Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз
© Сарманбетов А.И., 2008. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2010-жылдын 2-марты

Айдарбек Имангазиевич САРМАНБЕТОВ

Дөбө

Жазуучу жана журналист Сарманбетов Айдарбектин бул аңгемеси ЮНЕСКО тарабынан 2008 жылды Махмуд Кашгаринин 1000 жылдыга деп жарыялап, Түркиянын Евразия жазуучулар Союзунун түрк тилиндеги мамлекеттер арасында, анын ичинде Кыргызстанда өткөргөн конкурсунда жеңүүчү деп табылган жана “Аңгемелер” жыйнагында жарык көргөн. Аңгемеде кыргыз жигити менен түрк кызынын махабаты, тагдырдын татаалдыгы, эки элдин тарыхы жана ааламдашуу мезгилинде адамдык жан дүйнөнүн маанилүүлүгү баяндалат.

Аңгемелер. Э.Ажыканова, А.Сарманбетов, Д.Дөкөнбаев, Ү.Сарыбаев. — Б.: Турар, 2008. — 160 б. китебинен алынды.

УДК 821.51
    ББК 84 Ки 7-4
    А 74
    ISBN 978-9967-421-62-2
    А 4702300100-08

 

 

Өлүү болсок бир чуңкурда
Тирүү болсок бир дөбөдө бололук.
Элдик чакырык

Тагдырдын тамашасына таң бербей койбойсуң. Нечен жылдап, алтургай бүтүндөй өмүр коротуп артынан сая түшүп, салбыраң салып саргара жорткон менен жалган закымдай караан үзүп, жер кезген жел сымал жетпей жүргөн тилегиңдин сааты чыккан алеки заматта, бир көз ирмемге жетпей капыстан астын-үстүн калайман түшүп, өзү эле өтөсүнө чыгып калат тура. Адам тагдыры да аалам сыңары татаал, түпсүз белем...

Бишкектин түштүк ныптасында быгып, тоо этектей чубалган бактуу айылдын мектебинде иштейм. Жогорку класстарга тарыхтан сабак берем. Орто жашка келип калдым. Өзүм туулуп өскөн айылым. Самаган кесибим. Сыйлашкан жубайым, акыл-эстүү балдарым аман, заман тынч, менден бактылуу адам жок. Таң азандан кечке дейре кыйып кете албай машакат тартып, мектептемин. Кенен жашоого жаңы кадам таштап жаткан жаш адамдардын эл-жеринин, аламан дүйнө тарыхынан терең, канык билим алуусуна аз да болсо шыпаа боло алсам дейм. Ал, милдет-тилегимди дурус эле орундап жатсам керек: кесиптештерим да, мурда-кийинки окуучуларым да сыйлап турушат...

— Сизди директор тезирээк келсин деп чакырып жатат, — деп калды бир күнү түш ооп калганда, эшиктен башын салган арык, бүтүк көз секретарь кыз капыстан.

— Неге? — мен түшүнбөй ага элейе карап суроо узаттым эле, ал:

— Билалбадым. Директорго чет элдик эки мейман келди. Кыязы ошого байланыштуу го, — деп, тырсылдай сүйлөп, шашыла караанын үзүп кетти.

Санаам саал тынчый түштү. Сабагыман кынтык таап, же мен класс жетекчилик кылган бүтүрүүчүлөрүмүн арасынан бирди-жарымы тентектик кылып жибердиби деген коогалуу ой-санаа кеткен эле. Анын үстүнө баштыгыбыз аял киши. Богогу салаңдаган, көзү бүтүк, семиз аял. Кыялы чатак, бетке чапма, туруп-туруп эле чагылгандай чартылдап кетет. Улуу, кичүүнү карабайт. Ошондон улам андан дайыма чочулап турабыз. Менден он жаштан ашык улуу.

Директорго салам айтып шашыла кирип барсам ал, иш столунун капталындагы диванда мен курактуу каратору эркек, андан берирээкте огеле апакай жүздүү сулуу аял менен чай ичип, жай масилеттешип олтурган экен. Мени көрө коюп тигилерге безилдей кетти:

— Аа, кел, кел, мына биздин тарых мугалимибиз, — деп, анан мага кайрылды, — Касым Капашевич, бу меймандар алыскы Түркиядан келишиптир. Кыргыз-түрк элдеринин байыркы тарыхын, карым-катышынын эл ичине канчалык сиңгенин, анын биздин санжыра, уламыштарыбызда айтылышын изилдеп жүрүшкөн экен. Аны сиз жакшы билет эмессизби. Меймандарыбызга жакшылап айтып берсеңиз.

Мен тигилерге жүз бурганда эркеги:

— Насылсыңыз? Бенин исмым Орхан Инанды, — деп, анан жанындагы аялга кол жаңсап, — Назлы ханум, — деп, элпек учурашып мага колун сунду. Ажарлуу аял мени көздөрү жана жалжылдай карап турган эле, ал да күлө багып мага:

— Орхан бей саламатсызбы деп сиз менен учурашып, таанышып жатат. Мен котормочумун, — деди коңгуроодой үнү менен.

— Түшүндүм, түшүндүм, тилибиз окшош эле турбайбы,— деп мен түрк адамдарын, айрыкча аялзатын жакындан алгач көрүп, өмүрүмдө биринчи ирет бетмаңдай сүйлөшүп жаткандан улам сүрдөп кеттим. Аял мага карагаттай мөлмүлдөгөн көздөрү менен дагы сырдуу, сүйкүмдүү жылмайып:

— Ошентсе да которуп берип турайын.— деп койду. Кыргызчаны суудай билет экен. Таңданып алдым.

