Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Көлөмдүү кара сөз
© А.Токтогулов, 2007. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2010-жылдын 24-апрели

Айылчы ТОКТОГУЛОВ

Мезгил ызасы

(Кадыр кыбачы жана башка белгилүү инсандар жөнүндө баян)

Роман. I китеп

Жазуучу Айылчы Токтогулов «Мезгил ызасы» романында кыргыз элинде жашап өткөн Кожомжар баатыр, Кетментөбөдөн чыккан инсандар: Кадыр кыбачы — суу инженери, ат чабышта аттардан озуп келген Сакиажы-жөөкүлүк, өзү жетимишти ашып казактын Акбалбаны менен күрөшкөн Жабагы балбан жөнүндө баяндоо менен бирге Райымбектин ашын, Рыскулбек менен Байтиктин чабышын элестүү сүрөттөп берет.

Токтогулов Айылчы. Мезгил ызасы (Кадыр кыбачы жана башка белгилүү инсандар жөнүндө баян): (Роман жана аңгемелер). – Б.: «Айат», 2007. – 180 б. китебинен алынды

УДК 82/821
    ББК 84 Ки 7-4
    Т 51
    ISBN 9967-433-08-6
    Т 4702300100-07

Нускасы 300 экз.

Китепке демөөрчү болгон Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими Самат Эшенбай уулу.

 

МАЗМУНУ

Мезгил ызасы (роман)
    Качуу
    Кадыр кыбачы
    Жабагы балбан
    Байтик менен Рыскулбектин чатагы
    Райымбектин ашындагы коогалаң
    Жөөкүлүк

 

МЕЗГИЛ ЫЗАСЫ

(роман)

 

 

КАЧУУ

Атбашы жердин соорусу. Тоолорду таяна өскөн карагайлардын арасында күкүктүн үнү улам бир жерден «кү-күк», «кү-күк» деп чакырып, суунун «шау-шау» деген үнүнө кошул-ташыл жаңырыктап, алыстан угулгансыйт.

Ушул жердин күн батыш жагын жердеген Тойтукенин беш уулу Абыл, Тейит, Кожомжар, Чал, Кыйды эл арасында жашады.

Тойтуке Абылга аял алып берип өзүнчө бөлгөн. Тейит жоокерчилик заманда шартына ылайык кечигип, үйлөнө элек. Андан мурун кичүүсү Кожомжар колукту алып өзүнчө бөлүнүп өргөсү башка.

Баса Тойтукенин биринчи аялы Абыл беш жашка чыкканда төрөт-төн каза болгон. Экинчи аялынан Кожомжар, Чал, Кыйды төрөлүп, Кыйдысы тогузга чыгып калды.

Тойтуке уулу Кожомжардын үстүнөн бийлик жүргүзүп, жоого минчү Күлүкторуну Тейитке аял алып берем деп берүүчү калыңынын алды кылып көкүлүнө ак кебез байлатып, Черик элине Дайыраалынын алдына түшөм деп аттанып кеткенине эки күн болду. Күлүкторунун калыңга кеткенин Кожомжар, коңшу айылдан келип, иниси Чалдан укту.

Жүрөгү өрөпкүп, ичи туз куйгандай ачышып, Күлүкторуну улам эстеп, ээрдин кесе тиштенип, үйүнөн аккаңкыны тердиги менен көтөрө Кошдөбөгө чыгып барып, тердикти алдына төшөнүп, аккаңкыны башына жазданып, кыбыланы карап жатып алды.

Аялы унчукпады. Кожомжардын көктүгү кармаса эмне кыларын өзү билет. Бул тапта энеси Айсара, бир туугандары Абыл, Тейит, Чал да үн ката алчу эмес.

Жоого чыкса туугандары менен бирге чыгып, Күлүкторуну минип калмактарды качырып, бир нече жолу жылкы тийип айдап да келишип берген.

Ошол Күлүкторуну минтип атасы, Кожомжардын үстүнөн тон бычып жоого минген атынан айрып отурат.

Ал Кошдөбөнүн үстүндө, кадимки бала кезден келген көктүгү кармап таарынып жатып алып, аялы алып келген тамагын да ичпеди. Аны киши дебеди. Аялы болсо баласы Болот жоодон өлүп, жүрөгү жаралуу, өзү каралуу эле.

Кожомжар Кошдөбөдө таарынып жатканда, чубалжыган санаалар жүрөгүн мыжыгып, оюна Чамбылкөктүн үйүрү келди. Чамбылкөк быштыдан асый чыкма кези. Агасы Абыл:

– Урук алалы, – деп сураганынан берип койгон. Бирок жабагы кезинен Кожомжардын колунан жем жеп көнгөн жаныбар аны алыстан тааныйт.

Тобо, жылкыдан да кишидей эстүү жаныбар болот экен. Кожомжар чабышка аттанганда аны карап кишенеп алар эле. Чамбылкөккө ичи элжиреп өз колу менен ат баштыктагы жемден кокучтап жемин берип, этегинде чекесинен жыттап, жалын барбагай салаалары менен тарап, акырын гана бар, барагой – деп сооруга чаап койчу. Чамбылкөк оюн салып кетип калчу.

Бирок жоого мингенге жаштык кылат. Аны түшүнбөйт дейсиңби, Кожомжар түшүнөт. Чамбылкөк асый болсо Күлүктору менен кошо улам ат алмаштырып, жоого аттанам дечү.

Мына эми минтип Күлүкторудан айрылып олтурат. Анын ичи жоого минген атын эстегенде эңшериле түштү.

Ал дагы эле оозуна наар албады. Жоону эстегенде ичи уйгу-туйгу болуп ооналактап алды.

Бешинчи күнү дегенде Чериктерге кеткен Тойтуке үйүнө кайтып келип түштү. Уулу Чалдын «Кожокем, сизге таарынып жатат, Күлүкторудан башка жылкыңыз жок беле? Тигинде жайылып жүрөт го топ жылкы. Ошолордон эмнеге тандап алып барбадыңыз?

Андан башка жылкы көрүнбөдүбү көзүңүзгө? – деди.

Тойтукенин ачуусу келип: «Жап жаагыңды, жашабагыр! Мага акыл үйрөткөндү сага ким коюптур, тур ары!» – деп уулун жаакка бир чапты. Чал бозоруп атасын карап калды.

– Тигини! Мунусу да энесин тартып көк!

Чал нестейген бойдон атасын карап тура берди.

Атты атмамысына байлап — тиги Кошдөбөдө сулк жаткан уулун карай басып барды:

– Эки жагыңды да, туугандарыңды да ойлоно жүр, жоого ошолор деле сени менен кошо аттанып жүрүшпөйбү? Же сен эле жалгызсыңбы?! Көп энеңден бетер көктөнө бербе?! – деди.

Акыркы сөзү Кожомжарга катуу тийди. Бирок атасына жооп кайтарбады. Тойтуке тек гана эки колун артына алып ачууланып, Кошдөбөдөн ылдый түшүп баратты.

 

***

Бул мезгилге чейин Болот жоодон өлгөндө чоң окуя болуп өткөн эле. Ал дарттуу жара эсине келип, ансыз да каңгып чыккан башын кеңгиретип, мээсин сүзмөдөй эзип жатты.

Кожомжар отуздун кайкысына жаңы чыгып, шалпыйган калбык ээрди түйрүлө, жаагы керекарыш. Кашы жазылуу алакандай, көлдөй көздөрүнүн үстүндө ылаачын куштун канатындай имериле далдаят. Эки эмчеги кара нардын өркөчүндөй балбырап анын ашкере баатырлыгынан баян бергенсийт.

Абыл, Тейит да Кожомжардан кем эмес. Чал эми жетилип келаткан чүкүрүнүн борткосундай жаш, бирок сөзү тик.

Абыл, Кожомжардын өргөөсү Тойтукеникинен кенен, башка жакта. Атасынын колунда Тейит, Чал, Кыйды бар. Бирок тез-тез катташып, бири-биринен кабар алып турушат.

Ошентип өткөн жылдагы бир окуянын ызгаары муздай элек кез болчу.

Эми минтип Күлүкторусунан ажырап далай жолу жоого чыккан Кожомжар, ичинен түтөп, атынан айрылганы канатынын кайрылганы менен барабар. Атам канатымды кайрып койду го. Жок дегенде «балам, кандай кылабыз? Агаңа аял алып берелик, дебестен кылганы бул?! — деп үшкүрүнүп алды.

Атаңдын көрү, Абыл, Тейит го жылкыларын кайтартып алды эле, атама эмне болгон? Жок дегенде бар дегенге жарабайбы?» – деп ого бетер аны эстеп таарынычы артты. Көктүгү күчөп, жер оодарып кеткиси келди.

Анын мээсинде: – Атаңа наалат, уулум Болоттон айрылдым. Абыл, Тейит күнүбачылык кылдыбы? Ошонун баарысын жасаган атам эми минтип, жоого минген атыман айрып жөө калтырганыбы?

Ошо тапта арыта келаткан Чамбылкөк кишенеп калды. Жем сураганыбы, Кожомжарды тумшугу менен түртүп, дагы үйүрүн карап, азынап кишенеди. Анын үйүрү Кошдөбөнүн наркы капталында калган эле. Кожомжар Күлүкторунун ноктосун жүгөнү менен кошо ала келген. Аны Чамбылкөктүн башына салып жетелеп көрдү. Быштысында бышыксын деп үйрөтүлгөн Чамбылкөк ээсинин эрки менен болуп берди.

Ызага ууккан эр акканкыны токунуп, Чамбылкөктү ары ойдолотуп, бери ойдолотуп сынап көрдү. Кожомжардын, Чамбылкөккө ичинен жүрөгү жылыды, дагы да Күлүкторудай алы бар жаш болсо да жоого алдырбас, — деп өзүнө бек ишенди. Чамбылкөккө минип белгисиз жактарга сүңгүп кеткиси келди.

Ал өткөн жылкы окуяны улам-улам эстеп, ого бетер ачуусу келип, денеси дүрүлдөдү.

Окуя мындайча болгон эле:  — Анда жалгызы, Болот, тирүү болчу.

Калмакашууну беттеп келген жоо бир туугандардын жылкысына он беш тогоолдо, мал нык семирген кезде, көбүк кардын алдында тийди. Өргөөлөрүндө өргүп жаткан бир туугандар эч нерседен бей капар. Болгону, жылкычылардан улам кабар алып турган Болот Кожомжардын уулу таң таштаганда жылкыга аттанып, аркы шыбактуу коктуда байланып жаткан адамдарды көрө, аларга жете барды. Колдору артына байланып, башы-көзү билинбей, канга жуулган жылкычылар ар кайсы жерде бөрү тамактаган койдой томурайып, ар булуңда дөмпөйөт.

Болот — Кожомжардын жалгызы. Жашы он үчтө. Анын атасынын пешенесине окшош, түрк кебетеленген жүзү, кыр жондой тумшугу, шалпыйган эрди ого эле түйрүк. Кабагы салаңдап эч нерсени тоготпогондой. Байкаган кишиге баатырдын элесин берет. Аны бир көргөн киши жортуулга чыгып канык болгон эр экен го деп ойлобой койбойт болчу. Анан да энесине окшоп олбурлуу.

– Эй, жылкыларды ким айдап кетти?!

Эми эле акыл — эсине келе баштаган жылкычы:

– Калмактар! – деп кымтууга келбей калбыйып шишиген эриндери бирикпей долдурады.

Болот алдындагы Сурчаны темине белеске чыга берип айланага көз тиге көпкө карады.

Тиги узун коктуда оттоп турган жылкы Абыл, Тейиттики экенин даана тааныды. Өзү жакшы көргөн Чамбылкөктүн үйүрү көрүнбөйт. Жылкычылардын таңылган колдорун наркескени менен кыя кесип, аларга да карабай атасы Кожомжарга карай чапты.

Үч бир тууган адаты боюнча Абылдын үйүндө үркөрдөн кийинки кымыздын тундурмасын ичип отурушту. Эшиктен шашып кирген Болотко атасы Кожомжар нестейе карады.

– Ата, Чамбылкөктүн үйүрү жок, калганы аман.

Болот үтүрөйө Кожомжарга карап, атасынын бир тууган агалары менен иши жоктой улага жакка олтура калды. Болгон абалды Болоттон угуп олтурушкан Абыл, Тейит тек нестейишти. Жок дегенде Болотту «отур» деп ишара кылышканга келишпеди.

– Жоого аттаналык жоонун изин суутпайлык?!

– Кожомжардын бул кебин Абыл кулагынын сыртынан кетирди. Эр баштаган сөз учугу уланбай ошол бойдон калып, туугандары коломто чукушуп, бар, же жок дебеди. Жооп күтпөй эшикке чыккан Болотту олтур дегенге жарашпады.

Ачууга уукан Кожомжар эшикке атып чыкты. Абыл, Тейит токто дебеди. Ошондо ат ойнотуп турган Болотту көрө шердене түштү, жалгызы жаш болсо да, караан болуп колуна найза алып, жоо артынан куу-куулап куугунга түштү.

Үйүндө калган агалары:

– Кожомжар Чамбылкөгү үчүн жылкыга өзү барат. Үйүрү келсе бөлүп алабыз дешти.

 

***

Ашууга жетип жылкы алдын торогон Болот топ калмак менен беттешти. Атасы уулунун эрдигине шердене өз атын ураан чакырып кыргынга кирди.

– Тарс! Тарс!

Ашуу жактан атылган шыйрактуу мылтыктын үнү, Кожомжардын эсин эки кылды.

– Бизде шыйрактуу мылтык жок эле.

– Болот аман болгой эле?!

Кожомжардын жүрөгү түрсүл кагып, Күлүкторуга камчы шыбай белеске чыга берди.

Ат үстүндө теңселип келаткан уулуна жете бере, «уу-уулум» деп бакырды Кожомжар.

– Ата-дегенге зорго жараган Болот кара көзү коюланып, акыркы демин илеп тартып, атынан ооп, жүз төмөнүнөн сулк жыгылды.

Артынан келаткан жоону карабай Күлүкторуга камчы шыбап атылган үндү кууп, кыл чайнап канды селдей агызгысы келди. Катуу соккон желге энтиге Күлүкторуга камчы шыбап, туу белге атып чыкты. Үйдөй таштын далдоосунан караан көрүндү. Аны көрө түтөп кетти Кожомжар. Мергенчинин башы көз ачып жумганча суу кабактай денесинен бөлүнүп, кара таштын коңулуна тыгыла түштү. Кожомжар уулунун денесине кайрылышка чолоосу тийбеди.

Артынан кууп келген топ атчанды шалап өттү баатыр. Душманын жеңип, жылкысын кайрып, алдына салып чу-чулап келатып башы денесинен бөлүнүп, обочо жаткан уулунун үстүнөн чыга, жапан бакырык менен тоону жаңырта «уулум» деп дагы да озондоп алды.

Атынан ыргып түшүп, көзү жумулбай калган Болоттун башын кармап, эки колдоп укалап, көзүн жумдурду. Өзүнө-өзү кайрат айтып Абыл, Тейитке, атасына таарынчысы артты. Уулунун башын быясы чепкенине ороп ат баштыгына салды да, башы жок денени жардын кемерине жашырып, үстүнө топурак уратып, кирген буурадай зиркилдеп үстүнө дөбөдөй кылып таш үйүп, шашылып аттанып, жылкы артынан жүрүп кете берди. Айылына жакындаганда жылкысын өрүшүнө таштады. Күлүкторудан секирип түшүп, баштыктагы Болоттун башын алып, шар суунун жээгине чымга бастырып, өгүз белиндей арча жыгып, бир күнү кечке табыт жасады. Баласынын баш сөөгүн арча табыттын баш жагына коюп, этегине арчанын бүрүн шыкап, үстүнө куу арчаны өрттөп, күлүн сээп, табытты алдына өңөрүп, эки күн каңгып жылкы артынан бастырып жүрдү. Тууганым экен деп Абыл, Тейит экөөнүн бирөө келбеди. Балам эле деп Тойтуке кабар албады.

Арыта жайдак кунан минип келаткан бир тууганы Кыйдыны көрө эс акылына эми келгендей Кожомжар зоңкулдап Кыйдыны карай бастырды. Жаш болсо да зирек Кыйды акесинин ызасына ортоктош болуп, Болотту укканда ачуу кыйкырык салып табытты кучактап көпкө ыйлады.

– Айылга чап, Болот жоодон каза болду де? Өйдөңкү айылга кеткен Чалга кабар айт.

Кожомжар иниси Кыйдыны алдыга чаптырды. Айыл дүрбөп, аны күтүп жатышты. Кожомжар табыт кучактап үйүнө өкүрүп түштү.

Аялы уулун жоктоп оң капшытта кошуп турду. Кечигип келген атасы Тойтуке, Абыл, Тейит, Кожомжарга көңүл айткан болуп: «Кудай кийинкисин унутпасын, боосун бек кыларын унутпасын», – деп көңүл айтып ары басышты. Туугандарына, атасына таарынган Кожомжар уулунун табытын Күлүкторуга өңөрүп, артынан Кыйдыны ээрчиткенде, Чал кошо чуркады. Абыл, Тейиит баш болуп: «Бу не деген шумдугуң? Элден безип не ишти жасап жатасың?» – деп айтууга жарабады. Боз адырга табытты жашырган Кожомжар ыйга муунуп, ичине кек сактап үйүнө экинчи жолу өкүрүп түштү. Беш күн үйүнөн чыкпады. Жок дегенде Чамбылкөктүн үйүрүнөн кабар албады. Кадимки көктүгү кармап кеп-сөзгө келбеди.

 

***

Үйүрүнөн ажыратып, Чамбылкөктү токунуп минди. Чамбылкөктү камчылана эр киши үйүнө жай бастырып барды. Сабыры суз босогодон сыртка жаңы аттап чыккан Болоттун энесин көрдү. Ага үн катпады. Жок дегенде барар жерин айтпады. Аялы да сураган жок. Тек нестейди. Атынын башын буруп жатып Кожомжар он төрт жыл бирге өмүр сүрүп келген аялына: «Колу – жолуң бош, эми көрүшпөспүз. Атама, Абыл, Тейитке айтып кой, элди жерди коруп уруусу менен сак турсун. Бейкам болушуп канабайрам болуп, бүлүнүшпөсүн. Кожомжар келбейм деди де. Мен сага ыраазымын, мага таарынба, таарынсаң атама таарын, эр жигиттин жүрүшүн жасап жатканым үчүн, өзүңөн кечирим сурайм?! ».

