Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз
© Аскаров Ч., 2009. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2009-жылдын 30-ноябры

Чынтемир АСКАРОВ

Тукайдын туңгуч махабаты

(повесть)

Жаштарга арналган бул баянда Тукай деген жигиттин Ая аттуу кызга биринчи тунук сүйүүсү жөнүндө айтылган. Аянын кызганычы алардын ортосундагы махабатты аз жерден жоготууга жеткирип коё жаздайт.

 

Түн ортосунда эшикке чыктым. Ай табакка куйган айрандай толуп туруптур. Анын жарыгынан көөдөй болгон караңгылык качып, тиги аркайган тоодун ары жагына бөгүп калгансыйт. Мына айдарым салкын жел жүрө баштады. Көңүлүм сергий түштү. Бийик өскөн теректердин баштары кыбырап, жалбырактар шуудурай түштү. Жылдыздар көктө төгүлүп, асман ортосунан бөлүнгөн топтой болуп, үстүмдө көмкөрүлүп турат. Жайындагы табийхаттын бул керемет кооздугун карап туруп, эх, мурда эмне көрбөй жүрдүм экен деп өзүмчө күбүрөнүп койдум.

Айлана тыптынч, аба таза. Мындайда сүйлөгөн сөзүң да алыска угулат эмеспи. Ошондонбу жакын эле жерден бирөөлөрдүн кобурашкан үндөрүн угуп калдым. Биздин огороддун баш жагында калың алма бак бар. Кобураган үн дал ошол бактын арасынан чыккансыйт. Эл уйкуда жатса, жарым түндө уйкудан кечишип сүйлөшкөндөр кимдер? Бир аз аң-таң болуп тыңшап, анан ошол жакты көздөй бастым. Шыбыш билдирбей жакындаганда даана тааныдым. Бири жылкычы Жоро, экинчиси онунчу класста окуп жүргөн Пери. Ой тообо, деп таң калдым. Перинин махабатка кабыла турган мезгили эмес ко.Анын үстүнө Жоро өзүнөн он жаш улуу. Өңү да серт. Мектептеги кыздар аны көрсө эле орок мурун аке деп күлө беришет. Бирок Жоро андай шылдың сөздөргө чым этип койсочу. Укмаксан болуп басып кетет.

Мына Жоро Перини имере тартып кучактады. Перинин солкулдаган ичке бели тал чыбыктай ийилип, Жоронун денесине жармаша түштү.

— Пери билесиби, мен сени чексиз сүйөм.

— Мен да, — деп Пери жаш баладай Жоронун кучагында эркелей кетти. Эзилишип турган экөөн карап туруп махабаттын таасири ушунчалык күчтүү экенине таңдана, ал мага эртеби кечпи келерин ойлоп жаттым. Бирок качан, кандайча келерин элестете албай, акырын жылып үйгө келдим да, диванга куладым.

Күндөр өтө берди. Жоро менен Перини көргөндөн бери алардан таасирленгеним менен оюма эч нерсе кирип чыкпай, сабагымды баш көтөрбөй окуп жүрдүм. Оюм эле орто мектепти бүтсөм, жогорку окуу жайынын кайсы бирине окуп калсам деген максат гана болуп калды.

Ушинтип жүргөн күндөрүмдүн биринде мектептин директору түшүп, жаңы директор келип калды. Окуу жылы аяктап баратканда эмнеге түшүп калганын билбей калдык. Жаңы директор болсо күндө эрте менен катарга тургузуп алып мектепте тартип болсун, улууду сыйлап адамкерчиликтүү болгула деп айта берет. Чынында мурдагы директор агайыбыз мугалимдер арасында болобу, окуучулар арасында болобу тартипти таптаза бошоңдотуп жиберген турбайбы. Айтоор жакшы директор келди дешип мугалимдер мактай да калып жүрдү.

 

Биз менен бирге окуган окуучуларды жаңы келген директор эмес, анын Ая деген кызынын келиши чоң жаңылык болду. Көзү бакыракай, жүзү кардай аппак. Ошого жараша коюу каштары көө сыйпап койгондой капкара. Мөлтүрөгөн жүзүн карап эле тургуң келет. Мындай укмуштай сулуу кызды биринчи көрүшүм. Көрөрүм менен көзүм чачырап, сугум артканымды айтпа. Таанышсам, сүйлөшсөм, башкалардан мурда өзүмө жакындатып алсам деген ой дароо башыма келе түштү. Бирок кантип? Анын классы бөлөк.Анын үстүнө менден башкалар да ашык болбой калат дейсиңби? Айылда менменсинген канча жигиттер бар. Мүмкүн ошолордун бирине буйруп тургандыр. Ай ким билет. Бирок мен сага ашык болуп калдым Ая.

Күндө зарыктырып бүтпөй койгон сабактар бүгүн тез эле өтүп кеткендей болду. Аяны кайрадан жакшылап көрөйүн деп эшиктин алдында турдум. Мына Пери менен чыга калды. Көзүм албай карап калдым. Бирок Ая мага көңүл бурбай, алдыда бараткан кыздарга жете барып, бирөөн колтуктай сөздөрүнө аралаша түштү. Алардын артынан ээрчий басып бир топ жерге бардым да, бир жолу да көңүл буруп карап койбогондогуна көңүлүм чөгө түшүп, ындыным өчүп үй жакка бурулдум.

 

Эртең тиги кызды дагы көрөм деген ойдо болдумбу күндүн узактыгын бүгүн гана сездим. Окуудан келгенден бери күн батпай койду. Күн баткандан кийин таң атпай койсо болобу. Бир зарыл ишим чыга калгансып эрте туруп алганымды айтпайсыңбы. Эшикте ары бери басып жүрүп үйгө кирсем апам төшөктөн жаңы туруп жатыптыр.

— Сага эмне болду, Тукай? Бир жериң ооруп турабы? — деп апам чыйпылыктады.

— Жок апа, сабагымды окуп алайын деп эрте турдум. Эмне, чай кое берейинби?

— Сабагыңды окуй бер, балам.Чайга али эрте. Уй саап келгенден кийин өзүм чай коюп коем. Китеп окууга көңүлүм барбай апам келгенче кайсалап үйдө жүрдүм. Оюм эле мектепке барсам, тиги сулууга жолугуп калсам экен дейм. Бирок ал мага кандай мамиле кылар экен деп да коем ичимден.

Апамдын койгон чайын шаша буша ичип мектепке келдим. Окуучулар бирин сериндеп келип жатыптыр. Дароо экинчи этажга көтөрүлүп кыз окуган класска келдим. Эшиги ачык, эч ким келбептир. Ая экинчи партада отурганын кечээ көргөнмүн. Партанын жанына келип Аянын кармаган колдорунун изи түшүп кала тургансып көпкө карап турдум. Отура кетип, анын элесин эстей баштадым. Карегиме өчпөс болуп басылып калыптыр. Партада мен эмес ал отургандай болду. Коридордон балдардын кобураган үндөрү угулар замат, үшкүрүнө ордумдан турдум да, ылдыйга түшүп, өз партама келип отурдум.

Кыргыз адабиятынан Эркин агай сабак берет. Анын сабагын бардыгынан жакшы көрөм. Кунт коюп угам. Анткени ар бир өткөн сабакта чыгармадагы каармандар менен аралашып жүргөндөй таасирлентип, анан бизди китептеги окуяларга кошо ээрчип жүрүүгө аргасыз кылат. Бүгүн ал Манастын балалык чагы жөнүндө айта баштады. Жөн айткан жок, кадимки манасчылардай күпүлдөп кирсе болобу. Колдору кыймылга келип, оозунан шилекейлер чачырап, кызыганда ордунан тура калып, отурган отургучу сынып кетүүчүдөй чыйк-чуйк этип кетти. Балдар оозун ачып Эркин агайды карап эле калышыптыр. Сабак ушунчалык кызык өтүп жаткан менен агайдын бир да сөзү мээме кирбей, Аяны гана ойлоп жаттым. Сабак бүтсө экен, эшикке чыксак экен дегеним менен сабак узаргандан узарып чыкты.Акыры күткөн убакыт келип, коңгуроодун үнү жаңырды. Танаписке чыгарым менен жогору көтөрүлдүм да,класска жакын жерге барып Аянын чыга калышын күтүп турдум.Ая чыгары менен мени көрдү. Аң-таң болуп карап турду да, бейтаныш экенимди көрүп, тигиле карап турганымдан ийменип класска кире качты. Пери жаныма басып келди да, кимге келдиң эле деди. Эч кимге эмес деп шарт бурулдум да, өз классыма келип шаабайым сууп отуруп калдым.

Жоро эсиме түштү. Ал Перидей сулуу кыздын жүрөгүн кантип багынтып алды экен? Баалуу буюмдар бериппи, же бал тилге салыппы? Же күндө сүйөм деп бара бериппи? Кызык, бир жолуксам андан сурашым керек экен.

Канчалык зарыктырган менен акыры сабак аяктады. Ая, Пери экөө колтукташа мектептен чыга калды. Ая менен сүйлөшпөй жатып жүрөгүм дүрсүлдөй баштады.Өзүмдү өзүм кармай албай титиреп кеттим. Алар жакындай түштү.

— Пери, токтой турчу, — дедим. Үнүм башкача дирилдеп чыкты.

— Эмне, эмне сөз айтайын дедиң эле, — деди токтой калып. Эмне жооп айтарымды билбей кайсалактап калдым. Ая болсо бизден алыстай түшүп токтоп калды.

— Айтпайсыңбы эми,эмнени сурайын дедиң эле, — деп Пери шаштыра кетти.

— Тиги кыз каерлик экен?

— Анын сага кереги эмне. Өзүң ушул мектепте окуп жүрүсүң го, өзүң сурап албайсыңбы. Мен да аны сурай элекмин. Сөзүбүз аяктай электе Ая Перини чакырып калды.

— Пери, болчу эми,кетели. Ая бизге бурулуп карап турду.Мен да карап турам. Чиркин, тим эле көлдүн сулуу ак куусу! Буга колу жеткен жигит кандай бактылуу! — деп коем ичимден.

Мен турган жеримден жылбай туруп калдым. Тиги экөө каткырыша сүйлөшүп, көчө жээктеп басып үйлөрүнө көздөй баратты. А менин жанымдан жүк ташуучу машина чаңдатып өттү. Ал чаң үстү башымды эмес, жүрөгүмдү чаңдатып өткөнсүдү. Анткени мен Ая десем, ал мени бир бөкөчөдөй көрүп жакындабай жүрбөйбү.

Жолмо жол мени ой басып желкемден ныгырат. Качан жетем, качан колун кармаар экем деп коем. Бирок бир нерсе мени сооротот.Ал онунчуда, мен он биринчиде окуганым менен бир мектепте окуйбуз. Эртеби кечпи жолугушабыз, сүйлөшөбүз Анан эмне таанышканча шашылып жатам? Перини ортого салышым керек. Ал оңой эле тааныштырып коет.

Күн түнгө, түн күнгө бат эле алмаша берет тура. Аяга таанышсам деген эки жолку аракетим текке кетти. Бүгүн да жүрөктөгү өйүгөн сырымды айтайын деп Пери экөөнүн артынан ээрчий бастым. Пери Аяга жакындаша албай жүргөнүмдү жакшы билет. Ошондонбу улам кылчактай карап, бурулушка жеткенде токтой калды. Жакындай басып бардым. Ая эмне дээр экен деп мени карап калды. Негедир көз карашы мага жакшы эмес. Жүрөгүм муздай түштү. Ортобуздагы мамиле жакшы болбой турганын сезип турдум.

— Ая эмнеге Тукайдан боюңду ала качасың? Тукай жакшы бала. Жакшылап таанышып алсаң адамкерчилиги бийик экенин билет элең, — деди экөөбүздү жакындаштырууга ниет кылып Пери.

— Сен орточу болбой эле койчу. Мен Тукайың эмес, эч ким менен таанышкым келбейт! Түшүндүңбү?...

Ая турган жеринен тез бурулду да, көчө менен чуркап жөнөдү. Пери экөөбүз эмне кыларыбызды билбей үн сөзсүз бир жерде турдук да, үн сөзсүз экөөбүз эки тарапка бөлүндүк.

Маанайым пас, кабагым түнөрүп үйгө келдим да, жатып жүргөн диваныма чалкаман түшүп жата кеттим. Эч нерсе менен алаксыбаган үйдөгү мындай тынчтыкта чексиз ойлор жабалактап келе берет тура. Мына мени түркүн ойлор камай баштады. Аянын заардуу көз карашы, бийик чыккан үнү кулагыма жаңырды. Ал сени сүйбөйт. Сүймөк турсун карагысы да келбейт. Эмнеге ээрчийсиң? Колуңду тарт. Жөн жүр. Башка кыздар менен жүр. Бактыңды ошол кыздардан табарсың, деген ойлордун аягына чыга электе апам эшикти ачып баш бакты:

— Тукай сага эмне болгон,чай да муздап калбадыбы.

— Эч нерсе ичким келбей жатат апа. Мени жөн койчу.

— Жөн кой дегениң эмне, курсагың ачпайбы сенин. Бол айланайын, — деп апам колумдан тарткылады.

Апам дайым ушундай боорукер. Кичинекейимден тартып анын ачуу сүйлөп, урганын көргөн жокмун. Катуу ачуланганда ачуум тарасын дейби ширенкени алып жерге бир чаап жиберет. Төргө чейин чачылган ширенкенин чийлерин бирден тере баштайт. Бир эмес көп жолу кайталагандыктан бул кыялын жакшы түшүнүп калгам. Ошондуктан чийлерди чогултуп койгондон кийин:

— Апа ачууңуз тарадыбы? — дээр элем.

— Тарады,тарады Тукай. Баштагы шайтанды ушинтип кубалабасам болбойт дээр эле кабагы ачыла түшүп.

Атам жөнүндө сөз козгол кеткенде көзүнө жаш алып ыйлап калат. Союз учурунда атам аты кыргызстанга тарган жылкычы экен. Эл мине электе сыйлыкка “Москвич” алып үстүнө чаң жугузбай айдап жүрчү дейт. Бир күнү уурулардын тобу ээн жерден токтотуп алып, өлтүрүп,машинасын айдап кетишиптир. Кийин алар табылып камалганы менен атамды жоктогон бойдон экинчи көрбөй калдык. Ошондо мен эмчектеги бала экем. Андан бери он сегиз жыл учкан куштай тез өтүп кеткенин кара. Апамды жашсың, жашооң алдыда, бир балаңды карап отура бербе, турмушка чык деп канчалар акыл салат. Апам: ”Мага бир сүйүү келген, ошол бир сүйүүм менен өтүп кетем”, — деп жооп кылып жөнөтчү экен. Ошондон бери мени аскар тоодой жөлөк тутуп жашап келе жатат. Апамды мен да түшүнөм. Эч убак капа кылбай, жетилгенде эч бирөөдөн кем кылбай баксам деп тилек кылам. Бирок тагдырым кандай түзүлөт азыртан жоромолдоп биле албайм.

Кайран союз тарабаганда биз элдин алды болуп жашабасак да, элдин жоон ортосу болуп жашамак экенбиз. Апам тигүүчү фабрикада иштеп аты чыга баштаган. Экөөбүзгө эмне жетишпейт. Тамак аштан артканын кассага салып, балам чоңойсо машина сатып бербесемби деп жүрчү. Кашайып союз урады да калды. Жумушчулар кыскаргандан кыскарып, акыр аягында фабрика жабылып шаардан кайра атам менен жашаган ата конушубузга келип жашап калдык. Иштейин десе иш жок, же каралаша турган эч ким жок жүдөгөнүбүздү айтпа. Бирок апам жол таап кетти. Элден заказ алып кийим тигүүгө өттү. Туш кийиз,шырдактарды катыра жасачу болду. Ошентип азыркы турмушубузду жолго коюп алдык. Буга шүкүрчүлүк кылган менен Аядан жолум болбой, өзүмдөн өзүм жүдөп жүрбөймүнбү.

