Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Поэзия / Руханий адабият
© Өмүрбүбү Бегалиева, 2007. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2009-жылдын 4-ноябры

Өмүрбүбү БЕГАЛИЕВА

Бал китеп. Том II

Ааламдан келген каттар

II том

Ажайып дүйнөнүн азгырыгынан арылуунун, Улуу Кудайдын маңыздуу жолдомосун кабыл алуунун, көрсөтмөлөрүн аткаруунун, Манас дүйнөсү берген багыттамаларды кабылдоонун ачкычы, заманыбыздын оңолушуна алып баруучу жолду көргөзгөн саптар орун алган Бал Китеп-II, Кыргыз тилегинин жер бетинен орун алышына, өлкөнүн туура багытка бурулушуна таасир көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк ачат деген ишеним артылат. Бул басылманы окугандар Кыргыз Дүйнөсүнүн канчалык денгээлде кымбат экендигине күбө болуга мүмкүнчүлүгү бар. Бал Китеп аалам сырларынын ачылышынын дагы бир өңүтүн ачууга шарт түзөт.

Бегалиева Ө. Б 37 Бал китеп II. – Б.: Бийиктик, 2011 – 380 б. китебинен алынды

УДК 29
ББК 86.38
Б 37
ISBN 978-9967-13-733-2
Б 0403000000-11

 

 

Окурмандар бул китеп аркылуу Аалам–Адам байланышынын чексиздигине күбө болушат. Ааламдын Бийик Акыл-Эс Тутуму кыргыз тагдырын тура багытка бурууга жасаган аракети, китептин келечектүүлүгүнөн кабар берет. Ааламдан келген кабарлардын актуалдуулугу мына ушунда: китептин оң Жана терс каармандары Кыргыз мамлекетинин түптөлүш тагдырында кандайдыр бир деңгээлде олуттуу роль ойногон тарыхый инсандар жана биздин замандаштар. Калк тагдырын аркалаган мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, саясатчылар, тарых жана дүйнө тану илимдеринин изилдөөчүлөрү, жалпы окурмандар Бал Китеп аркылуу барчу жолдун багытын, баалуулуктун сапарын түкшүмөлдөөгө мүмкүнчүлүк ала алышат. Анда, Бал Китеп баарыбызга бакубаттуулук тартуулоочу маанай ачсын, окурман!

 

 

Колуңа ал Бал Китепти таштап жерге салбагын,
Байлыгың — ал, бакытың — ал, бийик жерде кармагын!
Пейлиң тарып, ичиң муздап, кыйноо сага келгенде,
Барагын ач бул китептин, акылын ук о пенде!
Боюңдагы бүлүк таркайт аздап сага күч толот,
Күмөнсүнгөн бул жашоонун баркы кайра козголот!

Бал Китеп сунган ааламдын түпкүр асманы,
Жардамдаш болуп кыргызга катты жазганы.
Каргаша баскан каран түн кетсин элимден,
Жаркыган маанай апкелсин күндүн аптабы.
Ай, жылдыз салган акылдын терең сыры бар,
Көңүлгө түйсөң гүлдөйт дейт кыргыз бак-шагы.

 

Маанилүү маселелердин түйүнү – мамлекетти РУХИЙ АСЫЛДАНДЫРУУ

Адамдар жемиштүү жашоо үчүн бириккен чарбаны жүргүзүүдөн мурда мамлекеттин багытын туура тандашы эң башкы маселе. Мамлекеттин багыты бул анын алдына койгон бирдиктүү талабы. Талаптын мезгил мезгили менен өз ордун алмаштырышы жарамдуу маселе. Мамлекеттик идеялардын жыйындысы, анын күчтүү идеология булагы ал мамлекеттин барчу багыты, анын койгон башкы талабы жана мамлекеттин туу көтөргөн максаты болуп саналат.

Мамлекеттик идеология Кыргызстанда төмөндөгүдөй жүргүзүлүүгө тийиш:

• Бирдиктүү системанын туура багытка өзгөртүлүшү менен жалпы калктын барчу максатын туура көргөзүүдө эң негизгиси – адамдарды туура багытка бура билүү. Ал ааламдан келген акыл-кеңештерди иш жүзүнө ашыруу. Бул тармак өтө кеңири болууга тийиш. Жалпы калктын алдыңкы катмарындагы акылмандарды алдыга алып чыгып, алардын даанышман иш-аракеттерин мамлекеттин эсебинен калкка жайылтуу. Жарамдуу бөлүктөрүн көңүлгө сиңирүү менен бирге аларды мамлекеттин башкы акылман катмары катары кабыл алуу.

• Өз мезгилинен артта калбаган адамдарды бийлик трибунасына алып чыгуу менен акылмандарга бийлик трибунасынан орун берүү.

• «Бийликтин бирдиктүү жүрүшү калк кызматын аткарууга тийиш» талабын ишке ашыруу. Жигердүү иш-аракеттерди мамлекеттик деңгээлде аткаруу.

• Адамдардагы ачкөздүк (коррупция), ыймансыздык, ырыс-кешик арттыруу маселелерин айкын ачып, алдыга толугу менен алып чыгуу калкты туура багытка тарбиялай тургандыгын эске алуу маселеси бүгүнкү күндө мамлекеттин эң биринчи идеологиясына айланууга тийиш.

• Жалпы рухий дөөлөттөрдү калкка жайылтуу маселелери калктын деңгээлин жогору көтөрөт. Ошондуктан бүгүнкү күндөгү кыргыз мамлекетине керектүү идеолгиянын эң башкы башатында, ааламдын жерге жиберген акылман багыттамаларын окуп үйрөнүү менен бирге калктын акылман катмарын алдыңкы катарга алып чыгуу аркылуу мамлекетин иш-аракеттерин туура багытка салуу жалпы калктын деңгээлин жогорку тепкичке көтөрө тургандыгын айтууга тийишпиз.

• Эң негизги максат — калктын аң-сезимин оң тарапка буруу маселеси мамлекеттин идеологиясы катары ар тараптуу колго алынсын. Мамлекеттин идеологиясы анын өнүгүп-өсүш процесстеринде ар кыл тараптан өзгөрүүлөргө дуушар болот. Ал процесстер прогресске жараша ишке ашырылат.

Бүгүнкү күнкү негизги маселе адамдарды ар тараптуу толугу менен тарбиялоо, калктын катмарын, аң-сезимдүү бөлүктөрүн туура багытка буруунун мааниси – эң керектүү маселе. Бул РУХИЙ АСЫЛДАНДЫРУУЛУК деп аталат. Мамлекетти РУХИЙ АСЫЛДАНДЫРУУ маселесин колго алуу керек. Калган маселелер анын тегерегинде болуп келген жана боло берет.

Шаршемби, 2-Май 2007-ж.

Ташкент фармацевтикалык институтунда окуган мезгилимден тартып эле бир Күчтүн күчтүү контролдугу астында темирдей тартип сактап келдим. Ошол мезгилде мени Кудайдын Ааламдык системасына салуу процессии болгондугун азыр айкын билем. Ал кезде жаным аркылуу туюп сезгендеримди так аткарууга аракет жасачу элем. Ал талаптардын эң негизгиси болуп мамлекеттик Навои китепканасына киргенде, отуруп реферат даярдап же айрым китептерди окуганымда жаным бир укмуштуудай каалгыган бактылуулуктун шарапаты урганын сезип, Навоиге көбүрөөк барууга аракет жасачумун. Андан тышкары бир жашыл парктын ичиндеги (азыр эсимде жок) кичирээк китепканага күн сайын барууну сүйөөр элем. Менин жаным китепканаларга кирип колума китеп алып окуганымда гана Жан балкыткан бактылуулуктун, аруулуктун сапарын сездирип, сергитээр эле. Китеп ачып окубасам жаным кыйнала бергендиктен мен беш жыл китепканаларда күн сайын болор элем. Андан тышкары кол сумкамда сөзсүз китеп салынып жүргөндө өзүмдөгү бүтүндүктү сезчимүн. Ооба, студенттик күндөрүм эң бактылуу мезгилим болгон. Алдымда чалкып жаткан океанды сүзүп өтүүгө мүмкүнчүлүгүм бар экенин Навоиге барганда айрыкча дана сезчимүн. Фармацевтикалык предметтерди, лекцияларды тез өздштүргөндүктөн дүйнөтаанымга болгон кызыгуумдун үстүнөн айрым учурда иштедим окшойт. Ошентип мен Фармацевтикалык институту жалаң беш менен окуп Кызыл дипломго ээ болдум. Институту аяктагандан кийинки он жылдык өмүрүм жан чыдагыс Жан дүйнөмдүн кыйналуусу болду. Ал жылдар менин он жылдык жашоомду жокко чыгарды.

1991-жылдан баштап менин көзүмө көрүнбөй бирок ар кандай белгилерди берүү аркылуу белгисиз, бирок жагымдуу күчтөр мени өз жетегинде ээрчитип жүрүштү жана ал күчтүн таасири мени адамдар менен алака кылып жашоодон алыстатты. Чындыгын айтканда мен кадимки адамдардын жашоо тиричилигинин түйшүгүн тартканым менен алар аралашкан материалдык дүйнөнүн ырахатын көрүү мүмкүнчүлүгүнөн көптөгөн жылдар таптакыр алыс болдум.

Мен тирүү адам болгонум менен жашоо образым жер адамдарынын жашоосунан түп-тамырынан айырмасы бар эле. Арак ичилген чөйрөгө отургузбайт. Кебездей жумшак кол колумдан тартып жетелеп кетет. Ал кол Олуя апанын колу экендигин кийин көзүмө көрүнгөндө аныктадым. Же болбосо магнит менен тарткандай билгизбей ордуңан тургузуп алып кетишет да өз үйүңдө жалгыз отурууга мажбурлайт, б.а. медитация процесси башталат. …Конокко барсам спирт ичимдигин куюшту. Аны колума алсам, чачым узун, өрүлгөн эле, бирөө чачымдан катуу артка тартты. Бул ичпе деген белги эле. Дагы бир жолу шампан куюшту. Колума алсам чачым артка тартылып, эркек кишинин чоң колу мойнумдан кыкындырып баштады эле көзүмдөн жаш мөлт-мөлт деп атып кетти. Ошол кол Манастын колу экендигин кийин аңдадым. Жок ичпейм деп айтканымда карылуу чоң кол коё берди. Мен ошентип спирт ичимдиктерин такыр ичпедим. Адамдар арасында отуруп калсам томөнтөн этек-жеңимден кетели деп тарткылай берүшчү эле. Мен ойлочум: колдогон майда жандыктар го деп. 1995-жылы көзүмө көрүнгөндө абайласам Пати жолборс, Люпи жылаан, башка ак жылаандар окшойт.

Кийин түшүнсөм Кудайдын системасына киргизип, Кудайдын сөзүн оозго салуу процессине даярдоодо системалык темирдей тартип талап кылынат экен. Ошол даярдыктардын баарынан кылдат өткөндө гана байланышка чыгуучу каналдар толугу менен ачылып, Кудайдын берчү мыйзамдарын, жолдомолорун, осуяттарын алуу мүмкүнчүлүгү ачылаарын кийин түшүндүм.

