Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Публицистика / Философия жана илим, Илим
© Мамбеталиев А.Э, 2009. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2009-жылдын 12-октябры

Аскарбек Эркинович МАМБЕТАЛИЕВ

Диктаторлор тууралуу

Макалада диктатордук башкаруучулуктун феномени жана анын өзгөчөлүктөрү баяндалат. Ошондой эле ар кандай өлкөлөрдө болуп өткөн диктатор башчылар, алардын бийлик стилдери жана бийликтен кандайча кеткендиктери жөнүндө айтылат.

 

Бул макала бир диссертациянын негизинде жазылды жана эч кимге карата чакырык эмес. Болгону агартуучу катары Кыргыз элине керектүү коомдук илимге салым кошоюн деген ниетте ушул макаланы англисчеден которуп койдум. Негизи коомдук жана саясий илимдер жаатында жасай турган иштер өтө аз болуп жатат. Ал эми чынында бул илимдерсиз коом экономикалык жактан өспөйт. Эмесе назарыныздарды диктаторлор тууралуу макалага бурайын. 

Диктаторлор кылымдар бою элдерди башкарып келишкен – фараондордон тартып, европалык абсолют монархтарга чейин. Кытайдa, мисалы, азыр 25 жылдан бери диктатура. Диктаторлук режимдер 1970-жылдарга чейин дүйнөдө басымдуулук кылып турган. 2000-жылдарда болсо дүйнөдөгү 194 өлкөнүн 17 си диктатор болгон. Кампучиянын диктатору Пол Поттун астында бир миллионго жакын киши түрмөдө чирип кеткен. Ниязов болсо айлардын аттарын алмаштырып, айдоочулук укукту алуу үчүн Рухнаманы билүүнү талап кылып койгон. 

Диктаторлордун көпчүлүгү ички топтор тарабынан алынат. Дүйнөдөгү тактыдан шыпырылгандардын 80% диктаторлордун айланасындагылардын эле иши болгон. Мисалы Аргентинанын диктатору Роберто Виала аскердик хунта тарабынан айыпталып, тактан ыргыган. Нигериянын башы Якубу Гоуонду болсо жанындагы эле коллегалары чечкинсиз киши экенсиң деп тактан алып ыргытышкан. 

Ошондуктан диктаторду алып сала турган күч – бул анын тегерегинде турган элита. Ушул элитага падыша көз каранды. Диктаторду колдогон кишилердин бир чоң партияга биригип алышы аны алып таштоону татаалдантышы ыктымал. 

Диктаторлордун үч түрү болот: жалгыз партия үстөмдүк кылган коомдун диктатору, аскердик күч колдогон диктатор жана жеке бийликти колуна алып алган диктатор. 

Негизи, бир партиялуу системаларда башкаруучу күчтөр – ошол партиянын жетекчилери. Булардын арасында аскердик төбөлдөр (элита) да жүрөт. Ал эми жеке бийлик системасында, диктатор айланасына кызматчыларды өзү тандап алат. Мындай диктаторлор, кыңк этпес дүжүрлөрдү тандагандыктан, андай адамдар өз ара уюшканча убакыт өтүп, диктатор көпкө бийликте олтурат. Бир партиялуу режимдерде, уюштуруу иштери оңой болгону менен партиянын элиталарына диктаторду шыпырып түшүрө турган куралдарды бербейт. Орто эсеп менен алганда аскер хунталарга таянган диктаторлор 3-4 жыл, бир партия куруп алган диктаторлор 9 жылдай, ал эми жеке бийлиги менен башкаргандар 10 жыл бийликте турат. 

Уинстон Черчил айткан экен: “Диктаторлор жолборсторду минип алып ары бери чапкылашат да, алардан түшкөндөн коркушат”, — деп. Жолборстор булар бийликтеги саясий төбөлдөр. Азыркы татаал башкаруу системасында бардык диктаторлор таяна турган кандайдыр топко муктаж. Диктаторду алып түшүш үчүн, саясий элита башкаруучу партиянын катарында болуш керек же аскерге таасири бар болуу зарыл.  

Диктаторлор элдин чөнтөгүнө кол салып, аны салык деген ат менен жаап жашырып жашашат. Бул уурулук, бирок диктаторлор бийликке келген соң, алардын көпкө турушуна бул уурулук эч коркунуч туудурбайт. Ошого карабастан диктаторлордо тыным жок, анткени алар билбейт, айланасындагылар качан ага кол саларын, эл качан толкуп чыгарын. Элди башкарып туруш үчүн диктаторлор анын бир тарабын репрессия кылат да, экинчисине “мээримин” төгүп, алаксытып, алардан колдоо табат. Ошондой болсо да диктаторлорго көбүнчө коркунуч бийликтин ичиндеги элитадан туулат. 

Диктаторду алып салыш үчүн оппозициядагы элитанын аскер күчтөрү менен коопсуздук кызматтарына таасири болуу керек. Оппозиция ушул күчтөргө канчалык жакын болсо, диктатордун тактысы ошончолук копол болот. Оппозиция бийлик партиясынын катарында болсо анда да диктаторду тактыдан кулатуу оңоюраак болот. 

Негизи аскердик режимдеги диктатордун кулашы оңой, андан соң бир партиялуу системанын кулашы тез. Ал эми бийликтин баарын өз колуна алып алган диктаторду кулатуу кыйыныраак. Жеке башкарган диктатор кызматка адамдарды өзү дайындап өзү алгандыктан, анын кол алдында иштеген кызматчылар оңой менен каршы чыгышпайт. Диктатордун ниетин анын кайсы элитага же коомго кылган мамилесинен байкаса болот. 

Демократияда бийликтен диктаторду эл кетирсе, диктатордук режимде элита кетирет.

Жыйынтыгында айта турган нерсе, чексиз эч ким тактыда олтурбайт, бирок диктаторду оодарып түшүрөм деген элитанын армияда, милицияда, коопсуздук күчтөрүндө жана бийликтеги партияда таасири болуусу тийиш.

 

© Мамбеталиев А.Э., 2009. Бардык укуктар корголгон

 


Количество просмотров: 2247