Новая литература Кыргызстана

Кыргызстандын жаңы адабияты

Посвящается памяти Чынгыза Торекуловича Айтматова
Крупнейшая электронная библиотека произведений отечественных авторов
Представлены произведения, созданные за годы независимости

Главная / Публицистика / Философия жана илим, Илим
© Мамбеталиев А., 2009. Бардык укуктар корголгон
Чыгарма автордун жазуу түрүндөгү уруксаты менен жайгаштырылган
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Сайтта жайгаштыруу күнү: 2009-жылдын 8-октябры

Аскарбек Эркинович МАМБЕТАЛИЕВ

Кошоматчылык жана анын коомдук саясатка тийгизген таасири

Бул илимий макала кошомат феноменин диний китептердин, окумуштуулардын жана элдин көз караштарын баяндайт. Ошондой эле кошоматтын психологиялык табияты изилденип, анын коомго жана саясатка тийгизүүчү таасири анализделет.  

The paper explains the phenomenon of flattery from historical, psychological and religious perspectives and analyzes its effects on human relationships and public policy.

 

Кошомат тууралуу түшүнүк

Интернеттин издегичине «кошомат» деп жаза койсом, бул терминди биз 1660 жолу, ал эми «кошоматчылык» дегенди болсо 1990 жолу колдонуп жибериптирбиз. Орусча варианты болсо санаса сан жеткис. Ал тургай окемдер бул феноменага толгон токой аныктамалары да берип, кадимкидей илимий жактан изилдеп жиберишиптир. Ошондой аныктамалардын «подхалим – это льстец, угодничающий перед кем-нибудь ради своих корыстных целей, выгоды» дегени жакты. Бул сөздүн синонимдери катары «подлиза», «лизоблюд», «низкий льстец», «лакействующий», «угодничающий человек, готовый на подлость ради достижения своих корыстных целей», ж.б.у.с. аныктамаларды келтиришиптир. Ал тургай атактуу Владимир Маяковскийдин 1927-жылы эле «Руководство для начинающего подхалима» деген юмордук жанрда жазылган ыры чыгыптыр. Англис тилиндеги аныктамаларда болсо «кошоматчылык – бул чын жүрөктөн чыкпаган мактоо делинет экен».

Физжеральд деген окумуштуунан айтуусу боюнча, кошоматты адамдар шимпанзелерден үйрөнгөн имиш, анткени шимпанзелер керели кечке бири-бирин сылап-сыйпап, тили менен жалап эле олтура берет экен. Автор азыркы заманда кошоматтын коомдук түрлөрү эпидемиядай жайылып, адамдар бири-бирине чын жүрөктөн ыраазычылык айтпай баратышат деп кейиптир. Бир четинен кошомат макталган да, мактаган да кишилерге өздөрүн бир аз бактылуураак сездирткен зыянсыз алдоо сыяктуу имиш.  

Эми, албетте, «жакшы сөз – жарым ырыс» дечи, адамдар бири-бирибизге жакшы сөз айтып турушубуз керек. Анткени этиканын чегинде айтылган сөз адамдардын бири-бири менен кызматташууга жана кылган иштеринде ийгиликке жетүүгө түрткү берет экен. Албетте мунун кошоматка эч кандай тиешеси жок. Анткени кошоматтын эч кандай оң таасири жок. 

Муну далилдөө үчүн, ар кандай диний китептердеги аяттарды, философтордун айткандарын жана элдик макал-лакаптарды карап чыгып, кошоматтын коомдук саясатка жана адамдардын мамилелерине карата таасири тууралуу төмөнкү жыйынтыкты сунуш кылмакчымын.