1994-жылы октябрь айынын башында Аалам менен байланышуунун ачык формасы ишке ашты. Бардык деталдарына кайрылып отурбайын. Мага тил салуу процессинен (үшкүрүнтүп жанымды алып, ордуна периштенин жанын салып, тилимди алдыга сундуруп, курч скалпель менен кесип менин ордума периштенин жаны сүйлөп менин айтчу ойлорум менин тилиме түшпөй абада каалгып, менин денем мага баш ийбей калды) кийин оозумдун ичи күйүп ысып, башым эңги-деңги болуп айланып, өзүмдү жер бетинде басып эмес каалгып учуп жүргөндөй сезе баштадым. Бир күч мени үйдүн ичиндеги люстранын астына тартты. Мен люстранын астында айланып, башка үн менен сүйлөй баштадым. Улуу Куч – Кудай менен сүйлөшүүдө төмөнкүлөрдү эстеп калдым: Сен азыр Мени менен – Улуу Алла Таала — Кудай менен сүйлөшүп жатамын деп бил. Сен жакын арада оорулуунун бардык түрлөрүн кабыл алып дарылайсың. Эч нерседен коркуунун кереги жок. Баарына биз өзүбүз жооп беребиз. Сен мурунку бешинчи жашооңдо Ак Мөөр болуп жаралгансың. Келечекте дүйнөгө даңкың таралган акын жана пайгамбар болосуң. Мындан ары Мен сенин тилиңди колдонуп өзүмдүн сөздөрүмдү сенин оозуң менен сүйлөйм. Сен Мени гана көрүүгө мүмкүнчүлүгүң болбойт. Бирок сени менен иштеше тургандарды көзүңө көргөзүп, тааныштырып чыгам. Жакын арада ушул элдин борборуна барып орун алууң керек (албетте мен аны Бишкек деп түшүндүм). Сени жакында адамдар таанып, атагың тездик менен чыга баштайт. Сен ишти баштооң керек. Калганын Мен Өзүм бүтүрө берем.

Ооба, Ал Күч-Кудай айткандай эле эртеси менин көзүмө ар кыл адамдар көрүнө баштады да, тилим башкача сүйлөп калды. Ал адамдар көрүнгөнү менен аларды кармоого мүмкүн эмес эле. Жөн гана аба боштугу. Алар тирүү адамдарай эмес бүлбүлдөк (прозрачный).

Эң биринчи көзүмө көрүнгөнү узун аппак сакалдуу, узун чапанчан, шыңга бойлуу өтө бекем киши болду. Бул киши жер бетине эң биринчи жаралган адам Олуя Ата деп тааныштырды. Андан кийин бурч жакта, комнатанын батыш тарабында пайда болгон ак элечекчен кыргыз түстөгү, кыргыз кийимчен өтө сыпайы байбичени тааныштырышты. Бул эң биринчи жаралган аял, кыргыздарда Умай Эне деп таанышат – Олуя Апа дешти. Ал дайым сенин жаныңда жүрөт. Керек учурларда жер шарынын башка бурчтарына тездик менен барып келет. Булар экөөсү тең жер бетинин үстүндө жүрүшөт. Урпактарынын кетирген күнөөлөрүн, каталарын оңдоп оң жолго буруу менен алек. Мен ошондо 1991-жылдары кебездей жумшак колу менен мени адамдар арасынан көзүмө көрүнбөй жетелеп же ээрчитип алып кетип жүргөн Олуя апа болгон окшойт го деп божомолдодум. Көп учурларда бир күчтүн артынан ээрчип жүрчү элем. Кээде жумшак колу менен колумду кармап мени жетелечү. Бирок Ким экенин аңдап көрүү мүмкүнчүлүгүм жок эле. Экинчи күн ошентип өттү.

Үчүнчү күнүндө жалтыраган парча чапанчан, башында да хандар кийгендей баш кийими бар, өтүгүнүн учу өйдө караган тез кыймыл аракеттүү адам пайда болду. Бул сайраган куш, айбанаттардын тилин билген, падышачылык кызмат өтөгөн так Сулейман деп тааныштырды. Кудайдын тилинде Суп Сулейман деп аталат экен. Бул киши сенин бешикте жаткан кезиңен баштап акыл салып тарбиялап келген окутуучуң деген биоимпульс келди. Мага деги тынчы жок кишидей, чебелектеп эле чарк айланып жаткандай сезилди. Бул киши эми баарыбызга белгилүү Царь Соломон же Сулайман пайгамбар. Ушул кишинин окуучусу болуп келдиң. Эми анын да жолун улантасың деген биоимпульс кайталанды.

Төртүнчү күнү эртең менен Карабууранын Кызыл-Адыр айылынын мен жашаган Карла Маркса көчөсүнүн 8-үй, 2-квартирасынын маңдайында жайланышкан «Сейтек» кинотеатрына паралелл тротуардын башынан аягына, райадминистрация турган имаратка чейин катарга тизилген кара чатыраган атчан, кара кийимчен, курал-жаракчан аскер жоокерлерин көрдүм. Булар Мухаммед пайгамбардын аскер командасы эле. Мухаммед пайгамбардын ошондогу сөзү эсимде: Мен кыргыздарды динсиздер деп эсептеп жаман көрчү элем. Жок буларда да Кудай дегендер бар экен, сыйлап калдым,-деди. Мухаммед пайгамбар менен менин сүйлөшүүлөрүм китептерде көп жазылды. Таап окуса болот. Эң алгач жазылганы «Ааламдан кат» ырларында айтылгандар.

Бешинчи күнү өзүмдүн жеке менчик дарыканамда ак халат кийип кардарлар менен турсам асманды көздөй тартышты. Карасам торгойдой болгон караан алыстан көрүндү. азыр сөздөрү толук эсимде жок. Бирок, асмандан бир шердин карааны келатат сыяктуу өтө катуу сүрөттөлгөн опурулган сөздөр оозума келе баштады. Ким болду экен деп таң калганым али да эсимде. Бир кезде дарыкананын ичинде, жаныма бою шыпты тиреген, кирпик-кашы төгүлгөн, буудай өңдүү, өтө тыкан коюлган сакал муруту капкара, көзүнүн сурмасы өтө сулуу көзү оттой балбылдап күйгөн, өтө сүрдүү, кабагы бийик, башында темирден жасалган шлем, үстүндө темир туулга, негизи баштан-аяк жоо кийимчен бою өтө бийик адам турду. Менин боюм кичирээк болгондуктан мен аны төмөндөн өйдө кызыгып караганым эсимден түк чыкпайт. Кирпиктеринин узундугу, коюлугу, бет түзүлүшү азыраак Сүймөнкул Чокморовго да окшошуп кеткендей азыр эстесем. Мурду кырдач. Бул асмандан менин көзүмчө түшкөндү Манас деп тааныштырды. Бир гана нерсени али күнчө эстей албайм, мен Манас менен биоимпульс аркылуу сүйлөштүмбү же кыргызча кадимки тил менен сүйлөштүмбү? Мен андан эмнеге сен жалгыз келдиң деп сурадым. Анда Манас: Талас өзүмдүн жерим болсо чоролорумду ээрчитип жүрмөк белем,-деди. Манастын турпаты Герцендин тарткан сүрөттөрүнө жакыныраак экен. Болгону мен тирүү Манасты көрдүм.

Бардык жолугушууларда бир айтып койчу нерсе менин башым кату айланып, менин ордума суроолорду периштелер менин дилиме, тилиме салып атышкандыгын байкадым. Менин денеме биоток катуу өткөндүктөн мен алардын ышарааттарына каршылашпай макул болуп, өзүмдү өзүм билбей ааламдын жиберген дуйнөсү менен жашап, алар менен аралашып жаттым. Албетте ошол мезгилдерде дарыканага келген оорулууларды дарылоо процессии өзүнөн өзү башталды. Кудайдын салып койгон сздөрүн Кудай тилинде айтам. Ошол сөздөрдүн сыйкыры менен аларда сакайуу же өзгөрүү процесстери пайда боло баштады. Эң негизгиси эмне айтылса ошолор аткарылып, ишке аша баштаганы өтө таасирдүү көрүнүш эле.

Алтынчы күнү Иса пайгамбар менен жолугушуу болду. Ал эмнегедир өтө чоң образда көрүндү.Мага Иусус деп айтышты, «Теңип, Аалам жана Мен» китебине да Иусус деп киргизилди. Кийин ырларда да Иусус деп журдүм. Кийинчерээк башка китептерде Иисус деп жазылганын окуп, айырмасы эмнеде болду экен деп ойлоп койдум.

Жетинчи күнү Каныкей келди. Ал келе жатканда мен абдан кыйналып, анын жанынын кыйналышы мага берилди. Каныкей совет доорунда анын манасчылар Сагымбай, Саякбайга Манас айттыртып келгенинде, Каныкейдин алардын оозуна салып аткан сөздөрдүн көпчүлүгүн айттырбай, айрым жерлерин өз каалаганындай оңдошуп, бурмалашып Каныкейди кыйнашканын, ошондон бери алы кетип араң кыймылдап жүргөн арманын айтты. Каныкей келе жатканда жер астынан батыш тараптан келет деп көргөзүштү. Ал жети катар жер астында өз бийлигин жүргүзүп келет. Каныкейдин арманы Каныкейдин Сөзү деген ат менен биринчи «Аян» китебиме киргизилди.

Сегизинчи күнү шыргыйдай, ашыкча илип алар эти жок, башына чалма чалынган, көздөрү өтө акылдуу түптүз адам көрүндү. Аны Абу Али Ибн Сина деп тааныштырышты.

Тогузунчу күнү ж.б. дагы ар кандай окуялар болуп турду. Алардын ичинде мени жандап жүргөн араб жигити Мани менен тааныштым. Менин жанымдагы жолборс Пати, көбүн эссе улагада жатат экен комдонуп. Күрөң кара чаар жылаан Люпи да дайыма жанымда жандап жүрөт экен. Ошол аралыкта оорулууларды кабыл алып жаттым. Арасында албетте ар кандай кызыктуу окуялар болуп өттү. Азыр ал окуялар жөнүндө айтууну туура көрбөй турам. 1994-жылы декабрь аяктап калганда оору адамдарды кабыл алууну токтотуумду талап кылышты. Менде бакыраң көз Хасан деген дарыгердин башкаруусунда асмандын 2 миң дарыгерлери элди ар кандай жол менен дарылап жаткан эле. Дарыгерлерди кимдин карамагына өткөрүүнү билбей, дарлоону улантып жатсам, ага болгон шыгымды алып коюшту. Кызыгып элди дарылап жаткан мүмкүнчүлүгүм азайып, дарылоого боллгон кызыгуум таптакыр эле тездеп тарап кетти. Эми пайгамбарчылыктын жолун улантасың деген Кудайдын кату буйругун алдым. Бул жол мага өтө эле бүдөмүк жана коркунучтуу көрүнүп, пайгамбарчылык жолдон баш тартууга далбас жасадым. Бирок мени Кудайдын күчү күндөн-күнгө катуу көзөмөлгө алып, башымды катуу айландырып ар кандай амалдарга сала берди. Ошол аралыкта жанымды 60 күнгө асманга алып кетишип, ордуна бир периштенин жанын салып коюшту. Бул да өзүнчө бир чоң сөз. Ал тууралуу кийинчерээк баян кылармын. Жанымдын асманга барганында Мухаммед пайгамбар ж.б. жолугушканым «Ааламдан кат» ырымда баяндалган. Ал 1996-жылы «Теңир, Аалам жана Мен» китебине киргизилген.

Январдын башында 1995-жылы, оозумдан ичи тилим ысып-күйүп, ысып, калемпирдин түрлөрүн тамакка чылап жей баштадым. Бир пачка ачуу калемпирди бир тарелка тамак менен жесем да оозум көп ачышпай жаным жыргап калчу. Тилим күйгөндөн тартып оозума алгач ырлар Кудайдын тили деген тилде келе баштады. Бир күндөн соң кыргызчага которулуп келип жатты. Азыр азыраак эсимде, Суп Сулейман тууралуу болсо керек эле.

