Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз / Балдар адабияты
© Грачёв С.А., 2009. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2009-жылдын 11-ноябры

Сергей Анатольевич ГРАЧЕВ

Үч мышык тууралуу жомок

Белгилүү орус жазуучусунун балдарга арналган жомокторунун кыргызча котормосу.

Грачев С.А. Сказки про трех котов. – М.: 2009 китебинен алынды

ББК 84 (2РОС) Рус
    ISBN 5-94642-023-2

Которгон – Т.Закирова
    Редактору – Р. Каримов
    Сүрөтчүсү – Е.Ю.Иванова

 

САРЫ МЫШЫКТЫН ОЙЛОНУШУ

Кайсы бир падышачылыкта, кайсы бир мамлекетте Ак, Кара, Сары мышыктар кайгы-капа билбей жыргап — куунап жашап турушуптур.

Ак мышык кең пейил, үйдөн көп чыкпай, тамакты таттуу жасаганды жакшы билчүү. Кара мышык балыкчы эле, мүнөзү катаал жана токтоо болчу. Сары мышык болсо, андай да, мындай да эмес, деңиздин жээгинде сейилдеп жүрүп ыр жазганды жактырчуу.

— Томояк, — дечү аны Кара мышык, — үйдү сырдап, кышка жылуулагандын ордуна, таңдын атканына, күндүн батканына суктанып эле жүрөт.

— Кампага балык апкелбейт, — деп үшкүрүндү Ак мышык, — антсе да, балык көп эле, баарыбызга жетет.

— Эгер жетпей калсачы? – сүйлөндү Кара мышык, — Кыш ызгаар, узун. Балык түгөнүп калса кантебиз, эмне жейбиз?

— Мени эч ким жактырбайт, аябайт, — деп кайгырчуу Сары мышык,— баары мени колун-колуна тийгизип койбогон жалкоо дешет. Мен катип эле ошондой болоюн? Мен ыр чыгарам.

Сары мышык ырын мырылдап ырдайт:

Үймөк балык — аз эмес,
    Биздин эски кайыкта.
    Мяу-мяу, камбала
    Өтө ширин селедка.

— Ошо балыктарды ким кармап атат – деп, Кара мышык жинденет. — Айтчы, ошол балыктарды үймөк кылып ким кармады?

—  Сен кармадың.

— Туп-туура, мен. А ким кургатып, буулайт-дымдайт, бышырат, кампага сактайт?

—  Мен, – дейт Ак мышык кубанычтуу жылмайып.

— А Сары мышык эмне кылып жатат? Эч нер – р – се! Ыр менен курсагың тойбойт. Биздин Сары мышык — томояк, эч нерсе колунан келбеген мышыкча. Кел, аны кууп жиберели: Үчтогузунчу падышачылыкка барсын, акыл-эс үйрөнүп келээр. Деңиздин ары жагынан кышка азык жыйнап келбесе, үйгө кирбей эле койсун.

— Үчтогузунчу падышачылык өтө алыс,— деп Ак мышык тынчсызданды – Сары мышык азып-тозуп калат.

— Анткен менен, кандайдыр бир таттуу, жаңы тамактарды алып келсе, сен аны андан да таттуу кылып бышырсаң, мурутубузга чейин жаланып жейбиз да.

Ошентип чечишти.

Азга жүрдүбү, же көпкө жүрдүбү, Сары мышык жүрүп олтуруп күндөрдүн биринде Кайгылуу Токойго жетти. Бул Кайгылуу Токойдо куштар сайрабай, булактар шылдырап акпай тынч турат экен. Сары мышык жашыл жайыктагы кичине бир үйдү көрдү. Ал, жөнөкөй эмес тооктун бутунда турган үйдү көрдү. Үй – коңгуроо. Үй сыяктанат, жакшылап карасаң коңгуроо, өтө чоң коңгуроо. Бул үй темирден курулган, таптакыр эскиси жеткен, бүт баарын толугу менен дат басып калган, эч ким карабаган, тазаланбаган, көргөн кишинин боору ооруйт, аяп кетесиң. Кайыңдардын да, арчалардын да маанайы чөгүңкү, капалуу турушат. Кичинекей коңгруоо— үйдүн кичинекей терезелери бар экен. Алар коңгуроонун капалуу көздөрүндөй туюлду Сары мышыкка. Ошол терезелерден бул кичинекей үй – коңгуроо жаныбардай сезилди. Ал эми ал кичинекей үйдүн эшиги жок эле.