Ичим туз куйгандай ачышып, азап чегип жүргөнүмдү Ая кайдан билсин. Күндө таанымаксын болуп жанымдан өтө чыгат да, кылактай басып өз жолуна түшөт.Баягыдан кийин Пери да мага сыртын салат. Алардын мындай көз карашынан улам жакындабай эле коеюн деген менен Аяга деген тунгуч махабатым өчө турган эмес.Акыры бир күнү сүйүүмө жетермин деген үмүт көкүрөктө күйүп, көңүлүмдү жубатып коет. Бирок ал бактылуу учур келерине ишенбей кайсы бир кулак уккус, адам жашабаган ааламдын бир четине кетсемби деп ой жооруй кетем.

Мен эч ким менен таанышкым келбейт деген Аянын сөзү көкүрөктө бекем сакталып калыптыр. Ошондонбу мен эмес башкалар менен да сүйлөшпөйт деп ойлоп жүргөм. Бирок такыр башкача болуп чыкты. Мектептин жанына “ЖИП” машинасы күндө келип токтоочу болду. Аны айдап келген жигитти жакшы тааныйм. Атасы айылда жашаганы менен жеткен бай, фермер. Шаарда бир чоң кафеси, бир магезини бар экен, аны баласы башкарат деп уккам. Аты Орунбек. Алды менен эмнеге келип жүрөт деп ойлосом бара-бара белгилүү боло баштады. Аянын башын айландырып жүрүптүр. Азыр сырга салып коюп, орто мектепти бүткөндөн кийин үйлөнөт имиш. Бул сөздүн да чындыгы бар окшобойбу. Анткени Орунбектин атасы менен Аянын атасы мурда университете бирге окуп кыйышпас дос болуп жүргөн экен. Карачы, тагдыр көп жылдан кийин экөөн тогоштуруп, минтип куда сөөк болууга шарт түзүп отурганын.

Биз сабактан жаңы эле чыкканда Орунбектин машинасы күндөгү келип жүргөн жерге токтоду. Пери Ая экөө мектептен чыгары менен машинаны көздөй бет алды. Орунбек машинадан түшүп, кара ачкисин тагына, алардын жолун тосуп чыкты. Шыпылдай кабинанын эшигин ачып, отургула дегендей кош колун суна орундуктарды көрсөттү. Экөө сейилге чыга тургансып тим эле көңүлдөрү куунак, күлкүлөрү катуу чыгып машинага отурушту. А менин ичиме таруу айланбай, денем титиреп кызганычтан жерге кире албай турдум. Эх, Орунбек, карап тур, сенин көзүңө көрүнбөсөмбү деп койдум ичимден.

Жанды кашайтып күндө келчү болду Орунбек. Кезектеги келгенинде дөңгөлөгүн жарып койсом,кийинкисинде алдыңкы айнегинин бырын чырынын чыгардым. Далбасалап мектептеги мугалимдерге келип, анан директор агай менен кошо Ая окуган класска кирип, балдарды күнөөлөп жанын чыгарыптыр.

— Минтип бизди ак жерден күнөөлөгөнчө экинчи келбей эле коюңуз дептир окуучулардын бирөө. Ошондон кийин ара торо келип калганын көрүп калып жүрдүм. Бирок ага кыла турган душмандыгым али алдыда эле.

Эрнис аке көп жылдар бою спортко катышып, эрежесиз мушташуу боюнча далай ирет чемпиондук наамды жеңип, кыргыздын желегин желбиреткен мушкер болчу. Айылга көчүп келгенден бери анын биерге келип калганына таң да калып жүрдүк. Элдин айтымына караганда шаардагы эки этаждуу тамын сатып ата конушун ээнсиретпейин деп көчүп келиптир. Жашы элүүгө жакындайын деген менен бала көрбөсө керек. Айла жок аялы экөө бала бакчадан бала багып алыптыр. Анысын көрүп калчумун. Жети жашта. Ойноок болгон менен жылдызы жанган, сүйкүмдүү. Оюма туура келип Эрнис акеге келдим. Залдай чоң бөлмөдө ремонт иштери менен алек болуп жатыптыр. Төр жагында күрөшө турган килем жайылып турат. Мени көрө салып:

— И жигит, кандай жумуш менен,-деди.

— Сиздин мушташкандыгыңызды көп жолу көрүп, сиздей болууну эңсечүүмүн. Дарегиңизди угуп сүйүндүм. Биздей балдарды машыктырууга мүмкүнчүлүгүңүз барбы? Эгер бар болсо машыгып жүрсөм дегенде эки көзүм төрт, — дедим.

— Муногу зал бүтсүн. Өзүң эле келбей, башкаларды да ээрчите кел.

— Жок аба, мен бүгүндөн баштап машыгуум керек. Эмне кыл десеңиз да тилиңизди алайын, — деп жалдырап жибердим.

— Таза кайтпаган жигит турбайсыңбы. Сабагыңа тоскоол болбосо келип жүр. Азырынча сени эле машыктырып көрөйүн.

Эрнис акенин кең пейил, адамкерчилигине сүйүнүп, башыма үймөлөктөшкөн ойлордон тазаланып үйгө келдим.

Эрнис аке сөзгө турду. Бир ай бою жанын үрөп үйрөттү.

— Эртең шаарга кеткен жатам. Сага дем алыш, — деди бир күнү Эрнис аке.

Аз эле машыккан менен Орунбекти чалкасынан түшүрүүгө ыкмам да, ишенимим да пайда болуп калган эле.

Мына Орунбектин машинсы баягы ордуна келип токтоду. Бирок негедир кыздар мектептен чыкпай кечигип жатты. Мен атайы Орунбектин машинасын токтотуу үчүн көчө менен басып барып, бурулушка барып туруп калдым. Көп өтпөй Орунбек машинасын жай айдап келатты. Кол көтөрдүм эле токтой калды.

— Эй бала, сага эмне керек? — деди кабинадан баш багып.

— Сен керексиң! Чык! Орунбек эч нерсени түшүнө албай мени карап калды.

— Эмне?... Эмне?...

— Чык деп жатам .Эркекче сүйлөшөбүз.

— Эркекче дейби? Энеңди урайындын баласы эмне дейт! Орунбек машинадан түшүп жаныма басып келди.

— Эй, сары ооз балапан эмне деп жатасың? Кайра айтчы!

— Эркекче сүйлөшөлү деп жатам! Ал күчсүз деп ойлодубу кылкынтып таштайын деп жакамдан алганда жерге талп этип кандайча түшкөнүн билбей калды. Чаң буруксуй түштү. Тыпырчылаганына карабай эки жолу өпкөгө коюп калдым Алкымдан алып кылкындыра баштаганда эки көзү чакчайып кетти. Ая бакырып жиберди. Перинин да өң далети жок. Орунбек болсо ордунан турду да үстү башын күбүнүп, заардуу карап алды.

— Аяга экинчи келбей жүргүн. Ал меники! — дедим бетимден чаарым чыгарып. Ошол маалда Ая кабинадан түшүп үйүн көздөй өкүрүп өксүп баратканын көрдүм. Орунбек болсо машинасын жүргүзүп жылгандан кийин муштумун көрсөтүп баратты. Жоо кеткенден кийин кылычыңды бокко чап деген макал эске түшүп күлүп ийдим.

Ушундай жол менен бактыма жетпейминби дегеним менен түк башкача болуп чыкты. Ая мени көрөрү менен жоо келаткандай качат. Пери да тескери карап калыптыр. Алардын бул мамилеси мурункудан да бешбетер башымды кайгыга салып, жүрөгүмдү эсчи болду. Үйдө канчалык уктайын десем да уктай албайм. Эшикке чыгам кайра кирем. Орунбекти бекер урган турбаймынбы. Ая аны жанындай сүйүп калган го. Эмесе Орунбек келтек жеп жатканда анчалык ыйлабайт эле го. Экөөнүн ортосуна чок салып тартып алган күндө да меники кудайга жагар иш эмес. Мен Орунбектен да, Аядан да кечирим сурашым керек. Экөө чын махабатка кабылган болсо тынч жашашсын. Мага да сүйгөн табылар деген акындардын ырындай, башка бир кыздан мындан да күчтүү, мындан да жалындап жалбырттаган сүйүүмдү табармын. Ушул ойлор менен көпкө сыртта басып жүрдүм. Мурдагыдай эле асман көпкөк. Айыл тыптынч, аба таза. Табакка куюлган айрандай толуп турган айдын жылганы көзгө көрүнбөгөнү менен батышты көздөй жол тартып баратканы байкалат. Керемет жайдын дагы бир түнү өтүп баратат деп үйгө бурула бергенде Жоронун коңур үнү кулагыма шак угула калды. Акырын акырын шыбыш билгизбей аларга жакындадым.

— Жайлоодо көпкө чейин жүрүп калдың го. Сагынып саргайдым, — деди Пери Жорого экиленип эркелеп.

— Мен сагынбады дейсиңби? Сагынгандан сары жалбырак болуп кетүүмө аз калдым. Малдарды бир жумага бирөөгө таштап, атайы сен деп келдим. Биерде башка жумушум бар дейсиңби. Эми баягыңдай эркелечи. Сен үчүн кучагым гана эмес, жүрөгүм да ачык.

Жоро костюмунун бүчүлөрүн чечип, Перини лып өзүнө тартып эрини чопулдата өбө кетти. Жөтөлүм кыстап жөтөлүп жибердим. Экөөбү тең чоочуп кетип, мен жакка бурулушту. Жоро мени таанып койду.

— Аңдыганы жарабайт ко. Сени да бир кармабасамбы, — деп күлдү Жоро. Пери мени көрөрү менен аябай уялып кетти. Эмне дээрин билбей томсоруп туруп калды.

— Мектептеги балдарга айтып ушактап жүрбө. Анда мени тирүүлөй өлтүргөнүң, — деди Пери кызаңдап.

— Башка айтса айтаар, бирок Тукай айтпайт. Мен толук ишенем, — деди Жоро.

— Айтпайсыңбы я? Убадаңды бересиңби я? — деп чыйпылыктай түштү Пери.

— Ооба айтпайм, бирок...

— Эмне бирок?

— Ая чын эле Орунбекти сүйөбү? Сырга салып койгону чынбы? Эмне эле экөөңөр тең менден качып жүрөсүңөр? Менин сүйүп калганымды Ая билеби? — деп Периге сурооду жаадырып жибердим. Пери унчукпай турду да:

— Баарын эртең сүйлөшөлүчү, — деп мени колтуктан алып бактын четиндеги жолго жетеледи. Үчөөбүз биздин үйдүн жанына келгенде, ай аскасы көккө тиреген Кара-Тоо жакка жакындап калыптыр.

Перинин эртең сүйлөшөлүчү деген сөзү бир аз болсо да көңүлүмдү тынчытып койгонсуду. Ошол сөзүнө кадыресе кубаттанып катуу уктап калыптырмын. Кубаттанган менен курусун Ая үч күн бою мектепке келген жок. Мектепти бүтүрбөй Орунбек оңбогур алакачып кеттиби деп оюм он бөлөк. Чыйпылыктап Периден сурасам:

— Ал эч жакка кеткен жок.Тумоолоп калыптыр, — деп тим болду.

Ая мектепке төртүнчү күнү келди. Жаман ойлорум таруудай чачылып сүйүнүп калдым .Ошентсе да Орунбектин шаардагы жумушуна кетип калбай жөн эле айылда машинасын ары бери кубалап жүргөнүнө таң калам. Окуу жылын аяктаарын күтүп жүрөбү? Кантсе да Аяны алып кетейин деген ою бар го. Эгер чыны менен эле Аянын Орунбекте көңүлү бар болсо экинчи жолто болбойм. Бул менин бекем убадам... Эркин агай кызыктуу сабак өтүп жатканы менен ага көңүл бурбай, мына ушундай ойлорду ойлоп жаттым. Негедир бүгүнкү сабактар да узарып кетти. Эртерээк мектептен тарап Аяны көргүм келет. Сакайып жакшы болуп калдыңбы дейин дейм. Бирок коркуп калган жаным кокус кагып койсо, же бултуңдап басып кетсе эмне кылам деп коем. Периге ишенем. Ал бүгүн мен жөнүндө айтатат. Сүйүп жүргөнүмдү билеби деп айтпадым беле. Сөсүз аны айтат. Ая аны уккандан кийин дал бүгүн бир жообун берери анык.

Күткөн убакыт да келди. Күндөгүдөй чурулдап мектептен тарай баштадык. Орунбектин машинасын көчөдөн көрүп калып жүрөгүм зыр дей түштү. Кудай жалгап токтобой зырылдата айдаган бойдон көчөнүн башында чаңдатып баратканын көрүп калдым.

Күндөгүдөй Ая Пери экөөбү чыкты. Алар башкалардан кечирээк чыккандыктан, көчөдө балдар аз эле. Экөө мага көңүл бурбай, колтукташып өтө чыгышты. Перинин байкамаксан болуп өткөнү эмнеси. Негедир кыжырым келип артынан ээрчий бастым. Мектептен алыстай түшкөндө Пери токтой калды.

— Тукай эмне эле корунуп жатасың? Бая эле катарыбызга кошулбайт белең Сүйлөшүп келет элек ко, — деп Пери жароокерлене сүйлөдү.

— Өзүңөр го көрмөксөн болуп басып кеттиңер.

— Билбейм, Тукай, башкалардай шогураак болбой, нымтырап эле жүргөндөйсүң. Эмесе өзүң эле бизди көрөрүң менен кошулуп кетишиң керек эле го.

— Корунчактык жайым бар Пери. Көрөсүң ал кыялымды бүгүндөн баштап таштайм. Бул сөзүм экөөнө тең жактыбы чын ыкластан күлүп калышты. Ушундан пайдаланып экөөнүн ортосуна жыла калдым да, экөөн эки колтугума алып жай кадам таштап бараттым.

— Бая эле ушинтпейт белең, — деп Пери каткырып жатып күлдү.

Аяны карап коем. Негедир көңүлү ачык. Көзүбүз көзүбүзгө чагыла түшкөндө ичимден кымылдап сүйүнүп коем. Ушитип, ушинтип жүрүп акыры жүрөгүнүн ачкычын таап алармын дейм ичимден. Бирок азыр да Орунбекти ойлой калып жүрөгүмдү тыз эткизе оорутуп алдым. Эгер ал болбогондо Аяны качан эле колтуктап, дал бүгүнкү күндөй ээрчишип бирге басмакпыз.

— Ая, сага бир сөз айтсам таарынбайсыңбы? — деди Пери.

— Эмнеге таарынайын. Эгер жөндүү болсо.

— Жөндүү үчүн айтайын деп жатам. Пери тамагы буулгандай үн дебей барып анан:

— Сен Орунбекти эмне кыласың, — деди.

— Эмнеси жаман экен?

— Жаман эмес дечи, бирок...

— Эмне, бирок?...

— Айтканга оозум да барбай жатат. Ая Перинин бет маңдайына тура калды. Негедир Аянын көзү чекчейип кетти.

— Айт Пери, дал үчөөбүздүн ортобузда айт.