17-январь күнү түнкү саат 12ден тарта Кутман Түн тособуз, дасторкон жайып, тамак-аш коюп, үй-бүлөнүн мүчөлөрү гана катышканга акысы бар деген сигнал келди. Түнкү 12де баягы көзүмө көрүнүп таанышкан пайгамбарлар дасторкон четине келе башташты. Ичинде жаңылардан Улукман пайгамбар бар экен. Ал тайып кетип бутумду аз кокустатып алдым деп сылтый басып бутун сүйрөп төргө чыгып олтурду. Ошол түнү мен күтпөгөн бир чоң окуя болду. Ак узун жөнөкөй көйнөктү үстүмө кийгизишип, башыма алтындан жасалган өтө кооз саймаланган корона кийгизишти да пайгамбар болгонум менен куттукташты. Албетте ошондо толкуган сезим азыр да мени келип удургутуп өз белгисин берип жатат. Бир аралык өткөн соң Хан жыттанган бул үйгө ааламдан Алтын Куштун учуп келе тургандыгын билдиришти. Сол ийнимди чапчыган оор салмактуу Алтын Кушту көзүм менен көрө алганым жок. Бирок сол ийним оорлошуп, матырган тырмактарын сезип жаттым. Ошондон тарта оозума ырлар куюлушуп токтолбой, өзүмдү кармана албай ырларды айта бердим. Турууга мүмкүнчүлүк даремет жок, денем оорлошу, кыймылга келбей ташка айланып калган. Ырлар албетте жазылбай калды. Азыраак эисмде калганы, мага кайрадан Ак Мөөр ат берилгени, Ак Мөөрдүн пайгамбар болгону, Алтын Куштун Эл башчыларга, хандарга дайыма кеңешчи болуп жүргөнү айтылып жатты. айрым жерлери эсимде жок. Жазылган ырлардан байкап көрсөңөр айланып учкан Алтын Куш көп жерден жолугат. .Азыр да мен ал жөнүндө жазып жатсам сол ийним оорлошуп, колум көтөрүлбөй калды. Алтын Куш өзүнүн чын эле бар экендигин билгизип, башын ийкеп жатат.

Аздан соң Каныкей айтты: Бишкектен магнитофон алдырып, ошого айтылып жаткан ырларды жаздырасың деп. Иним Өмүрзак Бишкектен жаңы кыпкызыл кооз манитофон-радио апкелип берди. Ошол магнитофон азыр деле сакталуу.

1995-жылы марттын башында эшиктен бир адампайда болду. Ал киши мен Омар Хайяммын деп өзүн тааныштырды. Ал, Омар Хайямдын китептеринде тартылгандай чал эмес, көрктүү, бойлуу, алибеттүү, ирандыктар түспөлдөнгөн, башында чалмасы бар, азыркы тил менен айтканда аялзатын өзүнө тарта тургандай киши эле. Омар Хайям ошол биринчи пайда болушунда «О сүйүктүүм, Омар Хайям!» ырын жаратып менин оозума салды. Мен башым айланып ырларды айтып жатканымда жанына Манас пайда болду да: Омар, шарабыңды кошо айтып, кыргыздарды туура эмес жолго салып, бузба! Ырыңды шарабы жок айттыр! — деди.

Кийинчерээк Муса пайгамбар келди. Авраам (Ибраим пайгамбар) келгенде мен аларды ачык көрбөй калган элем. Келген кездеринде өзгөчө белгилерин берип жатышты.

Иусус 1996-жылы жайында төмөнкүнү айтты: жер бетинде Кудай тарабынан конкурс өткөрүлүп, баарысын ар тараптуу мен жеңип чыккандыгым жана жалпы адамзатка арналган Мыйзамдарды жазуу тагдыры мага туура келгендиги тууралуу. Авраамдын келишинен көп өтпөй мыйзам ченемдүүлүктөрдүн жана айрым мыйзамдардын аныктамалары келе баштады. Албетте мыйзамдарды жазууда да али күнгө чейин мен мыйзамдарды оозеки түрүндө транста айтып, диктофонго жаздырып алып, кайра кагаз бетине түшүрүп келүүдөмүн. Ал кезде жазууларды алып жатып ал жоболордун кандай ишке ашышын көп түшүнө берчү эмесмин. Бир жакшы билгеним мени күч менен эки ийнимден катуу бастырып, мага баш ийбеген тилимди сүйлөтүп, айттырышаар эле. Сүйлөп жаткан мезгилде сөздүн маанисин түшүнүп турганым менен, сүйлөп бүткөн соң эмне сүйлөгөнүмдү эстей албай калчумун. Ошондуктан айтылган сөздөрдү диктофонго түшүрүү зарылдык эле. Азыркы күндө калкка аздап тарап жаткан эки томдон турган «Основные Законы Развития человечества» ушинтип жаралган. Эки том тең оозеки түрүндө алынган. Жазуу түрүндө кагаз бетине түшүрүү эч мүмкүн эмес. Кагазга жазайын десең тилиңе келип жаткан сөздөр мейкиндикке кайрадан учуп кетишет. Албетте айтылганды алгач кагазга түшүрүп жазып жатканда эмне жазып жатканымды көп түшүнө бербедим. Бири-бирине байланышпаган тексттер го деп ойлогом.Ошондуктан биринчи томду жазуу 1997-жылдын 6-февралынан баштап 2002-жылдын февралына чейин созулду. Мыйзамдарды жазуунун арасында 2-3 жыл тыныгуу болду окшойт. Жарымдап жазып калганда бул мыйзамдар бир бүтүн системаны түзгөн бири-биринен ажырагыс абалда жайланышкан бир бүтүндүк экенин түшүнө баштадым.

Мыйзамдардын экинчи томун 2003-жылдын май айынан тартып 2004-жылдын 28-мартына чейин кагаз бетине түшүрдүм. Экинчи том өтө интенсивдүү түрдө тез жазылганы келип жаткан жазуулардын мани-мазмунуна өтө бериле баштаганымдан болду. Кудайдын бул жиберип жаткан мыйзамдарына менин жеке кызыгуум күч мезгил эле. Андан тышкары асмандан толкуп келген энергия мени абдан өрөпкүтүп, толкундатып койгон учур болчу. Албетте диктофонго текстти сүйлөөнү жумуштан тыш жалгыз, ээндикте, түн ичинде жана дем алыш жана майрам күндөрү ишке ашырып, калган учурларда компьютерге терип жаттым. Албетте бул учурлар менин өтө чоң жоопкерчиликти мойнума алып, ички энергиям ташкындап, чексиз бактылуулукка чөккөн мезгилдерим болгон.

1996-жылы Фирдоусинин келиши чоң окуя болду. Аны менен алгач жолугушуудагы ыр Бал Китепке киргизилип жатат. Фирдоусинин келиши менен айтылып жаткан ырлардын поэтикалык формасы жакшы, көрктүү жагына өзгөрүлүп, ойду окурманга жеткириш жолунда кескин жакшыруу болгонун белгилегим келет.

Көргөн айрым түштөрүм тууралуу

1991-жылдары жанга жагымдуу түштөрдү көп көрө баштадым. Алардын бирөөсү менин дүйнөлүк президенттер (5-6) менен жолугушуум болду. Алар баарысы бир залдын ичинде менин келишимди күтүп турушуптур. Мен келгенимде бетимден өөп кубанычтуу тосуп алышты.

1995-жылы январда айтып түгөтө алгыс ажайып түш көрдүм.

Бейшемби, 12-Апрель 2007-ж.саат 21:09 Жума, 1-Июнь 2007-ж. 03:10

Улуу Кудай буйруктары

 

Улуу Кудай, Мекеним — Кыргызстан, Эр Манас жана кыргыз

Кудайдын жазган каттарын окуп, карагын!

08.05.2007 13:47 – 15:00

Элимдин сүйкүм элеси келип алдыма,
Эзелки өткөн тагдыры көзгө тартыла,
Таңданып карап турамын алды жагымды,
Оргуштап сезим кайрадан конуп шагыма.
Шашылган менен тагдырдын жолу ченемдүү,
Кыргызым барат күрөшүү менен каныга.

Карманып келем кайгымды тепсеп кынаптап,
Мырзалар турса жолумду менин сынап бат.
Сырымды төгүп турганда жолдон чыгышкан,
Айрымдар бүгүн көрүнөт көзгө кылактап.
Кырчангы кыргыз дагы эле толбой койду го,
Татаалдык жолу барсынчы бизден ыраактап.

Кыйлага карап мекеним кыргыз мелжиген,
Тоолорун сүйөм токумдай булут жел тийген.
Желеге байлап бээ сааган кыргыз энелер,
Токою, талаа, тоолорум менин жан биргем.
Сагынам сени санаага батып ар убак,
Нукура кыргыз, тоолорун сүйөт чын дилден.

Чар-тарап сурайт чакырат мени жанына,
Асмандын нуру төгүлүп турган чагында.
Балкыды көөнүм, өзүмө батпай турамын,
Тоолорду тиктеп, аралап бассам адырда.
Кагылам калкым, тоолоруң сенин тир укмуш,
Кудайым берген Кыргызым Ата Багыма.

Пааналап барып байландым суунун шарпына,
Шагылдуу ташты көргөндө ойлойм калкыма —  
Жараткан өзү жардамын берген турбайбы,
Тургузсун дешип үйлөрдү тоодон калкыма.
Каралдым калкым, тоолоруң — нагыз турагың,
Чыныгы кыргыз жеталат сенин баркыңа.

Тоолорум мейкин мелжисе аалам асманын,
Бүркүттөй шаңшып алдыңа далай каттадым.
Суктанам карап аскасы бийик Ала-Тоо,
Тиреги кылып кыргызга тоолор жараттың.
Тоолордон гана бийиктик сыры жаралат,
Учуруп көккө адамдын эки канатын.

Тоолордун сырын тоолуктар кээде билбеген,
Түзөңү аз деп кыйшаңдап кээси тилдеген.
Тоолордон гана тунуктук бийик таралат,
Сезбеген тоону адамдын көөнү кирдеген.
Кылактап учкан бүркүтүн көрчү шаңшыган,
Кыргызды нурдуу ааламга бийик үндөгөн.

Үйүрлүү жылкы оттогон шибер жайыты,
Кымызын татсаң торолтот оору, арыкты.
Мекеним менин Кыргызстан – тоолуу түнөгүм,
Туптунук суудан кармашат форель балыкты.
Бактылуу кыргыз, байлыгың чексиз түгөнгүс,
Айдасаң болот ааламга Кыргыз Кайыкты.

Кыргыздар тоону жайлаган эмне себептен?
Кейбирлер айрым ТОО сырын түзгө ченеген.
Түзөңгө эмес бийиктик сыры тарткандан,
Ааламга кыргыз умтулган сырдуу тереңден.
Колдорун жайып Теңирге Улуу умтулуп,
Даанышман жолду табышкан Аалам Кемеден.

Талпынган Кыргыз тандамал жолду тапканы,
Жакындап көккө Теңирге сөзүн айтканы,
Кыргыздар кылдат нур топтоп жатат тоолордон,
Кудайдын өзү тоолорго нурду чачканы.
Шумкары кыргыз тоолорду сүйөт жанындай,
Тоолорго Кудай асылдык сырын сактады.

Тоолорго катты алтынды, дүнүйө, толгон кен,
Жашаган тоодо табышкан олжо, Улуу Дем.
Урматтуу калкым, кайрылам сенин өзүңө,
Тоолору Кыргыз толкутат дүйнө болуп тең.
Боюңа тарап асылдык сыры барганы,
Ааламга түркүк болалган Улуу Тоодон дейм.

Карегим калкым, тоолоруң калканч болгонун,
Жүрөккө салып келечек жолуң болжогун.
Тоолордо баркың, тоолордо даңкың кыргызым,
Журттарга бөтөн алдырып байлык койбогун.
Тоолору кыргыз алтынга, кенчке бөлөнгөн,
Салгының эске тирлигин кыргыз оңдоорун.

Тоолоруң сенин толкутат дүйнө дамамат,
Тоосунан Кыргыз Уңгусу Жердин жаралат.
Силкинсе тоолор эскертип Кудай жатканы,
Анда эле болот бетинде жердин Алаамат.
Тоолору кыргыз киндиги болот жерпайдын,
Тоосунан Кыргыз нурлары Кудай таралат.

Тоолорду жердеп кыргыздын барган себеби,
Ал чындап эле Кудайдын берген Белеги.
Тоолорду бийик мекендеп барса кыргыздар,
Тоолордон ушу таралат Кудай тилеги.
Даңкыңды сенин чыгарат Кыргыз билип кой,
Андыктан тоолор кыргызга тирек-кереги.

