Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз
© А.Токтогулов, 2006. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2010-жылдын 23-апрели

Айылчы ТОКТОГУЛОВ

Жаз кайрылып келет

Повесть

Автор буга чейин “Кез келүү” аңгемелер жыйнагы, “Толук зилзаласы” дастаны аркылуу окурмандарыбызга аздыр-көптүр тааныш. “Жаз кайрылып келет” деген повестинде турмуштун көп кырдуу көрүнүшүн чагылдырып, өзгөчө кыздын күндөлүгү аркылуу окуяны чечмелеп бере алган. Чыгарма өспүрүм курактагы жаштарга арналып жазылганы окуп жатканда эле байкалат.

Токтогулов Айылчы. Жаз кайрылып келет: повесть. – Б.: Айат, 2006. – 48 б. китебинен алынды

УДК 821.51
    ББК 84 Ки 7-4
    Т 51
    ISBN 9967-403-98-5
    Т 4702300100-06

 

Пролог ордуна

 

«Сүйүү деген сүйүү эмес эринден,
Сүйүү деген сүзүп өтүү деңизден».
А.Осмонов

 

Бу сапар да түшүмө кирдиң. Ак куу болуп учуп келдиң да жасалма көлгө каалгый конуп, көл жээгинде ага окшоп мелтиреп турган мени көпкө карадың. Көздөрүңөн сарыгып жаш акты. Мен сени чын эле ак куу экен дедим. Бирок көл жээгине жакындаган сайын кадимки кыз кезиңдеги элесиң даана тартылып, берилей бердиң, берилей бердиң.

Жүрөгүмдө дайыма сенсиң, кечелерде ырдасам ырым сенсиң, дем алууга жараткан таноом сенсиң!

Баягы ак куу кебин кийген сенин келбетиң ушу сөздөрдү айтып дайыма тынчымды алчу болду. Мен канткенде элесиңди унутам?! Ак куу кебин кийген баданың аппак болуп жүрөгүмдү мыжыгат.

Көл жээгине жалгыз барам да сен жөнүндө, эмне кылып жатты болду экен деп ойлойм. Балким, сен бу дүйнөдө жоктурсуң! Жок! Жок! Тфу! Тфу! Жерге түкүрүнүп, эсен жүрүшүңдү тилейм жалгыз алладан.

Ылайым бар бол!

 

***

Ата, Рая эжем келди. Кенжем Самат менин алдыман утурлап кызымды кабарлап чыкты.

— Ата, эжемин жанында бир бала бар экен. Мени өйдө-өйдө-ө көтөрүп эркелетти.

— Ал кайсы бала экен?

— Билбейм, атым Асылбек дейт.

— Апаң мектептен келе элекпи?

— Жок.

Эшик алдында турган эки караан мен жакындаган сайын берилей утурлай басышты. Алыстан эле эки көзүм тиги жанындагы ким болду экен, эмне, же тиги шаардагы туугандардын балдарынан болуп жүрбөсүн деген күдүк ойдо, эшик алдына карп-курп кирип келдим.

— Саламатсызбы?

— Саламатчылык.

Кызымдын жанындагы орто бойлуу, ак жуумал, бадыракай көз уланга көз тиккенимде эле, анын көзүнөн тааныш көздөрдү жолуктурдум. Жүрөгүм белгисиз жышаанды сезгендей булкуп, булкуп алды.

Кызымын чоңоюп калганынан уламбы жөн гана сыпаа аталык мээрим менен бетинен сүйүп учураштым.

Мурун Рая окуусунан каникулга келгенде мойнума асыла эркелей кетчү. Бу сапар антпеди. Улам бой тартып ышкын түспөлдүү солкулдак назик денеси жетилген сайын атасы менден сыр жашырып, көбүнчө апасы менен сырдашчу болгон.

Тигиниси ким? Жүрөгүмдү өйүгөн нерсе ошол болду. Ал да уялгандай жүз багып сүйлөшпөй, берген суроомо жер тиктеп жооп берип, качандыр бир кезде жоготкон эң жакын көздөрдү улам көрсөм деп дегдей бердим.

Тааныш көздөр. Балким… Бу дүйнөдө окшош көздөр аз бекен. Мейли, кызымын бир жолку ээрчитип келген коногун жакшылап тосуп алууну ойлоп, — келегой, киргиле үйгө. Апаң да азыр келип калар, сабагы да аяктайын деп калды, — деп кызыма буюра үйгө кирүүсүн өтүнүп, жабыла үйгө кирдик.

Дасторкон үстүндө боз улан мени байкабайт дедиби уурдана көз тигип жатты. Ара-чородо Саматтын тикчийген чачтарынан сылаган болот.

Капырай, ушундай да окшош көз караштар болот экен ээ. Ошонун эле өзү. Эркек болуп туруп, аял затынын көзүнө ушунчалык окшоштугун кара.

Бир чети өзүмдүн олдоксон ой жоорумдан уялдым. Балким анын бир тууганы же уулу болуп жүрбөсүн. Дагы көпкө дейди ойлорду кубалап кетет белем, кыйч этип ачылган эшиктен улам сүрдүгүп жыгылган күлүк өңдүү, эшиктен жаңы баш багып кирип келаткан аялыма карадым. Ал кызы менен көрүшүп кучакташып жатты. Тикесинен тик турган улан ага да эң эле уяңдык менен – саламатсызбы? – деп учурашып баягы олтурган орунтугуна олтура кетти. Рая апасы менен сыртка чыгып көпкө жок.

— Атың ким, балам?

— Асылбек.

— А экөөбүздүн атыбыз уйкаш турбайбы. Менин да атым Асылбек. Тик караса экен деп карс-карс күлгөн болдум.

— Кайсы окуу жайында окуйсуң?

— Мед институтта. Анын үнүнөн калтырагандык, бир чети тартынып уялгандык билинип турду. Кантсе да аны уялтпайын деген ойдо унчукпай калдым да, бир нерсе оюма түшкөндөй:

— Кайсы жерлик болосуң? – дедим.

— Тянь-Шандан.

— О, тиги мал киндиктүү жерден болот турбайсыңбы.

Ал, алагой тамактан, автобуста келип кыйналып да калган чыгарсыңар. Сөздү канчалык жумшактабайын анын жүзүндөгү уядыкты кетире албай көптү көрсөм да өзүмөн өзүм кысындым.

— А жакшы, Райкүл экөңөр бирге окуйсуңар го?

Улан дагы да бетине кан тээп, — “угу” дегендей башын ийкеп, унчукпай калды. Олдо ушу менин олдоксондугум ай! Эр ортонуна жакындап калсам да сүйлөөнүн ыгын билбей бирөөнү таарынтсам, бирөөнү уялтып келдим. Бу деги тагдыр берген мүнөздөн оолактап кете албайт окшойсуң.

Канчалык окшоштурайын десең да жаңы арык казып жатып, эски нугуна түшүп кеткендей кыйпычыктайсың. Бу жашоо дегениң ошонусу менен кызык окшобойбу. Биз антип-минтип тамактанып сыртка чыкканча сааттын жебеси сегизди көрсөтүп, келген конокторду кур жаткырбай козу союуга камындым.

Эшиктен кирип келген Райкүлдүн апасы да өзүнчө бүдөмүк ойдо калгандай туюлду мага.

Мен эшикке чыгып айдын толуп тандыр нан сымал тептегерек болуп турганын көрүп, жаратылыштын сулуулугуна ушунчалык суктандым. Жашоо түбөлүктүү болсо, өмүр түбөлүктүү болсо деп тиледим ошондо. Шыңга теректер боз уландай бой тартып шамалга ыргалып турду.

Сабакка даярдануу үчүн өз бөлмөмө кирдим. Стол үстүндө жаткан төрт бурчтуу чоң көк конвертке көз тиге, андагы жазууларды тааныдым. Тааныш жазуу. Бир кезде кайра-кайра окутууну эңсеген жазуулар. Анын сыртынан – Асылбекке – деген жазуу бадырайып даана окулуп турду. Андан аркысын билбегендей дендароо болуп, тунжурап стулга өбөктөй көпкө олтурдум. Конвертти ачканда эле катылып келген күндөлүк көзүмө урунду. Мен эркек болсом да көзүмө жаш тегерене, конверт экөө үчөө болуп көрүнүп, көпкө өзүмө келе албай, акыры күндөлүктүн алгачкы барактарын окуй баштадым.

 

***

1970-жыл. 18-сентябрь

Мен буга чейин күндөлүк жазып көргөн жан эмесмин. Бул күндөлүк качанкыга чейин созуларын жана жан жолдошум эмне деген сырларды саптарына камтып барарына алдын ала бүбүлүк кыла албаймын.