— Бом-м – деди көрүнбөгөн бирөө бул кичинекей үйдөн акырын гана.

—  Сен кимсиң? – деп сурады Сары мышык.

—  Мен токой шыңгырагымын – деди, кичинекей үйдөн көрүнбөгөн нерсе.

— А мен болсо Сарымын, — деди мышык, анан кайра сурады-Эмне үчүн бул токой көңүлсүз? Куштар да, булактар да жок.

— Себеби, мени тазалап караган, сылап-сыйпаган эч ким жок,— деп жооп берди кичинекей үй – ошондуктан менин үнүм да пас чыгып калды. Мен – Токойдун күүсүмүн, кышында бешик ырын ырдап, алдей айтам, бактарга илинген муздарды шыңгыратып турам. Жазында дарактарда ширеси болуп шуудураймын, булактарда шыңгырап агамын. Жайында аарылар менен зыңылдаймын. Күзүндө – сары жалбырактар менен шуудураймын. Мына, мени көөптөн бери эч ким карабай, тазалабай ушундай эскирип кеттим, дат басты, кайгы-капалуу болуп турам.

— Ошол да кепи. Ошол да кайгыбы? Бул кайгыра турган жамандыктын бир гана үзүмү, бир гана чети. Муну ордуна келтирсе болот – деди Сары мышык.

Колуна өзүнүн барпайган сапсары сопсонун куйругун кармап туруп кичинекей коңгуроо-үйдү сүргүлөп— тазалай баштады. Кичнекей коңгуроо -үйдү тазалап жатып бийик үн менен өзүнүн ырын токойду жаңырта көңүлдүү ырдап коет:

Үймөк балык — аз эмес,
    Биздин эски кайыкта.
    Мяу-мяу, камбала
    Өтө ширин селедка!

— Бом-м! – дейт Токой Шыңгыры, өзүнүн көптөн күткөн тилеги аткарылып жатканына ишене албай,— Бул кандай өзгөчө ыр, мен укпаган?

— Бул сыйкырдуу ыр – дейт, ага Сары мышык.

Ошентип кичинекей коңгуроо— үйдү өзүнүн барпайган сапсары куйругу менен тазалай берди. Акыры Токойдун Шыңгырагы жашаган кичинекей коңгуроо-үй таптаза болду. Капталдарына күндүн нуру чагылышып, токойдо күндүн нуру бийлеп калды.

— Бим – бом-м! – кичинекей үй токойду жаңырта шыңгырап ырдады, дарактар дароо бутак-шактарын сыймыктуу көтөрүп турушту, куштар сайрап, айрлар ызылдап: жашасын Сары мышык! дешти.

А Сары мышык андан ары жолун улады. Минтип куйругу гана барпайбай ичке, кир болуп, сапсары барпайган куйруктан белги да калбады.

— Чирик-чик-чирик! – деп таранчылар аны кууп жетишти, колуна карагат салынган себетти карматышты:

— Чирик-чик-чик, бул Сарыга варенье үчүн – дешти.

Сары мышык карагат салынган себетти ийинге көтөрүп андан ары жолун улады.

Аз жүрдүбү, көп жүрдүбү, жомок тез айтыла берет, а иштер тез бүтө бербейт да. Ал жүрүп олтуруп Ачуу Тоого келип жетти. Тоо дамы ачуу болгону үчүн эмес, анын түпкүрүнөн ачуу онтоо угулуп турганы үчүн Ачуу Тоо деп аталган.

Сары мышык, тоонун түпкүрүнө кирчүү ийинди көпкө издеди, себеби, ачуу онтогон үндүн ээси ким? Жана ал эмнеге онтоп жатканын көрүү үчүн, тоонун бүт тарабын айланып чыкты – эч жылчык таба албады.

Эч жеринде же эшиги, же бир жылчыгы жок экен.

