Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз
© Аскаров Ч., 2008. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2009-жылдын 22-октябры

Чынтемир АСКАРОВ

Тору айгыр

(аңгеме)

Жазуучу, акын Аскаров Чынтемирдин «Сүйүү баяны», «Белгисиз кыздын махабаты» аттуу прозалык китептери окуучулар тарабынан жылуу кабыл алынган. «Атаман уурулардын тагдыры» повестинде ата-эненин тарбиясын көрбөгөн жаш баланын уурулук жолуна кандайча түшүп, аягы оор трагедия менен бүткөнүн автор ишенимдүү берген. Бул китепти колуна кармап окуган ар бир окурман аягына чыкканча ынтаа менен окууруна ишеним бар.

Аскаров Ч. Атаман уурулардын тагдыры. Б.: – 2008. – 188-б. китебинен алынды. Нускасы 200 даана

УДК 821.51
    ББК 84Ки 7–5
    А 92
    ISBN 978–9967–24–816–2
    А 4702300200– 8

 

Көчөрбек машинасын сатып эртесинде эле мал базарга түштү. Бат эле өзүнө жаккан атты алып кетейин деп жатканда жээни Макил жолугуп калды. Ал-жайды сурагандан кийин машинасын сатып жиберип, акчасына мал алганы келгенин айта кетти.

– Акчаңыз бар экен, дагы бир атты карап көрбөйсүңбү? – деди Макил.

– Караса карайын. Баасы келишсе алганым оң го. Мал темир эмес. Жешилип чыгаша кылгыдай. Мал дегениң качан да болсо мал. Үстүнө үстөк кошуп турат.

– Ошону айтпайсызбы. Малды мен да жакшы көрүп кеттим. Жүрсөңүз тайке, бир жерден тору айгыр көрдүм эле. Көзүм түшүп кызыкканым менен чөнтөктө пулум жок басып кеткем. Акча карызга берсеңиз, мен алайын же сиз эле ала койбойсузбу? – деп Макил шашкалактай сүйлөдү.

– Жүр анда баасы келишсе ала коелу. Анда турган проблема жок. Көчөрбек жээнин ээрчите аттар байланган жерге жакындаганда Макил:

– Тээтигил тору айгыр. Сымбатын караңыз. Жалы төгүлгөн, буттары жоон, сөөктүү ат. Айдоону малалаганга, араба менен жүк ташыганга, айда табылгыс жаныбар ов!

Көчөрбек жанына келип көпкө кызыга карап туруп, анан ээси менен соодалаша кетти. Жүйөлүү бааны айтты аттын ээси. Макил келип, тиги, бу деп отуруп дагы миң сомго бааны төмөн түшүрдү. Ага тиги бир аз кыйыктанып туруп «эрте менен эле баасы келген экен, ка-ап, эми айылга кайра кетмек белем» деп кейий сүйлөгөнү менен акыры кол алышып атты Көчөрбекке карматты. Арзан алгандарына тайке, жээн сүйүнүшүп, ошол жерден эле кыл куйруктун куйругун жуба кетишти.

Жаз айларында талаа иштери күчөп чыгат. Тиги дыйкан чарбасындагы үч гектар жеринин бир гектарын гана айдоого үлгүргөн. Эми анын үстүн тегиздөө үчүн эки атына ишенди. Бирок былтыр бул жерге жүгөрү эгилгендиктен жүгөрүнүн тамырлары тоң кезең менен томолок-жумалактанып айдоонун бетин бербей калган. Анткен менен иш токтоп турмак беле. Маланы эки атка кошту да кечке чейин тындырган жок. Кара тер түшкөн эки атты бир саат аса байлап коюп ире-ширеде жем, чөптү мол салды. Эки ат тең атайын жасалган тактайдын үстүнө буттарын сунун жатышып, түн жарымынан кийин гана алды менен бирөө, андан кийин экинчиси туруп, бедени киртилдете жеп кирди.

Ушундай да тынчы жок киши болобу, күн чыгып чыга электе кечээги маланы кайра кошту. Сарыайгыр, Торуайгырдан да күчтүү болуп чыкты. Бир жолу да камчы ургузбайт. Кокус камчы тийсе козголуп да койбойт. Торуайгыр андай эмес. Жамбашына камчы тийгенде куйругун булгалактатып анан тебе тургансып бутун жай шилтеп калат. Көчөрбек катуураак камчы салсам тээп алып жүрбөсүн деп кооптоно түшөт. Ошентип айдоонун үстүн тазалап, тегиздегенче бир жума өтүп экөөн тең алсыратып алды.