Сенин жазылышыңа бүгүн туура он сегизге чыгышым менен, институтка өткөндүгүмүн бир жылдыгы жана дагы делебемди козгогон түрлүү ойлор себепкер болду го деп ойлойм, Жан сырдашым, ушу сенин аппак беттериңе апаппак тилектер шурудай тизилип турса экен.

Мен эмне болуп турам! Ушу мезгилге чейин күндөлүк деген эмне экендигин ага эмнелерди жаза тургандыгын толук түшүнчү да эмесмин. Болгону курсташ кыздардын күндөлүктөрүн уурданып окуп койгонум болбосо…

Күндөлүгүм, ылайым сени менден башка эч бир жан окубаса экен. Сен мага ошонуң менен барктуусуң. Бүгүн мен сени атайын издеп китеп соода дүкөндөрүнө чыктым. Бактыманбы же, билбейм… кыпкызыл дептер туш келип, жашоом ушу сени тапкан күндөн башталгандай сени эч ким башын кое элек көкүрөгүмө, кош алма тариздүү табият берген кыз деген атымды белгилеген жерге сени алгачкы жолу кыстым. Жүрөгүмдүн түрсүл кагышы аны коштоп тургансыды. Асманды карадым. Күн да сен сыяктуу кыпкызыл болуп батып баратыптыр. Кыпкызыл күн. Кыпкызыл дептер. Сенин багың үчүн деп чоктой кызарган роза гүлүн сатып алып, өзүмдүн оюмда кызарган жалын болуп алоолоп бараттым.

Мен бул күнү бактылуумун!

 

12-октябрь. Жан сырдашым, сени пахта талаасынан ачып олтурам. Биз келген жер Ленин районуна караштуу Арал совхозу экен.

Айдын жумшак күүгүмүндө тыт түбүндө олтуруп, Асылбекти жөнөтүп коюп жазып олтурам. Асылбек деген атты атаган сайын жүрөгүмдүн түпкүрүнөн обон оболоп, башым сүйүүгө мас. Жада калса тыттар да мага бакыт тилегендей түндүн бейпил кучагында тунжурайт. Табият менден жакшылыгын аябаса экен. Тилегеним ошол.

Бар бол сүйүү! Бар бол дүйнө!

 

29-октябрь. Асылбек бүгүн да келди. Ал менден бир курс жогору окуйт. Келген сайын мени чакыртып алып, ушул бай түп тыттын түбүндө көпкө сырдашабыз. Эмнеге келегнин айтпайт. Сөзгө чоркок эме. Бирок көздөрүнөн окуп турам. Кыз эмесминби, канткен менен да уландарга караганда кырт келет эмеспизби.

 

7-ноябрь. Октябрь майрамы болду. Мен Асылбекти Октябрь майрамы менен куттуктадым. Кийинки күндөрү ал экөөбүздүн мамилебиз бир бүтүн нерсеге айланып кеткендей, ансыз жашоом өтпөөчүдөй сезилчү болду. Аудиторияда олтурганым менен, көзүм агайда болгону менен, оюм чабыттап башка жакта. Барган сайын Асылбек да чечилип сөзмөөр болуп кетти.

Баса, күндөлүгүм, сен да ага кошулгандай чечиле баштадың. Көрсө сүйүү кудуретинен мага кандай сөз арнооңду билбей апкаарып жүрсөң керек. Деги мен эмне деп жазып жатам, катам болсо кечир, кызыл дептерим.

Ошол күнү Асылбек экөөбүз тоого чыктык. Асыл, сен жетине албай шаарга суктана карап биздин заманыбыз жөнүндө көп нерселерди божурап жетине албай турдуң. Экөөбүз кубалашып түштүк тоодон. Кызык экенбиз. Сен мага тоонын түбүнөн жетип, өзүңө имере тартып, кандайдыр мен көрбөгөн, башыман мурун өткөрбөгөн сезимиме бүлүк салып кучагыңа кыстың. Мен сенин алдыңда алсыз элем. Эриндериң эриниме жакындап келатты. Эриндер магниттей тартыла түшкөндөй болду. Саамга магдырап кайра өзүмө келгендей, «чуу» дедире жаакка чаап жибердим. Сен нестейе түштүң. Унчуккан жоксуң. Мен болсо эки көзүмдү алакандарым менен калкалап, кыпкызыл көпөлөк болуп жатаканага учуп келаттым. Жатаканага жетпей артымды кылчая карадым. Сулайман тоосу мени күнөөлөгөндөй мисирейди сезимимде. Боз ала болгон сен акыры аяр басып ойлуу келатыпсың. Чуркаган бойдон жатаканага кирип кеттим. Ушул түнү такыр уктай албай койдум. Сени ойлоп, айыпсыз чапкан алакандарымды жемелеп, көпкө ыйладым.

Мени менен бир бөлмөдө жаткан Ибадат деген кыз бар эле. Ал үйү жакын болгондуктан үйүнө кеткен. Мен жалгыз элем. Ушу тапта сени эңсеп кеттим. Өзүңдөн кечирим сурагым келип кетти. Оба, кыз деген намызымды жыйыштырып коюп ошентким келип, жүрөгүмдүн каалоосуна улам багынып бараттым.

Сен эмнеге келбейсиң? Шадылуу колдоруң саамай чачтарымды эмнеге сылабайт? Өйдө туруп терезеден эки жакка көз чаптырдым. Эки ашык жатакананын бурчунда бири бирине кыналышып бир нерселер тууралуу сүйлөшүп жатышат. Жигиттин колдору кыздын белине оролуп улам өзүнө тартат. Кыз бар дүйнөсүн унуткандай жигиттин эрки менен болуп, деңиздеги ак куудай чайпалат. Ушу тапта сен болсоң…?

Жүрөгүм өрөпкүп чыкты. Эч тынч алып уктай албай койдум. Ызаама чыдай албай терезеде жалгыз телмирем, бар күчүмдү ыйдан чыгарам. Көзүмөн аккан жаш күзгү жаандын тамчысындай жаак ылдый сарыгат.

Стол үстүндө жаткан кайсы бир акныдын мен сүйгөн төрт саптары жатат. Аны окугум келди. Колума алдым да кайра таштап койдум. Мен жан дүйнөм менен алышып жаттым. Чын эле сүйүп калдымбы?! Жок! Жок! Окууну бүтмөйүнчө эч ким менен сүйлөшпөйм. Кайра эле оюмда сенсиң. Мен эмне жинди болуп баратамбы?

Мейли көргөндөр эмне дешсе ошо дешсин, өздөрү сүйүү эмне экенин билишпейт бекен. Мен сенсиз жашай албайт окшойм.

Эртең сөзсүз сага жолугам!

 

20-декабрь. Көптөн бери экөөбүз жолугуша элекпиз. Сен мени Ибадаттан сурап кетипсиң. Ал мени акесиникине кетти, издесең табасың, — деп жооп бериптир.

 

22-декабрь. Сен экөөбүз алгачкы таарынычтан көп үзгүлтүктөн кийин кайра жолугуштук. Мен сени аябай сагынып калыптырмын. Бул жолугушуу лекциядан кийин жатаканага келе жатканда болду.

Өзүмчө ойго батып ансызда жакындап келаткан кышкы сессия жүрөгүмдү өйүп, бир жагынан ага каршы чыкандай сага деген махабатым алоолоп окуума тоскоолдук кылды. Окуу залына барып окуюн дедим. Оюмда дагы сен. Автобуста баратсам да, ырымда да сен, сен!

— Кандай, Райкүл?! Сенин баскан издериң, жада калса анын добушунан өйдө мага тааныш эле.

Чоочуган киши болуп: — Жакшы, – деп жылмайдым.

Тоо түбүндөгү ызааланганым оюңан чыгып кеткендей мага жагымдуу сезим тартууладың. Экөөбүз үнсүз бараттык. Ары-бери өткөн автобустардын күрүлдөгөн үндөрүнөн башка айлана тынч. Жолду бойлой тигилген кара жыгачтар ак бубак салынып көзгө сүйкүмдүү жылт-жулт этет.

— Кышкы сессия жакындап келатат, э?

— Угу, мен башка жооп айтпадым.

Жакшылап окуш керек. Сен мени карадың. Көздөрүбүз чагылыша түштү. Жүрөктөр түрсүлдөп качандыр болгон таарынычты унуткандай бат эле сөзгө аралашып кеттик.

— Бейше?

Мен унчуккан жокмун. Сүйлөгүм келсе да кыз каадасын сактадым. Сен эмне деп айтарыңды билип турсам да, айтса экен деп сага аянычтуу көз тиктим. Сенин жүзүң мага өтө аянычтуудай сезилди.

