Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Поэзия
© Токтомушева К., 2008 Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2010-жылдын 24-январы

Кенжебү ТОКТОМУШЕВА

Толгонуу

Ырлар

Бул китепте автор негизинен эл-жер, махабат, арноо, эскерүү сыяктуу темаларды камтып, адамзаттын башынан өтө турган кейиштүү дагы, кубанычтуу дагы жагдайларды, ой-толгоолорду ырлары аркылуу жөнөкөй жатык тил менен чагылдырып бере алган. Жыйнак жалпы окурмандарга арналат.

Токтомушева Кенжебү. Толгонуу: Ырлар. – Ош: 2008. – 206 бет. китебинен алынды

УДК 82.51 
ББК 84 Ки 7-5 
Т 51
ISBN 978-9967-602-11-3
Т 4702300200-08

 

Ак бата

Ала-Тоо жериң менен,
Ак калпак элиң менен.
Жылдыздуу түнүң менен,
Нур чачкан күнүң менен.
Ай чолпон ачык асман,
Калкымдын калкы дастан.
Берметтей көлүң менен,
Бетеге чөбүң менен. 
Өрүшүң-түзүң менен,
Бейиштей түсүң менен.
Көк кашка сууң менен,
Асаба тууң менен.
Сан жеткис көктө жылдыз,
Көбөйсүн жерде кыргыз.
Башчыбыз калыс болсун,
Баарында намыс болсун.
Ынтымак ыроолосун,
Кызырлар жылоолосун.
Шер Манас жолдош болсун 
Душмандар бут тоспосун!
Бакайдан бата сурайм,
Бейпилдик элге орносун,
Теңирим унутпасын,
Периште ырыс чачсын,
Жериме тынчтык орноп,
Бар болсун кыргыз калкым.
Өрүшүң малга толсун 
Дастаркон нанга толсун,
Казаның майга толсун
Ырыстуу карың болсун,
Ыймандуу жарың болсун,
Кабылан уулуң болсун,
Калкыңды сыймыктанткан.
Калтардай кызың болсун, 
Кылымдын жолун улап,
Ишенич болсун жаштар.
Теңирим ак бата бер,
Оомиин Аллоху Акбар!

 

Толгонуу

Замана бирде толкун бирде толуп 
Мезгилдин бөрүсү же түлкү болуп 
Адамдын айрый албай ак карасын 
Алсыздар алдууларга күлкү болуп

Кээ бирде жооп таппай ойлорума
Кейиймин актын кара болгонуна 
Бир гана теңир калыс, теңир күчтүү
Шүгүр дейм теңирге кул болгонума

Сүйүнөм ыймандуу бир жашты көрүп 
Күйүнөм ылжып турган масты көрүп 
Арданам ар намыссыз эр сөрөйгө 
Кыйналам карап турган касты көрүп

Теңирдин улуулугун туюп турам 
Эгеси кең ааламдын муюп турам 
Жазалап жаратылыш жерди онтотуп 
Жашымды жамгыр кылып куюп турам

Ак жолун аталардын сезип келем 
Аруу зат ак элечек кечээги энем 
Жазасын теңиримдин туйбайт бүгүн 
Ал бүгүн маңкурт болду эшитпеген

Аталар арак ичип саяк болду 
Алганы азап чегип талак болду 
Багылбай балдар калды кайыр сурап 
Элине жууса кетпес жамак болду

Жер жүзүн кээ бир жерин өрт каптады 
Сел жүрүп кыял көчкү бир капталы 
Күнөөнү көтөрө албай жер титиреп 
Айыкпас оору чыкты таппас дары.

Адамды мал сыяктуу сатып калды 
Азамат бекер каңгып басып калды 
Атанын сакалына доо кетирип 
Абийирсиз уул келин качып калды

Салаалап сакалынан жашы тамган 
Перзенти баарын сатып кетип калган 
Сагынып банкротко баткан уулун 
Ата бар алдан тайып, азып калган

Теңирим адамзатка баарын берген 
Ырыскың адал терип алгын деген 
Акылман улуулардын жолун улап 
Көп окуп, көптү билип калгын деген

Каарына теңиримдин калышпаса 
Жан кыйып мансап үчүн кагышпаса 
Кастарлап эл байлыгын жер байлыгын 
Теңирдин тартуусуна көз артпаса

Унутпай ата салтын жүрүшсө экен 
Ар бири Ата Журтун сүйүшсө экен 
Сыйлашып ак элечек апаларды
Ынтымак бейпил өмүр сүрүшсө экен

2003-жыл. 26 август

 

Ош пирим  

Сулайман Тоого сыйынып чыгып турам,
Тоо түбүндө мүрзөлөргө окуп куран.
Аксакалдуу абышка кары адамдан,
Ош жөнүндө кызыктуу баянды угам.

Көл пайгамбар өтүптүр буга чейин,
Аларды Алла Алейки Салам деген. 
Он сегиз миң ааламга хандыгы үчүн,
Азирети Сулайман наамы келген.

Калталдагы кичине жайык жерди,
Анда отурган Сулайман азирети.
Он сегиз миң ааламдын тилин билген,
Дилин билген ааламда жандын дечү.

Ошол жайык сула деп аталат дейт,
Каздырыптыр дөөлөргө Ак-Буураны.
Карап турат дөөлөрдүн иштегенин,
Азирети ойлогон калктын камын.

Ушул турган Бабурдун үйү ордунда,
Азирети пайгамбар окуйт намаз.
Кадамжайы Сулайман пайгамбардын,
Сыйынган дейт бул жерге коюп ыклас.