Башка мышык болсо кетип калмак. А Сары мышык андай эмес эле. Бирөөнү азапта калтырып, аны ошол жамандыктан куткарбай жөн эле кете албады. Биздин мышык колдорун бириктирип таштын түбүн каза баштады, бүт тырмактары сынды, акыры бир таштын түбүнөн ийин тапты. Ошол ийинден Ачуу Тоонун түпкүрүнө кирди, караса, тоонун түбүндөгү көлдүн жээгинде туш-тарабы айнек сындуу көрүнгөн эбегейсиз чоң семиз адам олтуруп алып, эки ууртуна аба толтуруп, кайра күчүнүн барынча үйлөйт, андан бурганактуу шамал көтөрүлөт. Ушунчалык катуу шамалдан Сары мышык көлдүн үстүнө учуп кете жаздады.

— Мен, Эркин Шамалмын – деп онтоду айнектей туш-тарабы көрүнгөн эбегейсиз чоң Адам – бир жолу тоого учуп келип, көл үстүнө кагаз кемелерди кое берип ойноп жатып, оюнга өтө кызыгып кетип катуу үйлөгөнүмдөн тоо титиреди, таштар кулады, чыгуучу жолдор тосулуп, мен бул жерде камоодо калып кеттим. Мына азап!

— Ээ, бул эч нерсе эмес, бул жарты азап, мен сага чыгуучу жолуңду ачып койдум – дейт, Сары мышык — каалаган жайыңа барып ойной бер. Биздин деңизге да учуп барып кагаз кемелериңди кое бер. Шамал тоо-таштын түбүндө олтурса болбойт.

Сары мышык ачкан жол менен Эркин Шамал жарыкка учуп чыкты. Каткыра күлүп, туш тарабын үйлөдү эле тоонун үстүнө жалбырактар айланып учушту.

— Сары мышык бул кантип колуңдан келди? Сырыңды айтчы.

—  А мен сыйкырдуу ырды биллем. Мына уккун:

Үймөк балык — аз эмес,
    Биздин эски кайыкта.
    Мяу-мяу, камбала
    Өтө ширин селедка!

Андан бетер каткырып күлдү Эркин Шамал. Анан Сары мышыктын сынган тырмактарын байкап калды. Жоошуй түшүп анан айтты:

— Рахмат сага, досум. Рахмат жардамыңа, өтө чоң рахмат – Сенин мага адамгерчиликти үйрөткөнүңө. Мага кылган жакшылыгың үчүн мен сага токойдогу көлдү көргөзөм, ал жерде укмуштай таттуу карас балыктары бар, сен өмүрү андай таттуу балык жеген эмессиң.

Сары мышык токойдогу карас балыктарын кармап баштыгына салып андан ары жөнөдү.

Азга жүрдүбү, көпкө жүрдүбү, жомок тез айтыла берет, а жумуш андай тез бүтпөйт да. Араңдан зорго Бозоргон Токойго жетип келди.

Куштар да сайрап, аарылар да ызылдашат бул токойдо. Гүлдөр гана бир түстүү экен. Кайыңдар, арчалар да бозоргон түстө, жагымсыз эле. Бозоргон чоң соснанын түбүндө Сүрөтчү ыйлап олтурат.

— Эмне үчүн ыйлап жатасың, Сүрөтчү? — деп сурады Сары мышык.

— Кантип ыйлабайын? Менин тыйын чычкандын куйругу-нан жасалган кистилерим боло турган. Асан-Үсөндүн нурунан политрам — боекторум бар эле. Ар бир таңда бүт токойду түркүн түскө боечумун. Күндөрдүн биринде тыйын чычкандарды боегонду унутуп калыптырмын, алар таарынып калышты. Ошондон кийин алар куйругунун жүнүнөн бербей коюшту. Мен ага аябай ачуум келип, боекторду ушул соснанын учуна ыргытып жибердим. Мына азап.

— Ал азап эмес, азаптын жарымы эле. Сенде кайчы барбы?— деп сурады андан Сары мышык.

— Бар – деп жооп берди Сүрөтчү.

— Анда менин жүнүмдү кыркып ал – деди Сары мышык – менин жүнүм сары болгон менен тыйын чычыкандардын жүнүнөн айрымасы жок. Кийин мен боекторуңа чыгып келейин.