Аныкы чын экен, таанышканда түркчөнү түшүнгөнсүп, оңой көрүндү эле, чоң сөзгө киргенде чала бучук жалпы түшүнүк болгон менен бардык кепти канык түшүнүү кыйын болуп калды. Анадолу университетинен келишиптир. Мындан нары казак, хакас, тува дагы-дагы көп жерлерди кыдырышат экен. Назлы ханум ортобузда которуп, мен жетекчиси эмес, аны менен сүйлөшкөндөй кысылып, сүрдөп жаттым.

Аздан соң меймандарды сыртка, таза абага чакырдым. Мектебибиздин тегереги мырза теректер менен курчалып, короодогу арча, мажүрүм талдардын көлөкө салып калган кези болчу. Май айынын аягы болгондуктан жайдын ысык илеби келип, бөлмөдө олтуруу оорлой баштаган. Анүстүнө деректирдин тике көзү алдында болуу мен үчүн кыйноо эле. Ар бир сөзүмө кулак түрүп, саксактап жаткан, кылдан кыйкым таап, кийин мени жемеге алары турган иш да.

Короодо көлөкөлөй басып, жөн-жай сурашып, четтеги шактары чубала төгүлгөн мажүрүм талдын көлөкөсүндөгү орундукка олтура кеттик. Балдар да бул жерде чуркабай, чуудан алыс. Менден эркин сөз күтүп, эки элдин алакасына, боордоштугуна байланыштуу эл арасындагы кептер, деги эле өзүм билген, уккан окуялар керек экенин билген соң өзүбүздүн Жусуп Баласагын, Махмуд Барскоондук-Кашкарий сыяктуу байыркы аалым-бабаларыбыздан баяндама берип келип сөзүмдү алыстан баштадым. Анүстүнө көптөн бери көкүрөгүмдү өйүтүп жүргөн эле, бул баян...

Мен бала кезде, мындан жарым кылымдай илгери, айлыбызда узун бойлуу, каратору Мустафа деген ширидей кара, арык түрк абышка бар эле. Башында жайы-кышы эч түшпөс ак, кийиз топу, коңкогой мурун, капкара, курч көздүү, ээгинин алды кырылган чокчо сакал, бирок биздин абышкалардыкындай муруту жок болчу. Бизден ончакты үй төмөн жашачу. Өтө тамашакөй. Жаш-кары дебей оюндагысын уялбай ачык айтып, азилдеп, күлкүгө чала сүйлөйт. Өзү да кошо карсылдай күлүп, өз сөзүнө өзү маашырлана жымыңдап, жыргап калат. Аябай сөзмөр. Көптү билет. Жанындагыларды түк зериктирбейт. Ошондон улам анын айланасында дайыма кишилер тополоп, кайда болсо коштой жүрөт. Эч кимге орой мамиле, жамандык жасабай, сылык, нускалуулугунан эл ичинде сыйлуу. Анын улуту башка экени эч кимдин оюна да келбейт. Өз. Качан, кантип айылга келип калганын ким билсин.

Мустафа менен бизге кошуна Шаршемби аксакал өтө ынак. Жашташ. Жайкалган ак сакалдуу, кырдач мурун, мээрман сурма көздүү, тартайган Шаршемби аксакалдын өзү айтканына караганда түрк ынагынан үч жаштай эле улуу экен. Бирок аны өзүлөрү эске деле алышпагандай, ысык теңтуш катары тамашалаша беришет. Айыл этегиндеги дөбөгө келип, экөө кошулду дегиче бүттү, кыраан-каткы, узак кеп. Немистер менен согушка да бирге барышкан экен. Андагы окуя-жоруктарынан айтып олтурса биринен-бири кызык, күлкүлүү. Улам бири сөз баштаса экинчиси аны коштой чаап, жиреп турат. Кээде шекшип калам, кантип эле кан кечкен согушта ошончолук обу жок, күлкүлүү окуялар көп болсун деп. Анын үстүнө сөз кызыганда экөө башкаларга байкатпай шектүү, күлмүңдөй тиктеше калышат. Кийин ойлосом чын эле биздей бозбаш балдарды, талаа-түздөгү иштен, күндөлүк оокат-түйшүктөн чарчап, күлкү күтүп келген улуу-кичилерди ыраазы кылыш үчүн ошондой ойдо жок окуяларды улам бири ойлоп таап, экинчиси сүрөөнгө алып, көпчүлүктүн көңүлүн көтөрүшчү окшойт го.

Эки ынак абышка таң эртелеп күнүгө айыл четиндеги көк дөбөгө келишет. Алгач мен уюбузду беш-алты кой менен айдап чыгам. Анан менин үйдөн чыгышымды күтүп көчө четинде оттотуп жаткан койлорун Шаршемби аксакал биздикине кошуп коюп, өзү да алдыга түшүп төмөн жөнөй берет. Жолдон кара, куйруктуу койлорун айдаган тестиер небереси (Азербайжандагы уулунун кызы, карыганда бизге жөлөк болсун деп алып алышкан) менен Мустафа кошулат да секелек кыз экөөбүз малды айдап, эки чал дөбө үстүндө кала беришет. Түнү менен ачыгып калышкан уй, койлор көк чөптөн бурдай сугунуп, саал токпейил тарта түшкөндө биз да дөбөгө умтулабыз.