— Айтсам... Айтсам Орунбектин шаарда балалуу аялы бар экен. Сен эмне, экинчи аялы болуп бармаксыңбы?...

— Төгүн!.. Төгүн!.. Буга ишенбейм, ишенбейм!.. Ая моюнунда оролгон жоолукту чечип алды да, бетине жаап ыйлаган бойдон бизден узап баратты.

— Муну качан уктуң? — дедим мен.

— Муну жакында эле уктум. Эмесе Аянын өзүнө эмес көлөкөсүнө да жолотпойт элем го.

— Мүмкүн аялы менен ажырашып алгандыр?

— Ажырашып алган күндө да, тигил аялы Аяга тынчтык бербейт. Көрөсүң го эми Орунбек менен сүйлөшмөк турсун бетин да карабайт.

Үйгө тим эле майрамдагыдай болуп сүйүнүп келдим. Сумкаларымды ыргыта салып, чай ичкенден кийин огородго чыгып иштей кеттим. Апамдын майда чүйдө жумуштарын бат эле бүтүрүп коюп, эртеңки сабагыма даярданыш үчүн китеп дептерлеримди жая кеттим. Мындай көңүлдүү жүргөнүмдү апам көрүп сүйүнүп отурду.

— Мектепте сени окуткан мугалимдериң мактадыбы? Сен бүгүн башкачасың го балам, — деди кийим тигип отурган апам.

— Билесиңби апа, мен жогорку окуу жайына окусам деп тилек кылып жатам. Болгондо да журналистикасына. Сизди бир китеп кылып чыгарам. Атамдын атын өчпөс кылып жазбасамбы.

— Тилегиңден айланайын ошентсең кана. Мени жазбай эле койчу.Атаң кандай атактуу киши эле. Падышабыз Турдакун Усубалиевдин колун алган оңой киши дейсиңби. Ким эле ал кишинин колун кармап жүрдү дейсиң.

— Сиз айылда жаңгыз калып, сизге кыйын болот ко. Анан да менин контрагым төлөсөңүз. Ой и-и-и-й ага чыдабайсыз апа.

— Акча жерге кирсин, сен үчүн күнү-түнү иштеп, беш жылга чыдап коем да. Аман-эсен жүрүп, окууңду бүтүп келсең мени көкөлөтүп багар элең го. Анан көрө окууңду жакшы баалар менен бүтчү. Аны он жолу ойлонуп, он жолу акылдашып, анан чечербиз.

— Айланайын апамдан, алтын апамдан, акылдуу апамдан деп мойнунан кучактап, бетинен өптүм.Өөп жатып Аяны ойлоп коем. Ойлонгон оюма жетип Ая келин болуп келсе, менчелик апамды сыйлап алар беле. Кээ бир келиндердей кайненеси менен ажылдашып отурса айланы кетирет ко. Жок, Ая эч качан андай болбойт. Менин айтканыма, апамдын айтканына макул болуп тил алат. Көрөсүң го өмүр бою сен мен дешпеген ынтымактуу үй-бүлөдөн болобуз. Балалуу да, кыздуу да болобуз. Баланы көбүнчө мен, кызды көбүнчө Ая тарбиялайт. Кандай сонун күндөр өтөт дейсиң! Эх, ал учур бат эле келип калса кана.

Мындай таттуу кыялдар эртең менен турганда да башыма келип жатты. Көңүлдөнүп физзарядка ойноп, күндөгүгө караганда көбүрөөк жуунуп тарандым. Күзгүнүн жанында көпкө туруп бети башымдын эч жерин койбой карап жаттым. Орунбектен сулуулук жактан ашып түшпөсөм кем эмесмин го деп коем. Анан эмне Ая мени эмес Орунбекти сүйүп жүрөт?...

— Эмне болгон сага, окууңа жөнөбөйсүңбү, кечигесиң го, — деген апамдын үнү оюмду бузуп жиберди. Китептеримди чогултуп, сумкама салдым да кудуңдап мектепти көздөй жөнөдүм. Орунбектен кутулдум деген ой келе түшүп, үстүмдөгү тонду чечип таштагандай жеңилдей түшүптүрмүн.

Эркин агайдын сабагы дагы эле артка жылдырылып калыптыр.Манасты дагы эле күпүлдөп, Саякбай атабыздын кейипкери сыятанып өңүн өзгөртүп бирде жай, бирде тили тилине тийбей сөз менен сөздү жуурулуштуруп оозунан чуурутат. Балдар агайдын айткандарына кошо аралашып ооздорун ачып аңкайып отургандары менен мен бериле угуп жатканым жок. Ая мына сабак бүтөр менен мектептен чыгат. Мен аны тосуп чыгышым керек деп коем ичимден. Бирок ал мага кандай мамиле кылар экен? Кечээ ыйлап кетпеди беле. Кабагы ачылбай чыртылдап тургандыр. Анан мен жолуксам эмне дейт? Кудай ай, эч болбосо бүгүн жолум болгой эле.

Сүйүү оттон алып сууга салат, суудан алып чокко салат. Кайгы басып илмийип каласың. Тамакка табитиң тартпай, уйку көрбөй жүдөйсүң.Ошонун баарын көтөрө билип, эркиң менен жеңе алган күндө гана махабатың сага жарк этет деген бир жигиттин сөзү эми гана эсиме түштү. Демек оттон сууга, суудан отко түшүп жүргөн кезегимби? Деги бул ооруу канчага созулат. Ал бир гана Аянын колунда деп ойлоп койдум өзүмчө.

Когуроо кагылар менен эң биринчи сыртка мен чыгыптырмын. Агылган балдардын ичинен кокус өтүп кетпесин деп Аяны карап коем. Жок алар кечигиңкиреп чыгышты. Мурдагыдай ээрчий баспай катарлаша түштүм. Көчөгө түшүп бир басып баратабыз. Дагы эле тымтырс, эч кимибизден үн чыкпайт.

— Сен эмне Тукай, тилиңди жутуп алгансыңбы? — деп Пери сөз баштады.

— Жок, Пери, кыздардын эч бир күчкө теңегис сүрү болот дешет. Ал сүр алдыңдан чыккан арстан, жолборстордон күчтүү деп айтканын бирөөлөрдөн уккам Чынын да эле силерден сүрдөнүп баратам. Айрыкча Аядан.

— Сүрдөнбөй эле кой. Биз жолборс же арстан эмеспиз. Кана, жентельменттердей болуп башыңды өйдө көтөрүп,биздин ортобузга түшүп колтуктап алсаң боло. Пери ортомчу жеңелерден беш бетер чебелектенип, колубузду колубузга айкалыштыра салды. Аянын бардыгына макул болуп турганына таң калдым. Балбылдаган көздөрүнө улам карап коем. Ал да мени карайт. Жылуу, жагымдуу. Ага жылынып, бактылуу ушул мүнөттөр узакка узакка созула беришин кааладым. Бирок бат эле бурулушка жете келдик. Тигинде Аянын тамы даана көрүнүп турат. Андан бирөө чыгып кайра кирип кетти.

— Ая колумду бошотпой эле коеюнчу, — дедим жалындаган жүрөгүмдү муздаткым келбей.

— Карачы заматтын ортосунда Кызжибек менен Төлөгөндөй болдуңар да калдыңар. Тукай, кое бер эми, Кызжибекти, — деп Пери иле— шилеси катканча күлө кетти. Ая бул жолу менин көңүлүмдү калтырган жок. Менден узай түшкөндө кол булгалап баратканын көрдүм. Айчүрөгүм менин деп өзүмчө кобуранып, жооп кылып шапкемди алып булгалап жаттым.

Өмүрүмдө мынчалык кубанбаган чыгармын. Үйгө ырдап кирдим. Апам төркү бөлмөдө баягы кийим кечектери менен алектенип жатыптыр.

— Оо дорулдап корулдап чыккан үнүңдөн айланайын тентегим десе, сенин үнүңдү мурда укпаптырмын го. Эмне болду деп коркуп кетсемчи.

— Билесиңби апа бүгүн мен адабияттан “5” алдым. Эмне, бекер ырдап келе жаткан жок бекем апа?

— Ошент айланайын.Жанагы, жазуучу болом деп жүрбөйсүңбү. Ага өтө билимдүү адам керек. Жанагы билими тайкы, дурустап жаза албагандардын аларга кереги эмне. Алар андай күчтүү окууга өтө албайт. Өтсө да иштей албайт. Ал окууга өтөм десең эмитен тырыш.

— Тырышам апа. Анан көрөкчө чай берчи мага. Апетитим ушундай ачылып турат. Апам чай нанын берип чачымдан сылагылады.

— Элим деп жашаган азаматтардан болсоң экен каралдым.

Жазуу столума келип, жаңы дептерди ачып биринчи жолу күндөлүктү толтура баштадым.

“7-апрель күнү мен Аяга жолуктум. Колун кармадым. Ысык да, жумшак да экен. Сулуулугун мурда көрүп жүрсөм да, мынчалык жакын жерден көргөн эмесмин. Ая сен укмуш сулуусуң. Сени апаң ааламдын кооз жана салкын жеринде төрөсө керек деп айткым келди. Бирок биринчи жолу бетме бет жолукпадыкпы. Азырынча минтип айтыштын орду жок эле да. Кийин кийин жай отурганда айтам, кокус эле эсимден чыгып калбаса. Баса ал мени менен кол булгалап коштошподубу. Анан мен сүйүнүп кайттым. Эсиме кызыл тамгадай жазылып кала турган бул күндү, кызыл тамга менен:

“7-апрель, Ая жана Тукай”деп жазып койдум”.

Мурда сапырылган санаалар менен жүрсөм, эми жүрөктү жылыткан жылуу ойлор байырлады да калды.

Алаканым төшөп диванда чалкаман түшүп не бир сонун ойлорго батам. Мына мен жаткан бөлмө той берчү залга айланат. Катар катар коюлган отургучтарда эл жыкжыйма. Музыканын коштоосу менен Ая экөөбүз элдин ортосун жарып төр жакка басып келе жатабыз. Чачылалар чачылып, дүркүрөгөн кол чабуулар залды жарып жиберет. Биз жай басып башыбызды ийкеп төр жактагы столдорго барып тикебизден тик туруп, анан элди карап жүгүнө баштайбыз. Бактылуу болгула, бактылуу болгула деген үндөр чыгат. Тиги бурчтан жүрөк эргиткен ырлар ырдала баштайт. Ачуу, ачуу деген кайталанма сөздөр кулагыбызды жарып жиберет. Элдин көзүнчө өбүшкөндөн сен да мен да уялып турам. Аргасыз экөөбүз эрин тийгизген болобуз. Экөөбүз отура калганда бул салтты ким чыгарды экен. Барынан ушунусу жаман го. Жоюп эле койбойбу деп шыбырашабыз. Сенин бетиң уялгандан кыпкызыл болуп чыгат. Мен да элди карай албай, башымды ылдый салып, кысына берем. Кутуктоолор биринин артынан бири айтылып,белек бечкектери көбөйүп чыгат. Сен алтынга малынып каласың. Ушинтип түн бир оокумга чейин таң тамаша уланат. Мен шампандан уурттап отуруп кызып калам. Көп ичпечи деп шыбырайсың кулагыма. Ага жанымдагылар болбойт. Ичип эле жатам, ичип эле жатам .Сен жанымда отурганыңданбы мас болбойм. Эл тарай баштайт. Жеңелер атайы дайындалган бөлмөгө шаан шөкөт менен алып жөнөйт. Жеңелер көшөгөнү ачып тиги төшөктү көрсөтөт. Сен артка тарткынчактайсың. Бал тилдерине салып сени ынандырышат. Анан, анан менин койнума киресиң. Ысык демиң ура баштайт. Кучагыбыз кучагыбызга айкалыша түшөт. Эркекке аялдын, аялдын эркекке тийишкен денесинин рахаты канчалык экенин ошондо сезебиз. Анан мемиреп уктап кетеби Эрте менен апамдын уй саай турган челеги бөлмөнү жарып шылдырттай баштайт. Ыңгыранып сен ойгонуп кетесиң. Мени түрткүлөй баштайсың. Жаным Тукай, ойгонсоң деп бетимден өбө кетесиң. Ойгонуп сени өбө баштайм. Апам уй саап жүрөбү дейм мен, ооба дейсиң сен. Кой Ая сен келинсиң, апамдын колунан челекти алып сен саа дейм. Сен жоолугуңду көзүңө чейин түшүрө салынып апамдын колунан чаканы ала коюп уй саай кетесиң. Оюм аягына чыга электе сыртта жүргөн апамдын кыйкырган үнү угулду.

— Тукай, деги үйдө эмне кылып жатасың? Огородго суу келип калыптыр. Эч болбосо жашылчаларды суугарсаң боло.

Эшикке ыргып чыктым. Суу менен алектенип жанагы элестерим аппак кагаздай болуп аппак болуп тазаланды да калды.

Эртеси сабак башталардан мурда Жоро мектепке келип калыптыр. Ал мага жакындаары менен Пери мектепке келгенин көрө алдыңбы деп сурай калды.

— Мен да аларды күтүп турам. Келгенин көргөн жокмун, — дедим.

— Мен эртең жайлоого кетем. Сөзсүз ага жолугушуум керек.

— Эмне,сабактан кийин жолуксаң болбойбу?

— Бир өлүмдөн башкасы эрте болгону жакшы, — деп күлүп койду Жоро.

Жоро экөөбүздүн сөзүбүз ушинтип жаңы эле башталганда биз күткөн кыздар келип калышты. Жоро Перини бөлүп алып ары басып кеткенде, Ая бир мүнөт да аялдабай мектепке кирип кетти. Эмнеге мени менен эч болбосо баш ийкешип учурашкан жок деп ичимден сызып калдым.

Жоро Пери менен көпкө сүйлөшкөн жок. Пери бир нерсеге макул болгондой баш ийкеп кол алышып коштошту. Мага жакындаганда:

— Эмне чүрөгүң сени карабай койдубу? — деди.

— Кандайсың? Жакшы болуп калдыңбы? — деп сурап койсом болмок. Чынында менден ката кетти,— деп аны эмес өзүмдү күнөөлөгөн болдум.

— Эч нерсе эмес, — деп күлдү Пери, — бүгүн жакшылап таанышасың.

Пери жанымдан кетери менен Жоро жаныма басып келди.

— Сен сабактан чыгарың менен тиги кыздарды ээрчитип Арча-Булакка бара бер. Мен ат менен артыңардан барып калам.

— Алар барбай коюшсачы?

— Барат Тукай, менин гипностугум бар экенин бүгүн билесиң.

— Ой Жоке-е, ошол гипностугуңуз менде болсо го Аянын башын алда качан айландырып алат элем.

— Көрөсүң гипностук сенде бүгүн башталат. Анан менден үйрөндүм деп бирөөлөргө айтып жүрбө, деп Жоро жоон үнү менен корс-корс этип күлүп калды.

Жоро бекер айтпаптыр. Ая Пери экөө балдар суюлганда мектептен чыгышты. Мени көрөрү менен экөө тең мага бурулушту.

— Эмне, Тукай,кайсы кафеге алпарып сыйлайын деп жатасың? — деп тамашалай сүйлөдү Пери.

— Ооба, кафеге.Болгондо да кафенин кафесине, — деп күлдүм.