Аттары чарчаган менен убакыт күтүп турмакпы. Айдалган жерге дароо эгин экпесе жер кургап, урук чыкпай да калышы мүмкүн. Көчөрбек ушуларды ойлоп бир тиштүү жөөк салгычына Сарыайгырды кошту. Түшкө чейин тындырбай жөөк салып, атты кара терге түшүрдү. Бирок катуу чарчаганын ээсине билдирген жокко чиркин! Болгону арыктын жээгине аркандалган Торуайгырды көргөндө «сени кезегиң келди» дедиби, эки-үч курдай кишенеп алды. «Байкуш канткен менен бир туугандай болуп калбадыбы. Боор тартып кишенегенин кара» деп күбүрөнүп койду Көчөрбек.

Торуайгыр «эми мени алып кетет» дегенсип башын жерге салбай, окурана Көчөрбек жакты карап алды. Ооба дал ошондой болду. Ээси бир саат өтпөй жетип келди. Бир тиштүү жөөк салгычына кошту да, кечке чейин иштетти. Мында да Сарыайгырдай болуп жүрө берген жок. Чарчай түшкөндө камчы жегенине карабай ордунан жылбай калат. Эки-үч жолу катуу камчыга алды эле Торуайгыр астыңкы эки бутун асманга көтөрүп моюнчагынын таш талканын чыгара кое жаздады. Чарчаган турбайбы деген кыязда жарым саатка жакын чылым тартып өзү да эс ала кетти. Кайра ишти баштады эле Торуайгыр былк деген жок. «Э-э, сырыңды билдим» деди да, ичинен сүйүнүп койду.

Качан болсо да Көчөрбек Торуайгырга ыраазы эмес. Мал болуп туруп кыялы кыяңкы. Жүктү көп салып араба айдаганда да, көбүрөөк иштетип койгондо да өжөрлүгүн кармата коет. Буттарына кагып койгондой ордунан жылсачы. Акыры кыяңкылыгы тараганда гана «чү» дегизбей эле өзү баса кетет. Айла канча ээси буга да макул эле, эгер мындай бир окуя болуп өтпөгөндө...

Кыш күрөөдө айылдын ары жагындагы бактан арабасына жакшылап басып отун апкелатты. Мындай ишке көбүнчө Сарыайгырды кошчу. Карабасып эрте менен коңшусу эрте келип, «Торуайгырды кой, Сарыайгырды бер» деп туруп алган. Бирде коңшусунун көңүлүн калтырып жүрбөгөндүктөн анын айтканына макул болуп жетелетип жиберген. Мына эми Торуайгырдын кыяңкылыгы кармайбы деп өзү да үкү-түкү. Анын үстүнө отун күбүрөөк салынып калганын баятан бери байкап келатат. Бирок эмне кылмак эле? Болору болуп Торуайгырга күч-кубат бере көр деп кудайдан тиленип келатты.

Кар калың жаабаганы менен чыйыр салынбаган жолдо Торуайгыр арабанын тырмыша тартып кыйналып келатты. Акыры жарым жолдон аша бергенде токтоду. Мындайда аба ырайы да күчөп чыгат окшобойбу. Аяздын суугу аз келгенсип муздак шамаал ыркырап согуп, коюн колтукка кирип, үшүтүп жиберди. Торуайгыр болсо козголоюн дебейт. Көчөрбек жүгөнүнөн кармап, алдыга тартты эле башын өйдөлөтүп, кайра артка кетенчиктеди. Буга убал жок экен деп камчыны сооруга шыбап кирди эле, Торуайгыр адатынча астыңкы эки бутун асманга көтөрүп моюнчагын үзүп, арабанын ок жыгачын сындырып кое жаздады. Көчөрбектин ачуусу кайнап чыкты. Атты арабадан бошотуп, электр тирөөчүнө жетелеп келип, чылбырды тырыштыра бекем байлады. Анан душманынан өчүн алып жаткансып камчысы менен сабап кирди. Ат кудайга үнү жете тургандай чыңырып жан алы калбай бошонууга аракет жасап жатты. Ооздукка келип кошулган кыл чыбыр канча булкунган менен үзүлөр эмес. А Көчөрбек болсо камчыны үстөккө босток шыбайт. Акыры сууктун күнүндө чекеси тердеп чыгып, чарчай түшкөнүн сезди. Ат да кара терге түшүп калтырап-титиреп турат. «Жиниңди мына ушинтип сууруп алам, эми молдо болуп каласың» деди да жөө жалаңдап айылга жөнөдү.

