Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Поэзия
© Абылов С., 2007. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2009-жылдын 21-декабры

Сапар АБЫЛОВ

Махабат оту өчпөйт

Поэма «Махабат оту өчпөйт» («Да не погаснет огонь любви») посвящена пламенной любви двух любящих сердец – выпускников средней школы Азамата и Кипарисы, которые, получив аттестат зрелости, поступают в вузы Бишкека. В произведении повествуется о том, какие трудности ожидали влюбленных на поворотах судьбы, через какие испытания – экзамены прошли их чувства на протяжении пяти лет совместной учебы.

Сапар Абылов. Үмүттөрүм жанган от. – Ош: 2007. – 104 б. китебинен алынды

ББК – 84
Ки 7 – 5
С 14
ISBN 9967 – 22 – 139 – 2 
А 4702300100 – 04

 

МАХАБАТ ОТУ ӨЧПӨЙТ

(поэма)

Эне чиркин түйшүк тартып барктаган,
Түн терметип, тынч уйкуну татпаган.
Турмушунун тууруна кондоруп,
Азаматты алгыр куштай таптаган.

Кипарис да тоо гүлү эле ачылган,
Ак жүзүнөн ажайып нур чачылган.
Ысык – көлдүн ак куусундай таранып,
Сулуулукту турпатына жашырган.

Сергектигин айта көрбө башкача,
Кирпигине кир жугузбай таптаза.
Ким болбосун тамшанып көп карашат:
«Перизат го жомоктогу Шахрезаада!»

Коңшу жашап ымыркайдан бирге өскөн,
Бир — бирине басар жолун көргөзгөн.
Көпаөлөк кууп, гүл теришип жайлоодо,
Сүт бышырса кырмычыгын бир жешкен.

Журт которуп көчүп консо бир барган, 
Кой — эчкисин биргелешип айдаган.
Эрте — кечке козу — улагын тосушуп,
Көгөөндөргө бирден тизип байлаган.

Булактарда суу чачышып сергишкен,
Көкөлөтүп көңүлдөрүн эргиткен.
Ала качып Азаматтын көйнөгүн,
Эчен жолу акактатып жүгүрткөн.

О, Кипарис жайдары кыз жароокер,
Көзү түшүп суктанышат жигиттер.
Жакындашып сүйлөшө албай сүрдөшөт,
А кай бири жандап койсо үмүткөр.

Туш тарабы тоолор менен курчалып,
Айылдагы үйдүн баарын башкарып.
Турган өңдүү бийик жерге курулган,
Орто мектеп өзгөчө кооз шаңкайып.

Сабак сайын коңгуроосу кагылган,
Тоо суусунун коштосунда жаңырган.
Ушул сунун агымы күч Буурадай,
Көбүк чачып, ташты ургулап жулунган.

Жазда көрсөң багында гүл жайнаган,
Айра албайсың уз бүтүргөн саймадан.
Араласаң аңкыган гүл жытына,
Жан жыргатып жашарасың кайрадан.

Кышта көрсөң шамал соксо шуудурап,
Терегинен шаңдуу шоокум угулат.
Шар суусунун жээгиндеги куурайлар,
Жалтылдаган акак Шуру тагынат

Ушул мектеп келечектин сереси,
Уул – кыздар ардактаган мөмөсү.
Агайлары, эжейлери мээримдүү,
Ак пейилдүү адамдардын төрөсү.

Бул мектепке бир Гана түз жол барат,
Доор күткөн зор милдетти аткарат.
Мезгилдердин жебесинде жарышып,
Жалтанбаган жаш сезимдер сыналат.

Бирге олтуруп, бир досканы караган,
Айгай жазган билим изин санаган.
Ар бир сабак – окуу, билүү, үйрөнүү,
Максаттар бар сезимдерге улаган.

Ар бир күнү ойгонушуп ак таңда,
Он жыл окуп, он жыл ак жол басканда.
Билим алып алтын уя – мектептен,
Ар бир жашка канат бүтөт учканга.

Азаматтын оту жанып жүрөгүнөн,
Кубанычтын нуру тарап көздөрүнөн.
Аттестаты колунда сыймыктанат,
Айга учуп барчудай түнөгүнөн.