— Анда биз даярбыз. Болгондо чегирткеге черттирбейсиңер, жаман ойлууларга тептирбейсиңер, адыр адыр белди аштырбайсыңар, жаман төшөк жаптырбайсыңар, түлкү, бөрүнү жолотпойсуңар, алтын убактыбызды бекер коротпойсуңар, — деп эле Пери тизмектештирип сүйлөп кирсе болобу. Ая экөөбүз ичек боорубузду тырмап эле күлүп калыптырбыз.

Тоо боорундагы Арча-Булакка жеткенде түш ооп калган. Айылдан үч-төрт чакырым алыстыкта болгондуктан чарчанып да, боргулданып тердеп да алдык. Булактын чекесине отура калып бети башыбызды жууп, андан кийин гана кана суу ичтик. Өх, деп чалкабыздан түшүп жатканда Жоро атына тамак ашын артынып келип калды. Ал дасторконду кенен жайып болгон азык түлүктүн баарын дасторконго төгүп салды. Чиркин, эмне деген гана тамак жок. Баарыбыз бали Жоке, деп кыйкырып жибердик.

— Менин жигитим ушундай да, — деп мактанып койду Пери.

— Мен сени мактай электе сен мени мактап койдуң. Эгер муногудан ичип отурсаң, мен сени сөзсүз мактайм,— деди Жоро шампандын оозун кармалап жатып. Анын мурда ачпай жүргөнү дароо билинип калды. Убараланып жатып зорго ачса, ичиндеги ичимдиктин көбүн төгүп алды. Катар отурган Перинин да Аянын да көйнөктөрүнө шампан чачырап, орундарынан ыргып турушту.

— А и-и-й ушундай да ачасыңбы. Бол жууп бер, — деп Пери Жорого асыла кетти.

— Бол дароо, көйнөгүңдү чеч. Жуба салайын, — деп тамашалайт Жоро.

— Отургулачы эми,тамактанып алайык. Андан кийин тамашаларыңарды улантат чыгарсыңар, — деп Ая төшөктү алдына тартып отура кетти. Мен жанынан орун алдым. Ийнибиз ийнибизге тийишип турду. Кечээ эле жанына жанашканга зар болуп жүрсөм, бүгүн минтип анын жанында ийиндешип отурам. Өзүмчө бүгүнкү тагдырыма ыраазы болуп, ай чырайлуу Аянын жүзүнө таңдана да, суктана да карап коем. Акыры асмандагы жылдызымды колума кондуруп алдым ээ деп кубанычым койнума батпайт. Аяга эмне десем,кандай мамиле кылсам? Үйдө жатып экөөбүздүн баш кошкон элестеримди айтып сөз баштасам ага жагар беле. Аны мага эмне айтып отурасың, мен аны ойлонмок турсун түшүмө да киргизип жаткан жокмун деп кага салса эмне дейм. Ойлуу отурганымды Пери сезе койду.

— Тукай эмне эле тунжурайсың. Эч болбосо бүгүн түнт болбой, ачык болуп отурчу .Сени көрүп биякта мен жүдөп отурам. Же дагы эле бизден сүрдөнүп, калтырап титиреп жатасыңбы?

— Калтырап титиресе аны баса турган дары бар, — деп Жоро шампандан кружкага куя кетти, — Муну ичсең сенден өткөн баатыр жок болуп калат. Кана...

Мындай ичкиликтин даамын биринчи көрүшүм. Кычкыл болгону менен ичимдүү тура. Бирок ошол ичкеним бат эле башыма чыкты окшойт бетим алоолонуп ыссып баратат. Денем жайыла түшүп, баятан берки кысынуум эми гана тарагандай. Ошондонбу тартынбай Аяны кучктап ал турсун көзүмдүн курчун алып жаткан аппак жүзүнөн өбүүгө ат кое баштадым.

Ичимдик үч-төрт жолудан айлангандан кийин баарыбыз жакшы эле дуулдап калдык.

— Ушинтип отура беребизби. Ырдайлы, чордойлу. Биздин ырыбызды Арча-Булак эне да уксун. Эмесе таарынып калбайбы, — деп Пери колундагы шампан куюлган кружканы Аяга сунду.Ая Периге:

— Сен баштап берсең эми. Мен эч жакка качпаймын го. Сөзсүз ырдап берем. Ме кружканы өзүң ал. Пери боло турган эмес.

— Сени мектептегилердин баары артист дейт. Ырдайсың, өнөрүңдү бизге көрсөтпөгөндө кимге көрсөтөсүң, — деди. Ая көп каршылык көрсөтпөй алды жактагы жайык дөңсөчөгө чыгып Аксуубай Атабаевдин “Он сегиз жаш” деген ырын созолонто ырдай кетти. Анын жагымдуу үнү жүрөктү дирилдетип, жан дүйнөңдү балкытып жибергенсиди. Тоодон тоого жаңырып, Арча— Булактын шылдырап аккан үнү коштоп тургансыды. Аянын кубулжуган мукам үнүн Жоро да, мен да уккан эмесмин. Мен таңданып карап турсам, ырга берилип Жоро аңырдай кылып оозун ачып калыптыр.Аны көргөн Пери:

— Оозуңду жапчы деги. Ме бет аарчыны, — деп жамбашынан нукуп койду.

— Ырчыга да, ыр жараткан Аксуубай Атабаевге да рахмат! Жоро күрөктөй колдорун чапкылаганда тоо кошо жаңыргандай болду. Биз да аны коштоп кеттик.

Жоро Бек Борбиевдин көп ырларын билет экен. Айтоор корулдап дарылдап эки ырын ырдап,үчүнчү ырды ырдай баштаганда Пери ордунан тура калып, Жорону коштоп кетти. Экөөнүн үнү ичке жоон болуп, ыр ыргагына түшүп,Жоронун корулдаганы да,дарылдаганы да билинбей калды.

— Мен эми каяктагы бир Жоро дебей, Бек дейм. И-и, чычайган мурутуңан и-й! Туура эле Бектин мурутуна окшош. Келчи ушул чычайган мурутуңдан өөп коеюн. Пери мойнун созуп баратканда, Жоронун кыртышы сүйбөй:

— Болдучу эми, каяктагы Бектин мурутуна салыштырбай. Өпсөң ошол Бекке барып мурутунан өп, — деп ыргыштады.

— Бекке теңеп мактап жатсам, мунун айтканын кара. Бек эмессиң, тоо ташта жүргөн бир кемпай жылкычысың, — деп Пери бултуңдай түштү. Жоро жөнү жок ороңдогонунан кызаңдап, анан Перини кучагына алды.

— Менин мамалагым десе, бат эле ушинтип таарынып калат Ооба, сен үчүн мен Бекмин.Мындан ары Бек деп жүрө бер.

Кезек качан эле келеби деп күткөм. Өзүмдү өзүм жакшы билем. Кичинекейимден бери ырга шыгым жок. Үнүмдү уккан ордунан тура калып кача тургансып турам. Биерде бардыгы ырдап көңүлдү ачып жатса, мен эмнени ырдап кутуларымды билбей оюм уйгу туйгу. Мектепте отуруп Аяга арнап жазган ырым бар эле. Ошону окуп берсем кандай болор экен деп ойлонуп отургам. Пери жанагы кружканы мага сунду.

— Тукай эми көзгө көрүн. Ая деп жүрөсүң ээ. Мындай кыздын жүрөгүн багындыруу үчүн тим эле укмуш ырдашың керек. Мисалы Жамийлага ашык болгон Даниярдай, же Төлөгөндөй болуп. Биздин Ая сулуулук жактан Кызжибек, же Жамийладан кем дейсиңби. Бол эми, мажирөө жигиттердей болбой.

— Кичинекейимден бери ырга шыгым жок. Эч бир жерде ырдап көрө элекмин. Менин үнүмдү уксаңар тура качасыңар. Андан көрө башка нерсени айткыла атказ жок аткарайын.

Жоро Перини кучагынан чыгарып мени карап калды.

— Анда сен койдой болуп маара, уйдай болуп мөөрө, бакадай чарда, же күкүктөй сайра ошондо гана ырдан кутуласың.

— Ал да колумдан келбейт.

— Колуңдан келгенин эле айтчы байболгур, биз макул болоюк, — деп Пери мага болуша сүйлөдү.

— Аяга арнаган ырым бар, ошону окуп берсем болобу.

— Ой, ошо абдан жакшы эмеспи. Окусаң тиги дөңсөгө чыгып, кудум акындардай үнүңдү келтирип оку, — деп Жоро кызыга түштү.

Жака башымды түзөп, бир колума кагазды алып, бир колумду алга суна окуй баштадым.

Бойтойгон бото көз айылдагы,
    Бойтойгон бото көз айылдагы,
    Ак жүзүң ак булуттай жайындагы.
    Күндүзбү, же түндөбү, бассам, турсам, 
    Элесиң эстен кетпей байырлады.

Билемин ыр жандуусуң жагат мунуң,
    Жетсем дейм бир өзүңө элден мурун.
    Бул ырым көңүлүңө жагып калса,
    Мен сага Есенинмин, Алыкулмун.

— Бали, чыныгы эле акын турбайсыңбы деп кыйкырышып кол чаап жиберишти.Аяны карадым.Маанайы жаркып, күлмүңдөп турат. Ордума келип Аяны кучактай калганымда, ал да менин белиме колун арта салып мени өзүнө тарта койду. Денем лапылдап ыссып чыкты. Жылуу дем бири-бирибизге өтүп балкып турдук. Сүйүүнүн алгачкы кереметине кабылып, Аяны алаканыма салып, чарчаганча тегеренип тегеренип, анан жерге бутун койгондо гана бетиме бетим тийиштирип кучактап тургум келди. Бирок, экөөбүз жаңы эле жакындашып, жаңы эле бири бирибизди түшүнүп отурбайбызбы.

Жоронун шампаны берекелүү болуп чыгып кетти. Алдыбыздагы тамактарды жей баштаганда Жоро кружкага лөпүлдөтүп шампандан куйду. Бирден ичкенден кийин баарыбыздын бетибиз кызарып чыкты. Аянын аппак жүзүн кызыл аралаганда дүйнөдөгү жок сулуу көрүнүп, көздү тайгылтат. Каш кирпиктери төгүлүп, көздөрү караңгыны жарык кыла тургансып балбылдайт. Жоро да чиркин ай, кайдан түшкөн пери дегенсип суктана улам карай калат. Аны сезе койгон Пери:

— Ой Жоро, ойду тооду карабай мени кара, — деп кызгана түштү.

— Мамалагым менин, сени карайм, сенден башка кимим бар дейсиң, — деп жазакер адамдай кыйпысыктады Жоро.

— Ушуну менен отуруш бүттү, — деп Пери менен Ая дасторконду жыйнашып, Жоронун куржунуна тыкан ороп салып коюшту. Төртөөбүз тең Арча-Булакты кызыга карап турдук. Тунук суу майда таштардын арасынан жыбылжып чыгып, чөйчөктөй жерден ашып ташып бир таман жолдой арык менен тиги тоонун этегиндеги өзөнгө барып куюлат экен. Чиркин, үнү жок, сөзү жок жансыз суу да элге кызмат кылайын деп тоо ташты карабай талаа түздү эңсеп агат тура. Башыбызда акылыбыз, колубузда күч турганда эч болбосо элге ушул булактай таза, ак ниетибиз менен кызмат кылсак ээ. Ал эми махабатыбыз да өмүр бою дал ушул булактай тунук, тиги өсүп турган арчалардай жапжаш болсо кана.

— Сага эмне болгон? — деп Пери чоочутуп жиберди,— дагы эмнени ойлонуп отуруп калдың. Аяң тигине, тоого бет алып баратат.

— Ая-я-а-а!

— Эмне?

— Токточу.Мен барата-а-а-а-м.

Ая менин үнүмдү угары менен тотой калды. Экөөбүз жетелешип бөксө тоонун чокусуна чыкканда Арча-Булактын четинде өскөн топ арчалардын чекесинен чыга калган Пери жолугун алып бизге булгалады.

— Отура тургула-а-а, биз бир аздан кийин барабы-ы-ы-ы-з,— деп кыйкырдык аларга.

Бул чокуда дайыма жел турса керек. Леп-леп этип алдыбыздан согуп бети башыбызды аймалайт. Тоо гүлдөрүнүн жыты буркурап, мурдубузду өрдөйт. Ошондонбу Аянын көңүлү мен мурда көрбөгөндөй көтөрүңкү.

— Ая-а,-дейм ага, — сен мен жөнүндө ойлойсуңбу?

— Буга чейин ойлогон эмесмин. Мүмкүн мындан ары ойлойт чыгармын.

— Мейли мындан ары ойлосоң да жакшы. Билесиңби, мен сен жөнүндө сен мектепке келген күндөн тартып ойлоп келе жатам. Элесиң эстен кетпей байырлады деп бекер ыр жазган жокмун да.

— Сени ошол ырың үчүн сүйүп калдым.

— Чынбы?

— Чын эмей.

— Мен кандай бактылуумун Ая. Бул сөзүңдү уга албай ушул убакка чейин зар болуп келгем. Бүгүн уктум.

Башымдагы шапкени алып кыйкырып кирдим:

— Э-э-э-э-й асман, эх-э-э-э булутта-а-ар, Ая мени сүйө-өт, Аяны мен сүйөм. Уктуңарбы! Кайталайм э-х-э-э-э булуттар мени Ая сүйө-өт!..

— Тукай, койчу заңкылдап кыйкырбай, тоолор жаңырып жатат. Үнүңдүн бийиктигинен аскалар кулап түшпөсүн.

— Мейли жаңырсын, менин сүйгөнүм жанымда экенин ай аалам уксун. Ошон үчүн кыйкырып жатам.

— Эми кыйкырып бүттүңбү?

— Бүттүм. Эмне кыласың?

Ая астыма тура калып, эки колун түптүз, куштун канатындай кылып жайды.

— Эми менин артыма тур да, колдорумдан карма.

— Кармадым. Мунуңа түшүнбөй жатам?

— Эмне, “Титаник” деген кинону көргөн жок белең?

— Аны ким көрбөдү дейсиң, көргөм.

— Көрсөң кемедеги экөөнө окшошобузбу?

— Демек өлгөнчө бирге бололу дегениң го?

— Ооба.

Аянын моюнундагы жоолук астыбыздан соккон шамаалга дирилдеп,чачтары сапырылып бетимди жаап калды. Жагымдуу жыт буркурап, каңылжарды жарып жиберди.Колумду колунан бошотуп, тал чыбыктай белинен кучактап, аппак ууздай мойнунан жыттап, мурда сезип, кабылдап көрбөгөн сезимге азгырылып бараттым. Жүрөгүм жарышка түшкөн тулпарлардын даң салып чуркаган туяктарынын дабышындай дүрсүлдөй кагат. Аялзатына тулку боюм менен тийиштирип турганым азыр гана. Ошондонбу, денем ымыр чымыр болуп, таңдайы катып, суусунун кандыра албаган адамдай, албырып чыккан бетинен кайра-кайра өөп, өзүмдү анын денесинен алыстата албай жаттым.

— Э, таза жүдөтүп жибердиң го, — деп Ая чырмалып турган колума асылды. Колумду бошотуп жибердим. Жылуулукту сезип турган денем эми тоодун айдарым шамалына туш келип бат эле муздай түштү. Ая сапырылган чачтарын оңдоп тыканыраак байлагандан кийин менин колумдан кармай калды.

— Кетели, биякта көп жүрүп калдык.

Жоролор да кетүүгө камынып калса керек. Тиги топ арчалардын чекесине чыга калышып, кол булгалашып жатышыптыр.

