Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз
© Аваз Жокей, 2009. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2009-жылдын 28-декабры

Аваз ЖОКЕЙ

Саламдан пейил оңолот!

Автор бул чыгармасында каармандын Жаны жыл алдындагы окуясын чагылдырат. Юморлуу чыгарма даярдалып жаткан китептен алынды. 

 

Чолуш башын салаңдаткан бойдон илкип-калкып ойго түшүп келатты. Кайрылыштагы там бурчунан өтө бергенде капысынан алдынан чыккан бирөө менен сүзүшүп кала таштады. Ачуусу чукул Чолуш сөгүнгө үлгүрбөй оозун ачкан бойдон туруп калды. 

— Ой, кечиресиз!.. Саламатсызбы?!.. – деген коңгуроодой назик добуш жүрөгүнүн түпкүрүнө жеткидей болду.

Маңдайымда жаз күнүндөй жадыраган узун бойлуу, келишкен, эки өрүм узун чачын ийининен ылдый кое берген перидей болгон сулуу көгүлтүр көздөрү менен жадырап карап турду.

— Келе жаткан жаңы жылыңыз кут болсун! Жаңы жылда ишиңиз алга жылып, өзүңүз денсоолукта болуңуз! Үйбүлөңүз менен бактылуу жашаңыз. Ооба, Сиз бактылуу болосуз, — деп жомоктогудай Пери кызуу куттуктады.

— Ээ... качан? Тааныбай турам... Кечиресиң, кудачасыңбы... – деп Чокең алдастап шашып калды. Өзү тааныган кыз-келиндердин бирине да окшобойт. 

— Убара болбоңуз, мени сиз тааныбайсыз... Демек Сиз жетимиш жетинчи болдуңуз, Куттуктайм! Бактылуу экенсиз!...

— Албетте, Сизге окшогон Пери куттуктап жатса, анан мен бактылуу болбогондо ким болмок эле?! – деп Чокең белин түзөп, баш кийимин оңдоп, өңү өчкөн галстугун өйдө жылдырды.

— Сизге “77” туш келбедиби, ошон үчүн бактылуусуз.

— Ага, демек мага 77 сом бересизби? Андан ашык болсо деле ала берем, – Чолуш алакандарын ушалады. 

— Жо-жок, байке, жакшы жышаан бар: Жаңы Жыл алдында жетимиш жети кишини куттуктасаңыз, сөзсүз бактылуу болосуз.

— Мен, мынакей, Сиз менен 77 кишини куттуктап койдум. Мен да бактылуу болгум келет!

— Аа... Ошондойбу?.. А мен... тиги, акча берет экен деп... 

— Капаланбаңыз, Сиз сөзсүз бактылуу болосуз!

— Толук бактылуу болуш үчүн... аа... та-аак... азыр мага бир... бир жарым... жок, эки миң сом... ой, тоюс, эки миң доллар жетпей турат, честное слово, эсептеп чыктым! Доллар жок болсо мейли, сом менен деле ала беребиз, курс боюнча... жүз миң сом эле...

— Байке, Сиз да 77 кишиге чын ыкласыңыз менен салам берип, жылуу куттуктасаңыз жашооңузда жакшы жаңылык күтүлөт. Мейлиңиз, байке, кеттим, шашып жүрөм! – деп Пери кыз күтпөгөн жерден Чокеңдин чогойнодой болуп сакал баскан бетинен чоп эте өптү да, андан ары балеттеги бийчи кыздардай болуп жүгүрүп эл арасына сиңип кетти.

Чокенин эси эңгиреп туруп калды. “Кетип калды, ээ? Балким, элүү эле сом сурасам берет беле?.. Бирок, эмнеси болсо да керемет кыз экен! Жомоктогу Пери! Ушундай Пери бетимден өптү десем ким ишенет? Акыркы жолу кайсы аял бетимден өптү эле?.. Честное слово, эсимде жок... Аа, эстедим, мурдагы жылы элүүгө толгондо апам келип өөп кетпеди беле?! Карачы эми, бул бийкеч бүт делебемди козгоп коюп кетип калды... Жыпар жыты аңкыды го... Эх-х! Кайран жаштыгым, кайда калдың? Сайда калдың!.. Ансыз деле жуулбаган бетимди таптакыр эле жуубай койсомбу?..” 

Чокең сакал баскан жаагын сыйпалап көпкө турду. Бир сыйра улутунуп да алды, кылгырган көз жашын сүртүп жолун улантты. 

Эмне кылсам? Анын айтканын аткарсамбы? Эмнеси болсо да аракет кылып көрбөйүнбү? Салам айткандан менин бир жерим кемип калмак беле? Тобокел!..

— Ээ... саламатсызбы?! Жа— Жа -Жаңы жылыңыз менен! Жо-жо-жок, жөн эле... тааныш эмесбиз... Салоомалейкум! Жанагы... Жаңы жылыңыз менен келе жаткан... Саламатсыңбы!? Жаңы жылың... келе жаткан... кут болсун!... Салам жигит! Жаңы жылың менен!.. Мен сизге тийишкен жокмун... Соо элемин... Кечээтен бери ичелекмин... Эмне, барбы?.. Шиш, өзүңө! Карасаң муну, атаңды... Эмне дедим? Кой, сөгүнбөш керек... Канчоо болду? Бешөө... Өх-х!.. Салам айтыш деле оңой эмес окшойт... Салоомалейкум!? Жооп жок, тултуйган челек!.. Сөгүнбөйүн... Эми эптеп чыдайын, баштаган соң аягына чыгыш керек да... Алтоо... Жети... Он... Он үч... Он тогуз... Жаңы жылыңыз менен келе жаткан!..