Дөбөдөгү абышкалардын кептери кызык. Кээде алар калбаат олтуруп, санжыра-уламыш, аттары тааныш-чоочун байыркы баатырлардын башынан өткөргөн не бир укмуштуу окуяларды, жоочалыш, каардуу замандардан кеп айтып калышат. Аны көбүнесе дайыма сөөлөттүү, токтоо Шаршемби аксакал баштайт. Курчай олтурган көпчүлүк мемиреп, тынч угат.

— Ээ, Муке, жакында эле бир жакшы жаңылык уктум. Шумдук! Мурда укпаптырмын.— дегени эсимде бир күнү,— Билесиң го, менин тарыхчы баламды, ошол айтты, китептен окудум деп. Сурасам аны эмкиде шаарынан ала келмек болду, өзүңө окуп берем. Ошол китепте биздин атактуу Шабдан баатыр жүз жыл мурун ажылыкка Меккеге бараткан жеринен, жолдо, силердин деген шаарыңарда күтүрөгөн эл темир жол салып, каржалып жатканын көрүп, кошумча-жардамым болсун деп эки миң алтын дилде берген экен! Өзүң билесиң, агезде бир дилдеге 30-40 кой же ончакты жылкы келчү дейт. Ойлоп көр, күнү-түнү иштеп жаткан элге канчалык тамак, жардам бергенин. Муну менен эмне айтмакчымын: илгертен эле биздин бир тууган элдерден экендигибиз. Тилибиз, дилибиз бир деген ошондон калган турбайбы. Болбосо ажылыкка өзү азып-тозуп бараткан Шабдан баатыр чоочун, же жат адамга неге мындай чоң жардам кылмак? Бир боор эл деп боор толгогон тура!

— Ие, мен да боор толгоп өзүңдүн жаныңда жүрбөймүнбү. — деди адатынча коштой чаап, күлкүсү көзүндө шоктоно күйүп турган Мустафа,— Мен да уккам: Түрк атамдын сөөгү Ысыккөлгө коюлган деп. Ошол бабамдын жанына жатайын деп жүрөм да, эмне, сени сагынып келди дейсиңби, тээ, алыстан?— шойкомдуу, бизге көз кысып, сүйкөнө сүйлөдү.

— Эй, арам, Назым Хикметтей коммунистсиң деп куугунтуктаганынан качып келдим дечү эмес белең? — Шаршемби чунаңдап алды, — Же коммунисттер кулагандан кийин эле даана түрк боло калгансыңбы?

— Сендей, айкөл Манастын алакөөдөгүн алдап койгомун да... А чынында түбү бир эл экенибиз экөөбүздөн эле көрүнүп турбайбы, муштумдай мурдубуз да, аткан асмайыбыздын түкүрүгү да окшош...

— Эк, ата-а, дагы тетири кеттиңби...

— Чындап эле айтып жатамын. Түркиянын Изник деген шаарында кыргыз көрүстөнү бар...

— Э, койчу, ал, жердин түбүнө кыргыз кайдан барып калсын?!

— Ошентип эле барган. Сен дейсиңби, кемпиринин этегин карыганда деле бучкактап, үйүнөн чыкпаган?— Мустафа чындап кетти, чунаңдап, бу кызык эле,— Ошол, ончакты күмбөздүн үстүнө мечит салынган. Алдында сөөктөр көп дешет. “Братская могила”. Ушул кезге чейин үстүнө килем жабылып, эл карап, дайыма куран окулуп, ардакталып турат. Бизге жеткен кепке караганда мындан миң жылдай илгери Изникти византиялыктардан бошотууда, тигилер ичине бекинип алып чыкпай коюшат. Осман жоокерлери (түрктөр агезде ошондой аталчу) канчалык кайта-кайта өжөрлөнө чабуул коюп алалбай, тажаганда ачкасынан, же ичээрге суусу жок калганда айласыз багынып беришет деп чылк курчап алып, жарым жылдай жатышкан менен византиялыктар багынып бербей, шаар дарбазасын ачпай коюшат. Айла куруп, эми кандай айла кылабыз, шаарды алалбай кеткенибиз жеңилгенибизге тете, күтүп жаткандан аскерлерибиз да, ат-унааларыбыз да азайып, алсырап барат, мынча аскерди багып, казынабыз да куруп кетет го деп амалдары куруп турганда алыстагы кабар жиберген кыргыз туугандардан жардамга жоокерлер келип калган экен. Түгөл атчан, бир-экиден коштоп да алышкан, жаа, найза, кылыч, жеңил калканчан. Соот-чопкуттары деле жупуну. Алар ал-ахывалды сурап, өргүп алышкан соң бир жума өтпөй кыргыздардын кошуун башчысы осман пашасына келип, эртең чак түштө шаардын капкасы ачылат, ошол замат силер дароо жабыла чабуул койгула дейт. Паша айран таң калат: жүз миңге чукул аскерлерим ала албай койгон шаарды бир ууч кыргыздар кантип алат деп.

Эртеси чын эле күн так төбөгө көтөрүлгөндө калаанын капкасы ичкериден калдырап ачылат! Аны көргөн паша да, жайнаган аскерлери да айран таң калышат. Ким, кантип ачты, айлап алынбай жаткан шаардын дарбазасын?! Бир ууч кыргыздардын не амалы бар эле? Же алар Жебирейил менен сүйлөшкөн немелер беле?