Өз убагында кайтууга камыныптырбыз. Күн бузула баштады. Бая эле тоо башынан кылтыйып чыгып турган булуттар кайдан жайдандыр көбөйүп асман бетин бербей калды. Заматтын ортосунда күн алай-дүлөй боло түштү. Жоро ээрди чөптүн арасына бекити да, көрпө төшөктү аттын үстүнө салып, эки кызды өңөрдү.

— Эмне, менин жигитим жаңгыз калып калабы? — деп Ая жылмая мени карап койду.

— Аны карышкыр жебейт Ая, эгер карышкыр жей турган болсо мен жооп берем,—  деп Жоро атты ылдамдата бастырып айылды көздөй жөнөдү. Бир жагы алардын ат менен кеткени да жакшы болуптур. Айылга жакындай бергенде жаан нөшөрлөп кетти. Суу болуп үйгө киргеним менен жүрөгүмдөгү жылуулук, Аянын деми өчө элек эле.

Баягы сасык тумандай самсып башка үймөлөктөшүп мыжыган сарсанаалар кайда кеткенин билбей калдым. Эч кири жок тунук асмандай көңүлүм ачылып, чоң максат, таттуу тилек көөдөнүмө кирип, өзүмдү бир мажирөө эмес, тоо болсо да томкоро турган күчтүү, эрктүү, келечектүү бирөөлөрдөй сездим. Сүйүнүн кудуреттүү күчү ушундай экен го. Карачы бир күндүн ичинде эле ушунчалык өзгөрүлгөнүмдү деп коем ичимден.

— Ботом, кайда жүрүп суу болгонсуң? Кудай ай, оорубасаң экен, — деп апам чыйпылыктайт.

— Коюңузчу апа, кичинекей бала эмесмин го. Болбос нерсеге бооруңуз ачый берсе эрте картайасыз го.

— Сен үчүн картайсам мейли.Сен аман жүрсөң эле болду, — дейт апам бетимден өпкүлөп.

Кийимимди ооштуруп, чай ичкенден кийин аба ырайы кандай болду экен деп сыртка чыктым. Жаан токтолуп, булуттар тоо жакка сүрүлүп баратыптыр. Өткүн жаандын ушунусу жакшы. Жер да, адам да сергий түшөт. Мен да өзүмдү сергилең сезип, жазуу столума келип эртеңки сабакка даярдык көргөнүм менен, Ая мен жөнүндө ойлонуп жатты бекен деп коем.

Жоронун жайлоого кетип калышы мени өкүндүрбөй койгон жок. Анткени ал биерде болгондо биз өткөргөн Арча-Булакка нечен жолу бармакпыс. Эми Ая менен Перини көчөнүн бурулушуна чейин жеткирем да, кайра артыма кайрылып айылдын четиндеги үйүмдү көздөй бет алам. Чынын айтсам Ая менен Арча-Булакка баргандагыдай сүйүү сезимине кабыла албай, көңүлүм көнчүбөй жүрдү. Ошондонбу өзүбүзчө ээн эркин отуруп черибиз жазылганча сырдашсак дегенде эки көзүм төрт. Мен ушу ойдо жүрсөм Орунбек машинасы менен кайра пайда болду. Болжолу шаарга барып кайра келсе керек. Анын үстүнө окуу жылынын толук аяктарына эки айга жетпеген убакыт калбадыбы. Демек бул шүмшүк Аядан көңүлү калбаса керек. Дагы кандайча жагынуунун айласын табар экен?

Алакачайын деген ою бардыр? Аялы менен ажырашканын айтып, бал тилге салып Аянын башын айландырабы? Ая экөөбүздүн сүйүүбүздү билет бекен? Мүмкүн ата-энелери куда сөөк болобуз деп сүйлөшүп алгандыр? Бул суроолор кээде жүрөктү өйүтүп башка чапчыган менен мен Аянын сүйүүсүнө ишенип, бейкапар жүрдүм.

Оюмда эч нерсе жок эки кызды эки жагыма колтуктап бараткам. Орунбектин машинасы дал биздин жаныбызга тормозун чыйкылдатып токтоп калды. Машинадан түштү.

— Мындайраак туруп сүйлөшөлүчү, — деди ал бет маңдайымда көзүнүн чаарын чыгарып,— Бир эмес эки кызды колтуктап алыптырсың, кимиси меники да, кимиси сеники?...

— Мындайраак туруп сүйлөшсө сүйлөшөлү. Анан айтам.

— Аякка барба,— деп Ая колумдан тарткылады.

— Кое берчи Ая, ушундан келгенди көрө коеюн. Аяны түртүп жиберип, Орунбек менен кошо бастым.

— Кана айтчы, экөөнүн кимиси менен жүрөсүң?

— Билбейсиңби?

— Билбейм.

— Билбесең, дагы айтып коеюн, Ая менен.

— Ая менен жүрөм деп башың сайда калып жүрбөсүн?

— Баягы келтек жегениң сабак болгон жокпу?

— Ооба сабак болгон. Туура айттың. Билем жүрөгүмдүн үшүн алып аябай коркутуп койгонсуң. Ошондон бери сени көргөндө эле карышкырдан корккон коендоймун.

— Орунбек аке, былжырашпайлыкчы, былчылдашпайлыкчы. Тууган болуп жүрөлүчү...

Кетүүгө камынып бурула бердим. Орунбектин бычагы кандайча ич жагыма матырыла түшкөнүн билбей калдым. Аянын, Перинин өкүрүп бакырып келатканын угуп, караандары тумандап анан таптакыр жок болуп кеткенсиди.

Көзүмдү ачсам жанымда апам оозун бет арчы менен жаап өксүп ыйлап отурат. Катарында ак кийимчен врач.

— Эже, ыйлабаңыз, мына балаңыз көзүн ачты. Эми жакшы болуп кетет. Ыйлап баланы кыйнап койбоңуз. Чыгыңыз, — дейт врач апамдын колтугунан кармап сыртка жетелеп. Алар чыгып кетер менен сестралар шишени илип кан тамырга ийне сайып дары тамчылата баштады. Ичимдин бир жери көзүмдү ачканда эле тызылдап ооруп жаткан. Көрсө врачтар операция жасаган тура.

— Бөйрөгүңдүн саал жерине бычактын учу тийиптир. Тегерегине кан уюп калыптыр. Операция жасап канды тазаладык.Баардыгы ойдогудай болду. Коркпо жигит адам болуп кетесиң. Мен өзүм айрыкча көз салып карайм, — дейт бет алдымдагы врач.

Апам сыртка чыккан менен оорукананы айланчыктап кетпей коюптур.Аны байкап калган менин врачым болбой жатып үйүнө апарат. Апам үч күндөн кийин мага кирди. Дагы эле көзүнөн жаш мөлт-мөлт агат.

— Апа өзүңдү өзүң кыйнабачы. Мен жакшы болуп кетем. Үй эмне болуп жатат. Үйгө эле барыңызчы.

— Сен минтип жатсаң, мен кантип кетем? Үй курусун. Барбайм...

— Жок, эже, мага ишенсеңиз бара бериңиз. Эми такыр коркпоңуз, — дейт врачым менин айыгып кетериме ынандырып. Акыры апамды көндүрдү окшойт, врач апамды узатып бат эле кайра келип жаныма отурду.

— Анатай Өмүркановдун “Эне” деген ырын окудуң беле?

— Эсимде жок, Айбек байке.

— Андай акындын ырын окубаган начар жигит экенсиң. Бул ыр энеге арналган ырлардын туу чокусу. Мындай ырды дүйнөлүк адабияттан да окуган эмесмин. Чиркин, кандай шедевр ыр. Мен апаңды көрүп, чебелектеп жатканынан Анатай акындын ыры эсиме түштү. Анда мындай дейт:

Кырк жылы кабарсыз кетсем да,
Кыйкырып алдымдан чыгарым!..

Карачы кандай укмуш саптар. Чын эле укмуш бекен?

— Укмуш экен. Китеби болсо алып келип бересизби?

— Сөзсүз Тукай, эми жакшы эс ал, эртең да түйшүктүү иштер аз эмес.

Айбек байке катардагы врач эмес, профессор болуп туруп бой көтөргөндү билбеген жөнөкөйлүгү таң калтырды. Анан калса боорукерлигин айт. Кээде бир тууганымдай болуп калбаса, эт жашылчалардан жайнатып кое салат. Уялып жөн эле коюңузчу дейм. Ага болбойт.

— Эрте карууга киресиң. Операция деген операция. Канча кан кетет. Канча кан тамырлар бузулат. Оюн эмес балакай. Ошондуктан эч качан тартынбагын. Мен апкелгенди иче бергин, — деп бирге тамактана кетет. Кээде куудул, тамашөкөй сөздөрү менен ичек боорубузду катырып таштайт. Ошондо бу киши куудул болсо, Күмөндөр Абыловдон да ашып кетмек экен дей калабыз. Өзгөчө мени менен жакын болуп, окуум жөнүндө, жашоо шартым жөнүндө сурай кетет. Баарын айтып берем. Кызыгы жаш жагынан айрымачылыгыбыз көп болгон менен мени менен ачык айрым эле сүйлөшө берет. Айрыкча жаштык жөнүндө көбүрөөк сөз козгоп, акындардын сүйүү жөнүндө жазган ырларын кыраатын келтирип жатка айтып, жеңеңди ушул ырларым менен жүрөгүнө чок салгам деп калат. Мен да бир ырым менен бир кыздын жүрөгүн багынтып алгам деп мактанып коем.

— Сулуубу? — дейт ал.

— Жеткен сулуу. Ааламда жок сулуу.

— Анчалык сулуунун кереги эмне. Аларды ээрчиген жигиттер көп болот. Тим элеби уюкту талашышкан аарыдай жабалактап калышат. Кызганчак болсоң анан көрөсүң. Ичиң тарый берип чүнчүп кетесиң. Башың көп ооруй берип оорукчан болуп калышың да мүмкүн. Андан көрө өтө серт эмес, өтө сулуу эмес кыздар жакшы. Башкалардын да көзүнө түшпөйт, сага карамдуу болот. Мен жеңеңдин ушундай жактарына карап алгам. Кудая шүгүр он сегиз жылдан бери бирге сен мен дешпей жашап келе жатабыз. Тун кызыбыз он жетиге чыгып калды. Жашоо шартыбыз жакшы. Адамга мындан артык эмненин кереги бар. Мен өз тагдырыма ыраазымын. Билбейм, ашкан сулууну сүйүп жүрөм дейсиң, аның жеңил ойлуу болсочу? Сени бат эле чанып таштап кетсечи?

— Байке, ал андай кыз эмес. Сулуумун деп бой көтөрбөйт. Жөнөкөй эле айылдык кыз.

— Сени сүйсө эмдигече бир келип кетет эле го.

— Кайдан келсин байке, өзү 10-класста окуса ата-энеси жибере коебу.

— Келсе көрүп анан айтат элем. Көрбөй жатып эмне дейин деп тим болду Айбек байке.

Ооруканадагы жаткан эки айым эки жылга тете болуп кетти. Эртерээк чыгарса экен деп эки көзүм төрт. Ая эмне кылып жүрдү экен? Орунбекти го камаган чыгар. Анткени тергөөчүлөр келип канча жолу сурады. Болгон чындыкты болгондой айтып бергем. Демек Ая мени сагына, саргая күтүп жаткандыр. Канатым болсо ээ. Азыр учуп барып, Аяны көрүп кайра келип калар элем. Мүмкүн мени оорукчан, алсызга теңеп башка бирөөлөр менен жүрүп калгандыр?.. Орунбектен кутулдум десем, эми бирөөнү сүйүп калса ошонусу желкеме чыккан чыйкан болуп жүрбөсүн? Жок, Ая андайга барбайт. Биринчи жолугушуу, биринчи сүйүү эстен чыга коебу. Экөөбүз кулач жая тоо башында турганыбызды, эзилише кучакташканыбызды эстейт. Мен кандай бактылуумун деп сүйүнгөнүмдү, сенин сүйөм деген сөзүңө зар болуп жүрүп эми уктум дегенди, эх-э-э-э деп ааламга жар салып кыйкырганымды эстейт. Ушунун баарын Ая алтыным, кантип унута коет.

Айбек байке мен жаткан палатага көңүлдүү кирди. Түз эле мага келип колтугума градуснигин салды.

— Кызыңды сагынып жатасыңбы?— деди күлө сүйлөп.

— Кантип жашырайын.Ачыгын айтсам сагынып эле калдым.

— Анда бүгүн сени ооруканадан чыгарам. Бирок баатыр, өзүңө сак бол.Оор жумуш кылбайсың. Убактылуу диет кармайсың. Чылым чегип, арак ичпейсиң, а бирок кызга барбайсың деп айта албайм, — деп күлдү.

Айбек байке көпкө бажырашып отуруп анан жол кире кыл деп миң сом колума карматты.

— Кокус ооруп калсаң башка жакка эмес түз эле мага келе бер. Убадалаштыкпы. Кана... Айбек байке кучагын жая мени көздөй басты. Кучакташа коштоштук. Сыртка чыкканда кудай ай, биерге экинчи келбесем экен деп алладан алакан жая сурандым.

Мектепте алда качан окуу аяктап калыптыр. Мугалимдердин педсоветинде мен жөнүндө маселе коюшуп, мурунку бааларымды эске алышып, атайын токтом чыгарышып класска калтырбай өткөрүшүп коюшуптур. Апам келерим менен сүйүнчүлөп аттестатымды көрсөттү. Сүйүнгөнүм менен кокус калтырып койсо Ая менен бирге окуп калбайт белем деп ойлоп коем. Аяны көргүм келип эңседим. Бүгүн эле жолугуп калса дейм. Арча-Булакка дагы бир жолу барып ээн эркин отуралы деп суранып көрөм. Ал бир шылтоо менен үйүнөн бошонуп чыгат. Ал өзүнүн жаңылыгын мен өзүмдүн жаңылыгым айтып берем. Ушул ой менен Перинин үйүнө басып келдим. Үйүнөн сиңдиси чыга калып коңшу айылдарга кетип калганын айтты. Тигинде эле Аянын үйү турат. Бир оюм барба десе, бир оюм бара бер, ал үйүндө дегенсийт. Акыры Аяга болгон сагынуум Аянын үйүнө жетелеп кетти.Дарбазасынын коңгуроосун бастым. Көптөн кийин дарбаза ачылды. Босогодо Ая эмес, анын апасы турду. Ал мени тааныбаса керек.

— Ая барбы? — дедим шашыла.

— Сен кимсиң? — деди үстү башымды сыдырата карап.

— Тукаймын.

— Орунбекти каматкан сенсиңби? Сенсиң. Жого-ол, өлүгүңдү көрөйүн! Мине тирмийип карап турасың, жогол дейм, жого-ол!

— Ачууланбасаңыз эже. Ая менин китебимди алган, ошону алайын деп эле келгем.

— Китепти шылтоо кылганын кара. Алдагы бетиң далаа далаа боло элкте жого-о-ол дейм! Жого-ол!..

Башка келтек тийгендей артка кандайча бурулганымды билбей калдым.

— Экинчи биерге басып келчи, шыйрагыңды гана сындырбасамбы! — деген ачуу кыйкырыгы кулагымды дүңгүрөтүп жиберди. Бороон чапкын сыртта эмес, жүрөгүмдө ойноп, кабагым түнөргөндөн түнөрүп, аска зооду бузуп чарчанган адамдай шалдырап үйгө келдим.

