Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз
© Аваз Жокей, 2007. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2009-жылдын 5-ноябры

Аваз ЖОКЕЙ

Куудул куржун

Мыскыл жана тамашалуу аңгемелер

Аваз Жокейдин бул китеби мыскылды жана тамашаны окурмандарга тартуулаган алгачкы китеби. Юмор менен жазылган кыскача аңгемелер ар бир окуган адамдарды жылмайтып жүрөгүнөн орун табат деп ойлойбуз.

Аваз Жокей. Куудул куржун – Б., 2007. – 144 б. китебинен алынды

УДК 82/821
    ББК 84 Ки 7-4
    Ж 78
    ISBN 978-9967-24-625-6
    Ж 4702300100-07

 

КИРИШ СӨЗ ОРДУНА

Москва шаарында профессионал куудул, алып баруучу, телеберүүнүн автору Петросян менен жолугушууда айтканы бар: — «Көрүүчүлөрдү күлдүргөн тамаша болобу, интермедия болобу, же комедия болобу бардыгы турмуштан алынган. Биз аткаруучулар бир аз боёк кошуп, бир аз көркөмдөп, чагылдырып элге тартуулайбыз. Ар бир жолу сахнага жаңы репертуарды даярдаганда жүздөгөн элден чогулган материалдарды иштеп чыгууга аракет кылабыз». Петросяндын бул айткандарында калет жок деп ойлойм. Бул жанрдын кыйынчылыгы жана татаалдыгы ушунда. Кыргыз окурмандарына биз да жаңыча жазылган кыскача юморлуу аңгемелерди сунуштайбыз. Өзүңөр окуп чыгып, салмактап көрүп, жылмайып же каткырып күлүп өз бааңарды бересиздер деп ойлойм. Аваз Жокейдин бул алгачкы китебине ак жол каалаймын.

Апилмажун ТЕМИРАЛИЕВ, «Сильва» борборунун президенти

 

МАЗМУНУ

Силерге күлкү, а мага 
    Оозу күйгөн Опкокбай
    Колго түшкөн «коён», же ойрон болгон оён
    Айрылган шым жана айныган башым
    Дардаңдаган «дарыгерге» жаралуу жамбаш
    «Ымпортный сүрсүгөн эттен алыңыз!»
    «Тиги дүйнөдөн жолуксам, өлтүрөм сени!..»
    «Тандырдай болгон таргылым!..»
    «Эрди-катын урушат,.. эптүүлөрүң жыргашат!»
    «Аялымдын аты ким эле?»
    Суусарга суусаган Мерген менен алимент жеген Арген
    «Маркум Какең тост айтсын!»
    «Таластагы иттер эмне жейт, ыя?»
    «Эсил кайран кан досум, сени кайра жоготтум!..»
    «Муйдуңдан ананайын, депутатым!»
    «Солойто чапкан сотка!..»
    Курсагың ачса пикетке бар!..
    Кантип мен кинорежиссор болдум?
    «Кошуна сатам, ким алат?»
    «Кыргызстанга президент болууга макулмун!»

 

СИЛЕРГЕ КҮЛКҮ, А МАГА ...

Туугандар, алтын саат ким алат? Чын эле айтам, жапжаңы алтын саат! Уурдап алган жокмун, тескерисинче, милициянын генералы берди, кечээ өз колу менен... Эмне күлөсүңөр? Силерге күлкү, а мага кайгы... Албетте, бекер бербейм, акысына бир «срочный» жумуш аткарып бериш керек. Эмне жумуш? Азыр айтып берем.

«Желмогуздун чоңунан эмес кичинесинен корк» дегендей, кайдан-жайдан экени белгисиз, жакындан бери биздин үйдө кибиреген көпөлөктөр пайда болду. Араң жан болуп алып дегеле дымагын айт. Жегендери жалаң таза жүн, кирин жесе өлө тургансып. Жанагы кымбат тондон, дубленка деп жүрөбүз го, ошондон баштап, карышкыр, илбирс ичик, жүн жоолук, тор көйнөк, кундуз жака, суусар тумак, деги койчу, түктүү немеден түк кыя өтпөйт экен. Төшүм түктүү болсо мени деле жайлап салышмак, дагы жакшы кавказдык болбой калганыма.

Кырды бычак болуп кырылышайын десем, же бир анысы күндүзү көрүнбөйт. Кычык-кучуктарга жашынып жатып, жортуулга түнкүсүн чыгат экен. Эгерде аялым колго токулган көйнөгүн издебегенде, кийимибизди тегиз жеп, энеден туума жылаңач калмак экенбиз. Бытыра менен аткансып, көйнөгүнүн оюлбаган жери жок. Ошондо жалжалымдын күйбөгөн жери күл болду го, чиркин! Баарынан да отпускага чыгып, төркүнүнө барып ошо көйнөгүн бир жаркырап кийип барайын дегенде ышмалдасын чыгарып отурбайбы. Бир да бүтүн көйнөгү калбаптыр! Дагы жакшы күбөлөрдүн синтетикага тиши өтпөйт экен, ошонусунан бирди кийип кетти. Кетерде:

– Мен келгенче бу желмогуздарды, өлүктиригиңди көрөйүндөрдү, кырып, баарын жок кыласың! Болбосо!.. – деди бөйрөктү таянып туруп.

Калганы түшүнүктүү да, бул үйдө же мен, же күбөлөр калыш керек. Аялым бир сөздүү, айтканын сөзсүз аткарат. Ошондуктан ошол эле күнү дүкөндөрдү түрө кыдырып, акыры бир дүкөндөн сатуучу жанын сабап мактаган, жаның жегир, «Антимоль» деген аэрозолдон бешти алып келдим. Эшик-терезелерди бекем жаап, оозу-мурдумду тумчулап алып үй ичине аябай чачтым. Булуң-бурчтан, кийим кече салынган ашкептен бери, айтор, чачыратпаган жылчык-тешик калган жок. үчүнчүсүн араң бүтүп чыдабай сыртка чыга качтым. Болбосо баарын чачайын деген оюм бар эле. Тышкы каалганы кулпулап микрорайондо жашаган досумдукуна кетип калдым.

Кагазда жазылган нускаамасы боюнча үч сааттын ичинде үйдөгү болгон күбөлөр эле эмес кыбыр эткендин баары күбүлүп түшмөк. А мен болсом, ошолордун тукумун биротоло курутайын деп, досумдукунда үч түнөп келдим. Күбөлөрдү шылтоолоп жата берсем болмок, бирок аяш кыйгачтап «аякбошотор» дегенсип күңкүлдөй баштаган соң аргасыздан үйгө келдим. Кирери менен эшик-терезелерди аңырайтып ачып, үй ичин шамалдата баштадым, жыты дагы эле каңшаарды жарат. Төркү бөлмөнүн каалгасы бекем жабылып калганбы, ачылбады. Кудай сакта, ичинен бирдеме тиреп тургансыйт!.. Күчкө салып катуу түрттүм эле, бир аз ачыла түштү. Башымды кыңайтып бөлмө ичине көз жүгүрттүм... Бул эмне балекет?.. Жүрөгүм оозума кептелди. Качайын десем колум карышып чыкпайт, каалганын туткасына желимдеп койгонсуп... Болгон кайратымды жыйып, көргөн көзүмө ишенбей дагы баш бактым. «Баа-а!» деп бир айкырып алып, талпылдап эки-үч тепкичти бир аттап сыртка чыга качтым. Эсимди жыйып эки жагымды карасам эч ким көрүнбөйт. Эстей коюп жакын турган телефон-автоматка жетип-жетпей эле жабыштым.

– Алло, алло!.. Тиги.. эмеби.. милициябы? Эме.. тиги... менин үйүмдө...

Эмелеп-семелеп жатып бирдемелерди айтып эптеп түшүндүрдүм окшойт, жүрөк түшүп мен эки жакты карап элеңдеп тургуча, кудай жалгап, милиция «улуп-уңшуп» жетип келди...

... Эртеси мен иштеген мекемеде чоң чогулуш болуп, шаардын ички иштер бөлүмүнүн башчысы, милициянын генералы салтанаттуу түрдө өз колу менен менин колума алтын саат такты.

– Чоң рахмат, сизге! Беш жылдан бери биз издөө салып кармай албай жүргөн, изин сууткан, ашынган кисебир, жеткен ууру кылмышкерди химиялык куралдын жардамы менен кармап, коомубузду ушундай митеден арылтканыңыз үчүн сизге ушул баалуу сыйлыкты тапшырып коюуга уруксат этиңиз! – деп колумду бекем кысты.

...Анысына ыраазымын дечи, бирок, аялыма эмне деп жооп берем. «Антимоль» килейген кисебир-желмогузду көтөрүп чапканы менен, кибиреген желмогуздарга алы жетпейт экен да, кашайып. Ал жер жуткурлар, өлбөй-житпей эле жээрин жешип, тукумдарын кайра көбөйтүп жыргап жатышат. Ал эми аялым келсе мени курут кылаарына көзүм жетип турат.

Ошон үчүн, туугандар, кимде ким менин үйүмдөгү күбөлөрдү тез арада, аялым келгиче жок кылып берсе, ушул алтын саатты берем! Эмне күлөсүңөр? Силерге күлкү, а мен чын айтам, дагы үстүнө кошуп мынабу «Антивор» деген аэрозолдун эки банкасын да берем...

 

ООЗУ КҮЙГӨН ОПКОКБАЙ

Оокат дегенде ооп түшкөн досум бар. Мурда дос болчубуз, азыр учурашпайт мени менен... Затына жараша аты бар – Опкокбай деген. Ага айрыкча башка бирөөнүн үйүнөн ичкен оокат ойда жагат да. Ошондуктанбы, же башка бир себеби барбы, айтор, Опкокбай менин үйүмө кийинки күндөрү көп кире турган болду. Киргенде да ар дайым оокат астыга келип , ооз тиелекте саламын жазбай кирип келет.

– Ассало-ом алейкум!

– Алейкума салам! Кел, төргө өт! Ушу сенин ниетиң ак деп элдин баарына айтып жүрөм да, дайыма тамак астында келесиң...

Опкокбай менин айтканыма маашырланып, каракүчкө каткырып, анан кайталап сураттырбай эле чеңгээлин палоого матырат. «Сенин аяк бошотурлугуңду койдурбасам болбой калды», – дедим ичимден.

Аркы-беркини айтышып, палоо желип, чай ичилип бүткөндөн кийин Опкокбай:

– Чоң рахмат! Эмне жумуштап келдим эле?.. Таптакыр эстен чыгып кетиптир, – деди ордунан туруп жатып.

– Мейлиң, шашсаң... Курсагың ачканда... тоюст, эстегенде дагы келерсиң да, жакынбыз го...– дедим мен узатып жатып.

«Эсиңе жара чыккыр! Ушу бойдон биздин үйгө келген жолду унутсаң кана?»

– Сен эртең суюк тамак жасагын, – деп аялыма кайрылдым.

– Коюу тамакты жакшы көрчү элең го?...

– Мага эмес, тиги соргок Опкокбайга. Палоого нык тойгон байкуш таң аткыча эми кыйналып чыгат. Ошон үчүн эртең суюк оокат жасагын, экинчи келгис кылайын.

Эртеси менин буйругум боюнча аялым эт кууруп, калемпир, пияз, кара мурч жана башка ачуулардан аябай кошуп, жыты буркураган керемет шорпо жасады. Даяр болоору менен кененирээк табакка мелт-калт куюп менин астыма койду. Мен болсом жыгач кашыкка толтура суздум да, улам үйлөп суутуп, эшик жакты тыңшап отурдум. Көп күттүрбөй, мурду жытты сезген Опкокбайдын талпылдап баскан дабышы чыкты. Мен суутуп даярдап алган кашыктагы шорпомду төкпөй-чачпай кайра шорпонун үстүнө кайыкча калкытып койдум.

– Ассало-ом алейкум!..– Адатынча анткорлонуп саламын жазбай досум кирип келди.

– Алейкума салам! Кел, төргө өт! Ушу сенин ниетиң ак дейм да... Келе, байбиче, чоң кашыктан бирди, Океңе! И-и, ал эми, бир аз муздай түшкөнбү?.. – деп мен өзүм даярдап койгон кашыктан чоң ууртадым. Соргок неме мени байкап ал да чоң кашыгынан чоң ууртады! Кудай сактай кө-өр! Көздөрү чанагынан чыккандай тостоюп, беттери чыңалып, ысык шорпону же бүркө албай, же жутуп жибере албай, ордунан аткан октой атырылып жөнөдү, сыртка талпылдап жүгүрүп баратып эшиктин кесегесин сүзүп чалкасынан кетти. Ага да карабай тура калып, башын мыкчыган бойдон сыртка чыга качты...

Эртеси аны көчөдөн үйүнүн жанынан жолуктурдум. Оозун алаканы менен жаап турган экен, салам айтсам унчукпай башын ийкемиш болду.

– Ой Опке, кечээ эмне болду, тынчылык элеби?

– Шорпоң өтө «муздак» экен, ооруган тишиме барып бир тийди эле, чыдабай кетип...– деп эптеп булдуруктады.

– Ой, анда жүрү, кечегиден анча-мынча калды эле ысытып ичелик, – дедим күлкүмдү араң дегенде тыйып.

– Жо-жок! Ырахмат! Курсак ток, азыр эле тамактандым, – деп Опкокбай тескери бурулуп үйүн көздөй шашты.

 

КОЛГО ТҮШКӨН «КОЁН», ЖЕ ОЙРОН БОЛГОН ОЁН

Троллейбус жер үстүндө өңүрөңдөп кетип баратат, а менин кыялым асманда учуп жүрөт. Ананчы, болочок колуктум менен шерттешип койгом, азыр жолугушабыз да, болочок кайненемдин туулган күнүн куттуктаганы белек алып, анан кечинде аны тапшыруу аземинен кийин кызынын колун сурайм. Укмуш акыл бекен, ыя? Белек алып кубанып турганда, кантип эле менин суранычыма «аткез» берсин.

– Ай, жигит, билетиңди көрсөт! Эй, жигит! Кулагы жок го... Булар ушундай, укмаксан болуп тура беришет. Эй, бала! – деп бирөө каруумдан катуу кармап тарткылады эле, таттуу кыялымды кымгуут кылып жиберди. Карасам орто жашап калган аял мени тикирейип карап туруптур. Алдастай түштүм ичимден. Бирок, анымды билгизбей өлүмүш болуп тура бердим.

– Ай, жигит, кулагың барбы? Мен сага айтып жатам!

Мен эми араң уккансып ыңгырандым:

– Сиз магабы?..

– Сага болбогондо, арбакка айтып жатат дейсиңби, көрсөт билетиңди?!

– А-аа, азыр, азыр... – деп карбаластап, чөнтөктөрүмдү тинткен болуп жаттым.

Караташтын билетиби, кыялданып келатып, аны да таптакыр эстен чыгарып ийген турбайымбы. Эми таптакыр шерменде болот экем ээ! Баса, бу текшерүүчүнү кайдан көрдүм эле, көзүмө жылуу учурайт?..

– Эжеке, сиздин өңүңүз мага жылуу учурап турат, биздин айыл тараптан болуп жүрбөңүз?

– Ай бала, бир тууганым болсоң да билетиңди көрсөт, же ырсалактабай ыштарап төлө!

Жөндөн жөнү жок жемимди жедирчи эмес элем, суудан кургак чыккым келди.

– Тү-ү ата! Жатаканага унутуп келген турбайымбы...

– Эмнени?

– Акчамды, капчыгымды...

– Андай жомоктун далайын укканбыз. Болуптур, анда троллейбус менен акыркы аялдамага чейин барасың да, «коен» катары койкоюп сүрөткө түшүп коесуң. Анан сүрөтүңдү «Биздин шаардын «коендору» аттуу көчө гезитине жабыштырабыз. Балким ошондо каерден көргөнүңдү эстээрсиң...

– Түшүнсөңүз...

– Түшүнгүм келбейт, ыштарап төлө!

– Билсеңиз...

– Билгим да келбейт. Көкөйүмө тийдиңер. Жада калса түшүмө да киресиңер...

Жиним шакардай кайнап чыкты. Ыштырабын жана эле берип кутулбай. Эми мынча болду, баятан берки акысын кайтарайын.

– Ай эжеке, «Энесин көрүп кызын ал» деген кеп бар эмеспи. Анын сыңарындай сиз ушунчалык экенсиз, кызыңыз сизден өткөн ажаан болсо керек. Аны алган кайран жигиттин шору.

– Кызыман да, өзүмөн да айланба. Аскарбит эткениң үчүн сотко берем...

Ансыз деле коендукундай жүрөгүм бар эле, аз жерден бөлт деп түшүп кала жаздады.

– Эжеке кечирим сурайм, сүйлөшкөн кызыма жолугайын деп бараттым эле, сүрөтүңүзгө түшөм деп кечигип калам го, ан¬дан көрө ырайым кылып, кечирип коюңуз?!

– Жаныңда жарты тыйының жок, сендей алаөпкө жигит менен жолугушкан кыз деле бир шоордуу экен... Башты оорутпай төлөйсүңбү, же ушинтип акыйнек айтышып тура бересиңби?

– Сиз менен акыйнек айтышуу оңой эмес окшойт, андан көрө сиз менен кош айтышайын... – деп троллейбус токтоору менен мен коен секирикке салып ыргып түштүм да, калың элдин арасына си¬ңип кеттим.

Кош бол, текшерүүчүм! Сени экинчи желкемдин чуңкуру көрсүн!

Жаркыныма жолугушаары менен алиги жинимдин баары чар учкандай тарап, майга малынган кайыштай балбырай түштүм. Алтынымдын апасы кантип эле жанагыдай албуут болсун? Назик жана сулуу кыздын апасы да назик жана керемет болуш керек...