Күлүкторусуз жоого аттана албасымды билип туруп, душмандын көбүн билип ушуга барган атама таарындым?!

Кожомжар аттын тизгинин солго бурганда араң турган аялы олтура калып ыйлап жиберди. Анын ыйын карап турбай шарт жүрүп кетти.

Жаңы чуркап келген Чал менен Кыйды агасынын тизгинине жабышышты.

– Мен да барам, сен кайда болсоң мен да ошол жакта болом! Кебетесинен эр мүнөзү байкалып калган Кыйды, Кожомжарды кетире койбоду. Артына чап кенедей жармашкан Кыйды агасы Кожомжардын бел курун кармап логулап кетип барат. Чал чуркап алды. Көп жол басып, Нарын жээктеп келаткан Кожомжар иниси Кыйдынын көзүн көрө чоочуп кетти. Аттын куйругун кармап келаткан Чал, токтоп калды.

– Аке, аттан түшүп заара ушатам?

Кыйды аттан түштү. Артынан Кожомжар кошо түштү, Чамбылкөктү бир аз отко коюп инисинин жанында турду.

– Аке, башым айланып баратат да?

Кыйды кан кузуп жиберди. Анын ичинен сезгенгенин баамдаган агасынын жүрөгү туйлап алды. Алы кеткен Кыйдыны каралап, Кожомжар үч күн турду. Үчүнчү түнү дегенде жылдыз толо Кыйды тилден калып, денеси муздап бат эле эки көзү тунарып, жаткан бойдон башы оң жагына шылк эте жан берди. Ал чымчык болуп алыс сапар алып, канат күүлөп учуп кетти.

Кош ызага ууккан Кожомжар тектирче жерге кылычы менен көр казып инисин жашырды.

 

***

Же ый эмес, же ыр эмес күңгүрөнгөн добуш капчыгай ичин жаңыртып келет. Озондогон добуш бирде дарактын коңулунан ышкырып чыккан шамал болуп, бирде жарадар жырткычча күрүлдөйт. Көзү ыйдан канталап, барыгып чыккан жүзү шишимик тарткан ал, көптү көргөн карыдай сабыр тутуп, астындагы атына камчы шыбап катуу жүрүп келатты. Кыйдынын ордуна Чал учкашып алды.

Кожомжар ээн жайыктан калың жылкыга кезикти. Түн ортосу ооп, бүлбүл жанган отту көрө, аттын башын ошол жакка буруп, от боюндагы эрбеңдеген караандарга сактана алыстан салам айтты. Чоочулаган көлөкөлөр эрбеңдешип өздөрүнчө топтолуша калышты. Кожомжар тигилерден жүзүн ала кача оолак турду.

– Бу кимдин жылкысы?!

– Кимдин жылкысы керек эле сизге? Алп денелүү эр мүнөзү жүзүнөн көрүнгөн караан берилеп басты. Үнү күрүлдөп, түпкүрдөн чыгып эч нерсени кенебегендей:

– Душмандын жылкысы керек?!

Кожомжар чыр чыгарууну көздөп барк-барк үн чыгарды.

– Деги сен кимсиң, кыргызсыңбы?

– Көзүңө ким көрүнүп турам?! Берки да Кожомжарды кекете унчукту.

– Кебетең кыргыз, тигилериңдин чаңкылдаган үнүнөн..., аларың ким?!

– Көп басынтпа аларды.

– Опей, кыргыз экен деп аяп койсо...?

– Аябаганда эмне кылат элең!?

– Момундай кылат элем!

Оңор жоо эмес экенин байкаган Кожомжар тиги караанды аттын күчүнө сала, оттон алыстата тартты.

– Кимсиң чыныңды айт. Кимдин жылкысы?

– Тиги Кожомжарга моюн бербегендей күржүктөп отту карай жүткүндү. Күчтүү кол аттиштей кысып аны коё бербеди. Анан ал желкесинен отко кармап, ошол эле калыбында аттан энкейе баатырсынган эмени дагы да арткараак сүйрөп киши бою чоң ташка ныгыра, аны башка тепти. Бейтааныш дапдырай түштү.

– Чыныңды айтасыңбы?

– Ооба, айтайын...

– Чыныңды айтпасаң эмне болосуң?

– Жалгыз баламдын боорун жейин?! Чамбылкөктүн чылбырын Чал кармап турду. Эр теңселе инисин карады. Иниси беркиге ачуусу келе түктөйдү.

Көзү ымыр-чымыр боло түшкөн Кожомжар тыңсынган эмени кармаган бойдон, эски ыкмасына сала «балаңдан жаның ширин экен, а!» – деп кекете зекиди да, жооп күтпөй тиги көрүнгөн ташка «беттештирүүгө» көтөрүп баратты.

– Айланайын кыргыз элим, бала кезимен калмакка колго түшүп, ошол жакта чоңойгом. Менден башка кыргыз жылкычылар да бар, – деп жалынып жиберди. Анын жалбарганын Кожомжар укпады. Тек гана кулагына «жалгыз баламдын боорун жейин» деген сөз жаңырып туруп алды. Желкесинен кармап өйдө көтөрүп боюнан ашыра соройгон ташка мышык чапкандай чапты. Караан бир бакырышка жарабады. Ансыз да Болоту оюна түшө калып, ызага жеңдирген Кожомжар Чамбылкөккө үзөңгү теппей ыргып минип, изин суутууга ашыкты. Анан да четте байлануу боз атты жетелей келип, Чалга: – Сен өзүңчө жөнө, тиги көрүнгөн кыр менен ылдыйлап кач, суук көзгө урунба?!

Арыта эрбеңдеген караандар, чөөдөй житип жок болушту. Мышыктын көзүндөй балбылдап оттун кору калды. Эртелеп изин сууткан жалгыз атчан Нарынды кечип өйүзгө өтө качты.

 

***

Чоочун адамдын бул үйгө байыр алганына он үч тогоол өтүп, үч тогоолго аяк басты. Алты ай ушу үйдү түнөк кылып, өз баласындай жумуш берип, Көлөптүн ишеничине кирди. Башынан далайды — жакшыны да, жаманды да өткөрүп, Кызылзоонун этегин паанектеп, жери балдарына жакпай кеңеш өткөрүп жатты. Кожомжардын тегин пенде эмес экенин байкаган абышка сөз кыстарып сырын, муңдашып дилин билди.

– Туулган жердин топурагы алтын, дүйнөдө тууган барыңды көрө албайт, жок болсо асырай албайт. Жылкыдай тебишип күн кечирет экен. Тууганын тутунган ким? Тууганым жаман деп, туурду кайдан табасың. Тууган ошол. Мен билгенден тээ алмуздактан берки салт ошол, балам! Бир айыбың кыргыздын бир эр туйгунун ээрчите чыкканда болчу экен. Бетинде кызылы болсо, Болоттун ордуна уялганынан артыңан барышат беле? Бөөдө балага өлүм кылыпсың? Мейли, чырпыгы сынса сынсын, чынары сынбасын, балам. Башың жаш экен андай туйгунду кудайым берерин унутпасын. Эми эле бирөөгө баш байласаң, барылдап ыйлап, бала көзүңө көрүнсө а деле кун кууганга жарап калат. Тек кана кара башта бир өлүм бар дечи.

Көлөп башын өйдө көтөрө ак аралаган жээрде сакалын алакан оту менен сылап үстүндөгү тонду өйдө серпе ийнин күүшөдү.

Ал Кожомжарды дагы да карап алды. Сакалын салаалары менен сылап тагдыры тагдырына окшош экенин билген кары, көз кыйыта баатырды карап койду. Колдон келсе туу түбүнө коюп алсам деди. Бирок көктүгү кармаса жанбасын ойлоп, ойго туна түштү.

– Э, балам, кимге бапа болгон бу дүйнө. Кимдер келип кетпеген бу жалганга. Мен да жол арытып, жаш өйдөлөп калганда көчүп келгем Акмандан.

Көлөп дагы да ойго чөмүлдү. Айтсамбы, же айтпай эле койсомбу дегендей дилиндеги жашыруун сырды салмактап көрдү.

– Э, көр пенде. Карыя баатырды бир карап алды. Карыянын карашы шыбыш байкаган бүркүттөй сестүү эле.

– Балам, ата тегиңди эч кимден жашыра албайсың.

– Тегиңди жашырбай жүр, сен да атанын баласысың. Жаш кезде атаң айткан кептер кулагыңдын кырынан кетет экен. Жашың өйдөлөп, атаңын көзү өтсө, өзүң эле тек сүрүштүрүп тууган табат экенсиң. Түшүнбөс ата ызалап коймогу да бар.

– Угуп тур балам?

– Угуп жатам.

Кожомжар жемин көргөн жолборсчо комдонуп алды.

– Мен ары жагына барбай эле коёюн. Береги эле Түнкатар, бабабыздын чөбөрөсү Майрыктын Арык, Төбөй, Назар, Бегет, Чөкө деген беш бөлтүрүгү болду.

Чал оозун бир аз ачып, сакалын оозуна имере тунжурай түштү.

А балам, кенжеси Чөкө көп оорукчал болуп, оорукчалын көп аяйбы же «жалкы» деп жүрүп көзү өттү.

Ошо Чөкөгө өзү тандап «ушу кызды аласың» – деп Аксыдан өзү кыз алып берди. А балам, таяжелери жакшы карайт дегени го?!

Көлөп борс-борс күлдү.

Ошо Чөкөдөн мына мен, ысымым Көлөп.

Чал жымыйып Кожомжарды карап күлүп дилин жумшартты. Ошол эле калыбында нестейе: – Менден кийин Корош, Жамантык, Сакай жарыкчылыкка келди.

Балам, биз эки аялдын балдарынанбыз. Эки эненин балдары баары бир күнү бачадан туулган деген кеби болот.

Кожомжардын бозоруп чыккан өңүн көрө кыраа чал, анын ички туюмун күнүбачанын баласы экенин билип койду. Тек дилинде сактап сыртынан сыр бербеди.

Кезегинде Сакайдын өзүнө көрсөткөн зордук кеби, келининин алдында сынып калганы, оюнда туруп алды.

Анда жаз убагы, айылда белгисиз бир адам пайда болду. Ал сынчы экен көрсө. Ошол казак Азирети сынчыга бизди сынатат атам.

Алты канат боз үйдүн ичине очокко казан азып, куу арчаны чатырата жагып, Азирети менен бирге олтурат... Эртең менен эрте уулдарынын жүзүн чайдырып, кыздарын сыртка чыгарып, сынчыга сынатмакка сөз баштайт.

– А бу далай жер басып, белес-белес белди ашып, көрбөгөнүң калбагандыр э, сынчым?

Какая калган Азирети аппак сакалын манжалары менен аралата тарап, Чөкөнү карап койду. – Чатырап күйүп жаткан от, буларга күбө болгондой бирде алоолоп чыкса, бирде отко коюлган чөөгүндөгү суудай пастай калат.

Ойго туна түшкөн Чөкө, акырын гана башын болор-болбос көтөрүп:

– А, сынчым, сынчылыгыңды билдим айып этпейсиз, — деди. Азирети тике карады.

Сынчынын милдети ошол болгонун болгондой айтыш. А, үкөм, бу кебиңдин артында туюк ой жатат. Айтпасам сенин көңүлүң кирдейт. Айтсам жаман көрүп, итиңден чыгарып коёруңду кудайдан башка эч ким билбейт.

– Э чынын айта бер? Түпкүрдөн түтөгөнчө жалындап күйүп көрүнүп калган жашкы го. Береги катар олтурган балдарымды сынап бер.

– Азирети чекеси тырчый, Чөкөнү жактыра бербей, акырын гана тамагын бүлкүлдөтүп үй ээсин карады.

– Кана, узун балаңдын аты ким?

– Э, улугум, көлдөй терең болсун деп Көлөп койдум эле?

Бу сөзгө тырчый түшкөн сынчы сынын бузбай: «Э көр болсун деп Көлөп койгон экенсиң да ».

– Тиги уулуңдун атычы?

– Жаангер чыгабы деп «Жамантык» койгом.

– Ойбай оу, боорум, аты өзү айтып турбайбы, өзүң олуя турбайсыңбы? Жамантыктан кантип жаангер чыксын, эл арасында, көч карасында жүргөн жан болот. Береги көзү ойноок бети тултук буудай жүздүү майланышкан балаңдын атычы?

– Э олуям, аты Корош.

– Корош?!

– Ооба Корош. Аты-затына жараша атын коюпсуң. Кор болсун, – деп Корош коюп, мени сынап олтурасың э, карагым?!

– Азирети балдардын өзүнө карата сын айтып алып, ичинен кыжаалат боло, – мейли, сынчынын милдети, туура сынын айтыш. Жалган айтса кепинин жеп койбойбу, кызталак! Жаман көрүшсө каякка алып барар эле, үчөөлөп токмоктоп жолго салар. Тетигиниси тири карак көрүнөт. Ошондон бирдеме чыгат, Азирети он бирдеги жаш баланы эми биринчи көрүп жаткандай сынады.

– А, баатыр, береги балаңдын ысымы ким?

– Сак саламат жүрсүн деп, Сакай койдум эле, Азирети сынчым. Азирети кубанганын жашыра албай Чөкөгө тике көз тикти. Билдим, ушунуңан чыгат. Акелерине сака болсун, – деп Сакай койгон турбайсыңбы. Ушу балаң тири карак болот. Өнбөгөн доосун өндүрөт, душманына сырын бербеген, чакырт-паса өзү басып келбеген мырза уул деп ушуну айт! Бир айыбы катынга кароо болуп, катыны агаларын жамандаса көңүлүн калтыра чогоол айткан жагы болот. Ошонусунан көп аксайт карагың. Болбосо башка айыбы жок көңүлүн кайт кылып, агасын тентитет. Теңтайлаш уруу чыкса өйдөсүнүп аларды кемсинтет ошондо сөзгө бир сынат ушу туягың. Эси болсо чогултуп журт кылат. Эси болбосо тентитип сарт кылат дейт да этегин күбүнө туруп сыртка бет алат экен Азирети сынчы.

Сынчыны Чөкө аттантып тээ боз булуңду имерилгенче кошо барып ошол жерден кала берет.

– Кожомжар балам, угуп жатасыңбы?

Кожомжар, «оба» дегендей башын ийкеп Көлөпкө нестейе карады.

Балам, жүзүңдөн эрдин түрү байкалат. Жаштын өтүп кеткенин карасаңчы? Болбосо сен экөөбүз атаңа, Абыл, Тейитке чейин барып келүүбүз милдет эле.

Туугандын топурагы алтын дебедимби, бир жакшылыгыңда, бир өлгөнүңдө билинет. Туугандардын карасы дегеним тонуңду тоздурбай асырап алат, көңүлүн кирдетпей багат бала чакаңды. Ага чейин көр тиричилик чүкө кылып калчайт.

Көлөп тунжурап коломто чукуп көпкө чейин ойлуу олтурду.

Жылдар өтүп ар бирибиз карчыга куштай камынып бат эле жетиле келдик. Пендечилик да балам, ким бар экен ата-энесин тулупка салып кереге башына илип койгон. Атабыз экөөбүздү үйлөнтүп энчи бөлүп берүүгө жарады да, о дүйнө узап кете берди. Кийинкилерине да чекеден чертип кыз тандатып, атабыздын өлөр алдында айтып кеткен: «Иниңерге карай жүргүлө, » — деген сөзүн аткарып, бир милдеттен кутулгандай болдук.

Көлөп жерде сыйдам сакалынын учун оозуна карата имерип сылай, ээрдин кымтыланып Кожомжарга карап: – Уа пендем, көзүң өтсө бир ата өтөт, эки ата өтсө алыстайт, төрт ата өтсө чабышат. Тыңы начарын кемсинтет. Жумшактан күлүн, катуудан казанын калтырып, сулуу келин — кызын олжолоп кыйт-кыйттап жылкысын айдап, олжого туйтунат. Билерманы улам төшөгүн жаңыртып, койнуна сулуу кыз тоголотуп салып, кызуусуна батат. Күн өтсө эскирген бөздөй анысын алмаштырып жана биринин кызына кирет. Анан күндөш көбөйүп, ар жатындын балдары өзүнчө куралып, жаатташып, бийлик талашууга өтөт. Тыңы начарын басынтат жолборс болуп күрүлдөп. Жакшыдан бөөн, жамандан жаан дейт, уул убара болбосун дейт ушул баш...

Кожомжардын зындандын кара ташындай бек олтурушуна ичинен баа берген Көлөп: – Ушуну менен бүгүнкү сөз бүттү, балам. Мусага кошулуп ууга чыгып кел. Өз көңүлүңдү өзүң көтөрбөсөң, сени бирөө ээрчите койбос. Түсү ийгиден түңүлбө деген. Түтүн булатарыңды да ойлоп жүр, балам. Сөз арада куу чал сөз кыстарып өттү. Бу кебинин артында өзүнчө бир окуя жатканын Кожомжар кайдан билсин. Тек гана көңүлүң түз болсо болду, карагым, – деп дагы да жанагы кебин кайра кайталады Көлөп.

 

***

Аяк оонанын этеги күн катуу ысып чыкты. Аптаптан чөп кыярып саргая баштады. Өзөндөн аккан суулар сайынан ашып жээгине өскөн бадалдарды күнөөсү бардай койгулап төмөн күү менен агызып алдас урат.

Жашынан тири карак чапдес кыял Сакай жаш аялы Айбаланы аймалап ысыгы тарай элек. Агалары менен бирге каркыт ичип алагүү олтурса, алардын кебин жактыра бербейт. Жайыт жөнүндө күздөө, кыштоо тууралуу кеп болсо, «кыйытып, жакшысы меники» деп өзүнчө кырдуусунат.

– Кызылбуурулдун үйүрү Боор Текени жайлайт.

– А Жээрдекашканын үйүрүн кайда алып барасың? – деп Корош жаагын сылай акырын суроо таштады.

– Каякка алып барсаң ошол жакка алып бар?! Орто жолдо Көлөп сөзгө аралашты:

– Сакай өз жайытыңды көздөсөңчү? Сары жайыктай жер барбы?

– Каркытка ала күү Сакай Көлөпкө катуу тийди.

– Сары Жайык күздөөм, Боортеке жайлоом болот. Керүү-нүн (Толукту айтып жатат) четин жаздоо кылам.

– Көлөп инисин жээрий карады. Керүүнүн чети меники экенин билет. Билип туруп тийишет го бөлтүрүк. Өз агасын агалай албаган, бирөөнүн агасын сагалайт, болот го шумпай!