 

Диний китептердеги жазуулар

Батыштык диний аалымдар кошомат боюнча көптөгөн эмгектерди жаратышыптыр, ошолордун биринде «кошомат — бул жек көрүүнүн бир формасы» делет экен. Тилекке каршы кошомат деген сөздү Курани Каримдин орусча жана англисчесинен таба албадым. Ошондой болсо да Аль Наба сүрөсүнүн 70-аятында «Алар [бейиштегилер] куру сөздөрдү да, калп сөздөрдү да угушпайт» дегени бар экен. Эгер кошоматчылыкты куру сөздүн бир түрү деп эсептесек, анда бейиште кошоматчылыкка орун жок, демек Ислам боюнча да кошомат кылуу – күнөө. Тээ атам заманда жашап өткөн Аюб аттуу пайгамбар да: «Эгерде мен кошоматчы болсом, анда Жаратканым мени пайгамбар кылып дайындамак эмес», — деген экен. Мааниси – Кудайдын кабарын элге жеткирген киши кошоматтан алыс болуусу шарт, анткени кошоматчыларды Кудай колдобойт дегенди билдирет. Бул сөз эл башчыларына да, Падышага да тиешеси бар окшойт. Забурда болсо мындай деген сүйлөм бар экен: «Жараткан Эгебиз кошоматты эбиреген эриндерди кесип салсын ылайым!» (Забур 12:3). Бул да бир күйгөн пенденин каргышы болсо керек. Ал эми Сулайман падышанын накыл сөздөрүндө болсо кошоматтык адамды ак жолдон азгырган сойку аялдын бал тилине салыштырылыптыр. Ушул эле китепте «кошомат акыры көргө алып барып тыгат» делиптир (Накылдар 2:16, 26:28). Жумшагыраак айтканда, кошоматчылар Падышаны алдап, акыры тактан түшүрөт экен. Инжилде болсо, «кошоматчылыкка акылы тайыз адамдар алданышат», — деп жазылыптыр. Демек, элбашылардын акылы тайыз болсо, аны көрүнгөн киши кошоматчылык менен алдап, өз пайдасы үчүн эшектей иштетип алышат тура. Бал тамган жагымпос сөздөргө ээриген хан ыйык милдетин унутуп, элин башкаларга кул кылып, казынасын талатып, аягында жаманатты болуп, каргышка калат экен.

 

Чет элдик акылмандардын айткандары

«Кошоматчылыктын сырты жалтырак болгону менен ичи калтырак» (Сократ). «Алдамчылык менен кошомат бир тууган» (Авраам Линкольн). «Кошоматчы сиздин алдыңызда эч качан өз пикирин айтпайт, ал сиздин гана пикириңизди бежиреп турат», «Кошоматчылык тилдин учунан чыгат, ал эми алкыш жүрөктүн түпкүрүнөн келет» (Дейл Карнеги). «Кошоматчылык уу сымал, аны жутпаш керек» (Стивенсон). «Кошомат сөз аны айтканды да, укканды да бузат» (Бурке). «Биз кошоматты бир дем менен жутабыз да, ачуу чындыкты тамчылатып ичебиз» (Дидерот). «Кошоматчы ага кулак салгандын эсебинен жашайт» (Ла Фонтейн). «Досторубузду канчалык күчтүүрөөк сүйсөк, ошончолук аларга азыраак кошомат кыла баштайбыз» (Мольер). «Ким мени мактаса, мен да аны мактайм», «Кошоматты сүйгөн, кошоматка татыктуу» (Шекспир). Элеонора Рузвельт: «Менин ысмым менен бир розаны аташканда мен абдан ыраазы болгонум бар. А бирок мага ошол розанын каталогдогу түшүндүрмөсү жакпады: төшөктө жакшы эмес, дубалда илинип турса сонун» — дептир. Ошонун сыңарындай кошомат да кооз сезилген менен пайдасы жок болот. 

Кошоматка байланыштуу Европа элдери макал-лакаптарды да көп топтогон. Мисалы, «жандыктардын көбү тиштээр алдында жалашат», «кошоматчы бетиңе айткан сонун сөзүн, аркаңан айтпайт» (Англис ). «Бирөө сен каалаганыңдан ашыкча кошомат кылып жатса, анда ал сени же бир нерседен алдап кетти, же алдаганы жатат» (Италия). «Кошомат досторду арттырат, ал эми чындык душмандарды арбытат» (Испания).  

Ричард Стенгел аттуу америкалык автордун «Сиз өтө эле боорукерсиз: кошоматчылыктын кыскача тарыхы» аттуу китебинде кошомат өзү тууралуу чоң ойлогон адамдарга карата айтылса жакшы иштейт делет. Бул ой Колман менен Олвердин изилдөөсүндө да далилденген. Бул кишилер компьютер аркылуу айтылган кошомат сөздөргө болгон адамдардын реакциясын текшерген соң өзүн өйдө баалаган адамдар кошоматка оңой жеңилет деген жыйынтыкка келишкен.  