Ошон үчүн кызынын колун сураганда, болочок күйөө балам бардар жердин, бакубат ата-эненин баласы экен, мартабалуу окшойт деп айтсын деген мааниде, студенттигиме карабай келечектеги кайненеме жапан жоолуктан бирди алдым. Анан, албетте, шикарный гүл коштум. Жаркыным экөөбүз кино көрүп, келечек тагдырыбызды бир түйүнгө түйүп, шашпай, кечке жуук кайненемдин үйүнө жөнөдүк. Жолдо баратканда жүрөгүм дүкүлдөп, кабынан ыргып кетчүдөй туйлайт. үйүнө жеткиче айта турган сөздөрүмдү жадыбалдай жаттап күбүрөп бараттым. Жаркыныма сүйөм деп айткандан ушу келечектеги кайненеме айтаарым азап болду.

Ошентип, жеттик үйүнө. Жаркыным коңгуроону басканда ары ичкериден кадам угулду эле, муунум калчылдап, буттарым жылт берчүдөн бетер тыбырчылап турду! Тигине, эшик да ачылды... Оо, кудай сактай көр!!!.. Эсим ооп баратканын бир билем...

Андан аркысын мен айтпай эле коеюн, а силер укпай эле койгула! Кыскасын айтканда, эсиме келсем, чоң көчөнүн ортосунда тайгандан качкан коендой болуп бир троллейбустун астына түшүп алып далбас уруп текиреңдеп кетип баратыпмын...

Ээ, туугандар, эмнесин айтайын? Алиги эшик ачкан болочок кайненем, эми караташыма кайнене болмок беле(?!), бая түштө троллейбуста мен желкемдин чуңкуру көрсүн деп карганган текшерүүчү болуп чыкпадыбы! Эмне эле көзүмө жылуу учурайт десе, сүйгөнүмө окшоштуруп жаткан турбайымбы!.. Дагы уялбай «сүйгөнүм» деп коем...

Эми канттим, туугандар?..

 

АЙРЫЛГАН ШЫМ ЖАНА АЙНЫГАН БАШЫМ

Жаңы эле үйлөнүп, ысыкчылык али бүтелекте, жанымды кашайтып жетекчим ишсапарга айдап жибербедиби, менсиз ишкананын иши токтоп кала тургансып. Он күндүк жумушту беш күндө бүткөрө салып, учуп-күйүп үйүмө, үлпүлдөгөн келинчегиме жөнөдүм. Автобус менен алты саат жол жүрүү мага алтымыш сааттай эле болду окшойт. Дагы жакшы, жанымда отурган сапарлаш байке болбосо кыбыраган автобусту таштап жөө жүгүрмөкмүн. Ал байке ушунчалык шайыр жана сөзмөр экен, бир заматта ичи-койнума кирип, көңүлүмдү көтөрүп алаксытып келатты. Чөнтөгүндө «бөтөшү» бар экен, ичпейм десем да жанды койбой жатып бир стакан алдырды. Арак деген балее турбайбы, бирди алгандан кийин калгандары өзү эле куюла берет экен да... Бир маал¬да жоон топ кызып, жыргап эле калыпмын. Жаңы үйлөнгөнүмдү угуп, аялды башынан катуу кармабаса көрүнгөнгө көзүн кысаарын, акырындап башкарып төбөңө чыгаарын, дагы бир топ акыл-насааттарын айтып эбиреп-жебиреп жиберди. Анан эрди-катын жөнүндө анекдоттордон бир жаадырды дейсиң, күлө берип ичегим түйүлүп, тырп этерге дарман калган жок.

А бирок, «күйөөсү командировкадан келсе...» деген анекдоттордон айткан сайын тескерисинче, күлмөк түгүл кокомо бир нерсе тыгылгансып келаттым. Үйү менен келип калчу келинчегимдин классташы көз алдымдан кетпей туруп алды. Ошо жумуштары кур эле шылтоо окшойт, ыя?...

Ошентип таң ата электе үйүмө да жеттим. Кирип баратып аңдоостон балконго көз чаптырдым, мына кызык, кир жайылуучу жипте шамалга селпилдеп бир жинсы шым илинип турат. Көкүрөк туш зырп этип, нервим булк дей түштү. Жашаган квартирабыз биринчи кабатта болгон соң балкондон деле үйгө кирсе керек деген ой мээмди көзөп өттү. Жакын барып шымды кармаладым, ичи-тышын оодардым. Менин мындай жинсым өмүрү болгон эмес! Бирок, кайдан көрдүм эле?.. Оңбогон арак эс-акылымды ойрондоп салса керек... И-и, эстебедимби! Точно! Ошонуку! Иттин гана баласы! Азыр мен сени... силердиби!... Ачуум ушунчалык кайнаган экен, ичимдеги үргүлөп жаткан жин-шайтандардын баары ойгонду. Тим элеби!... Экөөңдү тең!... Колдорум калтырап, эшикти араң ачпадымбы. Кирерим менен бут кийимди чечпей эле уктоочу бөлмөгө жулкунуп кирдим да, керебетте «жаткандардын» үстүндөгү жуурканды силкип ыргыттым. Аялым чоочуп кетип «апа-а!» деп бир бакырып алды да, ордунан секирип турду.

– Ападан айлангыр! Дагы уялбай «апа-аа» деп коет. Жалгызсыңбы? Тиги кайда?

Эңкейип керебеттин астын карадым, бөлмөлөрдү кыдырып, ванна-дааратканага дейре баш бактым. Жок, жер жуткансып. Кайра келип бурчта эч нерсеге түшүнбөй шүмүрөйүп турган аялымдын тумшугуна, тиги, ала кирген жинсы шымды булгаладым.

– Жылаңач качтыбы? Кайда житип кетти,я? Айткының, шуркуя, ойношуң кана?!

«Шуркуя» дале түшүнбөй көзүн алаң¬датып бир мени карайт, бир шымды карайт, анан, көзүнүн кыйыгы менен шыйпанерди карагансыды... Ап, бали! Точно! Накта анекдоттогудай! Жашына турган башка кычык жок да? Мен, азыр... Ашканага жүгүрүп барып заматта чоң аш бычакты апкеле койдум. Акырын басып жакындап келдим да бычакты оң колума оңтойлотуп туруп шыйпанердин эшиктерин эки жакка тез ача салып, бычак менен курсакка сайдым, сая бердим, сая бердим, кылычтай кылып шилтей бердим, шилтей бердим!..

– Мына сага! Мына сага! Ушуну көр¬мөксүң, катынпоз! Жашабай жатып карасаң мунун... Эми тиги дүйнөдөн көрсөт жүрөнөктүгүңдү! Мына сага! Мына сага!..

Жетимиш жаның болсо да жайладым го деп карасам... көрүнбөйт, Тешилип, жыртылып, самсаалап кесмедей кесилген кийимдердин баарын шыйпанерден алып ыргыттым. Балээ да жок?

– Качып кеткен экен да, суволуш! Сениби, колго тиерсиң!.. Сен да кеткиниң, шуркуя! Жогол, көзүмө көрүнбөй! Дагы уялбай анын шымын жууп көз көрүнөө жайып койгонун кантесиң! Араң эле жүргөн экенсиң... Классташым деп коюп... Көзгө чөп салып... Башында эле байкагам, экөөңөр соо эмес болчусуңар. Кашайып көңүл бурбай койбодумбу... Кеткиниң, азыр мен өзүм үчүн жооп бере албайм...

Кутурган иттей болуп көздөрүм канталап, бир колумда чоң бычак жалтылдап, экинчи колумда жанагы жинсы шым шалпылдап, накта жаналгычтай болуп турсам керек, келинчегим кеткенче шашты.

Кебетесин кара тим эле бир паста байкуш боло калганын. Чыгып баратып мага бирдеме айтмакчы болду эле...

– Жаныңды жебе! Жогол! Кет! – деп жүрөк түшүрө айкырып, колумдагы шым менен бет талаштыра урдум эле, жашка толгон бакырайган көздөрүн алаңдатып чыккыча шашты. – Экинчи ушул үйдүн босогосун аттатсам эркек атым өчсүн! Урдум, сага окшогон шуркуяны!

Албууттанып, ызырынып, капастагы арстандан бетер аркы-терки басып жүрөм, бутума илээшкен кесилген кийимдерди ары тептим бери тептим, үй ичи жоо чапкансып эле калды. Карасам тиги классташынын шымы дале жатат, эшиктин жанында эчтеке болбогонсуп. Уух! Кара жиним кайрадан кайнап чыкты. Колумдагы бычак менен ой-даа бырча-бырча тилдим. Аным аз келгенсип чогултуп алып тепселедим, жаман батинкемдин таманын кайра-кайра аарчыдым.

Түнү бою уктабай жол жүрүп келгендиктенби, же ичкен арактын кесепетиненби, айтор жели чыккан чаначтай шалпыя түштүм. Креслого күп эте жыгылдым. Сүйлөшүп, сүйүшүп эле жүрүп алган жарым ушул болсо!.. Ызама чыдабай бир сыйра буркурап ыйлап да алдым. «Жок, мунуңду мен эч качан кечирбейм!..»

Бир маалда эшиктин коңгуроосу капысынан шыңгырады эле, ордумдан селт эте ыргып турдум. Алиги классташы шымын алганы келсе керек деген ой көкүрөктү жарып өттү. Чоң бычакты оңтойлоп кармадым да, эшикти булкуп ачып обдула бердим, үстүңкү кабаттагы кошуна аялды көрө коюп боюмду араң токтоттум. Кошунанын үрөйү учуп чалкасынан кете таштады. Менин жүрөк түшүргөн кебетемди карап:

– Кудай сактай көр! Эмне болду?.. Күйөөмдүн жууп жайып койгон шымы жок, шамал учуруп силердин балконго түшүп калдыбы деп келдим эле... Жок болсо мен бара берейин... – деп кетенчиктеп кетип бараткан кошунаны кайра токтоттум:

– Кое туруңуз!.. – деп башымды мыкчыдым. Мээме чагылган тийгендей болуп, алиги жиним арак-парагы менен чар учкандай жоголду. Тиги пол жууган чүпүрөк менен кошо тебеленип жаткан шымдын үзүндүлөрүнө карадым.

– Ботом, бул эмне?

Кошунанын суроосуна ошол замат жооп бере албай тамагым буулуп жатып араң дегенде үн каттым:

– Айланайын эже, күйөөңүзгө бир эмес он, жыйырма шым сатып берейин, ушул шымдын айынан келинчегимди бөөдө таарынтып алдым! Тезинен кууп жетип аялымды ээрчитип келип бериңиз?! Суранам, эже?! Ал байкуш, жылаңач, автобус күтүп аялдамада турат болуш керек, болуңуз!..

 

ДАРДАҢДАГАН «ДАРЫГЕРГЕ» ЖАРАЛУУ ЖАМБАШ

Автобекеттен чыга электеле башталган ызы-чуу, кыжы-кужу, жаш балдардын ыйлаганы автобус шаардан узай бергенде араң басылды. Анан бир калыпта термелген немелердин айрымдарын «сокур молдо жетелеп», кээси жуушаган койдой мемиреп баратты. Мен да магдырап көзүм илинип бараттым эле, бир маалда арт жагымдан чыккан каткырык менин эле эмес, баарыбыздын кулагыбызга таш мылтыктай жаңырды.

– ...Эми бу көзүмдү, – деди кыңшылаган кыздын үнү.

– Кана тосчу, – деди корулдаган жигит үнү. Анан отургандардын көңүлүнө бүлүк сала чоп эткен добуш жаңырды. Ошол замат алардын катуу чыккан каткырыгынан автобус кыйшаңдай түшкөндөй болду. Кылчайып карасам сары чийкил саксайган жигит менен оозу-башын өлө бойогон кыз экөө сыга кучакташып олтурушат.

– Карасаң, мурдумдун учу тызылдап чыкты! – деп кыз мурдун тосту.

– И-ий, муйдуңдан ананайын!.. – деп сары жигит мойнун турна кылып дагы бир ирет шалп эткизе өптү.

– Ой, басылып калды, – деди кыз ыраазы боло. Анан өз кылыктарына өзүлөрү жыргашып эч кимди көздөрүнө илбей аябай каткырышты. Кебетелерине караганда ичтеринде аларды маймыл кылган арак бардай. Кудай ургандар, анан кантип эзилишпесин.

– Эриндерим ачышып баратат, – деп кыз оозун чормойтту эле:

– Анын да дарысы дапдаяр, – деп тигинин оозуна чап жабышты.

– Бул эмне деген жорук? – жашап калган аксакал чыдабай кетти окшойт: – Ой, бул автобуста силер жалгыз отурган жоксуңар го, улуу-кичүүдөн, кичине бир, ийменсеңер боло! – деп кыйкыра сүйлөдү. Тигилер көңүл буруп да коюшкан жок, жигит кызын өлүп-тирилип «дарылап» атты.

– Эй, «дарыгер», бери карачы! – дедим мен да чыдабай жигиттин ийининен тарткылап.

Менин «жооптуу» ишиме жолтоо болгон ким дегенсип ал мени олурая карады.

– Ты чо, братан, өлалбай турасыңбы? – деди ал.

– Жожо-ок! Тескерисинче, тирилгим келет. Бу сен, жеткен мыкты «дарыгер» окшойсуң, «аялыңды» эле айыктыра бербей биздин деле «соопко» калсаң боло? – Сары чийкил түшүнө бербей таңыркап менин оозумду карады. – Догдурга барсаң кыйнап айыктырышат, а сен оңой эле айыктырат экенсиң, убара кылбай ушул жерден эле, жакын турган менден баштай бер.

Арт жагыма жаңсап, куймулчак тарапты көрсөттүм.

– Бу, менин жамбашыма момундай болгон чоң чыйкан чыгыптыр, ириңдеп жанымды көзүмө көрсөтүп баратат. Кудай жалгагыр, бекер эмес, акысын берейин... Эл-журт тескери карап турсун, мен шымымды шыпырайын... Анан сен кереметтүү оозуңду ошол оңбогон жарага тийгизип, бир эле жолу чоп этип койбойсуңбу, ыя?..

Тиги сары шиш сайгандай ордунан ыргып турду да, мени көздөй жулкунду эле, эл деген оңойбу, ортобузга опол тоодой болуп тура калды.

– Энеңди... өлдүң дей бер!.. Азыр автобустан өлүгүңдү ыргытам!.. – деп «дарыгер» жүткүнүп мага жеталбай сөгүнүп атты.

Ал аңгыча автобус токтоп, көпчүлүк деген көпчүлүк да, заматта жабыла түртүп отуруп экөөн тең автобустан ыргытып салышты.

Сапарын уланткан автобустан чыккан каткырык далайга дейре басылбай баратты.

 

«ЫМПОРТНЫЙ СҮРСҮГӨН ЭТТЕН АЛЫҢЫЗ!»

Айдын аягы болгон соң баарыбыздын чөнтөгүбүз уй жалагандай сыйдам. Эртең-бүрсүгүнү стипендия тийип калса, кедейдин бир тойгону орто байыганы кылганы турабыз. Айлабыз кеткенде каткан нанды сууга малып жеп курсак кургурду кулдуратып тим болобуз. Концерт, дискотека дегендерге акча оңой табылат да, ал эми тамакка келгенде, кудая тобо-о, карызга да чыкпайт го... Кээде, ошентип тиштин кирин соруп тим болобуз.

А тиги, биз менен эле окуган кыздардын капчыгынан дегеле акча үзүлбөйт. Бизге окшогон алагөөдөн жигиттер аларды жандап кафеге, киного ээрчитип барып, балмуздак сыяктуу таттуу нерселерди алып берип чыгым болушса, кыздардын, албетте, акчалары үнөмдүү болот эмеспи.

Анан кыздар, кээде кечкисин ушундай даамдуу тамак даярдашат дейсиң, тим эле жатакананын ашканасынан чыккан керемет жыт мурдуңду өрдөйт. Бир күн чыдайт экенсиң, эки күн чыдайт экенсиң, анан үчүнчү күнү аргасыздан уурдайт экенсиң! Ооба, ушундай жолго өттүк аргасыздан.

Ал мындайча. Кечкурун жатаканабыздагы ашкананын эшигин акмалап турабыз, качан кыздардын тамагы дайын болгондо, байкатпай туруп, көкбөрүдөй көтөрө качабыз. Албетте, мунубуз итке жакпаган жорук. Бирок, антпесек курсак кургурдун айласын кантебиз? Бу деген күнөө да, ошондуктан мындай кылмышка кезек менен барабыз.

Мына бүгүнкү курсакты кампайтпай менин милдетим болгон соң, ашказанды дүүлүктүргөн жытты искеп, аң уулаган тайганга окшоп мурдумду көтөрүп далиске чыктым. Бах, чиркин, тим эле буркурайт!.. Ашкананын астынан ары өттүм, бери өттүм... Ага!.. Жүз төрттө жашаган эки кыз күйпөлөктөшүп бирдеме жасашууда. Кайра бөлмөгө кирдим, отурушат аякбошоторлор, энесинин оозун караган сары ооз балапандардай болуп.

– Он-жыйырма мүнөт өтпөй даяр болот, картөшкөсү жаңы салынды... А, силер, шилекейиңерди чуурутпай идишиңерди даярдай бергиле, – деп буйрук бердим, өзүм даярдап жаткансып.