Көчөрбек айылга келсе коңшусу Сарыайгырды ордуна байлап, чөп таштап коюптур. Дароо чечип алып, жолдо калган арабасына жетип барды.

«Жаныбарым, асыл ат экенсиң го» деди Сарыайгырды. Ат ээсинин мактоо сөзүн түшүнгөндөй араба кошуп жатканда былк этпей, анан жүктү күжүңдөп тартып айылга бат эле жеткирип койду. Арабанын артында байланып келген Торуайгырды «Эш-шек!» деп тилдей аштоонун алдына апкелди да чөп салбастан аса байлап койду. Жанындагы Сарыайгыр түнү менен күлү күбүлбөгөн көк бедени жеп чыккан менен Торуайгырга бир тал да чөп ташталган жок. Кайра аямак турсун «ачкадан өлтүрбөсөмбү» деп ызырынып койду.

– Ат арыктап кетти. Арык болсо да сатып жиберсеңчи. Мүмкүн башкаларга барса оңолуп кетер. Сага эрегишип калды бул ат,– деди бир ай өткөндөн кийин аялы.

– Эрегише турган акылы бар дейсиңби, бул аттын? Мээси болсо Сарыайгырдай иштеп, Сарыайгырдай жем, чөбүн жеп турат эле го. Баарынан базарда Макилдин жолугуп калганын айт. Ошондо көзүм кашайган экен. Эми өз богун өзүнө жегизип, эшектен өткөн жоош кылбасамбы! Анте албасам Көчөрбек атым өчсүн!

– Малга да эрегишет бекен. Кайра сылап сыйпап тапка келтирет. Кызыл камчыны мал эмес, адам баласы да сүйбөйт. Андан көрө бир ай тим коюп багып көрчү кандай болор экен?..

Аялынын акылын сөз деп да койгон жок Көчөрбек. Кайра атка эрегишип үч күнгө чейин бир тал чөп да таштабады. Торугайгыр эми аштоодогу кашек чөптөрдүн бок сакка аралашканына карабай жечү болду. Ал анчалык тойдурбайт окшобойбу, күн өткөн сайын каркайгаңдан каркайып кабыргалары даана саналып калды. Ошондо да ырайым кылбады Көчөрбек. Боору ачыган аялы гана бир колтук чөп апкелип астына таштады. Бирок Торуайгыр жактырбагандай бышкырып, ал чөптү мурду менен челип аштоодон чыгарып таштады. Аялы өз көзүнө өзү ишенбей «Ойтообо, айбан малда да кек сактайт экен ээ» деп аң таң калды. Үйгө кирсе Көчөрбек телевизор көрүп отуруптур. Көргөнүн айтты эле такыр ишенген жок.

Кечке маал Көчөрбек малдарды карайын деп сыртка чыкты. Аялынын айтканы эсине түшө калып, Торуайгырдын аштоосун карады. Чын эле чөптү аштоодон чыгарып таштаптыр. Көк беде бутунун астында тебеленип жатат. «Чөптүн да чөбү бар. Жерде жаткан чөптү салган го» деген ойго келип, күлмайда чөптөн тандап Торуайгырдын аштоосуна салды. Башын салмак түгүл карап да койгон жок. Көзү өлө турган малдын көзүндөй үлдүрөгөндүн үлдүрөйт. Түрүн көрүп ачуусу ичтен түтөп чыкты. Камчыны алып баягыдай сабагысы келди. Бирок кантип сабайт. Итерсе кулана тургандай.

Аялынын айтканы эсине түштүбү мойну башын сылагылап, жал куйругун тарады. Баягыдай ыргыштап турган ат кайда. Чын эле эшектен бетер жоош болуп калыптыр. «Кара жини кагылды, эми муну оңолтуш керек» деп ойлоду ичинен.

