Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Публицистика / Философия жана илим, Илим
© Бондаренко О.Я., 2010
© “Кыргыз Туусу”, 2010
Макала “Кыргыз Туусу” гезитинин редакциясынын макулдугу менен жарыяланды
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2010-жылдын 5-февралы

Олег Ярославович БОНДАРЕНКО

Кадыров ким болгон: апендиби же гениалдуу физикпи?

2003-жылдын 25-августунда 70 жаш курагында кыргыздын гениалдуу теоретик-физиги Самат Кадыров дүйнөдөн кайткан. Анын теориясын өз учурунда расмий академиялык чөйрөдөгү физиктер кабыл алгылары, түшүнгүлөрү келишкен эмес, бирок чыгармачыл интеллигенциянын, анын ичинде кесипкөй физиктердин арасында “гениалдуу ачылыш”, “теориялык физикадагы жаңы секирик” катарында эсептегендер жок эмес. Алардын катарлары Кыргызстанда гана эмес, андан чет жактарда да акырындык менен көбөйүүдө. Самат Кадыровдун жаңычылдыгынын маани мазмуну эмнеде эле? Бул суроого жооп берүү үчүн сөздү алысыраактан башташыбыз керек.

"Кыргыз Туусу" гезитинин 2009-жыл 5-февралы санында жарыяланган

 

Кадыровдун гипотезасы же анын дүйнө таанымы

Дүйнөдө физиктер абдан көп, алардын басымдуу көпчүлүгү колдонмо физика менен алектенишет. Теориялык физика жаатында иштегендери абдан аз. Эйнштейн "Мен теоретик физикти биринчи жолу отузга чыкканда күзгүдөн көргөм" деп бекер тамашалаган эмес. Кадыров теоретик физик болчу. Анын "жоболоңдуулугу", айрым бөлүктөрүн эмес, бүткүл физиканы жаңыча алкактан кароого аракеттенгендигинде эле. Же ал физикадан жогорку деңгээлде өз алдынча илим түзүүгө умтулган.

Физика так илимдерге кирет, бирок окумуштуулар өздөрүнө ыңгайлуу болуш үчүн "өз ара сүйлөшүп" масса, энергия, кыймыл, убакыт, мейкиндик деген сыяктуу түшүнүктөрдү киргизип алышкан. Эгерде, сиз аларга макул болбой бул түшүнүктөрдү башкача чечмелөөгө аракеттенип, анын зарылчылыгын далилдесеңиз, сиз альтернативдүү физикага негиз түзгөн болосуз. Мында физиканын мыйзамдары өзгөрүүгө учурабайт, бирок ал мыйзамдарды көрүү өзгөрүлөт, алар башкача жарыкта, өңүттө көрүнө баштайт. 

Маселен, физикада масса туруктуу чоңдук деп эсептелет. Буга ылайык, жердин массасы анын орбитада жайгашуу абалына көз каранды болбошу керек. Кадыров ага каршы чыгып, масса өзгөрүлмө, күнгө жакындыгына жана алыстыгына жараша жердин массасы өзгөрүп турат. Же тактап айтканда, дүйнөлүк тартылуу мыйзамынан планеталар бир түрдүү айланышпайт деген жыйынтык келип чыгат. Бул өңүттөн алганда астрономиядагы көп көрүнүштөр, жер титирөөлөрдүн жана климаттын өзгөрүүсүнүн себептери өзүнөн-өзү түшүнүктүү болот. Кадыровго чейин эч ким мындай гипотезаны сунуштаган эмес.

Анын гипотезасына ылайык, дүйнөдө туруктуу масса жок, баары өзгөрүп турат. Анын абсолюттук физикасынын өзгөчөлүгү ушунда: ассиметриялык дүйнөдө сенек абал жок, эч нерсе эч качан толук кайталанбайт. Ал эми Альберт Эйнштейндин салыштырмалуу физикасында симметриялуулук идеалдаштырылат, формалдык процесстер жана туруктуу массалар, көлөмдөр өзгөрүлбөйт деп эсептелет. Же бир физика статикалык формаларды четке кагып, алардын артында эмнелер бар экендигин көрүүгө умтулса, экинчиси, тескерисинче, жаңы тышкы формаларды жана алардын түрлөрүн табууга аракеттенет...