«Мээнетимди» текке кетирип менден мурда дагы башка «ачкүзөн» көтөрүп кетпесин деген ойдо көпкө отуралбай кыйпычыктап кайра далиске чыктым. Эчким көрүнбөйт. Кастрюл ордунда турат боркулдап кайнап. Карап турмак белем, калганы курсактан бышат да!.. Ала чыккан сүлгү менен кастрюлдун кулактарынан бекем кармап көтөрө чуркадым. Эргулдарым эстүүлүк кылып эшикти ачып коюшуптур, буйдалбай шыр кирдим. үстөл үстүнө кое салып жарыкты өчүрдүк. Уктап жатышкан экен деп ойлошсун, караңгыда оозубузду таппай эмне колубузга шал тийиптирби? Капкагын ачып кастрюлга чөмүчтү салдым.

– Ого, жалаң эле сулп эт көрүнөт. Кана чоң табакты тоскула! Сүрсүгөн эт көрүнөт, жыты тим эле мурунду жарат... Келе бычакты! Абыдан сүрсүгөн экен, капкатуу... Же төөнүкүбү, бычак өтпөгөн?.. – деп айтып оозумду жыйгыча бөлмө ичин көз уялтып жапжарык боло түштү.

– Тамагыңар таттуу болсун! Ха-ха!.. Хи-хи!..

Кайдан, качан чогулушканы белгисиз, кире бериште кагыраган бир топ кыз каткырышып карап турушат! Кашайгыр десе, каалганын илгичин илген эмес турбайлыкбы!.. Баарыбыздын башыбызга таш тийгенсип жалдырап эле туруп калдык. Кирерге тешик таппай эки жагымды карадым. Уурулугубуз чыгып шерменде болдук, дедим ичимден сыздап.

Тигилер болсо каткыргандан каткырышат, улам каткырыктары күчөп баратат. Сөөмөйлөрүн чычайтышып үстөл үстүн эле көрсөтүшөт. Түшүнө бербей, а бирок жүрөгүм бир балээни сезип көзүмдүн кырын акырын салып карасам... Кудай сактай көр! Тү ата, ит болдук, иттин ити болдук!.. Чоң табакта буусу буркурап эмне жатат дебейсиңерби?! Айтууга оозум да барбайт. Мындай неме үч уктасаң да тү¬шүңө кирбейт болуш керек. Андан көрө чын эле түш болуп калса кана, атаңгөрү?!

Оңбогон гана кыздар, бизди экинчи ашканага башбакпай турган кылып аябай «тойгузушкан» экен... аялдардын эски «сүрсүгөн»... «ымпортный» өтүгү менен!..

 

«ТИГИ ДҮЙНӨДӨН ЖОЛУКСАМ, ӨЛТҮРӨМ СЕНИ!..»

Жатаканага келсем Эсен дос отурат үңкүйүп. Саламыма дың деген да жок.

– Ой, эмне мүңкүрөп калгансың? – десем да үн катпайт, таш эриткен үшкүрүгүнөн башка. Кандай айла кылаарымды билбей турсам, кудай жалгап, Мекен дос кирип калды.

– Эсекем өң-далеттен кетиптир... Деги тынчылык элеби? – дедим шыбырап.

– Эки жумадай болду биздин Эсендин илдетке чалдыкканына. Анын Акмаралы ушул маалда, – Мекен саатына карап, – жок отуз-кырк мүнөттөн кийин ушул биздин жатакананын жанынан өтөт. Эсекем болсо өңүттөп ээрчип, үйүнө чейин узатып, лам деп ооз ачпастан кайра тартат. Кыз сыягы музыкалык мектепте окуйт окшойт, көтөрүнгөнү скрипканын кутусу. Биздин Эсекеңдин күйүттүү махабатынын кыскача таржымалы мына ушундай,– деп Мекен Эсендин башынан сылап койду.

– Ой-тобо-оо! Кыздарга кыргыйдай тийген Эсен ошол кызга эки жумадан бери бетинен өпмөк түгүл тааныша да элекпи?! Буга эч ишенбейм! Ха-ха!..

Бирок, анын муңайыңкы көз карашын байкап каткырыгымды тып бастым. Демек, байкуштун чын эле көкүрөгү зилдеп турган экен.

Бир убакта Эсекеңе жан кире баштады.

– Эмесе мындай, достор! Мен үчүн күйүп-бышканыңарга ырахмат. Бирок, мага иш жүзүндө жардам керек. Мен бир план иштеп чыктым. Муну мен таанышуунун жаңы ыкмасы деп ойлойм. Ошону ишке ашырмайын ал кыз менин колума тийчү¬дөй эмес. Азыр чогуу сейилбакка барабыз да, анткени ал дайыма ошол жерден өтөт, буктурма жерге жашынабыз. Качан менин селким... – көзүн сүзүп, оор үшкүрүп сөзүн улантты, – жакындаганда силер «капысынан» астынан чыга каласыңар, зөөкүрлөнүп тийишесиңер, кыйшаңдайсыңар... Мындайча айтканда, жардам сурап кыйкырмайынча жүрөгүн түшүрө бересиңер. Ошол учурда мен да «кокусунан» ошол жерде болуп калам да, тааныбаган киши болуп силерди качырып кирем. Сыртынан караган кишиге анык мушташтай, кудум эле кинодогудай болуп көрүнсүн. Эч коркпогула, этияттап урууга аракеттенем. А эгерде, кокусунан катуураак тийип калса, кечирип койгула, кийинчирээк эсептешип алабыз. Мен силерди көмөлөтө-көмөлөтө койгон соң, катуу таяк жеген иттей... немедей болуп качып жөнөйсүңөр. Бүттү, ары жагын мага койгула, өзүм бүткөрөм.

Он мүнөт өтпөй биз сейилбак ичинде Акмаралдын, керилип басканына карап ушундай ат койдук, келээр жолунда, буктурмада олтурдук. Мындай жумуш биздин колдон келээрине күмөн жок. Мектепте окуп жөргөндө эле драма кружокко үзбөй катышчубуз. Азыр да студенттик сахнага чыга коюп жүрөбүз. Көпкө күттүрбөй Эсекемдин жүрөгүн эзген Акмаралы көрүндү. Ойлуу келаткан экен. Мекен экөөбүз «капысынан» чыга калып жолун тоскондо, чоочуп кетип, көзүн алайтып тык токтоду. Чын эле Эсекем ашык болгондой бар экен. Тулку бою, өңү-башы, буттары... койчу, бүт баары төп келишип турат. ?згөчө көздөрү бышкан жүзүмдөй мөлтүрөйт. Бирок, жалдырап анын көздөрүн карап турганга убакыт жок да, бирөө-жарым жолтоо боло электе...

– Ах, карындаш, токточу, алдагы оймоктой оозуңдан бир өөп алайын... – деп мен сол капталынан жакындадым.

– А эгер кашаят экенсиң, саатыңды чечип, капчыгыңды карматасың. Көрдүңбү, биздин саатыбыз жок, акчабыз да жок, атүгүл сатып берер ата-энебиз да жок, томолой жетимбиз, – деп, каракүчкө үңүлдөп Мекен оң жагынан чыкты.

– Чеч саатыңды! Болбосо кийимиңди сыйрып, дырдай жылаңач кылып айдайбыз. Тез кыймылда! – деп үнүмдү өктөм чыгарып, өңүмдү кан ичердей кумсарттым.

Менин буйругум боюнча кыз ушунчалык тез кыймылдады дейсиң... Эмне болуп кеткенин байкабай да калдым. Элес-булас билем, кыздын муштуму чекесине кадалып, таш тийгендей Мекен дос чалкасынан кеткенин. Көзүмдү алайтып тиги кызга карадым, ал мага карады. Жанагы жүзүмдөй мөлтүрөгөн Акмаралдын көздөрү жок, капилеттен кайберенге кабылган кабыландын көздөрүндөй от жанат. Түпкүчтөй ийилип мени карай секиргенде «апа-а!» деген айкырык оозумдан өзү эле ыргып кетти. Качмакка бурула бергенде желкеме чала тийген соккудан көмкөрөмөн түшүп, алгач төрт аяктап барып тура калып качып жөнөдүм. Жандалбастап учуп келатам, куйрук улаш тиги «кабыландын» добушу келатат. Жүрөгүм оозума тыгылып, акактап өлө турган болгонумда, жатканды урбайт дечү эле деп жатууга камынып артыма кылчайсам... «кабылан» эмей эле кайран Мекен, башын ылдый салып, өңүрөңдөп келатыптыр. Ошол учуп-күйгөн бойдон жатаканага кандай жеткенибизди бил¬бейбиз, келип эле керебетибизге кулаптырбыз.

Тээ бир оокумда эсибизге дале келелбай, далистен тапыраган дабыш чыкса кулак түрүп элеңдеп жатсак, Эсен келди, көңүлү куунак, дагы уялбай «Чын эле, чын эле мен сени таптымбы?!...» деп ырдап алыптыр.

Чок баскандай ыргып турдум:

– Тур Мекен! Мынабу Донжуандын терисин тескери сыйрыйлык, – деп качырып кирдим.

– Ой, жансоога достор, жансоога!.. – деп ал башын калкалады. – Тепкилебей кое тургула, андан аркысын айтып берейин...

– Болуптур, керез-мурасыңды айтып кал!

– Ырахмат, ырайымыңарга! Баарын көрдүм дечи... силерди тырайта чапканын... койдум, койдум байкеси, жөн сүйлөйүн. Анан, оозумду ачып эле туруп калыпмын. Силердин артыңардан ызгыган чаң басаңдап, а тиги кызжолборс бейкапар жолун улантканда гана жааптырмын оозумду. Баягы ит ооруум кармап , эмнеликтен анын артынан жөнөгөнүмдү өзүм да билбейм. Ал болсо сейилбактан чыгып дүкөнгө кирди, кайра чыкты чоң баштык көтөрүп. Кудайым берген мындай учурду кантип колдон чыгарайын, учуп жетип жардамымды, жүрөгүмдү, өпкөмдү ж.б. ички органдарымды сунуш кылдым... Кечирип койгула, кыялданып кетипмин, азырынча өпкө-жүрөгүмдү чаба элекмин. үйүнө жеткичекти, өзүңөр билесиңер, кудай мага тилди бергенин, сүйлөштүк, тааныштык... Кааласаңар, жүргүлө, силерди да тааныштырайын, – деди жымыйып.

– Мен азыр сени мобу менен тааныштырам! – деп муштумумду мурдуна такадым.

– Эскертип коеюун, көп эле коркута бербегиле, Акмаралыма айтып койсом кирерге ийин таппай каласыңар... койдум, койдум, тамаша кылам, кечирип койгула, достор! Окуянын сценарий боюнча болбой калаарын билсем, жыгылаар жериңерге жаздык төшөп койбойт белем. Чынын айтсам, ыраазымын силерге! Чоң ырахмат! Силер болбосоңор, ким билет, дагы качаңкыга дейре кулаалыча салпылдайт элем?! Кабатыр болбогула, силер жөнүндө мен дагы, ал дагы ооз ачкан жок... азырынча, – деп кытмыр күлүп, күзгүгө каранып чачын тарады.

– Силердин ахыбалыңарды билейин деп эле кире калдым, тирүү экенсиңер... Азыр болсо спорт залга кеттим, Акмаралымдын алтыда машыгуусу башталат. Мени да чакырды. Жакшы жатып тургула, анда эмесе!

Чыгып кетип каалганы кайра ачты.

– Баса, аты-жөнү ким экен дебейсиңерби? Сайкал! Манастын Сайкалындай эле бар экен ээ, я?!

 Кеткен экен десек дагы кайра башбакты.

– А, кайсы спорттун түрү менен машыгаарын байкадыңар го дейм?! Ка-ра...

Баятан бери дымы чыкпаган Мекен башын көтөрө, керебеттин жанында жаткан ботинканын бирин ала коюп урду эле, эпчил Эсен эшикти убагында жаба койду. Мекен тура калып экинчи ботинкени алып даяр турду, эшик кайра ачыла бергенде керилип туруп ыргытты эле... кирип келаткан Жолойдун – биринчи разряддагы оор салмактуу боксердун маңдайына кадалбаспы!!! Ал саамга томуйган чекесин мыкчып термелип көпкө турду, нокаут болбосо да өтө терең нокдаун болду окшойт. Ошентип чайпалып турганда качып кетсек болмок, аттиң!.. Анан Жолой он жашаар баланын башындай болгон муштумун түйдү да:

– Кимиңерден баштайын?! – деп бизди карай басты...

Оозумдан келмем түшүп, буттарым калчылдап, кетенчиктеп баратып керебетке чалкамдан кеттим. Мекендин апаалаган үнүн угуп, коркконумдан көзүмдү чылк жумуп, калтырап-титиреп жата бердим. Шерменде!..Жан жерим, негедир, сууланып баратканын даана сездим...

«Оо, жарык дүйнө, кош бол!.. Сениби, Эсен! «Буюруса» сен да тиги дүйнөгө келээрсиң! Ошондо өлдүң дей бер! Так ошондо көрсөтөм мен сага-а, боксту да, ка-ра-тэни да!...»

 

«ТАНДЫРДАЙ БОЛГОН ТАРГЫЛЫМ!..»

(Бул, тээ, «кайра куруу» мезгилинде, «кургак мыйзам» күчөп турган убакта болгон окуя)

Толтой базарды аралап жүрүп төмөнкү Култай айылдык ашынасы Бечелге жолугуп калат. Анын көтөрүнгөнү кирзи өтүктүн кончундай болгон сыдырмасы сынган чоң кара баштык.

– Атсало-ом алейкум, Беке?!

– Алейкум салам, Токо!

– Кайдан?.. Жүз сомдук кагаздай көрүнбөй кеттиң го, Беке?!

– Үйдөн эле... Колхоздун жумушу... дегендей. Мурдагыдай ээн-эркин басалбай калбадыкпы. Өзүң билесиң, көчө таптап арак ичип жүргөндөргө көзөмөл күчөп...

– Аның туура. Жүрү, атайы келген соң куру кетпей, жок дегенде бир күрөшкөдөн бийба ичсек мыйзам бузулуп кетпес, – деп жалгызсырап араң турган Толтой тигинин жеңинен тарткылады.

– Дүкөндөр жабылгыча бирдеме алып койсом болот эле... – деп Бечел кыйылды.

– Эмне аласың, мунубу? – Толтой кекиртегин чертти.

– Кайдагы арак?! «Кургак закүн» күчөп турганда... Эртең аялдардын майрамы эмеспи... Ошого карата Зуурашка белек-бечкек дегендей...

– Аның туура. Азаматсың! Эч камсанаба, жетишесиң, биздин карамагыбызда дагы үч сааттан ашык убакыт бар. Андан көрө, жүрү, эмне алаарыңды шашпай отуруп кеңешелик.

Бийбаканада кезек күткөндөрдүн көптүгүн айтпа, тим эле жүнүн жешет. Бир саатча турабыз деп тилдери ооздоруна батпай кетти. Ошондуктан кайра да кезек күтүп жүрбөйлүк дешип беш күрөшкөдөн алышты. Биринчисин демалбай тартып жиберишип, анан шашпай сөзгө киришти.

– Ии, канча сомдук белек алсам деген оюң бар?

– Кымбатын алгандай кыз беле?!

– Аның туура. Оюң эмнеде?

– Атыр-самын сыяктуу бирдемелерди алсам болду да...

– Жок, уят, алганга жараша мындай, көзгө көрүнүктүү нерсе болуш керек. Мисалга, мен аялымды үч ай мурда эле куттуктап койгом, эки жүз элүү беш сомго...

– Оп, бали! Эмне, көзү бар алтын шакекпи?

– Айтпадымбы, көзгө көрүнүктүү, керектүү нерсе деп, демек, те-ле-ви-зор! Түшүндүңбү?

– ?!..

– Абыдан туура кылыптырмынбы, я?

– Баракелде! Барекелде! – деп Бечел таң кала бийбасынан шыңгытты. – Анык азамат экенсиң, акылдуулук кылыпсың. А, бирок телевизорго менин чамам жетпейт да?

– Канча сомуң бар?

– Жыйырма беш сомум бар болчу, – Бечел чөнтөгүнөн майда акчаларды сууруп чыкты. – Жыйырма сом кырк алтытыйын калыптыр.

– Акыбалың анча эмес экен, – Толтой үчүнчү күрөшкөнү түгөтүп, эки жагын каранды да, – эчтеке эмес, капа болбо! Мен бармын го... Кеп баасында эмес, кеп көңүлдө, унутпай өз убагында сыйлаганыңда! Анда, эмне алсак? Азыр, та-ак... Ойготкучуң барбы?

– Эмнең барбы?

– Ойготмо саат – будильник?...

– А-а! Бар эмей, ансыз оокат болобу?!

– Анда ток менен иштеген сакал алгычың?.. Бар дечи... Та-ак!.. А, үтүк? Жокпу! Эң сонун! Тээтиги «Хозмагда» менин бөлөм иштейт, акырын айтсам бирди таап берет. Тогуз сом алтымыш тыйын турса керек. Аты да укмуш – «Түлпан»! Жагабы?

– Жакпагандачы! Сен айткандай, үйгө керектүү нерсе, аялым да ыраазы болот. Келчи, ошол жаман аялдарыбыз үчүн бийба да болсо алып иелик, – деп Бечел бийбасын өйдө көтөрүп тартып жиберди эле, күрүшкөнүн кыры чекесине шак дей түштү. – Кхе-кхе! Түзүк бийба экен.

– Сууну да азыраак кошуптур, нысаптуу неме окшойт, – деди Толтой, колу колуна тийбей шакылдатып бийба куюп отурган сатуучуга карап.

– Ээ, каймак куюп ичсең да аракка жетмек кайда?! Куру дегенде бир бөтөлкө болсо кана?! үтүгүмдү жууп берет элем.

