Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Көлөмдүү кара сөз
© А.Токтогулов, 2009. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2010-жылдын 26-апрели

Айылчы ТОКТОГУЛОВ

Мезгил сапары

Роман. II китеп

Жазуучу Айылчы Токтогуловдун буга чейин “Мезгил ызасы” романы жарыкка чыккан. Бул китепти – “Мезгил сапары” романын анын уландысы катары карасак болот. Чыгармада дагы эле XIX кылымда жашап өткөн каармандар сүрөттөлөт. Айрыкча мифтик айрым уламыштар тарыхый окуяларга жуурулушуп, ХХ кылымдын башындагы коогалуу доорду кошо камтыйт. Чыгарма өзгөчө айрым инсандарды көргөн карыялардын өз ооздорунан угуп, тастыкталып жазылганы менен баалуу. Китеп жалпы адабият сүйүүчүлөргө арналат.

Токтогулов Айылчы. Мезгил сапары. – Б.: «Айат», 2009. – 288 б. китебинен алынды

УДК 821/51
    ББК 84 / Ки 7-4
    Т 51
    ISBN 978-9967-443-37-2
    Т 4702300100-09

Нускасы 150 экз.

 

МАЗМУНУ

Мезгил сапары (роман)
    Сөз башы
    Бокбасар баяны
    Момунтай чечен
    Арзуу
    Түш жоруу
    Мүйүздөр чечкен табышмак
    Шабданды тоскондо
    Киши кийик болгондо
    Жоголгон согум
    Өмүр соңу
    Жанып өчкөн чырак
    Качканда
    Эки Эрмектин чабышы
    Конуш
    Ар башка мүнөз
    Адыраң жайчы
    Бийлик кумары

 

Сөз башы

Ошентип...

Дүйнө дегениң чайпалган деңиз сымал бирде толкуп “буркан-шаркан” түшсө, бирде пастай калып, тынымга болсо да эмчек соруп көшүгөн баладай жоошуй түшүп, кыймылдуу нерсе экен го..?

О, атамзамандан бери аты айтылган саавалар, дүйнөнү безгектей калчылдата кармаган падышах-билермандар, көптүн көзүн ачкан көрөгөч олуялар, шахтар жашап өтсө, караламандын бирери жадымда аты калбай, көрпендечилиги менен тиричилик өткөрүп, эл арасына соот чарайна кийген баатыр уул калтырып, өздөрү тарыхтын тээ тереңинде белгисиз калган тура.

Калк арасында жоомарт, айкөл, кайгуулда илбирстей шамдагай, сагызгандай сак шаалар тирлик этиптир. Ошондо да ноюбай, бейадеп уулун кечирген энедей бейпил турмуш кечиртип келген экен го, кайран Жер-Эне!

Тобо! Кеп мына ошондо.

Жер-Эненин кылымдарды колтугуна камтып, кан суудай шаркырап агып, жоокерчиликте эр өлүп, адамдар бири-бирин кырып, жок кылууга ниетин буруп, Жер-Эненин “жүрөгүн” далай солкулдатып, тынчын алган экен.

Тээ тереңден көрүнгөн, кылым ашып улгайган карынын көзүндөй жылтылдап, өчөр шамдай бүлбүл этип, кыймылда келген жашоо тиричилигин жайлатып, жер үстүн боз мунарык каптаган кез да болгон тура.

Турмушуң кайра кирген буурадай Жер-Энеге көбүк чачып, жер силкинтип, ээн жердин бөрүсүндөй жашоо уланыптыр. Айтор, тирүүчүлүк дегениң булуттай көчүп, жамгырдай жер сабалап, уйгу-туйгу түшүп келаткан өмүрлөр белем..?

Бийиктен канатын жай кагып, каз катар тизилген турналар Ачык кыштоосунун үстү менен Каркыра тарапты карай учушат.

Жаздын күнүнүн күндүн кызгылтым болуп батып баратышы ага көрк берип, не ажайып көрсөтөт. Ошол турналардын артында жалгыз турна тобуна жетпей, улам илгерилиген сайын учушу жайлап, канаты талып, “курк-курк” эте аянычтуу үн салат.

Турналарды көргөндө кулак эшитип, жүрөк түпкүрүндө сакталып келген эски икая шайтан чырактай бүлбүлдөп, кайра алоолоно жанып, сезимдерди ойготуп, тынчымды алчу болду...

 

I бөлүк

БОКБАСАР БАЯНЫ

 

Он сегиз жаштагы Кыдырсейит жашы өтүп калган атасы Көкүмбайдын жанында ойлуу отурду.

— Ой, бала, эмнеге сабырың суз?

Баласын көз кыйыта караган Көкүмбай эң кичүү уулуна чочулоо менен үн катты.

— Жөн эле.

— Эмне, бирөөдөн сөз уктуңбу?

— Жок!

Ушуну эле күткөндөй, ушу убакта боз үйдүн түндүгүнүн чамгарагына боз тоголок чымчык учуп келип коно калганы!.. Ал “чырк-чырк” эте түшүнүксүз сайрап, бат эле кайра канат күүлөп учуп кетти.

Аны артынан аңкая караган Кыдырсейит жакасын карманып, түндүккө көз кадады.

“Ой, тобо! – деди ичинен. – Түндө түшүмдө көргөн боз чымчык экен. Мындай канаттууну өңүмдө көргөн эмесмин”.

Баланы ой басты. “Баса, бул муштумдай боз чымчык адамча сүйлөбөдү беле?.. Ушундай да болот экен, ээ?!”

Ал атасын карап алды. Көкүмбай жыт алган карт жолборстой комдонуп, акырын козголуп эшикке чыгып кетти. Кайра тез эле келип, алдына төшөнүп отурган көрпөчөсүнө көчүк басты:

“Атаңдын көрү, бала ооруп калдыбы?”

Көкүмбай уулун дагы да бир карады. Ууулунун сабыры суз. Өзгөчө чамгаракка конгон парандадан кийин өңү бозоруп, ичинде катылып жаткан бир сыры бардай.

— Балам, бир жериң ооруп турабы?

— Жок.

— Эмнеге анан, кабагың ачылбайт?

Баласы: “Айтсамбы же айтпасамбы?” – дегендей түпөйүл ойдо турду.

Тээ төмөндөн боз каймал боз үйдүн эшигинен көрүнүп жатчу жакка акырын басып барып чөгүп калды.

Баягы боз чымчык боз каймалдын кош өркөчүнүн үстүнө коно калып, улам бир өркөчүнөн бир өркөчүнө конуп чыйпылдады.

— Ата, тетиги боз чымчыкты көрдүңүзбү?

Бала чочулагандай атасын карады.

— Көрдүм, балам.

— Көрсөңүз, ошол чымчык түндө түшүмө кирди.

Сырды байкаган Көкүмбай кары уулун карап:

— Азыр чырпыгым, бир аз күтө тур, — деди да сыртка чыгып кетип даарат алып, баягы отурган жерине кайра келип көчүк басты:

— И, балапаным, айта гой?..

Ал уулун имере тиктеди.

Сырттан дабыш угулду. Мамбет менен Зарылбектин басканы.

Атасы аларды “тык” токтотту:

— Отун-суу камдагыла! Апанай апаңарга баргыла да, атам айтты дегиле, баргыла! – деди.

А бирок өзүнүн түшүнүксүз тапшырма берип алганын кары байкаган жок.

Эки уулу жогорку үйгө кетишти. Дабыш угулбай калганда гана:

— И, анан эмне болду? – деген Көкүмбай уулун “ооруп калдыбы?” деп, ою – онго, санаасы – санга бөлүндү.

— Ошол боз чымчык түндө түшүмө кирди, — деп дагы кайталады баласы.

— Анан эмне болду, садагаң болоюн?!

Атасынын тынчы кете, дагы да Кыдырсейитти көзү тойбой карай берди.

— Чымчык да адамча сүйлөйт экен. Мага карап: “Кыдырсейит, бир ай өтпөй, кыбаачылыкты мойнуңа аласың. Суусу жок жерлерге өзөндөн суу чыгарасың”, — деди. Баса, ошол чымчык өзү конуп турбайбы...

Сыртты ээги менен жаңсай көрсөттү бала:

— “Ошол каймал сеники, үстүнө ком токубай ыңырчак токуп минип, суу жээгине барасың да, көзүңө көрүнгөн түз тайпакты карай эңиштеп, боз каймалдын башын бурасың. Ал өзү билет басышты. Бирок эч шаштырба, Кыдырсейит. Төөнүн артына бир топ кишини эрчитип, ар бир жыйырма кез болгон сайын бирден таш белги койдуруп отур. Ошол таш коюлган жер арыктын жүлгөсү болот. Эсиңе туттуңбу?” – деди. “Ооба,” – деп чочуп ойгонуп кеттим. Мен көргөн боз каймал сиздин жаныңызда жүрүптүр. Сиз ага көңүл бурган жоксуз. Ошол төөнү минип, элди артыма салып алып, арык каздырып жүрүптүрмүн.

Кыдырсейит жүгүнөн бошонгондой, атасын карады. Сүйүнгөн Көкүмбай:

— Кудайдын бергени ошол, чоң кыбаачы болот экенсиң, балам! – деди атасы кубанычын ашыра албай калдастап. — Ата-бабаңдын арбактары колдосун!

Куран окуп, ата-бала дуба кылып, акырын сыртка чыгышты. Баягы боз чымчык учуп кетти. Боз каймал ордунда чөгүп жатат.

— Балам, эч ким көрбөсүн, апаңа чуркап барып: “Атам куржунда белги кылып жүргөн төө тикен бар, ошону бирөө-жарымга билгизбей, карындагы майга оонатып берсин деди” де. Тез барып кел, мен ушул жерде болом, — деди.

Көкүмбай уулунун түшүн жакшылыкка жоруду. Өзү да жашы өтүп калганда түшүнө төөлөр көп кирип, Апанайга ырымдап төө тикен бекиттирип койгон болчу. Тобо, ошол төө тикенек Кыдырсейитинин боз каймалына буюрганын!

Бала тез эле келди. Кичине кара кеседеги майга оонатып салынган төө тикенди акырын алган Көкүмбай:

— Биссимилда рахмони раххим, аталардын, олуялардын арбагы, төөнүн пири Ойсул ата өзү колдоп жүрсүн! — деп боз каймалга жакындай бергенде төө: “Буф!”— эте оозун ачты.

Атасы төө тикенди боз каймалдын оозуна салып жиберди. Аны жыргап чайнап жеген боз каймал жана да “буф-буф!” эте үн чыгарып, ордунан туруп кетти.

Ошол эле күнү Көкүмбай арбактарга арнап Кудайы өткөрүп, элден бата сурады. Эл тарай бергенде Көкүмбай бети тамылжый кызарып:

— Боз каймалга тийбегиле, ал Кыдыкемдин каймалы.

Ошону минип, түз жерге суу чыкчу алыштын башын билет.

Төөгө баарың көз сала жүргүлө, — деди. Ошондон баштап боз каймал жалаң эле Кыдырсейиттин кароосунда болбостон, аны башкалар да акмалап карап жүрүштү.

 

***

Кыдырсейит он сегизгн толгондо төөсүн комдобой, ыңырчак токуп минип, алгачкы арыкты каздырууга киришти.

Эң биринчи жолу Үч-Теректеги кең тайпакка суу чыгаруу үчүн суунун башына бармак болушту. Топураган он бештей адам, ыңырчак токуп боз каймал минген алп денелүү Кыдырсейитти эрчип барышты.

Боз каймал арыктын башы боло турган жерге барып “тык” токтоду. Тиги тоонун башын, боз адырды карай туруп Кыдырсейит үн салды:

— О, эл журт, суунун башы ушул жер. Арык казчу куралдарыңарды колго алып, боз каймал баскан жол менен түздөп, белги коюп отурасыңар. Колуңарга сайдын ташынан көтөрүп алгыла. Мен жай бастырам. Жыйырма кез жерге бирден таш коюп, белги кылып, бизди эрчигиле. Кана эмесе, баштадык!

Боз каймал оозунан көбүк чача эки жагын каранып, “буф-буф!” эте алдыга жылды. Артындагы эр азаматтар качан Кыдырсейит: “Белги кой!” — деген жерге таш коюп, кулап кетпесин деп алдын теке мүйүз менен көөлөп, бекемдеп келатышты.

Тигилер сайга ташка чуркап кеткенде көзүн улам ирмеп, эки жагын карана, боз каймал токтогон жеринен жылбайт. Качан гана белгиге коюла турган таштар топтолгондо акырын ордунан козголот.

Кудай жалгап, биринчи каздырган арыгынан таш чыккан жок. Бир өңчөй майын боз топурак экен.

Тээ капталды этектеп, ээн түзгө жете берерде боз каймал дагы токтоду. Кыдысейит артын карады. Белгиге коюп келаткан таштары түгөнүп, дагы да сайга эңгиштеп чуркап кеткен арык казгандар келгиче ордунан козголбой турушту экөө.

Төөнүн бир жакшы жери, таштар дөбөдөй болуп үйүлгүчө ордунан жылбайт. Ийри мойнун эңкейтип чөп кертпейт. Эки көзүн жайнатып, элди күтүп тура берет. Үстүндөгү Кыдырсейит да төөгө ыраазы болгондой улам артына карап, үйүлүп жаткан ташка көз салат. Чекесинин терин шыпырган жигиттер ылдыйтан таш көтөрүп келишет. Көтөргөндөрү таш, баскан жолу изи жок боз адыр. Бир азга тыныга калган арык казгандар каймалды аяшат. Анын көпкө күтүп, бир ордунан жылбай турганы аларга кубат. Кыдырсейит да унчукпайт.

Боз каймал дагы да ордунан козголду. Артынан шыпылдаган жигиттер белгилерди коюп кете беришти.

Кең түзгө түшө берген төө эки жагын каранып, “буф” эте оозунан бир аз көбүк чачып, оттоп кирди. Өзү да төө тикен жыш өскөн жерге токтоптур. Төөнүн үстүнөн секирип түшкөн Кыдырсейит кара отунду жапыра басып, таар күрмөсүн көчүгүнө коюп отурду.

Бул күнү белги коюп бүтүшүп, кара күүгүмдө үйлөрүнө кайтышты да, эртеси кайлоосун теке мүйүздөн жасалган арык казчу куралдарын алышып, баягы ишин кайра улантышты. Кыдырсейит боз каймалды төө тикендерди аралата коё берип, өзү кошо алыштын башына барып, биринчи жолу арыкка жүлгө салып, элдин алдына өзү түштү.

Бул арык теке какшыкта казылып бүтүп, кең түскө айдалган тарууга суу жетип, сугарылып калды. Ошондон баштап Кыдырсейит арыкка жүлгө салып: “Менин жериме суу чыгарып бер?” – деген жатакчыларды эрчип, иштеп жүрдү.

Арадан жылдар суудай агылып, Кыдырсейит кыбаачылык өнөрдүн артында жүрүп, төрт мүчөл жашын жашап калган.

 

***

Күндөрдүн биринде Мадали хандан чабаганчы келди. Жөн келбей:

— Коконго сиз баш болуп, айыл аксакалдарын ала келсин деп буюрду, — деген чабаганчы бир түнөп кайра кайтты.