Ушул кечте эң алгачкы жолу болуп өткөн таарынычты унуталы, — деп айткан болор-болбос кебиң үчүн шыңгыр үнүм менен наздана каткырдым. Сен да жыргап күлдүң. Жатаканага кандай келгенибизди билбей калдык.

Жатакананын сол тарабында калың бай түп тыт бар болчу. Биз ошол жерде көпкө сырдаштык. Кышкы сессия өтмөйүнчө азыраак жолугушуп турууну сунуш катары киргиздиң. Бул да болсо мени аяп жатканың эле. Ушуну эле күткөндөй түлкүчө мант бере четтей бастым.

Сен билегимен кармай өзүңө тартып аянычтуу бир нерсең калгандай жалооруй көз тиктиң. Сенин баё көз карашыңа, жүүнү бош кейпиңе боор ооруп, бир чети кызганычтан, бир чети таарынычтар жазылганына кыткылыктай күлдүм.

 

12-март. Мен эң акыркы экзаменди тапшырып, үйгө кышкы каникулга кетүүгө ашыгып жаттым. Баса сенин туулган күнүң менен куттуктап коюну чын дилимен кааладым, сени издегим келди.

Кечки сеанска киного билет алдык. Ал Италия кино студиясы чыгарган «Серафимо» деген кино экен. Жолдо келатып Серафимонун кылык жоругуна аябай күлдүк.

Асманда толо жылдыздар. Бийик салынган көп кабаттуу үйлөрдүн бир бурчуна илинип Ай турат. Менин бөлмөмдө форточканы ачып, айланага көз тиге өзүбүзчө кубанып жаттык. Мени менен жаткан кыздар эбак үйлөрүнө кетишкен. Ай, ушу үйдүн алыстыгы ай! Апамды сагындым. Байкуш апам, үлбүрчөгүм качан келет деп күтүп жаткан чыгар. Мени эс тарткандан бери үлбүрчөгүм деп эркелетет. Атам апамын ал сөзүн анчалык жактыра бербейт. Эрке өсүп калат дейби, атыман эле Райчка, же кээде Райкүл деп чакырат. Жакында үйдө болуп калам. Берекем апам мен сени ушунчалык сагындым дейсиң!

Асылбек экөөбүз таң атканча кирпикти көзүбүздү каккан жокпуз. Экзамен, балалык жылдар, жада калса ага туугандарыбыз жөнүндө да сүйлөшүп жаттык. Ал экөөбүздүн ортобузду платенца бөлүп турат. Андан өтүп кетмей жок. Таң да атты. Мен сага ушу түндөн баштап ишендим, Асылбек. Мен сендикмин.

 

16-март. Мен үчүн көңүлсүз болду. Үч күн үзгүлтүктөн кийин айылга жеттим.

Байкуш апакем, жада калса эшиктин алдында башын алдыңкы бутуна катып жатчу Ак Төш да куйругун шыйпалаңдатып көңүлдүү тосуп алды.

Бул кубанычтын ичинде бир гана атам болгон жок. Ал колхоздун иши менен алек болуп жумушунан келе элек экен.

Айыл-ападагылар үйгө батпай мени менен учурашып жатышты. Алардын арасынан кимдир бирөөнүн: — О, Самсаалынын кызы бойго жетип калган турбайбы, эстүү кыз болуптур, — дегенин кулагым да чалып калды.

Тээ этекки айылдан карыганына карабай бүкчүңдөй басып, атамын эжеси Бүбүш да келди. Бүбүш эжем элдин айтымында, сөөк учуктан ушинтип бүкүрү болуп калган имиш. Анын жалгыз баласы Мурат, быйыл жайында армиядан келет экен.

Мен аны тээ бала кезден бери жакшы билем. Айткан сөзүн аткарган өжөр эме. Ыраматылык жездем Сөйкө ошондой киши болчу, — деп атам айтып калар эле. Азырынча Бүбүш эжем жалгыз турат.

Бүбүш эжем келгени биздикине үч түнөп калды. Бассам да, олтурсам да мени үзүлө түшүп карай берет. Анысын анчалык жактыра бербейм. Сөз арада: Эже, эмне мени көрө элек белеңиз, мынчалык эле тиктейсиз да жарыктык деп күлгөн болом.

Ушул кечте өмүрүмдө таптакыр укпаган кепти угуп угуп, ызааман аябай ыйладым. Апам атам менен айтышып, менин таламымды талашып жатты. Атам бир айтканын жак – деп коё бербеген кежир адам. Аны бала кезимен бери билем. Кээде апамы төпөчтөп да коё турган. Байкуш апам ызаасын көзүнөн чыгарып тим болчу.

— Эй, апасы, бу кызың алыска кеткени жүрүптүр. Жакында Райкүлдү окуткан Сөйкөнүн иниси Кыдыршадан кат алдым. Кетментөбөлүк бир шумпай тооруп жүрөт дейт. Кызыңды тый. Агер кызың алыска кетсе кубаарим бетин экинчи карабайм! Ошонусу чын болсо топурагын түйүп кетсин!

Бүбүш да бир четинен чыгып: — Алыс кетет деген эмне, кой садагасы, жамандыгы болот, жакшылыгы болот өз айлыңа эле кел. Тиги жээниң Мурат да быйыл келет дебеспи.

Жыландын башын кылтыйткан эжемин сөзүн анчалык жактыра бербедим, ачуум келди.

— Келсе келсин, анда кандай тиешем бар?!

— Өй, өзүңөн улуу эжеңе каяша айтпа. Сени институт ушундай жолго тарбиялап жатабы, я?!

Болбогон жерден кыйкым издеген атам, апама буюра айтты:

Кызың окуса окугандай окусун. Болбосо… Кайдагы бир атам тааныбаган жерден издеп жүрө албайм! Окутам деп ушу сен кылдың!

Апам бирдеме демекчи болду эле: — Жак, болду, айтканым айткан! Агер кетсе…!

Атам камчысын сүйрөй, “уктуңбу” дегенчелик, – барбайсың, — деп бурк этип эшикке чыгып кетти.

Ошондо сен оюма түштүң, Асылбек. Бүткүл денем титиреп капаска түшкөн торгойдой жүрөгүм туйлап жатты. Сен оюма түшкөндө түз эле сен жакка качып кетким келди. Ызаама чыдай албай шолоктоп көпкө ыйладым.

Байкуш апам саамайыман сылап, сооротууга ашыгып, Бүбүш эжемин кетишин каалап турду. Бирок Бүбүш эжем кеткен жок. Бул күнү да биздикинде конуп калды.

Атам экөө көпкө акылдашып, көп тиричиликтери жөнүндө кеңешип жатышты.

 

***

Апам мени узатып жатып, жеңинин учу менен көзүнүн кычыктарын аарчып: — Үлбүрчөгүм, сен дагы баягыдай секелек эмессиң. Чоңоюп калдың. Атаңын бир айтса кайтпасын билесиң. Самсаалы экөөбүздүн бар тапканыбыз сеники. Көрүбүзгө ала кетмек белек. Кызыбыз да, уулубуз да сенсиң ушуну көңүлүңө түйүп койчу, каралдым?!

Ал эмне жамандыкка кыйып жатыптырбы, өз кызына жамандык ойлосо тилеги куурап калбайбы.

Апам мени автобус токтоочу аялдамага чейин ээрчитип келип, элден кызгандыбы, же бир нерсе айткысы келдиби, мени четке жетелеп чыгып, жүрөгүндөгү түпөйүл нерсесин айта албай кыйналып жатты.

Анан өзүнө келгендей: — Тиги Кыдырша жазган каттын маңызы чынбы?

Апам мени тике карады. Кичинемен апама тике айтып көнгөн мен: – чын, – дедим.

Апам көпкө тунжурап, арыта келаткан автобустун үнүн тыңшай «үлбүрчөгүм» дагы эле мага бала бойдон чала кайым сыяктанасың. Балким туура эмес болуп жүрбөсүн. Мейлиң өзүң эле чеч. Азыркылар өзүн өзү билип калышпадыбы. Менин колуман келсе жаныман карыш жылдырбас элем го. Айтор атаң да сенин камыңды ойлоп жүргөндөй. Эненин каргышы бок, атанын каргышы ок дейт элиңде. Ушуну эсиңе тутуп кой кызым?

Апам мени туюк жарга камагандай, эмне каларымды билбей алдастап жете келген автобусту карай чуркадым.