Көлөп Сакайды мелтейе тиктеди.

– Көп тентектик, кылба?! Ар кимдин жайыты өзүнүкү. Конушун талаша бербе?

Каркытка алакүү Сакай опурулду:

– Азирети сынчы оюңдан чыгып кеттиби?! Көнчокой кийип, сайсайлап изиң табылбай тентип кетип жүрбө? Көр болуп өлөрүң эсиңдеби жан аба?!

– Бас, жаагыңды?! – Жамантык, Сакайдын залимдиги артып, агаларынын балдарын көз көрүнөө, бей күнөө урдуруп койгону эсине түшүп инисине опурулду. Көлөп сөзгө сынып калды. Эң кичүү инисинен уккан сөз жылан болуп арбап, түшүнөн кетпей койду. Күн өткөн сайын Сакайдын залимдиги артты.

Акырындап ылдыйлап көчүп конуп олтуруп, Көлөп, Акман, Кызыл Үңкүр тарапка ооп кетти.

Бул таарынчысын Кожомжарга толук айтпай кепти, чорт үзүлгөн комуздай кайрып, улуу зайыбынын экинчи уулу Мусаны кошуп тоо беттентип жиберген эле. Керүүнү кайтарып алармын. А наалаты: «Сөзгө сындым, аба тандаган жериңди ал, барбасаң туугандыктан кечип кетем,» – деп жатып көчүрүп келди эле. Дайранын жээгин малдын өрүшү деп ошол жерден орун алдым.

Бейиши болгон кемпиримдин сөөгү Кетментөбөдө түздө калды. Эки уул төрөп берди. Экөө тең удаа өсүп өздөрүнчө түтүн булатып кетишти. Таңатарга Муса эш болбосо, кийинки Сейилден туулган Кабыкеге Келдике камчы сап болуп бербесе туугандыгы кайсы? Жамы бир сийдик делгени менен эки жатын тебишип эки башка мүнөз күтүп анысы кыял-жоругунан эле байкалып турбайбы?

Кожомжар келгенден беш жыл мурда Сейил каза тапкан эле.

– Кызыталак деле катын токтобос болуп кеткенби? – деген Көлөп, көпкө төшөк тартып калган. Оорукчал абышканын эки жагын кымтылап багыш келинге кыйындыкка турарын ким да болсо билет.

Желбегей жамынган Көлөп заара ушатканы чыкты. Башынан тири карак келини Апар, кайнатасы үйгө киргенден кийин сийдик чен таштап, кайнатасы дагы эле күүлү экенин билип, күйөөсү Мусага айткан. Аялынын тилин алып Муса атасына аял алып берүүнү милдетим деп койду.

Сейилдин аш суусун берип, бир туугандар атасына кайрадан аял алып берүүгө жарады.

Андан Болот, Темир деген эки уул туулду. Бирок али жаш.

Аң уулоодон келген Кожомжар, Көлөп экөө дагы да өздөрүнчө боз үйгө олтурушту.

...Сөздүн нугун байкап жаткандырсың карагым?!

Баягы айтылган сөз үзүлгөн жиптей орто жолдо калбасын. Өзүң билесиң... үч түнөгүм бар. Кыз туурдагы куш эмей эмне. Кетет да бир күнү туз насиби буйруган жерге. Кенжем, Алтыным тирикарак.

Алтынды укканда Кожомжар өзүнчө түйшөлүп алды. Ал Алтынды сыртынан жактырып жүргөнүн бу чалдын билип алганына таң кала, тамагын жасап жөтөлгөн болду.

– Кожомжар балам, келатканда калың жылкыга кез болдуңбу?!

– Ооба, ата.

– Э, ошол калмактардын жылкысы. Керүү деген жер ошол. Бирок аты Толук деп аталат. Ошол жерди Калмактардан мага бошотуп бер. Толук деп аталышы кемегедей чуңкур казып, топурагын кайра салсаң толуп, үймө топурак ашып калат. Ошол үчүн Толук деп аталат.

Алардан мурун Черик эли жердеп дайра бойлоп, өрүлөп олтуруп өз атаконушу Атбашыга кетишкен. Ал Черик элинен келген бир уруу эл, тээ суу башында Моңолдор уруусу менен жамаатташ жашашат, бу тапта ага чейин биздин ата-бабаларыбыздын жайлоосу экен.

Черик эли кеткенде Акталаа багытынан калмактар келип, олтурукташып калат.

О, алар оңой жоо эмес, көп эл. Жанагы айтпадымбы, жолдо топ жылкылуу айылга туш болдуңбу деп ошол калмактар.

Көлөп оозу кургап, «кхм» деп бир аз турду да, сөзүн кайра баштамакка, Кожомжарга тике карады.

– Жер конушун билгендирсиң. Ошол калмактар бизге жете келип салык алып турат.

Карыя жер тиктеп калды. Башын өйдө көтөргөн Кожомжар:

– Сиздер Кызылкыр менен өтүп Кызыл зоонун үстүнө көчпөсөңүздөр болбойт. Үстү тайпак кенен жер экен. Кыштоо-го да болчудай. Жер өрүшүн Муса абам экөөбүз алып бүттүк. Келерки жазда өйүзгө Кошкөлгө жайлоолойбуз. Бул Муса абамын сунушу.

Карыя ойго бата түштү.

Жымжырттыкты Кожомжар бузду.

– Ата, Кызылкырдын үстү бир таман жол экен. Эки жагы жалама зоо, ошондон өтүп алсак ары жагы кенен түз. Ошол жакка көчөбүз.

Салыкчыларды Кызылкырдан өзүм тозом. Мындан ары чыгым төлөмөй жок.

Кожомжар кесе айтты.

Таңатар, Муса Кожомжар менен кошо барып, жерди жактырып кайтты.

Кабыке агаларына кошулуп атасын көндүрүп көчүштү тездетти. Антпесе калмактар эми эле келет. Тили буруулар өзү эле келсе экен. Алар бир топ кыргыздарды кошуп алып келет. Чоң сүйлөгөн да кайраштырып ыгым-чыгымды да көбөйткөн ошо кыргыздар.

Көчүү-конуу аяктап бүтүп, Кожомжар Көлөптүн балдары менен келип алты ай ок дары даярдады. Көпчүлүк карап турмакпы барсыканчысы да табылып ийри кылыч жасоого да өтүштү.

Кожомжар түн уйкусунан безип, Көлөптүн төрт баласы, дагы да жамаатташ уруулар менен тоодон куу арча кыйып кулатып, Тегерекке, Калкагарга, тигил өйүзү Кенбулакка Жалпакташ жана башка жерлерге өгүздөр менен арча ташытып үстүн боз куурай менен жашырды. Ал калмактар көрбөсүн дегени.

Кийинчерээк Көлөптүн ылдыйкы таякелеринен ийри кылыч жүктөтүп түн жамынып кайтты. Күн артынан күн өтүп, бүгүн көргөн эртең жок ошондой экен дүйнө бок, дегендей алдыда күз жакындап келатты.

Ал Көлөп менен дагы кеңеш өткөрдү. Анын балдары да кичине топ өткөрүп кийинки кезектеги болор ишти Кожомжарга айтышты. Алдыда иш арбын, жоо жеңиш оңой бекен, бирөө эле «ме» деп бере коёбу, жашап жаткан жайлуу түнөгүн!

– Кана, ишке камыналы, жоо жарагын шайланып, кынсыз кылыч байланып, сүрөр жообуз жөнүндө кеңешели. Кожомжар Мусага карады. Муса эмне кылсаң да өзүң бил, чап десең чабабыз, акыры жумуру башта бир өлүм дегендей башын ийкеп ыкласын коюп олтурду.

Эртеси өгүз белиндей арчадан дагы да кулатышып, көпчүлүк дүрбөп жатышты. Түн жамынып Тегерек деп аталчу бийик түзгө ар жерине кыр-кырлап дагы да арча ташыды. Элге билгизбей арчанын куусунан беш жүз жерге көрүнөгө ташытып үстүн боз куурай менен дагы жашырып жигин билгизбей болжолдуу күнүн күтө, өйүзгө өтүп кайрадан кеңеш өткөрттү. Төрт уулуна төрт аргымак минүүгө ар бирин өзүнчө кошун болуп көрүнүп амал менен албасак күрөшсөк күчүбүз, чабышсак алыбыз жетпейт. Биз азбыз, алар көп. Амалды мен баштайм, мен эмне десем ошону орундатып тургула деген баатыр Чамбылкөктү ары-бери ойдолото этин кызытты. Жоого аттанар күндүн толгоосу да бышып жетилди. Ушул түнү жылдыз толгондо алоолоп от дүрт этти. Күн мурунтан камынган Мусага ага-инилерин ээрчиттирип беш жүз жерден беш жүз кошуун болуп көрүнгүлө үндү катуу кылып ызы-чуу чыгарып ар бир оттун жанынан караан болуп эрбеңдеп ары-бери чапкылап тургула?! Жалын чатырап бийиктеп чыкканда атка камчы салып тизгин тартып ойдолотуп тургула, – деп өзү кыр ылдый эңиштеп чүү коюп жүрүп кетти. Мен ушинтмекмин деп амалын айтпады беркилерге. Тек гана түшүнүксүз баатырлыгына акыл кошулгандай Керүүгө түшүп калмактардын кошунуна чабаганчы болуп өзү барды.

– О, Каган, чык бери! А Жайсаң?!

– Ал сестүү кыйкырды. Иттер абалап айыл ызы-чууга толуп, ары-бери баскан адам көбөйдү.

– Сизди кармашууга Кожомжар баатыр камынсын дейт. Ана, беш жүз кошун сарбоз менен тигинде өргүп жатат. Жообуңду тез айтыңыз?! Элчинин милдети ошол. Мени, тез кайт, кабарын угуп тез кел, болбосо артыңан өзүм барам, башың калмактардын башы менен канжыга кетет, – деген.

Алдындагы Чамбылкөктү ойноктотуп, кара терге түшүрүп, улам-улам кылычын булгалап турду. Үйрөтүлгөн жолборс «гүр» этип капысынан кол салды. Жырткычтын башы топтой тоголонуп, арыта кер кашкасын алчыланта бастырып келаткан Жайсаң кагандын алдына түшүп, Кожомжардын кылычы канга боёлуп, улам кылычын булгалап каганды кекете сезин алды:

– Жообуң не каган; Тез айт Жайсаң!

Ал дабдырай түштү. О көптө эсине келгендей баатырга үн катты. Жообум таңга чейин чабуулун токтото турсун. Жерин бошотуп берем. Артка сүрүлөм. Эки ортодо кыргын болбосун, ошентип айтып бар баатырыңа.

Карып калган Жайсаң каган карылыкка моюн сунуп, артында жоолашып алар тукуму болбогонго өкүнө, ичинен бөздөй түтөдү. Ал катуу ойго батты. Аргымагын ойнотуп Кожомжар бат эле көрүнбөй калды. Жанагы баатыр чекесине кызыл мата байланып, Таңатардын куласын минип көчкү болуп куюлуп түштү тиги кыядан.

– Кан, о Каган?! Элчиге өлүм жок деген. Өлүм кылам десең жекеге чык. Азыр бир жаңсыл болуп чабышта өлсөм бул жерде калам, тирүү болсом тигил жерге башыңды канжыгама чала кетем.

Каган чабышып ала албасына толук көзү жетип турат. Адам түрүнөн айырмаланган калбыгый эрин, кир кабак жолборс мүнөздүү эр экен, – деди Жайсаң. Эли дүрбөп жатты.

– Кана, жекеге, жекеге, – деген Кожомжар кагандын үйүн жөөлөтүп ары-бери чапкылап, тигинден жооп күттү. Каган эс-учун жыя албай дабдырап калды.

– Кетем дебедимби, таңга чейин чабуулун баштабай турсун баатырың?! Бар сураныч ошол деген башчы Кожомжардын көзүнчө нар төөлөрдү жыйнатып комдотуп жатты. Боздогон төөлөр чөгүп, үйлөр артылып – бу кандай келгин эле, – деп кейип артка сүрүлдү. Тээ Тегеректен беш жүз жерде алоолоп күйүп жаткан отторду көрө өңү кумсара түштү. Арчалар алоолоп күйүп, асманга көтөрүлөт. Атчандар эрбеңдешип кыйтуулап «жоо эле жоо» деп бирин-бири торой утурлай чабышат. Анда-санда тоону жаңырта ачуу бакырыктар чыгат.

– Башка ат минип келди. Чын экен. Качуудан башка арга калган жок.

Жайсаң мүлдө журтун көчүрүп, артынан өзү баратты. Жандай бастырган атчандан сурай жүрөгү түшөт.

– Кошуну нече дедиң?!

– Беш жүз кошун, кара таандай жер каптайт. Санынын так эсебин айтпады. Үчүнчү жибербейм башыңды алдырам, же башың ошол жакта калсын сага бүтүмүм ошо деп жиберди каган?! Анын несин менден сурайсың?

Кожомжар дагы да сыр бербей сестүү унчукту. Анын үнүндө кекээр, мокотуу.

Каган чындап,чоочуп алмадай башым аман калса деп барат. Карыганда жан таттуу болот окшойт. Жашымда мындайдын тилин толгоп «керектүү» жерине «тапшырып» койчу элем. Атаат, карылык. Эми кайта берсе болот, деп ичинен бүтүм чыгарды.

– Кайта бер баатыр?

Эл өлбөсүн, кан төгүлбөсүн, Таң атса жер Кожомжардыкы.

Кан ачуулуу мелтейе жерди тиктеп, жылдызы жерге түшүп, сабыры суз барат. Алатоодон таң таштап ак шоола улам жайылып, жер жүзүн балкытып, агарып келатты.

Таң да атты. Алыстан көрүнгөн караан улам жакындаган сайын, карааны далдайып, башындагы көрпө малакайын булгалап сүйүнүчтүү, же дагы бир шойкондун белгисин кабар эткени келатканы, чабаганчынын астындагы боз чамбыл болгон аргымак топуракка жуурулуп, аттын көзү эле жылтырап туягына чейин чылпылдап сарыгып аккан теринен эле байкалат.

– Муса аке, уулдуу болдуңуз?!

Бул дүйнөгө дагы бир атказык келди! Сүйүнчүсүн ал – деп Апар байбиче жөнөттү. Кабарчы, аргымагынын тизгининин кош колдой тартып, сүйүнчү сурап турду.

– Болсун, болсун иним. Жоо сүрүлдү. Жоо качты. Атама айта бар, билип турам иним. Дүйнөгө келген ошол сары наристенин атын Жоокачты койсун. Асан чакыртып коюлган ысымы ушу деп, сүйүнчүлөп бар. Бар өтүнүчүм ошол. Сүйүнчүсүн үйгө барганда берем. Биз конуш көрүп кайтабыз. Чабаганчы артын карай бурулуп, терге чыпталып турган күрөң аргымагына камчы шыбап жүрүп кетти. Өмүрүндө аз сүйлөгөн Кожомжар Мусага таң кала карады.

– Мусаке, төрөлгөн наристенин сары экенин кайдан билдиңиз?

Жанаша бастырып бараткан Муса агасы Таңатарга карап, көзүн кысып:

– Э, Кожом, Муса, биринчи жолу чечиле Кожомжарды эркелете сүйлөгөнү ушу.

– Атасы мен,кебетем чала ышталган чаначтай кызгылтым сары жүзүмдү кимден жашырам ыя?!

Анан да энесин көргөнсүң, эжигейдей эзилип, кеч күздөгү жалбырактай саргайып сөөгүнө териси жабышып турат. Анан баласы сары болот да?!

Келгенден бери сырын толук ачып бербеген Кожомжар жүзү жайдарылана борс-борс күлдү. Атчандар жанаша бастырып баратышты. Кыяны эңкейе бергенде туура капталдан элик качты. Алдыга бастырган Кожомжар эликти көрө бир аз кызыга карап, жүзү өзгөрүлө алдын мелтейе тиктеп өңү суз тартты.

Көз алдынан атасы, эки бирдей тууганы дагы да Кыйды, Чал чубурду. Анан Кыйдыны учкаштырып келатып, кылычы менен көр казып жашырганын эстегенде жүрөгү ийне менен сайгандай тыз этип ачышып алды.

Туулган жердин топурагы алтын. Жаман да болсо тууган жабуу. Бирөө сага тууган болуп береби? Анан оюна бир нерсе кылт эте калдыбы, өңү кумсара түштү: – Э атаң көнү ачай! Ата ордун басып келаткан уулуң Болот кана? Абыл, Тейит кошулса чүкүрүнүн борткосуна эмне бар эле? Чүкөсүн ойноп абалак атып үйдө калмак. Балакатка жетсе го мейли, ошону түшүнбөдү го урган?! Э атаңдын арбагы... кечтим туугандан, кечтим баарысынан... Билип туруп өзүм кылдым! Карайлаган каманга учурайт болдум! Же туумду кыя чаптырып, сөөгүн, өзүм өңөрүп үйгө жалгыз өкүрүп түшкөнүм жалган беле?! Көңүл айтууга жарабады го, тиги ургандар?! Кайда калбаган жалгыз баш. Кечтим... Кечтим!

Ачууга жеңдирген Кожомжар алдыга бастырып, катуу жүрүп келатты. Чамбылкөктүн үстүндө ыйга мууна солкулдап анысын жашыра:

– Силер жай келгиле, – деп жооп күтпөй атына камчы басты. Чамбылкөк кызыл кыя ылдый көчкү болуп куюлуп, артында буркулдап түтүндөй чубалган чаңы калды.

Ушул күздө убадасы боюнча Кожомжар Көлөп кызы Алтынга үйлөнүп, өзүнчө түтүн булатып бөлүнүп кетти.

Ал келген жылдын кышы жылуу болуп, жазы эрте келди.

Толукка көчүп барам деген Көлөп, Таңатар менен Мусаны, Келдикени кошуп жаңы коңушка көчүрттү.

Кожомжар келген күздө Темиринен ажырады. Чал Толукка баргысы келбеди.

Таңатардын бой тартып калган уулу Талканды жанына алып, Нарындан өтүп, Карасуунун үстүндөгү жанаша пайда болгон Кошкөлгө көчтү.

О жылдар өтүп кары дагы да талканга Анжиян багытынан кыз алып берип келиндүү болду. Талкан тайкелери менен көп алака түзөт.