Эрте менен эрте туруп Торуайгырдын аштоосун карады. Чөп ошол бойдон. Эмне кылсам? Базарга апарсамбы? деп ойго чөмүлө түштү. Базарга барганда ким алат? Кокус ошол жерден жыгылып калсачы? Ошондо күлкү болом го. Жок, сатсам да ушерден сатышым керек деп ойлонду ичинен.

Көңүлү тынчыбай аттын жанында ары бери басып турду. Аттын мойну салаңдап, бир жак жагына кыңкайып козголуп койбойт. Э-э, деп. эми эсине келди. Ооруп калган турбайбы. Демек өлө элегинде курутуш керек.

Эмне кыларын билбей көчөгө чыкты да, мал келине чөп салып жүргөн Коңкобай коңшусун көрүп калды. Акырын басып келип көлөкөдөгү отургучка отура кетти. Кабагы бүркөк, сабыры суз Көчөрбекти көрүп Коңкобай тынчсыздана түштү.

– Мал жаныңыз аманбы. Көчке?..

– Аман эле. Бирок Торуайгырды сатпасам болбой калды. Оору экенин же соо экенин билбейм. Чөп салсам жебейт. Өзү да арыктап кетти.

Коңкобай Торуайгырды Көчөрбек жамандап жүргөн менен ага аябай кызыкчу. Жакшы багылса келишкен ат болоорун коңшу туруп көрүп жүрбөйбү. Ошондонбу:

– Сата турган болсоңуз мага сатыңыз. Ошол турушунда бир уйга бересизби? – деди Коңкобай оюнда эч нерсе жок.

– Кана колуңду бер,– деп шашыла колун сунду Көчөрбек. Анын дароо макул болгонунан күмөн санаган Коңкобай:

– Элде мурун көрөйүнчү. Анан алайын. Чын эле ооруп калгандыр,– деди ат турган сарайды көздөй баратып. Алы кетип ыргалып турган Торуайгырды көрүп боору ачып кетти.

– Атты курутупсуз го Көчке! Ушуга кантип уюмду алма¬шайын. Торпокко берсеңиз гана алам. Өлсө өлдү. Өлбөсө мал болуп кетер деп Коңкобай кесе сүйлөдү. Бул Көчөрбектин акыркы мүмкүнчүлүгү эле. Айла канча торпогун алды да, атын жетелетип жиберди. Көчөрбек үстүндөгү оор жүктөн кутулгансып жеңилдене түшүп, үйүнө кирери менен аялына айта кетти.

– Ошол балээден кутулуп ыраса кылгансың,– деди аялы Көчөрбектин кылган ишине ыраазы болуп.

Коңкобай Торуайгырды келери менен бапестеп бакты. Чөп, жемди кашексиз жей турган болду. Бир айдан кийин араба сатып алып Торуайгырды кошту. Арабаны бир басыгынан тайбай сүйрөй тургандыгын көрүп аябай сүйүндү. Жазга маал Торуайгырды мурдагы ээси Көчөрбек да тааныбай калды.

– Эмне берип жулкунтуп койгонсуң? – деди бир күнү Көчөрбек.

– Беш бармак берип жулкунтуп койдум,– деп тамашалады Коңкобай.

Талаа иштери жылдагыдай күчөп чыкты. Көчөрбектин мурда эки атын ишке чегерип жүрсө, эми бир атка жүк түштү. Байкуш Сарыайгыр баарына чыдады. Малалоо, жер тегиздөө, жөөк салуу иштерин өзү жаңгыз аткарды. Аткен менен Көчөрбектин бир иши бүтсө, экинчиси дайын. Өзү да чарчанбайт. Аттын чарчанганын билип да койбойт. Анын үстүнө Сарыайгыр да жоош эмеспи. Бардык кыйынчылыктарды көтөрүп жүрө берет, эттен түшсө да. Антсе да Торуайгырды көргөндө ичи тарый түшөт. Ал Сарыайгырдан да өтүп кетти. Коңкобай жулкунтуп минип, араба айдаганда таскагынан жандырбайт. Жүк ташып келатканда баягыдай буттарын асмандатканды коюптур. Жоош болгонун айтпа. Коңкобайдын камчы салганын көрө элек.