 

Аалам кеңейбейт, аалам айланат

Мектеп партасынан бизге аалам кеңейгенден кеңейип баратат деп үйрөтүп келишет. Бул Эйнштейндин салыштырмалуу теориясынан келип чыккан гипотеза, далилденген факты эмес. Бирок, башкача пикирлер да бар. Белгилүү ленин-граддык физик, Горький атындагы окумуштуулар үйүндөгү "Аалам жөнүндө илимдер" секциясынын негиздөөчүсү Павел Паршин 2000-жылы "Эйнштейндин негизги идеяларына негизделген астрофизикалык түшүнүктөрдү калктын кеңири массасына таңуулай берүү алардын аалам жөнүндөгү көз караштарын чектөөгө гана кызмат кылат" деп жазган.

Кадыров аалам айланат деген позицияда болгон. Андай көз караштар Кадыровго чейин деле айтылып келген, бирок ал өзүнөн мурдагылардан айырмаланып аалам бир шарттуу чекиттин тегерегинде бир нече катмарда айланат, катмар чекиттен канчалык алыс жайгашса, ылдамдыгы ошончолук тездейт, ал эми акыркы катмар жарыктын ылдамдыгында айланат. Аалам тийиштүү өлчөмдөгү жабык чөйрө, андан эч кандай энергия, эч кандай зат чыгып кете албайт. Аалам абсолюттук көрүнүш деген жыйынтыктарды чыгарган.

Ал эми Эйнштейндин теориясына ылайык, аалам салыштырмалуу, бирдиктүү борбору жок бири экинчисине көз карандысыз майда борборлордон турат. Ааламга карата Кадыровдукундай көз караштан дүйнөнүн бирдиктүү башталышы бар экендиги жөнүндө жыйынтык келип чыгат. 

Абсолюттук дүйнөдө абсолюттук убакыт жана мейкиндик болот. Башка, төрт деңгээлдеги мейкиндик – убакыттык континиум деген сыяктуу чен өлчөмдөр болбойт, мейкиндик болгону материалдык эмес боштук. Кадыровдун мындай көз караштары жөнүндө УИАнын физика институтундагылар "ал XVIII кылымдын категориялары менен ой жүгүртөт", "Ньютонго кайрылып кетти" деген ойлорду айтышкан. Ньютонго кайрылганы чын, анын теориясын өнүктүрүп толуктаган.

Кадыровдун теориясына ылайык аалам жабык чөйрө, ал эми жабык нерседе чексиз түз сызыктар болбойт, алар баары бир бүгүлөт, чыгырыктагыдай оролот. Мындан биздин дүйнөдө идеалдуу түз кыймыл жок, баары ийри кыймыл, ал ийрейген сайын ылдамдыгы артат деген жыйынтык чыгарса болот. Ылдамдатылган кыймыл механиканын чөйрөсүнө кирет, ал эми ылдамдатылган кыймылдуу механика Ньютонго таандык эмес. Мындай адаттан тышкаркы "абсолюттук мейкиндик" жөнүндө эч ким айта элек болчу. 

Кадимки физикада кыймылдын себепкери болуп күч эсептелет. Кадыровдуку боюнча ааламдын ичиндеги нерселер жалпы борборго карата инерция боюнча кыймылдашат, айланышат. Мында күчтүн ролу өзгөрөт, кыймылды багыттайт, өзгөртөт, бирок жок кыла албайт. Айырмасын билдиңиздерби? Күч Кадыровдун теориясы боюнча, эркиндикти билдирет.

 

Эйнштейнден эмнеси менен айырмаланган?

Кадыровду Эйнштейндин теориясынын оппоненти деп көп айтышат. Бул жөн эле журналисттик штамп. Ал Эйнштейнди аябагандай жогору баалачу, бирок анын теориясын ыйык китептердей канондоштурганга каршы турчу. 

XIX кылымдын аягына карата классикалык физика өз мүмкүнчүлүгүнүн аягына чыккандыгы чындык. Ал дүйнөнүн макро-микро чөйрөлөрүндөгү көп нерселерди чечмелей албай калганда классикалык эмес, анын ичинде Эйнштейндин салыштырмалуу теориясы пайда болгон. Анын жардамы менен убакытты жана мейкиндикти материалдаштыруу аркылуу көп көрүнүштөр чечмеленген. Аны менен чектелбей окумуштуулар физикадагы талаш маселелерди да ошол теория менен түшүндүрүүгө аракеттене башташкан.

