Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз
© Аваз Жокей, 2009. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2009-жылдын 3-декабры

Аваз ЖОКЕЙ

“Семиз кыз сатам, ким алат?”

(сценка)

Автор мыскылдуу сценкасында бүгүнкү турмуштун көйгөйлүү көрүнүштөрүнөн бир үзүм чагылдырат. Чыгарма даярдалып жаткан “Куудулдарга кумжардам” китебинен алынды.

 

Апасы шашкалактап балабакчага кирет. Эчким жок. Жымжырт. Эки жагын карайт.

АПА: — Өхх!.. Далбастап жүгүрүп келсем булар кайда кеткен? Жанагы какчыңдаган тарбиячы келин көрүнбөйт да... Беш мүнөт кечиксем айгайлачы эле... Жерге киргир десе...

ТАРБИЯЧЫ: — (Арка жагынан кирип келет). Ии, эмне, ашатыбатасыңбы? Азыр мен ашатсам кирерге жер таппай каласың...

АПА: — Ке-ке-ке-кечиресиз...

ТАРБИЯЧЫ: — Сени кечире турган бул жерде суу жок.

АПА: — Ке-ке-ке-кечигип...

ТАРБИЯЧЫ: — Көрүп турам, сокур эмесмин!

АПА: — Ме-ме-менден ке-ке-кетти итчилик, ке-ке-кечирип койсоң...

ТАРБИЯЧЫ: — Ме-мелебей, ке-кекелебей айтчы, эмнеге келдиң?

АПА: — Апей, эмнеге келмек элем, кызыма келдим да, алып кетейин деп...

ТАРБИЯЧЫ: — Кызың жок, сатып жибердим!

АПА: — Жинди го, муногу! Ка-ка-кантип саттың? Уруксаты жок элеби?.. (Элге карайт). Мен эмне деп дөөрүп жатырым...

ТАРБИЯЧЫ: — Эмне, уруксат сурасам берет белең?

АПА: — Кызык кызсың го, кантип уруксат бермек элем?!

ТАРБИЯЧЫ: — Мына көрдүңбү? Ошондуктан уруксатсыз эле сатып жибердим.

АПА: — Дени-карды соо эмес, муногу катындын... Кантип?..

ТАРБИЯЧЫ: — “Семиз кыз сатам, ким алат?” десем илгиртпей алып кетишти?

АПА: — Койчу, жаным, секетим-сокотум... тамашаңды! Берчи, кызымды, кетейин!

ТАРБИЯЧЫ: — Кимди берем, жок болсо?

АПА: — Сен менин жиниме тийбегин, бул эмне деген жоругуң?

ТАРБИЯЧЫ: — Алты айдан бери айлыгыбыз тийбесе анан эмне кылалык, ачкадан отура береликби? Тишибиздин, тилибиздин кирин соруп?.. Колу-бутубуздун, таманыбыздын да чорун соруп бүттүк...

АПА: — Биз деле айлык алалекбиз... Эптеп оокат кылып атабыз...

ТАРБИЯЧЫ: — Билем силердин кантип оокат кылганыңарды... Койотур, ажылдабай! Сен кайда иштейсиң?

АПА: — Иштейм?.. Аа, эмеде... тиги сүт заводунда…

ТАРБИЯЧЫ: — Мына, көрдүңбү? Айлык тийбесе да акырын кымтып айранын аласың, каймагын, сүтүн, быштагын жана башкаларын... Же жалганбы?

АПА: — Туура дечи... Буюруганын алабыз...

ТАРБИЯЧЫ: — Башкалар да ошентет... Алсак, эт комбинатында иштегендер — эт, кыш заводундагылар — бышкан кыш алышат, кийим тиккендер — кийим, мык чыгаргандар — мык, малдогдурлар — мал, киши сойгон догдурлар... эмесин... тиги, ичмайын... Мына, ушинтип эле элдин баары эптеп оокат кылышат... А биз эмне, токолдон туулган балдарбызбы? Башчыбыз уруксат берди. Ал өзү да касапчы Элүүбайдын эки эгиз баласын ээрчитип кетти.