Кийинчерээк Болотту Көчүрүп кетем деп Кабыке келди. Кайран киши сакалы көк ала болуп карып алыптыр. Болот жанымда болсун, береги Талканды көчүрүп кет деген кары Кабыке баргандан үч күндөн кийин жаздыкка башын койбой кайтыш болду.

Балдары туш тараптан чогулуп келишип, жана да башка туугандары менен Көлөптүн сөөгүн Карасуунун үстүндөгү Кошкөл деген жайлоого коюшту.

Келдике апасы менен Кабыкени ээрчитип Толукка көчүп кетишти.

Муса болсо Ачыкты жердеп Таңатар жана башка туугандары менен Кызылкыр, Темиркен Бозтектирди айланта күздөө кылып жай алышты.

 

 

КАДЫР КЫБАЧЫ

Туш тарабы тоолор менен курчалган тектирче жерде алачык турат. Андан төмөн жакта боз үй батарлык чакан аянтча жалаң чытырман токой. Жалаң боз шыбак өскөн дөңсөө улам бийиктеп жогору жагы шагылдуу бийик аска, жалама зоого айланып кетет. Тоонун башында бүркүт айланып жүрөт. Эч кимге залалы жок сезилген ошол айры канаттуу ушу айылга үч жылдан бери байыр алып жашап жүрөт.

Бирок, эрте жазда ошо бүркүт жоголуп кетет да, кайра жай толугунда пайда болуп, бир козу энчисине берилгендей жайыттан жылыга бирден козуну көтөрүп, улам бийиктеп учат.

Жампанын кыштоосу жеңил. Отуну жанында. Анын үстүнө күзү көпкө созулуп жазы эрте келип малга жайлуу. Тару айдап дан багып, мергенчилик өнөрү бар Кадыр бир ууч элдин ырыскысына жаралгандай. Эт аш түгөнгөндө тоого чыга калып элик, олжолуу болгон күнү куран атып тээ кырдан ылдый көтөрүп түшүп келет. Кээ күнү мергенчиликке кызыккан балдарды ээрчитип алып илбээсинге да чыгат. Мындай учурда куру-кол кайткан күнү аз болот. Аюу же илбирс атышып, жолу болбоду дегенде элик атып кетет.

Бирок мергенчинин бир билгени бар. Ал канчалык ачкачылык мойнунан ныгырып турса да, чаарчык атпады. Чаарчык атыш ага күнөөдөй сезилет. Канча жолу чаарчык менен бетме-бет кездешпеди, жолдоштору «ат» деп канча шыкак бербеди, бирок чаарыкка мылтык сундурчу эмес.

Жайдын толук убагы. Жол боюнда жалгыз алачыкта аялы экөө жашайт. Коруганы тааруу. Таарууга коно калган чымчыктарды чоочутуп алда кайда учурат. Жашоо үчүн күрөшкөн чымчык ага болобу. Кайра эле Кадыр үйгө кире калганда «дүрр» этип жабыла таарууга учуп келишет. Тааруу дүмбүлдөн өтүп саргая баштаган.

Бул дан парандалар үчүн табылгыс оокат.

Үйдөн чыга калган Кадыр алыстан келаткан жалгыз атчанды утурлай тосуп карап турду. Анын үстүнө таарууга келген паранделерди ташка таш ургулап чоочутмак адаты болчу.

Караан улам жакындай берди, узун аппак сакалы атын чү-чүлөгөн сайын сербең-сербең этип, өзү чарчап чаалыгып келаткан түрү бар.

Атчан карыны утурлай баскан Кадыр, андан мурун атсалоому-алейкум деп салам айтты. Кары: — Алеки атсалам, — деп алик алып, кол алыша саламдашты.

Үй тушуна келгенде ат жүрбөй тык токтоду.

– Аксакал чарчап, арып алыстан келаткан көрүнөсүз? Түшүп үйгө эс алып алыңыз. Арыта турган аялы карап турган экен. Кадыр:

– Ке, үйгө кириңиз жай олтуруп, эс алып кетиңиз. Сиздин алдыңызда эле тааруу коноктун четине жапан жаныбар кирип келбесин деп койгон капканга элик түшүп калыптыр. Ал да сиздин насибиңиз.

Карыдан атты эмне кылайын деп сурабасатан ээр токулгасын жайдактап, кемеге башындагы челектеги сууну аттын жонуна жаба куйду. Ат силкинип алды.

Башындагы жүгөндү шыпырып шагылдуу журттан окчун өзөнгө жакын тушап койду.

Кадыр келсе кары дагы эле эшикте турат.

Ой кут кары келиңиз, бу чыйылдап чыккан ысыкта эшикке туруштун өзү эле бир азап. Анын үстүнө Жампа конушубуздун жайы ысык болот.

– Кир деп койсоң боло? – Кадыр аялына тике карады.

– Кир деп айткан. Кой балам, келин балага сөз тийгизбе, өзүм болбой сени карап турам. Жутап калгансып үй ээсинен мурун кирсем салтка жагабы. Ашык кетпе балам?

Кадыр унчуккан жок, тек гана аялынын артынан өзү ээрчип кирди. Жаркын сыртта бүлүнүп жүрдү.

– Чарчап келген карынын көздөрү киртийип уйкусу ушунчалык келгендиктен Кадырдын кебине да анча көңүл бурбады. Тек гана Кадырды карап:

– Балам атың ким?

– Кадыр.

– Кайсы уруудансың?

– Моңолдор болом.

– Э балам, жакшы бала экенсиң?

– Тиги таарууга чымчыктар жабылды го?

Мен бир аз «тук» этип эс алып алайын. Аштык керек, балам. Тааруу коногуң да жакшы болуптур, топу ыргытса жерге түшпөй тааруунун шагына илине турган.

– Элиң эсенби?

– А кудага шүгүр. Жашап жатабыз. Ооба балам, жаманчылыкты аманчылык жеңет деген. Бу уйкум келип турат мен кичине тук этип алайынчы.

Ордунан леп тура калган Кадыр карынын башына чапанын үч бүктөп коё койду. Кары уктап кетти. Эшикке чыгып бараткан Кадыр мээ кайнаткан ысыкты тоготпогондой аштык айдалган аянтын бир сыйра тегеренип, чымчыктарды кубалап учурду.

– Үйгө кирсе кары саал кыйналгандай түрү бар. Чекесинен аккан тер чыбырчыктап жаак ылдый куюлган. Эшикке леп этип чыга калган ал челекти ала коюп алачыкты айланта суу септи. Жанында агып жаткан чоң суудан сузуп келип, дагы да сээп, анан алачыктын үстүнө себе баштады.

Кары жүлжүйтүп көзүн ачып койду. Шыпылдап баскан адам дабышынын үнү бир азга жоголо түшүп, чөп алачыкты айланта сээп артынан мизилдетип шыпырды.

Кары билмексен болуп көзүн жүлжүйтө ачып, жаш балача бышылдап уйку соонун арасында акырын козголду.

– Деги эле күн жарыктык аябай ысып чыкты. Эми эле сепкен суу ысык ташка тийген тамчыдай бууланып кетет.

Чаалыгып келаткан аксакал жакшылап уктап алсын дедим эле.

Кадыр челекти алып сууга дагы кетти.

– Тоуба, буту-бутуна тийбейт. Ылдамдыгы шамалдай, ак жүрөк дилинде арамдыкты билбеген адам экен. Жайчылыкты ушуга үйрөтпөсөм болбойт. Төгөрөктүн төрт бурчун кыдырып мындай айкөлдү көрбөдүм.

Үч күн түнөсөм жайчылыкты канык үйрөтөрмүн...

Карыя ичинен Кадырга ыраазы болду.

Отунга кеткен баласы Ысмайыл тез эле келди.

Кадыр баласына: – Жүгүр, тиги беш эчкинин арасындагы ак улакты алып кел. Келген мейманды, куру жаткырган болбойт, – деп союшка жумшады.

Кеч кирип баратты. Көрүнгөн асканы аралап басып баратышкан эчкилерге жетип, Ысмайыл ылдый карай айдап түшүп, алачыктын жанына келгенде, ак улакты шып эте арткы шыйрагынан кармап, оң колу улактын моюнуна ороло кучактап, тык токтотту.

Улакты алып келгенде тоолорго тегиз көлөкө түшүп, күндүн илеби да кайта баштаган.

Жымыжырттыкты Кадыр бузуп карыяга кайрылып: – Ке, ата, береги жандыкка бата кылып коюңуз? Колубузда болгону ушу чычаң атанын... «Анда аркысын айтпай Кадыр карыга кайрылып анын батасын күтүп калды. Жалпы дуба кылышып, Кадыр баласы экөө тең тез эле улакты союшуп казанга салышты».

Анда Кадыр кыркка жашы жакындап, Ысмайыл тестиер бала.

Карыя Кадырга карап:

– Угулум, бу чөлкөмдө жапан жаныбарлар көппү? – деп сурап калды.

Карынын сөзүн леп иле калган Кадыр: «Ийе ата, буйруганы болуп жатат. Капканга илбесин, кээде адашып кийик да түшүп калат », – деди.

– И, балам, жакшы балам экенсиң. Сен экөөбүз кеңеше турган иш бар.

– И, аксакал, ал кандай иш?

От жагып жаткан Кадыр бей тааныш коногун нестейе карады.

– Ошо сен салган капканга чаарчык түшкөн учуру болдубу?

Карыя шыбыш тыңшаган бүркүттөй эки жагын карап алдыртан Кадырды уурдана тиктеди.

– Болду, ата?

Жанында үргүлөп бараткан тестиер баланы көрүп, Кадыр: – Бар үйгө кир, кирип эс алагой, – деди. Аялы арыта мис табакта конок келсе уят болбойлу, – деп катып жүргөн бир ууч унун жууруп жатты.

– А, балам, ошо чаарчык кайсы бутунан капканга түшкөнүн байкап, эсиңе тутуп калдыңбы?

– Мен көргөнү төрт же беш жолу ошондой окуя болгон. Бардыгы алдыңкы оң шыйрагынан түшкөнүн байкадым.

– Ийе де, түзүк экенсиң, эске тутумуң жакшы тура. Ал кайберендин тукуму энесинен алдыга түшүп, келатканда түшчү тура.

– Я, Кадыр балам, аңчылыкты этият пайдалан. Ошол чаарчык капканга түшкөндө шыйрагы ооруп сыздабады дейсиңби? Бала да бир, чаарчык да бир, эне менен атанын жанында жүргөндө көңүлү ток бала сыяктуу энесинин алдында чаарчык да ишенимдүү басат.

Кары Кадырды мелтирей тиктеп көпкө турду. Анан Кадырга көз тигип ичинен:

– Атаңын көрү, карыганда балдарың жаш калат шекендүү деп күрсүндү.

– Кадыр, очоктун баш жагында төшөнчүнүн үстүндө олтурган карыяга эмне болду ата? – деп шектүү тиктей карай берди.

– Кадыр балам, ошол чаарчыктар сенин тукумуң. Карыя мулуюп күлүп койду. Кадыр нестейе ойлуу тартып отту ичкери түрттү.

– А Кадыр ойлонбой эле кой, уучуң кур болбойт сепкен үрөөнүңдүн арты өнүмдүү, бирок да өзүңдүн карылыгыңды ойлой жүргөнүң оң.

Карыя Кадырды сырдуу карады Кадыр ойлуу, очок ичкертип олтура берди.

Этти чыгарып үй ээси тасмалга койду. Эрмендин жыты жыттанган жаш улактын этинин буусу тиги конокту каптай берди.

– Ал, ата, эт сонун бышыптыр дейсиз. – Кадыр улактын жамбашын тартып, алдын ысыгында деп май жөргөмдөн сугунтту.

– Түзүк, түзүк, таза бышкан экен. Уулуңду ойготуп койсоң?

Кадыр баланы түрткүлөп көпкө убараланды.

– Ысмайыл күндүз көп ойноп чарчагандыктанбы, уйкусурап турбай койду.

– Ушул ырыскыдан кур калбасын, балаңды тургузуп жегизсең?

Чал Кадырга имериле карады. Ысмайылды канча жолу түрткүлөп ойготуп, бетин суу менен жууп да көрдү. Бала уйкусурап кайра жатып алды.

Тиги конок балага карап:

– О, Ысмайыл, өзүң кармаган улактын этинен жесең. Айда эзиле бышыптыр да, – деп мойну башынан кармалады. Бала ойгонбоду.

– Ушу атаат, тамактан жесе жакшы болот эле, мээнет ушунуку эле да.

Мейли эми!

Конок адам Ысмайылдын башына күрмөсүн коюп, өзү тамакка карап: – Кадыр балам, ушунуң убай береби дедим эле. Мейли, мейли.

Тиги карыя кебин түгөтө айтпай алдындагы тамакка киришти.

Эт желип бүтүп, Карыянын колуна Кадыр суу куйганда: «Ырыс-кешиктүү, элиңе өнөр көрсөткөн адам бол», — деп дубасын берди.

Өнөрү эмнеси экенин айтпады, тек гана: Кадырга буюра «Мага орунтукту эшикке сал, өзүң да менин жанымдан орун алгын. А керешкени тартып койсо, келин бала Ысмайылыңды колтуктап жата берет», деп кыт-кыт күлдү.

Төшөнчү да тиги конок айткандай салынып, бардыгы жатууга камынышты.

Карыя көпкө уктай албады. Тиги капчыгайдан бау, бау деген эликтин үнү угулду. Анын көз алдына Кадырдын капканына түшкөн чаарчыктар келип жатышты.

Суунун шары алыстан угулуп, аны коштоп баягы эликтин баулаганы жаңырып туруп алды. Карыя ооналактап жата албады.

Нары суунун жээгинде тушалуу жүргөн жээрде ат кээде бышкырып башын жерден албай оттоп жатты.

Тиги зоодон баулаган эликтин үнү басылып, жакын эле жерден чөөлөрдүн кыңшылаган үнү угулду. Ага кишилердин топ болуп шарактап күлүшүп келатканындай сезилди.

Асманда толуп турган ай көмөчтөй болуп не бир сүйкүмдүү көрүндү ага. Карыя айды карап: «Жарыктык далайга күбө болуп, муң зарды да, кубанычты да, зөөкүрлүктү да тиктеп, башыңдан өткөрүп келаткандырсың ээ», – деди.

Аксакал төшөнчүсүнөн козголуп, өйдө болуп олтуруп алды. Анын жүрөгү түрсүл кагып улам-улам Кадырды көзү тойбой, суктана карай берди.

Ушул түнү Кадыр түш көрдү. Түшүндө буту-бутуна тийбей тиги тоонун боорун бир карап, өзү турган түздү бир карап жерди айдаса тааруунун түшүмү мол болчудай, буга суу керек. Сугарыш үчүн арык казып, өзү турган жайыкка сайдагы суунун нугун буруу зарыл. Ал катуу ойлонуп жатыптыр. Аңгыча камчынын өрүмүндөй ак жылан алдына түшүп, Кадырга кишиче сүйлөп: – «Ийе, Кадыр, эмнени ойлонуп, эмнеге башыңды катырып жатасың? Мени асырап аздектеп жаныңа алып жүрсөң, ушу түзгө сууну экөөбүз чыгарабыз! Мен алдыга түшөм менин жылан боор изим менен жүлгө казып жүрүп олтурасың, суу керек пенделер топурап артыңан казып келбей жаны жокпу. Суу өзү эле чыгат. Бирок мени көп кыйнаба!».

Кадыр түшүндө да жылан да кишиче сүйлөйт экен э, тобо, деп жакасын карманды.

А кыбачым, сен өлөрдөн бир жыл мурун өзүмүн жайыма кетем.

Кадыр түшүнүн аягына чыкпай ойгонуп кетти. Жүрөгү түрсүл кагып, бүткүл баданы нымшып аябай тердеп чыгыптыр.

Ал ормоюп жанындагы карыяны карап койду. Карыя эч нерсе менен иши жоктой оң жагына алаканын жазданып уктап жатат. Кадыр да чалкасынан оңдонуп жата кетти. Уктай албады. Жүрөгү лакылдап жанагы түш оюнан кетпей койду.

– Тоба, жылан да кишиче сүйлөйт экен э? Кадыр бул оюн жанында уктап жаткан карыяга угуза айтып алганын байкабай да калды.

Карыя ордунан козголо Кадырды карап оңдонуп жатты да, аны жылмая карады.

– Ата, сак саламат жаттыңызбы? Кыйналган жоксузбу?

Кадыр ордунан туруп айдын батып бараткан күүгүм жарыгында коногуна көз тикти.

– Э кыңкыстап, ооналактап жаттың да, балам?

– Үй ээси түшүн жашыра албады. Түш көрүп кыйналып жаткандыкы болсо керек.

– Түшүңдү билем, ошону тутунасың. А эгер тутуна албасаң бу жайыңда кыйналыш менен жашап күн көрөсүң. Чынын айтып жатам! Калп айтып жатат дебе.

Ошол ак жылан сенин өнөрүңдү элге таанытат.

Аксакал адатынча мулуюп күлүп койду. Кадыр карыяга сырдуу карады.

Жүрөгү түрсүл кагып өзүнүн өмүрү жылан менен кошо жашап бараткандай бет алдын нестейе тиктеди.

– Ай батып баратат. Тынч эс алалы. Таң супа салганда кол дааратыңды ал. Калганы андан кийин...

Кары кыбыланы баштанып жатып алды. Асманды карап суюлуп бараткан жылдыздарга көз тигип Кадыр уктап кетти.

Кадыр баягы түшүн дагы көрдү. Анда үйгө келген конок башына селде чалынып, колунда аса таягы бар өзү жылаңайлак Кадыр менен бирге кырма табактан баягы улактын этин жеп жатышкан экен. Арыта сойлоп келаткан үч сөөмдөй аппак жылан тиги аксакалдын жанына келип, башын табакка көтөрө берди.

Үйдүн коногу «болду жетишет», – дегендей ак жыланды башынан кармап, Кадырды карай коё берди.

Кадыр чоочуп ойгонду. Эки жагын каранып алды. Чоочун адам жанында бышылдап уктап жатат. Болгону жээрде ат сырттагы кемегеден араак жерде оттоп жүргөн экен.

Кадырдын ордунан козголуп жатканын баамдап чал да ойгонуп кетти.

Экөө тең даарат алмакка эки жакка басып кетишти Багымдат намазы окулуп, үйдүн коногу Кадырга суроо таштады:

– Жайчылык өнөрдү үйрөнгүң келеби, Кадыр?