Чолуш чын ыкласы менен алдынан чыккандарга тегиз салам айтып, куттуктап келе берди. Өтө кылдат эсептеп, жаңылбоого аракет жасады. Эл калың эмеспи деп базарга кирди.

— Лотерея алгыла, лотерея!.. Арзан, болгону 20 сом! Жаңы жылдык лотерея алгыла! Жүз миң сомго дейре утасыңар!.. Акыркысы калды!..

— Акыркысы дейби?.. Мүмкүн ушунусу утуп калаар!.. – Чолуш чөнтөктөрүн аңтарып атып араң 20 сом чогултту. – Ме, жигит, ошол акыркысын мага берчи!..

— Меңиз, мына бу жерин акырын сүртүңүз... Та-аак, эмне деп жазылып турат?.. “Лотерея уткан жок” деппи? Эчтекемес, байке, эмкиде сөзсүз утасыз... Эми мындай туруңуз, жолтоо болбоңуз... Эл-журт лотерея алгыла!.. Келиңиздер... акыркысы калды... жүз миңге чейин утасыңар!..

Чолуш утпаган лотереясын кармалап көпкө турду. Өтүп жаткандар түртүп кеткенде гана эсине келип четке чыга берди. “Мунун “акыркы”лотереясы бүтпөйт экен да... Кой, баштаган ишимдин аягына чыгайын. Тиги Пери жолугуп калып сураса уят болбоюн... Саламатсызбы?! Жаңы жылыңыз менен келе жаткан... Салам, карындаш!.. Келе жаткан Жаңы жылың менен... Жок, жөн эле... Бир жакка баралык дейсиңби? Жок, ырахмат! Башка күнү, макулбу? Ким жинди? Менби? Ии, мейли, макул... Саламатсыңбы?!.. Жаңы жылың кут болсун келе жаткан...” 

Базарды тегиз кыдыргыча каш карайды. Тили күрмөөгө келбей, аягында булдуруктап, 70-чи кишини куттуктаса анысы коркуп качып да кетти. Үйүнө келатып жолуккан кошуналарын баарын куттуктады. Алар болсо демейде салам албаган Чолушту таң кала карашып, бирок кубанычтуу жооп берип жатышты. 

Жанындагы жан телефону шыңгырады:

— Але, Чолуш агай, деректир айтты эртеңден баштап жумушка чыксын деп. Заказдар келе баштады... Алты миң сом аванс жазып койдум аны да аласыз, — деп көптөн бери токтоп турган ишкананын бухгалтери соткеден бакылдады...

Мына сага, эртең жумушка чыгамбы? Чолуш уккан кулагына ишенбеди. Үйүнө кирбей эле эшик алдынан кыйкырды:

— Салам, сага Эркетай! Келе жаткан Жаңы жылың менен куттуктайм! Сен 75-сиң! 

— Ии, андан көрө токсон тогуз кылып койсоң болмок?... Карасаң, дагы тоюп келген тура! – деп Эркеси эки бөйрөгүн таянып тосуп алды. 

— Каяктагы арак, же сен акча бердиң беле? Деги, бир, оң сүйлөп тосуп алган күнүң болобу?.. – деп Чолуш да чоочугансып атырыла сүйлөдү. 

Момун күйөөсүнөн мындай жоопту күтпөгөн Эркеси эси ооп карап калды. 

— Болду, эми, кыйкырба! Олтур, чай ич! Жумуштан чарчап келгенсиң го... – деп аялы да жумшара сүйлөдү.

— Ошентсең, кичине... Чай элеби? – деди Чолуш да шашпай отуруп жатып. 

— Чай, нан жана сууга бышырылган картөшкө.

— Балдар кайда?... Аа, кызым келе гой! Жаңы жылың менен, кызым, келе жаткан жаң жыл, жаңы кылым жаңы бакыт-таалай алып келсин! Муйдуңдан жыттатып койчу?.. Охх! Жытыңдан!.. Сен 76-чы болдуң! Агаң кана?

— Тиги тамда телевизор көрүп отурат.

Аңгыча уулу жүгүрүп кирип:

— Ата! Апа! Сүйүнчү!.. – кубанычтуу кыйкырды.

— Ии, болсун! – деп ата-энелери жарыша жооп берди.

— Лотереядан төрт бөлмөлүү квартира уттук, азыр эле телевизордон айтты... 

— Койчу тамашаңды!..

— Мына баягы сиз жумуштан алып келген “Үйбүлөлүк лотереянын” бирөөсү утту! 

Ишенбей баары телевизорго жүгүрүп барып, алып баруучунун кайталап айткан ар бир сөзүн угуп, уткан лотереянын ар бир санын карап отурушту. 

— Рахмат, уулум, жакшы жаңылыгына. Сени да келе жаткан Жаңы Жылың менен куттуктайм! Сен 77-чи болдуң!..

...Бул түнү баары жакшы түш көрүп, уйкулары тынч өттү. Чолуш болсо түшүндө Перини көрдү...

 

© Аваз Жокей, 2009. Бардык укуктар корголгон
    Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

 


Количество просмотров: 3813