Кыдырсейит каздырып жаткан арыгын карап алды. Ойго туна түштү. Ушул тапта үйдөн чыга калган Айымкан да адатынча “шаңк!” этип:

— Кыдыке, ал жактан келген киши жөн келбейт. Арык каздырам деп жүрүп, үстү-башыңды карачы! Калпагыңдын кыйгуусу шалбырап жүрөт! – деди.

Айымкандын жүлүнгө жеткен кебин уккан кайненеси:

— Андай болсо эриңдин үстү-башын жаңылабай жаның жокпу?! “Аял жакшы – эр жакшы, обозгер жакшы – хан жакшы” дейт. Кийим Кыдыкемдики болсо, айтымы сеники эмей кимдики?! – деп ары басып кетти.

Кыдырсейит Коконду эстегенде өзүнчө ойго батып кетти: “Мезгилди кара, кечээ эле он сегиздеги мен кырктан ашып калыпмын...”

Ал ойго бата дагы эле жеңелери тамашага чаргытып, оймок бооч салып чымчып алганын эстеп, жылмайып күлүп алды.

“Мадали хан эмнеге чакыртты экен? Аласа-бересебиз болбосо? Тоо элинин акыбалын байкайын дегени го. Эмнеси болсо да бара көрөрбүз. Ошентсе да сак болгонум оң”, — деген Кыдырсейит аялы Айымканга:

— Айылдагы “мен иштүүмүн” деген келин-кезекти чакырт.

“Кыдырсейит Коконго кетип жатат, кийимин жаңыртып тигип берели” де. Ой, адамды баш кийими менен бут кийиминен эле байкайт. Кыдыкемдин шагы сынып калбасын дебейсиңби. Апам туура айтат, кийим меники болсо, айтымы сеники, — деди.

Ошондон көп өтпөй эле Коңур-Өгүздөгү мен иштүүмүн деген уздан калбай, үч жума Кыдырсейиттин кийимин жаңыртуу менен алек болушту.

Ара чолодо келиндер шаңкылдап күлүп, кыбаачыны тамашалай коюп да атышты...

Арытан басып келаткан Алмакан жеңеси кайнисине тийише:

— Ай, башың же бир баштай болсочу! Сайдын тоголок ташындай болуп, деги эле чоңун кантесиң. Ушу сени жеңем байкуш кантип төрөдү экен дейм да?! Ха-ха-ха! Бери эңкей, бала! – дегенинде Кыдырсейит нестейип туруп калды.

— Эмнеге жалдырайсың, башыңды ылдый кыл!

Алмакан коломтодо асылып турган казанды кулагынан кармай турду да, кайнисине:

— Түркүктөй болбой, отурсаң боло бери! – деп буйра айтты. – Заңгырайсың да, капырай!

— Жеңе, аны эмне кыласың?

Кыдырсейит чындап эле аң-таң боло карады.

— Башыңа кийгизем! – деди жеңеси же тамаша экени, же чыны экени белгисиз. – Башыңды ченебейминби, ботом! Койкойгон калпак жасап берем.

— Э, койчу, э! – Кыдырсейит ордунан тура калды. Анан: “Бу жеңемдин ойнубу, чыныбы?” – дегендей аялы Айымканды карап койду. Жеңеси ансайын:

— Отур деп жатам. Тигини деле коё кал! “Жеңелесең” тимеле жер чечегин безеп, жан койбой “жеңелейсиң”. Сенден кичүү болсом дагы жолум улуу. Ага сөрөйүңдүн аялы экенимди унутуп калдыңбы, катыгүн?! – деди.

Жеңеси дагы аба жаңырта “ха-халап” каткырды. “Эмне болсо ошол олсун”, — дегендей анан Кыдырсейит тизелеп отура калды.

— Бая эле ошентпейсиңби! Деги эле төөдөй болуп, мойнунун узунун!

Казанды кийгизгенде, казандын кулагы кулагына тийип, казан башына чак келди. Айымкан күйөөсүн карап, күлүп жиберди.

— Айымкан, тынч бол! Апам укса капа болот! – деди күйөөсү.

— Ай, келиндер! – Алмакан үйдө отурган келиндерди “келгиле” деп чакырды. Чогула калган жеңелери Кыдырсейитти көрө бир сыйра бышкырып, каткырып күлүп алышып, арасынан бирөөсү:

— Ай, ушу ойноок жеңемдин таппаганы жок. Болду эми, ак кийизди төрт талаа кылып бычып, казанга кийгизип, жөрмөй салабыз, — деди.

Алмакан Кыдырсейиттин башынан казанды алып жатып:

— Ай, ушу сенин өнөрүң күч. Жеңемдин ичине кантип гана баттың экен?! – деди дагы.

— Ой, анда ымыркай болчумун да!

Кыдырсейиттин баёо жообуна келиндер каткырып күлүп калышты.

— Тур эми, дөңгөчтөй болбой! – жеңеси Кыдырсейиттин далысынан оймок бооч салып чымчып алды.

— Бүттүбү эми, калпак качан даяр болот? – деди кайниси.

— Апе-ей, казанды башыңа кийсең эле даяр боло калат бекен? Ак жүндү жасамайы, борломойу, бычмайы, тиги өзүң кийген казанды кумдап, жууп-тазаламайы бар! Дагы иши көп. Андан көрө кысыр эмди тай сойдуруп, жеңеңе оймок бооч салдырып отура бербей ылдамдат! Калпак анан бүтөт! – деди келиндердин бири.

Кыдырейит жеңелеринин алпейим тамашасына чыалабай, тескерисинче ичи жылый, ары бурулуп басып кетти эле, Алмакан:

— Ай, бала, зоонун боркулундай болбой, тыңшап ук!

Кийимиңдин бычымы бүтмөйүнчө алыс кетпе! – деди.

— Болуптур, жеңе. “О-у” десең эле чуркап келе калам.

Алмакан дагы да кайнисине ыраазы боло, артынан адатынча алда нелерди айтып, кыйкырып калды.

 

***

Нарындын түштүк-батыш тарабындагы тоо этектей өскөн калың шилби, табылгы. Алардын шагынан биринен-бирине уча качып, не бир перенденин түрү кубулжутуп, үн безейт. Бийик асканын кырына жапырык өскөн арчадан: “Гүү-гүү” деген үкүнүн үнү бул жерге адам баласы каттабагынан кабар бергенсийт.

Баягы үн дагы эле басылбай, жанын сабап аккан Нарындын үрөй учурган добушун коштоп, Коконго жол тартып бараткан жолоочуларды сестендирет. Бирок алар жанындагы курал-жарактарына ишенишет. Биринде түтөтмө кара мылтык, биринде кылыч, айтор курал-жарактан камсыз болушкандай.

Боз жоргонун үстүндө чайпалып, ансыз да өйдө-ылдый таштарды аттап, такалары ташка чагылыша “чак-чак” эткен сайын от жанат.

Башындагы жанказандай калпагы, алп денесине чыптала тигилген төө чепкени, тоо текенин терисинен тигилген кандагайы, анан да чирене тепкенде Саалы уста жасап берген эндүү үзөңгүсүнө буту тиреле, Кыдырсейиттин салмагына чыдап, анын ою менен болгон чоң боз жорго оозудугун кемирип, алдыда барат. Жангарач абасынын жанында.

“Мадали хан эмнеге чакырды экен? Кысталак, аны залим деп уктум эле. Бийликке көчүгү бош отурдубу, катынпоз экенин да укканым бар...”

Кыдырсейит бир топ жигиттер менен баратса да, оюнда ушу чочулоо:

“Атаңа наалат десе, бу сарттын күчүгү бизден бир нерсе үмүт этип жаткан жокпу? Жок, жок, баары бир а сарт Кетмен-Төбөнүн элин амал менен эле албаса, эл капканга оңой түшүп бербейт!”

Кыдырсейит улам артында бараткан арттагы жолдошторуна карап:

— Тың болгула! Ал жерде тоонун элинин кандай экенин билишсин! Чоочутуп коёлук! – деп баратты.

Оюна бир нерсе келдиби, мурунтан үзөнгүлөш, сырдаш аксылык Сатыкейди эстей калды.

Ал аксылык болгону менен Кетмен-Төбөнүн Токтобек, Эш сайларынын этек жагын конуштап келет.

Ошол жерде Кыдырсейит Жангарачка карады:

— Бу Сатыкейди кошо ала кетелик. Сарттарың амалкөй болчу эле, дагы да болсо алардын оозуна курмушу тыгаар Сакем.

Боз жорго үстүндөгү оор жүктөн жадагандай, бир чети жол катары миздүү таштарды үн чыгара шагырата басып, имерилишке келгенде бир аз кайкалактап кетет. Камчынын уусуна чыдабай, улам-улам ооздук кемирип, оозунан көбүк түшүп, куюшкан да терге чыланып барат.

Алар барса Сатыкей баатыр да атын токунуп, күтүнүп жаткан экен. Кече келген жасоол Сатыкейди дагы эскертип кетиптир.

***

Алар төртүнчү күнү дегенде Коконго жетишти. Боз адырдын капталын ээлеген ар кайсы жерде жуушаган койго окшоп, чөлдүн коондору жамырайт. Жол жээгинде коончу балканактай болгон бир коонду жаңы эле бычагы менен тилип, бир тилимин ала оозуна салып жаткан экен...

Өзү дөөдөй, башы жанказандай, денеси эпсиз чоң кишини көрө коюп, нес боло түштү. Мындай чоң кишини биринчи көрүшү эле, эсине келе калгандай анан ордунан атып турду:

— Келилар?..

— Ассалоому алейкум!

Жангарач озунуп салам айтып жиберди.

— А алеки салам.

Тигил кара чапанчан, анысы аз келгенсип, белине белдик кур байлап алган. Ошону көргөн Кыдырсейит Сатыкейге карап:

— Биз ысып келатсак, мунуң чапан кийип алыптыр го, деди.

— Чапан бир жолу ысыгандан кийин терге чыланып, муздап калат экен. Эки өңүрүн белдик кур менен өйдө тартып койсо, мунуң аябай муздак болот, күн өткөрбөйт, Кыдырсейит аба.

— Анын сырын сен билесиң да, бул жак менен көп катташасың. Сага таң бердик.

Жигиттер жалпы күлүп калышты. Кара чапанчан беркилерге карап:

— А жан агалар, келилар, чөлдүн алгачкы бышкан коону. Ооз тийип аттым эле...

Коончу тигилерди күтпөй, алар аттан түшө электе эле бир тилимден кесе коюп, коон узатты.

— Битта коун алып келайлик. Жеп кетилар...

Коончу бычагын алып жөнөй бергенде:

— Коонуңузга рахмат! Убара болбой эле коюңуз, – деп Кыдырсейит алдыга бастыра берди. Коончу дагы да тиги далдайган, боз жоргочон адамды таң кала, узап кекичекти артынан аңкайып турду.

Тоолуктар Коконго барганда өмүрүндө көрбөгөн сырды, сыйды көрүштү.

Тээ алыстан көрүнгөн ак чатырларды көрө Сатыкей ичинен: “У, атаңдын оозун урайын Мадалинин кылыгын, бизди алдайын деген тура!” – деди.

Анткени Сатыкей буга чейин Коконго бир нече жолу каттап, бул жактын сырын жакшы билип, майда-чүйдөсүн түшүнүп калган. Анын үстүнө тигил тигилген чатырлар жөн тигилбегенин, ага бөлүштүрүлгөн меймандар кандай, кантип конок болоорун укканы бар.

Алардын сый-урматы таптакыр башкача.

Ошол бир жолкуда, ордонун сарбоздорунун бирөө жол бою аябай мактанып жүрүп отурганы эсинде. Ал бийлик ээсинин тоо элинин бийлерине бирден ак чатыр камдап коёрун айтып, ырсайып күлүп койгон.

— Чатырларда кимдер жашайт?

Сатыкейдин суроосуна сарбоз:

— Вай, муну ям түшүнбөйсүз. Алар – конок күтүүчү үй.

Ар бир чатырда бирден кыз мейманын тосуп алат. Коноктун ою менен болбосо, ордо башчы кыздын башын чымчыктын башындай жулдурары ага белгилүү! – деген.

— Ал кыздар каяктан келет? – ого бетер аңкая караган Сатыкей.

— Вай, тага, алар салык салынып, тоодон келет. Бирок аларды тоонун элине көрсөтпөйт. Индостандан, арабдардан келсе, төшөгүн жылытып салып берет.

— Тоолуктаргачы?

— Ийе, үка, кара чапанчандардын, кыпчактардын, шаар чекесиндеги үйдөгүлөрдүн кыздары жүрбөйбү, аларың жүда чырайлык, жан үка.

— А, ушундай де?!

— Ма, ушунака, үка.

Тоодо чоңоюп, жапан жаныбарларды эрмек этип, кыштын күнү элин баккан Сатыкей тоолук кыздарды ойлогондо Кокон ордосун өрттөгүсү келет. Бирок өрттөмөк кайда?

Коконго барып келгендеги бир жолку ушул көрүнүш эч унутулбай, эсинде калган. А бирок азыр жанында келаткандарга өзү уккан, көргөн сырды айтпады. Ошентсе да ордого барып келген бийлердин мактаныч кеби эл арасына таркап кетчү. Аны беркилер уккан жок дейсиңби?

Алар сурнай, кернейлердин бапылдап жар чакырып жатканын алыстан эле угуп таң калышты. Сатыкей Жангарачка карап:

— Аба, бизди бекер чакырбаптыр. Тээтигил боз чегирткедей бозоргон чатырларды, арыта тигилип турган боз үйлөрдү көрдүңүзбү? – деди.

— Көрдүм.

— Эмесе, оюну эртең болот экен. Бир нече колу менен келген бийлер боз үйгө жайгашса, жан жигиттери чатырлардан орун алып жатышпайбы.

— Ошолор кыргыздарбы?

— Кыргызы да бар, кыпчагы да бар.

— Ошого окшогон кыргызыңды урайын!

— Биздин бийлер да ошого жайгашышат.

— Бизди эмнеге чакырды?

— Оюн көрсөткөнгө.

— О, оюнуңду сенин!

Сатыкей токтоно албай, “бырс” эте күлүп жиберди:

— Оюн күнү-түнү болот да, аба.

— Күндүзгү оюнуна катышам.

— Аба, түнкү оюнга барбай, талаада түнөйсүзбү?

— Кара кашкам жанымда болсо болду, ээрдин үстүндө уктайм.

— Чоочуба, аба. Жашыңыздын өтүп кеткени да, болбосо...

— Эй, ойнуңду токтотуп, жөн бастыр!

Жангарачтын артында келаткан дөөдөй Кыдырсейит Сатыкейге карап:

— Эй, Саке, сен бизден бир топ жаш кичүү болсоң да, көптү көргөн экенсиң. Ушу сен өзүң да соо эмессиң го, өмүрү көрбөгөн Коконго баратсак, эмитен эле жүрөгүбүздүн үшүн ала баштадың? – деп калды.

— Э, Кыдырсейит аба, Коконго келип кеткеним ырас, бир келгенде эле түңүлгөм. Буларың жанагы, биздин бий-болуштарыбыз менен да соо эмес.

— Аның туура дечи.

— Көрдүңбү, сурнайларын тарттырып, кернайларын бапылдаттырып, жар салдырып жатат. Бирок бизде да намыс бар, аба. Кетмен-Төбөгө сарбоздорун жиберсе, ким көрдү кылабыз.