Ая Ысык-Көлдөгү тайкелерине кеткенин кийин Периден сурап билдим. Качан айылга келер коерун түк билбейт экен. Окуу жылынын башталышына дагы толук эки ай бар. Демек ал жакында келбейт. Дагы сагынып саргаям. Баарынан күтүү азап экенин ооруканада жатканда эле билип келбедимби. Эми биерде да тагдырдын тамашасын карасаң!

Баарынан эч нерсе кылбай бош отурган жаман экен. Үйгө кирем кайра чыгам. Телевизор көрүп жадап кетем. Муну коңшубуз Беко байкап калса керек. Апама жолугуп иш таап берем дептир. Ооба, ал ишти оңой эле таап берет. Баягы союз убагында тоо бооруна салынган кой сарайды кредит алып бүтүндөй сатып алган. Ошондо эле миңдей кою, жүздөн ашык кара малдары бар болчу. Азыр да андан кем эмес. Сарайдын жанына гараж салдырып, ичин техникага толтуруп койгон. Карамагындагыларга катаал мамиле кылабы билбейм, качан көрсөң тиги кетип калды, бул кетип калды деп кобайнер, тракторист, шофер, ал турсун сварщиктерди да издейт да жүрөт. Малчылары да бири кетсе бири келе берет. Эми мага кандай жумуш таап берер экен деп басып бардым.

— Тукай, — деди ал үйгө кирерим менен, — Машина айдайсыңбы?

— Өмүрү машина айдап көргөн эмесмин. Кантип аны айдайм?

— Сен бир тээ алыска айдамак белең. Сарай менен айылдын ортосу болгону беш чакырым. Айылга келесиң, сарайга барасың. Болду, сенин ишиң ушу. Сен корко турган эч нерсе жок. Коңшусуң го маянаңды да башкалардан көтөрүп берем.

— Ойлонуп көрөйүнчү Беко аке.

— Ойлонуп эч кажети жок. Эртеңден баштап жапжаңы “ЗИЛ”ге отур да айдай бер. Ме, бул ачкычы...

— Правам жокко Беко аке?

— Эртең эле права даяр болот.Болгону сүрөткө түшүп мага тапшырып кой андан аркысы менин ишим. Мактанып коеюн, бир гана категория эмес, бардык катагорияда иштөөгө укук алып берем.

Үйдө бекерчилик менен бош жатканча иш табылганына сүйүндүм. Анын үстүнө шофер боло койгонумду айтпайсыңбы. Кичинекейимде көпчүлүк учурда оюнчук машина менен ойночу элем. Апам карап туруп шофер болот окшойсуң деп койчу. Ошондогу апамдын айтканы келди окшойт. Эртеси эле жапжаңы машинага отуруп калдым. Ээн жерде айдап жүрө берсең бат эле үйрөнүп алат экенсиң. Күн өткөн сайын алгачкыдай эмес, айыл менен сарайдын ортосуна чөп ташып, тим эле жоо кууп бараткансып ылдам айдоого көнүгө баштадым. Деги машина айдаган сонун тура. Же мага ошондой сезилдиби айдагым келе берет. Беко аке мунумду сезип, жумуш болсо эле мени чакырып алат да жумшай коет. Кээде Тукай азамат, Тукайдай элпек бала жок деп мактап кетет. Ага мен эрөпкүп, көөдөнүмдү кадыресе көтөрүп мактанып калам. Өзүмдүн сүйгөн кесибиме алаксып жүрсөм дагы мүнөт сайын, саат сайын Аяны ойлоп жүрдүм. Көрүнүп калабы деп атайы ал жашаган көчөдөн өтөм. Көрүнбөйт. Кээде апасы тааный коюп, муштумун түйүп жатканын көрүп калам. Ая мени сүйүп калса муштум көрсөткөнүң бир тыйынга арзыбай калар. Кайнене болуп кайра жакшы көрүп каларсың деп коем ичимден. Анткен менен Ая кечиккенден кечиге берди. Санаам санга, оюм онго бөлүнөт. Уккам, көлдө көп кырсык болот деп. Байкабай чөгүп кетишет дейт. Өзгөчө катуу толкунда көл каарына келип, кайыктарды бир тал чырпыктай кылып коңторуп салат деген сөздүн төгүн, чыныбы укканым бар. “Ая мындай бөөдө кырсыктан аман жүрсөң экен. Мен сени күтүп жатам. Айыгып келгем. Машинаны зыркыратып айдап жүрөм. Бир келсең көрөсүң. Сени менен машинада жүргүм келет, кудум Ильяс менен Аселдей”, — деп жанымда эч ким жокто ушинтип күбүрөнүп алам.

Ишке кызыгып кеткенимденби, чын эле жакшы болуп кеттимби, Айбек байкенин айткан сөздөрү эсимден чыкты да калды. Узак жолдо баратканда эрмек болсун деп чылым тарта коюп жүрдүм. Ал гана эмес Беко байке мас болуп келгенде кыйнап жатып бир эки стаканды тарттырып жиберет. Аяны катуу ойлоп калганда бир стаканды ичсем кадыресе денем жибип, эч нерсени ойлобой калам. И-и.мунуң жакшы турбайбы деп кезек кезек эч ким менен эмес эле өзүм ичип коюп жүрдүм. Апам байкап калган күндөрү:

— Койгун балам, арак жакшылыкка апарбайт деп калат.

— Кечирчи апа, экинчи оозго албайм дегеним менен токтото албадым.

Беко акенин туулган күнү болуп сарайда өз үй-бүлөсү менен чогуу өткөрдү. Дүйүм тамактарды жайнатып койду. Беко аке адатынча мурда ичпесе да менин туулган күнүмдө ичет деп чучуктан илип ичкиликке шыкай баштады. Билем айтпайт, айтса айтпаганынан кайтпайт турган адаты бар. Бир сунду, эки сунду, үчүнчүсүн да ичип жиберип мас боло түштүм. Тилим булдуруктап калды. Үйгө кетким келди.

— Муногу түрүң менен кайда барасың? Үйгө эле жатып ал, — деп чыйпылыктады Беконун аялы.

— Эмне кыласың, ашка жүк, башка жүк кылып, бара берсин. Айда машинаңды, — деп Беко буйрук бере сүйлөдү.

— Ботом бул балаң мас ко. Авария болуп калсачы?

— Эй катын, былжырабай жаагың баскын! Авария болсо мен жооп берем, мына мен жооп берем! — деп Беко байке төшүн ургулады.

Жолго чыктым. Мас кишинин айдаганы курусун. Көзүм ала чакмак болгону менен башым жакшы эле иштеп келе жаткандай. Алдыман эки караан көрүндү. Ая, Пери экөө эмеспи?.. Машинаны бурула карашып четке чыга беришти. Даана тааныдым, Ая менен Пери. Тормозду катуу басып чаңдатып келип так түбүнө келип машинаны токтоттум. Алар жактагы эшикти ачтым.

— Ой и-и-ий!—  деп кыздар үстүндөгү кийимдерин кагынып туруп калышты.

— Бул Тукай го. Ая аң-таң болуп карап турду да, тепкичке бутун коюп отурарда мас экенимди көрүп артка октос берип түшө турган болду.

— Отурбайсыңбы!? Эмне мен сага бөкөчөй көрүнүп турамымбы?..

— Отурбайм. Сен массың!

Ая тепкичтен жерге түшүп Перини колтуктай калды да кетүүгө камынды. Машинадан ыргып түшүп кабинаны көздөй сүйрөй баштадым.

— Отурасың! — деп жиндене сүйлөдүм, — Кандай отурбайт экенсиң! Мен сени сагынып жүрсөм, муну кара. Же көлгө барып бир сулуу жигитти таап келдиңби!? Айт азыр,— деп белинен кучактап тыбырчылаганына болбой кабинага отургузууга аракет кыла баштаганда бир жеңил машина жаныбызга токтой калды. Машинадан Аянын атасы түшө калып:

— Биерде эмне болуп жатат?! Ала качайын деп жаткан жокпу бул акмак бала, — деп биздин жаныбызга келип токтой калды.

— Жок ата, мас экен.

— Эмитен арак ичсе оңгон адам болот дейсиңби, — деди да жаагыма чаап калды. Көзүмдөн от чагылып уялганымдан баш көтөрө албай туруп калдым.

Эрте менен башымды мыкчып ойгондум. Тим эле зыңылдайт. Колдорум калтырап титирейт. Ушундайда баш ооруга жүз грамм ичип жиберсе басылат дегендерди угуп эле жүргөм. Бирок апам ага жол берер эмес. Ары бассам ары басып, бери бассам бери басып эле жанымдан кетпей койду.

— Эми ичсең үйдү сага таштайм да, башым оогон жакка басып кетем. Болду, бул кылгандарың мага жетиштүү! — деп апам ачууна чыдабай ыйлап жиберди.

— Апа-а, айланайын апа, экинчи ичсем өз колуң менен асып сал! — деп өңгүрөп өксүп тизесине башым коюп ыйлап жаттым.

— Сени аскан колум сынып түшүп калсын. Ыйлабачы балам, жүүн муунумду бошотпой. Экөөбүздүн ыйлаганыбыздан бир нерсе чечилет дейсиңби? Тур, турагой балам. Чайыңды ичип ишиңе кет. Беко бакырып, сени урушуп жүрбөсүн.

Беко урушмак турсун кучак жайып тосуп алды.

— Баш ооруну жазылашалыбы дейт улам улам.

— Экинчи ичирсеңиз мына машина, экинчи иштебейм. Муну оң кулагыңыз менен да сол кулагыңыз менен да угуп коюңуз.

— Ой,ой Тукай, аябай катуу кеттиң го. Болуптур экинчи сени кыйнабайын. Тиги дыйкан чарбадагы беде аянтка бар. Ал жерде балдар чөптү түктөп жатышат. Бүгүн кечке ташысаң, кудай буйруса маялап да коербуз. Кечке келип маянаңды алып кет. Апаң баламдын биринчи айлыгы деп кубанып калсын.

Чөпчүлөргө машинаны кубалап келсем, алар түктөөчү машинанын бузулган жерин кармалашып отурурушуптур. Ары бери жагын караган болуп анан бедени калыңдап астыма салып чалкаман түшүп жата кеттим. Масчылык,итчилик дегендей кечээги ит болгонумду эстедим. Аянын бетин эми кантип карайм. Апасы эмес, атасына да жек көрүнчү болдум. Ая кечирген күндө да алар кечирбейт. Кызынын мени менен жүргөнүн көрсө ошол күнү жанын алат. А го ал. Ушу күндү канчадан бери эңсебедим беле. Ооруп жатканда да, машина айдап калганда да эңсегем. Ильяс менен Аселдей болуп машинада кыдыргым келген. Аянын төшүмдү жазданып укташын каалагам. Арча-Булакка барып тегерегинде гүл терип ойноп, шамаалга бетибизди тоссок дегем. Ооруканада Аяга арнап жазган ырларымды окуп берип кубантсам дегем. Анан Арча-Булакка экөөбүздүн антыбызды айтып,сыйынып кайтсам дегем. Эми эмне болду. Быржыкпайды там басты дегендей мени там эмес, өлчөөсүз кайгы басты да калды.

Жүрөк кагышынан бузулбай кагып турса кайгы эмес калтаңдап калсаң да көтөрөт тура. Аядан алыстай калган күндөрүмдө сөпөйүп арыктап кеткенимди башкалар билбесе да өзүм сезип жүрдүм. Апам да боз чүпүрөктөй болгон өңүмдү көрүп сага эмне болду дей берет. Бөйрөгүң ооруп жүргөн жокпу. Врачтарга көрүнсөң боло. Бир дары берсе оңолуп кетерсиң деп какшайт. Өзүмдүн ооруум өзүм билип туруп аны кантип айтам. Аянын бир жарк этип күлүп койгону эле бардык дарыдан кымбат эле го.

Мектепте окуу башталганы менен Аяга жолугар эмесмин. Бөлүнөр менен ит куш тиштеп ала тургансып дайыма топ кыздар менен жүрөт. Мага сыртын салып машина менен жанынан өтсөм да карап койбойт. Ооба, таарына турган жөнү бар. Бирок ар нерсенин ачкычын терең ойлонуп тапса болот го. Кулптанган сүйүүнүн ачкычын мен эми кантип табам? Кантип муздаган жүрөктү жылытам? Муз да жылуу жерге койсоң бара бара жылыйт эмеспи. Менин бир гана жолум-акырындык менен Аянын таарынычын жазып алышым керек...

Ошентип жүргөнүмдө Жоро жайлоодон келип калды.Мени көрүп бир тууганын көргөндөй сүйүнүп кетти.

— Сак саламат айыгып келдиңби? Эч жериң оорубай калдыбы? Эмне сөпөйүп арыктап кеткенсиң? Диетадасыңбы? — деп суроодун үстүнө суроо берип жаадырат.

— Сак саламатмын.Эмне, сендей болуп буркуюп турушум керекпи.

-Ооба, буркуюп турушуң керек. Эмки жылы сени Суусамырга алып кетпесемби. Аяктан кудум мендей болуп буркуюп келесиң кудай буйруса. Ал эми сүйлө, бияктагы жаңылыктан. Аяны кучактап эле койбой, буга чейин алдыңа отургузуп эркелетип да калгандырсың.

— Ээ, Жоро эмнени айтасың, арак ичип алып бир ит болдум,ит болдум. Аянын бетин да карай албай калдым.

— Кемчилик кетирбеген адам болобу. Кокустук менен ката кетиргендирсиң. Периге бүгүн айтамын го. Анан экөөлөп аны жумшартабыз. Темир да ийигет экен го, эмне ошондон өткөн да катуу болуп кетти дейсиңби.

— Досум, көңүлүмдү көтөрүп койдуң го. Сен айткандай болуп кетсе кана...

Беко акенин жумушу эми кычады. Кечээ бузулган түк машина бүгүн шакылдай иштеп кетти. Эки сааттын аралыгында аянт түккө жайнап чыкты. Жүктөөчүлөрдүн маңдайынан терлер куюлуп, бири айрыга түктү сайып ыргытса, экинчиси машина үстүндөгү түктөрдү кынаптап жыйнайт. Аларга караганда менин жумушум жеңил. Темир тулпарды аянттан маяга айдап барам да төгүп салып кайра келем. Ушинтип түш болгонун да сезбей калыптырбыз. Чайды жаңы эле ичейик деп отурсак Жоро аты менен келип калды. Дароо түшүндүм. Ал мага келди. Бир жакшы кабар айтаарын жүрөгүм сезип турду.

— Оо карачы,бай жылкычы келди. Чаначка куюп кымыз апкелгендир. Кана чаначтын оозун ач, ичип жиберейлик, — дешип чөпчүлөр тамашалашып орундарынан тура калышты.

— Кымыз ичем десеңер алдыңарда машина бар. Жайлоого барып күндөп түндөп кымыз ичкиле. Бир эмес беш бээ саап жатам.

— Жоке, куйкум сөз күлгөнгө жакшы дегендей сизди тамашалап жатабыз. Аттан түшүп,биз менен чай ичиңиз.

— Чайыңарга рахмат. Мен Тукайга келдим эле. Тукайды бошотуп бересиңерби?

— Эмне, келинчек апкелесиңерби? Апкелсеңер апкелгиле, тойдун тамагын жеп, арагын ичип бир жыргап калалы. Ха-а-ха-а, ха-а-а-х-а-а!...

— Эгер келинчек апкелсек ар бириңер тойго деп бир койдон апарасыңар. Жоронун сөзүнө алар да каткырып күлүп калышты. Ха-а-а-ха-а,ха-а-х-а!...