Кипаристи сыймыгы андан бийик,
Ак тилеги тургансыйт айга тийип.
Азыр учуп жөнөчүдөй Москвага,
Азыр бүркүп, ак дили турат күйүп.

Күндөр жылып, айга өтүп мезгил жетти,
Бузбайбыз деп алдыга койгон шертти.
Экөө бирдей барышып Бишкеке,
Институттун эшигин тырс – тырс черти.

«Биз тоолукпуз, тоодо калды балалык,
Тоодон учтук алтын куштай таранып.
Тоолуктарга кызмат кылуу биздеги,
Асыл максат кайра того баралык.

Тоолордо бар толуп жаткан кен байлык,
Геолог болом, бул мен үчүн ылайык.
Сен врач бол, ооруп калсам дарыла,
Өмүр турсун, ак дилиндей тазарып».

Ушул оюн айткан кезде Азамат,
Кипаристин акак жүзү нурданат.
Үмүт, тилек орундалып, эки жаш,
Жалаң «бешке» сынактарын тапшырат.

Бир күндө эле көрбөй калса сагынат,
Каректерге сүйүү оту жагылат.
Магниттей тартылышат жүрөктөр,
Жал – жал тиктеп сезим күчү багынат.

Убакытты таба билет ар күнү,
Кипаристи жандай бербей күн – түнү.
Азаматым тыкан, сергек, адептүү,
Болбойт анда минутага бош жүрүү

«Институттан билим алуу – зор ашуу,
Баалаганга ийне менен кен казуу.
Ноюбастан оор жүктү көтөрүп,
Узак, татаал, тайгак, таштуу жол ашуу».

Дал ушинтип кимдир бирөө айткансып, 
Кайраттантып, шык жаратып жаткансып. 
Азаматым аз уктайт да көп окуйт, 
Бир ай өтсө бир дабанды ашкансып.

Аба муздап, күз аяктап, кыш келди. 
«Ак пахтаны дарактарга илгенби?»
Деп ойлойсуң кыялдана карасаң,
Бу тактарын ак кар жапкан сиренди.

Тоодогудай каргалар жок каркылдак, 
Ит көрүнбөйт үрүп жаткан арсылдап.
Жигит кыздар басып барат көчөдө,
Өтүктөрдөн чыккан үндөр тарсылдап.

Бороон жүрсө ызырынып ышкырган,
Тонун чечип тоготпостон олтурган.
Чоң атасын элестетет Азамат,
Малын багып тыным албай иш кылган.

Өзү дагы көнүп алган суукка,
Жүрө берчү тонун кийбей суукта.
Карды малтап отун алып келүүчү,
Теңдеп атып кунанына кер кашка.

Сары майдан салып эзген курутка,
Нанды чылап ичип алып суукка.
Чыккан кезде чып-чып тердеп чекеси,
Жүрө берет көнгөн адат тоолукка.

Азаматым тоо баласы эмеспи,
Театрга алып коюп билетти.
Күтүп турат Кипаристи жол карап, 
Саатын тиктеп санап эчен мүнөттү.

Кипарисим үшүл кетет дирилдеп,
Кирпи өңдөнүп беттин түгү бириндеп.
Колу муздап, муздан чыга калгансып,
Араң эле саламдашат көлөңдөп.

Оор мүнөз, бойлуу жигит Азамат. 
Назик колун ысытмакка укалап.
Калган кезде тартып алып акырын,
Колтугуна ката коюп назданат.

«Мен ысыкмын, кат колунду, ката бер,
Бүт денеңди катаар элем батса эгер.
Кипарисим үшүбөсүн, ысысын,
О, жүрөгүм чач отуңду, чача бер!»

Дейт Азамат жал-жал карап жүзүнө,
Саал имере тартып алып өзүнө.
Саамайынан жытын искейт акырын,
Жыла албастай байлангансып эркине.

Аба жылып, жер жашарып жаз келди,
Шаар-ичине түрлүү түмөн түр берди.
Кипарис да Азамат да суктанат,
Көргөн сайын кызыл-тазыл гүлдөрдү.