Паша колун буйра шилтеп, аскерлери агылып кирип, шаарды ээлеп алышат. Туш тарабынан курчоого алынып, айыгышкан кармаш менен дарбазаны ачкан кыргыздар ошондо боо түшүп, түгөл кырылат, жүзгө жетпегени гана калыптыр. Көрсө алар кылдат байкоос салып, шаардын багынып бербей, күч-кубат алып жаткан жер алдындагы суу түтүгүн таап, аны буушуп, ошол аркылуу шаарга сойлоп кирип, кызыл кыргын салып, дарбазаны ачып беришкен тура! Мына, аскерий амал, өлүмдөн кайра тартпас эр жүрөктүк! Баарынан да, бир туугандыкты туу тутуу! Аларды алыстан алып келген да, ажалдан кайра тартпай жардамга үндөгөн да ошол, туугандык сезим эмеспи!— Мустафа эргип кеткенинен буулугуп, үндөбөй калды...

Ар бир сөзүмдү кунт кое угуп олтурган Орхан бей да толкуп кетти белем, оозума такаган диктофонун өчүрүп:

— Ырас, ырас. Ал – чындык! — деп жиберди. — Ал, кыргыз көрүстөнү азыр да бар, Изник шаарында...

— Демек, Мустафа аксакал чын айткан турбайбы?! — дедим мен айран таң калып. Ал абышка болжолдоп эле “согуп” койсо керек деп кебине анчейин ишене бербей жүрчүмүн.

Ушинтип, бир саамга тыныгып, кобурашып алган соң сөзүбүздүн нугу саны аз болсо да эр жүрөк, опурталдуу тарыхый окуялардын дээрлик көбүнө катышкан, жөн гана катышпастан ага өзүнүн орчундуу издерин сала алган кыргыз эли туурасында бурулуп кетти. Мындайда байыркы бабаларымдын каны дүргүп кетеби, оолугуп кетмейим бар эле. Мен, кыргыздын тарыхий китептеринде, эл оозунда айтылган орус-француз согушун, ага орустар менен аралаш жашаган бай татарлардын балдарынын, жакындарынын ордуна зордоп, алдап жиберилип, дүйнөлүк тарыхий согушка катышкан кыргыз атчан жоокерлери туурасында да айтып бердим. Алар дайыма алдыда болуп, Парижге да алгачкылардан ат салып киришкен экен. Ошондо тарыхчы, илимпоздор кыргыз атчандарынын курал жарагын, кийген кийимдерин көрүп, азыркы жыл саноого чейин эле Европаны бүлгүнгө салып, кыдыра чапкан айтылуу гунндардын (Күн уулдары дегенден болсо керек) жаангери Адыл ханды (европалыктар аны Атилла деп аташкан), француз энциклопедиясындагы кыргыздарга дал окшош сүрөттөрдү, жазууларды эстеп: “Атилланын ач арстандары келди!” деп, шаштысы кетишкен тура. Көрсө, аты чуулуу Атилланын аскерлеринин курал-жарагы, минген аттары, кийими Парижге ат салып кирген кыргыздардыкына куюп койгондой окшош тура! Атилла менен анын гунндары жөнүндө эки томдугун жазган Амедей Тьерри Адилди “Кырк уруулуу көчмөн элден чыккан падыша” деп нечен кайталап айткан экен. Мына чындык, мына эрдик! Миңдеген жылдардан кийин да таанылып жатпайбы! Ал боюнча эки жүз жыл мурда француздардын атактуу акыны Пьер Жан Беранже да “Кыргыз ырын” таңданып-армандап жазган экен. Аны орусчадан кыргызчага

“Дөгүрсүгөн үнүмөн тааный койду,
Баш иемин сага деп Адил уулу,
Азынагын, күлүгүм, силккин жалды,
Бопурата тепсеп өт падша, ханды...” деген оттуу сөздөр менен кыргыз адабиятынын алп жазуучусу Түгөлбай Сыдыкбеков которгон. Ал да Орозобек Айтымбет деген тарыхчы-жазуучубуздун “Кара кыргыз” деген беш томдук китебинде барлыгын баян эттим. “Кырк уруулуу эл” дегени “кырк огуз уулдары” же кыргыз болуш керек деген автордун да, өз да божомолумду кошуп койдум.

Орхан бейдин бул, угуп-биле элек фактыга кызыгуусу ашынып, ал китепти сөзсүз таап, толук окуп чыкмай болду. Мен андан эл ичиндеги сөздөргө неге мынчалык ышкысы артып, сая түшө иликтеп калганын сурадым. Ал:

— Жөн жерден эмес. Билсеңиз дүйнөдөгү ири, кубаттуу мамлекеттер кичине, экономикасы чабал өлкөлөрдү өзүнө сиңирип, оп тартып алууга өтүп, ааламдашуу деген балакет башталып калбадыбы. Аны жакшы билесиздер, сиздердин кеменгер жазуучу Чынгыз Айтматов дайыма өзгөчө кооптонуу менен сөз козгоп жүрбөйбү. Демек, түпкү тарыхий тагдыры, руху бир элдер жакындашып, биргеликте ааламдашууга каршы турбаса болбойт. Аман калуунун жолдорун издөө керек. Майда түркий элдерден, мамлекеттерибизден ажырап калышыбыз мүмкүн. Экономикалык көз карандылык аркылуу баскынчы саясаттар жүрүп жатат. Алсыз өлкөлөр кумга сиңген тамчыдай чоң мамлекеттерге сиңип кете берет. Айрым ири делгендер да алдын ала сактанбаса ар кандай себептер менен алсызданып, чачырап кетүүсү мүмкүн. Ал эми, ар бир улуттун орду толгус, кымбат. Кайра кайыруу мүмкүн болбой калат...