Тоолорго чыгып сөздөрүн Кудай тыңдагам,
Асмандан карап Кудайым минтип ырдаган:
— Ала-Тоо ашып алдыга талпын Кыргызым,
Түздөгүн жолдор элиңди дайым кыйнаган!
— Ак калпак элим кыйналды таппай жолдорун,
Кыргызды колдоп чыкпады жандар кыйладан?

Жер кезип көбү чет жерден издеп оокатын,
Калк башчы сатып жок кылды кыргыз кымбатын.
Саны аз элим карайлап калды карайлап,
Колдооңду бизге көрсөт деп көксөп ыйладым.
Асмандан айткан Кудайдын келди сөздөрү:
— Каалаймын бүгүн өлкөсү Кыргыз сынбашын.

Ырыскы колдо – Тоолордо турат бапырап,
Тоолору тегиз кыргызды багып асырайт.
Табылгыс алтын, кымбаттык кени ушунда,
Айткының элге — жашайсың кыргыз бакубат.
Айтканым бүгүн угушса менин кыргыз эл,
Кыйчалыш жолдон чыгышат тездеп батыраак.

Жибердим далай тазалык нурдун багытын,
Жөнөткөн Мыйзам, каалоомду кабыл алышсын.
Каңкуулап эле бөтөндөн жардам издебей ,
Оокатын түздөө колунан келет кыргыздын.
Жамырап чыккан жоогазын гүлүн эккендер,
Тоолорго каттап жок кылсын куса, сагынчын.

Бийлиги кыргыз болсун дейм менин колумда,
Үшүшүп далай кабылган добул огуна.
Топ жарып барып айткының өлкө башчыга,
Бир ак боз бээни байлатсын кыргыз сообуна.
Чыгарып канын атына Кудай атасын,
Бышырсын этин жыгачтын күйгөн чогуна.

Буркурап жыты чыкканда жерге барамын,
Чогулган Кыргыз айтышсын тилек-талабын.
Тилегин кабыл кылууга болот Кыргыздын,
Тилине сениң салдым го Кудай жарагын.
Жайнаган Кыргыз жолукса минтип айтасың:
Кудайдын жазган каттарын окуп, карагын!

Жогортон айтып жаздырып келем Каттарды,
Ааламдан келген каттарды окуп жатканды,
Алкадым дайым айта бар кыргыз калкына,
Билишсин баары каттарды Кудай жазганды.
Мыйзамын Кудай окусун дагы кыргызым,
Тоолорго чыгып карасын тунук асманды!

Тоолордун сыры токумдап бирден жазылат,
Мингениң бирден болот го күлүк аргымак.
Күйүттүү кыргыз алдыга жүрүш саласың,
Кыргыздын теги болгон гоУлуу Асылзат.
Тартынбай эле кайрыла берсин Кудайга,
Кыйласын кыргыз торолтом бирден аруулап.

Кыйналган кезде түркүктү издеп таппасаң,
Датыңды толгон атына Кудай айтпасаң,
Анда эле кыргыз болбостон туна чөккүлө,
Дартыңды толгон чыгаргын ичке катпастан.
Апачык айтып кыргыздын кунун сурагын,
Токтотсун арак дайыма ичип баш жазган.

Жарты нан болсо бөлүшкөн барбы арада,
Кыргыздар бүгүн түшүшкөн чындап санаага.
Кыйнала бербе жүрүшү кыргыз оңолот,
Топтолгон тоолук журүшөт Бишкек калаада.
Байкаса болот айрымдар салат суракты,
Кыргыздар неге калышты ара-талаада?

Тентиген кыргыз теңселе басып жүргөнү,
Айрымдар аны сезбестен арсыз күлгөнү.
Бириңе-бириң көлөкө боло албасаң,
Соолуйт го анда ачылган назик гүлдөрү.
Ынтымак-ырыс толгондо кешик артат дейт,
Эмнеге кыргыз маанисин сөздүн билбеди?

Билимдүү кыргыз кыл чайнап басат акырын,
Байкадым карап асмандан анын акылын.
Акылды топтоп даанышман боло албасаң,
Билимиң менен чаппайсын жоонун батылын.
Баяндап берем башынан аяк тыңдасаң,
Мен дагы сүйөм ар иштин ылдам, бачымын.

Байкаган болсоң билимдүү болуп алгандар,
Башканын гана сөздөрүн жаттап баргандар.
Омоктуу сүйлөп, ээн-эркин жылма басса да,
Акылды калчап иш жасай албай барган бар.
Байыртан келген арманы ушул адамзат,
Акылдын кенчин алалбай келет адамдар.

Даанышман акын омоктуу сырын жазганда,
Акылын ага Кудайдын өзү айткан да.
Агартуу ишин жүргүзүү менен бирдикте,
Жугузуп акыл барышат айрым жаштарга.
Акылга малбай баштарын «билим алгандар»,
Акылын уккун айтылган Кудай асманда.

Дээринде жоктор делөөрүп нени барганы,
Толбосо акыл кайдагы диплом алганы?
Агартуу ишин жүргүзүп жаткан көзүрлөр,
Билсеңер боло ыймандын кайда калганы?
Келечек ишин кемитип салдың бир топ жыл,
Кемире берсең не болот кыргыз балдары?

Кыйналган кыргыз кымбатын издеп дамамат,
Кыл чайнап келет Кудайдан сурап Салават.
Салават болгун, кем болбо кыргыз балдары,
Баарыңа тегиз арнаарым бата — улуу салт.
Кыйналган күндөр артыңда калсын, жол ула,
Болбосун ичте, тышыңда чексиз алаамат!

Эр жеткен кыргыз эсиңе алгын дагы да,
Билимден мурун акылман болгун багыңа.
Билимдүү билсе, акылман бийлейт жер шарын,
Баргыла кыргыз жамандык жолдон арыла.
Батамды арнап бак тилеп барам кыргызым,
Тукумуң өсүп тың чыксын жердин шарында!

Сурасаң акыл сур булут менен саламын,
Түйшөлтүп көпкө ээрчитип арттан барамын.
Акылман болуп даанышман жолду чапкандар,
Колуна алат ааламдын күчтүү жарагын.
Ааламдын сүрү Ак Мөөрдүн асыл дилинде,
Окугун ачып Кудайдын жазган барагын!

20:18
Бал тилге салып баамдадым кыргыз балдарын,
Бакыбат турмуш жалпыга тегиз камдарым.
Кайратман болуп калкында кызмат өтөгөн,
Белести ашат бек болуп жүргөн жан дагын.
Жагымдуу сүйлөп жандалбас кылган айрымдар,
Бийликти эңсеп арамдык жолго салбагын.

Абалы кыргыз жагымдуу болуп калганы,
Кудайдын өзү жардамга элге барганы.
Жанар тоо болуп атылып келчү арада,
Жардыгы бийлик жан-жагын азга карады.
Камаарып койбой жүргөндөр бар го арада,
Түйшүктү үйүп, арылтпай бир да санааны.

Сан жылдыз сүйлөп кайрылып Кудай жатканда,
Чагылган түшүп үшүңдү алат асманда.
Кыргыздын жолу өзгөчө болуп жаралсын,
Олуттуу иштер жазыла берип дастанда.
Бийлиги кыргыз кымбаттык жолун таап алса,
Кабылбайт кыргыз кийинки мындай балаага.

Асмандан Кудай кайрылып калкка ыр жазса,
Кыйналган кыргыз оңоло баштайт бир канча.
Айрылдың далай мүлкүңдөн кыргыз карагым,
Жорукту арам, жагымсыз жолду ырбатпа!
Чыркырап турган кыргыздын куну куулат,
Уурулар көпкө чалкалап жатпайт шырдакта.

Канатын кыркып тайгылткан кыргыз кайратын, 
Таанылгыс болуп тентиген бойдон каласың.
Кабырга сөөгүн талкалап кеткен кыргыздын,
Душманы болуп баргандар жолдон адашсын.
Жылына жазган каттарым окуп кабар ал,
Кыргыздар чындап дүйнөнү мында каратсын.

Кабагы ачык кыргыздар барат калаада,
Айрымдар толгон илдетке, жүктүү санаага.
Саамайың сылап айтканын уксаң Кудайдын,
Өлкөсү кыргыз калбайт го чөлдүү талаада.
Талпагын жайып жай таппай калган жарандар,
Оокаттуу болуп өр тартсын биздин арада!