Физжеральд аттуу автор V кылымдагы римдиктердеги достук, кошомат жана ачыктык деген түшүнүктөрдүн өз ара байланышын изилдеп, достун бир сапаты – бул бетке айтуучулук, ал эми кошоматчы паразиттики болсо керт башынын кызыкчылыгына пайдаланган алдамчылык экенин белгилеп, мындай сапаттар саясатка коркунуч туудурарын айткан [2:10, 11-беттери]. Негизи бетке айтуучулук менен ачыктыкка Стоик, Сенека, Епикур жана Цицерон өзгөчө баа берип, достор бири-биринен эч нерсесин жашырбай, бардык секреттерин ортого салуу керек деген ойду аздектешкен [2:14-бет]. Бул ой адам Кудай алдында бардык сырын, ойлорун ачык айтышы зарыл деген библиялык идеяга окшош болсо да, достордун арасындагы ачыктык ошол жоопкерчилик замандын талабы да болгон. 

Филодемус аттуу римдик философ кошоматчылык тууралуу 3 китеп жазып, кошомат менен достукту бири-бирине каршы койгон. Кошоматчы өз максатына жетүү үчүн тилинен бал тамгызып, баарына баш ийкеп, жагынууга жандалбастайт [2:26-бет]. «Эгерде досунун катасын көрүп туруп айтпай койсо, анда мындай адам жамандыктын жактоочусу», — дейт Филодемус. 

Ошондуктан эл башчылары сынга чычалабоосу зарыл. Анткени ачыктык катачылыкты оңдоого өбөлгө түзөт, ал эми жашыруун күнөө акырындап ырбай берет. Албетте, дос эл алдында эмес, бетке айтат. Ошондой болсо да, бул эреже эл башчылары менен жарандардын ортосундагы диалогго туура келбейт. Мыкты эл башчы бардык сынга даяр болот. 

Плутарх болсо кошомат бул чоң имараттар менен мекемелерге кол салып, улуу падышачылыктарды кыйратат деген экен. Бу киши кошоматчы менен досту кантип айырмалоо керек деген суроо боюнча бүтүндөй китеп да жазып жибериптир.

Канадалык окумуштуулар аял-эркек ортолорунан кара мышык өтүп кетпесин үчүн, артыкчылыгы бар алтернативдин (үчүнчү тарап) комплименттерин (кошоматтарын) четке кагуу керек же ошол алтернативдин өзүнө тартуучу баалуулугун ылдый түшүрүүлөрү зарыл дешет. 

Кытайлык окумуштуулар Фу Геню жана Ли Канг «кошоматчылык жүрүш-туруштун пайда болуусу» деген эмгегинде бала-бакчадагы балдарды изилдеп кошомат негизи адамдын канында бар деген жыйындыкка келишкен [3]. Демек, баланы кошоматчылыкка каршы турууга тарбиялабаса, анда ал чоңойгондо өзүнөн өзү эле кошоматчы болуп чыга келет.

 

Кыргыз эл акылмандарынын кошоматка мамилеси

Кыргыз эли кошоматты эзелтен терс сапат катары эсептеп келген. Бул Манас эпосунда да, майда эпостордо да, жазуучулардын башка чыгармаларында да чагылдырылган. Кыргыздар кошоматты жагынуу, ичи койнуна кирүү, жакшы көрүнүштүн аракеттин кылуу, ой — боюна койбой жойпулануу катары баалаган. Кошоматчы бирөөнү жалпак тилге салып алдап, азгырып, өзүнө тартып, сөздү жылмалап сүйлөп, көксөгөн максатына жетет. Ал эми достор, жакын туугандар, пейли түздөр, тескерисинче, жан күйгүзө айтып, кошоматка ууккан адамды эсине келтиришет [7]. Ошол себептен кыргыздар «дос күйдүрүп айтат, душман сүйдүрүп айтат» дешет. 