Конок үй ээсинен жооп күтпөй: – Үйрөнөсүң, дагы эки күн түнөйм, анан эле тиги соолуп бараткан тааруу коногуңа жаан жаадырып, оюңдагыдай түшүм алганга жарап каласың.

Жайчылыктын да өзүнчө сыры бар,

Тиги Азизхандын жалгызы Алманбет жөнүндө уккандырсың.

– Уккам. Акталаага барганда Музооке деген манасчы манас айтып жатканда Алманбеттин өнөрүн айтып элди таңдант-кан.

– И, билет экенсиң. Эмесе ошол өнөр сенде да болот. Бирок болор-болбоско кек сактап, өзүңө зыян кылып алба. Бирде болбосо, бирде тилинде мөөрү бар пенде жок дейсиңби. Сага суук сөзүн айтып, артың жакшы болбой калат. Ушуну кулагыңа илип жүр балам?!

Карыя үч күн Кадырдыкында болуп, болгон өнөрүн үйрөтүп бүттү. Тек гана ак жылан кайдан келет же өзү барып жолугабы ошону айтпады. Кадыр күндү жайлап көрдү. Кетер алдында тиги карыя көрүп калсын деди.

– Жаандын арты боройлоп, шыбыргактата карлап кирди.

– Токтот балам, таарууга зыян келтирип аласың. Кыянга алдырып жиберип эмне менен оокат кыласың? Бул да жаштык жигериңдин күчтүүлүгү муну этият пайдаланбасаң болбойт. Карамүртөс бирөөгө үйрөтсөң элди кырып коёт. Мен да тилегиме жеттим. Өнөрүмдү үйрөтүп, көрүмө тынч жатайын.

Атты алып келип току.

Кадыр жээрде аттын токулгасын бат эле токуй салып, алачыкты карай басты.

Кары оордунан козголуп тура берди.

– Тамак ичип кетиңиз? Келин балаңыз таарынып калбасын.

Жайчы карыны кетирбес үчүн аялын ортого салып айтты.

Мейли, ооз тийейин. Жол алыс. Андан көрү алдагы арпа нандан бирди ороп бер, келин балам?!

Кетип жаткан мейман келинди таң калгандай бир аз имериле карады. Аны Кадыр байкап калды.

Арыта ойноп жүргөн Ысмайылга карап: – « Көп жатак болбо, ырыскыдан кем каласың, атаңды карап жүр!» — деди да, келинди көзүнүн кыйыгы менен аянычтуу тиктеди.

Аттанып жаткан карыя Кадырга:

– Дагы кандай өнөрүң бар? – деп айтты.

Ордунан козголо берген Кадыр:

– Болот ушул өнөр, – деп жылмайды.

– Эшикке чыккан конок: – А балам, жигитке жетимиш өнөр аздык кылат.

Өнөр үйрөнгөн жакшы. Көптүн сообун аласың. Түндөгү көргөн түшүңдү унутуп калдыңбы. Аксакалдуу карыя үй ээсин сырдуу карады.

– Жок, ата.

– Анда эмесе ошол өнөрдү катуу тут. Ал данбагарлар үчүн табылгыс нерсе.

Бул өнөрдү Кадыр аялы өлгөндөн кийин баштаарын кайдан билсин. Тек гана карыяны аттантып коштошту.

– Э Кадыр, көп санаа чекпе, дагы жолугушаарбыз.

Карыя алачыкты айлана берди.

Ал өз көзүнө өзү ишенбеди. Азыр эле аттанткан коногу көз ачып-жумганча алачыкты айлана берип жок болуп кетти.

Бу жылы жайчылык өнөрүн аз пайдаланды. Жамаатташ жашаган айылдагылар жаандын сырын анча билбей, күздүн күнү ачык туруп бир аз жааган жаанды байкашпады.

Ушул кышта Кадыр Ысмайылынын апасынан ажырап, баласы экөө калды.

 

***

Кийинки жылы күн өтө ысып чыгып, жыл аңкак болду. Жайчылыктын өнөрү ошондо билине баштады.

Жайчы кадырын билбеген бийлер да, дан багарларына, сыртынан каарын чачып, ичинен жайчы иликтеп жүрүштү оңой бекен жайчы болуш. Күн жайлаган киши олуя болот. Каарына алса тал чөкөн болуп, көк карга тыраалап-татыран ак баш болгондо тизеден кар жаадырат.

Бул өнөрдү Азис хандын жалгызы Алманбет убагында куп пайдаланган экен. Эми минтип жайчыга таңсык болуп турабыз, – деп Нарбото куш пар жаздыкка башын коюп ойлуу.

Ал ушул жылы кышта катуу нокастап чыкты. Карылыгынын жеткениби, же чын эле ажалдын тооруганыбы, бүткөн бою жер тартып, бүткүл баданын доо кылып, тынчы кетет. Басууга алы келбесе да сөөгү жок тили сайрап тынчы кетип буйрук бергени, суроо салганы калбайт. – Кечки намазын окуп бүтүп, Нарбото ак ламбүк топусун башынан алып баш жагына коюп чекесин манжалары менен ушалап олтурат.

А наалат, өмүр да чылбыр сыяктуу учу бар белем. Бир учунан баштаган өмүр экинчи учуна жетип ичер суусу түгөнүп олтурат окшойт. Жүзүнөн кансөөлү качкан Нарбото, Рыскулбекке айтып өзүнүн жанына көчүртүп алган Жабагыны чакыртты.

Эшикти коомай ачып, Жабагы ирегеге олтура калды. Анын олтургандагы бою, керегенин башына желкеси тийип карыядан жооп күткөндөй.

– Э, бу, сен былтыр биздин айылда жайчы бар дедиң беле?

– Оба, баатыр.

– Ошо теңирдин сүйгөн пендесинин аты ким эле?

– Кадыр болчу.

– Өз көзүң менен көрдүң беле жаан жаадырганын?

– Жок, баатыр.

– Ым де. Жашсың, дагы эле жашсың. Күчтү берген теңирим сага башкасынан ченеп койгонун карасаң.

Тоодон жаңы эле түштүң. Жака менен тоонун айырмасын аңдай алдыңбы?

– Бул жагың ысып, тозоктун отундай күйүп турат экен. Суусамырдын жөнү башка баатыр.

– Келатып эгинге көз салдыңбы? Малдын да, сенин да курсагыңды кампайтаар ошол.

Нарбото кыңкыстап акырын ордунан көтөрүлүп, калың жаздыкка таянып көчүк басты.

– Тааруу конок эрте саргайып бараткандай. Күндүн аптабы күч болдубу дейм, бу жакта.

– Ага эмне кылыш керек?

– Сугарыш керек.

– Аның туура дечи, жети күндүк жамгырдан желип өткөн суу жакшы дечи. Ошентсе да, күндүн илеби жаан менен суубай эгин куурап кетет. Жайчы алдырбаса болбойт.

– Жайчыны кайдан алдыртабыз, аба?

– И, ошонун жөнү башка. Ал ишти мына өзүң аткарасың. Кадырга барып күн жайлап бер дейсиң.

Рыскулбек атасын карады. Нарбото онтоп алды, анын ар бир сүйлөмү энтигип чыгып, дем алышы оор.

Жаңы кирип, келген Карагул атасына көз тикти.

Жабагы ичинен...

– И, эмне ойлоно калдың?

– Жабагы үн катпады.

А балакай менин көзүм өтсө Рыскулбек өзү алып келип алып, сени күтө алар бекен? Же тиги аюуларың менен кармашып өзүң айткан жапан камандарды кулактап өмүр кечиресиңби? Сенин алдың да туңгуюк. Таарынган күнү качып кетесиң да элиңе. Бирок, артыңды ойлон. Аңкоо аюудай алдырып коёр жөнүң бар. Бар, жылкыңа бара бер. Кадырды башка киши жиберип алдыртып алам. Дан күйүп кетсе эле эл жутка учурайт. Ал жөнүндө бу чөлкөмдө ойлонгон жатакчылардан башка жан адам жок. Мен да болбой жатып Суусамырдан келдим. Өпкөмө абасы оор келдиби, бу жакка келгени тыңый түштүм эле, эми кайра баштап...

Нарбото катуу ыкшып жөтөлдү. Атасынын чекесинен жөлөп көпкө турду Рыскулбек. Өзүнүн көрөр күнү ичер суусу эми тамчы суу бербей турганын карачы. Колун кармалап, ыйлап олтурган байбичеси чекесин ушалап акырын коомайланта төшөгүнө жаткырды. Анын ичер суусунан акыркы тамчылары тып-тып таамп жатты. Рыскулбек атасынын камын ойлоп, эшикке чыгып кетти.

Кадырды чакырттырып алам деген Нарбото өзү күткөн түбөлүк жайына жөнөп кеткен. Кадыр жөнүндө Жабагы да ооз ачпады. Бу жылы Карасуунун эгини күйүп кетти.

Нарбото өлгөн жылы кышы кандай ызгаар болуп, түкүргөн түкүрүк жерге түшпөй ит өлүп турса жай чилдеси катуу ысып, саратандын жаагы басылбай эгилген эгин күйүп, дан багарлардын мээнети талаага кетти. Жылда алчу түшүмүнүн жармысын да ала алышкан жок. Бу деген терең ойлонгон кишиге жуттун белгиси, тукумдукка азыраак эгин артар, оокат тартыш болуп, этке адам анчалык алымсынбас.

 

***

Карагандуу колоттогу данбагар Термечик канчалык жанын үрөп сууну тааруунун түбүнөн үзбөсүн, баары бир, тааруу коноктун сабагы ичкерип башы куурап, кычагансып таранчылар да күч алды.

Жашынан зирек данбагар Термечик жылдагы алган түшүмүнүн жарымынан көбүрөөгүн алып калды. Ал да болсо Кадырдын үйүнө келип: «Жайчым, таарум күйүп баратат. Жакшылап бир жайлап бербесең болбойт. Акысына бир өгүзгө жүк таруу берейин. Жок дебе, кур аякка бата жүрбөйт. Сен болбойт дегениң менен аяктын түбү кур болсо тааруу ойдогудай болбой калат. Экөөбүз теңтуш элек. Сен жардам бербегенде ким жардам берет. Тууганчылык жайыбыз да бар.

Термечик Кадырды күтүп көпкө байырлады.

– Тобо, асманда жортуп жүрчү булут да жок. Же ал да бир жакка кетип калганбы?

Термечик өзүнчө күнгүрөндү. Кадыр атайын баратып суу жакка кайрылып тез эле келди да, Термечиктен жооп күтпөй алдына түштү.

Сакман тоосунун үстүнөн түнөрүп карайып булут чыкты. Адегенде керимсел жүрүп арты сыдырым шамал согуп, Термечиктин аңызына барганда катуу шамал сокту. Жаан жаай баштап, этеги күндүн көзүн ачырбай көнөктөп турду го жаан. Анысы аз келгенсип арты ак жаанга айланып кээ бир жерде кыян жүрдү.

Дагы да тынчы кеткен Термечик:

– Жайчым, жаадырат десе биртике коногумду кыянга алдырып иймей болдуң го? Жөн эле бир күнгө жаадырып берсең болмок?!

Термичек, Кадырды жактырбагандай карады.

– Э, дыйканым, эгиним күйдү, жаадырып бер дейсиң, минтип күндү жайласам кайра кыян алды дейсиң. Сага канткенде жагам. Ушул жаанды мени жаадырды деп турасыңбы?

Кадыр борс-борс күлдү. Жаан алдын баштаганым ырас. Менден да башка жайчы жок дейсиңби? Сенин тааруу коногуңа жааган жаанга коштоп, артынан кара булут куралып чыкпадыбы. Ошондон улам го, арты ак жаанга айланды. Ал табияттын өзүнүн жааны. Көп эле теңтушсунуп зекий бербесең, дыйканым?!

Кадыр тамашага сала Термечикти далыга таптап, капа болбо, жаандын арты кайрымдуу. Бирок бир апта өтпөй күн кайра эле ысып чыгат. Үстүндөгү жыл коён жыл. Коён жылы жайы ушундай болуп этеги ызгаар, жазы жут болот. Сен экөөбүздүн колубуздан келбейт ал. Колдон келсе башкача иш жасайт элек дыйканым. Түшүнгөндүрсүң эми.

– Жут дегенде Термечиктин оозу ачылып, таруу конок айдалган аңызын карап алды. Анан Кадырды карады да, аңыз четиндеги жалпак көк ташка көчүгүн басып үшкүрүнүп тескери карап кетти.

– Кадыке, жут болсо оокатыбыз кантип өтөт, байлар го согумун ырастап алат. Мага окшогон байкуштар кантип күн көрөт?!

– Термечик түтөп кетти.

– Кой, дамбагар, көп камтама болбо, элге келгенин көрөбүз. Балачака эл журт аман болсо анын да бир илеси табылар, мергенчилейбиз, коңшу жамаатан карызгалап дан сурайбыз. Андан көрү тиги Үчбай кудаларыңа айтып кой. Ушу баштан камын көрүшсүн. Өйүзгү туугандарга өзүм айтам. Согумду жакшылап ырастап алса элди ачарчылыктан өлбө жаным өлбө деп алып чыгып кетчүүлөр ошолор. Алар жылкысынын жалына, туягына кубанып жүрө берсе, жазында тебетейин тескери каратып битир сурап кала турган да ошолор. Малын аябасын, ушу жуттан аман калган мал беш жылда барып кайра эле ордун толуктайт.

– Кадырдын оозун аңкая тиктеп олтурган Термечик чындап жанынан түңүлдү.

– Тоба-деп жакасын карманды.

Айткандай эле ошол жылы кар калың түштү, талаадагы жылкы жер тээп оттой албай калды. Таш короодогу кой жайылып бадал аралап, оттоштон биротоло түңүлдү. Ошол жылкы жут элден да малдан да көптү алып кетти.

Кадыр суунун аркы өйүзүнө чанач менен кулач уруп өтүп моңолдор туугандарына барып, согумун алып дайрадан өтүп келатып мазардын тушуна келип ныксырап уктап кетти.

Үч жыл муруңку түшүндөгү ак жыланды дагы көрдү. Бу сапар ак жылан акырын сойлоп Кадырдын алдына түшүп алыптыр, аны чөнтөгүнө салып алды.

Кадыр бу сапар уйку соонун ортосунда үргүлөп түш көрүп, чоочуп ойгонуп кетти. Колу чепкенинин жан чөнтөгүнө салынуу экен. Жетектеги согумга деген тай ноктосу башынан шыпырылып артта оттоп жүрүптүр.

Колуна жумшак нерсе уруна түштү. Аны ал колуна алып, аласалдыра карады. Сулуу ак жылан экен.

Кадыр жетээри менен Кабыландагы жалпы элди чакырып, жетелеп келген тайын түлөөгө деп атап, таратып жиберди.

Эртеси суунун аркы бетиндеги түзөң тайпакка өтүп барды. Жери кара топурактуу экен. Бирок суунун келиши кыйын .

Кадыр сууну бойлой басып барып ак жыланды жерге акырын коё берди. Ак жылан бир чакырым сууну бойлой сойлоп токтоп калды да, тоонун боорун карай башын көтөрүп Кадырды күттү. Ак жылан алдыга түштү.

Эң биринчи арыгын ошентип казган эле Кадыр. Андан кийин буту бутуна тийбей көп жерге арык чыгарды.

 

***
Кийинки жылы жалган куранда Кадыр, Кызыл жазыга көчүп барды. А дагы болсо үч байдын сунушу менен болгон эле.

Үч бир туугандын бирөөсү Албан, Кадырдын кыбачы экенин жакшы билчү. Албан, Абышка Чөндөлөй, бирөөсү койлуу бай, бири эчкилүү, бирөө уйлуу бай боло турган.

Кадыр мергенчилигин токтотуп көбүнчө кыбачылык менен болуп калды.

Сырдуу дүйнө курчап алгансып, Кадыр дайым уйкусу сак, шырт этсе ойгонуп кетет.

Өзүнө көрүнүп башкага көрүнбөгөн үч сөөмдөн ашык ак жыланын суу башынан коё берет да, артынан өзү колго жасаган кетмени менен, кээде теке мүйүздү пайдаланып акжыландын артын жүлгө кылып казып кете берет. Акжылан токтосо токтойт, жылса жылат. Ал да Кадырды аягандай ээси чарчаганда, ордунда туруп калат. Анда Кадыр тыныгып, кол чаначындагы суусундугун ичип бир аз тыныгат. Ошол жүлгө менен суу төмөн карай агып, арыктын жээгин жумшартат. Аны артында келаткан арык казгандар Кадырдын айтканындай кеңейтип, сууну жетелеп бара беришет.

Кыбачыга арык казып жатканда таш да жолугат. Аны омкоруп төмөн кулатат кээде таш бош болуп чыгат. Анын айланасын тереңдете казып, колун сундуруп, ташты оодарып, кашатка кулатат.

Арт жактан атайын суусундук алып жүргөн жигит чуркап келип, Кадырга кол чанач кармата, аны таң кала карайт. Кол чаначты бир паста бошотуп тиге карматат да эки жагын каранып, ак жыландын артынан акмалап теке мүйүз менен жан алакетке түшүп энчисинен куру калгандай жанын үрөп иштейт.

Тээ жогортон суунун шары угулат. Аны укканда кыбачы суусап бир аз карап турат да, андан үмүтүн үзгөндөй кайра эле көнүмүш ишин улантып келет.

Ошол жылы жай толугунда Албан менен Кадыр кеңеш куруп олтурду.

– Кыбачым, бу сага теңирим эки чоң өнөр тартуулаптыр. Бири кыбачылык болсо экинчиси жайчылык. Бу чөлкөмдө сенден ашкан өнөрлүү пенде жок.

Албан желбегей жамынган сурп чепкенин өңүрүндөгү жөргөлөп бараткан жөргөмүштү көрө акырын чертип койду. Эми сен биз менен коңшу болуп, бирге туруп калдың?

Бу сен, олуямсың. Аныңа тан бердим.

Албан Кадырды нестейе тиктеди. Ток этер сөз, үстүңдө үйүң бар. Бир аз да болсо жандыгың бар экен. Ушу менин дан эккен жериме суу чыгарып бербейсиңби? Колуңду кур калтырбайм.

Көкжардан суу алып өтүп берсең алдымдагы тору жоргомду баш кылып бир үйүр жылкы берем. Илгертен салт ошол. Куру аякка бата жүрбөйт. Кутумдук кылышпайлык. Көкжардагы суу Жийдени басып берсе болду. Энчиңди аласың.