Падышага осуят

Элди тегиз карап жаткан акылмандын бир көзү -
Жумулса да сезет баарын – бул Кудайдын сүрөөсү.
***
Теңир берген даанышмандык эл ичине чачат сыр,
Сындап айткан сөзү бүтүн элге чачкан ысык нур.
***
Бийлик колдо болгон кезде тазалагын көөнүңдү,
Эрегиштик кылбагының бийик кармап өзүңдү.
***
Бийлик деген таттуу болуп бийиктикке шердентет,
Бакыт кушу бирге болсо дүйнө жүзүн термелтет.
***
Бийлик жааган кардай болуп жердин бетин жашартат,
Ылайланып кеткен кезде тагдыр ыйлап баратат.
***
Бийиктиктин бир элеси – калк башчынын сүрөөсү,
Бакыт, байлык топтолгону – ал жашоонун мүдөөсү.
***
Баркты билген падышалар калкын сурап салат үн,
Капа кылбай букарасын журтка берет сүйүүсүн.
***
Падышанын баркы кетип турган кезде кансырап,
Сөзү өтпөй өз элине башы анын жанчылат.
***
Билимдүүлүк болгон кезде акылмандык кошпосоң,
Эл башкарып баралбайсың мыктыга да окшосоң.
***
Падышанын акылманы алдастабай кылган иш,
Туура жолго из салганы, адилеттүү, мүшкүлсүз.
***
Падышанын баркы кетип алдастаган чагында –
Арман кылып сйлөп чыгат өз элине таарына.
***
Алаңдаган арсыз болсо падышанын мүнөзү,
Журт ичинде ылдый болуп турат анын сүрөөсү.
***
Ишти кылдат жасай билип элдин көзүн тааныгын,
Акылмандык жуурулушсун элге анан таарынгын.
***
Элет эли жакыр болсо жакшылыктуу карагын,
Падышасың ошол элге, керегине жарагын.
***
Ыркы кетип турган кезде өз элиңдин ичинде,
Өзөгүңдөн чыккан жалын саят жүрөк тешилте.
***
Алды-артын карабаган падышанын залалы –
Калкын өрттөйт. Чындык жүзүн таразага салалы.
***
Жакырдыктын чоң белгиси – падышанын күнөөсү,
Эл мүңгүрөп турган кези – алсыз болгон мүнөзү.
***
Жакшы менен жамандыктын айырмасын сезгенде –
Ал падыша тыңшайт сөздү акылмандык кез келсе.
***
Барктуу болоор калк башчынын акыл-кенчи көп болот,
Кыйын-кезең туш келгенде чаң-тополоң токтолот.
***
Чагымчылык топтолгондо акылмандык жарашсын,
Адалдыктын бийиктигин элге тегиз таратсын.
***
Даанышман сөз айтылганда калк башчысы угалса,
Каалаганча ачам сырды бийик болуп туралса.
***
Теңир берген акылмандык жер бетине таралсын,
Калк башчысы угуп сөздү алды-артын карансын.
***
Айтылган сөз – даанышмандык жер бетине таралта,
Жебе болуп учам жерден дүйнө жүзү карарса…
***
Деңиз болуп чайпалганда калк башчынын тилеги,
Калкын сыйлап эл сураса таза болот жүрөгү.
***
Жымың, жымың, жымың эткен жылдыздардан келген сөз,
Жер бетинде жакшылыкты эл ичине берген сөз.
***
Мыктылардын эн мыктысы калкын баштап баралса,
Баатыр болуп туулуп ал эл ичинде жаралса…
***
Жамы журттун баары тегиз жакшылыктуу жашамак,
Жамандыктар кездешпестен адам көөнү жашармак.
***
Желпендеген желдет келсе ачуу сыры катылган,
Алдап койсо падышасын жамандыктар ашынган.
***
Калк ичинде кагылыштар, арамзалык козголоор,
Журт башкарган падышанын баркы кетип сөз болоор.
***
Калк башчысы болгон кезде өз жөнүңдү ойлобо,
Өз капчыгың толтурбагын жерде байлык толгондо.
***
Калкты бийлеп турган кезиң Теңиримдин сүрөөсү,
Аманчылык элге тиле – ал башчынын мүдөөсү.
***
Азгырылма жолго түшүп эл байлыгын катпагын,
Казынага толгон байлык менчик кылып баспагын.
***
Мансап толуп турган кезде каадаланып караба,
Көңүлүңдө жакшылыгың өз элиңден аяба!
***
Падышанын баркы күчтүү, баалуу болуп тураары,
Даанышмандык болгон болсо бийик болоор турагы.
***
Жеңил-желпи мүнөз күткөн калк башчынын элеси,
Эркиндикти көтөрө албас макулуктун келбети.
***
Жакшылыктуу ачкын сырды келсин пайда элиңе,
Жакшылыгың көбөйгөнү — ал байлыгың жериңде.
***
Жең ичинен соода кылып өз элиңди сатканың,
Өзөгүңдү карайтканың тетир жолго басканың.
***
Бийлик үчүн ат салышкан адамдардын ичинде –
Жугундукор болбосо деп карайм баарын тигиле.
***
Бийлик, дөөлөт кез келгенде элдин наркын карагын,
Эзелтеден эрдин салты эл ишине жараарың.
***
Бийлик деген бийик болуп жарпың кээде жазылат,
Аргымактан түшпөй жүрсөң гүлдөр назик ачылат.
***
Бапыраңдап турган элиң роза гүлүн жөнөтсө,
Элиң сыйлап сүйө билгин адалдыкты түнөтө.
***
Падышанын жары болуу – ал да Кудай сыноосу,
Ханышалык туш келгени тагдырыңдын ыроосу.
***
Күнүчүлүк кылбагыла башкалар да жашасын,
Жамандыкты арттырбастан жакшы жолго бараарсың.
***
Падышанын сүйгөн жары – анын назик ынагы,
Тагдырыңдын татаалдыгы – келген жашоо сынагы.
***
Калк башчынын эң барктуусу алып бийик акылды,
Даанышмандык тарата алса анда бакыт чачылды.
***
Калк башчынын адилеттик таратканы эрдиги,
Калкын өйдө көкөлөтсө — ал жасаган шердиги.
***
Адилет сын айтылганда ага кара санаба,
Жүрөк сая айтса сынды душманым деп баалаба.
***
Орго салып кек санаба адал болсун жүрөгүң,
Чындык жайын айткан адам досуң дагы жөлөгүң.
***
Таттуу сүйлөп жагалданып жугундукор бир жүрсө,
Кылдат карап сезе билип акылга сал түн кирсе.
***
Түн ичинде ойлоп баарын ар бир сөзүн салмакта,
Жылдыз толуп турган кезде акылмандык жармашса.
***
Көргүн байкап келген адам айтты сага не сөздү,
Атырылып бир тийдиби? Же жылуулук көргөздү.
***
Жасакерлик жасаганды жаныңа көп жолотпо,
Жамандыкты арттырышат ага дилиң коротпо.
***
Адил сүйлөп, чындык жүзүн ачкысы бар адамдын –
Алды жагын көрө алып керегине жарагын.
***
Кемитпегин чын дилинен таасын сүйлөп барганды,
Таңыркатып бүт дүйнөгө акыйкаттык салганды.
***
Чыдамкай бол. Сезе билгин кимден келет жакшылык,
Кимдер сага жылуу сүйлөп барат жолдон азгырып.
***
Душманым деп санабагын чындык жүзүн ачканды,
Адилдиктин шам чырагы – арамдыктын капканы.

Арамзалар карк болушуп эл байлыгын сорбосун,
Элеңдетип эл байкушту кор туткандар оңбосун!
***
Коомайланып барган адам жолдош болуп, дос болоор,
Жоогазындай гүл узатып ичте сыры козголоор.
***
Даанышмндык алган адам кошоматтык жасабайт,
Колуң көккө жетип турса алды жагың тазалайт.
***
Акылмандык алган адам арамзалык жаратпайт,
Ар бир сөзүн калыс сүйлөп адам көөнүн тазартат
***
Кошоматтык алган адам белин ийип жүгүнөт,
Кезиккенде ылдый болуп түйүнчөктөй түйүлөт.
***
Оройлукту алган адам корсоңдогон үн катат,
Оокат-ашын тыңдай албай жардам сурап тажатат.
***
Отко түшүп, чокко түшкөн акылмандын белгиси,
Адалдыкты таратуучу жер бетинде энчиси.
***
Жылуу сүйлөп келген адам нени сенден суранат,
Бийлик сурап арт жагынан кошоматтык уланат.
***
Коюнуңа кирип чыгат, кайра-кайра үн улайт,
Жалпаң-жалпаң сөздөр сүйлөп өз ичинен буулугат.
***
Көрөңгөнү алган адам көөнүн ылдый бөксөртпөйт,
Адалдыкты барктап дайым ийгилигин көргөзөт.
***
Жөнөкөйлүк алган адам жагалданып карабайт,
Жамандыкты арттырбайт да каралыкты каалабайт.
***
Капилеттен келген адам кайсалактап үн катат,
Айтаар сөзүн камдай албай алдас уруп баратат.
***
Тууган болуп калган адам туура сөзүн сүйлөсө,
Туугансың деп жекирбегин жакшылыкка үндөсө.
***
Тилиң сенин алган адам тикен болуп жабышпайт,
Айткан сөзүң так аткарып калыстыкты карыштайт.
***
Тилек кылып барган адам көзүң тике карабайт,
Ичтен сүйлөп ой-мүдөөсүн жүрөгүн ал жаралайт.
***
Курган жүрөк сыздап барса жардам кылып карагын,
Жабыркатпай ал адамды аткара бил талабын.
***
Падышалар ак болгондо ар сөзүнө так болот,
Элге берген убадасын эстеп дайым сак болот.
***
Падышаны бак даарыса элин дайым шат кылат,
Эл ичинде берген сөзү аткарылып так турат.
***
Жылмаңдаган эл башчыдан калкка келбейт жакшылык,
Келекелеп кетет баары өйдө жактан бастырып.
***
Булак болгон аппак сүйүү калк башчыдан чачылсын,
Ал сүйүүдөн жер бетине жакшылыктар артылсын.
***
Калкка байлык арттырган калк кадыры билерман,
Өз сүйүүсүн чачып элге капалыкты жоё алган.
***
Эли-жерин колдобосо, калк башчынын салмагы –
Ылдыйланып калат дешет, анда ненин ардагы?
***
Жылуу мүнөз, таттуу сөзгө элдин карды тоёбу,
Ээнсиреген жарды калкың мыкты болуп коёбу?
***
Кыламыктап жааган кардын арты берет жылуулук,
Калк башчынын акылманы кезиккени улуулук.
***
Узак сөзгө кирген кезде акыл менен ойлонгун,
Ар сөзүңө бергин маани жаңылышуу болбосун.
***
Калк астында убаданын аткара бил талабын,
Айткан сөзүң тепсендиде калбаганын каалаймын.
***
Зарыл болсо өз элиңе бергин каның кашыктап,
Ачарчылык жалмаса да өз калкыңа азык тап!
***
Өткөөл жолдон алып чыксаң Кудай берет жакшылык,
Ал да сени кур койбостур мартабаңды арттырып.
***
Колдон келбес ишке барып калпыс сөздү сүйлөбө,
Алдастатып өз элиңди кур кыялга үндөбө!
***
Кыялданып жашай бербей чындык жүзүн карагын,
Таалайыңды-бакытыңды ак эмгектен табаарсың.
***
Эмгек сенин өсөөр жолуң, ал – адамдын тиреги,
Эзелтеден жерде калган ата-баба белеги.
***
Чындык көзүн тике карап адалдыкты арттырсаң,
Тээ ааламдан келет сырлар өз элиңди шат кылсаң.
***
Жардамчыңды тандаганда катуу болсун талабың,
Акактай дил, чындык жүзү эң биринчи таалайың!
***
Жыргал заман болоор кезде калк ичинен үн чыгат,
Калайыктын баары гүлдөп жамандыктар тумчугат.
***
Ачарчылык болоор кезде алдастаган үн чыгат,
Алды-артын карабастан айткан сөздөр тынчытат.
***
Жамандыктар топтолгондо жакырлыгың артылат,
Кыз жибектей созулбастан жырталаңдап ашынат.
***
Калк ичине падышанын каары элге чачылса,
Карапайым калкы ыйлап, жамандыгы артылса…

Жашоо сыры ылдый болуп как жүрөктөн кан агат,
Жөлөнгүчүң болор аалам колун созуп жаалданат.