Кырк чилтендин үңкүрү тээтигиси,
Үр кыздардын үңкүрү бер жактагы. 
Гөзөл ата Раушан Ажы атанын,
Ысымы менен аталат бул жер дагы.

Бул кичине үңкүрчө боорундагы,
Шам жагышат Карнайчи Бабага атап.
Бир капталы, Бешик-Таш-Умай эне,
Бул жылма таш бел оору сыйгаланат.

Билүү керек бул тоонун көп сыры бар, 
Көрсөтүүгө бардыгын убакыт бар.
Жети тиле кишке-ашка ажы болуп,
Алты тилек бул тоодон орундалаар.

Барыш үчүн Ажыга адегенде,
Ушул тоого зыярат кылып кетет.
Ажы атадан суранат кан чыгарып, 
Кабыл болот ажысы анан дешет.

Эки рекет парз намаз окуп кетсең,
Жетимиш күн намазга өтөт экен.
Кабыл болот тилегиң не тилесең,
Күнөө калбай максатка жетет экен.

Ошондуктан аталып, «Ош пирим» — деп,
Адам кетет сыйынып жүздөп, миңдеп.
Ушул Оштун бактылуу перзентибиз,
Ордобуздун өткөрсөк 3000ин бек.

Ош пиримде ынтымак ыроолосун,
Калкың камдуу кызырлар жылоолосун.
Өрөөндө дан өрүштө малың жайнап,
Чамгарагың биңиктен булоолосун.

 

Алымбек Датка

Кыргызым барктуу болгон байыртадан,
Баатыр эл кечмен калкы өткөн заман.
Бекзаада, хандар өткөн бийлер өткөн,
Алымбек Датка атабыз кең Алайдан.

Алымбек Ош акими болуп турган,
Багынып бекзаадалар колун сунган.
Датка атам Андижандын беги болуп,
Мезгилдин көсөмү эле толуп турган.

Кең Алай асман менен бой тирешкен,
Алымбек Кокон ханы болуп келген.
Калкынын камын ойлоп, салтын сактап,
Душмандар эллин-жерин коруп келген.

Биринчи вазири Шах Мураттын,
Түштүктүн белгилүү бир ишмери эле.
Тарыхта өчпөс чыйыр салып өткөн,
Алымбек Датка атанын издери эле.

Кеңирсип, кең Алайга таң аткансып,
Көктөгү ай, чолпон менен жанашкансып,
Жарашып акылман жар Курманжаны,
Алымбек датка менен бараткансып.

Ыйык жер Ош пирими жарашкансып,
Кош жүрөк бир-бирине жанашкансып,
Экөө тең бир мезгилдин Даткалары,
Калкыма аруулуктун таңы аткансып.

Уланып өсүп келет урпактары,
200 жашка чыкты Датка атабыз.
Кыргыздын таазим кылып Даткасына,
Таалими урпактарга таркатабыз.

 

Курманбек Бакиевге

Мезгилинде Аскарды да сүйчүүбүз,
Ал күлгөндө биз жылмайып ийчүүбүз.
Жакшы эле адам Ала-Тоонун кулуну,
Анан эле таппай калдык мүлкүбүз.
Элин атып, жерин сатып журт каңгып,
Толкундоого айланды го күлкүбүз.

Анан сизди шайлап алды калкыңыз,
Чу дегенде токсон пайыз алдыңыз.
Журт атасы болуп берчү адам деп,
Мактап эле жатып калдык жалпыбыз.
Манас ата төрөлгөн күн он төртү,
Ошол күнгө туура келди антыңыз.

Эмнегедир ичтен турдум кубанып,
Баеоо кыргыз ачылат бейм бактыбыз.
Пикет, митинг, асылуулар кырсыктар,
Чынын айтсам бир топ кетти шаштыңыз.
Кээде сизден кетип жатты кемчилик,
Ага деле чыдап келет калкыңыз.

Манастын мен замандашы эмесмин,
Бул аянды текшертиң бар акыңыз.
Август айы Манас ата төрөлгөн,
Ошондуктан бузулбасын антыңыз.
Кошоматка кой союудан алысмын,
Жылыштар бар, бирок дале жардыбыз.

Айрым бийлик мурдагыдан беш бетер,
Баары жаман деп айтуудан алысмын.
Маданият, спорт жана курулуш,
Ийгиликтер болуп жатат калысмын.
Милиция, сот, прокурор, врачтар,
Баягы эле эски нукта калышты.

Эрктүү өжөр ырас жакшы адамсыз,
Журт атасы ошол үчүн кагансыз.
Кыргыз бойдон кыйындыктан чыга алсак,
Сиз кыргызча Манас өңдүү калаарсыз.
Адам эмес Алла ыраазы болсун деп, 
Урпактардын урматында жашаарсыз.

2007-ж. 1-август 

 

ГОЭЛРО

Миңтогуз жүз он сегизинчи жылында,
Жаңы уюшуп СССРдин курамы,
Владимир Ильич Ленин түптөгөн,
Ильич шамы ГОЭЛРО планы.

Ошол дата 22-декабрь,
Белгиленип, энергетик күнү деп, 
Өндүрүштүн, техниканын зор күчү,
Күндүзгүдөй жаркыраган түнү деп.

Энергия жашообуздун куралы,
Эстен чыкпайт ГОЭЛРО планы.
Ата Ленин деп айтчубуз кезинде,
Өчпөсө экен, Ильич шамы чырагы.

Энергетик куттуу болсун майрамың,
Токтосо экен, тез-тез өчүп калганың.
Ийгиликтер, албан иштер жаратып,
Унуткарбай улуу Ленин арбагын.

2001-ж. Декабрь 

 

© Токтомушева К., 2008 Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

 


Количество просмотров: 1791