Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Публицистика / Философия жана илим, Илим
© Мамбеталиев А.Э, 2009. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2009-жылдын 12-октябры

Аскарбек Эркинович МАМБЕТАЛИЕВ

Өнүгүү модели

Өнүгүү комплексттүү шарттарды талап кылат. Өнүгүүнүн фундаментин коомдогу баалулук системасы түзөт да, элдин тазалыгын демократиянын институттары тиреп турат. Ошондо гана мыйзам өкүм сүрүп, жашоо-турмуштун сапаты жогорулап, туруктуу өсүү орун алат. Бул материалды жарандык билим берүү максатында колдонууга болот.

 

Кыргызстандын өнүгүп кетүүсү үчүн ак эткенден так эткен эр азаматтар арабызда Кудайга шүгүр эле. Ошондой болсо да дүйнөлүк рейтингдердин эң артында келе жатканыбыз жашыруун эмес. Биз менен тең эркиндикке жеткен прибалтикадагы республикалар, сингапур ж.б. майда мамлекеттер бизди бир нече баскычка артка калтырып, өнүгүү жагынан кыска эле убакта сыйлуу орундарды ээлөөгө жетишти. Ал эми биздин эл болсо жок болуу коркунучунун четинде турат. Эмне үчүн ушундай болуп атат? Өнүгүү үчүн кандай шарттар болушу керек? Ушул суроолорго жоопту төмөнкү иллюстрация берет. Бул сүрөттүн алдында сунуш кылынган моделдин түшүндүрмөсү берилген.

 

 

Жогорудагы моделди мен Transparency International аттуу коррупцияны изилдөөчү эларалык уюмдун идеясынын негизинде иштеп чыктым. Алгач интернетте жарык көргөн бул идея "Улуттук Тазалык Системасы" деп аталган. Сүрөттү карасаңыз бул Бишкектеги опера балет сарайын элестетет: чатыры, түркүктөрү жана фундаменти бар.

Бул сарайдын деталдарынын ар бири чоң мааниге ээ. Мисалы, ак сарайдын чатыры – улут чынчылдыгын жана тазалыгын символдойт. Ал эми чатырды тиреп турган түркүктөр: сот бийлиги, парламент, омбудсмен, эркин масс медиа, жарандык коом жана башкалар.

Эгерде ушул түркүктөрдүн бирөө эле ордунан кылт этсе, анда ак сарайдын эң үстүндө копол турган үч тегерек да томолонуп кеткени турат. Ал үч тегерек болсо мамлекеттин туруктуу өнүгүүсү, коомдогу мыйзамдын өкүмчүлдүгү жана жашоо-турмуштун сапаттуулугу.

Бүткүл имарат мына ошол үчөөнү былк этпей кармап тургандай курулушу керек, б.а. ар бир мамлекеттин, улуттун жана жалпы элдин өркүндөөсү үчүн, ошол мамлекетте туруктуу өсүү орун алып, мыйзам өкүм сүрүп, жашоо-тиричилик жакшырышы үчүн жакшы мыйзамдардын иштеши, кара кылды как жарган сот бийлиги, сөз эркиндиги, мамлекетти көзөмөлгө алып турган уюмдар (вочдог агентсволору), күчтүү жарандык коом жана башка түркүктөрдүн кебелбей турушу зарыл.

 

Аскарбек Мамбеталиев
    Арабаев атындагы КМУнун ага окутуучусу, 
    Эл аралык билим боюнча адис.

 


Количество просмотров: 2234