– Келе колуңду! Тиги бийба саткан чаар топуга барып эңкейип көз ымдап кой, бүттү, бөтөлкөсүн ачып, чыныларын кошо берет.

Бечел бетин балжайтып күлүп койду.

– Ишенбесең келе он сом!

– Акча сенден айлансын! Ме! Алгач мелдешип алалык, жеңилсең эмкиде мага экини алып бересиң! Сүйлөштүкпү? Келе колуңду!

– Болуптур, мен азыр...

Заматта Толтой бир бөтөлкө... «Аксуу» көтөрүп келди.

– Ха! Күүлөнүп жатып тапканың ушулбу?! – Бечел табалагансып ырсайды. Буюруса эмки жекшембиде тоёт экенбиз. Же бүгүн эле алып бересиңби?

– Көрөбүз...

Толтой «Аксууну» чыныларга куюштурду да, өз энчисин унчукпай тартып жиберди, бети-башын бырыштырып артынан бийба ууртады. Бечел оозун аңырайтып карап эле калыптыр.

– Ичсең ич, ичпесең апкел!..

Толтой колун сунганча Бечел чынысын баса калды. Мурдуна такап жыттап алып ыраазы боло ырсалаңдады, шашпай моокумун кандыра кылгыта жутту.

– Бая эле ушинтпейсиңби...

Биринчи чыны иче-карынга жол салган соң, караташты карап турсунбу, калгандарын удаа-удаа чакырып алды.

– Атаңгөрү, азыраак болуп калды окшойт, чала өлгөн жылаанга окшоп калдым.

– Мен дагы...

Биразга ойлоно түшүп:

– Аялдар үчүн эң жакшы белек эмне экенин билесиңби? – деди Толтой.

Бечел шыпты карап желкесин кашыды. Ал ойлонгуча Толтой өзү жооп берди.

– Гүл! Гүлдөн өткөн белек жок. Гүлдү көп жыттаган аял заты он жылда эки жарым жылга жашара түшөт деп окугам гезиттен.

– Аа?...

– Во, көрдүңбү?! Ошондуктан жаныңда калган он сомго бирди ала бергиниң, гүлдү болсо мен алайын аяшыма. Кийин акчалуу болгондо бересиң да шашпай.

Толтойдун тапкычтыгына таң калган Бечел кудуңдап барып «суудан» дагы бирди көтөрүп келе койду.

– Ушуну чөнтөккө эле салып албайлыкпы? Акыркы автобуска жетишпей калып жүрбөйлүк, – деди Бечел саатына карап. – Сен бүгүн биздикине түнөйсүң... Уксаң эми! Бул бөтөштү шашпай аяшың үчөөбүз ичебиз, майрамы менен куттуктап барсак, ал бизге ысык тамак даярдап берет, каткан-куткан бирдемесин чыгарса дагы ичебиз.

– Аның туура, жүрү автобуста баратып сүйлөшөбүз!

Бийбаканадан чыгышса иңир кирип калыптыр. Экөө базардын чыга беришинде жайгашкан катар «камокторду» карай шашты, ошолордун биринде дайыма гүл сатылчу. Шашкалактап жетип келишсе, топурашкан жалаң эркектер сагалашып бирдеме алышууда, караңгыда көрүнбөдү.

– Эмне аласың? – Толтой четте турган бирөөдөн сурады.

– Кете бер, арак эмес, – деп ал да жөн жооп бербеди, анан Толтойдун тиртиңдей түшкөнүн көрүп: – Астра! – деди.

– Астрабы?! Беке, келе баштыгыңды?! Туугандар автобуска үлгүрбөй калабыз... Түнөй турган жерибиз да жок... – Астыда турган бирөөгө кыйкырып: – Ой, жигит! Чын айтам, акыркы автобуска кечигип калмай болдук! Ме, беш сомду берип койгулачы!.. Мынабу баштыкка салып берсин... Баарына ала бер! Ии, ошентчи, үкө! Чоң ырахмат! Соо бол!... Кеттик Беке! Ылдамыраак кыймылда, кечиксек таксиге тыйыныбыз жок... А автобуска барбы?

– Бар, Токо, бар! Жетет.. – Бечел чөнтөгүндөгү майда тыйындарды шылдыратып, жүгүрүп баратып жооп берди.

Автобуста баратканда карашса бөтөлкөнүн тыгыны жок, эми барганча төгүлүп калбасын дешип экөө кичинеден ууртап олтуруп «Аксууну» да түгөтүштү. Бечел айылынын тушуна келгенде акидей асылып атып Толтойду да сүйрөп түшүрдү. Жолдон баткакка тыгылышып, эки-үч жолу жыгылышып, бирин бири жөлөшүп, кучакташып өбүшүп, айтор, жатаар маалда араң үйгө жетишти.

Бечел эшиктен эле кыйкырып кирди жоо сайгансып:

– Зукеш! Э, Зукеш! Майрамың менен! Током экөөбүз сага арнап гүл апкелдик. Асс... асс... Эмне деген гүл эле, Токо?.. Ии, астра деген. Током айтты, сен муну жыттасаң, асс... астраны, эки жарым... Ик! Ик!..– деп күтүлбөгөн жерден ыктыта баштады. – Эки жарым... Ик!.. Жарым жыл... Ик!.. Жашайсың деди... Ик!.. Ме, баштыкта... Ик!.. Током конот... Ик!.. Эртең кетет... Ик! Арак барбы? Ик!...

Теңселбөөгө тырышып Бечелди каруусунан бекем кармап, унчукпай турган Толтой да ага кошулуп ыктыта баштады. Эки бөйрөктү таянган Зуура тигилерди баштан аяк карады да, баштыкты Бечелдин колунан жулуп алды.

– Окшошкон макоолор! Кебетеңер эмне! Чочкодон айрымаңар жок?! Милийсага түшпөй калганыңарга таң калам. Дагы бирдеме деп тантырап да коет... Кана көрөм силердин апкелген гүлүңөрдү! Мен бир беш көкүл кыз сыяктантып... – деп каракүчкө ачууланып, өмүрү гүл көтөрбөгөн күйөөсүнө таң калып, бир чети сыймыктанып, эки бети албырып, жүрөгү кыпылдап баштыкты ачты.

– Кана гүлүңөр? Ушулбу?.. – деди Зуура чоң баштыкка башын салып.

– Ийи...

Аялынын колундагы беш-алты пачке «Астра» аттуу чылымды көрө коюшуп экөөнүн тең ыктытканы тып басылды.

Зуура чоң баштык менен керилип туруп урганда экөө чалынып-чулунуп сыртка төрт аяктап чыга качышты... «Кудай сактаптыр, падаркага үтүк алсак эмне болмок?!..» деп ойлонду Толтой бөкчөңдөп баратып.

Экөө үйгө кире албай айланчыктап көпкө жүрүштү. үйдүн жарыгы өчкүчө үмүт үзбөй терезени карап турушту. Катуу таарынган окшойт, Зуура чакырган жок.

...Түн ортосунда уйканадан чыккан дабышты уккан сайын Балтек башын көтөрүп кулактарын тикчийтип тыңшап калат. Уйдун кепшегенинен жана бышылдаган үнүнөн тышкары угулган кош коңурук иттин көңүлүн улам бурууда. Себеби, эки коңуруктун бири ышкырыктын үнүнө окшоп кеткенсийт. Ал эми аларга болсо баарыбир, таргыл уйду кучактап, тандырдай болгон ысык капталына ыкташып Толтой менен Бечел бейкапар уктап жатышты...

 

«ЭРДИ-КАТЫН УРУШАТ,.. ЭПТҮҮЛӨРҮҢ ЖЫРГАШАТ!»

(Союздун убагында импортный товарлар тартыш – дефицит мезгилинде болгон окуя)

Онтолоп, ынтыгып, чекесинен тери куюлган эри аркасына чоң кутуну көтө¬рүнүп кирип келет. Оозуна портфелин тиштеп алган. Тамтаңдап келип бөлмөнүн ортосуна туруп калат, эки жагын карайт, эчким көрүнбөйт, Ашканадан идиштин калдыраганы, аялынын кыңылдап ырдаганы угулат. Аны чакырууга аракет кылат, бирок ачылбаган ооздон кандайдыр кызык добуш чыгат, көбүнесе уйдун оозун ачпай мөөрөгөнүнө окшоп кетет. Аялы кыңылдап ырдай берет, эри «мөөрөй» берет. Ашкана жакка басат. Аңгыча кулагы бирдемени чалганбы, таңыркаган аялы ашканадан чыгат. Эрин көрүп чоочуп кетет, айлана басып бөйрөгүн таянып туруп калат.

А я л ы. – Ой, бул сен белең?.. Жүрөктү түшүргөн обу жок десе. Эмне болдуң? Мунуң эмне?..

Э р и. – Мым-мум-му-у... (башын силкилдетет).

А ял ы. – Сага эмне болгон? Деги дени-кардың сообу?.. (Эри жини келип аялын курсакка сүзгүлөйт. Ал коркуп кетип кетенчиктейт.) Мастан соосуңбу, же бир ай Алматыда ишсапарда болом деп акылыңан ажырап келдиңби?

Э р и. – (Башын чайкап, портфелди силкилдетет, көздөрүн акшыңдатат, арт жагынан чанач жарылгандай үн чыгат. Аялы мурдун басат. Анан түшүндү окшойт ээри тиштеген портфелди жулуп алат.) Му-у... Тү-ү! (Түкүрүнөт). Бол, тез, жардамдаш өлө турган болдум!

А я л ы. – Аа... бул эмне?

Э р и. – Эмнени эмне кыласың? Бол кыймылда! (Экөөлөп, онтолоп, кыйкырышып: «Бул жерге, жок тиги жерге...» дешип араң дегенде стол үстүнө коюшат.) Өх-х!... (отургучка отуруп бети-башын аарчыйт).

А я л ы. – Ай, маалкатпай айтпайсыңбы, мунуң эмне?

Э р и. – Мунуң эмне, мунуң эмне!... Темене! Тоту кушча эле кайталай бересиңби?! Көзүң барбы?

А я л ы. – (Столду тегеренип карап чыгат). Түшүнбөдүм, жазуусу иңглишчеби, немисчеби же кытайчабы?..

Э р и. –Жапан тилинде жазылган, сен эмес мен да түшүнбөйм. Бирок ичиндегисин көрсөң заматта түшүнөсүң, сүйүнгөнүңдөн чалкаңдан кетесиң.

А я л ы. – Айтсаң эми, жаным! (Эринин бетинен өбөт, столду тегеренет, кутунун жибин чечалбай убараланат). Айтчы эми, ичим бышып өлүп баратам!

Э р и. – (Көрүүчүлөргө кайрылат). Кой, жалгыз аялымдан айрыла элегимде айтайын. (Аялына кайрылат). Бул деген те-ле-ви-зор! Жөнөкөй эмес – ымпортный! Болгондо да жапонский, сен самаган түстүү телевизор «Сони»! Фирма «Сони»!

А я л ы. – (Алакандарын чапкылап так секирет. Эрин баса калып өпкүлөп жиберет). Секетиң-сокотуң кетейин, менин тайлагым, төөм...

Э р и. – (Таарынып мурчуюп тескери карайт). Көрөт элем менин ордумда болсоң.

А я л ы. – Кой эми, садагасы, кайдан билдим, «му-му!» деген эле үн чыгат... Кайдагы торпок келип калган десем өзүмдүн өгүзүм турбайбы... (ырсайып күлгөн эринин бетинен өбөт). Муну кайдан таптың?

Э р и. – (Мурдун көтөрөт). Ал деген табышкер кишиге табылат!

А я л ы. – Оу маладес! Эргулум! Менин табышкерим, кайдан таптың, канчага алдың?

Э р и. – Бери чыгаарда Алматынын «Комиссионный» дүкөнүнө кире калсам бирөө колтукка нукуйт: «Жапон телевизор керекпи?» деп. Ошол жерден эле «давай» дедим. Таксиге түшүп жарым саатай шаарды аралаган соң, бир үйгө келдик, кирдик... Карасам турат стол үстүндө көз жоосун алып. Токко сайып көрсөттү, тим эле укмуш! Дубалдын бооруна илип койсо да болот экен. Баасы эки миң сом экен! Кымбат болсо да алдым, сен карызга алган миң сомго жумуштагылар тигини алпкел, муну алакел деп беришкен миң сомду кошуп эптедим.

А я л ы. – Эчнерсе болбойт, атамдан дагы алып турабыз да...

Э р и. – Жакшы жигит экен, тим эле жаны калбай элпек кыймылдап, кутуга салып таңып берди. Анан болбой жатып ашканасына киргизип бир бөтөлкө коньягын ачты. Ичтик, тааныштык, дарегин берди келип туруңуз деп. Анан автобуска салып узатып койду. Ал эми өзүбүздүн автовокзалдан үйгө чейин такси менен келдим... Оңбогон шопур экен, ылайым аккумуляторуң кургап, соолуп, төрт дөңгөлөгүң тең тешилип асманды карап калсын!.. Жардам берсе өлө тургансып, убактым жок деди да, портфелди оозума тиштетип туруп, чоң кутуну жонума койду да машинесин айдаган бойдон кетип калды. Какаганга муштаган болуп мунум же лифттин эшигине батсачы...

А я л ы. – (Таң кала). Тогузунчу кабаткабы?!. Жөөбү?!.

Э р и. – Анан эмне, жөө эмей төө минип келди дейсиңби? (Саатына карап). О иий, үч саатта араң жетипмин! Өх-х! Хантеңирдин чокусуна чыккандай эле болдум, ух-х!..

А я л ы. – Өткөн-кеткендерди жардамга чакырбайсыңбы, ботом?!

Э р и. – Кантип? Мөөрөппү? Башкалар түгүл жалгыз аялым сен түшүнбөй койдуң...

А я л ы. – Кудай алмак беле, портфелиңди таштап сал да, «жардам бергиле!» деп кыйкырбайсыңбы?!

Э р и . – «Жардамгаа-а!» деп ыргытыппы, а, ичиндегилерчи?

А я л ы. – А, эмне бар эле?

Э р и. – Унутуп калдыңбы? Өзүң салып бербедиң беле... Термос, стакан, сакал алгыч...

А я л ы. – Ооба, ооба! (Эрин башынан сылайт). Менин өгүзүм! Мурдуңа чүлүк салган өгүзгө окшоп калат экенсиң, хи-хи!.. (Эри мурчуюп тескери карайт, ага болбой бетинен өбөт). Азаматым, менин табышкерим!... Эми Алмаш менен Асыл ичи күйгөнүнөн асылып өлүшөт го... Кана, ачалыкчы... (Кутуну чечүүгө аракет кылат).

Э р и. – Бычак менен кесип жибербейсиңби?

А я л ы. – (Ашканага кирип бычак алып чыгат, жибин кесип кутуну ачат, үңүлүп карайт. Тыным. Көзүн алайтып күйөөсүнө карайт, кайра кутуга үңүлөт). Бул эмне?

Э р и. – (Маашырланып, мактангансып чалкалап олтурат). Эмне экен? Көзүңдө чоңураак ачып карасаң!

А я л ы. – (Дагы бир ирет кутунун ичин карайт да, жүрөгүн басып жыгылат).

Э р и. – (Тура калып аялын кучактайт). Эмне болду, эркем? (Аялын отургузуп ашканадан суу апкелет, бетине чачат, кичине жуткурат). Эчтеке эмес, боло берет. Сүйүнүчтөн жүрөк жарылбайт, өлбөйсүң жаным.

А я л ы. – (Жулкунуп тура калат). Келчи секет дагы бир ирет бетиңден өптүрчү. (Эри бетин тосот. Кулачын керип жаакка чабат). Мына сага «табышкер»! Эмнени көтөрүп келгенсиң, эшек!..

Э р и. – (Жаагын сыйпалап, жакын келип, кутунун ичин карайт... Көзүн бакырайтып көпкө турат, көкүрөгүн мыкчып отургучка кулайт. Тыным. Түшүнөн чоочугансып тура калып далбастап чөнтөгүнөн кагаз алып чыгат). Ме, Алматыга, милийсага телефон чал. Аты-жөнү кагазда... Өх-х, өлдүм...

А я л ы. – (Ала коюп телефонго чап жабышат). Алло, алло!.. Сойду!.. Өлтүрдү!.. Девушка, девушка, алло! Мени тирүүлөй өлтүрдү! Ооба, сойду... Күйөөм... Девушка срочно Алматыны бериңиз! Бол, тез!... Алло, алло, милийсабы? Силердин ууруңар уруп-тоноп, эки миң сомун алып кетиптир... Күйөөмдү... Мени да... Тезинен кармагыла!... Дареги бар... (кагазга карайт), улица Кривая, ийи, ооба, Кыйсык көшөсү, үй номуру он үш... Ысмыбы?!.. Такыр Карматпасов экен... Ийи, ооба, карап көрүңүз, шырагым. Эртерээк ууруну ууштап бере гой карагым... (Тыным. Телефонду кулагына кармап, эрине акшыя карайт). Да, да... эмнэ-э? Кандайча жок? Кыйшык көчө жок бекен?! Жашабагырдын фамилиясычы? Такыр Карматпасов Алматыда жашабайт бекен?.. Кантип? Алло, алло... Кое турсаңыз... (Селейип эси эңгиреп трубканы ордуна коет).

Э р и. – (үрпөйүп жүрөгү түшө аялына карайт, кекечтенет). Эм-эм-эм-мине дейт?

А я л ы. – (Түшүнөн чоочугансып жалт карайт. Тигиле тиктеп ачуу чаңырат). Аа-аа!... Ар-рамм өлгүүрр!! Көрүнгөнгө алдатып башыңа таш тийдиби? (Эрин башка койгулайт). Же бул ашкабакпы?!