Жангарач чоочуп кетти:

— Эмне дейт?! Келбей жатып эле уруштун кебин сүйлөбө, балам! Элге аман-эсен барып алалык. Кеңешеээр сөз – алдыда. Биздин ээн-эркин жашаганыбыз элге жакшы.

Кыдырсейит булардын кебине аралашпай, өзүнчө ойлуу баратты. Анын да ичи уйгу-туйгу.

 

***

Атаат десе, ушул жүрүштөгү бир окуяны айт! Кыдырсейиттин атын “Бокбасар” атка кондурбадыбы! Көйрөң шашманын кылганы да!..

Кыдыкем даарат ушатып ары басып кетип кайра келсе, Көйрөң анын бутун карайт. Чокоюнун таманы уйдун жампасына булганып калганын көрүп, баятан карап турган окшобойбу аның. Кыдырсейитти тамашалайм деп:

— Ой, Бок басар, чокоюңдун таманын тазалап алсаңчы! — деп оозун жыя электе ордодон эшик-ага чыга калбайбы!

— Болгула! Кире турганыңар кимиңер?! – дейт ал. Тоолуктар Кыдырсейитти карашат.

— Мунуңардын ысымы ким?!

Оозундагы эми элеки тамашасы кете элек Көйрөң өзүн ыкыстата карап турган эшик-агадан коркуп кеттиби:

“Кыдырсейит” деген атты унутуп калып, Кыкеңдин чокоюн карап:

— Бок басар... — дебеспи. Ошондон бери Кыдырсейит аты айтылбай, Бокбасар аталып калды.

 

***

Диванкананын ичи “уу-дуу”.

Мадалинин оң тарабында бирөөсү зикир чалып, ак күп болуп карыган, көздөрүнүн жээктери түйрүлө кызарып, теспесин тарамыштуу колдору менен кармап, бирден ташын өткөрүп, Алласына жалынып жатат. Аппак сакалы эстеген сайын көкүрөгүнө жете, оозун ачканда кылымдын күбөсү катары жедеп саргайган бир аз тиши сороюп көрүнөт.

Эшик-ага ичкери кирип кетип, бат эле кайра чыкты да:

— Калганыңар анан киресиңер, азыр Бокбасар өзү эле кирсин! – дебеспи.

Жангарач Көйрөңдү акшырая карады. Эшик ага аны байкаган жок.

Диванканага далдайып кирип барган Бокбасар салам айтып кол алышып, Мадалинин чапанынын оң өңүрүн баса отурду.

— Ийе, бул канака адам? Гапни эшитмейди, — деди тесмечен молдо.

Эшик— ага ага кылыя карады:

— Тоолук да, алар сенин бийлигиң менен эсептешпейт...

Мадали эшик-агага карап: “Сен эми сыртка чыга тур”, — дегендей белги кылды. Эшик-ага “шып” этип чыгып кетти.

 

***

— Биз сиздер менен алака түзөлүк дедик, — деп сынай карады Мадали.

— А түзбөй анан, эл тынч болсо, журт өзүбүздө болсо, түзбөгөндө?!.

— Биз сиздерди оюн-зоок көрүп кетсин деп, Кетмен-Төбө менен байланыш түзөлү, бир чети сый көрүп кетсин дегенбиз, тагалар.

Мадаланин экинчи энеси тоолук кыргыз болчу...

 

***

Тоолуктарга катар тигилген ак чатырлар сунуш кылынды. Ордонун мындай оюн-зоогун билген Сатыкей Жангарачты карап, күлүп койду.

Мадали нестейе түштү. Бектен мурун озунуп сүйлөгөн Бокбасар бир сырдуу унчукту:

— Тоолуктарга бир үй жетишет, ошого эле конок болобуз.

Мадали ичинен: “Атаңдын көрү, жашы өтүп кетиптир да. Жан жигит кылып алчу эр экен. Мээси катып, өзүлөрүнүн балтырканындай сөңгөк болуп калгандан кийин булардын кимге кереги?!.” – деди.

Кыйды бек тоолуктардын мүнөзүн жакшы билем дегени менен чын эле жаңылган болчу.

 

***

Эртеси эрөөлгө камына баштаган Жангарачка Сатыкей:

— Аба, бул көрүп турган кара чапандар эмне дейт?

“Тигил беттеги тоолуктар сапсайган чалын чыгарды” дебейби. Келе, айып этпесеңиз кара кашканы мага бериңиз. Кулан чаарды минип туруңуз. Эли-журту жоктой болбойлу, Жангарач аба. Бата берип коюңуз, — деди.

Жангарач бата бергенде тоонун эли кошулуп алакан жайышты.

Андан ары жооп күтпөй эле Сатыкей кулан чаардын чылбырын Жангарачка ыргытып, токулуу турган бөктөрүнчөгү бар даяр кара кашканы ыргып минип, эрөөл талаага — ортого чыкты.

Арыта жээрде кашка минген, опол тоодой даңкайган киши эл ичинде, өзү тарабында бастырып жүрдү.

Атайын аттын канын кызытып, кара кашканын соорусуна камчыны шыбап-шыбап алды Сатыкей. Жаны ачынган, суутулган кара кашка аргымак ооздугун кемирип, Сатыкей канчалык тизгинин тартса да болбой эл аралап барып, анан зор күчү менне ортого кайра кайрылып чыкты.

Эки тарапты тең коштогон сүрөөнчүлөр.

Эр сайышка кандим болгон Жангарачтын кара кашкасы каны кызыгандай ойдолоп турду. Экөөнө бирдей найза берилген баатырлар биринчи беттешүүдөн найзалары тең бөлүнүп, кайра найза алып сайышууга киришти. Үчүнчү беттешүүдө Сатыкей жээрде кашка тобурчак минген Эргешти атынан оодара сайды. Бир жакшы жери Эргеш оор жарадар болуп, тирүү калды. Бирок “баатыр” атынан айрылды. Күү менен келген кара кашка Сатыкей Эргешти сая бергенде жээрде кашканы коюп кеткен. Аттын жамбашы сынып, очорлуп барып жыгылды. Кезек эми күрөшкө келди.

Бегет элинен келген Тругунбай күрөшкө камданып жатканда Бокбасар акыл айтты:

— Эй, баатыр, булар кур курчанып күрөшөт деп уккам.

Бир көтөргөн бойдон жерге чаап, үстүнөн баса жыгыл. Аларды туурап, тегертип чаппа, алдырып коёсуң.

— Ал жагы эсимде, аба.

— Эмесе жөнө!

Тээ оюн бүткөн маалда Кыдырсейит өзүнчө түпөйүл болуп: “Кап, күрөштө Тургунбайдын тигинин башынан аттаганы туура эмес болуп калды окшойт. Жыгылган кишинин башын аттаса, ортодо чыр чыгып кетчү эле. Андай болсо булар көптүккө салып коёр бекен...” — деп ойлоду.

— Атаңдын көрү, бул жагың өтө ысык экен, ээ! – деди тоосун сагынган Жангарач.

Аксыда ээн өсүп, Эш-Сайды жайлаган Сатыкей мерген да аны кубаттай:

— Ооба, — деп бош унчукту.

— Э, аба, биз эми качан кайтар экенбиз?

Бокбасар да бир убакта Түнтөй Жангарачка суроолуу карап, нестейип турду.

— А баатыр, сааты чыкканда. Көрдүңбү, ордоң менен опот болгурдуку, бул жерде жалаң эле бийлик үчүн кан төгүлүп келген. Ушу бек бизди бекер чакырды дейсиңби? Жыландай ийрилип кирип, сыртка чыкпады го ханың.

— Сатыкей, сен уккансың, буларың бизди түркөй эл көрөт. Убагында бизди кол жоолук катары кармайбыз деп Кетмен-Төбөдөн Шамен карынын эстүү десең эстүү, өңдүү-түстүү, иш билги кызы бар эле, анда менин жаш кезим болчу. Жанагы Мадали сарт колундагы бийлигине чиренип, Шамендин кызына үйлөндү, тиги куу. Анткени кетмен-Төбө Теңир-Тоолуктардын босогосу болуп турбайбы. Кызыбызды аларын алып, бизди куда-сөөк катары көрбөй түркөй эл, жапан эл деп келди.

Сатыкей шыпшынып алды.

— Аның тапкан экен, жапан элди!

Сатыкей өзүнчө ичинен кыжалат болуп, Түнтөй Жанаграчтын кебине арданып кетти.

— А атасынын көрү, ошол — ошол болду. Мадали ордосун кеңейтип, кыздарды пайдалангысы келди го.

— Ийе, ушулардын жүзү курусун. Көрбөйүн дедим эле.

Кудайым көрсөтөм десе, баарысын көрсөтө берет экен.

Хан ордосу кан жыттанып турганда береги кара чапандар көр тиричилиги менен болуп, дыйканчылык кылып, жерден башын албай иштеп жатышса, буларың тоонун элин алдап, бийине алтын берип, түндөсү ордо кыздарды бирден тоголотуп салып алардын күчүн алды. Кырылса, эл кырылды. Дагы эле бийлиги бар манабына баш ийип кыргыз жашап келди.

 

***

Тоодон баргандар эки күндөн киийн сапары карып, аттанышты.

Ортодо келаткан Бокбасар:

— Булар эле дейин десең, “туусканым” деп жүрүп Кененсары, Ноорузбайдын кең Чүйдү чапканы бар. Акыры алар да өз денесинин канына башы чыланып артка кайтты. Билбейт дейби, укпайт дейби кыргызды. Бир өзүлөрүнүн оюнда түркөй көрүшөт экен. Жаш чагында Шалтада болуп бир аз жыл жүрүп калдым. Солто туугандарга да ушу Кетмен-төбөдөн жардамга барышып, кайран эр-азаматтардын канчасы кайтпай калды дейсиң! Кудайга шүгүр, бир тобубуз аман-эсен келдик.

Бокбасар уруш кебин сүйлөп келатып “бырс” күлүп алды. Жангарач аны:

— Эй, сен эмне, жин даарыгандан амансыңбы? – деди эмнеге күлгөнүнө ынтызар боло карап.

— Ой, аны айтасың да... “Күнтуунун кыздары сулуу болот. Андан туулган бала баш койкоң болуп, ат качырбас боз айгыр болот” десе Коңур-Күздөгү ата-энени унутуп, күнтуулук бийкечке үйлөнүп, Шалтада жашап калганыма күлүп жатам.

Сатыкей Бокбасардан бул кепти күтпөгөндөй:

— Ой, жана ордонун диванканасына кирип барганда Мадалини жөөлөй олтурганыңда кеп бар болчу, аба, — деди.

— Ийе, жөөлөсө жөөлөп олтурдук да. Көзүн ачып жүрбөсө, тоо элин жапан жаныбар көрсө, ким экенибизди таанытып коёлу дедим, иним!

— Айта бересиң да, менин башым эле палегинен үзүп ала койгудай коон бекен.

Сатыкей каткырып күлдү. Аны туурап кошо келаткан атчандар “дуу” деп топ арасын күлкү аралады.

Бокбасар мостоё түштү:

— Эй Сатыкей иним, ушу башымды алдырып коюп эле Жангарач, Сатыкей баш болгон тоолуктар баса бермек белеңер?

Жангарач үтүрөйө түштү.

— Бокбасар, ашыкча кебиңди койсоңчу, тиги ордонун түрү начар, бизди элдей эл экен дештиби, башыңды албаса да итке сөөк ыргыткансып, бирден дүкөн чирик чапанын “жакшы барыңыздар” деп ууртунан күлгөн болуп, узатып коюшту. Андан көрү дың сууганда буларың биздин элге барып, малыбызды айдап, кыздарыбызды учкаштырып баса бербесе болду.

Ортодогу жымжырттыкты Сатыкей бузуп:

— Ой аба, алар келгиче даярданбай жаныбыз жокпу?

Тиги Эш-Сайыбыз, Токтобек кыштообуз турат. Ал жерден сарттарың өтө албайт. Мен тирүү болсом, жолун кан буугандай бууйм.

— Алдагы жалгыз мылтыгыңдан башка эч нерсең жок туруп, оолукпа үкөм.

Тынчтыкты Бокбасар бузду:

— Сатыкей туура айтат, дайраны жээктей келатканда таш кулатып, аттары менен дайрага агызып жибербей бизде жан жокпу.

Сакалын оң колунун манжалары менен тарап келатан Жангарач өзүнчө күңгүрөнүп , анан добушун бийик чыгара Бокбасарга кайрылды:

— Сатыкейге жардам берелик. Ошол айткандай кылалык.

— Чоң-чоң таштарды ордунан копшоп коёбуз.

Тийгенде эле кулай тургандай кылып даярдайлык.

Беркилердин кебин ынтаа менен угуп келаткан Бокбасар:

— Дайранын өйүз-бүйүзүнөн таш омкоролук. Кулаган таштын тиги өйүздөгүсү берки өйүзгө өтө качандай болсун. Жолдун жээги бүт көзөмөлгө алынып, келген сарбаоздордун арты качканда таш кулатканга, ал жактан да кишилерди таштардын далдоосуна тургузалык.

— Жалаң мылтык менен жеңе албайбыз. Кантсе да тоо басып көрбөгөн немелерди жол ортосуна бууп, каягына качса ошол жагына таш кулаталык. Бир жан артка кайтпасын.

Сатыкей тигилерге кошулуп:

— Бул ишти ичкиликтерден эч ким билбесин. Керек болсо аркалыгың да билбегени оң. Кабар жеткенде жетип келмей.

Сатыкейдин эрдигине ыраазы болгон Түнтөй, Жангарач:

— Оп, балакетиңди алайын, ушу сен бар болсоң экен! — деп жанына жете бастырып келаткан Сатыкейди жаш баладай имере кучактап, бетинен сүйдү.

— Атаң көрү, жаштын өйдөлөп баратканы да, болбосо азыр эле баратып Эш-Сайда калат элем.

— Аба, капа болбо, Эш-Сай менен Күрп-Сайдын ортосу канча чакырым болсо, ошончо чакырымга кулата турган ташты мына өзүм даярдайм.

Бокбасар:

— Эй, өрөпкүбө. Өзүм кошо келип жардам берем.

Сени түртө салып, ала качкан жан курусун.

Бокбасар асканы жаңырта зор денеси боз жоргонун үстүндө сүлкүлдөп көпкө күлүп, боз жоргосунун тизгинин тарта Сатыкейге кылчайды:

— Ачык сөзгө өтөлүк, үч кошундун ар биринде миңден киши болсун. Ар бири ондон таш оодарып кулатууга даярдасын. Ошондо үч жүз миң таш кантип чыкпасын?! Алардын он беши миң сарбозуна экиден таш туура келет.

Сөз ушуну менен бүттү. Жангарач:

— Бокбасар туура айтат. Адилеттүү сөз. Азыр барарыбыз менен кошуундун камын көрөлүк. Антпесек алдырып коёрубуз бышык.

 

***

Ошол коңур күз ого эле узак болду. Сатыкейдин ордого жөнөткөн чабарманы тегенени тепчип, жол билгендикке салып тез келди.

— Сатыкей аба, сарбоздоруңуз өтө тездик менен келип, Теңир-Тоону чапканы жатышат. Аларыңыздын: “Кетмен-Төбөнү ээлеп, чеп курабыз”, — дегендерин өз кулагым менен уктум.

Сатыкей от койгондой “дүрт” этти:

— Аны кимиси айтты?