— Сүрөтчү Сары мышыктын жүнүн кыркып алды, жүнү кыркылган мышык соснага чыга баштады. Соснага чыгыш ага оңой болбоду. Аябай оор болду: себеби, анын тырмак-тары Ачуу Тоодо Эркин Шамалды куткарганда бүт баары сынып бүткөн эле. Антсе да чыга берди, эптеп чыга берди. Соснадан учуп түшпөс үчүн, коркконунан Сары мышык өзүнүн камбала жана селедка тууралуу сүйүктүү ырын ырдай берди.

Токойдогу эң бийик соснага аябай көптө, аябай кыйынчылык менен араң дегенде туу чокусуна чыкты. Эптеп чокуга жеткенде бутактардын арасынан Сүрөтчүнүн Асан-Үсөндөн алган, ар түрдүү түстө кубулуп турган политира— боекторду тапты. Боекторду төмөн карай ыргытты. Сары мышык өзү төмөнгө түшө албайт эле. Мышыктар дарактан төмөнгө артка карай түшө алышпайт, антип үйрөнүшпөгөн. Аларды дарактан адамдар түшүрүп алышат. Ал жөнүндө билсе дагы Сары мышык соснага чыга бербедиби Сүрөтчүгө жардам берүү үчүн. Эми эмне кылуу керек биле албай турат.

Ушул кезде Эркин Шамал учуп келип калды. Сары мышыкты алган бойдон дарактардын астына алып түшүп учуп жүрөт, Сүрөтчү болсо гүлдүн балын салган идиши көтөрүп алып жерде жүгүрүп жүрөт. Эркин Шамал гүл балын идиши менен алды да Сары мышыкты деңиздин жээгиндеги үйүнө карай алып учуп жөнөдү. Үйдө болсо сапар кеткен Сары мышыкты чыдамсыздык менен Ак мышык менен Кара мышык күтүп олтурган. Күтүп заарыгышты, өтө сагынышты эле. Үчтогузунчу падышачылыкка Сарыны жөнөткөндөрүнө да нааразы эле. Сары мышыксыз аларга да кыйын болду. Бүт иштери жакшы жүрбөй, балыкты да жакшы кармай албай, айтор баары эле ойдогудай эмес.

Эркин шамал Сары мышыкты алып келди да, так эшиктин түбүнө кондуруп койду. Ак мышык менен Кара мышык сыртка чыгышып Сарыны таанышпайт турушат. Куйругу ичке, кир болгон, жүнү жок кыркылган, тырмактары сынып бүткөн.

— Үйгө киргизбейбиз сени, — дешет – Сары мышыкка окшобойсуң сен.

— Бул эми жарым азап эмес жана азаптын бир чети да эмес, эң чоң азап – деп, жооп берет алардын таарынткан сөзүнө Сары мышык. Аларга карагатты, карас балыгын, гүлдүн балын көрсөтөт,— оңой эмес экен оокат табууга барган, жана акыл— эс үйрөнгөн. Ох, оңой эмес экен. Эгер ырым болбогондо.

— Ал кандай ыр? – сурашты мышыктар.

— Ал мындай ыр.

Сары мышык өзүнүн сүйүктүү ырын ырдап берди. Ак мышык менен Кара мышык ошол ырдан соң дароо аны таанышты. Аябагандай кубанышты.

Кийин узун кыштын жана ызгаар суугунда жылуу жерде олтуруп Сары мышык өзү туш болгон окуялары тууралуу айтып берип жүрдү. Карагат орогон токоч — пирогун же, токой көлүнөн кармалган кургатылган карас балыгын жегенде, гүлдүн балы менен чай ичишкенде муруттарын кошо жалап — жуктачуу болушту.

Сарынын жүнү мурункудан да жакшы кою болуп өсүп чыкты. Куйругу мурункудан да барпайып сапсары кооз, тырмактары бекем жана курч болуп өстү.

