Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз
© Аваз Жокей, 2009. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2009-жылдын 11-декабры

Аваз ЖОКЕЙ

“Тамакты таттуу кылган туз менен пияз...”

Автордун бул мыскылдуу чакан чыгармасы Советтик доордун убагындагы турмушту чагылдырат. Чыгарма даярдалып жаткан китептен алынды. 

 

Сексенинчи жылдары райондо иштеп жүргөн кезим. Бир ирет үйлөнүү үлпөтүнө барып калдым. Жумушта кармалып бир аз кечигип келгем. Чоң той экен, эл көп. Орун жок. Бака-шака. Той ээси эптеп бир оорун таап отургузду. Элеңдеп эки жагымды карадым. “Алыңыз, нанга караңыз” деген киши болгон жок. Столдун төр жагында отурган кара дуңгул жигит мага карап:

— Эй! Койкойбой жаныңда отурган айымдарды тейлеп отур, — деди.

— А сен эмне койкоюп төргө отуруп алгансың? – дедим мен чыдабай.

— Сен унчукпай отур, сага сөз кезеги келелек, — деп ал кайра оозумду жаап жатбайбы.

— Анда “оозу кыйшык болсо да байдын уулу сүйлөсүнбү”? — дедим мен да жөн отурбай.

Отургандар күлүп калышты. Жакшылап карасам тигинин оозу чын эле бир аз кыйшык экен. Жалпы тойдо отурган эл да каткырып жатты. Тамада күлдүрүп жатса керек. Кызып алган кара дуңгул ого бетер кызарып чыкты. Антрактка чейин унчукпай мени дулдуюп карап отурду. 

Антрактта жаныма келип:

— Сен эмне аскарбить эттиң? – деп мени жөөлөй баштады.

— Капа этпе дос, мен байкабай эле... сөздүн ылайыгы келген соң айттым... Өзүң башынан басмырлабай культурный айтсаң деле түшүнмөкмүн....

— Кайсы кызматта иштейсиң?

— Райондук байланыш түйүндө...

— Ой, ата, телефондо иштейсиңби? Байланышчысыңбы? Инженерсиңби? Айлыгың канча?.. – Кара дуңгул бечара турбайсыңбы дегенсип мыйыгынан жылмайды. — Мен сага инженер жөнүндө бир анекдот айтып берейинби?...

Ал кезде байланыш кесиби бааланчы эмес.

— Болуптур, угайын.

— Жаңы келген мугалим класстагы окуучулар менен тааныша баштайт: Асанов! Барбы? Ордуңан тур! Атаң кайда иштейт?

Колхоздо кампачыбы? Эң жакшы! Ташматов! Атаң кайда иштейт? Ресторандабы? Деректирби? Эң сонун! Эшматов! Сенин атаңчы? Дүрдүкөндө. Жаман эмес. Үсөнов! Сенин атаң ким болуп иштейт? Инженерби? Балдар күлбөгүлө! Кай жерде? Телефондобу? Тынчтангыла балдар, кишинин кемчилигине күлгөн уят болот, дептир мугалим. Хы-хы!... – деп кара дуңгул өзүнчө жыргап күлүп алды.

Аңгыча антракт аяктап ордубузга барып отурдук.

— Өзүң кайда иштейсиң?

— Мен деген райпотребсоюзда орун басар болуп иштейм, — деди жигит чалкалап.

Ал кезде соода тармагында иштегендер “ханга салам беришчү эмес”.

Мен ардана баштадым.

— Телефондун баркын билбейт экенсиң, жигит! Бирок, мен азыр каалоо айтып туруп, тойдо отургандарды байланыш үчүн алдыртсам эмне дейсиң?

— Ой, ата! Сенби? Давай, мелдештик! Мына, элүү рубль сеники болот! – деп бир кагазды стол үстүнө таштап койду. Ал убакта бул акчага он кило эт келмек.

Ордумдан туруп тамададан сөз сурадым. Микрофон колго тийген соң эки жашка каалоо-тилегимди айттым да, алыскы Ак-Талаадан келген куданын жанына барып:

— Куда, эми баятан бери жакшы сөздөр көп айтылды. Айрыкча “Тамакты таттуу кылган туз, Алысты жакын кылган кыз” деген кыргыздын учкул сөзү улам кайталанууда. Бул кепке мен толугу менен кошулуп, дагы эки сөз кошумчалап макалды жаңырткым келет. Куда, үйүңүздө телефон барбы?.. Анда жакшы экен, буюруса кызыңыз менен тез-тез сүйлөшүп турат экенсиз! Анда бул макалды бүгүн минтип айтсак эп болот: “Тамакты таттуу кылган туз менен пияз, Алысты жакын кылган кыз менен связь”,— дедим.

Куда алакандарын чапкылап кыйкырып ордунан тура калды, колдорумду кыса кармап көпкө кое бербеди, анан микрофонду ала коюп:

— Туугандар, колуңардагы стаканды связь үчүн алып коюңуздар, телефондо иштегендер үчүн, алысты жакын кылгандар үчүн алып койсоңор! – деп аябай бакылдады.

Тамаданын жана отургандардын кыйкырык-сүрөөсү менен ордума барып отурдум. Стол үстүндөгү акчаны унчукпастан чөнтөккө салып койдум. Жеңилген кара дуңгул жигит саамга унчукпай дулдуйуп отурду да, анан чыдабай тура калып колумду кысты.

...Андан тышкары да “Эң мыкты тост үчүн” деген байгени да алып тойдон үйгө олжолуу кайттым.

 

© Аваз Жокей, 2009. Бардык укуктар корголгон
    Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

 


Количество просмотров: 3796