Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз
© Аваз Жокей, 2009. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2009-жылдын 10-ноябры

Аваз ЖОКЕЙ

“Мэйдиң Индия!.. Мэйдиң Индия!..”

(Даярдалып жаткан “Куудулдарга кумжардам” китебинен)

Аваз Жокейдин бул аңгемеси бүгүнкү замандагы жубайлардын мамилеси, тагыраак айтканда эринин аялына болгон шектенүүсү юмор аркылуу чагылдырылган. Аңгеме басылмага даярдалып жаткан китептен алынды.

 

Кайда барбагын азыр ушул ыр. Тажап бүттүм. Үналгыдан да, сыналгыдан да... үйдө да, көчөдө да, машинеде, вокзалда, конокто, атүгүл мончодон да угасың. Жок, алгач жакшы эле жакты. Ыры да ырчысы да, айрыкча ырчы кыз — Алиша деген!.. Кара көз, кара каш... Керемет! Угуп эле отургуң келет... Жо-жок, эки-үч күндөн соң карап эле отургуң келет экен... сыналгыдан, үнүн өчүрүп салып. Келбети келишкен...

Алаксып кеттим окшойт, эмне дедим эле?.. Ии! Ошентип, уга берип... тажайт экенсиң. Бир күн уктум, эки күн уктум, үч күн уктум... анан он үчүнчү күнү мен да кошулуп алып... кара таштыбы, ырдабай эле улудум! Аргасыздан улуп-уңшуп, аягында чыдабай кыйкырат экенсиң: 

— Алдагы, аңга түшкүр Алишанын жаагын басчы!.. Кулагы жок! Ой, кызым, алдагы үналгынын үнүн басчы! – деп.

Бир азга акырындатат да кайра эле каңкылдатып коё беришет. Эмне кыласың, жаштарга жакса айла жок, бир кезде өзүм да жаш болгом, убагында биз да бакырып ырдаганды жакшы көргөнбүз. Балдарым менен бакырышпайын деп базарга жөнөдүм. Мында деле Алиша жүрөт, эми өзү эмес, албетте үнү жаңырат, зымкарагайдагы үнкүчөткүчтөн өңгөчү үзүлгөнчө... 

Андан качып автобуска түштүм. Жакшы эле бейкапар отуруп көшүлүп келаткам, аңгыча эле Алиша “Мэйдиң Индия! Мэйдиң Индия!” деп жүрөк түшүрө дагы кыйкырса болобу! Ай, атаңдын оозун ачайын Алиша!.. Балээ го, бул! Мага өчөшүп алганбы, же ээрчип алганбы, кайда барбайын ошол жакта жүрөт бу ырчы сулуу, сулуу болбой сууга түшкүр!..

Арт жагымда отурган эки кыз:

—  Ай, жыргалай, Алиша поет!.. – дешип, алакандарын чапкылап, тим эле энелери Европадан эки чумодан евро көтөрүп келгенсип сүйүнүшөт. Алишаң менен аңга түшкүр! Аргасыздан алардын кебине кулак түрдүм.

—  Аты да четкий, э?! Алиша деп!..

—  Билесиңби, эмне үчүн аын ысмы Алиша экендигин?

—  Жок, билбейм... Ой-ии, айтсаң эми...

— Баарына белгилүү, сен эле көктөн түшкөнсүп... Эмесе угуптур, очень интересный роман. Биздин Алишев деген атактуу мызыкант бар го?..

—  Ии, ооба, жанагы комузчу, обончу, аткаруучу?.. 

— Ошол Алишев мырза чыгармачыл ишсапар менен Индияга барып алты ай жүрүп келбейби. Музыкант болгон соң ушул ырчы кыз менен таанышат. Анысы Алишевге ашык болуп, аягы Индия махабатына айланат. Ошентип заматта жарым жыл өтүп кетет. Арга жок, ары карап ыйлап, бери карап ырдап ырчы кыз Алишевди узатып кала берет. Кыргыз жигиттен эстелик тумар калсын деп өзүн Алиша деген атка кондурат. Эми ошол ысмы менен, акжолтой болуп, бүткүл дүйнөгө белгилүү болбодубу. Кандай экен?

—  Ои-ий, четкий экен!.. — деп курбусу алаканын чапкылады.

—  Мен да кыскача кылып айттым, кененирээк кылып сүрөттөсөм Индианын эки сериалуу киносунан да өтүп кетмек.

—  “Мэйдиң Индия” дегени эмнеси?

—  Ии, куруп кал! Ошону да билбейсиңби?! Бул сөз “Индияда өндүрүлгөн товар” дегенди билдирет. Алиша байкуш “Кыргызстанда жасалган” Алишевден түңүлгөн соң “Индияда жасалган” эле жигитке тийейин деп ушуну ырдап чыкпадыбы...