Автобуста кетип баратып, апама кол булгалап, айнектен башымды чыгарып бараттым. Байкушум апам, мени кайсы жагына олтурду экен дегендей автобусту көпкө тиктедиң. Тиктедиң да кол үстү менен эки көзүңдү жанып-жанып алдың. Оба, апа, сен ыйлап жаттың. Аныңа карабай көпкө кол булгаладың. Акыры биз жыландай ийрелеңдеген жолдо дөңсөөнү айлана бергенде алыска учуп кеткен канаттуудай көрүнбөй калдың. Автобустун ичиндегилер бардыгы мени карап бараткансып сезилди мага. Сенден алыстаганымды эстегенде жүрөгүмдү бир нерсе мыжыккандай үшкүрүнүп алдым. Жанымда олтурган кемпир: — Бул эмнеси, жаш туруп да… дегенчелик кылып карап коёт.

— Эмне жаш туруп үшкүрүнөсүң дебеспи алиги кемпир.

— Апам. Мен андан аркысын айта албай, тамагым буула түшкөндөй буулугуп эки көзүмдү кош алаканым менен басып ыйлап жибердим.

Кой айланайын, алыска жүрүп баратканда антчү эмес. Өзүң деле бойго жетип калгандайсың, кызым.

Мен өпкөм өпкөмө батпай ыйладым.

Жан сырдашым, эч нерсеге алмашкыс күндөлүгүм, сени алганда шурудай тизилген ак тилектерди кааладым эле. Бирок турмуш андай болбойт экен, жашоо андай болбойт экен. Канчалык болтурбайын десең да болтуруп, адамды өзүнө багындырат окшобойбу. Мейли эми мунусуна да шүгүр. Ойтобо, ушул саптарды жазып жатып, өзүмчө эле күлүп жаттым. Ой! Эмне, кемпир белем, дагы шүгүрчүлүк сурап күлүп коём да?

 

1-апрель. Бул күндү алдамчы күн деп коёт. Анын эмнеси алдамчы күн болуп калганына түшүнбөйм. Ушу кезге чейин сурап биле да элекмин.

Мен келгенде шаар ичи жаздын илебине жылынып, тоолор магдырап чөккөн нардай көрүндү көзүмө. Оюма сен түштүң, Асылбек. Баягы, баягы тоого барган күндөр эсиме келгенде өзүмчө эле кызык болуп, апкаарып турдум. Сен мени кечир, Асылбек. Жүрөгүм сени кааласа да ата-энем сени каалабай, жан дүйнөмө бүлүк таштап жатат. Деги сен мени ушундай абалымда жолукпасаң экен. Кокус жолугуп калсаң…

Негедир денем дүрүлдөп, көздөрүмөн жазгы шүүдүрүмдөй эки тамчы тып, тып тоголонуп түштү. Жараткан мен эмнеге мынчалык жашык болуп жаралдым экен. Апамы тартып калсам керек.

Өзүмдү өзүм сооротуп, жалгыз аллеяда басып бараттым.

Токтогул паркын негедир каалап кеттим. Жүрөгүмдүн буйругунан чыга албай ага тартылып баратканымды билбей да калдым.

Колумдагы эт аш салынган чемодан таш көтөргөндөй колумду талытып аркы-терки эки жагыма көтөрөм.

Негедир чемодан жеңилдегендей боло түштү. Катуу ойго шуңгуп кирип эч ким менен ишим болбой, бет алдымды мелтейе тиктеп бараттым.

Карасам сенсиң, чемодандын астынан сүйөй эмне болор экен дегенчелик, өзүңчө быкылдап күлүп келатыпсың.

Мен сени көргөндө ыйлап жибердим.

Сен эч нерсеге түшүнбөгөндөй нестейе түштүң. Асыл, өзүңө келе калдыңбы, мени колтугуман сүйөй бак түбүнө тарттың. Ыйымды токтото албай көпкө солуктадым. Сенин манжаларың саамайымды сылаганда ого бетер шолоктоп ыйладым, Асылбек.

Кантет, кантет эми. Райка? Райка? Сенин жалбарган үнүң алыстан угулгандай, Ак Бууранын шарпылдагы менен кошо тээ алыстан-алыстан угулгансыды. Манжаларың саамай чачымды тарап, бир убакта эсиңе келе калгандай, жүз аарчыңды ала коюп, көз жашымды аарчыдың да, жаш балача алдыңа ала койдуң. Эмне экенин билбейм, ызаама жеңдирип жооп берүүнүн ордуна мойнуңан сыга кучактап шолоктоп ыйлай бердим.

Асылым, мен өмүрүмдө анчалык ыйлаган жан эмесмин. Билбейм, эс тартканы анчалык ыйлабасам керек. Көздөрүм канталап, чарасы барыгып шишип чыкты. Сен эч нерсеге түшүнбөй, алдыңдагы мени сооротууга ашыгып, жан дүйнөң менен жүрөгүңдү, болгон арзуу сөздөрүңдү мага арнап жаттың.

Асыл, ошондо сн арнаган сөздөр жадымда түбөлүккө сакталып, бассам-турсам да оюман кетпей койду. Ошол сөздөр түбөлүк жолдошум сыяктанды. Ал сөздөр менен алыска, алыска ак куу болуп учкум келди.

Башым ооруп, өзгөчө чыкыйым лукулдатып ( балким ыйлагандан болсо керек) желкем сайгылашып чыкты. Эки бетим албырып, өзүмдү өзүм зорго кармап турдум.

Асыл, балким сени менен түбөлүккө бирге болбосмун. Жок! Жок! Сенден ажырагым келбейт.

Мен сени карадым. Сен жалооруй эки көзүң от болуп, болгон ишенимиң менен жалынычтуу карап турупсуң. Мени өзүңө тарта эки колуңду кайчылаштырып барыгып чыккан жүзүмдөн туш келди аймалап сүйө бердиң. Бул башта эч бир болбогон, экөөбүздүн ортобуздагы оттуу сүйүү эле.

Тура калып мени көтөрүп алдыга кадам шилтедиң. Ал кезде бардык нерселер оюман чыгып, сени мойнуңан сыга кучактап наристедей кытылдап күлө бердим. Күлө бердим да айылдагы апам эсиме түшө ыңгайсыздана балыктай туйлап суурулуп түштүм. Экөөбүз жанаша басып бараттык. Жатаканага жетпей жолдон Кыдырша агай жолукту. Сени сынай карап, мага сырдуу унчукту:

— Айылдан келатасыңбы, Райкүл?

— Оба.

— Самсаалы кудалар аман-эсен жатышабы?

Ал жооп күтпөгөндөй түз эле “үйгө бар” – деп айтып, аялдамадан автобуска түшүп, күн чыгышты карай жүрүп кетти.

Негедир Кыдырша агайды жакшы көрбөйм. Бизге спецтен берет. Мен анын сабактарынан эң жакшыга жооп берчүмүн. Айылдаш дейби, же бир башка ою барбы, мени кийин кир – деп коёт. Кийин киргенде эмне, билген баамды коёт да. Билет алганда өзүмчө олтургузуп акырын басып келип, билетимди окуп көрүп: — билесиңби? – деп сурайт. Жооп берүүнүн ордуна өзүм билген сөз тизмектерин баракка жаза баштайм. Бир аз турат да башка студентти сурамакка басып кетет.

— Асыл? Сен мени жалооруй карадың.

— Агайдыкына барайынбы?

Сен мейлиң дегендей баш ийкедиң, үнсүз. Бирок көңүлүңдөгү каалооңду окуп койдум. Сенин өтүнүчүң боюнча чемоданды сактык бөлмөсүнө тапшырып, көчөгө чыгып кеттик. Бул түнү сен экөөбүз сенин квартираңда болдук. Таң атканча уктаган жокпус. Келечек тууралуу таттуу ойлорго чөмүлүп, терезеден билинер-билинбес түшүп турган Айдын шооласына жамынып, өз оюбуз менен алек болуп жаттык. Сен эмнени ойлодуң экен ошондо? Балким мен тууралуу балким… билбейм. Айтор ушу түнү мага башкача сынаачыл болуп көрүнүп кеттиң. Сени аяп турду жүрөгүм. Атыңа жараша Асыл жигит экендигиңди ойлоп, сендей түгөй тапканыма жетине албай айды тиктеп жатып уктап кетиптирмин.

Түшүмө апам кирди. Ал автобус токтоочу аялдамада колун булгалап, көздөрүнөн сарыгып ылдый аккан жашын жеңинин учу менен сүртүп жатыптыр. Чоочуп ойгонуп кеттим. Сен менин үстүмө өзүңдүн костюмуңду жаап коюптурсуң. Кероватта жатыптырмын. Ойгондум да сени издедим. Полго төшөлгөн жалгыз төшөктүн үстүндө жамынчысыз уктап жатыптырсың. Негедир бу көрүнүшүң көзүмө жаман көрүнүп, костюмуңду өзүңө коомай жаап, акырын эшикке чыгып келдим. Дагы эле уйкудасың. Телмирип көпкө тиктедим сени. Сени мага ыраа көргөн теңириме алкыш айтып, бактыма оба, коюн толо кубанычыма сыйындым ошондо. Акырын барып сыйда кара чачыңды сылагым келип кетти. Бирок батына албадым. Сени биринчи жолу көрүп жаткандай көпкө тиктедим.