— Ошол эле аскер башчылары. Күпүлдөшүп өздөрү кеп кылып жатышат.

Сатыкей ойлоно түштү. Үч күлүк атчан жигитин Коңур-Өгүздөгү Бокбасарга, Чоңкоодогу Түнтөй Жангарач атасына, Бегет Тургунбайына “токтоосуз келсин” деп чаптырды.

Капчыгайды жара тилип агып жаткан Нарынды өрдөп чабаганчылар кетишти. Алар аттарын кара терге чылап, үчөө үч жакка аттанышты.

Коңур-Күздө боз каймалын минип жүргөн алп денелүү адамды көрө Торгой баатыр жете келип:

— Ассолоому алейкум, жан аба? Эл аманбы, журт бүтүнбү? – дегенде:

— Ву-алекисалам, кел, кел, — деген Бокбасар коогалаңдуу шумдукту сезгендей боз каймалды чөктүрүп, Торгой баатыр менен кучакташып учурашты.

— Сатыкей абам жиберди. “Түндөп болсо да Бокбасар агаңа жет. Тиги ордого барып, чалгынга таштап келген чабарман келиптир. Кокондуктар он беш миң киши менен жүрүш жасап: “Кетмен-Төбөнү өрдөп, чаап, Сары-Өзөн Чүйгө өтөбүз” дешиптир.

Өмүрү шашып көрбөгөн Бокбасар баатыр боз каймалдын комун алып агытып жиберип, тез эле жайлоодогу боз жоргосун алдырды.

— Чын эле он беш миң бекен, саркери?

— Мен укканымды айтып жатам, аба. Калганын Сатыкейиңизден угасыз да.

Торгой төмөн жакты карап, өзүнчө улутунуп алды. Ары-бери басып, боз жорго токулганча өзүн тынчыткан Бокбасар:

— Торгоюм, алардагы күч бизде да бар. Бирок алардын артыкчылыгы – көптүгү, — деди.

— Ошону айтсаңыз.

— Атаа-а, боз каймал менен арык казганга камданып жаттым эле. Аным да калды.

— Быйылча тура турар.

Торгой Бокбасарга какшык сөз ыргытты:

— Сатыкейдин ишенгени сиз болсоңуз, анда боз каймал менен арык казганга чыга бериңиз.

— Ок, андай дебе, эл күтүп жатса, Сатыкейим күтүп жатса, арык казат элем деп жатып алайынбы?! Андан көрө өзүң укканыңды Кең-Коого барып, Жангарач баатырга айтып кел.

— Ал жакка небак чабарман кеткен. Ал эмес бегеттерге да кетти. Күчүбүз жетпей баратса, өйүзгү коңшуларды кошо чакырабыз.

— Сүйлөйт десе эле коркутуп, сөз ыргытканга маш экенсиң. Ал жакты козгобой ак кой. Анда бүт өрөөн бүлүнүп кетпейби, кокуй!

Торгойдон жооп күтпөй, жоо кийимин кийинген Бокбасар үйүнөн сурнайын алдырды. Торгой ага карап:

— Ийе, сиз качан сарт болуп кеткенсиз?

— Ой, Торгоюм, бул сурнай сарттардыкы эмес, кыргыздыкы. О Манас атабыз да сурнай тартып элин чакырган.

Ал Коңур-Күздүн бийик тектирине чыгып, сурнайын тартканда бүлүнгөн жигиттер аттуусу — аттуу, жөөсү — жөө жетип келишти. Бардык кабарды Бокбасардан угушту. Даяр жигиттери менен Бокбасар алдыга бастырып, кийинкилерине:

— Эй, тез баргыла, арык быйыл казылбай калды.

Сарбоздор келатса, биз арык казып жүрүп алганыбыз болбос.

Анан Жамаш деген жигитке карай:

— Боз каймалдын үстү-башын тарап, мурдундагы буйласын бошотуп жибер. Көз салып жүр! – деп табыштап коюп жүрүп кетти.

Бокбасарлар Жангарач менен Тургунбайдын кошуунуна тээ карт Нарындын кууш капчыгайына жете электе жете барды. Жаргарач жоо кийимин кийип, жамбашында кылычы, жонунда найзасы бар экен. Тургунбайдын жонунда кылычы, канжыгасында чокмор байлануу.

Үч кошуун Сатыкейге кеч бешимде жете келди.

Сатыкей эр азаматтары менен эбак эле тоого чыгып жол жээгине кулатмакка Күрп-Сайда таш оодарып жүрүптүр. Таштары да колдун учу тийип-тийе электе кулап кетчүдөй.

Тердиктин үстүнө жаасын коюп, кош басмайыл тартынган Сатыкей баатыр беркилерди утурлай, колун жаңсай булгалап токтотту. Жете келген Сатыкей, Бокбасар, Жангарач Түнтөй, Шыгай жана башкалары менен учуршып, боло турган алдыдагы ишти түшүндүрүүгө өттү. Күн жаап өткөнгө таштын түптөрү бошоп калыптыр.

— Биз кууш капчыгайды этеги Күрп-Сайдан, башы Эш-Сайдан жаз кечүүгө чейин кулатканга таш даярдайлык.

— Кайран кол, аларга корогон. Кудайым берген береги уйдун жумгагындай таштары турганда каякка бармак элек.

— Бокбасар аба, таш кулап кетпегидей кылып, келаткан жоонун өзүнө тийип көмөлөтө коюп, сууга алып түшкүдөй кылып даярдап коёбуз.

Сатыкей Бокбасар, Жангарач жана башкалар баатырлардан жооп күтпөй, өзү кулатууга даярдап койгон уйдун жумгагындай таштарды көрсөттү. Бокбасар ыраазы болбогондой сурады:

— Ошол элеби? Чабышпайбызбы?

— Ой, ооба, аларга каршы курал өзү даяр турса, эмнеге чабышалы?

Бокбасар “борс-борс” күлдү:

— Кел, береги ташты омуруп көрөлүчү.

Ал боз үйдүн жумгагындай ташыт ордунан жылдырып келатканда:

— Токтот, кокуй күн, токтот! – Сатыкей Бокбасарга кыйкырып жиберди.

— Ой, аба, сиз минте берсеңиз аска боорундагы көрүнгөн түбү бош таштан эчтеке калтырбай кулатасыз го? – деди анан.

Жангарач Бокбасардын күчүнө таң бере:

— Баракелде, Бокбасарым! – деди.

Сатыкей жаңы келген үч кошуунга иш бөлүштүрүп берди. Алар ишке киришти. Бир кезде үйдөй болгон боркул таш төмөн кулап, так жолдун таманына түшүп, ал жерден жай алгандай кырданып туруп калды. Сатыкей чаңырып ийди:

— Ой, береги ташты ким кулатты?!

— Мен! — ары жактан бир жигиттин үнү чыкты.

— Мындай кылбагыла! Сарбоздор бул таштан өтө албай артка кайтат. Алардын акыркысы кең түздө калып калат. Бир таш да азыр кулабасын! Бар, өзүң жолдон ары дайрага кулатып жибер.

Тиги жигиттин мээсине эми жеттиби, эликче секирип түшүп, ташты сууга кулатып, жолду ачып кайра келди. Үч күн бою таш оодарып, алар өздөрүн да, иштерин да Сатыкей баатырдын сынынан өткөрүштү.

— Э, аба, бу сиз сарбоздорго куп кана милте болуп берет экенсиз. Алп денеңиз кулата турган таштан да чоң болуп, өзүңүздү жашырарга аска таппай каласыз го?..

Тамаша-чындан ушинткен Сатыкей Бокбасардын ордун көрсөттү:

— Тээтиги арча турбайбы, көрдүңүзбү?

— Ооба, көрдүм.

— Жаныңдагы мурундун кырбуусундай жонос асканычы?

— Аны да көрдүм.

— Ошол сиздин кароол ташыңыз болот. Анда сиз ошол арчага жетип, боркулдун далдоосуна бекинесиз. Андан кырк чакырымдан ашык жер бүт көрүнөт. Жалпы кошуунга көз болосуз.

Ылдыйтан чабаганчы келди. Чаар аргымак ичин тарта солуктап, бүт денесинен тер тамчылайт. Аттын эки көзүнөн агып жаткан терин чабаганчы жеңи менен арчып жиберди. Денесиндеги топурак терге аралашып, “тып-тып” таамп жатты. Бирок эки көзү ачыла түшкөнгөбү, ооздугун кемирип, ордунда тыбырчылап силкинди.

— Аларыңыздын жетээрине күнүмдүк жол калды.

Жарымы атчан, бир тобу жөө экен.

Сатыкей обдула түшүп сурады:

— И, анан дагы эмнени көрдүң?

— Боз тобурчак минген кара сур киши колду тескеп, бирде алдыга чыкса, кээде артка чапкылап, баштап келе атат.

— А Маделинин Саркеринин өзү экен.

— Жангарач аба, ошону биринчи өткөрүп коёлук. Эң арты кууш капчыгайдан өткөндө мен өзүм белги берем. Таш кулатам. Бокбасар аба, сиз келген сарбоздордун аман калганы болдубу, качканы болдубу, ошону байкайсыз. Бардыгыбыз өз кошунубуз менен болобуз. Ырас кылыпсыңар, өйүзгү туугандарды кошкондо бул күңгөйгө батпай калмак экенбиз.

— Ошону ойлодук да.

Бокбасар адатынча карсылдап, үнүн чыгара күлдү.

— Анда эмесе ордубузга кеттик.

Бокбасар жалгыз арчага жетип, оң капталдагы мурундун кырбуусундай аскага келип, өзү баткандай үңкүр бар экендигин көрүп, ошол үңкүрдүн ичин бир сыйра байкап, артка кайтып эки жагын караса этеги Кең-Түс, баш жагы Жазы-Кечүүнүн ылдый жагына чейин көрүнөт экен.

Кулатууга даярдалган таштар дүрмөттөлгөн мылтыктын огундай болуп, анын далдоосундагы жигиттер тегиз көрүнөт.

— Кайран Сатыкейим, жердин уусун билет да. Өмүрүң узун болсун, — деп өзү комдонгон жолборстон бетер үңкүрдүн оозуна, туш тарабы көзүнө көрүнгөн жерге жата кетти кыбаачы.

“Капырай, тигилериң качан келет?” – бир убакта Бокбасар зеригип кетти. Күн шашке болгон ченде ылдыйтан каз катар тизилген турнадай болуп, алдыда төөлөрү, артында атчан сарбоздору келатты.

Дайра “гүү-гүү”, “шарп-шарп” этип, анда-санда таш кулатып, алды күңгүрөнүп агып жатат.

Бокбасардын алдындагы жалгыз арчага учуп келип конгон сагызган этек жакты карап, шакылыктап сайрап жатты.

— О, келатышкан экен!.. Тигини, атаңдын көрү-ү, шакылыктап келип менин жаныма конгонун!

Ал “Чүш!” – деп сагызганды учуруп жиберди. Сагызган аркы өйүзгө өтүп, бийик асканын кырына конуп шакылыктай берди.

Сарбоздор өтө баштады. Сатыкей тынч жатты. Алардын этеги кең жайыктан өтүп, тумшукту имерилип калды.

Сарбоздор асканы аңкая карап калышты. Койдой, уйдай таштар биринин артынан бири кулап, алар артка качышты. Таамай тийген чоң таштардан далдалана топтолуша калышып, а бирок үйдөй таштар болбой эле атчандарга тийип, үстүндөгүлөрдү аты менен оодара коюп, таштар да, кишилер да сууга кулады. Аттардын кишенеген үнү капчыгайды жаңыртып, кулаган таш тийгенин тийгендей көмөлөтө коюп, сууга “чүлп” эте сууга алып түшүп, тынчып калат. Жөөлөрү таш тийгенде эле сууга кулап, кара чапаны делбектеп биринин артынан бири агып барат.

Айлана тынчый түштү. Жапалак үкү тынчтыктан пайдаланып, капчыгайды эңиштеп учту.

Айлана тып-тынч. Суунун шарынан башка үн жок. Баягы асканын кырында конгон сагызгандын гана ар жерге учуп-коно калып, шакылыктаганы угулат.

Сатыкей ордунан тура калды. Чаар атчан жигит жанында эле. Бирок чаар аты көрүнбөйт.

— Ой, дагы барбы артыңда?

— Жок, болгону ушу болчу.

— Жанагы ак боз атчан киши эмне болду?

— Сууга кетти!

— Тирүүбү?!

— Кайдан тирүү болсун!

Өйдөтөн Бокбасардын аба жарган үнү угулду:

— Алар бүт түгөнүп бүттү! Бир атчаны калды. Өйдө-ылдый чапкылап, аскага далдалана калып, айласын таппай жатат.

— Кайсы жерде?

Сатыкейдин ачуу үнү киркиреп, кектүү чыкты:

— Анысына тийбейлик! Коконуна айта барсын, тоо эли кандай эл экенин мындан ары биле жүрүшсүн.

— Тынчытып койбойлубу?

Сатыкей аскадан берилеп түшүп келаткан Бокбасарга карады:

— Кой, аба, айта жүргөнүнө жакшы. Коё берелик.

Андан көрө кошуундарга белги бериңиз.

— Туура айтасың. Жолдо жаткандарын жерге жашырып коёлук. Антпесек мусулманчылыкка туура келбей калат.

Сатыкей ыраазы боло:

— Ой, Бокбасар аба, мейли, сиздин айтканыңыздай болсун!

Коңур-Өгүз, Чоңкоо, Кызыл-Уран, Эш-Сайдан келген жигиттер чогула калышып, сарбаоздордун денесин ташка корумдап жатышты. Өз тилегине жеткен Сатыкей терисине бапай семирип, кошуунга ыраазы болуп, жүзү жайдары.

— Мен мындай болбой калабы, азыраагы алдыга өтүп, көбү качып кетсе, кандай болот деп жаным жай албай турду да.

Арытан жанына басып келген Жангарач саксына:

— Мейли, туулмак бир, өлмөк бир. Мадалинин саркерлерин артына кайтарбадык. Ошонубуз абийир болду.

— Ой, анан бир сарбозду Бокбасар экөөң эмнеге бошотуп жибердиңер?

— Айта барсын, тиги сартына.

— Аның го туура дечи, кайра кол курап келбес бекен?

— А Сатыкей, аның ийнинде тынч жатпайт. Теңир-Тоого баары бир өтөт.

— Эмне деп жатасың, жарыктык?!

Сатыкей ордунан обдулуп тура калды.

— Сатыкей, тынчтан! Эмнеси болсо да сак бол.

Ордодон кабар алдырып тур.

***

Жангарач, Бокбасар, Түнтөй баш болгон куралчан кол дайраны өрдөп, жогору чубама жол менен кайтып баратышты.

Сатыкейдин тынчы кетти. Мадали ар кандай амал ойлоп табат. Коргошундуу-Булактын өзүнө барып, ок даярдабасак болбойт. Отунду ошол жакка ташытып кен эритебиз. Мерчемдүү жерлерге окторду жеткирип, кургак сактап белги коёбуз.

Бул оюн ичине сактап, мергенчилери менен үйүнө барганда ортого салды. Эртеси күнү кен иштеткенге топ атчан коргошундуу булакка жөнөп кетишти. Бул окуяны өздөрүнөн башка жан адам билбеди.