Эркин Шамал болсо аларды унутпай тез-тез келет. Кээде Сүрөтчүдөн кат-кабар, үчтогузунчу падышачылыктан Токой Шыңгырагынын ырын жеткирип турду. Ал ырларда улам-улам мышыктарга тааныш сөздөр угулуп турчуу:

Үймөк балык  — аз эмес,
    Биздин эски кайыкта.
    Мяу-мяу, камбала
    Өтө ширин селедка!

 

КАРА МЫШЫК ЖАНА ДЕҢИЗ АЖЫДААРЫ

Сары, Ак, Кара үч мышык көк деңиздин жээгинде жыргап-куунап кайгы — капа билбей жашап турушту. Кара мышык балык кармады, Ак мышык ар түрдүү таттуу тамак даярдады, ал эми Сары мышык болсо ырларды чыгарды.

Күндөрдүн биринде таң азандан Кара мышык кайыгына олтуруп деңизге чыкты, балык кармоочу торлорун сууга ыргытты. Бир да балык кармай албады. Ансыз да өтө сүрдүү жүргөн мышык ан сайын кара булуттай түнөрүп калды. Балык кармоочу торун дэңиздин ортосуна карай алыс ыргытты.

Сары мышык болсо жээкти бойлоп басканча өзүнүн ырын ырдап жүрөт:

Жылмайбастан кармайт
    Чебер балыкчы.
    Үч мышыкка арнайт,
    Үч кичине балыкты!

— Кармалбай жатат – деп мырылдады жээкке келгенде Кара мышык жактырбай, — кичинеси да чоңу да жок.

— Балким, сенин торуң жакшы эместир – сурады Сары мышык – өтө эскирип кеткендир?

— Эски болгон менен өтө бышык. Деңиздин Ажыдаары да тыта албайт аны. Торума түшүп көрсүнчү көрөйүн.

Муну угуп калган Деңиздин Ажыдаарынын өтө ачуусу келди. Деңиздин тереңинен үстүнө чыгып, мышыктын балык кармоочу торун деңиздин эң түбүнө тартып кетти. Аны алпарып деңиздин түбүндөгү үңкүргө, кызыл шуру тагынган бадалдын түбүнө катып койду. Картайган Таш бакага үңкүрдүн оозун кайтаргын деп тапшырды.

Бир маалда Кара мышык тордун жоголгонун билип калды. Безилдеп түйүлдү мышык. Башына азап түшкөнүн билди. Кара мышык – эски балыкчы, деңиз тузунан анын жүнү да жалтырап турар эле. Ал деңизди укканды жакшы билчүү.

Жээкке олтуруп алып акырын деңизди угууну баштады. Эмне деп айтаар экен деңиз? Башында ал эч нерсе уга албай, жалаң гана Сары мышыктын ырдаган ырын угуп жатты. Сары мышыкты жээктен алыс кууп жибергиси да келди, бирок, кайра ойлонуп аны жайына койду. Деңиздин Ажыдаарын таарынтып койдум,— ал торумду тартып кетти, эгер акынды таарынтып койсом – таптакыр жаман болот. Ырсыз жашай албайбыз да, кантип жашайбыз?

Ошондуктан, Кара мышык деңиздин жээгинде олтуруп алып, толкундарга чыдамдуулук менен карап олтуруп деңиздин шарпылдаганын тыңшай берди. Анан акырын шыбыраган үндү укту. Булар деңиздин жылдыздары бири бирине деңиздеги болгон жаңылыктарды айтып жатышкан эле.

— Ташбака азапка калды – дешти алар – Ташбака тордун эмне экенин билейин деп, өзүнүн тумшугун салып көргөндө торго чалынып калды. Эмми ал кызыл шуру бадалдын түбүндө ыйлап олтурат.

Кара мышык көпкө ойлонуп турбай деңизге чумкуп түбүнө түшүп кетти. Кызыл шуру балдалдын түбүнөн үңкүрдү тапты, үңкүрдүн ичинен торго тумшугунан чалынып олтурган Картайган Ташбаканы тапты. Ташбаканы бошотуп жиберди, бирок кайда жүрөйүн десе эле Деңиздин Ажыдаары жолун тосот.

— Аа, колго түштүңбү! Ажыдаарды тор менен кармайм деген сенсиңби?

— Мени жөн кое берчи — деп, суранды Кара мышык, — менсиз Ак жана Сары мышыкка ким балык кармап берет?

