Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз
© Аскаров Ч., 2008. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2009-жылдын 22-октябры

Чынтемир АСКАРОВ

Бала кудурети

(аңгеме)

Жазуучу, акын Аскаров Чынтемирдин «Сүйүү баяны», «Белгисиз кыздын махабаты» аттуу прозалык китептери окуучулар тарабынан жылуу кабыл алынган. «Атаман уурулардын тагдыры» повестинде ата-эненин тарбиясын көрбөгөн жаш баланын уурулук жолуна кандайча түшүп, аягы оор трагедия менен бүткөнүн автор ишенимдүү берген. Бул китепти колуна кармап окуган ар бир окурман аягына чыкканча ынтаа менен окууруна ишеним бар.

Аскаров Ч. Атаман уурулардын тагдыры. Б.: – 2008. – 188-б. китебинен алынды. Нускасы 200 даана

УДК 821.51
    ББК 84Ки 7–5
    А 92
    ISBN 978–9967–24–816–2
    А 4702300200– 8

 

Бүгүн Амантур иштен кызуу келди. Эшик ачык болгону менен үйдө эч ким жок. Алиман кайда кетмек эле. Үйдүн тегерегеинде жүргөндүр деген ойдо диванга чалкалай отуруп, газета окуй кетти. Ар бир бетти окуп бүткөн сайын сырттан Алиман келер бекен деп карап коет. Жок, жакында келер эмес. Бурулдата чылымын тарта сыртка чыкты. Огород жакты карады. Алиман бияктан да көрүнбөйт. Мынчалык кечигип жатканына ишенбей көчөгө чыкты. Чуру-чуу түшүп балдар топ ойноп жатышат. Бир топко чейин кызыгып карап турду да кайра үйгө келди. Дасторконду карап нан таба албай койду. Эки саат мурун жолдоштору менен арак ичкен эле. Анда да жыргаган закүскө дейсиңби. Ачууга ачуу керек дешишип пияз менен ичишкен. Мына эми ачкарын ичкени ашказанды жеп баратат. Үйгө эле жетсем Алиманга ысык тамак жасатам деген үмүтү мына минтип таш капканын карабайсыңбы. «Бул эмне кылганы. Эшикти ачык таштаганы аз келгенсип, жоголуп кеткенин айт. Менин ушул убакта келеримди билет. Эч болбосо шам-шуң этер бир нерселерди даярдап коюп жоголбойбу, жоголгусу келсе. Эмне кылсам? Издесемби? Кайдан табат элем? Өлбөсө келер. Ошондо көрсөтпөсөмбү».

Амантурдун ачуусу тутанып кетип, колдору титиреп чыкты. Буфетти ачып кечегиден калган аракты тапты. Кудай жалгап бир бөтөлкөдөгү арактын жарымысы калыптыр. Чоң стаканга толтура куйду да, тартып жиберди. Ичи ысып чыгып, Алиман да оюна келбей, кабагы жазыла түштү. Адатынча чылымын бурулдата тартып, кайра диванга чалкалай отурду. Колуна газета кармап окуй баштаганда эле үргүлөп кетти.

Алимандын качан келгени белгисиз. Бирөөнүн түрткүлөгөнүнөн улам кыжынып жатып зорго ойгонду Амантур. Бет алдында турган Алиманды көрдү. Мастыгы тарай элек болсо да, үйдү ачык таштап, бир жакка кетип калганын унутпаптыр. Аны оюна албаган Алиман:

– Тур акеси, сага плов, эт апкелдим. Курсагың ачкандыр. Мына жылуу бойдон деди.

– Кайда жүрүсүң сен! Эшикти эмне ачык таштайсың! Муногу үй эмеректерди уурулар көтөрүп кетсин дедиңби! Айтчы бул эмне дегениң? Куру, полов-соловуң менен!

– Кой акеси, анчалык катуу кетпе. Мен башка бирөөнүкүнө кетти дейсиңби. Узун мурут акемдер кудайы тамакка жардамдаш дегенинен бат эле келип калармын деп кетип калдым эле. Келиндер аз болуп, кармалып калбадымбы. Ал үчүн кечирип кой акеси.

– Узун мурут акем. Узун мурут акем деп оозуңдан түшпөйт. Баягыда да Узун мурут акемдердикине бардым деп жоголуп кеткенсиң. Же төгүнбү? Же бир тууганым болсочу. Тээ алыскы аталашыбызды Узун мурут акем, Узун мурут акем деп жакын кылып алыптыр. Сенби Алиман, сен аны менен соо эмессиң! Мурда ишенбей жүрсөм да бүгүн ишендим.

– Койсоңчу Амантур кызганчактыкты.

– Кызганчактык эмес бул чындык. Кийинки учурда жүрүшүң жаман. Көзүмө чөп салып жүрөсүң!..

– Ишенбесең эмне кылайын. Бирок Узун мурут акем жаман киши эмес. Адамкерчиликтүү, абийир сактап, карасанатайлыкка барбайт.

– Ошентип Узун мурут акең жаман киши эмес экен да! Демек ал жакшы, мен жаман экем да! Ушун¬дайбы?!.

Кылдан кыйкым таба албай турган Амантурдун эки көзү кызарып, ачуусу ашып-ташып турганын Алиман сезе койду. Үйдөн кандайча атып чыкканын сезбей калды. Сыртка чыгып артына бурулуп караса Амантур чоң келтек алып кууп келе жатыптыр. Канткен менен кууп жетерин түшүнгөн Алимандын өңү жуулган чүпүрөктөй бозоруп кетти.

Алардын беш жашар кызы Жыпар арыраакта эле коюу өскөн чөптөрдүн арасында гүл терип ойноп жаткан. Алды менен үйдөн качып чыккан апасын, анын артынан кубалап келаткан атасын көрүп, бир аз аң-таң калып карап калды да, атасынын ура турганын сезип аларды көздөй чуркады. Ачууга алдырган Амантур кызынын келатканын байкабай:

– Токто дейм, Алийман, токто! Көчөгө чыкпа! Бекер жаман болосуң! – деп эки жагын карабай кый¬кырды.

Алийман көчөгө чыгып калганы менен Амантур кубалаганын токтотко жок. Ошол маалда Жыпардын:

– Ата-а-а! – деген аба жаңырткан үнү угулду. Амантурдун жүрөгү солк этип, бул үн жерден эмес асмандан угулган жаңырыктай сезилди. Катуу чуркап бараткандыктан мүдүрүлүп барып токтоду. Эми гана эс акылына келгенсип эки жагын карады. Өзүн көздөй жүгүрүп келаткан кызын көрдү.

– Ата-а-а!.. Кыз желге чачын сапырылтып, көйнөгүн делбектетип келатты. Бир зор күч аны бир жерге кадап койгондой жылбай калды. Жыпар болсо чуркаган бойдон келип атасынын мойнуна асылды. Апасы жакты карады эле, апасы да капарына эч нерсе албай, күлө багып келатыптыр. Кыз сүйүнүп атасынын бетинен өөп койду. Жүрөгү элжиреген Амантур кайра өзүн күнөөлөп «атаң бүгүн мас, апаң да, сен да кечирип койгулачы» деп сүйлөнө үйдүн босогосу аттады.

 

(Көңүл буруңуздар! Бул жерде китептин бир бөлүгү жайгаштырылган)

Текст толугу менен Word форматында көчүрүлсүн

 

© Аскаров Ч., 2008. Бардык укуктар корголгон
    Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

 


Количество просмотров: 1948