Сен бырс күлүп жибердиң. Мен да күлдүм. Көрсө калп эле уктамыш болуп барын байкап жатыпсың.

 

12-июнь. Биз бүгүн философиядан экзамен тапшырабыз. Пайзылдаев агай мүнөзү жумшак көрүнгөнү менен экзамен алууда катуу. Өзү айткан источниктерден айрымынан мисалдарды кошуп айтпасаң, андан баа алам деп ойлобой эле кой. Андан баа алыш өзүнчө эле бир тозок. Лекция боюнча даярдансаң билип коёт. Күлүп туруп эле зачеткаңды колуңа кармата салат.

“Жакшылап даярданып кел.” Өзү тизмелеп алган китептердин аттарын жана авторлордун тизмектерин чубалжыта жаздырып, жароокерлене: — Бар, даярданып кел, — деп узатат.

Философиядан өзүм билген тема келиптир. Олтурбай жооп берем десем, мага ишенбегендей, “олтур,” деп олтургузуп койду.

Пайзылдаев агайдан “беш” алып чыктым. Сыртта жабалакташып турган курсаташтарым, менин “беш” коюлган зачеткамды, улам биринен сала бири көрүп, колуман кысып куттуктап жатышты.

Экинчи этаждан түшүп баратып сени жолуктурдум, Асыл.

Кубанычыма ортоктош болгондой студенттик жупуну турмушта түштөнүүгө чакырдың. Ал сенин баа үчүн болгон шылтооң эле.

6-июль. Мен бүгүн айылдан кат алдым. Атамдын тайраңдата жазылган ариптеринин ар бири мен үчүн кымбат, баалуу сезилип турду.

Улам окуган сайын айыл турмушу, жада калса эшик алдынан акчу жеңдүү билектей булактын суусу да оюма келди. А кезде Бүбүш эжем да жакшы көрүнүп кетти.

Атам мени сабагынан алагды болот дедиби, жөн жай үйдөгү тиричиликти, апамын эсенчилигин, анан да менин жакшы окушуму көзөмөлдөгөндөй жазыптыр. Бу кат апамдын буйругусуз жазылбаса керек. Мен сиздин жазган каттарыңыздын коёндой окшош экендигин, кээ бир жеринде жемелөө, турмушта бышыксың дейсиңби дооматтарыңыз көп болор эле. Бу катыңыз андай эмес.

Байкуш апам, сен мен үчүн эмнелерге гана барбадың. — Кызыңдын тентектигин тый, – деп атамын төпөчтөп койгон күндөрү да болбодубу. Мейли, эсенчилик болсо акибетин кайтарып берермин.

Бул катты Асылга да окуттум. Ал барбалаңдап: — Атаң жакшы Адам, ал менин да атам, турабы, Райкүл? Жетине албай кызына ак тилек каалаган атанын катын окуп чыкты. Каттагы ой апамдыкы экенин кайдан билсин ал. Ал оюмду тек гана жүрөгүмө сактадым. Сыртка чыкпаса дедим.

Биздин айылдын турмушу көз алдыма чагылган сайын, улам санаам санга бөлүнүп, Бүбүш эжем эсиме түштү.

Эмне үчүн мени көрбөгөнсүп көпкө тигиле карайт. Же бир эң биринчи көрүп жаткан адамы болсомчу.

Кичине кезимен бери эле Мурат менен бирге чоңоюп, кээде кир когун жууп оңдуруп койчу эмес белем. Мурат да менин бу жакшылыгымды унутпагандай, менден эч нерсесин аячу эмес. Колунун келишинче жардамын көрсөтүп, биздикинде көп болчу.

Кийин орто мектепти аяктаганда биздикине аз каттоочу болуп калды. Келсе да – тайкелеп атамын колундагысын ала коюп: — Ке, таяке, мен бүтүрө коёюн – деп салабаттуу чоң адамча иштечү.

Чынында Муратты жакшы көрчүмүн. Бирок ал жакшы көрүү, сүйүү сезими эмес эле да. Тууган катары көрүп, Мурат аке деп койчумун. Мурат аке десем, Бүбүш эжем: — Атынан эле айтып жүр, ал жээниң сен таяжеси болосуң. Балким кудай буйруса келин кылып алам деп карсылдап күлүп калчу. Анын чындыгында күмөнүм бардай: — Коюңузчу, тууган болуп туруп элеби десем, “Ок! Айтпадымбы таяжеси болосуң” — деп, көңүлүңө кетет дейби, мени маңдайыман сылап табышмактуу карачу.

Мен Мураттан күтүлбөгөн жерден кат алдым. Оба эртең айылга кетем деп камынып жатканымда анын катын окудум. Бул кат мени ойлонтпой койгон жок. Ал каттын мазмуну мындай эле:

— Кандай Райкүл, окууларың ийгиликтүүбү? Өзүң теңдүү курбу-курдаштарың менен ойноп-күлүп ден соолукта, жаштыктын үлпөтүн көңүлдүү өткөрүп жатасыңбы.

Райкүл, мен жакында айылдан кат алдым. Сен да айылга барып келипсиң.

Райкүл, мен да жакында айылга барып калам. Баратканда сага жолугуп өтөм. Кош бол. Дагы-дагы толуп жаткан супсак сөздөрү менен мени сүйүп жүргөндүгүн, деги эле тээ жаш кезинен бери эле сүйүп жүргөндүгүн жазыптыр. Анан да этегине уялбай – сенин Муратың деп кол коюп коюптур. Өзгөчө анын “жаштыктын үлпөтүн көңүлдүү өткөрүп жатасыңбы” дегени кыжабымды кайнатып, итиркейимди келтирди. Мен эмне “үлпөт курушту” андан сурамак белем. Дагы эле болсо сөзгө чоркоктугун, өзүнүн ким экендигин билгизип койду.

Мен Бүбүш эжемдин: — кыз алыска кетет деген эмне – деген сөзүнүн төркүнүн эми толук түшүндүм. Көрсө ушун үчүн айткан турбайбы. Көрсө мени…

Мураттын катын майдалап тыттым да, урнага таштап койдум.

Кат алган күнү сен экөөбүз алгачкы жолу циркке кирдик, музыка жаңырып, ак куудай мойнун койкойтуп, денесинин сулуулугуна суктантып кандай кыздар ойноп жатышты. Алардын фигураларын көрүп спорттун маанисинин, баасы канчага барабар экендигин мага түшүндүрүп жаттың. Сөз арада алардын фигуралары жөнүндө кеп болуп, аларга суктана карадың. Мен сени алардан кызгандым. Кыздардын ар бири сени карап күлүп, кел берилеп чакырышып жаткандай, менден Асылымды тартып алчудай сезилди. Сени толук сүйөрүмө дагы да толук сезимим жетти. Сенсиз күнүм болбочудай, сени карап ойноп жаткан кыздардан сени кызганып кеттим. Сен да алардын кол булгалап жатканына жооп кылып ырахаттана күлүп жаттың.

— Бас, кетебиз?!

— И, эмне болуп кетти? Сен чоочуп кеттиң Менин кебетемен кызганууну окуй албадың, Асыл. Жетеленген макулукча бөжөңдөп менин артыман кошо чыктың.

Жол катары бир да сүйлөшпөй келдик. Сенин берген суроолоруңа оңду жооп бербей «угу» деп келаттым. Асыл, оюңдагы эч арамзачылыгы жок сөздөрүң менин сезимиме толук жете бербеди.

— Рая, сага эмне болду? Айтсаң эми? Мага жалооруй карадың. Бардык сөздөрүң кулагымдын сырты менен кетип жатты.

— Эчтеке болгон жок. Эмне болду деп коёт дагы. Кыз көрсөң эле үзүлүп түшө калат экенсиң. Көргөн жок дейсиңби, тим эле жутуп ийчүдөй шыпшынып олтурдуң го.

Сен сөзүмдүн төркүнүнө эми түшүнгөндөй болгон сезимиң менен каткырып жибердиң. Күлдүң да мени имере кучактап: — Цирктеги кыздар сага кантип эле тең келсин. Айперим менин!

Сенин бу сөздөрүң мага какшыктап жаткандай туюлду. Сени сынай көз кыйыта карадым. Бирок жүзүңдөн мага жат туюу сезимдерин издеп таба албадым.

Бул түндө да экөөбүз сенин квартираңда болдук. Студенттер үйлөрүнө, кай бири студенттик отряд бригадалары менен иште.