09.03.1997-жыл

Осуят сөздөр

Күнү-түнү келген кезде тажатпаган көп ойлор,
Жазылбастан көбү барса адамдарды толгонтоор.
* * *
Талбай эмгек кылган адам бак-дөөлөттү күтө алат,
Ташыркабай жол баскандар бийиктикке жеталат.
* * *
Таалайыңдын ташы тайып кеткен кезде арыба,
Тамырың кең жайылгыча эч убакта карыба!
* * *
Жаман адам жакшылыкты алса дагы маарыбайт,
Мактанычтуу көп сөздөрү эч адамга даарыбайт.
* * *
Канча жолу күтсөң дагы келбесе ал сүйгөнүң,
Акмактыгы ошол тура. Күтпөй аны гүлдөгүн.
* * *
Таңдан кечке ыр жараткан акын нурдан жаралат,
Жамы журттун көп сырларын тегиз ачып баралат.
* * *
Коркунучсуз жашап өткүн жакырланбай дүйнөдө,
Бурганактуу кар азабы урса бетке жүдөбө!
* * *
Адалдыктын, чынчылдыктын бийик болот элеси,
Эртеңкиңди билип жүргүн о адамзат пендеси.
* * *
Пейил салып көңүл бурган адам келсе ашыгып,
Шагын тепсеп сындырбагын аны өзүңө кас кылып.
* * *
Кымбат баалуу буюм көрсөң байкап кара алды-артын,
Ал кымбаттык эмне берет? Билгин анын сапатын.
* * *
Белек кылып буюм берсе алгын аны ыргытпай,
Алтын, акак болбосо да баала аны жылдыздай.
* * *
Боюңдагы акылмандык сиңире бил башкага,
Ал дагы жакшы жашап өтсүн, басып жерге таштаба!
* * *
Дарыядай каптап келсе чоң махабат ташкыны,
Токтоп туруп шимиргиниң киргилт кылбай ташкынды.
* * *
Таңдан кечке ой толкуса акыл сага кез келип,
Колдоно бил ал акылды жашоо сырын тездетип.
* * *
Тилке-тилке болуп жаткан көп ойлордун ар кайсы –
Бирөөсүнөн жолуң тапкын, билгин канча пайдасы.
* * *
Чырак сымал жана билгин эл ичине жол ачып,
Эртеңкиңди сезе билсең карайт журтуң жанашып.
* * *
Дарыядай ташкан акыл каптап сени жанашса,
Кармап денге тез сиңиргин, ал акылдан адашпа!
* * *
Чүмбөттөлгөн чүрөк турса карайт баары таңданып,
Таңыркабай тапкын сырын! Сапаты бар канчалык?
* * *
Сансыз булак агылганда сай боюнда жел ойноп,
Ал булактын эң тазасы келээр сага той тойлоп.
* * *
Ийри-буйру жолдор кетсе тажабагын ал жолдон,
Даңгыр жолго чыккан кезде коргойт сен да коргосоң.
* * *
Кенен-кесир той тойлонуп турган кезде бапырап,
Токчулукпу? Жокчулукпу? Билбей баары шатырайт…
* * *
Алкылдаган алкы бузук алсам десе баарысын,
Акмактыгын сезе билип бере билгин дарысын.
* * *
Асыл адам асылдыгын билгиң келсе жакшылап,
Жабыркаган мезгилиңде баргын андан жол сурап.
* * *
Кончу кыска өтүк кийген адам чыкса алдыңан,
Арышыңды кенен таштап баскын анын артынан.
* * *
Көөнөрбөгөн өтүк кийген адам чыкса алдыңан,
Апкааарыбай кадам ташта баркын билип жакындан.
* * *
Жамаачылуу өтүк кийген адам чыкса алдыңан,
Алдастатпай ээрчиткиниң, калба адам салтыңан.
* * *
Көңүлүңө бүлүк түшүп ыйлап келсе алдыңа,
Алын сурап жардам бергин, салба аны кайгыга.
* * *
Апкаарыган адам келсе антаңдаган мүнөздүү,
Акырын айт, ачсын көзүн каарыңа алба түгөттү.
* * *
Түрү бузук адам сага кайрылганда кырданып,
Камаарабай уккун дагы узап кеткин түз басып.
* * *
Эки көзү ойноктогон адам келсе алдыңа,
Байкап сүйлөп ар сөзүңдү барба анын жанына.
* * *
Абайлагын алды-артыңды карбаластап калбагын,
Бул жашоонун күчтүү сыры ыйлатпасын кармангын.
* * *
Жанталашып «өлөм» деген жардылыктын мүнөзү,
Жакырданган жан дүйнөнүн эң тайызы – бул өзү.
* * *
Жаратыңды сыйрып, козгоп, айткан сайын өрт коюп,
Кыйналбастан отту өчүргүн саал азга токтолуп.
* * *
Алдың тороп тор жайылтса бузуп өткүн ал торду,
Бузукунун буулсун жолу ушул тордон колдогу.
* * *
Орго сени салам дешип казса абдан тереңдеп,
Аттап өткүн ошолорду бийиктен нур төгөм деп.
* * *
Ичи бузук, ою арам адам чыкса алдыңан,
Укпай сөзүн кеткин басып көрбөйүн деп артыңдан.
* * *
Уктап жаткан кезде көргөн ыйык түш,
Маңдайыңа конгон бакыт, жакшы иш.
* * *
Түшүңдөгү периштенин тийсе колу денеңе,
Ошол жериң сезет баарын, ыйык жериң дегеле.
* * *
Тырмагыңдын учтарында турса сырлар катылган,
Тырмалаңдап издей көрбө алды жактан, артыңдан.
* * *
Таманыңдын чуңкур жери ойду катат талбастан,
Даңгыр жолго чыккан кезде келип сага жармашкан.
* * *
Кан-жаныңа акыл сиңсе бойго терең чырмалган,
Акылмансың, билгин пенде, тээ ааламдан нур алган.
 * * *
Боюңдагы тунук акыл арнай билгин элиңе,
Эмгектенип бийик болуп акылман бол жериңде.
* * *
Желдей тозуп азган адам келсе сага шашылган,
Муңун угуп бергин жардам, айткын сырды катылган.
* * *
Арман толгон жүрөгүңөн муңду аздап алгының,
Чубалжыган узун жипти үзүп бирден салгының.
* * *
Узүлгөн жип кайра-кайра чырмалбасын денеңе,
Чыйрыктырып үшүткөндө түшпө чексиз жемеге.
* * *
Саргайгандын сары оорусун таба билгин кабылса,
Жакырчылык жаман нерсе салбасын ал кайгыга.
* * *
Түйдөктөлгөн нечен ойлор бурганактайт кар болуп,
Ар түйүндүн арасында акылмандык, токтоолук.
* * *
Даңгыр жолго жете албасаң, тосмо болсо алдыңда,
Кудайга сен кайрылгының салба башты кайгыга.
* * *
Күн нурундай мээрим төккөн аылмандын алдында,
Колду жайып акыл сура. Ичкин акыл дарыга.
* * *
Кол булгалап келсе сага периштенин бир өзү,
Белек кылгын роза гүлүн – ал сүйүүнүн мүдөөсү.
* * *
Кабагыңды бүркөбөгүн, ачык болсун маанайың,
Акыйкаттык, адилеттик эң биринчи таалайың.
 * * *
Үстүңдөгү үйүң сага кепил болот ар күнү,
Жакшы ойго толтургунуң, кир кылбагын күн-түнү.
* * *
Булганычтык – буйрук эмес, адам өзү таап алат,
Тагдырыңдын татаалдыгы келип анда жаалданат.
* * *
Жан дүйнөңдүн жакырдыгын көрө албасаң ар убак,
Акылмандын сөзүн тыңша! Кирип келет күч-кубат.
* * *
Санааркаган кезиң болсо китеп алып окугун,
Ойлоруңду топтоштуруп акыл-күчкө толтургун.
* * *
Таңдан-кечке таасын сүйлөп ыр окуса акылман,
Адашкандар жолду сурап келсин ага жакындан.
* * *
Жайбаракат күн кечирген адамзаттын пендеси,
Жааган карда жылуулук бар. Аны сүйөт жер бети
* * *
Оокат-ашың аз болсо да көөнүң ачка болбосун,
Көрөңгөсү бул турмуштун Кудай сени колдосун!
* * *
Мерес адам мээрим чачпайт күн жанында турса да,
Кудай сөзүн укпайт алар жамандыкты туйса да.
* * *
Санааркаган адам менен сүйлөшө бил, жай сура,
Атаганат бул өмүрдө калчу ушул иш тура.
* * *
«Айдың көл» деп аталгандар: Акыл менен Аруулук,
Мындай адам жер бетинде туулса бийик сулуулук.
* * *
Сулуу жүздүү аял менен таанышканда жакындан,
Таңдан кечке ырлар оку көңүл менен табышкан.
* * *
Ата Журттун аты улук сатпа аны эч качан,
Алтын-күмүш төксө дагы сатсаң аны эң жаман.
* * *
Аялдардын асылдыгын баалай билгин жакындан,
Акыл чачып турса аял жасалган ал алтындан.
* * *
Аялзаттын акылманы – ал аялдын пашаасы,
Тагдырыңа кабыл болсун бул дүйнөнүн тазасы.
* * *
Ант ургурлар аялзатын кордогондо из калат,
Жүрөктөрүн тилип бырча тамса каны дүрт жанат.
* * *
Жакшы адам, акылмандар аңдап билет ар сырды,
Аттанып ал келген кезде көрсөт ага сыйыңды.
* * *
Журт ичинде жугундукор арамдардын жүргөнү,
Бул дүйнөнүн карайганы, арам өмүр сүргөнү.
* * *
Гүлдөй жайнап сулуу чыкса көркүн кара батыраак,
Акылдуулук сезилгенде нурлар чыгып шатырайт.
* * *
Бузукунун тилин алба татты болот сөздөрү,
Даңгыр жолдон адаштырат көзгө илбей өзгөнү.
* * *
Көңүлүндө турса сүйүү сактагының аздектеп,
Жүрөгүңдүн бул шоокуму жан дүйнөңдү бөксөртпөйт.
* * *
Бүгүн жасап жаткан ишиң болсун десең көркөмдүү,
Акыл алгын кең ааламдан, сөзүң чыгат өтүмдүү.
* * *
Жамы журтка жардам кылган Теңиримдин сөзү бар:
— Жакшы адамдын эл ичинде жайнап турган көзү бар.
* * *
Падышанын эң мыктысы акыл менен башкарат,
Алдастаган адам келсе ичи-койнун аңтарат.
* * *
Коомайланган муңдуу адам келсе сенин алдыңа,
Колду берип бургун маанай Кудай сенин жаныңда.
* * *
Учурашып келсе адам көөнүн тездеп тазала,
Көмкөрүлгөн табак турса тамак-аш сал тез ага.
* * *
Эрки күчтүү адам келсе жанына бар жакында,
Жолдош кылып күтүп алгын алып аны баркыңа.
* * *
Онтогондо дене-боюң жүрөк кыйнап күн сайын,
Күч топтогун. Ылдый болбо. Болгун бийик ар дайым!
* * *
Бийиктиктин залдары бар. Эл ичинде сөз болот,
Сөөккө жеткен айың-кептен жүрөк ыйлайт, корчолойт.
* * *
Нан табууга көп адамдар ишти көздөй ашыгат,
Бул жашоонун сыйкыр күчү — тагдыр кээде таш урат.
* * *
Эрөөн көрбө сын айтылса, анын да бар себеби,
Акылдуунун ар бир сөзү демөөр болсо – кереги.
* * *
Ата-баба салттары бар, чыгарбагын эсиңден,
Чындык үчүн күрөшө бил андан кээси жешилген.
* * *
Улуу адамдын улуулугу анын бийик акылы,
Жер бетине чача билген акыйкаттуу накылы.
* * *
Баатырдыктын бийик чеги — пейлиң кенен төгүлтө -
Алсыздарга бергин жардам, пайда келет өзүңө.
* * *
Жарды-жалчы кезиккенде жабыркатпай ук дайнын,
Сурап билгин арман-жайын, муңун, зарын, ыйларын.
* * *
Адамдардын ач көздөрү тойбойт жердин бетинде,
Топуракка тыгылганда кирет баары көзүнө.
* * *
Булганычты сезген кезде байкамаксан болбогун,
Байлык-бакыт топтолгондо билгин сыйлуу жолдорун.
* * *
Кошоматтык жаман нерсе, барба андай иштерге,
Байкамаксан болбогунуң сага дөөлөт келгенде.
* * *
Адамдардын акылманы болот дайым бийикте,
Дөөгүрсүгөн адам келсе коркуп ага ийикпе!
* * *
Жардам сурап келсе адам кейитпегин, түңүлтпө,
Түрдүү-түркүм жолдору бар жашоо күчү бийикте.
* * *
Жугундукор адамдардын арсыз болот мүнөзү,
Ардантсаң да сезбейт аны – акылсыздык бул өзү.
* * *
Жашоо берген мүрөк суусун ичкин дагы кайталап,
Сары ооруга алдырбасаң сенден дагы из калат.
* * *
Саймалай бил бул жашооңду бурганакка кез болсоң,
Булдуруктап кээ учурда кыйналганга окшосоң.

Аппак пейил күтө билип ич күйдүлүк кылбагын,
Жашоо сыры өтө күчтүү, колду канга жуубагын.
* * *
Канкор болуп адамзатты өлтүрбөгүн о пенде,
Оомат сага алып келбейт аны жерге көмгөндө.
* * *
Оюңдагы бузук ишти алып салгын заматта,
Кыйноо тартып турган кезде өз жаныңды тажатпа!
* * *
Ор казам деп жаалдансаң башың түшөт азапка,
Тереңдикти казган кезде өзүң түшпө казатка.
* * *
Ачууң келип турган кезде жаныңды көп кыйнаба,
Башкалардын жолун тороп өзүң кайра ыйлаба!
* * *
Өчөшпөгүн эч адамга, алып келбейт жакшылык,
Арамзалык туулган сайын бузулат иш так туруп.
* * *
Боюңдагы арам ойду салып койбо капаска,
Ал ойлоруң келет сага таң атканда жармаша. 
* * *
Көркөмү күч бул дүйнөнү чыр дүйнөгө алмашпа,
Чыркыратып кээ бирөөнү канын ичип кармашпа!
* * *
«Душманым»,-деп орго салсаң каршылашкан адамды,
Бул дүйнөнүн тузагынан кача албайсың. Жалганбы?
* * *
«Канын ичип өлтүрөм»,-деп каршылашсаң адамга,
«Жан» деген бар, дене өлсө ээрчип жүрчү аркаңда.
* * *
Душманыңды өлтүрбөгүн өзү түшсүн капаска,
Канжалаткан кези болсо түшөт канча азапка.
* * *
Кудай сага каарын салса жаза болот өзүнчө,
О пенделер! Жасай көрбө жамандыкты ар күндө.
* * *
Күнүчүлүк жасаганда ичиң сенин болот тар,
Жылаан кирип алган сымал тызылдатса өрт чыгар.
* * *
Ичи тардын ичкен ашы сиңбейт канга күнүгө,
Ич күйдүлүк жерге чабат адамдарды түңүлтө.
* * *
Ичи тарлар жер бетинде аз болгондо нур чыгат,
Киши өлтүргүч адамдардан жер бетинде чуулдак.
* * *
Буулукканда келгин мага айтам тунук сырларын,
Эмне үчүн бул дүйнөдө адам туулуп турганын.
* * *
Туулдуңбу? Жашай билгин. Барктап өткүн дүйнөнү,
Бака сымал чардай көрбө чалчык болгон көлдөгү.
* * *
Көөнүңдөгү бүлүк сезим алып салгын калтырбай,
Тунуктугуң болсун таза тоонун шарпа суусундай.