Э р и. – (Башын калкалайт). Өзүң «Рекордду» эле алалык десем болбой, элден эмнебиз кем, жапан телевизор алабыз деп...

А я л ы. – Эмнэ-э?! Мен сага телевизор ал дегем, те-ле-ви-зор! А сен кыйраткансып эмне көтөрүп келдиң? Эки миң сомго эки центнер кирпич сатып алат деген не шумдук? Бүтүн да эмес, жалаң сынык кирпичтер... (Кутудан жарты кирпич алып чыгат). Эл эмне дейт? Киши болгон экен десе баягы эле кебетең турбайбы. (Колундагы кирпич менен урмак болот).

Э р и. – (Эңкейе калат). Ой, акырын секет... Абайлап бекем кармасаң, колуңдан ыргып кетпесин. Болду эми, кыйкырбачы, кошуналар угат...

А я л ы. – Уксун, баары билсин сенен ким экениңди, менин ким менен азап чегип жашап жатканымды... Секет деп коет дагы, секеттен айлангыр! Кыйкырба деп коет дагы, азыр өзүң кыйкырасың, жок, айкырасың! (Кубалап жөнөйт).

Э р и. – (Столду тегеренип качат). Койчу эми, жаным сабыр кылчы, эми ошол эки миң сомдон күнүбүз бүтүп өл¬бөйбүз го...

А я л ы. – Өлөбүз! Маскара болуп... Бирок, алгач сени өлтүрүшүм керек. (Стол үстүндөгү бычакты ала коюп качырат. Бир колунда бычак, экинчи колунда кирпич, чачы саксайган, жан алгычка окшоп кетет).

Э р и. – (Бакырып столду эки-үч тегеренет) Аа-аа!... Айланайын, кагылайын... Кечирип ко-ой, секэ-эт!.. (Элдин алдына жүгүрүп келет) Оо, эл-журт, Жардамга-а!.. Жардамга-аа... апа-аа!..

(Аялы кирпичти керилип туруп ыргытат, эри жата калат, кирпич көрүүчүлөргө тиет. Бычагы менен качырат, кыйкырышып, кубалашып сценадан чыгып кетишет).

 

«АЯЛЫМДЫН АТЫ КИМ ЭЛЕ?»

Аскерден келип алты ай көчө таптап басып жүрдүм. Алгач бир топко дейре конок болуп туугандар менен достордун сыйын көрүп жыргадым. Анан ата-энемдин пенсиясы менен оокат кыла баштадым. Атүгүл, кээде андан арттырып досторума арак алып бергенге да жарап калдым. Жалгыз уулу болгон соң, мени «кой-ай» деген киши чыкпады.

Бир күнү, «Уулум эресеге жеттиң, эми үйлөнбөйсүңбү? Ушинтип эле жүрө бересиңби? Картайып калдык, неберелерди жыттайлык...» деп атам-апам эки жагыман чыгышып кулагымдын кужурун алышты. Аный десем да болушпады.

Ал аз келгенсип досторум да ой-боюма койбой: «Үйлөнө бербейсиңби! Коркпогун, колуктуну өзүбүз тандайбыз, атүгүл, керек болсо алып келип беребиз» дешти. «Давай!» дедим. Тамаша экен десем, көп узабай, алагүү болуп алышып, кашайгыр, чын эле, бир кызды чыркыратып таксиге басып жетип келишти. «Болбойт, жок, кайта алып кеткиле!» десем да уга турган киши жок.

Ата-энем кудуңдашып кудай бекер бергендей сүйүнүшөт, балбалакташып, өңгүрөп ыйлаган кызды болбой эле кучактап бетинен өөп жатышты. Кошуна келин-кезектер байкуш кызды курчап алып, жанын койбой жатып жоолук салышты. «Колго түшкөн коенду, кое берген оңобу!» дешип ой-боюна койбой отургузуп коюшту.

«Кудай аткырдыкы, чын эле үйлөндүмбү?» деп ошо замат коркуп, анан таң калып, бир аздан соң ичимден кызыга баштадым. «Мындай болсо, аял алыш оңой эле турбайбы!»

Ошентип кыйналып-кысталбай эле даяр кызга үйлөнүп жыргап эле калдым. Мындай экенин билсем мурда эле үйлөнбөйт белем. Ата-энем шаанисин жасап, эптеп-септеп ырым-жырымын кылышты. Карызга батып калыңдан эптеп кутулдук.

Тойдун эртеси да болот дегендей, куураган куу турмуш башталып, «жыргал» жашоо жаман жүдөттү. Оокат кылыш керек болуп калды. Жокчулуктун жону, чын эле, өлө катуу экен. «Жуурканыңды өйдө тартсаң бутуң үшүйт, ылдый тартсаң башың үшүйт» дегендей кеп болду. Алдастап ары жүгүрүп, бери жүгүрүп, акыры эл дарбыса кошо дарбыйт болуп мен да, айла жок, Орусияга жөнөдүм.

Ошол жакта жүргөн эжекемдин этегине эрмешип, эптеп-септеп, сооданын азабына-тозогуна тоңуп жүрүп акча тапканды үйрөнүмүш эттим.

Жыл өтпөй ата-энемди сагындым деп жатып эжемден уруксат алып жолго чыктым. Албетте, колуктумда да анча-мынча иштерим бар эле дегендей… Поезд менен күнү-түнү жүрүп үйгө туура биринчи январда жетсем болобу. Кемпир-чалды кучактап, бир сыйра аларга кошулуп бы¬шактап ыйлап да алдым. Эзилишип, эбирешип бүтүп эки-жагымды карадым.

– Келиниңер көрүнбөйт да? – деп сыр билдирбей сурамыш этим.

– Баса! Кашайып унутуп калган турбаймынбы! Сүйүнчү! – деп апам алаканын шак койду. – Келин бала оорууканада жатыры.

– Кудай сакта, эмне болду?

– Сүйүнчү деп жатбайымбы! Аман-эсен уул төрөп, кудай бизге небере берди. Тур, жөнө, тиги «роддомго» барсаң табасың.

Чын эле балалуу болдумбу? Кызык, мен ата болуп калдымбы? Бат элеби?… Кандайча? Жоо-ок, катын алганыма бир жылдай болгон жок да… Канча айдан кийин туулат бала? Сегиз-тогуз айдан кийин болуш керек эле. Эмнеси болсо да ишке жараптырмын, кайран мен! Бул эрдикти жууш керек!

Жол боюндагы «камокко» кайрылып эки жүз граммды бастым. Орусияда жүрүп «культурный» болбодумбу деп бир букет гүл сатып алдым. Эрдикти жалаң мен жасап жүргөнсүп эдиреңдеп эмканага жетип келдим.

Илинген тизмени карап бир топ турдум. Кандай эле? Тү, ата! Фамиласын сурабаптырмын да!.. «Ладна!» деп сыртка чыгып экинчи кабаттын терезелерин карап, «Гуля-аа!!!» деп айкырыкты салдым эле, кудай сактай көр, терезелердин баары жалаң беттерге толуп чыкты. Жамыраган жазгы козулардай болуп баары окшош. Же төрөгөн аялдардын баары окшошуп калабы? Арасында бирөө-жарымы өңү тааныш болоор бекен деп кыдырата карап чыктым. Таанысам өлөйүн!

– Гуля-аа!.. – деп дагы айкырыкты салсам, жамыраган келиндер жапырт каткырык салышты.

– Эй, туугандар жана туубагандар, Гуля аттуу келинди чакырып койгулачы!..

Аңгыча мен турган туштагы терезе ачылып, шаңкылдаган бир келин мага кыйкырды:

– Эй, бу жерде туубаган эле сенсиң, же туугуң келип баратабы? Күчтөнүп кыйкырам деп шымыңа тууп жибербе! Же, толгооң келип шашсаң кел креслого жаткыса коелук!.. Ха-ха!..

«Роддом» ичи каткырыктан жарылып кете таштады. Алар аз келгенсип ак халатчандар да жапырт жардап карап калышты бекер концертке келгенсип.

– Мага Гуля деген келин керек эле…

– Бул жерде жаткан келиндердин жарымы Гулялар, мен да Гулямын. Бирок паспортумда Жалкыбаева Гүлмира Аттокуровна деп жазылган. Бул – Гуланда, тиги Гүлжан, оногу челкейип эртең төрөйм деп турган – Гүлжакан, андан ары да толгон-токой Гулялар. А сенин Гуляңдын аты-жөнү ким? Билбейсиңби? Өңүн да тааныбасаң… Ап бали, күйөө деп ушуну айт! Мүмкүн бир белгиси эсиңде калгандыр?..

– Ии, ооба, тиги... эмесинде... белинен бир карыш ылдыйраак жеринде бармак басым калы бар эле!..

– Аа, иий! Ха-ха!.. Сонун жеринде сонун белгиси бар турбайбы!.. Анда мындай, сен «бир, эки, үч» деп команда бер, биз көйнөктөрдү өйдө түрүп сооруларды сен тарапка караталык. Сооруларды карайм деп соолуп калбай, дааналап шыкаалап кара!.. Ха-ха!..

Кашайгыр, эми канттим? Же келинчегим өзү карап белги берип, же, жок дегенде кол булгалап койбойбу? Жарым ай жашап, кетип калсам тааныбай калдыбы? Орусияда жүргөндө өңүм өзгөрүп кеттиби? Тү, ата! Чын эле сакал-мурутту кое берсем кантип таанымак эле? Чачым да ийниме жетип турса…

– Эй, эсиң оогур, команда бербейсиңби!.. Же, чекебизден тандап бирөөбүздү алып кете бер! Эмне жалдырайсың? Же, соорубуздан карап тандайсыңбы? Мен сага жагып калдым окшойт. Каршы эмесмин, соорум высший сорт, ошон үчүн эгиз төрөдүм да! Кыйналып-кысталбай заматта эки уулдуу болосуң!.. Ха-ха!.. Эй-эй! Кайда кеттиң? Өз атыңды айтсаң, кимдин күйөөсү деп сураштырат элек да...

Мазактоого чыдабай артка тарттым. «Ушундай да кордук болобу? Шерменде, бирөөнүн эмес, өз аялымды, жалгыз аялымды тааныбай койдум! Эми канттим? Эх! Гуля, Гуля!.. Жаңы Жылың менен,… Гулялар!

Эй, жигиттер! Мага окшоп көк мээ болбосоңор, колуктуну жакшылап таанышып туруп... анан «нормально» үйлөнгүлөчү!..»

 

СУУСАРГА СУУСАГАН МЕРГЕН МЕНЕН АЛИМЕНТ ЖЕГЕН АРГЕН

– Мама, йогурт сатып берчи… Мама, сатып берчи…

– Жөн тур, акча калган жок.

– Йогурт жейм, алып берчи…– деп баласы кыңылдай берди.

«Келинчектин кебетеси укмуш экен» деп Мерген ичинен жымыңдап койду да балага кайрылды:

– Чоң жигит да ыйлачы беле?! Кой, ыйлаба. Ыйлабасаң мен сага йогурт сатып берем. Атың ким?

– Арген.

– Оп бали, атыбыз уйкаш турбайбы. Меники Мерген. Кел, экөөбүз достошолу. А, мамаңдын аты ким?

– Сиз эмне биздин ишке кийлигишесиз? – келинчек ачуулана сүйлөгөнсүдү.

– Мамамдын аты Суусар.

– Оп! Бали! Ырас болбодубу, үйдө суусардан башка илбээсиндердин баары бар эле… Абийирдүү Мергенге… эмне эле?.. Келишимдүү Суусар жолугат деген ушул да. Кечиресиз, келинчек, бир аз тамашалап койдум, капа этпеңиз, – деп Мерген жайдары бакылдап, сатуучудан эки йогурт алды да балага карматты.

– Бул эмне кылганыңыз, мен сизден йогурт сурадымбы?

– Кечиресиз,жаш баланын көңүлүн калтырган жарабайт. Бекер ачууланасыз, нервди сакташ керек, бузулган нерв клеткалары кайра оңолбойт. Андан көрө, үйүңүзгө машине менен таштап койсом болобу?

– Жок, рахмат, такси менен эле жетип алабыз.

– Кайдагы такси, мама? Йогуртка акчасы жок да, анан такси деп коет. Мерген байкенин машинеси менен эле барабыз. Тачкаңыз иномаракабы?

– Албетте, «Мерседес»!

– «Мерген -Мерседес»! Ух ты, круто! Жүр мама, тезинен «Мерседес» менен жетип алалык, – деп Арген мамасын ойбоюна койбой колунан тартты.

– Бөтөн кишинин машинесине отурганга болбойт.

– Кайдан билесиз, карындаш, мүмкүн туугандашып калаарбыз, жакында...

– Болуңузчу, мама, бекер такси менен жетип алалык.

– Туптуура, Аргенчик, мен акысына бир тыйын да албайм, андан көрө команда бер, кай тарапка учалык?

– Түз эле «Чоңарыкка» учуруңуз.

– Куп болот, мырза капитан!

«Маладес Мерген, карачы, ойдо жок жерден, келишкен келинге тааныштың! Досторум Нурик менен Рудикке айтсам эстери оойт го…

Бишкек-Ош жолунда,
    Айдаганым «Мерседес».
    Жанымдагы карындаш,
    «Мерседестен» кем эмес…» –

деп Мерген кыңылдап машинесин айдап жыргап баратты.

– Аргенчик, папаңдын иномаркасы барбы?

– Сиздин кандай тиешеңиз бар?– деп Суусар сумсайа карады.

– Папамдыкы бар, бирок ал биз менен жашабайт.

– Арген, тынч отур.

– Ну, мама, жашырганда эмне, ажырашканыбызды элдин баары билет деп өзүң айтпадың беле…

– Кечирип кой, Суусаржан,турмушта боло берет... Андан көрө алтынчы күнү кечинде жолуксак кандай болот?

Келинчек унчукпай тескери карады.

– Ураа! Мерген байке, мен... биз сизди күтөбүз!..

«Ну, ничего, сенден да өткөн, асман-айга секирген азоолорду үйрөткөнбүз… үйүңдү болсо көрүп алдым. Эптеп шылтоо таап бир ирет конокко келип кетсем…» деп Мерген кайра кайтып келатып кыялга чөмүлдү.

Жумуш менен алек болуп жүрүп арадан үч-төрт күн өтүп кетти. Ишембиде кечинде иштин баарын таштады да «Чоңарыкка» айдады. Суусардын үйүнө жетип жетпей тормозду баса электе заматта астын тороп «Тойота» – даңкайган жип машинеси токтоду. Эки тарабынан эңгезердей болгон эки жигит түштү. «Бери кел да, бизге отур!» дегенсип ишарат кылды бирөөсү. Мерген бир балаага туш келгенин сезди. Аргасыздан алардын айтканын аткарды.

– Привет, бабник! Күнөөңдү мойнуңа аласыңбы, же биз жардам береликби? – деп алдыңкы отургучтагы аюудай болгон кара көз айнекчен неме бери карады.

– Ка-ка-кайсы күнөөм… Ыкк!..– Сол жагында отурганы чыканагы менен капталга «күрс» эте урду эле, кабыргалары «карс» дей түшкөндөй болду. Мергендин оозунан сөзү ыргып, көзү караңгылады.

– Биринчиден, менин ажырашкан аялыма дагы бир ирет жакындасаң, көр¬гүлүктү көрдүң дей бер, оозуң Ошту, көзүң Көкжаңгакты карап калат. Экинчиден, уулумду эмне үчүн ууланттың? Кимдин тапшырмасы боюнча иштедиң? Сен кимдин кишисиң? Жооп бер?.. Саб-бак-ка!..

– Өлүп кетейин… Ыкк! – Эми оң жактагы эңгезер өпкөгө урду. Мергендин деми кыстыгып, башы шылк дей түштү.

– Өлгөнгө үлгүрөсүң, жардам беребиз. Азырынча миң доллар бересиң, уулумду дарылаганга, врачтарга, жана башка чыгымдарга... Эй, Донжуан, мен сага айтып жатам, көпкөн неме укпайт го, же өлөөрчө ичип алганбы, кана, жигиттер, жардам бергиле, чөнтөгүн аңтаргыла!.. Так!.. Бар экен да, бир жарым миң доллар! Беш жүзү Суусарды таарынтканың үчүн. Мындан ары да ай сайын миң долларды «Автобанкка» Аргендин эсебине которуп турасың. Свежий эмес йогурт берип баланын денсоолугун буздуң, эми уулумду врачтарга көрсөтүп, курортко, санаторийге алып барып дарылап, кыскасын айтканда, эми көп чыгым жумшоо керек. Арген он сегизге чыккыча төлөйсүң. Тартиптүү болсоң «алиментти» акырындап азайтам. Түшүндүңбү?

Сол жагындагы эңгезер-жаналгыч Мергендин чачынан мыкчып башын көтөрдү да, кулагына: «О, кей,босс!» деп айтпасаң ишиңдин бүткөнү» деп шыбырады.

– Ок… Ок…О, кей,босс…

– Оозуңду чоң ачып катуураак айтчы.

– О, кей, босс!

– Оп,бали! Анда эмесе кол алыштык!

«Аюу» колун кыса кармаганда манжалары кычырап, аз жерден Мерген айкырып жибере таштады.