Мен сага ишенем, ошон үчүн далай таңды бирге тосподукпу. Байкушум ай, кандай асыл жансың, кандай ишенчээксиң.

Канчалык жаштыктын аптаптуу демине берилбейли, сен өзүңдү токтото алчусуң. Анан өзүңдү токтоо кармап, жөн гана чачыман сылап, сыга кучакташуу, эриндердин экиленген үндөрү. Андан ашыкча кетчү эмессиң. Сен анчалык катуулап баратсаң тыйып коюга кудуретим жетет болчу. Бирок андайга баруунун ордуна мага карап өтө эле берилүү менен жоодурай жалынычтуу карачусуң.

Асыл, кээде өтө эле жооштугуң мени ирээнжитип – «эс ал жигит», — акырын унчукчумун.

Кайрадан сенин мындай кылыгыңды эстеп: «Байкушум ай, тагдырың ажаан бирөөгө арналса шоруң катты го. Бир жолу келип кеткен жарыкчылыкта, убайым менен карып, жашоого келип, кайра кетти” — дешер бекен деген ой сезимиме келип бүткөн боюм дүркүрөп чыгып, билбейм сени аяп кетчүмүн.

Мен Айдын жумшак күүгүмүндө, анын жарыгын шамала тутуп, күндөлүгүмдү шыпылдатып толтуруп жаттым.

— Ал эмне?

— Тоскоол болбо, ыр жазып жатам.

Анан окуп бересиңби?

— Оюмду ала качпачы. Мен бурк этип дептерге үңүлөм. Сен менин айтканыма чын эле ишенип калчусуң. Ыр жазмак кайда. Ушул эч кимге алмашкыс күн да жок күндү кызыл дептерге түшүрүп калуу менен алек болом.

Жаным, Асыл? Күндөлүктүн барактары ариптерге толгон сайын кийинки учурда күндөрдү белгилөөнү туура таппадым. Анткени кийинки жылы ошол числодо окуп алып окшош эмес күндөргө таарынып шолоктоп ыйлаган күндөрүм көп болду.

Ардактуу Асыл, мындан аркысын жөн гана толтуруп, жолоочу жүрүш менен, өмүрүмдү кечиргим келди.

Сен кол жеткис бийик жайдасың. Тирүүлүктө өмүр кечиргенибиз менен экөөбүз жарыш сызыктар кесилишпеген сыяктуу бул турмушта кесилишпейбиз. Жолугушсак да жөн гана тааныш адамдардай баш ийкешип, өтөбүзбү деп ойлойм. Балким түбөлүккө…!

Өх! Эмнесин айтайын. Ошол ошо болду. Бардыгын саймерделеп жазып олтурушка менин кубатым жетер эмес. Болгону Бүбүш эжемин келини болгом. Ага эң себепкер атам экенин сенден жашыра албайм. Ал үчүн апам байкуш атамын келтегин канча жебеди.

Асыл, өзүм да эч кимге көрсөтпөй, жадегенде жүрөгүмдүн жалыны болуп кубат берип турган сага окутпаганым үчүн кечир.

Менин турмуштан кыйналган учурум көп эле болду. Ошондо баягы, баягы унутулгус күндөрдү, ажарын чачып турган кубаттуу күндү, сыдырым соккон салкын желдүү айлуу түндөрдү ойлоном. Анан жан киргендей алдыга кадам таштап турумуш үчүн күрөшөм. Мейли, ким эмне десе ошо десин. Эл оозунда элек жок, билбейт дейсиңби?! Билет баарын. Билсин, жашоодо турмуштун деңизинде тумчуккан күндөрүм канча болду. Жүрөк түпкүрүнөн алоо чачып үшкүрүк чыгат. Ал чыккан сайын ичтеги муңуман арылып жеңилденип калам. Кетип калайын деп да жүрдүм. Бирок мен үчүн жанын сабаган апамды аяп, бир чети сенден уялдым.

Билесиңби Асыл? Сен баягы эле боз улан бойдон түшүмө киресиң. Андан бери жыйырма беш жыл өтсө да, бир жолу жолукпаганыбызга кейийм. Бир туруп сени көрбөгөнүмө кубанам. Сенин элесиң ошол боз улан бойдон жанымда жүрүшүн теңирден тилейм.

Баса, сенин кызың Райкүлдү көрүп алып, аны жолуктурган тагдырыма ушунчалык кубандым дейсиң, аны айтып бере албасмын.

Асыл, сени түбөлүккө чакырып жүрөйүн деп тун уулумдун атын Асылбек койгом. Ан үчүн өзүңөн кечирим сурайм. Балким туура көрбөссүң, балким,… мейли эмнеси болсо да сенин атың мен үчүн ыйык.

Ошол, Асылым, кызың Райкүл менен таанышып, жакында той өткөрөм, — деген кеңешин укканда аны менен катуу уруштум. Кечирип кой, Асыл. Баламды борборго окуусуна жөнөтүп коюп, аны жемелеп койгондугум үчүн өзүмдү өзүм күнөөлөп көпкө айкапта жүрдүм. Мен арымдан ыйлаганым жок. Сени менен кантип кездешем, канткенде тил табышып эки жаштын келечегине эшик ачып берем. Мурат экөөбүз силер менен кантип жолугушабыз. Ошону эстеп ыйладым, Асыл.

Оба, баягы, баягы, эң акыркы узатууңда Бишкектен ары Мурат менен бирге кеткем. Анын бактысынанбы, мен ага таандык экенимди ага билдиргендей, ал армиядан келатып, экөөбүз бирге кеттик айылга.

Айыл арасында да: — Самсаалы кызын жээнине берет экен деген сөз тарап кетиптир. Чынын айтканда атамын «жак» — деп коё бербеген кеби, Бүбүш эжеме келин кылып берип тынды. Кечир мени, Асыл. Мен сенин алдыңда алсызмын. Өзүңө айыптуу катары ургачы болсом да улуу умай эненин атынан кечирим сурап тизе бүгөм. Сен мени сүйүү кудайы Афродитанын соту менен кандай соттосоң да акылуусуң. Бирок мен сени жүрөгүмдүн терең жеринде сактап, эч кимге айтпай, өзүң үчүн жашап келатканыма ишен. Балким ишенбессиң, ал өзүңдүн эркиң. Бирок мен сени андайга жорубайм.

Бактыманбы, жолдошум жаман чыккан жок. Бул да болсо мага демөөр. Ал айылда белдүү кызматкер, бардык нерсени таразага салгандай ойлонуп туруп анан сүйлөгөн адам. Бардыгын ортого салып, үй тиричилиги боюнча көбүнчө менин кеңешим менен болот. Айрым кыялдарын сага окшотуп да кетем. Балалуу болгончо бой салбай, таарынып кетип калып да жүрдүм. Бирок турмуш деген турмуш. Мураттын эстүүлүгү менен гана бүлөө болуп калдым.

Баса, Асыл, Муратка сен жөнүндө бардыгын айтып бергем. Сени менен кадыр түн тоскон түндөрүмдү айтканда, сени көрсөм деп самап жүрдү.

Ал кандай жигит болду экен, канткенде колуктумдун жүрөгүндөгү буйругун табам – деп жан алекетке түшүп жүргөн учуру көп эле болду. Билбейт дейби, кээде мага суроолуу карап калар эле, анын оюн көзүнөн эле окуп койчумун.

Ошончо бирге болуп, далай жолу кадыр түн тосуп жүргөн эме кыз бойдон кантип коё берди экен, — деп ойлоп кетеби, сенин атыңды айтканымда тунжурап ойго бата түшчү.

Асылым, менин түбөлүктүү үмүтүм, абийириме кол тийгизбей үч жыл бирге жүрүп, мени аяп, келечегим жөнүндө ой жүгүртүп келгениңе миң мертебе башымды ийем. Балким ар кандай ойго кетсең кыз атыма шек келтирип, түбөлүккө бир жолу берилген кыз атымды өчүрүп коюшка алың кантип келбейт эле. Мен Муратка абийиримди сактап кыз бойдон бардым. Балким Мурат сенин жигитчилик эрдигиңе суктанса керек. Ал да адам да. Бир чети анын эстүүлүгү, үйгө карамдуулугу мени өзүнө тартып, алаксытып кетти.

Балдарымдын атасы катары Муратка таазим кылам.

Райкүл менен Асылбектин мамилеси тууралуу Муратка айта элекмин. Балким ал экөөбүз балабыздын тагдыры үчүн бир бүтүмгө келербиз.

Асыл, Асылбегим сен сыяктуу зар какшап жалгыз калган турнадай зарлап калбаса экен. Көз жашын көргүм келбейт, баламдын. Аны эстегенде көзүмөн жаак ылдый жаш сарыгат. Ылайым антпесин жан жараткан табияттан, атам айткандай бир кудайдан зарлап тилейм.