— Тарс эткендин баары тамаша дейт Жоке, тамашаны оюңузга албаңыз. Тукай бара берсин, машинаны кимибиз болсок да айдай алабыз.

Атка Жоро экөөбүз учкашып ылдамдата бастырып келе жатабыз. Жоро жол катары эч нерсе дебей келатты. Чыдамым кетип:

— Мени каякка апаратырсың? — дедим.

— Жүрөгүң сезген жокпу?

— Сезди, Аягабы?..

— Ооба.

— Азаматсың Жоке.

— Эми мындай, жайлоодон кымыз алып келип койгом. Азыр магазинден аны мунуну алсак болду. Тиги мектептин жанындагы бакка барабыз. Убада ушундай, саат 14төн 14 жарымга чейин гана. Узагыраак отурсак ата-энелерибиз билип калып өлтүрөт дейт. Менин максатым эле экөөңөрдү жараштырыш. Анан ар жагын өзүңөр билесиңер. Түшүндүңбү дос.

— Түшүндүм Жоке. Бул жакшылыгыңды өмүр бою унутпайм.

Алмалар аябай мөмө салыптыр. Жылда кароолчу койсо быйыл карап жаткан да эч ким жок. Анткен менен эч ким тийбегенин кара. Элдин аң сезими ушундан эле билинип турат деп койдук Жоро экөөбүз. Анын ортосунда кыздар да келип калышты. Тим эле жасанышып буркурата атыр сээп алышыптыр. Бактан эки үч алмадан үзүп алышып жаныбызга отура кетишти.

— Тукай, — деди Пери, — сенин ден соолугуңду баягы келгениңде эле сурагам. Мына Аяң али сурай элек. Ага өзүң күнөөлүсүң. Азыр Аяга таарынсаң болот.Таарынычың болсо айта бер. Ая да өз таарынычын айтаар. Иши кылса төртөөбүз бири бирибизди түшүнүшүп достошуп гана жүрсөк болду.

— Бажырап эле отура бересиңерби. Суусамырдын нак кымызынан ичкиле. Эч ким эмес өзүм жасаган кымыз. Куда кааласа Пери окууду бүтсө эмки жылдан баштап Перинин сааган кымызынан ичип калабыз. Туура айтып жатамынбы Пери.

— Борбойгон Бек Борбиевим. Туура айтып жатасың. Ошо Суусамырыңды көрсөм десем көзүм төрт. Деги он бала төрөгөнчө ошол жакта жүрсөм кана.

Ая саатын карай баштады. Ушинтип сүлөшүп отурганча убакыттын көбү кетип калыптыр. Муну Жоро да, Пери да түшүндү окшойт алмаларды тандаган болуп ары басып кетишти.

Ая экөөбүз бири бирибизди күнөөлөгөн жокпус. Аны экөөбүз тең түшүнүп,ал жөнүндө ооз ачпай кучакташа кеттик.

— Чын эле сагындыңбы, — деди Ая.

— Сагынбагандачы. Саргая сагындым.

— Анан эмне бош кармап турасың. Кыса кучатачы. Сагынычыбыз тарап кетсин.

— Минтиппи?

— Ооба ошентип. Сага да жагып жатабы?

— Ооба да.

— Өбөйүнбү Ая.

— Азырынча өбүшпөй эле жүрөлүчү. Индиялык кинолорду көрдүң беле?

— Көп көргөм.

— Алар орустардай болуп өбүшпөйт ээ?

— Аны эмне айтып жатасың?

— Эмнеге дейсиңби. Экөөбүз ошолордой болуп сүйүшсөк дейм.

— Анда жүр сен экөөбүз ошолордой бийлеп денебизди жакындаштырып көрөлү. Мүмкүн сүйүүбүз жалындап жалбырттап анан өбүшө кетербиз.

— Өбүшкөндү эле айтып калыптырсың да. Эми болдучу үйгө кетели. Сен таза кара май жыттанып калыптырсың.

— Баятан бери сезбей эми сездиңби?

— Ооба.

— Бул сенин сүйбөймүн дегениң го Ая?..

— Эмнеге. Жытың келип жатса айтам да.

Сөзүбүз андан ары кандай уланат беле ким билсин, Пери менен Жоро экөө ээрчишип келип калды.

— Эй, Төлөгөн менен Кызжибектер кучакташып отура бербей тургула.Саатты карагылачы болжолдогондон дагы беш мүнөт өтүп кетти, — деп Пери шаштырып кирсе болобу.

— Эртең да кудайдын күнү бар. Жолугуша бергиле, ойной бергиле, жыргай бергиле, — деп Жоро атын көздөй басты. Кыздар чарбактан өтүп кеткенден кийин бакты багып жүргөн киши келип калды. Ал баклашкадагы кымызды көрүп сүйүнүп кетти Жоро жолдо келатканда:

— Иш кандай?—  деп сурады.

— Иш октой, — деп тим болдум.

Үстүмөн басып турган кайгы жүгүн дагы бир жолу күбүп таштагандай болдум. Ишим да жакшы жүрө баштады. Беко аке айлыгымдан тышкары союп жегиле деп бир кой апкелип таштаптыр. Апам ал койду сойдуруп тегеректеги коңшуларды чакырып атама куран окутту. Мен да анын ишенимине кириш үчүн жан дилим менен иштеп жүрдүм.

Күздүн күнү да жаздай болуп кубулма тура. Жана эле күн чыгып турса, заматтын ортосунда асман алай дүлөй болуп, жаан тыпырчылатып жаай баштады. Машинанын дөңгөлөгү жарылып калгандыктан жаңы эле чыгарып оңдогону жаткам. Тиги чөптө иштеп жүргөн жигиттер жаан жаар менен машинанын ичине келип тыгылышты. Көйнөкчөн элем. Бат эле суу болуп кеттим.

— Тышта, дөңгөлөктү. Машинага кир. Жаан басылганда оңдойсуң, — дешип тигилер кабинадан баш багышып кыйкырышат.

— Эмне баардыгыңар тыгылып отуруп калдыңар. Түшүп жардам бергиле. Эмесе бир аздан кийин бул аянттар эзилип машина тыгылып чыкпай калат.

Суу болоруна карабай баары атып түшүштү. Мага жардамдашып, дөңгөлөктү бат эле салып койдук. Машинаны аянттан чыгарып дөңсөөгө токтоткондо жаан катуу жаап арыктарга суу толуп чыкты. Кудай сактай көр, кырсык болуп кетпесе экен деп баарыбыздын үрөйүбүз учуп турду. Нөшөрлүү жаан аздап аздап барып басылды. Жаанга суу болгон көйнөгүм эми денеме өтүп үшүтүп жиберди. Жамына турган бир нерсе табылабы деп тегерегимди карап коем. Аны жанымдагы жигит түшүндү.

— Ооруп калып жүрбө, муну кийип алчы, — деп жемперин үстүмө жаба салды.

Үйгө келерим менен денем ыссып чыкты. Бөйрөгүм кошо ооруп алдастай баштадым. Беко аке угаары менен райондун борборундагы ооруканага жеткизди. Мына Айбек байкенин тилин албай, бат эле ооруп калдым деп өзүмдүн башымды өзүм ургулайм. Бирок ургулаганда эмне пайда. Баары кеч, болору болду. Жакшы сакайып кетсем биринчи иретте ден соолугумду карабасамбы деп коем.

— Мурда бөйрөгүңө бычак тийди беле, — деп сурайт врач.

— Ооба.

— Алып таштайбыз деген жокпу?

— Дарылап айыктырышкан. Эмне операция кылабыз деген оюңуз барбы?

— Жок. Көпкө жатып каласың го.

— Ага мейли. Деги жакшы болуп кетемби?

— Жакшы болуп го кетесиң, бирок...

— Байке, эмне бирок?.. Кулагыма жаман угулуп жатат.

— Аябай сактанбасаң, мындан да катуу ооруп каласың.

— Сактанам байке. Өзүмдүн өмүрүм үчүн өзүм күрөшүшүм керек да.

— Азаматсың. Ошент. Алдыңда канча өмүрлөр жатат, — деп дарылоочу врачым далымдан таптап койду. Деги врач болобу, сестра болобу көңүлүңө карап жылуу жумшак мамиле жасагандарына жүрөгүң жылып ыраазы болуп кетесиң. Айбек байке гана боорукер, адамкерчилктүү деп жүрсөм бул ооруканада да Айбек байкедей кишилер көп экен. Ооруканада жаткан эки айдын ичинде мунун баарын жүрөгүм менен сездим.

Беко аке ооруканадан өзү чыгарып келди. Бир коюн көттөрө чаап, апама тамак жасаттырды.

— Мен жумушка чык деп шаштырбайм. Жакшымын деген күнү сарайга келе кал. Машинаңды эч кимге бербей кармап отурам. Бирөө жарым бузуп койсо түйшүгүн сен тартасың.

— Өркөнүң өссүн айланайын, бизди жаман кылган жоксуң. Жакындарыбыздан артык жардамыңды берип жатасың. Мындан ары Тукай сага кызмат кылып жүрөт. Өз иниңдей көрүп ала жүр айланайын.

Апам кандай ыраачылыгын билдире албай, анан сандыгын ачып:

— Бул өз колумдан жасаган калпак. Далайларга ыраа көрбөй бербей жүрчү элем, сага берейин Беко балам. Өз колум менен кийгизейин. Кана...

Беко аке кетери менен жатып жүргөн диваныма куладым. Куладым да, Ая жөнүндө ойлой баштадым. Жакшы эле сүйлөшүп келип кара май жыттанасың дегени эмнеси?Машинаны таштап таза.кир жугузбаган кызматты тап дегениби? Өзүм орто мектепти жаы гана бүтсөм таза, кир жукпай турган кабинеттерде кантип иштемек элем. Же сүйсөм сүйөрмүн, сүйбөсөм сүйбөссмүн деген мамилесиби? Же Айбек байкенин айтканы туура келдиби? Сулууга ээрчиген жигиттер көп болот. Тим элеби, уюкту талашкан аарыдай жабалактап калышат. Анан да жеңил ойлуу келишет дебеди беле. Демек башка бирөөдө ою бар болуп жүрбөсүн?..

Беко аке мени канчалык аяган менен үйдө бош жүрө албай койдум. Анын үстүнө машина айдап чыксам Аяга жолугуп калармын деп ойлойм.

Көптөн бери токтоп туруп машинаны чаң басып калыптыр. Суудун жээгине барып жылтырата жууп, анан көчөгө айдап чыктым. Түш ооп калган. Көчөдөн Аяны көрдүм. Солто деген бала менен жанаша басып келатат. Колдрундагы кагазды алып баш тийиштире токтоп калышты. Бири бири менен күбүрөнө кетип, бир убакта кучакташа калышты. Ачуум келип, көзүмдөн заар чыгып, азыр эле экөөн тең тебелетким келип кетти. Жанына барып кабинадан ыргып түштүм.

— Ая, бул эмнең?! Чакалайдын чак түшүндө көчөдө туруп алып кучакташып жатасыңар?...

— Мына бүгүн элге пьеса коюп, концерт беребиз. Пьесада негизги ролду Ая экөөбүз ойнойбуз. Репитициядан жаңы эле келатып бир жерин ойной кеттик эле. Андан көрө кечинде келиңиз, биздин ойногондорубузду, ырдагандарыбызды көрөсүз. Ал эми бизди кечирип коюңүз байке. Ролго берилип кетиптирбиз, — деди Солто.

— Жакшы ролду тапкан экенсиң Ая. Солто сага ким экенин көрүп турам. Орунбектен кутулдум десем... Ачуумду токтото албай жеп жибере тургансып карап турдум. Ая алгач эч нерсеге түшүнө албай мени карап турду да, анан бетимдин түгү чыгып турганын көрүп коркуп кетти. Эч нерсе дебей шарт бурулуп, көчө менен чуркап жөнөдү. Ая, токточу. Ая токто-о деп кыйкырып бараткан Солтону карап туруп калдым.

Канчалык каным кайнатпайын баары бир алар койгон пьесаны көргүм келди. Биринчи эле алып баруучу болуп Камин чыкты.

— Урматтуу көрөрмандар пьесанын аты “Жаңы Оттело”. Жазган Солто Жаманкулов. Койгон режиссору да Солто Жаманкулов. Ролдордо ким экенин айтпайм. Аларды пьесаны ойноп жатканда таанып аласыңар. Жакшы аткаргандарга дүркүрөтө кол чаап турсаңар.

— Ой тообо, “Жаңы Оттело” деген да пьеса чыккан турбайбы.

— Жаңы заман болуп жатса, ”Жаңы Оттело” чыкпай коебу. Азамат Солто ушундай пьсаны ойлоп тапканы.

— Кой кобураша бербей жакшылап отуруп көрөлү. Жанымдагылардын ушундай сөзүнөн кийин мен да кызыга көшөгө жакты карап калдым. Аянын да Солтонун да кадимки чоң артистердей ойногону көңүлүмө толуп турду. Жана эле кан басымымды көтөрүп турган ачуум кайда тарап кеткенин билбей калдым.

— Эми кызык башталат, — деди алдыда отурган окуучулардын бири. Эмне кызыгы бар болду экен деп ого бетер көңүл бура карайм.

— Дездемона сен мени сүйбөйсүң. Көзүмө чөп салып жүрөсүң! Мен аны кечирбейм!..

— Оттелло, жаным. Ак жерден күйдүрбөчү. Мен эч кимди эмес, сени гана сүйөм. Эгер төгүн сүйлөсөм төбөмдөгү көк, асмандагы ай урсун!

— Андай болсо ак экениңди далилдегин.

— Кантип?

— Алдыма отуруп эркелейсиң, өбөсүң, өптүрөсүң.

— Ой-и-ий муногуларга уят эмеспи? Оттело Дездемона болушуп өбүшө кетип кудай урбаса болду. Залдагы элдер жандана түштү.

— Мен эмне деп жатам! — деген Оттелонун каардуу үнү угулду.

— Жаным, мына алдыңа отурдум. Эми мага ишендиңби?

Көйнөк майкасы жок үстү жылаңач Оттело дагы каардуу үнү менен:

— Мойнуман кучакта-а! А-а, дал ошентип. Эми менин бетимден өпкүн. Бо-ол! Капкара бетин кантип өбөт, Дездемона байкуш, деп күбүр шыбыр күчөп чыкты. Жок, залдагылардын ойлогонундай болгон жок. Дездемона Оттелонун эч жерин койбой өөп жатат. Күрсүйгөн чоң Оттело эми Дездемонаны кучагына кысып, капкара эринин аппак Дездемонанын бетине желимдей жармаштыра салды.

— Тиги күрсүйгөн бою узун Солто экенин таанып турам. Берки сары чачтуу өңүн бузуп алган ким болду экен?

— Мен да тааныбай барып тааныдым. Директордун кызы турбайбы.

— Кандай шермендечилик. Кыз башы менен өптүрүп жатканын кара. Башка сөздөр кулагыма кирген жок. Кантип залдан атып чыкканымды билбей калдым.

Үйгө өлөсө ыза болуп келдим. Апам уктап калыптыр.Жаткым келбей сыртта аркы терки басып жүрдүм. Жоро менен Пери экөөнүн кучакташып турган жерди карап коем. Эч ким жок, бош турат. Асман жылдыздарга, ай кемтиги жок толуп турган менен кечээ эле мелт калт болуп турган көөдөнүм дал азыр өлчөөсүз боштукту сезип турду.