Түшүнүктүү. Ак максат. Азияны аласалдырып, каганатын кайра-кайра түптөп, Бейжинге чейин чаап, Улуу Кытай сепилин салууга аргасыз кылган эң байыркы, жаангер гунндар, алардын урпагы болгон кыргыз эли эми эле кантип жок болуп кетсин?! Нечендеген дүйнөлүк ири диндерди, философияларды камтып, өзүнө сиңирип, өз дүйнөтаанымын жараткан салт-санаалуу кыргыз улуту оңой менен жоголо койбос! Бирок, баарыбир алааматтын алдын албаса болбос. Ал үчүн тектеш элдер биригүү керек... Ушундай кооптуу кеп менен ал күнкү сөзүбүз да бүттү.

Кептин кызыгына кирип кеткен экенбиз, эсибизге келгенде айлана күүгүм тартып калыптыр. Мен, меймандос элибиздин салтын тутунуп коноктордун үйүмө конуп кетүүсүн өтүндүм. Экөө бир аз сүйлөшүп, макулдашып алган соң таң эрте иштери бар Орхан бей түшкө жакын сөзсүз келүүгө убада берип шаарга кетти. Назлы ханум андан адептүү, сылык, бирок өтө өтүнүп жатып кетпей калды. Экөө түркчөнү өздөрүнчө шашып сүйлөшкөндүктөн мен алардын кебин так түшүнө албай калдым. Кай бир тааныш сөздөрдөн, үнүнөн гана боолголодум. Аял эмнеге калууга мынчалык дилгирленди, билбейм.

Орхан бей күтүп турган машинасына түшүп караан үзгүчө болбой биз төмөн, менин үйүм тарапка шашпай бет алдык. Алдыбыздан чыккан аял-эркек, жаш-карылар бейтааныш аял менен келаткан мени таңыркай карашып, сыйда учурашып өтүп кетип жатышты. Мейман жолдугата унчукпады. Алда кандай терең санаага тунуп, мени негедир улам сырдуу жалт карап коет. Түшүнбөдүм. Ал, аябай ажарлуу эле: жаңы туулган айдай ничке каштары карлыгачтын канатындай кайрылып, узун кирпиктүү карагаттай кара көздөрүн сурмасы кайгып не бир кумарлуу да түпсүз эле. Жумурткадай аппак, назик, ошол эле кезде жашы мен чамалаш болгону менен бетинин кызыл оту али кете элек экен. Баарынан да жытычы! Тим эле делебени титирете козгоп, кыздардыкынан бетер ышкылуу буркурайт. Узун бойлуу денеси сымбаттуу, чымыр, али эти бошобогон. Кыскасы, мезгил өктөмүнө алдырбай жакшы сакталыптыр. Бул, аргасыз келе калган кыйды ойлоруман ыңгайсызданып, кармалган уурудай уялып кеттим. Жана, жылмая бергендеги сол ууртундагы сыйкырлуу чуңкурчасы... токто, токто! Аны, бул аялды кайдан, качан көрдүм эле?! Ага уурдана көз кырымды салдым. Негедир тааныш. Баары — көмүрдөй кара, жалтыраган тармал чачы, турна мойну... көзгө сүйкүм. Катуу кыжалат тарткан менен бул бейтааныш аялды дароо эстей албадым. Бирок көргөм! Кайдандыр... бир кезде... Көрүү эстутумум мыкты эле. Бир көргөн адамымды он жылдап болсо да түк унутчу эмесмин. Анда.. Ай, кайдан, балким бирөөгө окшоштуруп жаткандырмын. Түркиядан келген кишилерди биринчи жолу жакындан көрүп жатсам...

Биздин четки көчөгө чыгып, оңго, менин он чакты кадамдай эле калган үйүмө бурула берерде Назлы айым:

— Төмөн, айыл четине чейин басып келбейлиби? Азыр эрте эле го... — деп калды муңайым.

Өтүнүч ушунчалык чын жүрөктөн, ысык жалыныч менен айтылгандыктан мен жок дей албадым. Баарынан да анын жалооруган көздөрүнө чыдап туруу мүмкүн эмес болучу. Аялдын ушул жерде күтүп туруусун суранып, үйгө кабар айтып коюу үчүн ашыга бастым. Аным, конок каадасын кыла бергиле деп аялыма айтып коюу аракети болчу. Үйдөн тез эле чыктым. Назлы ылдыйда, Мустафа чалдын үйү тушунда аны сумсая карап туруптур. Мен жете келгенде ал:

— Жана, сиз айткан түрк абышканын үйү ушул беле? — деди.

Мен айран таң калганымдан жыгыла жаздап:

— Ооба. Ушул. Оңдолуп, жаңыртылган. Азыр башка кишилер жашайт. Мустафа менен кемпири небак эле каза болуп калышкан. Сиз үйдү кайдан билесиз?— дегенге араң жарадым.

— Жай гана... божомолдодум, — деп коюп сапарын улантты, Назлы.

Жок, жок. Мында бир шек бар. Анда кандай сыр? Эмнеге айтпайт аны? Кантип билсем?.. Аялды баштан аяк канчалык шектене карасам да эч бир шыпаа билинбеди. Ой-санаам удургуп, бүлүк түшүп жатты. Бу ким? Өңү, көздөрү эмнеге мынчалык тааныш, жагымдуу? Ууртундагы чуңкурчасычы? Кайдан көрдүм эле? Качан?!