Ал эми Кадыров салыштырмалуу теория пайда болгонго чейинки шартка кайрылып, классикалык физиканы андан ары өнүктүрүп, Ньютондун механикасын толуктап, гравитациянын толук жана кванттык теориясын иштеп чыккан. Ушул жол менен Эйнштейндин окуусуна кайрылбастан түшүндүргүс нерселердин баарын түшүндүргөн. Жөнөкөйлөштүрүп айтканда, Эйнштейнди кыйгап өтүп кетип, классикалык физиканын белгисиз мүмкүнчүлүктөрүн демонстрациялаган.

Эйнштейндин теориясына ылайык, жарыктын ылдамдыгы өзгөрүлгүс жана эсепке алуунун башталышынын бири-бирине карата аябагандай көп системалары бар. Кадыровдуку боюнча жарыктын ылдамдыгы салыштырмалуу (өзгөрүлмө чоңдук) эсептөөнүн универсалдуу системасы – дүйнөнүн борбору – бирөө, ал абсолюттук.

Нильс Бор бул эки теория бири-бирин толуктап турат, дүйнөнү таанып-билүүгө экөө тең керек деп айтмак. Бирок, муну академиялык расмий физиктердин түшүнгүлөрү келген жок.

 

Кадыровдун гипотезасы ырасталууда

2006-жылдын февраль, мартында америкалык астрофизиктердин эксперименттеринин аалам-хаостон турбайт, анын иреттүү түзүмү бар жана жабык чөйрөдөн турат, чөйрө өзүнүн уңгусунун тегерегинде айланат деген жыйынтыктары бүткүл дүйнөгө таркады. 

Галактиканын ар кайсыл бурчтарындагы радиациялык нурларды ченөөчү космостук WMAP аппараты ааламды тең жарып өткөн сызыкты аныктаган. Окумуштуулар аны "каргашанын уңгусу" деп аташкан. Ааламдагы бардык нерселер ал линияга ыктап турат экен. Ошондой эле окумуштуулар аалам чексиз эмес, ал футбол тобундай компакттуу, бирок беш бурчтуу нерсе деп жыйынтыкташкан. Илимде андай жабык беш бурчтук додекаэдр Пуанкаре деп аталат.

Математик Джеффри Уикс Ааламдын беш бурчтук моделин анализдеп чыгып, моделдеги радиациялык кырдаал реалдуу кырдаалга толук ылайык келет деп тапкан. Эгерде Аалам чексиз, анын үстүнө улам кеңейип бараткан түзүлүш болсо радиациялык абал ар бурчунда ар башкача болмок. Кейптаун университетинин астроному Джордж Эллис "Уикстин методикасы туура. Биз жабык Ааламда жашайбыз" деп жазат. Мындай жыйынтыктар Кадыровдун теориясынын тууралыгын ырастап, Эйнштейндин теориясын четке кагат.

С.Кадыровдун эмгектери Санкт-Петербургдагы айрым физиктер тарабынан көзүнүн тирүүсүндө эле жогору бааланып, 2000-жылы академик Михаил Вариндин төрагалыгы алдында өткөн "Табийгат таануунун фундаменталдуу проблемалары" деген илимий конгрессте "ХХ кылымдын улуу ачылышы" деп табылган. 2002-жылы Санкт-Петербургдагы кезектеги илимий конгресске баяндама жасап берүүсүн өтүнүп чакырышканда жол киреге каражаты жоктугунан улам бара алган эмес. Бирок, андан үч айдан кийин урук-туугандары ортодон акча чогултушуп, анын 70 жылдыгын дүңгүрөтө белгилешкени бир аз түшүнүксүзүрөөк болуп калган. Чоң ресторанда өткөрүлгөн салтанатта стакандар тынбай кагыштырылып, бийик сөздөр көп айтылганы менен салтанаттын күнөкөрүнүн ою башка жакта экендиги ачык эле көрүнүп турган. Мүмкүн ал ошондо да өз теориясын сыдыргыдан өткөрүп, же Санк-Петербургка баралбай калганына өкүнүп отургандыр…

Олег БОНДАРЕНКО
    "Кыргызстандын жаңы адабияты" электрондук китепканасынын башкы редактору, илимдин популяризатору

 


Количество просмотров: 4075