.

Аны ченеп куюп машиненин үстүндөгүлөргө жеткизди. Мурунку тартып келаткан жүгүбүз бир тең, мунусу бир тең болуп машинабыз жайлап калды. Ага кошулуп ичтеги биртике «жылытманы» Осмонкул — Кайдуунун «лагасы» соруп алып, соолуга түшкөнбүз.

Аңыркөлдүн кыры менен военный машинебиз ыйлап чыгып баратты, үнү да бир укмуш. Же мурун кызуулуктан билген эмеспизби, тим эле уңулдайт байкуш.

Тээ Суусамыр тараптан соккон жел, ансыз да жай бараткан машиненин үстүндө козголбой олтурган биздин ичи койнубузга кирип калтыратып жиберди. «Ыйлап» машине келатат, «көңүл айтып» үңкүйүп биз келатабыз. Бети башыбызды жуунгандан кийин кичине кишиге окшошуп, сынтакканыбызды койгонбуз. Байкуш, тиги бечара келинге эле кыйын болду. Калганыбыз дуулдап эле келатабыз. Анын үстүнө бардыгыбыз Толуктукпуз. Кыздын сыры төркүнүнө маалым дегендей Самаганыбызды улам карап коёбуз. Аныбыз да бир аз соолугуп калгандай. Бир айыбы сүйлөйүн эле дейт тили келбейт. Көп ичкенде биринчи жолу тили «кетип каларын» да мына машиненин үстүндөгүлөр билебиз. Тиги келин аны улам карап коёт. Бирок унчукпайт. Биз өгүз минип бараткансыйбыз. Баягы бизден өтө качып, машинени каптоочу чаң жок.

Кырга чыкканда почточунун «лагасына» жини келгендей машинебиз бир силкинип алды да, баягы «жол жүрүшүнө» кайра түштү. Баягы эле чаң.

Машине ылдамдыгын которгон сайын бизден өтө качып думчуктурат да турат. Туздусууга чейинки таз кейпибизди кайра кийдик. Бирок бу сапар «ыйлабадык». Көнүп калгандайбыз. Ошентип бозала чаң болуп айылга кирип бардык. Почточунун атынан бетер машинебиз түз эле Осмонкул — Кайдуунукуна кайрылды. «Лаганы» көрүп Аламандын итиркейи келе денесин жыйрып алды.

– Эми мунусун түшүргүлө! – дейт. Кокус ит болгондо куп кана кайышчы болмок экенсиң, кокус таз жору болгондо өлүмтүккө мурун эле келип түшүп, сугалактыгыңдан жемсөөң жарылмак экен, — деп Осмонкул — Кайдууну карап койду.

Ичте «градусу» жок, молоташтай бардыгы жымжырт.

– Эл биринин артынан бири жерге түшө башташты.

Күн алыстан райборборго каттап жүргөн Кайду аялына:

– Лом, о, лом, – деп бакырды. Кулагы каңырыш аялы жалдырап эле бизди карайт.

– Эй, кер-рең! Лом алып кел, муну түшүрөбүз! – деп катуу бакырды почточу.

– Ломдун эмне кереги бар эле дегендей, издеп жүрүп зорго тапкан лом темирин кошколдоп катыны көтөрүп келди.

– Лом десем укпайсың да, эмне кулагың кереңби?!

Осмонкул аялынын каңырыш кулак экенин биз билсек да, улам эле кереңсиңби? – деп, жемелеп Аламанды карап көз кысып коёт. Анда Аламандын жини келет.

Кайдунун аялы машиненин үстүн карап койду, анан:

– Муну эмне кыласың? — деди.

– Лага кылам, лага. Сен ага түшүнгөнчө качан? – деп артында, сен эмне даяр турган оокаттын ээсисиң да, ичип-жеп жата бер! – деп күңкүлдөп койду.

Кана, балдар, бортун да ачып койдум, түшүрүп жибергиле деди да, ломду Аламанга кармата салды. Көптөп жатып зорго түшүрдүк.

Машине да бир балээден кутулгандай борттору жабылып, үстүнө топурап эл түшө баштады.

– Мен почтого гезитти жеткизип кайра келем, – деген Кайду, машиненин кабинасынын каалгасын тарс эттире жаап жөнөп кетти. Алардын арасында жаңы келген келин да кетип баратат. А мен болсо үйүбүз Осмонкул — Кайдуунун жанында жарым чакырымча эле алысыраак болгондуктан ошол жерде кала бердим. Артындагы чаңына бирде көмүлө түшүп, бирде көрүнө түшүп, биздин айылдын почточусунун машинесинин ичинде айылдын жаңылык таратуучусу Осмонкул-Кайдуу кетип баратты.

1987-жыл

 

© А.Токтогулов, 1987. Бардык укуктар корголгон
    Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

 


Количество просмотров: 1856