– Жигиттер, «мергенчини» атказып койгула. Биз да жөнөйлүк, дагы бир «Донжуанды» кармашыбыз керек…

…Мерген түнү бою ооналактап көпкө уктайалбады. Таң атаарда гана көзү илинип кетти. Түшүндө Суусар суйкайып жанында керебетте отурду. «Алтыным, жаным көп жесең семиресиң, семирсең көбөсүң, көпсөң көп басасың, көп бассаң капканга түшөсүң, капканга түшсөң Аргенге алимент төлөйсүң, жей гой, жаным, жей гой!..» деп жалбарып чоң кашык менен чоң кастрюлдан Мергендин ойбоюна койбой йогурт сугунтуп жатты...

 

«МАРКУМ КАКЕҢ ТОСТ АЙТСЫН!»

Илгери, кайра куруу мезгилине чейин, биздин өрөөндө Тамчыбексиз бир да той өтчү эмес. Айрыкча күз маалына жакындаганда эле той ээлери күн мурдатан талашып калышчы. Ал кезде тилинен чаң чыгып, Тамчыбек аты калып Тамада аке аталып, зоболосу көтөрүлүп турган убак эле. Майрамдарда алып баруучулукту эчкимге берчү эмес, кече-тойлордун көркүн чыгарып, керек болсо орусча, казакча, кыргызча сайрап да, ырдап да берер эле. Эми, минтип картайганда жаш тамадалар менен таймашалбай сүрүлүп калды. Бирок, азыр деле Тамчыке карылыкка моюн бербей дале кайраттуу, ыгы келген жерден сүйлөп да, ырдап да берет. Тили кычышып болбой баратса пенсионерлер чогулуучу жайга барып шахмат ойноп, курбуларына тийишип, тамашалышып, «жүз граммдашып» кайра келет. Бирок, тилекке каршы, курбулардын арасы да жыл өткөн сайын суюлуп баратат.

Мына, жакында сексенден ашып калган Карыбай аксакал көз жумду. Барып бата кылышып, аягына чейин болушуп, жайына коюп топурак салып кайтышты. Жолдо келе жатып тунжурай түшкөн курбуларына карап:

– Кой эми, Карыбайдын арты кайрылуу болсун. Жүргүлө, андан көрө аны эскерип бир аз көкүрөктөгү күйүттү басалык, – деп Тамчыкең жол боюндагы кафеге чакырды.

Улам жүз граммдан куюп, баары бир сыйрадан маркумдун жакшы жактарын, жаш кездеги жоруктарын айтып эскерип чыгышты. Аягында аксакалдар жакшы эле кызып калышты. Кой эми, кайталык деп ордуларынан тургучакты Тамчыкең кызуулана кыйкыра сүйлөдү:

– Эй, «жигиттер», каяка шаштыңар? Жээрин жеп, ичээрин ичип ушинтип эле кете бересиңерби? Салт боюнча,отуруштун аягында кеченин «күнөөкөрүнө» сөз берилет. Кана, Каке, алтын шилекейиңди чачыратып бир шиңгил таштап койчу! – деп эки жагын карап өлгөн Карыбайды издеди…

Кафе ичи саамга жымжырт боло түштү да, анан бир тарс жарылды дейсиң, карыган адамдардын каткырыгы ушунчалык катуу чыгаарын күтпөгөндөр, отургандар, атүгүл, сыртта өтүп бараткандардын баары баштарын буруп карап калышты. Тү¬шүнө бербеген Тамчыкең ызалана түштү, анан мээсине жетти окшойт, тура калып калпагын үстөл үстүнө чапты. Боорун мыкчып күлүп жаткан курбуларына карап, аргасыздан кошо каткырды, чалкалап атып каткырды…

Чыгып баратып курбулары:

– Маркум Какең сенин тамашаларыңды жакшы көрчү эле, мүрзөдө жатып алып, адатынча катуу каткырса, жанында жаткандардын баары чоочуп кетип тура качышпаса экен…– дешип Тамчыкеңди далыга тапташты.

 

«ТАЛАСТАГЫ ИТТЕР ЭМНЕ ЖЕЙТ, ЫЯ?»

(Маркум Шекербек Шеркулов жөнүндө маркум Асылбек Медетовдун айткандарынан)

Талас элдик театрында иштеп турган убакта Шекербек Шеркулов аксакал баштап гастролго жөнөп калдык. Кетментөбөө өрөөнүн кыдырып жүрөбүз. Айтылуу Чоңко айылына да оюн койдук. Кечинде ошол айылдын чарба жетекчиси кой союп үйүнө чакырды. Бардык. Ошо күнү, баарыбыз, негедир, абдан ачка элек. Шодокондун бүркүтүтүңдөй болуп соксоюп отурабыз, аркы-беркини сүйлөшүмүш этип. Чайга курсакты шыкабай бешбармакты күтүп отурдук. Колго суу куюлган соң мына эми эт тартылат го десек чоң кеселерге шорпо куюлуп алдыбызга коюлду. Эмне кылаарыбызды билбей бири бирибизди тиктедик. үй ээси баш болгон жергиликтүүлөр «алыңыздар!» деп шорпого нан сындырып жей баштаганын көрүп, биз да нан туурап жеп, кеселерди заматта көңтөрүп салдык.Анан бир оокумда эт келди, чара түбүн сыйпаласак күлчөсү жок, а мейли деп устукандардын эттүүсүнөн тандап алып шуулдата жеп кирдик. Мага чүкөлүү жилик тийген экен, чүкөсүснөн бери жылтырата кемирип бүтүп башымды көтөрсөм, түү, ата, бир кесим эт калтырбай дасторкон үстүн сөөккө толтуруппуз. Тазжору болсок, ким билет, сөөктөрүн да сугунат белек? Дал ошол маалда, аңдып тургансып, сыртан шып эте жапелдес бойлуу адам кирип келди. «Көздөрү ойноктогон неме экен, накта чоңконун чоңкосу келди окшойт!» дедим ичимден. Анын жөн адам эмес экендиги кытмыр күлгөнүнөн эле байкалды, ушул азыр какшыкты катырат болуш керек, өлбөгөн эле төрт шыйрагыбызды калтырбаса болду… Саламдашып, ал-жайды сурашып бүткөн соң, төрдө олтурган Шекербек аксакалыбызга карап көздөрүн жүлжүйттү:

– Ээ, Шеке, бу, Талас тарапта иттер барбы?..

– Бар эмей, ит менен бит жүрбөгөн жер жок болуш керек.

– Ии, бар болсо, ошол, силер жактагы бечара иттер кантип оокат кылышат, эмне менен тамактанышат болду экен, ыя?– деп дасторкон үстүндөгү кагыраган сөөктөрдү карап маңдайкы тиштери жок оозун ырсайтты. Баятан бери атактуу адамдан айбыгып отурган жергиликтүү айылдыктар: «Ап, бали! Мына эми таластыктардын ташын талкан кылдың!» дегенсип, акырын чыканактары менен түрткүлөшүп, жылмая бирин бири карап, Ше¬кеңден жооп күтө кулактарын түрүп калышты. Чайнабаткан, шорулдабаткан ооздор токтоп, үй ичи заматта жымжырт боло түштү.

«Башталды! Тирүүлөй өлдүк! Бүт жамы журтка шылдың болдук эми!» деп ичим тызылдап жер карадым. Шекең колундагы мүлжүп отурган жамбашын дасторкон четине коюп, шашпай оозу-колун аачыды да:

– Кудай алсын, ошолорду, ары өткөн, бери өткөндөргө арсылдап, шилекейлерин чачыратып, жөн отурган кишиге үргөндөн башканы билишпейт. Тиштери да жок алардын, анан эмне кылат, айла жок, шорпого нан туурап жешет да, кудай аткырлар – деп «кейип-кепчип» жооп берди.

Ошол жерде отургандардын баары боорун тырмап жатып калышты. Үй ичи үч көтөрүлдү! Тиги киши ыргып туруп, аргасыздан тиши жок оозун аңырайтып биз менен кошо каткырды.

– Шеке, жайладыңыз!.. Жайладыңыз, Шеке! Бүттү! Сиздин залкарлыгыңызды унутуп, тийишип тиш салып… иттик менден кетти. Сизден кечирим сураганым ушул, менден бир союш, эртең үйүмө келип конок болуп кетиңиз, – деп колун бооруна алып таазим этти…

«Баракелде, сөздү чукугандай тапкан атактуу Шекеме да, сөздү көтөрө билген чоңкого да бали!..» – дедим ичимден.

 

«ЭСИЛ КАЙРАН КАН ДОСУМ, СЕНИ КАЙРА ЖОГОТТУМ!..»

(Күлкү – күйүт катарлаш)

Көп кыргыздарга кошулуп көр оокаттын айынан Россияда жүрөбүз. «Үйүңдөн үч чакырым узасаң мусапырсың» дегендей, ар кандай азаптарды баштан өткөрдүк. Баягы эле соода кылмай. Арабызда ар кандай адамдар бар. Бутуна туруп алгандар, эптеп оокатын кылгандар, очор-бачар болуп ошол жерге орношуп алгандар да бар. Анан, албетте, тапканын тапкандай эле чачып, ичкиликке короткондор да жок эмес. Асым менен Нышан ошондойлордон. Нечен ирет аларды куткардык. Милицияга түшүп калышат, жергиликтүү шпаналарга кошулуп алып ар кандай окуяларга туш келишет, тапкан ташыганын кафе-ресторандарга коротушат, карызга батышат… Ошентип жүрүп, маркумду жамандагандай болбоюн, киши колдуу болдубу же өз ажалы менен көз жумдубу, айтор, бир күнү таң атпай Асым өкүрүп келатат: «Байке-ее, досумдан ажырадым, эми кайдан табамын!!!» деп. Карасам, түнү бою ичишкен окшойт, дале мас.

– Ой келесоо, кимге өкүрүп атасың?

– Нышандан айрылдым, Нышанда-а-н!..

– Эмне болуп кетти?

– Билбейм, эртең менен тур десем турбайт, карасам дым жок, селейип катып калыптыр. Эми эмне кылдык, байке, милийсага баралыкбы?..

– Кайдагы милийса? Таскать этип тарпыңды чыгарбайбы!!! Же пропискабыз жок болсо…

– Анда эмне кылсак?.. Эчкимге көрсөтпөй көөмүп салалыкпы?

– Акылың ордундабы? Ата-энесине эмне дейбиз? Накта криминал ошондо болбойбу !!! – деп ачууландым.

«Чынбы, калппы, бул дөөдүр эмне деп былжырап атат? Барып көрөйүн да анан, чын болсо, аракетибизди баштайлык». Далбастап келип карасам чын эле, эбак эле о, дүйнөгө кетиптир. Киши колдуу болгондой түрү жок. Арактан ашкере ичкен окшойт, сасык ачкыл жыттан жанына жакын жолой албайсың.үй ичинде бөтөлкө жайнайт.

– Эми канттик? Эптеп Кыргызстанга, үйүнө жеткизишибиз керек да... Так, сен эч жакка кетпей отур, мен жердешчилик комитетке барып акылдашып келейин.

Комитетчилер менен ары сүйлөшүп, бери сүйлөшүп, мен айткандай, поезд менен үйүнө жеткирмей болдук. Туугандарына кабар берсек, келип алып кетерге дармандары жок экен. Кыргызчылык кылып ошол жердеги соодегер кыргыздар ортодон акча чыгарып өзүбүз эле жеткирүүнү чечтик. Улуулардан – мен, кичүүлөрдөн жакын досу – бөтөлкөлөш досу, касам ургур Асым бармай болду.

Бирок, өлүктү поездин проводниктери албайт деп айтышты «опыты» барлар. Анан алар кандай кылыш керектигин айтып «инструктаж» беришти. Алар айткандай кылып моргго алып барып, акча берип, маркум Нышанды формалин менен жуудуруп, жол алыс, эки суткеден ашык жүрөбүз, деп «оброботка» кылдырып, жаңы кийимдерин кийиндирип, анан жыйырма төрт саат «морозилкага» салдырып койдук. Кыш мезгили болсо да, поезд ичи жылуу эмеспи.

Алып чыгаарда атырдан сээп, кудай өзү кечирсин, оозуна да арактан куйдук. Поездге түшөөрдө Нышандын оозуна чала күйгөн чылымды чычайта «тиштетип», эки колун эки жакка, Асым экөөбүздүн моюнубузга арта салдырып «жетелеп» алдык.

– Мастарды киргизбейм! – деп проводник эже бизди көрөрү менен чалкасынан кетти.

– Ой, эже кечирип коюңуз, мунун туулган күнү эле, туулбай тумуран калгыр, өлө ичип алыптыр, анан « Кайгы жокто кайненем кайтыш болуптур» дегендей кайненеси кайтты деп жаңы эле телефон чалышты. Анан, мунун масы тараганча качан? Убагында барып топурак салбаса кайын-журту муну да тирүүлөй көөмүп салышпайбы… Билесиз го, биздин «обычай очень строгий». Биз кошо баратабыз, эжекеси, баары жайында болот, «буянить» этсе эле мен мунун башын жара чабам. Кудай сактасын, эжекеси, гарантия беребиз, жеткичекти «будеть спать как мертвый». Меңиз, буга чай ичип коюңуз… – деп колуна беш жүз рубль берип жатып араң дегенде өзүбүздүн купеге кирдик.

Нышанды ылдыйкы полкасына аккуратна жаткызып койдук. Кудай жалгап, экөөбүздөн башка… тү атаң, үчөөбүздөн башка эчким жок экен. Жеткичекти башка бирөөнү жаткызбаса болду биздин купеге.

Бирок, болмок беле, акча дегенде атасын саткан проводник эжебиз жолдон бирөөнү отургузду. Момурайган орус жигит экен, Тараз шаарына баратам дейт, командировкага. Прибор, инструмент салган олчойгон жащиги бар экен, үчөөлөп атып араң дегенде эң үстүңкү полкага койдук.

Ошентип сыр билдирбей тымпыйып келатабыз. Казахстандын чек арасынан өткөн соң бир аз жеңилдене түштүк. Тиги орус балага Нышанды дайындап:

– Не трогай, пусть «спить»,– деп коюп вагон-ресторанга ысык тамак ичип алганы кеттик.

Шашпай эки сааттан ашыра отуруп, купеге келсек, кудай аткыр!!! Шерменде болдук эми !!! Нышаныбыз жок!!! Орусубуз отурат ойго батып.

– Где наш друг? – деп айкырсам:

– Вышел покурить…– дейт оозу-мурду кыйшабай.

– Как? Он же не курить, т.е. курил раньше, а сейчас курить не может…

– Не знаю, взял у меня сигарету и вышел…

– Куда вышел?

– Не знаю, наверное, в тамбур…

– Давно?

– Почти два часа назад.

Оозубузду ачып отуруп калдык. Асым чыдабай жүгүрүп барып тамбурду да карап келип:

– Эсил кайран досум ой, эми дагы жоготтум ой… – деп бышактап кирсе болобу:

– Басчы жаагыңды! – деп бөйрөккө бир койдум. Ошол эле ачуум менен оруска кыйкырдым:

– Говори правду, а то сейчас с поезда выкину!!! – деп купенин эшигин, кулпусун жаап,– Касым, открой окно!!! – дедим. Жакасынан муунта кармап терезеден башын чыгарганда эле:

– Хорош, хорошо, скажу, скажу…– деп ал байкуш калтырап-титиреп отуруп берди.

Көрсө, мындай болуптур. Биз кеткенден кийин бул кайран өзү чылым чеккени тамбурга чыгып кетпейби. Кайра кирсе үстүңкү полкадагы оор жащик кулап, туура Нышандын көкүрөгүнө түшүптүр. Жащигин эптеп ылдый алып, тигинин бети-башын кармаласа эбак эле жаны «чыгып» кетиптир. Жүрөгү түшкөн неме жайлап алган экенмин, айбан азиаттар келсе эми мени да өлтүрөт деп, далбастап, терезени ача салып поезден ыргытып жиберген турбайбы. Анан биз келгиче «сочинять» этип, күтүп отургандагы кербези экен да... Эми минтип ыйлап отуру:

– Все сделаю, только в милицию не сообщите, пожалуйста…– деп шолоктосо, тим эле, жүрөгүң сыздайт…

– Хорошо, в милицию не будем сообщать, но ты с нами будешь! – деп келерки станциядан үчөөбүз тең түшүп калдык.

Такси жалдап алып келген темир жолубузду бойлоп издеп жөнөдүк. Жүз чакырымдан ашык жүргөндөн кийин Нышанды таптык. Калың күрткүнүн үстүнө түшүп эч нерсе болбоптур. Кайрадан жакынкы станцияга келип, кайрадан билет алдык. Албетте, чыгымдын баарын жанагы «күнөөлүү» орус жигит алды.

Нышанды болсо, эми башкача «кийиндирдик», жаңы килем сатып алып, ошого ороп салдык. Дагы «жакшы», жалаң арак ичип жүрүп арыктап сөөгү эле калыптыр, оролгон килем ичинде билинбей эле калды.

Орус жигит болгон акчасын баарын бизге берип, башка поезд менен барам деп калып калды. Э, мейли дедик, ансыз да биз менен жүрүп аябагандай чыгым болду.

Өзүбүзчө бир купе алып, жатаары менен ошол замат уйкуга кирдик, Нышан менен алек болуп жүрүп иттей чарчаптырбыз. Ал болсо килемге оролгон бойдон үстүңкү полкадан орун алды. Ага эмне, баары бир да, эчтеке менен иши жок, «жыргап түбөлүккө уктай» берет...

Таң атпай көзүмдү ачып эле Нышан жаткан полканы карадым... Кудай сактай көр!!! Нышаныбыз дагы жок! Килеми да жок, өзү да!..

Асымды булкуп ойготтум.

– Саббакка! Түндө сыртка чыгып келип эшикти жапкан эмес турбайсыңбы, суволуш! – деп жаакка тартып жибердим.