Жакын барып суу бүркүлгөн фонтанга,
Салыштырып жайкы нөшөр жамгырга.
Ойлой калат жайлоодогу күндөрүн,
Чагылган от чачып өтчү булутка.

Шуру таккан жалбыракка мөлтүрөп,
Шүүдүрүмдү көз алдына келтирет.
Кипарис да Азамат да көз албай,
Көккө атылган сууну карап телмирет.

Тоодогудай шаракташып күлүшпөйт,
Суу чачышып, кубалашып жүрүшпөйт.
Акырын дейт кату сүйлөп баратса,
Көчөдөгү адепсиздик ушул дейт.

Кипарисим кулан эле тоо жакта,
Тыным алып туралбаган бир паска.
Тамашакөй, куудулдана сөз айтып,
Токточу эмес, бир күлкүсү башталса.

Эркин, тоолук мүнөз менен келишип,
Акырындап шаар ичине көнүшүп.
Сылыктыкты, сыпаалыкты үйрөндү,
Жолугушса мээрим төшөп көрүшүп.

Бакка келип ар күнү сергий басып,
Түн киргенче жүрүшөт көңул ачып.
Бир-бирине сүйөнө олтурушуп,
Сүйлөшкөнү бир кызык божурашып.

Студенттик курактарды шимирип,
Өттү күндөр айдан жылга сүрүлүп.
Экинчи жыл, экинчи курс аяктап,
Турмуш шарты, билим баркы билинип.

Экөө эки институтта окушат,
Кыйын болду алар үчүн кышкы шарт.
«Өзүм айткан, өзүм сунуш киргизгем…»
Деп өкүнүп Азамат ойго тунат.

Курсташ кыз көп, карагаттай мөлтүрөп,
Көздөрү нур, кирпиги гүл көрүнөт.
А алардын бирөөсүн да окшотпойт,
Кипариси ай, күн болуп төгүлөт.

Кипарисчи? Сууй баштап акырын,
Алыстатты жүрөгүнүн жакынын.
Курсташтарын көзгө тута баштады,
Азаматка салыштырап акылын.
Сулуулугун, шайырланган мүнөзүн,
Каалаганын так аткарган марттыгын.

Адегенде көзү түшүп Асанбек,
Бирге олтуруп жаккындатып алсам деп.
Сүйгөнүнүн бар экенин билген соң,
Ичтен тынып жүргөн дайым бербей шек.

Сылык сүйлөп мээрим төшөп жалдырап,
Силкип салса кой антпе деп калтырап.
Корком жүрөк коен болуп көрүнүп.
Жол бошотуп, өзү кийин олтурат.

Карегинен айланат да бөгүлөт, 
Коргошундай көлкүп эрип төгүлөт.
Катуу тилдеп какса дагы Кипарис,
Кебелбестен өз боюна сиңирет.

Ашканада кезегине тургузбайт,
Акы тилеп, акча алдырып сунгузбайт.
Чоң жыйында орун болбой калса эгер,
Өзү олтуруп, аны тике тургузбайт.

О, Кипарис, мындай кытмыр сылыктар, 
Аз болсо да арабызда бар чыгар.
Аны сезбей өз жолуңдан адаштың, 
Ойлонбодуң : «ичте кандай сырың бар ?!»

…Кыялдандың: «О, кандайча сулуулук,
мында да бар мээрими күч жылуулук.
Мамилеси эч кимде жок, өзгөчө,
Ушул белем адамдагы улуулук!»

Күндөн-күнгө жакындадың берилдиң,
Азаматка баруудан да эриндиң.
Кээдэ каарып, ыксыз эле таарынып,
Жолобо деп уудай тилиң тийгиздиң.

Аты анын болсо дагы Асанбек,
Чакырасың кылыктана Асан деп.
Анда Асаның: «О, Жыпаш!» — дейт жанды үрөп,
Сенин сулуу келбетиңе эреркеп.

Колтуктадың, ашкерелеп Асанды,
Асан берер кезегинде жазаңды.
Жаңылыштык өкүнүчтүк башаты,
Анда кимге айтмакчысың капаңды?!

 

© Абылов С., 2007. Бардык укуктар корголгон

 


Количество просмотров: 2279