Кадыр бир сөзгө түшүнбөдү, түшүнсө да артында сасып жаткан жыт бар сыяктуу шекшине Албанга суроолуу карады.

– Аба, бу кутум дедиңиз аныңыз эмне? Мунуңузга түшүнбөдүм. Кутумдукту өзүм да жакшы көрчү эмес элем. Ачык айтар сөз акы берилбесе аягы өзүңүздөн болсун деп артын Кадыр табышмактата айтты.

– Куйту Албан, ичинен түшүнүп турса да, сыртынан сыр бербей кыт-кыт күлдү.

– Эми эмне кылабыз кыбачым?

– Убада бекисе Көкжардын башына баралык. Ишти баштайлык. Мына чын куран болуп калды. Аба, калп айтканды бала күнүмөн жаман көрөм. Теке какшыкка чейин сууну алып чыгып берем. Бирок бир шерт коём ошондо гана суу чыгат.

Мен алыштын башынан биринчи болуп элдин алдына түшөм, артыман жалпы элиңизди саласыз. Жылжып аккан суунун үстүнкү жээгине кетмен тийбесин. Суу аккан нуктун өзүнөн кеңейтип арык казышсын. Тартипти катуу кармаңыз. Антпесек суу чыкпайт. Жериңиз үстү боз шыбак болгону менен алды чагыр таш экен. Бирок анчалык бекем эмес суу жумшартып кетет. Мындай жерде казган арыгыбыз ташка да туш келет. Болгондо да үйдөй сай таштар чыгып калат. Бул жагын бааларсыз дейм?

– Кыбачы, Албанды сынамакка суроо салды.

– Болду, болду. Калганын элден өндүрүп берем.

– Жок байым, элден албайм. Алар үчүн бекер казам. Мурунку акыга эле бекем турсаңыз болду.

Албан кытмыр жылмайып, сурп чепкенин далысы менен күйшөй эки жеңине колун салып, кымтыланып эшикке бет алды.

 

***

Жанын үрөп ак дамбалчан Кадыр эң астыга түшүп арыктын этегегин

Көкжардын тушуна тууралап казып келатты. «Тык, тык» эткен добуш кээде «чык, чык» этип ташка тийет. Аны кыбачы айланта көөлөп, балбандарча: Ийи, ийи – деп өзүнө-өзү шер берип тизе бою көтөрүп келип кашатка кулатат.

Сууга чаңкаган эл, Нарындан көзү өтөт. Нарын суу бере коймокпу ортосу көбүктөнүп, өңү кара күрөң тартып киргилденип өгүз белиндей карагайларды, бутактары тарбайган арчаларды түбү менен омуруп агызып, агындылар бирде көрүнө калса, бирде айлампага кире калып дайынсыз болуп тээ төмөнтөн сороктоп агып барат. Арык казгандардын көзү Нарындан жардам сурагансып чарчаганыбы же чындап эле атайын караганыбы, дел болуп көпкө чейин суктана карап тураберишет. Артта билерман жигити бакырат. Ат ойнотуп арык бойлоп жигиттер, ансыз да кара булооңго түшкөн элге камчы үйрүйт. Кээ бирин жон талаштыра тартып ийет. Анысы кокуйлап кайра жигиттин атынын алдына корголоп жан соогалайт.

Теке какшык айынын ортосунан ооп калганда кыбачынын алдында жол баштап келаткан ак жылаан өйдө сойлоп кайра эки кестей ылдый түшүп, туура сойлоп жөнөдү. Кадыр көпкө карап калды. Ак жылаан ордунан жылбай кыбачыны күткөнсүп жылышын токтотту.

Өйдөлөп текемүйүз менен такылдатып жүлгө салды, артында сызылып агып келаткан суу, көлчүк болуп артка акырын тебе баштады.

Кадыр ага карабай Акжылаандын артынан түштү. Качан гана Жийденин үстүнө барганда жылаан тык токтоду. Жанын үрөп келген Кадыр да ага жетип токтоп маңдай терин шыпырып, боз шыбакка олтура кетти.

– Кызталак, жанагы жерден суу чыгаар бекен? Ошо жерде чоң таш бар окшойт.

Мейли, маңдайга жазганын көрөбүз. Ташка чейин суу келип берсинчи, анан да калганын көрө жатабыз деген Кадыр ак дамбалчан боз шыбакка чалкасынан жатып, кандай уктап кеткенин билбей калды. Ойгонсо күүгүм кирип, элдин алды ташка жакындап калыптыр.Оң жагын караса баягы кол чанач турат. Аны эки колдоп өйдө көтөрүп алды да, чаначтын ооз жагын сыртына кайрып, бучкагын тизесине жөлөй ичиндеги кымызды шыпкай жутуп жиберди.

Эртеси эрте турган кыбачы баягы ташка келип көпкө карап турду. Кыбачыны көргөн эл да, ээрчип келе баштады. Аларды бу күнү арыкка өзү салды. Элүүдөй балбан жигитке таш көөлөтүп калганына арыктын этегине чейин чен жасап бөлүп, жакшылап иштесек бүгүн бүтөбүз деп дем берди.

– Эртең тиги тааруу аянт гана суу жутат деп элди шердентти. Эл жапа тырмак көл толкуса сел болот дешип, манңдайынан тып-тып тер тамчылатып казуу менен алек.

– Кыбачы, муну кантип чыгарабыз? Түбү жок таш го бу?

Ээрди калың, куш тумшук сары жигит купшуңдап койду.

– А жакшылап көөлөсөк ташты омкоруп кашатка кулатабыз. Анан тиги казылган арыка өзү эле суу кетет. Болгула, андан көрү күн да кечтеп баратат деген Кадыр улам эс алып, колмо кол иштеп жаткан жигиттерге дем берет. Таштын түбүн көөлөп кыйла жерине барганда, жанагы ийри тумшук дагы да Кыбачыга:

– Бу, таш оңойу менен чыкпайт. Чыкса да сыртка алып кулата албайбыз, – деп күңкүлдөдү.

– Э, үкөм, иштесең таш өзү эле оодарылат, жөн эле сүйлөй берсең өзү бүтөбү? Кана казгыла, күн уясына кирип кеткенче сууну агызып жиберели.

Чарчап, чаалыккан жигиттер болбоду. Акыры жигиттердин алы келбесине көзү жеткен кыбачы, жалпы элге кайрылды:

– Бүгүнкү иш бүттү, бара берсеңер болот.

Ийри тумшук сары чийкил жигит кыбачыга карап: – бу ташты эмне кылып чыгарабыз? – деп суроолу карады.

– Силер да бара бергиле, муну мен...

Кыбачы ушул сүйлөмүнөн жаңылып алды. Аны кеч түшүндү. Жалпы эл кеткенден кийин теке мүйүзүн таштын коңулуна салып:

– Ийи, кана, болгула, тезирээк болгула, аз эле калды. Мына кырданып калды. Ийи, эми бир күчтөнсөк...

Арыктын алдынан баягы ийри тумшук сары чийкил жигит:

– Кыбачы аба, ким менен сүйлөшүп жатасыз? – деп жогорулап басты.

– А жубарымбек! Эми болбостур!

Бир аз коё турганыңда бу ташты кашатка кулатып жиберет элем. Бекер кылдың, бекер кылдың, мейли эми суу кыйналып, ушу таштын желкеси менен ага берет. Сен болбогондо...

Кадыр берки жигитке карабай түз эле ылдый кетип калды.

Ата-энесин да, Кызылжазыга көчүрүп келип, арык чыкканча силер ойдо болгула, мен арыкка жакын коноюун деп көчүп кетип калган. Кыбачы бой, Ысмайыл атасыныкында.

– Сары чийкил жигит ошол эле күнү кара күүгүмдө болгон ишти болгондой Албанга айтып барды. Эртеси башынан сууну чоңойтуп жыккан Кадыр чоң таштын жанына келип көпкө турду да, башын чайкап ары өтүп кетти.

Суу бир калыпта шылдырап агып жатты. Бирок чоң ташка кептеле артка тебет. Кокус аң алса этек жагындагы таарууну бүт кыян алат. Кадыр чоң таштан суу өткөндөн кийин ошончолук көлөмдөгү сууну калтырды да, ашыгын өзөнгө буруп койду.

Албанга барган Кадыр акысын доолады. Акыны коё тур тааруу коноктун түшүмүнө карайбыз. Сенин чыгарган сууң кандыра сугара алар бекен ошого жараша болот деп кесе айтты.

Буга макул болгон Кадыр кыш камын көрүп Кызыл жазыга коргон салды. Коргон бүтө электе атасы кайтыш болду. Оорубай эле мүрт кетти. Көп узабай апасы да аңыр болуп алыска артынан учуп кетти. Кадыр ээнсиреп көпкө көңүлү кирдеп, жүзү суз тартты.

Күз боло электе акысын алайын деген Кыбачы экинчи жолу келди Албанга. Албан сурп чепкенин желбегей салынып оңду жооп бербеди. Оо көптө барып:

– Сары айгырдын үйүрүн берейин, байтал болсо да жазда төрөп берет. Тор жоргону өзүмө калтыр. Анын ордуна атан төө берем. Ушуга ыраазы бол?!

Кыбачынын жүзү бир бозоруп, бир кызарып:

– Убада ушундай беле, бай?!

– Опей, эл казды го баарын, анда Сары айгырдын үйүрү эмес чычкак улак бербейм! Бу жерден кет, эл бузар!

– Эмне деп жатасың бай? Мен кайсы элди бузупмун, кылган жакшылыгым балта болуп башыма согулдубу? Ушундайбы, аба?!

Кыбачы калчылдап кетти.

– Мен бу жерден кет деп жатам?! Бул эл сага эл эмес? Элиң тээ Нарындын башында, уктуңбу, Атбашыда. Албан камчысын кезеп, кекете бастырып кетти. Аттан түшө элек Кадыр Көкжардын этегиндеги эгинди көрүп ыйлап жиберди. – Жарыктык тим эле арасын бөдөнө аралай албай калыптыр. Менден көрбө, Албандан көр.

Кадыр жаш балача өңгүрөп, ата-энесинин өлгөнүн эми сезгендей, эли жок деп кемсинтти э! Мен кайда барсам элим бар! Өйүзгө Көкүмбай Өйдөчектилерге өтсөм ошолор деле күтүп алышат. Кала берсе Моңолдор туугандарым турбайбы?

Кадыр жашып кетип:

– Менин айыбым жер өңүтүн билип, казып бергенимби? Канча жерге барбадым, Жумгалдан бери, тиягы Тогузторо Солтолорго чейин арык казып суу чыгарганымда мындай сөз уккан эмесмин. Кочкордо канча жүрдүм?!

Өмүрү мындай ызаага уукпаган Жайчы күндүн бетине бирпаста каракөлөкө түшүрдү. Сапсары болуп орокко жарап калган тааруу конокту кыя албай дагы да көзүнөн жаш агызып, ачуу тамчы жаагы ылдый сызылып, жээрде сакалына сарыгып жатты.

– Эми кеч болуп калды. Силерде айып жок. Ал тааруудан кечирим сурап, күндү катуу жайлады. Үч күн, үч түн көнөктөп күндүн көзүн бербей арты кар аралаш шыбыргактады.

Арыкты кыян алды деген сөз Албанга жетти. Бышкан таарууну жайпап, жигин билгизбей сел жүрүп, төмөн тиги дайраны карай түрмөктөлүп акты.

Арыктан да, тааруудан да кол жууп калды Албан. Ал кыбачыны ондой жандыгын алдына салып айдап жибермей болду.

Аны түшүнгөн Кадыр баласы Ысмайылды ээрчитип Нарындын өйүзүнө Өйдөчектилерге көчүп кетти. Аты көп жерге угулуп калган Кадырды, ал айылдагы эл сыйлап жүрүштү. Бирок анын жашы өтүп бара жатса да, али аял албаганына кейигендер болду.

Албан бул дүйнөдөн өтүптүр, – деген кабарды укту. Кыбачы: «А, топурагы торко болсун, акыры барар жерибиз бир экенин билип туруп, бири-бирибизге акаарат келтире берет экенбиз.» Мейли, ызааман кой дээрим жогунан байды кокуйлатып койдум эле. Ал күнөөм үчүн кудайым кечирээр. Мен эмне атайын жасады дейсиңби, шарт ошондой болбодубу? Акымы, мээ-нетимдин күчүн бер десем бербеди. Бу да сенин кежирлигиңен, бейиши болгур. Болбосо анчалыкка барбас элем деп көпкө тунжурап отурду.

Жайчы ичиндеги сырын сыртка чыгарбады. Өйүздө жүрүп биртике малы, а болуп, бу болуп жок болду. Кыбачылык менен жүрүп, таштан, ташка секирген эчкидей таманы такылдап, өмүрүнүн көбүн өткөрүп көкала сакал болгонун Кадыр кеч түшүндү.

– Кой, аял албасам болбостур. Бу Ысмайыл да бой тартып чоңоюп калды.

Ал жерде Ысман деген Өйдөчекти досу Кадырга кеңеш айтып, акыры Кадыр аялдуу болду.Үчтеректен, Каракөлдөн, Жаз кечүүнүн сууларын бойлоп далай арык чыгарып бергенге жетише алды.

Баса өткөн жылы Каракочкорго барып, арык казып, суу чыгарып келатып, Жумгалга да кайрылып арык казганга жетишкен эле. Күздө дайра жээгине көчүп келип коңуш алып, суу тартылганда берки өйүзгө өтүп там салды. Ал жерди кыштоо кылып бир аз жандык күтүп дагы да кыбачылыктын артында.

Кадыр, Иманкул, Стамкул, Назаркүл деген уулдуу да болду. Көңүлү бир аз тынчый түшкөндө эң кичүүсү Назаркул үчкө чыкканда Кадыр аялынан ажырады, аялынын сөөгү ошол жерде калды.

Балдары оюнкараак. Баарынан да кызыгы алар күмбөз салып ойношот, үчөөнүн салган күмбөздөрүнөн Стамкулунуку кооз көрүнөт.

Жайчы уулуна көзү тоё: «Ушунум мага күмбөз салат», – деп алкап калат. Атаңын көрү жаш өйдөлөгөн сайын тиги жайыңды ойлоп калат экенсиң. Кокус кайтыш болуп кетсем булар али жаш. Колунда бар Райымбектикине каттап турбасам болбойт. Аныкына көптөн бери баралбадым. Бул оюнан селт эте «эмне болуп турам» деп чоочуп кетти.

Бир кездеги балык салып жатканда муз чарт жарылып, боз үйдөй муздун үстүндө жалгыз калганы, көз алдына келе калды. Көзүн бардап — бардап, сезими уйгу-туйгу болуп, үйдө калган атасы Эшболот элестеп кетти.

Атаңын көрү баштан нелер өтпөдү. Ошондо муз үстүндө тебетейдей караан болуп, көрүнүп артыман чуркап келаткан эжем Эренчеге эреркеп бакырдым.

– Эже, о, эже!

Жоолугун колуна ала коюп, денеси өрт болуп күйүп: «Каралдым, о жалгызым, атамын ат казыгы», — деп эжем дайра бойлоп чуркап келе берди.

Кадыр олтурган муздун кемери каалгып үйдөй болгон музга келип урунду. Эренче көзүн жумуп жиберди.

Бир азда муз үстүндөгү жалгыз иниси, Кадырдын караанын таппай калды. Кыз аталап бакырып жиберди. Туюу сезими оюна келди дагы да, дайра бойлоп чуркап келе берди. Чуркап келаткан кыз көмкөрөсүнөн жыгылып, кайра ордунан тура денеси от менен жалын болуп чуркап келатты.

– Эже, эжекебай?!

Күү менен келген муз дайранын шар жерине келип толкун болуп, ылдамдыгын күчөтүп, имерилиштеги муздуу жээкке урунганда, үстүндөгү бала жээкке сүрүлүп, топ ыргыткандай ысырыктын арасына барып түшкөнүн өзү да билген эмес. Болгону эсине келе калганда чуркап келаткан эжесин көрүп, эреркеп бакырып жатканын элестеди.

Эренче инисинин дайранын жээгинде турган караанын көрүп чуркап келет. Же бир жетсечи. Мындайда арышы да кыскарып, алы-күчү кетип калат тура. Эптеп жеткен Эренче Кадырды кучактап ыйлап жиберди. Көздөрүнөн аккан жаш желеткесинин топчулугуна тамып, караанына көзү тойбой «атказыгым» деп ыйлай берди.

Ошондон баштап Кадыр балык уулоого чыгам десе Эренче этегине жармашып, инисин чыгарбай койду. Бирок Кадыр ошо күндөн бери тузакка элик алып, кээде илбесин тшүп, оокаттары өздөрүнө жетишээрлик эле!

Кадыр Эренчени ойлоп көптөн бери Толукка, жездеси Баймырзаныкына барбаганына кыжаалат боло нес болуп, көпкө турду.

 

***

Үйүнөн эрте чыккан Кадыр дайраны кечип өтүп, ошол эле күнү эжеси Эренченикине жете келди. Эжеси экөө кучакташып көрүшүштү. Инисинин денсоолугунун амандыгын сурап бир тууганы Кадырдын башына суу айлантып чачты.

Ал эжесинин алдан-күчтөн тая электигине кубанып:

– Жездем кайда? – деди.

– А каралдым жездең Ачыкка кеткен. Бир бутубуз аякта, бир бутубуз биякта болуп, кышкыга отун камдаганы уулу экөө ошонун камында.

Кызылкыядан эки караан учкашып келатканын көрө Эренче:

– Ана жездең, Адыраң экөө келатат бүгүн жатып калабыз дешти эле, келатышат го, – деп аларды карады. Алар келгенде иңир кирип, мал ташкороого кийрилип, айылдагылар кечки тамагына камынышып, от жагылып, ар жерде оттун жылтылдаган жарыгы көрүнөт.

Кадыр жездеси менен кучакташып көрүштү. Аттан түшө калган Адыраң тайкеси менен чоң кишиче кучакташа көрүшүп, тайкесинин ал-жайын сурады. Кадыр баягы өзүнө жолуккан карыдан бетер жээнин имере карап, ичинен: « А түзүк таппай жүргөн адамды таптым, көрсө жанымда тура, – деп ичинен жымыйып алды.

Кайнисинин келгенине жетине албаган Баймурза короодогу жыйырма чакты жандыктан бир тал карасы жок ак токтуну алып келип дуба тилеп:

– Ме, балам, муну ырастай кой, мен атты отко коюп келейин, тездет тайкең чарчап келгендир деп кашатта байлануу аттарга басып кетти.