– Уйкусурап... унутуп... – дейт ал көзүн алаңдатып, анан эле өңгүрөп кирсе болобу: – Эсил кайран кан досум, сени үчүнчү ирет жоготтумбу?..

– Басчы, жаагыңды! Пайдасы жок ит экенсиң!.. Эми эмне кылдык?!.

Арга жок, поездин ичиндеги милийсаны таап, болгон окуяны төкпөй-чачпай айтып бердим. Кудай жалгап, биздин бактыбызга кыргыз жигит экен. Таң калганда эмне, азыр кыргыздардын жүрбөгөн жери жок да...

Биздин таржымалды угуп, бир сыйра күлүп, анан:

– Эч жакка чыкпай купеде отургула, – деди да, поездин баш-аягын кыдырып кетти.

Көп узабай эле «килемди» бир шумпайга көтөртүп жетип келди.

– Алгыла, «килемиңерди»! Болду, эми, жакшылап кайтаргыла. Бир аз болгондо мынабу шумпай Нышаныңарды дагы терезеден ыргытмак экен... Килемди ачса, ичинде өлүк жатса, үрөйү учуп, жүрөгү түшкөн неме эси-учун жоготуп эмне кылаарын билбей калтырап-титиреп отуруптур. Мени көрүп аябай сүйүнүп кетпедиби... Милиционерди көрүп тим эле атасын көргөндөй кубанган ууруну биринчи көрүшүм! Экинчи уурулук кылсам колума шал тийсин деп карганды... Бирок, буларга ишенбейм... Мейли, анда, аман-эсен жетип алгыла. Мынабуга окшогондордон сак болгула! – деп шоордуу ууруну желкеге коюп жетелеп кетти…

Андан ары абайлап, аябай сак болуп, «килемди» кезектешип кайтарып, жетер жерибизге кырсык-курсуктан тышкары жеттик. Нышанды туугандарынын колуна «аман-эсен» тапшырдык.

Баарынан да Асымдыкы өттү! Эртеси Нышанды жайына коюп, топурак салып, мүрзөдөн кайтып келатканда:

– Эсил кайран кандосум, сени төртүнчү жолу жоготтум!.. – деп өкүрүктү салса болобу!.. Аргасыздан чыканак менен бөйрөккө уруп үнүн араң бастым...

...Аягында айтаарым, айланайын кыргыздар, алыста жүргөндө абайлап, өзүңөргө сак болуп жүргүлөчү, бөөдө кырсыкка кабылбай!

 

«МУЙДУҢДАН АНАНАЙЫН, ДЕПУТАТЫМ!»

Айланайын тажап бүттүк, күнүгө беш маал келишет. Түнкүсүн да,таңатпай да… Баарыбыз нервный болуп калдык, өзүбүз түгүл итибиз да, дарбаза такылдаса эле байкуш үрбөй эле улуп-уңшуй баштайт. Уктатпайт, келеберишет, келеберишет, демиткен эле демилгелүү топтор.

Алгач Текебайдын тобу келди бакылдап: «Муну депутат кылсаңар барыңар жыргайсыңар, арбир үйдө эчки-теке багасыңар, сүтүн ичесиңер, быштагын жейсиңер, тыбыт жоолук салынасыңар» деп.

Анан Кочкорбайдын тобу келди: «Эчки-теке дегенди кармаш кыйын, качып кетет, дарактарды кемирип салат, там башына чыгып кетет, андан көрө корооңор койго толсо, сарайыңарга кык жаткызып, кычыраган кышта койдун көңүн жагып жыргайсыңар, ысыйсыңар…»

Андан соң ураалап Уйлубайдыкы келди: «Койдон пайда жок, коноктор эмес кошуна келсе деле чекесинен соё берип түбүнө жетесиңер, Укеңди шайласаңар ар бир үйдө уй болот, каймак, айран арбып, жампасын жагып, жамбаштап жатып жылыйсыңар…»

Светчи Светаныкы да келди: «үйдүн ичин ыштатып, сасытып, күл чыгарып эмне кыласыңар, андан көрө Светаны шайласаңар үйүңөргө үч, керек болсо төрт-беш фаза кошуп электр «отопление» коюп берет, кнопканы басып коюп тердеп жата бересинер, электрди эч качан өчүртпөйт, акысын каалагандай кылып берет, анан, унутпасаңар, ал деген аялзат экендигин, гендер деген саясат бар экендигин…»

Энтендеп Эркек Эгинчинин тобу келди: «Кемеде ургаачы болсо кырсыкка алып келет, сессиялар базар-вокзалга ай¬ланат, чачташып урушат, Эркек Эгинчи депутат болсо кампаңар данга, дасторкон нанга, оозунар балга толот, кыскасын айтканда, токчулук болот, жокчулук жо¬голот…»

Анын артынан Корозбайдын тобу жетип жетпей кыйкырды: «Короо толо тоок берет, корозун кошуп берет, тогуңардын баарын туугузат, жумурткаңар көп болот, аны жесеңер тукумуңар көбөйөт, кыргыздын саны арбыйт, Кокең депутат болсо дагы беш миллионго өсөсүңөр, эсиңердеби, быйыл Короз жыл экендиги…»

Бычактарын кайрап Касапчы аттуу хирургдун тобу келди: «Каалагандардын баарын «безочередь» акысыз операция кылат, каалабагандарды, кудайга ишенбегендерди, мусулман эместерди сүннөткө отургузат, ашыкпаш өт-сөтүңөрдү, казы-картаңарды, сокур ичегиңерди кесип салат, кош бойлуу кыз-келиндерге аборт, керек болсо кесарево жасайт…»

«Оозуңа таш!» деп кыйкырдым ичимден, карасаң мунун айтканын, аялым, буйруса кышкы туутта аман-эсен сойдурбай эле көз жарса, уулдуу болсом деп ак эткенден так этип отурам…

Мына ушинтип келип атышат,убаданы берип атышат,оозунун жели менен тойгузуп атышат, кекиртекке жетти, сасык кекирип калдык. Эсибиз ооп, башыбыз айланды. Жакында итибиз түгүл өзүбөз да улуй баштайбыз го дейм. Уйку качты...

Кечээ түнү аялым таң аткыча онтолоп кыйналып чыкты. «Тез жардам» чакырсак уңулдап барып төрөт үйүнө таштап салды. Араң турган акушерлер бапыратып эле басып калды. Ары-бери жулмалап жатып аялымды төрөтүп салышса болобу! Мөөнөтүнө дагы эки ай бар эмес беле? Кашайгыр десе!

Бирок, жети айлыктар акылдуу болот эмеспи… Эми, мейли, аялым аман-эсен төрөп алды. Дагы жакшы, тиги депутат болом деген Касапчы догдурдун колуна тийбей калганы абийир болду, сөзсүз кесарево кылмак. Баарынан да эркек бала төрөп бергенине төбөбүз көккө жетти. Беш кыздан кийин уулду болгонума сүйү¬нүп, араңжан баламдын амандыгын тиледим.

Атын ким деп койсок? Ары калчап, бери калчап, кыргыздар көчүп баратканда төрөлсө Көчкөнбай, сийезд жүрүп жатканда Сийездбек коёт эмеспи, минтип депутаттыкка тандоо күчөп баратканда мен да салтты бузбайын дедим да атын Депутат койдум. Анын үстүнө жети айлык болсо да карап көрсөм уулум «серьезный» болот окшойт, көп сүйлөбөйт… тоюст, көп ыйлабайт, көп күлбөйт, кишиге сын көз менен карайт, жакпасаң жаба чычат… Накта Депутат!

Бүттү, дедим, эшик-терезени жаптым да: «Каалганы какпагыла, үнүңөрдү чыгарбагыла, өзүбүздүн Депутат үйдө эс алып жатыры! Ким тынчын алса тапанча менен атабыз, талуу жерине ысык үтүк басабыз!..» – деп, этегине «жанжелдети Жа¬лаң Каничеров» деп кол коюлган жарнакты жүзүнчү мык менен кагып туруп дарбазаны сыртына илип салдым.

Ошол күндөн тартып шайлоо бүткүчө, шайлоо эки тур менен өтпөдүбү, кулак-мурун тынчыды да калды. Жыргап эле калдык. Ананайын муйдуңан, ушул, өзүмдүн Депутатыма абдан ыраазымын, убагында эле төрөлүпсүң. Эми, баралыңа жеткенде бакыйган Депутат болгонго сен сөзсүз милдеттүүсүң, уулум!..

 

«СОЛОЙТО ЧАПКАН СОТКА!..»

Депутат таякемдин аркасы менен эптеп окууну бүтүп алып, бутум жер баспай мурдум дердейип көчө таптап басып жүрдүм. Бир ай бастым, эки ай бастым, «Кел бери, мен сага кызмат берем» деген киши жок. Дипломду бетиме кармап алып издесем да табыла турган түрү жок. Айла жок, баягы тайкеме дагы бардым. Айлыгы аз болсо да иштеп тур деп «осообу» же «пособу» айтор, биргелешкен бир четөлкөлүк фирмага орноштуруп койду.

Кыйраткан деле кызмат эмес, тигини апкел, муну апкел, почтага, налогго бар деген майда-барат жумуштар. «Мындай жумушка дипломдун деле кереги не?» деп коем ичимден. Курдаштар сураса: «Менежердин жардамчысы болуп иштейм» деп койом аларга. Бир ай иштедим, эки ай иштедим, эч кимдин деле мени менен иши жок, же, кызматымды жогорулаткан киши жок. Таякеме бардым дагы, «Дипломдуу адис болсом, анан кагаз ташыгыч болуп жүрө беремби?» дедим. Эки күн өтпөй «отдел кадр» чакырып алып бир тепкичке жогоруладың деди. Анысын деле сезген жокмун, баягы эле кагаз ташымай, чабарман болуп чапкыламай.

Бирок, колума сотка телефон карматып коюшту. Төбөм көккө жетип сүйүнүп калдым. Эми менин шефиме да жакшы, каалаган убакта чалып тапшырмаларды берип турат. Мага да жакшы, досторго, кыздарга тез-тез чалып жыргап эле калдым. Акысын мен төлөмөк белем, фирма төлөйт да. Кээде курдаш кыздар жолугуп калса, тим эле каада күтүп, сотканы чычайта кармап: «Алло! Эй, дос, баягы карыздан качан кутуласың? Болбойсуңбу, тездетпейсиңби?! А то, смотри, счетчикке отургузуп койом! » деп калп эле «крутой» боло берем. Кааласам жумуштан эки-үч саатка качып кетем. Сураса налогдо жүрөм, почтада, же банкта жүрөм деген шылтоолорду ышкыртып койом.

Бирок, соткаң сомуран болсун, баары бир менен түбүмө ушул жетти!

Бир күнү достор менен кафеде мага жаккан классташ кызымдын туулган күнүн белгилеп жыргап отурганбыз. Күүлдөп олтуруп убакытты өткөнүн байкабай калыпмын. Бир карасам жумушчу күн аяктап баратыптыр. Болоору болду эми, эртең бир шылтоону айтаармын деп ойлонгуча соткам шыңгырап калды. Ала койсом шеф экен:

– Алло! Сен кайда жүрөсүң? – деди үнүн каардуу чыгарып.

– Жанагы сиз жиберген мекеменин кабылдамасы жабык экен, катчы кыз келгиче күтүп отурдум…

– Анан азыр кайдасың?

– Маршрутка менен жолдо келатам…

– Музыка кайдан чыгып атат?

– Айдоочу радиосун катуу чыгарып коюптур…

– А, жаныңда Индиянын сүйүүсү жөнүндө тост айтып жаткан ким?

– Эмне?.. Индия?..

Тү, атаңды! Жанымда олтурган Азим дос кызып алып, шарап куйулган стаканын кыйшайтып алып: «Мен сага, Тамара, Кавказдын узун өмүрүн, Сибирдин чың денсоолугун, Индиянын сүйүүсүн каалайм!..» деп бакылдабатпайбы.

– Бул… эме… тиги… радиодон…

– Ошол, туруп сүйлөп аткан «радионун» колундагы стакан таптакыр эле кыйшайып калыптыр, сен түшкөн «маршрутка» бир эле силкинсе кыпкызыл шарап туптуура сенин башыңа төгүлгөнү турат, алаңдабай абайлап отур, – деп атпайбы шеф, көрүп тургансып…

Эмне-е!.. Бүткөн боюм дүр дей түштү… Башыман ылдый, чын эле… суу куйгандай эсиме келип элеңдеп эки жагымды карадым... Мына сага! Ушуну көрмөксүң! Кафенин төркү бурчунда соткасын кармап, мен жакты карап шефим отурат. Жалгыз эмес. Жанындагы эки киши, чет өлкөлүктөр окшойт, өз ара кобурашып мен жакты эле көрсөтүп, бирде жылмайышат, бирде баштарын чайкашат…

Эртеси, таң атпай жумушка барары менен эле, сомуран болгон соткасын кайра өткөрүп бердим. Мени менен эчким сүйлөшкөн да, урушкан да жок. Ит келдиби, киши келдиби деп көңүл бурган бирөө да болбоду… «Отдел кадр» гана:

– Ме, карма, «крутой»! – деп колума оозу жабык катты карматты.

Сүйгөнүмдөн кат алгансып толкундап атып ачсам: «Биздин фирма Сиздин кыз¬матыңызга муктаж эмес. Ырахмат! Кош болуңуз!» деген сылык-сыпаа «куттуктоо» сөздөр сулуу тамгалар менен жазылып турат...

 

КУРСАГЫҢ АЧСА ПИКЕТКЕ БАР!.. ЖЕ, «ЖЫРГАГАНЫМДАН ЖЫЛКЫ КАЙТАРЫП ЖҮРҮПМҮНБҮ?»

– Оомабек кет! Оомабек кет! Жетишет, керегиң жок! Жоголсун! Кетсин! Кетсин!..

Демейде кеп жебеген Оомабек оозунан келмеси түшүп карап турду. Мындайды эч күткөн эмес. Өзүнүн эле жакын кошуналары, айылдаштары эшик алдында котолошуп, жарыша кыйкырышып, дагыра-чакаларын тарсылдатып чаап турушат. Баарынан кызыгы, аларга өзүнүн карачечекей балдары кошулуп алган:

– Атам кетсин! Атам кетсин! Акчасы жок атанын кимге кереги бар?! Кетсин!..

Карадуңгул катынына кудай берди да, жогото албай жүргөн неме, тим эле кара дөбөттөй албууттанып алыптыр:

– Кетсин! Кетсин! Бүлөсүн бакпаган неме андан ары жоголсун! Отуз тогуздан оогончо оббазисия болдуң, жетишет! Пайдасыз пикетиңе бара бер, пронтуңдан кайтып келбей эле кой! Жогол!.. – деп буркан-шаркан түшүп, албеттүү неме Оомабекти алкажакадан алып жулкулдатты эле ийнелик моюну аз жерден үзүлүп кете таштады. Ооруганына чыдабай онтолоп:

– Макул! Баарына макулмун! Жансоога жаным, жансоога!.. – деп бакырып атып чоочуп ойгонду. Чылпак баскан көздөрүн араң ачып, эки жагын карап түш экенине сүйүнүп кетти. Көрсө, өзүнөн эки эсе олбурлуу аялы аны ойготалбай, үбөлүк менен чабайын деп калыптыр. Убагында көзүн ачыптыр, болбосо, ким билет?..

– Дени-кардың сообу? Абайлабайсыңбы?! Жулкулдата берип башымды жулуп алсаң эмне болмок?! Мээм да чайпалып калды окшойт… – Оомабек башын кармалады.

– Чайпала турган мээң барбы? Сасык арактан калган саркындылар, сары суулар чайпалып жаткандыр. Андан көрө, көп сүйлөбөй тур! Жаз келгенин сездиңби, анча-мынча? Эл катары кыймылдасаң боло! Шаарга барып «элдик пронт» деген пикетке актиптүү катышсам, эки-үч миң акча алып силерди жыргатам дебедиң беле? Кана, эми? Картөшкө урук алыш керек эле… Жер кургап баратат… Андан көрө сенин мээң кургаса болмок!..– деп аялы эринин башын чукуду.

– «Катындын чач узун, акылы кыска» деген ушу да. Мындай бир глобалдуу масштабда ой жүгүртсөң боло!.. Жалаң эле кара курсактын камын көрбөй, өлкө¬нүн экономикасы, тагдыры жөнүндө ойлосоң боло…

– Ай, көп былжырай бербечи, тойдум сенин сасык саясатыңа! Сен минтип оозуңа келгенди оттогуча... барсаң боло, дагы кур каласың… Тур, жөнө, клубда «пронтобиктерге» акча таратып жатат дейт.

– Ап, бали! Мазгини чакпай бая эле ушинтип айтпайсыңбы.

– Эми, дагы акчасы жок келсең, мазгиңди эле эмес жилик – шыйрагыңды кошо чагам. Менин сырымды билесиң го, айтканымды аткарам, балта-чотумду даярдап койдум.

– Эч камсанаба, каралдым. «Пронт башчыларыбыз» убадаларына турган экен, акчаңарды артыңардан берип жиберебиз дешкен, маладцы!

– Бишкекте «пронтто» жүргөндө акча бербесе, анан кантип он күн оокат кылдыңар?

– Берип атты нан-пан, чай-пай дегендей… Айрыкча пайы арбын болду. Болбосо түн ичинде үшүп калмакпыз. Бирок, баарыбыз аң-сезимдүү, элдик саясатчыларбыз да, ошондуктан курсакты ойлогонго убакыт болгон жок. Ошон үчүн ойлонбой эле «Кетсин! Кетсин!» деп эле кыйкырып жаттык. Ушундай учурда «пайдын» пайдасы абдан тийди. Кыскасын айтканда, биз эмне, жыргаганыбыздан арак ичиптирбизби?! Силерди ойлоп, элди ойлоп, мындайча айтканда: «Жыргаганыбыздан жылкы кайтарып жүрүптүрбүзбү?»