Сууктан ичиркене жакамды көтөрдүм. Индияда күн жылуу, атүгүл ысык болсо керек. Аялым да эл катары алыпсатар болуп убагында Кытай, Турция жана былтыр Индияга чейин барып соода кылып келген. Ушул убакка дейре айтып түгөтө албайт, айрыкча Индия жөнүндө. Жубайым чоң коммерсант, биздин түшүнүк боюнча. Жакшы эле бакубат жашап калдык элек, эми эки жылча үйдөн чыгалбай калат го... Бир жагынан ырас эле болду, себеби эки кыздан кийин эрдик кылып уул төрөп бербедиби. Эми минтип төрөт үйүндө жатат. Буюруса, эртең-бүрсүгүнү чыгарып алабыз...

...Төрөт үйүнө кирдим, демейде аңдып отурчу дүжүр медайымдын жоктугунан пайдаланып, илинген турган ак халатты жамына, аялым жаткан палатага кирип бардым. Уулумду эмизип бүтүп оромолун кайрадан жаңыртып орогону жатыптыр. Базарлык салган баштыгымды аялыма карматтым да:

— Келе, берчи мага жаман чүрпөмдү, бир жыттап алайын, — десем:

— Кой, болбойт, медайымдар көрсө урушат, — деп аялым аябай чыйпычыктады.

— А биз көргөзбөйбүз, ээ! – деп болбой эле колума алдым. — Уулум кимге окшоп калган, ыя? Биздин тукумда мындай кир көтөрүмдүүлөр жок эле го?.. Ыя?..

— Силерде жок болсо биздин чоң атабыз көмүрдөй капкара киши эле, раматылык...

— Оуу, анда чоң таятасын тартып калган турбайбы, жаман сасыгым... Ох, жытыңдан... – деп уулумдун чекесинен сүйдүм, курсагынан, чочосунан өптүм, жамбашынан жыттадым... — Эй, токточу!.. Бул эмнеси?.. Жамбашына эн салып койгонбу?.. Чет тилде жазып койгонбу?.. Эмне дейт?.. Мэ-Мэ... Мэй-диң... Мэйдиң Индия... дейби?!.. Бул эмнеси?.. Ыя?! Эминээ-ээ?.. 

Аялыма суроолуу карадым. Ал болсо ылдый карап унчукпайт, кайдан билем дегенсип ийиндерин куушурду. Бирде аялымды карайм, бирде баланын жамбашын карайм... Мээмди ток ургандай болду!.. “Ух-х!!!” Аңгыча ушуну эле күтүп тургансып палатадагы үналгыдан: “Мэйдиң Индия! Мэйдиң Индия!..” деп Алишанын үнү жаңырды мазактагансып. Кулагым тунуп, башым айлан-көчөк болуп баратты. Колумдагы баланы, аялымдын Индиядан тапкан... товарын өзүнө кармата салып сыртка далбастап жүгүрүп чыктым. Сөөктөн өткөн муздак шамалды сезбей көчөнүн ортосуна түшүп алып канатына ок тийген казга окшоп ак халатты далбалактатып чуркап бараттым... Артымдан болсо “Мэйдиң Индия! Мэйдиң Индия!..” деп кыйкырып Алиша кубалап келатты. Далбактап келатып чалынып жыгылдым. Алиша жетип эле жакадан алып жулкулдата баштады: “Эй, турбайсыңбы?! “Роддомдон” түшөт белең? Ач көзүңдү, сен эмне уктаганы түштүңбү автобуска?” Алаңдап көзүмдү ачсам... Алиша эмей эле кондуктар кыйкырып жатыптыр. Тү ата! Көзүм илинип кеткен турбайбы... Элдин баарын каткыртып, чалынып-чулунуп жатып автобустан араң түштүм. “Мейдиң Индия! Мейдиң Индия!..” деп Алиша менен автобус андан ары кетти.

Бул эмне деген жорук? Түш деген бекеринен кирчи эмес эле... Лакылдап чыккан жүрөгүмдү басайын деп төрөт үйүнүн алдындагы кафеден эки жүз граммды басып алдым.

Палатага кирсем аялым чын эле баланы жаңы эле орогону жатыптыр. Колунан баланы ала коюп аркасын, жамбашын, капталдарын оодарып карадым. Эч кандай эчтекеси жок! Баланын деле өңү өзүмө окшош — сапсары! Мурут тагып, көз айнек кийгизип койсо кудум эле өзүм болмок экенмин. Үхх! Жүрөгүм ордуна келип, кубанганымдан баланы эки-үч ирет жыттап алдым.

— Сага эмне болгон? Бирдеме ичип алгансыңбы? 

— Ардагым кечирип кой, чыдабай сүйүнүчтөн жүз грамм...

— Болду эми, жаңы төрөлгөн балага анча сугуңду артпа, — деп аялым Ачууланганынан баланы кайра карматып жатып:

— А, жаңы төрөгөн аялга сугумду артсам болобу? — деп жубайымды белинен кыса кучактап, бетин ала качса да болбой ууртунан бекем сүйдүм. 

АЯГЫ

 

© Аваз Жокей, 2009. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

 


Количество просмотров: 1763