Байкалбай эле каш карайып калды. Батыш чаңдап, күн батайын деп турду. Айыл четине келгенде Назлы коюу көк асмандын фонунда карайган дөбөнү беттей басты. Ал, кайрадан түнөрүп унчукпай калды. Анын акжуумал өңү, карагат көздөрү даана көрүнбөсө да буркураган жыты тоо тараптан келген кечки салкын жел менен мени жаба уруп, жандүйнөмдү козгоп турду. “Бул аял ким? Кайдан, качан көрдүм эле? Карылык келе баштаганбы, мага, унутчаак тартып?..”

Назлы дөбөнүн этегине жете келгенде көк асманда карайган төбөсүн бир саам карап турду да:

— Мустафа менен Шаршемби аксакалдар көрүнбөйт го? — деп койду, умсунуп.

Мен унчуккан жокмун. Ал өзү менен өзү сүйлөшүп жаткандай. Кээде адамдарда андай да болот эмеспи, санаага катуу бастырганда. Бул сөздөрү менен аял шектүүлүгүн дагы күчөттү. Анын сырын билүүгө кумарым ашынып барат. Бирок, кашайып эч бир учук урунбай койду эсиме.

Чынында эле азыр дөбөгө карыялар баштагыдай күнүгө келбей калышкан. Мен эле, колум бош болгондо бир келип кетпесем көңүлүм толбойт. Карылар да базар заманында майдаланып кетиштиби, баары эле акчаны, сооданы, көр оокатты сүйлөшөт. Мурдагыдай каадалуу, нарк-насилдүүлөрү сейрек. Карт тарыхтан, таалим-тарбыялуу окуялардан кеп кылгандары жокко эсе. Алар да дөбөгө бир жылда бир-эки эле келер, болбосо жок. Келсе да карта ойношуп, кымбатчылыкты, кимдин эмне буюм, оокат алганын, той-топурду узун сабак кеп кылышат. Бүгүн да бош дөбө, жайдак тартып, кунары качып тургандай.

Назлы дөбөнү айлана басты. Алда нени издегендей. Мен эки-үч кадамдай артынан ээрчип бараттым. Деги эмне болуп жатат, бу аял? Ким, бу?!

Аял дөбөнүн талаага жайылган капталын айлана берип, саал аярлай тиктеп турду да, нарыраакта, дөбөнүн этегинде, күүгүмдө карайып турган кош күмбөзгө шашыла басты. Четкисине жете берип:

— Бул кимдики? — деди үнү кардыгып.

— Шаршемби аксакалдыкы...

— Ыйманы саламат болсун... — аял наркы күмбөзгө жетип эле дубалын аялуу сылай:

— Чоң ата, мен келдим, жакшы жатасызбы?.. — деп күбүрөнө баштады. — Кечириңиз, келе албай жүрдүм...

Тобо! Бул, бул...


— Назгүл?! Сен Назгүл белең?!
Мен кыйкырып жибердим! Кантип чыдап, кантип токтонуп турмак элем? Ал, баягы, биз бала кезде эгиздей ээрчишип, күнүгө бирге кой жайып, дөбөнүн этегинде куурчак ойногон Назгүл болчу! Өз аты, түркчө Назлы турбайбы. Ооба, ал, баягы, онунчу классты бүткөндөн кийин атасы Бакудан окутамын деп алып кеткен Назгүл. Бир саамда катуу чимирилген кинонун тасмасындагы сүрөттөрдөй болуп, кой артынан чуркаган текилдеген тестиер кыз, анан бара-бара акжуумал селкиге айланып, тогузунчу, айрыкча онунчу класста айылдагы жигиттердин баарынын көзүн кызарткан апакай сулуу Назгүл, атасы алып кетип жатканда коштошуп келген коңшуларды, салтына катуу чоң ата, чоң энесин — баарын айран таң калтырып, батынбай четте кыйылып турган мага чуркап келип “кош бол, сөзсүз кайрылып келемин!” деп, бетимен ысык өөп коштошкон Назгүлдүн элестери көз ирмемде чагылгандай эсимде жаңырып өттү. Ал, ошол бойдон келген эмес. Кат жазып турду. Алгач катуу жоктоп, кусага батып, алтургай ансыз жалгыз жашагым келбей өлгүм да келчү! Мени Назгүлдүн айлыбызга, мага деген ысык сагынычка толгон, сөзсүз келем деп катуу ишендирген каттары гана акыркы кадамга баргызбай кармап жүрдү. Армияда жүргөнүмдө да сүрөт алышып, жазыштык. Сүрөттөрү индиянын кино жылдыздарындай сүйкүм, куурчактай татына эле!

Мезгил баарын дарылайт деген чын белем, акыры каттарыбыз сээлдеп, бара-бара кабарлашпай, качанкы бир таттуу түш сыңары жылуу сезимдерди багып, өз тагдырыбызды улап кете бердик. Балким ал кат жазгандыр. Кийин, СССР таркаганда айылыбыздын да, районубуздун да аты өзгөрүп кетпедиби. Ошо менен бүттү. Жок, кийин ойлосом Назгүл менин алгачкы, ууз, балалык улуу махабатым экен. Кийин нечен кыздар менен таанышып, сүйлөшүп, сүйүү отуна чалдыккан менен Назгүл дайыма жүрөгүмдүн түпкүрүндө, кол тийгис ыйык тумардай аяр катылып жатчу. Кайрылып кездешпей, кол кармашып бирге жашап, ысык түгөй болбой калганыбызга катуу өкүнчүмүн. Эстегенде качан болбосун жүрөгүм аачышып, ызалуу өкүткө батып алчу элем. Бирок, арга жок болчу. Эми ошол, ошол, ачуу арманым, ак махабатым Назгүл мына! Акыры кездештик! Кудай чын эле бар экен...