Кошоматтын түрлөрү да көп, сулуу аялга болгон комплименттен тартып, чоң кызматтагы адамды өз кызыкчылыгына пайдалануу үчүн бейастейдил мактоо. Аялдардын сулуулугун айтып мактоо айрыкча орус маданиятында өнүккөн. Америкалык аялдар, мисалы, мындай кошоматты жактырышпайт. Кыргызстанда болсо, кошоматтын эң өнүккөн түрү – бул саясий кошоматтык. Айрыкча кээ бир гезиттер, коомдук ишмерлер, «аксакалдар» ж.б. бийликти өз кызыкчылыктары үчүн манипуляция кылып, кошоматты кош колдоп сунуп, кыргыз элинин тагдырын жарга такашууда. Бул оорудан бүтүндөй өлкөнү айыктыруу кыргыздын патриотторунун №1 тапшырмасы болуу керек.

Мына, коомду изилдөөчүлөргө иш – кошоматчылыкка карата азыркы кыргыз элинин ар кандай катмарларынын пикири, кошоматчылыктын кесепеттери жана аны жоюунун жолдору.

 

Жетекчилерге сунуш

Эми бул теманы козгой берсең, кошоматчылыкты жактаган акылдууну асти таппайт экенсиң. Кошомат жасалма акчадай, алгач сонун көрүнгөн менен нагызы фальш болот экен. Аалымдар да, диний китептер да кошоматчылыкка терс баа беришиптир. Ошондон улам Президент реформасын биринчи кезекте кошоматчылык институтун жоюудан баштаса болмок. Эгерде ага кошоматчылык менен акыйкатты ажыратуу кыйын болуп атса, анда толгон токой дежур органдарды түзүп, бюджетти кыйнагандын ордуна элге гана көз каранды болгон, кошомат кылууга кызыкдар эмес институт ачып, ошолордон акыл сурап турса пайдалуу болмок. Анан бардык кошоматчыларды кызматка, көрүнөө жерлерге жолотпосо, президенттин аброю алда канча көтөрүлүп, мындай инноватикасы менен тарыхта жакшы ат менен калмак. Анткени Кыргызстандагы кошомат институтун күчөтүп жаткан гезиттерди жаап, башкаруу органдарын тазалап, телерадиодогу арзыматтарды алмаштырып, кыргыз рухун уулап жаткан булактардын көзүн тазалоо убакыты эбак эле келген.

Кошоматчылар башка күн түшкөндө сатып кетерин Акаев абдан жакшы айтып бермек. Азыркы заманда кыңыр иш кырк жылда эмес, эртең эле билинет, ал эми ачуу чындык көздү ачып, сергек кармап турат. Жетекчинин да, Жебреил периштенин да соттоочусу бар. Ал эми кошоматчы сөздөр жагымдуу болгону менен арты зыяндуу экени жогоруда түзүк эле айтылды окшойт. 

 

Библиография

  1. Colman, Andrew., Olver, Kevin. (1977). Reaction to flattery as a function of self-esteem: Self-enhancement and cognitive consistency theories. British journal of social and clinical psychology. (1978), 17, 25-29.
  2. Fitzgerald, John. [Editor] (1996). Friendship, Flattery, & Frankness of Speech. Studies on Friendship in the New Testament World. E.J.BRILL.
  3. Fu, Genyue., Lee, Khan. (2007). Social Grooming in the kindergarden: the emergence of flattering behavior. Dev Sci. 2007 March; 10(2): 255–265.
  4. Gagne, Faby., Khan, Alisa., Lydon, John., & To, Michelle. (). When Flattery Gets You Nowhere: Discounting Positive Feedback as a Relationship Maintenance Strategy. McGill University, Canada.
  5. Stengel, Richard. (2000). You are too kind: a brief history of flattery. Simon&Shuster.
  6. Kim, Peter., Diekman, Kristina., Tenbrunsel, Ann. (2003). Flattery may get you somewhere: The strategic implications of providing positive vs. negative feedback about ability vs. ethicality in negotiation. Organizational Behavior and Human Decision Processes, V.90, Issue 2, Pages 225-243
  7. Ибраева, Р. (2000). Кыргыз тилиндеги адамдагы оң жана терс сапаттарды билдирген фразеологизмдер. Реферат. И.Арабаев атындагы КМУнун Педагогика жана Психология институту.

 

Аскарбек Мамбеталиев, эл аралык билим берүү боюнча адис

 


Количество просмотров: 5202