 

***

Ысмайыл боз чым баскан көрүстөндү карап, көпкө ойлуу турду. Аларга атап куран окуду да, атасы Алымдын жаткан жерин карады. Андан бери – Көкүмбайдын кабыры.

“Атаңдын көрү-ү, жашоо дегениң зымырык куштай учат экен го. Кечеги эле борбую толо элек Кыдыкем минтип эл оозуна алынып, “кыбачы” аталып, ак каймалын комдоп канча арык каздырбады. Мен жетимишке барып калдым. Жангарач абам Коконго Кыдырсейит менен кошо чакыртылганда эр ортонунда курагым эле.

О, андан бери Жангарач абамдын көзү өттү, Кыдыкемдин ысмы өзгөрүп, Кокондон: “Мунуңардын аты ким?” — десе жанагы Көйрөң (Кудай албагыр): “Бокбасар” дей салып... Эми ысмына арданбай, кайра күлүп калат: “Ошол шашма Көйрөңдүн берген ысмы. Кокондон таап келген атым”, -дейт. Кайран киши, кебелип койбойт да”.

Ысмайыл өзүнчө курсант болуп, башын чайкады.

“Ой, тобо, Жангарач абам айткандай, уй күтпөгөн ордодо уйдун жампасы кайдан пайда болду десең?! Бу да Кудайдын берген белгиси го”.

Ушул күнү оюна туура келдиби, колуна таптап жүргөн кушун кондуруп, Ысмайыл жол ортосуна чыкты.

Ал кушун жанындай көрөт.

— Ой, Ысмаке, качан кекилик алдырасың? – дегендерге:

— Табына келсин! Кекилик балапандарын учуруп, өзү бөлүнүп семиргенде, — деп коёт.

— Боз кыроодо чыгасыңбы?

— Таппасаң сыйпалап кал! Оп, бали! — деп шаңдуу жооп берет.

Ысмайылдын төрт сап ыры бар. Аны бул аймакта билбеген киши жок. Ошол ырын кыңылдап ырдап:

“Аргымак бактым, ат бактым,
    Буудан болуп берген жок.
    Жээн баладан көп бактым,
    Тууган болуп берген жок”, — деп бул сапар да сабыры суз.

“Кудай өз маңдайыңа жазбаса, иш ыйын экен. Тогуз кыздуу болуп, аларга кошуп жетөөнү асырадым. Богунан арылып чоңойгондон кийин эле туугандарын таап кетип калышат”.

Арытан ат тердетип жете келген Ысмайылга:

— Ассалоому алейкум, тага? – деди.

— Ву-алейки салам! Бу сен кайсы жээнимсиң?

Ысмайыл оң колун көзүнүн үстүнө серепчилей карап, сол колундагы кушу талпынганда адаты болуп калганбы, кушунун башын сылап, чоочун адамды карады. Келген адам Жоодардын тың чыкма жээни Шамен экенин эми тааныды.

— Келип калыпсың, баягы ойноок Шамен эмессиңби?

— Ооба, тага, ошонун так өзүмүн. Эки жаат улак тартканда жээнсинтип байгемди бербей коюп, туугандарыма кетип калган Шаменмин.

Ысмайыл ичинен күңгүрөндү: “Тобо, накта Шанай Шамен болгон го?”

— Каякка жол тарттың?

— Таяке, атайын жол арытып, алыстан Бокбасар тагама келаттым эле.

— И, жакшы, Шаменим...

Шамен башын көтөрө:

— Жоодар таякемдер кайсы конушта?

Колун серепчилеген Ысмайыл:

— Тээтигил жалпак боз үй Жоодардыкы. Түз эле барсаң Жоодардыкына тийесиң. Андан көрө аттын тизгинин тартып, биздикине кайрыла кет. Жоодардын да, Бокбасардын да конушу ушул Коңур-Өгүздө.

Эрмек таппай турган Ысмайыл Шаменден жооп күтпөй, үйүн карай басты. Жолдо баратып:

— А тага, кайсыл жээниңден көңүлүң калды? – деди жээн.

— Аны ич билет да. Андан көрө аттан түш. Мен кушту тууруна кондура коёюн.

“Шып” этип үйүнө кирип кеткен Ысмайыл кушун тууруна кондуруп коюп, тез эле чыкты:

— Үйгө кир, жээн иним?

Өзү алдыга жол баштап, артынан Шамен кирди.

Ашкана тарапта иш кылып жүргөн Апар байбиче ортого тасмал жайып нанын, каймагын коё, керегеде байланып турган чаначын чечип келип кара кеселерге кымыздан куйду.

— Сен Бокбасар тагаңа келатам дедиңби?

— Ооба, тага.

— О, ал жөнүндө узун кеп. Азыр эшикке элпек чыккан

Ысмайыл кара козуну алып келип:

— И, жээн, козуга бата кылып койгула, — деди. Бата кылгандан кийин Шанай Шамен ордуна отура алган жок. “Шып” сырт кийимин чечинип, Ысмайылга кара козуну союшуп, жиликтеп бүтүп, казанга салышты.

— Балам, сен меймансың, үйгө кире бер. Мен, кемпирим экөөбүз эле ырастап жиберебиз. Ага эмне, өзүм жалгыз эле...

Ысмайыл казанга салынган козунун эти кайнагыча:

“Аргымак бактым, ат бактым,
    Буудан болуп берген жок.
    Жээн баладан көп бактым,
    Тууган болуп берген жок”, — деген ырын бир нече жолу кыңылдады.

— Атаңдын көрү-ү... — Шанай Шамен сустая,

Ысмайылга көз тикти: “Кайран киши, жашы да өтүп калыптыр. Кемпири да өзүнөн бир аз эле кичүү болбосо, экөө тең чамал го. Кудайдын кылганы да, эркек бала берип койсо эмне!”

— Таежемдер катташып турабы?

Камыр жууруп жаткан кемпир:

— Ооба, айланайын, апта айланбай бирден келип турушат. Кудайдын кулагы сүйүнсүн, — деди.

“Аттиң, Ысмайыл кары тогуз кызын бириктирип бир эркек балача көрбөйт го. Уул дегенде эки көзү төрт болуп жүрүп көзү өтө турган болду”.

Шамен Ысмайылга карады. Кемегеде от жагып жаткан байбиче кайрылып ичке кирсе, Шамен бутун кеңири сунуп, этегинде Ысмайыл кары отурат. Таекеси жээнге карап, жаш кезинде Качканак бабасынын тизесине жөлөнүп, үйдө отурган аксакалдардын кебин көп тыңшаганын айтып, ал учурун эсине түшүрүп отурду.

Ошол уккан икаясын Шаменге айтып мактанайын дедиби, же черин жазып, Кызыл-Үңкүрүнө айта барсын дедиби, андан жооп күтпөй сөзгө кирди:

— А Шамен балам, береги өндүрлөрдө эл толо кези экен. Бийлери кийер тонун кийип, ичээр тамагын өз маалында ичип, күндүзү — кымыз, түнү — кыз болуп жатканда калмактар менен кыргыздардын ортосунда чабыш башталат. О, ошондо калмактын ооматы тайып, алар салган чөмүчтү кыргыз салган маал келет. Адигине менен Тагай бийдин чөбүрөлөрү доор сүрчү мезгил келди. Ошол мезгилди карылар: “Калмак жапырыгы” деп аташты.

Кийинчерээк эле Кетмен-Төбөнү жердеген Чаар тукумунун бийи Эр Кошой Кокон хандыгына моюн бербей жашады. Ыгым-чыгымын төлөбөй койду. Бирок өздөрү Коңур-Өгүздү жердеп, бир айдап барганда түмөн жылкы айдатып, Кокон шаарын каптатып жиберет. Кокон ошого ыраазы болуп, Кошой бийге деген кеги тарап, үстүнө дүкөн чирик чапанын жаап, аялдарга деп мата берет экен.

“Бирок курал-жарак береби”, — деген Кошой үмүтүн үзбөдү. Кокондуктар курал-жарак бербей, көк өгүзгө шаамыяны менен ок жыгачын даяр кылып, буурусун тартуулайт. Ошентип Талкандын небереси Кошой, Бакы, Багышан, Жайыл, Кедей, Райыбек, Көгөй, Көйкөн, Назирлер Кетмен-Төбөдөн кыз алып, тукумун көбөйтөт. Кийин Кошой бий жер жырттырып эгин сээп оокат кылдырып, солтолорду тың оокаттандырды.

Кайран Кошой Коңур-Өгүздө шаамыяны менен кош өгүзүн жоготуп жиберет. Ал жерде Кошойдун өгүзүн издеп жүргөнүн кимдир бирөө көрүп калат. Жердин көркүнө суктанып, ага таң берет:

Коңур-Өгүз, Кош-Туулук,
    Кошой бийдин жери экен.
    Кош өгүзүн жоготуп, мунун
    Кокуйлашы эп экен! – деп тиги Кең-Туулукка атына камчы шыбап, моюн тердетип кырга чыгат. Эки тарабы бүт көрүнөт. Ошол азамат кийин Чүйгө барганда Кызыл-Тууну жердеп калып, атайын солтолорду чакырып ак боз бээ чалып:

— О, калайык, бабабыз Кошой бий сексен беш жашында дүйнө салып, сөөгү Коңур-Өгүздө калды. Өгүздөрүн жоготкон жерде Кең-Туулук, Тартуулук деген жер бар. Береги биз конгон жер ошол жерге окшош экен, атын – Кызыл-Туу коёлук, — деди. Ал Сокулуктун тоо тарабында болуп, элиги төрдө бакырган, аюу, жолборс Сары-Өзөнүн мекен кылган жер экен. Ушуга макул болуп бергиле, — дейт.

Ошондон баштап Чүйдөгү Сокулуктун батыш тарабын ээлеген кең өзөн Кызыл-Туу аталып калды.

— Э, Ысмайыл тага, Качканак чоң таятаны көрүп калдыңызбы?

— Айтпадымбы, көрмөк тургай тизесинде эркелеп, карылардан эмелеки айткан икаяны да угуп, көкүрөккө жат кылдык.

Сырттан байбичеси кирди.

— Бай, оокат бышайын деп калды. Эркек эмессиңби, чий көбүгүн калпып алып, сапырып кой, — дебеспи.

— Азыр, — деп ордунан козголгон Ысмайыл:

— Жээн баладан көп бактым,

Тууган болуп берген жок, — деген көнүмүш сөзүн айтып, эшикке чыгып баратты.

“Кайран киши, жашы өйдөлөп, өз денеси өзүнө оор сезиле баштаган сайын, эркек баланы көп эңсейт экен. Байбичеси кеңеш берип, токол алып берип койсо, эми деле дарамети бардай. Эркек балалуу болуп калса өзүнө деле жакшы да”, — деген Шамен Ысмайылга жардам бергени артынан кошо басты.

Оокат алдыга келип, үчөө тамакка карашты.

— Тага, Бокбасар нече жашка келди?

— Жакында эле Илепес деген уулуна Кутунай уруусундагы аты чыккан Султанкул байдын кызын алып берди.

— А, тагам келиндүү болуп калган турбайбы?

— Ооба, келиндүү болду.

“Атаңдын көрү, Ысмайыл тагамдын жарасын дагы чукуп алдым, ээ? Бу шок ооз болбойт экен. Канчалык сактанайын десең деле сөз “атасы” келгенде айтылып кетет тура”.

Шанай Шамен көз кыйыта, Ысмайылды уурдана тиктеди. Ысмайыл жото жиликтин чүкөсүн чыгарып, тазалап жеп жаткан экен.

— Сиз Бокбасар аганын канча арык казып, суу чыгарганын билесизби?

— Билбей, анан! Аны менен кошо бастырып жүрсөм, билем да!

— Ар бир казган арыгынын өз тарыхы бар чыгар?

— Бар эмей, анан! Бар...

Тамак желип бүткөндөн кийин, жээн:

— Бокбасар тагам арык казып берсе сооп болот эле, — деп келген жөнүн айтты.

— А, жээним, аны эртең сүйлөшөлүк. Андан көрө тынч эс алып, эрте тур. Бокбасардын арыктарды кантип казганы жөнүндө кеңири баян кылып берем. Кызыл-Үңкүргө кеп куржунун ала кетесиң. Айта жүргөнүңө жакшы.

Түн. Айлана тыптынч. Сыртта тушоолуу эки аттын гана оттоп жүргөнү болбосо, бейчеки башка добуш жок. Таң агарып келатканда турган таяке-жээн сыртка чыгышты. Кемпири да эрте туруп, кемегеде асылган казанга түндөгүдөн калган жылытмасын ысытып жаткандай.

— Ке, жээн, тээтиги боз адырга чыгып келелик. Ошол аймактан Бокбасар тагаңын арыктарынын үчөөсү көрүнөт. Калган арыктары жөнүндө дагы сөз кылабыз.

Эки караан боз адырга чыкканда таң аппак болуп атып калган. Ысмайыл көтөрүп келген көрпөчөсүн экөөнө ылайыктап төшөп, Бокбасар казган арыктар жөнүндө сөз баштады.

 

***

— Э, жээним, Бокбасарды сыртынан мактап жатат дебе. Аны мактап, сенин көңүлүңдү алайын деген жерим жок. Тек гана болгон чындыкты бир аз болсо да айтып берейин дегеним.

Кези келгенде өзүнөн да угарсың. Бирок өзү бирөө мактаганды жаман көрөт. Өзү мактанбайт. “Колдон келгени ошол да”, — деп коюп, боз каймалына көз салып жүрө берет.

— Боз каймалдын бул жерде кандай тийешеси бар?

— Э, балам, ошол боз каймалды минип алып, сууну өрүлөп бастырат. Каймалы кайсыл жерден токтосо, жаңы каза турган арыгынын алышы ошол жер болот. Боз каймал каптал менен акырын басып кете берет. Бокбасар ал токтогондо артта белги коюп келаткан адамдарга көз салат. Качан гана белги коюп келаткандар боз каймалга жете бергенде арык каза тургандарды тескеп, аларга үн катат. Төө акырын басып, учуп кете тургансып аста жылат. Тээ буудай же таруу, жүгөрү айдалган аңыздын башына барганда өзү “тык” токтойт. Төөдөн түшө калган Бокбасар төөнүн буйласын бош коё берет да, алыштын башына өзү текенин мүйүзүн кайнатып, жалпайтып жасап алган кайлоосу менен из салат. Артынан каз катар учкан турналардай болуп эл түшөт. Билектей суу алыш башынан жаңы жүлгөгө түшүп, казыла турган арыктын таманын ным кылып, жерди жумшартат. Ошентип отуруп арыктын учуна элди бир чыгарып, түштөндүрүп алат да, аны кайра кеңейтип каздырат.

Суу ичпеген эгинге алгачкы суу жайылып агып келип, эгин суу ичет. Талааны сугара турган дыйкан өзү жердин ээси болот.

Мен айткан кепке түшүндүңбү, жээним, Бокбасарым ошондой.

Кайран киши, ушул жазда эле топураган элди эрчитип, боз каймалы менен барып Туздуу-Суудан Чоң-Дөбө деген жерибизге арык каздырып, суу алып чыкты. Эпсиз чоң денесине жарашып турган калдайган башындагы калпагынын кыргагын ылдый түшүрүп алып, алыш башынан түшкөн арыктын ченин алып бүткүчө унчукпайт. Өзү да кыялы бир кызык, жибектей созулган неме.