Адам дүйнөгө бир жаралат. Ошол бир жаралган өмүрүндө аттиң, деп арманда калбай, мен жакшы жашадым, армансыз жашадым деп өтсө кана. Андай адамдар көп чыгар. Бирок мен армансыз жашап жатамынбы? Жок! — дейт бир сезимим. Аяны сүйгөндөн бери канча кайгыга, канча сарсанаага батып келе жатасың. Бүгүн таптакыр үмүт үзгөндөй болдуң. Мурда Орунбекти сүйгөн болсо, эми минтип Солто менен кучакташып өбүшүп жатат. Орунбектей кылып аны сүрүп таштаганың менен эртең эле дагы бирөө табылат. Сен сүйгөнүңө жетпей жүрүп өтөсүң Тукай. Сүйгөнүнө жетпеген адам өмүр бою арманда жүрүп өтүп кетет. Анан кантип бул жашоого ыраазы болуп, эх, мен жакшы жашадым деп өтө аласың. Анда эмне кылышым керек? — дейм мен. Жаныңды кый. Өмүр бою эч нерсени ойлонбой тынч уктайсың дегенсийт сезим.

Бул сезимдерге арбалып уй турган короого киргенимди байкабай калдым. Уйдун жанында жаткан торпоктун баш боо жибин карап койдум. Бир кулачтай эле бар. Бирок дал ушу бир кулачтай жип керек кезде дөөдү да кылкынтып өлтүрүп коюуга кудурети бар.

А мен эмне экем дедим да жипти торпоктун мойнунан чечип алып көпкө карап турдум. Мен Аяга жетпей калдымбы? Жетпей калдым. Өлүшүм керекпи? Алибетте өлүшүм керек. Анан эмне карап турам?...

Торпоктун башындагы жипти бат эле чечтим да, сыйрытмак кылып туура кеткен жыгачка илип койдум.Эми чакан отургуч керек. Тегеректен эч нерсе таба албай үйгө кирдим. Апам катуу уктап жатыптыр. Текчеде Беко акеден калган арактын шишси көрүнө калды. Жакшы болду го дедим. Ачуу пияс таап, бир стаканды жутуп жибердим. Денем жазыла түштү. Эми оңой эле сыйрытмакка барып түшсө болот.

Чакан отургучту ала бергенде кылдырт дей түштү. Апам көзүн ачты. Бирок мен акырын жылып кайра короого кирдим. Сыйрытмак кыймылдабай токтоп калыптыр. Кел мен даярмын дегенсийт. Денем калтырап жиптин учун кармадым. Жарык дүйнө менен коштошкум келбей турган менен ачуу аралаш кайгы ушуга түртүп жатканын сездим. Тобокел деп жаңыдан асыларда апам кирип келгенин байкабай калдым. Мени катуу түртүп жиберип үстүмө баса жыгылды.

— Мени тирүүлөй өлтүрөйүн деген турбайсыңбы ботом? Эмне мынчалык жаныңа күч келди. Айт мага, азыр айт деп боздоп жиберди.

— Кечир апа, шайтан азгырып, саал жерден өлбөй калдым. Эми сен үчүн болсо да мен жанымды кыйууга акылуу эмесмин.

Апам экөөбүз бир тамды жаңыртып ыйлап алып зорго басылдык...

Эртеси Беко аке эрте менен эрте келип, Чаткалдан мал апкеле турганыбызды айтты. Көптөн бери алыскы рейстерге чыкпаган жаным сүйүнүп кеттим. Анын үстүнө машина жаңы, күн болсо чайыттай ачык. Бир жагы машинанын жүгү жок болгондуктан тапталган күлүктөй аркырай турганын билем.Беко акенин да көңүл кушу көтөрүңкү. "Долонду" ырдап кулагымды толтуруп келе жатты.

— Качан келинчек аласың? Алсаң тойдун жарым пулун мен көтөрөм. Ой да ошондо ырдайт элем да-а деп, анан баса, деги кыздар менен сүйлөшүп жүрөсүңбү? — десе болобу.

— Каяктан Беко аке. Он тогузумда эле кыз жандамак белем. Ал учур да келер. Ошондо сизге жаап жашырбай эле айтам.

— Э-э, эмнесин айтасың, он биринчиде окуп жүргөндө өзүмдүн эле классташымды өлгүдөй сүйүп калган элем. Анча деле сулуу эмес болчу. Бирок жибектей созулган мүнөзүн жакшы көрчү элем да. Кайберен кийиктей түк карматпай койду. Кийин билсем мен эмес башка жигитти сүйүп жүрүптүр. Ошого тийип кеткенде үч күн ооруп жаттым. Аны эстесем азыр да жүрөгүм зыркырайт. Бири кем дүнүйө деген ушу экен да.

— Эже өтө чырайлуу го.Эмне көңүлүңүзгө жакпайбы?

— Чырайын чылап ичмек белең. Биринчи сүйүүгө жетпейт тура. Аны көрсөм десем көзүм төрт. Бирок эч бир жерден, эч бир шаардан көрө албадым.

Жол бийиктегенден бийикте берди. Улам ашууга жакындаган сайын күн бузула баштады. Асты менен жаан жаап, анан борошолоп кар жаап кирди. Ага карабай:

— Бүркүт-Уяга жетсек андан ары тегиз жол. Эч коркунуч жок. Эртең куда кааласа тандап туруп жыйырма койду машинага салып жакага келип калсак, базар күнү базарга алып чыгып калабыз, — дейт Беко аке.

— Жол жаман болуп баратат кайтсак кантет?

— Үйдөн чыкпа, чыккандан кийин артка кайтпа деген сөз бар.Эмнеси болсо да көрдүк. Бир гана алдыга.

Алга кетүүнү мен да каалап бараттым. Бирок машина улам тайгаланып арт жагы бултактай түшөт. Кээ бир жерде машинанын дөңгөлөгү бир жерде айланып мотордун ызылдаганы гана угулуп калат. Мына бир жерде туруп калып дөңгөлөктөр артка тайып баратты.

— Өлдү-үк! — деп бакырып жибердим. Беко аке ыргып түштү.

— Аке-е! Болуңуз! Таш коюңуз! Болуңуз! Чоңураак таштардан, чо-оң!...

— Тормозду теп, сайга жылып баратат.

— Күчүмдүн баарынча тээп жатам. Ылдамыраак кыймылдаңызчы! Беко аке жан далбастап жатып машинаны тайгаланганын токтотуп:

— Ө-өх! Тормозуңду кое берип көрчү, — деди.

Сыртка чыгып карадым.Машинанын бир дөңгөлөгү асылып турат.Айла канча үч дөңгөлөккө таштарды жыйнап, кабинанын ичине отуруп калдык. Кечинде кабинанын ичи адам отуралгыз болуп муздап чыкты. Беко аке машинаны от алдырып, жылыткычын иштетип кой деп буйрук берди.

Эртеси бурганактап жааган кар жок, күн ачылып кетсе болобу. Беко тынчы жок адам экен. Ашуунун белине чейин барып, чабандар бар жогун билейин деп эрте менен кетип кыбыр эткен жан жок деп кечинде келди. Мындай балээ башыма келген эмес эле. Ачкадан өлүп калбасак болду деп үшкүрүнсө үшкүрүгү таш жарат. Мен болсом бензин түгөнбөсө экен, түгөнсө жылуулук кошо түгөнөт. Кайрадан бөйрөгүмө суук тийгизип ооруп жатып ээн талаа эрме чөлдө өлөм го деп кайгы чегем. Экөөбүздүн кайгыбыз эки бөлөк болгону менен жамандык иш башыбызга бир келерин ойлоп жаттым.

Үчүнчү күнү тамагыбыз да, бензинибиз да түгөнүп бүттү. Кабина муздай баштады. Бир жалаң одеялды жамынганыбыз менен ал да жылытар эмес. Калтырап титреп чыктым. Башым ооруй баштады. Беко одеялды эки кабаттап ороп койду да, сыртка чыгып бир топ жерге чейин чуркап барып кайра келди. Буттары менен жер тепкилеп басып жүрдү. Акыры баарынан үмүт үздү окшойт, кабинага кирип мага ыктай отурду. “Титаник” теги музга тоңуп өлгөн адамдардын элеси көз алдыма келе калды. Суукка тоңгон адам мемиреп уктап кетет тура. Кыйналып жаткандан көрө, ушинтип өлгөн да жакшыбы деп койдум. Бирок Тайгада же Тундура да эмеспиз го. Каттап жүргөн машинабы, атчанбы айтоор бирөө жарымдар өтөөр деп көңүлүбүздү жубатып коебуз.

Бөйрөгүм сыздап ооруп чыдатпай баратты. Мени көрүп кайдан келе калдык эле дегенсип Беко аке өзү ооруп жаткандай тынчы кетти. Сааттын маятнигиндей бир жерге түшсө, бир кабинага отурат. Акыры ага да чыдабадыбы колуна келтек алып өйдөгө көздөй кетти.

— Эч нерсе көрүнбөйт. Эми эмне кылабыз, — дейт кайра келгенде.

— Эч нерсе кылалбайбыз Беко аке. Унааларды күтөбүз. Башка арга жок.

— Мага го эч нерсе эмес, сенин ооруганың жаман болду.

— Кантем эми. Чыдаганча чыдайм. Кудайдын жазганын көрөм да.

— Антип айтпачы Тукай, биздин да кудайыбыз бар чыгар.

Ушу сөздү жаңы оозубузга алганда алыстан бүлбүлдөгөн жарык көрүнө калды.Жарык улам жакындаган сайын машина экени билинип калды. Беко аке энеден кайра төрөлгөндөй сүйүнүп кетти.А мен болсом ыңкылдагандан ыңкылдап ордуман тура албай жаттым.

КАМАЗ токтоду. Анын шоферлору биз менен учурашып, анан машинаны карашып көздөрү чарасынан чыгып кетти.

— Да-а, жараткан аллам сактаган экен. Саал болгондо аскадан ылдый кулап өзөндөгү сууга жетпей жок болуп калмак экенсиңер, — деп башын чайкады камазисттердин бирөө.

Мындайда жакшылык кылган адам жүрөгүңө бекем орноп калат турбайбы. Мени көтөрө коюшуп отургучтун артындагы уктоого ылайыкталган жерге жаткызып коюп, анан машинаны тартып чыгышты. Рулга Беко аке отуруп, машинаны чиркеп, айылды көздөй жол тарттык. Жаман жерлерден машина ыргый түшкөндө бөйрөгүм солк дей түшүп и-и-й! дей түшөм. Менин абалымды түшүнгөн шоферлор тоодон тегиз жолго жеткенге чейин кылдыратып жай айдап келишти.

Түшкө жакын Кызыл-Адырдын бензин куюуучу жайына жетип токтодук. Эки машина тең май куйуп бүткөндөн кийин эки тарапка жол жүрмөк болду.

— Сени кайда апарайын? Ушул жердеги эле ооруканага жаткырайынбы? Же кандай? — дейт Беко.

— КАМАЗ Бишкекке барат экен го. Кете берейин. Анда мен тааныган врачым бар. Ошол жактан даарыланып келбесем болбойт. Апама Бишкекке кетти деп айтып коюңуз. Үкү-түкү болбосун. Айыгып келет деңиз.

— Муногудай абалы менен Бишкекке жетер бекен? — деп камазис көңүлдөнбөй барып анан макул болду.

Үч күн реномация бөлүмүндө өлүм жана өмүрдүн ортосунда жаттым. Чынын айтсам мында да Айбек байкенин эмгеги зор болду. Өлүмгө аралжы болуп, бай тажырыйбасынын пайдасы тийди. Аман калдым. Бирок врачтардын операция кылсакпы деген күбүр шыбырлары жүрөгүмдү өйүп туруп алды. Эмитен бөйрөгүмдү алып ташташса жашоом канчага созулат эле деп жүрөкзаада болом.

— Айбек байке, эмне бир бөйрөгүмдү алып таштайын деп жатырсызбы? Андан көрө дарылабай эле чыгарып жибергиле. Жашаарымча жашаармын, жарым жан болуп өмүр өткөргөнчө.

— Бир бөйрөк менен канча адамдар жашап жүрөт. Бирок айыгып кетүүңө бүт аракетимди жумшайм. Германияга күчтүү дары дармектерге заказ бергем. Келип калса мүмкүн ошондон айыгып кетерсиң. Күн мурунтан капалана бербегин. Ал сенин ден соолугуңа зыян.

Операция деген менин өмүрүмдөн кыйгап кетти окшойт. Онунчу күнү Айбек байке көңүлдүү палатага кирип келди.

— Кандай Тукайчик, өзүңдү кандай сезип калдың?

— Жакшымын байке. Операция дегениңизди кулагыма угуза көрбөңүз.

— Угузбайм Тукайчик. Анын эми эч кандай зарылчылыгы жок.

— Айылга качан кетем. Бир айдан кийинби, же эки айдан кийинби?...

— Эмне айылга шашып... Баягы ааламда жок сулуу деген кызыңа эртерээк жетсем экен деп жаткандырсың.

— Аны менен таарынышып калгам.

— Айтпадым беле. Сулууларга уюктагы аарыдай жигиттер жабалакташып калат деп. Айтканым келдиби я?...

— Талашканын талашат экен. Бирок кыздын көңүлү менде бар экенин билем.

— Билем,билем деп коесуң. Сенин оорукчандардын катарына кошуп жактырбай калышы мүмкүн. Анткени кыздар күчтүү, кубаттуу, эр көкүрөк жигиттерди жакшы көрөт эмеспи.

— Мен эмне күчтүү кубатту боло албай каламбы?

— Болосуң. Ан үчүн экинчи оорубашың керек. Спортко кызыгышың керек.

— Эми айыгып кетсем биринчи ден соолугумду колго албасамбы.

— Ошент. Өмүр адамга бир келет эмеспи.

Айбек байке дагы мени менен көпкө отурат беле, сырттан бирөө чакырып калды. Көптөн бери жалаң ден соолугум жөнүндө ойлоп жүрсөм Айбек акенин сөзүнөн кийин Аяны эске түшүрдүм. Эске түшүрдүм да Дездемонаны ойногонун элестей баштадым. Чынында артистер турмушта болуп жаткандай ролду аткарышы керек. Андай аткарбагандан кийин деги ойноп кереги эмне. Ая менен Солто дал турмуштагыдай ойноду. Андай болгондон кийин эмнеге мен кызгануум керек. Эмнеге экөөбүздүн ортобуздагы махабатты өчүрүшүм керек? Толгон токой суроолордон кийин карама каршы суоолорго туш келем. Эмнеге ролду аткара электе эле элдин баса турган жолунда кучакташа кетет? Эмнеге жасалма өбүшкөн болуп койбой, чындап эле өбүшө кетишти? Эмне үчүн башка эле пьесаны аткарышпай ушундай пьесаны тандап алышты? Жок, мунун баары экөөнүн сүйүшкөндүгүнөн келип чыккан иш. Солто мектептеги сулуу жигиттердин бири. Айбек аке айткандай уюктагы аарыдай кыздар жабалактап карап калгандарын көп көрүп калгам. Анын үстүнө обонун созуп ырдаса тамшанбаган адам калбайт. Эки жолу конкурстарга катышып биринчисинде биринчи орунду, экинчисинде гран прини жеңип келген. Ая мындай баланы сүйбөгөндө мендей оорукчанды сүймөк беле?..

 

(Көңүл буруңуздар! Бул жерде китептин бир бөлүгү жайгаштырылган)

Текст толугу менен Word форматында көчүрүлсүн

 

© Аскаров Ч., 2009. Бардык укуктар корголгон
    Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

 


Количество просмотров: 5078