25.02.1996-ж.

Эне, бала жана сүйүү

Жүрөгүмдүн ак сүйүүсү денден кетпей турганда,
Жемелеген адамдардын сөзүн мага угузба!
* * *
Ургачылык иш аткарган аялдардын айбы жок,
Акмак бирөө кабылганда сый көрсөтпөй кордолот,
* * * 
Канат — бутак болор адам бойго бала бүтүрөт,
Аял бойдон бошонгуча акыл калчап күтүнөт.
* * *
Боюнда бар аялдардын асыл болот мүдөөсү,
Айжаркындуу ак жүздүүлөр махабаттын сүрөөсү.
* * * 
Бойго бала бүткөн кезде акыл калча дааналап,
Тагдырыңды бул бөлүгү жер бетинде из салат.
* * * 
Эне деген ыйык болот, дүйнөгө из калтырат,
Даңгыр жолго алып чыкса уул-кыздарын сый-урмат.
* * * 
Бүлүнтпөгүн, сыйлай билгин боюнда бар аялды,
Бүтсө бойго асыл бала адам нуру жаралды.
* * * 
Төрөлгөндө бала көрсө ыйык жарык дүйнөнү,
Энесине мээрим салат.— ал адамдан гүл өндү.
* * *
Ээн болгондо бойдо бала эне менен сүйлөшөт,
Эркелетип койсоң аны ичтен туйлап үндөшөт.
* * *
Табыйгаттын тартуусу бар асыл белек жараткан,
Бала менен эне мээрин бир сызыкка тараткан.
* * *
Эне мээрим чачкан кезде бала андан суранат:
Ой, энеке! Айтып берчи кантип турмуш уланат?
* * *
Энекеси түшүндүрөт: Бул жашоонун турагы –
Өмүр улап бала көрүү Теңиримдин сурагы.
* * *
Асыл бала жер бетинде жаралганда ар убак,
Периштелер күндө келип айланчыктап тыйылбайт.
* * *
Ургаачынын ыйыктыгы анын эмчек сүтүндө,
Баласын ал азыктантса аалам карайт сүйүнө.
* * *
Төрөгөндү жек көрүшкөн аялдар бар кубарган,
Куучуңдабай жол уланткын. Тапкын бала тил алсаң.
* * *
Байкап кара асыл бала ыйык нурдан жаралат,
Бал махабат таткан кезде адам каны тазарат.
* * *
Кандан бүткөн, жандан бүткөн бала чыкса денеңден,
Теңиримдин белеги ал жер бетине берилген.
* * *
Боюңдагы бала сага сурак салат үч убак,
Боюңа тарт ал баланы аалам сенден өтүнөт.
* * *
Күнөө кылсаң бала төрө, пейилиңди тазартат,
Байкамаксан болбогунуң бала сени жашартат.
* * *
Бойдо бала болгон кезде оюң сенин ак болот,
Орночоктуу акыл-ойлор тулк боюңа жык толот.
* * *
Бойдон бошоп төрөгөндө алың күчтөп топтолот,
Айланчыктап жарың турса бакыт конот, кут конот.
* * *
Колдон бала ыргыбасын, топтой кылып таштаба,
Тагдырыңдын өтүнүчү: «Бербе бала башкага!»
* * *
Балталаса мүшкүл тагдыр бала бойго бүткөндө,
Таштап кетпе наристени жол боюна күн кечте.
* * *
Күнөө болот таштап кетсең тагдыр сени тосмолойт,
Таманыңдын астын тилип туз себилип кордолот.
* * *
Бойго бала бүткөн кезде бойдон бала алдырба,
Боору таштык этек-жеңиң өз каныңа малынса.
* * *
Боюңдагы бала күчтүү, ал жашоонун турагы,
Туулганда жер бетинде өмүр болот чырагы.
* * *
Өзүңдү өзүң колдой билгин коомайлатпай сөздөрүң,
Кокуйлаба кор болбогун. Бала – бакыт, өз дениң
* * *
Аял деген ыйык болот, эне болот балага,
Эмчек сүтүн берген кезде ага кара санаба!
* * *
Энелерден келген мээрим жердин бетин жашартат,
Бала төрөп, баккан эне адам канын тазартат.
* * *
Эне-бала жуурулушуп жер бетине салса из,
Жашоо бүтпөй улантылат. мына ушунда улуу күч!

Сулуулук

Тагдыр жолу татаал болгон аялдар бар арада,
Айланчыктап келген сүйүү салбаса дейм кайгыга.
* * *
Сайрандашып, той тойлонуп кээси барат жол басып,
Жоодураган сулуу көздөр кыйнайт кээде жанашып.
* * *
Жомок болгон сулуулар бар, сугун адам арттырган,
Тагдырынын жолун таппай муң-зарларга бастырган.
* * *
Байкуш болуп башың салба, өйдө кара асманды,
Өзүңдү-өзүң сыйлай билгин асман сырды таштады.

Ал асмандан келген сырлар айтат сага баштагы –
Ак сүйүүлөр жерге келет муңуң сенин ачканы.
* * *
О жигиттер! Жер каратпа, аял – назик аялуу,
Сүйүү десе жанын берет, жүрөгү — гүл жаралуу.
* * *
Жүрөгүнөн түнөк тапсаң таштап аны баспагын,
Тагдырларды татаалдантып жерге ылдый чаппагын!
* * *
Ээнсиреген аялдар бар ар бир сөзү акылдуу,
Алдаса да көп эркектер тагдыры бар жазылуу.
* * *
Тагдырыңды балталаса ал адамды караба,
Ач калсаң да тыйын сурап барба ага кармана.
* * *
Алдап сени кеткен кезде көзүңдөн жаш агызба,
Көөнүң тапкан адам чыгат тагдырыңа таарынба.
* * *
Жүрөк канап турган кезде башты жерге салбагын,
Оюнкараак кээ бир кыздар уят болуп калбагын.
* * *
Сулуулардын сулуу жүзүн өпкөн сайын нур чыгат,
Ал сулуулук жер бетине келчү улуу асыл зат.
* * *
Сулуу аял кезиккенде алсыратпа денесин,
Ардактап ал, күтө билгин ак куу сымал элесин.
* * *
Айжамалы ар сулуунун тартат сени өзүңө,
Таң калбагын сулууларга, муңу-зары көзүндө.
* * *
Сулуу көрсөң тепсеп жерге талкандаба заматта,
Роза гүлдөй сылай билсең гүлдөйт сулуу таң атса.
* * *
Сулуу сырын түшүнө бил урмат менен карагын,
Ургаачылык жарашканда сезе билгин талабын.
* * *
Сыйда мүчө сулуу аял өтө назик ак болот,
Кан-жанынан мээрим чачып ак куу сымал койкоёт.
* * *
Чындап аны сүйүп калсаң алтын шакек салгының,
Нике кыйып өмүрлүккө аял кылып алгының.
* * *
Өрөпкүгөн көңүлүн бас жүгүн анын көтөргүн,
Көңүлүңдө убайымды жеңилдетип өтөөрсүң.
* * *
Өрттөй жанган сулуулар бар ар бир сөзү акылман,
Аруулантат сезимиңди жандап жүрсөң жакындан.
* * *
Бал тилине кана билгин, кайрып ага салгын сөз,
Санжыралуу Ак Мөөр айтат: — Сулуу сыры түгөнбөс.
* * *
Тунук жүздүн тунуктугу сезилет ал чүрөктөн,
Чүрөк сырын түшүнгөнчө өтөт өмүр өрттөлгөн.
* * *
Байлыгыңды бере билгин мээри сулуу канганча,
Капалантпай ак көңүлүн сүйгүн дүйнө таңкалта.
* * *
Сулуу төрөп берген кезде андан чыгат нур жигит,
Туулган бала демдүү келип ар ишинде ийгилик.
* * *
Ал баладан бул дүйнөдө улантылат тирүүлүк,
Түңүлтпөгүн сулууларды, жасаба ич күйдүлүк.
* * *
Сулуу аял адашканда жолу анын ак болот,
Кынтык тапсаң ал аялдан бүтүн дүйнө козголот.
* * *
Берилгенде чоң сулуулук татаал болот тагдыры,
Табышмагын таба билгин, бул – Кудайдын жардыгы.
* * *
Сулуу сага сөзүн берсе алдаганың акмактык,
Адашпагын ак жолуңдан сүйсө сулуу чоң бакыт.
* * *
Көлдө сүзгөн ак куу сымал сулуу турса жаныңда,
Жалжылдаган ушул жашоо барат нурга малына.
* * *
Бал тилинен эрийт дүйнө шекер тамган чагында,
Чар тараптын баары гүлдөйт роза гүлгө табына.
* * *
Ак караны ылгай билип адамга кыл жакшылык,
Жаман адам тепсеп кетет ал сулууну бастырып.
* * *
Барктай билгин сулууларды, жолу келет эң татаал,
Эрегиштик кылбагыла кээде болсо эң начар.
* * *
Сулуу аял сүйгөн кезде махабатта чоң жомок,
Чордонунда кайнайт мүрөк. Турмуш жолу оңолот.
* * *
Сулуу аял сүйгөн кезде махабаттан от урат,
Манчыркаган адамдардын көөнү сыздап бузулат.
* * *
Ойноп-ойноп ал сулууну таштап кетпе башкага,
Байкагыла о пенделер! Жексур ишти баштаба!
* * *
Сулуу адам жаралганда жер бетинде из калат,
О адамдар! Кыйнап мүшкүл үшкүрүгү таш жарат.
* * *
Асыл башка салба кайгы, салтанат кур өмүрдө,
Өңүңдө да түшүңдө айтам сырды төгүлтө.
* * *
Өрттөлгүнүң, өрттөй жангын сулуу турса жаныңда,
Аймалагын кайра-кайра махабатка малынта.
* * *
Бул адамдар аруулукту ар башкача түшүнөт,
Аруулук – бул таза жашоо, чоң турмушту күтүнөт.
* * *
Аңдай билсең сулуулукту жандап жүрөт аруулук,
Акылмандык кез болгондо эч айныгыс улуулук.
* * *
Сулуу аял – аруу, таза чоң акылман болгондо,
Чоочуй көрбө ал аялдан, ач кын жолду чолпонго!
* * *
Күн күркүрөп, жамгыр төгүп балчык болуп жатса да,
Бул улуулук эч булганбайт дүйнө бетин жапса да.
* * *
Акак сымал чачырайт ал чар тараптан төгөт нур,
Көмүлгөндө жер астынан чыгышканы улуу сыр.
* * *
Сулуу аял, аруу аял, акылмандык кез келсе,
Даанышмандык кошулганда, бул – улуулук, чоң нерсе.
* * *
Сулуу жүздөн акыл чайып ала билсең жылуулук,
Кандай сонун чоң ырахат адам болуп туулуп.
* * *
Нур төгүлгөн, ыр төгүлгөн даанышмандык – улуу сөз,
Сулуулукка кез келгенде ыйык болот ушул кез.
* * *
Тирек кылып сулуулукту сүйө билгин улуулук,
Улуулук – бул чоң сулуулук, даанышмандык, аруулук.
* * *
Эр жигиттер! Эрөөн көрбөй айткан сөздү уккула,
Аялдарды капа кылбай туудай бийик туткула!