Кыбачым бир жылда бир эмес эки, үч арык бүтүргөн жылдары болду. Ошол Борду суусун Көтөрмөгө чыгарды. Айтып отурсаң өзүнчө эле жомок. Эми мен Бокбасар салдырган арыктарды санай берсем, түш болуп кетет. Жүрү, андан көрө үйүнө алып барайын.

Алар Бокбасардыкына кетип баратышты.

 

***

Шамендер барса Бокбасар үйүндө экен. Эшиктен кирип баргандарды каршы алып, тез эле үйүнө кирип кетти. Жаңы келген келин беркилерге дасторкон жайып, болгон даамын алдыга коюп, арыта ашкананын оозундагы арча баканга аса байланган чаначын алып келди.

Бокем да келинге жардам берип, чаначты чайкап-чайкап алды. Бокбасарга караган Ысмайыл:

— Бу баланын апасы көрүнбөйт да? – деди.

Кеседеги кымызды сунуп жатып:

— Түнтөйлөргө кетти эле, — деп койду. Ысмайыл башка сурабады. Жымжырттыкты кайрадан Ысмайыл бузуп:

— Бокбасар иним, тигил Кызыл-Үңкүр тараптан береги эбелектей Шамен жээниң: “Тагам арык чыгарып берсе?” – деп келиптир, — деп сөзүн токтотуп, Бокбасарга карады. Бокбасар башын өйдө көтөрдү:

— Сен кимдин баласы болосуң?

— Жоодар таганын жээнимин.

— Биздин Жоодардынбы?

— Ооба.

— Анда сүйлөшө турган кеп бар. Арык жөнүндө кеп козгобой, тагаларың менен тамактанып ал.

Бокбасар кебин улантты:

— Бул жылы Кызыл-Үңкүргө бара албайм. Өзүң көрдүң, чоо-жайды. Арыктарым бүткөндө өзүм кабар бердирем. Капа болбо, жээн.

Шанай Шамен кийнки жылы келмек болуп, артка аттанып кетти.

 

***

Бокбасарды “арык чыгарып бересиң” деп солто уруусунан Нышаанын тукумдары атайын ортого киши салып чаптырышат.

Ошол жазда кыбаачыны Султанкул кудасы чакырып калат.

Султанкул байдын болуп-толуп турган убагы. Келинин төркүлөтүп бармакка Бокбасар тууганы Мамбеттин байбичесин кемпирине кошо кошот.

Келини төркүнүнө жөнөөр мезгили болгондо уулу Илепес келини Айжаркынды үйүнө чакырып алат.

Кызындай көргөн келини Бокбасарды өз атасындай көрүп, кеңешип иш кылчу. Келини элем деп тартынбай, көңүлүнө кир кетеби дебестен оюндагысын ачык айтып, кайнатасына ошол ачыктыгы менен жаккан тура.

— Балам, атаңа баратасың. “Чыккан кыз чийден тышкары” дейт, Илепес экөөңөрдүн оюңар бир болсо, тукумуңардын өсүшүнө жакшы. Менин сенден суранарым, Султанкул куда колу ачык, жакшы адам. Көр дүнүйөгө азгырылбай, менин айтканымды кулагыңа сактап ал. Билип турам, “төө баштап, тогуздап мал берем, ошону алып кеткиле” дейт. Ага көнбө, Айыке. (Бокбасар келинин кызындай көрүп, Айыке деп эркелетчү).

— Илепес, угуп жатасыңбы?

— Уктум. Бергенин алабыз да, ата.

— Ийе, дүнүйө десе кулкунуң куурап жатат, ээ?

Бокбасар уулунун көңүлүнө кетпесин деп, “борс-борс” күлдү.

— Айта бериңиз, ата. Бардыгы сиз айткандай болот, — деген келини кайнатасына суроолуу карады.

— Жаман урган, сага караганда Айыкем түшүнөт.

Бокбасар келинин көтөрө чалып мактап, кебин улантты:

— Куданын байгеден биринчиликти бербеген, даңкы далайга кеткен Тору жоргосу бар. “Кызым, ошону ал” – дейт. Ага да болбо.

Тору жоргону укканда Илепес ордунда тыбырчылап, атасынын аны да “алба” деп каршы болуп жатканын жактыра берген жок:

— Я, ата дейм, анан куру жалак эле келе берилиби?!

— Ап, балам, ай! Шашмалыгың, ай! Айыке балам,

Илепестин тизгинин анча-мынча тарта жүр. Өзүңдүн кеңешиңди ортого салып “туурабы,туура эмеспи”, салмактап чечкенге үйрөнгүлө.

— Ийе, Илепес, сөздү жыра талашпай турсаң.

Келин күйөөсүн карап койду. Илепес “мейли” дегендей жылмайып, унчукпай калды.

— Айыке, уругуңар Кутунай болот, аны билесиң.

Менин бир өтүнүчүм, ошол жерде жашаган тууган-уруктардын айдоо аянтынын бардыгына суу жетип, эгини мол болсо дейм.

Келини кайнатасынын кебин жан ынтаасы менен угуп турду.

— Күч-кубаттын барында Коңур-Өгүз, Тартуулук, Кең-

Туулуктун өзөндөрүн бириктирип, Кетмен-Төбө тоосунун түбүнө чейин Үч-теректин суу баскан жерлерине суу чыгарып берсем. Ушул жерди жердеген Бегеттер, Кутунайлар, Өйдөчектилер, дагы башка уруулар байгерчиликте жашашса деген ой. Ан үчүн арык керек, балам. Султанкул кудаман арыктын нугун сура.

Айжаркын жеңилдей түштү:

— Болуптур, ата. Элден безер болбойлук.

Айтканыңызды аткарам.

Келининин шар сүйлөгөнү жактыбы, Бокбасар:

— Жолуңар шыдыр, жолдошуңар кыдыр болсун! – деп батасын берип жиберди.

Султанкул кудасыныкына кетип бараткандарды карап, ойлуу: “Үч өзөндүн суусу бурулса кырк чакырымга жетет, элдин көп керегине жарайт...”

Ал арыта оттоп жүргөн жез буйлалуу боз каймалын жакшы көрүп, төөнү көздөй сыймыктуу басып баратты.

 

***

Кызы Айжаркынга атасы:

— “Базар – барга таттуу, жокко – ачуу” дейт. Андай кылбай, төө баштап, тогуздап мал берейин, — деди. Кайненеси унчукпады. Жаш кезинен Султанкул менен “кеңешип кескен бармак оорубайт” дегендей, оюн ортого салып көнгөн жалгыз кыз:

— Ата, төө баштап тогуздаган жандык малыңызды өзүңүз алыңыз, — деп өзүнүн тууган энеси Салкынайды карады. Салкынай капа болгонсуп, байын жактырбагандай эшикке чыгып кетти.

— “Жалгыз кыз – жаламай туз” болуп, жалаң эркек балдардын арасында чоңойдуң. Сенден аяган дүнүйө курусун. Даңкы далайга кеткен тору жоргону токутуп, көкүлүн шүйүп кебез байлатып, алдыңа тартуу кылдым.

Эшиктен Салкынай кирип келди. Ал кызын өзгөчө жакшы көрчү. Байы менен тартыша кетсе эле:

— Э, койсоңчу, атасы! Сен өлгөндө сөөгүңдү кайтарып, “атакелеп” буркурап, кошок айтып элдин баарын ыйлата турган кыз ушул, — дечү. Бул сөздү укканда Султанкул кызына ыраазы боло, көпкө карачу.

— Эмне болду, ата?

— Жөн эле, кызым.

Андайда кызы апасына:

— Айта бересиз да! Атам узак жашайт. Жаман сөздү оозуңузга албасаңыз! – дечү. Атасы макул боло:

— Айланайын, айланайын! – деп сөз таппай, кызын маңдайынан жыттап:

— Ошондой де, апасы! – деп карсылдап, жыргап күлүп калар эле. Өзүнүн торужоргосун да кызынан аянбай, берип жатканы ошол болчу.

— Ата, Торужорго сизге ылайык, туура келсе Коңур-Өгүздөн Кетмен-Төбөгө чейинки суу баскан аралык отуз жети чакырым болот экен. Ошого чейин казылчу арыктын нугун сурадым. Ошону бериңиз ата, башка сурабайм.

Султанкул жашып кетти. Ал жөнөкөй жашыган жок. Кызынын иш билгилигине, зиректигине жана да: “Кыбачы кайнатасын да мендей көрүп, атасы менен ачык сүйлөшөт тура”, — деп ичинен ыраазы болуп жашыды.

— Ал, балам, ала гой. Төркүлөп келгениң эле ошол болсо, сага бердим. Бокбасар кудама мен айткан сөздү өзүң айт. Кудам да бир нерсени билип айткандыр. Үч өзөндүн эли арык казууга жардам беребиз. Салам дубамды кошо айта бар, Айыке!

Айжаркын энчиси колуна тийгенине сүйүнүп кетти.

— Ата, сизге ыраазымын. Ылайым ыраазымын!

Кыз атасынын сакалынан жыттаганда, Султанкул ого бетер жашый түштү. Анан:

— Төркүндөрү мингич бербей узатыптыр дебейби, кокуй! Тиги Тору кашканы үйүрү менен бердим. Айдатып, жеткиртип берем, — деп өзүнчө шашып калды.

 

***

Бокбасар кудасыныкына кеткендер келгенден кийин келинин өзүнчө бөлүп чакырып:

— Иш орундалдыбы, Айыке? – деди.

— Ооба, ата, Тору кашканын үйүрүн көрүп, чочуп кеттиңиз окшойт. Бардыгы сиз айткандай чечилди. Болгону: “Эл эмне дейт? Көргөндөр кеп кылбайбы”, — деп үйүр жылкыны кошо айдатып жиберди. Анан да: “Кутунай уруусу, башка уруулар баш болуп, арык казганга жардам беребиз. Өзүбүз жактагы элдин союшун өз мойнума алам. Кудага айта бар” деди. Атам эмнени айтса, ошону айттым.

Сүйүнгөн Бокбасар:

— Көшөгөң көгөрүп, эч нерседен кем болбо, Айыке! – деп өз кызына бата берип жаткандай калдактап, ары-бери баса берди. “Айыке ишке жарабадыбы!” – деп өзүнчө сүйлөнүп, күңгүрөнүп жүрдү.

Айсалкын менен кайнатасы үйгө киргенде байбичеси сүйлөндү:

— Э, байым, келиниңе баарын берсе албай коюп, сураганы – казыла элек арыктын нугу!

Арытан обдула берген Илепеске Бокбасар: “Тынч!” – дегендей кол жаңсап, байбичесине:

— Айыкем Илепес балаң экөөң чече албай турган нерсенин башын ачып келди. Келиним ушундай эле дейм да!

Бокбасар бир азга унчукпай калып анан:

— Байбиче, мал менен адамды тойгузчу – ошол суу баскан өрөөн болот. Дан болсо – жем болот, дан болсо – ун болот. Ошону кантип көбөйтүп, пайдаланарды билген Айыкеме рахмат! – деди эле, эне-баланын оозу жап болду.

— Тоң чыкканда арыкка киришебиз, Кудай кааласа. Кудам да жардам берсе... — деп сүйүнгөн кыбаачы анан боз каймалына көз салганы аттанып кетти.

 

***

Кыбаачы адатынча төөсүн комдоп минип, Коңур-Өгүздүн суусун бойлоп баратты. Чыгарчу алыштын башына барганда жез буйлалуу боз каймал токтоп калды. Ал төөдөн түшүп, суунун жээгиндеги казандай көк ташты көтөрүп келип, боз каймалдын алдыңкы бутунан бир кес алдыга койду. Төө жинин бүркө, турган жерине чөгүп калды.

Бокбасар алыштын башын туура эмес белгилеп алганын билди. Көк ташты көтөрүп, боз каймалдын сол тизесинин жанына койгондо төө ордунан турду.

Ала келген кайлоосу менен жерди көөлөп, көк ташты кулабай турган кылып бекитти. Жер жибип, тоң чыкканы менен кээ бир тоң тиштеген жерлери бар экенин билген ал, жез буйлалуу боз каймалына минди да, Тар-Туулукту карай бет алып, алдыдагы төө желип баратты.

Тар-Туулукка барганда күн батып бараткан. Үйгө кетсемби деген Бокбасар төөнүн башын Коңур-Өгүздү карай бурду. Төө “буф!” эте, жини келгендей оозунан көбүк чачып, туруп алды. “Ойсул атам колдоп жатса керек. Каймалдын эркине коёюн”, — деп суу бойлоп, жогору кетип баратты.

Бул өндүрдү Бокбасар жакшы билет. “Алыштын башына эртең белги салсамбы?” – деген да ой кетти. Төөсүн минип, кыйла жогору бастырды. Төө бир убакта, басып баратып эле чөгүп жатып алды. Бокбасар ошол жерге белги койду. Кудай жалгап, алыш башы боло турган жерде казандай таш бар экен. Ошону оодарып келип белги кылып, чаар таштын түбүн кайлоосу менен казып, терең көмдү. Таштын жарымынан көбү көрүнүп турат.

Бул күнү иши бүткөндөн кийин жез буйлалуу боз каймал эңиштеп желип келет. Үстүндөгү кыбачы да бүгүнкү ишине ыраазы. “Кудай кааласа, Кең-Туулуктан чыкчу алыштын башын белгилеп алсам, жалпы Көкүмбай, Кайдулат, Бегет, дагы башка урууларын чогулуп кеңеш өткөрөм. Андан кийин элди үч топко бөлүп, арыкты баштап Кетмен-Төбө тоосуна жеткирем”, — деген ою сезиминде ойноп, кыбаачы кубанычтуу келатты.

Төө боз үйдөн анча алыс эмес жерге чөгүп жатып алды. Бокбасар: “Кайран боз инген чарчаса керек”, — деп койду. Тараза жылдыз батканда, таң агарып атканда эшикке чыкты.

Үйдүн тушунда кепшеп жаткан боз инген ээсин көрүп, ордунан туруп кетти. Ал даарат ушатып, бети-колун жууп, тамактанып алып төөсүн минип, Кең-Туулукту карай бет алды.

“Элге иштин чоо-жайын түшүндүрүп, курал-жарагын камдатуум керек. Коңур-Өгүзгө чейин арыктын таманын тазалап, кийинки жазда Кетмен-Төбөгө эгиндик суу алып чыгам,” – деп өзү менен өзү сүйлөшүп барат.

 

***

Үч-Терек эли чогулуп жыйын куруп, кыбаачыга жардам бермей болушту. Коңур-Өгүздөн башталган иш башы жалпы журтту кыймылга келтирди. Ар бир өзөнгө: “Алыш ушул жерден башталат”, — деп койгон өзүнүн койгон таштарынан баштап эр азамат жигиттерге сайдан таш көтөртүп топтотуп, адатынча каймалына минип, капталдата бастырып белги кылып, арык болчу жерлерге таш белгилерди койдуруп келе берди. Үч-Алыштын белгисин бүт койдуруп бүтүп, “Биссимилла рахмони рахим” деп биринчи жолу кайлоосу менен өзү казып, сууну бурууга жүлгө салып, арыкты баштап, үйрөтүп жатты.

Жайды жайлай эл Коңур-Өгүздөн башталган арыктын этегин Кетмен-Төбөгө алып баруу менен алек болушту.

Жай толугунда Султанкул бээ жетелеп келип: “Силерге өрүлүктөп келгеним ушул болсун”, — деп арык казып жаткандарга аш катык берип кетти.