Ботосунан айрылган ингендей боздото көрбө, Асыл. Бул менин бар тапкан өтүнүчүм.

Мен сенин алдыңда түбөлүк шертимди аткара албагандыгым үчүн айыптуумун, дагы бир жолу балдарым үчүн алдыңа тизе бүгөм.

Баса Райкүл менен биринчи эле жолукканда, сенин оорукчал болуп калганыңды угуп кейидим. Эмнеси болсо да өмүрүң узак болуп, балдарыңдын убайын көрсөң экен.

Кызың да сага окшош өтө сезимтал тура. Бардык кайгыны да, кубанычты да жүрөгү менен кабыл алат тура.

Адегенде сен тууралуу укканымда, толкундаганыман бетиме кан тээп, дудук кишидей жалдырап нес болуп турдум. Ал мени каалабай калды деп ойлоду окшойт. Жөн гана көпөлөктүн сүрөтү түшүрүлгөн өзүнө жарашыктуу көйнөгү шамалга желбиреп ары басып кетти. Мен көптө барып өзүмө келдим. Айланамды карасам кыз да, атүгүл эми эле келип калам деген уулум да жок.

Курска эмнеге келдим экен, балким борборго келбесем бул окуяга туш болбойт элем. Уулума эмне деп жооп берем. Ошону ойлогондо көзүмө жаш чайыла түштү. Анан өзүмдүн тагдырымды өзүм чече албаганыма, аны ата-энемин колуна толук бойдон өткөрүп бергениме ар кылып Мединституттун туура жагындагы калың бакта ыйладым. Бирок менин көз жашымды ары бери өтүп жаткан жаштар байкаган да жок. Алар бир нерсеге шашып бараткандай жаштыктын демөөрү менен ары-бери кыйма-чийме каттап жүрүштү.

Арыта келаткан уулумду көрө бат эле өзүмдү өзүм колго ала көз жашымды аарчыдым. Анан эне катары уулума жалына кеттим.

Ал жалынычым тээ тереңден чыгып бардык болгон жакшылыкты Райкүл экөөнө каалап жаттым.

Демейде көп сүйлөбөгөн мени көргөн уулум, мени таң кала карады.

Билбейм, балким апам эмне болуп кетти мынчалык үзүлүп түшкөндөй дедиби, уулум ыңгайсыздана түштү.

Уулум экөөбүз көпкө кеңештик.

Экөөбүз билген чындыкты, Мурат уккан чындыкты бир гана Асылбек уга элек. Ал укса кандай ойдо калаар экен. Бирок ушуну ойлоп башым каңгып чыкты.

Эмне кылсам, Муратты жиберсемби. Же бардыгын жыйыштырып күйүткө жуулуп бүткөн жүрөгүмдү тартуулап өзүм барсамбы. Же уулум менен болочок боло турган келинимдин эле өзүн жиберсемби. Койчу деги, түгөнбөгөн ойлор, ар кандай төөнүн чуудасындай чубалган санаалар мээмди куруттай эзип өзүм да жүдөп бүттүм.

Кой, кыз менен уулума тез жолугуп бул ишти үйдөн чечүүнү ойлондум. Ошол эле күнү айылга жөнөп кеттим.

Канткен менен да сенин ар кандай ишке сезимтал экениңди, ар бир ишти ойлонуп туруп чечээриңди билем. Сен кабыл алсаң да Райкүлдүн апасы кабыл албай койсочу. Анда канттим.

Акыры өзүм менен өзүм кеңешип, эч ким окубаган сырдашым кызыл дептерди жанымдай көргөн Райкүлгө кошуп, уулум менен бирге сага жөнөтүүнү ылайык таптым.

Дептерди калың көк кагазга ороп, Асылбек менен Райкүлдүн ачып окубашы жөнүндө катуу эскертип, шаарга салып жиберүүнү ылайык көрдүм.

Угушумда Райкүлдүн апасы катаал болсо керек. Балким ал мен жөнүндө билбейт да чыгаар. Эмнеси болсо да денемден бөлүнүп чыккан ысык жаштын тактары, эч кимге окутпаган ( а түгүл өзүңө да) алтынга алмашкыс ариптерди менден кийин сени окусун деп жибердим.

Өзүм чече албаган түйүндү, эң кымбаттуу адамым өзү чечсин дагы эле болсо ошонун колунан келет деп жиберип жатам.

Асыл, экөөбүздүн бирикпеген бактысыз сүйүүбүздү балдарыбыздан табарбыз. Биз күткөн жаздарды денебизден бөлүнүп чыккан уул кыздарыбыз да күтөр. Бирок ошол жаздар бактылуу болуп кайрылып келсе экен.

Өз сүйүүсүн балдарынан күткөн, келечектен үмүтүн үзбөгөн Райкүл!

 

17-сентябрь. 1990-жыл.

Күндөлүктү улам арылап окуган сайын, көз алдыман студенттик курагым, институттун гүлдөгөн турмушу элестеп жатты. Делебем козголуп, качандыр бир өткөн эч нерсеге алмашкыс алтын курагымды эстеп, жүрөгүм мыкчылып, денем дүрүлдөп валидолдун бир таблеткасын тилимин алдына салдым да, стулда артка чалкалай эч нерсени ойлобоого тырыштым.

Көз алдыман Райкүлдүн элеси такыр кетпей койду. Тээ бир өткөн студентка кезиндегидей ак көпөлөк эселек кыз бойдон туруп алды. Мен кызыл дептердин арткы барактарын ачып жатып, дагы да тааныш кол менен жазылган катты алдым Ал ачык эле сырты жок дептердин барактарына тикесинен ылдый карата жазылыптыр.

Этияттангандай, сак, таза жазганы байкалып турат. Болгону чоң тамгалар менен: «Керимбүбүгө жүрөктүн буйругу менен жазылган ачык кат» — деп, баш жагына жазып коюптур.

Окусамбы, же окубай эле… Эки анжы ойдо көпкө алаканыма салып, салмактай кармап турдум.

Бир оюм: — Керимбүбүнүн кыялын билесиң, оку да эптеп эбин таап берип кой – деди.

Бир оюм: — Окуп чыгып бир бүтүмгө кел, анан тытып сал, жүрөгүңө күч келет деди. Эмнеси болсо да окуп чыгып, ылайыктуу болсо биринчи оюмду туура таптым.

 

***

Амансыңбы Калыя! Мен сени көрбөсөм да сыртыңан билем. Бул кандай аял эле, бей убак окулган намаздай турмушума түйшүк салган деп ойлой көрбө.

Курбум Калыя, мен сени жөн гана кандайдыр бир, жакныдык издеп таба аламбы деген ойдо, бир чети сени түшүнөт деген ойдо…

Ошондуктан «сиз» деп айтууга караганда «сен» деген сөз мага ылайыктуудай көрүндү. Эгер ашыкча кетсем кечирип кой.

Суранарым кайсы бир ойсокенин каты катары баалап, каттын аягына чыкпай ыргыта көрбө. Мейли, жаман да болсом, өтүнүчүмдү бир жолу орундатып кой?!

Ушул катты толук окуп чыксаң менин да, сенин да күнөөң жеңилдеп, бир келип кеткен жарыкчылыкта АДАМ деген улуу атты толук актаган болобуз. Бул катты жазбаска менде эрк жетишсиздик кылды. Ал күнөөмдү мойнума алам, сенден катты толук окушуңду кичи пейилдик менен суранам. Анткени Асылбек экөөңөрдүн кызыңар Райкүлдү силер кандай жакшы көрсөңөр, биз да андан кем көрбөйбүз. Бирок ашыкча көрөм деп мактана албайм. Канчалык Райкүлдү жакшы көрсөм да, кайдагы бир суук селки жакшы көрүп, анын эмнеси өтүптүр, «өгөй эне боору сак, көрдө жатып кол булгайт», — жазып койду да бир деп ойлошуң мүмкүн.

Мен Асылбекти жакшы тааныйм.

Калыя, ошо сенин Асылбегиңди студент кезинен бери билем. Бирок тескери ойлобо. Менин да Асылбектей эч кимге алмашкыс түбөлүк жолдошум бар. Мен ага ар дайым акмын. Мейлиң, сен кандай ойлосоң да өз эркиң. Канткен менен аялбыз да. Бирок Асылбектин алдында, түбөлүк жолдошум Мураттын алдында мен акмын. Ал айылда белдүү кызматкер. Кудайгашүгүр, экөөбүз ынтымактуу турабыз. Үйдөгү тиричилигин аялы катары мүмкүнчүлүгүмдүн болушунча шартын түзүп, ар дайым анын көңүлүнүн ачык жүрүшүн каалайм. Ал ден соолуктуу болсо, иштеп турса балдарынын, аялы менин, туугандарынын бар бактысы ошол деп түшүнөм. Бул эмне эле күйөөсүн мактап, мага таңуулагансып колко кылат деп түшүнө көрбө, Калыя?!