— Мейли кое береин, бирок, бир шартым бар ,— дейт Деңиз Ажыдаары – Сары мышык мен жөнүндө ыр чыгарып ырдасын.

Картайган Ташбаканы Сары мышыкка кабар айтканы жээкке жөнөттү. Сары мышык Дэңиз Ажыдаарынын койгон шартын укканда аябай толкунданды. Ырдайын деп аракеттенет, кайра эле эски ыры ырдалат:

Жылмайбастан кармайт
    Чебер балыкчы.
    Үч мышыкка арнайт,
    Үч кичине балыкты!

— Дэңиз Ажыдаарын даңктап ырдаоо керек! – деп күркүрөдү каардуу Ажыдаар, деңизден башын чыгарып туруп.

Сары мышык өзүнүн досу Кара мышык үчүн өтө тынчсыздангандыктан, бир да дурусураак ыр чыгара албай кыйналды.

Кокусунан эле укмуш даамдуу тамактын сонун жыты жыттанганын билип калышты. Деңиздин түбүндө турган Кара мышык да жаланып жиберди. Деңиз жылдыздары да шилекейлери чууруп жаланып калышты.

— Бул эмне деген деңиздин ары жагындагы тамак? – деп таңданды Деңиз Ажыдаары.

— Бул менин Ак мышык досум кечки тамакты даярдап жатат—  деди Кара мышык.

Дэңиз Ажыдаары ашпозчу— мышыкка Картайган Ташбаканы жиберди, кечки тамакка келеээрин айттырып.

Муну уккан Ак мышык тезинен дасторконун жайнатып, жыты буркураган таттуу деңиз капустасынан шекереп жасап, окунь балыгынын ышталганынан, даамдуу кызыл карагат салынган токочторду жайнатты. Бул сый тамактарды ооз тийген Деңиз Ажыдаары күн сайын мага да ушундай таттуу тамак жасап жөнөтүп тур деп талап кылды.

— Эгер антчү болсом эч кандай тамак— аш түтпөйт буга – деп ойлонду үнөмчүл Ак мышык.

— Мейли анда, жумасына бир жолу – деп, соодалаша баштады Ажыдаар.

— Айына бир жолу бышырам, бүттү! – деп кескин айтты ашпозчу— мышык.

Ажыдаар кайрадан каарданайын деди да токтонуп калды. Этиет бол, кокусунан Ак мышык сараңдыгы кармап жылына бир гана жолу тамак бышырып жөнөтсөчү.

— Макул бол, — шыбырады Картаң Ташбака Ажыдаардын кулагына.— Мен эки жүз жыл жашап билем го, мындай мыкты ашпозчуну деңиздин түбүнөн күндүзү чырак менен да издеп таба албайсың. Торун кайтарып бер булардын. Мен анын кандай экенин жакшы билип калдым.

Ажыдаар Ташбакага карап туруп, үнүнүн барынча каткырып күлдү эле деңиз толкуп— толкуп кетти. Ал Кара мышыкты кое берди, балык кармачу торун да кайтарды. Деңиздин түбүнөн Кра мышык чыкканда, Сары мышык кубанганынан тамагы айрылганча болгон мышык үнү менен ырдап жиберди.

Жылмайбастан кармайт
    Чебер балыкчы.
    Үч мышыкка арнайт,
    Үч кичине балыкты!

— Эмне үчүн Ажыдаар тууралуу ыр чыгарган жоксуң? – деп сурады Кара мышык андан.

— Ыр чыгарам, – деп ишендирди Сары мышык жана үшкүрүнүп койду.

А Кара мышык болсо деңиз тузунан жалтыраган, барпайган мурутунан митайым жылмайып тим болду.

Ошентип үч мышык жыргап— куунап, ойноп-күлүп жаашоосун уланта беришти. Башка эч ким алардын торуна тийген да жок.

Деңиз Ажыдаарына кээде таттуу тамактарынан бышырып жөнөтүп коноктоп турушту. Ажыдаар болсо таттуу тамактан соң мээримдүүрөөк болуп, анча күркүрөп эч кимди коркутпай калды. Жашарып да кетти.