Бокбасар эртең менен эрте, жылдыз тарай электе туруп, төөсүнө көз салат. Буттарын тайтайта сунуп жаткан боз каймалды аяйт. Оңойбу, күнүгө арыктын башынан этегине чыкканча элдин кубаты кайсы жерге жеткиче чөп кертпей чен болуп туруп бериш. Алачыктай Бокбасарды көтөрүп, каптал менен басыш өзүнчө эле машакат. Же бир түз жер болсо экен. Кыбаачы улам төөнү токтогон жерине таштап коюп, арык казгандарга арык казуунун тартибин үйрөтүп жүрдү. Кайра келип боз каймалга минип, акырындап алдыга жылат.

Бокбасар да, боз каймал да арыктап кетти. Күндүн ысыгы болсо жондон өтөт. Бокбасар го элге аралышп иштеп, төөгө жеткиче өзүн алаксытат. А төөчү? Талаага “койго бөрү тийбесин” деп сайып койгон каракчыдан бетер турганы – турган.

Күндөрдүн биринде арыктын нугун казып бараткан жигиттер алдынан боз үйдөй таш чыгып, аябай кыйналышты. Кыбаачы баш болуп, тигил таштын айланасын көөлөп, он беш күндөй убакыт өттү. Деги бир таштын түбү көрүнөөр эмес. Жонунан тери куюлуп, жигиттер көпкө убара болушту.

— Атаңдын көрү-ү, бул таштын түбү деги эле көрүнгүдөй эмес, сууну кантип өткөрсөк? – деген Бокбасар таштын айланасын көпкө карады. Акыры анын да илээси табылды. Түбүн терең көөлөп, арыктын таманына чөктүрүп жибермей болушту. Эл көпкө убараланды. Алыштын башынан бурулган суу ташка келгенде бир аз көлмөктөп туруп калды.

Бокбасар бул күнү арык казгандарга уруксат берип, сууну эски нугуна буруп жиберди. Алар кеткенден кийин баягы чулу ташты карап көпкө турду.

Боз каймал да чөп кертпей Бокбасарды аягандай, ордунан жылбады. Көп ойлонгон кыбаачы: “Таптым! Таптым!” – дегендей сүйүнүп кетти. Арыкка түшө калып, кайлоосу менен таштын айланасын керте казып, кайсы жагы жантык экенин билди. Ошол жагын терең казып, ташты айланта көпкө жүрдү. Топурак аралаш кум сууга жибип, кыбаачы көп көөлөгөн жагына үйдөй таш жантая түштү. Таш дагы да ылдый чөккөндөй, арыктын жээги бийиктегендей көрүндү.

Жедеп чарчап: “Бүгүнкү ишим бүттү”, — деп төөсүн минип, жылдыз толо үйүнө кайтып баратты.

Үйгө жетип, боз каймалды бош коё берди. Жаныбар турган жеринде чөгүп, бутун тайтайта сунуп көпкө жатты. Төөнү аягын ээси үстүндөгү комун бошотуп, жез буйласын алып, үйүнө кирип кетти.

Сырттан төөнүн бакырган үнү угулду. Бокбасар эшикке атып чыкты!

Боз каймал ээсин эрди менен жалмалап, анан бир аз тынч жатты. Эсине келгендей анан акырын турду. Арткы өркөчү далпылдап, көзүнүн жашын иргилтип, чуудалары бөлүнө төрт аяктап, тамтаңдап барып туруп калды.

Бокбасар үйүндө тынч алып жата албады. Эшикке чыкты. Аны көргөн боз төө ордуна “күп!” жыгылды. Кыбаачы төөнүн башын жөлөп көпкө турду.

— Бул эмнеси?! Кыйнап койдумбу? Менден кетсе, кечир?! Көзүңдүн жашын неге иргилтесиң?! Мени мынча эмнеге боздотосуң, боз каймал?!.

Бокбасар жүрөгү сыгылып, көзүнөн аккан жашы сакалы ылдый куюлду. Төө ээсин аяп турду.

Кыбаачы өзү катып жүргөн төө тикенди катып койгон жеринен алып чыгып, тээ илгери атасы жасаган ырымды жасап, аны сары майга оонатып, боз каймалдын оозуна салды. Боз каймал бир-эки чайнаган болуп, эрдин дагы эле ээсине жөлөп, кыймылсыз жатты. Бокбасар унчукпады. Илгерки, жаш кезиндеги түшү элестеп туруп алды:

— Атаңдын көрү-ү, кыйнап койдум, ээ?! Мен куруюн! Башыңды тиземе коюп эс алчы, боз каймал?

Бокбасар ушул төө менен кыбаачылык кылган күндөрүн эстеди:

— Сен кечир мени, боз каймал?! Туздуу-Суудан Чоң-Дөбөгө чейин суу чыгарып бердик. Жээндердин көңүлү калбасын деп, экөөбүз Кызыл-Үңкүргө да бардык. Жери таштак экен, сууну кыйынчылык менен чыгардык. Тоолуктун жаңы арыгын каздык. Ошонун баарында сенин эмгегиң зор, боз каймал. Алдыңа түшүп, кара отундарды куурайдай жулдум. Сени “өтүп кетсе, кара отун жолтоо болбосо” дедим да. Ала-Жийде арыгы, Боз-Тектир арыктарын каздырдым. Ошонун баары сенин эмгегиң менен, боз каймал! Кийинки урпактар түшүнөөр мунубузду...

Чылпактап чыккан көзүнүн кычыгын укалап, Бокбасар да эс-учун жоготуп бараткандай. Ал көптө эсине келди:

— Кетериңде жез буйлаңды тагып коёюнчу... – Бокбасар жез буйланы төөнүн мурдуна алып келди. Боз каймал жалдырап жата берди. Көз жашын иргилтип, анысы көз кычыгынан сарыгып турду.

Чый-пыйы чыккан кыбаачы төөнүн башын тизесине жөлөп, ою –онго, санаасы – санга бөлүндү.

Таң тоолорго ак из таштап, жашоонун дагы бир күнү берилеп келатты. Кыбаачы менен боз каймал таң атып келаткан күндү сезбегендей, аны менен эми ким-кимисинин иши да жоктой, бири-бирин кыя албай жаткандай, бири-бирин нурсуз көздөрү менен жалдырап карай беришти.

Алардын ушул абалын башкалар сезишкен жок...

Таң атканда төрт аягы төрт тарапка керилип, жедеп тирүүлүктөн чарчаган боз каймал Бокбасардын тээ бала кезинде көргөн боз чымчыктай болуп алыс учуп бараткансыды.

Айлана тынч. Төө сулк жатты. Бокбасар анын үстүнө өзү кийип жүргөн, төөнүн жүнүнөн жасалган чепкенин айканасынан жаап койду.

Каймал тынч... Тирүүлүктүн оюнунда жашоосун өтөп бүткөндөй...

Бир аз төөнүн башын тизесине коюп, анан да жансыз жаткан жолдошун көпкө карап, эки көзүнөн сарыгып жаш сакалы ылдый куюлуп, ордунан акырын өйдө болуп, кыбыланы тиктей, нестейе тура берди.

Алыстан асан чакырган молдонун үнү угулду.

 

II бөлүк

МОМУНТАЙ ЧЕЧЕН

 

Береги ичегидей чубалган капчыгай, андан ары кеткен — Ачык, Толук. Сары-Камыш, чети Жумгал, андан ары адыр-адыр бийик тоолор, бул жагы Коргон-Шанек, Үңкүр, ортосу Кетмен-Төбө аталат...

Коргон-Шанектен көп жол басып, тиягы ара тиш тоолор Таласка уланып, аттын соорусундай домпоюп, эңиштеп калың токойго түшүп, Талас жери делет.

Токой ичин мекендеген не чөөлөр, азуусу кылычтай өткүр жолборстор, тиштерин сөөмөйдөй соройтуп жоон моюн камандар кездешет. Жалгыз жарым өткөн атчан мейли Кетмен-Төбөгө, мейли Таласка аягы жетпей түгөнөт. Дегеним, жырткычтарга жем болот.

Ушул доордо Богорстон жашады, жалдуу көк бөрү болуп. Ал сан жетпеген жылкысын Жанболду, Кызыл-Жар, Кабак деп аталчу, кышында жайыт берүүчү жерлерге айдатып, уурулардын алдын тороп, саксактап жылкычыларына жигиттерин кошуп кайтартты.

Туш тарабы жылуу болсун үчүн туурдук менен чий ортосуна боолай-боолай өлөң калатып, чөп башылап тегиздетип, ансыз да сегиз канат өргөнү куштун канатындай далдайта тигип, кут сактатып айыл башкарып турду.

Анын деңгээли бир уруу калкты былкылдатпай, сором дегенин соруп, соём дегенин союп, ителгинин манжасындай кытыгысы жазылбай, аз элди курут эзгендей эзип, ээн жашады. Алдына даап “мен” деп киши чыкпады. Элүүнүн жетисине барып, токолу Айгеримди алды. Токолдун жашы он жетиде, болбосо андан ашык эмес. Ары сулуу, ары акылга даанышман Айгерим байынын катып бараткан тизесин ушалап, сакалын Анжиян тарагы менен тарап, маңдайында турду.

Айгерим чоң кошокчу боло турган. Анын сулуулугуна эмес, кошокчулугуна кызыгып, атасын жалган айыпка жыгып, кунуна бекер кыз алган. Айгеримден улуу байбичеси – Алтынай. Ал да ак маралдай керилген, маңкайган ак жубардай тастайган эме. Жашы кырктан ашкан менен токолдон калышпайт. Бирок жөрөлгө боюнча жалгызы Солтон менен коңшу кыштоодогу өргөдө.

Богорстондун эки жигити бар. Биринчисинин аты – Төлөк, экинчисинин аты – Муса. Бай көбүнчө Муса менен сыймыктанар эле. Ал дегенин алып, жул дегенин жулуп, “Бөрк ал десе баш алган”, ит багардын итиндей жутунган эме. Бул ант ичкендей кубарган бей пешене адамдан айылдагылардын баары коркушчу.

Ошол айылдагылар:

— Ана, Муса келатат! Басыл, кокуй, келип калды! – деп балдарын сооротушчу.

Калың көлдөлөңдү алдына кабаттай салып, Богорстон ойлуу. Анын отурушу эми эле жайылып чыккан кайберендерге чап салчу жолборстой сестүү.

Богорстондун чүңүрөйгөн көзү соолгон көлдөй ичине тартып, ирмелген сайын кошо ирмелет. Тултуйган эки бети жаш баланын көтөнүндөй тырсыйып, тарам-тарам кызыл тамырлары жарылып кетчүдөй чыңалган. Көккө тойгон өгүздөй улам-улам бышылдап, ансыз да таңырайган мурду өйдө чалкалап, таноосунан чыккан дем кесенин чекесин тердетип, кылкылдата каркыт жутат. Жанында – токолу Айгерим. Андан башка жан киши көрүнбөйт. Үй ичи көрүстөн сымал тыптынч.

Айгерим буластата салынган кокон жоолугунун чачыктарын көрктүү көрсөтүп, чолпулары соорусу ылдый куюлуп, шылдырттайт.

Богорстондун ою уйгу-туйгу боло, он сегиздеги кезиндей делебеси козголуп, маңдайында отурган токолуна көз тигип, денеси мээнип, түлкү көз караш менен алдыртан тиктейт. Токол байынын көңүлүн улап күлгөн болот.

Каркыт жуткан сайын “бах” деп кесени тегерете токолго сунат. Айгерим кесени кармаганда ага тийише, манжаларын кесеге жабыштыра кармай жымыйып коёт.

Каркытка алагүү болуп, мас болгон Богорстон ушул кечте Солтонду чакырттырып, жанына алды.

Солтондун эби-сыны жок денеси “балтажутар” кейиптенип, атасынын жанында суксуюп, бою башчалгычка жетип кыймылсыз. Тагдыр ага эби-сыны жок бой бергени менен, теменедей акылды буюрбаптыр.

Ата салты боюнча Богорстон баласы он эки жашка келгенин эстеп, мүчөлүү жашка толгонуна жараша бир нерсе билип алса деди. “Шү ки, тукум санжыра билип алса, Богорстондун баласы дедирсе”, — деп баласына көз тикти.

— Балам, чоң атаң: “Биз жолборстун тукумунанбыз”, — деп айтчу. Анан: “Эсилдердин арбагы унут калбасын деп, Богорстондой өткүр болсун деп, ушундай атагам. Ошону эстей жүр”, — дечү. Эми сага айтып жатам. Угуп тур.

Солтон атасына нестейди.

— И де, тоо кулап түз, суу кулап сай болуп, о андан бери канча заман өттү? Угуп жатасыңбы, балам?

Солтон укурук мойнун кейкеңдетип тим болду.

— Жакшылап ук. Көңүлүңө түйүп ал. Ыраматылык чоң атаң минтип айтчу:

Тагайдын улуу аялынан Богорстон, Койлон, Кылжыр туулган. Алар атанын балдары болгон. Кийинчерээк абак төлөгөн жеринде кайран бий ордо кызга туш болот. Андан Карачоро, Азык, Саяк туулат. Угуп жатасыңбы, туягым?

Анын сакчы көзү дагы чолуп өттү баласын. Солтондун дүйнө капар олтурушун жактырбай, “чыйт” түкүргөн болду атасы.

Чыдай албай, айры сакалын улам мыжыга, аталык ыйык милдетинен кутулуш үчүн сакчы көзүн улам бир ымдап, өз билген санжырасын улантты:

— Тагай бий болуп турганда түпкү улукка күнөөлүү болуп, үч жылга камалат. Эки жылы өткөндөн кийин түпкү улук суракты кайра жүргүзүш үчүн абак тарткандарга келген дейт. Угуп жатасыңбы, ата баласы?

Түпкү улук суракты жүргүзүп жатып, Тагай бийди таппай калат. Өзүн-өзү жакшы алып жүрө албай, анын үстүнө оорукчан Тагай кашатта “биттенип” отурган болот.

И, балам, ук... Ошентип, Тагайды сыйлаппы же боору ооруганбы, ага ордо кыздардын бирин алып берип, төшөгүнө салып берген дейт, карагым.

Жыл деген көз ирмемде өтүп, адамды ала салдырып, жер алдына жашырганча шашат. Арадан бир жыл өтүп, ордо кыздын боюна бүтүп, ай-күнүнө жетип турган чагы экен. Абак аяктап, сурактан кутулган Тагай бий тигил көл башында калган үч бөлтүрүгүн эстеп, улутунуп кемеге боюна отура калат. Ичинен өксүп, сыртынан билгизбей, сүт бышырып жаткан аялына сыр кылып кестигин сунат. Очок боюнда шолоктогон аял кестикти эринен алып, коюнуна катат экен. Аялынын көз жашын көргөн Тагай түтөп:

— Ыйлабай ук, илгертен берки салт ошол, жашыңды тыйып, белиңди бек буу. Уул төрөсөң атын – Карачоро кой. Кыз төрөсөң атын өзүң бил. Жашы он экиге келип балакатка жеткенде алдагы кестикти бер. Мен кеттим, — деп белине кыл чылбырды эки оронуп, көл башына кайткан дейт бий. Ошол – ошо болду.

