Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Көркөм кара сөз, Чакан кара сөз
© Аскаров Ч., 2008. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2009-жылдын 22-октябры

Чынтемир АСКАРОВ

Чаар тоок

(юмореска)

Жазуучу, акын Аскаров Чынтемирдин «Сүйүү баяны», «Белгисиз кыздын махабаты» аттуу прозалык китептери окуучулар тарабынан жылуу кабыл алынган. «Атаман уурулардын тагдыры» повестинде ата-эненин тарбиясын көрбөгөн жаш баланын уурулук жолуна кандайча түшүп, аягы оор трагедия менен бүткөнүн автор ишенимдүү берген. Бул китепти колуна кармап окуган ар бир окурман аягына чыкканча ынтаа менен окууруна ишеним бар.

Аскаров Ч. Атаман уурулардын тагдыры. Б.: – 2008. – 188-б. китебинен алынды. Нускасы 200 даана

УДК 821.51
    ББК 84Ки 7–5
    А 92
    ISBN 978–9967–24–816–2
    А 4702300200– 8

 

Сырттан Алмагүл шашып бушуп үйгө кирип күйөөсүнө кыйкырып калды:

– Кокуй чык эшикке!

– Эмне болду анчалык?

– Коңшубуздун чаар тоогу үйдүн жанына келип какылыктап эле жаны калбай жатат. Тубайын деп уя издеп жүрсө керек.

Дүнүйөгө жакын Эсен шашкалактап калды.

– Кокуй чермыйды алып барып тиги талистин бурчуна кое сал. Акырын келип жатып калсын.

– Маеги жок эмне кылабыз?..

– Убакытты өткүзбөй чырмыйды кое салчы! Тенистин тобу бар, ошого деле тууп кетер.

Алмагүл Эсен айткандай чермыйды жумшактап, үстүнө тенистин тобун таштап койду.

Эрди катын эч жаңылышпаптыр. Чаар тоок акырын басып келип, ар жак, бер жакты карап, тукумдай болгон ак шарды көрүп басып жатып калды.

Эшиктин жылчыгынан карап турушкан экөө алтын тууп кете тургансып сүйүнүп кетишти.

– Тоок деген тоок. Бир тууган жерин өмүрү унутпайт. Күндө келе берет. Анан бир жуманын ичинде жетөөгө жетет. Бах десең! Пиязды аралаштырып кууруп жесең ээ. Баса, ошондо хрустал стаканга жүз грамм куюлуп, сен «кана, Ак буурадайым, алып жиберчи» деп турсаң ээ, чиркин!

Эсен ар кандай тилектерин айтып аялынын кулагынын кужурун алып кудуңдап сүйүнүп коет.

– Баарын иштейм, менин Ак буурам, алды менен чаар тоок жумуртка тууп, үйрөнүп алсынчы. Тим элеби, шилекейиң чуурута турган кылбасамбы.

Ушул маалда чаар тоок катуу какылыктап, ит куугандай сыртка атып чыкты.

– Тууган окшойт. Буйруса бирөө бар дей бер, – деп экөө жарыша уяга келишти. Чермыйдын үстүн карай салышып экөөнүн тең көздөрү алайып кетти.

– Чаар тоогуң менен чамыраң калгыр! Карачы жап жаңы чермыйды иттей кылып булгап кеткен турбайбы. Чермыйды апкел эле апкел деп сенин кылганың Эсен. Эми эмне кылсаң ошо кыл чермыңды сен тазалап бересиң.

Экөө сен жубасың, жок сен жубасың деп талашып тартышып, акыры аялы чермыйды кагып ордуна койду. 

Эртеси чаар тооктун кайсы маалда уяга келип жатып калганын Эсен да, аялы да байкабай калышты. Бир маалда чаар тооктун ачуу үнү чыкты. Кечеги булгап кеткен чермыйдын үстүнө дагы кошуп, чермыйдын ишпалдасын чыгарып койдубу деп экөө тең уяга басып келишти. Чермыйдын үстүн карай салып бүркөлө түшкөн кабактары жарк дей түштү. Анткени балжайган чаар тоок, балжайган жумуртка тууп, сыртка чыгып кетиптир. Эсен эркек уул тапкандай ысык жумуртканы алаканына сала салды.

– Ой катын, жаңгыз болсо да кууруп жибер эртерээк, кечегиден калган бир стакан арак бар эле. Закүскө болсун.

– Жаңгыз эле жалмагын бар ээ? А мен оозуңдун тегерегин жалайт экем да. Муну кара! Жутунба! Жок дегенде экөө болсун.

Экөө да болду. Эсен канчалык ыкылдаган менен аялы болор эмес.

– Маеги жок туубай калсынбы. Написиңди тый, написиңди! Эртеси жумуртканын саны үчөөгө жетти. Буйруса бүгүн жейм го деп Эсен казан аяк жакты карай берет. Аялы куурумак турсун кайра адыраңдап беттен алды.

– Теңчилик деген бар, теңчилик. Жумуртка төртөөгө жетсин. Жуп-жуптан кууруп эки тарелкага салабыз. Анан, анан жейбиз дейсиң артынан кекиртекти майлап...

Аялы канчалык шилекейди чуурута айткан менен сөзүнө турбады. Жумуртка күн өткөн сайын кошулуп отуруп, он бешке жетти. Ошондо гана чаар тоок кыймылдабай басып жатып калды. Эрди катын эми мурункудан да беш бетер сүйүнүшүп, чаар тооктун жаткан жерин жакшылап коргоп коюшту. Чаар тоок күндү узарткан сайын экөөнүн тынчы кетет.

– Отуз күн күтөбүзбү? Же 31би?..

– Ай жаңы тууган күнү басты, отуз күндөн кийин эле...

– Анда он жети күндөн кийин эле жөжөлөр жөжүрөп калат турбайбы?..

– Ооба, анан чоңое түшөт. Анан балаңдын туулган күнүнө жөжөлөрдөн кууруп берсек ээ. Анда канча мейман чакырабыз?

– Келгендер келер. Өзүбүзчө эле белгилеп койгон оң го. Баса, бажамды сөзсүз чакырышым керек. Бал татыган эттен жеп, бажа менен баш тырмашып отурганга не жетсин!

Чаар тоок алар болжолдогон күндөн эртерээк чыгарды. Үчөөн сасыткыга калтырып, үйрөнгөн короосуна көздөй бет алды. Эсен чаар тооктун балапан чыгарганын кечирээк байкап калды. Сыртка чыкса чаар тоок жыбыраган жөжөлөрүн ээрчитип коңшусунун короосуна киргени баратат.

– Катын эле, катын, сыртка чык эле, сыртка чык – деп Эсен жан алы калбай аялына кыйкырды.

– Эмне тынччылыкпы?..

– Ой тиги чаар тоокту карабайсыңбы. Кетип баратат. Кайры үйгө. Кайры дароо кирип кете элегинде.

Алмагүл жаңы эле тоокту көздөй умтулганда, коңшусу бала чакасы менен чыга калышып чаар тооктун жөжөлөрүнө кызыга карап турушту. Алар эрди катындын бир деме деп бажылдашып жатканын көрүшүп, «Экөө тең мас окшойт» дешип, «чермый», «чаар тоок» деген сөздөргө маани беришкен да жок.

 

(Көңүл буруңуздар! Бул жерде китептин бир бөлүгү жайгаштырылган)

Текст толугу менен Word форматында көчүрүлсүн

 

© Аскаров Ч., 2008. Бардык укуктар корголгон
    Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган

 


Количество просмотров: 2725