Күтүүсүздүктөн алгач эс-учумду жыя албай Назгүлгө катуу умтулган менен анын чоңатасынын күмбөзүнө кучагын жая ыктап, жаагын сүйөп, өзүнчө күбүрөнүп жатканын көрүп аярлап калдым. Ичинде жыйылган бугу чыгып, кусалыгы таркап алсын дедим. Анүстүнө мага жүз бурган да жок. Бир боор, ата каны баарынан артык, күчтүү белем. Мен ушунча узак жыл унутулбаган көкүрөк күйүтүнө чалдыккан менен ал мага балким кайдыгердир. Өз түгөйүн, арзытканын тапкандыр. Болбосо эмдигиче бир келет эле го, мени издеп. Анда кетээринде мени неге өптү эле, ошончо элдин көзүнчө, кыздын катуу салтын аттап? Демек... ай, ким билет. Учу-чети жок удургуган санаа, ойго тунуп не кыларымды билбей дөбөнүн этегине олтура кеттим. Жымжырт. Чегирткенин тынымсыз чырылдагы, кээде айыл иттеринин арсылдап үргөнү гана болбосо. Тунук асманда Ай бөтөнчө жаркырай каалгып, үнсүз асылып калды. Алыста жымыңдаган жылдыздар...

Бир кезде Назгүл жаныма жай басып келди. Мен тура калып анын колдорун кош колдой алып, алаканынан ысык өптүм. Кебездей жумшак, ысык да экен.

— Назгүл?! Акыры келдиңби? Ушунча жыл кайда жүрдүң?

— Кел, андан көрөк куурчак ойнойлу!— Назгүл суроолорума жооп бербей бир кездеги ойноок мүнөзүн карматты. Өткөнүн эстегиси келбеген сымал. Мен тырчыя түштүм.

— Кайдагы куурчак? Жоголду да баары небак...

— Эмнеге? Эми өзүбүз куурчакпыз да...

Ойлонуп калдым. Чын эле, биз турмуштун куурчагы экенбиз да, каалагандай калчаган.

— Кел, олтур.— Назгүл баягы, биз бала кезде үй кылган казандай ак таш жакка жетеледи. Ал эски таш айга чагылышып, агарып турган эле.— Мен шаардан сага конокко келдим. Сен эмне кыласың?

— Кел, кел. Үйгө кирип чай ичкин...— Мен көңүлүм чаппаса да Назгүлдүн шагын сындыргым келбей кургак унчуктум. Кайдагы оюн, санаанын баары сапырылып турса!

— Эмне, сен менин конокко келгенимди сүйбөй турасыңбы?

Аялзаты сезимтал келет эмеспи, менин ахыбалымды туюп койду. Мен шашып кетип:

— Жок, жок. Сүйүп эле турам... — деп жибердим.

Ой, бали! Байкуш эркектананы аялзаты дагы бир жолу мыш кылып, тутуп алды! Ичимдеги аялуу сырымды айттырып албадыбы!

— Чын элеби?— деди Назгүл жүрөк кылдарымды титирете не бир назик үн менен.

— Чын! Чыпчын!— дедим ишенимдүү, эми чегингенге аргам жок эле.

Мен не кылып жатканымды аңдап түшүнө албай сыңар тизелей олтурган Назгүлдү белинен имере тартып, эрининен ысык өөп калдым. Ал да каршылык көрсөтүүгө дарманы жетпей, шалдырай түштү. Денеси оорлоп, жерге олтуруп, анан дөбөгө чалкасынан жантая берди. Ал да мени ушунча узак жыл бою самап, сагынгандай. Ичибизде океандай буулугуп, сыртка чыга албай буулган сезимдер, тосмосун жиреп кеткенсип ээ-жаа бербей бууракандап кетти. Аны токтотуп, тосуу мүмкүн эмес эле...

— Алтыным!.. Назгүлүм!.. Махабатым!.. — Мен өзүмдү башкара албай, эс-учумду жоготуп койдум. Гүлдөй назик ургаачынын кумарлуу денесине, азгырмалуу буркураган жытына кайсыл эркек туруштук бере алмак?!

— Касымым!.. Ардагым!.. — Назгүл да алсыз кыңылдап, аарыдай жабышып алкымынан, көздөрүнөн, оттуу эриндеринен аймалай өөп жаткан мени чачымдан уйпалай, далымдан кенен кучактап өзүнө тумчуктура тартып жатты. Ал да акылынан адашты... Турна моюн алкымынан, сурмалуу сулуу көздөрүнөн кайталай ысык өөп баратып, анын ыйлап жатканын сезе койдум. Эрдиме урунган ысык жаш ачуу, туздуу эле. Эсиме келе түштүм. Кумарлуу эрдинен баштагыдай оттуу эмес, сыйда, дагы бир сыйра кайталай өөп-өөп алып, Назгүлдүн жанына чалкаман шалак эттим. Назгүл кыймылдаган да, үндөгөн да жок. Ал да эсин жыйып тунарган көзү ачылгандай...

Ачык асманда ай жаркырап, жылдыздар майда жыбырап турду. Мен бала кезде эле ушундай болчу, алар. Эч өзгөрбөптүр. Миллиондогон жылдардан бери ушундай таризде. Алдындагы адамдар гана бири келип, бири кетип, жаңыланып турат тура. Адылхан, Махмуд Кашгари, Шаршемби менен Мустафа... эми мен, Назгүл... Учу-кыйырсыз асмандын, убакыттын адамдар менен эч иши жоктой. Назгүл экөөбүз менен да. Анткени, аалам түбөлүктүү. Канчалык армандуу жаштыгыбызды, жарым өмүрүбүздү өткөрүп жиберсек да бир жылдыз кебелип койбойт. Ушинтип жүрүп биз да өтөрбүз бир күнү. Ай, жылдыздар адатынча жаркырап кала беришет...