Тагай көл башында сурак жүргүзүп, жамы журтту сурап, арадан он эки жыл өтөт. Баягы аял көз жарып эркек төрөп, атын Карачоро коёт. Кестикти кынына салып, жигин билгизбей жаш аял күйөөсүз жүрдү. Эрсиз аялга этеги да душман экенин билген аял Коңкош бий дегенге турмушка чыгат. Угуп жатасыңбы, ата баласы?

Богорстондун сакчы көзү алдыдагы кеседе мелт-калт турган каркытка түштү. Аны кош колдоп ала, шыпкай шимирди да көзүн бардап-бардап, кесени ары тегеретти. Солтон моло таштай кыймылсыз.

— Балам, айтпадымбы, “жолборстун тукумунанбыз” — деп. Арадан зымырап, зыпылдап жылдар алмашат. Карачоро эки инилүү болот. Абак төлөп күнү бүткөндө ордо кызды үч баласы менен таштап, Коңкош да кетет, өз жерине. Эмне кылат, жазуу ошол болсо, көрөр күн ошол болсо, көрөт да пешенеге жазганын. И, көрбөй койсунчу, тартпай койсунчу, тартар азабын. Ошол үчүн маңдайына сыйынат адам.

Карачоро он экиге келгенде атасы Тагай экенин тек бирге ойногон чычымдар айтып коёт. Атасы Тагай экенин билген бала апасынан кантип дарегин угуунун жолун ойлонот. Буудай эске түшөт, ооба береги буудай.

Богорстон чөнтөгүнөн бир дан буудайды ала, Солтондун көзүнө такай көрсөттү. Жалгыз көзү менен уулун теше тиктей, нестейе көпкө турду да:

— Бала апасына: “Буудай кууруп берчи, апа?” – дейт.

Баласынын ою менен болуп жүргөн энеси буудай куура баштайт. Ысып келген кезде энесине эркелеп: “Буудайды колуң менен алып бер?” – дейт экен шек билгизбей. Энеси эч нерсе менен иши жок, буудай уучтап келатканда колун буудай менен кошо кармап, атасын айттырып алган эке чычым.

— Калак, өлтүрөсүңбү энеңди?! – эне бир ордунда тыбырчылап, уулунун түрүн көрүп нестейет.

— Айтып бер, атамды?!

— Болуптур, айтайын! Колумду коё бер!

Эне ысык буудайдан колун тартып, кемеге боюна отура калат. Көзүнүн жашын көл кылып, “Ким айтып койду?” – деп каргап-шилеп, ыйлап жатып атасын айтат. Сөз арасында кестикти кармалап, тагдырына наалыйт.

— Токтот ыйыңды! Кестикти ыйлап тапшыр деди беле, ошо Тагай канкор?! – бала энесин мелтейе тиктеди.

Карачоронун өкүм үнүнөн сестенген эне анын балакатка жетип калганына ыраазы боло, эки көзүнүн жашын арчып, жол дарегин баян этет. Аманат катып жүргөн кестикти ээсине тапшырат. Эки инисин кошо жанына кошуп, өзү коломто муштап жалгыз калат, башынан бейтаалай шордуу!

Көп жол баскан үч уул көл башына эрте жазда чыккан, оо татыран ак баш, тал чөкөн болгон жай толугунда жеткен дейт. Анын дарегин сурап келаткан үч баланын дарегин шум Тагай чабармандан угат. Уулдарына кеңешип, чоң суунун жээгине атайын арнап, боз үй көтөртөт.

Ичин жылан сыйпагандай жылаңачтап, босогодон үчүнчү саканакка кыл аркан илдирет. Шум бий бул оюн эч кимге туйдурбайт... Эмне үргүлөп жатасың, балам?

Ата сөзү мээримдүү чыкты. Каркыттын уусу тарай баштаган Богорстон ичинде баласынын амандыгын тиледи. Солтондун көңдөй суу кабактай эчки башы, эч нерсени түшүнө бербеди.

— Тыңшачы, чырагым. Бу караламанга катуу болбосоң, көңтөрүлгөн суудай өзүңө төгүлөт. Башынан катуу болсоң “чек” деген жагыңа басып, эчкидей жол баштап, бөжүп жолго түшөт. Түшүнүп жатасыңбы, наалатты?

Атасынын кыжабасы кайнап, эми эле кызыл жүгүрүп келаткан жүзү күлгө чапкан көтөндөй бозорду. Ал жөнүрөөк туулуп калган уулун ойлоп, суу кашектей түтөдү. Антсе да токтотпой, “жомогун” улантты:

— Тирикарак Карачоро атасы бий менен учурашып, тек жолоочу экенин туюндурат. Анан илинүү арканга көзү түшүп, ага көчүгүн коё отура кетет. Уулдун тегин эмес экенин байкаган атасы уулун басып жыгылат ошондо.

Сөзү текке кеткен Богорстон жомогун токтотуп, жалгыз көзү ыраазы болбогондой баласы Солтонду мелтейе тиктеди. Ичинен быкшып, жомогун жыйыштырып, башка ойго чөмүлдү. Алдындагы каркытты жутуп жиберип, кесени ары тегертти.

Тыштан жаңы келген токолу Айгерим, байынын бу кылыгын анча жактыра бербей, кесени толтуруп келип, өзүнөн төрт жаш кичүү Солтонго сунду. Солтон кесени шап ала коюп, каркытты кылкылдата жутту.

Аяк оона айынын этеги сыдырым согуп, суук боло баштады. Бу сумбуланын эрте чыгышы, жылдын түрү оор болорун карылар манжасы менен эсептеп билишти.

 

***

Боз кыроодо Богорстон Кызыл-Кырчындын этегине келип конду. Ушул кышта уулун үйлөндүрүп коюуну ойлонгон бай ичинде ой чубактап, көңдөй баш жаманына кыз тандап жатты. Бул акылын эч кимге айтпай, өзү аттанып чыкты. Коңшу жамаатташ көлөптөрдөн кыз жактырып кайтты. Аны да эч кимге айтпай, ичинен жымыйып, келчү күндүн толгоосун күтүп жүрдү.

Богорстондун жактырган кызы Момунтайдын карындашы Уял эле. Өткөн жазда: “Тал чөкөн болуп, татыран ак баш болгондо келип калам,” – деп ылдыйкы туугандарына кеткен Момунтай булак башы муздагыча дарексиз жок.

Зээринен тири карак экенин байкаган Богорстон сыртынан байкоо салып, чалма таштоону ойлоп, саанга деп уй, союшка деп кой берген. Ал оюнда: “Таман тузак салдым, Кудай кааласа жигит кылып алсам”, — деп да ойлогон. Байдын бул кылыгын байкаган Момунтай жай толугунда уюн берип, катык деп берген коюна эки ай жалчы жүргөн. Эми минтип ошол Момунтайдын уялаш карындашын келин кылып алганы отурат.

Агасы келгенде бул ою эски кеселдей созулуп кетерин билген куу Богорстон ушу боз кыроодо жигиттерин кошуп, Уялды ала качтырып алды. Ботодой боздоп, энеси калды. Узун санаа чубап, кызыл ээк атасы калды.

Уялды уурдаган үч караан ажыдаар оп тарткандай капчыгайга жутулуп, дарексиз жок болду да, жылан сыйпагандай жиксиз кетти. Жайлата иштеген акың деп Кызыл-Үңкүрдөгү мурда көчүп барган көлөп туугандары мингич да сатып беришти, Момунтайга. Жазга бышты чыкма кара кашка камыш кулак, жүрүшүнөн күлүктүн сыны байкалат.

 

***

Булак башына муз тоңгондо кайткан Момунтай жалган бешимде Арсланбапты эңкейди. Күүгүм кире алыстан караан көрдү. Бири кичине, бири чоң. Анан үчөө боло калды заматта. Улуган үн угулду алыстан. Тигил көрүнгөн караандар арбашкансып, бирде талашып жаткан жырткычтардай көрүндү. Атты камчыга алып жакындай бергенде, адам экенин даана тааныды.

 

***

Кара күүгүмгө сиңип, бейтааныш жаш келиндин бүткөн бою канга жуурулуп, ичегиси топуракка аралашып жатты. Төш таяна чочоюп отурган үч караанды көрө аттын тизгинин жыя кармап, коомай бастырды. Карышкыр экенин жазбай тааныды.

Жаны чыга албай жаткан энесинин жанында эси чыккан беш-алты жашар бала ызгычтай чыңырат. Ал элирип энесин айлана чуркайт.

Баланын желкесинен кармай, эңип алды тигил атчан. Элирген бала коркконунан тыбырчылап, бакырып жатты.

Караңгыда көзүнөн жалын бүрккөн көк жал көк канчыгы, телчигип, бөлүнүүгө жарап калган бөлтүрүгү менен топ каргандын артында берки караандардан көзүн албай, олжосун тарттырып ийгендей түктөйүп отурушту. Тигил атчандан сестенгендей көк жал канчыгын тукуруп, улам ыкыс берип мурунку кабилесинен жазбайт. Эси чыккан бала энекелеп бакырып, Момунтайдын тынчын ала тыбырчылайт.

— Ыйлаба, эмне кеч чыгасыңар?! Бөрү жойлоп, эл жайлоодон кайтканын билип туруп неге аттандыңар?

Бала эч нерсени түшүнбөй, апакелеп бакыра берди. Аттын кулагы тикчийе, жарыкчылык менен коштошуп бараткан аялга боору ооругандай кошкуруп, алмак-салмак бутун тыбырчылатып, тегерене ооздук чайнап турду.

“Ый-ы-ык!” – деген үн чыгара ыкчынып, жан берген эне “сулк” жатты. Дүйнө менен коштошкондой, жалгызы менен коштошкондой аппак денеси диртилдеп, аппак балтырлары бирде тынчыса, бирде “былк-былк” этип, каны токтой элек.

Соксоюп олтурган үч караан дале үмүтү бардай, көздөрүн жалжылдатышып Момунтайды карайт.

Момунтай узай бергенде үч бөрү тегеректей калып, эң алдында келген көк жал аялды тамагынан кыса тиштеп, жансыз денесин жерге көтөрүп чапты да, саамга тикирейе карады. Аялдын тытылган көйнөгү туш тарапка сапырылып, жубардай ак денеси бардык нерсеге кайыл болгондой сулк жатты. Аппак балтырлары түп-түз суналып, атайын жайына алып койгондой.

Бул көрүнүш көз ирмемчелик гана аралыкта болуп өттү.

Көк жал аялдын топуракка аралашкан ичегисин силкип таштап, көөдөнүнө тумшугун матырды да, ач көздүк менен бүкүлү сугунуп, кан болгон тумшугун тартып алып, жука тили менен жаланып алат да, тумшугун аялдын көөдөнүнө кайра матырат. Канчыгы топуракка аралашкан ичегини бөлтүрүгүнө таштайт. Көк жалдан соогат сурагандай , келиндин денесин туш келди тыткылап, эң эле тездик менен балтыр эттен сугунуп, дөбөтүнө ыраазы болбогондой ыркырай, улам-улум күч менен ычкынып, солк-солк этет.

Эт талашып жегенге жарап калган бөлтүрүгү дөбөт силкип ыргыткан ак жубардай эмчекти тиштеп, тиги экөөнөн окчунураак барып, эки алдыңкы буту менен басып, ач көздүк менен үзүп-булкуп сугунат.

Куран билбесе да бир нерсени кобураган болуп, дуба айтып, ыйлап жаткан баланы соорото албай. Камчы шыбап жүрүп кетти. Он чакты чакырымча аттын оозун коё берип, тээ Сары-жайыктын этегинен артына кылчайды.

Чочоюп олтурган үч караан аялдын денесине ыраазы болбогондой, атчан тарапты карашат.

Момунтай чочуду. Бирок такымына катылуу келаткан кара жыгач келтегине ишенди. Бир чети ыкчам талбас атынга бел байлып жүрүп кетти.

Үч бөрү Момунтайды ал Сары-Жайыктан айланып өтүп, капчыгайдын оозуна келгенде тосуп, билинтпей тооруй башташты. Ат селтилдеп, эки кулагын тикчийте кошкуруп, ордунан жылбады.

Ири алдыда көк жал өзүнүн эски ыкмасына сала тооруй, канчыгын аттын артына жумшады.Бөлтүрүгү көнүмүш боюнча аттын каптал жагына өтүп, көздөрү жалжылдайт.

Бөрү секириш менен аттын тумшугуна асылды көк жал. Мурунтан камданып, өңүтүн күтүп турган Момунтай кара жыгач келтеги менен аны тумшукка сокту. Жалдуу карышкыр “тырп” жыгылды. Дөбөтүнүн эшик-төрдөй суналып жатканын көргөн канчыгы бөлтүрүгүн ээрчитип, боз адырды көздөй капталдап жортуп берди.

Ээн жерлерди паанектеп, жалгыз-жарымды жара тартып олжо эткен көк жал эшик-төрдөй жерди ээлеп, оозунан шүйшүн кан агып, сулкуюп жатты.

Момунтайдын карааны алыстай бергенде, канчыгы бөлтүрүгү экөө тигил дөбөтүн бат эле үзүп-булкуп, тытып жеп кетишти.

Алардын бул көрүнүшү өтө сүрдүү эле. Жарадарын тытып жеп кетүү — бөрүлөрдүн адаты го башынан. Ошон үчүн бири-бирин сойгон адамды канкор-бөрү дейт да адамдар.

Алар таң таштаганда Нарын дайраны бойлоп калышкан эле. Жол жүрүп чарчаган Момунтай аттан түшө калып, талтайып заара ушатты. Жол катары солуктап келген бала кыйналганбы, көшүлүп уйкуга кетти. Арадан бээ саам убакыт өтпөй, бала бакырып, “апакелеп” ойгонду. Баланы эс алсын деген Момунтай жантыгынан кыйшая, кара кашкасынын ооздугун чыгарып, чылбыры оң колунда оролуу.

Солуктап басылды бала. Момунтайга жан тартып, анын эркелетүүсү менен көзүнүн кычыктарында туруп калган шүүдүрүм тамчы жашын арчыды.

— Атың ким?

— Самтыр.

Бала Момунтайды үмүттүү карады. Анан алар атка мине, Нарынды бойлой жүрүшүн улантышты.

Кара кашка “чып-чып” тийген камчынын уусуна ууккандай басыгы арылдап, соккон шамалдай катуу келет.

 

***

“Беш-алты жаштагы эрчиткен баласы бар, жашы жыйырмалардан жаңы ашкан аял качты” деген кабар Аксынын башынан этегине тарады.

Карышкырга жем болгон келиндин аты – Айсалкын боло турган. Анын жаш эри Керимди Самак болуш мындан үч ай мурда жай толугунда Чаткал багыты аркылуу казактардан жылкы тийип келүү үчүн жигиттерине кошуп, ошол жактан колго түшкөн Керимдин оозуна казактар ысык коргошун жуткуруп өлтүрткөн имиш. Айтор, аны бир Самак, бир ошол өлтүрткөн бай билет. Чынында казактарга деле барган эмес дейт. Тигил Ала-Бука багытында жашаган Масаалы колдуу деген каңырыш кеп да эл арасында...

 

(Көңүл буруңуздар! Бул жерде китептин бир бөлүгү жайгаштырылган)

Текст толугу менен Word форматында көчүрүлсүн

 

© А.Токтогулов, 2009. Бардык укуктар корголгон
    Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

 


Количество просмотров: 6176