Адыраң козуну союп, этин мис чарага салып үйгө апасына кийре салды да, отун жарууга киришти.

Ушунун баарын байкап турган таякеси Кадыр, Адыраңды сынагынан өткөрүп жатты. Эл орунга отурганда Баймурза менен Кадыр кеңеш куруп көпкө олтурду.

Баймырза Кадырга таңкалычтуу:

– Ошону көтөрө алар бекен, ушу көп элден жалгыз жээниңиз жактыбы, олуям. Өзүңүз баарын билесиз. Мартабаңыз ашып элдин тилеген жамгырын кайсы убакта болсо орундатасыз, — деп, Адыраң кирип келатканда экөө дымый калды. Тынчтыкты Кадыр бузду.

– Жээним, бери биз менен олтурчу.

– Азыр тайке, апама отун даярдап бере салайын.

– Эмне ушу убакка чейин отунду керте элек белең? – Атасы Баймурза Адыраңга сестүү унчукту.

– Даярдагам. Дагы даярда, тайкең таң супа сала Сарыкамышка барам деп жатат. Бүгүн уктабагын эт бышырабыз – деди.

– Ой, ал эмне кылганы. Азыркы оокат эртең мененкиге жетет. Бар апаңа айт, таякем жибербей, жаныма олтур деп жатат де. Бала жумшайт десе эле. Кадыр Баймурзага суроолуу карады.

– Таякеси бу жээниң тири карак, ылдам боло турган. Бала жумшаса да, аный жок мында. Мурдунун суусун тарта албай жатып жанагы Жедигердин баласы да жумшап алат, анан ушундан кантип жайчы чыксын.

– Жок андай дебе. Менин жолумду тоспо. Өзүңүз да кудай берген жаштын төрүнө барып калдыңыз. Кийинкилер өнөр үйрөнүп калбаса болбойт. Муну укса Эренче эжем так секирет. Ток этер жери ушу. Адыраңга өнөрүмдү үйрөтөм. Алдыма бөгөт болбо жезде?

Баймурза олуядан ыйбаа кылып жер тиктеп калды.

Эшиктен ыкчам кирип келген, Адыраң Кадырдын жаңсоосу менен оң жак ыптасына олтурду. Кыбачы калып, Баймурза алдыртан шыбыш билгизбей сыртка жылып чыгып кетти.

– Жайчылыкты сен тутунасың, жээним. Ток этер сөз ошол. Бирөөгө кара ниеттик кылба, ошонуңу билип бул өнөрдү үйрөткөнү келдим. Анан да жалпыга бирдей бол. Баймурза деле маңдайыңда жүрө бербейт. Бүгүн болбосо эртең , же дагы бир күнү чымындай жаны чыркырап өрдөк болуп учуп кете берет. Ким бар дейсиң ата-энесин маңдайында алып жүргөн, энең да кетет бир күнү. Мына жашың жыйырмадан ашып эр азамат болупсуң. Жакшы менен жаманды болор уул тогузунда эле ажырата билет. Башчы болору ошондон эле байкалат. Эми тамак ичкенден кийин экөөбүз эшикке жатабыз. Азыр адам үшүй турган убак эмес. Таң супа салганча үйрөтүп коём.

Жээним, кыбачылык сага жарашпайт. Замандын түрүн көрүп турасың, таалим алган эле киши кыбачы боло берет.

– Кыбачыдан көп эме болбойт. Жайчылык өнөрдүн акырындап барып этеги түгөнөт.

Качан гана сыйкыр ачылганда таалимчилер анын да сырын ачышат. Ошо кезде жайчылык да өнөр болбой калат. Тартынбай үйрөнүп ал, балам.

Бул түнү эжесинин үйгө жат – дегенине болбой Кадыр:

– Адыраңды жаныма жат», — деп эшикке төшөнчүсүн салдырды. Ошондон баштап Адыраң жайчылыкты өнөр тутту.

Таңга маал аттанган Кадыр бышып жаткан эттен ооз тийип, Сарыкамышка жөнөп кетти. Кыбачы жолдо ойлуу баратты.

Кызталак ушу Райымбек кутум тың чыкты. Бирок мүнөзү катаал. Арык казып бер деген, анысын да аткардым, суу алып чыгып бер деген экен. Айтканын аткарып, таруусун жайпатып бердим. Баштагыдай, жол көрсөтүп сойлоп жүрчү ак жылан да көрүнбөй калды. Ошондон калган көз болжол, чен болуп суу ойлогон жерге чыгып берди.

Ак жылан көрүнбөй калгандан бери кыбачы өзү да чоочуп, аны эстесе жүрөгү түпөйүл. Ушу быйыл сыр берип жүрөт. Арыгын бир көрүп берейин... Карыганда адалдуудан малың, аш бышырып берер кемпириң болбосо иш кыйын. Эмнеси болсо да кудай пендем десе байбичесинин алдында мүдүрүлтпөй, алар аманатын алганы жакшы экен. Менин тагдырым андай болбоду. Кийин Райымбекти көп ойлочу болдум. Сөөгүмдү жашыра алабы? Тигинтип балдарым жаш. Ал арыкка жете келип чоң ташка барып атын отко коюп, жантыгынан кыңкая күндүн аптабына ныксырап уйкусу келди, көзү илинип кетти.

Эки келген белгини кетирип жибергенин ойлогондо көзү умаачтай ачыла түштү. Биринчиси о Жампада тааруу оруп жүргөндө уктап кетиптир, анда эр ортонунан ооп калган. Уйку соонун ортосунда аппак сакалдуу узун ээк, чап жаак баягы карыя келип кыбачыга суроо салган эле: – «Өлөрүң оюңа келеби, Кадыр?! Экөөнүн кайсынысын тандап аласың?» Карыя акырын билинер билинбес оозун ачып, узун кирпиктүү көзүн ирмеп кыбачыны карады.

Анда шашып кеткен Кадыр: «Эки жагын тең берсең жакшы болот эле», — деген.

– Тирүүлүктө көргөн жакшылыгым менен жамандыгым кошо жүрдү. Ата-энеңди тулупка салып албайт экенсиң го, түбөлүк жаны бирге жарыман ажырадым. Ошондо бир мертиндим. Көптө барып оңолдум деп анысын эстей берди.

Дагы эле карыянын сөзү кулагында:

– Артыңда үрөөн бутагың өсүп, чырпыгың көгөргөнгө ыраазы эмессиң, ал болбосо эмне кылат элең, жайчым?!

Кадыр жооп таппай кайсалактап, экөөнү тең бирдей бер деп ойгонуп кеткен. Эки жагын караса, аңыздын чекесинде көмкөрөсүнөн жатат. Боргулданып тердеп калган. Бирок бу түшүнөн чоочубады. Тек гана чарчагандыктан катуу уктап, аптапта ныксырап кыйналганым го деп койду.

Экинчи жолу, өйүздө Үчтеректе арык казып, арык жээгинде керели кечке чым бастырып жатып чарчаганынан үргүлөп кетип ушу түштү кайра көргөн. Анда да кыйналганында түшкө нелер кирбейт, түштүн баары эле келе берсе бу жарыкчылыкта адам калабы, адам баласы тукум курут болуп кетпейби деп этибарга албады. Өзүн-өзү ошентип соороткон. Бирок экинчи жолу үйлөнүп балдары өтө эле жаш болчу.

Жайлата Райымбектикинде болуп арык казып, кыйналып сумбала чыкканча капталдата суу жүргүзгөн эле.

А карылык, эр ортонунан ашкандан кийин эңиштей баштайт экенсиң этеги келип минтип, өпкөсүн үшүккө алдырган койдой онтоп туруп берет экенсиң. Кызыл чаптуу кырга акырын илээлей басып чыгып барган кыбачы дагы ныксырап, өзүнөн-өзү үргүлөп кетти. Баягы ак сакалдуу карыя дагы пайда болду. Бу сапар даана көрүндү.

– А, Кадыр, олтурасыңбы?

– Опей, бу эмнеси. Түшүмбү же өңүмбү?

Ал чоочугандай эки жагын каранды. Эч нерсе көрүнбөйт. Талыкшып кайра көзү ирмелди.

– Ушуну менен үч келип олтурам. Экөөнүн кайсынысын аласың? Өмүр берейинби же, тиги жайыңдыбы?

Узун сакалын жайкалтып дагы да оозун бир аз ачып жупжука мала кызыл эринин кымтыланып койду. Көзүндө күлкү. Не шакаба не кеңеш айтып жатканы билинбейт.

Кадыр унчуккан жок. Тек нестейе көпкө карап калды. Анан:

– Тиги жайын, – деди.

Кары каткырып күлдү.

– Сөз бир, тиги жайын ... дебедиңби? Мен эми сага жолукпаймын. Өнөрүңдү үйрөтүп жер үстүндө калтырыпсың, үрөөн бутагың бар. Куу казык болуп бутаксыз кетип баратам дешке сенин акың жок. Ооба, анте турган болсоң олуялыгың кайсы, адамдыгың кайсы. Жакшынын да жамандын да барар жери... Аны жакшы билесиң.

– Көп жобурашпайлы, Кадыр. Мен кетейин ушу быйыл кеч күздө алыс сапар аттанасың. Азыртан камдана бер.

Кадыр көзүн ачса кеч бешим болуп, шам намазы сыныптыр.

Мейли болор иш болду, кеч күздө келип жылкы жайлоодон түшкөндө энчиңди берем деди эле Райымбек. Ошону балдарга алып барып берсем, аш катык кылып алышар. Ата, атанын малы чата деген, өз маңдайына жазгандарын көрүшөт да. Райымбек кутум мал берем деди эле ошону доолап алгыла, десем ортодо чыр болор. Андан көрө өзүм кеч күздө бир шылтоо менен келип айдап кетейин. Ага чейин Ысмайыл укпасын. Ал укса, кокус көзүм өтүп кетсе атамын акысын бер деп келип, бир балээге кабылат. Жакыр менен жалчыны Райымбек тоотуп коймок беле?!

Балдарга айтканда не, айтпаганда не, — деп Толуктан түз эле Сарыкамышка келген.

Кадыр күүгүм кире Райымбектикине жете барды.

– А Райымбек?! Арык бүттү, мен келдим! Сүйлөшөр сөз бар.

– Кулак сизде олуям!

– Бу кетпесем болбойт. Үйдөгүлөр да тынчы кетип жатат окшойт. Арыкты көрдүм кайра кайтпасам болбойт.

Нан ооз тийгиз, аттан түшпөйм. Ушу бойдон шар жөнөп кетейин.

– Ой, ал эмнең, олуя?

Райымбек Кадырдын жүзүнөн бир бозоруп, бир кызарып турганын көрүп, бүгүн жатып эртең аттансаңчы деди.

Таманы жерге тийсе экинчи ат үстүнө мине албасына көзү жеткен олуя, унчуккан жок.

– Кош Райымбек. Кадыр атына камчы берип өзөн бойлоп, жалгыз аяк жол менен үйүнө кетип баратты. Ал дилинде Райымбекти жактырып кайтты. Ичине сыры катылуу кетти.

 

***

Экинчи жолу келген Кадыр, Райымбектикине бир түнөдү. А күнү өргүп эртеси жөө, өзү казган арыкты баш этегине чейин, жай басып көрүп, о күн бата Райымбектин үйүнө түшүп келди.

Казанда асылган кысыр эмди тайдын эти кайнап, буу абага көтөрүлөт. Түн ортосунан ооп үркөр төбөгө жакындаганда, Кадыр Райымбекке сыр айтты.

– Райымбек, жаныма келчи. Ушу сен да азып — тозгон элди өкүмдүк менен чогултуп бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарттың. Аныңа ыраазы болбосо көзүнөн чыгар, кимдин көзүнөн чыгат аны Райымбекке айтпады. Тек үнү каргылдана:

– Уурулук кылып мал жыйдың. Чачылган элди жыйнап, тозгон уруу болсо, өзүңө кошуп эл кылдың.

Кадыр шилекейин акырын жутту да, кийинкиң... Кадыр унчукпады.

– Кийин эмне болот? – деп Райымбек сурабады.

– Райымбек береги бышып жаткан эт мага буйрубайт.

– Ок! Ал эмнең, кыбачы?! – Райымбек чоочуп кетти.

– Буйруса, башкага буйруур, башыма жаздык кой.

Үй ээси ордунан чапчаң тура калып, жаздык алып башына койду.

– Мага нааразычылыгың жокпу, өлүм алдындагы ак сөзүм. Эгер ичиңде мага карата кириң болсо ачык айт. Ансыз да билип турам. Мен өлгөндө балдарыма баш-көз болуп кой. Анан да... көп эле залимдик кыла бербе. Ал залимдик көрүнгөнгө эле жага бербейт. Уул жакшысы айттырбай билет. Жаманы убара кылат.

– Ушу уурулугуңду кой кийинкиңе жакшы болот. Бирин— экин үйүр жылкы, короо толо коюң деле өлтүрбөйт. Топук кыл, Райымбек?! Өнүп өсөрүңө жакшы. Артың күчаладай уу болуп чыгат. Бирок жалгыз аяк сороюп бир жатындан бирөө, өлсө өкүрөөрү, тирүүсүндө коноктору аз болуп калып жүрбөсүн?! Ошону ойлонуп жүр.

Өзүң да пайгамбар жашынан ооп барып калдың. Топук кыл, кийинкиңе жакшы. Катуу кетти Кадыр дебе. Чынын айтып жатам.

– Райымбек ойго туна түштү. Кадыр олуя чын айтат. Мага да убагында кел-кел үч келген, аны божурап олтура турган учур эмес.

– Болду, болду, кыбачы. Ал өнөрдү таштадым. Улантса кийинкилер улантып алар. Улантпаса өзүлөрү пешенесине жазганын көрөр. Айтканыңды эки дебейм

– Ай, Райымбек, актык көшөгөң барбы?!

– Эмне дейт! Райымбек ордунан атып турду. Үйгө жан киши кийрибеди. Кайнап жаткан эттен казандан чөмүч менен чий көбүгүн алды да, Кадырды карап чөмүчүн казанга салды. Колуна каржилик урунду. Аны Кадыр байкап жатты. Алдын өзүң ооз тий үй ээси?

Кар жиликтин этинен ооз тийип калганын, чала бышыптыр, бышсын деп казанга калкытып салып жиберди.

– Болор иш болду Райымбек! Көшөгөңө камынып мени жайыма алып коюп, анан элиңе кабар бер. Аманатымды аткар. Сени самап келдим эле?! Көзү бозоруп бараткан Кадыр олуянын эң акыркы сөзү ушул болду.

Кадыр унчукпай калды. А иши бүткөн экен, аттанып кеткен экен олуя деген Райыбек Кадырды жайына алып көшөгөсүн тартты.

Үй ичин ырастап элге кабар бергенче «Миң жылкы» тараптан таң таштады.

Элге кабар кетти. Алды келе баштады.

– Э, кызык окуя болду да. Өлдү деген Кадыр олуя кайра тирилип, соксоюп олтуруп алды.

– А Түнтөй, кийимимди алып келчи.

Райымбек чоочуп кетти. Өлдү деген кишиси минтип тирилип олтурат. Бул эмнеси?

Райымбек Кадырдын өз кийимин алып келбей, кепинге деп даярдап койгон актыгын алып келди да, алдына таштады.

– Кыбачы: бу өз кийим каякта дебе, сизге буйруганы ушу. Атайын кийитке деп сизге ырастап койдум эле, деп сурп чепкенди алдына таштады.

Кыбачы унчуккан жок. Анан:

– Антпе өз киймимди алып кел. Сенден көсөө албайм. Сенин буюмуң өзүңкү, — деп мелтиреди.

– Эл келатат. Алардын алдын тыйбаса ызы-чууга салып жибербесин , — деген Райымбек жигиттерин элди торой чаптырды. Олуя тирилди. Добуш чыгарбай артыңарга кайткыла. Жигиттери ат ойнотуп бир да бирөөнү бери жакка өткөрбөдү.

– Тоба, бул эмнеси. Кыбачы өлдү дебеди беле?

– Ошо өлгөнү жалган го. Өлгөндүн тирилгенин кайдан көрдүң эле. Бири менен бири кобурашып бараткан эл суюлуп, бат эле тарап кетишти.

– Райымбек, мени балдарыма жеткир. Дайра азыр тартылган, үйүмдү да ошол жерге көчүрүп келдим эле. Менин сөөгүм өйүзгү Нарындын аркы бетиндеги «Ысырык» деген жерден буйруган. Бул жерден жата албай койдум. Колуңан келсе тууганым Түнтөйдү кошуп бер. Ошол жеткирип кайтар. Көшөгө арты өрт болуп, керегенин көгүн тиктеп, ойгонуп кеттим, Райымбек?!

Райымбек Кадырдын кайра тирилип кеткенинен чоочуп нестейе түшкөн.

– Олуянын бул не кылганы. Теңиримден кечирим сурап, тиги жайымдын жайын сурайын дебедим беле?

– А, Кадыке, мен сени кастарлап, ариетиңи өз мойнума карыз деп койдум эле. Бирок сен болбодуң. Мейли эми.

Райымбек алдын тигиле тиктеп, ойлуу олтурду. Райымбектин оюна Осмон түшө калды. Ал аялы Каракызды чакырып, эч нерсе айтпай эки санын мыжыга берди.

– Э, байым, кандагайың тытылып калмай болду го, бул не деген шумдугуң? Олуя деген Кадырың тигинтип, деп келатканда Райымбек: – Ток-то-от! Чык, эшикке! Үйгө эч ким кирбесин, өзүмө келип алайын, – деп бакырды.

Каракыз Райымбектин бул жоругуна таң кала босогону аттап эшике чыгып кетти.

Жалгыз калган Райымбек тээ жаш чагындагы Казактарга барып, жылкы тийип, талаада тигилип жаткан жалпак боз үйдөн чыга калган он жашар кызды ойлоп, бир санын чаап алды. Үндөбөдү. Атаңкөрү ушу Осмондун кылыгын!

Ошол мурда кетирекей сары кыз жылкылардын тепсендисинде калып... Ошол ушул убакытка чейин оюман кетпей койду го. Бул эмнеси же...

Райымбек алдын нестейе көпкө тиктеп эч нерсе менен иши жоктой тунжурады.

Кызталак Баяке, орус туткундарын жөнөтөм деп жатканда мага балээ келбесин деп бир иш жасадым эле. Ошондогу шумдугум башыма жетпегей эле карыганда...