Назгүл да үндөбөй түпсүз карайган асманга жүз буруп жатты. Катуу демигет. Эмнени сүйлөшмөк элек, сүйлөгөндө эмне, жүрөктөрүбүз үнсүз түшүнүшүп жатса. Анын ышкы отун кайтарып койдумбу? Куранда да жазылган дейт го, аялдын эңсөөсүн кандырбаса күнөө деп. Же ал бирөөнүн сандырагыбы? Бирок биз, адам баласы, абийирибизди нике буюрган жарыбыздын, балдарыбыздын, эли-журтубуздун, Кудайдын алдында таза сактап өтүү үчүн жарык дүйнөгө келет окшобойбузбу. Азгырык, сыноо көп, алардан татыктуу өтүү менен кимдин кимдиги аныкталат тура. Ал үчүн күрөшүү, өзүңдүн напсиңди жеңүү керек.

— Касым, Шаршемби аксакал менен чоңатам “өлсөк бир дөбөдө, жатсак бир чуңкурда бололу” деп калышчу эле го, эмнеге алар дөбөнүн үстүнө жатышпай этегине жайлашып алышкан? — Назгүл күтүүсүз сурап калды.

— Себеби, Шаршемби аксакал көзү өтөөрүндө балдарын чакырып, “мени айыл четиндеги көрүстөнгө эмес, дөбөнүн этегине койгула, чокусуна кийинки карыялар олтуруп кеп салышсын, мен тыңшап жатайын” деген экен. Кийин Мустафа аксакал да ошентти... Экөө жаны бирге достор тура... Аркы дүйнөдө да айрылышпайлык дешсе керек...

— Бизчи, биз ушул дөбөдө жанаша жатабызбы?.. — Назгүл армандуу сумсайды. Анын али да ыйлап жатканы билинип турду. Демек, ал мени сүйөт!

Экөөбүз тең кайрадан үндөбөй калдык. Бул дүйнөдө эми экөөбүздүн эч качан бүлө куруп, бирге жашай албасыбыз анык. Кеч болуп калды. Арман! Анткени, үй-бүлөбүздү керт башыбыздын кызыгы үчүн кыйып сала албайбыз. Ал, күнөө. Никелүү жар, ортодо жараткан балдарыбызды кантип курмандык чалабыз? Эч качан. Демек, тагдырыбыз айрылыш. Ай, арман ай!

Ойлорубуз окшош көрүнөт. Сезип турдум. Эми мындан кийин көрүшүп турсак болду.

— Назгүл, кайра качан кайтасыңар? Үйүң кайда?

— Эртең. Стамбулда жашайм...

Демек, кайрадан айрылышат экенбиз. Тагдырдын алдында алсыз турбайбы, адамдар. Бирок, акыры жолугушканыбызга да каниет. Арзытканың алыста болсо да анын амандыгын, жарык жашоодо күн кечирип жатканын, сени ойлоорун билүү эле бакыт тура... Ошенткен менен сейрек болсо да жолугушуп, көз көрүшүп турганга не жетсин, бу жарыкчылыкта. Назгүл эми келер бекен, же жаралуу жүрөгүн улам ооруткусу келбей, караан үзөбү?..

— Келип турам, эми, жылыга... сага... дөбөгө... — Назгүл дагы оюмду таап, аста үн катып койду. Каниет эттим.

Төбөбүздө жаңы туулган ай жаркырап, жымыңдашкан жылдыздар. Мунарыктуу чубалган Саманчынын жолу. Эзели ордунан жылбай жалтыраган Алтын Казык. Адам өлгөндө жаны жылдыз болуп көккө учуп кетет дешчү эле. Шаршемби менен Мустафа аксакалдын жандары кайсыл жылдыз болду экен? Тирүүсүндөгүдөй да, өлгөндөн кийинкидей да бирге болушту бекен?.. Бизчи? Жупташкан жаңы жылдыз болуп жанабызбы, же турмуштагы ачуу тагдырыбыздай бири-бирибизден адашып, айрылышып кала беребизби? Жанагы, ааламдашуу деген алаамат кантээр экен бизди? Элибиз аман болсо болду. Эли болсо адам да болот, бактылуу...

Эгерде мен сүрөтчү болсом көпкөк асмандын чамгарагы алдындагы жашыл майсаңдуу дөбөдө байыркы тарыхтан улуу кеп куруп олтурушкан карыяларды, аларды тегеректей олтурушкан жаш-карыларды, анан, дөбөнүн этегинде куурчак ойноп олтурушкан бактылуу кыз менен баланы не бир жүрөктүн кылдарын черткидей кылып кереметтеп, түбөлүктүү боектор менен тартаар элем...

 

(Аңгеме ЮНЕСКОнун 2008-жылды «Махмуд Кашгаринин жылы» деп жарыялоосунун алкагында Түркиянын Евразия Жазуучулар бирлиги Кыргызстанда өткөргөн «Махмуд Кашгари — 1000» эларалык аңгемелер конкурсунда экинчи сыйлыкты жеңип алган)

 

© Сарманбетов А.И., 2008. Бардык укуктар корголгон
    Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

 


Количество просмотров: 4270