Курбум, мен кызыңар Райкүл үчүн алдыңарга башымды ийем. Өмүр бою Асылбек экөөңдү жолдошубуз, кудабыз катары урматтап өтүүгө Мурат экөөбүз даярбыз.

Мындайда апкаарып да калат экенсиң. Кокус калпыстык жагым болсо кечирип, туура жагын Асылбегиң менен кеңешип көрөрсүң.

Асылбек жакшы адам. Жаш кезинде андай бейчеки кеткен күндөрүн көрө алганым жок. Мейли, сен үчүн, мен үчүн ашыкча кеткен учурлары болгон деп ойлошубуз мүмкүн. Аял байкуш кызганычтан эмнелерге барбайт да, эмнелерди жасабайт. Менимче кызганычтын чеги ажырашууга же оорулуу, жарыкчылыктын рахатын аз сезген адамга – макулукка айлантып коюшу мүмкүн.

Калыя, көп нерселерди кызыңар Райкүлдөн уктум. Ал да атасын тартып түз айтып, адамды өзүнө тарта билген жан болуп өсүптүр.

Мен бир сүйлөм менен эле айтып түшүндүрүп койчу оюмду так айта албай, нечен күндөр бою толгонуп, бышып жетилди деген ойлорум чийки сымал сезилип туруп алды. Канткенде сенин оюңду, жолдошуң Асылбектин оюн таба алам деп кыйналдым.

Калыя, сенин бар асылың да, өмүр шеригиң да, күйүшөрүң да Асылбегиң. Биз аялдар жакшы эркекти кор, жаман эркекти зор кылып коюга кудуретибиз жетет. Биздин айыбыздан жоро-жолдошунан, бир туугандарынан ажырап, үйүнө киши каттабай үйүн мазарга айланткан аялдар азбы?!

Сен жакшы аялсың. Көрбөсөм да кызыңдын мүнөздөрүнөн сенин кандай аял заты экендигиңди байкадым, сени тааныдым. Апасы аркылуу кызын таанып алууга оңой эле боло турганын өзүң деле жакшы билерсиң.

Кызганчактык кылбасаң, Асылбек студент кезинде өтө ишенчээк жан болчу. Балким азыр өзгөрүп калгандыр. Айрым ашыкча кеткен саптарым үчүн кечирим сурайм, Калыя. Ар бир пендеге тагдыр оюндагысын бербейт окшобойбу.

Көп жазып жадатып жибердим окшойт. Эки көгүчкөндүн алыска-алыска канат сермеп учушун каалаган РАЙКҮЛ.

 

***

Күндөлүктү окуп чыгып Райкүлдүн атын кызыма коюп алганымды бир эстедим ошондо. Артта калган элестер көз алдыман чууруй берди.

Канткен менен тунук сезимине чеп-коргон болуп ата катары бек тургум келди. Ошого күчүм жетээр бекен. Ден соолугум туруштук бере алар бекен?! Аттиң дүйнө, баштагыдай болгонумда…

Башым каңгып оор травмадан алган кеселим белги бере жүрөгүм дүкүлдөй баштады.

Алдын ала «эпилепсиндин» бир таблеткасын оозума салып, жылымык чай менен күрмөп жуттум да ордумда көпкө олтурдум. Ойлонбосом экен. Тунжуроо! Көпкө кечиксем керек. Каалганы ачып, башбаккан Райкүлдүн апасы, — сага эмне болду дегенчелик, — мага тигиле карады.

Конокторумду жөнөтүп алсам экен. Анан…баарысы ойдогудай бүтсө. Таноом кыпчылып, өзүмдү өзүм сезбей бараттым.

Көптө барып эсиме келген мен Калыяга жалооруй карадым.

Ал стол үстүндө жаткан ирээтсиз барактарга көз жүгүртө ( өзүнүн атын окуп калды окшойт) чогултуп столдун чекесине жыйнаштырып койду да, мени жатып эс ал дегендей колтугуман сүйөй төркү бөлмөгө алып кирди. Даярдалган орунтукка жантыгыман жантая жатып, валидолдун таблеткасын кошо пайдаланып, анан табият тартуулаган уйкуга балык болуп сүзүп кеттим.

 

***

Саан уйдай балбыраган таң шооласы жер бетине жайылып келатты. Сезимим өз ордунда болгону менен денем оор тартып, бүткүл баданым барыгып чыккандай, көз алдымда качанкы кастарлап каткан буюмдай элестер…

 

***

Ушу күнү кызым Райкүлдү Асылбеги менен шаарга жөнөтүп коюп, тынч эс алууну самап турдум.

Тээ алыстан келаткан автобус желе тарткан жөргөмүштөй ийрелеңдеп жакындап келатты. Конокторум буйруса бүгүн кетишет. Окуусунан үзгүлтүккө учурабай окуп алышса экен. Бар тилегим ошол балду.

 

***

— Эмне, кайдагы бир ойсокенин күндөлүгү, мээңе жаңак чактыбы?! Анчалык эле үзүлүп түшпөй окуса болбойт бекен?!

Калыя адатынча эки колун бөйрөгүнө ала мени матап маңдайымда турду.

— Жок, ал ойсоке эмес! Жакшылап түшүнсөң, Какиш?

Энесинен кечирим сураган баладай Калыяны жалооруй карадым. Карадым да анын көздөрүнөн ачуу сөздөрдү окуп жаттым. Сөздү ырбатпай «эски ыкмама» сала унчукпай кутулуу үчүн дагы да бир таблетканы оозума сала бүкүлү бойдон жуттум.

Жыйырма жылдан ашык бирге жашап бири бирибиздин сырыбызды толук өздөштүрүп алгандай деле болдук. Көбүнчө обу жок кызганычтан оозго алгыс сөздөр менен «сабап» кирчү. Ушул убакытка чейин унчукпай кутулуп, бардык жүктү муштумдай жүрөгүмө жыйнап келем.

Кызым энесинин ушу кыялын тартпаса экен.Деги бар тилегеним эле ошол.

Ай, кудай ай, ушундай да, жоктон бар сөздү тапкан аял заты болот тура. Жок! Жок! Канткен менен да Какиш балдарымдын барктуу энеси.

Жүрөгүм кайра Калыяны аяп, анын эмне деп “саймерделеп” жатканына анчалык көңүл бурбадым. Буга өзүм да көнүп калгам. Бирок аягы анчалыкка барбай “жумшак” бүтөт. Менин оорулуу жүрөгүмдү аяйбы: «Мага, менин албуут кебиме капа болбо» — дегенчелик, өзүнүн ушундай жаралганына нааразылана олтура калып ыйлап жиберет.

Ыйдан ичи бөксөрө түшкөндөй, «анан сен мени аябайсыңбы? Качан болсо сүйлөгөн сөздөрүм жоопсуз калат» — деп алая карайт.

 

ЭПИЛОГ ОРДУНА

Мен сенин жазган күндөлүгүңдү толук окуп чыктым. Тээ тереңде жаткан асыл таштай жаркырап, өмүрүмө шоола чачып, ар дайым максатым болуп турарына ишенгин.

Райкүл, сага жолуга албаймын. Биз Калыя экөөбүз бир пикирге келип… ал мени азыр толук түшүндү. Кызым менен уулуңдун үйлөнүү тоюна Калыя гана барат. Ал кыздын энеси катары барууга акылуу. Тойдо тост көтөртүп, менин атыман жана өзүнүн атынан сүйлөйт. Буга ишен, Райкүл!

Мен оорулуумун, өтө кубануу, капа болуу жүрөгүмдүн элдешпес душманы.

Баса тойго катышуума балдарымдын энеси катары, Калыя каршы болду. Ал мени аяды. Жүрөгүмдү аяды.

Райкүл, сенин бырыш баскан жүзүңдү, ак аралаган саамай чачыңды көрүүнүн ордуна, бир кездеги ойноок көз, бала кыялдуу Райкүлдү көргүм келет. Оба, мен аны түшүмдө гана көрөм.

Биз күткөн жаздар дайым келет. Кош бол, Райкүл! Мен сени балким жайчылыкта өзүмө күч келбеген шартта жолуктурармын, же…

Жаштык менен жазды дайыма сагынам. Аман бол, бар тилегим ошол.

Эки жаштын келечегинин кең болушун кудайдан тилеген
                                                                                                          Асылбек

 

© А.Токтогулов, 2006. Бардык укуктар корголгон
    Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

 


Количество просмотров: 3484