Даанышмандык

Даанышмандык болгон кезде акылмандан сыр чыгат,
Ар сөзүндө сындайт баарын, адам тунук ыр угат.
* * *
Даанышмандар топтолгондо жер бетине гүл өнөт,
Жакшы адамдар көбөйүшүп гүлдөй баары түрдөнөт.
* * *
Даанышмандар кездешкенде ар акылын уга бил,
Урмат менен сыйга бөлөп кан-жаныңа куя бил!
* * *
Даанышмандан чыккан кептер берет сага жакшылык,
Шагың сынып турган кезде жөлөк болуп туптунук.
* * *
Даанышмандар эл ичинен чыккан кезде кеп чыгат:
« — Эмне учун ушул адам ырлар жазып калтырат?»
* * *
Жазылган ыр – акылман сөз даанышмандын сыр күчү,
Ар адамга бакыт тилеп барат анын нур жүзү.
* * *
Таңдан кечке акыл айтып ырлар жазса даанышман,
Туя билип чыгарат сыр күчтүү сөздөн катылган.
* * *
Даанышмандык эл ичинде жарык берип нур чачат,
Дүйнө жүзү ал акылды сиңиргенде көөндү ачат.
* * *
Болсоң капа колуңа ал, оку ырлар жазылган,
Ал даанышман ыр чыгарат арнап сага айтылган.
* * *
Айткан сөзү даанышмандын берсин сага күч-кубат,
Кудай жолдоп даанышмандык эл ичине нур куят.
* * *
Нурлар тарап сиңсин денге акыл берип ар кимге,
Ушул жашоо болсун мыкты ар адамды сүйүнтө.
* * *
Капаланба үйүң күйүп, жолуң ылдый болгонго,
Жоомарт сөздөн көп окугун өз акылың толгончо.
* * *
Даанышмандар из калтырат жерге чачып акылды,
Артындагы эң кымбаты элге арнаган накылы.
* * *
Жүрөк тушуң боздоп барса бойго бычак урбагын,
Акылмандын сөзүн угуп ар бөлүгүн тыңшагын.
* * *
Окуганда даанышман сөз дене барат көшүлүп,
Көөнүңдөгү бүлүк ойлор из калтырбайт жешилип.
* * *
Даанышман сөз сиңген сайын кан-жаныңа тез тарап,
Бүлгүн салган бул жашоонун күчү жаркыйт кайталап.
* * *
Даанышмандын айткан сөзүн жаттап айткын үч убак,
Таңдан кечке ойлоно бил ар сөзүндө не турат?

Уурулук

Уурдап алган дүнүйө-мүлк болбойт сага чоң байлык,
Чоочугандан жүрөк корксо кыйнайт жаның канчалык.
* * *
Түн жамынып журт астында жасаганың уурулук,
Бул – коркоктук, алдамчылык, баш көтөргүс шордуулук.
* * *
Коржоңдогон акмак адам жасаганда уурулук,
Кыл көпүрө бурат шорго тозок отун жуурултуп.
* * *
Тоң моюндар үйүң тоноп кылса сага уурулук,
Ал адамды кордук күтөт дүйнө арттан кубултуп.
* * *
Алды-артын карабаган акмак кылса уурулук,
Ажал оту келген кезде кордойт аны куурултуп.
* * *
Журт ичинде кисабирлер кылса сага уурулук,
Уучу толо арамдыктан кор болушат буулугуп.
* * *
Дарбазасы жакын турган коңшу кылса уурулук,
Тозок оту дайын турат кете албайт суурулуп.
* * *
Эл ичинде уурулукту кылгандарга бар кордук,
Каалаганча ойноп-күлбөйт урпактары туулуп.
* * *
Таман акы, маңдай тердин даңгыр жолу ачылсын,
Арсактаган акмак ууру бул дүйнөдөн тартылсын!
* * *
Уурулардын баарын жаза күтүп турат жакындан,
Жаратылыш кордойт өзү тууган-урпак калтырсаң.
* * *
Аппак таза мээнет менен жашай билсең сен эгер,
Чоочубастан карайт баары капа болбойт Эгедер.

* * *
Эртеңки күн жарык болсо жолуң даңгыр апачык,
Урпактарың келечекте жаман болбойт адашып.

Байлык-бакыт

Байлык – бул дөөлөт эмес баарын тегиз камтыган,
Бакыт кушу болсун бийик бар байлыкты сапырган.
* * *
Байлык менен бакыт кушу жанашканда бир келип,
Роза гүлдөй түрдөнүшөт айланаң бүт үн берип.
* * *
Байлык жалгыз тез чачылат сунуп колун тарапка,
Бакыт кушу конгон кезде ак жолуңдан адашпа.
* * *
Байлык кээде коргойт сени коомай кылбай турмушуң,
Бакыт кушу айланчыктап турган кезде жылдызсың.
* * *
Кууралыңды жууп кетип жаркыйт көпкө айланаң,
Бакыт Кушун учурбагын ансыз байлык жок саган.
* * *
Таразаңдын ташы ылдый болгон кезде байлыктын-
Баркы кетет, Бакыт Кушун учурбастан калтыргын.
* * *
Тоодой бакыт келген кезде байлык келет алдыңа,
Апкаарыбай күтүп алгын байлык-бакыт барында.
* * *
Бакыт Кушу коналбаса байлык качат жаныңдан,
Жаркыса да бүт айланаң зор байлыкка малынган.
* * *
Бакыт менен бар байлыктын таразасын теңдейли,
Тагдырлардын чөң өткөөлү жолду ачып бер дейли.
* * *
Күтүнгүн сен, күтүп алгын Бакыт Кушу конгондо,
Балбылдаган жарык дүйнө колун созуп койгондо…
* * *

Билим-илим

Билим-илим экөө бирге жанашканда ачат жол,
Даңгыр жолго чыгаралат тээ алдыга сунуп кол.
* * *
Бийиктикке сызат баары таппайт көбү чокусун,
Чаңкагандар түшөт ылдый билем анын кокусун.
* * *
Жанашканда билим-илим бирге болуп кезигип,
Акыл менен айкалышса аалам барат көшүлүп.
* * *
Бийиктиктин эң чокусу – кылда учу көз салат,
Колун созуп тээ бийикке кээ адамды алпарат.
* * *
Андай адам аздап чыгат – акылмандын бул өзү,
Аалам кенчин салат ага бийиктиктен Ким өзү?
* * *
Күтүнгүнүң күтө билгин келет акыл ааламдан,
Бийик чоку жандырмагын Кудай гана табалган.
* * *
Тапкың келсе артынан бар сунгун колду талбастан,
Даңгыр жолуң бийиктикте баргын адам калбастан.
* * *
Кудай сага берсе акыл белек кылат бүт баарын,
Эң чокуга чыккының деп сунса сага Кутту алгын.

Акылмандык

Акыл менен тунук ойго бою болсо толтура,
Бүтүн аалам сүйлөйт ага колду сунуп күн чыга.
* * *
Таңдан кечке ырлар окуп жазса акын талбастан,
Тагдырына акылмандык келип анын жармашкан.
* * *
Түнөгүңдү кылат жарык акылмандын элеси,
Түмөндөгөн акыл салган кең ааламдын сүрөөсү.
* * *
Акылмандын дарысынан чаңкаганда ичкин сен,
Иритпестен суусундукту дене бойго сиңирген.
* * *
Сиңсин бойго кү чтүү акыл дене болсун таптаза,
Акылмандык үрөн себет жер бетине кат жаза.

Жашоо

Жер бетинде жаралганда адам болуп төрөлүп,
Бул жашоонун эркиндигин бүт баарыбыз көрөлүк.
* * *
Көңүлүңдү бузба дайым сен алдыга шашылгын,
Жашоо бийик, жашоо кызык турмушка из калтыргын.
* * *
Бапестегин жашоо келсе жактыр анын мүнөзүн,
Жарашыктуу болсун жашоо капа кылба бир өзүн.
* * *
Буйдалганда тагдыр кыйнап өлүмгө сен шашпагын,
Өчөгүшкөн шум өлүмдүн оозун күндө ачпагын!
* * *
Салып отко өз башыңды балталагын өлүмдү,
Өлүм күчтүү болсо дагы жашай билгин өмүрдү!
* * *
Өтөлгөсүн билсең жашоо асыл болот байлыгың,
Ажалга сен шашкан кезде ал акмактык тардыгың.
* * *
Бурганактап ойлор келсе уккун аны талбастан,
Жашоо кыйнап тардык кылып өзөртсө да жанашкан.

Өлүм, ажал

Суук нерсе ажал деген. Башты ылдый баскандан –
Ылдыйлаба келип сага ажал оозун ачкандан.
* * *
Өлүм менен ажал бирге жүрсө дагы жанашып,
Жакырланба, болгун бийик барба жолдон адашып.
* * *
Токтоткунуң өлүм келсе ажалды тез узаткын,
Акмактардын тоскун жолун таза адам күч алсын.
* * *
Буулукпагын, чакырбагын өлүм менен ажалды,
Алсыз болбой өткүн жашап, адам каны тазарды.
* * *
Даңгыр жолго түшкүн адам туу тутунуп өмүрдү,
Өрттүү өлүм келген кезде ажал кошо көрүндү.
* * *
Төрүңдөгү ордуң ээлеп опкоолжутат жүрөктү,
Ошондуктан күчтүү өлүм, ажал сүрү жүдөттү.
* * *
Жүрөгүңдү бекем карма алдастатпа ар күнү,
Алсыздыгың билдирбегин ажал келсе күн-түнү
* * *
Чакырбагын өлүмдү, болгун өйдө ажалдан,
Өмүр, жашоо болсун бийик тээ алыска алпарган.
* * *
Жалаңгычтар келсе дагы башты ылдый тоспогун,
Токтоолук кыл ар жашоодо өлүм ыйын кошпогун.
* * *
Өлүм келип айланчыктап өмүрүңдү кыскартса,
Ажалды тез токтоткунуң тээ алыска узата.
* * *
Өмүр кайра келет сага өлүм кетип артына,
Сези кайтып өлүм, ажал басып келбейт тартына.
* * *
Ажал айтат: Мен адамга өзүм барбайм чыр салып,
Көп адамдар суранышат өлүм тилеп сурданып.
* * *
Колун сурап барсам дагы кээси мага баш ийбейт,
Жашоо күчтүү, бийик болсо өмүр гүлдөп күтүнөт.
* * *
Чакырышат алдастатып: — келчи, ажал, келчи?-деп,
Шаштырышкан ошол кезде барам ага жол издеп.
* * *
Өлүмдү мен коштоп жүрсөм жаалым күчтүү канчалык,
Жакырданткан бул дүйнөнүн арасында чыр салып.
* * *
Адам өзү тандап алат өлүм менен өмүрдү,
Өтөөлгөсү бул дүйнөнүн ажал көңүл чөктүрдү.
* * *
Ажал айтты: — Барбайм өзүм, барбайм издеп адамга,
Чакырышса кээ бирлери издеп барам жаалдана.
* * *
Өлүм издеп барган кезде корчолоймун адамды,
Колумдагы айбалтаны колго албастан катаалды.
* * *
Канчалаган адам көрдүм: «Ажал, кел!»-деп чакырган,
О, адамдар! Болгун өйдө жашоо бийик баарынан.

***

2.03.1996.

 

(Көңүл буруңуздар! Бул жерде китептин бир бөлүгү жайгаштырылган)

Текст толугу менен Word форматында көчүрүлсүн

 

© Өмүрбүбү Бегалиева, 2007. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

 


Количество просмотров: 12488