Картайган Ташбакага да бакчадагы жашыл даамдуу чөптөр берилип, ал кубанганынан көңүлдүү жашай баштады.

 

АК МЫШЫК ЖАНА КЕЖИР АЮУ

Деңиз— океанда, Буян аралчасында мышыктар шоктонушуп, тополоң салышты. Балыктарды армашты, ичишти-жешти, деңизден ары жагындагыларча сүйлөштү.

Аларды: Сары мышык— алтын курсак, Кара мышык – мурдуңду кашы, Ак мышык — каймак куйрук, — деп аташчуу. Мен да ал жерде жүрүп бал – пиво ичкенмин. Аз жерден тилимди унутуп кала жаздаганмын. Өз убагында билип калбадымбы.

Бул жомок алдынан жомок. Ал эми – жомок мынакей.

Сары, Кара, Ак үч мышык кайгы – капа билбей жыргап-куунап деңиздин жээгинде жашаптыр. Кара мышык балык уулайт, Сары мышык — ыр чыгарат, Ак мышык – тамак даярдайт экен.

Өтө ынтымакта, кайгы – капа билбей тынч жашашчу. Күндөрдүн биринде Ак мышык өзүнүн туулган күнүн белгилемек болду. Камырды жууруп алып карагаттан таттуу кыпкызыл токоч кылмакчы эле. Караса эле карагат түк калбаптыр. Колуна себетин көтөрүп токойго жөнөдү. Карагат тергени. Көпкө чейин токойду аралады. Эч жерде таттуу карагат жок.

Кокусунан Аюу чээнинен чыгып келатат.

— Сен, мышык эмне үчүн менин токоюма келдиң? Сени ким чакырды? – деп сурады.

Ак мышык болсо:

— Мен таттуу кызыл токоч бышырмакчы элем. Карагат таппай жүрөм — дейт.

Аны уккан Аюу, мышыкка мындай деди:

— Карагаттарды мен өзүмө жыйнап алдым. Кышка камдап койдум. Сага берип койбом – бирок, алмашышым мүмкүн. Карагаттын ордуна гүлдүн балынан алып келсең маакулмун.

Ак мышык кантмек эле, бал аарылардын гүл жыйнаган жайына барды. Балчы— аарылар аны дароо байкап калышты.

— Сен, мышык бал жыйнаган жайга эмнеге келдиң? Сени ким чакырды? – деп, сурашты.

Ак мышык болсо:

— Мен таттуу кызыл токоч бышырмакчы элем. Карагат таппай жүрөм. Карагат үчүн Аюу болсо гүлдүн балын сурап жатат — дейт.

Балчы –аарылар мышыкты угушуп, ага мындай дешти:

— Биздин жайыкта уйлар оттоп жүрүшөт, гүлдөрдү жеп коюшту. Жегенин жеп, жебегенин тебелеп салышты. Кай жерде гүл болсо, ал жерде бал болот. Уйдун бадасын айдап жиберсең, биз сага бал беребиз.

Ак мышык кантмек эле, уйлардын бадасын жайыктан айдай баштады. Алар же уга коюшпайт, гүлдөрдүн жегенин жеп, жебегенин тебелеп жүрүшөт.

Ак мышык жардамга Сары мышыкты чакырды. Уйларды көргөн Сары мышык күчүнүн барынча коркунучтуу –ырды ырдап кыйкырды дейсиң:

Муруттуу бул үч мышык карап турат жайыкты,
    Алар менен алаксып ойнобогун жашынмак.
    Тойлогону олтурса бирден уйду жеп коет,
    Мяу — мяу,
    Артыңарга карабай гүл жайыктан качкын бат.

Корккон уйлар жайыктан кетишти. Балчы – аарылар мышыктарды гүлдүн балы менен сыйлады. Таттуу балды мышыктар Аюгу алып келишти. Бирок, Аюу өтө кежир эле. Ал кайра:

— Гүлдүн балын каалабаймын, гречканын кызыл балын жактырам ! — деди.

Мышыктар кантмек эле, гречка эгилген талаага барышты. Чоң талаа бал жыттанат. Аарылар талааны каптап эсепсиз учуп жүрүшөт.