– Эми, ошол кайтарган жылкыларыңдан, куру дегенде, бир чолок байтал жетелеп келбесең өзүңдүн бир жериңди чолок кылам! – деп аялы колундагы үбөлүктү көтөрдү эле Оомабек сыртка учуп чыкты. – Эрте кел! Акчаңды алып дагы бир жакка «жылкы кайтарып» кетсең, келбей эле кой тирүү калам десең! – деп «кара каралдысы» артынан айкырып калды.

Мурдагы «Рот-Фронт» колхозунун клубу майрамдагыдай укмуш жасалгаланган. Кызыл-тазыл желектер, ураандар, чакырыктар… Шаңдуу музыкалар, мукамдуу ырлар жаңырып маанайды көккө көтөрөт. «Бул эмнеси? Тү, атаң! Уктай берип жаңы ыңкылаптан куру калдымбы? Менсиз эле революция жасап жибериштиби?..»

Айыл өкмөтүнүн кадырлуу кассири Калима кыдырата отурган аксакалдарга кол койдуруп акча таратууда.

– Майрамың менен, Калима! Акча таратып жатат деп угуп келип калдык, – деди Оомабек алакандарын ушалап.

– Кандай келсең ошол жол менен кете бер, – Калима камырабай жооп берди.

– Үмүттү үзбөй, үркөрүм, карап койчу тизмеңди?!

– Сен, эмне, фронтко бардың беле?

– А как же! Он күн шаарга барып актиптүү катышып, алдыңкы катарда, кайнаган жеринде жүрбөдүмбү!

– Документиң барбы?

– Кандай документ?

– Катышты деген, сүрөтүң чапталган, печать-мөөрү басылган, «фронт» башчыларынын колу коюлган күбөлүк керек. Үч нускада болсун!

Оомабек көптөн бери тарак көрбөй чыбашы чыкпаган чачын тырмалап туруп калды. Тегерете отурган калың элдин күлкүсү күчөдү...

– Эй, көк мээ! Бүгүн деген 9-Май – Жеңиш күнү! Накта согушка катышып кан кечип келгендерге, фронтовиктерге, тылда иштегендерге акчалай сыйлыктарды, белектерди берип жатабыз. Мына, Берлинди алган Бекетай атага майыптардын жаңы коляскасын бердик… Барчы ары, ашаткы жыттанбай, андан көрө үйүңө жөнө, бети-башыңды жууп кел да, Бекең аксакалдын бетинен өөп куттуктап кой! – деп Калима эшик жакка колун жаңсады.

Оомабек кыраан-каткы күлкүнүн коштоосу менен сыртка чыкты. Олчоюп оордой түшкөн буттарын сүйрөп үй жакка араң баратты. Балта-чотун даярдап күтүп отурган карадуңгулун эстеп кадамын ого бетер басаңдатты. Алды жакта жаңы коляскасын айдап бараткан Бекетай аксакалды көрүп кубанып кетип, ошо замат кубалап жетти.

– Атсало-ом алейкум, Бекен ата!... «Машинаңыз» кут болсун!

– Алейкум салам, уулум! Ырахмат! Жаңы неме тим эле кол тиелекте зуулдайт. Кемпиримди отургузуп алып, шаарга майрамдатып келсемби, ыя? Ха-ха!..

– Бекен ата, эски коляскаңызды мага бериңизчи, суранам!

– Ок, кудай аткыр аны эмне кылмак элең?

– Бир аздан соң мага да керек болуп калабы деп турам…

– Ой, атаң оозун ачайын, дөөдүрөгөн макоо!.. Андан көрө үйүңө бар да келин баланы ээрчитип биздикине кел, кемпирим экөөбүз майрамды ырымдап силерге да чай берип коелу. Унутпагыла, күтөбүз!..

Сексенге чыкса да майыпмын деп өмүрү мүңкүрөбөгөн, кыймылы шайдоот карыяны Оомабек көпкө дейре жаш толгон көздөрү менен узата карап турду...

 

«КҮЛКҮМҮШТҮҮ» ОКУЯ, ЖЕ КАНТИП МЕН КИНОРЕЖИССОР БОЛДУМ?

Менин кесибим – кинолог. Бирок бул кесип тууралуу көптөгөн адамдар билбейт окшойт. Союздун маалында ушул кесибиме байланыштуу бир «күлкүмүштүү», «күлкүлүү» деген сөздү азыр ушинтип айткандар бар экен, туурасын айталык, күлкүлүү окуя болгон. Силер үчүн күлкүлүү, а мен үчүн...

Ишсапар менен тоолуу бир районго барып калдым. Райондун так ортосунда жайгашкан жепирейген жалгыз мейманаканасынан орун алганы кире калсам, олбурлуу толмоч аял телевизордун маңдайында креслодо коңурук тартып уктап олтуруптур. Менин киргенимди сезген да жок. Тамагымды кырып жөтөлүп койдум. Алгач оң көзүн, анан сол көзүн ачып ыңгыранып:

– Орун жок, – деп кебелбей араң үн катты.

– Ишсапарга келдик эле, бир эле орун болсо?.. Мынабу базарлыкты алып койсоңуз, – деп көнгөн адат боюнча чөнтө¬гүмөн жалпак бөтөлкө коньякты сууруп чыгып астына койдум.

– Кайдан келдиң?

– Фрунзеден!

Шашпай ордунан туруп, чоң столдун жанындагы отургучту аянычтуу кыйчылдата олчоюп отурду.

– Документиң барбы? Эмне максат менен келдиң? – деп чоң журналын ачып суракка ала баштады.

– Жумушума байланыштуу...

– Кандай жумуш, эмне жумуш?

– Мен – кинологмун.

– Үй-бүлөңүз барбы?

– Мен ишсапардамын.

– Баарыңар ушундайсыңар, үйдөн жарым карыш чыксаңар эле бойдок боло каласыңар.

– Жок, сиз туура эмес түшүндүңүз окшойт...

– Мен баарын түшүнөм, баарын билем... Жыйырма жылдан бери көрдүм сага окшогондорду. Силер жөнүндө жакында чоң илимий эмгек жазып прапессор болоюн деп жүрөм, ха-ха!.. Кесибиңди кайталап айтып койчу?

– Ки-но-лог!

– Кино тартасыңбы? Жанагы... ким эле?.. Аа, эстедим – Болот Океев! Точно, ошонун өзүсүң! Ой, кечирип коюңуз, Болот Океевич, кайдан көрдүм эле деп коем! Кандай келдиңиз? Аман-эсен... Сизге «люкс» номурду берейин, «поблату» дегендей...

– Жо-жок, мага жөнөкөй эле бир бөлмөңүздү... Анан мен Болот Шамшиев эмесмин, Төлөмүш Океевге да окшобойм...

– Мен сизди абыдан түшүнүп жатам, көрүнгөндөр эле жабышып сурамжылай беришет эмеспи. Сиз деген искустубонун кишиси болгон соң, жөнөкөй адамдын ролуна кирип көрөйүн дегенсиз да...

– Кечиресиз...

– Эч камсанабаңыз, ныпым кишиге айтпайм... Та-ак! Обкомдун биринчи секратары жатып жүргөн «люкс» сиздин карамагыңызда. Бул жакка эмне, кино тартканы келдиңизби? Ырас болбодубу, менин бойго жеткен кыздарым бар, киноартистка болобуз дешип кулак-мээмди жеп бүтүштү. Ошолорду эптеп бир жериңизге кыпчып киного тарта кетиңиз, Боке!

– Так, мен кинологмун да...

– Мен да ошону айтам да!.. Эми, алтыным Боке, аткез кыла көрбө, айла¬найын!

– Кое туруңуз, сиз мени жакшы түшүнбөй жатасыз... Мен деген кинолог болуп иштейм...

– Мени да түшүнсөңүз, Боке, үч кызым бар, үчөө тең бойлуу, сулуу, келбеттүү, болгону окуулары анча эмес, эми артистке окуунун кереги не... Аларды окутканга шартым да жок, болгону алты уюм бар, ошонун бирөөсүн өзүңүзгө берейин.

– Уюңузду балконго багайынбы? Тамашаңызды токтотуңуз! Мен жалаң иттер менен иштейм.

– Коюңуз э!.. Чоң режиссерлор ушундайсыңарбы, баарын итке теңеп саласыңарбы?

– Сиз кандай түшүнүгү жок аялсыз!? Мен жалаң иттер менен иштейм!..

– Кандайча?

– Ооба! Кесибим ошондой. Дөбөттөрдү, канчыктарды үйрөтөм, окутам...

– Мм-м... Ошондойбу?.. – Олбурлуу айым ээгин тиштегилеп мени олуттуу карап калды. – Ай, сен! Кандай орой эмесиң?! Канчык деп! Мени да ошого теңегени турасыңбы? Аскарбить эткениң үчүн кесилип кетесиң, керек болсо!.. Чык, эшикке!.. Орун жок!.. Бол, тез!.. – деп капысынан албуутанып пол жууган швабрасын ала коюп кубалап чыкса болобу...

Мына ошентип биринчи жолу кесибим үчүн тил угуп, таяк жеп жана жатаар жерим жок калдым.

Кошомат кылып дагы коньяк бергенимди кантейин?!.

 

«КОШУНА САТАМ, КИМ АЛАТ?»

– Та-ак… үйүңүз өтө чоң эмес, өтө кичине эмес, чакан экен…

– Ооба, ооба, ончакты киши оңой эле батып жашаса болот.

– Албетте, бизге окшогон кыргыздарга боло берет. Та-ак, бышкан кыштан салынса да өтө эски окшойт...

– Анын эмнеси бар экен? Тескерисинче, эски имараттар бекем болоорун билесизби? Сталиндин убагында «халтура» дегенге жол берилген эмес, «брак» кылсаң, сыразу башың кетчү. Андан кийинки курулган тамдарды карачы, жер титирегенди кой, көчөдөн трактыр өтсө ары-бери мас кишидей чайпалып турат. Жыртык-тешиктеринен чычкан эле эмес, таракандар да чыга качат.

– Короо-сарайларыңыз да тарыраак экен…

– Сиз эми шаар ичинде төө бакмак белеңиз, ончакты жандык кармасаңыз кенен жетет да…

– Болуптур, эми канча сурайсыз?

– Отуз миң!

– Отуз миңби?! Отуз миң доллар мененби?

– Албетте! Сом менен соо киши сурамак беле?!

– Кечиресиз, мен «Евро» экен деп чоочуп кетпедимби? Ха-ха!..

– Сиз какшыктабай кое туруңуз. Кымбат сураганымдын бир себеби бар. Болгондо да абыдан жүйөөлүү себеп…

– Айтыңыз, угайын...

– Бери, кулагыңызды тосуңуз… Бу, кошуна… шыбыр-шыбыр-шыбыр… Тү¬шүндүңүзбү?

– Койчу, чын элеби?!

– Өлүп кетейин! Калп айтсам ушул кара там бүгүн түнү мени басып калсын! Коркпоңуз, мен айткандай болбосо «кайра акчаңызды кайтарып берем» деп тилкат жазууга даярмын.

– Анда, чын эле жүйөөлүү себебиңиз бар экен.

– Ажобуздун бир тууган... эмеси ушул жерде тураарын бүт баары эле биле бербейт. Анын оң жагындагы кошунасы жыл өтпөй мүлк фондусуна өтүп алды. Азыр, мына эми, өкүл ата-апа болушуп чырмалышып эле жатып калышты. Маңдайкы кошуна болсо ак үйдүн алтынчы кабатына ишке орношуп алды... Сол жагындагы кошунасы бажыканада иштебатат...

– Ажобуз да келип турабы?

– Жок, ал өзү сейрек каттайт, ал эми эжекебиз болсо ат тезегин кургатпай эле келип-кетип турат. Акырын таанышып алсаң, келген сайын ымалашып турат элең, анан, кудай буюруса, мүмкүн, губернатор болуп калсаң ажеп эмес…

– Боптур, бир миң долларга түшүңүз…

– Макул, жыйырма тогуз жарымга берейин.

– Ээ, боптур, келе колуңузду, он миңге татыбаган тамыңызды ушул кошунаңыз үчүн алдым!

– Туура, «Конуш албай, кошуна ал!» деп бекеринен айтылган эмес да…

...Арадан алты ай өтөт. Экөө базардан жолугуп калышат.

– Саламатсызбы?!

– Саламдан жутаган киши жок!

– Ал эмне дегениңиз?

– Оңбогондой акча коротуп… сиздин тамыңызды сатып алып… ал акчага сиздикиндей үч там алмакмын... бекер кылыптырмын.

– Эми, ким билиптир, минтип революция болуп кетээрин. Кайра сатыңыз... өзүмө.

– Кандайча?.. Ошол эле баагабы?

– Тогуз жарымга алам.

– Кудайдан корксоңуз боло?

– Эмнеге корком, ажолор коркпойт, а мен эмнеге коркушум керек?

– Сиз сатып алып эмне кыласыз?

– Кайрадан бирөөгө сатам!

– Кантип?

– Ушинтип эле… «Кошуна сатам, ким алат?» деп эле. Кулагыңызды тосуңуз… Эски ажо кайра… шыбыр-шыбыр… келет деп уктум.

– Чын элеби?... Точно? Анда сатпай турайынбы?.. Жакын арада, буюруса, төңкөрүш же, ыңкылап болсо… Кой, кошунам менен мамилени суутпастан коюн-колтугуна кире берейин… Айтып койгонуңузга ырахмат!..

 

«КЫРГЫЗСТАНГА ПРЕЗИДЕНТ БОЛУУГА МАКУЛМУН!»

Тээ өткөн чоң согушта кыргыз, орус жана украин үчөө немистерге туткунга түшүп калыптыр. 
    – Орус менен украинди абыдан кыйноо менен суракка алгыла, айтышпаса атып салгыла! – дептир немис офицери.
    – А кыргыздычы? – деп сураптыр немис аскери.
    – Сураксыз эле аны азыр эле атып салгыла!
    – А неге?..
    – Любой кыргызды сураштырсаң эле жакын тууган же, жек-жаат болуп чыгат...

Эл оозунан

«Өмүр бою өлкөбүз өйдө-төмөн боло берип жакшылык да көрбөй өтүп кетебизби, бу дүйнөдөн, балдарыбыздын, неберелерибиздин келечеги эмне болот, эптеп бир айласын таппайлыкпы?» деп төбөсү журтка көрүнүп, карылыкка башын таяп калган өлкөбүздүн аксакалдары бири бирине кат жазышыпп, телефон чалышып, борборго чогулушуп үч күн жашыруун чоң жыйын өткөрүшүптүр. Жыйында, катуу кагышып, талашып тар¬тышып, алты аксакал инфарктан жыгылып, акыры төмөндөгүдөй бүтүмгө келишиптир.

«Бакиевден башкасы келсе деле асылганы асылган, баары бир кыргыздын канына сиңип калган көрөалбастык менен жердешчилик, коррупция менен паракорлук, тууганчылык жана башка «чылык» балекеттерден арылалбайбыз. Тытышмайыбыз болгон жана боло берет. Андан көрө, Кыргызстанда ага-тууганы жок, өзү кыргыз эмес, тажрыйбалуу бирөөнү, маселен, Орусиянын Президенти В.В.Путинди чакыралык. Эмдиги жылы мөөнөтү бүтөт, жаш неме жумушу жок үйүндө отура бермек беле, бизге келип беш жыл Президент болуп бер деп сунуш кылалык, олчойгон Орусиядан кийин кыпындай Кыргызстанды опоңой эле башкарат да...» деп аксакалдар Москвага делегация жөнөтүшүптүр.

Албетте, алгач Путин чалкасынан кетиптир: «Силерге Путин эмес, Пиночет керек!» деп. Биздин акылман аксакалдарыбыз ары калчап, бери калчап, анан нукура азиаттардын куулугуна салып: «Эгер макул болбосоң, анда Америкага кайрылабыз, НАТОго мүчө болобуз!» дешет. Аргасыздан, Владимир Владимирович, кыйылып жатып: «Эгер Бакиев жана Кыргыз эли уруксат берсе…» дептир.

Ошентип, демөөр алган аксакалдарыбыз эки эселенген күч менен Президентибизге киребиз, буюруса, анын макулдугун алабыз дешип, кудуңдашууда.

Ошондой эле тез арада элден да уруксат алуу үчүн бүткүл элдик реформа өт¬көрүүгө камынышууда.

(«Jalgan Pressа» газетасынын 2007-ж. 1-апрелдеги санынан алынды.)

P.S.: Бул макала жарык көрөөрү менен Орусияда жүргөн интеллигент кыргыздарга ар бир өрөөндөн, кокту-колоттон, кыштактан өзүнчө жашыруун чабармандар чаптырылып, тез арада Владимир уулу Володянын ата-тегин тактагыла, архивди аңтаргыла, жети атасына чейин казып чыккыла деген купуя тапшырма берилиптир. Алгачкы «казуулардын» жыйынтыгы боюнча Путиндин сегизинчи атасы тээ байыркы заманда Оролго ооп кеткен саяктардын тукумунан экен!.. Ал эми Таластан Орусияга кеткен эмигранттардын айтуусу боюнча анын кайнатасынын чоң атасы Таластагы Орловка айылында туулуптур!.. Мындайча айтканда, Володя Талас элине күйөө бала болуп чыгууда!..

 

© Аваз Жокей, 2007. Бардык укуктар корголгон
    Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

 


Количество просмотров: 7223