АПА: — Ай, албарсты, мээмди чакпай, давай кызымды! Болбосо алдагы уяты жок бетиңди үзүп туруп колуңа карматам... Анан үйүңө барып бышырып жей бер, өлүгүңдү көрөйүн, бетбак!.. (Бөйрөгүн таянып жакындайт).

ТАРБИЯЧЫ: — Сенби, ушу сенби?.. Менин бетимдиби?! Бетимден айлангыр!.. Азыр мен сенин оозуңду кыйшайтып Ошко каратам, көзүңдү көгөртүп Көгартка каратам... (Бөйрөгүн таянып, курсагын чандайтып тигиге жакындайт. Экөө курсактары менен тирешет, бирин бири качырат, кармашат, мушташат, күрөшөт... Кун-фу, ай-ки-до, панкратион биякта эле калат. Иши кылып көпкө жулмалашат. Алдары кеткенде отуруп алып кулактарын, мурундарын чойгулашат, чачташат... Аягында баштарын тийгизип алып экөө тең өңгүрөп ыйлашат.)

АПА: — Сен деле апасың да... Сен балаңды берет белең бирөөгө? Сатат белең?... Ыя?

ТАРБИЯЧЫ: — Эмнеге сатмак элем? Менде деле жүрөк, өпкө, боор бар. Эми мен сенин кызыңды, жыргаганымдан сатайын дептирминби...Сата элекмин, бирок, сатып жиберишим мүмкүн...

АПА: — Койчу ардагым, берчи кызымды алып кетейин...

ТАРБИЯЧЫ: — А мен кантем? Оокатым өтпөй жатпайбы? Балдарым үйдө ачка отурушат... Мүмкүн... сен сатып аласыңбы?

АПА: — Ыя?! Эмне дейт? Өзүмдүн баламды өзүмбү?...

ТАРБИЯЧЫ: — Өзүң бил анда, эртең базарга алып чыгам...

АПА: — Кайсыл базарга? Мал базаргабы?

ТАРБИЯЧЫ: — Көк мээ! Кул базарга! Азыр баарын сатса болот...

АПА: — Макул, өзүмдүн кызымды өзүм сатып алайын... Кудум эле кинодогу мафиялардай экенсиң...

ТАРБИЯЧЫ: — Ошого куураган жашоо түртүп жатпайбы...

АПА: — Боптур! Бирок, акчам жок, мал аласыңбы?

ТАРБИЯЧЫ: — Боптур! Бир торпок...

АПА: — Кудайдан корксоң боло!

ТАРБИЯЧЫ: — Эмне, жаман кызбы? Кудаага шугур, арык эмес, тарбия көргөн эстүү, акылдуу кыз. Тектүү жерден, ата-энеси жакшы кишилер. Же андай эмеспи?

АПА: — Аның туура дечи... Боптур, бирок, азыр бералбайм, мал тоодон түшкөндө...

ТАРБИЯЧЫ: — Макулмун, бирок, тилкатка кол коюп бересиң... Мына, тилкат, калем, даярдап койгом...

АПА: — Апкел! (Кагазга кол коюп берет). Бер эми кызымды, эртерээк кетейин...

ТАРБИЯЧЫ: — (Соткасын алып чалат). Алле, Алик, кызды алып чык! Кайсы кызды дейсиңби? Ой, макоо, жанагы семиз кызды! Ии, ооба! Тез!

АПА: — (Элди карайт). Кудай сактаа, чын эле, булар өзүнчө эле уюшкан мафия го!

ТАРБИЯЧЫ: — Ооба! Биз деген жөн эле жүргөн шурум-бурум эмесбиз... Эгер торпокту бербесең, өзүңдү үй-бүлөң менен кошуп Ооганстанга бир кап апийимге бартер кылып жиберем. Бас, оозуңду ачпай, сыртта кызың күтүп турат...

Экөө ээрчишип чыгып кетет.

АЯГЫ

 

© Аваз Жокей, 2009. Бардык укуктар корголгон
    Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

 


Количество просмотров: 2500