— Мышыктар, эмнеге бизге келдиңер? Силерди ким чакырды? – деп, сурашты мышыктардан.

Ак мышык болсо:

— Мен таттуу кызыл токоч бышырмакчы элем. Бүт карагатты Аюу өзүнө жыйнап алыптыр. Аюу болсо гүлдүн балын сурады эле. Эми гречканын балын беришибиз керек экен — дейт.

— Канча көтөрө алсаңар ошончо ала бергиле, бизде бал көп, — дешти аарылар көңүлдүү.

Алар ордуна эч нерсе суранышкан да жок. Булар колу ачык, март аарылар эле. Мышыктар кубангандарынан аарылардын уясы менен көтөрүп Аюуга карай жөнөштү. Аюу болсо дагы эле кежирленип олтурат.

— Мен Кызыл гречканын балын жактырбаймын. Липанын аппак балын жактырам! Липанын балы жыттуу, аны менен сазды да кошо жеп койсо болот.

Мышыктар кантмек эле, липа токоюуна кетишти. Ал токойдо түтүндүн айынан караңгы экен. Бирөө жаккан отун өчүргөндү унутуп кетиптир. Чоң липа дарагын табышты, анын көңдөйүндө аарылар толтура. Түтүндөн коркуп токойго учушпай олтурушат.

— Силер, мышыктар эмгеге бизге келип калдыңар? Ким чакырды силерди? – деп сурашты алар.

Ак мышык болсо:

— Мен таттуу кызыл токоч бышырмакчы элем. Бүт карагатты Аюу өзүнө жыйнап алыптыр. Аюу болсо гүлдүн балын сурады эле. Анан гречканын балын. Эми липанын балын бере коюшубуз керек экен! – дейт.

— Э-э, биздин Аюу өтө кежир. Ал эми силерден Орол тоолорундагы таштын балын да сурашы мүмкүн.

— Эми эмне кылабыз – деп, кейишти мышыктар.

— Токойдогу өрттү өчүргүлө, — дешти аарылар  — ошондо бал беребиз.

Мышыктар кантмек эле, жаңактын бутактарынан сындырып алып өрттү өчүргөнү барышты. Бутактар менен жалынды чапкылай башташты. Эч эле өчүрө алышпайт. Өрт күчтүү экен. Кыйкырып үчүнчү — Кара мышыкты чакырышты.

Кара мышык балыкчы эле, көп акылдуу нерселерди билчүү. Үч темир күрөк апкелип, шериктерине айтты:

— Арык казабыз жолдоштор. Деңизден сууну токойго бурабыз.

Көпкө казыштыбы, же азга казыштыбы ким билсин, жомок тез айтылып, иш акырын бүтөт эмеспи. Ооздорунда бир тамчы суу жок, бир тамчы бал жок бүт күчү менен аянбай эмгектеништи.

Чарчап – чөпкө жата кетишти. Караса, кежир Аюу чуркап келе жатат, коркконунан жүнү тике болуп, көздөрү алаңдап калган. Колуна бир себет карагатты көтөрүп алыптыр.

— Жардам бергиле, мышык мырзалар! Токойдогу өрттү өчүргүлө, — деп колундагы карагат салынган себетин сунат.

— Карагатты кое туруп, биз менен арык казгын,— деди, ага Ак мышык.

Аюу чоң бармактары менен жерди каза баштады. Иш тездеп жүрдү, арыкты казып бүтүштү. Деңиздин суусун токойго кое беришти. Өрт да өчүрүлдү.

Ак мышык үйгө келип, карагаттар менен кыпкызыл таттуу токочторду бышырды. Анын таттуу жыты айлананы каптап кетти.

Майрам көңүлдүү болду. Жаныбарлардын баары конокко келишти. Түрдүү белектерди алып келишти. Баары бал ичип, татынакай таттуу кызыл токочторду, таттуу нандарды жеп, мышыктарды макташты.

Жалгыз Аюу гана унчуга албай чекеде олтурду. Эмнегедир Аюу уялып калды.

Ал эмнеге уялып калганын – өзүң билип ал.

 

© Грачёв С.А., 2009. 
    Которгон – Т.Закирова
    Редактору – Р. Каримов

 


Количество просмотров: 4769