Райымбек керегинин көгүн тиктеп нестейди.

Атакөрү Осмондун тың деген жылкычысы Байсубанды алдап жети күлүгүн алдым. Өзүн ымалага келтирип, ушу каапырларыңды желкемдин чуңкуру көрсүн, элиме качайын адал өлөйүн дедим эле. Байсубан менен Кыдык көнбөй жатып көнүштү. Байсубанды туугандык кылып коркутканым...! Тайлак баатырдын аялынын ыштанынын багалегине баткан Осмонду ошондо бир боздоттум Каракулак менен Чааркөздү көзүм чалып ушулар колго тийсе жеткизбейм. Берки даадыйды(Байсубанды айтып жатат) арбап мен деген күлүктөрүн колго тийгизип алсам деп жүрүп Байсубанга «тил буурсуут» кылып, сууттуруп Каракызды менден калба, калып калсаң Осмон тытып жеп коёт, алдагы ымыркай Кынаны мага бери бер деп чепкенге ороп качтым го ошондо.

Артыбыздан куугун түшүп Осмон:

– Ө-ө өлөт алгыр! Жаныңдын тынчын карадың, билип жатам, Карачунакты таштай кет дегенине болбой качкам. Антпесем болбойт. Карачунак колго тийсе Осмон бизди койчо мууздап койбойбу. Ата көрү, төрөнүн буйругу болбосо мындай болбойт эле!

Мейли, Шабданга Баяке барса Осмон экөө сүйлөшүп олтурат имиш, Шабданга карап ичи тарыйт.

– Э, мен сизди адам деп жүрсөм, элдин баарын бириктиргенге жардам берет деп жүрсөм, деп жумшак кебезге сөзүн ороп сазайын бергенин кийин уктум. Шабдан кеменгер экен ошо оруска алыбыз жетпесин билип туруп бизди бириктире албай жүргөн тура.

Ошол, ошол болду. Мен, Байсубан жерибизге Сарыкамышка келдик. Баяке Атбашы жакка качты эле. Кайра, кийин аны Шабдан төрөдөн коркуп, ынтымактын ээси деген абийирден кетпейин деп кечирим берген тура, кызыталак. Осмон, Райымбек шыпылдак, Райымбек карөзгөй деп тамашага чалып калса, Шабдан мени мелтейе тиктеп, сыр билгизбей жымыя ууртунан күлүп калчу. Залимдигимди Шабдан билип туруп кой-деген эмес экен. Тек гана – Райымбек тынч жатып эл баксаңчы, тиги жайыңды эстей жүрсөңчү, деп жумшак айтчу эле. Көрсө, Шабдан Таштанбек айткандай «Кеменгер тура», кудай бере турган пенде экен.

Райымбек көзү канталап эшикке бет алып, сырттан кайра Кадыр кыбачыны ойлоп, олуя оюнан кетпей койду.

Анын бир ою — Осмонго өзү тааныш, аны билет.

Кезегинде кайран Осмонду Шабдан өзүнө таркатканда Осмон үч жолу сайышканы бар. Таалайлуу менен талашпа, бактылуу менен басташпа деген ушул үчөөндө тең дөөдөй Осмон Шабданды жеңе албаптыр, кысталак!

Кийин Осмон менен алака түсүп аны өзүнө тарткан Шабдан Осмондон Райымбек шыпылдактын: хандын көзүн көргөн өлбөйт деп, кайран эр өзү атасы Жантайга салам бергени киргенде артынан кирип өзүн тааныштырган тура. Ал жерде да соо жүрбөй «шыпылдактыгын» карматып, Шабданга жигити Баяке жамандап өлтүрүп коёрдо атасы Жантай:

– Балам, хандын көзүн көргөн өлбөйт, — деген. Сураганын бер деп сокуда олтурган Шабданга карайт. Ошондо ар жакка чачылып кеткен элин чогултуп алууга жардам сурап, мелтейе тиктеген тура Райымбек.

Шабдан Осмонду бир карап алат.

Кайран Райымбек, ошондон кийин Чоро чоң Осмонго качкан тура. Ал убакта кызы Кына тестиер болуп чуркап калган кези экен. Кызын көргөндө акжолтоюм деп көтөрүп эркелетет. Ошондо Байсубан инисин эпке келтирип жети күлүктүн тилдерин кыл менен бууп, «кыл буур суут» кылып он беш күн сууттуруп качып кеткени кайра-кайра эсине келе берди. Анын ою дагы да Осмонго ооду.

Ысыккөл, этек жагындагы Балыкчы башы болуп, Күнгөй тарабынан Өрүктү, Тоңдон Сыртка чейин, Жумгалдан Кетментөбөгө чейинки эл Осмонго тааныш, аны ал жакшы билет.

Атакөрү жашоо ушул болсо, тирүүлүк ушул болсо тынч жашап өткөн эп экен да, деген Райымбек эки көзүнүн кычыгына пайда болгон чылпагын оң колу менен жүз аарчысын алып сүртүп алды.

Оюна үйүндөгү жайына алып койгон кыбачы тирилип, ага тууганы Түнтөйдү кошуп жөнөткөнү келе берди.

Эрбеңдеген эки караан бука сийдик ичке жолдо кетип баратышты.

Дайранын шарынын өзүнө улам илеп тартып келаткан Кадыр эки жагын карап келет.

Алар Жампага жете келишти, кеч кирип, тоолордон түшкөн ала көлөкө улам коюланып баратты.

Нарын боюнан чыкпа, Түнтөй. Шагылдуу таш экен деп, мени кыйналат дебе. Бир аз чыдасаң берки өйүздөн Карынбайдын үйүнүн тушунан чыгабыз. Аттын оозун ошол жакка тарт.

Кадыр Түнтөйдү ээрчитип акырын аттарды өз оюна коё жай баратышты.

– Карынбайды тааныйсыңбы, Түнтөй?

– Жок, көрбөгөн экенмин.

– Көрбөсөң көрөрсүң, өзү далдайган балбан киши. Бирок өзүн жакшы алып жүрөт. Аюу десең ырсайып күлүп коёт. Кожомжар атабыз Керүүнү бошоткондо бешикте калган бала экен. Эрезеге жеткенде ошону тууган кылып алгыла деп айтыптыр, жарыктык.

– Ал балбан болот. Өйдөчекти менен Көлөптүн тукумуна кереги тийет, дайра жээгинен орун бергиле деп Термечикке тапшырып кетиптир. Беш убак намазын жазбай окуйт. Өзү да карып калды. Жаш кезинде кыйын эле дейт. Жолборс менен күрөшүп, жинденген жолборс төшүн чапчып алып, көйнөгүн ачсаң жаракадай тырыктары бар. Жолборсту муунтуп өлтүрүптүр. Ушуну өз оозунан уга албадым. Термечик кайтыш болор жылы айтып берди эле. Анда мен бутум-бутума тийбей кыбачылык кылып жер кезип жүргөн кезим болчу. Дайым эле жаш болом, кыбачылык кылып жер кезип жүрөм дебедимби. Өмүрдүн кандай өткөнүн билбей да калат экенсиң. Ошонусу да жакшы экен. Өзүм кеч үйлөнүп, балдарым жаш. Кой көп божурап жибердим окшойт.

Өгүш, денем талмоорсуп баратат. Түнтөй атты ылдам бастыр. Аз калды. Карынбайдыкына жете баралык.

Баса, Ысмайыл... Кадыр чыйрала боюн түзөдү.

Ысмайыл эки жакка аз чыгып, дыйканчылыктан башка өнөрү жок. Атаңынкөрү, энеси ыраматылык жоош эле. Алачыктын алдын шыпыргандан башканы билчү эмес.

Катынын жамандап жатат дебе, Түнтөй?!

Кадыр жылмайып алсыз күлүп койду.

Сага айтар керезим бар. Карынбайга айтайын дедим эле. Ажал алкымдап турганда Карымбай ким, сен ким.

Мен өлгөндө Кабырымды Ысмайыл жети күнү күзөтсүн. Ошондо бир белги калат. Ыбырайкулун кучактап жата бербесин, ал урган. Калганы жаш.

– Я, Түнтөй?

– Ийи, – Түнтөй артына имериле карап , Кадыр минген боз тобурчактын чылбырынан алып жетекке алды. Кыбачы Түнтөйдү карап, ээрдин кашын бекем кармап кетип баратты. Канткен менен да боркул таштуу жолдо боз тобурчак өйдө бир, ылдый бир аттап Кадыр кыйналып барат.

А үкөм, аттын башын бир аз бура турчу. Эс алып, күч кубат жыйнап алайын.

Түнтөй Кадыр агасын аягандай токтой калды. Сага күч келген жокпу, карагым?

– Жок, аба. Андан көрү өзүңүз кыйналган жоксузбу?

– Көрүп турбайсыңбы абалымды.

– Түнтөй унчукпай калды.

– Түнтөй – Кадыр кыбачы алсыз үн катты. Ансыз да, шыбыш тыңшаган бүркүтчө сак бараткан Түнтөй Кадырды карады.

– Бу балдарым жаш. Ариетимди жасаганга чабалдык кылат деп Райымбектикине бардым эле. Бирок, ал жерде тынч жата албай койдум. Аны өзүң көрдүң го?!

Карымбайдыкына барганда менин аманатымды Ысмайылга айт. Кабырымды жети күн кайтарсын. Бир жума чала уйкулуу болсо эчтеке болбойт, өзүнүн өнүмүнө жакшы. Бул чал эмне эле какшанып жатат дебе, карагым. Менин абалым ар пенденин башына ар башка болуп келет.

Түнтөй унчукпай Кадырды карап, тура берди.

– Дайранын өйүзүндөгү туугандарыма айттырып койсоң?!

Кадыр акыркы сүйлөмүн тили көмөкөйүнө тыгылгандай ызаалуу айтты.

Кыбачы ушу кебинен кийин өзү сүйлөп жатам деп ойлоду. Анысы Түнтөйгө угулбады.

– Аба аттан түшөлүбү? Түнтөй Кадырга суроолуу карады.

– Ит абалаганынан чыга калган Карынбай, Кадырды жазбай тааныды. Атынан жаш балача колтуктап ала коюп үйүнө кийирди.

– Эмне, алыс жол жүрүп келаткансыңарбы, олуям.

– Э, Карыке, бүгүн сүйлөшкө дарманым келбей турат. Бул айтканыма таарынба. Бул жигиттин аты Түнтөй. Ушундан сурасаң айтып берет.

– Кадырдын кыртышы сүйбөй, ноокастап калганын Карынбай илгиртпей түшүндү.

Отундан чоң жагып үй ичин жылытып, олуяга ысык тааруу жарма куюлган кесени сунду. Кылкылдатып жатып кара кеседеги жарманын жармысына чейин бошотту.

– Карыке, бу бала жаш. Өзүң көрүп турасың бир түнкү уйкуңду мага бер, таң атканча кайтарып чык. Кокус, жаман айтпай жакшы жок тескери карап кетсем, балдарга кабар бердирип кой. Сал жасап сөөгүмдү алып кетишсин, сөөгүмдү ысырыкка койсун жанагы Ысмайыл деген уулум бар ошого айт. Мен өлгөндөн кийин кабырыман жети күн кабар алып турсун . Бир белги калат. Белгини Ысмайылдан угасыңар. А эгер Ысмайыл байкабай калса, сыр ачылбай ошол бойдон кетет. Угуп жаткандырсың, Карыке?

– О, олуям угуп жатам. Кой, андай дебечи, дагы беш он жыл жашап керектүү жерлерге суу чыгарып берсең болбойт беле?

– Кадыр болор болбос жылмайды.

– Оюма койсо сиз айткандай кылат элем. Ошого болбойт го. Ичээр сууң түгөнүп турса, ме деп бирөө бербейт экен. Берсе да сага өмүр болуп күнүм узарбайт. «Өлбөстү кудай жаратпайт, сынбасты уста жаратпайт», Карыке? Адам өлбөсө жер-сууга батабы? Анда жашоонун кызыкчылыгы кайсы. Бу тиричиликтин сонундугу улам жаңырып тургандыгында эмеспи, Карыке?!

Эртең менен эрте турган Кадыр олуя даарат алганы чөөгүндү алып, эшикке чыкты. Сол капшыттагы табылгыга жөлөнө даарат алып, дамбалын өйдө тартып, колун кайра чайкады. Жүзүн кыбылага бурду. Өз ыманын өзү окуду. Башы кеңгиреп башка дүйнөгө көчүп баратты. Отунга жөлөнүп ошол бойдон аңырдай оозун ачып, түбөлүк жайына боз туйгун болуп жөнөп кете берди.

Артынан акмалап таң атканча күзөтүп турган Карынбай, «олуям» деп кучактап калды. Табылгага жүз төмөнүнөн жыгылган экен. Кадырды жайына алып коюп, Карынбай Түнтөйдү кемпиринин жанына калтырып, Нарын жээктеп барып аркы өйүздө ат издеп жүргөн Ысмайылга, озондоп бакырды:

– О, Ысмайыл, Кадыр олуя жөнөп кетти! Сөөгүн алып кеткиле. Ысмайыл дагы да тактап угуш үчүн:

– Эмне?! – деп үн салды.

– Атаң өлдү! – деди Карынбай кыска бирок ачуу үн менен.

Ысмайыл инилери болуп бүлүнүп жатты. Өйүзгү туугандарына кабарга Түнтөй барып, алар тез эле келишти да Кыбачыны сал жасап «Ысырыкка» алып кетишти. Анткени Кадырдын үйү аркы өйүздө болчу, Жампага, Ноотко көчүп келе элек. Кыштоосуна Райымбектикинен келсем анан көчүп келем деп Карынбайга айткан эле.

Кадыр кыбачы бу жалган дүйнөдөн өтүптүр деген кабар тиги жагы Үчтеректин баш этегине, бул өйүзү Ачык, Каратөк, Толук Саркамышка чейин угулду.

Кадырды Ысырыкка коюшкан эл куран окутуп келген жактарына кете башташты.

Эл кеткенден кийин Карынбай менен Түнтөй Ысмайылды четке чакырып чыкты.

Өз алдынча үшкүрүнүп Карынбай:

– Э, Ысмайыл, атаңын аманат сөзүн айтпасак мойнубузга карыз болуп, тиги жайда сурак бербейлик! Ал:

– Ысмайылга айтып койгула, жети күнү кабырымды күзөтсүн. Ошондон бир белги калат. Бир азыраак уйкусун бөлүшүп койсо эчтеке болбойт, – деди. Биз атаңын аманат сөзүнөн кутулдук балам?! Аны угуп Түнтөй дагы да бышыктады.

Түнтөй:

– Ысмайыл иним, ким бар экен ата-энесин өмүрү өткөнчө алып жүргөн. Анда жерге адам батпай кетпейби. Кайрат кыл, инилериңди жакшылап бак.

Эреркеген Ысмайыл «атам ой» деп эки бөйрөгүн таянып көздөрүнөн, жаагы ылдый жашы сарыкты. Кыбачы өлгөндөн баштап катары менен үч күн кабырына Ысмайыл инилерин ээрчитип барып, куран окуп турду. Андан кийин ал Ысырыктагы көрүстөнгө басып барбады. Тек гана үйүнөн куран окуп турду.

Кээде кабар алып турчу Торкендик досу Өмүралы Кадыр өлгөндө келбеди. Көрсө, ага кабар айтылбаптыр. Аны да болсо Ысмайыл кеч эстеди. Ал атасынын өлгөнүнө жетинчи күнү болот дегенде түш көрдү. Түшүндө атасы баласына:

– А балам, кабырыма келип куран окугандан зериктиңби? Келип кетсең болмок деп капа болду.

Чоочуп ойгонгон Ысмайыл, таң агарганда Адырайга чуркап барды. Көргөн түшүн ага айтып, экөө Кадырдын кабырына келишти. Кыбачынын сөөгү жаткан жер, киши баткыдай оюлуп калыптыр. Аны көргөн Адырай куран окуп, акырын сөөк жаткан жерге түштү. Актыгы калып калыптыр. Ал аны мекеден алып келгенин Адырай билчү. Кепиндик акты, чапанынын ичинен оронуп Адырай сыртка чыга келди. Анысын Ысмайылга айтпады. Тек гана атаң жайында жок экен. Мекеге кетсе керек деп койду.

Ысмайыл кабырдын үстүндө атасынын аманатын аткарбаганга өкүнүп көпкө солуктап ыйлады.

– Кой ыйлаба, аманатын аткарбаган өзүңдө күнөө. Атаң жайында тынч жатсын, – деп, Адырай Ысмайылды кагып койду.

Кийин Кыбачынын өлгөнүн билген досу Өмүралы Торкенден келип куран окутту. Ошондо да Өмүралы бир шумдуктуу окуяны айтып олтурду.

Мага кабар бербедиң Ысмайыл, тиги инилериң го жаш. Мен Какемди өлбөйт, кудай менен сүйлөшкөн кши деп жүрбөйүнбү.

Мен жаңылыпмын биздин үйдүн тушунан өтө берип:

– А, Өмүке?! Ой, Өмүраалы, көп уктаба, балдарыман кабар алып тур, – деди кайран киши. Бул жерде угуп жаткандарыңарга жалган мага чын эшикке чыксам, чөгөрүлгөн ак тайлакка минип жаңы эле аны тургузуп жаткан экен. Мен карап эле туруп калыпмын. Аңгычакты тайлактын башын кыбыланы карата буруп жөнөй берди. Аркасынан чуркап жетпей калдым.

Кайран киши Мекеге кетти го деп ойлодум. Ошол эле замат байлоодогу тору атымды токунуп береги тайды союшуна жетелеп жүрө бердим. А кайран киши! Эсил жан досум.

Өмүраалы эчкирип ыйлап жиберди. Анын көзүнөн аккан жаш жаагы ылдый куюлуп, сакалына сарыгып, Кадырдын балдары менен коштошуп Торкенге кайра жөнөп кетти.

Эрезеге жеткен балдар өз алдынча оокат кыла баштады.

Атасына күмбөз тургузам деген Стамкул, дайрадан чаначтап суу ташып атасынын күмбөзүн тургузду. Бу дагы болсо баланын бир милдети экенин өткөн-кеткендер айтып жүрүштү.

 

 

(Көңүл буруңуздар! Бул жерде китептин бир бөлүгү жайгаштырылган)

Текст толугу менен Word форматында көчүрүлсүн

 

© А.Токтогулов, 2007. Бардык укуктар корголгон
    Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

 


Количество просмотров: 4888