Антип минткенче күз да келип. эгин тегин жыйноо кызыды. Көчөрбектин мээнети жанып, тонналаган картошканын каптары аянтында жайнап кетти. Байкуш Сарыайгырдын башына эми түйшүк түшкөн окшобойбу. Айылдан беш чакырымдай алыстыктагы картошкаларды тынымы жок ташыйт. Кечинде жем, чөптү мол бергени курусун, ал түшкө чейин кубат болуп, түштөн кийин алсырай баштайт. Аны Көчөрбек билип коюптурбу. Жүрбөй калганда ачуусу келип кызылкамчыга алат. Эми каяшаны Сарыайгыр жасай турган болду. Кудум Торуайгырдай алдыңкы буттарын көтөрүп чапчылай кетет. Бирок Торуайгырдай өжөрлүк кыла албайт. Бир-эки камчыдан кийин чарчанып баратса да эптеп алга жылып үйгө жеткирет.

Картошканы ташып аягына чыга электе чөп да, жем да жебей жатып калды Сарыайгыр. Айылдагы жүк ташуучу машиналарга сүйлөшсө, «бизде да ишибиз күчөп, кол бошобой жатат» деп жооп кылышты. Мээнет кылып баккан картошкалар талаада калып калмакпы. Көчөр¬бек коңшусуна келип Торуайгырды сурады.

– Мен сага жардам кылайын,– деди Коңкобай,– бирок атты бербейм. Өзүм канча болсо да ташып берейин. Аттын сырын билесиз го,– деди Коңкобай.

Арабага картошканы ченем менен салып үч күн ташыды Коңкобай. Торуайгыр былк эткен жок. Көчөрбек Торуайгырдын мынчалык өзгөрүлгөнүнө таң калды. Анан Сарыайгырдын турбай жатып калганын ойлоп жүрөгү ооруй түштү.

– Аттын сыры бар дейсиң. Ал кандай сыр? Же мени тамашалаганың келип жатабы?

– Жо-ок Көчке тамашалаган жерим жок. Чынын айтып жатам. Сырды ачыш үчүн бир жашик арак, бир кой соёсузбу?

– О-о жолуң болгур десе. Буюрганы болор. Кана айтчы.

– Эми сиз да мендей болуптурсуз. Атыңыздын өлбөгөнүнө шүкүр кылыңыз.

Коңкобай мындан беш жыл мурда атты кордогонун, жоор болуп, акыры өлүп, бир тыйынга арзыбай калгандыгын, азыркы күнгө чейин ичи ачышып жүр¬гөндүгүн айта кетти.

– Ат болобу, башка болобу, бага билиш керек. Аяш керек. Ошондо гана баккан мээнеттин үзүрүн көрө аласыз. Баса, Сарыайгырды арыктатып курутуп койгон жоксузбу?

Көчөрбек эмне деп айтаарын билбей, ынтыгып туруп калды да, анан оозунан:

– Жо-ок,– деген сөз чыкты.

– А-а, анда жакшы. Торуайгыр сизге сабак болгондур. Эми Сарыайгырды жакшы бага көрүңүз.

Коңкобай коңшу болуп туруп билсе да билмексен болду ушул ирет. Көчөрбек турган жеринен титиреп кетти. Ордунан шарт бурулуп Сарыайгырдын жанына кандайча жетип келгенин билбей калды. Астындагы чөбүн карады. Ошол бойдон. Эмне кылуу керек? Ары-бери калдастап турду да, анан жакшы ой менен куйругун сылады.

– Байкушум ай, чыны менен эле сени кыйнап койгон турбаймынбы. Эми сени камчы менен сабасам колум сынсын. Ишен, мындан ары сени бапестеп багам». Ат ээсинин айткандарын түшүнүп коюптурбу. Киртийген көздөрү менен бурулуп Көчөрбекти карап койду. «Мени түшүндү окшойт» деп өзүнчө күбүрөндү да, атка суу апкелип, астына койду. Байкуш ат какалып-чакалып жатып суу ичип, буту башын керип түзөнүп туруп калды. «Өлбөйт окшойт» деген үмүт пайда болуп, дагырага жем салып келди. Ат башын салган жок. Бирок түнү менен ак пейили кармап калса, жемди жеп, тыңый түшөр деген ойго келди. Айтоор көңүлү тынчый түшүп, кечкисин таттуу ой, таттуу тилек менен таттуу уйкуга кетти...

 

(Көңүл буруңуздар! Бул жерде китептин бир бөлүгү жайгаштырылган)

Текст толугу менен Word форматында көчүрүлсүн

 

© Аскаров Ч., 2008. Бардык укуктар корголгон
    Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

 


Количество просмотров: 2154